Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 21-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Бензобак

“Бензобак” аңгемесинде шопур машинанын багын эч кимге билгизбей, чоңойтуп алып, кийин анысы билинип, мамлекеттик стандартты буздуң дешип, аны жазага тартмак болушканда , заводдон шопурга кат келип, сизге окшогон шопурлардын сунуштарын эске алып, машиналардын бактарын чоң көлөмдө чыгара баштадык деп жооп келет.

Абдышев К. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Университет, 2012. – 544 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7 – 4
    А – 13
    ISBN 978-9967-02-817-13
    А 4702300100-12

Нуска 500 даана

Сүрөтчүсү автор

 

Шопур Куцанов алыскы рейстен бир күн кечигип келди. Диспетчер кыз текилдеп, мунун себебин көрсөтүп түшүнүк жазып, эксплуатация бөлүмүнүн начальнигине кир деди. Куцанов эчтемеден капарсыз болгонун болгондой көрсөттү: «Фрунзе — Ош жолунда соляркам түгөнүп, бир күн туруп калдым. Жолдон өткөндөрдөн сурамжылап, Ошко эптеп барып келдим. Фрунзеден Ошко чейин эч жерде Камаздарга дизтопливо куюучу автозаправка жок. Куцанов».

– Как это так, майым түгөнүп калды? — деди эксплу-атация бөлүмүнүн башчысы таң калып.

– Бактагы май Фрунзеден Ошко чейин жетпейт экен. Жолдо эч жерде солярка куюучу заправка жок.

– Как это так, заправка жок?

– Ушинтип эле. Бензин бар, дизтопливо жок. Кара-Көлгө же Токтогулга заправка ачпаса болбойт.

– Аны бизге ким ачып берет? Бу деген целая волокита.

– Камиль Рашидович, анда бактын көлөмүн чоңойтуш керек. Бир куйган май Ошко жеткендей кылып.

– Как это так, көлөмүн көбөйтүш керек? Ал менин ишим эмес. Башкы инженер менен барып чеч. Давай жөнө. Бу жолу командировкаңды бир күнгө узартып берем. Экинчи кечиксең начальникке рапорт жазам. Жазаңды аласың.

Куцанов тышка чыгып, өзүнүн машинасы турган жакты көздөй басты. Ал өз ичинен: «Эмне кылсам? Башкы инженерге кирсемби?»-деп ойлоду. Же заправка куруш керек, же бактын көлөмүн чоңойтуш керек. Заправканы ары-бери кура коюш оңой болбосо керек. Бактын көлөмүн чоңойтуш колдогу иш.

Куцанов тигиндейирээкте басып бараткан өз ко-лоннасынын начальнигин көрүп калып, ошондой көздөй басты. Алар кол алышып учурашты.

– Понимаешь, Александр Петрович, — деп баштады сөзүн Куцанов.-Бир иш бар эле.

Колоннанын начальниги эки колун артка алып, ичин дандыйта, жылчыгыраак көк көздөрүн жиберип, Куцановду тыңшап калды.

– Александр Петрович, бу Камаздын багынын көлөмүн чоңойтпосо болбойт.

– Кандайча?

Куцанов эми элеки эксплуатация бөлүмүнүн баш-чысынына айткандардын баарын кайталады. Артында:

– Бактын бир жак учун кесип, калайдан ийип, ошо бакка улай ширетиш керек. Опоңой, — деп бүтүрдү сөзүн.

– Опоңою опоңой. Ага ким уруксат берет? Муну мен чече албайм, — деп колоннанын начальниги дароо гана жооп бере салды да, ичин дандыйта, кетип бараткан жолуна түштү.

Куцанов кантсе да башкы инженерге кирмек болуп, контораны көздөй басты. Бир жак көзү сокур башкы инженер кабинетинде жалгыз экен. Босогону аттаган Куцановду көрө коюп:

– Кир. Кел отур, — деди башкы инженер ичине соргон тамекинин түтүнүн четке үйлөп. Сигареттин күйүп жаткан учун күл түшүргүчтүн четине каккылады. Анан эмне иш менен келдиң дегенсип соо сол көзүн балбылдата Куцановго жиберди.

– Понимаете, Адыл Жумабекович, бир иш менен келдим.

– Пожалуйста. Айт.

Куцанов баарын айтып өттү. Акырында:

– Ошо бакты узартканга уруксат берсеңиз болду. Калганын өзүм бүтүрөт элем.

Башкы инженер Куцановдун айткандарынын толук жөндүү экенин түшүндү. Бирок минтип кыска гана жооп берди:

– Машиналардын конструкциясын өзгөртүүгө биздин эч акыбыз жок. Ал үчүн жооп берип калабыз. У тебя все?

– А балким заводго кат жазсакчы, Камаздардын бактарын чоңойткула деп, — деди Куцанов дагы деле болсо көгөрүп.

– Ал биздин иш эмес. У тебя все? Давай жөнө. Бул айда выход болбой жатат. Путевка алгын да, линияга чык.

Куцанов эми так эле начальниктин өзүнө кирип көрмөк болду.

– Понимаете, Кадыр Айтиевич. Сизге бир иш менен келдим, — деп Куцанов көнүмүш адаты менен сөзүн жай баштады. Ал өзүнүн оюндагысын бүт ортого салды. Акырында:

– Бакты улап чоңойтуш керек деп башкы инженерге чейин кирдим. Баары эле болбойт дешет. Акырында минтип сизге келип отурам, — деди.

– Бул айтканыңыздын баары жөндүү, — деп начальник сылык макул болду. – Бирок биздин республикага КамАЗдар жаңы эле келип жатпайбы. Ошол себептен биздин жолдордо дизтопливо куюп берүүчү заправка анчалык өнүккөн эмес. Балким мындан ары ойлонушаар. Фрунзе-Ош жолунда заправка салуу туурасында сунушумду жогорку жактарга берем. Ал эми бак жөнүндө башкы инженердин айтканы туура. Атайын уруксатсыз заводдун конструкциясын өзгөртө албайбыз. Мамлекеттик стандарт деген уюм бар. Алар бизди күнөөгү жыгышат. Штраф салышат. Түшүнүп жатасызбы, Филип Александрович?

– Түшүнгөнүн го түшүндүм. Анан кандай айла кылабыз? — деди Куцанов.

– Кандай айла кылат элек? Көп болсо КамАЗдарды Ош тарапка рейске жибербейбиз да.

– Понимаете, Кадыр Айтиевич, он алты тонналык машина шаар ичинде же жакынкы рейстерде иштеп, анан майда машиналар алыска жүк ташыганы кандай болот? Өкмөткө канча зыян.

– Аныңыздын калети жок, жолдош Куцанов. Бирок эмне айла кылабыз? — деп начальник колдорун эки жакка жайып койду.

– Балким жогору жактарга кайрылсакчы. Уруксат беришээр, — деди Куцанов өзүнүн кадимки бир калыптагы жайма-жай үнү менен.

– Жолдош Куцанов, ал өзүнчө эле бир волокита. Биз инстанцияны сактап, башкармалыкка жазышыбыз керек, башкармалык министрикке, министрлик андан ары Минисирлер Советине, Министрлер Совети Москвага... Түшүнүп жатасызбы? Ошончо аралыкты басып өткөнчө убакыт керек. Анан анын түз чечилерин да кудай билет. Начальник андан ары унчукпай Куцановду суроолуу тиктеп калды.

Куцанов начальниктин кабинетинен чыгып, өз ма-шинасын көздөй басты. Ал өз ичинен эмне кылсам деди. Анан: «Давай, эмне болсо ошо болсун. Димка менен сүйлөшөйүн да, эч кимге билгизбей бакты чоңойттуруп салайын» -деген чечимге келди. Ал ширетүүчү участокту көздөй басып келди. Ширетүүчүлөрдүн бири, өзү Димка деп эркелетип атаган менен, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, бир жак бутунан сылтып баскан, Дмитрий Трофимович Ширяев деген Куцановдун курбалдашы. Алар согуштан кайтышкандан кийин, азыраак айрымасын эске албаганда бу автобазага бир эле жылдын ичинде келип киришкен. Ошондон бери бири ширетүүчү, бири шопур болуп иштеп келатышат. Советтик өнөр жай чыгарган Ата мекендик автомашиналардын Куцанов айдабаганы калган жок. Полуторка, ЗИС-5, ГАЗ-51, ЗИЛ-164, ЗИЛ-130. Анан мына, жакында эле КамАЗдын биринчи келген партиясынан бирди ушу Куцановго беришкен.

КамАЗ машинасы Куцановго дароо эле жакты. Мотору күчтүү, иштегени жакшы, кабинасы кенен. Жайы болсун, кышы болсун радиаторго суу куям деген убаракерчилик жок. Суу ордуна кышында тоңбой турган атайын башка «ТОСОЛ» деген суюктук куюлат экен. Бу жаңы машинанын бир гана жаман жери дизтопливо куюлуучу багынын кичинелиги болду. «Конструкторлор эмне, ушуну ойлошкон эмеспи, бу машиналар шаар аралык жүктөрдү ташууга чыгарылып жатса. Анан багын кичине кылып койгону эмнеси? Он тонналык МАЗдардын багына үч жүз литр батат. Чиркегичи менен алганда КамАЗдардын жүк көтөрүмдүүлүгү он алты тонна, бак-тын сыйымдуулугу жүз жетимиш беш литр»...

Куцанов эңкейип алып, машинанын рамасын ширетип жаткан Ширяевдин жанына басып келип, анын жеңинен тартып:

– Салам, Димка, — деди. Ширяев ширеткенин токтотуп, жарыктан калкагычты бетинен алып, өйдө болду.

– А-а, Филипсиңби? — Алар кол алышып учурашты.

– Димка, сени менен сүйлөшө турган сөз бар.

– Жүр, мындай басып курилькага баралы, — деди Ширяев.

– Курилька эмес, менин машинамдын жанына баралы. Анча деле убактыңды албайм. Көп болсо беш мүнөт.

Алар катарынан тизилген он чакты КамАЗдын эң четкисинин жанына басып келишти. Машинанын бак коюлган жагына өтүштү.

– Понимаешь, Димка. Карасаң, бак кичине болуп жатат. Ушуну чоңойтуш керек. Мына, көрдүңбү? — деп Куцанов эңкейе берип баржайган колун бактын арт жагына койду. — Ушу бетин сварка менен кесип таштап, анан ушу бактын өлчөмүндөй кылып бир жагы ачык жарым бак жасап, анан бириктирип ширетип ташташ керек. Бирок муну автобазадагылардын эч кимиси билбесин.

Ширяев эңкейе берип, бактын тыяк-быягын кармалап, анан өйдө болду.

– И, Димка, эмне дейсиң? Болобу?

– Болот. Бирок эч ким билбесин деп жатасың. Менин бир жакшы тааныш ширеткичим бар. Биерден эмес, ошол жерге барып, иш эмес күнү ширетишибиз керек.

Ушудан эки күн өткөндөн кийин Куцановдун машинасына сыйымдуулугу үч жүз литр келген бак коюлду.

Куцанов эми башкалардан өзгөчөлөнүп, эң алыскы рейстерге жүктөрдү жеткирип жүрдү. Ар ким күндөлүк иштери менен алек болуп жүрүп, заправка жок жолдордо ал эмне кылып солярка куюп жүргөнү алардын оюна келбеди.

Бир ай өттү. Жүк ташуунун планын жыйынтыктап келгенде эле жүк обороту боюнча Куцанов КамаАЗдарда иштеген башка шопурларга караганда алда канча озуп кетиптир. Аны чогулуштарда колоннанын начальниги Александр Петрович да, эксплуатация бөлүмүнүн башчысы Камиль Рашидов да, башкы инженер Адыл Жумабеков да, автобазанын начальниги Кадыр Айтиев да, дегеле бүт баары жерге-сууга тийгизбей мактап эле жатып калышты.

Бирок Куцановдун багын кошумча узартып алганы баары бир билинбей калган жок. Башка КамАЗда иштеген бою кичинекей, сүйлөгөндө көздөрүн кыбыңдаткан Күмүшбаев деген шопур бар болучу. Ошол бир жолу Куцановдун багын көрүп койду. Ал аны дароо эле өздөрүнүн колоннасынын начальниги Александр Петровичке жеткирди.

– Давайте, мага да уруксат бергиле. Ошондо менден да пландын аткарылышын сурап алгыла, -деп Күмүшбаев маселени кабыргасынан койду.

– Андай болушу мүмкүн эмес, — деди колоннанын начальниги артына алган эки колун бошото берип. Бирок өзү барып көрдү да, Күмүшбаевдин айтканынын толук чындыгы бар экенине ишенди. Ал бул туурасында эксплуатация бөлүм-үнүн начальнигине айтып коюуну туура тапты. Өзү буга кокус күнөлүү болуп калбайын деди.

– Как это так, багын чоңойтуп алыптыр?-деди Камиль Рашидович көздөрүн жүлжүйтө, чекесине түшкөн кайраттуу сыйда чачын кайрылбаса деле кайрыган болуп.– Бул үчүн Куцанов жооп бериши керек. Муну мен азыр гана башкы инженерге айтамын. Куцановдон мурда буга биринчи иретте Ширяев күнөлүү. Экөөн кошуп туруп жазалаш керек.

Башкы инженер эксплуатация бөлүмүнүн начальнигинин айткандарын угуп болуп:

– Куцановду өзүбүз көптүрүп жибердик. Ветеран, анан согуштун катышуучусу, балан-бастан деп. Ушул бойдон тим койсок ал баарыбыздын төбөбүзгө чыгып алат. Аны катуу жазалаш керек. Ширяевди дагы. Мен азыр начальникке кирип доложить этем. У вас все?

Начальник башкы инженердин айткандарын угуп болуп, дароо гана Куцановду таптырды. Кабинетине колоннанын, эксплуатация бөлүмүнүн начальнигин, башкы инженерди да кошо чакырды.

– Жолдоштор, — деп баштады сөзүн автобазанын начальниги. — Жолдош Куцанов өз билгенин кылып, жапжаңы чыгып жаткан КамаАЗ машинасынын май куюучу багын чоңойтуп алыптыр. Бул болсо өкмөттүн законун бузгандык болуп эсептелет. Мындай иштер үчүн ал катуу жазаланышы керек. Кана, эмне дейсиңер? Начальник отургандарды суроолуу тиктеп калды. – Александр Петрович, сиздин оюңуз кандай?

– Билбейм эмне дээримди. Балким бир жаза бериш керектир, — деди Александр Петрович бүтүгүй көздөрүн жалжылдата.

– Как это так, жаза бериш керектир? Самым настоящим образом жазалаш керек. Жолдош Куцановду КамАЗдан алып, эски-уску газиктердин бирине отургузуш керек, — деди эксплуатация бөлүмүнүн начальниги Рашидов чекесине түшкөн катуу чачтарын кайрыган болуп.

– Менин оюм мындай,— деди башкы инженер чоң ачылган балбылдаган сол көзүн начальникке түздөй берип. — Куцанов эч ким менен макулдашпай мамлекеттик тартипти бузган. Ал мага кайрылганда, андай кылууга болбойт дегем. Туурабы, жолдош Куцанов? Стандарттар комитетине жетсе биз чоң штраф төлөп калабыз. Менин сунушум мындай. Мамлекеттик тартипти бузуп, өз эрки менен конструкцияга өзгөртүү киргизгени үчүн Куцановду кодекстин закону менен иштен алып, ага жардам кылганы үчүн ширетүүчү Ширяевге катуу сөгүш берилип, кварталдык сыйлыктан кур калтырылсын. Бактын кошумчаланган жерин кайра кесип таштап, мурдагы абалына келтирүү жагы менин мойнума жүктөлсүн.

Тигилердин сөздөрүн угуп болуп, көңүлүндө салмактап, начальник бир саамга унчукпай отурду. Анан үнүн шашпай чыгарып сөзүн баштады:

– Менимче, Куцановдун бакты өзгөртүп алганы жө-нүндө өзүбүздөн башка эч ким биле элек. Анын көп жылдан берки эмгегин, Ата мекендик улуу согуштун катышуучусу экенин эске алып, ага эч жаза бербей эле койолу. Бакты болсо бүгүн эле өзүнүн формасына келтирели.

– Мен да ушинтип ойлогом, — деп Александр Петрович сүйүнүп кетти.

– Кадыр Айтиевичтин айтканына кошулам, — деди Камиль Рашидович.

– Эмне кылсаңар өзүңөр билгиле, — деди ыраазы болбогон башкы инженер башын жерге салып.

– Адыл Жумабекович, чын-чынана келгенде мун үчүн бизди эч ким чаап албайт. Түшүнүп жатасызбы? Давайте, ошо менин айтканымдай кылалы.

– Шопурларды биз башкарбай эле, алар бизди баш-карып алды, — деди дагы деле начальникке макул эместигин билдирип башкы инженер.

Дал ушул учурда секретарь-машинистка кыз баш багып:

– Кадыр Айтиевич, трубканы алыңызчы. Сиз менен азыр министр сүйлөшөт, — деди. Начальник адегенде селт эте, анан тынчтангыла дегенсип, сол колунун алаканын берки отургандарга жайып, оң колу менен трубканы алып, кулагына тосту.

– Сизди угуп жатам, Владимир Петрович. Жакшы болот, Владимир Петрович. — Начальник угуп болуп, трубканы ордуна коюп, берки отургандарга суроолуу карады.

– Камиль Рашидович, министр буйрук берди. Мына азыр гана бир КамАЗ керек болуп жатыптыр. Ош шаарына бүгүн түндөп жүк жеткизиш керек экен. Антпесе Оштогу текстиль комбинаты токтоп калуу коркунучунда экен. Айдын аягы, комбинаттын планы аткарылбай жатыптыр.

– Кадыр Айтиевич, Ташкен аркылуубу же Төө-Ашуу аркылуубу.

– Албетте ашуу менен. Ташкен менен барса эки-үч күн кетирип койобуз.

– Как это так, Кадыр Айтиевич, ашуу менен? КамАЗга бир куюлган соляркасы жетпейт. Жолдо заправка жок.

– Кептин баары ошондо, Камиль Рашидович. Ми-нистрге эмне, ошентип айтмак белем?

– Куцановду жибере турбайлыбы? — деген ойду Александр Петрович айтып калды.

– Эң туура. Ошондой кылалы, — деп начальник аябай сүйүнүп кетти.

Ошентип, бу күнү Куцановдун машинасынын чо-ңойтулган багы өзгөрбөй, түнү менен ашуу аркылуу Ошко керектүү жүктү алып кетти. Бакты ошояктан келгенден кийин мурдагы калыбына келтирмей болушту.

Анын эртесинде начальникке министр кайрадан минтип телефон чалды:

– Жолдош Айтиев. Оштон телефон чалышты. Жүктү убагында жеткирип берипсиңер. Чоң рахмат. Анан ошол жүк алпарган шопурду, Куцанов дедиңизби, менин атымдан куттуктап, акчалай сыйлык бериңиз.

Начальник ушул эле күнү кечке маал бүгүнкү күнү келген кагаздардын арасынан автозаводдон автобазанын адресине, Куцановго келген төмөнкү кыска катты окуду:

«Урматтуу, Филип Александрович, сиздин жана сизге окшогон көптөгөн айдоочулардын суроолорун эске алып, завод мындан ары КамАЗдардын бактарын чоңойтуп чыгара баштады».

1979-жыл


© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 1887