Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Кыргыз кызы Эсенбүбү

“Кыргыз кызы Эсенбүбү” аңгемесинде онду бүтүп айылда иштеп жаткан жаш уландын мектептин сегизинчи-тогузунчу классында окуган сулуу кызын сүйүп калышы, кызды бирөө зордоп ала качып кетиши, элүү жыл өткөндөн кийинки экөөнүн жолугушуусу, алардын махабатынын ошол бир кездегидей эле өчпөй жүргөнү көрсөтүлгөн.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Өткөн ишке орду толбос,
    Өкүнгөндөн не пайда.
    Өлгөн киши тирилбесе,
    Өкүргөндөн не пайда.

Казакбай Абдышев

 

1957-жыл.

Биз эңсеген күн да келди — он жыл окуп, орто мектепти аяктап, жетилүү аттестаты колубузга тийди. Мектептен кийин биз үчүн кандайдыр бир ажайып сырдуу дүйнөнүн дарбазасы ачыла тургансып көрүнчү. Бирок андай болгон жок. Ал кезде орто мектепти бүтүргөндөр чарбада эң кеми эки жыл иштеп, анан өндүрүштүк мүнөздөмө алып бармайын жогорку окуу жайларына кабыл алынбай турган заң-закүн бар эле. Өкмөт менен партиянын мыйзамына баш ийбешке чара жок. Ошентип айылдан эч жакка чыкпай, колхоздун чарба иштерине аралашып кеттим.

Август айы аяктап бараткан күндөрдүн биринде орто мектепти бирге бүткөн, классташым Сарыгул келип калды.

– Кадыр, Ивано-Алексеевкада алты айлык жаңы окуу жайы ачылыптыр. Тракторчу, комбайнчыларды даярдап чыгарат дейт. Жатаканасы, кийим-кече, тамак-ашы бекер, өкмөттөн экен. Бригадирдин тепкисин жеп жүргөнчө ошону бүтүрүп келбейлиби. Аны бүтүргөндөр айыл чарбасында иштесе армияга да албайт экен, — деди Сарыгул оюн-тамашасы жок...

 

Окуу жайын Сарыгул экөөбүз тең жалаң беш менен аяктадык. Айылга келип, мурда көп жылдар трактор айдап, кийинки эки-үч жылдан бери тракторчулардын бригадири болуп жүргөн Акышка (өз аты Акматбек) жолуктук. Ал биздин келишибизди мурдатан эле күтүп жүрүптүр.

– Ой, айлаанайындар, келип калдыңарбы?-деп барба-лактап кубанып. Анын эртесинде эле райондун борборундагы МТСке (машино-трактор станциясы) ээрчитип барып, директорунун төмөнкүдөй буйругун чыгартты:

«1958-жылдын 1-мартынан тартып, Кадыр Айтиев Буденный МТСинин улук (старший), Сарыгул Капаров жардамчы тракторчу болуп дайындалышсын. Аларга МТСтин 43-номурлуу ДТ-54 маркасындагы трактор сокосу жана маласы менен бекитилип берилсин».

Айыл чарбасын механизациялаштыруу окуу жайында бирге окуган алты ай ичинде Сарыгул экөөбүз түбөлүк ажырагыс достордой болуп калдык. Келечектеги ой-кыялыбызды ортого салып жибердик. Ажырашпай бир трактордо эки жыл иштеп, андан аркы окууларыбызды улантмак болдук: Сарыгул Ташкендеги индустриалдык техникумду, мен Фрунзедеги (азыркы Бишкек) айыл чарба институтунун механикалык факультетин көздөдүм.

Мына ошентип, кабыргабыз анча катпаган 17 — 18 жаштардагы жаш уландар Сарыгул экөөбүздүн эмгек жолубуз башталды.

Трактордо, болгондо да ташбакача кыбырап соко сүйрөгөн, эскилиги жеткен каз таман тракторунда иштөөнүн өтө оор экендигин Сарыгул экөөбүз тең жон терибиз менен сезе баштадык. Биз үчүн өзгөчө түнкү сменде иштөө азаптуу эле. Мурдатан көнбөгөн жаныбыз, күндүзгү уйку түнкүсүндөй болбой бөлүндүлөнүп, жакшы канбай, трактор айдап баратып, уйкуң келип, жаның жер тартат. Эски трактордун ар кай жеринен май-сай агып, колдоруң, кийим-кечең дамамат майланышып, коңурсуп май жыттанасың. Убагында ысык тамак ичмей жок, жарма, нан менен ыраазы болосуң. Бузулуп, карала-торала болуп, трактордун астында жатасың. Жаан-чачын учурунда ысык аштын үйүнө жетпей, эки жүз литрлик эки бочка менен солярка ташыган араба келгиче, астыңкы жана жан-жанындагы терезелери сынып жок болгон трактордун аңгырап шамал урган кабинасында корголоп ачка отурасың. Тоо арасынын таштуу жеринде соконун тиштери тез-тез сынып, запасың түгөнүп, тишти качан апкелишет деп зарыга күтөсүң...

Жазгы кош айдоо сезонунун жыйынтыгы чыгып, биринчи байге Сарыгул экөөбүзгө ыйгарылды. Биз эл ичинде «азаматтар» деген алкоого алындык. Тракторлор менен соколорду сезондук ремонтко токтоттук. Бирок мага айтпай, «оорудум» деген шылтоо менен Сарыгул Акышка айтып жатып, дөңгөлөктүү ДТ-24 маркасындагы жеңил тракторго өтүп алды. «Ия, ата, окууга кеткенче бөлүнүшпөй, каз таман тракторунда бирге иштейбиз» деген убадабыз кайда?» деп мен бир эсе таң калсам, бир эсе Сарыгулга ичимден кыртыйып, кадыресе таарынып калдым. Мен өмүрүмдө биринчи жолу акыйкатсыздыкка туш болдум. Эң куру дегенде каз таман тракторунда иштөө кыйын экен деп, Сарыгул чындыгын айтып койсо, мен деле түшүнөт элем да. Жок, Сарыгул бул жерде «кыйтырлык» кылып, тез жүргөн дөңгөлөктүү трактордун кузовалуу чиркегичи менен чөп-чар, кум-таш ташып алган өз жанына пайдасы бар экенин ал менден алда канча эрте түшүнүптүр.

Трактор менен сокого сезондук ремонтту сокочум Туралы экөөбүз жүргүздүк. Күздүк айдоо жакындаганда Акыш келип:

– Кадыр, Сарыгулдун ордуна жардамчы кылып, Доордун Абдрайымынын баласы Токтосунду аласың го дейм. Фрунзеде трактирлердин инженерлик окуусунда окуйт эмеспи. Ооруп калып, окуусунан бир жылга бошонуптур. Эмки жылы күздө окуусуна кайра барат экен, — деди.

– Өзү оору болсо, каз таман тракторунун күн-түн иштеген кыйын шартына куландан соо Сарыгул чыдаган жок эле, анан ошол оорулуу Токтосун чыдайбы? — деп түз суроо таштадым.

– Эмнеси ооруганын деле билген жокмун. Сыртынан оору-соорусу жоктой эле көрүнөт. Инженерлик окууда окуган неме бош жүрбөй, трактирдин анча-мынча бирдемелерин билип алайын дегени болсо керек. Сага жардамчы кылганга башка ылайыктуу адам да жок болуп жатыры, — деди.

Токтосундун мага жардамчы тракторчу болгонуна көп деле каршылык көрсөтпөй, макул болдум. Чынында тракторду башкарыш үчүн анын «иче-кардын» аңтарып билүүнүн деле кажаты жок. От алдырганды, ылдамдыктарды алмаштырып, газды берип башкарганды билсе болду. Башка тетиктери менен механизмдеринин иштөө принциптерин улам акырындап үйрөнө берет.

Токтосундун жардамчы болушуна макул болгонумдун эң башкы себеби — ал мага математикадан жардам берет деген ишеним бар эле. Булардын бүт тукумун математиктер деп коюшат. Токтосун бизден эки класс жогору окучу эле да, мектептеги отличниктердин эң башында турчу. Ал эмнегедир айылда эки жыл иштебестен туруп эле айыл чарба институтунун механикалык факультетине илиндирбей өтүп кетти. А мен болсо баягы бир жолу Сарыгул экөөбүз макулдашкандай эки жыл иштеп алып, дал ошо Токтосун окуп жаткан инженерлик окууга барайын деп жүрбөймбү.

Токтосун өзү эти жукараак, орто бойлуу, кырдач мурун ак боз жигит. Зээндүү жигит тракторду от алдырып, айдаганды тез эле өздөштүрүп алды. Мен институтта окуп жатам дегенчелик мурдун көтөрбөй, трактордун аны-мунусун тартынбай менден сурай берчү. Мен бул кезде трактордун тетиктерин, механизмдерин, алардын иштөө принциптерин «жатка» билген, дасыккан тракторчу болуп калгам. Эринбей Токтосундун сурагандарын толуктап түшүндүрүп берип жүрдүм. Ал эми трактор айдабаган бош күндөрү алардыкында болуп, биргелешип математиканын эсептерин чыгарчубуз. Токтосундун чын эле күчтүү математик экенине дал ошондо толук көзүм жетти. Геометриясыбы, тригонометриясыбы, алгебрасыбы — бардыгынан берилген эсептер менен маселелердин тимеле тишин чакчу. «Ушу Токтосун инженери жок эле, математика жагына окуса болмок экен» деп өзүмчө бүдөмүк ойго түшчүмүн.

Ал кезде менин билишимче Токтосун ата-энеси, үч карындашы болуп бирге жашашчу. Карындаштарынын улуусу Аманбүбү онду биз менен бүттү да, мурдатан макулдашылып жүргөнбү, Көпүрө-Базарлык бир жигитке баш кошуп кетти. Экинчи карындашы Эсенбүбү ошол күздө тогузунчуда, үчүнчү карындашы Жеңишбүбү жетинчи класста окушмак. Экөө тең ак жуумалынан келген, көздөрү бадырайган, бойлорун койкойтуп түз алып басышкан, бейчеки сүйлөшпөгөн, татынакай адептүү кыздар эле.

Улам убакыт өткөн сайын Эсенбүбүгө көңүлүм алаксый калып баратканын сезе баштадым. Байкатпай кыздын кыймыл-аракетине, өң-түсүнө, сүйлөгөнүнө, ата-энесине, агасы менен сиңдисине карата болгон мамилесине сын көз менен карай турган болдум. Бул үйдө бири-бирине үнүн көтөрүп сүйлөө дегендин жат экенине биротоло көзүм жетти. Бирок Эсенбүбүнүн ашкере токтоо, суз жүрүшү анын жараты-лышынанбы же ичинде көңүлүн чөгөртүп жүргөн бирдемеси барбы? Мына ушул мага түшүнүксүз эле. Бир жолу үйдө олтуруп, Эсенбүбүгө арнап, төмөнкү ырды жаздым. Ошол кезде эле секетбай ырларынан жазып жүрчүмүн.

Ыймандуу жана тазасың,
    Ыргала тартып басасың.
    Капкара булут каптаган,
    Кабакты качан ачасың?

Токтоо экен мүнөзүң,
    Тоготпой мени жүрөсүң.
    Жылый түшсүн жүрөгүм,
    Жылмайып качан күлөсүң?

Катарлаша бассам дейм,
    Кайгың болсо тапсам дейм.
    Капа-муңдан арылтып,
    Кабагыңды ачсам дейм.

От болуп жайнап көздөрүм,
    Өзүңдү келет көргүсү.
    Албырат жүрөк, албырат —
    Ал эмненин белгиси?..

Бул ырды бир барак кагазга татынакай кылып көчүрүп, Эсенбүбүгө бермекке көйнөгүмдүн төш чөнтөгүнө салып койдум.

Бир жолу математикадан консультация алмакка Токтосундукуна дагы барып калдым. Мен каалганы какканда эшик ачылып, Эсенбүбү көрүндү. Ал эмнегедир өзүн ыңгайсыз сезе:

– А-а, силер белеңер? Келгиле, келгиле,-деди бир баш-кача ызаат менен өзүнүн токтоолугуна ылайык келбеген кыязда.

– Токтосун байкеңе келдим. Ал үйдөбү?

– Жок эле. Районго кеткен.

– Математикадан жардам алайын дегем,-дедим артка кетмекке кам уруп.

– Жок, киргиле үйгө. Нан ооз тийип чыккыла,-деди Эсенбүбү шашып. — Атам менен апам да мейманчылап бир жакта жүрүшөт.

Мен бир аз кыйыла түшүп, үйгө кирүүгө аргасыз болдум. Нан ооз тийип, тышка жөнөдүм. Артымдан Эсенбүбү кошо ээрчий чыкты.

– Мени мындайыраак иттен чыгарып койосуңбу? — дедим оюн-чындан. Эсенбүбү үн катпастан мени жандай басты.

– Жалгыз түп чоң алмаңардын түбүндөгү отургучка бир аз олтуралыбы? — дедим да, кыздын макулдугун албастан, алардын тамынын арт жагындагы дүпүйгөн жалгыз түп алманы көздөй кадам таштадым. Төрт-беш киши отурса бата турган узун отургучка келип катарлаша отурдук.

– Бул алма деги качан тигилген? — дедим ортодо сөз жүргүзүш үчүн чын эле таң калган болуп.

– Атам айтып жүрөт ко, илгерки орустардан калган деп, — деди Эсенбүбү менин суроомо токтоолук менен жооп берип.

– Анда илгери бу биздин аймакта мөмө-жемиш бак-дарактары болгон турбайбы? — дедим эми чыны менен эле таң калып.

Эсенбүбү мунума эчтеме дебеди. Биз унчугушпай кал дык. Мени узатып чык дегенимдин эң башкы максаты ага жазылган ырды берип, андан ары өз жолума түшүү болучу. Бирок ортобузда эч сөз болбосо деле өз көңүлүмө жагып жүргөн кыздын жанында аз да болсо отургум келди. Бирдеме дейин дейм, башымда эчтеме жок. Жүзүмдү жарым-жартылай буруп, кызга көз жибердим. Ал да мени карап, көздөрүбүз чагылышты. Бирок менин алдымда күнөөсү бардай, Эсенбүбү көздөрүнүн учкунун тез эле ылдый түшүрүп, бири-бирине кайчылаштырып, мыжыгылаган колдорун карады. Менден төрт-беш жашка кичүү, мектептин сегизинчи классын бүтүргөн окуучу кызы ыйбаа кылып, уялып жатса керек дедим мен өз ичимден. Эми мен отура бербей, төш чөнтөгүмдөгү төрт бүктөм баракты алып чыгып:

– Эсенбүбү, мен сага арнап ыр жаздым,-дедим кай-раттанып.

Экөөбүздүн көздөрүбүз кайрадан чагылышты.

– Ыр? Эмне болгон ыр?-деди Эсенбүбү кадыресе таң калып.

– Төрт куплет ыр. Сен жөнүндө. Сенин токтоо мүнөзүң, ыймандуулугуң, тазалыгың, анан деги бир жылмайбай, кабагыңдын бүркөө жүрүшүн жаздым, — дедим бир аз жылмая берип.

– Ырды окуса болобу?

– И-и, ыр деген окуш үчүн жазылат да.

– Анда окубайсызбы?

– Бул ыр болгону менен, өзүңө жазылган кат десе да болот. Кат деген кимге жазылса ошол гана окуйт,-дедим да, төрт бүктөм кагазды кызга сундум. Эсенбүбү алсамбы же албасамбы деген кыязда бирде мени, бирде кагазды кармаган колумду карады. Кандайдыр бир жоопкерчиликтен корккондой, кыз кагазды албай, менин колум бир саамга сунулган абалында калды.

– Кат? Кат болгондо? Эмне болгон кат? Кат деген алыста жүргөндөргө жазылат да? А биз болсо жанаша отурабыз. Катта жазылганды сөз менен айтса деле болбойбу?

– Болбойт, — дедим да, Эсенбүбүнүн оң колун бери тартып, кагазды алаканына коюп, бармактары менен бастыр-дым.— Катка жооп берсе да болот, бербесе да болот. Ал өз эркиң. Бул кагазды мен кеткенден кийин оку. Көрүшкөнчө кош бол. Токтосун байкеңден математикадан жардам алганы дагы келип турам го. Күздүк айдоодо байкең экөөбүз трактордо дагы бирге иштегени жатпайбызбы.

Мен Эсенбүбүнүн ийнине колумду коомай коюп, коштошкон болуп, ордумдан көтөрүлдүм да, чарбактын башын көздөй кадам таштадым. Чарбактын башындагы эш-икчеге жеткенде артымды карадым. Мен кетип жатканда ордунан турган Эсенбүбү кайрадан отургучка көчүк басып, бир барак кагазды окуп жатканын көзүм чалды.

Ошентип кыйыр болсо да ыр менен Эсенбүбүгө карата болгон жигиттик сезимимди билгиздим. Ал эми ырдын, өзгөчө акыркы куплеттин маанисин ал кандай түшүнүп, кандай кабылдаар экен? Бирок улам убакыт өткөн сайын

«От болуп жанып көздөрүм,
    Өзүңдү келет көргүсү.
    Албырат жүрөк, албырат,
    Ал эмненин белгиси? -

деп жазган саптарга эми өзүм жооп издей турган болдум. Ыр жазган жөндөмүм менен эле олтуруп шилтеп койдумбу же чын эле Эсенбүбүнү көргүм келип, жүрөгүм алып-учуп турабы?

* * *

Ал аңгыча күздүк айдоого кирип кеттик. Биздин колхозду тейлеген эки каз таман трактордун беркисинин мотору бузулуп, жер айдоо түйшүгү Токтосун экөөбүздүн тракторго жүктөлдү. Бирок күн-түн тынбай иштеп, айдалчу жерди айдап бүтүрдүк. Ноябрдин аягында тракторлор менен айыл чарбасынын башка шаймандарын кышкы капиталдык ремонтко деп МТСке жеткиздик. Ошо менен жаз чыкканы ремонтто жүрдүм. Токтосун ремонтко катышкан жок. Жаз чыгаар алдында ремонттон чыккан соко-шаймандарды сүйрөтүп, тракторлорду айдап келдик да, ар кимибиз өз үйлөрүбүздүн жанына токтотуп койдук.

Ошол жылкы март айында жергиликтүү советтерге шайлоолор болуп, мени айылдык советке депутат кылып шайлашты. Депутаттын милдетин толук билбесем да, эл-журт алдында менин жоопкерчилигимдин жогорулаганын жон терим менен сезип, уят болбоюн деп, жазгы кош айдоодо эки эселеп өжөрлөнө иштедим. Жашынан кара жумушка катпаган жука жигит Токтосун кирпигинен тартса жыгыла тургандай, эптеп эле чыдап жүрдү. Жазгы кош айдоо бүтөрү менен иштен чыгып алды. Бирок өзү Фрунзеге кеткенче каалаган учурумда алардыкына келип, математикадан жардам алып турсам болорун эскертти.

Ыр менен жазылган катты берген өткөн күздөн бери Токтосунга барып, карындашы Эсенбүбүнү бир топ эле жолу көрүп жүрдүм. Бирок ээндетип, жекече сүйлөшүүгө мүмкүндүк болбоду.

Бир жолу, июль айы жаңы эле башталып, трактор, соко шаймандардын сезондук ремонтун бүтүп, бош боло калганда, Токтосунга жолугайын деп барып калдым. Үйүндө экен. Менден улуу болсо да, теңтуш жолдошундай кабыл алды.

– А-а, кел, Кадыр, кел. Жазгы кош айдоо бүткөнү көрүн-бөй кеттиң го?-деди Токтосун үнүн шайдоот чыгарып.

– Жайкы сезондук ремонт. Анан үй тирлиги болуп эле чыгалбай,-дедим жармы төгүн, жармы чын.

Эсенбүбү дасторкон жайып, чай куюп берип отурду.

– Кадыр, ойлоп отурсам, математика жагына эле окусаң болмок экен деген оюң туура көрүнөт. Быйыл барып, университеттин математика факультетине тапшырайын деп жатам,-деди Токтосун мени кадыресе таң калтырып.-Аздыр-көптүр сени менен трактордо иштеп калбадымбы. Темир-тезек менен иштөө менин табитиме туура келбейт көрүнөт. Кадыр, андан көрө өзүң быйыл окууга барасыңбы? Мектепти бүткөнүңдөн бери эки жыл болуп калды.

– Колхоздун башкармасы: «Депутат деги болдуң. Ошону актап, дагы бир жыл иштеп бер» деп суранып жатыр. Өзүм да билбейм эмне кыларымды?

– Окугандын эрте-кечи жок. Мына, менин үч жылым талаага кетти. Жаңы окууну баштаганы турам. Башкарма суранса иштеп бер. Армияга деги албайт экен. Анан кирүү экзамендерине да жакшы даярданасың. Мен сага Антонов баш болгон авторлордон турган элементардык математиканын эсеп-маселелеринин чыгарылыштары талданган китепти берип кетем. Ошону менен даярданууңду уланткын. Анан эмки жылы сөзсүз окууга баргын. Сага окшогон балдарыбыз окубаганда ким окуйт?

 

Аңгыча эшик ачылып, кичүү карындашы башын салып:

– Байке, сизди эшикте Мырзабек байкем чакырып жатыры,-деди.

Токтосун элпек туруп, тышка чыгып кетти. Бөлмөдө Эсенбүбү экөөбүз калдык. Ушундан пайдаланып:

– Эсенбүбү, бир убакыт таап, экөөбүз сүйлөшсөк болот эле,-дедим. Ал бир аз ойлоно түштү да:

– Көпүрө-Базардагы Аманбүбү эжемдин кайнатасы каза болуптур. Атам, апам, Токтосун байкем болушуп, бүгүн кечке маал жөнөшөт. Кечинде, күүгүм кирген кезде келе аласыңарбы?-деди.

– Келгенде каерге?

– Жалгыз түп чоң алманын түбүнө.

Аңгыча Токтосун кайра кирип:

– Жогорку Көпүрө-Базардагы кудабыз кайтыш бо-луптур. Мырзабек байкем да кошулуп барам дейт. Ошону сүйлөштүк. Бүгүн кечке маал коногуна бара турган болдук,-деп Токтосун Эсенбүбүнүн сөзүн бекемдеди.

Токтосундукунан чыгып, үйгө барып, кечти күтө баштадым. Мындайда убакыт оңой менен өтпөйт эмеспи. Апама Каймазардыкына барып келем деп калп айтып, күүгүм кирип, каш карайганда үйдөн чыктым. Эсенбүбүлөрдүн чарбагынын башындагы мага тааныш эшиктен кирип, элеңдей басып, карт алманын түбүнө жетип, алманы сүйөнө туруп калдым. Улам убакыт өтүп, айлананы коюу караңгылык каптады. Ал кезде электр жарыгы деген көчөдө эмес, үйдө жок. Мен уурулукка келген абалда, караңгыда бирөөлөр аңдып тургансып, айланама кулак түрүп, караңгылыкка үйрөнө калган көз менен тыяк-быякка шектүү карайм. Бирок көзүмдүн тигилген жери тамдын бурчу. Эсенбүбү ошол бурчтан чыгышы керек. Ооба, күткөн үмүт акталды. Кыз карааны бурчка келип токтоп, айланага кулак түргөнсүдү. Мен акырын жөтөлгөн болдум. Караан мени көздөй жылды. Эсенбүбү аяр басып алдыма келди. Биз унчугушпай, бет маңдай туруп калдык. Караңгы болсо да кыз ыйбаа кылып, башын жерге салып турду. Көкүрөгүнө алган колдоруна колумду коюп кармаладым.

– Эсенбүбү, бул чын эле сенсиңби?-дедим шыбырап. Уялып жатканыбы, ал унчукпайт. Ал аңгыча Арпа-Тектирдин кырынан ай көрүнүп, бир аздан кийин тептегерек болуп, асман бетине сүзүп чыкты да, анын күмүш нуру кыздын ак жуумал жүзүнүн сол жак бетине урунду. Эсенбүбүнү мен эми аныктап тааныдым. Бирок экөөбүз тең үн катпайбыз.

– Эсенбүбү, былтыркы катыма жооп болбоду го? — дедим бир оокумдан кийин барып тилге келип. Кыз үн катып жооп бергендин ордуна жообум ушул дегенсип, башын көкүрөгүмө жөлөдү. Айбыккан сезимден арылып, башынан сылап, жалгыз өрүм чачын кармаладым. Башынан искедим. Кыз жыты. Мурда башка бирөө эмес, мен гана искеген Эсенбүбүнүн жыты. Мен кыздын башын көкүрөгүмдөн бөлүп, эки жаагына алакандарымды коюп, жүзүн жүзүмө түздөп, алды менен ууртунан коомай өөп, анан эрдинен, көздөрүнөн, деги койчу, бети-башы, моюнунун чоло жерин калтырбай өпкүлөп кирдим. Кыздын кенедей каршылыгын сезген жокмун. Белинен алып, кучагыма бек кыстым. Эсенбүбүнүн ээрчий келип, жаныбызда чочоюп отурган күчүк бирдемени сездиби, борс эте үрүп койду. Биз селт эте түштүк да, бири-бирибизден бошондук. Кызды колтуктай сүйөп, экөөбүз орундукка жанаша отурдук.

Ачык асман. Ай улам оболоп, билинбей сапарын улайт. Жарганат бет алдыбыздан шуу этип учуп өтөт. Талас кырка тоолору тараптан түнкү мээлүүн жел келет. Карт алманын жалбырактары шыбырашат. Керемет түн. Өзүм сүйгөн кызымды кучагыма кысып өпкүлөгөн, эстен кетпес өмүрүмдөгү биринчи түн. Эсенбүбүнүн ийнине колумду артылта коюп, өзүмө ыктаттырып, бакыттын кучагында балкып отурам.

– Бүгүн байкем менен сүйлөшкөндөй, окууга быйыл эмес, эндиги жылы барат экенсиңер да?-деди бир оокумда Эсенбүбү бүгүнкү кечте биринчи жолу үн катып.

– Ооба. Бүгүн айтпадымбы, башкарма суранып жатыр деп. Мектебибиздин мурдакы деректири, азыркы башкармабыз Турусбек агайыбыздын сөзүн эки кылганым болбос дедим,-деп бир саамга унчукпай отурдум.– Эсенбүбү, баса, онду сен да эмки жылы бүтөсүң. Жогорку окуу жайларына бара турган оюң барбы?

– Барайын деген оюм бар дечи. Бирок барар-барба-сымды азырынча айта албайм,-деди Эсенбүбү негедир арсарланып.

– Угуп жүрөм, окууң жакшы. Эмнеге барбайт экенсиң? Барасың. Экөөбүз бирге барабыз, — дедим эмнегедир кожоюн боло.

– Али алдыда убакыт бар. Аны ойлонобуз. Андан көрө байкем айткандай өзүңөр жакшы даярдангыла. Силерди трактирде жакшы иштеди деп эл ичинде айтылып жүрөт. Токтосун байкем да мактап оозунан түшүрбөйт: Трактирди мыкты билет, кыйынчылыкты да көтөрөт деп.

– Эсенбүбү, ошондой сүйлөштүкпү? Эмки жылы Фрунзеге бирге барабыз. Бара турган окууңду аныкта. Кирүү экзамендерине эмитен даярдан. Бирге окуп бүтөбүз. Калганын көрө жатабыз, — дедим келечегибизди алдын-ала аныктап.

Эсенбүбү буга унчуккан жок. Анын мунусун макул-дуктун белгиси деп билдим.

– Мен барайын. Жеңишбүбү үйдө жалгыз эле,-деди Эсенбүбү. Колтугунан сүйөй тургузуп, Эсенбүбүнү кучагыма бек кысып, бети-эрининен, мойнунан аймаладым. Анан колтуктай тамдын бурчун көздөй бастык. Бурчка барып токтоп, эрининен дагы бир жолу өөп кызды бошоттум. Ал бурчту айлана берип, көрүнбөй калды.

Адатымча чарбактын башындагы эшикчеден чыгып, өз жолума түштүм. Кубанычым көкүрөгүмдү тээп, жерге батпай, өзүмчө бир башка дүйнөдө бараткандай сездим. Ушул кубанычымды башка бирөө менен бөлүшкүм келди. Көп ойлонуп турбай, Эсенбүбүлөрдүн көчөсүндө апасы экөө жашаган Каймазар досумдукун көздөй салдым. Үйүндө экен. Апасы менен учурашып, Каймазар экөөбүз тышка чыктык.

– И-и, Кадыр, тынччылыкпы? Бу жети түндө кайдан жүрөсүң? — деди Каймазар эмнегедир түкшүмөлдөнө.

– Тынчылык эле. Мен азыр Эсенбүбү менен жолугуп келатам, — дедим сөздүн ток этер жеринен баштап. Андан ары болгон ишти төкпөй-чачпай толугу менен айтып өттүм.

– Ой. Кадыр, чын элеби? Эсенбүбү өзү менен окуган бала менен сүйлөшүп жүрөт дешчү эмес беле? Эсенбек деген. Тиги ботура бригадирибиз Шишбаштын Медетинин туугандары го. Ал сөз анда калп турбайбы? — деди Каймазар кадыресе кубанып.

Эсенбекти мен да билем. Оң колунун сөөмөйү жок, комузду ортону менен чала-бучук чертсе да, мектептин хордрам кружогуна катышкан болуп жүрчү. Мен аны бир иштин өтөсүнө чыкпаган жалакайыраак, кочкор мурун, көк-жашыл көздөрү дамамат күлүңдөп, шайдоот жүргөн, жука жигит катары билчү элем. Каймазар айткан божомолду менин да уккан жайым бар. Мектепте окуган бир сулуу болсо, балдардын бардыгы ошого ашык болушат. Анын эмнеси бар экен деп, Эсенбек менен Эсенбүбүнүн ортосундагы мамиле мени анчейин деле кызыктырган жок.

Мен Каймазар менен кош айтышып, үйдү көздөй жөнөдүм.

* * *

Эсенбүбү менен жолугушкандан кийинки жуманы үй тирлиги, Таш-Төбөдөн чөп чабуу менен өткөздүм. Чабылган чөп кургаса чөмөлөлөп жыйнамай эле калды.

Чөп чаап болуп, үйгө кайткан күнү, кечке маал Кай-мазар келип, сылап-сыйпап отурбастан:

– Ай, Кадыр, Эсенбүбүңдү бирөө зордоп ала качып алыптыр, — десе болобу. Мен адегенде тамашалап, жөн эле коркутуп жаткан экен деп ойлодум.

– Ой, койсоңчу тамашаңды.

– Ит болоюн. Тамашасы жок эле. Чатбазарга эжеси-никине барган экен, коңшуларынын биринин баласы үйүнө кийирип алыптыр. Апам кирип, Эсенбүбүнүн өзүнүн апасынын оозунан угуптур,-деди Каймазар өз сөзүн бекемдеп. Чын эле Каймазар жолдошумдун мага минтип катуу тамаша айтпашын билип, мен эми чындап коркуп кеттим.

– Ал али мектепти бүтө элек да. Турмуш курууга жашы жетпейт, — деп айлам кеткендеги сөздү айткан болдум.

– Кап ата, оор басырык жакшы кыз эле. Иши кылып ошо. Жанагы эжесинин да кошумчасы болсо керек. Болбосо азыр кызды зордоп ала кача турган заманбы? Закон боюнча кызды, болгондо да жашы жетпеген кызды зордуктап ала качып алгандар соттолуп кетишет,-деди Каймазар мени соороткон өңдөнүп.

Эсенбүбүнүн күйөөгө качып кеткенине бир ишенип, бир ишенбей, бирок чындыктын таразасынын ташы жагы ооп турганына көзүм жетип, ичим өрт менен жалын болуп куйкаланды. Мендеги жашоо кумары бир заматта быт-чыт болду. Башым туманданып, ирети жок ойлор айланкөчөк-төдү.

Каймазар үйүнө кетти. Мен чарбактын башындагы суу аккан арыктын боюна барып, Эсенбүбүнүн бул кылганына такыр түшүнбөй, каңырыгым түтөп, эки тиземди кучактай, үмүтсүз үңкүйүп, каш карайганча отурдум. Жашоого жаңы эле кадам таштаганда, акыйкатсыздыктын капканына экинчи жолу чабылдым. (Биринчиси-Сарыгулдун убадага турбай, жеңил тракторго өтүп алышы дебедим беле).

Каймазар жаман кабар айтып келгенден эки күндөн кийин таң эртең менен чөп чөмөлөйм деп, айрымды ийниме салып, бир көмөч нанымды ороп колтугума кысып, Таш-Төбө жакка жөө жөнөдүм. Чөптүн үстүңкү катмары кургап, асты али ным экен. Нанымды чырканактын түбүнө коюп, өзүм колумду кайчылаштырып желкеме жаздап, чөп үстүнө чалкамдан суналып жата кеттим. Көз алдыма, ободо туңгуюксуз ачык асман. Арпа-Тектир жактан келген жумшак жел жапайы талдардын башын ыргалтат. Өзөн жактан Үч-Кошой суусунун көңүл сылаган бир калыптагы шары келет. Эртең мененки мал жайытка чыккандагы айылдагы чуу жок, айланам бейкут-чулукта мемирейт. Бирок дал ушул Ала-Тоонун ажайып таңкы көрүнүшү да менин кусалыкка чыланган көңүлүмдү соорото алган жок. Чалкамдан жаткан бойдон көздөрүм улам балбылдап жашка толуп, мөлт эте жаагым аркылуу куюлуп, жазданган колдорума таамп жатты. Көздөрүмдү жуумп, эс-мас абалымда канча жатканымды билбейм:

– Ай, Кадыр, тур,-деген үндөн жаш ага берип батталган көзүмдү ачсам, мени күлө карап Каймазар досум турат.– Тур, Эсенбүбүң түндө үйүнө качып келиптир.

Каймазардын бул айтканы акылыма кирбей, ошо бойдон ага дендароо көздөрүмдү жибердим.

– Эмнеге жаман карайсың? Ишенбей турасыңбы? Апам таң эрте уйду саап, бадага кошкону айдап баратып угуптур. Эсенбүбүнүн энелеш агасы бар эмеспи, Мырзабек деген. Ошонун аялынын өз оозунан угуптур. Анан мен сразу сени көздөй жөнөдүм. Апаң чөпкө кеткен дегенинен артыңдан атайы келдим.

– Чын эле качып келиптирби?-деп тезинен башымды көтөрө салдым.

– Ит болоюн. Апам айтты. Апам эмне, калп айтмак беле?

– А эмнеге качып келет? Бир күйөөгө тийип алып?

– Ой, Кадыр, мен аны кайдан билейин. Кыздын өз оозунан укпаса, кайра качып келгенинин себебин башка ким билмек эле?

– Эмне, жолугайынбы?-дедим акылыма келе баштап.

– Ооба. Жолугуш керек да. Балким сен деп качып келгендир,-деди Каймазар менин көңүлүмдү бүлүнтүп.

– Үч-төрт күн түнөп, качып келгени эмнеси?-дедим шектенгенимди кыйытып.

– Балким тазадыр, — деди Каймазар менин оюмду түшү-нүп.

– Балким таза эместир,-дедим шегим таркабай.

– Андай болсо эмнеге качып келет эле?

Эсенбүбүнүн качкан жеринен качып келүү себебин канчалык сүрүштүргөнүбүз менен Каймазар экөөбүз бир жыйынтыкка келе албадык.

– Каймазар, эгер сенин сүйгөн кызың болуп, ушинтип бирөө ала качып алса, анан үч-төрт күндөн кийин ал үйүнө качып келсе, сен эмне кылат элең?

– Барат элем да, сүйлөшмөкмүн,-деп Каймазар шыр жооп берди.

– Макул бардың. Ошондо эмнени сүйлөшмөкчүсүң? Кыздан эмнени сурамаксың?-деп такый баштадым.

– Баарын сурамакмын. Кантип ала качып алды? Үч-төрт күн кайда түнөдүң? Эмне себептен качып чыктың?

– Тазабы, таза эмеспи, ошону да сурамаксыңбы?– Бул суроомо Каймазар жооп айта албай, такала түштү.

– Антип сураш уят ко.

Мен эң башкы суроомду таштадым:

– Каймазар, эгерде ошол сенин сүйгөн кызың барган жеринде зордукталып, бирок ага карабастан сен деп качып келгенин айтса эмне демексиң?

— Ой, Кадыр, билбейм. Бул суроо дал мына өзүңө тийешелүү. Эсенбүбү ушинтип айтса эмне дээр элең?

Ушул жерге келгенде Каймазар экөөбүз тең шыр жооп таба албай, кыйшактадык. Чын эле Эсенбүбүгө жолуксам, ал: «Ушундай болуп калды. Зордоп абийириме кол салышты. Бирок сенсиз жашай албасымды билдим да, баса бердим»-деп көз жашын көл кылса, мен эмне демекмин? Эгерде чын эле зордуктап ала качып алып, күч менен кыз белгисинен ажыратса, анда кыздын күнөөсү жок. Баш кошуп алып жашай берсем болот. Бирок эл деген бар да. Эл ичинде оозуна алы жетпегендер толуп жатыр. Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болом да. Ошентип бул баш катырманын чечилишине Каймазар экөөбүздүн башыбыз жетпеди. Жагдайга карап көрөлүк дедик. Бир ыктуу учурду таап, Эсенбүбүгө жолукмак болдум. Эмнеси болсо да бир жагына чыгуу керек да. Көңүлүмдүн тереңинде: «Эгерде Эсенбүбү чын эле мен деп качып келсе, менин аны таштап койгонум болбойт» деген бекем ой турду. Онду бүтсө окууга кирип, экөөбүз тең көздөн далдаа Фрунзеге кетип калабыз. Бирок Эсенбүбүнүн мектепке барышы да күмөндөр. Советтик мектепте «бузулган» кыздардын окууга акысы барбы? Жок! Бирок канткен менен да Эсенбүбүгө болгон мендеги ысык сү-йүүнүн жалыны өчөр түрү жок. Макул десе баш кошуп алуудан кайра тартпай турган ой да көңүлүмдү уялап алды. Бирок окууга баруу ою баарынан басымдуулук кылып турду. Эмки жылы сөзсүз окууга барышым керек!

Каймазардын кеңеши менен Эсенбүбүнү сууга бараткан жолдо жолуктурмак болдук. Ооба, ал кезде түтүктөр жүргүзүлбөй, айыл ичинде суу жок, сууну эки чаканы эки башына илип, илгичти эки ийинге алмак-салмак салып, чоң суудан барып апкелишчү. Эсенбүбүлөрдүн көчөсү суудан бир жарым чакырымчалык алыс эле. Каймазардын айтымында көчөдөгүлөр сууга бешим ченде жөнөшөт экен. Каймазар өзү суу апкелип жүргөндүктөн сууга барган жеринен Эсенбүбүнүн те мурдатан эле көрүп жүрүптүр.

Каймазар эки чакасы менен илгичин ийнине асып, экөөбүз сууга барчу эл жүргөн жол менен болжолдуу маалда жөнөп калдык. Өзөнгө түшчү кашаттын башына барып, мен ала жүргөн эски волейбол тобун бири-бирибизге беришип, ойногон болдук. Көчө тараптан балдар, кыздар, келиндер болушуп суу тарапка өтүп жатышты.

– Тигине, келатат,-деди бир маалда Каймазар.-Мен сууга кете берейин. Сен өзүң жолугуп сүйлөш.

Каймазар кетти. Башын салып ойлонуңку басып Эсенбүбү келатты. Ал жакындаганда мени таанып, эмнегедир чоочугансып, кадамдарын жайлата түштү. Бирок токтобой, мени көздөй басыгын улантты. Жаныма келгенде шыр өтүп кетпей, башын салып токтой калды.

– Саламатпы, Эсенбүбү? — Ал жооп берген жок. Кү-нөөлүүдөй башын жерден албайт. Мен майдалатып отурбай, эң башкы суроомду бердим:

– Эсенбүбү, быйылкы күздө мектепке бара баштай-сыңбы?

Буга да жооп болбоду.

– Сен онду бүткөндөн кийин Фрунзеге бирге окууга барабыз деген бири-бирибизге берген убадаларыбыз бар эмеспи. Мен мына, дал бүгүнкү күнгө чейин ошол убада менен жашап келатам. Ошол убадага турабызбы?

Бутунун башы менен жер чиймелеп, буга да жооп жок.

– Айтчы, Эсенбүбү, мындан аркы турмушубуз эмне болот? Бир күйөө эмес, он күйөөдөн чыксаң да сенден күдөрүм үзүлбөйт. Ошону түшүнөсүңбү?-дедим кадыресе үнүмдү кызаңдата чыгарып.

Ушул ойду чын эле айтып жатасыңарбы дегенчелик, кыз көзүнүн үстү менен бир сырдуу мени суроолуу карады. Бирок баары бир үн катып бирдеме дебеди. Аңгыча көчө жактан сууга келаткан үч-төрт кыздын карааны көрүнүп, шаңкылдашып күлгөндөрү угулду.

– Минтип турганыбыз элге уят,-деди да, Эсенбүбү менден бөлүнүп, өзөндү көздөй жөнөй берди.

– Эсенбүбү, мындан ары жолугуша алабызбы?-дедим кыздын артынан ээрчий басып. Буга да жооп болбой, артын да карабай, Эсенбүбү кадамдарын тездетти.

– И-и, эмне болду? Сүйлөштүңөрбү?-деди Каймазар кайткан жолдо. Мен берген суроолорумду, Эсенбүбү үн катып жооп бербегенин толугу менен айтып өттүм.

– Кадыр, сен чыныңды айтчы. Эсенбүбүнүн бир кү-йөөдөн чыгып келиши сенин ага болгон сүйүүңдү өзгөртөбү? Эгер макул десе ага үйлөнөт белең?-деген суроону досум кабыргасынан койду.

– Каймазар, түз сурооңо түз жооп берейин. «Бир күйөө эмес, он күйөөдөн чыгып келсең да сенден күдөрүм үзүлбөйт» деп Эсенбүбүнүн өзүнө айттым. Бирок бүгүн эле үйлөнүп ала койоюн деген оюм жок. Эсенбүбү онду бүтсө, Фрунзеге бирге кетсек деген оюмдан кайтпайм.

– Анда эмесе күтүп туралы. Иштин жагдайын карап көрөлү,-деди Каймазар жай сөзгө келип.

* * *

Иш теңирдин тескерисинен айланды. Эсенбүбүнү окууга жеткизбей, көздөн далдаа, талас өрөөнүнүн Казахстан менен чектешкен, биздин айылдан эки жүз чакырымчалык алыс-тыкта жаткан айылдардын бириндеги аялы өлгөн бирөөгө кармата беришиптир. Бул кабарды да Каймазар досум айтып келди.

Ичимден солуктап мен калдым. Армансыз дүйнө жок дегендей, өмүрүмдөгү биринчи сүйүүм менен биротоло коштоштум. Ал эми убакыт деген көз ирмемге токтобой өтө берди. Июль айынын жагымдуу жумшак түнү, дүпүйгөн жалгыз түп карт алма, Арпа-Тектирдин кырынан адегенде кылайып көрүнүп, анан андан үзүлүп асман мейкинине сүзүп чыгып, өзүнүн көнүмүш сапарын улаган толукшуган Ай, сол жаагына Айдын аппак нуру чагылган Эсенбүбүнүн ала көлөкө жүзү, кумарым канбай аны өпкүлөгөнүм эсимден чыкпай, өмүр бою сакталып калды. Анан дагы: «Эмне үчүн Эсенбүбү биринчи барган жеринен качып келди эле? Ошентишинин анык себеби эмнеде?» деген суроо да уйгактай жабышып, артымдан калбай ээрчип келет.

Өпкөндөн башка күнөөм жок, ошол сүйгөн кызым менен жолугушкан айыл жеринин керемет түнү жөнүндө кийин «Ай нурунан кызганып» деген төмөнкү ырды жазып, ага обон чыгарып, комуз, домбуранын коштоосунда ырдап жүрөм.

Айланам бүт караңгыга көмүлдү,
    Ардемеден көңүл болот бөлүндү. 
    Ары жактан, тамдын бир жак бурчунан,
    Аңсап күткөн кыз карааны көрүндү.

Аяр басып кыз да келди жаныма,
    Апкаарыймын көрбөсө да өңүмдү.
    Аңгыча эле Арпа-Тектир кырынан,
    Алтын айдын аппак нуру төгүлдү.

Ай токтобойт сапар улап алгалап,
    Ары-бери шуу деп учат жарганат.
    Аппак сүттөй Ай нурунан кызганып,
    Айсулууну өөп жаттым аймалап.

Айлуу түндө аруу сезим төккөмүн,
    Алгачкы ирет кыз жүзүнөн өпкөмүн.
    Ал экөөбүз таң атканча туруппуз,
    Абайлабай убакыттын өткөнүн.

* * *

Ал эми: «Эсенбүбүнүн барган жеринен качып келге-нинин себеби эмнеде?» деген суроого өтө кеч, кырк беш жылдан кийин гана барып, алтымыштан өтө берген Эсенбүбүнүн өз оозунан жооп алдым.

Айылда үч жыл трактор айдап, 1960-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун механикалык факультетине барып кирип, аны беш жылдан кийин бүтүрүп чыгып, автомобиль транспорту боюнча инженер-механик деген адистик алып, ушул тармакта чейрек кылым эмгектендим. Көлдүк кызга үйлөндүм. Өнөрлөр жагынан Жараткандын мага көптөгөн энчиси бар экен, адистигим менен иштеген ишимди таштап, көп тармактуу чыгармачылык жагына биротоло ооп кеттим. Адегенде гонорар табыш үчүн кезиттерге макаларымды чыгарып, кийин аңгеме, повесть, ыр жазганга өттүм. Кара сөз, ыры болуп он чакты китеп чыгардым. Бала кезден чертип, бирок таштап койгон комузумду кайрадан колума алып, жаңы күүлөрдү чыгардым. Казактардын домбурасын да кармалап жүрүп, өзүмчө үйрөнүп алдым. Ага да күүлөр жараттым. Ырларыма обон чыгарып, комуз-домбуранын коштоосунда коңур үн менен ырдап жүрөм. Белгилүү көптөгөн инсандарга ырлар арнап, графика ыкмасы менен алардын сүрөттөрүн тартып чыктым. Майдалап жазылган тамаша-такмазаларым да бар. Музыкалык окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери менен адабий-музыкалык жолугу-шууларды өткөрүп жүрөм. Филармониянын кичи жана чоң залдарында көрүүчүлөргө адабий-музыкалык кечемди тартууладым. Кезеги келгенде телевидение аркылуу жалпы кыргыз элине акындык, музыкалык, сүрөтчүлүк өнөрлөрүмдү көрсөтүп келем. Бир тыйын албасам да, ушул кылган иштериме кадыресе каниет алып калам. Ал эми аялым болсо акча таппайсың деп кыңкыстайт.

* * *

Арадан аркырап жылдар өттү. Алтымыш бештин тамагын ичип жатам.

Июль айынын жагымдуу кечтеринин биринде райондук маданий үйүнүн концерт залында алтымыш беш жашка чыкканыма байланыштуу менин адабий-музыкалык кечем өттү. Эл залга толду. Микрофондон мындайыраак четте, катар коюлган сахнадагы орундуктарда ар кандай толгоолорго буралып, тизилип коюлган үч комузум, үч домбурам, бир мондалинамдын улам бирин алып, залдагы элге өзүмдүн музыкалык өнөрлөрүмдү тартууладым. Ырларымдан жатка окуп, тамашаларымдан айтып, эл көңүлүн ачтым. Шатырата колдор чабылды. Кеченин акырында гүлдөр, белектер тапшырышты. Эң акыры болуп, бир букет гүлүн көтөрүп, этеги узун көгүш көйнөгүнүн үстүнө өңүрлөрү саймаланып, жеңи жок кара бар-кут күрмө, башына ак шайы жоолук салынган, мага өңү тааныш өңдөнгөн аял сахнага чыгып келди да, гүлүн мага тапшырып:

– Тааныбай турасыңар го. Мен Эсенбүбүмүн да.-деди.

– Эсенбүбү? Биздин айылдык? Кара-Ойдон? Токто-сундун карындашы?

– Ооба. Дал өзү.

Эсенбүбү бурулуп, микрофондун алдына келди.

– Урматтуу туугандар! Атайылап мурдатан дайын-далган гүл берүүчүлөрдүн тизмесинде мен жок болсом керек. Кадыр Айтиевичтин адабий-маданий кечеси өтөрүн мурдатан билип, өзүмдүн айылдашым катары куттуктап жатканым. Эгерде силер уруксат берсеңер «Ай нурунан кызганып» деген ырын Кадыр Айтиевич дагы бир жолу кайталап ырдап койсо. Жаңылбасам ушул ырдын мага тиешеси бар. Ушундай эмеспи, Кадыр Айтиевич?

Мен күтүлбөгөн бул окуяга ыңгайсыздана күймөлө түштүм. Зал ичи жымжырт. Эсенбүбү берген суроого эл менден жооп күтүп жатат. Мен анын жанына жакындап, микрофондон:

– Ооба. Чын,-дедим эмнегедир күнөлүү өңдөнүп.

– Анда эмесе ырдаңыз!-деп залдан чыккан эркектин жоон коңур үнүн улап, зал ичи шатырата кол чаап жиберди.

Мен бул ырымды бүгүн комуздун коштоосунда ырдагам. Азыр болсо кыргыздын айтылуу музыкалык аспаптар устасы Сураган Айдыралиевдин мен үчүн атайылап оймолоп-чиймелеп кооздолуп жасалган домбурасын алып, Эсенбүбүнүн жанына келип турдум да, ыр алдындагы кайрыкты келтирип, анан ырды баштадым. Өзүмдүн сезишимче жанагыга караганда анча шашпай, бу саам ырды мукамын келтире ырдадым. Ырдап жатып, эргий калып, бирде Эсенбүбүгө жүз буруп, бирде залга карап ырдап жаттым. Ыр аяктады. Дүркүрөгөн кол чабуулардан зал жарылып кетпей араң тургансыды. Эсенбүбүнүн сахнага чыгып келиши, ырдын сөзүнүн маанисинен бул аял экөөбүз бир кезде таттуу сүйүшкөнүбүз зал ичине маалым болду.

– Горько! — деди капысынан залдан баягы күрүлдөк үн. Ага улап «Горьканы» бүт зал кайталады. Эсенбүбү экөөбүз «Эмне кылалы?» дегенчелик бири бирибизге кыйгач көз жибердик. Анан алтымыш бештеги көгала чач, көк мурут эркек менен карыган деп айтарлык эмес, алтымыштан жаңы эле өтө берген ак жуумал сулууча аял сүйүшүп жүрүп адашып, анан көп жылдардан кийин барып табышкандар өңдөнүп, сахнада өбүшүп турдук. Анан экөөбүз тең кадимки эле артисче баштарыбызды ийип, залга таазим көрсөттүк.

Алдыңкы катарда отургандардын арасынан он сегиз-жыйырмалардагы кыз колун көтөрүп, өйдө туруп:

– Менин суроом бар,-деп калды.

– Айта гой,-дедим мен эчтеме капарымда жок.

– Башында сүйүшсөңөр, анан эмнеге баш кошпой калдыңыздар?

– Кызым, аны айтып отурса сөз узак. Андан көрө бул туурасында мен бир аңгеме жазайын. Кийин окуп аларсыңар. Анын үстүнө мен билбегенди бу Эсенбүбү эжең билиши мүмкүн. Бүгүнкү жолукканыбыз жакшы болду. Экөөбүз сүйлөшүп, ошолорду тактап алайын. Андан кийин аңгемени жазганга киришейин. Эсенбүбү, ушуга макулсуңбу? Экөөбүз бир жай отуруп, жаш кезибизди эске түшүрөлү.

– Макул, макул. Билгенимди айтып берейин,— деди Эсенбүбү эмнегедир шашылгансып.

* * *

Кечеден кийин райондун акиминин социалдык жана маданий жактан орун басары, кырктардагы аял киши, маданий үйүнүн жетекчиси болуп иштеген отуздардагы жигит болуп, бир үйдө конок болдук. Акимдин орун басары: «Эже, сиз да жүрүңүз» деп ой-боюна койбой Эсенбүбүнүн кошо алып алды. Барган жерибиздин союлган козусунун эти бышып дапдаяр экен, бир саатча убакыт өткөндөн кийин бошондук. Эсенбүбүнүн жолдон үйүнө таштап коюп, андан ары облустун борборуна кетмек болуп, бизди коноктогон райондун чоңдору менен кош айтышып, жолго чыктык. Бул жакка келгенден бери машинамды айдатып алган жээн-күйөө балам Таабалды рулда. Эсенбүбү экөөбүз арткы орундукта жанаша келатабыз.

– Эсенбүбү, экөөбүз качан сүйлөшөбүз?-дедим үн катып.

– Мен да ошону ойлоп жатам. Эң ыктуусу биздин үйгө барып, чай ичип, жайма-жай сүйлөшүп отурганыбыз оң го дейм. Үйдө эч ким жок, жалгызмын.

– Мейли анда. Ошентели,-деп мен да макул болдум.

Эсенбүбүнүн көрсөтүүсү менен жүрүп отуруп, анын үйүнө жетип, бийик дарбазасын ачып, машинаны короого киргиздик. Өзүбүз да үйгө кирип, мейман тосуучу залындагы үстөлдүн тегерегинен орун алдык. Эсенбүбү газга чай коюп, үстөлдүн үстүнө нан-панын, май-сайын апкелип койо баштады. Жана эле жаш эт жеп, жаңы сорпо ичип, курсагыбыз кампайса да чайдан ууртап коюп отурдук.

– Тайке, Талас шаарына бүгүн кетебизби?-деп калды Таабалды. Мен эмнегедир буйдала түшүп, Эсенбүбүнү карадым.

– Түн жарымы болуп калды. Бүгүн түндөп кетүү менен эртең менен эртелеп кетүүнүн эч деле айрымасы жок. Бир уктап алып кетесиңер да,-деп бул маселени Эсенбүбү өз билгениндей чечип салды.

– Андай болсо мен жата турайынчы. Түндөп кетип калсак мени ойготуп койорсуңар. Уйкум аябай келип жатыр.

– Балдардын бөлмөсүнө төшөк салып берейин, — деп Эсенбүбү ордунан турду. Таабалды жатып, Эсенбүбү бир бөтөлкө арагы менен кошо кирди. Чайдан ууртап, арактан бир стопкадан алдык.

– Жалгыздыктан жабыркап, кезек-кезек мындан ууртап коймоюм бар, — деди Эсенбүбү бөтөлкөдөгү аракка көз кырын жиберип. — Арак деген азгырык дейт. Билбейм, бир күнү такыр эле башымды байлап алабы?

– Аны абайлаш керек. Эсиң бар жансың. Кыргызда «а» тамгасы менен башталган азгырык үч сөз бар: акча, арак, аял. Ошолордон сак болуш керек, — дедим бир сырдуу Эсенбүбүнү жылмая карап. — Эми, Эсенбүбү башка сөзгө өтөлү. Кана айтчы. Те илгери, сени кандайча зордоп келин кылып алышты? Үч-төрт күндөн кийин эмнеге качып келдиң? Мектепке барбай, дагы бирөө менен баш кошуп кеттиң?

Эсенбүбү куйган арактан дагы бирден алып, анан ал жай сөзгө өттү.

– Сөзүмдү каеринен баштасам?.. Өзүңөр деле билесиңер, биздин класста Эсенбек деген бала окучу. Экөөбүздүн аттарыбыз да, фамилияларыбыз да окшош. Ал-Эсенбек Абдраимов, мен-Эсенбүбү Абдраимова. Эмнегедир ал экөөбүз биринчи класстан бир партага отуруп калдык. Ошо бойдон жыл сайын бир партада отуруп жүрдүк. Көк-жашыл көзүнөн күлкү жайнаган, ыйманы ысык бала эле. Окууну орточо билчү. Эсенбекти мен бала кезимден жакшы көрүп калдым. Байкабаган балалык сүйүү экен. Улам бой тарткан сайын ынактыгыбыз күчөдү. «Улуу сөздө уят жок» дегендей, сегизинчини бүткөндө ал экөөбүз бир төшөктө жатып калдык. Ошентип мен, мектептин окуучу кызы, он бешке жетип-жетпей келин болдум. Эрте жетилгемби, Эсенбек менен төшөктө бирге бо-луу кумары мени дамамат азгырып турар эле. Жаштыгым го, ошондо боюма бүтүп калуу деген деги бир оюма келбептир. Кудай бир сактаган экен. Тогузунчуну бүткөн жылы Токтосун байкем силер менен бир трактордо иштеп калды. Анан силер биздикине келе калып жүрдүңөр. Бир кездеги мектептин отличник окуучусу, бул кандай жигит болду экен деп мен силерди сын көз менен карай баштадым. Ошондо силер Эсенбекке таптакыр окшобогон, жапжаш туруп, турмушка терең караган, трактор айдап, элдин оор жүгүн көтөрө билген, келечекке кең карап, байкемден консультация алып, окууга барууга камынып жүргөнүңөр мени таң калтыра баштады. Көрсө Эсенбектен башка дагы мен билбеген силерге окшогон келечектүү жигиттер бар турбайбы? Эл көзүнө кыз көрүнүп, этеги ачылып калган менин башка жигитти сүйүүгө акым бар беле, ошондо? Эсенбек экөөбүздүн ортобузда келечек туурасында сөз болчу эмес. Ал күнүмдүк майда-чүйдө бирдемелерди айтып күлдүргөн болчу. Анысына деле күлчү эмесмин. Биздин тукумду математиктер деп бекер айтышпайт. Ал эми менин байкашымча математиктер көп күлбөгөн токтоо адамдар болушат көрүнөт. Эсенбек жетинчи-сегизинчиде окуп жүргөндө эле бозо, кийин арак ичип жүрдү. Ооба, ошентип ургаачы болуп жаралып, экинчи эркекке, силерге көзүм түштү. Тогузунчуга көчкөн жайдан баштап, силердин мага алаксый калып жүргөнүңөрдү мен да байкап калдым. Аңгыча төрт куплет ыр жаздыңар. Ошол ыр жазылган барак ушул күнгө чейин сакталуу. Кокус жолугуп калсак силерге көрсөтүп каламбы деп чөнтөгүмө салып койдум эле,— деп Эсенбүбү бешментинин ич чөнтөгүнөн төрт бүктөм кагазды алып чыгып, алдына аярлап койду. — Ушул ырыңарды, мага арнап жазды эле деп, анча-мынча мактанып, кайсы бир обонго салып, ушундай бир отуруштарда ырдап коюп жүрөм. Ошондо ушул ырды менин ич дүйнөмө кирип чыккандай жазыпсыңар. Менин силерге көңүлүм бурулуп, бирок кыз курагым менен ажырашканым ичимден курттай жеп, көңүлүм чөгүп, кабагым түшүп жүргөнү чын болучу.

От болуп жанып көздөрүм,
    Өзүңдү келет көргүсү.
    Албырат жүрөк, албырат —
    Ал эмненин белгиси?

деген төртүнчү куплет менен мени сүйөрүңөрдү билдир-генсиңер. Анан бир жолу силер жолугушуп, сүйлөшсөк болот эле деп калдыңар. Бүгүнкү ырдаган ырыңардай, Айлуу түнү жолугуштук. Силер мени кумардануу менен өпкүлөп жаттыңар. Мен антип жооп бере алган жокмун. Анткени силердин алдыңарда Эсенбек менен бир төшөктө эр-аялча жатып жүргөн күнөөм бар эле. А силер болсо андан эч кабарыңар жок, мен онду бүткөндөн кийин бирге окууга бара турган бекем оюңарды айттыңар. Ал түнү биз коштошуп, төшөгүмө келип, көпкө ойлонуп жаттым. Көңүлүмдө бир гана суроо: «Мен ага(силерге) эмне дейм?» деген гана жалгыз суроо чийки май жегендей дыкыйып, көңүлүмдү иренжитти. Биздин улуу эжебиз бар болучу. Сүйүнбүбү. Жездем экөө тең математиктер. Чат-Базардагы орто мектепте сабак беришчү. Ошол эжеме бардым. Эсенбек менен болгон байланышымды, анан силердин мага сөз айтып жүргөнүңөрдү, Эсенбекти жерип, силерди сүйөрүмдү, онду бүткөндөн кийин силер менен бирге Фрунзеге окууга бирге бара турган болуп сүйлөш-көнүбүздү эжеме толугу менен айтып бердим. «Болор иш болуп, бойоосу канып калыптыр» дегенсип эжем урушкан жок. Өзү деле урушканды билбеген, токтоо аял болучу. Ойлонуп калды. Бир топко унчукпай отурду.

– Жок,-деди бир оокумда эжем оюнан ойгонуп. — Эсенбек менен болгон жакындыгыңды Кадыр билбеши керек. Мурдун тартканды билбеген бала менен байланышыңды билсе, анын ар-намысына катуу доо кетет. Сени менен баш кошкон күндө да, өмүр бою ичинен курттай жеп жүрүшү мүмкүн. Сенин күнөөңдөн эмес, башка бир себебин табышыбыз керек.

Эжем ушуларды айтып, кайрадан ойго түштү.

– Эмесе мындай кылабыз, — деди эжем кайрадан сөзүн улап. – «Эжесиникине барган жеринен Абдраимдин кызы Эсенбүбүнү бирөөлөр зордуктап ала качып алыптыр да, эч кимге билгизбей, үч күн-үч түн кармап, күйөөсү менен жаткызышып койгонуна карабастан кыз үйүнө качып келиптир» деген сөздү айылга таратабыз. Эгер Кадыр чындап сүйгөн болсо, сени кечирет. Кечирбеген күндө да, күч менен келин болгон деген эл ичинде сөз калат. Жездең болуп барып, деректирге айтып, мектепке кайра киргизип койобуз. Окуй бересиң. Онду бүткөндөн кийин Фрунзеге барып, өзүң каалап жүргөн медициналык институтка тапшырасың.

Эжемдин бул акылына жок деген да, бар деген да жокмун. Ошенткенибиздин акыры эмне менен бүтөрүнө ошондо көзүбүз жеткен эмес. Ошентип, мени бирөө зордуктап ала качып алган болуп, келин болуп калганыма карабастан айылга качып келгендей болдум. Сууга бараткан жолдо силер жолуктуңар. «Бир эмес, он күйөөдөн чыксаң да сенден күдөрүм үзүлбөйт» дегениңерди угуп, ичимден кубангам. Бирок анымды билгизген эмесмин. Анткени мектепке барып, окуур-окубасым али белгисиз болучу. Ал эми «Абдраимдин кызы Эсенбүбү бир күйөөгө тийип, качып келиптир» деген сөз тик турган шак бакалды өрт алгандай, эл ичине дуу деп таралып, укпаган кулак калган жок. Деректирибиз баш болгон бүт мугалимдерибизге чейин жетиптир. Убадасында туруп, мен айылга келгенден эки-үч күн өтпөй, эжем келип, деректирге кирип, мен жөнүндө айткан экен, а киши: «Күйөөгө тийип чыккандар мектепке кайра алынбайт эмеспи? — деп сыпаа кайра эжемдин өзүнө суроо таштаптыр. «Ала качып барганы гана болбосо, сиңдим таза эле бойдон», – деп эжем калп айтыптыр. «Жок, мен тобокелдикке бара албайм. Абдраимдин кызы бир күйөөгө тийип качып келиптир» деген сөз дүңгүрөп жатса. Районо менен акылдашып көрүшүм керек. Эртең август конференциясына катышканы районго барам. Ошондо сурай келем» дептир деректир. Деректир райондун тиешелүү бөлүмүнө кайрылган экен, кызды медициналык экспертизадан өткөрүп, таза болсо мектепке кайра алса болот деген кеңеш беришиптир. Эжем муну угуп: «Анда догдурдан өткөзсө өткөзөлү» деп оозу бош, деректирден чыгып кетиптир. Аңгыча Мырзабек байкем курорттон келип калды. Согуштун катышуучусу. А да математик. Биздин мектепте мугалим болуп турганда, мен туулган кырк экинчи жылы согушка кетип, кийин жарадар болуп кайтып келип, кайрадан өзүбүздүн мектепке орношуп, ошодон бери математикадан мугалим болуп иштеп келатат. Деректир Мырзабек байкемди кабинетине чакырып алып:

– Эсенбүбү карындашыңыз туурасындагы сөздү укту белеңиз?-дейт.

– Эмне сөз?!-дейт Мырзабек байкем дүрт этип. Анын кантузиясы бар деп жүрүшкөн.

Деректир мен туурасында Сүйүнбүбү эжемден ук-кандарынын баарын Мырзабек байкеме айтып бериптир. Аягында:

– Сүйүйнбүбү карындашыңызга айткам, догдурдан өтүп, кыздын тазалыгы жөнүндө кагаз апкелгиле деп. Ошо бойдон жок. Келе элек. Мырзаке, мүмкүн болсо Эсенбүбүнү башка мектепке которуп койсок жакшы болот эле. Ушуну бир ойлоп көрөлүчү. Биерде жүрүп окуусун улантса таза болгон күндө да, бет-кат болуп кыздын өзүнө эле жаман. Элге-журтка өзүбүз да сөзгө калабыз, — дейт.

Мырзабек байкем үйгө келип эле, райондогу үйүнө кете элек Сүйүнбүбү эжеме бир тийиптир:

– Силердикине барганда Эсенбүбүнү бирөө уурдап ала качып кеткени чынбы?

– Чын, — дейт эжем.

– Ким деген неме экен? Кимдин баласы экен? Кайсы айылдан? Мен барып туруп, аларды сотко берем, — дейт Мырзабек байкемдин ачуусу чындап келип.

– Эми аны чуулдатканда эмне? Кыздын башы туру го, — дейт эжем жымсалдатып.

– Окубайт биерге. Элге-журтка шерменде кылып. Алып кеткиле! Кулак угуп, көз көрбөгөн жакка алып кетип, окутуп алгыла!-дейт агамдын кантузиясы кармап. — Айттымбы, бүгүндөн баштап Эсенбүбүнүн көзүн көрбөйүн. Үйүңө алып кеткин. Бирок айтып койоюн, силердин мектепке да окубасын. Бир карыш жерде турабыз. Таластын бүт кушчу элине тарайт. Тетиги Грозныйда мугалим болуп иштеп жаткан Маржан эжебиздин баласынын колуна тапшыргыла. Ошол окутабы мектебине, эмне кылса ошо кылсын. Болду. Сөз бүттү! — деп Мырзабек байкем кубарып-кумсарып, эшикке чыгып кетет.

Эсенбүбү сөзүнүн ушул жерине келгенде токтоп, арактан куюштуруп, дагы бирден көтөрдүк. Ал сөзүн улады:

– Ошо. Ошо менен Сүйүнбүбү эжем мени өзү менен ала кетти. Грозныйдан Маржан эжебиздин баласы Тойчукулду чакыртып, эмне деп сүйлөшкөнүн билбейм, ошонун колуна салып беришти. Грозныйга бардык. Ата-энеси өлүп, бир үйдө жалгыз турат экен. Мен ушул жерден бир түшүнүк берип кетейинчи. Менин апам, бая силер үйгө келип жүргөндө көрүп калдыңар, үч эрге тийген аял. Анын жайы мындай. Абдыгул, Абдыжапар, Абдраим деген үч бир тууган болгон экен. Апабызга алды менен Абдыгул үйлөнөт. Бир эркек, бир кыздуу болушат. Эркеги согушка кетип дайынсыз. Кызы жанагы Маржан деп жаткан эжебиз. Абдыгул өлүп, апабызды Абдыжапарга алып беришет. Абдыгулдан калган эки баласынын башка Абдыжапардан апабыз дагы бир эркек, бир кыз төрөйт: Мырзабек байкем менен Сүйүнбүбү эжем деп жаткандар. Абдыжапар өлүп, апамды эми үч бир туугандын эң кичүүсү Абдраимге нике кыйышат. Абдраимден Токтосун, Аманбүбү, Эсенбүбү, Жеңишбүбү. Апам атамдан он беш жаштай улуу эле. Ошентип эң улуу эжебиз Маржандан туулган Тойчукул бизге жээн болот. Айтпадымбы, ал жалгыз бой турат экен деп. Сүйүнбүбү эжем эмне деп сүйлөшкөнүн билбейм, мени ал жердин мектебине деле беришкен жок. Эртең-бүрсүгүндөн окуу башталмак.

– А мен окууга барбаймбы?-дедим Тойчукулга.

– Барасың. Документтериңдин арасында бир кагазың жетпейт экен. Биздин деректир ошону алып келгиле деп жатыр, — деди ал эмнегедир эчтемеден капары жок өңдөнүп.

Биринчи сентябрь келип, окуу башталды. Бирок алиги кагаз келбей, мен мектептин босогосун аттабай калдым. Мектепке окуйт элем деп көгөргөн деле жокмун. Аял болуп алып, таза кыздардын арасында жүргөндөн өзүм деле уялдым. Ошентип Тойчукул эртең менен мектебине кетет. Бир үйдү ээлеп мен калам. Үй ичин шыпырып, Тойчукулга колумдан келген тамак-ашын даярдап койом. Эми Кадыке, сөздү узартпайын. Күлсө түйрүк эрди кулагына жеткен, көздөрү жылчыйып, бир сызык болуп көрүнгөн, кулактары калдагай, кууш чеке, отуздардагы жээнибиз Тойчукулдун аялы болуп калдым. Тагдырыма баш ийдим. Качып кетейин дедим. Качып кайда бармакмын? Өз үйүмө, Сүйүнбүбү эжемдикине бара албайм. Ошондо силерди ойлодум. «Бир эмес, он эрден чыксаң да сенден күдөрүм үзүлбөйт» деп айтканыңар эсиме түштү. Качып барсам, балким үйүңөргө кийирип алат белеңер, билбейм? Бирок мен силердин тагдырыңарга жолто болгум келген жок. Окусун дедим. Ошол. Ошо менен Тойчукулга аял болуп кала бердим. Облустун борборундагы медициналык окуу жайына киргизип, окутуп алды. Өмүр бою айылдагы ооруканада медсестра, кийин улук (старшая) медсестра болуп иштедим. Эки эркек, эки кыздуу болдук. Кыздарым чоңоюп, бири түрккө, бири англичанга турмушка чыгып кетишти. Иштери жок, бир балам орустарда, бири казактарда жүрүшөт. Күйөөмдүн өлгөнүнө бир топ жыл болуп калды. Пенсиядамын. Китептериңерди окуп, телевизордон көрүп, радиодон угуп, силер турасында жакшы эле кабардармын. Ушул адам бир кезде мени сүйгөн эле деп, өзүмчө сыймыктанам. Мына будан кылт этип алганда, тааныш курбуларыма силерди айтып мактанам. Анан жакында угуп калдым, силер облусту кыдырып, концерт берип жүрүптүр деп. Биздин районго келериңерди угуп, бир жагы кубансам, бир жагы толкундандым. «Эмне кылсам?» дедим ичимден. Анан бир букет гүлүмдү көтөрүнүп алып, мен да бардым клубка. Ошону менен моминтип бирге олтурабыз. Ке, эми Кадыке, дагы бирден алалык, (Алдык). Оокатым тың эле. Мал-салым бар. Үлүшкө тийген жерим бар. Малды бирөө-лөргө бактырып, үлүш жеримди арендага берип койом. Кыздарым, балдарым тыйынчака салып турушат. Карып баратканда бала-чакаңдын, небере-чөбөрөңдүн жаныңда жоктугунан өтөр кордук жок экен го бу дүйнөдө. Жалгыздык жанымды тилип, туз сээп жүрөт. — Эсенбүбү башын салып, бир саамга үндөбөй отуруп калды. — «Эсенбекке азгырылып, аны менен бир төшөккө жатып жүргөнүмдү билсе, Кадыр мени кечирет беле?» деген суроо өмүр бою мени менен жашап келет. Кадыр, айтчы, ушуга эмне деп жооп берет элең?-деди эмнегедир мындан мурда «силер» деп сылык сүйлөп жаткан Эсенбүбү биринчи жолу «сенге» өтүп.

– Эсенбүбү, эжеңер экөөңөр катуу жаңылгансыңар. Жаңылган эмес, акылыңардан адашкансыңар. Бүтүлүү буюм-ду бүлдүргөнсүңөр. Бактыңа балта чапкансыңар. Антип бир күйөөдөн чыкты деп дуулдатпай эле, мектептеги окууңду уланта берсең болмок. Сүйүү деген ошол бир эле кыз белги менен чектелип калбайт да. Билесиңби, түштүктөн Алымбек датка деген чыккан. Ошол аял болуп, бир кембагалдын алдында жатып жүргөнүн эрээн-төрөөн көрбөй эле, Курманжанга үйлөнгөн. Алымбектен балдарды төрөп, күйөөсү өлгөндөн кийин Курманжан датка Алайдын элин элүү жыл башкарган. Жаштык болду, мастык болду дегендей, эмне экен, өзүң менен бирге өскөн бала менен болуп коюпсуң. Кырк кызга тең келген кылыч миздүү жигиттер деле балалуу жубандар менен баш кошуп жүрүшөт. Макул, мен кечирбеген күндө да, сага окшогон жакшы окуган кыз орто мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайларынын бирине барып окумак. Балким андан ары улантып, илимдин кандидаты, доктору болмок. Билимдүү болуу бирден — бир бактылуулук. Жанагы бактыңа балта чаптыңар деп жатканымдын бир себеби ушул.

– Кадыке, мени чын эле сүйгөнүңө, бир кезде бирге болгон көз ирмем бактыбызды сактап, ыр жазып, обон чыгарып, өмүр бою эсиңе сактап жүргөнүңө ишендим. Рахмат. Атаң көрү десең. Ошондо эжем экөөбүз орду толбос иш кылган экенбиз.

– Эсенбүбү, менин бир ырымда:

Өткөн ишке орду толбос,
    Өкүнгөндөн не пайда.
    Өлгөн киши тирилбесе,
    Өкүргөндөн не пайда? —

деп жазылгандай, өттү-кетти бир заман. Кайрылып келбейт. Эми мен шопурумду ойготоюн да, жолго чыгайын.

– Эмне, кетейин дейсиңби? – деди Эсенбүбү эмнегедир селт эте, мени жалооруй карап. Мен бул караштан: «Кетпей эле койчу. Бүгүн мени менен эле калчы» деген жазууну даана окудум.

Кырк жылдан ашык бирге жашап келаткан никелүү аялым туруп, кайрымдуулугунда чек жок Улуу Жараткандын кечирерине ишенип, «тоодой күнөөгө» батып, көгала чач, алтымыш беш жашымда, алтымыштан жаңы эле өтө берген никебиз жок Эсенбүбү экөөбүз бардыгын унутуп, бир төшөктө түнөп чыктык.

23.02.2007.
АКШ, Мэриленд штаты

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 2655