Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 29-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Балдарга базарлык

Кыргыз республикасынын жазуучулар жана журналист-тер союздарынын мүчөсү, композиторлор жана сүрөтчүлүөр союздарынын Ардактуу мүчөсү, көп кырдуу талант Казакбай Абдышевдин бул китебине ар кайсы жылдары жазылган ырлары жана поэмалары кирди. Ырларынын көркөмдүк деңгээли жогору жана айтайын деген ойлору терең берилген. Махабат ырларында эротикалык чымчыкейлери да кездешет. Философиялык терең ойлору менен катар эле ырлар кыргыз элине мүнөздүү күлкү-тамашалардан да кур эмес. Ырлар жана поэмалар поэзияны сүйүүчүлөр үчүн кызыгуу жаратат. Айрым ырларына жана термелерине автор тарабынан обондор да чыгарылып, автордун жана башка белгилүү артисттардин аткаруусунда ырдалып жүрөт.

Абдышев К. Ыр дүйнө: Ырлар-поэмалар. – Б.:Университет, 2012. – 476 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
А13
ISBN 978-9967-02-815-9
А 4702300200-2012

Нуска 500 даана

 

АЙГҮЛ МЕНЕН АПАСЫ

Айгүл менен апасы,
Басып келди кассага.
–Бир белет бер, –деп сурады,
Сараңдык кылып акчага.

Анда кассир сурады:
–Бул кызыңыз канчада?
–Бешке чыкты жаңыдан,
Беребиз аны бакчага.

Анда Айгүл чепилдеп,
Түзөдү апа «катасын»:
–Апа, мени Нургүлгө,
Алмаштырып жатасың.

Нургүл быйыл беш жашта,
Мен болсом чыктым жетиге.
–Апей кокуй, эмне дейт,
Жара чыккыр эсиме.

Айгүл эмес Нургүлү,
Көрүнгөн тура көзүмө…
Белет саткыч ишенди,
Апанын калп сөзүнө.

 

ДАРИЯ КЫЗЫБЫЗГА

Туш келиптир ушул күн,
Тушооң кескен жатабыз.
Атаң менен апаңдын,
Арнаган сага батабыз:

–Калкыбыз болуп бейкутта,
Карының сенин ачпасын.
Көйгөйлүү заман туш келип,
Көзүңдөн жашың акпасын.

Бактылуу жүрүп өткөргүн,
Балалыктын заманын.
Ушудан ары чалынбай,
Уланып кетсин кадамың.

Биринчи эле класстан,
Билимдин түшкүн артынан.
Жаңылба, биздин тукумдун,
Жакшы окуган салтынан.

Арышың улам алыстап,
Алдында жүргүн катардын.
Эмгегиң туура бааланып,
«Эл кызы» болуп аталгын.

Тамтуң баскан кадамың,
Такшала берсин жайлабай.
Толук болсун өмүрүң,
Толкундап аккан дайрадай.

Буйрусун кызым, өзүңө,
Бүгүнкү берген ак бата.
Алдыда келер өмүр жол,
Ар дайым болсун таптаза.

25.06.2006

Чоң атаң Казакбай,
чоң апаң Керимкан

Бишкек шаары

(Бул ыр үчүнчү уулубуз Сардардын кызы Дариянын эки жашка чыкканына байланыштуу жазылды. Келинибиз Асель көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Медетбек Керимкуловдун кызы).

 

МАГА ДЕЛЕ “МАШИНЕ”

Айылда бар карындашым,
Алты жашка чыгып калган.
Иним болсо төрөлүптүр,
Эки жылча кийин андан.

Студентмин, барып калсам,
Мени көздөй алар шашат.
«Эмне апкелдиң бизге?» дешип,
Этек-жеңди тарткылашат.

Быйыл жайда барганымда,
Куурчак алдым бирине.
Ылайыктуу эмеспи деп,
«Машина» алдым иниме.

Анча ыраазы боло бербей,
Карындашым мындай деди:
–Албайсыңбы мага деле,
Алдагындай машинени.

Жооп бердим: – Ойнойт кыздар,
Бала кылып куурчак менен.
Айдагандай машинени,
Иниңе окшоп бала белең?

– Ооба сага, баягында,
Чоң шаардан өзүм көргөм.
Бир эжеке лөгкөбайды,
Зуулдатып айдап жүргөн.

 

МАШИНА «КУЛАП»

Беш жашар уулум китепти,
Отурган болчу барактап.
Кыйкырып калды бир кезде,
Көздөрү анын алактап:

–Ата, ата, карасаң,
Машина ала салыптыр.
Төрт дөңгөлөк көк карап,
Төңкөрүлүп калыптыр.

Назарым салып карасам,
Кабагын салып отуру.
–Эмне болду экен?–дейт,–
Ичиндеги шопуру.

«Эмне болуп кетти?» деп,
Басып бардым жанына.
Мурутумдан мен күлдүм,
Түшүнүп иштин жайына.

Көрсө Айдар китепти,
Тетири кармап алыптыр.
Дөңгөлөктөр көк карап,
«Төңкөрүлүп» калыптыр.

 

НЕБЕРЕМ САНЖАР АЛТЫДА

«Америкалык» неберем,
Санжар кетти алтыга.
Тилек айтуу улуунун,
Илгертен калган салты да.

Санжарым, жаның бек болсун,
Сага айткан жакшы кеп болсун.
Жашап өткөн өмүрүң—
Бир кылым деген чек болсун.
Турмушка бышып такшалып,
Болоттой болуп тапталып.
Билимдүү болуп жетилгин,
Биз жүргөнгө мактанып.

Акылын уккун атаңдын,
Ак сүтүн акта апаңдын.
Абдыштан калган тукум деп,
Алдында жүргүн катардын.

Жашооң жакшы болсун деп,
Жакшы тилек айтайын.
Жакалашып тытышып,
Жаныңда жүрсүн Жантайың.

Ата-энең Айдар, Сарина,
Ынтымактуу жүрүшсүн,
Ырахат өмүр сүрүшсүн.
Кабактарын бүркөбөй,
Каткырып куунак күлүшсүн.

Чоң атаң менен чоң апаң,
Кол жайып берет батасын.
Кылым жашап узакка,
Кызыктарга батасың.

2.03.2007
АКШ, Мэриленд штаты, Коламбия шаары.

Ортончу уулубуз Айдардын келинчеги Сарина белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиевдин кызы.

 

ОЙНОБОЙ КАЛАТ ЭКЕМИН

Жумабекке энеси:
–Жуулган көйнөк кий,– десе,
Кежирленип болбоду:
–Кийбеймин мейли кирдесе.

Кирдеттиң деп бир күндө,
Келгенде үйгө, тилдесең.
Ойнобой калат экемин,
Эски эле көйнөк кийбесем.

 

ЭМИ ЫЙЛАТПАЙМ

Күндө Нурлан ыйлатат,
Чоңдугун салып Айдарды.
Ыгы жок жерден чыгарат,
Ызы-чуу, уруш, жаңдалды.

Оюнчугун Айдардын,
Жулуп алат колунан.
Чырылдап ыйлап ал жөнөйт,
Тамтаңдап жетпей соңунан.

Оюнчукту алпарып,
Коюп койот секиге.
Айдар жетпейт тырмышып,
Анткени араң экиде.

Аяп койсо Айдарды,
Ич тардык кылат анда да.
Нукуп койот көрсөтпөй,
Айдар жалгыз калганда.

Кайсы бир күнү Айдарды,
Кетишти алып айылга.
Күнүлөшпөй Нурландын,
Көңүлү азыр жайында…

Апасынын жанына,
Муңайым басып ал барды.
–Эртерээк эле келбейби,
Сагынып калдым Айдарды.

–Ыйлата берет экенсиң,
Кичинекей немени.
Андан көрө айылга,
Биротоло берели.

–Экинчи ага тийбестен,
Ээрчитип аны ойнотом.
Ыйлап калса мен аны,
Оюнчук берип сооротом.

 

ӨНӨРЛҮҮ БАЛА
(жомок)

Илгерки өткөн заманда,
Болуптур кемпир карыган.
Бир небере бар анда,
Он бешке чыккан жаңыдан.

Кемпир айтты бир күнү,
Балага мындай акылын:
–Жок экенин эсиңе ал,
Менден башка жакының.

Карабайт азыр жетимге,
Кор кылбасын бирөөлөр.
Көзүмдүн тирүү кезинде,
Үйрөнүп кал бир өнөр.

Кырына чыгып сексендин,
Карыган энең өлөр чак.
Мен болсом эптеп жашаармын,
Бир жактан издеп өнөр тап.

Макул болду небере,
Бул сөзүнө эненин.
–Эртең жолго чыгам да,
Өнөрдү таап келемин.

Көтөрүп жонго азыкты,
Байланып бутка чарыкты.
Белгисиз жакка жол тартты,
Калтырып үйгө карыпты.

Тогуз күн бою жол жүрдү,
Онунчу күнү кечинде,
Чарчаган бала олтурду,
Бир айылдын четинде.

Ачка болуп курсагы,
Азыраак өзөк жалгады.
Түбүнө түштү баштыктын,
Каткан нандын калганы.

Ыргып туруп ордунан,
Үмүттүү кадам шилтеди.
Кезикти бир чал жолунан,
Жупуну анын кийгени.

–Ассалоому алейкукум,
–Алейкума ассалам.
Жолоочусуң байкасам,
Жүрөсүң кайдан, айт балам?

Бала өзүнүн максатын,
Баяндады карыга.
–Өнөрдү бирок таппадым,
Баратам издеп дагы да.

–Толуп жаткан өнөр бар,
Үйрөнмөксүң кандайын?
Деп айтканда кары чал,
Түшүндүрдү ал-жайын.

–Алдыдагы көрөр күн,
Жакшыраак жашоо айласы.
Турмушта ошол өнөрдүн,
Тийсе болду пайдасы.

–Менде бар балам, бир өнөр,
Чынында кымбат алтындан.
Көңүлүң болсо үйрөнөр,
Ээрчип жүргүн артымдан.

Айылдан четте тигилген,
Бир боз үйгө келишти.
«Ачка болдуң сен» дешип,
Балага тамак беришти.

Мындай деди карыя,
Сылап күмүш сакалын:
–Үйрөтөмүн мен сага,
Кыргыздын лакап-макалын.

Оюна кетти баланын:
«Ушунун эмне кереги.
Билгенде аны бирөөлөр,
Бир чымчым талкан береби?»

–Кабатыр болбой кала бер,
Кагылайын сен балам.
Атаңдан өнөр ала көр,
Айтканыма көн балам.

Маанайы бир аз пас боло,
Макулдугун билдирди.
Ордуна келип жүрөгү,
Ошондо чалга тил кирди.

–Толук мында бир жыл бол,
Топ жарган чечен болосуң.
Далайдын оозун ачтырып,
Даанышман атка коносуң…

Макал менен лакаптын,
Жаңысын айтчу күндө эле.
Андан башка сүйлөчү,
Кызыктуу жомок, аңгеме.

Сөз талашкан жыйынга,
Ээрчитип барчу ар дайым.
–Көңүлүң бургун кыйынга,
Ошонун сөзүн аңдагын.

Макал менен лакаптын,
Калтырбай бирин жаттады.
Даанышман айткан кептерди,
Дилинде бекем сактады…

* * *

Кош айтышып чал менен,
Кайтты бала үйүнө.
Жарым жолдон ал көрдү,
Жардашкан элди үйүлө.

Сурады четте тургандан:
–Эмне болгон жыйын?–деп.
–Хан чогултуп жатыптыр,
Айтканда эмне, кыйын кеп.

Калкты бирден киргизип,
Хан, ханша сурайт дейт.
Туура жооп бербесең,
Ийинден баштар кулайт дейт.

Эки-үч адам кирди эле,
Өлүгү чыкты кайрадан.
Эми даап кире албайт,
Топ жыйындан бир да адам.

Ошондо бала чыкты да:
–Мен киремин,–деп калды.
Санаасы бир аз сабыркап,
Сарайды көздөй бет алды.

Бир жакта хан олтурат,
Сол колунда жаш бала.
Оң колунда кылыч бар,
Өтчүдөй чапса ташка да.

Сол колуна кыз кармап,
Ханшасы бир жагында.
Өткүр кылыч жаркылдайт,
Оң колунда анын да.
Хан сүйлөдү:–Кана айтчы,–
Менин уулум жакшыбы?
Ханша анда чаңырды:
–Менин кызым жакшыбы?

Бала дароо түшүндү,
Бир балаага каларын.
Бирин айтса жакшы деп,
Бири башты аларын.

Баягы кары үйрөткөн,
Бир макал түштү эсине.
Ойлонуп көпкө турбастан,
Ошону айтты тезинен:

«Ар кимдики өзүнө,
Ай көрүнөт көзүнө» –
Таң калышты тигилер,
Таап айткан сөзүнө.

Хандын да, ханшанын да,
Каары эми жумшарып.
Өзгөрө түштү мурдагы,
Өңдөрү турган кумсарып.

Өнөрлүү бала экен деп,
Өлүмгө аны кыйбады.
Акылдуу бала экен деп,
Алтын берип сыйлады.

Эки ооз сөз менен,
Эчендер калды өлүмдөн.
Алтынын элге таратты,
Айлансын деп көңүлдөн…

Ошол бала бир кезде,
Чоң акылман болуптур.
Далайдын оозун ачырып,
Даанышман атка конуптур.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 1618