Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы
Мугалим эже
“Мугалим эже” аңгемесинде Тынар деген кыздын шаардан келип иштеп жаткан орус тили жана адабиятынан сабак берген мугалим эжекесин бир тууган эжесиндей жакшы көрүп калышы, эжекесинин күйөөсү — мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы аялын айылдык келиндей болуп жүрбөйт деп жериши, кийин эжекесин кыздын өз атасынын сүйүп калышы сүрөттөлөт.
Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды
УДК 821.51
ББК 84 Ки 7 – 4
А – 13
ISBN 978-9967-02-817-13
А 4702300100-12
Нуска 500 даана
Сүрөтчүсү автор
Биздин мектепке орус тилинен жаңы мугалим келиптир деген кабар балдар арасына окуу баштала электе эле тарап кетти. Анын Бугубай агайдын келинчеги экенин, Бугубай агай Фрунзеде жүргөндө таанышып, окуусун быйыл бүтүп, анан биякка, Бугубай агай иштеген жерге келгенин да уктук. Биз – окуучулар ошо шаардан келген мугалим эжебизди тезирээк эле көрсөк деп дегдедик. Ал күн да келди.
Бөлмөлөр жетишпей, биздин жетинчи класс мектептин негизги корпусунун чыгыш жагындагы бир кабаттуу эки бөлмөлүү чакан тамдын бир бөлмөсүндө окуйт. Балдардын сөзү менен айтканда биз «Камчаткада» окучубуз. Мектептен биздин класска чейин жүз кадамчалык бар. Биринчи сабак бүтүп, эми орус тили сабагы болмок. Демейдегиден башкача көпчүлүгүбүз ордубузга отурбай, жабалактап эшиктен башбактап, жаңы мугалим эжебиздин келишин күттүк.
– Келатат!— деп калды арабыздан бирөө.
Мектептин алдыңкы кире беришиндеги тепкичтерин аярлай басып түшүп, кудум эле кинодогу артис аялча ки-йинген, колунда класстык журнал, анан татынакай кол сумка кармаган биздин мугалим эжебиз келатты. Бардыгыбыз тыптынч болуп, орду-ордуларыбызга отуруп калдык.
Эшик акырын ачылып, анын ары жагынан чачы кыркылган, чала-була тармалдатып койгон, көз уялткан аппак кофта, кара күрөң жупке, бутуна ак туфли кийген, өңү биздин айылда көрүп жүргөн кыз-келиндерге окшобогон ак жуумал, мурду кырдач жаш аял кирип келди. Бардыгыбыз бир кишидей жапырт ордубуздан турдук. Мугалим эже токтоо, ошентсе да жылмаюу бар жүзүн бизге бурган бойдон мугалимдин үстөлүнүн жанына басып келди да, капкара көздөрүн класс ичине салмактуу жиберип:
– Здравствуйте! — деди орусча.
Биз да ушинтип жооп бердик.
– Садитесь. — Парталарды шарактатып ордуларыбызга отурдук. Эжебиз журналды ачып, бирдемени жазгандай болду. Анан ал башын көтөрүп, класс ичине тегиз бир карады:
– Кана эмесе, балдар, биз бири-бирибиз менен тааны-шып алалы. Менин атым Разия фамилиям Рахимжанова.
Анан журналдан ар кимибиздин фамилияларыбызды чакыра баштады
– Нурматова!
– Мен, — деп жооп бердим ордумдан туруп.
– Атың ким?
– Тынар.
Эже мени бир сырдуу карады эле, анын сабырдуу да, мээримдүү да көзүнө тик бага албай төмөн тиктедим.
– Класстагы отличница сен болот турбайсыңбы?
Мен унчуккан жокмун. «Келбей жатып кайдан билип алган?» деп кайра ичимден таң калдым.
– Отура кой, Тынар…
Мына, биздин Разия эжебиз менен биринчи кезиги-шибиз ушундай болду. Кийин эже менен кадыресе көнүшүп кеттик. Класстагы балдар-кыздардын баары эмнегедир ушул эженин сабагына демейдегиден тыкан даярданып, эженин өзүнө да мамилебиз жакшы болуп жүрдү. Биз гана эмес, Разия эженин сабагында тиги Дадый да ноктологон азоодой жоошуп, ыржаңдап күлгөн, жүзү маңыроо тартып, алдында отурган Сакиштин артына башын катпай, сабак бүткөнчө эже тарапты астыртан карап, жөн олтуруучу болду.
Разия эже кыргызча сүйлөгөндө орус тилиндегидей болбой, эмнегедир шыр кетпей, тилин бир аз таптап сүйлөчү. Бизге кайра ушунусу жагымдуу угулчу. Анткен менен ал кыргыз сөздөрүн так айтуучу.
Менимче, Разия эже мага бир башкача мамиле кылуучу. А балким ар кимдин мүнөзүнө жараша мамиле кылуу керек деген эрежени колдонуп жаткандыр. Ал мени доскага чакырганда көбүн эсе атымдан атоочу. А тиги Сакишке окшогондор негедир муну көрө алышпай, ич күйдүлүк кылышчу. Алар Разия эжененин бул мамилесин менин атам Кудайбердинин мугалим экенине жорушуп, ошол кишини сыйлап, ал эмес анын парторгдугуна кошомат кылгандык деп түшүнүшчү. Бирок алар кандай түшүнсө ошондой түшүнсүн, эженин бул өзгөчө мамилесине ичимден сыймыктанып, Разия эжеге болгон ичтеги жакшы көрүүм артып, аны жанымдай көрүп калдым. Келечекте ушу эжемдей болуп чоңойсом. Мугалим болуп келип, мен да балдарды окутсам деген тилек эми оюмдан кетпей калды. Мен Разия эженин чексиз бактылуу экенине кенедей да шек келтирчү эмесмин. Бирок бир жолу…
Разия эже менин атамды урматтап, өзүнөн улуу киши катары сыйлоочу. Атам да кайсы бир мугалимдерге окшоп тамашалашпай, эжеден он чакты жаш улуу экенине карабастан кадимки улгайып калган адамдарча жайбаракат токтоо сүйлөшчү.
Бир жолу үйдө экенибизде ойдо жок жерден атам Разия эжени сөз кыла кетти.
– Тынар, Разия эжеңер кандай? Силерге, окуучуларга жагабы?-Атамдын бул суроосуна адагенде мен эмне деп жооп береримди билбей, анан өзүмдөгү болгон чындыкты айттым:
– Абдан жагат.
Атам да менин сөзүмдү коштоду:
– Туура айтасың, Тынар. Мына, иштегенине беш-алты гана ай болду, өз ишин аябай тың алып баратат. Ал мугалимдик кесибин аябай кастарлап, жандили менен сүйөрүн байкап жүрөм. Буюрса орус тилинен жакшы мугалимге жолуктук. Азыр орус тилин жакшы билбей, билим-илимдин төрүнө чыга албайсың. — Атам ойлонуңку жүзүн нарыта жүн жиптен тор кийим согуп отурган апама жиберди. Анан мени эркелете кетти:
– Баса, Тынар. Разия эжең бая күнү: ”Агай, Тынарды өз сиңдимдей жакшы көрүп калдым. Аябай оор-басырыктуу, сабакты да жакшы билет” дейт.
Мен байкагандай апам бир аз ызалуу жүзүн жиберип, жактырбагандай:
– Билбейм, ошо чачы сексеңдеген немени баарыңар эле мактайсыңар. Анын эмнеси бар экен жага турган, — деп койду.
Менин оюмча атам менен апамдын ортосунда кан-дайдыр бир салкындык бар. Алардын мүнөздөрү, ички сезимдери тил табышып, жуурулушуп кетпей, ынтымактуу жубайлардан эмес болучу. Атам мунусун сыртынан билгизчү эмес. «О-о, биздин кемпир таарынып калганбы?» деп тамашаламыш этчү, апам бирдемеге туйтуңдап калганда. Атамдын оор басырыктуу мүнөзүнө эп келишпеген ушул тамашасы чын ниеттен айтылбаганы өзүнөн-өзү эле билинип турчу. Ал эми апам болсо атамдын көңүлүнө кетип калабы ай, жокпу ай, аны териштирбестен туруп эле оюндагысын бурк эттирет. Бир жолку айтканы эсимде: «Биз колхозчубуз да. Мугалимге кайдан тең келелик. Башында эле өзүм теңдүү бирөөнү таап албай…»
* * *
Бир жолу, Разия эже мугалим болуп келгендин жа-зында, окуудан тарарга жакын калганда мени өзүнө чакырып алып:
– Мен Кудайберди Нурматович менен сүйлөштүм. Бүгүн биздикине жүр. Бугубай агайың да районго кеткен. Келбейт. Жаныма караан болуп мени менен жат. Ошентесиңби? — деп калды. Ичимден чексиз бактылуулукту сезген мен унчукпастан башымды ийкегиледим.
Мамилесине жараша го, Разия эжелердикинде өзүмдү үйүмдөгүдөй эле эркин сездим. Эже үйдө өзүн таптакыр башкача алып жүрөт экен. Мурдагы кийимин чечип, анысын жука спорт формасына алмаштырды эле, бүт мүчөлөрү чыгып, кадимки эле спортсмен кыздарга окшоп калды. Разия эженин жанагинтип апамдарга жакпаганы да моминтип элеттиктерден айрымаланып турганында го. Деги мен өзүм түшүнбөйм, Разия эжени эмне үчүн жактырышпайт? Сулуу десе сулуу. Өз ишин жакшы билет. Адамгерчиликтүү да.
Бирок мен билгенден аны бөтөнчө урматтаган эки адам бар: атам жана мен. А Бугубай агайчы?..
Ушул күнү кечинде Камилия эже экөөбүз китеп окуп отурдук. Баса, ушунча болуп мынчалык китеби көптү көрө элек болучумун. Атайы жасалган шкафтын текчелери шыкалган ар түркүн китептер экен. Мен азыр ойлойм: а балким менин көркөм адабий китептерге кызыгуумдун башаты дал ошо Разия эженин үйүнө келгенден башталса керек. Азыр мына, отуз жаш курбалыма чейинки окуган китептеримди санап түгөтө албасмын дейм.
Ошол күнү биз Разия эже экөөбүз кеч жаттык. Тө-шөктөрдү төркү тамга, кийиздин үстүнө катар салдык.
Уктап калган экем, эшикти тарсылдаткан катуу да-быштан чоочуп ойгонуп кеттим. Камилия эже болжолу менден мурда ойгонсо керек, тышкы бөлмөнүн эшигинин алдына барып, жарыкты күйгүзбөй тыңшап тургандай болду. Бизге белгисиз бирөөнүн эшикти олдоксон какканы кайра угулду.
– Бул ким? — Камилия эже аяр сурады.
– Ой, ачпайсыңбы. Бул менмин! — деген сырттагы одоно үндү төрдөгү жаткан мен да уктум.
– Мен деген ким?
– Мен деген мен! Тфу! — тетиги неме сөгүнүп алды.-Бугубаймын!-Эми эжеке тышкы бөлмөнү жарык кылып, эшикти ачты. Сырттан, ачык турган эшиктен менин көзүмө ошондой көрүндү, ала күү болгон Бугубай агай кирип келди да, бөлмөнүн дал ортосуна туруп:
– Эмне эшикти ачпайсың, ия?! Анан дагы ким деп сурап койот. Эмне, бул жети түндө, мен жокто, башка бирөө келмек беле, кимсиң деп сурагандай? — деди кекээрлеп.
– Эми акырын. Уят. Өзүң келбейм дебедиң беле? — деди Разия эже жалооругандай.
– Акырының эмне? Эмне, үйдө бирөө барбы?– Бугубай агай шляпасын дивандын үстүнө ыргытып жибергендей болду.
– Жаныма караан болсун деп, Тынарды, тиги Кудай— берди Нурматовичтин кызын ээрчитип келгем. Төркү тамда уктап жатат.-Разия эже мени уктап жатат деп чын эле ойлогондур, анысын билбейм. Ошентсе да ал акырын басып келип, мен жаткан бөлмөгө бир саамга кулак түрүп, анан эшигин жаап койду.
– Анын кызын эмес, өзүн ээрчитип келип албайсыңбы? — Бугубай агайдын ушинткени каалганын ар жагынан кулагыма шак дей түштү. — Ошо дегенде ак эткенден так этесиң го!
Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы менен өзүмдүн сүйүктүү эжемдин ортосундагы буга окшогон сөздөрдү, болгондо да өзүмдүн атамды кошо сүйлөшкөндөрүн угуу мага, жетинчи класстын окуучусуна ылайыксыз, абдан эле ылайыксыз эле. Мен аларды угууга эч акым жок болучу. Бугубай агайдын андан аркы сөздөрүн укпайын деп, жуурканды башыма бек чүмкөнүп алдым.
Наркы бөлмөдө эми мага алардын ачык эмес, үзүл-кесил сөздөрү жетип жатты. Анан унчугушпай калгандай болду. Думугуп кеткен жаным таза абадан жутайын деп, башымды мурдума чейин жууркандан чыгардым.
– Болуптур. Бар эми. Кишиге уйку берчи. Тиги кыздын жанына барып жат. Балким атасынын жыты бардыр. – Бугубай агайдын кер сөзү кайрадан угулду.
– Эмнеге күйдүрөсүң? Ушу атайын сен деп артыңдан келсем. Ал кишини жөн эле сыйлайм. – Разия эженин ыйламсыраган үнүн уктум. Болжошумча Бугубай агай жаткандай болду: дивандын пружиналары оор кычырады. Анан жарык өчүп, Разия эже менин катарыма келип, өз ордуна жатты. Түнкү тынчтыкта анын бышактап ыйлаганын дапдаана сездим. Жүрөгүм мыкчылып, сүйүктүү эжем менен кошо ыйлашып, анын кайгысын кошо бөлүшкүм келди.
Мен көпкө уктай алган жокмун. Жаш жүрөгүм кансырап, таза сезимимди уу аралады. Башыма түркүн ойлор алым-сабак алышып, бири да көңүлүмө токтобой жатты. Чын эле атамдын Разия эжеге болгон өзгөчө урматтоо сезимин эмне деп түшүнсө болот? Бугубай агайчабы? Жок, жок! Андай болушу мүмкүн эмес. Ал эми Разия эженин башкаларга караганда атама карата болгон бөтөнчөрөөк жылуу мамилесин эмне деймин? Анан моминтип Бугубай агайдын Камилия эжени күнөөлөшү адилеттикке жатабы?
Жок, жок! Бул суроолордун түйүнүн толук чечип бе-рүүгө менин азыр толук күчүм жетпейт шекилдүү. Бирок ушул жерде бир гана нерсе, жогорку билимдүү, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, жогорку класстардын окуучуларына кыргыз тили менен адабиятынан сабак берүүчү, биздин айылдыктардын көзү менен караганда билимдүү, маданияттуу деген Бугубай агайдын Разия эжеге карата өтө орой мамилеси мага жаккан жок.
Менин азыр эсимде бар. Баягы күзүндө, окуу жаңы башталганда, Бугубай агай менен Разия эже мектепке көпчүлүк убакта бирге келише турган. Агайдын бою да эженикине караганда бийигирээк келип, кадимки эле кинодогу сүйүшкөн эки жашты элестетишчү. Алар мектепти көздөй келатышканда да, андан чыгып кетип баратышканда да биздин класстын арт жагы менен өтүшөөр эле. Бугубай агай ар дайым башын бийик көтөрүп, тулку бою каккан казыктай түптүз бойдон, эки буту, анан эки колунун каруусунан ылдый жагы гана кыймылдаганы болбосо анын ак саргыл сулуу жүзү мрамор эстеликке окшоп кетээр эле. Биз, окуучулар кокусунан агайга жолугуп калып учурашканыбызда, ал турган калыбынан бир жазылбай, башын билинер-билинбес гана ийкемиш этип койчу.
Кийинчерээк, асыресе, мынабу окуу жылынын акыркы айларында ал экөөнүн бирге келип, бирге кетиши сейректеп калды. Азыр, мынабу мен күбө болгон окуядан кийин, агай менен эженин ич арасында мага анчалык түшүнүксүз келишпөөчүлүк улам от алып, улам курчуп, жанагинтип жалгыз басып калышкандарынын себебин жууркандын коңулунда сезип жаттым. «Байкуш гана Разия эжем ай, — дедим өзүмчө боорум ооруп. – Сиздин да кайгыңыз бар экен ээ? Сизге окшогон алтындай кишиге да бирөөнүн жаман тили тийет экен ээ?..»
Анын эртесинде Разия эже орус тили сабагын кадим-кидей эле өттү. Түндөгү окуянын күбөсү болгонумданбы анын ак жуумал жүзү шапайып, көздөрү да коюуланып, азап чеге түшкөнүн ичимден тымызын байкадым. Менимче Разия эже Бугубай экөөнүн ортосундагы түндөгү болгон ыйкы-тыйкылыктын купуя күбөсү болгонумду билген жок ко дейм. А мен болсом, эженин көздөрү меникине чагылыша түшкөндө эмнегедир эле кысынып, алардын чатагына мен себепкер болгонсуп өзүмдү күнөөгө жыгып отурдум. Чын эле мен алардыкына барбаганда, балким менин атам жөнүндө сөз болмок эместир. Мен бул күнү бир гана орус тили эмес, бардык сабактарда кош көңүл отуруп, эки оюмдун бири эле Разия эжеде болду.
Мына ошентип, али баламын деп жүргөн мага ойдо жок жерден адамдын татаал турмушунун мен али билбеген бир үзүмү келип кошулду. Балким ушул окуядан кийин чакчелекей будуң-чаңдыкты таштап, менин эресе турмушум башталды го дейм.
Кечирип коюңуздар, ичинде эмне бар дегенсип, эми мен өз атамдан шектенип алдыртан карай турган болдум. Кокус эле Разия эже жөнүндө сөз болуп калса эки кулагымды түрүп, атамдын ар бир сөзүнө талдоо жүргүзүп, алар аркылуу Разия эжеге карата болгон мамилесинин сырын биле тургансып, өзүмчө эле ийгиликсиз убара тартып жүрдүм.
Ошентип окуу жылы аяктады. Биз жайкы каникулга тарап, атам экөөбүз борбор шаапрыбыз Фрунзеге келдик. Фрунзени көрсөтөм деген атамдын мурдатан убадасы бар болучу. Апам колхоздун жумушунан бошой албай айылда калды.
Фрунзеге биринчи келишим. Театрларында болдук. Кооз салынган үйлөрү бар көчөлөрү менен бастык. Баарынан да “Дзержинский” бульвары аябай жакты. Биз жатып жүргөн тууганыбыздын үйү да ошо бульвардын жээгинде салынган тамдардын биринде экен. Эртели-кеч атам жокто өзүм деле жалгыз бульвар менен басам.
Бүгүн да «Ала-Тоо» кинотетрынан чыгып, үйгө, темир жол вокзалын көздөй келатам. Атам болсо алиги профессор тууганыбыз менен футболго кеткен болуу керек. Жана мен киного кирерде ошентип жатышкан.
Ишенесиңерби, өз көзүмө өзүм ишенген жокмун: тетиги алды жакта, мен бараткан аллеянын оң жагында коюлган скамейкада атам менен Разия эжем отурушуптур. Алар бир нерсе жөнүндө өтө эле ынак сүйлөшүп жатышкандай көрүндү. «Баягында Бугубай агайдын шеектенгени чын экен го» деген ой мээмди жарып өттү. Кадамдарым кыбырап, аларды көздөй басарымды же баспасымды билбей, бир саамга дендароо боло түштүм. Аңгыча атам мени көрө коюп:
– О, тигине, биз күткөн Тынар да келатат, -деп калды. Разия эже ордунан элпек туруп, мени утурлай басты. Анан өтүп жаткан элге деле карабай, мени келип ушунчалык бир мээрим менен эзиле кучактап өпкүлөдү. Ал мени койо бербей, мойну-башымдан жыттагылады. Балким баягыда Бугубай агай айткандай Разия эже атамдын жытын менден издеп жаткандыр деген ой кылт эте калды. «Жок, жок, — дедим кайра өзүмө каршы болуп. – Андай эмес, түк да андай эмес. Ал менин өзүмдү жакшы көрөт. Атам деле айтпады беле: «Камилия эжең сени өз сиңдисиндей жакшы көрөт» деп.
Үчөөбүз бульвар менен унчукпай басып баратабыз. Тымтырстык өкүм сүрөт.
– Тынар, Разия эжең Фрунзеге кечээ келиптир. Биз кокусунан жолугушуп калдык, — деди атам актангандай. Бирок анын үнүндө өзүнүн токтоолугуна эп келишпеген кандайдыр бир жүрөк заадалыкпы, өкүнүчпү, айтор бир нерсе бар эле.
– Разия эжең бизден биротоло кетиптир, — деп атам сөзүн улады.-Мына, окуу жылы башталарына да аз калды. Орус тили сабагында эми силерге Разия эжеңер кирбейт.
– Эже, сиз чын эле биротоло келдиңизби? – Мен токтоно албай сурап жибердим.
– Ооба, Тынар, — деди Камилия эже ортодо келаткан мени ийниме артылта колун коюп. –Тынар жакшы оку. Онунчуну бүткөндө Фрунзеге келип окуйсуң.
Анан мени таптакыр эле унутуп койгондой атама кайрылып эже сөзүн улады.
– Окуткан балдарымды жанымдай көрүп калдым эле. Алардан кетейин деген оюмда жок болучу. Бугубайды башында түшүнгөн эмес экем. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысын катардагы мугалимге жамандагандай болбоюн, балким сиздер башкача баа берерсиздер. Анын түшүнүгү тар, дагы да болсо эски салтты кармаган, шайыр, ачык жүргөндөрдүн бардыгы эле анын оюнча таза эмес кишилер көрүнгөн адам экен. Мен эбак эле кетип калайын дегем. Анан эптеп чыдап, өзүм окуткан балдарды бүтүрөйүн деп эле жүрдүм. Далай жолу анын таягын да жедим. Укпаган тилин уктум.
Менин оюма булар кетти: «Разия эже да бир кызык. Бир гана Бугубай агай үчүн мектепти, бизге окшогон өзүнүн сүйүктүү окуучуларын, бирге иштешкен атама окшогон мугалимдерин таштап кете береби?»
Атам айылга баргын деп, Разия эжени сөзсүз үгүттөйт ко деген оюм туура болбой калды. Ал жер карап баскан оор салмактуулугун жазбай үн катты:
– Разия, мен сага толук кошулам. Анын кылган кылыктарын баягы бир мага айтып келгениңде, партиялык уюмдун катчысы катары аны менен өзүм жекече сүйлөшөйүн десем: «Менин ички ишиме кийлигишпегин, анан менин катыным даттангып баргандай сен кимсиң?» деп койгон. Аны ошондо партиялык бюрого салайын деп, бирок андан баары бир эч нерсе чыкпасын, экөөңөрдүн ортоңордогу жарака ого бетер кеңейээрин түшүнүп тим койгом. Ким билет, балким ошенткеним оң болот беле?
– Жок, жок, Кудайберди Нурматович. Балким ага пар-тиялык жаза берет элеңиздер. А баары бир муздашып калган ичибиз кайра жылымак эмес.
Бул темадагы сөз ушуну менен токтолгондой болду. Эми биз ар кимибиз өз оюбуз менен алек болуп, унчугушпай бараттык Мен күтпөгөн жерден атамдын көңүлү жарк деп ачылып:
– Тынар, сен макулсуңбу, бүгүн кечке Разия эжең менен бирге бололу? — деп калды. Артынан минтип кошумчалады. — Кудай буйруса жыл сайын ушинтип Разия эжеңе келип турабыз
Албетте мен жок дебейм да.
Ошентип ошол күнкү кечти бир үй-бүлөдөй ынты-мактуу да, көңүлдүү да өткөрдүк: шаар ичин, парктарды араладык, кыргыз драм театрында болдук. Театрдан чыгып, эртең аэропорттон жолугушмак болуп, бул күнү Разия эже менен кош айтыштык.
Анын эртесинде Разия эже бизди аэропорттон узатты. Эже адегенде мени келип өптү. Анан бир кадам жетпей атамдын маңдайына келип, алар бири-бирин кыялбастык менен карап, ар кимиси батынып коштошууга кол суналбай турушту. Мен ушул жерде бири отуз беш, бири жыйырма беш жаштагы экөөнүн көздөрүнөн баштатан айтылбай калган бир ыйык сырлары бар экенин байкадым. Өз атамды кызганбай, сүйүктүү Разия эжеме ыраа көрүп кеттим.
Ушудан эки жыл өткөндөн кийин Разия мага эже эмес, өгөй энем болуп калды. Сүйүүнүн күчүнө айла жок экен атам менен тууган энем ажырашып, атам менен Разия баш кошуп, атам Фрунзеге келип иштей баштады. Мен онду бүтүп, Фрунзеге келип, кыз-келиндер институтунда окуп, атамдар менен жашап жүрдүм. Отуздардагы өз апам да айылдан теңин таап, баш кошуп, айылда жашап калды. Разия мени бир инилүү, бир сиңдилүү, өз апам эки сиңдилүү, эки инилүү кылды. Эки үйгө тең мамилем бирдей. Кыргызча айтканда эки үйдүн эрке талтаңымын.
Азыр отуз жаштамын. Борбор шаарыбыздын бир орто мектебинде жогорку класстарга математикадан сабак берем. Бир кыз, бир эркек баланын энесимин. Күйөөм жок. Жок эмес, бар. Ажырашып кеткенбиз. Атама окшоп ал да башка бирөөнү сүйүп кеткен. Отуз жашымда мени да бирөө сүйүп калабы деген үмүтүм бар.
© Абдышев К., 2012
Количество просмотров: 3540 |