Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 17-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Салтанат

“Салтанат” повестинде жаш шопурдун жаман жолго түшүп, башка аялдар менен байланышы, мамлекеттин машинасын өз кызыкчылыгына пайдаланып түрмөгө түшүшү, келинчеги айылдык кыз Салтанат үч жашар баласы менен айылына кетип калышы, түрмөдөн келип, эч жерге ишке орношо албай кыйналганы, келинчеги менен баласын аябай сагынганы көрсөтүлөт.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Баш жагыма коюп жаткан коңгуроолуу сааттын чыр эткен дабышынан ойгонуп кеттим.Төбөсүндөгү кнопкасын басып, анын ээлене чырылдаганын өчүрдүм да, эки колумду желкеме алып, кайра жаздыкка баш койдум. Терезенин мунарыктаган бүлбүлү гана болбосо бөлмө ичи али караңгы болучу. «Демек саат төрт» дедим ичимден. Бүгүн жолго эрте чыгып кетейин деп, түндө жатаарда сааттын жебесин атайы төрткө койгом. Бирок көзүм жумулуу, көкүрөгүм ойгоо, тургум келбей, эрине жата бердим.

Азыр бул бөлмөдө жалгыз жатып, жалгыз туруп жүрөм. Мындан беш жыл илгери экөө болуп жатчу элек. Салтанат экөөбүз. Анан үчөө болдук: Салтанат уул төрөп берди. Кийинчерээк, бала эки жашка чыккандан кийин бөлмөнү Салтанат экөөбүз ээлеп калдык. Сүт чыкпаган эмчегин эмизип, Уланчикти апам өз бөлмөсүнө алып алды. Ошентип биздин үй-бүлөнүн саны мурда экөө болсо, эми төрткө жетти. Бирок ыркыбыз бузулду. Мындан үч жыл илгери Салтанат үчкө чыккан Уланды жетелеп төркүнүнө кетип, бир үйдө баштагыдай апам экөөбүз жашап жүрдүк. Көп узабай мен үч жылга кесилип, апамдын коколой башы калды, бир үйдө.

Эне деген эне экен, өз ичинен чыккан баласын өлүмү жерибейт көрүнөт, анын мага жасаган мамилеси баштагыдай эле. Апам кубанычы менен кайгы-муңун тышка ачык чыгарбаган, ичинен тынма киши. Салтанат менен Уланды менден кем санабаса керек. Эки сөзүнүн бири эле: «Улан кантип жүрөт болду экен?» Ошону айтып, көздөрүнө жаш тегеренип кетет. Өз апам кашымда турган менен мен деле жалгыздыктын жабырын тартып, көкүрөгүмдө зил коргошун болуп уюп, кападармын. Түрмөдөн бошонуп, өз кесибим – шопурлукка орношуп, киши катарына кошулгансыган менен турмушумда дагы бир орчундуу бирдеме жетишпейт. Салтанат менен Уланды мен да аябай сагындым…

Эшик акырын ачылып, оюм бузулуп кетти. Өзү жатып жүргөн бөлмөнүн жарыгы коридорго чачырап, ачылган эшиктен апамдын карайган сөлөкөтү көрүнүп, ошого удаа:

– Э, Урмат, – деген аяр үнү угулду.

– Ия?

– И-и, ойгондуңбу? Эрте турам деп жаттың эле? Саатың да чырылдагандай болду.

– Азыр турам, апа.

Мен бөлмөнүн жарыгын күйгүзүп, кийине баштадым. Ачык калган эшиктен куурулган майдын жыты келип, мурдума урунду. Мен тамактанып кеткенге апам бирдемесин чый-пый кылып жаткан көрүнөт.

Сакал-мурутумду кырынмакка серванттын текчесинен «Микма» электр устарасын алып, бирок анын кутучасын дароо эле ачпай, оюма Салтанат түштү. Муну мага бир кезде Салтанат алып берген.

…Салтанат экөөбүздүн баш кошконубузга жарым жылча болуп калган болуу керек. Бир жолу алысыраак рейстен эки-үч күндөн кийин келип, эрбейип-сербейип өсүп кеткен суйдаң сакал-мурутумду аяр сыйпалап көрүп:

– Э, Урмат, муну эмнеге албайсың? Алдагы эмне деген кебете өзү? – деген ызалуу күлүмсүрөп.

– Мен дегенди шопур дейт. Мага эмненин шамы? – де-дим анын айтканына анчалык көңүл бурбай. Ошондо эле «айылдык кыз» дегенсип, Салтанатты теңиме албагансып жүргөн кезим болучу.

– Сага уят болбосо мага уят. «Салтанаттын күйөөсүн-дөй болуп» деген шылдың-шулдуң сөз угуш мага эле жеңилби? Бир жолу өйдөңкү жеңем минтет: «Урмат бала кезинде жакшынакай жүрчү эле. Бая күнү көрсөм сакал-муруту өскөн. Мага тимеле түрмөдөн чыгып келгендей көрүндү».

– Былжырай берсин. Кимдин эмне иши бар экен мени менен! – дегем корс этип.

Бирок ошол эле күнү Салтанат дүкөнгө барып, мобу электр устарасын сатып келген да, ой-боюма койбой, Сакал-мурутумду ала баштаган. Узарып кеткендиктен алды менен кайчысы менен бир сыйра кайчылап, анан устарасы менен шыпыра баштаган. Калганын аягына өзүм чыгаргам. Ошондон баштап такай кырынып, айрым бир шопурларга окшоп карала-торала болбой, кийимдеримди да таза кармайм. Ушул тартипке көнүп бүттүм.

Аял деген «күйөө жакшы жүрүп, жакшы турса, эл катарынан калышпай жүрсө» дейт экен. Ошентип жүргөнүңө сыймыктанышат экен, мактанышат экен…

Аңгыча эшик кайра ачылып, апам тамак даяр болуп калганын кабарлады. Мен арыдан-бери кырынып, жуунуп-таранып, ашканага кирдим. Жумуртка аралаштырылып куурулган колбасанын жыты буруксуп, апам алдыма апкелип койду. Өзү үстөлдүн ары жагында мага чай куюп, алдыртан мени карап койот. Унчугушпайбыз.

Тамактанып болуп, күрмөмдү кийип, кол чемоданымды алдым. Мен кеттим дегенсип апама тигилдим.

– Урмат, бүгүн кетсең кайра качан келесиң?

– Пржевальскиге –азыркы Каракол) үч сутка беришет. Бүгүн жетсем, эртең жүктү тапшырсам, бүрсүгүндөрдөн келип калам.

– Эрте бошонсоң эрте эле жүрө берчи. Бар эми. Аман барып, аман кел.

Мен апамды мойнунан жыттап, тышка чыктым. Апам да мени узата эшик алдына чейин келип, дарбазадан чыгып кеткенимче карап турду. Биздин үйдүн тышкы эшигинин ачылып-жабылгандагы дабышы угулуп, анан терезеден түшкөн жарык жалп өчтү.

Апам жалгыз калды. Азыр төшөгүнө кирип жатканы менен уктабайт. Санаага батат. Санаасы эле Салтанат менен Улан. Апам кез-кезде үшкүрүнө берип айтып калгандай, Салтанат менен Улан барда үй ичи чын эле төгүлүп-ташып турчу экен да?..

* * *

Кызыл-Аскердеги өзүбүздүн асфальтталбаган көчө ме-нен басып жөнөдүм. Асман толтура жылдыз. Жайкы аба жумшак, тынч. Түнкүсүн жол жээгиндеги тал, терек, кара жыгачтардын карайган сөлөкөттөрү негедир сүрдүү. Чеке-синен улам кетилип отуруп түгөнүп бараткан ай орус орок сымак иймейип, бет алдымдагы дүпүйгөн дарактын кырынан көрүндү. Бала чакты эске салып, кулагымдын түбүнөн жарганат шуу учуп өттү. Жалгыз мышыктын мыйоологону түнкү тынчтыкты бузат. Те алда кайдан, «Пригородный» совхозу тараптан иттин үргөнү үзүл-кезил келет.

Караңгы көчөдөн саргыч күңүрт жарыгы бар асфальт-талган кенен көчөгө түштүм. Жүрөктү болк эткизе бир мышык алдымдан туураны көздөй жылт койду.

Эми мен он мүнөтчө бассам автобазага жетип барам. Кимге болсо деле үйүңдүн иштеген жериңе жакыны жакшы. Ал эми биз, шопурлар үчүн андан бетер. Рейстен күн келесиң, түн келесиң дегендей. Автобуз, троллейбус болобу, болбойбу деп отурбайсың. Жөө басып үйгө жетип аласың. Бул жагына келгенде меники жакшы.

Мен келгенде автобазанын дарбазасы жабык болучу. Дарбазанын алдындагы ачыктан куйкул сары канчык кандек белин ийе берип, ичин салаңдата бери чыгып келди да, күнөөлүүдөй кошоматтана куйругун шыйпаңдатты.

Дарбазанын бир жак четиндеги киши кирүүчү эшигин каккыладым. Бир аздан кийин эшик ачылып, күзөтчү меха-ник, запастагы подполковник, тиши жок мүлжүйгөн Зем-цовдун тосток көз айнек тагынган арык кебетеси көрүндү.

– Саламатсызбы?

– А-а, бу сенсиңби? Саламат. Кир, кир, – деди Земцов менин сунган колумду ала берип. – Баса, сенин машинаң жүктөлүү да. Эрте жөнөйүн деген экенсиң. Азамат, азамат. Мунуң мага жагат.

Земцов алтымыш бештерден өтүп калган, жүрөк оору-луу адам. Угушубузга караганда согуш убагында авторотада кызмат өтөп, кийин ушу автотранспорт системасында иштеп жүрүп пенсияга чыгат. Бирок үйгө жатканда эмне деп, оорукчал жүрөгүнө карабай, кайра ушу биздин автобазага күзөтчү механиктик кызматка орношуп, ошодон бери иштеп келатыптыр. Сыртынан Земцов ырайымы бетине чыккан жөпжөнөкөй бир чүкчүйгөн киши. А бирок көңүлүнө жакпаган иш кылсаң тосток көз айнегинин ары жагынан көздөрү ого бетер алайып, бир заматта ачуусу дүрт этип сыртка чыгат. Машинаңдын майда-чуйда бузуктары болсо башка механиктерден өтсөң өтүп кетесиң, а Земцовдун ченине жолой албайсың.

Төрт бурчуна бийик орнотулган прожекторлордун күч-түү жарыгынан гараждын ичи күндүзгүдөй жарык. Ката-рынан тизилип коюлган машиналардын кабинасынын төбөлөрү капотторунун үстү жарыкка чагылышып жаркырайт.

Менин айдаганым алты тонналык ЗИЛ-130 машинасы, беш тонналык чиркегичи да бар. Машинамдын жанына келип, ачкыч менен кабинасын ачтым. Ар бир шопур ушинтип машинабызды бекитип кетебиз. Антпесек болбойт. Жашырган-да-жашырбаганда эмне, арабызда колу туткактар бар. «Тиги-ним жок, мунум жок, баланчамды чыгарып кетиптир» деген сөздөр күн арада угулуп калат. Кабинанын ичин кой, кай бирде машинанын майда-чуйда сырткы деталдарын да чыгарып кетишет. Ошо майда-чуйданын азабынан эртең менен гараждан чыга албай отурасың.
Машинам менен прицепти бир сыйра айланып чыктым. Мотордун майы менен суусун, дөңгөлөктөрдүн желин тек-шердим. Баары жайында экенине көзүм жеткенден кийин кабинага келип отуруп, от алдыруучу ачкычты ордуна кийгиздим. Машинамдын от алышы жакшы. Газды азыраак жай-латып, моторду беш мүнөтчө кызыттым. Чоң капчыгымды алып, кагаз-кугаздарымды бир сыйра текшерип чыктым. Катардан чыгып, оң жакка бурулуп, тизилген машиналардын алды менен дарбазаны көздөй бет алдым. Дарбазанын үстүңкү кырында: «Аман-эсен кайтып кел»-деген жазуу бадырайта жазылып, бантик тагынган кыз, аппак тиштерин жаркырата күлүп, гүлдесте кармаган оң колун көтөрүп, ар дайымкысындай мени карап туруптур: Кыздын тилеги. Бизге, бардык шопур аттууларга айтылган тилек: «Ата, аман-эсен кайтып кел. Биз сени күтөбүз» дегенсийт кыз. Ар бир автобазанын чыга беришинде ушундай жазуулар бар. А эмне үчүн башка ишканаларда, уюм-мекемелерде жок? Демек, шопурдун иши опурталдуу. Машина менен жолдо жүрүү шопурдун өз өмүрүнө да, башкалардыкында да коркунучтуу. Жакында эле бир кезиттен окугам: жылына жер жүзүндө автоавариядан үч жүз миңдей адам курман болушат экен.

Жакындаганымда калдайган дарбаза ошол турган ор-дунан бир жагын көздөй акырын жылып отуруп, дубалдын бир жагына барып жашынды. Конторкасынын терезесинен Земцовдун кебетеси көрүнүп, оң колун көтөргөн болуп, мени менен кош айтышты.

Ошентип мен жолго чыктым. Он мүнөт өтпөй, шаар-дын четине жетип, ЗИЛдин кубаттуу мотору ээн жолдо бир калыпта күркүрөп, өз жарыгын кууп жөнөп берди.

Түнкүсүн машина менен жол жүрүү күндүзгүгө кара-ганда опурталдуу. Каршыңдан жарыгын чачып машина чыкса, жолдун оң четинде бараткан караң-кураң байкалбай калып, коюп кетишиң мүмкүн. Ит менен мышыктан башкасынын баарына жооп бересиң.

Ново-Покровка айылынан өтө берип, «ПРЖ» деген жазуусу бар кагазын көрсөтүп, кол сунган бирөөнү көрүп, бирок токтогон жокмун. Жанында мүшөгү бар. «ПРЖ» дегени Пржевальскиге чейин ала кет дегени. Салып алсам деле болмок. Алыскы жолдо маектешип барганга. Анан жашыргангда-жашырбаганда эмне, өзүң сурабаган күндө да, беш-он сомун таштап кетишет. Бу жолу киши алгым келген жок. Эмнегедир жалгыз болгум келди.

Анан өткөн жылы бир шумдуктуу окуядан кийин биз, шопурлар жаныбызга киши алгандан да коркуп калдык. Ал мындай болуптур. Эки жигит бир автобазада иштешет. Бири мал тарткан чоң машинада иштейт. Экинчиси кичирээк машина менен шаар ичинде, шаардын чет жакаларына товар ташыйт. Экөө жакшы тааныштар. Кези келе калганда жүз граммдашып да коюшчу экен. Чоң машиналуу шопур бир жолу машинасына толтура арак жүктөп, автобазаны көздөй келатат. Кеч жүктөп, рейске чыгууга үлгүрбөй, машинасын автобазага токтотуп коюп, өзү үйүнө түнөп алып, таң эртең менен жөнөйүн дептир. Автобазага жете электе шайтандай болуп, жолдо баягы экинчи шопур турат. Таанышын көргөндөн кийин машинасын токтотот. Автобаза жакка бараттым эле десе, берки кабинага келип отурат. Экөө сүйлөшө калат. Анда экинчи шопур биздикине эле барып жатып ал, өзүң билесиң корообуз кенен, машинаң батат деп азгырат. Биринчи шопур кыйылып болуңкурабайт. Анда экинчиси: «Машинаңды биерге кой. Анан тетиги жердин түбүнө чейин барып, эртең менен карайлап кайра келип жүрбөй жүр. Анан «бой» деген арагыңдын көп болсо бир бөтөлкөсүн ичээрбиз, ошонуңду кызганып жатасыңбы?» деп намыстантат. Ошентип алар күүгүм ченде шаардан чыгышып, экинчи шопурдун айылын көздөй бет алышат. Айылга караңгы киргенде жетишип, машинаны короого киргизишет. Үйдө эч ким жок экен. Аңгыча дагы бирөө келет. Үчөө болуп адегенде бир бөтөлкө арак ичишет. Анан тигил экөө арак тарткан машинанын шопурун өлтүрүшөт. Өлүгүн айылдан четирээк уранды дубалдын түбүнө көмүшөт. Кайра келишип, арактын баарын түшүрүшөт да, машинаны Токмок шаары тарапка айдап барышып, кайсы бир карьерге токтотуп, бензин чачып өрттөп жиберишет. Жан кечти бул шүмшүктөрдүн жырткычтыгы кийин аныкталды. Экөө тең атылып кетти…

Кабинанын өзүм жагындагы айнегин түшүрүп, тышка колумду сундум. Жайдын болуп турган кези азыр. Таңга маалкы аба тынч. Бирок катуу жүрүп бараткандыктан жумшак аба серүүндөнө алаканыма урунуп, чөгүңкү көңүлүм биртике болсо да ошондон сеп алгансыйт.

Кийинки кезде Салтанат менен Улан оюма көбүрөөк келип, сагынычтан жүрөгүм кансырай түшчү болду. Эркектер үчүн аялдардын баары бирдей деген мурдагы түшүнүгүм жаңылыштуу экенин улам күн өткөн сайын, улам жаш өткөн сайын аң-сезимимде коргошундай уюй баштады. Өз аялымдын мен үчүн, апам үчүн, балам үчүн кыбырап жүргөн тирилигин элес албай, ошого убагында баа бербей, ал эмес айылдын кызы дегенсип теңиме албай жүргөн чекилик менден кеткени күн сайын көңүлүмө тереңдеп сиңе берди. Кээде турмуштагы аялың менен болгон эриш-аркактыкты бөлөк аялдын бир түнүнө алмашып койот көрүнөбүз. Өз аялыңдын жанында жаткандагы анын салкындыгын жибите албаган күнөө аларда эмес, бизден болуп жүрбөсүн? Сен эркелетсең, а дагы аялдык маңызын андан бетер төгүп жүрбөсүн?

Салтанаттын үйдөн кеткенине үч жылдан ашты. Уулум Улан –баса, азыр Улан деген эле ат көп) бештен алтыга карады. Салтанат балким бирөөнү таап алгандыр. А эгер антпей бош жүрсө мени кечирээр беле деген үмүтсүз суроо келет оюма. Салтанат ко Салтанат. Уланды аябай сагындым. Анын кылык-жоруктары оюма түшсө ичим ысып, камыга түшөм. Эгер көл тарапка жүк тартып калсам алардын үйүнө, тагыраак айтканда ата-энесиникине кирип, алардын ал-жайын билип көрөйүн деген ой жакындан бери көңүлүмдө туруп алды. Бүгүн Пржевальск шаарына арак алып баратам. Алардыкына токтоп өтөм.

Канттан ары автозаправкага кайрылдым. Эч ким жок экен. Жаман сүйүнүп кеттим. Көпкө күтпөй, багыңды тол-туруп алып, андан ары жолуңду шыр улантуу шопурдун бирден бир тилеги.

Машинамды бензоколонканын жанына токтотуп, пис-толетин бактын оозуна сайдым. Өңдүү-түстүү жаш келиндин талыкшыган уйкулуу жүзү терезенин ары жагынан көрүндү. Элүү талондук эки талонду сундум. Келин шарт эле бензинди койо берди. Бензоколонканын дүүлдөгү чыкты. Колонканын жанына барып, канча литрин жеткизбей куяр экен деп анын стрелкалары тегеренген эсептегичине көз салып турдум. Стрелка айланып токсон деген сандын тушуна келип токтоду. Демек токсон литр куюлду. Бензоколонка чак-чак дей түшүп, анын эки стрелкасы тең нөлдүн тушуна туруп калды. Мына! Он литр куюлбай калганын далилдеп көр.

Мындан төрт-беш жыл илгери бир килейген шопурдан май куйрукка бирди жегенден кийин акыйлашканды койгом. Ошондо жыйырма литр бензин куюлбай калды. Мен дароо заправщик отурган жерге жүгүрүп бардым. Жардашып турган беш-алты шопурдан моюнумду созуп, толук куйбаганын айттым. Тиги аял акшыя карап койду. Мен жыйырма литр куйбаганын кайра кайталадым, эки шопурдун арасынан кыпчыла нары айнекчеге жакындоого аракет кылып. Май куйгуч аял эми мага көңүл бурбай, күрсүйгөн жоон шопурдун берген талондорун эсептей баштады. Дартымды кайра кайталадым. Аял кабагын бүркөй мени карай берип: «Мына бу неме деги мени иштетеби?» деди берки тургандарга даттанып. Күрсүйгөн шопур ийинин копшоп, мени билгизбей түртүп жиберди. Эпелектей болуп четке ыргыдым. Мен кайра атырылып терезечеге анын алдына жакындамак болдум. Ал ыткыйган көчүгүн мени көздөй буруп, жолумду тороду. Анан башын терезеге ылдыйлата берип, көчүгү менен мени ичке бир урду. Аз жерден жыгылып кала жаздадым. Ызам келе баштады. Эми мобу күрсүгүйгө жиним келди. «Мен сага эмне кылдым» деп, аны жеңден тарттым. Ал мени билегимден алды да: «Ошо азыраак бензинден өлөсүңбү, өлсөң ме!» деп жыйырма литрлик талон менен мени бетке бир уруп, анан колумду артыма кайрый бурап, тизеси менен көчүккө бир тепти. «Дал ушулар тажатат элдин ичин» деп койду артынан. Чапчаңдыгымдан гана калдым. Болбосо эт-бетимден кетмекмин. Темтелеңдеп барып оңолуп кеттим. Ошол жерде турган башка шопурлардын биринин да мени жактап дың дегени болбоду. Ызам башыма чыгып, ыйдын деми муундурду. Тетиги лөкүйгөн неме менен барып тытышкым келди. Бирок анымдан эчтеме чыкпасын түшүнүп, бозала болгон бойдон машинамды көздөй бастым. Аяк алдымда жыйырма литрлик талон тебеленип кала берди.

* * *

…Баса, Салтанат демекчи. Аны кайсы бир жылы дал ушул жол менен көл тараптан Фрунзени көздөй алып жө-нөгөм. Анын менин аялым болуп калары ошондо кимдин оюна келиптир?

Бир жолу, ошо илгери, жүк жүктөп, Фрунзеден көл тарапка жөнөп калдым. Кыш маалы. Күн суук. Эски ав-товокзалдан ары көпүрөдөн өтө бергенде аял-эркеги болуп, бир топ адам жарданыша кол көтөрдү. Фрунзеден жогору чыгыш тарапка кетчү автобустан жолу болбогон жүргүнчүлөр кабинасы бош машиналарды ошо баягы убакта көбүнчө ушу жерден тосушчу. Машинамды жайлатып барып токтоттум. Тургандар жабалактап жүгүрүп келишти. Бири Кант, Бири Токмок, бири Быстровкага бара турганын айтышты. Көл жакка бара турган гана киши ала турганымды билдирдим. Элдин эң артында турган, башына тумак, үстүнө чапан кийинген чал менин сөзүмдү укканда: «Ой, балам, мен барам, балам, мен барам. Корумдуга чейин ала бар» деп карбаластап калды. Жаңы эле шопур болуп иштеп жүрсөм, анан моминтип алысыраак рейске анда-мында бир чыксам, көл жээгиндеги көп айылдын кайсы бирин билем? Азырынча билгеним Рыбачье –аз.Балыкчы) Чолпон-Ата, Түп, Пржевальск. Корумдунун каерде экенин сурасам Чолпон-Атанын эле ары жагында экенин чал эпилдеп айта салды.

Чал ЗИЛдин бийик кабинасына чыгып келип отурду. Түбүндө бирдемелери бар белинен буулуп, ар кайсы жери темгилденген мүшөгүн аяк алдына таштап койду. Көңүлү жайлангансып, сакал-мурутун сылап, тумагын чекесинен бир аз өйдөлөттү. Эриндерин кыбыратып, өзүнчө күңгүрөнүп койду.

Машинаны ылдамдыкка кошуп, ордунан жылдырып жөнөдүм.

–Автобуска эмнеге түшпөдүңүз? – дедим машина бир калыптагы ылдамдык менен жүрүп калгандан кийин.

–Белет жок экен.

–Айылчылап чыктыңыз беле?

–Ооба. Биерде бир жакындар бар эле. Ошолордукуна келгем. Өзүм көлдөн, ошо Корумдудан болом.

–Кыштын кыраан чилдесинде айылчылап чыккан экенсиз?

–Э-э, балам көр тирлик да. Кичүү кызым азыр колдо. Ондо окуйт. Окууга келем дейт. Ошонун камы. Ушинтип эртелеп сүйлөшүп койбосо болбойт дешкенинен келгем. Бир коюмду союп алып.

–Анан сүйлөштүңүзбү?

–Билбейм, балам. Ар кайсынын башын бир айтышып башты оорутушту. Бээң барбы-төөң барбы? Эки миңди камда. Ошентсең милдетин алабыз дешти. Кызым үчүн камдабаганда. Бирин-серин мал бар. Сатам. Улуу кыздарым күйөөдө. Үчөө. Алар да кайрылышаар.

–А кызыңыздын өзүнүн окууга көңүлү барбы?

–Бар. Окуйм дейт. Үшкөлдөгү окуусу жакшы.

Мен андан ары карыянын башын ооруткан жокмун. Унчугушпай жүрүп отурдук.

–Балам, кайсы элден болосуң? Уругуң кайсы? – деди бир оокумда чал мен тарапка ишенчээк көздөрүн жиберип. Мен чалдын суроосуна түшүнгөн жокмун. Эл дегени, урук дегени эмнеси? Мындай сөздөрдү биринчи угушум. Бирок улутумду сурап жатат ко деген кыяз менен:

–Кыргызмын, – дедим.

–Жок, балам. Өзүм деле көрүп турам кыргыз экениңди. Кыргызды жалпысынан Солто, Сарбагыш, Бугу, Кушчу, Саяк деп койот. Ошонун кайсы элиненсиң? Биз маселен Бугу болбобуз. Көл ичин Бугу дешет.

–Жок. Андайды билбейм, – дедим чалдан чынымды жашырбай.

–Туулган жериң каер?

–Фрунзе шаары. Кызыл-Аскер тарабынан.

–Чүйдөн экен да. Анда Солто болосуңар. Солто болот турбайсыңарбы? – Чал ойлонгонсуп калды. –Эмки жаш бал-дар кайдан билесиңер, бирөө үйрөтпөсө. Кайсы эл, кайсы жер менен ишиңер эмне?..

Чын-чынына келгенде мага солто-полтосунун кереги эмне?

Чал экөөбүздүн ортобузда дагы бир топ сөздөр болду. Көбүнчө суроону карыя, жоопту мен берип отурдум..

–И-и де, балам. Шопурлугуң жакшы экен. Бу шопурдун тапканы көп деп угабыз. Алмасын бир алпарып келишсе акчага тунушат дейт, – деди карыя алдын карап бараткан бойдон өзүнчө жыйынтык чыгарып. –Биз, кыргыздар билбей жүрүптүрбүз. Бу алма дегениң кыпкызыл эле пул экен да.

Чал азыраак унчукпай барып, алма туурасындагы кебин кайра жалгады.

–Анын эбин тапканды билиш керек. Эсебин таппасаң эчтеке жок. Биздин айылда экөө бар. Сотиктери жана-ша.Илгери экөө тең алма тигишкен бүт сотиктерине. Экөө тең маалим –мугалим) болуп иштешчү. Алмалары жакшы өстү. Алардын бири кийин колхоз ишине аралашып кетти. Бригаат болду, берме болду. Алмасы дагы эле жакшы. Бирок алмасын саткан жок. Тааныш-туунуштарына берет. Калса өкмөткө өткөзөт. А беркиниси, дагы эле маалим болуп иштейт. Алмасын жыл сайын сатат, тээ алыс, бир жакка алпарып. Сибирь дейби. Өзүнүкү аз болсо башкалардан чогултат. Ошоякта алманын киласы төрт сом дейби, беш сом дейби? Эми анын акчасы мый-мый. Алыш-бериши көп. Район эмес, облуска баркы бар.

Чал экөөбүз Балыкчыдан тамактанып алып, андан ары жолубузду уланттык. Машинанын жүрүшү жай, жол тайгак. Муз басып, жолдун тайгактыгы – шопурлардын биринчи номурдагы душмандарынын бири.

Корумдуга түн кирип кеткенде келдик. Кыштактын ар кайсы жеринде электр шамдары жетимсирей жаркырайт. Чалдын үйү машиналар өтчү чоң жолдун так эле жээгинде экен. Машинамды жайлатып барып токтоттум.

– Эми-и, мындай балам. Алар тыйыныңды ал. Анан үйгө кирип, оокат-соокат ич. Түн да кирип кетти. Жатып алып, таң эртең менен кеткениң оң. Эми барганда жүгүңдү ким эле түшүрө койот. – Чал ички күрмөсүнүн чөнтөгүнөн бирдем издеп жатты. Акча издегенин билип, анын колунун үстүнө колумду коюп:

–Ата, акчаны жөн коюңуз. Түшсө түшүп чыгайын. Бирок конбойм. Бүгүн барып конуп алып, эртең эртелеп жүктү түшүрүп, кайра Фрунзеге жөнөшүм керек, – дедим.

– Жок, жок, балам. Бекер оокат деген жок, азыркы заманда. Машинаңдын акысын ал, – деп чал ой-боюма кой-бой, он сомдук кызыл кагазды суна кетти. Мен акчаны алып, экиге бүктөп, анан чалдын чапанын жан чөнтөгүнө кайра салып койдум.

– Башка бирөөгө деле бермекмин. Эми албасаң болуп-тур. Жүр анда үйгө.

Бир-эки кадам шилтей бергенимде мен бараткан эшик ачылып, көгүш кофта, кызыл баркут чермей, спорт формасын тизесине чейин жапкан каралжын түстөгү жупке кийген, бойго жетип калган кыз чыга келди. Чалдын Салтанат деген кызы экенин дароо билдим.

– Апаң бир жакка кеттиби? – деп койду чал кызына. Көчөнүн башында бирөөдүкү чайга чакырганын кыз маа-лымдады. Чал айыл-апанын амандыгын сурады.

– Автобуска белет жок. Бул баламдын машинасына түшүп келдим. Караколго жүк апаратыптыр. Эмне оокатың бар? Апкел. Конуп алып эртең кет десем болбойт. Мейли, жолунан калбай бара берсин.

Чай ичилип бүтүп, мен кетерге камынганда:

–Урмат балам, үйдү деги көрүп алдың. Өйдө-төмөн өтүп калганда келип тур. Унутуп калсаң Мукан деген чалдыкы кайсы десең любою айтып берет,-деди карыя орусча сөздү кошуп.

Мен чалдын чын пейили менен айтылган сөзүнө анча маани бербей:

– Жакшы болот, жакшы болот, – дедим анын көңүлүн улап. Анткен менен чал мага жагып калды.

* * *

Кийин сейрек болсо да өйдө-төмөн өтүп жүрдүм. Бирок ишим болбогондон кийин Мукан карыяныкына бейчеки кайрылган жокмун.

Бир жолу, ошол эле жылы жүк алып, Пржевалскиге жөнөдүм. Февраль айы аяктап калса да кыш али күчүндө болучу. Чолпон-Атага жете бербей, полуось сынып, машинам андан ары жүрбөй калды. Өзүмдө запасы жок болучу. Токтоткон шопурлардан да табылбады. Бир табылса автоба-залардан гана табылат. Жакын арада автобаза да жок. Ошон үчүн машинаны бир жерге токтотуп коюп издеш керек, болбосо Фрунзеге барып, өзүбүздүн автобазадан апкелиш керек.

Күн кечтеп кетти. Батыштан шамал жүрүп, кар аралаш жамгыр жаап келди. Менин биерде калышым болбойт. Биринчиден кийимим жука, суукка тоңуп калышым мүмкүн, экинчиден брезенттен мүшөктөрдөгү кумшекерге суу өтүп кетсе анын төлөмөрүнө мен калам. Үч миң, төрт миң сомду кайдан табам? Анан күндүн түрүнө караганда эртең жол тоңуп, көк жылгаяк муз болот. Тайгак жолдо жүктүү машинаны зым аркан менен чиркеп сүйрөө өтө опурталдуу. Эрежеде антип сүйрөтүүгө да жол берилбейт. Ошон үчүн азыр бирөөгө сүйрөтүп, бир кыштакка жетип, түнөп чыгуу керек.

Машинамдын жанынан мындай боло берип, жол тосо баштадым. Жамгыр аралаш кар көз ачырбайт. Курткам, шымым, деги эле бүт үстүм суу болуп кетти. Улам жарыктары көрүнүп, машиналар өтүп жатты. Мага керектүүлөрү азырынча жок. Бир саатча күттүм. Үшүгөнүмө чыдабай, кабинага кирдим да, күзгү аркылуу келаткан машинанын жарыгына көз салып отурдум. Түнкүсүн алыстан келаткан машинанын жарыгынан эмне машина экенин айрый албайсың. Ошон үчүн ар бир жарык жакындаган сайын жүгүрүп чыга калууга туура келип жатты. Кабинанын ичи жылысын деп моторун от алдырып койдум. Бирок уктап калбоо керек. Моторун иштетип коюп кабинада уктап, машинадан чыккан иске ууланышып, далайлар өмүрлөрү менен коштошконун угуп-билип эле жүрөбүз.

Тетигинде дагы бир машинанын жарыгы көрүндү. Жакындап келгенде кол көтөрдүм. Ал машинамдын артына келип токтоду. Чиркегичи менен ЗИЛ экен. Шопуру улгайып калган орус. Мен шопурга арыдан-бери дартымды айта салдым.

– Да-а, акыбалың кыйын экен. Биерде калсаң тоңуп өлүп каласың. Бир айла табыш керек. –Ал чылымын соруп, түтүнүн терезенин тешигинен үйлөп, ойлоно түштү. Айланы өзү тапты.

Ошодон бир сааттай өткөндөн кийин илээлеп жолго чыктык. Жер тоңуп, муз болгончо жүрүп отуруп, кезиккен кыштакка токтоп, мен ошиерде калмак болдум.

Жолдо карата көргөн азабыбызды айтып отурбай эле койоюн. Жаныбызды оозго тиштеп, түндүн бир оокумунда Корумдуга жеттик. Сүйрөшүп чыкканда эле баягы кыш башталганда кабинама сала келген чал эсиме түшкөн. Анын үйүнүн тушуна келгенде токтоп, жерге түшүп келип, арттагы шопурга оюмду айттым эле: «Ишенимдүү немеби, кумшекериңди мүшөктөтүп, ар кимге көтөртүп жибербесин» деди шектүү оюн билгизип. Андай эмес, жакшы киши десем, өзүң бил деди.

Чатыр тамдын эшигинин алдына барып, эмне кылсам дегенчелик жүрөксүй туруп калдым кулак түрүп. Терезеде жарык жок. Жатып алышса керек. Кайрат жыйып, эмнеси болсо ошо болсун деп каалганы тык-тык каккылап, делдейип кулак түрдүм. Ич тараптан эч шыбыш болгон жок. Эми катуураак кага баштадым. Бир аздан кийин ички эшиктин ачылганы угулуп, бу ким деген кыздын чоочуркаган үнү чыкты.

– Мага Мукан ата керек, – дедим эшикке эңкейе үн-үмдү аярлай чыгарып.

– Атам үйдө жок!

– Кайда кетти эле?

– Өзүңөр ким болосуңар? – деди кыз кайра мага суроо менен кайрылып.

– Салтанат, бул сенсиңби? Мен Урматмын. Баягы бир жолу Мукан атаны Фрунзеден ала келип, силердикинен чай ичип кеткем, – кызды караңгы түндө бүкү-дүкү кылбайын деп ким экенимди ачык айттым.

– И-и, силерсиңерби?.. Атам үйдө жок эле. Апам экөө өлгөнгө кетишкен. Келе элек, – деди кыз кыңырылган үн менен. –Атама эмне, сөзүңөр бар беле?

Мен эмне дээримди билбей, мукактана түштүм.

– Пржевальскиге жүк алпараткам. Машинам жолдо бузулуп…– дедим сөзүмдүн аягына чыкпай бүдөмүктөнтө.

– Мейлиңер анда. Машинаңарды короого киргизип койгула, – деди кыз үнүн токтоо чыгарып.

Мен дароо машинамдын жанына келип, берки улгайып калган шопурга ушунда кала турганымды айттым. Ал экөөбүз арыдан бери машинамды короого киргизип, полуосун кайра өз машинасына сала койдук.

– Машинаңдын суусун төккөндү унутпа, – деди тиги шопур жөнөп жатып. Анан машина ордунан жай козголуп, артындагы жарыктарын кызартып, асты муз болуп тоңо баштаган, үстү кар жол менен илээлеп, акырын айдап жүрүп кетти.

Мен машинамдын суусун агытып, кабинамды кулпу-лап, үй жакка бастым. Сырткы эшикти ачып, андан ары өтпөй, эмне кылсам дегенчелик күймөлө калдым.

– Чечингиле. Чечинип колуңарды жуугула. Кесме жы-лытып койдум. Отуруп тамактангыла. Үшүп кеткенсиңер го? -Мен тамактанганча Салтанат маңдайымда отурду. Мурда мен ойлогондой ал уяң деле кыз эместей көрүнөт.

– Салтанат, эгерде силердин үй болбогондо талаада калып, тоңуп калмак экем, – дедим тамаша-чыны аралаш.

– Эшигин каксаңар ар бир үй киргизмек.

– Кантип эле? Тааныбаса. Сен тааныган үчүн киргиздиң да?

– Кырсык басып, башына мүшкүл түшкөн кишинин камын жеп, жардам көрсөтүү кимдин болсо да милдети, – деди Салтанат кадимкидей токтоо.

Мен макул болбосом да, макул болгонсуп унчуккан жокмун.

Салтанат идиш-аяктарын, дасторконду жыйнап кетти. Анан наркы төркү бөлмөдөн төшөнчү алып чыгып, бурчка мага төшөк салды.

– Жатаар алдында жарыкты өчүргөндү унутпагыла, – деди да да, Салтанат төркү тамга кирип эшигин жаап койду.

Мен башым жаздыкка тийер менен уйкуга кетиптирмин. Жаратылышымдан сергекмин. Кеч жатамбы, эрте жатамбы бир маалда ойгонгон адатым бар. Бирок бул жолу кичине кечиктим. Үйгө кадимкидей жарык кирип калыптыр. Кулак түрүп, кулуюп төшөктөн турбай жата бердим. Салтанат жактан тыбыш билинбейт. Уктап жатса керек. Эртелеп туруп, машинамдын камын көрөйүн деп, ордуман шарт көтөрүлүп, арыдан-бери кийине салып тышка чыктым.

Плита үстүндө капкагын дирилдетип чай кайнады. Салтанат дасторкон жайды.

– Салтанат, – дедим жаңы эле чайга караганыбызда. – Быйыл окууга барганы жатыпсың. Даярдыгың кандай?

– Болушунча окуп жатам, – деди кыз билинер-билинбес жылмая берип.

– Шаардагы таанышыңардын жардамы тийе турганбы? – дедим эчтемени элес албай.

– Аны кайдан билесиңер? – Салтанат чоочуп кетти.

– Билем. Салтанат жөнүндө баарын билем.

Кыз мага таң калган көздөрүн жиберип, анан уяң аралаган жүзүн жерге бурду.

– Атам эле, кой десем болбой кеткен. Өтпөсөм өтпөй калармын. Барбагын дегем. – Салтанат жашырбай жер караган калыбында чынын айтып берди.

– Андай кишиңер болсо жакшы эле болмок, – дедим мен дагы дилимдегини айтып.

...Мен ушу окууга өткөндө кишилердин жардамы тийет дегенге түк ишенчи эмесмин.Бирок мектепте окуган бир баланын жогорку окуу жайына өтүп кеткенин билгенден кийин ошондой кишилердин барына, алардын сыйкырдуу күчүнө ишенип калдым. Мен биринчиден баштап орус мектебинде окудум. Биздин класста ар кайсы улуттагы балдар, кыздар окушчу: орустар, украиналыктар, казактар, уйгурлар, өзбектер. Кыргыздан үчөө элек. Ошо үчөөбүздүн бирибиз Бармен деген бала окууга өтүп кетти. Ал оозунан жарытылуу сөз чыкпаган, өзү эткээлинен келген, борбойгон бала болучу. Сенин оюң кандай деп бирдемени сурасаң, өлүмү өз оюн ачыкка чыгарбай, балким ошондойдур, деп эки ийнин куушуруп койчу. Сабактарды жоон үчкө билчү. Мага караганда кыргызчаны өтө начар сүйлөчү. Ошо Бармен тогузунчуну бүткөндөн кийин документтерин алып, айыл жериндеги бир кыргыз мектебине которулуп кетти. Анан аттестатын жалаң беш менен төрткө толтуруп келди да, таанышы иштеген институтка тапшырып өтүп кетти. Ошо менен илинип-чалынып жүрүп бүтүп алды. Азыр бир мекемеде жылуу орунду ээлеп отурат. Бат эле өкмөттөн үй алды…

– Жайга чейин али убакыт көп. Жакшы даярдан. Өзүң эле өтүп кетесиң. Өтпөй калгандай сен эмне, жаман окуган кыздардан бекенсиң, – дедим кудум эле улуу агасы карын-дашына жасаган мамиледей.

 

Мен кол көтөрүп токтоткон машиналардын биринен полуось табылды. Мен аны ордуна коюп, сынганын кузо-ванын бир жерине кыпчып, карала-торала май болгон кол-дорумду али жууй электе Салтанаттын ата-энеси келишти.

– Салоомалейкум, – деп чалга салам айттым.

– Алекисалам, – Чал ким болуп кетти деп бүшүркөй калды. Кемпирине да амансыңарбы деп башымды ийкедим. Оозун кыбыратып амандашканы менен жаман караган көздөрүндө кайдагы неме элең деген жазуу бардай.

– И-и. Ким деп жатса, баягы машинаңа салып келген балам турбайсыңбы? – деди чал жандана берип. – Кайдан жүрөсүң? Жүк алпаратты белең бир жакка?

Мен болгонун болгондой айтып өттүм. Кемпир көз-дөрүн алайтып, чалын жаман көзү менен карап:

– Э, ботом, түнөп чыкканы эмнеси? Ээси жок үйгө да түнөйбү? – деди катуу чоочуп. Чал кемпиринин сөзүнө күңк-мыңк деп бирдеме айталбай кайра мага боор ооруй кетти.

– Суукта машинаң сынып, убара болгон турбайсыңбы? Карачы, көк муштум болуп үшүп кетипсиң. Оңдоп бүтсөң жүр үйгө. Жылынып алып, анан жөнө.

Биз ээрчишип кайра үйгө кирдик. Майланышкан ко-лумду жууп, төргө өттүм. Чал-кемпир ала келген кешиктер коюлуп, тасмал салынды. Кемпир негедир кыртышын салып, мени жактырбаганы билинип турду. Төркү тамга кирип, көрүнгөндү түн ичинде үйгө кийирип деп кызына да сүйлөнүп чыккандай болду. Чал муну байкады. Билдирбей, менин жагымды талашкан өңдөндү.

– Бу машина дегениңдин жакшысы жакшы. Анан ал-ыскы жолдо бузулуп калганы эле жаман. Күн жылуучулукта да эчтеке эмес. Момундай суукта талаада калсаң куруганың да. Тоңуп каласыңар. Шопур, шопур дейбиз. Ишиңер кыйын эле.

– Андай экен, машинасын бузулбай турган кылып чыгарышпайбы? Бая илгери арабаң бузулбай-этпей эле жүрчү эле го? – деди кемпир ачуусу менен сөзгө кошулуп.

– Э-эй, кемпир. Араба деген араба. Машине деген машине. Машиненин тетиктери миң-миллион. Арабанын кылган ишин машина кыла алат. Машинанын кылган ишин араба кыла албайт. – Чал чайдан ууртай берип, чынысын дасторкондун үстүнө четине койду да, колдорун кайчы-лаштырып, оюна бирдемени түшүргөнсүп жатты.

–Урмат балам, сен айтчы чыныңды. Азыр арабанын пайдасы барбы же жокпу? – деди ал мага кайрылып.

– Араба дегенди жанына барып көрө элекмин. Телеви-зордон, кинолордон көргөндөй болгом.

– И, мына. Машина келди деп, араба менен ат дегенди урунбай калдык. Карыш бассак, көңкөңдөтүп машина минип алабыз. Айыл ичинде майда-барат иштерге арабадан өтөрү жок. Сынса оңдоп аласың. Оңдой албасаң, таштап, атын минип кете бересиң. Анан арабаны любой киши: чал да, бала да, катын-калач да айдайт. Азыр айыл ичинде активдер ат минишпей, гүрзовой машинанадан минип алышат шалды-ратып. Ат багып мингенден коркушат. Табын таап мингенди билишпейт. – Чал чайын түгөтө ууртады. – Заман силердики. Кантээр-койоруңарды өзүңөр билесиңер…

Мукан карыя айыл жериндеги машиналар жөнүндө айтып жатат. Антип жүк тарткандын ордуна кишилер минип алып, анан тоннасы менен тонна-километрин жөн эле жазып бергендер бизде деле толуп жатат. Прораб менен жакшы болсоң жыргадың да. Бизде бир шопур бар. Сагындык аты. Самосвал айдайт. Бир жыл кайсы бир курулуштун прорабын тартып жүрдү. Эртең менен прорабды үйүнөн апкелет. Ишине барып, тыяк-быягын карап, анан курулуш обьектилерин кыдырат. Самосвал кечке турат. Кечкисин прорабды кайра үйүнө апкелет. Кийин карасаң эле акчаны бапырата алып жаткан ким? Сагындык. Айына төрт жүз, беш жүздөн айланат экен. Айлыгы го айлык. Бирөөнүн бирдемесин ташый коюп, беш-он сом таппаса анын башы ооруп турчу. Артып калган бензиндери канча?..

Эч ким үндөбөй, үй ичи тынчтана түштү. Тынчтыкты Салтанат бузду.

– Эмне болуп өлүптүр? Арак ичип мас болуп тоңуп калыптыр деген чын бекен? – деди Салтанат суроосун апа-сына багыштап. Ачууланган апасынын көңүлүн башкага бурайын деген кыязданды го болжолу. Апасы бугун дал ушул жерден чыгарып алды.

– Эмне болуп өлмөк эле? Бүт тукумуңар менен ошо-суңар. Балакет ичип калсачы. Элге-журтка шерменде кылып. Жанагы чычкандай балдарынын күнү эмне болот?..

Кимдин өлүмү жөнүндө сөз болуп жатканы мага ошондо белгисиз болучу. Кийин-кийин Салтанат экөөбүз үйлөнгөндө билдим. Ошо өлдү дегени Салтанаттын эжелери экен. Мукан карыянын эң улуу агасынын ортончу кызы тура. Күйөөсү өлүп жесир калып, артында беш баласын –эң кичүүсү беште экен) томолой таштап, кырк сегиз жаш курагында арак ичип мас болуп алып, үйүнө жетпей көчөдө томпоюп тоңуп калыптыр.

Мен чай ичип болгонумду билдирип, чыныны жерге коюп, үстүн колум менен калкаладым.

– Ичип болдуңбу? Дагы бир чыны ичсеңчи? – деди Мукан карыя суранып. Салтанат да обдула берип, чыныны көздөй кол сунду. Бирок мен өз оюмда туруп, чыныны жылдырбадым. Салтанаттын жылмайыңкы жүзүндө дагы бир чыны ичип койчу деген суроо тургансыды.

– Анда эмесе, эмне турасыңбы? Жөнөсөң жөнө, жол-уңдан калбай, – деди Мукан карыя мага уруксат берип.

Ошентип, ал күнү түш оой, Пржевальскини көздөй жол тарттым. Күндүн илебинен жол бетиндеги муз эрип кетиптир.

Салтанатка карата менде көңүл отунун өзгөчө бир белгиси болгон жок. Айылдык бир тааныш кыз катары гана карадым. Ал эми Салтанатчы? Байкашыма караганда мени жактырып калгандай түрү бар. Мамилесине караганда ошондойбу дейм. Мени көргөндө көздөрү күлүңдөй коюулана, жүзү ажарлана түшөт. Алардыкына кийин да эки-үч жолу кайрылып кеткем. Салтанат өйдө-төмөн өткөн сайын келип туруумду өтүнгөн. Адегенде акчырылган кемпир да бара-бара жоошуп, мага көнгөнсүп калды.

* * *

Ошол жайда Салтанатты кабинама салып, Фрунзеге ала кеттим. Айтып жүргөнүндөй окууга тапшырмак. Чал-кемпир өздөрү узатышты. Менин милдетим Салтанатты Фрунзеге чейин алпарып, баягы айтышып жүргөн тааныштарыныкына тапшыруу.

– Бар, балам. Кудайга тапшырдык. Жолуң ачылсын. Буйруса окууңа өтүп каларсың. Таштемир да аябас жар-дамын. Эки-үч миңи болбосо да миңин бердик. Өтүп калсаң дагы кур койбосмун. Жалгыз уйду сатсам да толуктап берем,– деди карыя адегенде кызына кайрылып. – Урмат балам, сен өз баладай болуп калдың. Ишенгенден салып жатабыз. Салтанат карындашың шаарды билбейт. Жанагы адрис менен Таштемирдикин таап бер. Андан аркысын ал өзү билет…

Ошентип Салтанат деген айылдык кызды кабинама алып жолго чыктым. Биздин класстагы кыздар: «Урмат, ты парень веселый» дешчү. Балким ошондойдур. Бирок шарты келген жерде болбосо бейчеки сүйлөй бербейм. Кээ бир балдарды билем, болсо да, болбосо да кыздардын жанында болбогон бирдемелерди айтып, ажыкыздана беришет.

Азыр менин оюм, машинамды жолдун бир жерине токтотуп, беш-он мүнөт болсо да көлгө чөмүлүп, бир-эки кулач уруп алууда. Азыр июль айынын орто чени. Дайым эле мындай учурда көл тарапка келип турбайсың.

Жайкысын Чүй боору жактан көл жакка бейчеки өтүш кыйын. Бирок эптүүлөр өтүп кетишет: алардын тиги өлдү, бу өлдү деген калп телеграммалары бар; же көл жээгиндеги көптөгөн пансионаттардын бирине жазылган путевкалары бар; ал эми кызматта иштегендер ишемби, жекшемби күндөрүн кошуп, төрт-беш күнгө «командировкага» барышат. Фрунзенин кээ бир куулары машиналарынын номурларынын серияларын Ысык-Көл облусунукуна алмаштырып алышкан. Жол тоскон милийсалар андай машиналардын ичиндеги итбай-чотбайларга карашпайт. Номурун көрүшөт да, жол тосмо ала устунун өйдө көтөрүп, токтотпой өткөрүп жиберишет. Ошондой машиналардын жайкысын күндөрү тууп турган мезгилдери болушат: акчасына көл тарапка эл ташышат. Комосомол айылынан өтө бергенден кийин «При-шиб» пансионаты. Биздин автотранспорт министрлигиники. Ичине кирип көрө элекмин. Чоңдор эс алышат дейт. Бирок пансионаттын батыш жак четинен кийинки көл жээги жакшы. Жээк да, көл ичи да кумдуу. Өйдө-төмөн өткөндө биз, шопурлар ошол жерге түшөбүз. Бизге ошол эле жетет. Ошого эле ыраазыбыз. Көрүп калышса ызгыта кууп жиберишет. Көлдү булгап койот имишпиз. Ошентип бир эки чөмүлүп алабыз да, жолубузга түшөбүз.

Мен болжогон жерде бири бирине чиркелишкенсип, он чакты машина туруптур. Мага окшогон «жолбундар» болушса керек. Ошолордун артына, жар бооруна такай алпарып машинамды токтоттум.

– Көлгө бир аз түшүп алалы, – дедим Салтанаттын эм-неге токтодук дегендей суроолуу карашына жооп кылып. — Ошентелиби?

– Жок. Мен түшпөйм. Силер түшсөңөр түшкүлө.

– Эмнеге?.. А-а, түшүндүм. Көл силердики. Күн сайын түшө берип, жадагансыңар да, – дедим тамашалап.

– Жок. Түшкөндөр күнү-түнү менен деле түшүп жаты-шат.

– Түшпөсөң да жүр. Көл жээгине барып отур.

Салтанат мунума макул болду. Жолдун тиги чекеси көлдү көздөй тик, куюлма. Мен алдыга түштүм. Биртике ылдыйлап артымды карасам Салтанат эмне кылсам дегенчелик, жүрөксүй туруп калыптыр. Өйдөлөп кайра жылып, колумду сундум. Салтанаттын сол колунан бек кармап, ылдый түшө баштадык. Таман алдыбыз кум. Буттарыбыз өзүнөн өзү жылбышат. Тик жер мына-мына бүтөйүн деп калганда, Салтанат негедир мүдүрүлө түшүп, мен аны токтото албай кучактаган бойдон жумшак кумдун үстүнө чалкамдан кеттим. Салтанат мени баса жыгылып, анан ал да барып менин жаныма кум үстүнө узунунан түштү. Мен чапчаң өйдө болуп, Салтанатты колдон тартып тургуздум. «Бир жериң ооруган жокпу?» деп сурасам, Салтанат уяң күлө, эчтеме болбогонун айтты. Мен да күлдүм. Анан ал экөөбүз кумду эзе басып, көл жээгин көздөй бастык.

Аял-эркеги болуп беш-алты адам күнгө кактанып жа-тышыптыр. Жатканы бар, отурганы бар. Дагы бир тобу суу ичинде жүрүшөт. Бир-экөө те алыска сүзүп кетишиптир. Баштары эле көзгө чалдыгат.

Мындайыраак четке бардык.

– Кана, Салтанат, түшөлүбү? – дедим. Салтанат жооп бергендин ордуна жылмая берип, башын чайкады.

Кийим чечүүчү калканчка кирип, которунуп кийиндим да, бир-эки аттап көл жээгине жеттим. Колумду бөйрөгүмө таянып, бутумду кызыл ашыгыма чейин сууга малып, мелмилдеген көл бетине көз жибердим. Көл үстү тыптынч. Жээкке жакын бетинде билинер-билинбес майда толкун бар. Улам ары мелтиреп, тетиги боз баскан тескей Ала-Тоосуна барып такалат.

Мен жээктен арыладым. Биерде суу көп алыстабай эле кекиртегиңе чыга түшөт. Суу көкүрөгүмө келгенде колдорумду сунуп, түпкүрдү көздөй чумкудум да, бат эле калкып чыкпай, суу түбү менен сүзүп жөнөдүм. Көл таптаза. Боржуктанган кумдар жатат алдымда. Суу түбүндө адам дем тартпай канчага чейин жүрө алат? Бир жолу бала кезде балдар болуп мелдеше кеткенбиз, Ошондо мен жарым мүнөткө чейин чыдаптырмын. Мен азыр да чыдамым жеткиче суу түбү менен жүрүп отуруп, анан көл үстүнө каалгып чыктым. Эми башымды чыгарган бойдон, колдорум менен буттарымды бир ийкемге келтирип, андан ары сүзүп жөнөдүм. Жээктен жүз метрдей сүзүп барып, артыма бурулуп, жээк жакка көз салдым. Башкалардан бөлүнүп, көгүш көйнөкчөн Салтанат алыстан куурчактай болуп көрүндү.

Мен эки бутумду сунуп, эки колумду эки жакка жайып, чалкамдан суу үстүндө калкыдым. Астымда көгүлтүр көл, үстүмдү түпсүз көк асман. Жумшак толкун былк-былк эткизе көшүлтө терметет. Күндүн нурунан көзүмдү жумдум. Баягы эле чексиз асман. Аалам, дүйнөгө салыштырганда адам дегениң көзгө илешпеген бир кыпын экен да. Бирок ошол кибиреген адам деп аталган жандыктын акылына түбү жок ааламың багынабы деп ойлойсуң. Көмкөрүлгөн мына бу асмандын көз жеткис түпкүрлөрүндө спутниктер, киши башкарган космос кораблдери учуп жүрүшөт. Мен ойлойм, адам баласына эмне пайдасы бар ошолордун. Учту, келди, конду. Андан көрө автомашиналарга запчасть дегенди көбүрөөк чыгарышса… Учса уча берсин. Кой дегенди угушмак беле? Бирок жарык дүйнөдөгү момундай улуу бейкутчулукту бузушпаса эле болду. Бизге ошонусу эсеп.

Шашпай жээкти көздөй сүздүм. Жээкке чыгып, эки колдоп чачымды артка сылап, анан Салтанаттын жанына барып, ысык кумга көмкөрөмдөн түшүп жата кеттим.

– Мени аябай коркуттуңар, – деди Салтанат эки тизе-синдеги колдоруна жөлөгөн башын көтөрбөгөн бойдон мени көздөй буруп.

– Эмнеге? – мен таң калдым.

– Жана суунун түбүнө кирип эле жоксуңар. Ана күтөм, мына күтөм, чыкпайсыңар. Эмне болуп кетти деп жаман коркуп кеттим. Жаткандарга кыйкырсамбы дедим. Анан кийин көптө барып башыңар көрүндү. Ошондо гана жүрөгүм ордуна келди. -Мен күлдүм.

– А мен корккон жокмун. Бирдеме болсо Салтанат деген көлдүн кыз туру. Мени куткарып алат дедим, – деп тамашалап, жаагымды колдорума койдум.

– Мен сүзө албайм. Сүзгөндү билбейм, – деди Салтанат чынын жашырбай.

– Эмнеге? Өзүң көлдүн жээгинде туруп?

– Үйрөнөйүн деп дит койбоптурмун.

Мен көлгө дагы бир жолу түшүп, кайра чыктым. Этимди да кургатып, кийимдеримди кийинип, Салтанат экөөбүз машинаны көздөй бастык.

 

Фрунзеге кечке маал келдик. Прицеби бар машинаны шаар ичинде шарактатып жүрбөй, таанышыныкын эртең жарыкта таап берейин, бүгүнчө биздикине эле жатып ал деген жөнү бар сунушума Салтанат каршы болгон жок. Үйдө жалгыз апам бар экенин Салтанат билет. Жолдо келатканда айткам.

Машинаны автобазага коюп, жол баракчасы менен ага тиркелген кагаз-кугаздарды диспетчерскаяга дароо өткөзүп, тышта күтүп турган Салтанатты ээрчитип алып, үйдү көздөй жөнөдүм. Күндүзгү ысыктын илеби тарап, Фрунзенин түнкү абасы серүүндөгөнсүп калганы менен али демдүү.

Он мүнөт өтпөй үйгө жеттик. Терезе жарык, демек апам үйдө. Ал мени күтүп жатат. Дарбазанын киши кирчү кичине эшигин ачып, короого кирдик. Тышкы жарык күйбөй, короо ичи караңгы экен. Жарыкты күйгүздүм. Эшикти тартсам бек. Тык-тык кактым. Бир аздан кийин апамдын кимсиң дегени угулду. Мен экенимди билгенден кийин эшикти ачты.

– Келип калдыңбы? – деп апамдын ажарланган жүзү бейтааныш кызды көргөндө бир башкача таң кала өзгөрүлдү.– Э, кокуй, келинчек апкелип жүрбө? Келинчек апкелдиңби?

– Жок, жок, апа, – мен уяла түштүм. –Бу Салтанат. Баягы бир жолу айтып бербедим беле. Бир аксакал кишини Фрунзеден көл тарапка ала бардым деп. Ошол карыянын кызы. Фрунзеге ала бар деп салып жиберишти. Биерде бир тааныштары бар экен. Түн ичинде убара болуп издебей, эртең таап берермин дедим. Окууга тапшырганы келди.

– Ошондой де. Мен сүйүнүп кетсе. Эмесе киргиле. Кир, кире гой, – деп апам эми Салтанатка жол көрсөтө мындай четтей берди.

* * *

Анын эртеси жекшемби болучу. Салтанат экөөбүз анын чабадан, башка түйүнчөктөрүн көтөрүнүп алып, алиги таанышын издеп чыктык. Тапкан жокпуз. Кайра биздикине келдик. Салтанаттын жатаканага барайын деген оюн айтсам, апам:

– Биздикинде эле жүрөт. Аз болсо да менин жаныма караан болуп. Сен болсоң машинаң менен күн-түндөп жо-голосуң, – деген чечкиндүү оюн айтты да, Салтанаттын колунан чабаданын алып, залга кирип бурчка коюп койду.

Бүгүн базар. Эмне кылып өткөзүш керек? Апам менен Салтанаттын жанында колдоюп отургум келген жок. Шаарга чыгып келейин дедим.

Шаардыктар бош убактыларыбызды эмне менен өткөзөбүз? Мен билгенден ичимдик ичебиз. Кайда барбагын ичкенге себеп табылып турат. Жолдошуң жолугуп калганда ичесиң. Конокко барсаң ичесиң. Конок келсе ичесиң. Шаар четине эс алганы барсаң да жаныңда бирди-жарым бөтөлкө болбой койбойт. Ансыз башка тамак жүрөккө барбайт.

Мен жыйырма төрттөмүн. Онунчудан кийин дароо беш айлык шопурдун курсун бүтүргөм. Азыраак иштеп армияга кеттим. Армиядан келип кайрадан автобазага орноштум. Ичимдикке жокмун. Атамды тартпапмын. Акыры арак атамдын түбүнө жетти. Ичпегин дегенге болбой иче берип, акыры боору эзилип кетти. Атам өлгөндө мен сегизинчиде болчумун. Асипа эжем онду бүттү да, ошо атабыздын жүрүш-турушуна чыдай албай, кыз неме элден уялып, бирөөнү ээрчиди да кетти. Атамдын азабын тарткандан ушу байкуш апам тартты. Атам өлгөндөн кийин, бир жолу кызымтал элем, апам:

– Менин чачым атаңдын арагын койдурам деп жүрүп агарды. Эми минтип сен ичсең. Мындай турмуштан көрө менин муунуп эле өлүп калганым жакшы, – деп көзүнүн жашын көлдөтө ыйлады. Атамдын азабы чын эле жанына катуу баткан экен. Ошондон баштап тартынып калдым. Мен үйгө келгенде апам адегенде эле бирдеме ичип келдиби-жокпу деп көзүмдү карачу. Ошого мен да көнүп, эшиктен кире электе эле ичкен жокмун деп жарыя кылчумун. Ошондой экениме көзү жетсе апамдын оорукчан тарткан кер-сары иреңине жылуулук кирип, бактылуу жылмайып койчу. Эненин бактысы эмнеде? Менимче балдары аман болуп, жаман жосун-жоругу жок, кызмат өтөп, бала-бакырасына карамдуу болсо болду!

Ошентип, мен майрам-сайрамдарда гана уурттап-татып койгонум болбосо, ичимдикке жокмун. Анын үстүнө кесибим шопур. Шопур болсоң, анан ичимдик ичсең, анда эле кепиниңди жаныңа байлана жүр…

Апам менен Салтанатты үйгө калтырып, тышка жө-нөдүм. Жайкы театрдын алдындагы буфеттин жанынан Асек менен Валерий жолугуп калышты. Бул экөө да шопур. Үчөөбүз бир автобазада иштейбиз. Аларды көрүп, мен да сүйүнгөнсүп кеттим. Жаңы эле буфеттен чыгышкандай. Экөө тең кызымтал. Көңүлдөрү куунак. Кол алышып кызуу учураштык.

– Эмнеге жалгыз жүрөсүң? Колуктуң кана? – деди Асек тамашасы же чыны экени билинбей.

– Кайдагы колукту? – дедим таң кала.

– Кечээ бир жактан кабинаңа сала келген кызчы?

– Таппаганыңар жок да, – деп күлүп, кыздын жөн-жайын айтып бердим. Асек ага деле болбой, көздөрүн бүшүркөтө сөөмөйүн мага кезей:

– Ооба, ооба, биз да бирдемени билебиз. Диспетчер кыздар айтышты. Урмат бүгүн кагаз-кугаздарын өткөзгөнчө шашты. Мындай эмес эле, эмне болду деп терезеден карасак, куурчактай болгон кызды үйүн көздөй ээрчитип кетти дешти. Шишти капка ката албайсың, дос, – деди.

– Болуптур, болуптур. Тойго чакырбасам эле таарын-гыла, – дедим Асекке макул болгонсуп.

Асек эмне кылып жүргөнүмдү сураганынан жөн эле басып чыкканымды айттым.

– А-а, «Ээнбаш эки бутка тынчтык бербейт» деген ушул. Давай анда буфетке. Бизге теңел. Валера, сен эмне дейсиң буга?

– Конечно. Какой может быть разговор, – деп Валерий да Асекти колдоду.

Биз буфетке кирдик. Суусап турган жаным бир кружка пивону токтотпой тартып жибердим. Асек чөнтөгүнөн акчасын бапырата чыгарып, бир бөтөлкө коньяк, артынан оозго сала турган аны-мунуларды тик туруп ичме бийик тегерек үстөлдүн үстүнө апкелип койду.

Мен адегенде ичпейин деп кыяз кылдым. Асек менден беш-алты жашка улуу, оозго эбак илинген алдыңкы шопур. Өзү да көп унчукпаган оор-басырыктуу неме. Сырткы жү-рүш-турушу да маданияттуу. Биздин диспетчер кыздардын эле ооздорунан түшпөйт. Жыйналыштарда макталып, чоң начальнигибизге чейин баркы бар. Аны менен кол берип учурашышат. Ошенткен кишинин алдында, анан моминтип өзү сыйлап жатса, ичпеймин дегеним болбос деген чечимге келдим.

Асек коньяктан жарым стакандан өйдөлөтө куюп, ме-нин алдыма койду. Өздөрүнө азыраактан куюп, жерге кой-бой көтөрө берип:

– Эмесе, жигиттер, кезигишкенибиз үчүн, – деди да коньякты оозуна кагып жиберди. «А-ну-ка, Урмат, биз да кеттик» дегенсип, көзүн ымдап, Валерий да ичти. Артынан сызылтып жатып куюлган коньяктын аягына мен да чыктым. Ичим ысып кетти. Көздөрүм тунара түштү. Артынан ысылыктардан алдык. Бир аз убакыттан кийин боюм жибип, көңүлүм кушубактанып калды. Көп узартпай Асек дагы бирден кайталатып куйду. Сөздү бу саам да өзү сүйлөдү. Мурда билчү эмес экем, ал көп маңызданбай, кыска, так сүйлөйт экен.

– Урмат, биз Валера экөөбүз доспуз. Баары билишет. Сен деле билесиң. Биз да сени эбактан билебиз. Чынбы, Валера. –Валерй башын ийкеди). Сөз кылып калабыз, жакшы жигит деп. Кыскасы сен бизге жагасың. Давайте, бизге кошул. Турмушта эмнелер болбойт Жөлөк-таяк бирөөлөр керек. Чынбы, Валера?

– Конечно, конечно. Какой может быть разговор?

– Эмесе, мындай, Урмат. Мындан ары үчөөбүз досто-шуп жүрөлү. Ошого макулсуңбу? – Мен бар деп да, жок деп да айткан жокмун. Жылмая экөөн алмак-салмак карадым. –Эмесе ошол достук үчүн!

Асек алып жиберди. Валерий: «Кана, Урмат, ал» де-генсип күлүмсүрөй, башын билинер-билинбес ийкеп, ал да стаканын көтөрдү. Артынан мен да ээрчидим…

Ошентип, Асек менен Валерий деген досторду таап, ошого өзүмчө бир жагы кубанып, бир жагы сыймыктанып, ала күү болгон мен бу күнү үйгө кечирээк келдим. Апам өз бөлмөсүндө колго ийрилген жүндөн тор согуп, Салтанат анын жанында экзаменине даярданып жаткан го, китеп окуп отуруптур.

Бул саам чоочун кыздын көзүнчө ичип келгеним жөнүндө бирдеме дегенден уялып, унчукпай өз бөлмөмө кирдим да, арыдан-бери чечинип төшөгүмө куладым. Анын эртесинде адатымча эрте турдум. Башым оорубаганы менен бүткөн боюм салмактанып, кадимки сергектигим жок. Оозумдун ичи чыла даамданат. Текшерсе кечээги ичкениңдин кээри кете элек деп, машина айдаганга уруксат беришпейт. Ушуну ойлоп жүрөк заада болдум. Мынча эмнеге көп ичтим деп өзүмө наалыдым.

Спорт шымымды, кедамды кийип, белден өйдө жыла-ңач тышка чыктым. Асмандын чыгыш жээги агарып, шаңкая таң сүрүп келаткан экен. Аба коңур салкын. Жанга жагымдуу. Жарым сааттай чуркадым. Көнүгүүлөрдү жасадым. Көкүрөк-тү кере-кере дем алдым. Белден өйдө муздак сууга куюнуп жуундум. Кадыресе оңоло түштүм.

Мен үйгө киргенде апам менен Салтанат да туру-шуптур. Апам ишине кетет. Тор кийим тигүү фабрикасында иштейт. Мен да ишиме жөнөйм. Каяка жиберишет? Белгисиз.

Салтанатка үч ачкычтын бирин калтырдык. Барып документтерин өткөзө берсин дедик. Ошо менен үчөөбүз үч жакка бет алдык.

* * *

Анын эртесинде жыйырма машина силос ташыйсыңар деп кайсы бир районного чектеди. Алардын ичинде мен да бармын. Командировкага ошентип мага окшогон бойдокторду, күнөө тарткандарды, машиналардын саны жетпесе келинчеги болсо деле, карылуу эмессиңерби деп жаш шопурларды жиберишет.

Силостон бир ай жүрүп кайттык Салтанат окууга өтпөй калыптыр. Баягы Салтанаттын атасынан миң сом алып, кызыңды окууга өткөзөм деген кишиси жардам кылмак тургай, бирдемеси билинип калып, экзаменге катыштырбай коюшуптур. Салтанат болсо айылга кетпей, аликүнчө биздикинде жүрүптүр. Профтехтин бирине кирейин деген ою бар экен. Апам ошондой акыл бериптир. Кулак кагыш кылып айтканына караганда бул кыз апама аябай жагып калыптыр: жүрүш-турушу менен да, колунан иш келгени менен да. Кыязында колдон чыгарбай, келин кылып алгысы бар. Мен аны түшүндүм. Ошондой кылсам эмне болор эле деп, силосто жүргөндө менин да оюма кеткен. Айылдык кыз дегени болбосо өңдүү десе, өңдүү, адептүү десе адептүү, апамдын оор жүгүн тең бөлүшүп, колунан да иш келет экен.

Чынымды айтсам өзүмдүн деле көңүлүм бардай. Ошо силосто жүргөндө ал эсиме түшө калса, жүрөгүм бир башкача жулкунуп алчу. Бул эмнеси деп койчумун. Балким аял затына карата эркектик сезимим убактылуу дүрт эте калып жаткандыр? Жо-ок. Ага анчалык окшобойт. Бу жолку командировкада жүргөнүмдө өзүмдөн өзүм жашырайын деп аракет кылганым менен апама караганда санаамда Салтанат көбүрөөк жүрдү.

Үйдө Салтанат жок апам экөөбүз ээн калганда, бир жолу мындай сүйлөшүү болду.

– Апа, Салтанат сага жагабы? – дедим билмексен болуп.

– И-и, эмне болуптур? – деди апам чоочугансып.

– Деги дейм да. Жакса келин кылып берсемби дедим эле.

– Мага го жагат. Өзүңөчү?

– Анда жоолук салып, бүлө кылып алалы да?

– Экөөбүз го жактырат экенбиз. Алчы? Ал бизди жак-тырабы?

Апам мукактана түштү.

– Өзүң сүйлөшүп көрбөйсүңбү. Балама келинчек бол деп мен айтайынбы? – деди апам тамашасы жок.

Чын эле апам экөөбүз отуруп алып, Салтанаттын сыртынан тон бычып жатабыз. Ал эмне дейт? Окуйм деп дегдеп келсе. Анан айлынан алыс, чоң шаарда бирөөдүкүндө жоолук салынып отуруп калса. Ата-энеси эмне дейт? Кичинекей окуу жайы болсо да бүтүп алганы оң. Эмнеге бактысын байлайм. Бактысын байлабаган күндө да мага турмушка чыгабы? Кептин баары ушул жерге келип такалды. Бирок баамым туура болсо, Салтанат да мени жактырат «Макул болсо үйлөнүп алганым эле оң. Апамдын жанында караан болот. Окугусу келсе сырттан болсо да тапшырып бүтүп алат.

Баатырсынган менен бул оюмду айта албай, бир топ күн өтүп кетти. Анан бир жолу кайрат жыйнап, күйөм-сүйөм деп отурбастан мага өмүрлүк түгөй болушун сурандым…

 

Ошентип Салтанат экөөбүз баш коштук. Апам бизди ээрчитип алып, кудасынын алдына бардык. Мен билбеген ырым-жырымдары эле көп болот экен. Үйлөнүү тойчугун өткөздүк. Өзүм курбалдаш шопурлар чогулду. Асек менен Валера да келишти. Баягы бир жолу парктан жолуккандан бери Асек, Валерий болуп, бир топ ымалашып кеткенбиз.

Кечени Асек башкарды. Салтанат экөөбүзгө көп каа-лоолор айтылды. Ичимдик ичилди. Ырдап-чордодук. Бий-ледик. Бирок ичибизден Салтанат гана бий билбейт экен. Кече бүткөнчө өзүн оңтойсуз сезип, бир орунда жылбай отурду.-Эчтеке эмес, үйрөтүп алабыз, – дешип жигиттер тамашалай, анын көңүлүн жооткотушту.

Ичимдиктер дагы ичилди. Тосттор дагы айтылды. Тост кайрадан Асекке келди. Ал бокалын колуна алып өйдө болгондо олтургандар ала-күү болуп калышкандарына карабастан анын сөзүнө тынчтана калышып кулак түрүштү.

– Салтанка, – деди ал Салтанат жакты карап. – Шопур деген калкка эрки күчтүү, чыдамдуу, ич күйдүлүккө алдыр-баган сабырдуу, анан командировкада жүргөн күйөөсүн күткөндү билген аялдар гана түгөй боло алышат. Антпесе турмуш болбойт. Бул тосту Салтанаттын дал ошондой жар болушу үчүн көтөрөм.

Эркектер күүлдөп Асекти жаалап кетишти.

– Биз го-о биз. Аял байкуш деген баарына чыдайбыз. Андан көрө өзүңөргө ыйман берсин. Кол көтөргөн эле ургаачы аттууну машинаңарга сала бербей, – деди аялдардын бири өз жемин жедирбей.

Ошентип, ошо күндөн баштап, Салтанат экөөбүздүн жубайлык турмушубуз башталды. Өзгөнү кой, апамдын кубанычын айтпа. Ушу күндөн баштап, ал дагы өз башынан кайра бир жаңы турмушту өткөзө баштагансыды. Сыртынан кагылып-согулуп турбаганы менен Салтанатты бир башкача жакшы көрөрүн билчүмүн.

Салтанат менен өткөзгөн жубайлык алгачкы түндөн кийин ал мага ого бетер жакын, ого бетер ысык көрүнө баштады. Ал экөөбүз баш кошкон күндөн баштап, үй ичине, турмушубузга бир башкача жылуулук кирди. Апам майда-барат иштерден кадыресе арылып, санаасы тынып, ак боз иреңине кызыл жүгүргөнсүдү. Кантсин, өмүр бою же бир жарыган күйөөдөн айтпаса. Эми минтип жападан жалгыз баласынын келинчегинен ырахат алып отурса.

А мен болсо апамдын тескерисинче мурдагыдай бол-бой, бошоң тартып кеттим. Бирок ишимде эч өзгөрүү болгон жок. Колоннабыздын начальниги Жээнбаев жаш келинчек алдың деп, мени чекемден сылабады. Сыртын салып, мамилеси мурдагысында эле тоң, кырс. Бойдок кезимдегидей эле ар кайсы жакка айдай берет. Болбогон жерден кыйкым таап, зекигени зекиген. Мени менен адам сыяктуу сүйлөшпөйт. Учуру келе калса мени чаап жыгып, автобазадан айдайын деген ниети бар. Кылтың-култуңум жок, түз иштеп бергенимден гана жүрөм. Өзүң баш ийген адамга бой тирешип, акыйкат издегениң болбогон кеп көрүнөт. Чоңуң кекчил болсо, анда эле мага окшоп шоруңдун кайнаганы. Кырдаалга жараша түрлөнүп турган мүнөздөн да айтпаптыр мага. Жагдайдын тууралыгына көзүм жетсе, өз беттегенимди бербеген мен да бир көк бетмин.

Жээнбаев экөөбүздүн ортобуздагы мамиленин суушу мындан башталган. Былтыр жайында силоско барасыңар деп калды. Менин машинам прицеп менен иштейт. Жүгөрү чаап, жүрүп бараткан комбайнга прицеп жарабайт. Жээнбаевге ошонун жайын түшүндүрүп бердим, билбейт экен деп.

– Кеп анда эмес. Бизге кузованын саны керек. Түш-үндүңбү? Кузованын саны! Керек болсо машинаңа эки прицепти да сүйрөтүп койобуз. Үч кузова болуп жатып калат, – деди ал иштиктүү мени далыга чаап.

– Пайдасы жок кузованын кимге кереги бар? Силоско барганда баары бир чыгарып таштайбыз да, жалгыз машина менен иштейбиз, – дедим болгон оюмду түз айтып.

Жээнбаев бир аз аярлай түшүп:

– Эй, сен бала эмне деп турасың? Айтканды угуп, бара бербейсиңби? Прицеп иштейби, иштебейби, аны менен сенин эмне ишиң бар?, – деди кырс этип.

– Прицеби жок машиналар көп ко бизде. Ошолордон жибербейсиздерби? Прицеби бар машиналар биерде пайда-луу, – дедим мен да болбой.

Жээнбаевдин көзүнөн от чачырап, каары бетине тө-гүлүп кетти.

– Сен бала, көп былжырабай, жөнө деген жакка жөнө-гүн! Атасына баласы аялдын койнуна жатканды үйрөтөт болбой! – деди да, жанымдан ары басып кетти.

Ошондон баштап «кер ооз» деп Жээнбаев мени жаман көрөт. Өзүмдүн баалашымча кептин баары менин «кер ооздугумда» гана эмес. Анын жаман көрүп калганынын дагы бир себеби болушу керек.

Бир жолу Асек экөөбүз жолугушуп калып, сөздөн сөз чыгып отуруп, Жээнбаев экөөбүздүн мамилебиз турасында кеп козголуп кетти. Асекти башкаларга караганда жакын тутуп, ичимдеги бугумду кызуулана тышка чыгардым.

– Сен айтчы, Асек. Мен ага эмне кылдым? Бар деген жагына барып жатамбы? Барып жатам. Тартипти бузган жокмунбу? Бузган жокмун. Машинам ремонтто турбайбы? Турбайт. Планды аткарбайсың дейт. Тоого да, ташка да мени айдап жатса, анан план кантип аткарылат? Сен шопурсуң. Түшүнөсүң. Туурабы? Кийинки кезде айлыкка да жарыбай баратам. Мен баягы эмесмин, жалгыз бой. Үйдө аялым бар. Иштебейт. Жакында төрөгөнү отурат. Апам да бирде оору, бирде соо. Мен болбосом аларды ким багат? Туурабы? Минтип эч иштөөгө болбойт. Мүмкүн эмес. Же биерден кетишим керек, же туптуура начальниктин өзүнө кирем да, болгонун болгондой айтам, Жээнбаев артыман түшүп алды деп. Мен да билем, кайсы шопурдун планды кантип аткарып жатканын.

Жанатан бери менин сөздөрүмдү башын сала угуп отурган Асек пиводон бир жутуп, кружкасын үстөлгө кайра койду.. Шашпай сигарет тутандырды.

– Урмат, – деди Асек чылымынын түтүнүн четке үйлөй берип. –Эскертип койоюн, айткандарыма таарынып калба. Сен жаман жигит эмессиң. Машинанын тетиктерин, «ооруларын» «от и до» билесиң. Жүк ташуу менен жолдо жүрүү эрежелерин да беш колуңдай билесиң. Кырсык-курсугу жок иштеп келатасың. Буларыңда талаш жок. Анан сенде бир кемчилик бар. – Кабагымды түйө Асекти карадым. Ал чылымын терең соруп, түтүнүн оозу-мурдунан буркурата чыгарды. Анан пиводон дагы жутуп, шашпай сөзүн улады. –Ооба, бир кемчилигиңдин бар экени ырас. Андай кемчилик башында менде да болгон. Кемчилигиң бул: ал сенин жаштыгың, курчтугуң, ийкемсиздигиң. Ичтегиңди болгонун болгондой айтып салганың. Ошолоруң кимге жагат? Мына өзүң айтып отурасың, Жээнбаев тигинтти-минтти деп. Минтип жүрсөң, сен каалайсыңбы-жокпу, Жээнбаев баары бир түбүңө жетет. Чоң начальниктин өзүнө кирем дейсиң. Ошол эле сенин сөзүңдү уга койобу? Уккан күндө да сенники тура деп, Жээнбаевди бирдеме кылып жибереби? Жээнбаевге тийишем деп, начальниктин башы экөө бекен? Антсең эле иштин бүткөнү. Жээнбаевдин жинине ого бетер тийесиң. Ал анда сени биерден соо кетирбейт. Бир статьяны мойнуңа илип анан кетесиң.

Мен алдымда отурган Асекпи же жокпу дегенсип, бү-шүркөй назарымды сала көз жибердим. Ушуларды айтып отурган чын эле Асекпи?

– Ооба, ооба. Таң калбай эле кой, – деди Асек астын-дагы пивосун түгөтө ичип. – Башка бирөө эмес, так эле өзүңдүн жолдошуң Асектин оозунан угуп жатасың. Бир көй-нөк болсо да сенден мурда жырткам. Сөздү ук. Адепки учурларда мен да сага окшоп, аки-чүкүсүнө маани бербей, өзүмчө эдиреңдеп жүргөм. Анан айла жок Жээнбаевдин ыгына көндүм. Көнбөскө чара калбады. Аз жерден кестирип жибере жаздады. Көттү кыскан бай болот дедим да, «Байтерек Жээнбаевич, Байтерек Жээнбаевич» деп анын сөзүн эки кылбай, куп болотко өттүм. Ошенткеним жаман болбоптур. Өзүң көрүп турасың. Ишим жакшы. Айлыгым да жаман эмес. Билгиң келсе четтен да тыйын-тыпыр түшүп турат чөнтөккө. Кептин баары дал ошо чөнтөктө. – Асек айтканын бекемдегендей сөөмөйүн мени көздөй кезегилеп, сын көз менен карады. –Чөнтөгүң калың болсо сенден өткөн баатыр жок. Сенин алдыңда баары чөгөлөйт. Аялың көшөкөрлөнүп турат. Күн-түн жогол, иши кылып колуна уучтатып акча карматсаң болду. Жээнбаев акчаны жаман көрөбү? Анын да берер кишилери бар. Чөнтөгүнө бирдеме салып койчу. Ошондо сенден өткөн жакшы киши жок ага.

Асек ичиле элек жаңы куюлган пиводон бир-эки жутуп, кружкасын үстөлгө коюп, артынан минтип койду:

– Биздикилер пивону чыгарганды качан үйрөнүшөт?

Пиводон мен да жуттум. Оюмдун баары эле Асектин азыркы айткандарында. Жээнбаев шопурлардан бирдеме алат деген имиш-имишти мурда эле угуп жүрчүмүн. Ошолордун бири ушул Асек экен да. Аздыр-көптүр Асек менен жолдош болуп калдым го. Моминтип жолуккан сайын менден бир тыйын чыгарттырбайт. Чын эле чөнтөгү кенен. Айдаганы меникиндей эле машина. Түшкү тамакка деп алган бир-эки сомум эмнеге жетет? Асекке жолуккан сайын уялам. Жолу-гушкандан качам. Асек болбой сүйрөйт. «Бир кезде сен да алып бересиң» деп тамашага жооткотот.

– Асек, айткандарыңдын баарын уктум. Эми эмне кыл дейсиң?, – дедим аны тик карап.

– Эмне демек элем. Ыктуу бол. Ийкемдүү бол. Заман-дын системасына көнүшүң керек. Меники туура деп мурдуң менен бир тийбей, жалпы ык менен жүр. Жээнбаев менен тил табышың керек. Аны менен жаакташа берсең, айттым го, сенин ыгыңды келтирип туруп, эки чайнап бир жутуп койот. Ошентерине көзүң жетеби? Жетет. Бийлик деген анын, анан тиги чоң начальниктин колунда. Мен болсо эбактан эле бери билем. Эгер мени чын эле жолдош деп санасаң сөзүмдү ук. Сени пивого атайын чакыргам. Ушуларды айтайын деп. Валера экөөбүз бир жерде иштечү эмес белек – Чоң заводдо. Сен да билесиң. Валера азыр үйлөнүп, биерден башка жакка көчүп кетти. Азыр заводдо жалгыз иштеп жатам. Заводго дагы бир машина керек. Жээнбаев мага өзүң танда деген. Ишенимдүү киши болуу керек. Ойлоп-ойлоп отуруп, ушу сени ылайык көрдүм. Макул десең бирге иштейли.

Мен ойлонуп калдым. Асектин айткандарына көнсөмбү же көнбөсөмбү деп ичимден ыргылжың болдум. Себеп не дегенде фактылар аркылуу далилденбегени менен Асектин иштери булганычтуу экенин жүрөгүм сезип турчу. Бирок бир жагынан Асек иштеп жаткан Чоң заводдун сыры эмнеде? Асектин планды аткарбай калган учуру деги болбойт, ошонун сыры эмнеде? Анан анын чөнтөгү ченемсиз бакыбаттуу, анын сыры эмнеде? Бул суроолорго болжолдонгон жоопту өзүм деле билчүмүн Бирок негизги маңызын билүү негедир мени азгырып туруп алды. «Мейли, иштесе иштеп көрөйүн. Жакпай калса кете берем. Мени бирөө байлам алмак беле?. Ичимден ушундай жыйынтык чыгарып, милдетимди арта Асекке минттим:

– Аякка мени ким жибере койот экен?

Асек ишенимсиз шектүү көздөрү менен мени тик карап, чылымын сорду. Анын түтүнү бетин жаба өйдө булады.

– Урмат, дагы айтам. Экөөбүз бир кишидей болушубуз керек. Бейишке барсак бир барып, тозокко түшсөк бир түшүп. Макул десең калганын өзүм бүтүрөм.

– Ну, давай. Иштесе иштейли.

Асек экөөбүз толтура куюлган пиволорубузду тартып-тартып жибердик.

* * *

Асек экөөбүз сүйлөшкөндөн канча күн өткөнүн бил-бейм, бир жолу эртең менен жол баракчасын алмакка дис-петчерскаяга кирсем, биздин колоннанын диспетчери Надя эңкейе, төрт бурчтуу тешиктен ар дайымкы күлмүңдөгөн жайдары жүзүн көрсөтө берип:

– Урмат, бүгүндөн баштап Чоң заводдо иштей турган болдуң, – деди. Түшүндүм. Асек баягы айтканынын өтөсүнө чыккан экен. Ушул эле күнү Асек экөөбүз ээрчише ма-шиналарыбызды айдап алып, эртең менен саат сегиз жарым ченде Чоң заводко келдик. Ошентип бүгүн кечкете туруп, ташылбаса да ташылды деген бир күндүн планы жазылган товардык-транспорттук накладной колубузга тийди. Жалпы жүргөн аралыкка кетти деген бензиндин талонун өзүнчө бөлүп койдук. Спидометрдин эсептегичиндеги сандарды заводдун берген кагазындагы чакырымдарга туураладык да, кагаз-кугаздарыбызды диспетчерскаяга өткөзүп салдык. Ашык баш калган бензин да талаага кетпейт экен. Өз менчик машиналары барлар жарым баасы менен болсо да жан деп эле сатып алышат тура. Жүз литр сатсаң он беш сом. Талондордон Жээнбаевге да беребиз. Ал башка шопурлардан да алат. Ошончо көп талондун ага эмне кереги бар дейм өзүмчө. Балким бирөөлөрдүн көңүлүн алар. Асектин айтымында Жээнбаевдин ашык талондорду сата турган атайын кишиси да бар экен.

Ал аны менен болсун. Жүк жок учурларда прицеп-терибизди заводдун жанына таштап коюп, салт машина менен ар ким-ар кимдердин бирдемелерин ташый коюп да, беш-он сом таап алат экенсиң. Завод көпчүлүк убакта өзүнөн бир жакка жүк алып кетпейт, тескерисинче, башка респуб-ликалардан керектүү материалдарды алып турат. Бирок бош барган чакырымдарды да «жүк ташылды» деп керектүү накладнойлорун жазып беришет. Ошентип тыягынан да, быягынан да биздин айлык жүрүп турат. Кээ кезде бир жактан бирдеме апкелиш үчүн да салт машина менен барабыз. Кагазына прицеп менен иштеди деп көрсөтүп, тонна жана тонна-километрлерди жазып беришет.

Биринчи иштеген эле айлыгым, анан чөнтөгүмө түшкөн майда-бараты болуп, колума тийгени беш жүздөн ашып кетти.

Мынчалык көп акчаны өмүрүмдө биринчи кармашым. Кубанычтынбы же коогалуу жагдайданбы, айтор билбейм, бүткөн боюм дүүлүгүп, жүрөгүм опколжуп, кызыктай бир сезимде калдым. Кийин-кийин билсем, ал, көрсө акча деп аталган бир тилим жансыз кагаздардын текебер күчү экен.

Ошол күнү Асек четке алып чыгып:

– Урмат, эми карыздарыбыздан кутулушалы, – деди.

– Давай, кайсы ресторанга дейсиң? – дедим мен да токтолбой.

– Жо-жо-ок. Аны айтпайм. Кеп башкада, – деди Асек кылыя карап. Ал менин түрүмдөн түшүнбөгөнүмдү байкады көрүнөт:

– Жээнбаев менен Чоң заводдун жабдуу бөлүмүнүн башчысы Калашниковго бирдеме дешибиз керек, – деп кошумчалады ачыгын айтып.

– Бирдеме дегенде канчадан?

– Ар бирине элүү сомдон. Тариф ошондой.

Мен жүз сомду чыгарып, Асекке сундум.

– Жок, жок. Ар бирибиз өз колубуз менен беришибиз керек.

– Ой, Асек, кантип берем? Эми сен эле берип койчу. Берип жүрсөң билесиң да.

– Кантип берем? Актай конвертке саласың да, алдына таштап койосуң. Болду. Унчукпай чыгып кетесиң. Антип ар кимибиз бербесек, кимдин эмне бергенине ал кантип эсеп жүргүзөт? Ага берген экөөбүз эле бекен?

Асек ички төш чөнтөгүнөн актай конвертти алып чыгып, бирин мага сунду. Өзү да конвертке элүү сомду салып, ыңгайланта бир чөнтөгүнө салып койду. Мен да элүү сомду конвертке салып, бирок эмне кыларымды дагы деле билбей:

– Эми, Асек, өзүңкүнө кошуп, биринчисин мен үчүн сен эле берип койчу. Кийин өзүм эле берип жүрөйүн, – дедим конвертти ага сунуп.

– Слушай, Урмат. Брось ты свою шутку. Айтпадымбы, өзүң бер деп! – деди Асек кырс этип. Анын көңүлүнө жакпай калган иш болсо ушинтип орусчалап жибермейи бар. Ал менин жанымдан басып кетти.

Мен эмне кыларымды билбей, конвертти кармалап, анан аны колумдагы журналдын арасына салып койдум да, Асектин артынан илең-салаң бастым. Асек колонналардын начальниктери отурчу имаратка кирип кетти. Мен да анын артынан барып, бирок эшик алдында аялдай түштүм. Асек бат эле чыкты.

– Кир. Кире бер. Өзү жалгыз отурат, – деди жанагы ачуусу тарап кеткен Асек кичине жылмая берип. Анысы мага кайрат бергенсиди. Мен имараттын коридоруна кирдим да «4-колоннанын начальниги» деген жазуусу бар эшиктин алдына келип, дагы деле болсо жүрөксүп туруп калдым. Акыры кайрат жыйып, эшикти тарттым. Үстөлүнө өбөктөй, кагаз бетин карап отурган Жээнбаев башын өйдө кылып:

– И-и, Урматсыңбы? Кел, кел. Кандай? Чоң заводдо иштегенге көнүп калдыңбы? -деди шыпылдай. Жээнбаевдин жакынсытып сүйлөгөнү мени биртике эсиме келтирип, көңүлүмдөгү оордукту аз да болсо жеңилдеткендей болду. Көчүк басып отурарымды же отурбасымды билбей, колум-дагы журналды ыңгайлата кармап, ичиндеги конвертти алайын деп жатканда тыштан дүбүрт чыгып, ошого удаа эшик да ачылды. Биздин колоннанын бир шопуру башын салып, кайра эшикти шарт жаба койду.

– И-и, эмнеге келдиң? Сөз бар беле? – деди Жээнбаев карбаластаган мага ого бетер шыкак берип. Мен үндөбөй калтыраган колдорум менен журналды барактап. Ичинен конвертти издей баштадым. Мукабасы жука журнал эпке келбей, баракталбай алек салды. Коридордон дагы бирөөлөрдүн баскан дабышы чыкты. Мен журналды жаба салдым да, аны ошо бойдон Жээнбаевдин алдына таштап, шашыла тышка жөнөдүм. Мен чыгарым менен эми элеки эшикти ачканда кебетеси көрүнгөн шопур Жээнбаевдин кабинетине шып кирип кетти.

Тышка чыксам Асек күтүп туруптур.

– Бердиңби? – деди ал жанына барганымда.

– Ооба, – дедим кантсе да андан көзүмдү ала качып.

– И-и, мына. Анан мени кыйнайсың. Сен үчүн мен деле берип койсом болмок. Бирок канчага чейин ошентет элем? Конвертти алдына таштап койдуңбу?

– Жок. Конверт журналдын ичинде болучу. Журнал-пурналы менен таштадым, – дедим чынымды жашырбай.

– Журналдын бетин ачып окуйт дейсиңби? Бирок кон-вертти таап алат, – деди Асек мурутунан күлүп.

Ошол акча алган күнү Асек экөөбүз менин эсебимен ресторанда болдук. Үйгө түн киргенде келдим. Жакшы эле ала-күүмүн. Апам жабыркаган оорукчал жүзүн мага бурду. Баланы эмизип отурган Салтанат да мага сабырсыздана көз жиберди.

* * *

Кыш кирип келди. Асек экөөбүз заводдо иштеп жата-быз. Бир жолу Асек прицебин менин машинамдын жанына калтырып, өзү машинасын салт айдап бир жакка кетип, кечкете жоголду. Прицебимди чыгарып коюп, Калашников экөөбүз шаардын ар кайсы жеринде болдук. Түштөн кийин Асекти күтүп, заводдун жанында турдум. Жумуш күнү аяктап калганда Асек келди. Анын жүзүндө билинер-билинбес толкундануу бар. Кубанычтан келип чыккан толкундануу экенин билип турдум.

– Эртең-бүрсүгүндөн алыскы жолго чыгабыз. Сибирь жакка барып жүк апкелебиз. Калашников ошентти, – деди Асек оюндагысын дароо билдирип. Анан үнүн ууру чыгарып сөзүн андан ары улады. –Эки киши таптым. Биринин балы бар экен, флягаларга куюлган. Как раз прицептүү бир машинага жүк болот. Экинчисиники жаңгак, кургатылган өрүктөр. А да прицеби менен бир машинага толот. Машиналарды ошолор менен жүктөйбүз да жөнөйбүз. –Буга эмне дейсиң дегенчелик Асек мени сынай карады.

– Жолдон кармалып калсакчы?

– Тобокелге салабыз. «Тобокел тоо ашырат» дейт кыргыздар, «Риск – благородное дело» дейт орустар. Мындай учурлар ар дайым эле боло бербейт. Анан завод бизге тыякка жүк алпарат деген да кагазын жазып берет. Аны көргөндөр шек санашпайт. Биз иштеп жаткан заводдун кагаз-кугаздарын текшерүүгө эч кимдин акысы жок. Завод курал чыгарган секретный завод. Анын үстүнө жүк ээлерин кабинабызга албайбыз. Алар барар жерине жетип, бизди тосуп алышат. Жаныбызда киши болбогондон кийин, жолдо текшергендердин да шеги азыраак болот. Кузовдун алдына бал, жаңгак, өрүктөрдү салабыз. Үстүн башка жашик-пашиктер менен жапкансып, брезент менен жаап, бекем таңабыз. Аман-эсен барып келсек жаман болбойт. Орточо иштеген шопурдун эки жылдык айлыгын бир барганда эле таап келебиз. Айлыгыбыз болсо бир башка…

Кышкы жолдо кыйналганыбыз менен жыйырма чакты күндүн ичинде соодагерлердин жүктөрүн Кемерово облусунун бир шаарына жеткирип берип, заводдун керектүү жүгүн да алып, амансоо кайтып келдик. Бирок соодагерлер менен кылган ишибизди эч ким билген жок: заводдогулар да, автобазадагылар да. Ошол себептен соодагерлерден түшкөн акча чыпчыргасы коробой өз чөнтөктөүбүздө калды. Анын саны Асектин божомолунан ашса ашты, кемиген жок. Төрт жүз-беш жүздү да акча деп жүргөн экенбиз да.

– Кана, эмне дейсиң буга? «Риск – благородное дело», – деди Асек кадимкисиндей токтоолугунан жазылбай.

– Тобокел дагы канча тоо ашырар экен? – дедим тамаша аралаштыра какшыктап.

Бүгүн Асек экөөбүз оозубузга ичимдик албай ажы-раштык. Ал автобуска түшүп үйүнө кетти. Мен жөө жөнөдүм. Колумда эски кол чабаданым. “Анын ичинде көп акча бар экенин билип, колумдан жулуп кетип жүрбөсүн” деген ой көңүлүмө келе калып, астыртан каршымдагыларга көз жиберем. Ээрчигендер жокпу дегенсип, кылчактап артымды да карап койом. Мен мурда буга окшогон дүрбөлүң абалга деги бир туш келген эмесмин. Көңүлдөгү уйгу-туйгулук бир эседен акчаны бирөө тартып кетпесин дегенден келип чыгып жатса, бир эседен алар таза акчалар эмес эле. Мен шаштым. Үйгө тезирээк жетип, акчаны катыш керек. Жытын билгизбей катыш керек. Баса, бул акчаны апам менен Салтанатка көрсөтөмбү? «Мынчалык акча кайдан келген?» дешсе эмне дейм?. Мурунку оюма караганда бул оюм алда канча коркунучтуу экенин туюп, басыгым жайлай түштү. Апамды билем. Ал бул акчанын жайын билгиче болду, тынчы кетип күйүп-бышат. Антип тапкан акчаңдын бир тыйынынын кереги жок деп айтары бышык. Ал эмес, Чоң заводко иштегени айлыгымдын ушунчалык көбөйгөнүнө да шектүү карайт.
Ошон үчүн апама айлыкты гана берип, көп акчаны көрсөтпөш керек. А Салтанаткачы? Ал экөөбүздүн баш кошконубузга эки жылга аяк басып калды. Акча деген менен деги бир иши жок. Апам да Салтанат дегенде акча аябайт. Салтанаттын кийингени элдикинен кем эмес. Экөөбүз кошулгандан бир жыл өтпөй эркек балалуу болуп, тышка чыкпай, Салтанатка акчанын деле кереги жок болучу. Үйгө тамак-ашты көбүнчө апам өзү апкелет.

Бул акчаны көрсө Салтанат эмне дейт? Жаш эмеспи, аки-чүкүсүн кайдан билмек эле. Катып кой деп ошого берейин. Ушул акылга токтолдум. Карды кычырата басыгымды тездеттим. Февраль айы аяктап баратса да, кыш али күчүндө. Бет тызылдап, кол какшайт. Ичтен чыккан илеп буу болуп буркурайт.

Апам жок, үйдө бала менен Салтанат жалгыз экен. Тышкы эшикти ачып, коридорго кире бергенде өз үйүм, өлөң төшөгүмдүн жыты урду. Жыйырма күндөн бери үй бетин көрбөй, сагына түшүптүрмүн. Жылуу чолок тонумду, тумагымды илип, кийиз чокоюмду жаңы эле чечип, өйдө боло бергенимде ашкана бөлмө жактан Салтанат көрүндү.

– Урмат, сен белең? Апам келген го десем, – деди Сал-танат эмне кыларын билбей, эшикти ачкан бойдон мени аңкая карап. Мен аны көзөй жакындап, кол берип, ууртунан өөп койдум. Салтанат ошого ыраазы боло, баягы кыз кезиндегисиндей жүзүндө каны дүргүп, мага жол бошото берди. Мен босогону аттап өтүп, бөлмөгө кирдим. Бөлмө ичи жыпжылуу. Плитанын ысык табы келет. Сол бурчта бешик турат. Кыргыз бешик. Апамдын эмгеги. Улан төрөлгөндө Сокулук тарапка барып таап келген.

Улан эки колу бош, бешикте ойноп жатыптыр. Чаба-данымды жерге коюп, эңкейе баламды карадым. Анын жүзү бир саамга маңыроо тарта, мени элейип тиктеди.

– Эмне, тааныбай жатасыңбы? – деп чөгөлөй калып, кабагымды жая ага жылмайдым. Уулум да тиши жок оозун ачып, жарк деп күлүп жиберди. Анын колуна жолдон алган шалдырак оюнчукту карматтым.

– Күндөп-түндөп талаалап жүрсөң Улан эмес, мен да тааныбай каламбы деп корком, – деди Салтанат оюн-чындан. Мен анын айтканын көңүлүмө албай:

– Апам кайда кеткен? – дедим тактайдан колго жасалган чакан жапыз орундукка отура берип.

– Бир курбусунун туулган күнү экен. Ошоякка кеткен. Келип калмак эле, кечигип жатат ко.

Коридорго чыгып, самындап колумду жууп, кайра кирдим. Жапыз тегерек үстөлдүн үстүнө Салтанат даяр тамагын апкелди. Кол кесменин жыты буруксуйт. Менин эң жакшы көргөн тамагым. Тамак үстүндө Салтанат алыс жакка кантип барып кантип келгенибиз туурасында суроолорду бере берди. Бир балалуу аялдай эмес. Ал чынында он сегизден он тогузга жаңы эле карады. Менин оюм болсо акчада. Апам жокто Салтанатка берип койоюн дедим. Чабаданымды ачып, матанын кесиндисине томпойуп оролгон акчаны алып чыгып, Салтанатка сундум.

– Бул эмнең? – деп Салтанат таңыркай, оролгонду ко-луна алды.

– Сага деген белегим, – дедим күлгөн болуп.

Салтанаттын көздөрү күлүңдөй, жүзү ажардана түштү. Аялдар белек дегенди жакшы көрүшөт эмеспи.

– Белек болгондо?

– Ачып көр.

Салтанат оролгонду ачып, кат-кат акчаны көрө коюп, чок тийгендей колун тартып алды. Жүзүндө эми элеки кубаныч өчүп, бул эмнең дегендей, дүрбөлөң каптаган жүзүн мага жиберди.

– Эмне мынчалык чоочудуң? – дедим аны эркелете. –Тимеле чок кармагандай болдуң го?

– Бул кайдагы акча? Мен эмне, акча кармап жүрчү белем? Бүт акчанын эсеби апамда эмеспи? Анан чоочубай турган жорукпу? – деди жүзүнөн чоочуркоо таркабай.

– Эмесе сени да акча кармасын дедим.

– Жок. Апам турганда акча кармап эмне? Ансыз деле апам менден акча аябайт. Апам келсин, ошо кишиге бер, – деди Салтанат акчаны кайра орой берип, мени көздөй жылдырып.

– Салтанат, – дедим аны кайра токтото. –Апама берер акча башка. Мына. – Күрмөмдүн чөнтөгүнөн тийген айлы-гымды алып чыгып, Салтанатка көрсөттүм. Анын жүзү ого бетер таңыркады. Андан мен: «Мунуң айлыгың болсо, мобу чоң түйүнчөктөгү кайдагы акча?» деген суроону окуп турдум. Анан мен көп табышмактантып отурбай:

– Бир жактан уурдап алган акча эмес. Бирок апам билсе, кайдагы акча деп ал да кабатыр болот. Түшүндүңбү?. Андан көрө бир жерге бекем кат, – дедим эми аялыма кичине буйрук бере сүйлөп.

– Урмат, эмне, айлыктан башка да акча тапса болобу? Айтсаң эми, бул кайдагы акча? Анан апам да билбесин дейсиң.

Алды менен: «Кайдан келген акча экени менен сенин ишиң эмне?» деп корс этип бир тийсемби деп, бирок антпей, болгонун болгондой түшүндүрдүм.

– Эми түшүндүңбү? Мындан ары минтип такып сурабай жүр. Анан дагы айтып койоюн, апам мунун шегин билбесин. Кокус билип калган күндө да: Атамдар берип жибериптир. Сизге айткан жок элем» дейсиң.

Аңгыча тышкы эшиктин ачылганы угулду. Салтанат экөөбүз тиктеше түштүк. Салтанат жерде жаткан акчаны ороо-пороосу менен ала коюп, бешиктин астын көздөй тыга салды.

Биз отурган эшик ачылып, апам кирди. Ордуман тура берип, апамды утурладым. Апам адатынча:

– Балакетиңди алайын. Ат-көлүк аман-эсен келип кал-дыңбы? Кечиге баштаганыңдан Салтанат экөөбүз чоочудук, – деди бетимден өөп.

– Ме, апа. Карызымдан кутулайын, айлык алдым. Ке-линиң талаша электе катып ал, – деп чөнтөгүмдөн акчаны алып апама сундум.

– Талашып эмне? Кармаганым болбосо акча силердики да. – Апам акчаны алып, анан бешикке эңкейе берип: – Балакеетиңди алайын, балакетиңди,– деп Уланчикке жалы-нып, аны өөп, анан өз бөлмөсүнө кетти. Бешиктин алдын-дагы оромону алып чыгып, тор күрмөсүнүн ички колтугуна катып, апамдын артынан Салтанат да чыкты. Уланчиктин алды менен бышактап, анан ыйлаганы мен жалгыз калган ашкана бөлмөсүнүн тынчтыгын бузду.

* * *

Өкмөттүн машинасын өз кызыкчылыгына пайдалануу кылмыштуу иш. Ташылбаса да ташылды деп жалган кагаз жаздырып алуу да кылмыш. Өкмөттүн бензинин сатуу андан бетер. Булар билинип бетибиз ачылса, түрмөгө түшөбүз. Муну мен сопсонун түшүнөм. Акчанын күчү басымдуулук кылып, кесилип кетүү коркунучу Асек экөөбүздүн эсибизге келбейт. Асек: «Тобокел тоо ашырат» дейт кыргыздар, “Риск – благородное дело” дейт орустар деп койот кез-кезде, жамандык менен деги бир иши жок.

Чоң заводдо иштеген алгачкы күндөрү аябай эле кор-куп жүрдүм. Нечен-нечен жолу кетип калып, башка жерге иштесемби деген ойлор да пайда болду. Бирок анте албадым. Акчаң кургур кудайды да эсиңден чыгарып койот экен. Итенген сайын бир боорсокту күтүп калдык.

* * *

Коңшубуз бар эле. Чепейген чал. Кемпири экөө бир үйдө турушат. Балдары барбы-жокпу анысын билбейм. Бир уй, беш-алты майда жандыктын ээлери. Кемпир эртең менен уюн саайт. Тегерек-чекедегилер келип, тыйынын берип, сүтүн алып кетишет. Үйгө апкелип бер дешкендерине, калай челегин көтөрүнүп алып, өзү таратып берет. Чал эшегин минип, жалгыз уюн, майда жандыгын айдап, Кызыл-Аскердин чөбү жок, жайдак талаасына жайып кетет. Апам менен мамилелери жакшы. Мен бала кезден алар менен ишим жок, орусчараак өсүп, көп көңүл бурбайм. Алардын эркелеткендерин этибарыма албайм. Ушу убакка чейин чал-кемпирдин аттарын да билбейм.

Бир жолу чал:

– Урмат балам. Машина айдайсың. Тыйын-чакадан кем болуп турабыз. Базарга алпарып, бир кой сатайын дедим эле. Ошону жеткизип бересиңби, бир айласын таап, – деп калды.

– Өкмөттүн машинасы болсо бекер болбойт да.

– Жок, жок. Тыйынын берем. Чын эле өкмөттүн маши-насын бекер алып эмне? – деди чал шашып.

Эртеңки базар күнгө эки саатка өзүмдүн машинамды автобазадан жаздырып алып, чалдын бир коюн Сокулуктун базарына жеткизип бердим. Чалдан автобазанын кассасына төлөгөн үч сомун гана алсам болмок. Албай койсом деле эмне болмок эле? Жок, он беш сомун кагып түшүрдүм. Чалдын: «Биртике күтө аласыңбы?, Коюм өтпөй калып, кеталбай жүрбөйүн» дегенине болгон жокмун. Анткени чалдан эми башка пайда чыкмак эмес. Машинаны эки гана саатка алганга шылтоолоп, мындай эле чыга берип, кардарларды издей баштадым. Базар күндөрү андайлар четтен чыгат эмеспи. Базар тараганча тегерек-четке мал-сал ташып, акыларын алдым. Карайлап турган кишилер сен айтканга макул болушат, антпеске чаралары жок.

Коңшу чалдын эмне болгонун билбейм. Мен а күнү бир койго жетерлик пул таап, көңүлүм шайдоот үйгө кайттым.

Эртесинде иштен келсем, Салтанат менен апам үйдө экен. Бут кийимимди чечип, төркү бөлмөгө өттүм. Апам Уланды кийинтип тышка чыкканга кам көрүп жатыптыр. Үйгө келди болду, эрмеги Улан. “Баланын баласы ысык көрүнөт” деген чынбы, апам Улан дегенде ичкен ашын жерге койот. Жумуштан чыкты болду, үйгө жеткенче шашат. Улан да апамды жазбай тааныйт. Көрдү болду, күлүп-жайнап, апамды көздөй талпынат. Кокус бирдеме болуп апам колуна албаса, кемшеңдеп таарына түшөт.

Апам Улан экөө тышка чыгып кетишти жетелешип.

Мен «Эмне тамагың бар?» дегенчелик ашкана бөл-мөсүнө кирип, дулдуя тартып отурдум. Артыман Салтанат кирип, адегенде газ плитасына чай коюп, анан менин маң-дайыма келип көчүк басты. Көзүмдүн үстү менен аны ка-радым. Көз учкундары чагылышып, бир саамга тиктеше түштүк. Салтанаттын бул жолку карашы негедир башкача. Анда таң калуу да, сабырсыздык да, ал эмес жек көрүү бардай туюлду.

– Эмне мынча тигилесиң? Мени көрбөй жүргөнсүп? – дедим корс эте. Салтанат унчуккан жок. Кабагын бүркөгөн бойдон карап отура берди. Андан: «А-а, Урмат, сен ушундай экенсиң да?» деген жазууну окугансыдым.

– Бу коңшу карыянын коюн базарга жеткизип бердиң беле? – деди Салтанат сөзгө келип.

– И, эмне экен?

– Кою арык болуп өтпөй калыптыр.

– Өтпөй калса эмне экен? Ага эмне мен күнөөлүүмүнбү?

– Сени күнөлүү деген эч ким жок. Койду жеткизип барганыңа он беш сом алган турбайсыңбы?

– И, эмне экен?

– Өзгө го өзгө. Ушу байкуштардан албай эле койбой-суңбу?

– Аны менен ишиң болбосун!

– Эмнеге ишим болбойт? Өздөрү бир бечара кемпир-чал болсо. Эч жерде иштешпесе. Коңшу турабыз. Чай-чуйга уюнун сүтү жарап турчу эле. Ую байып кетти. Азыр саалбайт. Нан алганга тыйындары жок отурат.

Салтанаттын кызуулана сүйлөшүн биринчи угушум. Бирок ал мени анчалык таңданткан жок.

– Акчалары жок болсо, айлыгыңдын жартысын бөлүп бер.! Эч каршылыгым жок, – дедим кер какшыкка салып.

Салтанат үйдө. Уланды балдар бакчасына берип, бир жерге иштейм дегенинен, оокатың өтпөй жатыптырбы деп мен болбой койгом. Анын үстүнө апам да мен жактык. «Улан али кичекей. Көп балдардын арасында кыйналып калат. Эң куру дегенде эки жашка чыгарып алып, бакчага анан берсек» деген оюн айтканда ошону жөн көрүп калган. Кантсе да Салтанат апамды сыйлайт.

– Бердим, берсем эмне экен? – Менин какшыгым жа-нына батып кетти көрүнөт, Салтанаттын үнү бир башкача өктөм ачуулуу чыкты. Бадырайган көздөрү мурдагы кадимки сабырдуулугун жоготуп мени көздөй от болуп чачырады. Чынымды айтсам жалтана түштүм. Бул көз караштын ары жагында мага айтылар дагы көп сөздөр тургансыйт.

– Берсең бересиң да. Айына алтын, күнүнө күмүш таап жатсаң, – дедим кер какшыкты дагы күчөтүп.

– Урмат, какшыктабай эле кой. Акчаны сен таап жата-сың. Кантип, эмне кылып таап жатканыңдын анча-мынчасы мага белгилүү. Тапкан акчаң көбөйүп жатат. Ал эми сендеги абийир, уят-сыйыт деген жоголгондон жоголуп баратат.

– Ай... Сен дейм!..Болду!, – дедим аны токтотуп.– Менин абийирим менен сенин ишиң эмне экен? Өз жөнүң менен бол. Минтип сүйлөгөндү сага ким үйрөттү.Сен көөп баратасың. Ошо менин тапкан акчаларым көптүрүп жүрөт билсең? – дедим токтоно албай.

Салтанат бул айтканыма чыдай алган жок. Бирок бирдеме айтууга чамасы келбей, көздөрү балбылдап жашка толуп, бөрсөйгөн эриндери диртилдей түшүп, бетин баскан бойдон бөлмөдөн чыга жөнөдү.

Мен билдим. Салтанаттын ызасы менен ачуусу чегинен ашып, бирок анысын тышка чыгарууга чамасы келбей, ыйга өттү.

Чынында меники калыстык эмес. Чалдан эчтеме албай деле койсом болмок. Алып-жулуп көнгөн кишинин көзү ансайын кызарып, аз болобу, көп болобу, алсам эле деп калат экен. Чын-чынана келгенде апамдын чабаданында көрүнөө, Салтанаттыкында көмүскө жаткан кат-кат акчаларга салыштырганда ошо он беш сом түккө турбаган нерсе да.

Биерде дагы бир айтып кете турган нерсе Салтанат чал-кемпирди өз ата-энесине салыштырып, колу бошой калганда алардыкына кирип-чыкмайы бар. Уланды аларга калтырып, өзү базар, дүкөндөргө барып, аны-муну сатып келет. Үйлөрүнө чакырып тамак беришпегени менен чал-кемпирдин бизге карата болгон мамилелери да, тилектери да түз. Эки үй-бүлөнүн ортосундагы мамиле Салтанат келгенден бери ого бетер жакшырды.

Менден иттик кетери кетти. Бирок сеники туура деп Салтанатка сырымды ачкан жокмун. Жаман оюмда аял-ымдын алдында эркектик беделимди түшүргүм келбеди. Аял деген аялдык жөнү менен жүрсүн да! Эркек менен эмне иши бар? Асек айткандай азыркы заманда аялга акча менен дүнүйө тапкан эр болсо болду да. Анын аялы Асек кайда жүрөт, эч иши жок. «Менин Асегимдей болобу» деп тимеле мойнуна асыла калып, көзүнүн агы менен тең айланып турат.

Кийин билсем Салтанат чал-кемпирге элүү сом бе-риптир. Адегенде ичимден кыртыя түшүп, анан карыз деп алышкандарын билип унчукпай калдым.

Бара-бара ошо он беш сомдун айынан чыккан кер-мурубуз унутулуп, Салтанат экөөбүздүн турмушубуз баш-тагы калыбына келгенсиди. Бирок Салтанаттын ичинде кантсе да мага карата болгон салкындык калып калгансыды. Эмне дегенде анын баштагыдай мамилеси жок. Мурда иштен кайтканымда өзү билдирбейин деген менен көздөрү жоодурап кубанычка толуп, даамдуу тамак-ашын белендеп, алдыма коюп, өзү маңдайыма келип отурчу. Балага окшоп, күлкү келерлик суроолорду берчү. Түнкүсүн төшөктө жатканыбызда да боюма имерилип, сагынып калганын билдирчү. Азыр болсо тамакты алдыма апкелип койорун койот. Бирок баштагыдай маңдайыма келип отурбайт. Иши болсо да, болбосо да казан-аяк жакка аралашып кетет. Төшөктө да мурдагыдай ысыктыгыбыз жок. Бирок буларды этибарга албай, экөөбүздүн ортобуздагы мамилени баштагыдай калыбына келтирүү деги бир оюма келген жок. Катындын кайсы бир кыялын түшүнөсүң?

* * *

Турмушубуз өтө берди.

Бир жолу Асек мага дагы бир жаңылык айтып келди.

– Урмат, үстү ачык машиналар бизге жарабайт. Жаан-чачында жүрө албайт экенбиз. Ачык машинага эмне жүк салганың да көрүнүп турат. Чүмкөмө машина алышыбыз крек. Полуприцеп-фургон. Пломба койдуруп алып кете беребиз барар жерибизге. Жолдо пломбаны бузууга эч кимдин акысы жок.

«Аларды кантип алабыз?» дегенсип Асекти суроолуу карадым.

– Бир фургон беш миң сом.

– Аны кимге беребиз?

– Бере турган кишини мен билем.

Ошодон көп узабай Асек экөөбүз жаңы машиналуу болдук. Аларды тээ жердин түбүнөн, чыккан жеринен, Россиядан барып өзүбүз айдап келдик.

Бирок эми республиканын чегинен чыгуунун башка тартиби орнотулуптур. Автобашкарманын уруксаты болмоюн автобаза бир да машинаны башка республиканын аймагына жөнөтүүгө акысы жок экен. Антиш үчүн машина керектөөчү ишкана, уюм же мекеме менен автобашкарманын наамына кат менен кайрылып, анын начальниги уруксат бергенден кийин гана автомашина бөлөт экен. Адегенде мунун себебин өкмөттүн машинасын шопур өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланбоого болгон көзөмөлдүктү күчөтүү деп түшүндүк. Бирок Сибирь жакка бир барып келгенден кийин гана анын толук сыры ачылды да калды. Көрсө, ошондой рейске кол койгондугу үчүн гана автобашкарманын начальниги Эркимбаевге беш жүздөн таштай турган болдук. Эркимбаевдин өзүнө тикеден-тике байланыш түзгөндөн кийин Асек экөөбүз эч кимден коркпой калдык. Кийин билсем, биздин жаңы чүмкөмө машина алганыбызга дал ушул Эркимбаевдин өзү көмөкчү болуп-тур, Асек экөөбүздөн беш миңден чөнтөгүнө салып.

Чүмкөмө машиналарга жеткени Асек экөөбүз акча дегендин эсебин билбей калдык. Чоң заводдогу досубуз балан-бастан жүк жүктөлдү деген кагаз-кугазын жазып берет. Ал эми бош машиналарыбызга соодагер досторубуздун жер-жемиштерин салабыз да, Сибирь тарапка чү койобуз.

Арааның бир ачылып алгандан кийин, жутунгандан-жутунган болуп калат экен.

Сайрандоо ушул экен деп, шаардын «күлүк» кыз-ке-линдери менен болгон байланышым улам күчөп, кечке маал көз көрүнөө эле үйдөн чыгып кетип, түндүн бир оокумунда келем. Кез-кезде түнөп да калам. Салтанат мунума эмне дейт, аны менен ишим жок. Анын: «Күн-түндөп кайда жүрөсүң?» дегенин кулагымдын сыртынан кетирип, «Эркектики – талаада, аялдыкы – үйдө» деп кайра беттен алып койом. Болбосо жөн гана унчукпайм. Бирдеме десем эле көздөрүнөн жаш кетерин билем да, жүзүнө бет бакпай, жанынан тезирээк оолактайм. Ичимден Асектин аялындай эле болбойбу дейм. Эмне, Асектики жыргал. Аялынын колуна акча тийсе болду. Күйөөсүнүн кайда жүрүп, кайда турганы менен кыпындай иши жок. Кайра: «Менин Асегим» деп жароокерленип турат.

“Ата-эне баласына сынчы» дегендей менин жүрүш турушумдагы, кылык-жоругумдагы өзгөрүүнү апам деле сезип билип жүрдү. Анын тескеген сөздөрүн укканда адегенде бетим чымырап, уялып калчу элем. Кийинчерээк: “Эми, апа, кичинекей эмесмин. Кулактын кужурун алганды коюш керек да» деп кичине болсо да каяшанын четин чыгарып койчу болдум. Минткенимде апам өз ичинен чыккан баласын тааный албай жаткансып, делдирей карап турганына туруштук бере албай, терс бурулам да басып кетем.

Ошентип, Салтанат менен апама баш бербей, «өзүмдү өзүм билип, өтүгүмдү төргө илип» дегендей жүрүп калдым. Апам менен Салтанат бапырата акча таап жатканымды, үйдө бөдөнүн сүтүнөн башкасынын баары бар экенин ой-лошпойбу? Таң калам…

* * *

Салтанат экөөбүздүн ортобузда кермур сөздөр ачыкка чыгат деп оюма келген эмес. Бир жолу иштен келсем, Салтанат жалгыз отуруптур. Кеч күз болсо да, от жагылбай, үй ичи негедир көңүлсүз, суук…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 2770