Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 28-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Ар кыл ырлар

Кыргыз республикасынын жазуучулар жана журналист-тер союздарынын мүчөсү, композиторлор жана сүрөтчүлүөр союздарынын Ардактуу мүчөсү, көп кырдуу талант Казакбай Абдышевдин бул китебине ар кайсы жылдары жазылган ырлары жана поэмалары кирди. Ырларынын көркөмдүк деңгээли жогору жана айтайын деген ойлору терең берилген. Махабат ырларында эротикалык чымчыкейлери да кездешет. Философиялык терең ойлору менен катар эле ырлар кыргыз элине мүнөздүү күлкү-тамашалардан да кур эмес. Ырлар жана поэмалар поэзияны сүйүүчүлөр үчүн кызыгуу жаратат. Айрым ырларына жана термелерине автор тарабынан обондор да чыгарылып, автордун жана башка белгилүү артисттардин аткаруусунда ырдалып жүрөт.

Абдышев К. Ыр дүйнө: Ырлар-поэмалар. – Б.:Университет, 2012. – 476 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
А13
ISBN 978-9967-02-815-9
А 4702300200-2012

Нуска 500 даана

 

АБДЫЛДА

Абдылда атту бир топ бар айылымда,
Айтарым сакалдынын Абдылдасы.
–Мектепке баратканда көзгө сайган,
Эсиңдеби шыбыргак кардын жаашы?

Күңгөйдөгү кыштоого барган жолдо,
Күүгүм талаш иңирде кечиндеги,
Жарганаттар шуу этип учуп өтсө,
Жата калган учурлар эсиңдеби?

Жыртык кийиз чокойлор суу болгондо,
Жыңайлак сары карды кечип жүрдүк.
Ошондо да мектепке такай келип,
Ордубузда калбастан көчүп жүрдүк.

Бирибизден кызганбай тең бөлүштүк,
Бир сындырым калама арпа нанды…
Андан бери көптөгөн жылдар өтүп,
Ал мезгил элес болуп артта калды.

Жолубуз жакшы болду буйрук экен,
Жогорку окуу жайын бүтүп алдык.
Ар кайсы кызматтарды өтөп келип,
Ар кандай дөөлөт, пейил күтүп алдык.

Короюп кыр салабыз ар кимибиз,
Кокустан жолугушсак ушул тапта.
Калп эле: «Ой, кандайсың?» деген болуп,
Кол берип, бөлүнөбүз туш-туш жакка.

 

АГАТАЙЫМ

Атың болуп, алыска чабылайын,
Алыс жүрсөң жол карап сагынайын.
Үшүсөң турган кезде суук болуп,
Үстүңө тонуң болуп жабылайын.

Оорусаң дарың болуп дарылайын,
Очокто отуң болуп жагылайын.
Мээнеткеч агайымды сактап жүр деп,
Мээрман кудайыма жалынайын.

Болоюн нурун чачкан жарык айың,
Мүрөктүн суусу болуп агылайын.
Калкым деп калканч кылган көкүрөгүн,
Калдайган карааныңдан кагылайын.

Тагдырдын буйругуна багынайын,
Махабат гүлүн мен да тагынайын.
Өйдөлөп жашың барып калса дагы,
Өзүңө жар болууга камынайын.

 

АЖАЛ ОГУН УТУРЛАЙБЫЗ

Алты катар сандыкка жашынсак да,
Ажалдын чеңгелинен кутулбайбыз.
Билбеймин, канча жылдык өмүр калды,
Бириндеп ажал огун утурлайбыз.

Адамдын кээде өмүрү чорт кыркылат,
Ажалдын билинбеген огу көзөп.
Айла жок, транспорт кырсыгынан,
Абдыбекке муздак көр болду төшөк.

Бирде бар, бирде кайра тарап кеткен,
Биз дагы көчүп жүргөн булуттайбыз.
Аш берген, чай бергениң унутулар,
А бирок адамдыгың унутпайбыз.

 

АКЫН МЕНЕН АЯЛЫ

–Башты мыкчып, карыш салып кабакты,
Ыр жазам деп кыйналбачы мынчалык.
Уйку калып, тарткычакты азапты,
Төшөгүңө келип жатчы тынч алып.

–Сүйгөн жарым, жанын багып аземдеп,
Кыйналуудан корккон акын акынбы?
Жүрө берсең бош убакта жазам деп,
Мезгил өтүп жедиресиң акыңды.

 

АЙЫМДАР ЫРЫ

Энчибизге жазылып калган экен,
Эне болуу эң ыйык милдетибиз.
Бака баштуу эркектен, алтын баштуу
Аялды төмөн койгон илдетибиз.

Айымдар, албан ишти беттегиле,
Анан да аша чаап кетпегиле.
Кыйынчылык башыңа түшкөн кезде,
Курманжан энебизди эстегиле.

Айымдар, пас иштерге барбагыла,
Аялзат туусун бийик кармагыла.
Айлаң кетип турганда, сыйынгыла
Апабыз Курманжандын арбагына.

Бийлетип эркектерге келебизби,
Болгону балдар тууган энебизби?
Турмушта жашап өтсөк күрөш менен,
Туу тутуп Курманжандай энебизди.

 

АЛГАН ЖАР

Жаш кезде аруу-сезим ашып толуп,
Жалындап селкилерге ашык болуп,
Атка окшоп аркандалып, жаш өткөндө,
Алган жар калат экен казык болуп.

Унутуп бир кездеги «жамандыгын»,
Ууртатпай арак бербес сараңдыгын,
Тилин алып, от жагып, күл чыгарып,
Тилейсиң тирүү жүргөн амандыгын.

Эсиңден эбак чыгып, «калгандарың»,
Эң кымбат болот экен алган жарың.
Өзүңдүн да жаныңдан кымбат көрүп,
Ошол тура жашоодо карманганың.

 

АРАКТЫН КЕЗЕГИНДЕ
(Горбачев заманында)

Ишимден кайткан жолдо көрө койдум,
Котолоп эл чогулуп турган жерди.
–Акыры ким экен?– деп сураганда,
–Менмин,– деп бир жаш селки жооп берди.

Аракка кезек улам өсө берди,
Арт жагымдан келгендер ныкталышып.
Айла жок көпчүлүктүн кысымынан,
Акыры кызга калдым чыпталышып.

Жалындап сезим оргуйт ээ-жаа бербей,
Жашырбай айткан болсом сөз калысын.
Дөшүнү согуп жаткан барскандай,
Жүрөгүм тарс-турс урат кыз далысын.

 

АРМАН

Сырыңды билбей башында,
Сымбатыңа кызыгып.
Олтурам азыр кашыңда,
Көзүмдөн жашым сызылып.

Кыз кездеги кыялдын,
Кыпыны да калбады.
Балбылдаган көздөрүң,
Баягындай жанбады.

Акырын сүйлөө жат болуп,
Аркырайсың ар качан.
Жардам бербейт дегеле,
Жалынып кылган далбасам.

Берем деп беш сом бирөөгө,
Белчемден баттым «күнөөгө».
Тимеле жаман коркуттуң,
Тийем деп башка күйөөгө.

Аз күн болбой сен куудуң,
Айылдан келген инимди.
Бассаң-турсаң айтканың:
«Багамын кайсы бириңди?»

Эки күн жүрүп кетем деп,
Энем да эми каттабайт.
Экөөбүздөн башкалар,
Эшигибизди аттабайт.

 

АРМАН ЭКЕН
(Анапиянын айтканы)

–Кезинде мен төрөлүп, киндик каным,
Кетмен-Төбө жеринде тамган экен.
Үйрөнүп, тамга таанып, кат жазганды,
Үч-Терек мектебинде алган экем…

Тамшандырган укканды таңшыган үн,
Тагдырыма буюруп калган экен.
Таанылып ырдап чыгып өз жеримде,
Таланттын алгач көзүн жарган экем.

Билимди андан ары улантууга,
Бишкекке филармонияга барган экем.
Ыгын билип, үйрөнүп башкалардан,
Ырчылыкка кенен жол салган экем.

Ээлене эргип чыккан үнүм менен,
Эл толгон залдын ичин жарган экем.
Эчен жылдар ыр ырдап, обон созуп,
Эл-журтумдун алкышын алган экем…

Күйөөң күлүп-жайнап сүрөп турса,
Күлүктүн жүрүшүнө жардам экен.
Акырын тизгингиңди тартып турса,
Аттиң ай, ырчы кызга арман экен!

 

АСЕЛ АПА

Өңүңдөгү каршы-терши миң бырыш,
Өткөн кылым тарыхынын издери.
Каттап жазса кагаз бети чак келбес,
Катаал тагдыр, оор турмуш тизмеги.
Кайыштырып турса дагы жокчулук,
Кабак-кашым деген жоксуз сиз деги.
Төрөп баккан төрт балаңдын бирөөсү,
Төл башында–Президент биздеги.

Кызы элең ирегелеш казактын,
Кыргыздардын болуп келдиң келини.
Жериң болду, элиң болду түбөлүк,
Жер соорусу–Ала-Тоонун Кемини.
Өгөйлөнбөй Кудай сүйгөн адамсың,
Өлчөбөстөн өмүр берди кеңири.
Кылым баткан карт жүзүңдөн себилет,
Кыл карасыз энеликтин мээрими.

 

АЧ КӨЗДҮКТӨН АЛЫС БОЛСОК

Азыркылар бийликке умтулушат,
Ач бөрүдөй ыркырап жуткунушат.
Ал “эргулдар” бийликти пайдаланып,
Акырындап байлыкка туйтунушат.

Бакиевдей ажо бар шайлап алган,
Жалданма жан жөкөрлөр жандап алган.
Балдары, инилери... элибиздин,
Байлыгын канжыгага байлап алган.

Арам тамак бийликке келип алып,
Ай чапчыган убада берип алып,
Калкына куму калып карк болушат,
Каймактаган алтынын терип алып.

Кыраан кыргыз аталган эл болобуз,
Кылымдарга белгилүү–кимдигибиз.
Күкүмдөнүп ынтымак ыдыраса,
Күү деп түшөр төбөгө түндүгүбүз.

Амбиция отуна күйбөгүлө,
Алың келсе элди алга сүйрөгүлө.
Адегенде тойгузуп эл курсагын,
Андан кийин тайраңдап бийлегиле.
Бийликти пайдаланбай байлык үчүн,
Билимдүү күйүп-бышат калкы үчүн.
Арамдык, ач көздүктөн алыс болуп,
Ал жумшайт эли үчүн бардык күчүн.

22.12.2006

 

АЯЛДАМАДА

Ата-энеси чүрөктөй кызы менен,
Автобус токтоор жерге басып келди.
«Алтынчы» автобустан кечигем деп,
Аңгыча бир жаш жигит шашып келди.

Аярлап токтой калды кызды көрүп,
Ал түшөр автобусу жүрүп кетти.
Алаксытып жигиттин бүт сезимин,
Ажары жаш сулуунун буруп кетти.

«Алтынчы» автобусу унутулуп,
Акмалап жаш сулууга көзүн кадайт.
«Алар күткөн автобус келбесе» деп,
Акырын өз ичинен жигит самайт.

Аңгыча «он биринчи» келе калып,
Аны көздөй тигилер жыла берди.
Автобус кеткен жактан көзүн албай,
Аңкайып тиги жигит тура берди…

Ал жигиттен кызына ичи тарып,
Атасы аялына кулак кагат:
–Алиги оңбогурдун сугу түшүп,
Айланайын тимеле көзү жанат.

Аялы жооп берет: «Кыз кезимде
Атышкан далай көздөр мени дагы.
Азамат жигиттердин арасынан,
Абышкам, арбагамын сени дагы».

 

АЯЛДАРДЫН АРМАНЫ

Аябай жаман турбайбы,
Аял кылып жараткан.
Көргөндөр карайт түктүйүп,
Көтөрүп арак баратсаң.

Эң эле жакшы турбайбы,
Эркек кылып жараткан.
Ийреңдеп басса билинбейт,
Ичип алып арактан.

Аял деген курусун,
Ак түшүп калса чачыңа.
Карыган неме экен дейт,
Карабай сенин жашыңа.

Ак чачтуу эркек мода экен,
Абышка болуп калса да.
Кыз-келиндер андайдын,
Кызыкпайт жашы канчада?

Тогуз ай бою көтөрүп,
Толготконуң курусун.
Тымызын ойлойт экенсиң,
Тырс этип жандын чыгышын.

Кейийсиң жаның кыйналып,
Кесе тиштеп эринди.
«Кезинде неге тийдим» деп,
Келтире тилдеп эриңди.

Аялда деги ар барбы,
Алган соң бошоп боюңдан.
Кыналасың эриңе,
Кыйналуу чыгып оюңдан.

 

БАЗАР-КОРГОН

Көптөн бери көңүлгө алып койгом,
Көрсөм деп эли-жерин Базар-Коргон.
Бирок да шартым болуп келе албадым,
Билинбей мезгил өттү ошол бойдон.

Акындын чыкпай бул жер санаасынан,
Тандадык Түштүк жактын арасынан.
Эл менен учурашып келели деп,
Биз келдик ордо Бишкек калаасынан.

Кооздоп көңүлдөргө түр саламын,
Комузда кол ойнотуп күү чаламын.
Колго алып казагымдын домбурасын,
Кошулуп коңур добуш үн саламын.

Арзып келген элине жаксам болду,
Анча-мынча көңүлүн ачсам болду.
Ач жүрүп, ток жүргөнгө кайыл болуп,
Аман-эсен Бишкеке кайтсам болду.

 

БАКЫТ

Бакыт деген бийик тоонун чокусу,
Ага жетет азап менен кыйналып.
Акылы бар, ар намыстуу адамдар,
Жеңип чыгат бакыт менен сыйланып.
Туу чокуга жетип-жетпей далайлар,
Шыпырылат этегинде жыйналып.

 

БАЛА БОЙДОН КАЛАМЫН

Жетеленип мен мезгилдин кулумун,
Карап көрсөм, далайлардан улуумун.
Чала кылбай, чоңдун ишин бүтүрүп,
Сактап келем балалыктын жугумун.

Кай бирлерде карыш салып кабагын,
Кадыресе зекип койот аялым:
–Уят экен, калбаат жүрчү зыңкыйып,
Улгайганча ишин кылбай баланын.

–Аялым бар, балдарым бар, үйүм бар,
Коломтодо отум өчпөс күлүм бар.
Балдарыма, сага болгон сүйүүм бар.
Башым тартуу–Мекениме күйүүм бар.

Бул дүйнөдөн үзүлгөнчө карааным,
Жоготпоймун кыялдарын баланын.
Жашоо кызык жаш балача ишенчээк,
Кабылдабай чоң кишинин арамын.

 

БАШ КОШКОН ЭКИ ЖАШКА

Күнүндө жаш болгонбуз солкулдаган,
Күкүктөп көл-дайрадай толкундаган.
Бий бийлеп, ырдап-чордоп кыз-жигиттер,
Бир азга тыным алып олтурбаган.

Эми биз чоң атабыз, чоң апабыз,
Эринчээк жай турабыз, жай жатабыз.
Ээрчитип неберени колдон алып,
Эртели-кеч шашылбай жай басабыз.

Карааны жаш чагымдын кайда калды?—
Кайрылбас алыс жакта жайда калды.
Качанкы өтүп кеткен жаштыгымды,
Кайрадан кайрып алар айла барбы?

Өтүп кеткен өмүргө топук кылам,
Өмүрлөрдү өмүрлөр улайт улам.
Курагына жеткиле карылыктын,
Кудайдан мен ошону сурап турам.

 

БЕКМУРЗА

Ичинде кымындай да арамы жок,
Инилүү болгонума кубанамын.
Алган жарың жана да балдарыңдын,
Амандыгын кудайдан суранамын.

А мен болсо өзүмчө ыраазымын,
Атыр аттуу жубайлуу болгонуңа.
Абайлабай кут чачкан үйүңөрдөн,
Атыр жытты жоготуп койбогула.

Атыр жыт үйүңөрдө аңкып турсун,
Ашыңар төгүл-ташыл артып турсун.
Конок болуп үйүңө келген адам,
Корунбай ырахатта балкып турсун.

 

БИЙЛИК, БАЙЛЫК ДОС БОЛДУ

Бийлик, байлык дос болду,
Бир тизгинге коштолду.
Бир үй-бүлө башкарып,
Бийлиги элдин жок болду.

Байлык, бийлик дос болду,
Башыңа тийген ок болду.
Баштыктын түбү тешилип,
Байлыгы элдин жок болду.

Ал экөө күндүк дос болду,
Алкадык үркүп-коркконду.
Аныкталган күнөө жок,
Айрымдар жалган соттолду.

Көзөмөлдөө бош болду,
Көрүнөө салдык кош колду.
Көчүгүңдү жалаган,
Көп чогулттук досторду.

Биригип алып дос болду,
Бир борбору Ош болду.
Бийликке келип иш билбес,
Билимдүүлөр жок болду.

Алдым-жуттум шок болду,
Алга жылуу токтолду.
Балчайта басып жампаны,
Батинкебиз бок болду.

 

БИШКЕГИМ
(гимндин долбоору)

Эзелтеден элибизди саматкан,
Эркиндиктин Ала-Тоодо таңы аткан.
Жеңиштерге шыктандырып Бишкегим,
Желбирете туу көтөрүп бараткан.

Кайрыма:
Мекенимдин тиреги,
Сүттөй аппак тилеги.
Кан жүргүзгөн тамырга,
Кыргызстан жүрөгү.

Бийиктеген адам акыл-сезими,
Билим, илим, маданият бешиги.
Билим алчу жаштар үчүн ар дайым,
Бишкегимдин кеңири ачык эшиги.

Кайрыма:
Жашыл багы көк обого тирелип,
Жарашыктуу кызыл-тазыл гүл өнүп.
Борбор шаарым түркүн улут очогу,
Биримдикке ширелишкен түбөлүк.

Кайрыма

 

БОЛСО ДАГЫ КҮНӨЛҮҮ

Чабал бала бирөө менен урушса,
Ал коркутат баякесин чакырып.
Чоңдук кылып, инисине болушса,
Берки бала тийе албайт батынып.

Кай бир эле чоң адамдар мактанып,
Эске салат ошол чабал баланы.
Даражалуу бирөөнө даттанып,
Терс болсо да анын туура талабы.

 

БООГАЧЫНЫН АРМАНЫ

Ак боз ат калды союлбай,
Алганым калды союлдай.

Айдалып кетип баратам,
Айлыма сөөгүм коюлбай.

Кара атым калды союлбай,
Катыным калды союлдай.
Кармалып кетип баратам,
Калкыма сөөгүм коюлбай.

Тору атым калды союлбай,
Токолум калды союлдай.
Толгонуп кетип баратам,
Тоолорго сөөгүм коюлбай.

Кызыл ат калды союлбай,
Кымбатым калды союлдай.
Кыйылып кетип баратам,
Кыргызга сөөгүм коюлбай.

Жээрде атым калды союлбай,
Жан биргем калды союлдай.
Желдетке кеттим айдалып,
Жериме сөөгүм коюлбай.

Эки асый калды союлбай,
Эрмегим калды союлдай.
Ээрчитип кетти желдети,
Элиме сөөгүм коюлбай.

Тулпар ат калды союлбай,
Түгөйүм калды союлдай,
Түрмөгө кеттим айдалып,
Туулган жерге коюлбай.

Аргымак калды союлбай,
Алган жар калды союлдай.
Арманда кетип баратам,
Арымга сөөгүм коюлбай.

Өрүш мал калды союлбай,
Өмүрлөш калды союлдай.
Өлүгүм калар жат жерде,
Өз жерге сөөгүм коюлбай.

 

БҮБҮГҮЛДҮН БУЛБУЛ ҮНҮ

(Казак калкынын үлкөн ырчы кызы Бүбүгүл Төлөгөновага)

Жан эриткен,
Жан сергиткен,
Казак кызы,
Бүбүгүлдүн булбул үнү.

Үн алышкан,
Күү чалышкан,
Булбул менен,
Бүбүгүлдүн булбул үнү.

Багындырган,
Сагындырган,
Бала кезден,
Бүбүгүлдүн булбул үнү.

Сезим сылап,
Көңүл улап,
Шаттандырган,
Бүбүгүлдүн булбул үнү.

Өчпөй калды,
Кетпей калды,
Сезимдерден,
Бүбүгүлдүн булбул үнү.

Ыктай калды,
Чыкпай калды,
Көңүлдөрдөн,
Бүбүгүлдүн булбул үнү.

 

ГҮЛЖАНГА (КҮЛЖАНГА)

Таласымдын кызы экенсиң чүрөктөй,
Арман кылар сени сүйгөн бир өппөй.
Ден соолукта, кубанычта жүрсө дейм,
Көңүлүңө кайгы-капа түнөтпөй.

Аппак тишиң жарашыктуу тизилген,
Күлжан кызым, күлкү кетпей жүзүңдөн,
Түбөлүктүү мыкты жигит тапса дейм,
Сенин таза ич дүйнөңдү түшүнгөн.

Чыбык бойлуу устуканың таза экен,
Булкуп алган бир көргөндүн жүрөгүн.
Теңтуш болсом алаканга салмакмын,
Сага окшогон кыргызымдын чүрөгүн.

Алда кайда артта калган жаштыгым,
Алып жүрөм карылыктын баштыгын.
Агаң сага берип койсун батасын—
Бир кылымдык жашоо жолун баскының.

Күлжандын жандырмагы—“Күлчү жаным”,
Жүзүңдөн күлкү кетпей жүрчү дайым.

Жашоонун ырахаты ушу болот—
Айлана-тегеректин сүйчү баарын.

 

«ДАЛДАЛ» ГЕЗИТИНЕ

Жаңы гезит «Далдалым»,
Жакшы тилек арнадым.
Тушооң кесип алыпсың,
Эми,
Тууңду бекем кармагын.
Кезиттен көп неме жок,
Билесиң өзүң ал жагын.
Ат жарышка кошулдуң,
Арты болуп калбагын.
Катуу карма өзүңдү,
Калбасын чыгып далдалың.
Бак башында илинген,
Түшөрүн күтпө алманын.
Адал жүрүп, ак сүйлө,
Арам ишке барбагын.
Айнытып элиң койосуң,
Айтсаң сөздүн жалганын.
Чыркырап жаның күйсө да,
Чын айткандан танбагын.
Калк ичинде көбөйсүн,
Кадыр-баркың, салмагың.
Селки-жигит табышсын,
Сенин тийип жардамың.
Анан дагы айтарым,
Акын байкең Казакбай,
Аял-эркек жагынан,
Аянбастыр жардамын!

 

ДЫЙКАН

Жаанда да жаны тынбайт малчынын,
Малын жаят таң эртеңден камынып.
Тоготпостон шоргологон тамчыны,
Тоодо жүрөт кементайын жамынып.

Жаан төгөт, асман бети айрылып,
Ылайланып жер да калды айдалбай.
Күңгүрөнөт баба дыйкан кайгырып:
«Жөн отурбай, малым болсо жайгандай».

 

ЖАКШЫ АЯЛ

Жакшы аялдын белгиси,
Жадырап турат жамалы.
Бүлүнүп дүйнөң кетсе да,
Бүркөлүп койбойт кабагы.
Жарк этип мээрим жүзүнөн,
Жазылбайт такыр саламы.
Унутуп эстен чыгарган,
Убайым менен санааны.
Кадырлап сыйлайт бир тегиз,
Карыны да, баланы.
Ажыратып ал билет,
Акты жана караны.
Тайсалдатып сөз сүйлөп,
Такыр жок анын арамы.
Даамдуу жыты буруксуп,
Дамамат даяр тамагы.
Коноктор келсе дапдаяр,
Коньяк, шампан, арагы.
Кымызын берет кызганбай,
Кызыта бышып сабаны.
Жаңы эле сатып алгандай,
Жаркырайт идиш-аягы.
Таралган чачын калтырбай,
Таптаза болот тарагы.
Башына түшсө кыйындык,
Башкага жаппайт жалааны.
Оттой бербейт жөнү жок,
Ойду, тоону, талааны.
Жөөлүй бербей эрине,
Жөндүү болот талабы.
Каргыш айтып какылдап,
Кагып-силкпейт баланы.
Алып-жутуп жесем деп,
Ачылбайт такыр арааны.
Чуурутуп айтып ушакты,
Чукубайт эски жараны.
Көңүлүң толкуйт бир башка,
Көрүнсө анын карааны.

 

ЖАШООНУН ЫЙМАН ЖОЛУН ТАНДАЙЛЫЧЫ

Жаман ойду көңүлгө албайлычы,
Жакшы ойдун учугун кармайлычы.
Жамандыкты ойлогон эң чоң күнөө,
Жаалына кудайдын калбайлычы.

Жамандардын жанына барбайлычы.
Жамандыгын сиңирип албайлычы.
Жагымдуу жан сергиткен сөзүн айткан,
Жакындап жакшыларды жандайлычы.

Жан-дүйнөгө бүлүктү салбайлычы,
Жашоодо ыйман жолун тандайлычы.
Жамынбай башкалардын үрп-адатын,
Жакшы салт, наркыбыздан танбайлычы.

Жагжайып көкүрөктү жайбайлычы,
Жайыттарга өзүбүз жайлайлычы.
Жашырып бир четинен сата берип,
Жайыттардан ажырап калбайлычы.

Тетирленип тескери акпайлычы,
Текебер дерделеңдеп баспайлычы.
Кулагым кужулдактан тажап бүттү,
Кур чечен, тапандыкты таштайлычы.

Эшигин көрүнгөндүн какпайлычы,
Эшикти көрүнгөнгө ачпайлычы.
Ээлетип колу туткак шумпайларга,
Элибиздин байлыгын чачпайлычы.

Ар кандай кыйындыктан качпайлычы,
Аргымакты алешем чаппайлычы.
Ала-Тоону калтырган мурас кылып,
Ата-баба үмүтүн актайлычы.

Жалдырап асман карап жатпайлычы,
Жашоонун жаңы жолун тактайлычы.
Жандырып үлбүрөгөн чырагданды,
Жаңыча жашаганды баштайлычы.

28.02.2009

 

ЖАШТЫГЫМ КАЙДА?

Капкара тармалданган чачым кайда,
Карылуу жыйырма беште жашым кайда.
Селкилердин сезимин кытыгылап,
Серпилип турчу менин кашым кайда?

Жүрөктүн түрсүл каккан күүсү кайда,
Жүзүмдүн бырышы жок түсү кайда.
Көрүнгөн чөп ичинен ийне дагы,
Көз айнексиз көзүмдүн күчү кайда?

Казакбай деп өзгөрбөй атым калды,
Көгала суйдаң жумшак чачым калды.
Качанкы өтүп кеткен жаштыгымдан,
Кара бойдон бир гана кашым калды.

Арт жакта жетимиштей жашым калды,
Ар түркүн өнөр толгон башым калды.
Элүү жыл бирге жашап келатамын,
Эш тутуп Керимкандай асыл жарды.

23.12.2011

 

ЖАШ ШОПУРДУН ЫРЫ

Грузовой машинаны,
Күрүлдөтүп айдап жүрөм.
А кээ кезде алыс жолдо,
Апта эмес, айлап жүрөм.

Биздин турмуш дал ушинтип,
Жолдо болмой дамамат.
Жаш келинчек тышка чыкпай,
Жалгыз үйдө камалат.

Кабинаңа сала кет деп,
Кол көтөргөн ар ким бар.
Алып алам кыйыктанбай,
Жолугушса кемпир-чал.

Кереги жок жигиттердин,
Көрүп жалгыз түрүңдү.
Далда жерден башка чаап,
Алып кетер жүгүңдү.

Кыз-келиндер көрүнсө да,
Капарыма албаймын.
Азгырылып мен аларды,
Кабинама салбаймын.

Кан жолдомун жүрөм алга.
Болбойт артка барышка.
Бирок жүрөк кусаланат,
Жарым калып алыста.

 

ЖЕЛЕГИҢДИ КӨКӨЛӨТӨ КАРМАГЫН 
(Талас калкына)

Манас неге Талас жерин тандаган?—
Жер соорусу экендигин аңдаган.
Чептей болуп тегерете бийик тоо,
Четтен келип, душман бүлүк салбаган.
Төмөнүндө арпа-буудай эгилип,
Төрлөрүндө мал жайылып сандаган.

Кечээги өткөн жыйырманчы кылымда,
Кендир кескен он алтынчы жылында,
Тууган элим ары-бери удургуп,
Турган кезде тагдыр кылдын кырында.
Кадик акыл билермандар чогулуп,
Качырбаган таластыктын бирин да.

Тууган элим туулушкан намыска,
Тулпар аты мөөрөй алган жарышта.
Берсе берет, бирок өзү башкага,
Белчесинен баткан эмес карызга.
Алып түшкөн эр сайышта жигитти,
Аппак сакал сексендеги абышка!

Алтымыш жыл өткөн чакты карасак,
Албан эмгек бергендерин санасак,
Айдаралиев Рысбектей инсандын,
Атын атап, ырга кошсок жарашат.
Азыр болсо андан калган уулдар,
Ата жолун сыйлуу улап баратат.

Талас калкым, намысыңдан жанбагын,
Тазалыктан, акыйкаттан танбагын.
Ууру, кески… чыкпасынчы арадан,
Уят кылбай Манас ата арбагын.
Жеңиштерден жеңиштерге жетишип,
Желегиңди көкөлөтө кармагын!

 

ЖЕТЕМБИ?

Адырга чыккан жекенди,
Алтыным сага жетемби?
Алтыным сага жете албай,
Арманда өтүп кетемби.

Кырга бир чыккан жекенди,
Кымбатым сага жетемби?
Кымбатым сага жете албай,
Кыйналып өтүп кетемби.

Күңгөйгө чыккан жекенди,
Күмүшүм сага жетемби.
Күмүшүм сага жете албай,
Күйүттө өтүп кетемби.

Тектирге чыккан жекенди,
Теңтушум сага жетемби?
Теңтушум сага жете албай,
Телмирип өтүп кетемби.

 

ЖУМАБЕК

Жумабек деген бирөө бар,
Оозунан түшпөйт чылымы.
Бирөө зордоп жаткансып,
Бир паска болбойт тынымы.

Жумушчу күндүн жартысы,
Жумшалат ошол чылымга.
«Бычоктор» калат жыйылып,
Үстөлүнүн кырында.

Тамекиси түгөнсө,
Жанын койбойт башканын.
Арданып кээде мындай дейт:
«Ай, ушуну таштадым!»

О, кокуй кайдан таштасын,
Бекер сөз антип айтканы.
Запасы толуп жатпайбы—
«Бычоктор» болот тартканы.

Он метр жерден жыттанат,
Оозунан чыккан илеби.
Башкага ошо жакпасын,
Жумакең деги билеби?

Чылым деген кысталак—
Өпкөнүн ичи ышталат.
Таза аба жетпей каныңа,
Жыйырма жыл өмүр кыскарат.

 

ИШЕНБЕЙМИН

Тооруп келген ажалга ишенбеймин,
Досумдан бөлгөнүнө ишенбеймин.
Досумдун өлгөнүнө ишенбеймин.
Досумду көмгөнүнө ишенбеймин.

Тартынбай кыйындыкта жол кошконмун,
Тандап туруп өзүңө жолдош болдум.
Жоруктарың жашоодо үлгү болуп,
Жолдош эмес, жан кыйган жан дос болдум.

Турмуштун кыйындыгы турса сынап,
Турчу элең буйдалбастан акыл курап.
Туш келсе бет алдымдан тоскоолдуктар,
Турармын арбагыңдан акыл сурап.

 

КАЙРАН ЭНЕМ

Жар болуп кырк жаштагы атабызга,
Жашы жыйырма куракта келген экен.
Көкүрөк муң, көздөрү жашка толуп,
Көп жылы күтүп мени көргөн экен.
Ошол тарткан азабы жетпегенсип,
Отузга жетип-жетпей өлгөн экен.
Кан жутуп, кайгы басып атам байкуш,
Казактын талаасына көмгөн экен.
Атабыз элүү жашта жалгыз калып,
Ажалдын мыйзамына көнгөн экен.
Ападан эрте калып бу Казакең,
Азабын жетимдиктин көргөн экен.
Ошондо жыйырмадагы казак кызы,
Ордуна эне болуп келген экен.

 

КАЗАК АПАМА

Журтунда казагымдын туулгамын,
Жүзүм чайып суусуна жуунгамын.
Олтуруп коломтонун чекесинде,
Отуна колум кактап жылынгамын.

Казак кемпир кесиптир киндигимди,
Казактарда киндигим каны тамган.
Казак чал азан айтып, жар чакырып,
«Казакбай» деген энчи атымды алгам.

Каадалап карын жарып казак кемпир,
Майын салып оозумду ачып берген.
Тушоомду кесиптир бир баласы,
Эдиреңдей жарышта ашып келген.

Бир кулагым ачыптыр кыргыз күүсү,
Атам черткен Токомдун комузуна.
Бир кулагым шаңк эте ачылыптыр,
Казак черткен домбура добушуна.

Казактын талаасынан жай тааптыр,
Отузга жетип-жетпей кайран энем.
Ошондо жыйырмадагы казак кызы,
Ордун ээлеп алганга айран элем.

Ошентип Мерки жактан казак кызы,
Мен тутунган экинчи энем болду.
Мүнөзү тарс-турс этип чапчаң эле,
Бирок да тамак-ашка кенен болду.

Жетимиш бешинде суусу бүтүп,
Ал дүйнө алды менен атам кетти.
Артында жыйырма жылдай жесир калып,
Жетимиш бир жашында апам кетти.

Эр ортону элүүдөн эбак өттүм,
Эринчээкмин, көңүл жай курсак тойсо.
Илгеркидей Үкүгүл апама окшоп,
Көк желкеге бир койор киши болсо.

Анткен менен ичиме катып жүргөн,
Апама «таарынчым» бар жалгыз гана.
Болгону үч карындаш төрөп берип,
Мен жүрөмүн эркектен жалгыз бала.

 

КАЗАГЫМ

Мелтиреген жер асты толгон байлык,
Мекениң көз жетпеген кенен жайык.
Тоолук кыргыз конокко барып калса,
Тососуң кучагыңды кенен жайып.

Сары-Өзөк, Сары-Арка, Сары-Жайык,
Сан миңдеген келесиң малың жайып.
Базар, дүкөн тирелип тамак-ашка,
Баратат күндөн күнгө элиң байып.

Казагым, кең талаадай ичиң кенен,
Качан барсам берерге ашың белен.
Кейибей, кетенчиктеп тартынбастан,
Керек десе дос үчүн башың белен.

Комузда, домбурада күүлөр чалам,
Казак, кыргыз ырларын айкай салам.
Качантан ирегелеш катар жашап,
Казагым, сени менен сыймыктанам.

Ичкен суулар түгөнбөй ага берсин,
Ишибиз алга жылып бара берсин.
Кыргыз-казак достугу бекемделип,
Кылымдан кылымдарга кала берсин!

 

КАЗАК КЫЗЫ, САГЫНДЫМ КАРААНЫҢДЫ

Казак кызы, сагындым карааныңды,
Кайдасың айтсаң боло кабарыңды.
Отуз жыл өтсө дагы карегимден,
Өчүрбөй келатамын жамалыңды.
Жоготпой али сактап жүрөсүңбү,
Сүрөтүңдү түшүргөн барагымды.

Катарлаша жай таштап кадамыңды,
Кай бирде жаркылдатып кабагыңды.
Отуз күндөй курортто бирге жүрдүк,
Ойго салып кез-кезде агайыңды.
Жүрөгүм аңтарылчу көрүп алып,
Жутканда чай көрүнгөн тамагыңды.

Ала-Тоодон жиберем саламымды,
Аныктап билгим келет кабарыңды.
Эми деле көрсөм деп куштарланам,
Элүүдөн өткөндөгү жамалыңды.
Камынып атайылап издеп барсам,
Калың казак журтунан табамынбы?

 

КАЗАК, КЫРГЫЗ ДОМБУРАНЫН КЫЛЫНДАЙ

Казак, кыргыз домбуранын кылындай,
Бири үзүлсө бири күүгө келбеген.
Өң-түсүндө айрыма жок кымындай,
Бири талаа, бири тоону жердеген.

Тамашалап айткан экен бир казак:
«Кыргыз уксап менин бетим жапжалпак.
Кымыз ишип, кой, жылкының этин жеп,
Кыргыз уксап мен да кийем ак калпак».

Тамашалап айткан экен бир кыргыз:
«Талашы жок, казак, кыргыз бир тууган.
Кымыз, эт жок курсагыбыз ач калса,
Чөп-чар менен багып алат бир дунган.

Казактарым карынымыз аш дейди,
Кыргыздарым курсагыбыз ач дешет.
Карды ашкан казак туыс ас жейди,
Курсагы ачкан кыргыздарым аш жешет.

Казак кыргыз домбуранын кылындай,
Бири үзүлсө бири күүгө келбеген.
Казак, кыргыз эгиз баатыр сынындай,
Каршылашкан жоого намыс бербеген.

Эки кылды бурап күүгө келтирген,
Эки бетим жалпак казак жүзүндөй.
Даңгырата «Сары-Арка» чертилген,
Домбуранын кылы жүрсүн үзүлбөй.

 

КАМИЙЛА КАЗАК КЫЗЫ, КАРЫНДАСЫМ

Камийла, казак кызы карындасым,
Каалаймын аман жүрсүн алтын басың.
Карагым, ашык маңдай кабагыңа,
Кайгынын көлеңкеси тартылмасын.

Кастарың карлыгаштын канатындай,
Көздериң жулдыз болуп жанатындай.
Күнүгө көрүү үшин дидарыңды,
Гүл кылып көкүрөккө тагатындай.

Кыз болса сендей болсын мөлдир булак,
Кыргыздын жигиттерин гашык кылып.

Жүректер бир сен үшин согып жатыр,
Жүргин деп сени көздей асыктырып.

 

КАЛИЧАГА
(Көрүстөн ташына чегилген ыр)

Аппак жарык чачып турган жан элең,
Ала жипти аттабаган жар элең.
Адилеттүү, ачык колдуу, кең пейил,
Алыш-бериш салтына да шар элең.
Атың уйкаш Пайгамбардын зайыбы—
Акылы мол Хадичадай бар элең.

 

КАЛЕМ САП МЕНЕН КАРАНДАШ
(тамсил)

Бала кезден дос болду,
Калем сап менен карандаш.
Ортого салып болгонун,
Ой-тилеги таламдаш.

Эр жүрөк эле калем сап,
Эчтемеден жазганбай.
Таамай айтчу өз оюн,
Ташка тамга баскандай.

Жүргөнү оор-басырык,
Азгырбайт аны азгырык.
Жети өлчөп, бир кесип,
Иш кылбайт такыр шашылып.

Кайпакбай болчу карандаш,
Калп эле күлүп сүйлөгөн.
Каршы болуп бирөөгө,
Конфликти сүйбөгөн.

Көзү жеткен ишке да,
Көрсөтпөй анча каршылык.
«Өчүргүч» деген досуна,
Өчүртчү изин жашырып.

Мансапкордун үстүнөн,
Келтире сынды жазышты.
Чындыкка күбө биз дешип,
Кол тамгасын басышты.

Куулук кылып карандаш,
Өчүртүп койду өз атын.
«Арызчыл» деп калем сап,
Алдырып койду кызматын.

Карандаш ээлеп ал ишти,
Кайкая басып шат жүрөт.
Кампайтып коюп курсагын,
Карс-карс эте калп күлөт.

 

КАНА КУЙЧУ…

Байоолорду үмтөттүрүп, ишендирип караткан,
Башы жоктун «бал» сөзү бар, жан кейитип тажаткан.
Сопсоо туруп, мас болгуча анын келжир сөзүнө,
Сонун болор мас болгонум кадимки эле арактан.

Башы жоктун «пайдубалдуу» көп убада кур сөзүн,
Басып кетер «ичкич» акын Байдылданын бир сөзү.
Барып сыйын, көр үмүткө, кур дүрмөткө алданбай,
Мазар сага Мидин менен Райкандын мүрзөсү.

Көп сөздөргө азгырылып, үмүт кылам, жүз бурам,
Көңүл калып, жалган сөздөн сабырымды суз кылам.
Башым ооруйт, пайдасы жок, жайгара айткан кур сөздөн,
Баса куйчу, андан көрө «эргулуңдан» жүз грамм.

Жалганчылык, алдамчылык жанга батты, тажатты,
Жанды кыйып, көздөсөмбү тиги дүйнө тарапты.
Түбөлүккө көр түбүндө жата берем мас болуп,
Коюп койсо мүрзө үстүнө бир бөтөлкө аракты.

Койо турчу, дале болсо үмүт үзбөй турайын,
Аңгычакты «эргулуңдан» шыпырманы урайын.
Бүгүнкүнүн будуң-чаңын аз да болсо унутуп,
Кирдеп кеткен, шейшеби жок төшөгүмө кулайын…

2000-жыл

 

«КАРА ДАЛЫ» АТ КОНУП…

Жаштык күлгүн чагыңда,
Жыпар жытың аңкыган.
Көргөндө сулуу жүзүңдү,
Көп жигиттер арзыган…
Ичкен ашың унутуп,
Илимдин түштүң артынан.
Аз-аздап барып жоголду,
Адепки ашык болгондор,
Артыңдан ээрчип самсыган.

Токтобой мезгил тынымга,
Топ жылды камтып арага.
Керсары болуп үңүлгөн—
Кетпеди эмгек талаага.
Кырк жашыңда жактадың,
Кандидаттык даража.
Эркектерди унуттуң,
Эч бири келбей санааңа.
Эки эмчекти ийитип,
Эмизбедиң балага.

Кандидаттык билимиң,
Эркек болуп бербеди.
Катып калган денеңе,
Эрмек болуп бербеди.

Агарган чачың карайтып,
Бойок болуп бербеди.
Отоо чөптөн арылткан,
Орок болуп бербеди.
Койнуңда жаткан бир жолу,
“Конок” болуп бербеди.

Эркектен денең жат болуп,
Эмилбей эмчек «дат» болуп.
Жеңе деген атың жок,
Эне деген атың жок,
Кайран өмүр өтөт ээ,
«Кара далы» ат конуп…

 

КАРАКОЛДУН ТЕРЕКТЕРИ

Казкатар катарлашып өсүп чыккан,
Каракол калаасынын теректери.
Калдайып асман тиреп турган менен,
Кана айтчы, алар кимге керек деги?

Көптөрү көңдөйлөнүп баратбайбы?
Көп чиритпей, бир ишке жаратпайбы.
Олтурган отуну жок жармачтарга,
Отун кылып, чиригин таратпайбы.

Ордуна жаңыларын тигишпейби,
Ошону Караколдук билишпейби?
Орустар тиккендиктен «арам» дешип,
Ошондуктан аларга тийишпейби?

 

КАРЫГАН ЧАЛГА НЕ КЕРЕК?

Карысын бөлөп урматка,
Калдайган караан эл керек.
Бейкутта болуп журт ичи,
Береке чачкан жер керек.
Эң биринчи карыга,
Эңкейбеген бел керек.
Калыңдап төшөк салынган,
Кадыр-сыйлуу төр керек.
Каткан сөөгүң жумшарткан,
Нымшып чыккан тер керек.
Сеңселткен аппак сакалын,
Серүүндөп жүргөн жел керек.
Жай олтуруп күү черткен,
Жашаң чөптүү дөң керек.
Акыл берген жаштарга,
Айныбаган мээ керек.
Жакшы чыкса балдары,
Жанына кубат-дем берет.
Небере турса эркелеп,
Чөбөрө турса желкелеп.
«Келиңиз ата, чай ич» деп,
Келиндин сыйы эң керек.
Кемпиринин алдында,
Кеткени жакшы эртерээк.
Кор болуп күн көргүчө,
Койнуна алган көр керек!

 

КАРЫЛЫК

О мезгил, о мезгил, о мезгил,
Жаштыгым уурдап алдыңбы.
Билинбей,
Алтымыш жашка бардымбы?
Акырдан кетпей жем жеген,
Мен эмне,
Чобур ат болуп калдымбы?

О мезгил, о мезгил, о мезгил,
Жашымдан бердим мээнетти.
Жашап келдим сөөлөттүү.
Канчалык калды өмүрүм,
Мына эми,
Карыганда берсин дөөлөттү.

О мезгил, о мезгил, о мезгил,
Алтымыш эбак ашсам да,
Ал-күчүм али кайта элек.
Абышка болуп калдың деп,
Же койчу,
Аялым азыр айта элек.

 

КЕЛ, ЖАҢЫ ЖЫЛ

Жан дүйнөмдү өзүңө багындырып,
Жаңы жыл, жүргөн элең сагындырып,
Кучак жайып, өзүңдү тосуп алам,
Кубанычка сезимди чагылдырып.

Жаңы жыл, келчи,
Көңүлүң бөлчү.
Сагынып калдым,
Колуңду берчи.

Илебиң ысык,
Кубанып турам,
Жүрөгүм ысып.

Жаңы жыл, калың жааган карды бергин,
Жана да кырман толо данды бергин.
Туташ жаткан Ала-Тоо аймагына,
Туягына сан жеткис малды бергин.

Кубантып элди,
Жаңы жыл келди.
Белендеп келген,
Белегин берди.
Жообум мындай,
Жакшы иштеп берем,
Жалкоолук кылбай.

Жаңы жыл бейкуттуктун жылы болсун,
Элиме бак-таалайдын нуру консун.
Көп улуттуу Ала-Тоо аймагына,
Достуктун, ынтымактын ыры толсун.

Жаңы жыл келди,
Ырдайлы достор.
Бир жерден жылбай,
Турбайлы, достор.

Бийлейли достор,
Чарчоону бүгүн,
Билбейли достор!

30.11.2008

 

КЕЧ КҮЗ

Күн мурунтан чамынып,
Койгонсуп кышка камынып.
Ала-Тоо жатат менсине,
Апакай тонун жамынып.

Асмандын бетин боз чалып,
Айдалчу жазда кош калып.

Аңгырайт азыр көркү жок,
Айдоонун бети бош калып.

Жайдагы жашыл түрү жок,
Жалбырактын бири жок.
Тартылып азыр тоо суусу,
Тамырды жулар сүрү жок.

Бута болуп балдарга,
Бутактарда, талдарда,
Ордун ээлеп булбулдун,
Отурат азыр коң карга.

Күн төбөдөн ыраактап,
Күзгү жамгыр турат жаап.
Болпоюп аппак кыш келет,
Босогону бир аттап.

 

КОМУЗЧУЛАР

Коңгуроо үн комузун алып колго,
Колдору көзгө илинбей салып жорго.
Чериң бир жазылчу эле, атаң көрү
Чертип турса күүлөрдү Карамолдо.

Өз энчисин элине берип кеткен,
Уктуң беле, Ыбырай терип черткен.
«Боз салкын», «Жыргал күндү» эшиткенде,
Боюң жибип, жан дүйнөң эрип кеткен.

Жеңдерин каруусуна түрүп коюп,
Шекербектин черткенин көрдүң беле?
«Жүрөк толкуйт», «Ак тамак, көк тамакты»,
Укканда кетчү эле го көлкүп дене.

Коңур добуш буроого бурап алып,
Кең көөдөн комузунун жаагын айрып,
Асылбектей черткенди көрө элекмин,
Айтылуу күү—Токомдун «Тогуз кайрык».

Кол тийелекте өзүнчө күүгө келген,
Комуз барбы Болуштун комузундай.
«Саринжи-Бөкөй» күүсүн черткен барбы,
Сабалап Маадазимдин Болушундай.

Тарых баткан дастан күү «Кыргыз көчүн»,
Таасындап ким черте алат Асанбектей.
Айрым бир комузчулар кайрып жүрөт,
Анткен менен баары бир аган жетпейт.

Күүлөрүн укканыңда жанды эриткен,
Комузду Самарбүдөй барбы черткен?
Азырынча андай кыз көрө элекмин,
Аны тарткан сиңдиси кайда кеткен?

 

КӨППӨГҮН ДА, ЧӨКПӨГҮН

Төбөсү көккө бийиктеп,
Бирде жигит төө минет.
Таманы менен жер таптап,
Бирде жигит жөө жүрөт.

Төөгө минип калганда,
Жөөгө салам берип жүр.
Калганыңда жөө жүрүп,
Көкүрөктү керип жүр.

Төөдөн кетсең куланып,
Жөлөбөйт сени төө минген.
Кучагын жайып ошондо,
Жөлөп калат жөө жүргөн.

Төөгө минер кез келет,
Жөө жүрдүм деп чөкпөгүн.
Шыпырылып түшөсүң,
Төө миндим деп көппөгүн!

 

КУРАН ОКУП ЖҮРҮШСҮН

Дарыгер оорулууга кеңеш берди:
–Жүрөгүң көтөрө албайт бийик жерди.
Андыктан тоодон ылдый түзгө түшкүн,
Элиң таштап, эл кылып бөтөн элди.

–Кыйналсам өзүм эле кыйналайын,
Бөөдө эле үй-бүлөмдү кыйнабайын.
Тагдырыма жазылса кыска өмүр,
Көнбөскө чара жок да не кылайын?

Кокус көзүм жумулуп кеткен болсо,
Койгула бөксөдөгү көрүстөнгө.
Эл жүрсүн арбагыма куран окуп,
Эң болбосо мүрзөмдү көрүшкөндө.

Бул сөздү билген билет…билбегендер
Кеп кылды жанын бакпайт дешип туш-туш.
«Башканы таштасам да бул өмүрдө,
Элимди таштай албайм» дегени укмуш!

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 4375