Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Асылбекова Зульфира, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 30-январы

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

Адашкан бакыт

Бул «Адашкан бакыт» повестинде жаш жубайлар балалуу боло албай кыйналышканы, адашып башка динде жүрүп, акыры намазга жыгылып, уулдуу болуп, бакытка жеткендери жөнүндө жазылган.

Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    А 91
    ISBN 978-9967-25-883-9
    А 4702300100-10

Нускасы 500 даана

 

Жаз быйыл демейдегиден эрте чыкты. Көчөлөр жылт-жулт этип жылжып аккан ылай сууларга толуп, эзилген баткактан басыш кыйын. Көпкөк асманда каалгып учкан ак булуттар түйдөктөшүп, чөөт — көлчүктөрдөн чагылышып жатты. Үйлөрдүн чатырынан тамчылар шорголоп, тынымсыз жыбыттап агат. Чымчыктардын тили чыгып, эрте жаздын келишин кубаттап ырдап жатышкандай. Көчөдө элдер да көп. Көлөкөдө эрибей калган карлар да борпоң тартып, жылуулуктан жыбылжый эрип баштаган.

Жол жээгинен жылуу буу көтөрүлүп, аба жер жыттанып турду. Куушкан, байлоодогу иттердин үргөнү да көбөйгөн маал. Матай жазгы жумуштардын кайсынысынан баштаарын ойлонуп, күнөстөп эшик алдындагы тактайда олтурган. Анын жалгыз олтурганын терезеден көргөн эне, айнекти черткилеп өзүнө чакырып алды.

Матайдын энеси акыры ыңгайы келип турганда көңүлүн көптөн бери өйүп жүргөн сөздөрүн айтайын деп чечти. Уулуна астейдил карап, келини Адаштан орой бөлүп, көңүлүн калтырбайын дегендей аяр сөз баштады:

— Кагылайын уулум, сен деп атаң экөөбүз көзүңдү карап жүрсөк, сенин кылганың бул. Адашты жаман адам дебейм, бирок ушинтип төрдөн көрүбүз жакын турганда небере жытын искебей, өзүң артыңа туяк таштабай өтмөк белең? Ушуну жакшылап ойлонсоң. Көрүнбөгөн доктуруңар калган жок. Адаштын төркүндөрүн чакырып, көңүлүн калтырбай узатып коюп, башкага үйлөнүп, балалуу болсоңчу.

Баласы кыртышы сүйбөй, чорт кесе сүйлөндү.

— Апа, менин жашоомо киришпегиле дебедим беле. Башка аял менен балалуу болсом да мен бактылуу боло албайм. Ошол, сиз айткан доктурлардын баары менин үмүтүмдү үздүрбөй «болот, балаңар болот» дегенин угуп туруп, жанымдан жакшы көргөн жарым менен ажыраша албайм.

Мындай жооптон энеси кагынып, итиреңдеп кетти.

— Жаныңдан жакшы көрсөң анда менден да кеч. Мен сага жаман айтып жатамбы?

— Башка неберелериңер бар го, мага тийишпегиле— уулу амалы куруй аста жооп кайтарды.

— Сен кандай олуя болуп кеттиң эле, сага сүйлөбөгөндөй эмне болуптур, мен сүйлөбөгөндө ким сүйлөйт, тапкан экенсиң. Сен кетире албасаң, мен кетирем. «Баламдын башын куу баш өткөрбөй жолуңа түш» дейм. Бүгүн айта албасам...

Сырттан кирген ак жоолук, кызыл халатчан, бакыракай, бото көз, кырдач мурун оймок ооз, акжуумал сулуу Адаш апасы менен Матайды ыйлуу көзү менен тиктеп:

— Апа, далай жолу Матайга айтып келем, Сиздин айтканыңыз туура. Буга чейинкиңизге ыраазымын, мен кетем, кетем...

Энеси минтип оңдой берди болгонуна кым дей түшүп:

— Кете турган болсоң Матайдын башын айлантпай эле изиңди суутуп кете бербейт белең.— деди кектүү.

— Апа, апа токточу, ал кетсе мен да кетем.— уулу сөзгө кыпчылды.

Баласынын мындай кескиндигинен энеси адатынча албууттанып кетти. Анын ушундайы бар эле, бирөө каршы чыкты дегиче бүттү, өзүн кармай албай ачууга алдырып жиберет.

— Кетмектен кет, катынсыз жашай албасаң жогол. Сенин да башыңды айлантып бүткөн го. Бизди таштап кетсең атаң экөөбүз эки дүйнөдө ыраазы болбойбуз.

Матай айтылган сөзгө кулак кагып койбой коңшу бөлмөгө чыгып, кийимдерин шашыла чогултуп, сумкаларга бурдай салыштыра кетти. Артынан кирип көзүнүн жашын көлдөтүп турган Адашты кучактап:

— Жаным, болдучу. Биз балалуу болобуз. Сөзсүз. Кичине кыйынчылыкка чыдайлы.— деди муңкана.

— Мурда эле сезгем, ушундай сөздү бир күнү угаарымды билгем,— деди Адаш солуктап.

— Апамдын мага жини келип кетти окшойт, жай эле сүйлөшүп отурганбыз...

— Чындыктын эмнесине чычалайын, апам туура айтты. Эми токтой албайм.

— Экөөбүз чогуу кетебиз. Сен төрөбөй жатканыңа мен да күнөөлүмүн.

— Жаманаттыга калба, аялынын аркасынан кетти дедирбе.

— Дешсе дешсин.

Кийимдерин салыштырып бүткөн Адаш сабыры суз чыгып баратып кайненесине:

— Апа, жакшы туруңуз,— деп шашыла чыгып кетти.

Эт жүрөгү ансыз да эзилип, «келин кирбей турса эмне, жиним менен ачуу сөздөр айтылып кетти, келиниме өзүнчө айтсам болмок экен. Эми биротоло ийигис кылып алдым окшойт, ыйбалуу, жакшы келин эле, ачуу-таттууга бирге чыдап бүлө да болуп калган...»деп, кемпирдин көздөрүнө жаш тегеренди. Келининин жалгыз кеткенин көрүп, баласынын үйүндө калганына кубангандай тура калып терезеден сыртка карады. Ийинине асынган сумкасынын оозунан балбалактап чубалган көйнөктөрүн бурдай салып, келинчегинин артынан шашыла курткасын кийип, бараткан баласын көргөндө жүрөгү болк этип, «неберелүү болом деп, уулуман айрылдым окшойт, аттиң, балама караганда келиним «жакшы тур» деди. Ушунчалык кайрымсыз баланы тарбияладым беле, анын жарасын терең сыйрып салдымбы” деген сыяктуу жообу жок суроолор менен баласынын караанын тиктеген эне бир кылчаяр деген үмүттө карааны үзүлгөнчө күттү. Жок, уулу келинчегинин артынан жете берип кучактап өөп, көзүнүн жашын алаканы менен сүртүп, кете берди. Армандуу эне калыбынан жазбай көпкө отурду. Эми канчага чейин ушу, үмүтү үзүлгөн терезеден кетпей, кылчайбай кетишкен кош караандын кайтып келээрин карап отурат, ким билсин.

 

Бишкектин батыш тарабындагы бир сааттык алыс айылдан Ош базарына келип, кире бергенде эле “үч миң сомдон жаш үй-бүлөгө, эки айын алдын-ала төлөө менен батир берилет” деген радио жаңырыкты угуп, Матай дароо ал жакка жөнөдү. Оңдой берди болгонуна кубана Адашты колунан жетелеп алды. Кудум бала бакчага уйкусу канбай, энеси күч менен алып бараткан баладай шишип чыккан көздөрүн колу менен далдаалай Адаштын эч нерсеге көңүлү жок, баскысы келбейт. “Баламдын башын куу баш өткөрбөй, жолуңа түш” деген кайненесинин сөздөрү кулагына жаңыра берди. Матайдын колун силкип жиберип, калың элдин арасына качып кирип, адаштырып кетсемби. Ошол, ачуу сөздөрдү уккучакты мурдатан эле кетип калбай ал жерде эмне жүрдүм?! Эмне, мен өтө өзүмчүлмүнбү? Балким булар менден кантип кутулаарын билишпей энеси экөө калп эле урушкан болуп жүрбөсүн? Матай кантип эле мен үчүн ата-энесин биротоло кыйып, таштап кетсин? Ар күнү бир маал кайненем: “ата-эне, бир тууган табылбайт, аял жолдо, бала белде деп кулагына куюп олтурчу эмес беле” деген санаасын бөлүп:

— Адаш, жүрү,— деп, Матай күнөөлүү кишидей колунан акырын кармай кайдадыр ээрчитип баратты. Алар батир берээр аялды ээрчип Жаш гвардия бульварында жайгашкан үйгө келишти. Ошондо гана Адаш эсин жыйып чакан үйгө кожойкеси дарбазасын ачканча көз чаптырды. Короосу таза, оңго бурула бергенде катар жайгашкан төрт эшиктин четкисин ачып ээси көргөзө баштады:

— Мына, силердин бөлмөңөр. Матай, мага нааразы болбойсуңар. Керебет койгом. Эки кишилик столу да бар.

— Болот эжеке. Ырахмат. Мына акчаңыз.

— Матай, эгер жаман көрбөсөңөр эртең экөөң тең паспортторуңардын көчүрмөлөрүн мага бергиле. Ар кандай адам келет. Көңүлүм көп калды. Акчаларын таштабай, мен эки саатка жок болсом көчүп кеткендер көп, ошондуктан алдынала акчасын алып, документтеринин көчүрмөлөрүн алып коем, туура түшүнгүлө. Качан оокаттарыңарды көчүрүп келесиңер?

— Мм... биздин болгон оокатыбыз азырынча ушул эле, ата-энеге таарынган кишиде оокат жок болот экен, эже. Биз эртең базардан сатып алабыз.— Матай күнөөлүү унчукту.

— Келинчегиң капа болуп турганынан бир нерсе болгонун билгем. Базардан сатып албай эле тигине, эшикте бир палас илинип турат, эски, бирок жуугам, ошону апкелип жерге салып алгыла.

— Ырахмат эже.

Матай, жаңы эле таанышкан Акак эженин артынан кошо чыгып, бажырайган гүлдөрү өңүнөн али кетпеген паласты апкелип бөлмөгө салды. Бул, алардын алгачкы оокаты эле.

Адаш дагы эле баягы ойлорунан чыга албай жер карап суз телмирет. Жаман түш көрүп жаткандай. Матай анын көңүлүн жубатып бир нерсе айтайын деп, батынбайт. Кагып жибереби же дагы ыйлап кирбесин деп жазганды. Не кыларын билбей бөлмөнүн ичине көз жүгүрткөн болду. Аңгыча сырткы эшик такылдаганынан ачса, Акак эже экен.

— Эртең акчаңарды кетирбей эле мына, жапжаңы жууркан, асты-үстү менен, тиги керебетим деле жакшы, жылуу-жумшак, өзүм жатчумун, балам жаңы керебет алып берип чыгарганыма эки күн болду. Силерге буйруганын кара. Бул төшөк алдыңарга, жукарааак капталган. Мына шейшептер. Булар да жаңы. Азыр салынгыла да кийин акчалуу болгондо ордун тургузуп койгула. Айылдан жаңы келсеңер... кыйналып каласыңар. Андан көрө урушпай, талашпай жашагыла,— деп, шакылыктап акыры чыгып кетти. Бул, толугунан келген, бою пас, кара тору, көгүш көз, кырктардагы ачык-айрым аял ак көңүл көрүнөт. Жугумдуу экен, экөөнө тең жагып калды. Бирок, негедир Адаш андан Матайды кызгана түштү.

Ал болсо эч нерседен капарсыз:

— Адаш, ишибиз оңолот. Жөн эле, радиоузелден таанышып келген эженин мамилесин көрдүңбү, кабагыңды аччы.— деп жайдарыланды.

Адаш болсо акыры чыдамы түгөндүбү, күйөөсүн кучактай буулуга ыйлап жиберди. Чогулуп кеткен ызасын чыгарды көрүнөт. Же чын эле жакшылыктын жышаанына эреркеп кеттиби... бир аздан соң керебетке барып жатып калды. Матай Адаштын чачынан эркелете аяр сылап, көпкө олтурду. Бир маалда келинчегинин көзү илингенин байкап, сыртынан кулпу салып базарга жөнөдү. Жөн калтырса Адашы таптырбай качып кетчүдөй сезилди.

Матай базар аралап күнүмдүк жашоого керектелүүчү тамак-аш, самын-сумун алды да, “Акак эже чоң керекке жараптыр жанымдагы акчам жууркан эмес, тамагыма араң жарады “ деп, кудуңдап үйүнө шашыла жөнөдү.

Адаш көзүн ачса Матай жок, сыртка чыккысы келип эшикти түртсө бек экен. Мени кетип калат деп бекитсе керек. Кой, муну да кыйнабайын, ал айткандай балким чын эле ишибиз оңолуп кетээр. Жакшы төлгө кылганына мен бут тоспоюн, укпай турган сөз беле. Кайыненем деле мени аяп, баласы менен сүйлөшүп жаткан го. Андай катуу айткысы келсе эртең менен эле кыйкырып, сөзүн айтмак. Матайды жоготуп албайын, кең далылуу, узун бойлуу, ичке көздүүлөрдүн жана каранын сулуусу деп чын жүрөгүнөн ынаткан күйөөсүнүн келбетин жылуу сезим менен көз алдына элестетип, анын ак көңүл, ишенчээк мүнөзүнө жүрөгү жылыды. Эң негизгиси, мени сүйгөн күйөөмдү кыйнабайын деп керебетинде үшүп, бүрүшө, сулк жата берди. Түркүн ой кыялын аралап, балалуу болуп алып кайненесине ак шейшепке оролгон бала менен баргысы келет. Бир убакта эшиктин шарактап ачыла баштаганынан улам билмексенге салып уктамыш болуп калды. Калдалаңдап эки колуна көтөргөн баштыктарын үйдүн бурчуна коюп, курткасын чечип, Адаштын бетинен өбө :

— Адашка, тур тамак камын көрөлү.— деди жайдары үн менен Матай.

Өзү сатып келген кичине плиткасын токко сайып, текшерип көрүп, чай койду. Буга чейин эч жумуш кылбаган күйөөсүнүн баштык көтөргөнү, чай койгону Адашка эрөөн көрүндү.

Акырын ордунан туруп барып, күйөөсүн аео сезим менен карап алып, тамак камын көрүп кирди. Күүгүм кире баштаганда, коңшу эшиктер кылдырап ачылып, жымжырттыкты бузган кобур-собур үндөр чыга баштады. Матай менен Адаш коңшу эшиктер да өздөрүнө окшогон үйсүз адамдар үчүн убактылуу жай экенин түшүнүштү.

Акакты чакырып алып көпкө, сүйлөшүп отурушту. Акактын сөзүнөн беш-алты жыл мурун күйөөсү автокырсыгынан кайтыш болуп, улуу баласы Москвадан келип, өткөн жайда ушу төрт бөлмөнү салып бергенин айтты.

Акак таң эрте Матайды ээрчитип барып, таанышынын дүкөнүнө жүк ташыгыч кылып орноштуруп койду. Адаш кечке үйдө күйөөсүнүн келишин күтүп болгону тамак менен алек.

Эки күн өттү. Акак киргенинен ага чай берип, чыгаралбай жаткан букту чыгарып, күйүтүн айтып алды.

— Матай менен жети жылдан бери жашап, балалуу боло албадык. Анын айынан акыры минтип...— деп, жашый олтуруп аз болсо да армандуу тагдырын ортого салды.

Акак тунжурай олтуруп укту да:

— Матай доктурларга көрүнгөн жокпу, балким айып анын өзүнөн болбосун?— деди.

— Матайдын ден соолугу жакшы. Мен көрүнгөн доктурларым ден-соолугуң жакшы, күтө тур, төрөйсүң эле дешет. Оозуңарга май! Ошондой болсо кана! дейм. Төрөөрүмө ишенем, биринчи курста окуп жүргөндө боюмдагы баланы алдырбаганда быйыл тогузга чыгып калмак эле. Эл эмне дейт деп кур намыска алдырып, анан калса Матай да чечкиндүү болуп, апасына үйлөнөм деп айта албай жүрүп албадыбы? Ошондо жаштык кылыптырмын да. Азыркы акылым ошол учурда болсо, Матайдан чечкиндүүрөгүн издеп же акыры тиеримди билгенде ата-энесине өзүм эле барып, силерге келин болом деп олтуруп алсам минтип баланын азабын тартып саргара куу баш болуп күтүп олтурбайт элем. Анда жокчулугуна деле кайыл элем. Биринчи курста үйлөнгөнүбүз уят деп үчүнчү курста баш коштук. Андан кандай майнап чыкты. Тескерисинче, баары тескерисинен кетти. Окуубуздун акыларын төлөй албай жылына кийинки жылга калтыра берип мына, тогуз жылдан бери карт студент болуп келатабыз. Матай көчөдө ойноп жаткан кичине балдарды көрсө жалдырап карап, аларга чөнтөгүндөгү жарыбаган бир аз, нанга деген да акчасын кантип сунуп жибергенин өзү да билбей калат. Мени карап , балмуздак жегиси келгендей көрүнүп кетти деп актанат. А мен эмне деп айта алам. Аны көргөндө каңырыгым түтөп, жүрөгүмдү бирөө сыйрып салгандай болуп кетет. Өзүнүн баласы болсо көчөдөгү бирөөнүн балдарын караар беле? Аттиң, атаны баладан, ата-энесинен ажыраткандай өзүмдү күнөөлүү сезе берем.

— Адаш, сен көп кейибе, азыр медицина өнүккөн. Бир-эки жыл күт, эч айла кетпесе, жасалма бойго бүтүрүү деген чыкпадыбы, ошону жасатып көргүлө.

— Ал кандай эжеке?— келин чындап кызыга түштү.

— Азыр менин тааныш доктурум Казакстанга иштеп кеткен, келгенде дайнын билип, анан сага айтам. Болбогон нерсеге ыйлайсың, кейийсиң да. Андан көрө жумуш таап, акча топтогула. Догдурга бериш керек...

Ошентип экөө үчүн шаардагы акча табуу деген жанталашкан жашоо башталды. Адаш бир кафеге идиш жуугуч болуп ишке орношту.

Бир аз тыйын бөлүп, чогултумуш болгондору менен, күнүмдүк түйшүктөн анча ашпайт. Анүстүнө, элден чыгып калбай кошуналар менен майрам, кичине той-пой боло калганда чай ичишип, сырдакана болуп калышат. Матай менен Адаштын балалуу болбой жүргөндөрү баарына маалым болду.

Жаздын бозомук тарткан жылуу мезгили. Берекелүү жамгыр далай жолу жаап өтүп, көк чөптөрдү жыбыратып чыгарып койду. Жамгырдан кийин аба тазарып, күндүн нуру көрүнүп, жапжашыл суу жалбырактар тазарып, жаңы болуп сергектелип турду. Адаш короодогу ак, сары, кызыл эрте жаздагы гүлдөрдөн терип келип, банкага салып жатты эле, каалга тыкылдап калды. Эшикти ачса кошуналары экен. Кошунасы Жаркын төрөтканада санитарка болуп иштечү. Акак экөө кирип келишип, төрөтканада жаш кыз жаңы төрөгөн баласынан баш тартып, албай жатат, Адаш, багып албайсыңарбы, эркек бала экен,— деп калды. Эртеси эле Жаркын Анара деген тааныш доктуру менен сүйлөшүп, баланы алганга аракет кылышмак.

Адаш мындай күтүлбөгөн жаңылыкка ишенип-ишенбей кубанып да, чоочун баланын тагдырын моюнуна алуудан чочулап да далдырады. Матайга айтууга батынбады. Алгач өзүм ишенимдүү болоюн деди. Былкылдап бирде оң көзү тартса бирде сол көзү тартат. Сүйүнүчкө, жалаң сүйүнүчкө, деп манжаларын өөп көзүнө тийгизип жатты. Ал, түнү бою кыялданып, жакшы тилектерди тиленип кирпик какпай таң атырды. Эртең менен күйөөсүнө айтты эле ал кубанычтан жарыла жаздап кубаттады. Экөө бекем бир бүтүмгө келип, Жаркынга айтышты. Ошентип балага ороо-чулгоо алып, жооптошкон убакта Матай менен Адаш түшкө жакын ишиндеги Анарага келишти. Ал баланын кийимин алып, азыр алып чыгам деген бойдон ичкери кирип кетти. Күтүп олтуруп наристесин алып кетүүгө келген ар кандай бактылуу адамдарды көрүп олтурушту. Мындагы он эки адам бактылуу бир ымыркайды күтүшүүдө. Эки куда, кудагыйлардын биринчи неберелери окшойт. «Өкүлата -өз ата»— деп айтып аткандарына караганда араларында өкүлата-өкүлапасы да бар окшойт. Мен шампанымды ачайын десе, жок мен силерди куттуктайын деп айтор бири-биринен аша март болуп жатышты. Баланын атасы жаш жигит мурдун көтөрө өзүн арстан сезип, -«эртерээк чыкпайбы, бачымыраак кыймылдасаңар»—  деп баланы ороп чыгара турган айымдарга бир барып, шампан менен бир-бирин куттуктап жатышкан ата-энелерине барып, -«болду эми калганын үйдөн уланткыла»— деп башкарган болот. Гүл көтөргөн аяштарына да бирдемелерди айтып мактанып жаткансыды. Жаш атанын досторунун биринин колунда сүрөткө тарткан апараты, биринде видеокамера.

Бах, мындай сыйды ким гана каалабасын, деп Адаш ойлуу олтурду. Мындайды болтуралбаган мен, бир гана мен күнөөлүүмүн деп ызаланды. Матай өзүн алар менен чогу жүргөндөй бактылуулар күлсө кошо күлүп, алар менен өзүн да бактылуу сезип олтурду. Ал түгүл жаш ата алар жакты караганда, Матай колун бекем кысып куттуктагысы келдиби ордунан тура калды. Жигит башка тарапка басып кетти. Балким ал жаш атаны куттуктап өзү да мактангысы келгендир. Эмне деп мактанмак? Тааныбаган бир аялдын баласын күтүп жатам демекпи? Же өз уулум деп калп айтмакпы, жаныңдагы кимиң десе эмне демек? Аңгыча наркы эшиктен кабагы бүркөө, кимдир бирөөдөн корккондой өңү кубара Анара эже шаша чыгып:

— Азыр алып кете тургула, калган шартты эртең сүйлөшөбүз. Тезинен көздөн далдоо кеткиле, силерди Жаркын аркылуу табам. Азырынча эч кимге билгизбей тургула,— деп кайрадан ичкери кирип кетти.

Матай менен Адаш кубанычтары койнуна батпай дароо такси жалдаган боюнча үйүнө жөнөштү. Адаш машинага олтураар менен терезелерди жаптырып салды. Апрель айынын орто чениндеги күндүн аябай ысып турган кези эле. Айдоочуга жакпаса да терин аарчый, баланы карап унчукпай, үп машинесин айдап баратты. Адаш өз энеси менен кайыненесин көз алдына келтирип, сыймыктана: мен да силердей эне болдум. Барганыбызда кайненем уулума батасын берип, бизди кечирээр дегени менен ичинен өзүнчө бушайман. Алда неден корккондой чочулагандай. «Капырай мен эмне сүйүнүчкө бөлөнө албай жатам» деген түпөйүл ойдо кетүүдө. Бул наристе бизге кут болуп, ынтымак, кереметтердин нурун чачкан, бизди бактылуу кылган бала болсун,— деп күбүрөнүп олтурду. Бир нерсени эстей койгондой Адаш баланын бетине жакындай калып шыбырап жатты:

-Баса, уулум таарынба! Бүгүн сени элдей кылып алып кете албасак да, мындан аркысын элден өйдө кылабыз деп— күлүп койду. Машинанын алдыңкы орундугуна олтурган Матай улам артына кайрыла карап, эч нерсе менен иши жок, мемиреп уктап жаткан наристени карап жылмаят.

-Ушул көчө менен айдай бериңиз. Тигил бурулуштан оңго!— деп колун жаңсай айдоочуга жол көргөзүп жатып, дагы бир кылчайып наристени карап алды. Батирге жакын токтогон машинеден Матай атып чыга үйдүн кулпун ачканга шашты. Балким ага баланы үшүтүп же күн өткөздүрүп албайын деген ой келгендир. Адаш өзүн токтоо кармап, энелик жоопкерчилик менен баланы аяр кучактай, ошол эле учурда кимдир бирөөгө мактангысы келгендей жанындагы батирлерди карап алды. Эч бир тирүү жан көрүнбөйт. Айланадагы тынчтыкты бузган артка кайрылып жаткан таксинин үнү гана. Эшикти жадырап ачып, бала көтөргөн келинчегин күтө калды эле, алар менен бирге күтүүсүз ак көгүчкөн үйгө кошо учуп кирди. Жубайлар үйдү айлана учуп жүргөн аппапак көгүчкөнгө таңкала да, суктана да карап калышты.

— Адаш, кармап берейин, өз колуң менен эркиндикке учурчу,_ деп Матай көгүчкөндү кармамак болду. Колуна сүлгү алып, жаш баладай көгүчкөн кубалаган жолдошун кубаттаган Адаш алгач боору эзиле күлгөнү менен акыры жандалбастай, жардам сурагандай уулу экөөнүн төбөсүндө чарк айланып учуп жүргөн көгүчкөнгө боору ооруп кетти. Күлкүсүн токтото коюп, чуркап барып эшикти ачып жиберди. Көгүчкөн эмне максат менен учуп келгенин билгизе албай асманга бийик учуп жок болду.

— Каап, картайсам керек, кармай албай койдум,— деп Матай кичинекей кызыл эт баланы колуна алган менен олдоксондонуп, коркуп, демин ичине ката жарым сааттай жалдырап олтурду. Баланы жыттаганда апасы эсине түштү. Ооба, бул апамдын жыты. Апама эмне таарынып жүрөм. Балада сөз менен жеткизе алгыс, өзүнө тарткан чоң күч бар тура. Энем, балам, бул назик жыт, сагыныч. Ох, түшүнө албайм деп сезими менен сүйлөшөт. Көзүн ирмебей качан ойгонот дегендей жалдырайт. Ошондо Матайдын жүзүндө жаштык да, сүйүү да, аталык мээрими да төгүлүп турганын Адаш көрүп, «өз канынан жаралса такыр эле эзилип калмак окшойт» деп улутунуп алды.

— Ики, колунун кичинекейин, тырмагынын узунун кара. Ой, колу эмнеге кара? Адаш карасаң, алаканында жазуу бар экен. Бул арапча «Алла» деген сөзгө окшош экен. Эстесең, баягы, сен үйрөнгөн досумдун машинесинде да ушундай сөз жазылып турчу эмес беле.

— Койсоңчу тамашаңды. Кана? Ээ тобо, чын эле «Алла» деп жазылып турат ко! Энеси өчпөй турган кылып бирдеме менен жазып койгон чыгар. Мейли, жүрө берсин, киринткенде кетип калат.

— Мына, мына көзүн ачты. Адаш бери кара, эми оозун ачты, курсагы ачты окшойт. Кел, сен баланы ала тур. Мен бөтөлкө, сүт сатып келейин,—  деп камкорлонгондо жолдошуна ыраазы боло, Адаш аны бетинен ысык өптү.

— Матай, баланын кыркы өткөнчө эч кимге айтпай туралы, торолсун,— деп Адаш кимдир-бирөөдөн кызганып кетти.—  Баланы колума алып, жыттагыласам эмчегим зыркырап кетти. Ичим эзилип кетип жатат.

Матайдын мурду, көзү, кашы, сарылыгы, оозу болсо мага окшош экен деди ичинен. Башка эле бир аялдын баласына ушунчалык эзилип жатам, өз балам болгондо кандай болмокмун деп ойлоп алып чочуп өзүн-өзү жекире баштады... Бул эмне деген ой. Уят, дагы эч ким укпаганы жакшы болду. Колуна барак калем алган Матай Адаштын оюн ырас бөлүп жиберди. Эмизчү бөтөлкө, сүт, айран шым деп жаздым, дагы эмне керек?

— Алтыным, жаңы төрөлгөн балдардын кургак сүтүн ал, кийим да керек. Жолдо катар уулубузга ысым ойлоно кел,—  деген аялынын сөздөрүнүн аягын угуп-укпай Матай чуркаган бойдон кетти.

Бала багып көрбөгөн немелер сүт берүүнүн эрежесин окуп, даярдап беришти. Бала таң атканча жакшы уктагандай болду. Ыйлабай эле жатты. Түшкө жакындап калганда Жаркын менен Анара келди.

— Балаңар кандай түнөдү?

— Ырас эле, эжеке. Сизге аябай ыраазыбыз. Сүйүнчүнү даярдап койдук.

— Ырахмат, бул сизге,— деп, Матай далдалактап кубана Анарага акчаны сунду.

Акчаны санап, эмнегедир капысынан анын өңү кумсара түштү да:

— Баланы алып келчи көрөйүн,— деди.

Адаш көтөрүп келген баланын бетин ачып:

— Ай, баланы куураткансыңар го! Каранкүн, өлтүрүп кое жаздагансыңар го, бала багып көргөн эмессиңер го. Кайра төрөткананын реанимациясына алып жөнөгүлө. Дем алганы оордоп, бети көгөрүп чыккан тура. Тез такси чакыр,— деп баланы шашыла ороп кирди. Матай менен Адаш да корккондорунан тура догдурга жөнөштү.

— Эже, балким дүкөндүн сүтүнөн кыйналып калдыбы, же киринткенде суук жегизип койдумбу. Үйдү аябай эле ысытып Жаркын экөөбүз киринткенбиз.

— Билбейм.— деп кабагын чытып сүйлөшкүсү келбеди. Догдурга жеткенде гана баланы Адашка берип:— Силер көрүнбөй тургула, мен халатымды кийип келип өзүм алып кетем,— деп шаша бөлмөгө кирип кетти.

— Уулум кечирчи, сени оорутуп койдумбу. Сен айыксаң, зам-замдын-өлбөстүн суусун алып келип ичирем. Биз бактылуу болобуз. Уулум, көпөлөгүм менин деп ыйлап жатканда ак халатын кийип чыккан Анара баланы колунан жулуп кетти.

Матай да келинчегинин көз жашын аарчып, кейип турду. Эмчеги дагы бир ирет зыркырап ооруп кетти. Бул эмнеси? Же энелик сезим деген ушулбу. Бир чай кайнатым убакыттан кийин Анара чыгып, баланын жүрөгү чоң экенин, көпкө жашабасын, жооп күтпөй үйлөрүнө кете беришин айтты эле, так төбөсүнөн кан куйулгандай Адаш жерге шалак эте олтуруп калды. Матай экөө кандай чечим кабылдаарын билишпей жалдырай тиктеше түштү. Матай да туттугуп, сөз таба албай, көзү чакчайды.

— Наристени бул жерге кантип таштап кетем. Жок, ал эми менин уулум. Эч кимге бербейм. Эмнеге мында алып келдим. Акмакмын. Уулумду кайра алып чыкчы Матай, суранам. Булар мени алдап жатат, уулумду бергилери келбей жатат, алтыным Матай жардам берчи мага. Уулумду алып кетем,— деп Адаш акылдан айныгандай сүйлөнүп ыйлап жатты.

Кайра чыккан Анара өзөгү өрттөнүп турган шордууларды урушуп кирди:

— Балаңар жакшы болсо эртең кайра алып кетесиңер, бизде комиссия жүрөт, бул ишибизди билип калышса соттолуп кетебиз, баарыбыз. Үйүңөргө барып тургула дебедимби. Угуп калгылачы байболгурлар. Тим эле баладан көзүңөр катып, жетимишке чыккандай болосуңар да.

Матай колундагы баштыкты ачпастан Анаранын колуна карматты.

— Бул менин уулумдун оокат, кийимдери. Жакшы карап, айыктырып бергиле. Мына бул телефонго чалсаңар биз менен байланышасыңар. Жок, эртең өзүм келем.

— Мени киргизип койгулачы, уулумду өзүм карайм.— Адаш жалооруп жиберди.

— Бала апараттын ичинде. Ага киргизишпейт. Киргениң менен эч пайда кыла албайсың ага,— деп Анара силкилдеп, кайрадан ооруканага шашып кирип кетти.

— Жүрү, Адаш бала бир аз дарылангандан кийин алып кетебиз.

— Жок, мен баламдын жанында болом. Ал меники, биздики.

— Адаш, алтыным, балабызды сөзсүз алып кетебиз. Азыр ага бир аз дарылануу керек. Анан баары жакшы болот.— Матай аргасыз аялынын көңүлүн жубатымыш эткен менен ичинен бала экөөнү тең аяп, ичи туз куйгандай ачышып турду. Алда неден үмүтөткөн жубайлардын буттары тушалып, кыйлага чейин күдөр үзбөй күтүп кыя басып кете албай турушту...

Бир күн эле мурдакы жакшылыктын шооласы жылт этип көрүнүп, кайрымсыз жоголгондой.

Матай экөө көптөн кийин ындындары өчүп, соксоюп үйгө келишти. Эми кечээ эле бейиш-үмүттүн очогу сезилген үйү караңгы үңкүрдөй сезилип турду. Жымжырт, дубалда илинген саат гана бир калыпта кургак тыкылдап өткөн убакыттын эсебин алат.

Бир саат үйдө Үйдө саналуу гана убакта болсо да наристенин жагымдуу жыты сиңип калыптыр. Мындай эч ылаажысыз оор акыбалга кабылышкан эмес эле. Экөө үнсүз дулдуюп эрте эле жатып алышты. Бирок кайдагы уйку. Сарсанаага түшкөн Адаш кайненесинин да уулун колунан жулдуруп, шалдайып, ачуу жашка бетин жууп, эртели кеч эрмеги санаа болуп калганын сезди. Уулубуз аягаар менен кайын журтка баралы. Кайненем да мен сыяктуу уулуна болгон сагынычын таратсын. Эне баланын айрылуусун эч кимге каалабайм деп ойлоду.

Эртеси доктурга барып Анарага жолугушса, ал, дагы эле апаратта. Кечинде келгиле деп караанын үзгөнчө шашты. Кечинде келишсе Анара жок экен. Канткенде эртеңки күндү күтүп тынч жүрө алышат. Бирок антпеске да амалдары жок эле. Кийинки күнү дагы барышты. Анарасы дагы жок. Үйгө келип коңшусу Жаркындан дайынын билели дешсе, ал:

— Мен бүгүн жумушта жок болчумун, эртең таң эрте барам, караштырайын,— деди.— Мындайын укпаган элем, эмне болду экен?..

Жубайлардын чыдамы түгөнө жаздап Жаркынды ээрчите таң атпай жөнөштү. Ал кирип эле кайра чыкты:

— Анара эже жумушта жок экен, телефону жооп бербейт. Баланы таппай койдум. Бир аз күтөлү, Анара эже жумушка келмек.— деген Жаркын кирип кеткен боюнча түшкө жакын чыкты.

— Ал жумуштан бошоп кетиптир. Үйүнүн дарегин алдым. Барып көргүлө, орто жерде мен уят болгон окшойм. Жок дегенде акчаңарды кайрып берсин. Бирок ал, ишинен документин ала элек экен. Мен бул жактан аны кайтарайын, силер үйүнө баргыла,— деди.

— Кантип эле адамдарды улам бирине сатып, оюнчук көрөт. Акмак, мындайларды атып салса да аздык кылат. Колума бир тийерсиң, муунтуп өлтүрөм,— деп Матай ызырынып баратты.

— Сабыр кылчы, балким баланын оорусу күчөп, башка доктурга алып кеткендир. Жаман айтпай күтө туралы. Өзүбүздүн балабыз болсо бирөөнүн колуна бир мүнөт да карматпас элек, кантели,— деп Адаш ачуулана өзүнчө күбүрөнүп келатты.— Оо жараткан, башка тилегимди кабыл кылбасаң да ушул уулумдун амандыгын көргөзө көр. Кай күнөөм үчүн жазаладың?! Калп айтпадым, уурулук кылбадым, ак жүрүп адал жашадым, бирөөнүн көңүлүн калтырбадым. Бул дүйнөдө күнөөсү жок адам болбостур. Балким күнөөм: кичинемде курбум Нурпери экөөбүз кумурскалардын уясына кызыгып, аларды чукулап ойноор элек. Кумурскалар эч тынбай, дайыма түйшүк тартып эмгектенишет. Аларды азыр ойлосом, адамдар сыяктуу эле турак-жайын салышып, тукум улашып, ынтымакта, чогуу өз уюгун багышат экен. Тегерек-чекесин тазалап, башка уруулардын кумурскаларынан, башка жоодон эр-азамат жоокерлери кашык каны калганча коргонуп, салгылашат. Алар да кышкы камын жаздан баштап көрүп, балдарына кам көрүшөт. Кээде адамдардын ошол, кумурскаларча да болбой кеткенибизге таңкалам, убайым тартам. Нурпери экөөбүз аларды кечке карап, булардын эс алганга убактылары жок, кел буларга жардам берели деп бирден кармап, бөтөлкөлөргө салып, оозун бекитип, эми уктагыла дээр элек. Жуунганга да убактылары жок деп уяларына суу куйчубуз. Кээде жеген тамактарыбыздан үзүп берээр элек. Кошунанын биз теңдүү баласы мени оюнга кошпойсуңар деп күнүгө биз ойноочу дөбөчөдөгү кумурскалардын уясын бир күнү өрттөп жиберген эле. Ал, ошол эле күнү капысынан эти ысып, дүйнөдөн кайткан. Айран таң калганбыз ошондо. Нурпери курбум башка жакка көчүп кеткен бойдон кабарлашпадык. Ай ким билсин, ошенткен менен чоң күнөө кылган адамдар деле телегейи тегиз балалуу-чакалуу жашап жатышпайбы.

Жубайлар Жаркын берген дарек менен барышса Анара батирин тапшырып Казахстанга иштегени кеткенин угушту. Колунан бала көргөн жокпуз дешти кошуналары. Ошондогу экөөнүн абалын, тарткан азапты сөз менен айтып, адам баласынын сезимине жеткирүү кыйын. Эки көзүнөн ажыраган азиздей карайлашып, айлана каран түнгө айланып, каңырыктары түтөп отуруп калышты. Эмне, Анара өзгө бирөөнүн баласын соодалап, акча кууган айлакер беле! Дал ошондой!

Матай өзүн эркексинип карманганы менен үйгө келгенде келинчегин кучактап өксүп-өксүп ыйлап алды. Антпегенде кантсин, күйүтү ичин эзип турса! Бир күн болсо да ууздай таза баланы колуна алып аталык мээрим төгүп, эт жүрөгүн эзилтип эркелетпеди беле, кийинки жашоосун ага арнап келечегин элестетип, бар дүйнөсү байыбады беле. Баланы эркелетип эзилгенин көргөн Адаш да андан баланы талашпай тим коюп, мен эркелеткенге алдыда көп күн бар, мейли, өз баласындай тутунган атасынын чери жазыла берсин дебеди беле, каран күн. Кыргыздын өңдүү-түстүү, келишкен келиндери да ушундай адам чегинен чыккан жолго түшүшкөнбү, атаганат. Акча, акча бизди адам сапатынан кетирген сен болдуңбу. Же ыймандын куруганыбы? Мен берген акчага ичи чыкпай нааразы болгон окшойт, кантейин... Жок болсо не кылам. Аяйт белем?! Мындай душмандыкты кумурскалар да бири-бирине жасабаса керек.

Эртеси Жаркын келип, Матай менен Адаштын шишиген көздөрүн тик карай албай:

— Эжеке, байке, ортого түшө калам деп силерге жаман көрүнүп калдым. Жумушум бүткөнүнө карабай, бөлүм башчы «бүгүн келип эмгек книжкасын алып кетет» дегенинен Анараны зарыгып күттүм. Жолукканда эле:

— Бөлүм башчыга айтып, абийириңди кетирем, баарын уктум, тиги баланы башка көбүрөөк акча берген адамга сатып жиберген турбайсызбы, баласынан баш тарткан жаш энесине беш миң сом берип оозун жаап коюптурсуз, алган акчаңыз жетээр, тигилердин акчасын бериңиз. Мен алар менен кошуна жашайм, алыс жол жүргөн жатыптырсыз, балдарыңыз барына карабай каргайм дедим.

Ал:

— Кайсы бала, эмне болгон бала, эмне акча, сенин балаң беле, же сен төрөдүң беле, кайсы акча, сен мага акча бердиң беле, сенин эмне айткандарыңа түшүнбөй турам. Бар, полуңду жууп өз ишиңди билгин, бирөөгө кур жалаа жаап, соттолуп кетпе. Элдин баары мен эмес, далили жок чанжыр сөздөрүңө чыдап угуп турган, деп, кайра мага аңкылдап чыгып кетти. Өтө ишенчээктик кылыптырбыз. Чын эле далилдей да албайт экенбиз. Күнөө менде, силердин ага берген акчаңарды төлөп берейин.— деди Жаркын күйпөлөктөп.

— Жаркын, биз акчага деле кейибей баланы өлтүрүп алган экенбиз деп кайгыга батып жатканбыз. Мейли, эми, андай акчалуу адамдарга барса жакшы чоңоюп, эр жетилер. Аман болсун,— деди Матай көңүлү чөгүп.

Алардын бул сөзү Адаштын жүрөк жулүнүн тепчип өткөндөй ызаланды. Чай ичилип жатканда анча сөз болбой эле Анаранын шүмшүктүгүн айтып тарашты. Уйкулары келбей, алар айлуу түндө көчөдө басып жүрүштү. Көз жеткис кара асманда жукарып калган ай калкыйт. Көчөдөгү лампочканын тегерегинде бурганактай чарк айланып көпөлөктөр, майда чымын чиркейлер жабалактайт. Жемпирин желбегей жамынган Адаш анда санда үшкүрүнүп коюп, ойлуу. Түндөп Анара баланы уурдап качып баратса, кармап алсак деген ой Адашка келген эле.

Эртеси Матай жумушуна жөнөдү. Жаркырап аткан таңды тосуп баратса да, ал үчүн жер жүзү караңгы болчу. Баары кунарсыз, көрксүз. Кең дүйнө тардай сезилип, эч жерге батпай жүрдү. Эл уктабай эле базар тегеректеп жүргөндөй таң эрте каршы-терши көр оокат кубалап тызылдашат. Бир саат кечирээк чыккан Адаш «кудай мени катуу жазалаганы калган окшойт. Сага буюрган баланы жоготтуң, эми өмүр бою зар кылам дегени го» деген ой менен ачуу көз жашка бетин жууп, илең-салаң теңселип, жумушуна келди.

Бирөөлөр менен сүйлөшүүгө көңүлү чаппайт, эптеп иштемиш болуп жүрүп, кеч киргенде болбогон шылтоо айтып бир жумага уруксат алып үйүнө келди. Түпсүз өкүт, санаасынан алаксыгысы келет, бирок кантип.

Үйүндө калган Адаш кечке жалгыз төшөгүнөн турбай жатты. Матай экөө жаңы келишкенде эптеп сатып келген буюмдарын жайгаштырып койгондо, үч-төрт киши айлангыс кичине бөлмөсүнүн ичи кадимки үйдөй болуп көңүлүн көтөрсө, эми кунарсыз тартып көңүлүн чөгөрөт. Акыры күйөөсү келээр маал болгондо аны аяп, илээлей туруп тамак жасады. Кечинде күйөөсү бир жумага суранып келгенин айтып Ысык-Көлгө барып эс алып келбейлиби деп калды. Бул сунуш күтүүсүз болсо да Адаш «мейли, аз болсо да алаксып келеличи» деген ойдо күйөөсүнө каршылык кылган жок.

Эртеси базардан керектүүлөрүн алып, түш оой көл тарапка жөнөштү.

Токумдай булуту жок, көпкөк асманды карап, машинанын айнегине башын жөлөп, Адаштын ачуу жашы тыпылдап тамып жатты. «Баласы өлгөн киши өзөгүн өрт алган менен тең болот» деп Жээренче чечендин айтканы эсине түштү. Чынында эле ошондой экен. Бир күндүк бакма баласына адам ушунча күйүнсө өз баласына күйүп кетүү ырас экен. Айланага көңүлсүз серп сала, уясына кызара батып бараткан күндү карап: Мына, жарык күн да караңгы түнгө алмашат, эртеси кайрадан жаркырап күн чыгат, а менин түнүм күнгө алмашпады деген акылына баш ийбес ойлор акылын келемиштей аёосуз кемирип жатты. Машина менен тең жарыша бараткансыган алгачкы жылдыз да Адаштын арманын туюп-билип анын ачуу кусасына, жалгысыраганына ортоктош болуп көлгө жеткенчекти көздөрү менен сүйлөшүп баратты. Берген суроолорунун эч бирине жооп алалбады. Жооп бербесең, боор ооруп жандабай калгын, ээрчибегин, карабайм сени деп жылдызга да туталанды. Сол тарапта ай да кечки кызыл булутту аралап, жарыша сүзүп бараткан экен, ага назар буруп эми ал менен сүйлөшмөкчү болду эле Матай оюн бөлүп :

— Кычыраган кыштан кийин жадырап жаз келээрин унутпайлы, Адаш, турмушубуздун башында эле мүдүрүлбөй, ташыркабай, башты көтөрүп чыдай туралы,— деп калды, анын ой-санаасын туюп жаткандай. Адаш унчукпады. Эч аралжы боло албаса да санаадан чыга албады. Машинадагы магнитофондун муңдуу ырлары да жүрөгүн мыжып салгандай болду. Бишкек менен Көлдүн ортосу Адаш үчүн созулуп кеткендей, акыры болжогон Кара-ой айылына да келип жетишти. Телефон менен айтылгандыктан Матайдын аскердеги досу үй-бүлөсү менен уктабай күтүп жатышыптыр.

Аманчылык ал жайдан соң узун бойлуу, кара тору, коңкогой мурун, манчалары ийрейип-муйруйуп, өмүр бою кара жумуш менен кармашып келаткан ачык, шатыраган, ак көңүл Акжалга тамашалай түнкү конокторду кабыл алып, кам көрүп кирди.

Анын келинчеги, Адеп жолдошуна окшобогон, бою пасыраак, аксаргыл, жылчык көздүү, жылдыздуу, көп ачылып сүйлөбөгөн ичинен тап, оор мүнөздүү экен.

Адеп, үч кызы менен түн ортосунда барган конокторду кабагым-кашым дебей меймандостук менен тосуп алышты. Акжалга кыздарын жаңсап баржалаңдай:

— Эркек төрө десем болбой, мына, өзүңөр көргөндөй жалаң кыздар жана менмин,— деп тез эле камыр-жумур болуп кетишти.

— Буга да тобо де досум. Кыз эмес кызыл этке зар болуп турабыз,— деп Матай оор үшкүрүндү.

Адаштын көзү жашка толо дасторкондун чекесин оңдогон болду. Бөлмөдө саамга оор жымжырттык орной түштү.

Үй ээлери бири-бирин шектүү карай онтойсуз абалдан кандай чыгаарын билбей элейе түшүштү. Анан Акжалга стаканды колуна ала:

— Кана досум, элге арзанчылык келип, Токтогул ГЭСибизден суу бөксөрбөсүн, свет, газыбыз өчпөй, элибизге, өз үй-бүлөсүнө ээ болгон, балдарына алы жеткен, элге тезек тердирбеген, Кыргызстанды жалпы үйгө айлантпаган, калыс, урук-тукумунан бери намыстуу кыргыз болгон ажо келсин, жерлерибизди бөлөккө бербейли, тилибиз менен дилибиз жоголбой, Ыйык көлүбүз соолубай, бийликке келген чоңдорубуз эл үчүн келген кредиттерди катпай, элге жумшап, митинг, көтөрүлүштөр токтолуп, элибиз жакшы жолго түшүп, ден соолугубуз чың, эл аман болсо, эл ичинде биз да аман болуп, эл көргөн бейпил турмушту көрөлү. Мунун баарын айтпай коюуга болбой калды. Балким ар бир кыргыз ушинтип тилек тиленсек кудайдын боору оорур. Кана, досум, ошол ой-тилектер ишке ашсын,— деп, оюн-чын аралаштыра күлдүрө сүйлөп жиберди,— Ак алып ийели.

Баары мыйыктарынан жылмайышып, бөлмө ичи жумшара түштү. Сагынышкан эки дос черлери жазылганча мындан он чакты жыл мурда Казакстандын Байконур деген ракета учуучу шаарда аскердик кызматын өтөшкөндөрү, ошондогу кызыктуу окуялар жөнүндө сүйлөшүп жатышты. Адаш чарчаңкы, капалуу эле, сөзгө алаксыйын десе Адеп сөз сүйлөбөй мелтирейт, ошентип дасторкондун четинде олтура беришти.

— Деддердин өтүгүн тазалабай коюп, баргандын эртеси эле төртөөбүз катуу келтек жеп ошондон достошконбуз, аяш,—  деди Акжалга Адашты да сөзгө аралашсын деген ой менен.

— Жалгыз кыргыз кылбай Матайга шерик болгонуңар жакшы болуптур.Тиги эки досуңар да кыргыздар беле?

— Ооба. Оштук балдар эле. Алардын дарегин теле аркылуу «Кайдасың» берүүсүнөн издетсекпи?

— Аларды таап, Байконурду чогуубуз менен бир көрүп келсек ээ. Түндө учкан ракеталарды казарманын чатырына чыгып алып, төртөөбүз суктана карап тураар элек,— деди Матай.

Экөөнүн кыялдануусу тээ алыска кеткенин байкаган Адаш:

— Адеп, таң атып калса да булардын сөзү түгөнчүдөй эмес. Бир аз кыйшайып эс алсакпы,—  деп, китирейген көздөрү менен аяшына кайрылды.

— Жүргүлө, тиги бөлмөгө,— деп, келиндер чыгып кетишти.

Эртеси төртөө Рахат пансионатына келишти. Көлдү жээктей бош жер жок, баары эс алуучу жайларга толуп кетиптир.

Көп кабаттуу, эс алуучу бул жайды аябай кооздошуп, баардык ыңгайын ойлонушуруп салган экен. Тегерек-чекесинде бак дарактардын, сосна, арча, кайыңдын көптүгүнөн жайлоодогу арча жыттанган таза абада жүргөндөй сезимге батышты. Жалбырак, бутактары жерге салаалап, мажүрүм тал алдындагы олтургучту ысыктан калкалап турган экен. Ал жерге олтуруп айлананын, жаратылыштын сулуулугу кызып алган Акжалга менен Матайга сезилбесе да, Адаш көз чаптыра, кызыга карап жатты. Анын бул жерге алгачкы келиши эле. Алма багы, ар түркүн кооз гүлдөр, жапжашыл, тептегиз, тысырайта кыркылган чөптөр, фонтанында ар түркүн балыктары, аркы бетинен караганда күн нуруна чагылыша өзүнчө бир керемет дүйнөнү элестеттирет. Балдарга арналган оюндар аянты, ак мөңгүлүү тоо, чайыттай ачык, тунук көк асман айтор, карап олтуруп көзүң тойбойт.

Бирок өкүнүчтүүсү бул эс алуучу жай кыргыздардыкы эмес, Өзбекстандыкы экен.

— Өз көлүбүздүн тегерегин чет өлкөлүктөргө берип коюп, эми өзүбүз кирүү үчүн акча төлөйбүз,— деп Акжалга өкүттүү шыпшынып алды.

Көлгө да келишти. Көк мелжиген көл көйкөлүп чалкып жаткан экен. Көлдүн наркы четиндеги тоолор гана мунарыктап, тээ алыста түрмөктөлгөн коюу ак булуттар гана көрүнөт. Ал ак булуттардын ичинен бийиктиктен көл чыгып, Адашты көздөй агып келаткандай көрүндү. Таман алдынан келген ысык менен жагымдуу жымжырттыктан сезимдер эс алып, бүт денеңе таркап көңүлүңдү көкөлөтөт. Жыбырап куушкан майда толкундар күнгө чагылышып, көл бетине күмүш, алмаз чачып койгондой көз уялта жылтылдашат. Мындай «табийгаттын бизге берген белектеринен күнүмдүк көр оокаттын айынан куру калып жүргөн турбайбызбы» деген ой Матай менен Адашка бирдей келди. Касиеттүү, кереметтүү көлдүн толкундары жумшак шыбырттап учурашып жаткандай, «мени ээрчигин бул жакка бери келгиле» дегенсип сулуулук менен азгырат. Сууга кирсең жылуулугун, жагымдуулугун айтпа! Эки эле күн мурдакы капа эстеринен чыгып, оголе болбогондой. Матай менен Адаш ырахаттана, бири-бирине эркелей көпкө чабак урушту. Кумда күнгө какталып жаткан элдерди көрүп, кары-жашы деле, жаш баладай кум кармап, бир колунан экинчи колуна кум чуурутуп ойогондорун Адаш көп кезиктирди. Көл болсо токтоосуз, дайыма тентектенип кыймылда.

Ошентсе да, көл ырахаты канчалык таттуу болгон менен Адаш Кыйбасынын эсинен чыгарбай, ден соолугун суранып жатты. Адаш ар убак уулун ойлогондо кайненеси кошо эсине түшөт. Уулуна ат койгонго үлгүрбөй, сени эч кыйбайм, эч кимге кыйбайм деп ыйлай берип Кыйбасым деп атап алган эле. Көл жээкке келгендерине беш саат болуп, курсактары ачса да кетпей көгөрүп олтурушту. Батыш тараптан салкын илебин тартып, кара булут келатат. Булуттун астында канаттарын калдайтып, айры куйрук айланып жүрөт. Шамал боло баштады. Нары жактан асман үрөйдү учуруп түнөрүп, тоолор бирдемени күткөндөй тунжурап, тиги жакта боз чаң уюлгуду. Шамал көлдү да, эс алып жаткан элди да козгоду. Көлдүн үстүн майда толкун ойдолоп каптап, бир жакка шашкан сыяктуу жапырт көтөрүлүп, бүт бойдон умтула жүгүрөт. Жакын айылдагы үйлөр, тоолор, тээ-тетигиндеги пансионаттар баардыгы туман каптагандай күңгүрт, бозоруңку көрүндү. Баш чүмбөтү бар кленка кийген жээктеги кайык, кол чатырдын ээлери, элдерден кол чатырчаларын алып, жыйналып жатышты. Демек жаан көпкө созулат окшойт. Эс алуучулар да жыйналып, үйлөрүнө кетип баратышты. Аңгыча ирдүү, калың жаан төгүп кирди. Адаштар жыйналып жетишпей, суу болуп калышты. Сүлгүлөрүн башына жамына, суу болгон кийимдерине чалына чуркап бараткан, капыстан чак-челекейлери чыккан элдер. Жамгырдын суусун көтөрө албай, гүлдөр, чөптөр да жерге эңиштейт. Бат эле толо калган чөөттөрдү, жамгыр тынымсыз быдыр-будур кылып жана жыбыратып жатты. Адеп менен Адаш сөмтүрөп суу болуп, чыйрыгып үйгө келишсе эки кичинекей кызы жамгырга башын тосуп, жылаңайлак көлчүк кечип, жыргап ойноп жаткан экен. Адеп аларды көрүп, күйүп— быша урушуп, үйүнө алып кирди.

Адаш аларды карап: Өзүнүн чачыбыз коюу, тармал өссүн, бойубуз узун болсун деп жамгырда бийлеп, жылаңайлак ары-бери чуркаганына күлүп, балалыгын эстеп бир улутунуп алды. Үйдүн дал үстү жагынан тарс этип, күн күркүрөдү эле Адаш чочуп, бир силкинип алып, аларга берилген бөлмөгө чуркап кирди. Чагылган күлдүр-калдыр деген бойдон тоо жакка өтүп кеткендей болду.

-Ох-ий, ичикий -деп үшкүрүнүп, көп өтпөй Матай да келди. Анын чачы, кирпигинен бери тып-тып этип жаандын тамчылары салаңдап түшүп жатты. Аны менен салкын аба, кара топурактын жыты кошо кирди.

 

Ошентип, Адаш менен Матай үч күн бою өздөрүн бейишке келгендей элестешип, сыйлуу конок болуп, араңдан зорго кайтышты.

 

Адаш кафедеги жумушунан чыгып, соодага өттү. Арзыбаган акчага Дордойдун дүңүнөн байпактарды апкелип, Ош базарында сатат. Окуу эмес, эртеден кечке базардын ысык суугуна чыдап жүрүп, күнүмдүк оокаттарын араң табышат.

Убакыт болсо зымырап өтүп жатат. Аларга катарлаш соода кылган аял бат эле оңолуп, иши жакшы жүрө баштагандай. Бир күнү ал аял Адашка:

— Адаш, ар нерсени жасаардан мурда, жол ачтырып алыш керек. Олтурган ордуңду да колунан келген адамдарга тазалаттырып, аластатып алсаң, соодаң жакшы болуп, үй, машине дегенге бат эле жетесиңер,— деп, кызыктырып койду.

Адаш «машинесине ыраазы элем, бир үйгө жетсек эле арманым жок болчу, ошентсе да багыбызга Акак эже туш болуп калбадыбы, болбосо канча орустун көзүн карап, үйүн тазалап, актайт элем» деген ойго чөмүлүп, «Матайды кетирбей турсам, жол ачтырып келмек экенбиз» деп улутунду.

«Кендирди кескен турмуш жагдайы какаганды муштаган дегендей улам жакадан алып азапка салып турду. Былтыркы дунгандардын тоноосуна кабылбаганда саал ирденип калат элек. Матайдын жооштугу болду да. Жайды жайлай дунгандардын талаасында эшектей иштеп, акысын алаарда бир КАМАЗ дарбызын жолдон кулатып алган үчүн, өлөөрүнө карабай тепки жеп, иштеген акысын ээси бербей, КАМАЗды оңдотом деп коркутканынан эптеп жыйган үйдөгү азыноолак акчабызды кошо берип, араң кутулганыбызчы. Жан деген кыйын болот экен, тапанча такаганда болгон акчасын берип кала бербедиби. Ошондон кийин алсыраган бечарам баарына кошкөңүл боло түштү. Өз жеринде качкын кейпин кийип, өз мекенинен куулуп келгендердин малайы болуп, таягын жегениңе арданасың, намыстанасың. Акчасына манчыркап, тоотпой, кысым көргөзгөнүнө күйөсүң. Өлкөбүздө жүзгө жакын улуттар жашаса алардын паралаган акчасына кызыгып, чоң кызматтарга кое беришет. Бири аким, бири депутат, начальник... Ошого ыраазы болушпай, өлкөбүздү гүлдөтөлү анын келечегине кам көрөлү деп ойлогон өз жок. Карапайым кыргыз кыйналганын, минтип үйү жок темселеп, башка өлкөлөргө кул болуп кеткендери кимди ойлонтуп койду дейсиң. Ырыстуунун баарын сатып өз келечектери эле эмес, тукумдан тукумга жеткидей байлык кубалап жатышат» деген ызалуу ой менен кимгедир жинденген Адаш ордун жыйнаштырып үйүнө жөнөдү.

«Соода жолун окутса эле байып кетет экен» дегенге кызыгып калды. Эртеси базар аралап, чоң кол чатырчанын астында, токойдогу козу карындардай кыдырата тизилип алган көзү ачыктарды көздөй бет алып, кайра кандайдыр бир күч тоскоол болгондой, өзүнчө кыжалаат боло аралай басты. Ар кандай ойлор. «Эгер көзү ачыктар сенин өмүрүң кыска экен деп койсо эмне болот. Үйгө жетип керез-мурасымды айта баштаймбы? А балким күйөөңдүн сенден башка дагы бир шуркуясы бар десе эмне кылдым? Көзү ачыктар айтты деп, жылаан чакпай, жылкы теппей ажырашамбы? Жок, андай болушу мүмкүн эмес»— деп үнүн чыгарып айтып жибергенин өзү байкай калып, уялганынан эки жагын каранып алып басыгын ылдамдатты. Кайдагы жаман ойлор тооруйт да турат, мен алардан төлгө эмес, соода кылууга жолумду ачып бер деп суранганга баратам да. Бул чоң деле күнөө эместир. Мына! Ар бир көзү ачыктарда мен сыяктуу эле адамдар олтурат. Тигил курсактуу чоң киши сыртынан караганда бир мекеменин жетекчисиндей көрүнөт. Балким анын жакшы турмушуна ушул жердеги көзү ачыктардын таасири тийип жаткандыр. Ооба, ал ошол үчүн мында келди да» деп, өзүн жубатып баратты.

Көзү ачыктардын бири ак жоолук, ак көйнөк кийсе, бири заманга жараша ылайыктап кийинип, ал түгүл көзүн, оозун боенуп да алгандары бар экен. Бир эркек көзү ачыгы башына ак такыя, үстүнө ак узун көйнөк, ак шым кийип, бутунда кепич маасысы бар болсо, бири жөнөкөй эле күнүмдүк кийими менен олтурат. Баарынын алдыларындагы кичинекей үстөлчөдө бир кочуш нобуя, арча, аарылардын балы, жылаандын кабыгы, камчы, куштун канаты, карышкырдын тарамышы, көз мончок, бычак, карта, дептерин коюп коюшкан экен. Бул жерде кыргыз эле көзү ачык эмес, цыган, орус, казак, өзбектери да эмгектенишет экен. Буларды аралай кимисине токтоп төлгө салдырарын билбей баса берди. Туура, так айта турган төлгөчү тапсам деп издеп жүрдү. Алар да Адашты карап, чоң кыз кел, мен туура айтам десе, бири мен кудайга жакыныраакмын дегендей тесмесин кармап, алда ким менен сүйлөшкөндөй, оозун кыбыратып жатты. Тигинде бирөөсү камчы менен өз жонун чапкылап, чык, чык деп камчысын чаң жуккандай силкип тазаланып жаткандай. Чоңураак кол
чатырчанын ылдый жагын тегерете көшөгөлөнтүп алган кай бири айнек менен, кай бири түзсүз клеенка менен жаап алгандары Адашка жакты. Эмнегедир күнөө иш кылгандай төлгө салдыргандан тартынып, бул жерде олтурганымды тааныштарым көрсө уят го дегендей эки жагын каранып, кооптонду. Эгер буларга жолукпасам, анда бул жерде эмне турам. Же мени бирөө мажбурлап алып келгенсип, кетенчиктейм да. «Мынча келген соң соода жолумду ачтырып, келечегимди сурап, төлгө салдырайын», деп чечкиндүү кадам шилтеди. Кол чатырдын ичиндеги жашы алтымышка таяп калган энени көрүп, көптү көргөн эне алдабас деп кагазга жазып илип койгон жазууга үңүлдү. «Көзү ачык Жумашова Үрүл Кайназаровна. Алла Таала берген касиеттери менен төлгө салат. Оорууларды аяктырат. Кайтарма окуйт. Дем салат. Жол ачат. Алла Таала шыфасын берсин» деп жазып алыптыр. Кудайдын сүйгөн пендесимин деп жазган соң жөн адам эместир деп Адаш токтоп, ага карап калды.

Кел, кызым, кир, мына бул тактайга олтур,— деп, колун жаңдай көшөгөнү жаап алды.

«Ох, ырас жаап койду, эми мени эч ким байкабайт» деп, көпкө басып жүрүп талыкшыган буттарын сунуп, тактайга эс алып олтуруп калды. Көзү ачык жүзаарчыдай кылып кесип алган ак кийиздин үстүнө бир кочуш нобуясын чачып:

— Атың ким? Атаңдын аты ким? Эмне жылында туулгансың? Алла Таааладан эмне сурайсың?— деген суроолорун жаадырды.

Адаш тартына жооп берди да:

—  Төлгөңүзгө эмне түшсө айта бериңиз. Баса канча сом беришим керек?— деди бул жерден тезирээк кетсем деген ойдо.

— Жүз.

Эне чачкан нобуяларын үч топко бөлүп, аларды дагы үчтөн бөлө баштады. Өзүнчө кимдир бирөө менен сүйлөшкөндөй ийи, ийи деп колун кармап, алаканынан бир нерсе издегендей, кайра туруп сөөмөйү менен аны чийгилеп, анан билегинен тамырынын согушун санай баштады.

— Эми мени жакшылап ук. Таза кандуу ак сөөктөрдүн тукумунан экенсиң. Чоң атаң же тай жагыңда кыргызчылык бар экен. Ошол касиет сага келиптир. Сен мойнуңа алышың керек. Асмандан кут бешенеңе түшкөнүн билесиңби?

Адаш таң калганынан не дээрин билбей, үнсүз эки ийнин куушурду. Жан дүйнөсүнө бүлүк түшүп, не сүйүнөөрүн же кейирин билбей турду. Асмандан кут дегени жакшыдыр. Ал эми кыргызчылыкты мойнуңа ал дегени кандай болду экен. Мындай сөздү эч кимден уккан эмес.

— Кээде коркосуң, артыңда киши жүргөндөй болот. Түшүңдө аян көрөсүң. Колдоочуң бар. Ат-арбактар менен сүйлөшүшүң керек. Тапкан акчаң өзүңө жукпайт. Жолуң торолуу. Сени көрө албаган бир аял дуба таштаган. Үйүңдү да дубадан тазалат. Акчадан кыйналып жүрөсүң. Ден соолугуң да жакшы эмес. Кызым, ушунча кыйынчылыкка кантип чыдап жүрөсүң? Менин да сендей кызым бар. Кааласаң дубаңды жандырып, жолуңду ачып, ден соолугуңду карап, кыргызчылыгыңа жардам берем. Акчаны да окутпасаң, сага акча токтобойт деди.

Төлгөчүнүн оозун карап, Адаш уюп калды. Аял өзүнө тартып сүйлөгөндө, энелик мээримин төгүп, кызым, айланайын дегенде өз энесине эркелегендей астына жатып, чачынан сылаттыргысы, эркелегиси келди. Көз алдына жаркылдаган, мээримдүү апасы келе түштү. Апасы Адаш он беш жашка чыкканда төрөттөн кайтыш болгон эле. Ал да:

— «Кызым, айланайын жалгызым, карыганда төрөйм деп, сени да кыйнамак болдум. Энесиз, турмуштун оор соккуларына кантип чыдаар экенсиң»,— деп көзүнө жаш кылгырган эле. Адаш апасын эстегенде акыркы ушул сөзү, кабатырланган ошол элесин элестетчү. «Туптуура айтты. Коркоктугум бар. Түшүмө да маркум апам бат-бат кире берет. Акча да жукпайт. Баламдын башын айлантып кое бербейт деп балким кайненем дубаласа дубалагандыр. Матай акча көп таап, жакшы кызматта иштебегенден кийин, дубалап менден тартып ала турган аял деле, душманым деле жок го, же аны билбей жүрөмүнбү. Дубаны жандырбаса иши оңолбой, ал түгүл дубалап кишини өлтүрүп койсо да болот экен деп укту элем. Ал тукум кууп кете берет дегени да чын болду бекен. Эгер ошонусу чын болсо анда энелер дубалатпайт.

Кантип эле өз укум тукумун куруткусу келсин. Жок кайненем да эмес». деген ойго кетти. Анын күйөөң жокпу деген суроосуна да жооп бербей үнсүз мелтиреп олтура берди. Экинчи жолу кайталап сураганында гана бар деп жооп берди.

— Жок, кызым менин төлгөмдө никең жок болуп түшүп жатат.

— Күйөөм бар. Күбөлүгүбүз да бар.

— Молдо алып келип, нике кыйдырдыңар беле?

— Билбейм. Эсимде жок. Анын эми кандай кажети бар? Андан көрө жардам бериңиз,— деп сөздүн нугун башка жакка бурду.—  Эне, чын эле жолдошум экөөбүз тең жакшы жумуш таппай аябай кыйналып кеттик. Бир жерден арзаныраак алып, кайра үстүнө анча мынча үстөк кошуп керели кечке какыйып базарда соода кылам. Аныбыз сиз айткандай батирге төлөгөнгө, оокатыбызга араң жетет. Акча жолубузду ачып бериңизчи.

-Кызым, сен азыр кудайдын чоң сыноосунда турасың. Эгер жакшы жүрсөң, сыноолорго сабыр, акыл-эс менен туура кабыл алсаң, анда сени өзүң сурангандан үч эсе көп балага да, байлыкка да, бакытка да жетесиң. Көп адамдын сообуна каласың. Керек болсо дүйнө жүзүнө атагың кетет.

-А, эмне кылсам, сыноодон бат кутулам да, жанагыларга кантип батыраак жетем.

-Ашыкпа, убагы келет, ошондо көрөсүң деди.

Көзү ачык Адашты арбап алгандай болуп, анын жанынан кеткиси келбеди.

 

Ошентип көзү ачык сууга, шекерге дем салып берди. Ага жүрөк сырын, арман черин айтып берип жеңилдеп алды. Үйлөрүнө аялды жети күн алып келип, үйгө дем салдырып, ал айткандай дубадан тазалаттырышты. Тумар жазып берип, моюндарына тумар тагынышты. Сырткы каалгага аттын такасын кагып берди. Кечкисин шам жагып, күйүп жаткан шамга жалынып, таңды тосушту. Орус мүнөз Матай да аябай ишенип, аялдын ар бир айтканын жасашты. Үмүт деген кыйын экен, даба болуп кетеби деп ишеним артып жети мазар да кыдырышты. Биринде тоодон агып жаткан шаркыратма сууга сыйынышса, биринде чынар терекке сыйынышты. Баатырлардын мүрзөсүнө түнөп, кээде тоодогу мазар делген чоң таштын түбүнө түнөшөт. Аял экөөнөн башка да он чакты шакирттери менен түнкүсүн жар салат. Түнү менен жарда олтуруп, эртеси базарда үргүлөп жүрүштү. Жарда олтурганда камчы менен чаап, жин-шайтандардан тазалап жатты. Ыйласаң да, кубансаң да баари бир жашоо өтө берет экен. «Кыргызчылыгың жетилип калды» деп аял Адашты өзүнө шакирт кылып, колуна камчы, тесме карматып оорулуу адамдарды укалата баштады. Бир күнү бир аялдын оорусун укалаган болбойт экенин кайдан билет, Энеси укала дегенинен укалап, оорусун күчөтүп жиберишти. Катуу кыйналып, доктурга барса алар «туура эмес дарылаган үчүн сотко бергиле» деген экен. Ошондон кийин ал көзү ачыкка барганын койду. Оруулуу аялдын күйөсү «сотко берем» деп коркутпаганда балким Адаш да Ош базарында көзү ачыкмын деп төлгө салып олтурат беле. Ким билет. Бирок өзүн бир топ жеңил сезип калды. Жетпеген турмуштун айынан таптакыр башка, жаңы дүйнөгө киргендей болду.

Акчага жолу ачылмак түгүл, күнүмдүк тапкан акчасынан да айрылышты. Аздап болуп турган соодасын токтотуп, эл дарылап, мазар кыдырып кеткен Адашта кайсы акча калмак. Окуу деген ордунан жылбай калды. Дагы Матайдын тапканы аз болсо да, жумушунан чыкпаганы дурус болуптур. Бүбүчүлүктөн пайда болбогондон кийин кайрадан базарга чыга баштады. Устатына да барбай калды. Ал да илгери үмүт болду да. Алдыда жакшы күндөр күтүп турат, баары биз ойлогондой болот деп, ошого каниет кылып жүрдү. Кечкисин китеп окуп, экөө тең өздөрүн алаксыта: «Жайсаң Үмөт уулу Айкөл Манасты», Байсалов Алымбектин »Улуу кыргыз ордо» китептерин окуп, Теңирчиликке ишенип, Улуу Көкө Теңир колдо деп кечкисин жылдыз чыкканда тилектерин тиленип суранышат.

Бир күнү Матай жумушка барбай үйдө телевизор көрүп олтурган. Дарбазаны бирөө каккандай болду. Сыртка чыгып, эшигин ачып караса, эки жаш кыз турат. Матай аларды сын көз менен баштарынан аягына чейин сыдырып карап алды. Сулуу кыздарды көргөндө Матайдын сылыктанып, жасалма сүйлөп, өзүнө көңүл бурдурганды жакшы көргөн мүнөзү бар эле. Кыздар сылык учурашып, сумкаларынан китеп алып чыга баштады. Бекерчиликтен эригип олтурган Матай кыздар менен аңгемелешейин деп:

— Ичкери үйгө киргиле,— деди. Кыздар да каршы болбой үйгө кирип, диванга олтуруп калышты. Алардын максаты үгүт иштерин жүргүзүп Матайды өздөрүнө кошуп алуу. Бул динге чакырууда эркек адамдар менен сүйлөшүү жеңилирээк. Кыздарды сыйлап сөздөрүн аягына чейин укту. Аялдарга сөздүн башын баштаганда эле көпчүлүгү башымды оорутпай, кой айланайын, сенсиз деле өзүмдүн ишим чачтан көп деп каалганы тарс жаап алышат.

Матай шашалактап, чачылган гезиттерди иреттеп кыздардын эмне максат менен келгенин сурагандай эки кызды алмак— салмак карап калды.

— А, кечиресиз. Биздин беймал келип тынчыңызды алганыбыз үчүн дагы бир ирет кечирим сурайын. Менин атым Галя. Бул айым Гуля.— Угуп жүргөн, бул кыргыз кыздарынын баптистер чокундуруп коюп берген аты окшойт.— Сиздин ысмыңыз... Сизден бир суроо сурасак болобу?

— Матай.— деп башын ийкегилеп койду. Кыздар сүйүнгөндөй бири-бирин карашып, анан чийкил сары кызы:

— Ысмыңыздын ким болгонун билесизби?— деди сырдуу да, азгырыктуу да.

— Жок, билбейт экемин,— деди сөздүн жүйөөсүнө түшүнбөгөндөй.— Атам митирке аларда Атай деп жаз десе, митирке жазган орус кыз Матай деп жазып койгонун айтышкан.

— Анда сиз Теңир колдогон, кудайдын сүйгөн пендеси экенсиз. Атабыз Матай деген адамды көрүп, ага «Менин артымдан ээрчи»,— деп ээрчитип, ал түгүл бир дасторкондон даам татышкан. Демек сиздин атыңыз пайгамбардын атынан коюлган турбайбы. Мына бул китепти окусаңыз, ичинде Матай жөнүндө жазылган. Сиз кандай ойлойсуз: асман, жер, суу, от, тоолорду ким жаратты?— деп көзүн балбылдатып, кара тору сулууча келген кыз кара түстөгү Инжил-забур деген китепти Матайдын колуна кармата койду.

Берки сары кыз да сөзгө аралаша:

— Күн-түндү, ай-жылдызды, адамды жараткан кудай эмеспи. Ал «Ким силерди кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ким Мени кабыл алса, ал Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот» деген. Жер жүзүндөгү элдин баары кудайга сыйынып, Теңирдин бар экендигине ишенишибиз керек. Бул туурасында сиздин оюңуз кандай?— деп кыздар Матайдан жооп күтүп калышты.

— Ооба, башыңа кыйынчылык келгенде, корккондо кудай сакта дейбиз да. Бирок Кудай жөнүндө кеңири түшүнүгүм деле жок,— деп абдаарып калды Матай. Ошентсем кыздар көбүрөөк олтурат деп да ойлоп кетти.

— Дененин чырагы көз. Эгерде көзүң таза болсо анда бүт денең жарык болот.

— Эмне ичип, эмне жейбиз деп, жаныңар үчүн, эмне кийебиз деп денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи.

Анткени жалгыз Атабыз булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгына ишенгиле, жана адилеттигин издегиле. Ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет делген,— деди сары кыз.

— Ооба баарыбыз бир Кудайга, Асмандагы Атага сыйынабыз. Теңириме жалаң гана мактоо жана жакшы алкоо, даңктоо сөздөрдү айтабыз,— деди кара торусу.

Эч динден кабары жок Матайды акырындык менен Кудай жөнүндө түшүндүрөбүз деген кыздар христиан ишенимине тартып жатышты. Башта христиан деген сөз айтылбагандан кийин Матай Теңирибиз, Кудай, Атабыз деп айтылган сөздөрдү бүт жан дили менен бериле угуп жатты. Албетте, кыздардын ажарына да суктана карап, көптөн бери эл менен аралашпай, эс дарты акча болуп, келген машинелерге жүк жүктөгөнү болбосо, мындай секелек кыздар менен баарлашуу кайда. Болгондо да өз үйүндө кыздардын олтурганына кубанып, убакытты өткөзүшкө, алардын үгүт ишине тоскоол болбой уга берди. Алар сөз майданына, кеп ааламына кирип кетишти.

— Анда сизге бул китептерди белекке берели. Бул кино тасмаларды да көрүңүз. Бул китептен сиз укмуштуудай даанышман сөздөрдү, эң бийик филасофияны окуп чыгып, ага ишеним менен жүрөгүңүздү толтурсаңыз ишиңиз илгерилеп, ден соолугуңуз сөзсүз жакшырып, көңүлүңүз тазара баштаганын сезгенден кийин албетте тууган, уруктарыңыздарды жакшы жакка чакыра баштайсыз,— деди кара тору Галя.

— Эгер колуңуз бош болсо эртең келиңиз. Дагы көп нерселерден кабардар болосуз.

Матай Галянын көздөрүн ирмей-ирмей сүйлөгөнүн карап, жактырып калды, делебеси козголду, көз ирмемде аны менен колтукташып баратканын элестетип кетти. Албетте аны көрүү үчүн болсо да барат. Галя да жалт-жалт карап Матайды өзүнө тартып жатты. Ал, кантип:

— Галя, телефон номуруңду таштап кетсең. Белектериңерге чоң ырахмат.— деп жибергенин өзү да сезбей калды.

— Албетте, сизди кайра көрөөрүмө өтө кубанычтамын. Эртең сиз биз жакка барыңыз. Болгон билимибизди акырындап сиз үчүн айтып берүүгө ынтызармын. Сиздин сылык, меймандостугуңуз бизди кайдыгер калтырбады. Атабыз сиздин жолуңузду ачып, жүрөгүңүздү тазартсын. Көрүшкөнчө кош болуңуз,— деп телефон номуру жана христиандардын жыйын залынын дареги жазылган баракчаны сунуп кыздар коштошуп үйдөн чыгып кетишти.

Кыздарды узатып, эшикти жаап алып, китепти бир дем менен окуп чыкты. Китепте Руху жакырлар, момундар, адилеттике ачыккандар, ырайымдар, жүрөгү таза адамдар, тынчтык орнотуучулар, чындык үчүн куугунтукталгандар – бардыгы бактылуу болот, анткени аларды Асман Падышачылыгы — Теңир сүйөт деп жазылыптыр. Ыйсанын осуяттарын окуду. Киши өлтүрбөө, душманыңды сүйүү, антты так аткаруу, кайыр— садага берүү, тобоо кылуу, кудайды даңктоо, жүрөккө ишенич байлыгын толтуруу, ата-энени сыйлоо, бир тууганыңа кечиримдүү болуу, байлык топтобоо жана башка көптөгөн үгүт-насааттарды окуду. Ыйсанын көптөгөн оорууларды айыктырганын ар кайсы шаарларды кыдырып, Теңир аталганын, Кудайдын соту жөнүндө окуду.

Кечинде Адаш жумуштан келгенде Ыйса жөнүндөгү кино тасмаларды көрүп чыгышты. Матай кыздардын үйгө келгенин Адашка айткан жок. Эртеси Матай жумушка баратып жолдо турган кыздардан Галяны издеди. Ар үйдүн дарбазасын карайт. Балким кечеги мага келгенсип китеп кармап, тал чыбыктай буралган, кымча бел сулуу кыз көрүнүп калаар деп издей берет. Кыз эмес эле гүл бурак го. Бах, деп да алды. Издей берип көзү тешилмек болду. Кайда болдуң экен. Жүрөгүмдү козгоп кеттиң. Тынч өмүрүмө бүлүк салдың. Ырайымалынын Бегимайындай болуп кеч жолуктуң ак чабагым. Кайра тезирээк жолуксам деп дегдеп турам. Демейде токтото албаган күн, эми маалкатып өтпөйт. Жекшембиси качан келээр экен дейт Матай өзүнчө. Ошентип саат, мүнөт санап жүрүп, жекшемби күнү алардын чогулушуна барды. Элдин көптүгүн көрүп таң калды. Кыргыздар көп экен. Ал күнү кыргыздарга арналып, сыйынуу кыргызча өтөт экен. Заңгыраган чоң залдын эң төрүндө ырчы төрт кыз, барабан урган жигит, «Ямахада», гитарада ойногон, жигиттерди көргөндө кудум филармониядагы концертке келгендей болду. Төрдүн жогору жагында айкашкан жыгачка асылган Ыйсанын сүрөтү турду. Кыздар обонго салып, музыканын коштоосунда Ыйсаны мактап, даңктап ырдап жатышты. Алар ырдап жатканда залдагы эки жүздөй угуучулардын баары отурган ордуларынан туруп, колдорун жогору көтөрүп, көздөрүн жумуп ырдалып жаткан ырдан нур чыгып, ал нурдан өздөрүнө жагымдуу энергия алып жатышкандай магдырашат. Ырдын ыргагына жараша термелишип кай бир жерлеринен жай бийлегендей болушат. Катары менен үч ыр ырдалды. Акыркы ыр ырдалганда кээ бир адамдар алдыга чыгып, жерге тизелеп туруп, колун жайып ооздорун кыбыратып жалынып-жалбарып жатышкандай. Ыр токтоор менен кол чабылып, сахнадагы кыздар келип орундукка олтурушту. Алдыдагы сыйынып, тизелеп олтурган адамдар да орундуктарга келишти. Баары олтурушкандан кийин сахнага кыргыз жигит чыгып микрофон менен баракчасынан Библиянын сөздөрүн айтып жатты.

— Ыйса инсанияттын күнөөсү үчүн өлгөн, ким ушуга ишенсе жогоруда кайра төрөлөт жана күнөөлөрүнөн арылат. Күнөөлөрдөн арылуу үчүн бир гана Ыйсага ишенүү керек. Ыйсага тобо кылышып Ыйса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөн .

Бардык христиан сектанттары, биз, инжил парыздарын аткарабыз. Ыйса Кудайдын ар бир сөзү биз үчүн мыйзам. Биз анын сөзүнө ишенебиз жана баш ийебиз.

Азыркы катаал турмуштан ойлонуп башың ооруп эртеңки күнүңдү ойлоодон коркосуң. Мына ушул учурда да ар бир мүнөт сайын кудайды эстеп турсак жүрөгүбүз тынч болуп кыйналбай калабыз,— деп айтып жатты. Олтургандар колуна калемсап, барактарын сумкаларынан алып, жазып жатышты. Менимче, бул жигиттин айтып жаткандарынан кыскартып жазып алып жатышса керек. Ал бакылдап жанындагы стакандагы суудан уурттап коюп сөзүн улады.— Сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат. Бирок жер үстүндө байлык жыйнабагыла, жерде аларды күбө жейт, дат басат, уурулар урдап кетет. Андан көрө байлыкты асманга жыйнагыла. Байлыгыңар кайсыл жерде болсо жүрөгүңөр да ошол жерде.

Аял–эркекпи, жаш –карыбы, улан— кызбы баарын Атабыз библияны билүүбүздү каалайт. Биз тынбай эле сыйынуу жайларына келип жатабыз. Бирок жан кыйнаган оорууман эмнеге айыкпайм деген ой келиши мүмкүн. Ооба, алгачкы күндөрү мен да ушинтип ойлогом, бирок бул шайтандын ою бизди алаксытып дайыма түз жолдон чыгарганга аракет кылат. Бирок биз кудайга ишенишибиз керек. Жүрөгүбүздүн баарын ишенимге толтурсак ал сөзсүз жардам берет. Кудай жалаң гана жакшылыкты жетишкендикти алга умтулууну ачык жолду берет,— деди.

Аңгыча Матайдын жанында олтурган бир аксакал тура калып.

— Айланайын уулум, мен куран, намаз үйрөнөйүн деп келди элем. Куранды качан жаздырасың? Бизди совет доору Кудай жок деп тарбиялап, өстүрүп буга чейин атейистмин деп жүрө берипмин. Уулум төрүңдөн көрүң жакын калганда аракты токтотуп, намаз окуп, артыңды карап, кетирген күнөөлөрүңдү азайтып, даярдан дегенинен ойлоп көрсөм аныкы да туурадай. Эмнеден баштоо керек деп ойлонуп жүргөм ...

— Сиз биздин жыйынга биринчи жолу келдиңизби?

— Ооба. Тиги Исак балам ээрчитип келди. Буга чейин үйгө келип кудай жөнүндө кобурап берчү.

— Эч шашылбаңыз, ага кийинки бир жолугушуубузда токтолобуз,— деп кайрадан Библиядан сөзүн уланта берди. Аксакал да унчукпай олтуруп калды. Ушул тапта Айкын деген жигит көргөн көзүнө, уккан кулагына ишене албай ачуусу келе аксакалдын жанына келип олтурду.

— Ата, куран, намазды мечитте үйрөтөт. Эгер мусулман болсоңуз мечитке барыңыз. Булар баптисттер,—  деди.

— Ок, атта-а, булар каапырларбы? Түгөл эле кыргыздар жүрөт ко. Баптис дегениң орустар болчу эле го. Булар кыргызча эле сүйлөп жатат го. Бирин угуп, бирин укпасам да кудай жакшы деп жатышпайбы…— деп таңдана сурады.

— Сенчи, сен да каапырсыңбы...

— Жок ата, мен мусулманмын, мында кабарчылык жумушум менен жүрөм,— деди.

А сенчи деп аксакал сурап жиберет экен деп Матай укмаксан боло кыйгачтап калды. Аксакал анын суроодон качканын түшүнүп, суроо бербей кайра Айкынды карады.

— Кой анда, тааныштарым көрө электе мындан чыгып кетейин, баягы баланча алжып калыптыр орустардын дининде чокунуп жүрөт деген сөз тарап кетпесин. Жүр кетели, мында буларды угуп олтуруп сен да чокунуп калба, ансыз да жетиштүү кыргыз бар экен,— деп аксакал чыгып кетти. Матай менен Айкын тиктеше калды. Аксакал кайра кирип:

— Ия айланайындар, бул жерде эмне олтурасыңар? Балким силер да мендей мечитке барам деп адашып келгендер эмессиңерби? Жүргүлө ата бабабыз мусулман эмеспи, биз аларга акаарат келтирбейли. Ой тургула,— деди эле Айкындан башка эч ким ордунан козголуп да койгон жок. Жыйын залы бир саамга жымжырт боло түштү. Балким ар бири мен киммин, ата-бабам ким болгон деп ойлонуп тургандыр. А балким бул шайтан, андан арылуу үчүн чокунуп Ыйсага сыйынып жатышкандыр. Аксакал башын чайкап, Айкын экөө ылдам чыгып кетишти. Эч нерсе болбогондой трибунадагы жигит сөзүн улады. Бул ыңгайсыздыкты жоюу үчүнбү айтор Галя келип Матайдын жанына олтуруп калды. Аксакалдын сөзүн Матай укса да жанындагы мөлтүрөгөн сулуу кызды кантип кыйып таштап кетет. Балким залда Галя жок болгондо Матай да чыгып кетет беле ким билет. Кыз да күлмүңдөп, жайнай, жанынан чыкпай айланчыктап жүрсө. Кадимки жаш жигиттей жанындагы олтурган кыздан жылуулук келип, сүрдөгөнүнөн тердеп, жүзү тамылжып олтурду. Чыны менен жыйынды кызыктуу өтүшөт экен. Байларды айталбайм, бирок мен сыяктуу ирдене албай жаткандар үчүн дүнүйө жыйба, уурулук кылба жана башка үгүт насааттары жакты деп ойлоду. Жыйын бүткөн соң кызды аялдамага чейин узатып коет. Матай ойлуу жүрүп кээде жакшы нерсени эстегендей жылмайып калат. Үйдөн томогу туюк болуп жүрө берет. Көз алдында күлмүңдөгөн Галянын элеси турса, маңдайында кабак бүркөп, сар санаада, өзүн караар алы жок Адаш турду. Матай акыркы күндөрү салыштыргыч болуп баратат. Галя дайыма сылык сүйлөйт. Адаш кыска сүйлөп,орой.

Ал жарашыктуу кийинет.

Бул бир киймин бир ай кийе берет деп ойлоп аялына кылдан кыйкым таап ынанбагандай. Айтор Адаштын ар бир кыймылынан кынтык таба берди. Галяны жолуктурганга чейин Адаштан эч кемчилик көргөн эмес. Кээде кыялында Галя менен жашап, ал экөө паркта өздөрүнүн кичинекей уулун жетелеп жүргөн болот. Бирок Матай Галяга сезимин билдире албады. Динден башка багытта деле сөз сүйлөй албайт. Жаш жигиттей көп сөздөрдү айтайын деп камданат, бирок кыздын сүйүүсү бир гана Библияга жаралгандай болуп, Матай сезимин билдирсе Галяны чоочутуп алып экинчи көрбөй калчудай коркот. Адашка мамилеси салкын. Ошентип күндөр өтө берди.

Адашка кайын журтума кечирим сурап барсам, алар менен жакшы мамиледе болсом, балким Матай ойлоноор деген ой келди. Матайды жүр десе ал болбой койду. Байкуш келин кечирим сурап кайненесине барды. Экөө жакшы учурашып, ичтеринде тоңгон муз турса да билгизбөөгө аракет кылып өткөн кеткенден кеп кылып чай ичишти. Дасторкон жыйналган соң кемпир: келинин келген себебин сурады.

-Жөн эле... ал –акыбалыңызды билейин деп...Матай бошобой калды, эмкиде сөзсүз келет...

-А, балам жөн келген жоксуң?. Матай башка аялга кеттиби?

-Матайбы? -деди Адаш суроону кайра эненин өзүнө берип.

-Ооба, баламды сурап жатам.

-Жок. Үйдө эле...Билбейм. Анын эмне ою барын билбейм. Айтор башкача деп ыйлап жиберди.

-Кандай акылы жок келинсиң? Бизге бала керек. Төрөбөйсүңбү, уулумду бош кой. Ак батамды берейин, Россия-Проссияга иштеп кетчи бай болгур. Андай эле кое бергиң келбесе, аял алып бер, же... Эки аялдуу эркектер аз эмес. Айтор, балам туяксыз калбасын — деп албуттанып кетти.

Адаш кайненесинин колун бекем кучактап:

-Апа, төрөбөсөм бала багып алганга уруксат бериңизчи? Бизди бири-бирибизден айрыбай кайра кошуңузчу. Сизден жардам сурап келдим. Мени да аяп койуңузчу. Өз энем жок, сиздин уруксатыңыз жок баксам бала буйрубайт экен деп буркурап ыйлап жиберди.

Эне келинине боору ооруй оор үшкүрүнүп алды:

— Ошент каралдым. Батамды бердим бала баксаң багып ал. Уулумду жакшы кара. Эстүү келинсиң. Матайың сени таштабайт. Убактылуу ойноп кеткен чыгаар. Келет. Баламды кыйнабагыла. Ал да өз баласын көргүсү келет. Кантсин. Акыл калчап уулума да, өзүңө да оң болгондой чеч, балам. Сен да баламсың. Балам мени укпайт, сени угат, Аллам сага акыл, ыйман берсин деп чагылгандай чартылдап алган эне, кайра жоошуй батасын берип:

-Бар, кет, эми Матайдын келээр маалы болду го? деди келининин жашын жеңи менен аарчый. Адаш кайненесинин бул ак көңүл мүнөзүн жакшы билет. Ал эрээркеп дагы ыйлады. Эне келинин өз кызындай жакшы көрөт. Бирок бир кемчилиги төрөбөгөнү. Эне да кыйналды. Кичине жеңилдегенсип Адаш кайра батирине келди. Үйдө Матай жумуштан эрте келип, күтүп олтурган экен. Апасынын ал-акыбалын билейин дегени го. Таарынса да жүрөгү түтпөйт. Адаштын шишмик көздөрүн, чарчаңкы өңүн көрүп, Матай эч нерсе сурабай сыртка чыкмакчы болду эле Адаш токтотуп калды.

-Апаң салам айтты. Батасын берип, бала багып алганга уруксат берди. Сенин кандай оюң бар. Балким бу саам баланы сен табаарсың?— деди кекете.

Матай унчукпай эшикти тарс жаап чыгып кетти.

Күндөр өтө берди.

Сезимдүү Адаш күйөөсүнүн көңүлү башкага түшкөнүн байкап аны акырын аңдый баштады. Башка эмне кылалмак. Эртеби-кечпи бала үчүн ал башка аял алат да. Матай да башка элдер сыяктуу өз уулун жыттагысы келет. Өзүмчүлдөнүп аны кое бербегеним менен ал жалгыз меники эместей. Кыйналып жүрөт. Балким мага кантип айтаарын билбей жүргөндүр. Эмнеден баштайт, а мен эмне деп жооп берем деген ойлор Адашты да эзип жиберди. Жыйынга бүгүн Адаш да ээрчип алды. Бирок ички сезиминен кандайдыр бир күч бул жакка келүүсүнө каршы болгондой кыжалаат болуп турду.

Матай менен Адаш келгенде картаңыраак бир аял келип, сылык учурашып: «Келгениң абдан жакшы болду, кана анда эмесе чокундуруп коеюнчу» -деди эле Адаш чаян чаккан кишидей секирип кетти.

-Жок, мага тийишпегиле,— деп арт жактагы орундукка барып олтуруп алды.

Өзүң бил дегенсип Матай унчукпай алдынкы орундукка олтурду. Аял Матайга баш ийкеп акырындап көнөт дегенсип жылмайып басып кетти.

Адаш Матайдын ар бир учурашкан адамын, ал караган жакты аңдый карайт. Өзүнчө олтурганына да ачууланат. Жолдошумдун сүйгөнүн тапсам эмне кылам. Кызганычтан урушамбы же ага тапшырып чыгып кетемби... Бирок ал кыз ушул жерде. Бул жакка келишимди Матай каалабайт. Барам деп өтө ээрчий берсем, өзү да келбей калат. Бирок жанын коёорго жер таппай кимдир бирөөнү сагынгандай кусаланат. Бүгүн барам дегениме каршы болбоду, балким ачыкка чыккысы келгендир. Адаштын ою онго, санаасы санга бөлүнүп, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын уккан да жок. Жыйындын эртээрек бүтүп күндөшү менен жолугушуп баарын чечүнү күтүп жатты. Матай болсо өзүн беймарал кармайт. Балким ал Адаш эч нерседен кабарсыз деп ойлойбу. Аныкы да туура, бирок кабарсыз болгон күндө да тогуз жылы чогуу жашап келе жатса анын ар бир мүнөзү маалым эмеспи. Кимди сүйдүң, мени таштаба деп айтуунун эми кажети барбы. Адаш өзүнчө эзилип жүрөкзаада болуп турса да чындыкты билгиси келди. Бирок ошол чындыкты укканда акыл токтотуп ары салмактап, бери салмактап көрүп сабырдуулук менен баарына туура болчудай чече алаар бекен. Бул жерде тажаалдыктын кереги жок, өзүнө акыл бербесе кой — ай деген менен болмок беле деп эч нерсе сурабоону ылайык көрдү. Матай экөөнүн кубанычынан кайгысы көп, жыргалынан азабы арбын өткөн күндөрүн кудум кинодон көрүп тургандай көз алдына элестеп турду. Турмуштан көп деле талабым жок эле. Матайым жанымда болуп этегим толтура бала берсе, үстүмдө үйүбүз болсо, курсагыбыз ток болсо ошого эле курсант болоор элем деп ойлоп кайра чоочуп кетти. Ай ушу мен дайыма кыска тиленем. Кичине кезимде апамдар жайлоо советинин тойу болот деп мени ээрчитишип Суусамырга бардык. Тойдун эртеси таекемдин кызы Аруужан көк атты минип, мени учкаштырып, тоого койлорун кайтарып чыктык. Ал тоолордон ушунчалык образга кирип ырдай баштады. Мен жана көк ат аны бериле угуп келаттык. Аруужан бир оокумда токтой калып, келечекте ким болгуң келет деген суроо узатты. Мен, билбейм. Алды жакты ойлонбойм деле. Апам айткандай убагында көрөөрмүн дедим.

— А мен болсом мектепти беш менен окуп, андан ары чоң окуу жайга өз күчүм менен өтөм. Анан жигиттер менен сүйлөшө баштайм. Карап көрүп бышык, тыңына тийип алам.— дейт.

— Уят эмеспи, күйөө жөнүндө сүйлөгөнүң. Биз азыр жетинчи эле класстабыз да.

— Мен эс тартканы эле кемпир болуп өлгүчөктү жашоомду ойлонуп койгом. Анын эмнеси уят? Мен ошол оюмдун баарына жетким келет.

— Ийи, анда айта бер, андан ары эмне кыласың.

— Окуум сот болот. Анан сот болуп иштейм. Кинодогудай: Тургула, сот Аруужан келатат дегенде баары турат. Мен акырын олтургула, деп өзүм да олтуруп алам. Кандай, жарашат бекен? Мени көрдүңбү?

— Кайдан?

— Ой, сот кийими менен турганымды.

— Качан? Сен мында эле турбадыңбы.

— А мен өзүмдү көрдүм, аябай жарашат экен. Анан мен төрөйм. Төртөөнү. Эки кыз, эки эркек. Кыздарым күйөөмө окшош сулуу болот. Балдарым мага окшош капкара боло берсин. Машинем болот. Москвич.

— Кыздар машине айдаса уят болот да.

— А мен уялбайм, кайра мактанам. Күйөөмдүн башка машинеси болот. Өзүмдүн магазиним болот. Баары менден коркуп турсун. Жинимди келтиргенине эчтеке сатпагыла деп коем. Үйүмдө көп акчам болот.

— Ой, анда сен уурулук кылып же бандит болосуң. Андай көп акча ошолордо эле болот.

— Акча бербегенинин баарын соттойм.

— Акмаксың. Сен анда жаман адам болот экенсиң. Апаңа айтам,— дедим.

— Айтпасаң кой,— деп аттын башын тоону карай буруп, жогору чыкты эле мен аттын куйрук жагына келип шыпырылып түшүп калдым. Ал атты чапкан бойдон кетип калды. Мен жөө боз үйгө келгем. Аруужандын ошондогу тилегинин баары орундалды. Азыр ханга салам бергиси келбеген, жип машине айдаган сот. Кичине кезден көп жана туура тиленсең, тилегиңди берет окшойт.

А менчи? Убагында көрөөрмүн деп минтип күйөөмдү да тарттырганы турам. Адаш ушундай өз жоромолунан чарчап да кетти.

Ой, жетишет чаржайыттана берип мээме кан куйуларына аз калды окшойт деп үшкүрүнүп алды.

Жыйында бир нерселерди талкуулап жатышты. Жыйынтык чыгарып, эми жекшембиде деп бирөөлөр жөнүндө айтты.

Адаш гана аларды укпай өз ою менен алек. Матайдын жанына жарашыктуу кийинген кыз келип сүйлөшүп турушту.

Бул Галя, Матайга келип:

— Кийинки жекшембиде сөзсүз келиңиз, ал күн мен үчүн кубанычтуу күн. Сиз менин кадырман коногум болосуз. Сизди күтөм,— деп жылмая карады. Саамга тиктеше калып, экөө сыртка чыгып жолдо сүйлөшүп баратышты. Адаш да алардын артынан жөнөдү.

-Баягыда силер үйгө келгенден бери ооруп калдым деди Матай.

-Эмне болуп ооруп калдыңыз?

-Ошол күнү сиз аркылуу укмуштай сонун бакыт таптым. Ошондон бери ал бакыттуу күндүн кайталанышын күтүп, сарооруу болуп кеттим. Мен сени ...

Матай сөзүнүн акырына чыкпай калды. Капысынан келген кайратынан ошол замат жанып кетти.

-Эмне дедиңиз? Кандай айттыңыз?-деп Галя кайталап сурады, эч нерсени туймаксан болгону менен, негедир үнү эркинен тышкары калтырай түшүп, жер карады.

Кыз азыр мунун сүйгөнү жөнүндөгү сөздү угууну күттү. Мындай учурда жаш кыздын жүрөгү катуу толкуп, кандайдыр элжирей түшүп мейли, эки жүрөк бирине-бири эч келишпеген күндө да, өзү жөнүндө жакшы, жылуу сөздөрдү айтып, сезимин кандай билдирээрин уккусу келди. Бирок ошол учурда аялдамага жете электе кыз күткөн маршрутка келип, алардын жанына токтоп калды.

-Жакшы калыңыз, көрүшкөнчө,— деп Матайдын көзүнө тике, бирок сүйкүмдүү карап маршруткага түшүп кетти.

Галя өзүнчө: » мен сени...»-деп коет, деп өзүнчө кытмырлана күлкүсү келип, өзүнө-өзү ыраазы боло кантсе да сөзгө чоркок байкуш тура деп ойлоду. Матайдын ушунчалык сүйүп караганын көрүп, өзүн демейдегиден да сулуу сезип көкөлөп баратты.

Матайдын жаны эки ортодо кыйналып жүргөн кези. Сезимине баш ийип Галянын жанында болсо, ыймандуу келинчегин эстейт, үйдө Адаштын жанында болгондо Галянын сулуу жүзүн, ысык, назик колун сагынып кыйналат.

Кээде Галяга үйлөнүү жөнүндө ачыктан –ачык сунуш кылууну да ойлочу. Анын опсуз назданышы, кээде өзү теңдүү жаш жигиттерге ойсоңдогону, чалагайымдыгын ойлогондо кыздын ою, да түшүнүгү бөлөктүгү –мына ушунун баары аны токтото албастай сыяктанат, бирок өзү чече албай, алиге чейин унчукпай келет.

Кол жеткис бийиктеги, чоң бакытты эңсейт окшойм, өзүмдү кыйнап эмне кереги бар эле?

Бирок ашыктыгым чексиз го дейм!

Балким, ал колума тийгенде мен ойлогондой бийик бакыт эмес тозок болсо канттим?

Артка жол жок болсочу? Же жөнөкөй, бирок анык терең бакыт азыр жанымда жүрөбү? Ийменчээк, жароокер аялыман эмнеге жүрөгүм муздагансыйт. Же сүйүүм оодубу?

Жо-жоок. Мен экөөн тең сүйөм. Адашка шек алдырбайын. Конокко жөн чакырган жок, балким ал да сүйүп калгандыр деп ойлоп бактылуу боло түштү.

Бет маңдайында келаткан «Матай көрүп калбасын « деген үмүттө, Адаш топтошкон элге сүңүлө кирди.

«Тиги кыз эмне айтты, Матай абдан кубанып кетти го.

Кийинки жекшембиде булар үчүн жакшы нерсе болот окшойт. Жана жакшы уксам болмок экен» деп жанындагы катар бараткан баптис аялдан:

— Эмкиде эмне болот?— деп сурады.

— Биздин жаштардын бактысы үчүн белектер берилет,— деди ал.

— Жаштары ким экен?

— Аттарын азыр айтпай жашырып туралы дебедиби.

Адаш түз эле базарына кетти. Кечинде тамак жасабай атайы уруш чыгаргысы келди. Кыңылдап ырдап эшиктен жайдары кирген Матайга кыжыры кайнай:

— Мусорду төгүп кел -деп өктөм буйрук берди.

-Эмине! Дагы эмне кылайын?Лепбай каныша! Кир жуба калайынбы? — деп ачуусу келе Адаштын астына тура калды.

-Ооба, кирден мурун оокат кыл.

-А, ошондойбу? Мусор төксөм, кир жууп, тамак жасасам анда мага катындын эмне кереги бар,ыя?!.

-Мага да ою бузук эркектин кереги жок. Шыңкылдаган шуркуяларыңды апкелип ал.

-Демек мен бузук экем да ээ. Акмак! Көпкөн ит! Мен муну аяп коем. Тили чыгып калган го. Шыңкылдагандарың деп эмненин башын кылтыйтканы турасың. Же бирөө менен кармап алдыңбы. Карасаң муну, бузуку деп, босогону аттатпай жумшайт имиш,— деп сөгүнүп-сагынып кыйкырынып кийимдерин алмаштырып жатты. Ал ушундай болоорун билген бирок, биринчи бакылдап күнөөнү кайра өзүнө коюп салса аялы унчукпай өзүн күнөөлү сезип башын жерге салып, унчукпай күчүн ыйга чыгарып олтуруп калчу.

Адаш бул жолу да ошондой кылды. Ал чатактан коркот. Көпчүлүк учурда ыйлап гана олтура берет. Мынча чыркырап күйгөнүнө караганда шуркуясы деле жокпу. Чын эле бирөө менен кармап албасам. Ичине кирип чыккансып эмнеге ою бузук деп жибердим. Ачууга алдырган экем. Үй тирилик менин милдетим да. Шайтан азгырып жиберди. Балким ал кыз жөн эле таанышыдыр. Каап эми канттим. Кантип ачуун токтотом деп көзүнө жаш кылгырып олтуруп калды.

Матай каалганы тарс жаап чыгып кетти.

Өх, ырас болду чыгып кеткени деп Адаш тамак камын көрдү. Өзүнчө аябай уялып турду. Матай көчөгө чыгып, ары-бери басып жүрдү. Алар ошентип бири бирине таарынып үч төрт күн сүйлөшпөй жүрүштү.

—  Кымыңдаган Матай жекшембиде эртерээк чыгып, гүл сатып алды. Кыялында «Галянын туулган күнүндө эң сыйлуу коногу болот экемин, мага көңүлү болбосо ушинтип айтмак беле. Булар туулган күндөрүн да ушу жактан өткөрүшөт окшойт» деген ойдо, чогулган жерге ашыга кирди. Элеңдей эки жагын каранып, кимдир бирөөнү издейт. Арт жагында Адаш көзүн жашка кылгыртып карап турганын сезмек кайда.

Баягы жыйында сүйлөп жаткан бала чыкыя костюм-шым менен ак көйнөк, кызгылтым галстук тагынып чыкты.

Библиянын сөздөрүнөн айтып берип аягында:

— Кол чабуулар менен биздин Ыйсаны таанып, көп жылдан бери ага кызмат кылып келаткан бүгүнкү баш кошкон эки жашыбыз, Ислам менен Фатиманы чакыралы. Галянын жолдошу болсо өтө зарыл жумуштар менен келе албай калды. Кана эмесе кол чаап куттуктоо менен алдыбызга чакыралы.— деп сөзүн шаңдуу жыйынтыктады.

Ак көйнөк кийген кыздар, тойго жасанган жигит жетелешип, келишти. Баары кол чаап куттуктап жатышты. Бул жаштардын тойу эмес чакан гана үйлөнүүгө макулдашуу күнү эле.

Ушу саамда, Матай гүлүн көтөрө астыга жүткүнүп, жаштардын астына барып гүлдү жерге таштап салганга далалаттанып барып, тепкич менен үстүгө чыкты. Матай гүл кармап ордунан турганда Адаштын бүткөн бою шыргалаң куйгандай муздап титиреп кетти.Үн чыгара: кетти, кетти деди. Матай өңү кумсарып астынкы эрдин тиштенип, кою каштары кошула калып, көзү чанагынан чыга кимдир бирөөгө кекенгендей же бирөөдү муштап жиберчидей ачуулуу. Сол колунун муштуму түйүлгөнү кастюмунун жеңинен көрүнүп турду. Оң колундагы аппапак эки чоң жалбырагына курчалган калла гүлүн мыкчый кармап турду. Калла гүлүн сүйүктүүсүнө арнап алып жатканда ал ушунчалык назик сулуу, дүйнөдөгү эң кооз гүлдөй сезген. Бул кооз гүлгө бактылуулар гана жетчүдөй толкундап Галя, гүл жана өзү гана тургандай бакытка балкыган эле. Жазындагы талаада тегиз эгилген кызгалдактардын ортосунда бул калла жалгыз тургандай элестебеди беле. Бир сааттан бери кичинекей наристедей бөпөлөп улам оңдоп жыттап, бирде жанындагы орундукка кое коюп, кайра колуна ала коюп, назик жылуу көздөр менен эркелете гүлдү карап турса, эми минтип карылуу колу менен сыгып ширесин иччүдөй болуп турду. Кыздын турмушка чыгып жатканына жалгыз ушул гүл күнөөлүүдөй болду. Оозун таптап барып көмөкөйүнөн үнү чыкпай буулугуп калды. Галя гүл көтөргөн Матайдын түрүн көрүп эч сөз айтпай кетип калуусун күттү. Элдин көзүнчө менин сезимим менен ойноп деп жаман сөздөр менен уят кылбаса болду деп коркуп кетти. Ошол замат амалдана Матайды күлмүндөй карап гүлгө колун Галя биринчи сунуп жиберди. Матай сурап турган гүлүн берди да сыртка чыгып кетти. Аларды карап гүл сурагандай алаканын жайып турган Адаш, өзүнө келе сунулган алаканын оозуна басып үшкүрүндү. Дем жеткизбей муунтуп турган көйнөгүнүн бүчүсүн чече көз жашын арчыды. Колунан эч нерсе келбесине буулукту. Адаш бир аз туруп артынан жөнөдү. Күйөөсүнүн үйүнө кетээр маршруткага түшкөнүн көрүп, базарга кетти. Атасына барып Адаш арманын айтып, бугун чыгаргысы келет. Бирок анын деле азабы меникинен аз эмес деп ойлонду. Базарда олтуруп, бир чети күйөөсүн жемелегиси келип, кайра аяйт. Кудуңдап кирген байкушума ырас кана башына суу сепкендей эле болбодубу. Кармап алгансып деп баягыда мени урушуп жатты эле, доолу. Үйдө шыпыргысы жок, кыздарга гүл берет имиш.

Бирок мага деле канча жигиттер базарга олтурганымдан бери сөз айтышат, мен Матайды алмаштыра албай канчасын кагып–силктим. Бул болсо сөзү бышыктала электе мага терс кыялдарын көрсөтө баштабады беле. Эми ага эрегишип унчукпайын, балким баланын азабынан ушуга барып жаткандыр. Мени аяган Иссус атабыз, өзү ордун таптырып койду» деп, базардан эрте эле жыйналып үйүнө келди. Тамак жасап, күйөөсүн күттү.

Күүгүм киргенде Матай катуу мас болуп келди. Ал дубалды жөлөнүп, төшөккө араң жетти. Жаздыкты кучактап көпкө өпкөсү өпкөсүнө батпай ыйлап жатты.

Адашты көрөөр замат муштумун түйө, эми дагы бир жолу жолумдан чыгып куюшканга кыпчылсаң, өлтүрүп коем, байкуш деп ызырынып алды.

Адаш не демек, акылынан айрыла мас немеге сөз айтып, чатакты ырбаткандан жыйынтык чыкпайт. Суз гана унчукпай терезени ачты эле түнкү жел пардаларды акырын желпилдетти. Адаш күйөөсүн аяп, жанына барып сооротконго батына албады. Жөн гана терезени жаап көзүнө жаш кылгыра Матайды карап турду. Мас болсо да аны байкадыбы, Матай ордунан турганга кам уруп, тура албай кайра шалак кулады.

Ый аралаш Матай. «Галя, мен сени чындап сүйгөм. Мени таштап кеттиң. Эми менин көргөн күнүм эмне болот? Мага жашоонун кызыгы жок» деп булдуруктап ыйлап жатты... Адаш кошуналар укпасын дегендей телевизордун үнүн катуу чыгарып койду.

Адаштын да көздөрүнө жаш толду. Бирок анын көз жашы сүйүнүчтүн көз жашы эле. Күйөөсү өзүндө калды. Адаш кайрадан кайраттана түшүп терезени ачып бөлмөнүн ичин желдетти. Мүмкүн мында өкүм сүргөн чалды-куйду ойлорду түнкү жел айдап, таратаар деп ойлоду. Матай уктап калган экен. Аны карап өзүнүн Матайы эмес, башка чоочун адамды көргөндөй болду. Кайра жакшылап бир карады. Ооба, сүйүү деп жүрүп жаагы шылынып арыктап калгандай , чекесине да үч катар бырыш түшүп калыптыр. Байкуш сүйүүдөн тапкан пайдаң ушул эле го деди Адаш. Эриндери дирилдеген Адаш бардык күчү менен жекире карап бир нерсе айтчудай ага умтулуп барып кайра ай ушуга корогон сөз дегенсип артка басып кетти. Ичин өрттөп жаткан ой-санаасын карая түшкөн казанынан чыгара аны болгон ачуусу болгон күчү менен жышып жууп кирди. Адаш жыйында жанагы чыккан кыздын Галя экенин болжоду. Ал бүгүн күйөөсүнүн көңүл түпкүрүндөгү сыр түйүнүн чечти окшойт. Ички сезимим, туюмум мени эч убакта алдабайт, бошко күдүктөнгөн эмес экемин деди өзүнчө. Ошол эле учурда: эми менин көргөн күнүм кандай болот? А мага жашоонун кызыгы барбы, аны ким сурайт деген сарысанаага буюкту. Матайдын сөздөрү жүрөгүн кылыч менен кыя чапканга тете болду. Эртеңки күндү тосуудан коркту. Мүмкүн болсо ушул күндөрдү тезинен барактап, бактылуу күндөрүмө чейин өткөзүп жиберсем кана, атаганат деп кыялданды. Жанагыл сулуу кызды эмнеге куттуктап жаткандарына көңүл бөлбөгөнүнө өкүнүп алды. Уктап жаткан Матайды карап ачуусу келе, тилегиң таш каптыбы . Чала сага, арык уйга жоон мүйүздүн эмне кереги бар экен деп өзүнчө табасы кана, чыйрала да түштү. Кийинки жыйынга сөзсүз барып Галя жөнүндө баарын билгиси келди. Акыры уктоого кам урду. Сапырылган ой-санаадан уйкусу качып, таң атканча кирпик какпай чыкты.

Эртеси Адаш күйөөсү ойгоно электе жумушуна кетти. Кечте кантип бет карашаарын же даагы мас болуп келеби же келбей калабы деп жүрөк ооруу болуп турду. Матайга сыр билгизбей күндөгүсүндөй мамиле кылды. Матай уялганынан аялына бет -кат болуп, сүйлөй албай, досторун кошо ээрчитип келип жүрдү. Түнт болуп ойго басынат. Ошентип, Адаш да сыйынчу жайга көп барчу болду. Галянын Швейцарияга иштегени кеткенин билди. Адаштын Галяны биринчи да, акыркы да жолу, ошол убайымга батып, эч нерсеге көңүлү чаппай турган учурунда көргөнүнө өкүндү. Аттиң, жакшылап бир көрүп алсам күйөөмө жаккан кыздын анча-мынча жүрүш турушунан үлгү алмак экем деп да ойлоду. Убакыт баарын дарылайт дегендей Матай акырындап, кайрадан мурунку калыбына келе баштады. Кээде көңүлүнүн түпкүрүндөгү калкып чыккан сүйүүсүн элдир-селдир эскерүүлөрү менен алек болуп олтура берет.

Диндерден эч кабары жок жаш улан-кыздар Кудай жөнүндө сүйлөйбүз деп чогултуп алып, акырындык менен христиан ишенимине тартып алышат экен. Жаңы жолугушканда христиан дини, Ыйса деген сөздү түк айтышпай, аны Теңир, Атабыз деп атайын тергешет экен. Матай, Адаш сыяктуу адашкан жаштар эле эмес, пайгамбар жашына барып калган кыргыздар өтө көп жүргөнү эмнеси? Балким алар совет доорунда алган атеисттик көз караштары менен жүрүп , ал доор өткөн соң оор турмуштан кыйналганда кудайдан жардам сурап, кандай кайрылаарыбызды билбей турганда минтип, сылык-сыпаа мамиле кылып, бир тууганыңдан артык күйүмдүү, жакшы сөздөрү менен ичи койнуна кирип, жогуңа күйгөндөй, кээде берген акча, белектерине азгырыла, кайсыл дин экендигине деле маани бербей, ата бабаларыбыз тутунган динден кабарыбыз жоктугунанбы айтор, тез эле кыргыздардын бир тобу христиан динине ишенип, камыр-жумур болуп кетишти. Бүт акыл-эсиң менен кабыл алып, ал динге ишеним алгандан кийин гана Ыйса, Иссус жөнүндө сүйлөй башташат. Ал учурда кыйналып турган адам, жан дүйнөсүн тазарткандай, алардын ар бир сөзүң сиңирип ала башташат.

Ошентип, ар жекшембиде Матай Галяны көрүү үчүн, Адаш Галя тууралуу толук билем деп, чогулушка барышат. А Галядан кабар жок. Кийинчерээк экөө бирге барып, жакындарына китеп бере башташты. Бирок, кеңири түшүнүк бере албай кыйналышат. Адаш болсо кадимкидей эле коркунучтуу иш, кылмыш жасап жаткандай тартынат.

Бир күнү Адаш ооруп калып, жекшемби күнкү сыйынууга барбай калды. Үйлөрүнүн кулпу жок турганын көрүп Акак, Жаркын, дагы эки-үч келин болуп айттап келишти. Айт маарек! деп келишкенде Адаш аябай өзүн ыйгайсыз сезип, уялып турду.

-Айт кече болчу. Биз бири-бирибиздикине айтташтык. Силер кудайдын улуу күнүндө да иштейсиңерби?. Мусулмандардын курман айт менен орозо айт деген эки эле майрамы бар. Бүгүн орозо айт. Мусулман аял бул күнү дасторкон жайып, арбактарга куран окутат. Кыргыздар ата-бабасын сыйлап келген. Арбак ыраазы болбой , иш оңолбойт деп коет. Башка майрамдарда күндөп-түндөп иштейсиңби, ырдап-чордойсуңарбы ал өз ишиңер. А кудайдын улуу күнүндө арапада жазалган нанга куран түшүрт! Муну эсиңден чыгарба деди Акак эже саал таарынгандай болуп.

— Демейде го биз менен катташпай калдыңар.

-Бүгүн үйүңдө экенсиң, куран окуп коелу деп келдик. Сууга деле окуп кете беребиз. Бизде деле тирилик бар— дешип нааразычылыктарын билдиришти.

Адаштын кур чайын ичип кетишти. Ооруп калдым деп актанганга оозу барбай койду. Айтты эсинен чыгарып койгонуна катуу уялды. Алар чыгып кетээр менен эшигин илип алып аябай шолоктоп ыйлады. Кайненеси экөө айтта элге чай берип коюп, төркүнүнө барып өз апасына куран окуп келчү эмес беле.

-Эң жакыным энемди унуткандан кийин, адамдык кайсы касиетим калды. Бул баптистер мээмди айлантып койдубу? Буларда бир сыйкыр күч бар окшойт, деп өзүнчө сүйлөнөт. Ошол күндөн баштап Адаш өзгөрдү. Кошуналарынын да бетин карай албай калды. Сыйынуудан кийин Адаштын ооруп калганын угушкан ал жердеги элдер акча чогултуп беришти. Ал акча менен дарыланып, айыккан соң калганын соодасына кошуп, иштеп жүрдү. Бирок ал жакка барып келгенден кийин эмнегедир жүрөгү опкоолжуп, ичинде кандайдыр алаамат болуп жаткандай бук болуп ыйлагысы келип кыжалаттанат. Кызык, мен корко турган Галя деле жок, бул эмнеси деп, өзүнө-өзү суроо берип, бирок жооп таба албай кыйналчу болду. Акыркы убактарда ар кандай шылтоолорду айтып, ал жактан кача баштады. Жекшемби сайын жаман түштөрдү көрөт. Чоң атасы менен өз энесинин элеси таарынгандай боло берет. Кээде баягы кумурскалар кубалайт. Бир топ кыздар да келип, чогулушка бар деп кетишти. Матайдан ар кандай белек— бечкектерди берип жиберишет. Адаштын ансайын алардан көңүлү айнып, ички сезиминин өзөгүн өрттөп бараткандай болот. Туталанып, Матай менен да уруша баштады. Матай болсо эч нерсе менен иши жок, алар берген китептерди окуп, күнүмдүк жашоосуна тобоо кылып жүрө берет. Алдыга койгон баягы максаттардын баарын унуткансыйт. Матайга бул дүйнөнүн кызыгы тарап, жалгыз Инжил китептерге арбалып бараткандай. Аны көрүп Адаштын аалам кезип, алыска-алыска кеткиси келет. Ошо саамда батир ээси Акак келип калды. Матайдын сыртка чыкканын байкап:

— Адаш, сен эмне туура жүргөн жолуңан адашып, куурап атасың? Ата-бабаң билбеген динди сен тутуп, түбүнө чейин түшүнөм деп турасыңбы. Кыйын болсоң мусулманчылыкты деле тутуп, ага берилбейсиңби. Сени ээрчип күйөөң да темселеп жүрөт окшойт.

— Эже эмнени айтып жатасыз?— деген Адаш кептин төркүнүн жакшы түшүнсө да анкорлонду.

— Эмнени дейт тура, алдагы китептериңди айтып жатамын, кошуналар айтса ишенбей койсом, өгүнү айтта терезеге жыйып койуптурсуңар. Үйүмдү бошоткула, мен башка диндегилерге үй бере албайм. Силерди чын дилимден жакшы көрдүм эле, бул эмне кылганыңар. Силерге башка сөзүм жок. Күйөөңө айтайын деп, эркек неме сөгүп жиберсе ыза болуп калбайын деп сактандым.

Адаштын мындай сөздөрдөн амалы куруй түшүп:

— Эже, сиздин үйүңүздөн кетким келбейт. Олтуруңузчу, чай ичели.— дегенге араң жарады.

— Кеткиң келбесе жөн жашаш керек болчу, бошот үйдү. Ичпейм чайыңды, силер чыккынчысыңар, каапырсыңар, мени да тозокко тартпагыла. Силердин артыңардан менин да ишим арткалайт, мени кыйнабай чыгып кеткиле,— деп, жакасын кармана сыртка чыгып кетти.

«Акак эже ушунча жинденгенден кийин, биз туура эмес иш жасаган экенбиз» деген Адаш туталанып, сырттан кирген Матай менен уруша баштады. Матай болсо эч нерсе менен иши жок, кайра Акак эжесин жаман көрө:

— Көчсө көчүп кетебиз, эртең башка батир изде, – дегенинде Адаш бир жагынан «жыйынга барчу жерден алыстайт экенбиз» десе, бир жагынан «Акак эжеге жаман көрүнбөй кетсек болмок» деп эзилди.

Матай кайра эле баягы китептерди окуп, бүгүнкү окуяга кайдыгер мамиле кылганы Адашты чыны менен коркутту.

Ооба десең, батирибизди ооштуруп, башка базарга иштеп кетсек балким башкача турмуш күтүп, оңолоорбуз деген азгырмалуу ойлору удургуп турду. Акырында ага ишенди. Жакшылыктын жарчысындай бул оюна ыраазы боло квартира издеп жүрүп, акыры Арча Бешик жактан батир тапты. Саамга деңдароо болуп Матай да чын эле башка батирге көчөөрүн укканда ормое карады да а мага баары бир дегенсип, эки ийнин куушурунуп сыртка чыгып кетти. Бирөө кармап алып кетирбей коё тургансып, тызылдап, төшөнчүсүн таңып, Адаш жүгүрүп жүрдү. Матай да чекесинен мончоктой аккан терин шыпырып, келинчегинин бул кылганына түшүнө албай уйгу-туйгу. Адаш уурдана эки жагын каранды да күйөөсүнөн да, алда кимден да жашырынгандай өзүнчө таңып койгон Инжил китептерди алды да, ошол батирдин жер төлөсүнө бекитип салды. Китептен да, буга чейинки жашоосунан да бул, наристенин жыты жыттанган батиринен да оолактагысы келди.

— Матай бүгүн Акак эжени чайга чакырып, ажыраш аяк жасап кетели— деди Адаш.

— Акчасын алдын–ала төлөйбүз, жардамдаш дегенинен өйдө карабай жардамдашабыз, анан үйүн бошоткула дегени эмнеси. Аныңдын биз менен иши болбосун. Калсаң сен калып чай бере бер мен кеттим,— деди Матай.

Акак эже туура айтты окшойт. Бир кезде ыйлап кетип бараткан Адашты токтотуп, алаканы менен көз жашын аарчып, ушу батирге биринчи күнү келгендеги Акак эженин жакшылыгы үчүн кайра-кайра ыраазычылык билдирген Матай менен азыркы Матайдан айырмачылыгы көп болгонун салыштырып, «жанагы, жообу жок сүйүүгө кабылып ушунчалыкка барып жатса, эки жактуу сүйүүгө кабылса не болмок» дегени чын эле.

Ошентип, чакан таңылчактары менен машине жалдап, чыгып кетишти. Көчүп келишкен үй жаңы тургузулуп, эч ким кире элек экен. Бышкан кыш менен салып, чатырын бийиктетип жакшы жааптыр. Үйдүн эки бөмөсүн бүтүрүп, ижарага беришкенине караганда үй ээсинин өздөрү жашаган үйлөрү бар окшойт. Суусу, меши жок, айнек, эшиктери да мурда колдонулган эски экени көрүнүп турду. Эптеп, сыртынан үйгө окшоштуруп салып, баасы көтөрүлгөндө сатмакка салса керек. Баса, бул жерлер баягы жер басып алууда, күч менен тартып алышкандардын жерлеринен эмес беле. Анда деле эбин таап, акчасы барлар документин жасатып алышкан эле да. Ким кантип алса да, бул үй азырынча жаш жубайларга буйруп турду. Адаш жаңы батирге бараары менен көңүлү көкөлөп, үстүндө басып турган оор жүктү алып салгандай болду. Баарын жаңыча баштагысы келет. Кээде азыраак тааныштарыбыздан кача берип, шаардан да чыгып калбасак болду деп да коркуп кетет. Матай болсо Ош базарына жакын бир магазинге кароолчулукка ишке орношту. Матай да ажарына акылы туура келген аялына көңүл буруп, мамилелери акырындап калыбына келе баштагансыды. Адаш базарда соода-сатык менен алек болуп, чолосу жетпегенден сыйынып жүргөн динге барбай калса, Матай жекшемби күнү да иштегенден колу бошобой жыйынга такай баралбай калып жүрдү.

Кароолдо чогуу турган Салмоор сыра сүйүүчүлөрдөн. Ысык— суукта, күн-түн иштеп чарчайсың. Кичине ичип турсаң көңүлүң көтөрүлүп, нервтериң эс алат. Койчу, байболгур, Исаңды айтпачы. Ансыз да оор турмуштан кыйналып, эртеңки жашоом кандай болот деп коркуп турганда мээмди оорутпай, иччи сырадан Библияңды колу бош кишилерге, же орустарга айтчы деп жүрүп Матайды дин жөнүндө сүйлөтпөй койчу. Матай түнкү күзөттө болгондо, жалгыз калганда Адаш үчүн таңдын атышы азап. Ойго чөмүлсө уйку да келбей «балалуу болбой, картаямбы» деген ой келгенде заманасы куурулуп, өзөгү өрттөнөт. Күндө кайталанма жашоо. Доктурга бир көрүнөйүн, болбосо Матайды таштап бир жакка кетип калайын. Кайненем айткандай Россия-Проссиягабы?. Издеп тажаганда башканы табаар, балким айта албай намыстанып жаткандыр, менсиз жашабай калбай эле сүйүү үчүн үзүлө чуркап, а түгүл боздоп ыйлайт турбайбы» деген ой менен доктурга барууга нечен камынса да «болбойт деген сөздү уксам кантем» дегендей тарткынчыктайт. Кээ күндөрү таң аппак атканга чейин уктабай ыйлап чыгат. Көздөрү көнөктөй шишип, эриндери кеберсип, чарчаңкы сабыры суз базарда олтурган. «Кандай эле элдердин иши оңунан чыгып, балага да дүнүйөгө да жетишет» деп кабыргасы кайышып турду.

Мурда жогорку окуу жайда чогуу окуган Адаштын курбу кызы Касиет базардан өтүп бараткан экен. Жарашыктуу, тыкан көйнөк кийип, чачын жазып өзүнө ишеничтүү бара жаткан. Аны көрүп Адаш каймана кишидей сыртын сала көрмөксөн болду. Балким ал сыяктуу жарашыктуу кийинип турса качпай эле жолугат беле. Эртең менен тамакка табитим чаппай, же күзгүгө каранбай чала-була кийинип чыгып кеттим эле. Каап, мунун көп күндөн бүгүн жолугуп калганын карачы деп ичинен кейип алды.

Курбусу ага болбой:

— Ой, Адаш кандайсың?!—  деп сагынычтуу көзүн чачыратып колун сунду.

— Ое, сени тааныбай калыптырмын. Аябай өзгөрүп, сулуу болуп кетипсиң го,— деп, сыр бербеди. Жупунулугунан өзүн курбусунун жанында пас сезип, көп сүйлөшкүсү келбей эртерээк кетсе деп кыйпычыктап турду.

— Өзгөрсө өзгөргөндүрмүн, азыркы жумушум жакшы. Айлыкты доллар менен алам. Көптөгөн курбуларым да мен аркылуу мурда кийбеген кийимдерге жетип, жети атасы кармабаган эвро акчалары чөнтөгүндө болуп, машине минип калышты,— деди тиги шыпылдап.

Мен да сендей байысам кана, деп айткысы келип турса да кептин удулун башка нукка буруп.

— Биздин группадагы кыздар жакшы жүрөбү? Институтта эмне жаңылыктар болууда?— деди.

— А, ал жакты билбейм, көптөн бери бара элекмин. Сессияларда мугалимдерге акча берип бааларды койдуртуп жатам.

Адаш курбусуна суктана карап, аны телегейи тегиз кандай бактылуу деп ичинен сызып турду.

– Бул байпактарыңа беш–он сом эле кошосуң да ээ,—  деп Адаштын алдында жайылып жаткан майда-бараттарга карады эле ал уялганынан, кемсингенинен унчукпай башын ийкеди.

— Ийи, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, күндөр өтүп келатат го, айтор.

— Бизге офиске бир кыз керек болуп жатты эле, биз менен иштешесиңби, мен сүйлөшүп берейин деп тиги камкорлонду. Курбусунун боор тартып ыктаганы бир капшытын толтуруп тургансып ыраазы боло үмүт күтө түштү. Заматта Адаштын ууртуна жылмаюу пайда болуп:

— Эмне жумуш? Айлыгы көбүрөөк болсо, анан менин колуман келген иш болсо?.. Сенден жашырганда эмне, жетишпеген турмуш жадатты. Окуумду токтотуп, минтип эртеден кечке саргайып базарда олтурам. Кечинде чарчаганымдан бутумду тарта албай суй жыгылам. Тапкан таза кирешем болгону кээде он сом болсо, кээде жүз сом болот. Канча аракеттенсек да ирдентпеген татаал оор заман болду. Акча болсо дарыланып, балалуу болсок жакшы болор эле. Матай көчөдө ойноп жүргөн кичинекей чыт курсак балдарды жалдырай караганда, тим эле ичим эзилип, көзүмө жаш тегеренет. Убакыт болсо учкан куштай өтүп жатат,—  деп армандуу үшкүрүндү.

-Матайың эмне иш кылып жүрөт?

-Ээ, ал байкушту да татаал турмуш чүнчүттү.

-Акчалуу тиги Кажыбаска тийип алганыңда мынча кыйналбайт элең.

— Менин да көңүлүм Кажыбаска бөлүнүп баратканын дароо байкаган Матай, машине үйрөткөн киши болуп, алдап, алакачып кетпедиби. Узак убакыт сүйлөшүп жүрүп, баарыңар көрүп турсаңар, анан үйүнө алып барса олтурбай кетип калгандан, курсташтардан уялдым, Матайды аядым.

-Кажыбас да сени сүйгөн. Матай экөөңөрдүн үйлөнгөнүңөрдү укканда ишене албай , мени салып алып, артыңан кууп барсак бекер жеринен болбой койгонсуң.

-Ал экөөбүз жаңы гана сүйлөшүп баштаганбыз, ал кеч жолукту. Бири-бирибизди анчейин жакшы билелек элек. Мурдагыдан сүйүүм саал солгундап, башкага ооп баратса да Матайды таштап кете албадым. Ал менин алгачкы ак сүйүүм эле. Мурунку жылы үйлөнсөк деп ойлосом ырас кийинки жылы каалабадым. Менимче Матайдын бул алакачып алганы экөөбүзгө тең жакшы болду. Алагачып деп коем ,ал айткандай өзүм үйүнө кирип баргам. Досу экөө келип, жүр машине үйрөтөм десе макул болуп, рулга олтурдум. Алар машина айдоону үйрөтүштү. Күндө келип машинасын аз— аздан айдатышат. Мен да аябай кызыгып алдым. Алар кандай айтса ошондой: түз десе түз, кайрыл десе кайрылып айдайм. Бир маалда «эми тээтигил жашыл дарбазага кир, ошол жерден артка кайрылабыз» деди. Мен оюмда эч нерсе жок ал үйгө кирип бардым. Машинаны токтот, ысып кетти, суу куюп алалы дешти.

Үйдөн аялдар чыгып, ошентип айдоочуга жоолук салышкан. Ошондон бери машине айдай элекмин. Бир жумадан кийин ак көйнөк кийгизип, той өткөзүштү. Минтип төрөбөй жүрсөм Кажыбас күтмөк беле. Акчалуу неме эмдигиче үстүмө эки аял алып келмек. Кажыбаска турмушка чыкпаганыма өкүнбөйм. Арманым бала. Сага көйгөйлөрүмдү айтып көөдөнүмдү бир аз да болсо бошотуп алгандай болдум,— деп үшкүрүндү.

Касиет боорукерлене:

— Албетте, сен балалуу болушуң керек. Бул дүйнөгө бир жолу жаралган соң бала жытын искебей, жакшы тамак, жакшы көңүл ачпай, кантип өтүп кетебиз. Мен сени жакшы тааныган доктурума көргөзөйүн. Дарылан, андан кийин мен иштеген жерге жумушка орноштурам. Кааласаң азыр деле барып, жумуштагылар менен тааныштырып келейин.

-Ал эмне жумуш?— деп, кызыкты жан –дилинен.

— Англиядан келген валантерлор менен иштешебиз. Алар биздин өлкөгө саякаттап келип, ар кандай бизнес менен алектенишет. Ошондой эле жакыр өлкөлөргө жардамдашып да турушат экен,— дегенде Адаш алардан келечегин кенен кесир ачып бере тургандай сүйүнгөн. Түйшүк басып, мээнет чырмап алган Адаштын кабагы кайра түйүлө калып аларга барууга жупуну кийиминен да уялып:

— Эртең барайын, кандай жолугабыз?—  деди.

Анын оюн түшүнгөндөй Касиет:

-Эгер кийим алам десең мен акча бере турайын, чогуу иштешсек берерсиң.— деди.

Адаш уккан кулагына ишене албай, түш көрүп жатканым жокпу деп да ойлоп кетти. Жок, бул чындык эле. Ой чабыты алда кайда алып учуп, заматта четтиктердин жанында жүргөнүн элестеп да кетти. Шумдугуң кургур ой кандай жеңил да кандай күлүк. Атылган октой учкан бойдон кетет го. Мындай жакшы шартты текке кетирбейин дедиби Адаш сатып жаткан азыноолак байпактарын жыйнай коюп, курбусу менен кафеде тамактанышты. Ал жерден Адаш сүйүнгөнүнөн болгон сырын айтып берди. Касиет базардан Адашка жарашкан кымбат, жакшы кийимдерди алып берип, ого бетер көңүлүн көтөрдү. Адашка бүгүнкү күн жашоосундагы эң чоң майрамдай сезилди. Жашоо деп ушуну айт! Касиеттин аяр, ак дилинен жасаган алпейим мамилеси анын көп азабынан арылткандай, үмүтү уланып, ишеними артылды. Акчага туйтунуп калгандай эле болду. Алар маршрутка менен Чоң Арыктагы заңгыраган эки кабат кооз үйгө келишти. Эмнегедир ички сезими бул жерге келүүсүнө каршы болгондой кыжалат боло баштады. Кызык, бир мүнөт мурда ушул жерге тезирээк жетсек десем эми уурулук жазагандай өзүмдү жаман сезгеним кандай деп өзүнө таңдана баштады. Үйдөн колуна кичинекей мышык көтөргөн, ак футболка, кара чолок шым кийген көзү көк, грузин улутундагылардай чоң мурундуу, ак саргыл, толугунан келген кырк, кырк бештер чамалап калган англичан аял чыкты. Эртеден берки курбумдун сулуу, укмуш деп мактаган аялдан ашыкча деле андай сулууну көргөн жок. Балким «токочтуу бала сүйгүнчүктүү» болгон чыгаар. Анын арт жагынан таанышындай көзгө жылуу учураган кыз да келе жатты. «Бул кызды кайдан көрдүм эле? Таанышым болуп, атын таппай уят болбосом болду... Же базардан көрдүмбү? Балким ырчы же бийчи болуп телесынактан көргөндүрмүн» деп, ойлонгуча болбой экөө жакын келип, Адаш менен сылык кыргызча учурашып үйгө киргизди.

Англичан аял кыргызча аябай жакшы үйрөнүп алыптыр. Сөздөрүндөгү бир аз катачылыктарды эске албаганда ал менен кадимки кыргыз менен эле сүйлөшкөндөй кенен баарлашып жатты. Тилди үйрөнүп алганына Адаш чексиз ыраазычылыгын билгизди. Ал да кыргыздарды жактыраарын, мында төрт жылдан бери жашап, таза суусун, таза абасын, тоолорун, көлдөрүн кыйып кете албай жатканын айтып жатты. Алиги кыз кофе алып келди. Адаш бүшүркөй жалт-жалт кызды карайт. Бирок ал аны эч качан көрбөгөндөй, назар салып караган да жок. Касиет менен тааныш окшойт. Ага кооз чакыруу барагын сунуп, унутпай, сөзсүз келүүсүн суранып жатты. Албетте, бул курбу кызым менен барабыз деп чакыруу баракты Адаштын колуна карматты. Баракчада «Гүлкак менен Джондун үйлөнүү тойуна чакыруу» деп жазылган экен. Мындай ысымдуу таанышы жок эле, жөн гана бирөөгө окшоштурса керек. Окшош адамдар көп эле кездешет эмеспи. Касиет англичан аял менен англисче бирдемелерди сүйлөшө кетишти. Кээде сөз арасында Адашты карай калышат. Ал болсо «менин шартымды түшүндүрүп, жумуш сурап жатса керек» деп божомолдоп олтура берди. Адаштын ою дагы эле кызда, Джону ким, англичанбы, немецпи, айтор кыргыз эмес ко. Сулуу кызга бир кыргыз жигити буйрубадыбы. Же көр окаттын айынан, акчалуу деп эле тийип алабы? Балким булардыкы чыныгы сүйүүдүр? А мүнкүн бул ысым кыргыз жигиттики болуп жүрбөсүн? Азыркы заманда четтиктердин ысымын коймой эрөөн деле болбой калбадыбы.

-Адаш, кеттик. Ребекка сени жумушка алмак болду. Эртең Лондонго кетип жатыптыр. Келээри менен документтериңди алып келебиз.

-Эмне жумуш.

-Эл менен иштейсиң. Калганын убагында көрөөрбүз. Насыяга жыйырма миң сом сурап алдым.

-Мен албайм. Ансыз да сага көп карыз болуп калдым,— деди Адаш.

-Бул акча булар үчүн бир түшкү тамагы, ала берсеңчи. Айтмакчы, ишембиде тойго барып келели. Чет элдиктердин тоюн көрөлү,— деди Касиет. Ошентип, олжолуу кайтып, эртеси базарга келип кайрадан калган байпактарын сата баштады. Балким жумушу жакпай калса, бекер эле карыз боло бербейин деген ойдо акчаны коротпой, катып койду. Бирок, бул олжо Адаштын жүрөгүн жылытпай, эмнегедир бир жаман иштен тапкан акчадай колуна кармагысы келген жок. Зарыгып күткөн ишемби күн келип, Матайды үйгө калтырып, Адаш менен Касиет тойго келишти. Кафеге кирип, кыргыздардай жайыл дасторкон жасып, шаан-шөкөт менен өтө турган чоң тойду издеди. Чоң кафенин кичинекей бөлмөсүндө он— он беш адам бар экен, төрдө ак көйнөк кийип, Адашка чала тааныш кыз олтурат. Экөө кыргызча чоң тойду элестеп алышкан экен, кызды куттуктап коюп Касиеттер да алымсынбай аларга кошулду.

Гүлгактын жанында жашы алтымыштан эчак ашып калган, узун бойлуу, курсагы салаңдаган көк көз, аппак чачтуу, чийкил сары аксакал мыйыгынан күлүп олтурат. Үстүндө кызыл футболка кара спорт кийимин кийип алган. Бул, Джондун атасы го . Өзү кайда жүрөт деп Адаш күйөө баланы издейт. Ал, кары кишиден башкасынын баары жаштар экен. Сыягы кыздын ата-энеси бул тойго каршы болуп, келбеген көрүнөт. А балким чакырышпаган чыгаар. Үстөлдүн бир жак катарындагылар кыздын дос кыздары көрүнөт, баары жаш. Алардын каршысында эки, үч четтиктер, баптистердин жыйынына барып жүргөн төрт келин жана Адаш, Касиеттер олтурду. Отургандар Адашты дароо таанып, ал— акыбал сурашып, жыйынга келбегенине капа болуп ,кийинки жыйынга чакырышты. Той ачык деп жарыяланып, кыз— жигит туруп жүгүнмөк болду. Мына, сага тамаша. Жапжаш, мөлтүрөгөн, ак көйнөкчөн сулуу кыз менен спорт кийимчен аксакал кошо турса болобу! Адаш көргөн көзүнө ишена албай акылынан адашкан адамдай далдырап олтурду. «Бул да бир көр окаттын айынан тийип алдыбы, же бул уюмдан чыга албадыбы» деген ойдо улутташына ызаланып, бир жагынан пендечиликке алдырып, кимдендир кемсинип отурду. Жаш жубайлар деп айтууга болобу, ушуларды? Абышка күйөөнүн ушунчалык чечекейи чеч боло өзүн бактылуу сезип турганы ачык көрүнүп турду.Өзүнө каалоо тилектер айтылганда жаш жигиттерден айрымаланбай шамдагай тура калат. Музыка жаңырса жашына жарашпаса да бийлеп кетет экен. Кыргызча, орусча чандырап, куудулданымыш этип, айтор өзүнчө эле мыкты күйөө бала көрүнүүгө жанталашып жатты. Ар кайсы тилде тост айткандардын аягында Гүлгакты кучактай калып, жабыша өөп калат. Ар нерсе, өз убагында, өз теңи менен болгону жакшы эмеспи, бул экөөнө жарашпай жатты. Гүлгакы, бактылуу көрүнгөнгө канчалык аракет кылса да, ойлуу телмирип, бир жерди тиктеп калат. Анын көзүнөн мен эмне кылып жатам, өзүмө өзүм душман болдум, ата тегимди, элимди уятка калтырып, чыккынчы болдум дегендей. Жаш келин бирде жанындагылардын баарын унутуп, жаш балача ар кимди кучактап, секирип бийлеп кетет. Бирде досторун кучактап буулуга ыйлап жатты. Баптистерге сөз кезеги келгенде алар Галя кайда жүрсөң да жүрөгүңдөн Исаны чыгарба дегенде Адаш ага таңкала карады. Ал көптөн бери издеп жүргөн Галяны тапты. Кыргызда жигит түгөнүп калгансып чалга кетип баратканына таңкалып да, Матайдын сүйүүсүнө ичи тарып, жек көрүп да, кыздын сулуулугуна суктанып да көпкө карап олтурду. Чындыкка тике карап кызга акыл айтсамбы. Айткан күндө да ал мага кулак салабы деп ой кырынан калчап өттү. Акыры чыдамы кетип, ичиндеги бугун чыгарып алууну чечип, оор күрсүнүп алды да ордунан туруп барып Галянын колунан жетелеп сыртка чыкты.

-Галя мен сага жолугуп, жаман сөз айтайын деп жүрдүм эле. Бирок сен менин жүрөгүмдү дүрбөлөңгө салып койдуң, бул эмне кылганың? Укчу мени, кантип өзүңдү ушул чалга ыраа көрдүң? Мен сени көргөнгө чейин жек көрсөм, азыр боорум ооруп турат. Бул менен сен эч качан бактылуу боло албайсың. Көрүп турам сенде кыпындай да сүйүү жок. Сени кыргыздын деле менменсинген жигиттери сүйүп жашамак. Акча менен бакытты сатып алалбайсың. Азыр да кеч эмес. Чечимиңди кайра өзгөрт. Швецария, Америка, Лондон, баарын кыдырып бүткөндөн кийин өз жериңди сагынып, бул жакка келгенге зар болосуң. Сени жан дили менен сүйүп, уктап жатса да сен жөнүндө сүйлөп, а түгүл ыйлаган адам бар экенин билесиңби?

-Ал ким? Ким экенинин билгенде эмне кылмакмын? Бүттү, баары бүттү. Эми кантип өзгөртөм, баары кеч болуп калды. Билем, бактысызмын, бирок тагдырыма баш ийем,— деп эреркеп Адашты кучактап ыйлап жатты Галя.

Галядан жагымсыз шампандын жыты жыттанып турду.

-Каалайсыңбы Матай менен жаша, ал сени сүйөт. Ага уул— кыздарды төрөп бересиң,— деп кантип айтып жибергенин өзү да билбей калды Адаш.

-Галя дароо ыйын токтото калып Адашты таңыркай карады. Колундагы кичинекей сумкасынан шаша аялдардын ичке тамекисин алып, кадимки эле эркектердей шереңке чагып, оозундагы тамекисин күйгүздү. Дембе-дем тамекисин соруп, дем менен кошо үшкүрүнүп, көздөрүнө жаш толо калды. Адаш кыздын мындай өнөрүнө таңданды.

— Башка эч айлам жок эжеке. Буга чейин тууган -тушкандарым, ата-энем Кимде ким Исламдан башка дин издесе, андан эч качан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал акыретте зыян тартуучулардан (тозокулардан ) болот. Аллах— бул Мариямдын уулу Масих (Ыйса) дегендер эч шексиз каапыр болушту. Ыйман маселесинде Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп тастыктамайынча ибадаты кабыл болбойт дешип какшап, сайрап айтып жүрүп мени токтото алышпады. Алар беш маал намаз окушуп, орозо кармап, Аллахка сыйынышат. А мен аларды укпады элем, акыретке чейин эле тозокко малындым окшойт. Ата-энем өткөндө шаарга мага келип кандай сөздөрдү айтканын сиз билбейсиз. Апам ак сүтүмдөн кечтим, бүгүндөн баштап биздин сендей кызыбыз жок деп эсептейбиз деди. Атам өз колум менен атып кетем деп чекеме тапанча такады. Бирок колу калтырап ата албады. Кыраан куш бийиктикке умтулаар, карга кузгун өлүккө умтулат. Кеткин бул өлкөдөн, тигинин кызы дедиртип атымды булгабагын, кыргыз элинен айлан, сен чыккынчысың, мусулмандарды ка
апырга үгүттөп бүтүп, эми четтиктердин динин акча менен кызыктырып, аны жайылтмаксыңбы. Бүт мусулман элинин каргышы тийсин, тескери батамды бердим сага, экинчи жолу көрсөм түрмөгө каматам деди. Мага эч сооп жок, жакын туугандарымдан да айрылдым. Бир гана мени Джон түшүнөт, ал кече атамдардын дарегине үч миң доллар жөнөттү.

Аны атам арам акча деп тытып салаар, же жетим балдар үйүнө берип салаар, мейли, эмне кылса өздөрү билсин. Матайыңыз сизге эмне деп айтканын билбейм, бирок ал мен үчүн жөн гана тааныш адам. Жакшылыгыңызга жакшылык кылып, көзүңүздү ачып коеюн. Сиз жумуш сурап келген жерде эч жумуш жок, болгону сиз мен сыяктуу динге үндөгөнүңүз үчүн гана акча аласыз. Эгер алты адам таап, булардын динине үгүттөсөңүз беш миң сом ай сайын, дагы он беш киши тапсаңыз алты айда беш жүз доллар, алты жылдан кийин там, машина белек кылабыз деп жатышкан. А бул биздин катаал заманда мендей жалкоолор үчүн эң оңой жан сактоо. Азыр кай жол менен болсо да байып алсаң бийликке туруу, билимиңди жогорулатуу, айтор эмне кааласаң баарына жете аласың. Эми болду жакшы киши болуп мазамды албаңыз. Кошуңуз,— деп, көз жашын аарчып, тамекисинен дагы соруп, калганын жерге таштады да ичкери кирип кетти.

Уккан кулагына ишене албай Адаш нес болуп туруп калды.

Оо кудай, булардын алдап жатканын башта эмнеге аңдабадым экен?! Бул жашоонун не бир сырлары, табылбаган табышмактары түгөнбөйт окшойт. Өзүнүн ушунчалык ишенчээктигине итатайы тутулуп, ыйлагысы келип турду. Ар кандай ката ишенимдерди көркөмдөп, көбүрөөк үгүттөп койсо, анан алардын берген тыйынына кызыгып, дароо кабыл алып кете бере турган байоо адам окшойм. Турмушта адамдар уулдуу болуу максаты менен «Адаш, Жаңыл» деген ысымдарды колдоно беришет тура. Ата-энеси үчүн бурулуп, адашып уул алып келгени менен ошол эле Адаш, Жаңылдардын жашоосу койгон ысымындай адашып калат окшойт деп,— ойго тунду Адаш.

«Касиетке эмне мынча ишендим, ал менин тууганым беле? Ырас, берген акчасынын баарын короткон эмес экем. Сарптап койгонумду таап, эртең чыпчыргасын коротпой кайтарып берип, тынч эле жашайын деп курбусуна да айтпастан үйүнө кетип калды. Кетпегенде ал жерде кантип олтурмак. Кимге ыразычылык билгизип, кимге наалат айтмак. Кимисиникин туура көрүп, анын таламын талашып олтурмак. Галя эмнени саймедиреп кетти? Дос сүйдүрүп айтат, кас күйдүрүп айтат болдубу. Аңгектен качып, дөңгөккө түштүмбү деген, күрүчүнөн күрмөгү көп ойлору тажатып жиберди. Илгери, мен кичинекей кезимде апам акыр заман келээрде диндин сексенден ашык түрү көбөйүп, адамдар адашат деп айтты эле. Ошол сөз чын го дейм. Жүрөктөгү боштуктан улам, ар кайсы динде адашып жүргөндөрүн билишпейт тура».

Көп өтпөй Джон менен Галя Чоң Арыктан чакан үй сатып алып, үй кызматкерин жалдашты. Джон тил үйрөтүп иштеп жүрдү. Бирок ал андан тышкары кыргыздын тарыхына кызыгып, аны менен таанышып, урууларды изилдеп жүрдү. Айылдарга барып, алардын жашоо тиричилигине кызыгат. Аларды сүрөткө тартып алып кетет, боюнда бар келиндерге балдарыңардын ысмын Джон, Энди деп коюп мага сүйүнчүлөсөңөр мен ал балдардын каржылоочу атасы болом, жана сөзсүз сүйүнчүлөгүлө деп кетет. Албетте Галя жанында. Келинчегинин жардамы менен кыргызча жакшы үйрөнүп алды. Ал тургай Манас эпосун да тез эле окуп чыкты. Кыргыздын динине, маданиятына, тарыхына кызыгып, баарын билгиси келет. Ребеккалар андан башка америкалыктар менен тыгыз байланышта болуп турушту. Каражат жагын Америка камсыз кылып турат экен. Галя кенен акча колуна тийип, өзүнө керектүүсүн да, кереги жогун да ала берди. Ага андан башка ырахат, кызыкчылык жок эле. Көңүлү келбейт. Кичинемде ушул куурчакка кызыгаар элем деп куурчакка чейин алды. Ал иштебей эле үйүн аябай кооздоо менен алектенди. Галянын документин бүтүрө албай бир жылча убакыттары кетти. Акыры акчанын күчү менен күйөөсүнүн фамилиясына өттү. Капыстан эле Джон үйдү сатып, Америкага кетээрлери жөнүндө айтып калды. Галя болсо үйүн, эмеректерин кыйбай кыйылат. Алып кете албайт, сатуудан башка арга жок. Джон Америкада мындан да эң кооз, эң жакшы жашоо күтүп турганын айтса, аргасыз баарына кайыл болуп, сатышат. Башка аргасы да жок эле. Саталбаган буюм, ашыкча кийимдерин үй кызматкерине берди. Адаш менен Галя бир күнү күтүүсүздөн кайра базардан жолугуп калышты. Галя бактылуу көрүнгөнгө аракет жасап жатты.

-Күйөөмдүн бул жактагы жумушу бүтүп, Америкага кетип жатабыз. Үйүбүздү жакшы баага саттык. Буйруса бир жылда бир келип турабыз,— деди кара күчкө кербезденип.

-Күйөөң бул жакка эмнеге келиптир? Бизге эмне жакшылык кылды? Ушу четтен келгендер эмне максат менен келишет экен, билдиңби?-деп Адаш сурап калды.

Мындай күтүлбөстүктөн тиги чынын айтып жиберди:

— Кайдагы жакшылык. Буларга кичинекей элибиздин эмнесине кызыгышмак эле. Буларды жерибиз, жер астындагы, жер үстүндөгү байлыктарыбыз кызыктырса керек. Акырындап улутубузду, аң сезимибизди, маданиятыбызды, тилибизди, генеологиябызды изилдеп жүрүшсө керек.

-Ушунун баарын түшүнүп турсаң эмне үчүн биздин бийликтегилерге айтпадың?

-Мени угаар адам бар бекен. Уккан күндө да ата мекеним деп эч ким эч нерсе кылгысы да келбейт. Жакшы туруңуздар, кийин бир келгенимде турмуш кичине оңолуп калаар,— деп, шашыла басып кетти.

Мындай ар бирибиз кайдыгер карасак кыргызстан деген кумга сиңген суудай жок болуп кетеби? деп Адаш базардагы ордуна келип ойлуу олтурду.

 

Джон Галя менен америкага уулунукуна келип түшүштү. Чакан үйдүн коңгуроосун какканда оозу толтура, колуна тарелкадагы пицасын көтөрө чыккан, жыйырма, жыйырма бештердеги жаш жигит чыкты. Ал атасын аябай сагынганын билдирип англисче ал -акыбал сурашып, кучакташып улам бири-бирин көтөрүшүп жатты. Галя учурашууга кезек күтүп улам үнүн жасап оңдонуп турду. Жаш жигит Галяны карап: -Азиядан эң сулуу кыз тапкансың го,— деп, ачык эле суктанып койду. Джон уулунун кулк мүнөзүн, кичинесиндеги ар кандай жоруктарын Галяга айтып аябай жакшы тааныштырды. Уулу Марк да сагынганын айтып атасына эркелеп жатты. Үйдүн ичинде диван, телевизор, шкаф жана дубалда илинген ар кандай сүрөттөрдөн башка көп деле буюм жок. Тамакты каяктандыр даярдаттырып алып келди. Джон жуунганы бөлмөгө кеткенде Марк үйдүн ичин тааныштырды. Көп өтпөй Марктын досу Вильям келди, алар ал күнү ошол жерде түнөдү.

Эртеси Джон эртең менен жумуштары менен чыгып кетти. Галя эригип эмне кылышты билбей олтурду эле берки эки жигит машина менен шаар кыдырып келебиз деп калды. Галя алар менен чынында эле кызыгып, макул болду. Галя эли жерин сагынганда кыргыз студенттерди менен жолугушуп турат. Аларды Джондун баласы Марк таап берди. Аларга барганда Галя кур барбай белек— бечкек менен барып, өзүнө кадыр барк топтогусу келет. Ошентип Галя бактылуудай көрүнүп жашап жатты. Шаар кыдырып, каалаганын алып, конокторго барып жүрдү.

Учкан куштай зымырап күндөр өтө берди. Күн салкындап, жалбырактар саргарып, күттүргөн күз да келди.

Кийинчерээк Адаштын түшүнө кичинесинде көргөн кумурскалар негедир көп кире берчү болду. Алар Адашты кубалап, жардан ылдый кулатып жиберишет. Ал, турууга жаңы эле аракет кылса, ээ бербей баягы жабалактаган кумурскалар уясына сүйрөп жөнөшөт. Ал жактан кичинесинде ойногон курбусу Нурпери менен кошунанын кичинекей баласын кумурскалар уюгуна сүйрөп киргизип алып, көзү -мурдунан кыбырап чыгып жатышты. Балдар жансыз, сулк жатышат. Анан эле капысынан Адаштын жанына кайдандыр ак көгүчкөн конуп, канаты менен чапкылап кумурскалардан коргоп жатты. Ошентсе да алардан кача берип, ак көгүчкөндүн куйругуна жармашып туруп кетти. Керебеттен жерге кулап түшкөн экен, көрсө. Ойгонуп, денесин калтырак басып, өңүндө болгондой коркуп калган экен. Эмнеге эле мындай табышмактуу түштөр көп кирет. Көбүнчө түшүндө кичинекей бала дайыма жардам сурап чакырат. Ал, аны издеп таба албайт, бул эмнеси, деп убайымга батып мечитке молдого барды. Буга чейин атасы мечитке барып дем салдырып алчы кызым деп көп эле айтчу. Ошону эстеп кетти.

Түз эле мечитке барды. Адаш ал жактагы олтургандардан дем салып берүүлөрүн суранды эле, бир илимдүү молдо киши келди. Ал сылык Ассалоомалекум десе.

Адаш эмне деп жооп берерин билбей тайсалдап саламатсызбы? деп жиберди. Молдо баш ийкеп, алдыга басып, айнек тушка келип олтурду. Адаш кысына, кыскараак юпкасын тарткылап, жанына олтуруп калды.

-Намаз окуйсузбу?

-Жок.

-Кандай илдет?

-Түшүмө ар кандай жаман түштөр кирип, өзүмчө эле кыжалат боло берем. Жаным тынч боло албайт. Турмушка чыга элексизби?

-Турмушка чыкканыма бир топ жыл болду. Эмнеге эле баары ушинтип сурай беришет.

-Себеби, нике дубасы окулбагандай болуп турат. Үйлөнгөнүңөрдө молдо чакырып, нике кыйдырдыңар беле?

-Жок. Кайын журтум андай кыргыздын салтын билбесе керек. Үйлөнүү кийимин кийип, той өткөзүп, бакыт үйүнө катталып баарын эле жасаганбыз.

-Аларыңар ашыкча ысырап, мусулманчылыкта эң негизгиси нике кыйдыруу керек. Никеси жок жашоо чоң күнөө болот. Эгер нике кыйылбаган болсо тигил дүйнөгө барганда сени күйөөгө тийген эмес, балдары шариятсыз төрөлгөн деп эсептешет. Эми бир келгенде жолдошуңузду ээрчите келиңиз, нике кыйып коеюн,— дегенде Адаштын оозу ачыла таң калды.

Молдо дем салып берди. Үстүнөн оор жүктү алып таштагандай Адаш жеңилдей түштү.

-Намаз окусаңыз мындай жин шайтан, илешкерлер, дуба, көз дегендер жолобойт. Жан эркин болот деди. Көптөгөн хадистерден айтып берди эле, намазга Адаштын жүрөгү ачылып , молдого намаз окуйм деп сөз берди. Адаш үйүнө келип, жолдошуна молдонун айтканын айтты эле, Матай көпкө ойлонду. Баягы, намаз үйрөнөйүн деп келген чалдын сөзүн, Акак эженин каапырларга үйүмдү бере албайм дегени эсине кайра түштү. Ордунан туруп, ал да молдого барды. Молдодон келген соң:

-Экөөбүз тең сокур болгон турбайбызбы. Сокур сокурду жетелеп дегендей, экөөбүз тең аңга түшүп кете жаздаган экенбиз,— деди, оор үшкүрүнүп Матай. Адамдын бактысыздыгы анын ысымынан, жашаган үйүнөн да болот экен. Экөөбүз тең атыбызды өзгөртсөк кандай дейсиң?

-Эң жакшы болот эле. Балким жаңы аттуу болгондон баштап, адашпай калаармын. А кандай ысымдар жакшы экенин молдоке айткан жокпу?

— Айтты. Кыргыздын мааниси жагынан жакшы сөздөрдү түшүндүргөн, пайгамбарлардын аттары жакшы экен. Матай орустун аты экен. Мени Атай-Абдулла деп атымды азан айтып өзгөртүп берди. Анда эртең сенин ысмыңды өзгөртүп, кайра жаңы аттарыбыз менен нике дубасын окуталы.

-Макул, бирок башка күнү баралы. Эртең апамдын өлгөн күнү эле. Куран окутканы ошол жакка барышым керек.

-М..м..мен аны унутуп калыпмын. Молдого дабатка чыгып намаз окуганды, мусулманча парыздарымды үйрөнөйүн,— деп айтты элем.

-Мейли бара бер. Өзүм деле барып келем деди Адаш.

Ошентип намаз окугандан бери аларда акырындап ийгиликтер боло баштады. Ал күнү Матай кырк күнгө даватка кеткен эле. Адаш жылдыз тарап баратканда багымдат намазын окуп бүтүп, көпкө тесме тартып, анысын бүтүп, терезени ачты. Былкылдап оң көзү тартып калды, ал баягы Кыйбасын эстеп кетти. Кызык, терезеден апаппак көгүчкөн үйгө кирип, үйдү эки-үч ирет айланып чыгып терезеге конуп калды. Адаш кыймылдабай көгүчкөндүн эркине коюп, суктанып карап турду.

-Бул жолу жакшы кабар алып келгендирсиң көгүчкөнүм. Уулум кайда, аны сен билесиң. Суранам, Аллам уулума жолуктурчу, дал ошол күн кайталанчудай жүрөгүм кайдадыр алып учат,— деп көпкө ыйлады. Адаш эми ар башкага сыйынбай, бир гана Аллага ишенет. Ал өзү төрөрүнөн үмүтүн үзүп койгон. Тилеген тилеги: Кыйбас уулу бир күнү эшик ачып кирип келиши эле. Кээде өзүнө ачуусу келе: андай жомокту кайдан таап алдым экен деер эле.

Көздөрүн көнөктөй шишитип , Адаш базарга келди.

-Саламатсызбы Адаш эже,— деп Жаркын жаркылдай маңдайында турду.

-Аллага шүгүр, өзүң кандай, кошуналар кандай, Акак эже кандай,— деп Адаш экөө кучакташып көрүштү.

-Эже, мен сизди көптөн бери издеп жүрөм. Баягы Анара эже берип, кайра алган баланы тапкам. Аны алыска деле эмес, наркы көчөдөгү, ошол, бала төрөлгөндө ошол бөлмөдө жаткан эгиз төрөгөн Седеп деген жаш келин алган экен. Энеси ага ишеним кат жазып таштап качып кетсе, Анара эже бизге берип, кийин, тигил келин арызданам деп коркутуп да, акча көп берип да, үч эм төрөдүм деп өкмөттөн акча алмакка багып алган экен. Ал кезде жашоолору түзүк эле болсо керек. Кийинки жылы дагы уул төрөп, төрт баланы багуу кыйын болот.

Жолдошу Россияга иштегени кетип, ал жактан дарексиз жоголот экен.

— Астагфирул-лох!

— Балдар да жүдөп, өзү да абдан кыйналып кетти. Өкмөт бакма бала экенин билип, нике күбөлүктөрү жок деп эч жардам бербейт. Балдарга да документ ала албайт. Эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, күн жылууда тогуз айлык уулун көтөрүп, көчөгө машиналар көп өткөн жерге туруп, кайыр сурап оокат кылып жатыптыр. Бирок ал жерден да, шаардын көркүн бузуп жатасыңар деп акимчиликтен келген балдар куугунтуктайт экен. Эки жаштагы үч уулун үйүнө жалгыз камап кетет. Кээде мен аларды карап турам. Жума күндөрү мечитке келип уулунун колундагы «Алла» деп жазылган жазууну көргөзүп, кайыр алып, эптеп жашап келатат. Ошол жума күнкү тыйындар берекелүү болуп, кээде бир, эки жума оокатка жетет деген. Ошол уулун далай ачкачылыктан сактап калган деп жакшы көрөт. Алланын сүйгөн уулу деп атын Кудайберген койгон. Баары эркек болгонгобу же кичинекей балдар ушундай тентек болушабы, айтор алардын үйү өзүнчө эле базар болуп турат.

Аны уккан Адаштын чыдамы жетпей:

-Иншалла. Алла ыраазы болсун сага. Тезинен мени ал жакка алып бар. Мен сөзсүз ал аял менен сүйлөшүшүм керек,— деп, шашыла товарларын жыйнай баштады.

Жаркынай айткан сөздөрүнө өкүнө, коркуп да турду. Буларды бала талаштырып, ыраса жаралуу жүрөктөрүн оорутпасам болду деп бара жатты.

Адаш бейтааныш келинди чочутуп албайын деп Жаркындын эжеси болуп таанышты. Балдардын баары уктап жатыптыр. Эки бөлмөлүү үйү жупуну болсо да таза, тыкан экен. Төрдө кичинекей жүк, чай ичкен стол, жука кийиз, дубалда колго сайма сайылган туш кийиз тагылып турат. Ал туш кийизде кадимки бизге келген ак көгүчкөн тирүү тургандай кылып сайылыптыр. Айнекте эки сынык ойунчук машина турат. Жашаялмет болсо да, баары орду менен турат. Үйдү көрүп Седептин бышык, таза, өзүнө тыкан аял экенин байкайсың. Жапалдаш бойлуу, арыкчырай, капкара коюу чачы бир өрүм өрүлүп белине чейин жетип турду. Кара тоголок көздөрү ойноктогон жылдыздуу келин экен. Жашы отузга жакындап калгандай. Бирок анын көздөрү суз, жүрөктү куушура жалжылдап турганын көрдү Адаш. Ийкем кыймылдап, чай алып келе калды. Столдун үстүндө жарым бөлкө нан эле турду. Адаштын боору ооруп, балдар турса нанды ошолор жесин деп, бир чыны чайды курулай араң ичти. Жаркын чөнтөгүнөн жыйырма сом сунду эле келин сүйүнүп кетти. Тиги жок, бул жок деп нааразыланабыз, а бул ушуга тобо кылган келин экен буга кудайдын берэри чоң го деп Адаш ойлоп турду. Илгери адамдар айтчу экен.

Балам, бул дүйнөдөн ичер сууңду, татар насибиңди энең өзүң менен кошо төрөгөн деп. Адаш уулум ачка жүргөн тура деп жүрөгү сыздап кетти. Балдарды ал күнү жакшы көрө албады. Эртеси балдарга таттуулардан алып кайра келди. Седеп Адаш менен сылык учурашып, чай койгону ашканасына кетти. Жерде эки бала бир оюнчукту талашып жатышкан экен. Айнекти карап турган баланы көрүп, Адаштын жүрөгү атылчудай түрсүл кагып, ордунан ыргып балага жетти. Бала сыртта жерди ченеп жүргөнсүгөн ак көгүчкөндү карап, бирдемселерди кужурап турган экен. Жанындагы чоочун аялды байкаган жок. Адаш ак көгүчкөндү көргөндө эмнегедир баланы таңдана карады. Ооба, ал баягы ак көгүчкөнгө опокшош. Балким ошолдур. Бул Арча Бешик менен Жаш Гвардиядан чакырып бири бирибизди табыштырдыбы? Же ал жактагы башка көгүчкөнбү, түшүнө албады. Үмүтүн үзүп койгон эле да, Аллам ага бир ишарат берсе керек. Берки экөө Адаштын колундагы баштыкты тарткылаганда өзүнө келе калып, ар биринин колуна таттууларынан берип алакандарын карап, Кыйбасын издеп жатты. Көгүчкөн менен сүйлөшүп тургансыган баланын алаканын карап:

-Мына баягы жазуу, таптым, уулумду таптым деп жиберди. Ал бала баарынан сулуу да, нурлуу, бойлуу да экен. Адаш айнекти карап, жерден бакка учуп конгон көгүчкөнгө ыраазы боло:

«Сен кимсиң уулумдун досусуңбу же колдоочусусуңбу, жерден көрүнбөй калат деп бакка олтурдуңбу, коркпогун уулума эч жамандык кылбайм,»— деп,үнсүз, көзү менен айтып турду. Баланы берки балдардан бөлүп, сыга кучактап, өпкөндөн Седептен кысынды. Эмчеги зырп этип сыздап кетти. Аттиң, маңдайыбызда турсаң да, кандай алыспыз деп үшкүрүнүп, Адаш үчүн кең дүйнө алакандай тар болуп турду. Ошондон тартып алгачкы күндөрү базардан күнүгө тапкан акчасына оокат— аш алып Седепке жүгүрөт. Алдынан балдар апалап жүгүрүп келип кучактап тосуп алышат. Эмнегедир келин да балдардын Адашты апаш дешине каршы болгон жок. Кыйбасым деп ыйласа эми балдардын баарын жакшы көрөт. Кайрымдуулук фонддо иштейм деп акырындап күндө келип алар менен камыр жумур болуп көнүп кетти. Буга чейинки санаа, күйүтүнө, Кудайбергендин кубаты дары болду. Келгенде акырын акмалап көгүчкөндү кошо издейт. Ал да ошол тегеректе алыстабай жүрөт. Базардагы товары түгөнгөндө, жардам берүүгө бай адамдарды издеп, балдардын сүрөттөрүн көргөзүп, үйлөрүнө ээрчитип келип жүрүп өзү да «Кыйбас» деген фонд ачып алды. Кыйбасты көргөндө ушунчалык эзилип, жакшы көрөт, бирок аны бакма энеси бермек түгүл үйүнөн кууп чыгып, балдарды башка көрбөй калбайын деп коркуп, баласын сурай албады. Седеп ал баланын атын Кудайберген деп берки өзүнүн эгиздерин Бакберген, Бекберген, эң кенжесин Кутберген деп атап алыптыр.

Кудайберген чыны менен жөн бала эмес деп адан да коркчу. Матай даваттан келгенде Адаш аны балдар жашаган үйгө ээрчитип барды. Ал балдарга атынын «м» тамгасын алып салып, мени Атай деп атагыла деди. Балдар жүгүрүп келип Атайды өздөрү эле «й» тамгасын кошпой »ата» деп калышты. Бул сөз аны жүрөгүн катуу жибитти. Кыздарды көргөндө көзү күлмүңдөгөн Атайга Седеп жакты. Атай кара көздөрү менен эркелетип, тигиле, телмире карап, Седептин бүткөн боюн жылытып, көңүлүн ийинтти. Ошентип жетим балдар, менен жесир аялды, анан албетте, өз аялын багуу үчүн жан далбастап иштеди. Адаштын да иши оңолуп, башка көптөгөн балдарга жардам берүү үчүн күндөп-түндөп, чет мамлекеттерден жардам сурап иштеп жүрдү. Андай күндөрү Атай менен Седеп башынан өткөргөндөрүн айтышып, жакындан тааныша башташты. Седеп да, балдар да аларга аябай көнүп алды. Седептин кечинде күндө тамакка чакыруусунан, балдардын чырылдап кетирбей койгонунан улам күнүгө ал жерде болуп жүрүп акыры аларга бирото эле көчүп келип алышты. Күзгү саргайган жалбырактар менен кошо Адаштын да саргайган санаалары түшүп жатты. Ачуу турмуш аларды бири –бирине жакындатып, акыры ажырагыс кылып байлап салды. Адаш уулун жакшы көрсө, Адашты да, Седепти да Атай жакшы көрөт. Келинден баланы алып алууга жүрөктөрү даабай, ыймандары да уруксат бербейт, келин деле туубаса да тутунган баласын аларга бербесе керек. Биресе келин деле аларды кууп жибере албайт, себеби кайыр сурап көчөдө тургуча булар балдарын эң сонун багып жатпайбы. Өз күйөөсүнөн болсо эч кабар жок, деддомдо чоңойгондуктан анын да, өзүнүн да тууган –туушканы да жок. Келиндин да оор турмуш башынан көп өтүп, баарын акыл менен калчап, Адашты өз бир тууган эжесиндей сыйлайт. Экөө жакшы сырдашып, бири-биринин кайгысына кейип, кубанычына сүйүнүшчү болду. Адаштын көзүн карап, анын сөзүн эки кылбайт. Балдарды жакшы багып Атай менен Адаштын кийимин жууп, тазалап, кечкисин тамак жасап, жумушка кетишкен аларды баары күтүшөт. Адаш Седептин улам күзгүгө карап, жарашыктуу кийинип, өзүн-өзү жоокалап, Атайдын көзүнө көбүрөөк көрүнүүгө умтула баштаганын байкады. Атайдын күнүгө кечиндеги баарын олтургузуп алып, дават кылуусунан улам Седеп да намаз окуй баштады. Балдардын баары эч кимдин үйрөтүүсү жок эле Атайды ата, Адашты апаш, келинди мама деп алышты. Ал күнү Адаш чарчап келип жаздыкка башы тийээр менен уйкуга кетти. Түшүндө Атай ак боз ат минип, ак кууну бир колуна кондуруп, экинчи колуна себетке салынган жумурткаларды кармап, Адашты баш ийкеп чакыргансыйт. Адаш аларды суктана карап, алаканындагы кичинекей бир жумуртканы кармап турган эле. Адаш жумуртканы Атайга берди, ал себетке салып, жумурткаларга кошуп койду. Адаш тырмышып жатып, Атайдын аркасына учкашып алды. Ал, бул түшүн эмнеси деп көпкө ойлонду. Далай жолу түгөнбөгөн түпсүз ойлор менен таң атырды. Адаш кайрымдуулук жумушу боюнча Америкага учуп кетти. Ал самолетто бара жатып дагы түш көрө кетти. Маркум апасы чоң сандыкты көргөзүп, ачкычын берип, аны ач дейт. Адаш эч ача албайт. Ойгонуп, түшүн жооруй албай кыйналды. Америкадагы жумуштары бүткөн соң Адаш дүкөн кыдырып, балдарга оюнчук, таттуулардан тандап алды. Матайга, Седепке да белек алмакка башка дүкөнгө кирип баратып, кайыр сураган аялды көзү чалды. Өнүккөн өлкөдө деле кайырчы болот тура деп, кызыга дагы бир ирет карамакчы болду эле ал аял келип Адашты колдон алды. Ал, коркконунан кыйкырып жибере жаздады.Өзүнүн осолдук кылганын түшүнө койгон кайырчы аял кыргызча жалынып— жалбарып жиберди. Адаш кунт кое караса ал, баягы Галя экен! Айдай сулуу кыз, көзүнө кемпирден айырмасыз көрүндү.

— Эже айланайын эже, мени ала кет. Көрөөр күнүм, ичээр суум бар экен. Мен акмак болдум, мени алып кет. Туулган жеримдин жыты, кыргызымдын кийими деп Адаштын кийимин жыттагылап да жиберди. Адаштын итатайы келип, бутун кучактап, ыйлап жиберген кыздан жийиркене бутун алакачып, жолун уланта берди. Кайырчы кыз анын артынан калбай чуркап келатты. Обочороок жерге барганда Адаш токтоп,

— Сен ач кенедей жабышып, менин жашоомо бардык жерден тоскоол болуп, жолумдан тососуң. Дайыма көңүлүмдү оорутасың. Мен сенден канткенде кутулам деги,— деп, Адаш ызалуу ыйлап жиберди.

-Эмне деп урушсаңыз да, кандай урсаңыз да мен даярмын, эже! Эптеп эле Кыргызстанга мени алып кетиңиз. Өз эл-жеримде мынча кордук көрсөм да кыйналбас элем!— деп, Галя да буркурап ыйлап жатты.

Экөө бугун чыгара көпкө ыйлашты.

Карган киши менен бир жылдан бери жашап, тажап калганбы, же өзү айткандай чын эле Актаңга ашык болгонбу тигил солуктап ыйлай берди. Адаш аргасыздан, бир чети кандашын кыйып кете албай башын жерге салып, кыздын тагдырын угуп олтурду. Балким өз жерин, элин, өз тилин сагынганда Актаң жолуккандыр.

Анын жагымсыз жытынан, өзүнө чоң, кир кийиминен жийиркенди. Мурду ачылып кеткендей, жаман жыттан улам окшуп, кусуп жиберди. Өзүнчө Седеп менен Галяны бир сыйра салыштырып алды.

— Бир күнү кыргыз ырчылары концерт коюп келишти. Концертке келсем Актаң алды жакта олтурган экен. Аны биринчи көргөндө эле сүйүп калгам. Буга чейин сүйүү эмне экенин билбептирим. Бассам -турсам көз алдымда шыңга бойлуу , толмооч, арстан жүрөк, тамашакөй, жылдыздуу, аппак кыргыз жигити туруп алды. Жапжаш бышык чыйраак Актаңды, кантип акчалуу чалга алмаштырып алам деп ойлочумун. Ошондо, мага концерттен да сүйгөнүм менен сүйлөшүү эң маанилүүдөй болду. Концерт бүткөндөн кийин телефон аркылуу чакырып алам деп, Маркты кетирип жибердим. Актаңды болсо телефон чалып, сыртка чакырып алдым.

Ресторанда бири-бирибизге арзуубузду айтып көпкө олтурдук. Ошентип, уурданып жолугушуп жүрүп, акыры экөөбүз Кыргызстанга качмак болдук. Документерибизди күн мурунтан даярдап, билет алып койгонбуз. Ал окуусун, мен Джонду таштап качып чыктык.

«Эч нерсеңди алба. Өз жерибизге жетип алсак, керектүүңдүн баарын алып берем. Чалың шекшип калбасын» деген Актаңдын сөзүн укпадым. Эки чоң сумка кийимимди алып Джон жумушка кеткенде, Актаңдын жашаган жерине көчүп бардым. Эртеси Аэропорттон Марк досу Вильям, дагы эки жигит менен келип, бизди кармап алышты. Актаң экөөбүз кучакташып, келечекке жакшы максат, ой тилектерди тиленип олтурганбыз. Джондун куугун жиберээрин ойлогон эмес элем. Анын кызганганын деле көргөн эмесмин. Бизди эки жакка бөлүп, сыртка чыгарып, Актаңды сабашты. Ал мага карап:

-Алтыным, бүт аракетиңди жумшап, өз өлкөбүзгө качкын. Ошол жактан жолугушабыз. Мен сени сүйөм. Биз баарибир бирге болобуз, ишен жаным,— деген боюнча сүйрөп барып машинеге салып кетишти. Чаңга оонап, Марктын бутун кучактай:

— Кечир мени, сен деле жашсың го. Мен ал баланы сүйүп калдым. Марк, туура түшүнүп бизди кое берчи. Сүйгөнүмө эч жамандык кылбачы. Мен Джонго айталбай койдум, жүрөгүн оорутпай кетейин дегем,— деп ыйлап жаттым.

Марк мага көзүнүн чаарын чыгара карап, чачыман сүйрөп, башка машинага жулкуп салып, Джонго алып барды.

Джон менин документеримдин, кийимимдин баарын өрттөп, бир таанышы менен он эки саат алыстыктагы ушул жерге таштап кетти. Актаңды эмне кылгандарын билбейм, ал дарексиз жоголду. Ошол тагдыр тартуулаган эстен чыккыс күндөр, ал айлуу, бактылуу түндөр эми кайрылып келбей калды го, кайдан. Актаң экөөбүздүн сүйүүбүз ак эле, чыныгы сүйүүнүн дал чокусу эле. Мунун баарын эми түшүнүп олтурам. Аны өлтүрүп коюштубу деп корком.

Эки айдан бери көчөдө, эмне кана кордук көргөн жокмун, таштанды терип жеп жашайм.

-Кээ бир адам көздөн учуп, тамчы сууга зар болуп олтурса, кай бири ошол суудан тажап, анын акпай, соолушун күтөт. Үйлөнүү тойуңарда эскертсем укпай койдуң. Күнөөсү жок жаш Актаңга боорум ооруйт. Эгер тирүү болсо эмне кордукта жүрдү болду экен,— деди Адаш.

-Ооба эже, дал ошол менмин. Мерчемдүү берилген жашоомду татаалдаштырам да өкүнүп, көп күнүмдү ый менен өткөрөм. Актаңды да азгырган менмин,— деп Галя шолоктоп ыйлап жатып, бутум уктап калыптыр, кош бойлуу окшойсуз деп койду.

— Кой эми болоору болуптур,— деп Адаш сумкасындагы кийимдерин, калган акчасын Галяга кыйбай берип, оңдоп— түздөп «Чилдрен» деген балдардын кайрымдуулук фондуна сүйлөшүп, ошол жерде бардык жумуштарын жасап, убактылуу жашай турган кылып сүйлөшүп калтырды.

-Паспорт алганда Кыргызстанга бараарсың. Азырынча башка колумдан эч нерсе келбейт. Кош,— деп колун сунду.

— Эжеке, рахмат, -деп Галя көз жашын көлдөтүп кала берди. Ал Галянын ата-энесинин дарегин алып, фонд аркылуу байланышаарын айтты. Адаш кетип баратып, көпкө чейин далысы менен Галянын көз жашын төгүп, артынан узата карап турганын сезип баратты. Анын бул жолку командировкасы өтө оор болду. Актаңды эстесе жүрөгү тилинип, көзүнө жаш келет. Өз жашоосуна тооп кыла жакасын карманды. Ал жактан үйүнө келер келгенче бирде кусуп, бирде башы айланып демейдегиден аябай кыйналып келди. Бул эмнеси Аллахымдын соопчулук иштериңе, сага да берерим бар дегениби. Шайтан кыздын «бутум уктап калыптыр, кош бойлуу окшойсуз»-дегени чынбы?-деп ойлонуп кетти. Үйүнө араң жетти.

Күйөөсүнүн Седепке кайдыгер эмес экенин байкаган кыраакы келин: багымдат намаздан кийин кош колун көккө созуп, мөлтүлдөтүп көзүнүн жашын куйултуп:Оо Аллам сезимимде бул туюм сенин кереметиң, мага жиберген сынооңбу деп турам. Демек, мен ага баш ийишим керек. Башка эч аргам жок, өтө ичке бир гана бийиктикке төтө жол турат. Башка баардык жолдор төмөн кетет,— деп ойлоду. Түшүндөгү кулпунун ачкычын таап, ачмак болду. Атайга учкашып, тагдыр жазган маңдайдагы буйругун эч бир жан бузуп же оңдой албагандай эле Адаш да буга көнмөк болду. Мечитке барып, ысымын Нурайкөлгө өзгөртүп, Атай-Абдулла экөө нике дувасын окутушту. Бул ысымды Адашка Атай койуп берди. Седептин ысымын Багымга алмаштырышты. Кийинки күнү Седеп менен Атайды эрчитип алардын никесин кыйдырып, балдардын көздөрүндөгү ишенимди чындыкташтырышты. Адаштын мындай марттыгына ыраазы болгон кыраакы Седеп да: «кай күнү булар мени кууп чыгат деп жүрөгүндө бүдөмүк болбосун «-дегенсип, улуусу Кудайбергендин жана кичүүсү Кутбергендин документинде ата-энеси Седеп-Багым, Атай-Абдулла, берки эгиздердин Бакберген, Бекбергендин ата-энеси Адаш-Нурайкөл, Атай-Адулла деп жаздырышты. Атай бир Нурун карап, бир Багын карап эле бактылуу. Адаш Седепке ыраазы боло:

-Далай жыл мээнеттенип, үзүрүн көрчү өмүрүмдүн күзүн тартууладың,— деди... Алар айылга апасынын туулган күнү менен куттуктаганы баратышты. Машинада чурулдаган балдар. Нурайкөл жеткенче улам токтотуп куса берди. Ал машинада баратып, баягы төлгөчү аялдын сөзүн эстеди. Кызык ошондо Ашыкпа, убагы келет дебей эле, Аллага шүгүрчүлүк келтирип, парздарыңды аткарып, намаз окуп Алладан суран десе болмок да. Адашып, бакытка да , намазга да кеч жеттик деп курсагын сылап, ойлонуп баратты.

 

© Асылбекова Зульфира, 2012

 


Количество просмотров: 51948