Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Эгиздер

“Эгиздер” аңгемесинде орус шопурдун машинасынын кабинасында кыргыз келиндин төрөшү, каны көп кетип, жолдо каза болушу, ошол күнү төрөлгөн шопурдун келинчеги Галинанын бир жак эмчегин кыргыз баласынын эмиши, кийин орус баласы Саша менен кыргыз баласы Жолдубектин бир үйдө эгиздей болуп чоңоюшу көрсөтүлгөн.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Кыргызда энелери
    бөлөк эмчектештерди  
    да эгиздер деп коюшат.

 

Командировкада жүрөм. Балыкчыдагы иштеримди бүтүрүп, андан ары Нарын тарапка жөнөмөк болуп, саат он экилер ченде автобекетке келсем, бүгүнкү кетүүчү автобус-тардын бардыгына белеттер сатылып кетиптир. Автомобиль транспорту жана шоссе жолдор министрлигинде иштээрим да бүгүнкү автобустардан бир орун табууга жардам бербеди. Жакында эле өзүбүз шаар аралык эл ташуучу автобустарга тиешелүү орундардан ашык жүргүнчү алууга катуу тыюу салганбыз. Айла жок. Тартипти өзүң бузмаксыңбы? Кассир аял: «Автобус менен барам десеңиз бүгүн кете албайсыз. Шашып турган болсоңуз жолдон машина тосуңуз. Чубактай каттайт. Биринин кабинасына отурасыз да кетип каласыз» деди. На-рынга түн болсо да бүгүн жетип алсам болот эле. Эртең менен эртелеп ишимди баштамакмын.

Кассир аялдын сөзүн жөн көрдүм да, чоң портфелимди сүйрөлтө кармап, Балыкчынын май куюучу бекетине басып бардым. Эки-үч шопурга кайрылсам Нарын тарапка барбайбыз дешти. Нары четте артына прицеп чиркеген бензин ташуучу МАЗ турган экен, жанына басып бардым. Эмнегедир шопуру көрүнбөйт. Кабинада он-он бирлердеги бала отуруптур.

– Эй, жигит, машина кайда барат? — деп сурадым баладан.

– Ат-Башыга, -деди бала ойноок көздөрүн мага жиберип.

– Шопуру кайда?

– Машинага май куюп жүрөт. Тигине, өзү да келатат.

Ары жактан колуна челек кармаган, болжолу кырктардан жаңы эле ашкан, узун бойлуу деп айтарлык, суйдаң сары чачтуу орус киши басып келди.

– Здравствуйте! — орусча салам бердим.

– Здравствуйте.

– До Нарына возьмете?

– Хорошо, — шопур күймөлбөстөн жооп берди. — Сейчас долью масло в картер, а потом поедем. — Анан ал майды картерге куюп, челекти ары алып кетти да, кайра тез эле кайтты.

Биз жолго чыктык. Мен кабинанын оң жак четинде, бала ортобузга жайланышты. Көпкө унчугушпай жүрүп отурдук. Анан мен тиги кичинекей бала менен маектеше кеттим

– Э, жигит, атың ким?

– Жолдубек.

– Кайда баратасың?

– Кочкорго.

– Аякта эмнең бар?

– Үйгө баратам. Таенем бар.

– Балыкчыга кимдикине келдиң эле?

– Шуриктердикине.

– А Шуригиң ким?

Бала эмне дээрин билбей, шопурду карады.

– Ал менин уулум. Жолдубектин досу болот. – Жанатан бери унчукпай келаткан шопур кыргызча таптак сүйлөп сөзгө аралашты. Ал токтоо күлүмсүрөп, оң колу менен баланын башынан сылап койду. Анан көзүн жолдун нугуна жиберип, сабыры сузураак кошумчалады. — Ал экөөн эгиз деп койсок да жаңылышпайбыз. Бир күндө төрөлүшүп, бир эненин сүтүнөн оозанышкан, — деди шопур сөзүнүн аягын эмнегедир табышмактантып.

Балким шопур сөзгө аралашпаганда бала экөөбүздүн ортобуздагы сүйлөшүү улана берет беле? Эми унчугушпай калдык. Бирок шопурдун сөзү мага табышмак бойдон кала берди. Сурайын деп негедир оозум барбады. Бир күнү туулушуп, бир эненин сүтү менен оозанышкандары эмнеси?..

Аңгыча Кочкорго да кирип келдик. Шопур маши-насын кыштактын борборунан өткүзө айдап барып, ары четирээкте үстүн шиферлетип жаптырган чакан үйдүн жанына барып токтотту. Моторун өчүрүп, ачкычын чөнтөгүнө салып жатып:

– Мына, Жолдубек, үйүңө да келдиң. Бар эми, бара кой, — деди. Анан ал мага кайрылды. — Биз да түшүп, кемпирдин жармасынан жутуп чыкпайлыбы?

Анчалык суусабасам деле дароо макул болдум. Балким үйгө кирип чыгуу мынабу бейтааныш шопурдун табышмактуу сөзүнүн сырын ачууга жардамы тийер.

Короонун ичине кире бергенде бизди эткээлинен келген балпайган байбиче тосуп алды.

– И-и, балакетиңди алайын. Келип калдыңбы? — деп кемпир адегенде жалынып, баланын маңдайынан өптү. Анан шопурга кайрылды.

– Кагылайын, Иван балам. Кандай турасыңар? — Бул ким болуп кетти деп, кемпир бир саамга бүшүркөй карап туруп, мени менен да учурашты.

Биз үйгө кирип, ары төргө өтпөй, жапыз тегерек үстөлдүн айланасындагы чакан отургучтарга көчүк бастык.

Жолдубек колундагы аны-пуну салынган толтура тор баштыгын кемпирге берип жатып:

– Галя жеңем берип жиберди. Индийский чай да бар, — деди. Кемпир тор баштыкты мындай четке койо берип:

– Чай ичип кеткиле, чай коюп жиберейин, — деп күйпөлөктөдү.

– Жок, жок, апа. Мен шашып жатам. Ат-Башыга баратам. Балыкчыдан бүгүн кечирээк чыгып калдым. Андан көрө жармаңыздан болсо. — Шопур кичи пейил каршы болду.

– Качан болсо да ушу. Шашып жүрөсүң. — Кемпир ордунан туруп жатып күңкүлдөп койду.

Көбүргөн жармадан бир аяктан жуттук да, жолго чыктык. Жөнөөрүбүздө Жолдубек келип шопурга:

– Иван байке, кайра кетип баратканыңызда кайрыла кетиңиз. Шурикке бирдеме берип жиберем. Аркардын чүкөсүн, — деди да, колун булгалап, биз узаганча ордунан жылбай турду.

Бир кесе жарма ичип чыгам деп, кантсе да мынабу шопур менен Кочкордо калган Жолдубек деген баланын ортосунда, жеке эле экөө эмес алардын үй-бүлөлөрүнүн ортосунда кандайдыр бир жакшы мамиле, жылуу мээрим бар экенин баамдадым.

– Эгерде каршы болбосоңуз бу узак жолдо таанышып албайлыбы?-деп мен шопурга өз оюмду билдирдим.-Фамилиям Айтиев, атым Кадыр.

– Ложников Иван Тимофеевич.

Бир саамга унчугушпай калдык.

– Иван Тимофеевич, жанагы Кочкордо калган бала менен өзүңүздүн баланы эгиз десек да болот дедиңиз. Ошонун чоо-жайын айтып бербейсизби? — Жанатан бери жүрөгүмдү өйүп келаткан суроону бердим. Ал бүркүт кабагын мага бир жиберип алып, жылмайгансып койду. Анан жүзүн жолдун нугуна багыттап, ойлонгонсуп калды. Анын саргыч жүзү кубаргансып, чечектен калган жаагындагы майда тегерек тактар даана көрүндү. Шопур шашпай аңгемесин баштады.

– Ал окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде турат. Балыкчыда турганыма жыйырма эки жыл болду. Ошо жыйырма эки жыл бою шопур болуп келатам. Адегенде керек-жарак коомунунун автобазасында жүрдүм. Болжолу беш-алты жылча иштедим го. Анан «Автовнештранска» которулдум. Ошодон бери ошиердемин. Бул окуя миң тогуз жүз алтымышынчы жылдын август айынын онунда болду. Ал күндүн эсимде сакталып калганы, ошол күнү улуу балам Шурик, анан жана биз менен Кочкорго чейин келген бала Жолдубек жарык дүйнөгө келишкен. Ону күнү ал экөөнүн он жашка толгонун белгиледик. Ошол күнү Кытай менен болгон чек арага бензин жеткизип, Балыкчыга кайтып келаткам. Жолдо эч жерге токтобой, мүмкүн болушунча машинамды тез айдадым. Анда бу МАЗдар келе элек. ЗИЛ-164 маркасындагы машина. Шашканымдан кабинама да киши албадым. Ал кезде автобустар мынчалык эмес. Жүргүн-чүлөрдүн көпчүлүгү сизге окшоп жолдо бараткан машиналарга жабышып, барар жерлерине жетип алышчу. Шашканымдын себеби мен Балыкчыдан чыгаар күнү боюнда бар аялымдын эти ооруп калыптыр болучу. Үйдө жалгыз эле. Ошол төрөп калдыбы? Алда кандай болду деп көңүлүм тынчыган эмес. Долон ашуусунун так чокусуна келгенде машинамды токтотуп, арыдан бери тормоз менен руль системасын текшере салдым. Аңгыча жаныма эти сөөгүнөн качкан чүкөдөй арык чал балпайган кемпири менен келди да, мага акедей асыла кетти.

– Шопур, айланайын, кызымды Кочкорго чейин ала кетчи. Кабинаң бош экен. Кыйналып турат.

– Толгоосу келип калганбы? Боюнда бар эле, — деди кемпири чалдын сөзүн коштоп. «Боюнда бар эле» дегенди укканда селт эте түштүм. Галям эсиме келе калды. «Ал байкуш кантип атты болду экен? Биринчи төрөтү эле» деп ойлодум, ичимден жүрөк заада болуп.

– Болуптур аксакал, апкелип отургузгула.

– Оп балакетиңди алайын. Бала күндөн батамды берейин, — деп кемпир мага жалынып жиберди.

Ал экөө ары четте отурган келинди акырын колтуктап келишип, кабинага отургузушту.

– Кагылайын, шопур балам, — деди кемпир мен кабинага отурганда. — Машинаңды абайлап айдасаң. Антпесең тиги кызым кыйналып калат ко. Кочкорго эле таштап кой. Барар жерин өзү көрсөтөт. — Анан кемпир келинге кайрылып: — Эмне, же Балыкчыга чейин эле барганың оңбу?-деп сурады.

– Эми апа, аны жолдон көрөрмүн. Кыйналып баратсам Кочкордо калып калармын. Кыйналбасам ары кете берермин,-деди келин үнүн араң жан чыгарып.

– Айланайын шопур балам, иши кылып өзүңө тап-шырдык. Бирөөбүз кошо барсак болот эле. Тиякта койду карар киши жок. Бир малчынын баласына карай тур деп келдик. Кемпирим да оорулуу. Моминтип күндүн ырайы да бузулуп турат,-деди чал кейип.

– Болуптур аксакал, болуптур. Каалаган жерине жеткизип койом, — дедим шашып турган жаным.

Машинам ордунан жылды. Чал менен кемпир дал мына ушул мүнөттө мени кудайындай көрүшүп, телмирей бизди узатып кала беришти.

Кочкорго күүгүм талаш кирип келдик. Бирок жа-нымдагы келин эмнегедир аерге калгысы келбеди.

– Балыкчыга эле кете берейинчи, каршы болбосоңуз,-деп келин кичи пейил мага кайрылды.

Биз Кочкорго токтобой андан ары жөнөдүк. Кызыктын баары орто жолдо башталды. Келин адегенде билинер-билинбес онтоп, анан үнү кыңкыстап чыга баштады. Жүрүп бараткан машинанын кабинасында келин бир калыпта отура албай копшолуп, тыяк-быягына оодарыла берди.

– Сизге эмне болду?-деп сурадым келинден.-Кыйналып жатасызбы?

Машинамды жолдун четине токтотуп, кабинанын ичиндеги жарыгын күйгүзүп, келинди карасам, ал алдыңкы эрдин бек тиштенип, колдорун отургучка таяп, чалкалай отурган экен. «Толгоо келип калганбы?» деп ойлоп, жүрөгүм опколжуй түштү. Келин ордунда оор күйшөлүп, ошо алдыңкы эрдин бек тиштеген калыбында кишинин жүрөгүнө ийне менен сайып аларлыктай катуу бир онтоп алды.

– Кочкорго эле калып калсамчы?-деди келин онтоо аралаш кыйналган үн менен.

Келиндин толгоосу келип жатканына көзүм жетип, эмне кыларымды билбей айлам кетти. Толгоосу жетип, мына төрөй турган аялга жанагы акушер аялдар эмне жардам кыларын да такыр билбейт экем. Менин эки оюмдун бири эле: «Келиндин кыйналганы басылса да, эптеп кылдыратып айдап Балыкчыга жетип, бул келинди төрөт үйүнө тапшырсам.»

Келин басылмак түгүл, онтогону кайра күчөп, үнү да ачуу чыга баштады…

Ошентип кабинада бир адам жарык дүйнөгө келди. Киндигин мен кестим. Киндик эне деп коюшат ко, а мен киндик ата болдум. Деги кыргызда киндик ата деген сөз барбы?-Шопур мени карап койду. Бирок анысына жооп күтпөй сөзүн улантты. — Ооба, ошентип жанагы бала жолдо төрөлгөн. Ошон үчүн аты Жолдубек коюлду. — Шопур ушул жерден аңгемесин үзүп койду. Андан ары аңгемесин улантабы же жокпу дегенчелик ага кыйгач көз жибердим. Ал болсо сигарет тутандырды. Негедир бүркүт кабагы калыңдай түшкөнбү? Ал сөзүн улады:

– Мен ошол түнү алсырап кыйналган келинди баласы менен Балыкчынын төрөт үйүнө жеткирдим. Мүмкүн болушунча машинамды чебердеп айдадым. Дал ошондо мына бу биздин жолчуларды тилдегеним эсимде. Жолдун кайсы бир жерлеринин тегиз эмес өңгүл-дөңгүл экенин, төшөлгөн асфальт уңкул-чуңкул болуп калганын мен ошол түнү, ошо келинди баласы менен Балыкчыга алып бараткан түнү гана дааналап сездим.

Анан эмне болду дейсиз? Айтууга ооз барбайт, бирок айла жок. Да! — шопур оор үшкүрүнүп алды.-Келин ошо күнү көз жумду. Канын жоготуп коюптур. Ушул кезге чейин ал келиндин өлүмүнө өзүмдү күнөлүүдөй сезем. Эми ойлоп, ошондо эмнеге гана кабинама салдым экен деп арман кылам. Эң болбогондо Кочкорго эле таштап кетпей. Балким аерде аман-эсен төрөп алат беле? Э-эй, ар нерсени айтуунун эми пайдасы эмне? — Шопур оор улутунду. Ушул калыбында бир топко унчукпай барып, кебин кайра улантты:

– Баса, ошо түнү ошол төрөт үйүндө менин аялым да төрөптүр. Алиги Шурик деп жатпайбызбы? Галя менен акылдашып, энесиз калган тигил баланы да эмизип туруусун өтүндүм. Жана бир күнү төрөлүшүп, бир эненин сүтүнөн оозанышкан дегеним да ошол. Кийин уксам келинди машинага салышкан баягы чал-кемпир анын ата-энеси экен Ал кыз онунчуну бүткөн соң ата-энеси менен макулдашып, бир короо кой алат. Кийинчерээк өзү менен окуган балага турмушка чыгат. Сырттан окумак болушат. Бир жыл, эки жыл былк этишпейт. Үчүнчү жылы жайында күйөөсү окууга тапшырам деп Фрунзеге кетет. Ошо бойдон келбей кечиккенинен келин колхоздун чоңдоруна деле айтпай, каралашсын деп, ата-энесин жакадан алдыртып алат. Жаш неме төрөөр убагын жакшы билбей жүрө бериптир. Кыңкыстай баштаганда койду бирөөгө көздөтүп коюшуп, чал-кемпир ошондо кызын жол боюна апкелишкен экен. — Шопур бир нерсени эсине салып жаткансып, бир саамга унчупай калды да, анан сөзүн кайра улады.

– Баса, келиндин күйөөсү ошо Фрунзеге кеткен бойдон келбей коюптур. Азыр же окуудан жок, же иштен жок, жүрөт дейт ошоякта. Келинди өз айылына алпарып көмдүк. Бала алиги тайата-тайенесинин колунда калды. Ошолор багып чоңойтушту. Мурдагы жылы чал өлдү. Ошондон бери кемпир экөө бирге жашап жатышат. Алиги атасы деген неменин ата-энеси намыстанымыш этип, балабызды өзүбүз алабыз дешип, нечен ирет чамынышты. Тааныбаган немелерге бала эле кайдан макул боло койсун. Бала төрөлгөндөн баштап эки үй-бүлө үзбөй катышып турабыз. Мен өйдө-төмөн өткөндө алардыкына кирбей койбойм. Жолодубек сагынып калабы, кадимки өз атасындай мойнума асылып эркелейт. Шурикти сурайт. Галя жеңесин сурайт. Шуриктен кийин дагы бир кыздуу болгонбуз. Ал тигил экөөнөн үч жашка кичүү. Аты Наташа. Аны сурайт. Жолдубектерге колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Отун-суусуна каралашабыз. Галя жеңеси болбой эле Шурикке эмне алсак, Жолдубекке да ошону алат. Жайкы каникулда эки бала бири-бириникине жүрүп кетишет. Жолдубек биздикине август айынын баш ченинде келген. Шурик, Наташа болушуп көлгө түшүп, бирге ойноп жүрүштү. Жакында окуу башталат эмеспи. Жолдубек ошого карата үйүнө келди.

* * *

Мен шопурдун бул аңгемесин мындан үч жыл мурда уккам. Быйыл министрликтин «Социалисттик мелдеште жеңип чыккандар» деген значок жана күбүлүктөрүн тапшы-рып келүү үчүн Балыкчыга жиберип калышты. «Авто-внештранс» автобазасынын алдыңкы шопурларына тапшыр-макмын. Алардын арасында алиги Ложников Иван Тимо-феевич деген шопур да бар экен. Мелдеште жеңип чыккан-дарга значоктор менен күбөлүктөрүн тапшырып болуп, Ложниковду өзүмө алып калдым. Ал мени дароо эле тааныды. Ал-жай сураштык. Баарынан да мени кызыктырган Жолдубектин тагдыры болду.

– Ал чоңоюп он үчтөргө чыгып калды. Карыган тайенеси өлгөндөн кийин аны Балыкчыдагы мектеп-интернатка өткөрүп койгом. Каникул күндөрүндө биздикинде жүрөт, — деп Иван Тимофеевич жайма-жай баяндап берди. – Жолдубек эми биздин бала болуп калды го. Аны чоңойтуп, эл катарына кошуу биздин милдет, — деди сөзүнүн акырын ишенимдүү чыгарып.

– Баса, Кадыр Айтиевич, кыргызча айтканда биздикине кирип, даам ооз тийип чыкпайсызбы? Өзүңүз тапшырган сыйлыкты жууп берейин, – Иван Тимофеевич токтоо күлүмсүрөп койду. — Анан Фрунзеден келген чоңдор начальниктин сыйын көрөсүңөр да кетесиңер. Бизге окшогон катардагы жумушчу калкынын жашоо-турмушун да билип койсоңор жаман болбойт ко дейм. Жүрүңүз, Кадыр Айтиевич. Жолдубекти да көрөсүз.

Чынымды айтсам Иван Тимофеевичтикине барайын деген оюмда деле жок болучу. Жолдубектин атын укканда дароо макул болдум. Чын эле ошол баланы көргүм келди. Биз үйгө жакындаганда андан окшош кийинген эки бала, анан алардан кичирээк кыз чыгышып, бизди утурлай басышты.

– Мына, Кадыр Айтиевич. Менин балдарым. Бири Шурик, бири Жолдубек, а тигиниси кызым Наташа.

Балдар биздин жаныбызга келишип жапырт салам айтышты.

– Кайда камындыңар? — Иван Тимофеевич сурады.

– Апам дүкөнгө жиберди, — деди кыз баарынан озунуп.

Мен Жолдубекти сынай карадым. Анын ойноктогон кара көздөрүндө адатта жетимдерде болчу басынгандыкты байкай алган жокмун. Анын ошол жалтылдаган көздөрүндө акыл-сезими жетиле элек жаш балдардагы маңыроолук жок эле. Он үч жаштагы бул баланын көздөрүндө акыл да, мээрим да бар болучу.

– Жолдубек, мени тааныйсыңбы?

Ал көпкө ойлонуп турбастан ошо баягы жылы Иван байкесинин машинасы менен бирге барып, алардыкынан жарма ичкенимди дароо эле айта салды.

– Болуптур анда. Дүкөнүңөргө бара бергиле, — деди Иван Тимофеевич.

Балдар нары басып кетишти. Алардын артынан көз кырымды жибердим. Биринин башы сары, бириники каралыгы болбосо бойлору бипбирдей, окшош кийинишкен Шурик менен Жолдубекти мындайынан караган адам чын эле эгиз деп ойлоор эле.

1984-жыл

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 2764