Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Карала ат

“Карала ат” аңгемесинде кыргыздын Алмүрөк деген балбан жигити, ачтан өлгөнү жаткан казактын үй бүлөсүн аман алып калыш үчүн атын бир кап жүгөрү шакка алмаштырып, жартысын ошол үй бүлөгө берип, тигилерди өлүмдөн аман алып калганы айтылат.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Жакшы ат болсо мингениң,
    Жароокер болсо сүйгөнүң.

Токтогул

 

Казактын каңгыраган кең талаасындагы ээндикте, боз басып, кырлары көзгө бүлбүл чалдыккан Кыргыздын кырка тоосун бет алып, жалгыз салт атчан кетип баратат. Ысыктын күнүндө чымын-чиркейлер, көгөндөр ызылдашып, аттын жанын койбой, көзү-башына үймөлөктөшөт, жука чабысына чып жабыша калышат. Антсе да жүгөндүн ооздугун шалдырата, башын дембедем чулгуп, куйругун жан-жагына, чурайына шыйпаң уруп, кез-кезинде таноолорун быр-быр эткизе чылбыр-тизгини бош, өз эркине койгон карала аттын жүрүшү ыкчам.

Ат үстүндөгү адамдын кийгени: күндөн көзүн калкалап, чекесине түшкөн ак калпак, жону көөнөрө баштаган жүн жалаткан жеңил чапан, бутунда эски булгаары өтүк. Кыл чылбыр кокон ээрдин кашына оролуп, сол колундагы тизгин бошоң. Табылгы саптуу, тоо текенин моюн терисинен өрүлгөн он эки өрүм жоон камчысы оң колунда салаңдайт. Камчынын тоголдурулугу күмүштөн чабылган. Өрүмүн бүктөп чапса карт камандын башын жарып кетчүдөй. Бөктөрүнчөгү, анан бир жак канжыгасында таар баштыкта томпойгон бирдемеси бар.

Бул өзү казак менен кыргызга белгилүү, Таластын те баш жагынан чыккан кыржылык Алмүрөк деген балбан жигит. Алмүрөктүн алдында камчы салдырбай, ыкчам жү-рүшүнөн жазылбай, алчаңдай баскан Карала аттын даңкы Алмүрөктүкүнөн ашса ашат, кем эмес. Табына келген чагынан бери жарыштарда алдына ат сала элек. Эки жаат болуп көкбөрү тартышканда Караланы топко салдырышчу эмес. Алмүрөк четтей акмалап жүрчү. Топ жарылып, улактын четке чыгышын күтчү. Улакты өз жаатындагылар алып чыкса, Алмүрөк жандай салып, тиги атты сүрөөнгө алчу. Топтон мындай узай бергенде улакты өңөрчү да чү койчу. Карала жаныбар ат коюп жөнөгөндө берки тараптагылар: «Каралага тийди. Эми ага эч ким жетпейт. Жеткен күндө да Алмүрөктөн тартып ала албайт» дешип үмүттөрүн үзүшчү. Улакты берки жааттагылар алып чыккан күндө да, Алмүрөк Караласы менен буйтамга келтирбей жетчү да, наркы такымындагы улакты аттан артылып барып сууруп алчу. Айылдык ырчы Абыке Алмүрөктүн Караласын минтип мактаган экен:

Айныбас күлүк болгон дейт,
    Алманбеттин Сарала.
    Ат салдырбай алдына,
    Ашып келген маарага.
    Андан да өткөн даңкы бар,
    Азыркы заман тулпары —
    Алмүрөктүн Карала...

Эл ичинде сөз бар: «Карала болбосо Алмүрөк Алмүрөк болмок эмес, Алмүрөк болбосо Карала Карала болмок эмес».

Алмүрөк Караланын табын келтирип, жылтылдата минип жүрдү. Нечендер сат деп асылышты. Болгон жок. Эрдин кунун берели дешти. Болгон жок. «Карала уткан байгеден кур калгандан коркуп жатыр» дешти бир даарлар. Алардын бул жоромолу туура эмес. Эл күбө, Карала жеңген байгени бөлүп-бөлүп кетишчү. «Каралаң турганда байге дагы болот» дешчү. Алмүрөккө да бирдеме тийчү. Байге толук колума тийген жок деп деги бир капарына алчу эмес. Анын көңүлү атынын даңкы менен тоюп турчу. Көңүл ток болсо — курсак ток деген ошо. А дейбиз, бу дейбиз, кыскартып айтканда Алмүрөк Караласын жанынан да артык көрүп, эч кандай кырдаал аны Карала аттан ажырата алмак эмес. Кер ооздор: «Караласы өлсө, Алмүрөк артынан кошо өлөт» дешчү.

Ошо Караласын минип, Алмүрөк казактын Улуу Талаасында кетип баратат. Алдында Улуу Тоолор жатат. Ушул тоону ашып өтсө өз эли кыржылык кыргыздарга түшөт.

Таластык кыргыздар менен Чүйлүк казактар канатташ эл. Илгертен көчмөн эки элдин жайлоолору бир. Кыргыз тоолорун жайлашат. Кыдырып кымыз ичишет. Жаатташып оюн курушат: эңиш, күрөш, ат чабыш, кыз куумай, көкбөрү... Алмүрөктүн Караласынын даңкы дал ошол жыйындарда казактарга да билинген.

Бу эки элдин бөтөнчөлөнгөн деле айрымалары жок. Өң-жүзүнөн айрыма таппайсың. Алардагы айрыма казактар көз кыйыры жетпеген талааны мекендеп келишсе, кыргыздар аркайган тоо арасын түнөк-жай кылышкан. Домбуранын эки кылы болсо, комуздуку үчөө.

Эки эл илгертен кыз алышып, кыз беришип келишкен. Кыз апкелишсе кыргыз ичинде: «Капырай де, Шаршенбай келинди казактан алып келиптирби?» десе, казак ичинде: «Ойпырай де, Сарсенбай келинди кыргыздан акептирма?» дешет. Казактардын түшүн жоруп, кемпир болуп канча кыргыз кыздары казакта, казак тилин кыргызчага аралаш-тыра «чычканды» «тышкан» деп кыргызда кемпир болуп канча казак кыздары жүрөт.

Каатчылык жылдары эки эл бири-бирине ооп турган. Колдо болгонун бөлүп жешкен. Болбосо бирге кесеришкен. Бир элден экинчисине жетишке дарманы келбей, орто жолдо сөөктөрү жашырылбай калгандары канча? Жокчулуктун айынан чымындай жаны аман болсо болгону дешип, кыздарын колунда барларга таштап кете беришкен. Нысабы барлар өздөрүнө кыз кылып, өз теңдүүлөрүнө баш коштурган, нысапсыздар өздөрү токолдукка алышкан...

...Караласын минген Алмүрөк июль айы жаңы эле башталса да, бир тал эгин, бир тал чөп жок көз кыйыры жетпеген казактын боз талаасында кетип баратат. Үргүлөп баратабы, же күнгө чагылышып баратабы, кабагы бүркөлүп, көздөрү жумуңку. Алмүрөктүн ою он санаа. «Оо. Жараткан, артын жакшы кыла көр» деп ичинен тобо келтирет.

* * *

Журт башына жут келгени экинчи жылга айланды. Өткөн жылы жаз-жайы болуп бир тамчы жаан түшпөй, эгин, чөп-чар күйүп кетти. Кыш катуу болуп, мал кыргынга түштү. Колго жабышкак арык малдын этин жешти. Кермек даам болсо да, сулунун нанын татып, кара шакынын кара катык жармасын ичишти. Алар да түгөндү. Эл зарыга жазды күттү. Жаз да келип жыргаткан жок. Жаанчыл болду. Арты кардап кетип турду. Кош чыгарбай жүдөттү. Жутта мал элдин жанын сактай албайт экен. Жутта элди сактаган дан экен, нан экен. Муну эл түшүндү. Кошту эртелеп чыгаралы, бышыкчылык да эртелеп келсин дешти. Күн жаанчыл болуп, кош кеч чыгып калды. Ошондо Караласын баш кылып, бир сокодо Алмүрөк. Үрөң-бараңдан каш карайганга чейин кош артында жүргөнү. Этинен кеткен аттар жалгыз тиштүү сокону тарта албай, шапалактын ышкырыгынан калч-калч этип, бир орундан жылбайт. Төрт аттын ичинен жалгыз Карала гана сокону тартып жүргөнсүйт. Караласына Алмүрөктүн жаны кейийт.

Кош айдалып бүттү. Эгин кылтыйып чыккандан баштап, жаан жаабай, күн чакырайып туруп алды. «О, жараткан, бул эмне кылганың?» деп эл жанынан түңүлүп, жакаларын карманды. Түлөө өткөзмөк болушту. Мүлдө айылдан бычакка илинер мал чыкпады. Ошондо ушу Алмүрөктүн Караласына токтолушту. Кадыресе эти бар болучу. Алмүрөккө бул адегенде анчейин эле айтылган кептей көрүндү. Айылдагылардын молдосу баш болгон аттуу-баштуу деген карыялар келишти. «Э, айланайын жарыктыктар, Караладан башка мал жок бекен?» деди Алмүрөк кызаңдап. «Ошо жок үчүн келип отурабыз да. Сен эстүү жигитсиң. Жалгыз ат деп бүтүн эл кыры-лабызбы?» дешти карылар. «Караланы сойсок эле жамгыр төгүп жиберет бекен? Ошенте турганын билсем, өзүмдү курмандыкка чалат болучумун» деди Алмүрөк чындап ачуусу келип. «Башка мал деле бар. Бирок арык болуп жатыры. Арык малды шарыят көтөрбөйт» дейт молдо. «Кудайга эти керек эмес, жаны керек, ырымы керек. Те, илгерки бир заманда кудайга багыштап, мал эмес, адамды курмандыкка чалышкан. Ошондо кишинин семизин тандашкан эмес. Карала тирүү турса элдин керегине жарайт. Эң куру дегенде соко менен чийнеге салабыз» деп Алмүрөк карыларды беттетпей койду.

Ошо менен Карала аман калды. Эл жыйылып, арык болсо да бир кара мал аттууну мууздашып, кан чыгарышып, түлөө өткөзгөн болушту. Бирок Алмүрөккө окшогон эр-азаматтар ырайым тилеп, качан жамгыр жаайт деп акыйышып асманды тиктеп отурушкан жок. Эски арыктар оңдолуп, жаңылары чабылды. Алмүрөк суу башында болду. Карала-сынын үстүнөн күн-түн түшпөдү. Күндүз эле эмес, ай жары-гына салып түнкүсүн да сугарышты. Такымындагы кетменин сууруп, Алмүрөк сууга да кирип кетчү. «Эгин даны-элдин жаны» экенин ар кимге айтчу.

Кийинчерээк суу тийген эгин ой да бир көк шибер болуп кулпунуп чыкпайт бекен. Алмүрөк эми эгинге көз салат. Качан көрсөң Караласын минип, мал-сал түшүп кетпесин деп эгиндин чекелеринде жүргөнү.

Эгин көк-жашыл болуп, жуттан калган мал көккө тоюнган менен элдин курсагы ач, ооздорунан кара суу кете элек. Дагы деле болсо эптеп бир жактан бир чымчым талкан таап келүүнүн аракети.

Эл бирин-серин малы менен нары тоо этектей көчүшүп, жака ээн калганда Алмүрөк Караласын минип, Чүйдөгү меркилик казактарга келген. Биерде анын карачечекей жалгыз карындашы бар. Казактарга турмушка чыккан. Үч жылдан бери катыша элек. Ошо карындашына учурашып, ал-жайын билип, эми кайра өз эл-өз жерине кетип бараткан кези. Казак жери кең эмеспи, ылайыгы болуп калса, бышыкчылыкка жеткенче талкан-тулкан таап кетейин деген ой менен келген болучу. Казактар деле жыргап турбаптыр. Күйөөсү өлүп, биринин артынан бири удаа төрөлгөн чычкандай эки баласы менен жесир калган карындашы агасын ыйлап-сыктап узатты. Агасы менен кыргызга кетип калайын деп да ойлоду. Эки көзү көр, жетимиштеги кайненесин кыя алган жок. Жарым жан му-сапыр карыны таштап кетүү адамгерчилик эмес ко. Муну Алмүрөк да, карындашы да түшүндү. Байкуш кемпир сокур көздөрүнөн жашын агызып Алмүрөккө: «Мен көрөр күнүмдү көрдүм, ичер суумду ичтим. Жарамсыз сокур кемпирдин момундай заманда кимге кереги бар, ашка жүк, башка жүк болуп. Карындашыңды, кичинекей казак  жээндериң менен алып кет. Казак-кыргыздын тукуму улансын» деди. Кемпирдин айткандарынын жөнү бардыр. Бирок андай кылууга болбойт. Кемпирди жалгыз таштап кетүү деген анын башын баталгыга салып бергенден эч айрымасы жок эле да. Алмүрөк ошо жердеги казак тааныштарынан сурамжылап чогулткан эки буттай арпадан бир чөйчөк гана бадырак куурутуп алып, калганын карындашына калтырып, бүгүн таң эртең менен аттанып чыккан. Азыр Караланын үстүндө келатып, Алмүрөктүн эки оюнун бири эле-эл эптеп бышыкчылыкка жетсе.

Күн түшкө жакындаганда талаа бүтүп, Алмүрөк Чөңөр ашуусуна кетчү кенен коктуну өрдөй, тоо таяна берди. Аттын белин суутмакка аттан жерге түштү. Бир-эки чалдырып алмакка Караланын ооздугун чыгарды. Өзү жерге көчүк басып, Чүй тарапка сереп салды. Кылкылдаган кең талаанын учу-кыйырына көз жетпейт. Улам арылаган сайын боз чалып, жер менен асман чеги айрымаланбайт. Өнө бою тоо арасында жүргөн Алмүрөк дүйнөнүн мынчалык кең экенине назарын салган эмес экен. Анын оюна булар кетти: “Дүйнөнүн кеңдигинин кимге кереги бар, каткан чокоюң жаныңды кейитип, бутуңду кысып турганда. Казак талаасынын кеңдигинин кимге кереги бар, бир тоголок дан табылбай, оозуңдан кара суу келип турганда. Капырай, ушунча жерге эгин эксе, түшүмү тимеле тоо болбойбу? Казак-кыргыз мал артынан жүрүп, эгиндин баркын билбейт экенбиз».

Алмүрөк кайра аттанды. Коктуну өрдөп, өйдөлөй түшкөндө, оң жактагы жылганын оозунда турган жалгыз боз үй Алмүрөктүн көзүнө урунду. Чет-чекеде мал-салдын карааны көрүнбөйт. Үрүп чыккан ит да жок. Алмүрөк аттын башын үй жакка бурду. Кыялай бастырып, үйдүн жанына келди. Түндүк жабылуу, түрүлгөн эшиктен үй ичи үңүрөйүп караңгы. Адам аттуу барбы-жокпу, билинбейт.

Алмүрөк аттан түшүп, чылбырын кырчоого илип, үйгө баш бакты. Эр жигит болсо да үй ичиндеги көрүнүштөн Алмүрөктүн бүткөн бою таманынан куйкасына чейин дүркүрөп чыкты. Чакалайдын чак түшүндө үйдө болгон адам аттуулардын баары өлүү-тирүүсү билинбей, төшөктө жуушап калышкандай. Сол капталда карыя киши чалкасынан жатат. Үстүнө жамынганы эски чапан. Чөйчөгү үңүрөйгөн өлүмтүк көздөрү түндүктү тиктейт. Төрдө бири бирине катарлаш, баштарын жүк жакка келтирген үч-төрт бала. Оң жакта бүкүлү бойдон, башын оң колуна жаздап, бутун бүгүп коюп, кемпир жатат.

– Ассалоому алейкум!

Үргүлөп жаткан кемпир Алмүрөктүн үнүнөн чоочуп кетип, селт эте башын силкип алды. Чалдын көзү гана кыймылдап, муруту өсүп, оозун жапкандыктан алик алганы-албаганы билинбеди. Балдардын чачтары өскөн баштары да кыймылга келип, бул үйдө тирүүлүктүн жышааны бар сыяктанды. Кемпир өйдө болуп, жоолугун оңдоп:

– Келгиле, келгиле. Биякка өткүлө,-деп эпеңдеп, төр жакты, чал менен балдардын ортосундагы ачык жерди көрсөтө берди. Алмүрөк өйдө өтүп отурду да, чалга назарын салды. Чал өтө эле жайбаракат кыймылдап, кемпири кол кабыш кылып, башын көтөрүп отурду. Кемпир да жанагы жаткан жерине көчүк басты. Болжолу төрт-беш жаштан он жашка чейинки го, тизилип жаткан төрт баланын жылтыраган көздөрү Алмүрөктү кызыга карай жалдырады.

– И, балам, жөн-жайыңды айта отур,-деди чал казакча, оңдонуп болгондон кийин, үнү кыңылдап араң эле чыгып. Алмүрөк казактардагы карындашын көрүп, эми кыргызга кайтып баратканын кыскача баян этти.

– И-и де. — Чал бирдемелерди ойлонгонсуп, башын жерге салды. Бир топтон кийин барып кемпирине:

– Жолоочу экен. Эмне тамагың бар. Апкел, — деди. Кемпир адегенде күймөлө калып, анан кыбырап өйдө болуп, Алмүрөктүн алдына кадыресе тасмал жайып, чоң кара аякка суудан куюп, суна берди. Алмүрөк кесени колуна алып, шек алдырбастан туруп, шак жутуп жиберди. Кесени жерге коюп, мурутун сылады. Кабагы салыңкы ойлоно отуруп калды. Бул үйдөгүлөр ооздоруна наар албай, кесерип ачка жатышкан-дарын ал айттырбастан түшүндү.

– Э-э, балам, башыбызга ушундай күн түштү,-деп карыя үңкүйүп отурган калыбында, сураттырбай кебин баштады...

Бирин-экин малы менен эки үй-бүлө жазында ушул жерге жайлоолоп көчүп келишиптир. Бир үйдө чал-кемпир, баласы, келини, алардын балдар-кыздары болуп, он эки жан экен. Анан эле мындан азыраак күн илгери ич келте баласын, келинин, неберелеринин төртөөн жалмап кетиптир. Коңшусу көчө качыптыр.

– Келте кайтты. Аларын алып тынды. Бирок калган-дарыбыз моминтип ачтан кырылганы олтурабыз. Беш күн болду оозубузга наар ала элекпиз. Кемпир экөөбүз өлсөк мейли эле. Балдардын шору ката турган болду, — деди да, чал кежигеси кержейген башын жерге сала мүңкүрөй отуруп калды. Арык ийиндери солк-солк дей түштү. Нарытан кемпири бышактап, жыртак көздөрүн жоолугунун учу менен сүртүндү.

Алмүрөк эми тизилип жаткан балдарга назарын салды. Чалкасынан, кырынан жаткан балдардын ырбыйган арык кебетелери жапырт ага бурулуп, тирүүлүктүн жышаанын билгизген жалгыз гана жылтыраган көздөрүндө: «Байкетай, нан берсең» дегенди окуду. Алмүрөк өмүрүндө эч кимден жалтанып көргөн эмес. Азыр балдардын үлдүрөп нуру өчө баштаган көздөрүнөн жалтанып кетти. Аны өмүрүндө эчтеме коркута алган эмес. Өз башына ажал келген учурда да жүрөгү солк этип койбогон. Бирок мынабу үйдөгү көрүнүш анын бүткөн боюн дүркүрөтүп, каңырыгын түтөттү. Босогонун ары жагынан арбактай болуп, ажал көрүнгөнсүдү. Өмүрүндө айласы кетип көргөн жан эмес эле. Азыр канткенде мынабу бечара балдардын курсагын тойгузуп, бөөдө өлүмдөн алып каларын билбей, айласы кетип отурду. Караланы союп таштап кетсемби деп чын дилинен кыяз кылды. Бирок жылкынын эти бир-эки эле жегенге болбосо, узак мөөнөткө тамак болуп бербейт. Жайдын ысыгында этти асыраш да кыйын. Караланын эти менен бышыкчылыкка жетишпейт. Эмне кылуу керек? Ошондо Алмүрөктүн башына бир ой келди. Мындан башка айла жок...

Алмүрөк ордунан шарт туруп тышка чыкты. Кан-жыгасындагы баштыгын чечип, андагы арпа бадыракты, эки көмөч нанды алып чыгып, кемпирдин алдына койду.

– Мобу менен эптеп өзөк жалгап тургула. Мен кайра Меркиге барып келейин. Бирдеме таап кайтармын,-деди Алмүрөк кадимки кайратына келип.-Балдардын өзөгүнө түшүп кетпесин. Нандан бир аз гана өзөк жалгатыңыз. Бадыракты жаргылчакка тартып жиберип, жарма жасап бериңиз.

Алмүрөк ошо менен Караласынын жонун биртике болсо да сергитпей, Меркини көздөй чаап жөнөдү. Тимеле жарышка салгандай чапты. Тоодо жүрүп көнгөн жаныбар коктунун таманы менен ылдый куюлуп түштү. Түздөн ээсинин бир маанилүү иш менен шашып баратканын сезгендей жаныбар Карала кулагын жапыра, жал-куйругун төгүлтүп, суналып бир жөнөп берди дейсиң, беттен урган керимселден Алмүрөктүн эки көзү улам балбылдап жашка толуп, ирмеп жиберген сайын бети ылдый кулап, көкүрөгүнө жамгыр болуп таамп жатты. Көз жаштын чыгышына эми элеки үрөйдү учурган көрүнүштүн ызасы да кошул-ташыл.

Жут башталганына эки жылга айланып баратат. Ча-была элек Карала байгеге түшкөнсүп, өзүнүн көлөкөсү менен өзү жарышып, тимеле безип баратты. Кайран ат азыр барып, бир кап жүгөрү шакка алмашыларын, бул ээсинен ажырап, башка бирөөнүн колуна өтөрүн, дал ошон үчүн шашып баратканын билди бекен? Билсе ушинтип жанын сабап чуркайт беле?

Ушул эле күнү келип, Алмүрөк өз жанынан артык көргөн күлүк атын ары карап ыйлап, бери карап күлүп дегендей бир кап жүгөрү шакка алмашты да, анын эртеси үрөң-бараңда үч буттайын колтурмачтап жонуна көтөрүп жолго чыкты. Көтөрүшүнчө алды, калганын карындашыныкына калтырды. Өзү жөө, жол алыс. Ачтан өлгөн жаткандарга эрте жетүү керек.

Алмүрөк элге балбан атыккан менен мүчөсү алп-тардыкындай эмес. Бою чарчы, бирок далысы кенен, жоон билектери сом темирдей. Балбан болуп жөө күрөшкө түшүп көргөн эмес, бирок ат үстүндөгү оодарышта казак-кыргыздан эч кимге алдыра элек. Ат үстүндө даңкы чыккан отуздагы кыргыз жигити азыр үч бут жүгөрү шакка ныгыра басылып, казактын ээн талаасында кыргыздын кырка тоосун бет алып, илээлей жөө кетип баратат.

Жүктүн салмагы Алмүрөккө адегенде анчалык сезилген жок. Бирок бара-бара жүгөрү шак эмей эле, кум көтөргөнсүп, оордогондон оордой берди. Жүктүн ордугун адегенде анын буттары сезди. Ат үстүндө көп жүрүп, буттарындагы каруу анчалык эмес экен. Дегинкисин айтканда ушул жашка келгени мынчалык оор жүк көтөрүп алыска баскан эмес. Канчалык карылуу болсо да, узак жолдо үч бут дегениң итапкандай эле оор жүк экен.

Ысыктын күнүндө, суусу жок ээн талаа-эрме чөлдө жүк көтөрүнгөн Алмүрөктүн жолдо көргөн азабынын бетин ары кылсын. Буттары, бели, жону уюйт. Дарманы кетип, жаны жер тартат. Оозу кургап, тили колдурайт. Кабын дөңчөгө коюп, колтурмачын чыгарып, жерге суналып жата кетет. Кайра жөнөйт илээлеп. Алмүрөктүн шашып жаткан дагы бир себеби, караңгы киргенче алиги үйгө жетип калуу керек. Түнгө калса ит-кушка жем болоруна шек жок. Анан калса жокчулукта ит-кушуң да күч алып кетет экен, колуңдагы жемиңди кошо талашып.

Жайдын узун күнүндө үрөң-бараңда чыккан Алмүрөк күүгүм кире жетер жерине жетти. Жонундагы шак салынган кабын үйгө сүйөй берип, өзү да жылбышып ылдый болуп, колтурмачтан колдорун чыгарууга шайы келбей, буттарын сунуп жиберген бойдон, башын шылк дегизе, көзүн жуумп, шалдайып отуруп калды. Чын жеттимби-калп жеттимби деп келгенине анча ишенбеди.

Жанын биртике сеп алдырып, Алмүрөк көзүн ачканда кечээ күнү таштап кеткен бадыракты жаргылчакка тартып, кара катык болсо да ысык жарма ичишип, өзөктөрүнө бирдеме барып баш көтөрүшкөн, илмейип сүлдөрү эле калган балдар менен чал-кемпир анын маңдайында жардашып карап турушкан эле.

– Ана, ана, агай көзүн ачты,-деди сегиз жашар кыздын үтүрөйгөн кабагы ачыла берип. Алмүрөк балдарга бир сыйра көз жүгүртүп чыкты. Үмүт менен кубаныч, айоо менен таң калуу жык толгон көздөр ирмелбей, Алмүрөктү тиктейт. Кемпирдин да жыртак көздөрүнө жан кирип:

– Ооба, ооба, көзүн ачты. Чарчаган го,-деди кызга жооп кылгансып.

Алмүрөк адегенде чал менен баш ийкешип, ооз учунан учурашкан болду. Алты жашар чамасындагы тармал чач кыз катардан суурулуп чыгып:

– Мунуң эмне? — деди илмейген ичке колун капка тийгизе берип. Так эле маңдайында жакын турган кызга Алмүрөк эми алсыз жылмая назарын салды.

– Эмне болмок эле? Жей турган бирдеңке. Силерге апкелдим, — деди кыздын башынан сылап.

– Уулум, атың кана? — деп сурады чал.

– Каптагы жүгөрүнүн шагы. Атымды алты бут шакка айрыбаштадым. Жартысын силерге апкелдим. Калганын карындашыма бердим.

Карыя бирдеме дейин деп, бирок ошо оозун ачкан бойдон жигитти далдырай карап тура берди.

Алмүрөк колтурмачтан колун чыгарып, буттарын алдына тартып, өйдө болмокко эңкейе берди эле, бели менен жону коргошундай уюп, кыймылдаса сыздап ооруп, турууга чамасы келбеди. Чалынан көрө тыңыраак кемпир колдон алып, турууга көмөк көрсөтүп жиберди. Алмүрөк кызуулук менен жонунун колдоюп ооруганына карабай өйдө болду. Эртеден бери жонунан түшпөй, эми жүктөн арылган дене-бою Алмүрөк-кө эбелектей жеңил сезилип, буттарына таканчыктап секирсе эле учуп кете тургандай көрүндү. Ал ордунан турарын турду, бирок жон омурткасы колдоюп оорутуп боюн түзөтпөй койду. Күч менен кейкейе берип, бирок ооруганына чыдабай онтоп жиберди да, кайра бүкүрөйө башын төмөн салып, эңкейүүгө аргасыз болду. Ушул калыбында эки-үч кадам шилтеп көрдү. Бул саам анчалык ооруткан жок. Жонун ошо үңкүйткөн калыбында аяктарын элдир-селдир таштап, берки тургандардан оолактай четке басты...

Анын эртесинде жолдон жегенге жүгөрүнүн шагынан жасалган сагара нан салынган баштыгын жонуна илип, колуна четин таяк алган Алмүрөк:

– Кош болгула. Эптеп бышыкчылыкка илинип алсаңар мал болуп кетесиңер. Көрдүм. Чүйдө быйыл эгин жакшы. Бир кылка баш алып келатыптыр. Анан айылдагыларга силер жөнүндө айттым. Ат-көлүк камдап эки-үч күндүн ичинде келип көчүрүп кетише турган болду,-деди чал менен кемпирге.

– Эмне дейлик. Уулум, сага эч бир алкыш чак келбейт. Аргымак атыңдан айрылып... Жолуң ачылсын. Көргө кир-генче аманчылыгыңды тилеп өтөбүз. Башка эмне дейлик. Казактар жакка дагы каттап калсаң кайрылып тур, – деп чал аты-жөнүн, кайсы уруудан экенин айтып берди. Бирдеме деп айтышпаганы менен алтыдан он эки жашка чейинки төрт кыздын капкара көздөрү ыраазы боло тегиз жылтырап Алмүрөккө тигилет.

Ошентип, Алмүрөк үрөң-бараңда жөө-жалаңдап жолго чыкты. Коктудан кокту өрдөп, белестен белести ашып, тынбай жүрүп отуруп, кеч бешимде Кара-Кыштактын белин ашып, туулуп өскөн жери Караколдун кенен түзү, андагы тилке-тилке көк-жашыл эгин аянттары бет алдына тартыла берди...

Алмүрөк экинчи ат таптап минбеди. Эгин эгип, дый-канчылыктын артынан түштү.

Кийинки байкерчилик жылдары Караланын аты кайра дүңгүрөп, казактардагы нечен чабыштардагы байгелерди жеңип алыптыр деген даңазалуу кабарлар таластын жогорку элине чейин жетип турду. Алмүрөктүн буга ичи ачышкан жок, кайра кубанды. Баягы өзү Караласын жүгөрүнүн шагына алмашып, ачкалык өлүмдөн сактап калган капкара көздөрү жылтыраган төрт кыздын жетим балдар үйүндө тарбияланышып чоңоюшканын, алардын бири кийин булбул үндүү казактын атактуу ырчы кызы болгонун гана Алмүрөк билбей калды.

 1984-жыл

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 3359