Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 28-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Арноо саптары

Кыргыз республикасынын жазуучулар жана журналист-тер союздарынын мүчөсү, композиторлор жана сүрөтчүлүөр союздарынын Ардактуу мүчөсү, көп кырдуу талант Казакбай Абдышевдин бул китебине ар кайсы жылдары жазылган ырлары жана поэмалары кирди. Ырларынын көркөмдүк деңгээли жогору жана айтайын деген ойлору терең берилген. Махабат ырларында эротикалык чымчыкейлери да кездешет. Философиялык терең ойлору менен катар эле ырлар кыргыз элине мүнөздүү күлкү-тамашалардан да кур эмес. Ырлар жана поэмалар поэзияны сүйүүчүлөр үчүн кызыгуу жаратат. Айрым ырларына жана термелерине автор тарабынан обондор да чыгарылып, автордун жана башка белгилүү артисттардин аткаруусунда ырдалып жүрөт.

Абдышев К. Ыр дүйнө: Ырлар-поэмалар. – Б.:Университет, 2012. – 476 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
А13
ISBN 978-9967-02-815-9
А 4702300200-2012

Нуска 500 даана

 

АЙТМАТОВ ЧЫҢГЫЗГА

Согуштан кайткан жигитти,
Сонуркай жандап баскан ким?
Үйүлгөн саман түбүндө,
Үйүнө барбай жаткан ким?
Чынжырын үзүп эскинин,
Чын сүйүүсүн тапкан ким?
Баштагы эрин калтырып,
Башка менен качкан ким?
Качырып ийип жеңесин,
Көзүнөн жашы аккан ким?
Жалындуу сүйүү баяны,
«Жамийланы» жазган ким?
Бул повестти жазам деп,
Өз бактысын ачкан ким?
Түркүн чыккан китебин,
Дүйнө эли окуп жаткан ким?

Айтпаса деле белгилүү—
Ал Айтматов Чыңгыз да.
Талаша турган киши жок,
Таластан чыккан кыргыз да.

Чыңгыз кетти кыдырып,
Чыгыш менен Батышты.
Орусу да, кыргызы,
Ондогон мактоо жазышты.
Интервью алмакка,
Кезитчилер шашышты.
Изилдеп чыгармаларын,
Илимий эмгек жазышты.
Жазмасынан Чыңгыздын,
Жаңылыктар ачышты.
Толуп жаткан адамдар,
Доктор болуп жатышты.
Китептерди ал жазган,
Кино кылып тартышты.
Анын жазган китебин,
Арбын-арбын сан менен,
Ар кайсы тилде басышты.
Дүйнөлүк форум, жыйынга,
Чыкем барып катышты.
Күн жаагандай куюлтуп,
Гүл дестелер чачышты.
Алып жатты көптөгөн,
Сыйлык менен алкышты.
Акырында Баатыр деп,
Алтын медаль тагышты.
“Кыргызбай” жөн жүрчүбү,
Кыйын болуп кетти деп,
Кыртыйып ичи ачышты.
Кылгылыкты кылсак деп,
Кычышкан жерин кашышты.
Чыдамы жетпей акыры,
Чыңгызга «согуш» ачышты.
Кылычын сууруп кыргызга,
Кыргыздын наамын сатышты.
Колдорунда жарак жок,
Көздөрү менен атышты.
Тайгак болсун жолу деп,
Табактап майдан чачышты.
Сыйыртмак салып мойнуна,
Сыртынан «дарга» асышты.
Ажосу деп коктунун,
«Асабага» басышты.
Абайлабай түшсүн деп,
Алдына аңгек казышты.

Казыпсың мага аңгек деп,
Кандекти пил какпады.
Казылган ошол аңгекке,
Пилдин өзүн мындай кой,
Бир эле буту батпады.
Пилдин коркуп сүрүнөн,
Жашынам деп аңгекке,
Өз боюн кандек таштады.
Пил болсо аны байкабай,
Таптаза кылып тегиздеп,
Таманы менен таптады.
Андан ары кебелбей,
Акырын басып пил кетти.
Аңдап билип турасың,
Айтылып жаткан бул кепти.

Үргөнүн сезбей кандектин,
Чыңгыздын ошол пилдиги.
Мансабың менен иши жок,
Жазуучулук тирлиги.
Ар кандайлар жаралат,
Акылманбы, жиндиби.
Эли менен бааланат,
Эр жигиттин кимдиги?
Келип-кетип жүрөр да,
Кең Талас деген жер экен,
Кесилген анын киндиги.
Чет элде жүргөн Чыкемдин,
Кыргыздагы үйүнүн,
Түрүлөр бир күн түндүгү.

2000-жыл

 

АТАМБАЕВ АЛМАЗБЕККЕ

Жан дүйнөдөн жалкоолукту айдаган,
Жан дүйнөңдө иштемчилдик кайнаган.
Себеп кылып бирдемени калп эле,
Сен адамсың кур алакан жайбаган.

Сен айкөлсүң, абийириңди сатпаган,
Чедирейип курсак сылап жатпаган.
Сен адилсиң, мээнеткечти барктаган,
Жатып ичер жалкоо киши жакпаган.

Сен чынчылсың, акыйкатты жактаган,
Бирөөлөрдү бекеринен какпаган.
Бир тыйынды ысыраптап чачпаган,
Беш-он сомун кайырчыга таштаган.

Эмгектенбей ашык тыйын албадың,
Эл мүлкүнө беш колуңду салбадың.
Мындан аркы жашап өтөр жолуңда,
Мына ушул жүрүшүңдөн танбагын.

Арамы жок өмүр сүрүп келесиң,
Акыл-эстүү сенин берген кеңешиң.
Салттуу, баштуу Ала-Тоонун кыздары,
Сага окшогон уулдарды төрөсүн.

Кадимки эле көрөм сени инимдей,
Каамыт илген чарба атынын бириндей.
Калкыбыздын жүгүн тартып келесиң,
Катуу баскан арышың да билинбей.

Көп адамдын милдети аз, өчү көп,
Көрсөтүшкөн кызматы аз, сөзү көп.
Сиңире бер эмгегиңди элиңе,
Сыймыктансын орус, казак, өзүбек...

Минген атың дайым болсун күлүктөр,
Жүргөн жериң дайым болсун бийиктер.
Эл оозуна сөзгө алынсын ар качан,
Эр-азамат өзүңө окшош жигиттер.

Иштен башка эчтемени билбедиң,
Иномарка машиналар минбедиң.
Убагында жүрдүң түркүн кызматта,
Уурдамай жок, эл мүлкүнө тийбедиң.

Туу катары токтоолукту кармагын,
Турмушуңда көчтө артта калбагын.
Түшсө эгер өз башыңа кыйындык,
Түйшүгүңдү башкаларга таңбагын.

Аман жүрсүн ак никелүү алганың,
Анан дагы аман болсун балдарың.
Калыс сөзүм, чын ниеттен кааларым –
Калкыбыздын каарына калбагын.

Көтөрбөгүн жемдүүлөрдүн чачпагын,
Көзүн карап, кулу болбо акчанын.
Чекеңе да такап турса тапанча,
Чечкиндүүлүк сапатыңдан жазбагын.

Байлык, бийлик бирде келет адамга,
Байып алып көөп кеткен жаман да.
Бит-сиркеси көзүн басар элинин,
Бийлик тийип калган болсо жаманга.

Жаш кезиңден түз жолуңдан бурулбай,
Жашап келдиң арамы жок кымындай.
Чыйрак жүргүн ден соолукка кам көрүп,
Чың буралган комузумдун кылындай.

Мага жагат, Алмаз, сенин шардыгың,
Маалкатпай айтып салган бардыгын.
Арбын-арбын болсун деймин сендейлер,
Алып жүрчү акыйкаттын жардыгын.

11.11.2011

 

АКМАТАЛИЕВ ТҮЛӨНГӨ
(70 жашта)

Жылжып аккан сууга окшоп билинбей,
Жамандыкты өз боюңа сиңирбей,
Калк ичинде өмүр сүрүп келесиң,
Катардагы адамдардын бириндей.
Желдей сызып, көз ирмемге токтобой,
Жетимиш жыл артта калды билинбей.

Алдуулардын көтөрбөдүң чачпагын,
Айла менен арам акча таппадың.
Азгырылбай жин-шайтандын жолуна,
Абийириңди, ыйманыңды сактадың.
Кара баштын гана камын ойлобой,
Кайгысына ортоктошсуң башканын.

Калп шаттанып, дүңгүрөтпөй барабан,
Калем чийип көп иштерге жараган.
Жетимишти таштап коюп артына,
Сексен жаштын кадамдарын санаган.
Кете берсин ийри-буйру жол менен,
Кебелбестен өгүз чеккен арабаң.

Жетимишке чыккандарга окшобойт,
Жигит сымал азыр сенин турушуң.
Ташбакача кыбыр басып жүрө бер,
Ташбаканын жашап өтөр жолу узун.
Сексен жылдык тоюңдагы шарапка,
Малынса дейм менин дагы мурутум.

15.12.2008

 

АЛКАНОВ РАЙКАНГА

Түркүн адам чыгат ар бир улуттан,
Түйтөлөктөп ар ким менен урушкан.
Калп күлүшүп, көрсөтүшөт жүздөрүн,
Ай өңдөнүп чыга калган булуттан.
Бийик-бийик бийлик ордун ээлешип,
Билгизбестен эл байлыгын куруткан.

Өлө-тала каны-жанын үрөшкөн,
Өз камы үчүн, өз жаны үчүн күрөшкөн.
Жанталаша ары-бери жүгүрүп,
Жалаң акча табуу менен күнү өткөн.
Өмүр бою кошоматка кой союп,
Өз катынын чоңу менен түнөткөн.

Сен Раке, андай эмес башкасың,
Булуту жок сенин таза асманың.
Сексен жашка келсең дагы чамалап,
Сергек-чыйрак жаш жигиттей басканың.
Түйшүк чыгып, дүрбөлөңгө түшүрсө,
Түк билинбейт карбаластап шашканың.

Ала-Тоолук кыргыз кызын жактырбай,
Алгач көрдүң орус кыздын денесин.
Кырктан өтүп, элүү жашка кеткенде,
Кыргыз кызын жубай кылып келесиң.
Экөөнүн даамдуусу ким экен,
Э, Раке, качан айтып бересиң?

Арак деген азгырыкка кирбедиң,
Ар ким менен жакалашып жүрбөдүң.
Жаш кезиңде болуптурсуң «атаман»,
Башкалардан жеңилүүнү билбедиң.
Көчө балдар «атаманы» болсоң да,
Көп кыздарга жакчу эле жүргөнүң.

Көп тартпадың жашоо-турмуш азабын,
Бир топ жылдар Москвада жашадың.
Тоолук кыргыз конок болуп барганда,
Толуп турду тамак-ашка казаның.
Кызмат өтөп совет өкмөт тушунда,
Кыргыз үчүн көп иштерди жасадың.

Тарых ачты жаңы заман барагын,
Элге келди эгемендүү заманың.
Башты иштеткен өзүңө окшош иштерман,
Бөксөртпөдү ашка толгон табагын.
Жарым курсак мага окшогон акындар,
Жазып жатат жорголотуп каламын.

Арам тамак, алдым-жуттум адамдар,
Акырындап басып келет жер үстүн.
А сен болсоң ашык тапкан акчаңдан,
Болушунча башкаларга бериштиң.
Берген адам эки эселеп алат дейт,
Бере бергин, беришкин да, бөлүшкүн!

Эми, Раке, жакшы тилек айтайын:
Аман жүргүн, аман болсун жарың да.
Көп жакшылык кылганыңды унутпай,
Уланта бер өмүрүңдүн барында.
Сага окшогон пейли кенен адамдар,
Жай алышат бейиштин кең багында.

14.09.2010

 

АБДРАСИЛОВ АБДРАХИМГЕ

Эр жигит ак пейилин байлык тутуп,
Эгерим өз жанынын камын көрбөйт.
Өзгө үчүн аш ордуна сууну жутуп,
Өлсө өлөр, бирок анын пейли өлбөйт.

Калдайып караандары төр башында,
Карылардын акылман сөзү керек.
Камын жеп, дайым болуп эл башында,
Кайратман жигиттердин өзү керек.

Эр жигит кызматынан түшсө бүгүн,
Колуна кетмен алат, жарак алат.
Көр жигит ич күйүтүн басыш үчүн,
Дүкөндөн басып барып арак алат.

Абдрахим бир сырдуу жүргөн жигит,
Ажайып бир керемет күлгөн жигит.
Абайлап турмуш сырын билген жигит,
Акылман сөзгө кулак түргөн жигит.

Арак албай оозуңа, чылым чекпей,
Акыл-эс, ден-соолугуң түздөп келдиң.
Көп жылдар автоунаа кызматында,
Көшөрө көк беттене иштеп бердиң.

Жылдар жылып, алмашты заман дагы,
Мүнөздөр да өзгөрдү адамдагы.
Иним болсо келатат бир калыпта,
Илинбестен жип-шууга кадамдары.

Жаңы келген замандын тилин билди,
Жашоо-шарттын башкача түрүн билди.
Анын деле сыры жок түшүнбөгөн–
Акыл менен эмгектин биримдиги.

Ойдогуну айта албай, жаза албай,
Оозду эски заман төөнөп келди.
Жан-дүйнөңдө болгонду жаза бер деп,
Жаңы заман эркиндик, мээнет берди.

Калкына тартуулаган ыр саптарын,
Акындын жоор болгон колу тура.
Жетпесе эл-журтуна ошол ырлар,
Акындын айыкпаган шору тура.

13.02.2011

 

АБДЫКАДЫРОВ ЭМИЛБЕККЕ

Абдан эле мактанам, сыймыктанам,
Айылдык сендей иним бардыгына.
Асмандагы кудайга ыраазымын,
Акыл-эсти мол берген тагдырыңа.

Токтосун математикадан кыйын эле,
Толуктап жардам сабак алып жүрдүм.
Иштеп жүрүп үч жылдай трактордо,
Илинбей политехке барып кирдим.

Токтосундун үйүнө барып жүрүп,
Тоту куштай эжеңди сүйүп калгам.
Көпкөлөң бирөө ала качып кетип,
Көңүлүмө айыкпас бүлүк салгам.

Эжекеңе ыр жазып, обон коштоп,
Эскерип ушул күндө ырдап жүрөм.
Сыдырылып канча жыл артта калды,
Сыртынан болсо дагы сыйлап жүрөм.

Бишкектен инженерлик кесип алып,
Борбордо иштеп калдым, өмүр сүрдүм.
Анда-санда айылга барганымда,
Арагын Токтогулдун ичип жүрдүм.

Мырзакул агабызды билген билер,
Мыкты чертчү комузда обон, күүлөр.
Али деле эсимде күү жаңырган,
Ай жарыгы төгүлгөн ошол түндөр.

Көчө таптап, бекерпоз баспагансың,
Кара жумуш кылгандан качпагансың.
Колуңа балка алып, шайман алып,
Эмгекти слесардан баштагансың.

Калп эле дүңгүрөтпөй барабанды,
Келатасың жай тартып арабаңды.
Байкоо салсам башынан жактырбайсың,
Башкалардын кабагын караганды.

Түйшүк толгон арабаң кете берсин,
Токтобой тоскоолдордон өтө берсин.
Салакасын салбаган эл журтуна,
Сага окшогон инилер өсө берсин!

1.01.2011

 

АБДЫКЕРИМОВ ҮСӨНГӨ
(Машина тоюндагы ыр)

Мурдагы кыргыз жигити,
Мыктысын тандап ат минген.
Кымызын ичип кыпкызыл,
Кыр-кырда чаап шат жүргөн.

Айчылык жолго кетсе да,
Алганы күтчү сагынып.
Кабагы бүркөө күйөөсүн,
Кабыл алчу жагынып.
Кыр салбай анда жарына,
Күйөөсү калчу багынып.

Аялы төрөп ар жылы,
Арбыткан балдар түшүмүн.
Жыйырманы тууп-түшсө да,
Жылдызы өчпөй жүзүнүн.
Төбөлөшпөй бизчелик,
Алар,
Төшөктүн көргөн үзүрүн.

Азыркы кыргыз жигити,
Айдаганы машина.
Кармалып калса беш мүнөт,
Катыны туруп кашына,
Жаман сөздү жаадырып,
Жаба куят башына.

Жулунат итче күйөөсү,
Жутуп алса арагын.
Тили өтпөй калса ал жумшайт,
«Муштум» деген жарагын.
Билинбей далай күн өтөт,
Бир-бириң келбей карагың.

Төшөктө деле жыргал жок,
Ушундай азыр заманың.
“Кокуй тууп койом” деп,
Кошкурук атса аялың.
Жыйрылып кирет ийнине,
Жыгачтай болгон «баягың.»

Тантып айткан сөзүмдү,
Тамаша деп билгиле.
Мамындай жыргал замандын,
Машинасын мингиле.
Антсе дагы айтарым,
Акыйлашпай жүргүлө.
Канчайым, Үсөн үйүндө,
Каткыргыла, күлгүлө.
Кутмандуу күндө бүгүнкү,
Кубансын ушул үй-бүлө.

Үсөке,
Акырында айтарым,
Машинаң сенин кут болсун,
Майын ичкен жут болсун.
Келин-кызды көп салбай,
Машинаңа,
Канчайым гана жүк болсун.

Бирок кээде, Үсөке,
Бизди да эске ала жүр.
Көрмөксөн болуп зуу койбой,
Көңкөңө кошо сала жүр.

1978-жыл

 

АБДЫЛДАЕВ ТУРАТБЕККЕ

Таластан далай сулуу көзгө урунду,
Тагдырыма туш келбей бир кызы да.
Бакытыма жазылып калган экен,
Баш коштум Жети-Өгүздүн нур кызына.

Кол кармашып бирге өскөн бала кезден,
Күлүйпа–Керимкандын курбусу экен.
Адептүү, анан дагы жакшы окуган,
А дагы Жети-Өгүздүн нур кызы экен.

Сен Турат, Күлүйпага баш кошордо,
Мен өзүм күйөө жолдош болуп баргам.
Казый аба үйүнөн жоолук салып,
Түбөлүктүү жубайың болуп калган.

Бириңе-бириң тирек-жөлөк болуп,
Биримдик ынтымакта жашадыңар.
Үйүңөрдөн береке үзүлбөдү,
Бөксөрбөй ашка толгон казаныңар.

Эки кыз эгиздердей таттуу эле,
Экөөбүз жашап келдик бажа болуп.
Мамилелер эки үйдүн ортосунда,
Мөлтүрөгөн булактай таза болуп.

Тун баласы өңдөнтүп өзүңдү да,
Күлүйпа ак мамыкка бөлөп келди.
Энелик милдетин да так аткарып,
Эки уул жана бир кыз төрөп берди.

Нурдин, Нурлан жана да Айнурага,
Убакытты ченемсиз бөлгөнсүңөр.
Бала чактан мектепте жакшы окутуп,
Татыктуу тарбия-таалим бергенсиңер.

Кудай да берет тура берерине,
Сүңгүп кирип билимдин тереңине.
Бүт балдарың жогорку билим алып,
Жарап жатат элинин керегине.

Балдардын берген чайы жана наны,
Жарасын дем-күч берген дарылыкка.
Бактылуу жашооңорду уланткыла,
Баш ийбей кирип келген карылыкка.

13.02.2011

 

АЛАПАЕВ ОРМОНБЕК ЖЕЗДЕ МЕНЕН РЫСБҮБҮ ЭЖЕМЕ

Оңгулуктуу иш кылбай,
Оозу менен оргон көп.
Өтүгүн кийген алмашып,
Өзүнчө гений болгон көп.
Камаганга малы жок,
Каралбай калган коргон көп.
«Кадырман» болуп көрүнүп,
Калкынын канын соргон көп.
Андайларга кошулбайт,
Алапай уулу Ормонбек.

Айла-амал менен мансапка,
Умтулбаган адамсың.
Жулуп-жутуп жейин деп,
Жулкунбаган адамсың.

Манчыркап көөп кызматка,
Мактанбаган адамсың.
Аткарбай калган ишиңе,
Актанбаган адамсың.

Маанисиз ушак сөздөргө,
Малынбаган адамсың.
Бөрү болуп, кой тери
Жамынбаган адамсың.

Колуңдан келбес иштерге,
Чамынбаган адамсың,
Астыңа жайган тузакка,
Чалынбаган адамсың.

Көпчүлүктөн бөлүнүп,
Көрүнбөгөн адамсың.
Көпчүлүктүн ыгынан,
Бөлүнбөгөн адамсың.

Жармач, жетим-жесирге,
Жакшылык кылган адамсың,
Акыйкатсыз иштерге,
Каршылык кылган адамсың.

Апчем болот Рысбү,
Ал кызы экен чылпактын.
Жезде болор жигитке,
Жеринен эле сен жактың.

Дүйнөңдүн түбү түшсө да,
Бүлүнбөгөн эжемсиң.
Душманга да, тууганга,
Күлүңдөгөн эжемсиң.

Кээ бирөөдөй куйкаңыз,
Курушпаган эжемсиң.
Жездем менен өмүрү,
Урушпаган эжемсиң.

Кыз-эркеги аралаш,
Беш балалуу болдуңар.
Билимдүү кылып бардыгын,
Орду-ордуна койдуңар.

Элүү жыл мурда баш кошуп,
Узак жолду бастыңар.
Жетимиш алты, сексенди,
Жеңил-желпи аштыңар.

Жар болуп Кудай өмүргө,
Жашооңор дагы улансын.
Бар болуп элдин ичинде,
Бала-чакаң кубансын.

20.11.2008

 

АЛЫЙМАНОВ АВТАНДИЛГЕ

Кушчунун «Торпок» аттуу калкы болгон,
«Торпоктун» кушчу элинде баркы болгон.
Алыс барбай, өз атаң Кадыркулдун,
Атан төө көтөрө алгыс наркы болгон.

Мага окшоп политехке кирип алдың,
Мага окшоп инженерлик билим алдың.
Мага окшоп автоунаада кызмат өтөп,
Мага окшоп көлдүк кыздын бирин алдың.

Мага окшоп мансапка умтулбадың,
Мансаптууга жагынып кулпурбадың.
Мага окшоп ичип алып эстен тана,
Мас болуп башкаларга жулкунбадың.

Өлө ичип машинаңды айдагансың,
Өмүрдү канжыгага байлагансың.
Акылыңа келдиң да, таштап койдуң,
Ал мезгил кайда калса, айда калсын.

Алтының сен кыйналсаң жөлөп келди,
Ардактап ак мамыкка бөлөп келди.
Аялзаттын милдетин так аткарып,
Акыл-эстүү эки эркек төрөп берди.

Көлдүк кыздар болушат көтөрүмдүү,
Дос кылат туура жүргөн бөтөнүңдү.
Бөпөлөп ден соолугуң камын көрөт,
Бөлүшүп күрсүлдөгөн жөтөлүңдү.

Кетебиз бир жагынан болуп бажа,
Силер бизге өкүл кыз, өкүл бала.
Сырыбызды бөлүшпөй анча деле,
Сыйлашып келатабыз секин гана.

Жолубуз тумандабай жарык болсун,
Ичер суубуз арыкка ашып толсун.
Кеткен-өткөн өмүрлөр үлгү болуп,
Келечекке кызыктуу тарых болсун.

Аман бол, Алтының да аман болсун,
Алдыда келер жыргал заман болсун.
Сан жеткис көп өнөрлүү Казакбайдын,
Сага арнап жазган ыры тамам болсун.

2011-жыл

 

АЛЫМКУЛОВ ЖЕКШЕНГЕ

Сен экөөбүз кошоктошуп жүрбөдүк,
Сен экөөбүз калган жокпуз достошуп.
Кай бир жаман адамдарга окшошуп,
Калган жокпуз кажылдашып, соттошуп.

Жаралгандан токтоо сенин мүнөзүң,
Жалжактабай, обу менен күлөсүң.
Кор кылбастан багып алган бүлөсүн.
Кошоматка кой сойбостон жүрөсүң.

Мансаптууга жагынууну билбедиң,
Мага окшогон момундарга тийбедиң.
Кай бирөөчө жанын жебей какылдап,
Качан болсо калыс сөзүң сүйлөдүң.

Ушак сөзгө кулагыңды түрбөдүң,
Угушумча башка менен жүрбөдүң.
Кырма мурут кырчын жигит кезиңде,
Кыздар менен чарк айлана бийледиң.

Жылдар жылып, кыркка чыгып алдың да,
Кол батпаган казы жатты кардыңда.
Алп мүчөлүү тулку-боюң көтөрүп,
Аял байкуш кантип жатат алдыңда?

Акыйкатсыз иштен кууп Кыдырма,
Ай да жаман көңүлүмдү муздатты.
“В очко попал Абдышев” деп сен айтып,
Алган элем мага жаккан кызматты.

Ручкама улам сыя сордуруп,
Ырларыма дептеримди толтуруп,
Китеп жаздым, сүрөт тарттым, күү черттим,
Он жыл бою ошол жерде олтуруп.

Жекшен мырза, аман болсун алганың,
Жер үстүндө аман жүрсүн балдарың.
Жүрөгүмдөн менин сага кааларым:
Жүзгө чейин түгөнбөсүн дарманың.

31.10.2011

 

АЛТЫНГА

Бала кезден билебиз,
Бакыраң көз Алтынды.
Аңыз кылып айтышчу,
Айчүрөктөй даңкыңды.
Кулаалысы, күйкөсү,
Кушмун деп сага талпынды.
Адырдын алгыр бүркүтү,
А дагы сага алкынды.
Айла жок тура тагдырга,
Айлыңдагы бир жаман,
Алды да биздин жан тынды.
Билимсиз түркөй жан эле,
Биле албады баркыңды.
Илгертен бери келатам,
Ичиме катып дартымды.
Кезиге албай жүрчү элем,
Келтире албай шартымды.
Кыйылып басып мен келдим,
Кылчак карап артымды.
Жашым кыркка жеткенде,
Жазайын деп жарпымды.
Ажырашпай жүргөнгө,
Азыр бергин антыңды.
Азырынча жыттайын,
Акактай болгон алкымды.
«Кожоюн» азыр уйкуда,
Койо тургун «аркыңды».

1983-жыл

 

АРЫКБАЕВ КЕНЖАЛЫГА

Оңдотконбуз «эки» болгон «үчүңдү»,
Бүт аңтартып кагаздардын бардыгын.
Бул катаны келтирбесек ордуна,
О, Кенжалы, кандай болмок тагдырың?

Айыл чарба институтун бүтүрүп,
Андан ары абийирдүү иштедиң.
Аралашпай аки-чүкү иштерге,
Ак эмгектен тапкан наның тиштедиң.

Ар кимдерге жармашпай да, кармашпай,
Акыйкатта түзүк сенин кыялың.
Тил кайрашып же болбосо бут тосуп,
Тийген жок дейм башкаларга зыяның.


Көп убакта болбос ишке кайгырып,
Жүрөктөргө тикендерди сайдырып,
Күйпүл күчүк өткөрөбүз өмүрдү,
Жашоодогу ырахаттан айрылып.

Адамдарды душман күтпөй, сүйө бил,
Жаратылыш кооздугун биле жүр.
Жакшылыгың колдон келген аябай,
Жармачтардын үйүнө да кире жүр.

Бир топ эле менден кичүү болсоң да,
Үзөңгүлөш жолдошумдай көрөмүн.
Жолугушсак жүз граммдан көтөрүп,
Күүлөр чалып, ыр-обондон төгөмүн.

Аман болсун алган жарың Света,
Аман болсун Аидаң да, Маратың.
Көңүлүңдү алып жүрсөң кирдетпей,
Кудай буйруп, токсон-жүзгө барасың.

6.11.2008

 

АТАГУЛОВ КЕНЖЕТАЙГА

Адамдын жашоодогу чоң милдети—
Артына өз тукумун таштап кетүү.
Анан да ошол балдар болуу керек,
Алты саны аман да, акыл-эстүү.

Уулкан карындашым экөөңөр,
Ушул айткан милдетти кармандыңар.
Калкынын керегине жарап жатыр,
Каратал, Көктал аттуу балдарыңар.

Кең дүйнө өз огунан чыкса дагы,
Кенжетай, кебелбеген мүнөзүң бар.
Акыл айтып, жаңжалды жөнгө салып,
Алыш-бериш салтына жүрөсүң шар.

Байлык да, бакыт дагы өзү келбейт,
Бул экөө жаралышат акыл менен.
Жашоо-тирлик маанисин таразалап,
Жаралгандан өзүңдө акыл кенен.

Байлыгың булак болуп агып турсун,
Жаркырап шам чырагың жанып турсун.
Кенжетай, Уулканым төштөрүнө,
Эли берген «орденин» тагып турсун.

Дөөлөттүү карылыкты уланткыла,
Оору-кесел, кырсыктан алыс болуп.
Жармачка колдон келген жардам берип,
Жашагыла дамамат калыс болуп.

Эркектер курсагы ток жүргөн кезде,
Эчтемеден капарсыз иштеп келет.
Карайлап карды ачып калганында,
Карындашын алыстан издеп келет.

2009-жыл

 

БАБАНОВ ӨМҮРБЕККЕ

Соломондун ким экенин сынаган,
Кудай келип, андан минтип сураган:
“Эмне керек, алтын, күмүш, акчабы,
Каалагандай эң бай адам кыла алам”.

А Соломон: “Акыл бергин, билим бер,
Акылмандын акыл айткан тилин бер.
Арамдыкты аң-сезимден арылтып,
Акак таштай таза турум-жүрүм бер”.

Согушу жок, элин кырк жыл башкарып,
Соломондун аты чыкты таш жарып.
Анткен себеп, Кудай берди чоң акыл,
Анын айткан суранычын аткарып.

Ал башкарган өлкө байып, ирденген,
Ажайып бир кооздукка түрдөнгөн.
Ага себеп, акыл менен билимди—
Абдан туура пайдалана билгенден.

Согушчандар элин жүдөө кылышкан
Соломонго көңүлдөрүн бурушкан.
Соксоюшуп, иши жылбай калгандар,
Соломондон акыл сурап турушкан...

Өмүрбегим, эл мүлкүнө кол салуу,
Өңүң эмес, түшүңө да кирбесин.
Башка жактын шылуундары, өлкөнүн
Башкасын кой, бир мыгына тийбесин.

Тирүүлүктө бир шанс тийди колуңа,
Түшүп калбай ыпыластык торуна.
Өгүз сымал жыла бергин, артынып,
Өлкөбүздүн оор жүгүн жонуңа.

Түз жүргөндү Кудай сүйөт, эл сүйөт,
Түз жүргөндүн туусу турат желбиреп.
Өлкө эли ишенимин арттырат,
Өмүрбекти өз ордуна келди деп.

Көрүп калгам Токтогулдай атаңды,
Көрбөйлү биз сен кетирген катаңды.
Абдыш молдо уулумун Казакбай,
Ак тилектен берип турам батамды.

4.01.2012

 

БӨРҮБАЕВ АСЫЛКАНГА

Өзүмө бир туугандай агам эле,
Өң-турпаты келишкен адам эле.
Оозунан жаман сөздөр бир чыкпаган,
Өзгөчө сыпаа мүнөз жаран эле.

Түрлөнтүп кийимдерди кийер эле,
Түптүз басып зыңкыйып жүрөр эле.
Жылуулук илебинин деми келип,
Жылмайып бир керемет күлөр эле.

Эски кесел кетпеген алың болду,
Суусардай сулуу аял жарың болду.
Үч уул, бир кыз бала төрөп берип,
Үшүтпөй сени баккан дарың болду.

Кыргызда тың чыкканды койот жайлап,
Кыл менен билгизбестен колун байлап.
Бир кезде Бөрүбаев Асылканды,
Бишкектен жиберишкен Ошко айдап.

Жакшы адамды сыйламай ата салты,
Жашынан анын артып кадыр-баркы.
Эстеринен чыгарбай сактап келет,
Элесин өчүрбөстөн Оштун калкы.

Өзүңө окшоп билимдүү болсом дегем,
Билимдин бийигине консом дегем.
Ошол тилек акыры аткарылып,
Жашап келдим инженер билим менен.

Жайсыздык кыйчалышта керек болдуң,
Жатындаш тууганымдай жөлөк болдуң.
Агалык мага айткан акылыңдын,
Азбы-көппү, акысын төлөп койдум.

Агабыз бул жалгандан жерге кетти,
Артындагы балдары эрге жетти.
Арасынан суурулуп ат салдырбай,
Алтайы бардык жактан өргө кетти.

22.02.2010

 

БӨРҮБАЕВ АЛТАЙГА

Алтай аттуу өз айылдык иним бар,
Ал жигитте ченебеген билим бар.
Аралашпай жаман-жуман иштерге,
Анда аппак таза турум-жүрүм бар.

Чанда чыгат чаалыкпаган тулпар ат,
Чабылганда андай аттар сындалат.
Алтай аттуу жигиттердин тулпары,
Аңыз болуп эл ичинде ырдалат.

Жалындады акыл-сезим оттору,
Топология илиминен коркподу.
Орто-Азия, Казахстан ичинен,
Өзү жалгыз ошол илим доктору.

Алтай аттуу академик кыргызга,
Атын койду асмандагы жылдызга.
Бактысына калган экен жазылып,
Башын кошту көл тараптык бир кызга.

Алтай иним көп кыдырды дүйнөнү,
Лекциялар түрмөгүнөн сүйлөдү.
Далай-далай кызыгуулар туудурду,
Чоң илимпоз катары анын билгени.

Элүү жашта саясатка байланды,
Парламентте спикерге шайланды.
Профессор, академик инибиз,
Мамлекет ишмерине айланды.

Калса гана ушу менен тим жашап,
Кайрып күүлөр, комуз менен сырдашат.
Айлыбыз бир Байдылда, мен, Алтайдын,
Анча-мынча инибиз да ыр жазат.

Алтай иним, аман болгун, жарың да
Аман жүрсүн колтукташып жаныңда.
Сыртыбызды, кырыбызды салышпай,
Сыйлашалы тирүүлүктүн барында.

22.02.2010

 

ГҮЛМАДАГА (МАДЫШ)
(акыреттик досум, маркум Айтназаров Аскарбектин жубайы)

Кыркка жетпей жесир калдың,
Үч баланын энеси.
Өлөрүндө досум айткан,
Ойдо турат керээзи:

–Не кылайын тагдыр экен,
Кетип барам арманда.
Көз кырыңды сала жүргүн,
Ата болуп балдарга…

Миң жалындык жаратканга,
Бирок жардам бербеди.
Муңга баттык, ыйга баттык,
Ал кайрылып келбеди.

–О, Гүлмада, жалгыз калдың,
Балдарыңдын кашында.
«Жесир» деген атка кондуң,
Отуз жети жашыңда.

Арбагы анын капа болуп,
Сөзгө турбайт дебесин.
Айтып өттүм жан досумдун,
Эң акыркы керээзин:

–Көңүлөңө жаккан эрге,
Алсын деген баш кошуп.
–Апей, эмне дегениң бул?–
Деди Мадыш тарс чоочуп–

Эсиңе ал, эч каалабайм,
Эркектердин бөлөгүн.
Башкалардын кереги не,
Балдар менин жөлөгүм…

Өзү жеке тартып келет,
Түйшүк толгон арбаны.
Ага дем-күч берип жатыр,
Аскарынын арбагы.

Кем калышпай башкалардан,
Өсүп жатат балдары.
Аскары жок, ошол гана—
Анын жалгыз арманы.

 

ДАВЛЕТАЛИЕВ САЛКЫНБЕККЕ

Жактырамын Таласымды, калкымды,
Жашыл токой, жайлоосунда салкынды.
Бир башымда толгон-токой өнөр бар,
Билишеби тууган элим баркымды?

Жазып келем, ырдап келем калкым деп,
Жан эриткен айтып берем алтын кеп.
Башкаларын мындай койо туралы,
Баалайт мени догдур иним Салкынбек.

Ишеним бар ар бир айткан сөзүндө,
Илбериңки, куулугу жок көзүндө.
Эмгек, күчүн берип кетип баратат,
Эр-азамат жигиттердин көчүндө.

Ала-Тоонун астын казсаң алтын көп,
Жигиттер чак жашап жаткан калкым деп.
Ата-Журтун ардактаган, сыйлаган,
Атаң көрү, көп болсо дейм, Салкынбек.

Нечен адам өлүктөрүн көргөнсүң,
Жийиркенбей кескилеп да көнгөнсүң.
Өлүмүнүн так себебин көрсөтүп,
Акыйкаттуу анализин бергенсиң.

Кыргыздагы «кыйтырлык» жок инимде,
Кызууланган жаман сөз жок тилинде.
Жаманга да, жакшыга да, душманга,
Жакшылыктын баарын каалайт дилинде.

Мага жагат апыр-тапыр мүнөзүң,
Жабык болбой ачык, шайыр жүрөсүң.
Купшуңдаган куйту адам аз жашайт,
Кудай буйруп, жүз жыл өмүр сүрөсүң.

Өзүм болсом кыргыздардын акыны,
Өмүрдүн да келет тура акыры.
Баякеңдин кап-кап толгон ырлары,
Басылбастан текчелерде жатыры.

Жамыраган көп өнөр бар өзүмдө,
Жан сергиткен жылуулук бар сөзүмдө.
Эңсегеним: чыгармалар мен жазган,
Элге жетсе көзүм тирүү кезинде.

13.02.2011

 

ЖАЙЛООБАЕВ ШАКИРБАЙГА

Өмүрдө жетимиш жыл артта калды,
Өткөн чакка карасам сереп салып.
Жамандары жадымда сакталбады,
Жакшы адамдар элеси эсте калып.

Элүү жети жылында онду бүтүп,
Трактордун курсунан билим алдым.
Шакирбай агай берген сабактардан,
Темир-тезек дүйнөгө кирип алдым.

Жээрде чачын оң жакка кыйгай тарап,
Колуна лекция жазган албай барак.
Ак боз жигит чыбыгын колго алып,
Берчү эле трактордон бизге сабак.

Мемиреген класста укчу элек,
Анын чыккан жагымдуу коңур үнүн.
Арадан жарым кылым өтсө дагы,
Кулагыма угулат күнү бүгүн.

Кара түстүү костюм-шым кийээр эле,
Галстукту жакага илээр эле.
Сыны чыккан ичи жок орто боюн,
Зыңкыйтып түптүз алып жүрөөр эле.

Уурданып агайымды караар элем,
Ушундай болсо экем деп самаар элем.
Өзүм билбес жакшы адам сапаттарын,
Ушу гана кишиден табаар элем.

Жакшы адам тышы дагы, ичи дагы,
Жактырган чоңу дагы кичи дагы.
Сыпайы мүнөзүнө башын ийип,
Сыйлаган «душман» болгон киши дагы.

Трактордун окуусун бешке аяктап,
Жакшы иштеп, байгелерди алып жүрдүм.
Изин кууп Шакирбай агайымдын,
Инженер окуусуна барып кирдим…

Учкан куштай алмашып улам жылдар,
Улгайып баратканым сезип жүрдүм.
Бир күнү эле Бишкектин көчөсүнөн,
Билим берген агайды кезиктирдим.

Кемирип жээктерин суулар агып,
Асмандан нечен булут көчсө дагы,
Шакирбай агайымды тааный койдум,
Арадан жарым кылым өтсө дагы.

Акырын агайымды кепке тарттым,
Артта калган өмүрүн айтып берди.
Жашоо-турмуш, кызматы, эмгек жолу,
Жакындап көз алдыма кайтып келди.

Өкмөт менен партия берген ишти,
Өксүтпөй убагында так аткарып.
Өзүнүн көмөчүнө күлдү тартпай,
Өзгөчө таза жана ак аткарып.

Тартынбай таштак жолдуу болсо дагы,
Тагылган кызматтарга барып берди.
Булганбай, азгырылбай арам ишке,
Буйруган сыйлыктарын алып келди.

Баш кошуп өз элинин бир кызына,
Жубайы жети бала төрөп берди.
Жарым кылым жашаган өмүр жолдо,
Жаман айтпай бир-бирин жөлөп келди.

Жуп болушуп, элүү жыл бирге жашап,
Жубайы түбөлүккө көзүн жумду.
Шаттанган шайыр жылдар күңүрттөнүп,
Шакирбай сезип жүрдү өзүн муңдуу.

Аракет кыл, мокобой карылыкка,
Андайлардан ажалың алыс качат.
Калдайып эл-журтуңдун арасында,
Кадимкиңдей жүрө бер калыс жашап.

 

ЖУМАБЕКОВ САБЫРБЕККЕ

Бала болуп сен төрөлүп, чоңойдуң,
Мекен кылып, Сатыкейдей айлыңды.
Азыр болсо бүтүн дүйнө бүт билет,
Атак-даңктуу доктор болгон дайныңды.

Бала кезден намыскөйсүң тырышкан,
Тартынбаган таш көтөргөн жумуштан.
Өзүң чакан, чыканактай болсоң да,
Өжөрлөнө өгүз кирпич куюшкан.

Абдан мыкты бүттүң айыл мектебин,
Андан кийин чоң илимди беттедиң.
Билимиңди улантмакка дагы да,
Бир топ жылы кыргыздардан четтедиң.

Өз элиңдин ишенимин актадың,
Отуз жашта докторлукту жактадың.
Сенчелик жаш доктор болгон адамды,
СНГден издеп такыр таппадым.

Оорулардын түрлөрү бар жүздөгөн,
Орун алып, дене-бойдон түшпөгөн.
Өмөктөтүп бел бүктөгөн кеселден,
Өзүңө окшош дарыгерлер түздөгөн.

Бири бутум, бири болсо колум дейт,
Бири муунум, бири болсо белим дейт.
Сынып кеткен, чыгып кеткен сөөктү,
Сага окшогон адис гана желимдейт.

Тегиздедиң бир калыпка келтирип,
Теңизбайдын тетирленген буттарын.
Жакшы болуп эмканадан чыкканча,
Жанындагы керебетте «уктадың».

Эмкананы буга чейин тейледиң.
Эми болсо министр ордун ээледиң.
Мындай ишке барганыңа түшүнбөйм,
Мынча неге бул орунду мээледиң?

Айнып кетип, оңго-солго барбагын,
Арабаңдын божусун түз кармагын.
Түп көтөрө кыргыз сени макташаар,
Түзүктөсөң саламаттык тармагын.

2.01.11

 

ЖУМАШЕВ ЧКАЛГА

Айыл жерде төрөлүшүп катталган,
Айрымдары эске бекем сакталган,
Колхозубуз Чкаловдо туулуп,
Бир уулубуз Чкал деген атты алган.

Чкал курбум, аман-эсен барсыңбы?
Баратасың кенен таштап арышыңды.
Жай олтуруп, мына эми кириштим,
Берейин деп ырдан бүткөн карызымды.

Көзүң тосток, сары чийкил бала элең,
Эч ким менен тытышпаган жан элең.
Эмгек десе кичинеңден тырышкан,
Бул жагынан бир кишилик бар элең.

Кой багам деп чокоюңду суу кылдың,
Койлоруңду өз кол менен куудурдуң.
Карай бербей төлдөп жаткан койлорду,
Катыныңа бир топ бала туудурдуң.

Келатасың өмүр бою кой багып,
Келиштире өздөштүрдүң ал жагын.
Өзүңө окшош жаны тынбас эмгекчил,
Өз аялың жана дагы балдарың.


Чкал курбум, аман болсун алганың,
Аман жүрсүн келин-кесек, балдарың.
Бала-Чычкан, Суусамырдын жайлоосун,
Батпай оттоп жүрсүн баккан малдарың.

Чкал курбум жылкы, койго, уйга бай,
Казакбайың күүлөргө бай, ырга бай.
Кыргызымдын белдүү уулу Чкалды,
Обон созуп, кантип турам ырдабай.

Барып калсам үйүңө да кирермин,
Чоо-жайыңды толугураак билермин.
Жооп кылып ушул жазган ырыма,
Тартуулаган аргымагың минермин.

 

ЖОШЫБАЕВ СЕЙТХАНГА
кардиохирург, медицина илимдеринин доктору

Камыр-жумур келе жатат бир жашап,
Калың кыргыз арасында бир казак.
Жасап жаткан эмгегине баа берип,
Жарашар дейм аны мактап ырдасак.

Адамдардын ден соолугун ойлогон,
Ахунбаев агабызды жолдогон.
Ал дегениң Жошыбаев Сейтхан,
Абдан кылдат жүрөктөрдү сомдогон.

Жаш чагыңдан түшүрбөдүң баркыңды,
Жалпы кыргыз билет бийик даңкыңды.
Жашаш үчүн кыргыздарда түбөлүк,
Жар кылыпсың Жумгал кызы Салкынды.

Акыйкатта кардихирург алпысың,
Алып келдиң миң сан адам алкышын.
Ушул барктан, ушул даңктан түшүрбөй,
Уланта бер өмүрүңдүн аркысын.

Ажыратып агы менен карасын,
Адамдардын жактырбайсың аласын.
Канча өнөрдүн кагып келем тизгинин,
Казак калкы менин болот нагашым.

10.04.2002

 

ИБРАЕВ БООБЕККЕ
(60 жашта)

Жактырам көп жигиттен бир өзүңдү,
Жактырам оор-салмак мүнөзүңдү.
Аракты таштаган деп уккан элем,
Ал «итти» оозуңа албай жүрөсүңбү?

Ичимдик таланттарды чалып жыккан,
Ичимдик сазга ээрчитип барып тыккан.
Өзүңө окшош эрки күч азаматтар,
Өнөрүн өрдү көздөй алып чыккан.

Бир саатта бир кадам шилтеп коюп,
Бир кылымдык Бокем да жашка жетер.
Жоргоңду анча-мынча тездетпесең,
Жол боюна Күлсүнүң таштап кетер.

11.09.1995

 

ИСАЕВ КЕҢЕШБЕККЕ

Адамдарда ар кыл түркүн мүнөз бар,
Арам жүргөн, бирин-бири алдаган.
Куу-шумуң жок, күлүп койгон жылмайып,
Кудай сага токтоолукту арнаган.

Келишимдүү боз костюм-шым кийинип,
Мектеп жакка ойлуу басып келчү элең.
Даярданып сабактарга эң жакшы,
Жоопторду жалаң бешке берчү элең.

Онду бүтүп, улантпады окууну,
Ошол го дейм Кеңешбектин катасы.
Билим алса балким доктор болмоктур,
Бирок болду он баланын атасы.

Кыз кыялдуу жаркылдаткан кабагын,
Кымбат баалуу Арзан аттуу аялың.
Төрөп-түшүп, эне болду бактылуу,
Бешөөсү кыз, бешөө эркек баланын.

Алыс жакта артта калды жаш чагың,
Антсе дагы жаш жигиттей басканың.
Ташбакалар жашайт экен үч жүз жыл,
Ташбаканын жүрүшүнөн ашпагын.

Мен сүйгөн кыз агасысың Турардын,
Карыса да ага көңүл бурармын.
Арзаныңдын чайын ичип, нанын жеп,
Ардакталган конок болуп турармын.

Сага окшошсо адамдардын мүнөзү,
Бейкуттукта жашайт эле Жер шары.
Акырында бата кылып айтарым,
Алган жарың Арзан менен тең кары.

29.10.2008

 

ИСАКОВ АБДЫКАСЫГА

Жашыл токой, Таластын тээ башында,
“Жаңы-Турмуш” деген чакан айлың бар.
Атаң сенин Ысак болгон чоң молдо,
А кишини көрүп калган жайым бар.

Ал жарыктык касиеттүү киши эле,
Өзү улук башкаларга кичи эле.
Алалантып кедей дебей, бай дебей,
Адамдардын бардыгына түз эле.

Талаша бер эмгекчинин таламын,
Териштирип жакшысын да, жаманын.
Берешендик пейилиңден өксүбөй,
Берекелүү толуп турсун табагың.

Өңү өчпөй, асманыбыз көк болсун,
Өмүр бою төгөрөгүң төп болсун.
Өз боюна өлчөп ичкен аракты,
Өзүңө окшош кыргыздарым көп болсун.

Салбырабай жигит деген шар болсун,
Сагындырып, жарпың жазган жар болсун.
Сабаттуу да, сабырдуу да, салмактуу,
Сага окшогон кыргыздарым бар болсун.

Жигит деген жоо өткөрбөс чеп болсун,
Жигиттерге жакшы айтылган кеп болсун.
Өйдө-төмөн сөздүн башын чаргытпай,
Өзүңө окшоп убадага бек болсун.

Чала кылбай өз ишине так болсун,
Чаң бастырбай, көңүл дайым шат болсун.
Санаасында таруудай да кири жок,
Сага окшоп ич дүйнөсү ак болсун!

Санап өткөн касиеттин бардыгы,
Эркин аттуу уулуңда бар экен.
Кыргыздарча “кыйтырлыгы” билинбей,
Кыргыз десе жанын кыйчу жан экен.

Эркин уулум, тартыпсың сен атаңды,
Азырынча көрө элекпиз катаңды.
Аман болсун, алган жарың, балдарың—
Айтып турам ак тилектен батамды.

2011-жыл

 

ИШИМОВ АЛИСУЛТАНГА

Жарым кылым жашап келем шаарда,
Башым ооруйт машиналар чуусунан.
Көкүрөгүң ышка толуп капкара,
Көңүл айныйт газ жыттанган уусунан.
Батталышат аш казандын каттары,
Пайдасы аз хлор кошкон суусунан.

Барган сайын жашым улам өйдөлөп,
Бала кезим эске түшөт дайымга.
Жыргап ойноп жүрчү элек куушуп,
Жылаңайлак жазда, күздө, жайында.
Жаратканым өмүр берсе экинчи,
Жашоомду өткөрмөкмүн айылда.

Шаар жердин ызы-чуусун укпаган,
Шамалдаган таза абадан жыттаган.
Мезгилинде жаз, жай, күзү, кышында,
Мемиреген тынч түнүндө уктаган.
Айран ичкен, кымыз ичкен, эт жеген,
Алисултан, жашооңо суктанам.

Өкмөт берген кызматына барбадың,
Чоң кызматтын чоң папкесин албадың.
Султан иним, качып барып шаардан,
Жашаганга айыл жерин тандадың.
Малың багып, жериң айдап, дан сээп,
Өткөрө бер өмүрүңдүн калганын.

Айылымда Кара-Ойдо жашаган,
Ар биринин өтөп жаткан иши бар.
Ала-Тоолук кыргыз элдин сыймыгы,
Акын агам Байдылданын изи бар.
Аркалаган ашып-ташкан көп өнөр,
Анан дагы Казакбайдай киши бар.

Агаң болсо жаза берсин ырларын,
Ача берсин жашоо, сүйүү сырларын.
Коштоп кармап, дирилдетип күү чалсын,
Комуз менен домбуранын кылдарын.
Анда-санда конок болуп кеткенге,
А сен болсо айыл жерден жылбагын!

25.08.2008

 

КАН КУДАМ ТОПЧУКЕГЕ 
(Топчубек Тургуналиев70 жашта)

Жетимиш жаш желкеден алган экен,
Жетимишке Топчукем барган экен.
Жерге эңиштеп, бел бүгүп, бутун сүйрөп,
Жетимиш жаш бирөөгө арман экен.
Жегени аш, тың басып, кан кудамдын,
Жетимишке барганы жалган экен.

Келебиз канча жылдар куда болуп,
Көрбөдүк башың ооруп жатканыңды.
Сендеги кайнап турган ички кубат,
Денеңе кайрып турат жаш чагыңды.
Сербейтип сакал-мурут койдурупсуң,
Сен эмне, карылыкка шашканыңбы?

Жаңы бийлик жакшылап иштеп кетсе,
Мурунку кыйшык жолду түздөп кетсе,
Сенин кылар иштериң калбай калып,
Сын айтчу башка өлкөнү издеп кетпе.
Жаңы-жаңы саясий күрөштөр бар,
Жашоону уланта бер дагы көпкө.

Кыргыздын Баатыры деп наам берип,
Алсаң болмок Нобелдин сыйлыгын да.
Ошондо түбөлүккө атың өчпөй,
Жүрмөксүң кыргыз элдин сыймыгында.
Ал сыйлыктар жазылып турса керек,
Келечек тагдырыңдын буйругунда.

17.11.2011

 

КАСЫМБЕКОВ ТӨЛӨГӨНГӨ
(60 жашта)

Алгачы жүрдүң жан багып,
Ата-энең берген нанды жеп.
Асан-кайгы тартканбыз,
Адам болбой калды деп.

Анан жаза койдуң да,
«Адам болгум келетти».
Киши санга кошулдуң,
Кирбийген жигит элеттик.

Ырбайып арык болсоң да,
Ычкынып катуу тырыштың.
Жаныңды тиштеп оозуңа,
Жараттың «Сынган кылычты».

Андан кийин «Келкелди»,
Аздектеп жаздың шашылбай.
А бирок аның кор болуп,
Ай-жылдар жатты басылбай.

Калпты неге жаздың деп,
Капшыра кармап жакаңы.
Өзгөртүп кайра жазгын деп,
Өзүңдү жарга такады.

Асабыз дарга дешсе да,
Алардын тилин албадың.
Алптыгың, Төкө, ушунда,
Андай калпка барбадың.

Эң жакшы болду журтуңа,
Эл депутат болгонуң.
Жалпы кыргыз калкынын,
Жамаатын катуу колдодуң.

Кылычың сынса мейличи,
Калем сабың сынбасын.
Кагаз бетин из кылып,
Кадамы такыр тынбасын.

Алтымыш жаш эмине,
Алчаңдап турган аргымак.
Алданып калбай жемине,
Алдыга карай каргымак.

1991-жыл

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 5509