Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Бир байлам чыт жоолук

“Бир байлам чыт жоолук” аңгемесинде жетим кыз чоң энесинин колунда калат. Он сегизге чыкканда турмушка чыгып, орукчан бир бала төрөйт. Айыкпас оору экенин сексен бештеги чоң энеси байкап калып, небере кызын өмүр бою кыйноодон сактап калуу максаты менен баланы кыздын бир байлам чыт жоолугу менен муунтуп өлтүрөт.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Кемпир ойгонду. Чалкасынан жаткан бойдон сунулган колдорунун бармактарын кыбыратып көрүп, өзүнүн тирүү жатканына ишенгенден кийин гана жүлжүйтө көзүн ачты. Үй ичи али караңгы. Чоң көчө тараптан таң эртелеп жүрө баш-таган машиналардын күүлдөктөрү келет.

Кемпир кайра көзүн жумду. «Күндөн күнгө начарла-гандан начарлап баратам, — деди ал өз ичинен.– Сөзсүз бүгүн. Бүгүндөн калсам кечигем. Ал иш менден башканын колунан түк келбейт. Эмнеси болсо ошо болсун. Кудай алдына бар-ганда бирдеме деп жооп берермин. Тозогуна түшсөм да ка-йылмын».

Кемпир алсыз жөтөлүп, ойго кетти: «Саат канча болуп калды экен? Кызым жумушунан кечигип калбас бекен? Азыр кеч күз. Терезеден түшкөн жарык жок, убакытты болжой албайсың. Кой, эптеп туруп, саатты карайын».

Кемпир алды менен оң жак капталына оодарылып, анан чыканактап эптеп өйдө болуп, жерден апкыты жамшыйта басылган тапочкасын таап бутуна илди. Үстүнө эски жука пальтосун жамынып кыбырай басып, дубалды улам таянып, эшик жакты көздөй акырын жылды. Эшиктин түбүнө барганда босогонун жанын сыйпалап жатып, жарык күйгүзкүчтү таап жандырды. Эшикти ары түртүп ачып, кичинекей коридорго чыкты. Биерде бир саамга аялдап, андан ары залга кирип, аердин да жарыгын күйгүздү. Саат ушул залда болучу. Чын-жырга илинген салмак ташы салаңдаган, дубалдын боорун-дагы эски темир сааттын дал эле түбүнө барып, кемпир көзүн жүлжүйтө карап калды. Ал өз көзүнө өзү ишенген жок. Төрттөн болгону он гана мүнөт өтүптүр. Таң ата электигине көзү жеткен неме жарыкты өчүрүп, кайра жатмай болду. Кемпирдин көзү кокусунан кызы жатып жүргөн төркү бөлмөнүн жарым-жартылай ачык турган эшигине урунду. Ал бутун сүйрөй басып барып, башын ууру салып, бөлмөнүн ичине үңүлө карады. Бөлмө жарык болучу. Кызы талма оорулуу баласын карап, көгүш чүмкөмөсү бар электр чырагданды түнкүсүн өчүрбөйт. Ал уктап жаткан көрүнөт, көкүрөк жагы ачылып, бир калыпта дем алганы болбосо, кыймылы билинбейт. Жанында жаткан баласы буту-колун былкылдатып, ыйлаган-ыйлабаганы билинбей бир башкача кыңкыстагансыйт. Кемпир баланын жалаяк-жулаягын карамак болуп, босогону абайлап аттап өтүп, төркү бөлмөгө кирди. Кызы эчтекени туйбай уктай берди. Кемпир аяк жагынан айланып өтүп, бала жаткан жагына барды. Эңкейип карады. Бала ойгоо экен. Эч күнөөсүз бакыраң көздөрүн ирмегилеп, кемпирге жиберди. Кемпир кармалап көрүп, баланын булганып калганын байкады да, кызын ойготпой, башы туюк тар шымын чече баштады. Эптеп тазалап, кыбырап жатып башкасын кийгизди. Анан назарлана ойго чөмүп, баланы тиктеп калды. «Байкуш кызым ушу сенин азабыңды тартып жүрөт. Тирүү турсаң өмүр бою тартат. Сеники айыкпас оору. Өмүр бою бутуң кыбырап коюп гана төшөктө жата бересиң. Өмүр бою сенин жаныңда бир киши сага тамак берип, бок-жиниңден арылтып турушу керек. Ага ким чыдайт? Жалгыз гана өз энең. Андан башка эч ким чыдабайт. Бу байкуш кызым, сенин энең жыйырмадан жаңы гана ашты. Жаш чагында жипсиз байладың. Сенин ушундай экениңди көрүп, аракеч ата сөрөйүң да үйдөн кетип калды. Ырысы жок, эмнеге ушундай төрөлүп калдың? Ошо ата сөрөйүңдүн эле күнөөсү, күн-түн оозунан арак түшпөй. Мейли, тозок эмес, андан да балакетине түшсөм да кайылмын. Мен сени өлтүрөм. Муунтуп өлтүрөм. Болбосо уу берем. Кызым жарыкчылыкты эл катары көрүп кетсин».

Ушинтип ойлогон кемпир бырыш-тырыш баскан колун баланын алкымына жиберди. Ал баланы азыр эле муунтуп салайын деген жок.Ошого даярдык көрөйүн дегенсиди. Анын үстүнө баланын жанында кызы жатпайбы. Кемпирдин шум-дуктуу ойлогон жоругун кызы түк билбеши керек. Анын кар-жыйган кара шири колу баланын жупжумшак алкымын сый-палады. Бала негедир шилекейине чакадыбы, жөтөлүп жи-берди. Кызы чоочуп ойгонуп, баласына асылды Ал ыкшып жөтөлүп, бир саамга басылбады. Кыз жанында турган энесин да этибарга албай, баласын колуна ала койду:

– Менин берекем, менин көлөкөм өзү. Эмне болду, секе-тим?-деп коомай селкилдете баласын эркелетти. Бир аздан кийин баланын жөтөлү басылып, үй ичи тынчый түштү.

– Апа, эмне уктабай жүрөсүң?–деди кызы кош көңүл уй-ку-соонун арасында.

– Баланын шымын алмаштырдым.

Тынчтанган баласын кармап отурган бойдон кызы үргү-лөй баштады.

– Жат, кызым, жатып укта. Алдагыңды ар жагыңа жаткызып кой. Кудай албайт. Өзүң уктап эс ал. Ишке барасың. Үргүлөп отурмак белең. Ишке жаңы эле чыгып жүрөсүң. Чоңдоруңа жаман көрүнбө.

Кызы баласын кайрадан бооруна кысып, бети-башынан, алкымынан ырахаттана жыттады.

– Берекем, жатасыңбы? Жата кой. Мен чын эле уктап алайын. Макулсуңбу, ия? Макул эмесмин десең алдыма алып деле отура берем.

«А-ай, байкуш. Дагы эркелетип койот. «Ичтен чыккан ийри жылан» деген ушу экен да. Оюнда кийин туруп, кадыресе киши болуп кетет дейт ко. Жаш неме кайдан билсин. О, шор-дуум. Дагы менин көзүм тирүү, сен жокто эптеп карап, ороо-чулгоосун кургактап, тамак-самагын берип турам. Мен өлүп калсам жалгыз башың менен эмне кыласың?» Кемпир өз бөлмөсүн көздөй сүйрөлүп баратып, мына ушуларды ойлоду.

Ал жарыктарды өчүрүп, наркы өзү жатып жүргөн бөл-мөгө кирди да, эски дивандын үстүнө салынган төшөгүнө кай-радан кыйшайды. Бирок уйкусу келген жок. Караңгы бөлмөдө көзү жумулуу болгону менен көкүрөгү ойгоо жатты. Кийинки кездерде анын эки оюнун бири эле кызы болду. Жакынкы арада жарык дүйнө менен биротоло коштошоруна көзү жет-кен кемпир: «Мен өлсөм кызым эмне болот? Өзү болсо да бир жөн. Эптеп жанын багып кетет эле. Тетиги жарым жан, киши санында жок баласы менен кантет? Же анысы бир мал болуп кетсечи?.. Жо-жо-ок, антпейт. Таканчыктап жылганга да жа-рабайт. Мындайларды көргөм. Кызымдын эле шору…»-деп карт көкүрөгү зилге толду.

Кызы менен байланышкан өткөн өмүрү көз алдынан бирден чубап өтө берди.

* * *

Мындан жыйырма жыл илгери кемпир өзүнүн кызы, күйөө баласы болуп, үчөө дал ушул үйдө бирге турушчу. Анан кызы төрөдү. Кемпир неберелүү болду. Небере кызы үчкө чыгып, чуркап ойноп жүрдү. Кыз-күйөөсү ишке кетишип, кемпирдин эрмеги жалгыз ушул небереси эле. Өз кызынан да артык көрчү. Анан күтүлбөгөн кырсык болду. Кызынын эмчеги сезгенип, үч айга жетип-жетпей жарык дүйнө менен коштошту да, о дүйнөгө кете берди. Кичинекей, анын үстүнө чоң энесине үйүр алган небересинин энесинин өлгөн-өлбөгөнү менен иши болгон жок. Жападан жалгыз кызынан айрылып, кемпирдин шору катты. Ичи өрттөнүп күйдү. Өкүрүп-бакырды. Айла канча?.. Он баласы болуп, ошонун бири өлсө да эне үчүн чоң кайгы. Ал эми бу кемпирдин жөнү башка, өзүнчө эле тири укмуш…

Кемпирдин күйөөсү миң тогуз жүз кырк экинчи жылы согушка кетип, ал бирине бири удаа төрт баласы менен калды. Анан бу «Шордуу кишиден шор арылбайт» деген чынбы, эки эркек баласы, бир кызы бир балаа илдеттен көз жумушту. Колунда жети жашар кызы калды. Күйөөсү согушта дайынсыз жоголду. Анан карыган чагында медер туткан жалгыз кызы жыйырма беш жашында өз колунда өлүп отурса кайгырбай турган ишпи?

Жаш келинчегин унута албай күйөө баласы кемпир-дикинде бир жылдай жүрдү. Анан кемпир ак батасын берип, күйөө баласына акыл айтты:

– Балам, айланайын, сен али жашсың. Бара кой. Өз теңиңди таап ал. Бу кызды эптеп багып чоңойтормун. Кез-кезинде келип, кызыңды көрүп тур. Мындан башка айла жок, кагылайын.

Жигит кайненесин кучактап өксүдү, кызын бооруна кысып алып болуктады. Көз жашта эмне айып? Алар коштошту. Кемпирдин кайраты, турмушка болгон кажыбастыгы өжөрлүк менен артты.

Ошентип тагдырдын кырсыгына моюн сунуп, алтымыш беш жаш курагында «кудайдын мунусуна да шүгүр» деп, байкуш кемпир үч жашар небере кызын бооруна кысып кала берди. Эми аны небере дебей жөн гана кызым деп атоочу болду.

Жылдар өттү. Кыз он төрт жашка келгенде сексенге келип калган кемпир бир күнү эле төшөктөн турбай ооруп калды. Ошол күндөн баштап кыбыр эткен үй-тиричилигинин баары ошо тырнактай кыздын мойнуна түштү. «Өлүмтүгүмдү артпай, ушундан көрө өлүп эле калсамчы» деп кай бирде кемпирдин оюна кетчү. Бирок кайра: «Жок, жок. Кызым али жаш. Бойго жетип, бирөө менен баш кошуп алганча тирүү турсам болот эле» дечү кудайдан тирүүлүк сурап.

Кудай ушул жолу гана кемпирдин тилегин кабыл кылды. Али көрөр күнү, ичер суусу бар экен, кемпир бул оорудан баш көтөрүп, үйгө өзү кирип-чыгып калды. Бирок мурункусундай болбой ал-кубаттан кетип, үй түйшүгүнүн милдети жаш кыздын мойнунда кала берди. Ал ошол кемпир ооруган жылдан баштап жетинчини бүттү да, андан ары мектепти биротоло таштады. Бир жерге уборшица болуп орношту.

Бир жагы иштен колу бошобой, экинчиден кемпирдин жанынан чыга албай, кыз жаш өңдөнүп, оюн-шоок, кино-синолорго андан-санда барса барып, барбаса көбүн эсе кемпирге каралап үйдө болот.

Дагы жылдар өтөт. Кыз он жетиге келди. Кемпир бир жолу аны жанына чакырып, кызы менен каадалуу кишиче сүйлөштү:

– Жашырбай айтчы. Сүйлөшүп жүргөн жигитиң барбы? Менин көзүмдүн тирүүндө бирөө менен баш кошуп алсаң болот эле. Ошенткениңди көрүп, анан өлсөм арманым жок…

Кыз буга эчтеме деп жооп бербей: «Чын эле ошен-тейинби?» дегенчелик таенесинин кырк бырыш жүзүн мээ-римдүү жылмая карады. Анын эртесинде ал жыйырмалардан өтүп калган, узун бойлуу жаш жигитти ээрчитип келди. Жигитим ушу деп энесине тааныштырды. Мурду коңкоюп чоң, көздөрү кичирээк, жука муруту бар бу жигит кемпирге бир көргөндө эле жакпай калды. Эмнеси жакпаганын өзү билген жок, жүрөгү гана сезди. Бирок анысын тышка чыгарбай:

– Бир жерде иштеп жүрөсүңбү же окуйсуңбу?-деп жи-гитке суроо таштады.

– Арм… армиядан келдим,-деди күйөө болчу жигит. Ал кекечтенип сүйлөйт экен.

– Эми эмне кылайын деген оюң бар?

– Би…бир жакка кетсекпи дегем. Бу бу...бол..болбой жатат,-деди жигит кызды көрсөтүп.

– И-и де. Аякта эмне бар экен?

Жигит жооп бергендин ордуна кемпирди кылыя карап, бармагы менен сөөмөйүн ушалап койду. Кемпир түшүндү. Бирок ичинен жипкирип, тынчып отуруп калды.

Ошол эле кечинде кемпир:

– Ушуга баш кошоюн дедиңби?-деп кызына ачык эле сурады.

– А өзүң эмне дейсиң?

Кемпир кыздын бул суроосуна дароо эле жооп бере койгон жок. Анткени кызынын ошол жигитке көңүлү бар экенин түшүнүп, жүрөгүн оорутар бирдеме айтып аламбы деп чоочуду.

– Э-эй, кызым. Эр сага керек. Көңүлүң болсо эмне де-мекмин. Батамды берем. Баш кошсоң кошогой.

Кемпир көңүлдөгүсүн айткан жок. «Жапжаш туруп, эмитен акча жөнүндө кеп кылат, Ай ким билет, ушудан бир киши чыгарын» деген оюн айтпай ичине калтырды.

Ошентип эки жаш баш кошуп алышты. Күйөө бала алардын үстүнө келип кирди. Кемпирдин жүрөгү сезгендей эле күйөө баласы анын оюндагысындай киши болуп чыккан жок. Жаш туруп арак-парак дегенди өкүртө ичет экен. Өзүнө окшогон жоро-жолдоштору эле көп. Алар менен келип шарактап оюн-зоок куруп, кай бирде кызын кошо ээрчитип кетишчү да, сексенден ашкан кемпирдин бар-жок экени менен такыр эле иши болчу эмес.

Ошентип кемпирдин карт көкүрөгүн зил басты: «Менин болсо өлөрүм калды. Байкуш кызымды кор кылып койот ко, тетиги күйөө сөрөй немеси» деп ичинен тынып, карылыгына карылык, оорусуна оору кошулду.

Бирок күн артынан күндөр чубалжып өтө берди. Бир жыл өттүбү же андан көбүрөөк болдубу, бир күнү эле кем-пирдин кызы төрөп койду. Эркек бала. Үйгө жылуулук киргенсиди. Кемпирдин көңүлү көтөрүлгөнсүп калды. «Балалуу болду. Эми күйөө балам шарактаганын койор» деди. Андай болгон жок.

Ымыркай кезинде билинбейт да, бир аз тороло түш-көндө кемпир баланын талмага окшогон оорулуу экенин байкап калды. Доктур чакырышты. Бирок ал кемпир менен баланын энесин үмүттөндүрүп, бара-бара жакшы болуп кетет деди эмнегедир оозу бош.

Кез-кезде баланын талмасы кармап, көздөрү аңта-рылып, диртилдеп жатып калат. Мындай учурда доктур чакыртышып, укол-пуколун салдырып жатып араң эсине келтиришчү.

Бала бир жашка чыкты. Колу-бутун кыбыратып коюп, керебетинде жата берди. Эки жашка чыкты. Басууну ойлогон жок. Эти былбыраган чабал колу-бутун кыбыратып жаткандан жата берди. Бул аралыкта анын талмасы нечен жолу кармады. Баланын тууган энеси мындай учурда буркурап ыйлачу. Бирок жаш неме балам бул дарттан айыгып, басып кетет деп терең ишенчү.

Күйөөсү бир күнү эле дайынсыз жоголду. Акча көп чыкчу жакка кеттиби, эч ким билбей калды. Кемпирдин жүрөгү гана бир жамандыкты сезип жүрдү. Ал доктурдун балаңар жакшы болуп кетет дегенине ишенген жок. Себеп не дегенде тетиги илгери ага тааныш бирөөнүн баласы туптуура ушундай дартка чалдыгып, көздөрү ачык, колу-буту кыбыраганы болбосо, же сүйлөбөй, же баспай отуз жыл төшөктө жатып, анан башка бир ооруга чалдыгып, ошондон өлгөн. Отуз жыл бою энеси жанынан чыкпай баккан. Ошол баласынын айынан экинчи төрөгөн эмес. Кемпирдин кызын да дал ушул катал тагдыр күткөндөй.

«Байкуш кызым, деги эмне жакшылык көрдү? -деди кемпир өз ичинен каңырыгы түтөп. – Мага ушунчалык кастыгын тиккендей кудайга эмнемден жазыптырмын? Аларын алып, жутаарын жутту го! Менде эми кудайдын эмне акысы калды? Мына, сексендин бешине келдим. Ушул күнгө чейин, кудай акы, эмне күнөө кылдым? Бирөөнүн бир тал чырпыгынын башын сындырган жокмун го. Кудай, мен сенин бар экениңе ишенем. Бирок менин бир дагы тилегимди аткарган жоксуң. Менин каным аралашкан жалгыз пенде калганы турат, бу жарык дүйнөдө. Ошого да бир кичинекей мээримиңди ыраазы көргөн жоксуң. Кудай, кызыма бере турган жардамыңа эми түк ишенбейм! Өмүр бою бактысынан ажыратканы турасың. Ага көзүмдүн тирүү кезинде бир жакшылык кылып кетишим керек. Бул жакшылык, кудурети күчтүү кудай, сенин да колуңдан келбейт. Менден башка бир да пенденин колунан келбейт. О, кудай, мен ошол ишке барбай эле койоюн, андан сага эмне пайда? Макул, бейишке чыгаармын. Ал эми кызым тирүү туруп, жарык дүйнөнүн анык тозогунда калып жатпайбы? Ошондуктан тозокко мен эле түшөйүн. Кызым жаш. Өзү теңдүү бирөөнү таап алса, сенин пендең дагы көбөйөт. Мен минтпесем биздин тукум ушул жарамсыз бала менен үзүлгөнү турат. О дүйнөдө жүргөндө бу дүйнөдөгү кимибизди эскеребиз? Бир жылдан бери күн-түн дебей ойлонуп келатам. Акыры ушуга келип токтодум. Өзүң берген баланы өзүң ал. Аны айыктырыш адам баласынын колунан келбейт экен. Өзүң айыктырып ал. Же, жанагы күйөөлөрү жок периштелериңе бактырып аласыңбы, аны өзүң бил. Баланын артынан мен да барам о дүйнөңө…Таң сүрүп келатат. Кызымды ойготоюн. Ишине барсын».

Кемпир кыбырап жатып туруп, дубалды сүйөнө басып, коридорго чыкты. Андан залга кирип, анча-мынча ачылып калган эшиктен кызы жаткан жарык бөлмөнү шыкаалады. Эч шыбыш билинбейт. Каалганы толук ачып, кемпир бөлмөгө кирди. Тиги экөөнүн жанына жакындады. Эне-бала момурап уктап жатышкан.

Кемпир бир аз эңкейе берип, адегенде балага назарын салды. Уктап жатса кадимки эле бала. Кемпир жүзүн эми кызына бурду. Чачтары төгүлүп, ич көйнөгүнүн илинчээги гана болбосо анын жумуру жылаңач ийиндери жууркандан көкүрөгүнө чейин чыгып, бир жак буту те жоон санына чейин аппак боло ачылып, кызы чалкасынан кериле бейкүнөө гана уктап жатат. Балким бир жакшы түш көргөнбү, жүзүндө күлүмсүрөө. Кемпир ичи эзиле бир топко карап турду. Анан тарамыштуу арык колу менен бешенесинен сылады. Бу жолу кызы чоочуган жок. Былк этпей ошо жаткан бойдон көзүн ачты. Өңүнө мээримдүү жылмаю кирип, анан үнүн аяр, ууру чыгарып:

– Апа, түш көрдүм. Балабыз айыгып чуркап жүрүптүр. Сүйлөйт да .экен!

– Ии, кудай буйруса айыгып кетет экен,-деди кемпир кызынын көңүлөн жубаткан болуп.-Тур, тура кой. Саат алты болуп калды. Ишиңе бар. Почтоңор жетиден баштап иштейт эмеспи. Кечигип жүрбө. Бая күнкүдөй болуп чоңдоруң дагы урушпасын. Почто дегениңдин иши да түйшүктүү турбайбы, жаш балалуу аялдан бетер.

Жаш эне уктап жаткан баласын бир азга мээримдене карап, анан туруп кийине баштады. Өңүндөгү жанагы ку-банычы тарап, эмнегедир суз тартты.

– Апа, түш тескери келет деп жүрүшөт, Ошол чынбы? Андай болсо бу уулубуз айыкпайт экен го?

– Түш ар кандай болот, — кемпир ооз учунан күңкүлдөп койду. – Жөнө ишиңе. Кечигесиң.

– Түшкү дем алышта келип кетем. Тамак-самагын берип турсаң. Алдын да кургактап…

– Бар эми, бара гой. Карайм. Карабай жүрчү белем.

Кызы ишине кетти. Кемпир кыбырап тышка чыкты. Таң куланөөк салганы менен али караңгы болучу. Эшик алдында бир аз туруп, анан кепичин сүйрөй барып, карт алманын түбүнө орнотулган чакан скамейкага көчүк басты. Ошо бойдон кыймылдабай бир топко отурду. Анын көңүлүндө: «Ооба, сөзсүз бүгүн. Эки-үч күндөн бери өзүмдүн да табым кетип жүрөт. Кокус көзүм жумулуп кетип…» деген ой кайталанды.

Кемпир туруп, үй жакты көздөй сүйрөлө басты. Ко-ридорго кирип, наркы төркү бөлмөгө кулак түрдү. Баланын ыйлаганы угулбайт. Уктап жатса керек. «Мейли уктай турсун. Ойгонгондо»-кемпир ушинтип ойлонуп, залдын да, өз бөлмөсүнүн эшигин да ачык калтырып, кайра келип төшөгүнө кыйшайды. Кемпирдин ою дагы уйгу-туйгу.. «Мейли, бала тирүү эле калсын дейли. Андан кимге пайда? Же элге пайдасы жок, же өзүнө пайдасы жок. Тирүү эле жаткан бир өлүк. Адам болгондон кийин антип жашоонун эмне кереги бар?.. Барды-келди кызымдын шору. Анын башына түшкөн мүшкүл, азап. Байкуштун он гүлүнүн бири ачыла элек. Жыйырмадан жаңы эле ашты. Өңдүү десең өңдүү, мүчөлүү десең мүчөлүү, жароокер десең жароокер. Бир эрге тийди деген гана аты болбосо, бир үйдүн ырыскысы, куту боло турган жөнү бар…»

Баланын кыңкыстаганы угулуп, кемпирдин ою бузулуп кетти. Ал ордунан шашпай туруп, үстүнө эски жеңил пальтосун, бутуна кызы жүндөн согуп берген жылуу байпагын кийип, башына тыбыт жоолугун салды. Анан илээлеп басып, зал аркылуу бала жаткан төркү бөлмөгө кирди. Бала чын эле ойгонуп калган экен. Акылсыз көздөрү алаңдап, эңкейе берген кемпирди карады. Кемпир адегенде булганып калган баланы тазалап, которуп кийиндирди. «Дагы эчтеке эмес, кичинекей болуп билинбейт. Чоңойгондо колтойтуп, мунун богу-жинин кантип тазалайсың? Өз энеси болгон күндө да ыштанын кантип чечип, кантип кийиндирет?» Бирок анын колдорунун кый-мылы кадимкисиндей болбой, негедир калдастап, балага башы туюк тор шымды кийгизе албай, бир топко убара болду. Эмнегедир ушуга эле чарчап калгансыды. Кийгизип болуп, керебеттин чекесине көчүк басты. Анан кайчылаштырган колдорун алдына коюп, бейкүнөө жаткан балага дагы карады. Бала болсо көчүгүн томурайтып, эки бутун жогору көтөрүп, эки колун кыбыратып, көздөрүн бакыраңдатып коюп кемпирди карап жата берди.

Кемпир баланы мисирейе тиктеп отурду. Жүрөгү катуулап согуп, табынан кеткен неменин: «Эмне кылсам? Кантип?» деген суроолор айланкөчөктөнүп башынан кетпеди. Анан ал сүйрөлө ордунан туруп, кызынын илинип турган бир байлам жоолугун алып, коридорго чыгып, крандан суу агызып, жоолукту тоголоктоп тосту. Жоолукту сыгып, эки учун чарчылап бириктирип, чыйратымыш этип койду. Кайра бала жаткан бөлмөгө кирди. Арбактай болуп баланы көздөй жылып келип, бейкапар жаткан неменин мойнуна жипке окшоп эшилген ным жоолукту салды. Бирок мурунтан ойлогонун дароо аткарбай, баланын бакыраң көздөрүн тик карай албай, башын буруп жиберди. Ошол калыбында жүрөгү лак-лак согуп, бир саамга демигип турду. Колдору да шал тартып ийкемге келбейт. Кемпир баланы кылыйып кайрадан карады. Бала мойнуна салынган жоолуктун учун кармалап, эчтемеден капарсыз өзүнчө алек.

Эми кемпирдин колу акыл-эсине баш ийбей, өзүнчө аракетке келди. Ал жоолуктун эки учун чалып, алкымына такалганча тартып барды да, бир саамга токтой калды: «Чын эле ушинтейинби? Чын элеби?» Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй лакылдады. Кемпир азыр өзүнүн да шайы оой баштаганын сезди. Теңселе түшүп, жыгылып кете жаздады. Кайра баланы карады. Анан бош байланып турган жоолуктун эки учунан алды да, күчүнүн жетишинче шарт тартып калды. Баланын көмөкөйүнөн «кыйк» деген бирдеме чыгып, жанталаша төрт аягын кыбыратканга араң эле жарады. Кемпир жоолуктун учун экинчи жолу чиеленте бек байлады. Анан бурулуп, залды көздөй сүйрөлүп жөнөдү. Эптеп өз төшөгүнө келип кулаганга араң жарады. Кемпирдин шайы оогондон оой берди. Ал ичинен: «Эртелеп өлүп калсам экен» деп тиледи. Бирок жаны чыкпай кыйналды…

Ушул абалында канча жатканын өзү билбейт, бир оокумда кандайдыр бир чаңырыктан улам эсине келе түштү. Көзүн жүлжүйтө ачты эле, жанагы бир байлам чыт жоолукту кармап, көзүнүн жашы он талаа, чачы саксайып жаагына түшкөн кызынын тири укмуш кебетесин бүдөмүк баамдады.

– Бул эмне кылганың?! — Кызынын чаңырганы кем-пирдин сезимине урунуп, баланын жан таслим болгонуна көзү жеткен кемпирдин көңүлү жайланып, ооз учунан:

– Кагылайын, кызым. Сен үчүн, сенин бактың үчүн ошенттим, — деп күбүрөдү да, көзүн жумду. Анан кемпирдин солдойгон сөөктүү денеси бир жыйрыла түшүп, анан суналып, ошо бойдон кыймылсыз жатып калды.

Өзү жакшы көрүп, үйдө жүргөндө башынан түшүрбөй салынып жүрчү бир байлам чыт жоолугу бир эле учурда баласынан да, энесинен да ажыраган жаш келиндин аяк алдына барып түштү.

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 2938