Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асылбекова Зульфира, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 30-январы

Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА

Азалуу эки эне

(монолог)

“Азалуу эки эне” аңгемесинде 7-апрелдеги кандуу күндө, уулунан ажыраган эне жөнүндө сүрөттөлөт. Күйөөнөн, үч уулунан айрылган эне, Толгонай эне менен сүйлөшөт.

Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    А 91
    ISBN 978-9967-25-883-9
    А 4702300100-10

Нускасы 500 даана

 

Асылкан текчесинде турган Ч. Айтматовдун китебин колуна алып, эмнегедир туталанып китепти кайра жерге ыргытып жиберди. Анан эле үңүлдөп ыйлап, жерге кулап түшүп жатып калды. Анан түк ойго келбес, күтүүсүз иш болду: жерде жаткан китептен Толгонайдын кинолордон көзгө тааныш, бөртмө жоолукчан элеси чыга келди.

 — Амансыңбы, Асылкан?..— деди ал суз.

 — Аманчылык. Аман болбой куруюн,— Асылкан таң кала, бирок сыр бербей жерден селт башын көтөрүп, карап маңдайындагы бейтааныш аялды кунт коё, түздөнүп олтурду.

-Эмнеге китепти ыргыттың? Дүйнө жүзү бүтүндөй кызыгып окуган бул китепте эмне күнөө?—  деген Толгонай наалый диванга олтура кетти.

Бейтааныш аялдын али кимдигин биле элек Асылкан:

 — Бул китептеги Толгонайга ачуум келип турат. Аны эмнеге өзүмө кумир кылып алдым экен? Эмнеге Толгонайдай кайраттуу, кыйын аял болсом деп тилендим эле? Бул китепти кайдан окудум? Эмнеге жаш кезимде Толгонайды туурап, мектепте анын монологун чын дитимден айттым эле. Ошондо элдин баарын ыйлаттым эле го!

— Ооба, жакшы айтчусуң. – бейтааныш аял сөзгө аралашты,— Мен сага ыраазы болоор элем. – аялдын мен дегенинен Асылкан анын Толгонай экенин түшүнө койду! Бирок сыр берген жок.— Кээде Кытайдан качып келатып карышкырга жем болгон байкуш Ажардын, эли үчүн өз уулун өлүмгө кыйган кайраттуу Курманжан датканын, немистердин азап-кыйноосуна сынбаган Зоя Космедемянскаяны да жакшы ойночусуң.

— Эмнеге ошолорду туу тутуп, бактысыз ал аялдарды кыйын аялдар дедим экен? Көрсө турмуш кандай өкчөсө, адам баласы ошондой өкчөлө берет турбайбы. Турмуш агымын токтотууга же азап-кайгыны болтурбай коюуга эч бир пенденин алы жетпейт экен да. Тагдыр-кудай кимди кандай өкчөөрүн эч ким менен эсептешпейт тура. Башка түшсө байтал да жоргологондой башыңдагы кыйынчылыкты көтөрбөскө адам аттуунун аргасы жок экен.

— Ошондой оор кыйынчылыктарды сабыр менен көтөрүп, андан татыктуу жашап өткөнүң эң чоң баатырдыгың. Көп эле армандап ыйлай бербей, башыңды жогору көтөрүп, кайгыга алдырбачы, Асылкан.

— Сен кимсиң? Кайдан келдиң, менин кайгымды бөлүшүп?..— Асылкан эми гана эсине келгендей бейтааныш аялга таңдана карады.

— Мен сенин муңдашың Толгонаймын. Турмуш экөөбүздүн тагдырыбызды окшоштуруп, табыштырып олтурат. Ачуу арманыңды өз ичиңе катып мөгдөп ыйлай бербей мага карачы.

Асылкан ыйын токтотуп Толгонайды карап:

— Кечир, Толгонай эне. Жалбырактары күбүлүп түшкөн мен бир куураган даракмын. Күндөн күнгө соолуп бараткан байкушмун. Ага канчалык боор ооруган менен эми көгөрө албайт, кеч. Аттиң, балким ушул Толгонайдай кайраттуу аял болсом деп суктанып, ниеттенбесем бактысыз болуп калбайт белем деп да өкүнүп кетем. Эми бул да айла жокто бир келип-кеткен куру ой да. Карааныңдан кагылайын Толгонай эне, сени байкабай кейитип алсам кечир. Мен өз тагдырыма таарынганда ушинтип ар кимди кошо күнөөлөп, бугумду чыгарып алам. Кара көзүм кашайып баарынан айрылып, кан жутуп олтурсам, кантип ыйлабайын. Сен экениңди байкабадым. Кантип келип калдың? Ушундай да болобу? Баса, Жанболот менен сүйлөштүңбү? Ага ата-энеси жөнүндө айтып бердиңби?

 — Сен мени эстеп, чын ниетиңден чакырдың, мен келдим. Сага таарынып эмне кылайын. Мен да сен сыяктуу бир шордуу эмесминби. Сенчилеп санаадан күйгөндө күйүтүмдү Жер эне менен бөлүшөм. А сен болсоң эми мени менен бөлүшкүн.

Небереме чындыкты айтууга эч оозум барбады. Ал азыр жетимишке жакындап калган аксакал. Жанболот эс тартканы менден өз ата-энеси тууралуу эч нерсе сураган жок. Балким өзү деле уккан чыгаар. Укса да энеси Алимандай баарын ичине катып, жан сырын эч кимге айтпаган бекем. Ал сыр болсо менин ичимде, Алимандын ичинде, Жанболоттун ичинде тикен болуп али да сайылып жүрөт. Алиман ал сырын тигил дүйнөдө жолукканыбызда да мага айтпады. Уулу Жанболотту, келин, неберелерин гана сурады. Балким тигил дүйнөдө уулуна сырын ачаар.

 — Асылкан баарынан айрылдым деп, кудайга күнөөкөр болбо, тиги чолпондой кызың бар эмеспи. Ал укса таарынат. Эми ошонуң аман болсун. Баса, ал догдурдан чыкты беле?

 — Жок, чыга элек. Дагы он чакты күн дарыланат экен. Боорунан операция болгондон бери какыс айыга албай койду. Дайыма дары ичип жүрөт. Турмушу шыр болбой, беш жылдан бери төрөй албай да кыйналып жүрөт. Толгонай эне, сенин күйөөң, уулдарың, келиниңди фашисттик немецтер жутса, а менин балдарымдын бирин Акаевдик башкарууда ашынган кылмышкерлер, бирин өзүмчүл Бакиевдин канкорлору алып кетти. Уулдарың, жолдошуң ата-мекенди коргоодо ачык душмандардан баатырларча курман болсо, менин уулдарымды “өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” болуп өзү шайлаган президентинин айынан окко учканына ичим күйөт, ал жан алгычтардын азырга чейин тирүү жүргөнүнө ичим өрттөнөт. Бейкүнөө балдарды аттырып коюп эми санаасы тынч, жаны аман, үй-бүлөсү жанында, тынч жыргап жашап жаткандарына күйөм. Толгонай эне, сен бактылуу аял экенсиң. Сенин жакындарыңды жуткан душмандардан өч ала алдың. Алар жеңилди. Жакындарыңдын мээнети жанды. Алардын каны менен эл-жерге тынчтык, теңдик, тең жашоо келди. А менин уулдарымдын каны менен эмне келди? Каңкайган бир бөлмө үй келди. Башка өзгөрүлгөн эч нерсе деле көрүнбөйт. Ак үйдүн жанында жупуну таш эстелик турат. Өкмөт мамыга ороп май бергенче, уулумдун териге ороп суу бергени артык эле. Мага каңкайган бош там эмес, кепеде жашасам да балдарым, неберелерим, келиндерим жанымда болуп, бир башым элдикиндей отузга же элүүгө жетсе төбөм көккө жетмек. А мен ошол баламдын кунуна келген акчага балдарымды кайра тирилтип ала албадым. Баягы жармачтар жармач бойдон, ачтар ач бойдон, байлары бай бойдон, чоңдору чоң бойдон жүргөнүнө ичим тызылдайт. Теңчилик, жакшы турмуш келсе мейли эле го. Балдарымдын адал эмгек, ак ниети, өз колдору менен салган кепесинде олтурсам дүйнөдөгү эң бактылуу аял болмокмун. “Карыганда берсин дөөлөттү, жашта берсин мээнетти” деп жашымда далай мээнеттенсем деле болбоду.

Эми көрөөр чагымда ажоолор минтип, кара кийгизип, кан жуткузду. Караколдо үйүбүз, айылда гектарлаган жерибиз бош калды. Минтип бир бурчта жалгыз олтурам, жүрөгүм тоңуп, эч нерседен коркуп-үркпөй, денем күйүткө күйүп, ооруганын эч сезбей калдым. Уулума “элиң бөрү болсо, бөрү болуп, түлкү болсо, түлкү болуп” жашай берсең эмине деп сыздайм. Ошентсе башы аман болот эле го! Толгонай эне, сен небереңди жетелеп калдың. А менчи... Мен эми кимди жетелейм?!.

 — Асылкан, сен жакындарыңды өз колуң, өз көзүң менен көрүп коштоштуң. Топурагынан жыттадың. А мен... алардын кайда көмүлгөнүн да билбейм. Акыркы үнүн укпай калдым. Топурагын жыттабай калдым. Жакындарыңдын мүрзөсүнө барып, Асылкан сен гүл кое аласың. А менчи, арман...— Толгонайдын өңү сумсайып, үнү кардыгып араң чыкты.

 — Аның ырас. Бирок менде тукум жок. Толгонай эне, сенин неберең бар. Неберең Субанкулдун атын өчүрбөйт. А мен күйөөмдүн атын өчүрдүм, кокуй!— деп, Асылкандын өңү кубарып, көзүнөн жаш атып кетти.

 — Душмандардан өлгөндөр үчүн өч алганыбыз ушул болсун деп келиним экөөбүз жумушка кириштик. Сен да армандан алаксып, иштеп кет.

 — Толгонай эне, сен ачкасынан ак шишик баскан балдарды көргөнүңдө жаның кейип, алардын абалы үчүн сен жооптуудай сезип, алардын “нан” деп телмирген көздөрүнө тик багалбай жүрбөдүңбү. Колуңдан келсе эчтекеңди аябай алтүгүл Субанкул, Касымдын артынан барып жанымды курман чапсам, ошондо ушул балдардын курсагы тоет десе, эч кандай ойлонбой туруп макул болор элем дегениңди китептен окуганымда кээде мага да ушундай ойлор келип кетет. А бирок бир жылдан бери эч өзгөрбөгөн турмуш ушул менин өлүмүмөн өзгөрмөк беле деп токтоном. Мен да жакындарымдын жанында болгум келет. А сенин ал оюң ак, ниетиң таза эле, эне. Сени менен жолукканыма ыраазымын.

 — Уулуң элдик баатыр деген наам алды. Ага да тобо де. Баарын башынан шашпай эскерчи. Касым, Мирлан, Рустамдар жөнүндө айтып берчи.

 — Болуптур эне, анда бүгүнкү күн менин эскерүү күнүм болсун. Он жети жашымда Касым ала качып кетти. Мурда көрбөсөм да отубуз тез эле күйүшүп, жакшы жашап кеттик. Маңдай тер, таман акыбыз менен үй салдык. Үч уул, бир кыздуу болдук. Көлдүн Караколундагы Маман айылында жашап, “үлгүлүү үй” аталдык. Таң аткандан, күн батканча бир тыным албай үй тиричиликте, доктурканада чарбачы болуп да иштеп жүрдүм. Кечкисин мал жайгармай, тоок-үндүк бакмай, биринин жумурткасын бирине бастырып көбөйтүп, эчки-койлорубуз эгизден тууп, бакыбат жашап жаттык. Айтмакчы, ошол жылы кашка уюбуз да эгиз туубады беле. Идишибиз каймак-сүткө толуп-ташып турду ошондо. Чарбагыбызда өрүк, алмаларыбыздын шагы ийилип, картөшкө, жашылчаларыбыз да түшүмдүү болгон. Касым айылдын тракторчусу болуп иштеп, ал да таң агарганда кетип, түн киргенде келип жүрдү. Балдар уктап жатканда кетип, алар кечинде уктап жатканда келип жүрүп, балдарынын кантип чоңойгонун деле жакшы билбей калды. Кээде бирин көтөрүп, бирин жетелеп, экөөнү үйгө камап, мен да Касымдан калышпай иштеген күндөр болду.

 — Капырай чарчабаган кандай бышык келинсиң. Доктурдун дарысынан берип, малыңарды эгиздеп көбөйтүп жатасыңарбы? Бактарыңдын шагы ийилип, мөмөсүн көтөрө албаган бу сенин колуңда сырдуу эмиң барбы? Аны бизге деле айтсаңчы ай,— деп, ачык эле сугун арта кошуналар тамшанышчу.

Сырым ошол — Касым бошой калган күндөрү уулдарым менен ылай тебелеп, кыш куюп, чоң үй да тургузуп алдык. Чарчадым, кыйналдым, жүдөдүм дечү эмес элем. Көрсө, ошол күндөр менин эң бактылуу күндөрүм экен. Же берекенин баары күйөөмдө болгонбу, айтор оору дегенди билбей, кара май, трактор менен алпурушуп жүрүп эле, бир күнү ал эч кимибиз менен коштошпой эле кете берди. Мындай болуп кетээрин эч ойлобопмун! Же Касымым эрте кетээрин сезип, бала-чакамды жаңы үйгө киргизип кетейин деп карышып иштегенби дейм. Өлүм деген кары адамдарга эле келет деп ойлочу элем, бейпай жаным. Ал кезде жаштардын өлүмү аз эле да. Ошентип, байкушум, биз деп жүрүп кыркка чыкпай жер кучактап калды.

 — А кургурум, мен да мурутуна жаңы эле ак кирип келе жатканында Субанкулумдан айрылбадымбы.

 — Ай шордуум ай, өлөөрүн өзү деле билбей калды. Билсе жан далбастап, аман жашоого аракет кылат беле. Кантип эле өз жанын кыйып кетсин. Билбейм деги. Ашказанындагы жаман ооруусу өтүшүп кеткенче кантип билбесин. Жесирлик жашоо оор болду. Дароо эле үйүбүз аңгырап, төрүбүз бош калды. Кечки тамакка олтурганда эркектин, үй ээсинин орду өзгөчө жоктолот экен Толгонай эне.

 — Ооба десең, күндүзү тирилик менен жүрүп, кечки тамакка олтурганда Алиман экөөбүз да эки бирдей кара кагаз келгенден кийин кара май, тер жыттанган күйөөлөрүбүздү эстеп, томсоруп калаар элек.

 — Жашаялмет болуп, турмушта жаңы эле баш көтөрүп келатканда, минтип жесир калтырып кетпедиби!..— деп, Асылкан өзөгү өрттөнө, жүрөгү сыздап, буркурап көз жашын көлдөтүп алды. Анан солуктап басылды да,— Күйөөм бар кезде ач-жылаңач болсок да, дүйнөкапар жүрчү элек. “Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык” деген сымал ичимден сызып, бирок балдарым үчүн Касым барда эмне иштерде иштесем, кийин деле ошолордо иштеп жүрдүм. Бирок, баарыбир берекеси жок. Ал көз жумган ошол, 2001–жылдан бери тиричилигибиз артка кетти.

Асылымдын баркын убагында билбей? кадырыңа жакшылап жетпей калбадымбы. Кечир жанбиргем. Сен анда, мен мында болгон менен дагы эле экөөбүз кайгынын кемесинде бирге жүргөндөй сезилет,— деп, аргасыз сыгылган көз жашын сүрттү.— Ошентип, балдар менен баягы бүтпөгөн гөртирилик деп жүрүп, кийинки жылы Касымдын ашын бердик. Кээде уулдарыма таарынганда “баркырак төөнүн, бары жакшы тура” деп кейип жүрдүм. Аны катуу сүйөрүмдү ошол, көзү өткөндөн кийин билдим. Кулак мурдумду, эки колумду бирөө кесип салгандай эле болуп калдым. Жаздыгым суу болуп, таң агарганча ыйлап жүрдүм. Өлөрүн билгенде минтсем болмок, антсем болмок деп ар кайсыны бир ойлоп өкүнөм. Касымдын өлгөнүн угузганда, дүйнөдө бардык кыймыл токтоп калгандай болгон. Эртең эле Касым сымал баарыбыз өлчүдөй сезилген. Мынча эмнеге далбастадым. Ушунун баарын сен үчүн, сага жаксам деп иштечү элем го. Эми мен канттим. Эми мага дүйнөнүн кызыгы барбы?— деп да ыйлап жүрдүм. “Энеден кийин төркүн жок, эрден кийин урмат жок” деген чын экен. Урмат-сыйдын кайдан келгенин кээде биз, аялдар анык баамдап билбей калат экенбиз. Эриң барда элге тең экенсиң. Эриң өлгөн соң баягы көп катташтын, көп достун, көп туугандан, ал акыбал сурашкан чандасы гана калды. Эрден көргөн сыйың эле сый экен.

Капырай жетим-жесир десе эле, алар оокат-ашына кашык салчудай, баары эле акырындап кача башташат экен. Айла канча, бул бүгүнкү же кечээ күнкү көрүнүш эмес. Андай амалсыз жетимдик Манастын уулу Семетейдин, Чыңгыз хандын деле башынан өтпөдүбү. А бирок ошол жетимдерде намыс деген сезим күчтүү болот экен. Аларга ичимден “шашпагыла, чырпыктарым өсүп, чынар болсунчу” деп кекенип, ызаланчумун.

 — Мен заманыма таарынган эмесмин, Асылкан. Мен согушка таарынгам. Биз ак эмгегибиздин үзүрүн көрүп, кандай эмгек кылсак, ошондой жер энем өз үлүшүбүздү бөлүп берчү. Ошого ыраазы элек.

 — Билбейм, Толгонай эне. Балким заман эмес, баарына жалгыз өзүм күнөөлүүмүнбү? Неси болсо да белди бекем бууп, кайрадан доктурда иштеп жүрдүм. Башка айла барбы.

Арадан күндөр өтүп жатты. Балдарым бирине бири жете бой тиреп, зыңкыйган жигиттерден болуп чоңоюшту. Атасынын уулдарына деп сактап жүргөн кийимдерин бердим. Жарашып, тим эле Касым тирилип келгендей болду. Ал кийимдер бирге өткөргөн бактылуу жылдарды эске салып, көзүмө олда кандай жылуу учурап турду. Бир чети уулдарым чоңоюптур деп сүйүнсөм, бир чети ээси жок кийимге кейийм. Эптеп кара курсакты тойгузуу үчүн балдарым да иштеп жүрүштү. Баарынан кичүү эрмегим — Эрланым мектепти таштап, элдин малын кайтарууга чыкканда, жүрөгүм аябай ачышып, онтобой ооруду. Балам да канчалык намыстанып, кой дегениме болбой, көгөрүп туруп алды. Айткандарын бербеген, балдарымдын баарында көктүк бар. Бир күнү Рустам экөөбүз артынан акмалап бардык. Кой жайып жүргөн жайлоосу аябай кооз экен. Эрлан заңкылдап ат үстүндө ырдап жүргөн эле. Бизди көрө коюп, чөп арасынан гүл терип кирди. Секетиң кетейин, берээрге эчтекең жок, гүл берейин дедиңби деп жүрөгүм элжиреп кетти. Мага бир кучак гүл, Рустам байкесине камчысын берди. Атын бош кое берип, алып келген тамактарыбыздан ичтик. Балам табийгатка суктана:

— Апа, асман тиреген тоолорду карачы! Тээтигил арчаларды, алардын жанында сен жана биз сыяктуу тегеректеген балатыларын карасаң. Кандай сонун арча жыты! Тигине!..— деп, какыраган сайларды, суу жетпей, күнгө күйгөн сапсары чөптөрдү деле кандай кооз деп жетине албай көрсөтүп жатты. Балким ал мен көрө албаган сулуулук, кооздукту көрүп жаткандыр. Бир убакта менин жанымдагы гүлдөрдү бирден бөлүп, “карасаң апа, атайылап сызгыч менен ченеп, кыркып, жасагансып, ар бир таажысы тегиз, кооз. Жытычы, бах! Мен адамдарга караганда жаратылыш менен дос болгонду жакшы көрөм. Сүйүнсөң да, кайгырсаң да досуңдай каалашыңча сырдаш. Ооба, алар сөз айта алышпайт, бирок эч кимге да сырыңды ачпайт,— деп, өзүнчө ой багып жатты. Рустам инисин тамашалай:

— Ой, сен малчы болбой эле, романтик болуп кеткенсиң го. Дагы жаратылышты жакшылап байка, тукумубузда акын жок эле, балким сен акын чыгып, ыр жазып, аларыңды сатып, байып кетээрбиз,— деди тамашалай.

Агасынын шакабасы Эрланга жакпай калды. Эх, түшүнбөйсүңөр да дегенсип, колун шилтеп койду.

-Эмне, менин уулум мал бакса эле, акын боло албайт деп жатасыңбы? Бул иши убактылуу эле. Табийгатты ушундай сезе билген, алар менен сүйлөшө алгандар гана чоң акын болот. Акындар эмне, акындардан эле туулмак беле. Эрланым деле акын боло алат,— деп, мен анын көңүлүн улай коштоп койдум.

— Жок апа, мен жөн эле жазбастан табийгатка, жаратылышка жардам берем. Аларды коргойм. Багам. Көбөйтөм. Жаңылыктарды ачам,—  деди менин колдоомон дем байлай түшкөн кичүүм.

— Кыялыңдан сенин, ой, деги жаңылык ачпасаң да, аман жүрчү каралдым,— деп, эт-жүрөгүм элжиреди.

Аты күркүрөтүп чөптөн оттоп, койлору анда-санда маарап, оттоп жүрүштү. Эрланга табийгаттын баары жакын сезилсе керек. Ага тамак алып келип, бир кучак гүл көтөрүп кетчүмүн. Мен анда гүлгө көп кызыкпагам. Касымды жоктоп, көңүлүм чөгүп жүргөндөн улам гүлгө деле көңүлүм келчү эмес. Эрландан узай берип, ал көрүнбөй калганда, берген гүлдөрүн каналдагы сууга ыргытып жиберчүмүн. Кайсы арына гүл көтөрүп алган деп, айылдаштар сөз кылбасын деп тартынчумун.

Көкүрөк күчүгүм мени узатаар менен, ат жалын апчый тартып, ээрине кыйгачтай олтуруп, өзүнчө созолоно ырдаган бойдон малынын артынан кетет. Ал ырларын бүт өзү сүйгөн жаратылышына, астындагы атына, койлоруна арнап ырдайт. Ырларына тоолору да кошулуп жайыраак, анын артынан кайрыктарын кошточу. Шамалы аны бир топ жерге жеткизе коштой кетчү. Суулары шылдырап музыкасын коштоп, бак-дарактары баш ийкей ыраазы боло кол чаап коштоп турчу. Учуп жүргөн куштар да токтой калып, обонуна таң берип угаар эле. Жер эне ушундай уулун багып чоңойтконуна ыраазы боло балкып эрип, кудайым уулума көз тийгизе көрбө түү-түү деп саксактаар эле. Асман чайыттай ап-ачык болуп, анда-мында келген булуттарды эртерээк жылып кеткиле, мага көрүнбөй калды деп түрткүнчүктөйт. Турмуштун жазганына аз-аздан көнүп келатканда, үч жыл өтүп, улуу уулуман ажырадым. Күйөөм өлгөндө эки колумду, кулак-мурдумду кескендей болсо, Мирланымда акылымды, көзүмдү, огеле жарым жүрөгүмдү алып кеткендей болду.

-А садагаларым, тегиңерди тартып тайманбаган, эр жүрөк балдар болдуңар эле. Эки миң бешинчи жылы “Акаевдик башкарууну кулатабыз. Заман оңолот. Бийликке эми жакшы адам келет. Элдин жашоо-тиричилиги оңолот. Апа, бир аз чыдай туруңуз. Атүгүл түшүмдө да көрдүм. Мен машинама канат бүтүп, асманга көтөрүлдүм. Рустам менен Эрлан да өз машинелери менен менин артыман жогору айдап баратышты. Жерде кол булгалап Гүлмира экөөңөр турдуңар”— деген. Чырагым, сөзүнөн бал тамган чечен эмес беле.

Артында балдары калганына тобо кылбай кара көзүм кашайды деп жоолугумду жула өңгүрөп ыйладым эле. Уулум өлгөндө жүрөгүмдү сууруп берип ордуна тынч жаткым келди. Каралдым, анте албадым. Кантип камаздын алдына кирип кеттиң? Же атайын жасалган буйрутмабы? Машине айдап баратып уктап кеттиңби? Берекем кайда шаштың? Же жаныңда болсомчу, балким аман сактап калаар белем. Кырсык дедик.

Мирлан болсо өзүнчө эле мартты күтүп жүрдү. “Аз калды эне. Буйруса баары ойдогудай болот”— деп коер эле. А-а, алдыңа кетейиним ай. Аздап элди үгүттөп жүрөт дегенди угуп, “койсоңчу балам, саясатка киришпе. Ал жаман, ыплас. Андан көрө үйлөн уулум” десем: макул эне, баары сиз айткандай болот. Көп эле кейий бербей өзүңө карачы” деп, бетимен өөп өзүнчө эле элжиреп, эркеледи эле. Көрсө, анысы секет болойунумдун акыркы коштошуусу тура. Көңүлү токтобой, алагды болуп, эмнегедир өзүнчө эле кымкуут чакчелекей түшүп шашып жүргөн.

 — Толгонай эне, балдар чоңойгондон кийин сырларын айтпай калат экен да. Ошол өлөр алдында, негедир эки күн бою коркуп жүрөм деп инилерин жанына алып жүргөн экен. Аны мен кургур билсемчи. Көзү карактууларга көрсөтүп, эмдетип-домдотуп бир жандык союп, кан чыгарып койбойт белем. Өзгөчө балдарымдын боз үй артында буркурап-боздогону сай сөөгүмдү сыздатты. Үндөрү тим эле кудайга жетет! Уулдарыма залакасы тийгендердин мен өңдөнүп ботосунан айрылып, боздоп калышсын деп каргап жүрдүм. Балдарымдын балалык шайыр мүнөздөрү атасы менен Мирландан кийин басмырт тартты. Мирланды коюп келгенден кийин өз үйүм суук болуп туруп алды. Баламдын баскан-турган жерлерин карап тура албадым. Ыйлай берип күйүтүм ичиме түшүп, бир күнү бүт денем алсызданып, жаным ооруп, жатып калдым. Эрлан менен Рустам Казакстанга иштегени кетишти. Баягы ак тилек, ак сүйүү менен салган үйүбүз аңгырап, бош калды. Дүнүйөң болсо да ээси менен болсо жакшы экен. Тууган-туушкандар келип кеңешип: “бир аз убакыт башка жакка иштеп кел, алаксы, калган балдарыңдын келечегин ойло” дешти.

Алыс иштеп кетүүмдүн бир чети — кирешенин жогунан куру алакан калып, акча табуу болсо, бир чети бул, күйөөм, балдарым очор-бачар болуп бактылуу жашаган жай-күбөдөн, алардын элеси сиңген үйүмөн оолактап, алыста бир аз өзүмдү унуткарайын дегем. Жаңы жашоо менен жашагым келет. Бирок өткөн өмүрүмдү унуталбайм. Эрлан менен Рустам, Гүлмираларды кыйбадым. Көп өтпөй кызым турмушка чыгып кетти. Туугандардын айтканын туура көрүп, шаарга келип эмне кылып, кандай жашашты билбей дендароо болуп, радио жарнакка келсем Таласка саанчы керектелет дегенди угуп ал жакка кете бердим.

Ал жактан күтүп алган жаңы “кожоюнум” Таластан шыр эле тоого, Кең-Кол жайлоосуна алып барды. Ал жактан жыйырма уй саап, эртеден кечке чейинки машакаттан жаак эттерим шимилип, көздөрүм ичине кирип, аябай кыйналсам да, кабагым— кашым дебей иштеп жүрдүм. Күзгүнү кароого эч чоло жок. Ой-санаам эле акча чогултуп алып Мирландын ашын өткөзүү. Анан Рустамды үйлөнтсөм деген тилек. Бир жыл билинбей эле өтүп кетти. Бир күнү тоого чыгып, төркүнүмө телефон чалсам: “Рустам ооруп жатат, тез кел” деп бир тууганым безилдеди. Угаар замат эле, жолго чыктым. Келсем үйдө боз үй тигилип, Рустам жок. Куураган телефон жайлоодон тартпай, мени таба алышпай, акыры аны да көөмп коюшуптур. А шордуу Рустамым же атасынан, же энесинен, же бир боорлорунан топурак буюрубай ал да сыз жерге жатып калды. Бир жаңы үйүлгөн дөбөчөнү көргөзүшүп, көксөөмдү суутушкандай болушту. Бирок ишенбедим. Азыр да ишене албайм. Балам эшик ачып бир күнү жаркылдап кирип келчүдөй күтө берем. Ал Казакстандан келип Мирландын машинасын чыгарып, оңдомок болот. Машинанын алдына жатып алып оңдоп жатса, ичиндеги олтурган бала жүргүзүп жиберип, тебеленип өлгөн экен. Кагылайын чолпонум ай, кайсы шайтан айдап келди эле сени! Ал кырсыкталган машинеде эмнең бар эле?! Оңдолбосо жерге кирип кетсе болмок! Аны эмнеге жоготтуруп салбай гаражка койдук экен. Жансыз темир жаныңды жуттубу! Жаныңда болсом, машинени жүргүзбөй сактап калаар белем, каралдым. Кечир уулум. Акча издеп тентип кетбедимби! Аңгыраган бош тамга келип, жүрөгүң ооруган чыгаар. Эне-атаңды издеп ыйладыңбы? Энеңдин ысык нанын, мээримин сагындың бекен? Олда, көлөкөм ай. Агаң Мирландын күрөшүп ойнотконун, машине үйрөткөнүн сагындыңбы, уулум. Бир боорум! деп кыйкырып издедиңби, кулунум. Аркаңдан калбай жүдөткөн Эрлан да жок. Чоңоюп, акча издеп кетти, жок дегенде ошол үйдө болсо деп, ага да капа болгон чыгаарсың. Каралдым кантейин. Баарыбызды чилдей тараткан заман болду го. Казакстанда да Эрлан экөөң чогуу жүрбөй аргасыздан эки башка кеткен экенсиңер. Карындашыңа да ачууланган чыгаарсың. Кыз деген чоңойсо үйүн таштап башкага кетип калат экен деп балким ага да таарындыңбы. Кичинекей кулунум ай, ач кеттиңби, ток кеттиңби эч нерсеңди билбей калдым. Балким машинени оңдоп Таластан мени алып келейин деп шашкан чыгаарсың. Казакстанда кайда иштедиң, кийимдериң кайда калды, аны да билбей калдык. Болгону чөнтөгүңдө чогулткан акчаларың, мага деп сатып алган алтын билеригиң калды. Аны да өз колуң менен бере албадың. Телефон чалып апа үйгө баратам десең, берекем жетип келээр элем го. Эч айтпадың. Же телефон чалсаң да мага, тоого жетпей койдубу. Бирок малдын ээсинин телефонун билчисиң да. Ушу сенин кичинеңден сюрприз деген өнөрүң мага жакчу эмес эле. Мына, өзүң айткандай сюрпиз кылдың да кете бердиң, секетим ай.

Жумуш болгондо Казакстан, Талас деп Көлдөн тентип кетпегенде Рустамым өлбөйт беле. Ким билет. Ошентип анын күйүтү да оңойго турган жок. Кабыргам дагы сөгүлүп, өзөгүм өрттөнүп кетти!..

Дагы бир уулумду жерге берип, жалдырап жалгыз олтуруп калдым. Элдин көзү тийдиби, же бирин— бири кыйбай куушуп кете бериштиби, билбейм. Антсе мени эмнеге таштап, балдарын Касым алып кетти?! Мага жооп берчи Толгонай эне, балким сен билээрсиң.

-Айланайын Асылкан, сенин да күйүтүң меникинен аз эмес экен. Ушунча көп сурооңо жооп бере алсам, Толгонай эмес эле пайгамбар болуп кетпей минби. Мен да өз суроомо жооп тап деп Жер энени али күнчө кыйнап келем.

— Кара ашын бергенче Касымда, Мирланда кошок кошуп, салты менен ыйлап олтурдум эле. Эми анте албадым. Мурда очор-бачар бактылуу, эми мелтейген бул мерес үйдө эч тура албайм. Аргам жогунан баарына таарынгым келет. Тагдырыма да, заманыма, күйөөмө, балдарыма да, мени төрөгөн энеме, баарына... Таарындым. Эмнеге жашоо мынча таш боор болду, мага. Башкалар бактылуу сезишип эле жашап жатышпайбы...

Рустамдан ажырагандан кийин бир күн да бул кара жолтой үйдө тура албасмын деп, кырк ашын өткөзүп кайра Таласка кетмек болдум. Эрлан да Казакстанга кайра кетем дейт. Аны угар замат жүрөгүм алаптап, оозума тыгыла түштү. Ага жалдырадым.

—  Ат казыгым, көлөкөм, сени эч жакка жалгыз жибербейм. Экөөбүз Таласка чогуу кетели. Эми кезек мага келсин. Тиги дүйнөбү, бул жакпы мага баары бир болуп калды. Эжекеңе жардамдашып тур. Жаштайынан оорукчан болуп калды. Мага өз колуң менен топурак сал уулум. Сен Касымдын тукумун улантышың керек. Атаңдын атын өчүрбө. Эч жакка жибербейм,— деп чыркырап ыйласам:

— Эне, мээнеттенип иштеген акчаларымды, кийимдеримди алып бат эле келем. Түз эле Таласка, сизге барам. Анан экөөбүз шаарга келип, бардык шарты бар, бир бөлмө үй сатып алабыз. Көп бөлмөнүн кереги жок. Бири-бирибизди издешип кыйкырышып жүрөбүзбү. Илгери, кичинекей бир бөлмө үйдө жашаганда кандай бактылуу жашаар элек. Эне, ошондогу кушкер шорполуу бешбармак тамагыңды сагындым. Бат эле келем эне, анан экөөбүз бардык тилектерибизге жетебиз. Бешбармак жасап алып Гүлмира эжем, жездемди тамакка чакырабыз,—  деп, мени жаш баладай алдап коюп, ал да кетти. Эрландын дымагына элжирей түштүм. Эми жалгыз медеримсиң, тилегиңе жет балакетиңди алайын. Ал жакшы күндөр да келип калаар. Мени коюп өзүңдү кара. Мени кара жер алат дейсиңби,—  деп, уулумдун өмүрүн зар какшай тиленип, узатып кала бердим. Аргам канча... Энеси болсо да баланын өмүр-жашоосу бөлөк болот тура.

Ал экөөбүздүн мойнубузда шейит кеткен бүлөлөштөрүбүзгө аш өткөзөлү, үч бейитке күмбөз тургузалы деген милдет турду. Убакытты бекер созбой, ичим тызылдап эзилген бойдон Таласка жумушка кеттим. Арадан жарым жыл өтүп, апрелде уулум Таласка келди. Иштеген эмгек акымды сурасам кожоюнум эки-үч күн күтүп тургула, базар күнү мал сатып, толук эсептешем дешти. Алдыраарга жаздыраар болуп, дал ошол күнү каргашалуу кандуу революция Таласта башталыптыр. Эрлан эртең менен эле шаарга кеттим деп кеткен. Тапкан тыйын— тыпырын мага калтырып, шаарга барып-келер жол киреси менен эле кетти. Кечинде телефон чалсам, телефону өчүрүлгөн. Ошондо эмнегедир көңүлүм олдо бир нерседен шектенгендей жүрөгүм опколжуп турду. Ай чунак бала, кандай жеткенин да билгизип койбойт деп, санаам тынбаганынан тоодон кайра ылдый түштүм. Тоодон чөнтөк телефон тартпайт. Зарыл жумуш болгондо тээ, бийик тоого чыгып, анан сүйлөшчүбүз. Эмнегедир эжекемдин да телефону өчүрүлгөн. Демейде минтип куба издөөчү эмес элем, бүгүн эмне эле болуп турам деп да ара-чолодо ойлоп коём. Кечки саанды бүтүп, эс алдым. Тоодо эрмек болор телевизор, радио жок, кандуу революция дегендин, өлкөбүздөгү ызы-чууну уккан да жокмун. Эки күндөн кийин гана малдын ээси келип, төңкөрүш жөнүндө айтып берди.

 — Э-эк, революциясы менен курусунчу. Иши кылып карапайым элге залакасы тийбесе эле болду,—  деп койдум жамандык эч оюма кирбей.

 — Тийгенде да кандай тийди дейсиз. Бишкекте сексен үч бала курман болуптур. Дагы үч баланын сөөгү моргдо таанылбай жатыптыр.

— Өлгөндөрдүн өз шору, жаш немелер энелерин кууратып кетишти да,— деп койдум үшкүрүнүп.

Арадан дагы эки күн өттү. Бул жолу малдын ээси акчамды толук берип, “шаарга барып кел, эжекеңер доктурда жатыптыр, сени чакырып телефон чалды,—  деди. Шаарга келээр менен эже-жездем автобекеттен тосуп алды. Ооруп жатат деген эжекемди соо көргөндө, жамандыктан жыт алгандай калтырап, эстен тана жаздадым. Эрдимди кесе тиштеп Эрлан же Гүлмира жөнүндө жаман кабар укпасам экен деп Кудайдан миң тиленип жибердим, санаамда. Мээм чатырап башыма батпай, лукулдап жарылып кетчүдөй болуп чыкты.

— Эрлан?!.

—  Жо-ок...

— Асылкан сабыр кыл. Эрлан жөн эле догдурда. Азыр ошол жакка барабыз. Биз да аны көргөн жокбуз, телефондон эле уктук,— дегени менен эжемдин калп айтып жатканы билинип эле турду.

— Оф, ушундай суук сөздөрдөн качан кутулаар экемин...

Мени аяп жездем:

— Үшүгөн жоксуңбу? Айнекти жаап коеюнбу? Ысыдыңбы, ачып коеюнбу? Курсагың ач эмеспи, кафеге токтойунбу?— деп эле өзгөчө камкорлонот. Күзгүсүнөн акырын, уурдана аялуу көз караш менен мени улам-улам карай берди. Демейде кычырап, салам берсең араң колун сунган жездемдин ошондогу мээримдүүлүгү кыжырыма тийип баратты. Алда неден да жүрөксүп турдум. Кудай андай кылбаса экен деп ичимден сыздайм...

Жездем бирде зуулдата катуу айдап, бирде улкуп-жулкуп жайлай калып, айтор жол эрежесин көп эле бузуп жатты. Бир нерсеге кыжалат болгонун билгизбешке аракет кылып келатты. Эжем да небересинин кылыктарын айтып: Беш жашар Депутат деген небересинен чоңойгондо ким болосуң деп сураса, Аллах болом дегенин, эмнеге Аллах, сени биз ысымыңдай депутат болсун дегенбиз да десе, баарыбыз Аллахтын колундабыз, баарыбызды өстүрөт— өлтүрөт, бай-кедей, чоң-кичине кылат, эч кимден коркпойт дебедиңер беле, анан ал депутаттан кыйын да дептир.

-Чын эле адам баласы Аллахтын буйруганын көрөт экенбиз да,— деп эжем да бир нерсенин башын кылтыйтып койду.

Санаам санга бөлүнүп, Эрланга жеткенчекти колдорумду бурап, тыткылап жатып, канатып да жибердим. Нервден аллергияң бар деген доктурга ишенбей койдум эле, анысы чын окшойт.

Мени түз эле моргго алып келишти. Катыгүн ай! Морг эмес, баламдын үйлөнүү тою болсо кана. Жок дегенде көзүн ирмеп, оору болсо да доктурда аман жатса эмне. Болгон мыдырымды сатып, айыктырып алаар элем го. Же реанимацияда жатса да каралдыма ыраазычылыгымды айтып, энелик акыркы батамды берип, алмончоктой баламдын бети-башын өөп, акыркы сапарына узатаар элем го! Күйүп, күйүп кетем. Чолпонумду аткан аткычтарды кайсы мыкаачы эне төрөдү экен. Ал мыкаачылардын жүрөгү, балдары бар болду бекен? Же мыкаачылар бийлик, байлык үчүн өз баласын деле жерийби? Анча эле эмнеге жанталашышат. Өлүшпөс бекен? Акыры бир күнү өлүп, тапкан-ташынганынын баары бирөөнүн энчисине тиери турган иш. Ошол чындыкты ойлошпойбу...

Ошентип, Эрланды моргдон таптым. Жапжаш, жаштыктан бети жайнаган Эрланымдын ордуна бети-башы тулуптай шишип, көк ала болгон сүлдөрдү көрдүм. Өз каным, жытым. Боор этим. Аны кантип тааныбайын. Көрбөй эки көзүм агып түшүп калса да тааныйм, секет болоюнумду. Эң кичүү эрмегим эле. Жаныма жакын медерим элең. Балдарымдын кыраакысы элең. Чынар терегим элең. Башым айланып, кулагым чуулдап, көзүм тумандап кетти. Адам чыдап карап тура алгыс аянычтуу кебетемди көргөндө эже-жездем да түтпөй кетишти. Мупмуздак, таанылар— таанылбас баланы кучактаганы жүткүнгөнүмдө экөөбүздү айрып кеткенге алдары жетпей, сыртка алып чыгып кете албай жатышты. Каралдым, жарыгым, кулунум, эрмегим, бул эмне кылганың! деп боздоп-какшап жатып алым кетип калды. Жүрөгүмдөгү карттанып бараткан Касымымдын, Мирланымдын, Рустамымдын жарасын Эрландын жансыз сөөгүн көргөндө кайрадан тырмап алгандай кансырады. Ичим ачыша, тынымсыз төгүлгөн көз-жаш аябай алсыратты. Белим үзүлүп кетчүдөй солкулдап, ичим туз куйгандай күйүп-ысып, башым жарылып кетчүдөй даңгырап, муундарым калч-калч этип дем жетпей тумчугуп кеттим. Кулунум деп чыркырап ыйлаган үнүм ай— ааламга жеткен чыгаар. Жер титиреп, асмандан таш жаагандай болду.

— Коё бергиле, уулумдун жанына жатам. Баламды бул жерге жалгыз калтырбайм!..— деп, акыл-эсимди жоготуп, кыйкыра бердим, кайдадыр жулунуп жаттым. Аба жетпей кетти. Аны байкаган эжекемдер эки жагымдан колтуктап сыртка алып чыгышты. Бутумду шилтегенге дарманым жетпей бараттым. Эшикте нөшөрлөп жаан жаап турган экен. Жаан эмей эле асман Эрланымды жоктоп ыйлап турган. Кыргыз жери элим деген дагы бир уулунан ажырады. Күн күркүрөп, асман кыйрап, жылдыздар өчүп калгандай болду, мага. Дарактар, тал теректер да мага кошулуп жерге ийиле, муңдан башын көтөрө албай шуулдап, кошок ырын ырдап жаткандай. Эрлан сүйгөн тоолор да азалуу, жер карап күңгүрөнгөнсүйт. Ага жете урунган муңдуу шамал, баласынын кайгысын эл-жерге, укпаган досторуна таратууда. Баары Жер энени жалооруй карап, андан Эрланды сурашкансыйт. Жер эне кантсин, көз жашын көлдөтүп, көлчүктөрдү көбөйтүп, көл кылды. Көлдү толкутуп, көз жашы дайра болгондой. Дудардай жайылган чачым далбаалап, эжекем оңдоп жоолугумду салган болот. Мага ошол жоолук да зылдай оор болуп турду. Башыман жулуп кайра ыргытып жаттым. Эмнеге анткенимди билбейм. Айланада тал теректер баары кейип, жерге башын салып тургандай сезилди.

— Эжеке, бул эмне кылганың?! Эмнеге чакырдың мени? Эмнеге мында алып келдиң? Канымдан жаралган баламдын өлүк денесин көзүм кашайбай кантип көрдүм?!— деп, эч күнөөсүз эжекемди жакалап жаттым.

 — Айланайын бир боорум, кечир мени. Неткен шордуу элең! Эркектериңдин акыркысынан да айрылдың! Эми кантесиң бактысызым?! Күйүттөн күйүп кетпегей элең! Болору болду, өзүңдү карманып, бир аз эс алчы. Биздин колубуздан эч нерсе келбейт экен. Баланы берет экен, кайра алат экен...— деп, боздогон эжем дагы эмне деп сооротушту билбей жатты.

— Ооба, эс алайын... Эрландын жанына эс алам, мени кое бергиле! Акыркы медеримден айрылдым... Нары тургула, кеткиле!..— не кылып, эмне деп жатканымды билбей айгайлай бердим. Бир убакта кармагандардан жулунуп, артка кетенчиктеп баратып, ташты жаздым басып алып, чалкаман кулап кеттим. Саамга эсимди жоготуп койдум. Ошондон пайдаланып эже-жездем мени машинага олтургуза коюшуптур. Машинаны сыртынан кулптап, Эрландын өлүгүн бергичекти күтүп, жездем өзү жаанда сыртта турду.

Көрсө, алар каза тапкандардын сүрөттөрүн көрсөткөн телевизордон алгач бирөөнү Эрланга окшоштуруп, моргго келишкен экен. Эрландын бети-башы өтө шишип кеткенинен аны жакшы тааный алышпай, тоодогу мени менен да байланыша албай, Көлдөн кызым Гүлмираны чакыртышат. Ал да толук тааный албайт. Балким башка болуп жүрбөсүн, Эрлан Казакстанга кетмек эмес беле деп күмөнсүгөн эже-жездем башка тууган-туушкандарга айтпай экөө мени моргго алып келишкен экен. Эми жездем тууган-туушкандар менен келбегенине өкүнүп турду окшойт, жалгызсырап. Мен болсо байкуш балам деп өкүрүп-бакыра бердим.

-Асылкан! Болду эми, карман өзүңдү. Кайратыңды жый! Балаң өлгөнүнө беш күн болду. Ушул жерде жатат. А сен эне болуп балаңды акыркы жайына тынч бербей бул жерде айкырасың. Токтот ыйыңды. Эрландай балдар эчак жайын тапкан. Бул байкуш тоңуп, сени күтүп жатат... Эне болгонуң ушулбу?!.—  деп, эжекем каракүчкө ачууланды.

Акыркы сөздөрдөн улам эсиме келе, бой токтоттум. Уулумдун жаны жай алсын, акыркы жайына кыйнабай тынч жаткырайын деген аёо сезим күч алды. Ошондо гана уулумду жерге көмүү керек, атасы, агалары жок дегизбей ырасмисин татыктуу жасоом керек деген ой келди. Эсиме келе түштүм.

-Жезде! Жезде кайдасың? Баламды Маманга алып кетели. Касымдын, Мирландын, Рустамдын жанына Эрлан да кошулсун... Кулунум, ырысым, жакшыдан калган белегим эле, тирегим эмес беле...—  деп кайрадан жашып бошой түштүм. Аял эмесминби...

Ийнимден бек кучактап алган эжем мени урушуп да, аяп да жүрдү:

— Ай, шордуум. Ай, байкушум ай! Көрбөгөнүң да калбады го. Эми кызыңды ойло. Кызыңа сен керексиң. Сен жок болсоң кызың кантет. Өзүңө кел. Асылтай, уучуң такыр куру эмес, кудайдын мунусуна да шүгүр де. Дайны жок асыя ыйдан эмне чыгат. Ыйдын арты ый дейт... Эсиңе кел. Кантесиң, кудайдын мунусун да көтөрбөшкө аргаң жок. Асылтай, басылчы...

 — Оо шоруң каткан келин, кайрат кыл эми. Биринин артынан бирин көөмп, өзөгүң өрттөнүп, ар бир жакыныңдын өлүмүнө өмүрүң бөксөрүп жаткан тура,— деди жанатан үнсүз Толгонай.— Мен да...

— Касымда эмнеге адаттан башкача өзөлөнүп ыйладым экен. Оо, өмүрү кыска шордуу балдарым! Айланып кетейин Эрланым ай! Эколог деген кесиптин ээси болом дечү элең го. Окууну бүткөндө керемет ыйык көлүмдү өз-жаттар киринүүчү жайга айлантпай, аны кантип багышты, сакташты үйрөнүп, Кыргызстанымды баккандай багам дечү элең го. Кантейин каралдым, ошол асыл тилегиңе жетпей калдың. Таалайсызым. Кантем, кантем эми...

Сөөгүң чирип жер менен жер болдуңбу, Касымым?! Же балдарыңдын улам бирин сактап кала албай менчилеп сен да кайгыдан эзилип бүттүң бекен. Балдарың убактылуу келгин куштай келип, кайра ич күйдүрүп кете берди. Колдогонуң кана. Гүлмираңды аяктыра албай кыйналуудамын Касым. Балдарыбыз чоңойуп, эл керегине жарап, Касым менен Асылкандын уул кыздары деп зоболобузду бийик көтөрөт деп жакшы тилек жакшы максаттар менен кастарлап чоңойтподук беле. Ал тилек кана. Балдарымды канаттууга кактырбай тумшуктууга чокуттурбайм дечү элең. Кана ал сөзүң деп Асылкан акыл токтотпой оюна келгенди сүйлөп жатты.

Баары мен ойлогондой боло бербейт экен. Эрландын сөөгү өзү туулуп өскөн жеринен, атасы, бир туугандарынын жанынан да буйрубай калды. Кээде баламдын сөөгүн казып алып, Маманга алып кетким келип кетет. Ошентип тууган туушкан, президент Роза Отунбаева өкмөт мүчөлөрү менен, депутаттар, эл журт чогулуп ата бейитке келип Эрланды көмдүк.

-Ой, кудай ай, ушундай да шумдук болот экен ээ. Шору куруган жесир минтип жетимдеринен да ажырап олтурат деген сөздөр кулагымды көзөп өтүп жатты. Көпчүлүк дымып ойлуу турду. Мамандан келген тууган туушкандардын Асылкандын ыйы айлананы тундуруп турду. Балекетиңди алайын балам, революция болот дегенди кулагым чалса эмне. Бутуңа жабышып жибербей койбойт белем. Ага тоо кулап, жер жүзүн сел каптап жалгыз ээн талаада тургандай, эрдин кесе тиштеп Бакиевге кекенип турду. Орду толбос жоготуу болду.

Эч түшүнө албайм, бул жараткандын жазымышыбы же башчыларыбыздын күнөөсүнөн болдубу. Же ата тегибизде мен укпаган каргыш барбы. Биринин ашын бергенге каражат топтогончо экинчиси анан үчүнчүсү кете берди. Үч уулум силер тирүү болсоңор, супсулуу кыздарга күйөө болоор элеңер. Силерден акылман уул-кыздар төрөлбөй калды. Өкмөттүн да бир четин чойор элеңер. Акылман небере чөбөрөлөр төрөлбөй калды. Бир тукум бир айыл болоор шаарча жок болду да калды. Же мен жаман аял болуп силерге кантип коргонууну үйрөткөн жокмунбу.

2005-жылы Мирланың күч алып кеткен саясат менен кырсыктадыбы же капыс каргаша болуп кеттиби эч түшүнө албайм. Айтор, чолпондой балам, он гүлүнүн бир гүлү ачылбай, бирөөлөр колдуу соолуду да калды. Ал, ал болду... Рустамыңдын да акыркы сөзүн укпай калдым. Кандай ажал тапканына түшүнө албайм. Эрланың болсо минтип, ак үй алдында окко учканын чөнтөк телефонуна тартып алган элдин сүрөттөрүнөн гана көрдүм. Ага да акыркы айтаар сөзүм айтылбай калды. Балам элди алдап, тоноп, жерин саткан жексур бийлигине каршы чыгып, жанын берди. Жүрөгү жалындаган уулум жан бергенде да, как жүрөк тушуна, көкүрөгүнө ок тийип, каза болуптур. Өлүгүңдү кана көрөйүн снайперлер, тамдын башына чыгып жашынып алып, кайберендерге мергенчилик кылгандай элдин балдарын бирден терип аткандарын көрсөң! Ылайым ошол аткычтардын да укум-тукумуна балдары шейит кеткен энелердин каргышы тийип, туула элек баласына чейин тунжурап, каны менен коргошун, ок-дарылары уюп калсын. Сөөгүңөр топуракка жетпей, ит-кушка жем болгула.

Кийин, денесин жерге берүүгө Ата бейитке барганда бейтааныш бир жигит колума баламдын каты салынган капчыгын карматты. Эрланга ок тийгенде төш чөнтөгүндөгү капчыгын ошол балага тапшырган экен. Сенин Майсалбегиңдин каты сыяктуу менин уулумдун да каты бар, мына, эмне дегенин угасыңбы, Толгонай эне. Анда угуп тур:

“Апа, түндө түшүмдө Манас атам 40 чоросу менен келип: -Кана, менин чоролорума кошулчу баатырлар барбы? Ата-мекен коркунучта турганда мекенин коргоочу баатырлар барбы?— дегенде мен буйдалбай алардын катарына кошулдум. Дагы-дагы “мен”, “мен” деген үндөр чыгып жатты. Демек мен бул көтөрүлүштүн арасында болуп, аягына чыгышым керек апа. Таластан атайын Бишкекке Манас атамдын деми менен түнкү үчтө Бишкекке жөнөдүк. Манас атама чоро болом деген жигиттер маршруткалар менен шаарга келип жеттик. Анда-санда уктап кеткенибиз болбосо уйкубуз качты. Саат тогузда Форум деген жерге чогулат экенбиз. Колдо курал жок. Бакиевчилердин бир айдан бери снайперлерди алып келип, куралчандарды даярдап жатканын, алардын кай бири четтен келгенин уктук. Курал жок болгон менен, бизде андан күчтүү жүрөк бар, апа. Манас атамдын колдоосу, аяны бар. Эгер жеңсек бул жеңишимди сизге арнайм. А биз, эл жеңебиз! Аны өлгөн атамдын, агаларымдын арбагына арнайм. Эжеме арнайм. Бүткүл кыргыз элинин эркиндигине, жетиштүү жашашына арнайм.

Балким окко учаармын, же темир тордун артында олтурармын. Мен силердин, элибиздин жакшы жашооңор үчүн башымды сайдым. Апа, мен түшүмдө атам, агаларым менен жолугуштум. Алардын баары чогуу экен. Мага бир нерселерди айтып жатышкан, бирок эч эстей албай койдум. Айтор, бүгүн менин турмушумда чоң бурулуш күн болорун сезип турамын. Мен сага ыраазымын апа. Бирок сен да мени кечиргин апа. Ак сүтүңдү актай албадым. “Кичинемден апам көп түйшүк тартты. Шаарга алып келип бүт шарты бар кабат үйгө олтургузуп койсом. Таптаза, аппак халат кийип, төрүмдө, балдарым менен олтурса” деген максатым бар эле. Ага жетээр бекемин.

Мен жалгыз эмесмин апа, кабатыр тартпа. Чөнтөк телефонуңа чалып, ушул сөздөрүмдү өзүңө айтайын деп оозум барбады. Жакында келе жаткан туулган күнүңүзгө баягы Мамандагыдай тажатма бир кучак гүл берсем ээ... Эх, тилегим көп, убактым ченелүү. Кечир апа, ыйлаба. Кош. Уулуң Жантаев Эрлан Касымбекович .

7-апрель. Саат 8.00. 2010жыл.”

Олда, көлөкөм ай, кат эмей эле жаныңды, жүрөгүңдү таштапсың го мага. Мындай баатырдыгыңды төрөлбөгөн балдарың билбей калды. Жок дегенде бир балаң болсо, сени тартып ал да баатыр болбойт беле. Атам деп сени менен досторуна мактанат эле. А-а-а балам кайсы бирин айтайын.

— Асылкан, Эрланыңдын катынын чын эле Майсалбегимдикине опокшошун кара. Кайран гана кырчындай жаш балдарыбыз! Убалыңар кимге, албетте бийлик төбөлдөрүндө, алардын акылсыздыгында.

Менде да Майсалбегимдин каты, тумагы, атагы, баатырдык наамы калды. Эрдигине сыймыктандан башка аргабыз барбы. Балдарыбыз экөөбүздүн гана эмес, жалпы элибиздин баатыр уулдары болуп калышты. Эми алар түбөлүктүү. Ошого каниет дейли. Балдарыбыз менен сыймыктаналы.

— Ооба, ошентсе да бакыттын эмне экенин татпай кетишкен балдарыбызды кантип унутабыз?! Эч качан. Алар апалап дайыма эсте.

Мына, эми минтип, күндүн жарымын Эрланым үчүн берген өкмөттүн жаңы үйүндө ичим жылып алаксысам, экинчи жарымын ый менен өткөрөм. Коколой башым жалгыз үйдө, каңгырап олтурам. Ыйласам ыйым жаңырып кайра өзүмдү коркутат. Медерим максатына жетти. Тыйындуу кылды, шаардан бир бөлмөлүү үйгө олтургузду. А мен тилектериме жетпедим. Жаштайыман тирилик, оокат-аш деп жүрүп, ушу балдарымдын өмүрүн тиледим бекен. Көрсө тирүүлүктөн ашкан дөөлөт, ырыскы-байлык жок экен да.

— Тилендиң, Асылкан. Жер эне менен сүйлөшкөнүмдө сен ар дайым кудайга жалынып, балдарыңа өмүр тилеп олтурчусуң. Мен да гүл сүйгөн келинимдин бейитине барып гүл тигип, бардык жакындарымды гүл менен баккансып калаар элем. Буга да тобо. Жок дегенде беш кишиден бир бейит,— деп Толгонай көзүнүн жашын сүрттү.

— Кечир Толгонай эне. Сен жазылган китепти ыргытканыма. Кечир эне. Тынчыңды алып, бул жалган дүйнөгө чакырганыма. Курсактагы, төрөлө элек балдар менен арбактар менен сүйлөштүргөн ушундай убайымдуу заман болду го. Эртеңи кандай болор экен, угутсуз, жеңил-желпи болуп кеткендей. Же анчейин жооруна чыдабай жорго болуп баратабызбы, билбейм эне.

Ичинде жан-дилин ириткен арыз-муңун ишенген бирөөнө айтып алса пенде жеңилдеп калат эмеспи. Аны өзүң жакшы билесиң. Мен да ошентип... Толгонай эне сени кыйнап койдум көрүнөт. Кыйналганымда ушинтип өзүң менен баарлашып, сырдашып алсам, жүгүм жеңилдейт экен. Минтип, ырас келдиң Толгонай эне. Катып турган көөдөнүм бошоп, жумшаргансып калдым.

-Эми бүгүнкү күндү тагдыры окшош азалуу аялдардын таанышуу күнү болсун дейли. Кайгы-муңду жеңиш үчүн биз да биригели. Бүгүнкү күн Субанкулду, Касымды, Майсалбекти, Жайнакты, Алиманды дагы бир эстеген күнүм болуп калды .

— Ооба, мен да күйөөм Касымды, уулдарым Мирланды, Рустамды, Эрланды эскерип турар күнүм болсун,— деп кардыккан алсыз добушу буулуп, Асылкандын үнү шыбырап калды,— Эң жакындарынан ажырап, көзүнөн жаш ордуна кан чачырап, ый-муңу таш жарып, жүрөгү тилинген армандуу энелердин эң акыркысы экөөбүз бололу.

Энелер эч ыйлабасынчы. Эмне, кеттиңизби Толгонай эне.

-Кеттим. Айтканыңдай болсун. Эми кош, өзүң аман бол. Тирүүлүк вазийпаң бүткүчөктү оор-жеңилине бирдей чыдап, татыктуу көтөргүн. Ал, баардык тирүүлөргө, айрыкча энелерге милдет...

— Мени унутпагын эне. Мен сыяктуу шордууларга акыл-насаатыңды айтып, кайрат-күч берип тургун. Сен бизге керексиң. Ишенимсиз жашоо кыйын. Биздейлер сага ишенебиз. Эзели энелер көз жашын төкпөсүнчү...

 

© Асылбекова Зульфира, 2012

 


Количество просмотров: 5284