Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Абдышев К., 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 29-январы

Казакбай АБДЫШЕВ

Айылыма кат

Кыргыз республикасынын жазуучулар жана журналист-тер союздарынын мүчөсү, композиторлор жана сүрөтчүлүөр союздарынын Ардактуу мүчөсү, көп кырдуу талант Казакбай Абдышевдин бул китебине ар кайсы жылдары жазылган ырлары жана поэмалары кирди. Ырларынын көркөмдүк деңгээли жогору жана айтайын деген ойлору терең берилген. Махабат ырларында эротикалык чымчыкейлери да кездешет. Философиялык терең ойлору менен катар эле ырлар кыргыз элине мүнөздүү күлкү-тамашалардан да кур эмес. Ырлар жана поэмалар поэзияны сүйүүчүлөр үчүн кызыгуу жаратат. Айрым ырларына жана термелерине автор тарабынан обондор да чыгарылып, автордун жана башка белгилүү артисттардин аткаруусунда ырдалып жүрөт.

Абдышев К. Ыр дүйнө: Ырлар-поэмалар. – Б.:Университет, 2012. – 476 б. китебинен алынды

УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-5
А13
ISBN 978-9967-02-815-9
А 4702300200-2012

Нуска 500 даана

 

АЙЫЛЫМА КАТ

Бишкектен айтам саламды,
Бир тууган элим аманбы?
Бир топ жыл турак жай кылдым,
Бишкектей ордо калааңды.
Карылык ала баштады,
Казакбай аттуу балаңды.

Алыстан айтам саламды,
Айыл-журтум аманбы?
Жаш чагым калып алыста,
Жай таштап калгам кадамды.
Көчөгө чыгуу азайып,
Көчүгүм жерге кадалды.

Борбордон айтам саламды,
Боордош элим аманбы?
Маалката бут таштап,
Май баскан азыр таманды.
Барып издеп айылдан,
Балалык чагым табамбы?

Ошол өткөн турмушту,
Ойго салып көрөлү.
Жарыбай жүрүп күн көргөн,
Жаш чакка кайтып келели.
Тарыхын өткөн кылымдын,
Тасмага тартып берели.

Кош тартчу атты бактырып,
Кол менен үрөн чачтырып.
Чырканакты сүйрөтүп,
Айдоонун бетин жаптырып.
Эгинди оруп кол менен,
Кызылын бөлүп алышчу,
Кырман таш менен бастырып.
Ышкырып желди чакырып,
Ыргытып данды сапырып.
Күн-түндү билбей дыйкандар,
Күпүлдөй ишти качырып.
Бир тоголок дан калбай,
Бир жакка кетчү ташылып.

Өкмөттүн зайым салыгын,
Өлө-тала төгүшкөн.
Колунда болсо жарты нан,
Коңшусу менен бөлүшкөн.
Бирге чыгып дөбөгө,
Бир чуңкурда өлүшкөн.

Кеберсип эрди турса да,
Кең болчу элдин пейили.
Ичик, тон кылып кийишкен,
Иштетип ийлеп терини.
Ийиле берип жүгүнүп,
Ыймандуу эле келини.

Азыркылар өңдөнүп,
Аракты кууп ичпеген.
Ак буудай нан тартыштуу,
Арпанын нанын тиштеген.
Алып-жулуу ойдо жок,
Ак эмгек менен иштеген…

Жаш достор мага кулак сал,
Жакыныраак отуруп.
Ал кезекте жоюлган,
Молдолук менен сопулук.
Билим алып мектептен,
Биз кандайча окудук?
Кырк жетинчи жылында,
Мектепке келип киргенбиз.
Агай, эже үйрөткөн,
Ариптерди билгенбиз.

Ошондо биздин жашыбыз,
Жети, сегиз болгону.
Мектептен алыс турчубуз,
Беш чакырым болжолу.
Бир-эки саат болчу эле,
Кетирген убак жолдогу.

Алай-дүлөй бурганак,
Азапты кышта көрчүбүз.
Кар учурган сууктан,
Карайлап көрбөй көзүбүз.
Антсе дагы мектепке,
Ар күнү калбай келчүбүз.

Күкүктөнүп тоо суусу,
Күрпүлдөп сайда шар аккан.
Көп учурда солкулдак,
Көпүрө чыгып жарактан.
Өткөзүп койчу өйүзгө,
Өгүз, ат минип бараткан.

Көбүнчө кечип өтчүбүз,
Колтукка шымды кыстарып.
Турчубуз кээде чече албай,
Трусыйыбыз жок кысталып.
Алдында кыздар өтчү эле,
Арт жагында биз калып.

Бардыгыбыз күтчү элек,
Бат эле кыштын түшүшүн.
Көгөндөп байлап тоо суусун,
Көрсөтүп болгон өз күчүн.
Муз көпүрө салчу эле,
Кыш чилдеси биз үчүн.

Портфелди алгач көргөмүн,
Бир жолу барып шаардан.
Апам китеп баштыкты,
Тигип берген таардан.
Капты башка кийгенбиз,
Суу болбос үчүн жаандан.

«Мамыралы» жактан келчү эле,
Абдраимов Байдылда.
Жөө күлүк болуп жеткизбей,
Жүрчү эле топтун алдында.
Таң калтат элең дүйнөнү,
Такшалбай гана калдың да.

Желкиси кетпей эринден,
Же жарытып күлбөгөн.
Ача албай оозун кеңири,
Араң эле сүйлөгөн,
Бейшембинин Тилебек,
Эртерээк кетти дүйнөдөн.

Кыз теке чалыш Үчкемпир,
Кыңылдап кызча сүйлөгөн.
Бараткан жолдо мектепке,
Балдар менен жүрбөгөн.
Артында балдар калтырып,
А дагы өттү дүйнөдөн.

Сурабалды Сулайман,
Сурап алган кудайдан.
Кылыйта сүзүп көздөрүн,
Кыялдуу эле чунайган.
Эл-журту менен коштошуп,
Эртелеп кетти бу жайдан.

Классташ болуп окудук,
Коңшу элек бир айылда.
Мектепке бирге барчубуз,
Абдылда болуп дайымга.
Ал дагы жүрөт бу кезде,
Акырет дүйнө жайында.

Эр жигит эле Кудаке,
Эчтемеден коркпостон.
Бурап мойнун жылдырбай,
Буканы дагы токтоткон.
Элүүгө жетип-жетпестен,
Эл-журту менен коштошкон.

Эсептен абдан мыкты деп,
Эл ичи аны сөз кылган.
Өз оюн бербей талашып,
Мугалимин сез кылган.
Бригадир болуп көп жылы,
Медет дагы көз жумган.

Оголе шашып күйбөгөн,
Оргу-баргы жүрбөгөн.
Олчойто ороп чылымды,
Обого түтүн үйлөгөн.
Туудуруп көп баланы,
Тураалы өттү дүйнөдөн.

Багынып ичкен аракка,
Баатырдын да баатыры.
Абайлабай «эргулга»,
Алдырып койду акыры.
Көп жылдан бери Ултарбек,
Көр түбүндө жатыры…

* * *

Балалык кезим калыптыр,
«Таш-Төбө» деген айдыңда.
Ошондогу балдардан,
Экөөбүз эле калыпбыз,
Абдраимов Байдылда.
Качан ажал келет деп,
Кайгырба курбум, кайгырба.
Көктөгү теңир колунда—
Көз жумабыз кай жылда?
Азыр да сени теңеймин,
Алты асый азоо айгырга!

* * *

Айылдык кыз Бейшенкүл,
Алып алдың Муратбек.
Жетимишке жакындап,
Барып алдың Муратбек.
Сексен, токсон, жүз жашка,
Барып алгын Муратбек.
Андан кийин акырын,
Ары көздөй «кулап» кет.

Жамалбек аттуу дагы бир,
Классташ бар айылда.
Чыдабай кетип эртерээк,
Үйлөнүп алган Жаңылга.
Бат-бат тууп катыны,
Балдары көп анын да.
«Чао!» деп ичип алганда,
Ачуусу кайнап канында.
«Тумшукка койом» дегенде,
Тура качкан башкалар,
Туралбай анын жанында.

Жамалбек азыр оңолуп,
Ичкенин такыр коюптур.
Койо берип сакалын,
Сөөлөттүү кары болуптур.

* * *

Болбостур айтып кетпесем,
Шаршенбайдын Ырысын.
Кийин конок болгомун,
Этин жеп, ичип кымызын.
Кыз кезине окшобойт,
Көз салып көрсөм тымызын.
Ошол күндөр эсимде,
Окуп жүргөн кезимде,
Чүйрүңдөгөн кыз болчу,
Чунаңдап кээде эсирме.
Бүгүн келин болгондо,
Бүлүктү салды сезимге.

Классташым Ырысым,
Артыла берсин ырысың.
Жаркылдап турган жүзүңдөн,
Жан дүйнөм бүгүн жылысын.

* * *

Ашык болгом Турарга,
Алгачкы бала кезимден.
Кетип башка күйөөгө,
Кендирим менин кесилген.
Алтымыш эбак ашсам да,
Азыр да чыкпайт эсимден.

Көп жаздым сага ырларды,
Коштолуп обон ырдалды.
Капырай сенде бир башка,
Катылып жаткан сыр барбы?

Өзүңө болгон махабат,
Өмүр бою түк өлбөйт.
Өзүңө жазар ырларым,
Өлгөнүмчө түгөнбөйт.

* * *

Төкөйдүн кызы Бакинге,
Төмөнкү саптар арналды.
Онду бүтүп, айылда,
Окубастан ал калды.
Тилебекке баш кошуп,
Төрөп алды балдарды.
Жерге берип күйөөсүн,
Жесир болуп ал калды.
Тилебекти алмашар,
Тирүүлөй деги жан барбы?

Тагдыр деген ушундай,
Бирөөлөр өлөт эртелеп.
Башкалар жашайт мас болуп,
Тирүүлүккө эркелеп.

Бакин, сага айтарым,
Небере турсун эркелеп,
Чөбөрө турсун желкелеп.
Өлбөй тирүү жүрсүн деп,
Өмүрдүн баркын билсин деп,
Көп жашын сага калтырып,
Күйөөң өлгөн эртелеп…

* * *

Классташ кызым бар эле,
Ибраимдин Аманы.
Токтоо мүнөз, бир сырдуу,
Болтогой эле жамалы.
Мектепти көздөй ал келчү,
Жай басып жерди таманы.
Онду бүтүп кеткени,
Көрүнбөй калды карааны.
Төрөдү деп жүрүшөт,
Ондон ашык баланы.
Жашыраак кетип күйөөсү,
Жабылган дешет «каналы».
Күйөөсү тирүү болгондо,
Төрөмөк дешип кеп кылат,
Он чакты дагы баланы.

* * *

Кайда жүрөт болду экен,
Калкбердинин Кеңеши.
Кадимкидей эсимде,
Калдаңдаган элеси.
Жобуратып башкага,
Жок эле анын жемеси.
Желкелеп жетип келди го,
Жетимиштин сереси.
Эринчээк болбой тың бекен,
Эркектик деген «немеси»?
Түшүмү кандай болду экен,
«Немеден» түшкөн «мөмөсү»?
Барганда ооз тийгенге,
Бар болду бекен көмөчү?
Баарын коюп, Кеңеш дос,
Басыла турган китептин,
Бир эле бетин төлөчү.

* * *

Классташым бар эле,
Көпүрө-Базар элинен--
Абдылдаев Султанбек.
Ал экөөбүз кезиктик,
Борбор шаар Бишкектен,
Көз жумганда Курманбек.
Жаш кезди эске түшүрүп,
Кызыктуу мага курган кеп.

Султанбек калды суранып:
Конокко үйгө келгин деп.
Жаш өйдөлөп калганда,
Жашоомду көргүн деп.
Комуз, домбура күү чалып,
Кошулуп ырдап бергин деп.

Шартым келсе барармын,
Домбура, комуз күүлөрүн,
Болушунча чалармын.
Сагынып калган элимдин,
Чоң алкышын алармын...

* * *

Туулуп-өскөн айлымдын,
Тургундары миң сан бар.
Бөлүнүп чыккан ичинен,
Белгилүү нечен инсан бар.
Ошолордун айрымын,
Ортого сала кетейин.
Айылда болчу музейдин,
Ачылма жибин кесейин.

Эшимдин уулу Бекмолдо,
Партия таккан иш иштеп.
Азыгын байлап жанына,
Алып-жулбай түз иштеп.

Айылдан чыккан генерал,
Ал жөнүндө кеп кылсам.
Бек бууп белин, иштеди,
Бекмолдо уулу Бексултан.

Амандын уулу Мукталы,
Мансапты көздөй ыктады.
Өкмөттүн иши деп жүрүп,
Өтүгүн чечпей уктады.

Шопоктун уулу Калмаатты,
Шорлотуп туруп кармашты.
Күнөөсү жок бир топ ай,
Түрмөсүндө ал жатты.

Айлына кызмат өтөдү,
Алымбектин Турусбек.
Ал жөнүндө айтылып,
Артында калды дурус кеп.

Дубаштын уулу Ыбыкем,
Долдоюп басып жүрчү эле.
Трактирдин бузугун,
Тыңшап туруп билчү эле.

Алкыш алып кудайдан,
Арамы жок кылайган.
Барктуу кызмат өтөдү,
Батырбайдын Сулайман.

Сулаймандын уулу—
Батырбаев Бактыбек.
Кезиттерден окудук,
Генерал чинин такты деп.

Казанга толо кой этин,
Калтырбастан баарын жеп.
Белгилүү уулу айылдын,
Бекназар уулу Сагынбек.

Бөрүбайдын Асылкан,
Жураналист эле дасыккан.
Өзгөгө жардам берем деп,
Өз ишин таштап ашыккан.

Аалымдар менен жарышта,
Алтайы кетти алыска.
Жаштайынан жакшы окуп,
Жаралган уул намыска.

Ибраимов Искендер,
Артынан түштү билимдин.
Алгачы биздин айылдан,
Доктору болду илимдин.

Көгөрүп жүрүп окуган,
Эмгеги анын акталды.
Абдыкадыров Эмилбек,
Өкмөт жагын тейлеген,
Ишмер болуп катталды.

Жумалиев Субанкул,
Бул байкемдин олжосу—
Сарногоев Байдылда,
Анын болгон жолдошу.

* * *

Айтып берсем биз жактан,
Акындар чыккан ыр жазган.
Агылтып ырдын саптарын,
Ажайып дүйнө сырды ачкан.

Өмүр бою түшпөдү,
Мугалимдик баркынан.
Кесексары Исаков,
Ыр улап келет артынан.

«Жылкычынын кызы Күлүм,
Тоонун эңип кызыл гүлүн…»
Деп ыр жазган Атагулов,
Жетимишке келген бүгүн.
Ыр ордуна көбөйтүптүр,
Төрт түлүктүү малдын түрүн.

* * *

Сөз кылсак Токо Асанын,
Мекендеп Талас базарын.
Тоголонуп ал кетти,
Толтурбай ырдын казанын.

* * *

Эстебес өзү баалаган,
Кожокул аттуу ырчы өттү.
Алчы-таасын келтирип,
Айтчу эле да курч сөздү.

* * *

Кыргыз жок аны сүйбөгөн,
Кыргыз жок ага күйбөгөн.
Баа жеткис акын кылымда,
Байдылда өттү дүйнөдөн.

Арсалактап күлбөгөн,
Адеми менен сүйлөгөн.
Атак-даңк менен иши жок,
Акылман өттү дүйнөдөн.

Дардалаңдап жүрбөгөн,
Даамы менен сүйлөгөн.
Даңк алуу менен иши жок,
Даанышман өттү дүйнөдөн.

Чырылдашып жүрбөгөн,
Чындыкты айтып сүйлөгөн.
Чыгарган таза ырларды,
Чын акын өттү дүйнөдөн.

Көмүскөнү сүйбөгөн,
Көзгө айтып тике сүйлөгөн.
Көкүрөгүн муштабай,
Көл адам өттү дүйнөдөн.

Буудайдан артык дан барбы,
Бугудан сулуу мал барбы.
Багына элдин жаралган,
Байдылдадай жан барбы?

Калеми курч акынын,
Калкы жүрсүн эскерип.
Каройго музей-үй куруп,
Калтыралы эстелик.

Ызааттап аны туралы,
Ыр майрамын куралы.
Ырахат-шаңга бөлөнгөн,
Ыр-майдан болсун турагы.

Көркөм музей салууга,
Көрөлү анда камылга.
Бекмолдо айыл жараны,
Берериңди дайында!

14-19-март 2005-жыл

 

ИСЛАМ ЖАНА МЕН
(публицистикалык поэма)

1-бөлүм

Урматтуу жаштар жана карыларым,
Угуп ал Казакбайдын таржымалын.

Жарыктык атам Абдыш молдо болгон,
Жабылбай куран китеп колдо болгон.

Андан бери көп жылдар артка чубап,
Атамдын айткандары эсте турат:

«Балам сен, жамандыкка барбай жүргүн,
Байгамбар осуятын кармай жүргүн.

Шарияттын жолунан чыкпай жүргүн.
Шайтандын азгырыгын укпай жүргүн».

Осуятын Мухаммед байгамбардын,
Өмүрдө, турмушумда пайдаландым.

Жашабадым байгамбар атын сатып,
Жашоомдо ал болду Алтын казык.

Кудайым туура сөздү жакшы көрөт,
Куйту сөздү айткандар запкы көрөт.

Байкабай кокус күнөө кетиргенде,
Башымды ийем Кудайга—кечиргенге.

Алладан ыйман сурайм, соолук сурайм,
Анан да соолук камын көрүп турам.

Бала күндөн оорубай соо жашадым,
Барган сайын арбытып жөө басамын.

Жаңылыштык кетирсем жалтайлаймын,
Жашырып койоюн дейм—анте албаймын.

Жаңылып калганымды мойнума алдым,
Жабыркап жүдөгөндү койнума алдым.

Башканын чекесине черткен жокмун,
Бактысызды айланып өткөн жокмун.

Бөтөндүн бирдемесин уурдабадым,
Бөтөндөн аябадым сураганын.

Битиреп чака тыйын санабадым,
Бечарадан кайырым аябадым.

Байкуштарды көргөндө аяп турам,
Баса албаса аны жөлөп-таяп турам.

Оорулуунун абалын сурап турам,
Ой-санаасын, көңүлүн улап турам.

Көрбөдүм араздашып башка менен,
Көмөчүмдү бөлүштүм ачка менен.

Кемсинтип бечараны кордободум,
Керегинде таламын колдогомун.

Момунга кылычымды көтөрбөдүм,
Чоочуйт деп катуураак жөтөлбөдүм.

Ар кандай арамдыкка барган жокмун,
Ар кимден ашык акы алган жокмун.

Көзү өткөндү жамандап көргөн жокмун,
Көрүнө экинчи ирет көмгөн жокмун.

Арык малды семиз деп мактабадым,
Арам иш кылгандарды жактабадым.

Адамдардын бардыгын дос кылсам дейм,
Алдамчы, арамдарды жок кылсам дейм.

Бал ачып, олуялык кылган жокмун,
Байлыкка, алдап тапкан, тунган жокмун.

Уяңдык бар улгайып калсам дагы,
Улукмандын жашына барсам дагы.

Кур бекерден убада бере бербейм,
Куймактын жытын улап келе бербейм.

Арачалайм эки адам чырдашканда,
Аңылдап ичим ачык сырдашканга.

Бирөөлөрдүн айыбын чукубадым,
Билгизбей сан этинен нукубадым.

Жамандардан кеп-кеңеш сурабадым,
Жашырбай билсем айттым сураганын.

Аз сүйлөп, жакшы көрөм тыңдаганды,
Аз сындап, уккум келет сындаганды.

Жакшы адамдын артынан түшүп алам,
Жакшылап конок кылып күтүп алам.

Бөтөндүн байлыгына сук артпадым,
Дилимде көрө албастык жүк артпадым.

Жалпы элден бөлүнүп кеткен жокмун,
Жалгыздардын кендирин кескен жокмун.

Башкалардын түз жолун тоскон жокмун,
Байге алмакка, бут тосуп, озгон жокмун.

Колумдан келер иштен тартынбадым,
Колумдан келбес ишке чарпылбадым.

Жолдо жаткан тикенди алып койдум,
Жолоочуну түз жолго салып койдум.

Амалдуу азгырыкка алданбадым,
Арам ишти жасоого жалданбадым.

Түн жамынып уурданып баскан жокмун,
Түк дагы чоочун эшик ачкан жокмун.

Ат берген досторума төө мингиздим,
Чыт бергенге көрпөдөн тон кийгиздим.

Той берип, салт-сабатты бузган жокмун,
Тойо жеп, кайра кулгуп кузган жокмун.

Кайыр сурап кол сунбай, тоого бардым,
Кургап калган арчадан отун алдым.

Отуну түгөнгөнгө отун саттым,
Ошентип нан алганга акча таптым.

Жалооруп сураганча карыз акча,
Жаман-жуман киймиңди жамап-жаска.

Кылтылдаган сымаптай адам дили,
Кызыл эт, сөөгү жок адам тили.

Кыйшык жакка сымапты агызбадым,
Кызыл тилден балга уу тамызбадым.

Жакшылык кылган адам жерге жатпайт,
Жамандык кылган адам элге батпайт.

Бак тиктим бутагына куш консун деп,
Бак тиктим мөмө-жемиш жыш болсун деп.

Бутагына куш консо аткан жокмун,
Бак кыркып, отун кылып жаккан жокмун.

Жай-маанисиз сөздөрдү сүйлөбөдүм,
Жанынан качам маңыз сүйлөгөндүн.

Арманды башкага айтпай ичке каттым,
Ачуу сөздү чыгарбай тишке каттым.

Дос өлүп, ата болдум балдарына,
Көрсөттүм, муктаж болсо жардамыма.

Шашпай ичем астыма аш койгондо,
Нан күкүмүн калтырбайм дасторконго.

Арак-шарап кайнатып чыгарбадым,
Алар менен башканы сугарбадым.

Колдон келбей калганда ниет кылам,
«Кудайым, жардам бер» деп тилек кылам.

Кыйчалышта сабырым жоготподум,
Кыштын ызгаар бороонун тоготподум.

Күлдүрмөккө калп сөздү айткан жокмун,
Көздөгөн максатымдан кайткан жокмун.

Бирөөнүн мал-мүлкүнө кол салбадым,
Бирөөнүн чарбагына тор жайбадым.

Так аткарам сөз берген убадамды,
Кудайым жалгап турат бул адамды.

Аттабаймын эшигин чакырбаса,
Айткым келбейт бир да сөз ачылбаса.

Адамды ак, кара деп жерибеймин,
Арамдын бал сөзүнө эрибеймин.

Жөнү жоктон жалжактап күлө бербейм,
Жөө ушакка кулагым түрө бербейм.

«Чиновник» кызматтарда жүрүп көрдүм,
Чиренбей бир калыпта жүрүп көндүм.

Астымда иштегенди тилдебедим,
Ал орус, ал кыргыз деп иргебедим.

Күнөөсүн мойнуна алса кечиремин,
Күлүп-жайнап кайра ага чечилемин.

Бир катар жашап келдим орус менен,
Бирок да достугум жок доңуз менен.

Орусча сүйлөгөндү билип алдым,
Окудум, инженерлик билим алдым.

Баш ийип кыйыктанбай тилим алды,
Балдарым да жогорку билим алды.

Илим туттум, пайдасын элге бердим,
Дыйкан болуп, эмгегим жерге бердим.

Башынан шек келтирбейм башка динге,
Баа бердим динчилге эмес, эмгекчилге.

Жаман деп кийимдерди чанган жокмун,
Жакшы деп алтын чапан алган жокмун.

Анчалык кымбат эмес кийим алдым,
Арданбастан аларды кийип алдым.

Аманатын башканын жеп албадым,
Аманатым жегенден кек албадым.

Сыйлабайм убадага турбаганды,
Сыйлабайм кепке көңүл бурбаганды.

Убада берип койгон сөзүң бүтүр,
Колуңдан келер ишти өзүң бүтүр.

Колдон түшкөн камчыны алыш үчүн,
Керейе чиренбестен аттан түшкүн.

Бирөөгө залалымды тийгизбедим,
Бөөдө жерден каралап күйгүзбөдүм.

Адам өзүн өлтүрсө жаратпаймын,
Андайларга жүрөктү канатпаймын.

Жер айдап, жер-жемиштен түшүм алдым,
Жетишерлик запасты түзүп алдым.

Эртелеп аппак таңды тосуп алам,
Эгем берген бактыны кошуп алам.

Билгизбей жин-шайтандар алдап турат,
Бирок да периштелер жандап турат.

Төшүмө орден, медаль тагынбадым,
Төрүмө түркүн килем салынбадым.

Балтасын көтөргөнгө багынбадым,
Башчымдын көзүн карап жагынбадым.

Кагылып бирөөлөргө жалынбадым,
Касташкан душманыма таарынбадым.

Өлүмү эки жүздүү болгон жокмун,
Өмүрү ичим чыгып толгон жокмун.

Болбогон ишти айтып мактанбадым,
Болбой калган ишиме актанбадым.

Артыма кылчак карап сактанбадым,
«Атамды өлтүрсө да» даттанбадым.

Шарап ичип, шарактап шаттанбадым,
Шапар тээп, максатсыз аттанбадым.

Аракты ичпеймин деп айталбадым,
Ал деп турса ал «иттен» кайталбадым.

Арбак урган аны да ичип көрдүм,
Абагына бир жолу түшүп көрдүм.

Кошоматка кой союп көргөн жокмун,
Колумдан пара берип көнгөн жокмун.

Сынга алып, бирөөлөрдү сойгон жокмун,
Сын уктум, бирок капа болгон жокмун.

Айтылган ачуу сөзгө кайгырбадым,
Алым-сабак айтышып айкырбадым.

Унчукпай башым салып уккан болдум,
Ууну кошуп берсе да жуткан болдум.

Сөгүнбөймүн анткенде неге жетем,
Сөз жайын айтып туруп басып кетем.

Өзгөнүн иштерине көз артпадым,
Өлүмү ич күйдүлүк сөз айтпадым.

Аркама арам жүктү артынбадым,
Акыйкатты айткандан тартынбадым.

Көшөкөр түр көрсөтүп үйрөнбөдүм,
Көкөлөтө мактанып сүйлөнбөдүм.

Атамдын колтугуна жылынбадым,
Атак-даңк алайын деп жулунбадым.

Өмүрдө башка менен мушташпадым,
Өзгөлөргө жармашып учкашпадым.

Аш болуп тойгонума кубанбадым,
Ач болуп кайыр бер деп суранбадым.

Жашы жетип өлгөнгө ыйлабадым,
Жаш өлсө жашым төгүп ыйлагамын.

Кара көөнү башкага сүрткөн жокмун,
Колтугуна муздак суу бүрккөн жокмун.

Бирөөгө карыз болуп жүрө албаймын,
Бирөөдөн карыз акча түк албаймын.

Жамандык башка түшсө кайраттанам,
Жалтанбай камчы чаап, алга аттанам.

Акылманга баш ийип таазим кылам,
Айткандарын айныбай таасын кылам.

Ак сөздүү жигиттерди сыйлагамын,
Ача сөздү эшитсем кыйналамын.

Акыйкат, адилдикти үндөп келдим,
«Арамза, былык болбой жүр» деп келдим.

Жекжаат, туугандыкты алып жүрөм,
Жакшылык-жамандыкка барып жүрөм.

Көп кыз болду көңүлгө түйгөндөрүм,
Көлдүк кыз болду акыр үйлөнгөнүм.

Жөнү жок аялымды кызганбадым,
Жөнү жок жүрөгүмдү сыздатпадым.

Көп «күнөө» аялыма койгон жокмун,
Көгала койдой кылып сойгон жокмун.

Акча сайып, кумар оюн ойнободум,
Аялымды уткузуп койбогомун.

Ар дайым үйгө конок келип турса,
Аялым болгон ашын берип турса.

Ырыска ыраазымын Алла берген,
Ыр жазам, ырчы бойдон кала берем.

Калкымдын кабагы ачык жүрсө деймин,
Каткырыгы таш жара күлсө деймин.

Элүүмдө мансапты таштап койдум,
Элим үчүн тамаша баштап койдум.

Адабий жанрларды бир топ каздым,
Аңгеме, повесть жана роман жаздым.

Андан кийин акырын ырга өттүм,
Аялдарга арналган ырлар төктүм.

Обондорду чыгардым ырларыма,
Обон создум орто жаш курбалымда.

Коштоп турат домбура үн ыргагын,
Кошулуп күн ырдадым, түн ырдадым.

Элде калган ырларды аткарамын,
«Эсимде», «Үкөй» жана башкаларын.

Комузумду илинген колума алдым,
Колумду капкагына жорго салдым.

Кайрыдым домбурада нечен күүлөр,
Казак, кыргыз уксак деп эңсеп жүрөр.

2-бөлүм

…Байгамбар жомоктогу киши дегем,
Иши жок тири жандуу киши менен.

Алла Таалам ааламды кең жаратты,
Ааламдын бир бурчуна Жер жаратты.

Андан кийин ар түркүн эл жаратты,
Алалантпай бардыгын тең жаратты.

Эгин эк деп топурак жерди берди,
Казып ал деп ар түркүн кенди берди.

Этин жеп, сүтүн ич деп малды берди,
Эгинге жамгыр менен карды берди.

Кар жаап туруш үчүн кышты берди,
Тамакка салыш үчүн тузду берди.

Эккин деп ным топурак жазды берди,
Чеккин деп тегирменге—ташты берди.

Түркүн чөп, эгин өнгөн түздү берди,
Түшүмүн жыйнап ал деп күздү берди.

Мал жайганга шалбаалар, төрдү берди,
Балыгын кармаганга көлдү берди.

От берди үшүгөндө жылынганга,
Суу берди тазаланып жуунганга.

Кайык минип сүзгөнгө деңиз берди,
Каалаганча жегин деп жемиш берди.

Жарык болуп турсун деп Күндү берди,
Жатып уйкуң кандыр деп түндү берди.

Ошентип адам заты жанын бакты,
Очоктогу оттору жанып жатты…

Арадан миң-миллион жылдар өттү,
Акырындап адамдан ыйман өчтү.

Аң сезимдүү адамдан тартип кетти,
Алла атын тааныбай тантып кетти.

Жер жүзүнө алаамат заман келди,
Келгенде да аябай жаман келди.

Адамдар бир бирине согуш ачты,
Адамдар бирин бири союп жатты.

Амир тутуп таш моло сөлөкөттү,
Адамды курман кылган өнөкөттү—

Кылымдардан кылымга алып жүрдү,
Кишилерди азапка салып жүрдү.

Адам деп тааныбады кыз баланы,
Жаман деп тирүү көмдү кыз баланы…

Кудай Таала буларды көрүп турду,
Көз жиберип көңүлүн бөлүп турду.

Тартипке салмай болду адамдарды,
Төрөлттү Мухаммеддей байгамбарды.

Байгамбардын колунда Куран болду,
Ыйманды тазартканга курал болду.

Ал билди жалгыз гана Жаратканды,
Алкады Кудайды элге таратканды.

Алла үчүн ар кандай ишке барды,
Аялдыкка душмандын кызын алды.

Кудайдын буйруктарын ак аткарды,
Кыйналып-кысталса да так аткарды.

Керегинде колунда кылыч болду,
Келишпей кан төгүлгөн уруш болду,

Мусулмандар кызыл чок отту кечти,
Бир жеңсе, бирде катуу сокку жешти.

Алла Таалам үчүн деп өмүр кыйды,
Ага болбой, кайрадан күчүн жыйды.

Акыры атаандашын эңип жыкты,
Алла Таала жар болуп жеңип чыкты.

Башкалар Байгамбарга барып турду,
Баш ийип ислам динин алып турду.

Ишеништи бир Кудай бардыгына,
Багынды жалгыз Кудай жардыгына…

Азыркы дүйнө элинин үчтөн бири,
Алышкан өздөрүнө ислам динин.

Жоголду сыйынгандар моло ташка,
Кудай жок жалгыз Алла Тааладан башка.

Кудай жана Байгамбар сыйынганыбыз,
Куранды окуп, тазарган ыйманыбыз…

3-бөлүм

Биз жашаган заманга кайтып келсем,
Дини жок заманымды айтып берсем.

Өмүрдө мен эмнеге армандамын?—
Өмүрүн кеч билгеним Байгамбардын.

Баркын билбей Кудайдын, Байгамбардын,
Бала күндөн динсизге айланганмын.

Калың журтка бир башка заман келди,
Карманган динибизге залал келди.

Кудай жок деп кулакка куюп келди,
Куранды окуганды тыйып келди.

Партиянын айтканын ыйык дедик,
Байгамбардын айтканын былык дедик.

Партия: «Алла Таала жок» деп айтты,
Партия: «Динчилерди сок» деп айтты.

Окуусун Байгамбардын «пок» деп айтты,
Өзүң көздөй атылган ок деп айтты.

Динсиздердин жолу ачык, жарык болду,
Динчилдер жол табалбай карып болду.

Жазылбаган элдеги мыйзам кетти,
Жазылган мыйзам келип ыйман кетти.

Партиянын айтканы мыйзам болду,
Бапыратып көр дүйнө жыйсам болду.

Жамындык партиянын билетине,
Жалындык жол башчынын сүрөтүнө.

Баарыбыздын оюбуз мансап болду,
Паралап кызыл акча алсак болду.

Чын сүйлөөгө оозубуз жабык болду,
Чын сүйлөсөң жалган деп айып койду.

Улукмандай адамды жаман дедик,
Ушакчы, куйтуларды адам дедик.

Акыйкат, адилдикти арам дедик,
Арамза, былыктыкты адал дедик.

Тың чыкканды жулукка тээп турдук,
Тың сүйлөбөй дердейип көөп турдук.

Билиндирбей торлорду жайып койду,
Билимдүү торго түшүп кайып болду.

Адамдын таза дили майып болду,
Адамдар сөз айтпаган балык болду.

Акыл менен талантты четке кактык,
Айтыша кеткендерди бетке чаптык.

Эркек-аял жарыша арак ичти,
Эчтемесин калтырбай жалап ичти.

Мас болуп аялдарга «ашып» жаттык,
Мас бойдон уругубуз чачып жаттык.

Мас уруктан «масс бала» төрөтүлдү,
Мас бойдон «өз үйүнө» жөнөтүлдү.

Мас болуп аялды урдук, кажылдаштык,
Мастыктан акырында ажыраштык.

Байкуш аял тирүүлөй жесир калды,
Балдарыбыз атасыз жетим калды.

Атасыз өскөн бала эмне болот?—
А балким бир ээнбаш пенде болот.

Энеси өз баласын таштай качты,
«Эне» деген наамын аттай качты.

Жибибей эмчектери таштай катты,
Жинди чалыш балдары баспай жатты.

Балдары ата-энесин бакпай качты,
Балдарын ата-энеси таппай жатты.

Мас болуп, атабызга канжар урдук,
Мас болуп, апабыздын чачын жулдук.

Эртең менен эртелеп бозо ичебиз,
Эки жүз граммын да кошо ичебиз.

Аш-тойлордо аракты жайнатабыз,
Арбын сойгон мал этин кайнатабыз.

Эркектер кыз этине карта чапты,
«Этин» сатып кыз бала акча тапты.

«Олуялар» көбөйдү жер жайнаган,
Оорудан сакайтам деп элди алдаган.

Ак эмгегин дыйкандын сыйлабадык,
Ал өстүргөн түшүмдү жыйнабадык.

Куйруктуу кыргыз койдун баарын жойдук,
Көбөйттүк уяң жүндүү малыш койду.

Өкмөттүн душманы деп айып койду,
Көрүп калса бир-жарым чалыш койду.

Тукуму өсүп, ак койго жайлоо толду,
Тулаң беттүү жайыттар айдоо болду.

Жанды жеп, көз көрүнөө калп айтабыз,
Жалган мунуң дегенди жалпайтабыз.

Бир кызматка жеткенде дердейебиз,
Билгендин сөзүн укпай кержейебиз.

Чоң боло калсак эле там салабыз,
Акчаны кайдан тапты?.. Таң калабыз.

Салганда да кабаттап чоң салабыз—
Сандыгына эл-журттун кол салабыз.

Эл ичинде көбөйдү ууру-кески,
Эшектин, иттин этин кууруп жешти.

Кудай Таала таптакыр эстен чыкты,
Кудайга сыйынбаган четтен чыкты.

Ошентип эл ичинде тартип кетти,
Өлчөөсүз дили арамдар арбып кетти…

4-бөлүм

Партиянын заманы кайда калды?—
Баш көтөрбөй, суусу жок сайда калды.

Кудай деген замана кайра келди,
Куранды колубузга кайра берди.

Кудай колдойт дили ак жүргөндөрдү,
Курандын сүрөөлөрүн билгендерди.

Кудай деген замана куттуу болсун,
Куран китеп байыбай сүттүү болсун!

1993–жыл

 

КАЗАК, КЫРГЫЗ — ЭГИЗ БАЛА
(уламыш поэма)

Абалтан ирегелеш казак, кыргыз,
Асманда кошоктошуп жанган жылдыз.
Түк дагы өңүбүздө айрыма жок,
Түбүндө бир атанын балдарыбыз.
Казактар мекендесе талаа жерин,
Кыргыздар тоодо жашап калганыбыз.

* * *

Канакей, казак боорум, кыргыз журтум,
Казакбайдын кебине көңүл бургун.
Белгисиз уламышты айтып берем,
Бери болуп, кулагың түрүп тургун.
Бир адам эптеп качып чыккан экен,
Жоо чаап, мекенинде болуп кыргын.

Ай талаада кыбырайт өгүз гана,
Артына учкаштырган эгиз бала.
Каякка баратканын өзү билбейт,
Качкындын көңүлүндө чексиз санаа.
Токтошту, бир жагында бийик тоолор,
Бир жагында көз жеткис тегиз талаа.

Өрүш алды качкындар ушул жерден,
Өзөк жалгаш өзү да учур келген.
Өзөндө, жайык түздө, суу жыбылжыйт,
Өрүштөн атырылып агып келген.
Бут баспай, малдын тиши тийбеген жер,
Буралат бийик чөбү чыгып белден.

Суу жээгине балдары жата калды,
Суу ичип, суусундары өтө канды.
Белин чечип, карыя жеңилденип,
Бешимдеги намазга даарат алды.
Окуп болуп намазын, акырында
«О, Кудай, түбүн бер» деп колун жайды.

Ээндик, асман толо жылдыз жанган,
Эгиздер эбак эле уктап калган.
Карынын көзү ирмелбей ойго чөгөт,
Кападар, ичи толо муңдуу арман.
Мындан ары турмушу кандай болмок,
Мына ушуга көз жетпей, акылы айран.

Көзү илинди акыры анын дагы,
Көшүлүп байыз алды чалдын жаны.
Убайымдан арылып убактылуу,
Унутулду дилдеги кордук заары.
Түшүндө бир периште аян берди,
Турмушу кандай болот мындан ары:

«Адамзат, тагдырыңа кайгырбагын,
Артта калган азапка кайрылбагын.
Эгерде жер үстүндө тирүү турсаң,
Эгерим жакшы үмүттөн айрылбагын.
Жүдөсөң турмуш каарын көтөрө албай,
Жүрөгүңө бычакты сайдырганың.

Эмне болсо турмуштун баарын көрдүң,
Эзилишип бир жаткан жарды көрдүң.
Эң акыры элиңди тыйпыл кылган,
Элдешпес баскынчынын каарын көрдүң.
Эмки келер өмүрдө артыңдагы,
Эгиз туулган балдардын камын көргүн!

Эгиздин бирин жибер түндүк жакка,
Ээлик кылсын талааны алыс жаткан.
А беркисин жибергин тоо тарапка,
Асман тиреп, чокусун ак кар баскан.
Батамды ак ниеттен мен берейин,
Балдарың бакыт табат ошол жактан».

Бул адамдын өз аты Каскыр экен,
Балдарынын бир аты Казак болгон.
Кийин түшүп ичинен энесинин,
Кичүүсү Кыргыз деген атка конгон.

Ээрчишип эгиз козу сыяктанып,
Экөө жакында эле онго толгон.

Балдарын эртең менен жанына алып,
Балбылдап чыккан күндү карап турду.
Алгачкы алтын нурлар кубат берип,
Акырын бойго сиңип тарап турду.
Балдар менен коштошуу эске түшүп,
Байкуштун эт-жүрөгү канап турду.

–Казагым, кең талаага барып келчи,
Кандай турмуш бар экен, чалып келчи.
Билейин жашоо-турмуш болорлугун,
Бир ууч топурагын алып келчи.
Адамдын кеселине даба болор,
Ар түркүн чөбүн кошо таңып келчи.

–Кыргызым, кырка тоого барып келчи,
Кыдырып тоо арасын чалып келчи.
Тоодо да жашоо-тирлик болор бекен,
Топурагын тоонун да алып келчи.
Даба болгон адамдар өмүрүнө,
Дары-дармек чөбүнөн таңып келчи.

Кадам таштап алдыга жөнөй берди,
Казагы бетине алып талаа жерди.
Кыргызы да жол салды тоо тарапка,
Кылчактабай түз бойдон бара берди.
Уулдарын кетишкен эки жакка,
Узатып, өзү жалгыз кала берди…

* * *

Казак менен Кыргызын кырк жыл күттү,
Каскырдын сакалы өсүп бутка түштү.
Канчалык кайраттанып жашаса да,
Карылык алып койду болгон күчтү.
Карай берип, чел басып эки көзүн,
Карынын жарык көргөн күнү бүттү.

Башы жагын каратып кыбылага,
Чалкасынан кыймылсыз кары жатты.
Эки уулунун тагдырын биле албай,
Эки көздөн салаалап жашы акты.
«Аттигиниң бекерге жибердим» деп,
Абышканы түгөнбөс кайгы басты.

Сенек тартып эки кол, эки буту,
Сезими улам өчүп күңүрттөнөт.
Бир күнү талаа жактан, тоо тараптан,
Жер үстүн солкулдаткан дүбүрт келет.
Байкуш чал акылына кайра келип,
«Балдарым болсо экен» деп үмүттөнөт.

Акталып бөз жибиндей үмүттөрү,
Акырында балдары аман келди.
«Эсен-аман барсыңбы, атаке» деп,
Эгиздер эки жактан салам берди.
Алардын тааныш үнүн уккан менен,
Аттиң ай, жүзүн көрбөйт, жаман жери!

Эки жакка сунулуп эки колу,
Тең салмак табагындай таразанын.
–Апкелген топурактан салгыла,– деп,
Абышка жая берди алаканын.
Колундагы топурак жытын искеп,
Күчүнө күч кошулду абышканын.

Ал эми чөбү менен сүртүнгөндө,
Ачылыптыр кайрадан эки көзү.
–Айланайын балдарым, Казак, Кыргыз,
Айта турган атаңдын эмки сөзү–
Талаа, тоодон экөөң мекен таап,
Тагдырга ыраазымын эми өзүм.

Топуракты төккүлө жан-жагыма,
Чөбүңөрдү үстүнө таштагыла.
Топурак дөбө болуп, андан чыккан,
Чөбүнөн дары-дармек камдагыла.
Мен болоюн түбөлүк күзөтчүңөр,
Мен үчүн мүрзө камдап казбагыла.

Кайыптардын кызына башың кошуп,
Казак, кыргыз деген эл болупсуңар.
Бак конуп Улуу Талаа, Улуу Тоодон,
Балдарым, куттуу болсун конушуңар.
Көөнөрбөс салт-адатка айланткыла,
Жыл сайын ушул жерде жолугушар…

Деп айтып, чал айланды Асылташка,
Колдорун жайып коюп эки жакка.
Кош эмчектей Кош-Дөбө пайда болуп,
Боорунда дары чөптөр өсүп жатса,
Кош-Дөбөдөн Кош-Булак агып чыгып,
Тегереги айланды бейиш бакка.

Жыйылып казак жана кыргыз эли,
Жыл сайын Кош-Дөбөгө келип турган.
Атасы Асылташтан чыккан нурлар,
Айбат-күч урпагына берип турган.
Кор кылбай эли-журтун башкаларга,
Кол салган жоону сайып жеңип турган.

Кош-Дөбөнүн чөбүнөн дары жасап,
Оорулар айыгышкан кеселинен.
Кош–Булактын суусуна жуунгандар,
Кутулушкан жугуштуу чечегинен.
Башканы кой, булактын суусун ичип,
Балбан чыккан басалбас бечелинен.

Кезек-кезек сөөктү жаңыртышып,
Келин алмай, кыз бермей тоюн курган.
Эңиш, күрөш, ат чабыш, улак тартыш…
Эки эл мелдеш кылып оюн курган.
Алдырганы мөөрөйдү, чычалабай,
Акыйкат, адилдикке моюн сунган…

* * *

Асмандагы булуттар көчө берди,
Агылып көп замандар өтө берди.
Казак менен кыргыздын арасында,
Канчалаган майда уруу өсө берди.
Башчысы жок башкарган баягындай,
Баштагы ынтымактар өчө берди.

Кош-Дөбө, Кош-Булактар унутулуп,
Касиеттүү Асылташ эстен чыкты.
Өздөрүн эч теңебей башкаларга,
Өзүнчө хан, өзүнчө бектер чыкты.
Каратамын бүт элин дүйнөнүн деп,
Карабасып кай бири чектен чыкты.

Казактар өз ич ара кагылышты,
Кыргыз менен кыргыздар чабылышты.
Казак, кыргыз жоолошуп, найза сайып,
Канчасы көр топурак жамынышты.
Катындар кара жоолук салынышты,
Канча балдар атасын сагынышты.

Казак менен кыргызда биримдик жок,
Канча жыл калмактарга жем болушту.
Кызы күң, жигиттери кулга айланып,
Кылымдар ар нерседен кем болушту.
Кана айтчы, өткөн турмуш арасында,
Качан эле бирөөгү тең болушту?

Башына таяк ойноп кулдар өттү,
Бала эмизбей канча аял муңдап өттү.
Антсе да мезгил деген бир токтобой,
Арадан сапырылган жылдар өттү.
Акындар Абай менен Токтогулдар,
Азабын эки элдин ырдап өттү.

* * *

Акыр минтип азыркы заман келди,
Аз санда казак, кыргыз аман келди.
Талаа менен тоолордун көчмөн калкы,
Таанылып, дүйнө эли салам берди.
Биринчи Президенттерин эли шайлап,
Бийликтин бир канчасын аган берди.

Ала-Тоо салмагындай күчүбүз бар,
Алдыда кылар албан ишибиз бар.
Алтын саптуу, анан да алмаздай курч,
Атан төө, нар кескендей мизибиз бар.
Анткен менен эки элим, кечирип кой,
Али да майдалык бар, ичибиз тар.

Бирөөнүн ийгилигин көрө албайбыз,
Билбей туруп, келтире жамандайбыз.
Бирибизден бирибиз кыйынсынып,
Бир сөзгө көп убакта келе албайбыз.
Эгерде бир кишидей баш кошпосок,
Эгерим кыйындыкты жеңе албайбыз.

Атабыз Асылташты кайра тапсак,
Алтындай жаркыратып көркүн ачсак.
Көз жетпеген Ааламдан кубат алып,
Казак-кыргыз элине нурун чачмак.
Көрө албастык, майдалык, ичи тардык,
Көрүнбөй адамдардан өзү качмак.

Кош-Дөбөгө дары чөп данын чачсак,
Кош-Булактын тазалап көзүн ачсак.
Жыл сайын казак-кыргыз жыйын куруп,
Жыргап ойноп, той берип, көңүл ачсак.
Карым-катнаш, ынтымак өсө берсе,
Кыз-жигиттер өзүнүн теңин тапмак!

1993-жыл

 


КАРАБАШ МЕНЕН КЫЗЫЛБАШ 
(поэма)

Кагазыма түшүрдүм казал кылып,
Карабаш Кудайберген кабарынан.
Таанылып эл-журтуна болуш болгон,
Таластын Кушчу деген тарабынан.

Кызыктуу кеп курамын казал кылып,
Кызылбаш Кудайберген кабарынан.
Таанылып эл-журтуна болуш болгон,
Таластын Саруу деген тарабынан.

Чачтары капкара экен Карабаштын,
Кызылбаштын чачтары кызыл экен.
Айтып берсем экөөнүн таржымалын,
Алардын окуясы кызык экен.

Ээрге батып-батпай атка минсе,
Экөө тең олбур мүчө киши болгон.
Көздөрүнөн чачырап от жагылып,
Көөдөнүнүн болоттой мизи болгон.

Болуштуктун камчысын чаба бербей,
Бул экөө эл-журтунун камын көргөн.
Жалаң эле бай-манап сөзүн укпай,
Жармачын, бечарасын–баарын көргөн.

Тегиз карап байына, кедейине,
Териштирип арамын, акыйкатын.
Эки болуш жашаптыр бейпилдикте,
Элине берип жакшы насыйкатын.

Кезинде кыз алышып, кыз беришип,
Кенен-кесир май аккан той өткөзүп.
Көзү өткөндө кадырман карыялар,
Кетишкен куран окуп, көз көрсөтүп.

Эки эл биригишип оюн куруп,
Эңиш, күрөш, жамбы атуу, улак тартыш.
Ат чабуу, тыйын эңмей, кыз куумайы,
Анан да чүкө салып, ордо атыш…

Эки болуш, эки элдин ортосунда,
«Эрегиштер» албетте болуп турган.
Биринен бири өтө мал өстүрүп,
Эгини оролордо толуп турган.

Келиштирген көптөгөн мечит салып,
Эл барган жума күнкү намазына.
Ич дүйнөсүн тазартып жаштайынан,
Ислам динин үйрөткөн баласына.

Эрегиштен көбөйгөн ар жыл сайын,
Мекеге барып келген ажы саны.
Байгамбардай сыйынып ажыларга,
Тазарган калк ыйманы улам жаңы.

Бир айылдан бир адам күнөө кылса,
Бүтүн айыл күнөөгө батат экен.
Жалгыз эле адамдан ыйман кетсе,
Жалпы айылдын ыйманы качат экен.

Дал ушинтип айтылган айдан ачык,
Шариаттын кайсы бир сүрөөсүндө.
Кудайга бүтүн эли жооп берет,
Күнөө–айып болсо эле бирөөсүндө.


Эгерде чыкса айылдан бир ыймансыз,
Энеси эмчегинин сүтүн кечкен.
Айыл ичин жүз багып карай албай,
Андайлар жер которуп көчүп кеткен.

Эл башчынын ыйманы таза болсо,
Элине көсөм болот, үлгү болот.
Эгерде ыйманы жок неме болсо,
Элине, наркы кетип, күлкү болот.

Болгон-толгон акылын айталбаймын,
Болуштар Кызылбаштын, Карабаштын.
Шек кылсам дилдеринин актыгына,
Шерт уруп, анда мени карабассын.

Жылуу-жумшак бир заман өткөн экен,
Жумурткалап торгойлор кой үстүндө.
Туу кылып, кең пейилдүү ата салтын,
Турмуштары өтүптүр той үстүндө.

* * *

Чатакташып суу үчүн эки жаман,
Чабышып бирин бири кетмен менен.
Катуу тийген кетменден анын бири,
Кайрылбай кете берди неткен менен:

Кызылбаштын элинин бир жигити,
Кыдырып арык бойлоп өйдө барат.
«Бербейм суу» деп кетменин кезеп коюп,
Берки жигит теңсинбейт өйдө карап.

Булгалайт бири-бирине кетмендерин,
Бул экөөнүн ачуусу чекке жетип.
Кызылбаш жигитинин кетмен мизи,
Беркинин баш сөөгүн кеткен тешип…

«Кан төгүлдү, канга кан!– деген чыкты,
Карабаш Кудайберген болушунан.–
Кегибизди алабыз, кечирбейбиз,
Кетмендеп көчүрөбүз конушунан».

Эч кимиси күнөөсүн мойнуна албай,
Эки эл бирин бири каралады.
Эми минтип чабышат экенбиз деп,
Эл ичин суук кабар аралады.

Ошентип күнөө кимде?—Кызылбашта.
Олтурат ал жарыктык ойго батып.
Олтургандар сөз күтөт, бирок болуш,
Ойдогусун чыгарбайт бойго катып.

Элин карап Кызылбаш бир оокумда,
«Элчиликке жеке өзүм барам– деди,–
Жан жөкөрдүн көбүнүн кереги жок,
Жаныма жалгыз жигит алам,– деди.

Карабаш Кудайберген аксым эле,
Каарын анын барып тыям,–деди.
Эгерде кун керек дей турган болсо,
Элим үчүн өз башым кыям» деди.

Болуш сөзүн уккандар чур дей түштү,
Болушпай анын жалгыз барганына.
«Андан көрө аттанып согушабыз,
Ата-баба сыйынып арбагына».

Кызылбаш эптеп элин тил алдырып,
Баарынан бата алып, минди атка.
Жардам тилеп кудайдан, ишти оңдо деп,
Жол тартты, жогорку эл—Кушчу жакка.

* * *

Калкынын билерманын бүт чогултуп,
Карабаш кепке тартты акыл салып.
Айтышты беркилери: «Өч алабыз!..»
Ал болсо ойго батат башын салып.

Карабаш сөзүн айтты акырында:
–Макал бар: «Асыл таштан, акыл баштан»
Эсибизге келели көп чамынбай,
Эл гана мөөрөй утат акылдашкан.

Кекчилдик эч жакшылык алып келбейт,
Кереги не жөнү жок ызылдаштын.
Андан көрө бергиле батаңарды,
Алдынан бир өтөйүн Кызылбаштын».

Карабаш үзөнгүгө бутту койду,
Жигити тарта берген ак боз атка.
Жанына жалгыз жигит алды дагы,
Жол тартты төмөнкү эл—Саруу жакка.

* * *

Тоо жактан атырылып агып түшкөн,
Суу бар болчу эки эл чектелишкен.
Болушунча суу кирген маал эле,
Болуштар кезигишти кечмеликтен.

Экөө тең эки жакта туруп калды,
Эмне кылсак дегенсип буйдалышып.
Алыстан болсо дагы учурашты,
Ал экөө бир бирине кол булгашып.

Атырылып суу агат бээжайланып,
Ат эмес агызчудай төөнү дагы.
Ал эми суу тартылган маалында,
Агыза алмак эмес жөөнү дагы.

«Кемчиликти кетирген биз болгон соң,
Кечмеликтен өтөйүн эң биринчи.
Камчымды мойнума илип, башымды ийип,
Кечиримди сурайын мен биринчи».

Тигинтип ойлонушкан эки болуш,
Тизгин кагып, теминип сууга кирди.
Ал экөө ээрчиткен жигиттери,
Артта калбай, жанаша жандап жүрдү.

Адеп эле киргенде кечмеликке,
Аккан суу үзөнгүнү жаба берди.
А бирок жарыктыктар келме айтып,
Алга карай тизгинин кага берди.

Ортосуна жеткенде кечмеликтин,
Төрт атчан үзөнгүлөш туруп турду.
Өжөрлөнө тоо суусу күр-шар эте,
Өктөмсүп ат соорусун уруп турду.

«Ассалоому алейкум, Кудаке» деп,
Карабаш кичүүлүктүн жолун кылды.
«Алейкума ассалам, Кудаке» деп,
Кызылбаш да шашылып колун сунду.

Кызылбаш алгач ирет кеп таштады,
«Болушум, кайда көздөй сапар тарттың?
Сени издеп айылыңа баратты элем,
Кудай буйруп, моминтип жолдон таптым».

Карабаш да шашылып жооп айтты:
«Болушум, мен да сизге бараткамын.
Жолугуп калбадымбы өзүң менен,
Моминтип буйрук кылып жаратканым».

Ал экөө андан ары акылдашып,
Акыры бир жээкке чыкмай болду.
Жай алып, көк чөп өскөн жер үстүнө,
Жайма-жай бирин бири укмай болду.

А бирок кирген суунун агымынан,
Ат бурулбай кетишти эки жакка.
Ортосунан суу бөлүп бул экөөн,
Калышты кайра эле эки жакта.

Карабаш тебетейин алга булгап,
«Кайра барам» дегенсип белги берди.
«Жок, мен барам» дегенсип Кызылбаш да,
Тетири булгалады тебетейди.

Дудуктарча сүйлөшүп колун жаңсап,
Турушту эки болуш эки жакта.
Акыры суудан өтүп кайра келүү
Милдети тийген экен Карабашка.

Ат мүдүрүлүп аз жерден агып кетпей,
Аман-эсен Карабаш өтүп келет.
Аттан түшүп, жөө турган Кызылбашка,
Айтып салам, кайрадан колун берет.

Алды менен Карабаш сөз баштады:
«Болушум, сен турасың биздин жерде.
Узатканым болбостур улагадан,
Учурашып кайтарсыз биздин элге».

Көп ойлонбой Кызылбаш макул болду,
Көк чөпкө эки жигит тасмал жайды.
Бирөөсү кол чаначтын оозун ачса,
Бирөөсү алып чыкты куйрук-майды…

Айланада көшүлөт бейкутчулук,
Айтпаганда коңур жел, суунун шарын.
Жымжырттык—бул дүйнөдөн биротоло,
Жыйнатып кеткен сымак чуунун баарын.

Жалгыз торгой ободо обон салат,
Жаткансып бейкуттукту даңазалап.
Насвай ийлеп, күйкө куш бир орунда,
Жаткансыйт болуштарды тамашалап.

Төрт атчан ат жалына казан асып,
Тоюшунча ичип-жеп кымыз-этти.
Андан кийин минишип аттарына,
Айлына Карабаштын жүрүп кетти.

Калк ичинде сөз калган мындай деген:
«Карабаш Кызылбашты байлап келген.
Айлына Саруулардын жалгыз барып,
Алдына салып алып айдап келген».

Тамашөкөй бир кушчу айтса керек,
Тарыхты бурмалоонун кереги не?
Кызылбаш жана дагы жан жигитин,
Сыйлашкан ашын таппай берерине.

Карабаш Кызылбашты тааныштырды,
Калайык Кушчулардын эли менен.
Ар бир айыл даамын берип жатты,
Ачык кабак, ак жүрөк пейли менен.

Аяган жок, көрсөтүп болгон сыйын,
Ак өргөөнүн төрүнөн орун берип.
Улуу, кичүү Кушчунун билерманы,
Учурашып жатышты колун берип.

* * *

Айылдардан чакырткан бүтүн келип,
Алды менен карашты тамак-ашка.
Бир маалда Карабаш Кудайберген,
Бериптир сөз тизгинин Кызылбашка.

Кыдырекей тизилип отурганга,
Кызылбаш Кудайберген жүзүн бурду:
«Кушчу элим, кулдугум бар, күнөлүүбүз,
Күтүлбөй тас төбөдөн кудай урду.

Эси жок эки жигит азабынан,
Эки эл бөөдө эле касташпайлы.
Эгерде кун десеңер кун берели,
Эки эстүү катындарча чачташпайлы.

Эгерде баш ордуна баш десеңер,
Элим үчүн мынакей башым даяр.
Алааматка түшкүчө кан төгүлүп,
Акым жок элим үчүн башымды аяр.

Ушуну айтып Кызылбаш токтогондо,
Үй ичи бөлөнүптүр жымжырттыкка.
«Башым даяр» дегендин күчүн кара,
Бардыгы баш ийиптир бул кырсыкка.

Ошондо тегерете карап алып,
Обдулду да Карабаш Кудайберген.
Төмөнкү элдин болушу Кызылбаштын,
Эми элеки айтканын улай берген.

«Арабыздан жоготтук бир адамды,
Арийне, ыйлап-сыктоо кейиш болот.
Адам колдуу көз жумган пенделердин,
А дүйнөдө оруну бейиш болот.
Эчтеме эмес, чындыкты моюнга алсак,
Элибиз бир кишиге кемип калды.
Жан кейиткен бир жери ушул экен,
Жары жесир, балдары жетим калды.

Болгон сууну өзүнө жыгып алган,
Биздин дагы баланын күнөөсү бар.
Сарууларга бел бүгүп, биздин элдин
Кечирим сурай турган жүйөөсү бар.

Жашырбайм канга кан дегендер бар,
Мына бул олтургандар арасында.
Кокустан кан төгүлө турган болсо,
Кетпес кек калат эки эл арасында.

Илгертен ирегелеш эки эл элек,
Ит-мышыктай жашообуз кантип болсун.
Абалтан келе жаткан салтты бузбай,
Алыш-бериш жасаган тартип болсун.

Жазылыптыр Куранда айдан ачык,
«Жамандыкка жамандык кылбагын деп.
Кылычын кындан сууруп чыкса дагы,
Кылычыңды каршыңа сунбагын деп»…

Ошентип бул окуя аяктады,
Ортодо жаңжал, уруш, талашы жок.
«Сен кушчу, сен саруу» деп бөлүнүшпөй,
Жашоону улантышты санаасы ток.

Эл башкарган Карабаш, Кызылбаштар,
Эли үчүн өз баштарын кыйып турган.
Өз ара бөөдө кырсык болбосун деп,
Өөрчүтпөй чатак чыкса тыйып турган.

* * *

Азыр болсо астыртан какшык таштап,
«Сен саруу, сен кушчусуң» деп турабыз.
Обулус даараткана шыпыргычын,
«Ошол жактан тура» деп кеп кылабыз.
Шамал жүрүп калса эгер жогор жактан,
Саруу айтат: «Кушчунун шамалы» деп.
Шамал жүрүп калганда төмөн жактан:
Кушчу айтат: «Саруунун шамалы» деп.

Өкмөттүк мансап үчүн далбас уруп,
Өнөр таптык эл ичин эки бөлгөн.
«Бузукулар» аталып, бул жорукту,
Ислам дини дагы чеки көргөн.

Таркаткан бузукулук эл ичине,
Таптакыр кечирилгис күнөө экен.
Териштирип олтурбай сен кимсиң деп,
Тезинен тозогуна түшөт экен…

1993-жыл

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Абдышев К., 2012

 


Количество просмотров: 4591