Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 18-февралы
5 жыл
Бул китепке кенже жаштагы балдар үчүн жана үй-бүлөлүк окууга ылайыкташтырылган аңгемелер, ырлар топтолду. Чыгармалар автордун энелик тажрыйбасынын жана балдарынын балалык турмушунун негизинде жазылган.
Мазмуну:
• Арноо
• Урушчаак каздар
• Бала капуста
• Умай эне
• «Биздин чымчыктар!»
• Балалуу талдар
• Туулган күн
• Балжууран бала тили
Арноо
Балдар үчүн жазылган бул китебимди сүйүктүү уулдарым Акылбек менен Азаматка арнадым. Китептеги окуялардын бардыгы алардын балалык турмушунан алынды, ойдон чыгарылган эч нерсе жок.
Тун уулум Акылбек төрөлгөндө ага арнап атайын «күндөлүк» ачып, алгачкы дүйнө таанымдарын, жаңыдан тили чыкканда айткан сөздөрүн жаза жүрөйүн деп ниет кылган элем. Андан кийинки уулум Азамат төрөлгөндө ага да өзүнчө «күндөлүк» баштадым.
Ал экөө тең беш жашка чыккандан кийин күндөлүктөрүнө кем жазып калыпмын. Муну бир топ убакыттан кийин байкадым. Себебин аңдап көрсөм, балдарым 5 жаштан өткөндөн кийин ой жүгүртүүлөрү, сүйлөгөн сөздөрү чоң адамдардан көп деле айырмасы болбой баратыптыр. Ошондо улуу орус жазуучусу Лев Толстойдун
«Адамзаттын төрөлгөндөн беш жашка чейинки баскан жолу эң узак жол», — деп айтканын эстедим. Ушул 5 жаштын ичинде бала дүйнөнү таанып-билүүнүн эң узун, эң кызыктуу, кайталангыс ажайып жолун басып өтөт экен.
Мен эне катары балдарымдын ушул эң бактылуу жылдарына күбө болуп, өз башымдан кайра кечиргенсидим. Уулдарым мени балалыкка кайрадан жолуктурду, жүрөгүмдү агартты, ой-кыялымды аруулантты, байытты.
Бардыгыныздарга балалыктын пайдубалын түзгөн 5 жылдын бакыт-кубанычын жоготпошунуздарды тилейм.
Автор
Урушчаак каздар
(аңгеме)
Коңшунун аппак сеңселген жүрдүү, кызыл тумшуктуу каздары менен беш жашар Бекзоо кокусунан достошту. Ага чейин коркуп, жанына жолой алчу эмес. Каздар эрте менен короодон канаттарын кубанычтуу каккылашып чуркап чыгышып, көчөнүн четиндеги тайыз көлчүккө чуркашчу. Анан кечке чейин ошол көлчүктөн чыгышпай, киргилт сууга да ырахаттана чумкушуп, тумшуктары менен чукулашып, же жээгинде майпая жатып алышат. Кээде жолдон ары-бери өткөндөргө сес көрсөтүшкөндү жакшы көрүшөт. Моюндарын жерге төшөй созушуп, канаттарын куушуруп алып ызырынып кубалап жөнөгөндө ким болсо да чочулабай койбойт.
Бекзоо ушуга чейин бир дагы жолу алардын жанынан жалгыз өтө элек. Анын коркконун билгенсип, апасы экөө баратса да дайыма кубалап калышчу. Апасынын артына жашынган Бекзоо каздар учтуу кызыл тумшуктары менен качан тиштээр экен деп көздөрүн чылк жумуп алат. Эне-балага жетээрде каздар тык токтошот да , ачуусун жута албагансып кышылдаган бойдон кайра артына кайтышат.
Бир күнү Бекзоо эрте менен туруп, терезеден аппак кар жаап койгонун көрдү.
Кыштын биринчи карына аябай сүйүндү. Өтүгүн шашып-бушуп кийин көчөгө чуркап чыкты. Кар жамынган бак-дарактар, үйлөр таанылбай, баары өзгөрө түшүптүр. Анын көңүлүн коңшунун ызы-чуу түшкөн каздары бурду. Алар көлчүктүн жанына чогулушуп, канаттарын каккылашып, какылдап жатышты. Бекзоо жакыныраак барып караса көлчүктүн бетине муз туруп тоңуп калыптыр. Каздар сууга түшө алышпаганына капаланышып жатышкан экен.
Бала Үйгө чуркап кирип бул жөнүндө апасына айтты. «Жүр, музду талкалап коелу», — деди апасы. «Мен сындырайынчы музду?!», — деп шашылды Бекзоо. Анан апасы экөө жоон таяк менен көлчүктүн бетине тоңгон музду чагышып, суунун бетин тазалашты. Каздар ушуну эле күтүп турушкансып сууга шашыла киришип, шапшына чөмүлө башташты. Алардын жыргаганын көрүп Бекзоо да аябай кубанып калды. «Мына эми каздар менен дос болдуң. Алар сага рахмат айтып жатышат», — деди апасы.
Ушудан кийин ал каздардан коркпой, ал эми каздар аны кубалай калышты.
Бала капуста
(аңгеме)
Төрт жашар Мейкин чоң энеси менен бирге көчөгө сейилдеп чыгууну жакшы көрөт. Ьүгүн жолдун жээгинде зым тор менен тосулган чакан бакчада өсүп келаткан капустаны көрдү. Капустанын делдейген чоң жалбырактарынын ортосунда кичинекей тоголок түйүлдүк жатат.
— Капуста бала тууптур! — деп чоң энесине кубанычтуу сүйүнчүлөдү Мейкин.
Ошодон кийин көчөгө чыккан сайын эң биринчи капустаны караганы чуркап барат. Адегенде калдайган чоң жалбырактардын арасынан араң көрүнүүчү түйүлдүк бара-бара чоңое баштады. Тез эле кабат-кабат тон кийинип борсоюп өстү. Ал чоңойгондон кийин анны туш-тарабынан коргоп туруучу чоң жалбырактардын да кереги жок болуп калды. Бала капустага күндүн нуру менен аба көбүрөөк тийсин дегенсишип артка карай чалкалашат
Бир күнү эрте менен бакчага келген Мейкин «бала капустаны» таппай калды Анны түбүнөн үзүп кетишиптир. «Капустанын баласын ким алып кетти?» деп ыйлап жиберди Мейкин. Аны чоң энеси сооротту. Жашылча бышканда өстүргөн ээси жыйнап алаарын айтты. Бирок, Мейкин көз алдынча чоңойгон капустаны жоктоп, көпкө чейин ичи ачышып жүрдү.
Бир топ күн өткөндөн кийин бакчадагы дагы бир капуста балалай баштады. Мейкин буга аябай кубанды. Көчөгө чыкса эле жаңы түйүлдүктү көргөнү чуркап келет. Эми капустанын кантип чоңойорун жакшы билип калды. Бирок, ал бышканда дагы үзүп кетишээрин ойлосо капалана түшөт.
Умай эне
(аңгеме)
Умай энелүү болгон кандай жакшы. Анткени, ал түн ичинде уктап жатканында Айдан түшүп келип, анын жаздыгынын алдына эң таттуу нерселерди таштап кетет.
Акылбектин эмне каалаганын да күн сайын билип турат. Кечээ «киндер-сюрприз» момпосуюн суранды эле. Эрте менен ойгонгондо өзү жаткан жаздыкты көтөрүп караса жумурткудай сүйрү, ичинде оюнчугу бар шоколад жатыптыр. Анны көкүрөгүнө кубана кысып: «Рахмат, Умай эне!»,— деп алкышын айтканды да унуткан жок.
Анан:
— Эмне үчүн Умай эне мага көрүнбөйт?— деп капалана сурады апасынан.
— Умай эне Айда жашайт. Түнү Ай чыкканда гана келет, ага чейин сен уктап каласың да.
Акылбек Айдын чыгышын күтүп, уктабай олтурам деп көп жолу аракеттенди. Бирок, караңгы киргенде эле көздөрү жумула баштайт. Уктап баратып: «Бугун мага Умай эне эмне алып келээр экен?» деген таттуу ойго көшүлөт.
Умай эне кежир балдарды жаман көрөт. Ошондуктан, Акылбек бөбөгүн ыйлатып койсо, апасынын тилин албаса, же достору менен чатакташса анын белегинен куру калат. Умай энени ачуулантпаш үчүн терс кылык-жоруктарынан арыла баштады. Өзү билип эле гүлдөргө суу куюп, бөбөгүнүн оюнчугун талашпай, кайра аны ойнотуп, апасына да жардам берет.
Акылбектин тартиптүү бала болгону Умай энеге да жагат. Акыркы күндөрү ага түн ичинде тез-тез келип турчу болду. Жаздыгынын алдына таштап кеткен момпосуйбу, же таттуу токочпу –баары ушунчалык даамдуу, мындай шириндиктерди эч качан жей электей сезилет.
Акылбек туулган күнүн аябай күтүп жүрдү. Жаздын биринчи күнү ал беш жашка чыкмак.
— Умай эне мага кандай белек тартуулайт? — деп апасынан кайра-кайра сурайт.
— Өзүң сурап көр, — деди апасы.
Туулган күнү болоордон бир күн мурда Акылбек уктаардын алдында Умай эне менен сүйлөштү:
— Умай эне, мен сени аябай жакшы көрөм, Мага эч кимде жок белек алып келчи?
Ушул түнү түшүндө Умай эне аны өзү менен кошо Айга алып кетиптир. Апасына окшош көздөрү өтө мээримдүү, ак жоолук салынган, жүзүнөн жылмаюу кетпеген аял экен. Ал Акылбекти кучагына кысып, бетинен сүйүп:
— Туулган күнүң менен! Мындай белекти эч ким ала элек. Алаканыңды сун!, — деди .
Анан баланын ачылган алакандарына бир кочуш жылдыз салды. Оттуу жылдыздар жарк-журк этип көз уялтат. Ура-а! Акылбек ар дайым түнү алыскы асмандан көрчү бул жылдыздарга колун тийгизип кармалап көрүүнү ар убак эңсөөчү. Айга учуп барууну кыялданчу. Эми ага дүйнөдөгү бардык балдардын суктанары анык. Жылдыздарды кучактаган Акылбектен өтөөр бактылуу бала жок болсо керек. Умай энелүү болгон кандай жакшы.
«Биздин чымчыктар!»
(аңгеме)
Акылбек жашаган үйгө көп жылдардан бери бир жуп бактек байырлап келатат. Айвандын бурчунда турган кол жуугучтун текчесине жыл сайын уя салып, балапан учурат. Биринчи жолу жазында саман жана ичке бутакчаларды бириндетип тиштеп келип уя сала баштаганда көрүштү. Кол жуугучтун текчеси жапыз эле, Жети жашар Акылбек колун созсо жеткидей жерге илинген. Ушундай урунду жерге коркпой уя салган чымчыктарды баары жакшы көрүп калышты. « Эч кимиңер бузбагыла, убал болот», — деп эскертти апасы. Эмми Акылбек иниси экөө алыстан тиктешип, алардын тынчын албаганга аракеттенишет.
Уя бүткөндөн кийин эне бактек эки тукум туумп, анан он беш күндөй чыдамкайлык менен басып жатты. Жем берели деп жакындасак саксынып тынчы кеткенден кийин тим койдук. Кез-кез кайдадыр учуп кетип, бир-эки саатка жоголуп кайтат. Күн жылып, дарактар жалбырак жая баштаганда балапан чыгарды. Жүндүн ордуна сейрек кылдары сербейген кызыл эт балапандар иреңи суук көрүндү бизге. Алар бири-бири менен моюндашып, уяда тыптынч жатышты. Эне-атасы алмак-салмак курт-кумурска тиштеп келишип багышат.
Балапандар күн өткөн сайын тороло беришти. Денелерин сыйда калың жүн каптады. Эми уядан тумшуктарын көтөрүшө баштарын койкондотушуп эки-жакты тиктешчү болду.
Бир күнү эрте менен уя бош калыптыр. Бирок темир канат балапандар алыс учуп кете алышпай, үйдүн чатырчасында, коргондун кырында конуп олтурушту. Эки жакты баео элеңдеп карап коюшат. Аларды көрүшүп, Акылбек менен Азамат «Биздин чымчыктар, биздин чымчыктар!», — деп кубанычтуу кыйкырып жатышты. Ошодон кийин кайсыл жерден бактек көрүшсө да «биздин чымчык» дешип ылым санап карашат.
Уядан учуп кетишкенден кийин да балапан бактектер үйгө айланчыктап келип турушту. Аларды али толук жетилбеген канат-куйругунан, жүнү кызгылт-көгүш болуп кулпуна электигинен тааныйбыз. Алар адегенде түз эле уяга учуп барышат, ал жерден эч кимди таппаганда үйдүн чатырчысында жамгырдын суусу үчүн жасалган ноочого барып конот. Кичине канат күүлөп учса чарчап калабы, анан көпкө чейин кыймылсыз олтурушат. Эне бактек, же атасы да балапандарын издеп келип калат. Аларды көрсө жанына конуп, оозуна тиштеп келген жемин береби, же өпкүлөп эркелетеби, тумшуктарын тийгизишип жабышып алышат. Же өз үйлөрүнө келишкенден бетер саксынбай эле короонун ачык жерине конушуп, моюндарын койкондото ары-бери жорголой басышып беймарал жүрүшөт. Бактектин үй-бүлөлүк мээрими, өз уясын унутпай байырлоосу биздин жүрөгүбүздү жылытчу болду.
Андан бери көп жыл өттү. Жыл сайын айвандын жапыз текчесине бактектер уялайт.«Биздин чымчыктар келишиптир» дешип, Акылбек менен Азамат чоңоюп калышса деле жаны-алдары калбай сүйүнүшөт.
Балалуу талдар
(аңгеме)
Төрт жашар Азаматты бала бакчага күн сайын апасы жетелеп барат. Бала бакча үйдөн көп деле алыс эмес. Ошондуктан, жөө басышат. Көчөдө Азаматты кызыктырган нерселер көп. Айрыкча жол боюнда эгилген дарактар менен сүйлөшкөндү жакшы көрөт.
«Балдары көп экен ээ», — дейт тамырынан жаңы чырпыктары өсүп чыккан талды көргөндө. «Карачы, баласын кучактап турат»,— деп мээрими түшө көпкө тиктейт. Өзүнүн апасы аны кандай жакшы көрүп эркелетсе, тал да «баласын» ошондой ичи элжиреп сүйүп тургансыйт.
Талдардын баары эле бирдей мээримдүү эмес. Балдарын жакшы көргөнү, жаман көргөнү, же таптакыр көрөөргө көзү жогу да бар. Бирин-экин болуп сербейип өскөн бадалдын арасындагы даракты көрүп «Баласы аз го?..» деп камтама боло түшөт. «Урушчаак апа окшойт, ошон үчүн аз да», — деп кайра жооп табат өзүнүн суроосуна. Бутак-шактабай түптүз өскөн талдар ага кызыксыз. Жанына да токтобой шыдыр өтөт. «Баласы жок экен»,— деп коет көңүлсүз тиктеп.
Жаз келээрде балта-араа көтөрүшкөн жумушчулар көчө боюнда өскөн дарактардын куураган бутактарын кыйып башташты. Алар «көп балалуу» талдын майда бутактарын да кыркып салышыптыр. Эрте менен бала бакчага келатып Азамат баягы талды тааныбай калды. Анын тушуна жеткенде чебелектеп издеп, шаштысы кете түштү. Жылаңачтанып калган даракты көрүп: «Балдары кайда кетти?» деп таң кала сурады. «Ойноп кетишкен тура»,— деди апасы аны жубатып. Азамат: «Ойноп бүтүшкөндө кайра келет, аа?..», — деп талды аягандай кылчак-кылчак тиктеп, жолун улады.
Туулган күн
(аңгеме)
Төрт жашар Азамат майрамдардын баарын жакшы көрөт, бирок ал үчүн эң жакшысы – өзүнүн туулган күнү. Аптаптуу жайда төрөлгөн бала бул күндү жыл бою зарыгып күтөт. Ар дайым эрте менен ойгонгондо: «Менин туулган күнүмө канча күн калды?» -деген суроо менен баштайт. Кээде күтүүгө чыдамы жетпей: « Бүгүн эле майрамдайлычы менин туулган күнүмдү?»,— де пата-энесинен суранат.
Азаматтын дагы бир капачылыгы бар: апасы аны бардыгынан кийин төрөп коюптур. Ошондуктан, туулган күнү аябай кечигип келет. Январь айынын башталышында апасын, андан бир айт өткөндөн кийин февралда атасын куттукташат. Көп өтпөй эле апрелди ортолоп агасы Акылбекке майрам. Июнь айынын он сегизинде эжесиники, Азаматтыкы болсо октябрдын аягында. Ар бири туулган күнүнө белек алышып, үйдө майрамдык дасторкон жайылып, торт бышырылган сайын анын ичи күйө берет. Өзүнүкү эч качан келбөөчүдөй тыбырчылайт.
Ал эми ошол күн жакындай баштаганда Азамат аны кандай өткөрүүнү кыялданып кудуңдайт.
— Кимдерди чакырабыз менин туулган күнүмө?! – дейт.
Анан өзү манжаларын бириндетип жуумп санап кирет:
— Чоң атам, чоң энем, Жунус аяш атам, аяш энем, досторум Бектен, Азирет…
Бул тизме өтө узун, ошондой эле күнүгө кайра-кайра тактала берет.
Экинчи суроосу:
— Мага кандай белек бересиңер?
Ала турган белектердин саны да өтө көп болгондуктан, алардын бары жөнүндө айтып бүткүчө дагы бир далай убакыт кетет.
Азаматты толкунданткан дагы бир маселе бар:
— Эмне жейбиз?
Анын оюна койсо базардын бардыгын көчүрүп келчүдөй.
— Мунун баары көп эмеспи?— деген суроого «Менин туулган күнүм да!» деп жооп берет. Анын оюнча дүйнөдө өзүнүн туулган күнүн белгилөөдөн өткөн маанилүү иш жок.
Ошентип, көптөн күткөн 15-октябрь да келди. Быйыл Азамат беш жашка толот. Ата-энеси уулунун туулган күнүн ал каалагандай майрамдайлы деп чечишти. Көптөн бери кайра-кайра түзүп жүргөн программанын бары аткарыла турган болду.
Буга көңүлү жайланган Азамат бир Гана Умай эне кантип куттуктаарын биле албады. Бирок, «Мага Ошто жок белек алып келиңизчи?» де пандан да суранып койду.
Уктаарында апасынан:
— Умай эне эртең туулган күнүмдү унутуп койбойбу?-деп камтама боло сурады.
— Умай эне балдардын туулган күнүн эч качан унутпайт.
Ушул күнү тае эртелеп ойгонгон Азамат көргөн көзүнө ишенген жок. Керебетинин жанына коюлган орундуктун үстүндө аквариум турат. Ичинде эки алтын балык каалгып сүзүп жүрүшөт.»Супер, Умай эне! Чоң рахмат!» деди так секирип. Умай эне өтө акылдуу тура. Азаматтын каалаганын билип алыптыр.
Туулган күнү ал эңсегендей өттү. Меймандар көп келишип, баары аны куттукташып, эркелетишип жатышты. Жаңы оюнчуктар, таттуу шоколаддар, банан, йогурт, балмуздак…
Азаматтын чечекейи чеч. Күн бою шаттуу үнү менен күлкүсү токтогон жок. Бирок, меймандар таркап, жатаар убак келгенде кайра капалана баштады. Мындай ажайып бактылуу күндүн өтүп кеткенине ичи ачышып жатат.
— Менин туулган күнүм эч качан бүтпөсүнчү?! – деп көз жащы кылгыра апасынан суранды.
— Мындай туулган күн жыл сайын келет, — деп сооротту апасы.
БАЛЖУУРАН БАЛА ТИЛИ
Эки жарым жаштагы Акылбек:
— Мен чоңойбой эле коеюнчу? – деди апасына.
— Эмне үчүн, уулум?
— Мен чоңойсом Сиз кимди бала кыласыз?
***
Эки жаш 8 айлык:
— Апа, «эне» деген ким болот?
— Эне – атаңдын апасы.
— Атам чоң го, энемдин ичине кантип баткан?
***
Эки жаш 9 ай:
— Азамат, уйкуң келдиби?— деди апасы уулунун көздөрү жумулуп баратканын көрүп.
— Кана уйкум?! –деп Азамат сыртка чуркап чыгып, кайра келди: — Келбептир го? Уйку кандай болот, кантип келет?
***
Эки жаш 11 ай:
Апасы:
— Азамат, менин тилимди алсаң жомок айтып беремин.
Азамат таң калып:
— Тилиңизди алайынбы? Көрсөтчү? — деп апасынын оозун тиктеди. — Алып койсом сүйлөй албай каласыз да?
***
Үч жаш бир ай:
— Уулум, мен макала жазышым керек, сен жолтоо болбогун ээ?, — апасы дем алыш күнү Азаматтан.
— Макул, апа.
Бир аздан кийин Азамат апасы иштеп олтурган бөлмөгө бутунун учу менен басып акырын кирип, кулагына шыбырады: «Телевизор көрө берейинби?». Апасы башын ийкеди. Жарым сааттай убакыт өткөн соң дагы кирип шыбырады: «Байкем эшикке ойноп кетип калды». Үчүнчү жолкусунда «Суу ичем».
— Жүр, суу куюп берейин, — деди апасы үнүн чыгара сүйлөп.
Азамат сүйүнүп кетти:
— Мен сизге жолтоо болбой шыбырап сүйлөп жаттым аа?
***
Үч жаш төрт ай:
Ата-энеси менен «Арсланбап» пансионатына эс алууга келген Акылбек бийик тоолордун чокуларын аппак булут каптап калганын көрүп:
— Тоонун башын булут жеп коюптур! — деп таң кала карады. Анан көлмөчөнүн бетинен булуттардын сөлөкөтүн көргөндө:
— Булуттарды болсо көл жеп коюптур.
***
Үч жаш 5 ай:
— Апа, аял деген ким болот?
— Балдары, күйөөсү бар болсо аял болот.
— Эжемчи?
— Ал кыз бала, кийин күйөөгө чыгып, бала төрөсө аял болот.
— Сиз да кыз болгонсузбу?
— Ооба.
— Анда атам каякта эле?
— Атаң башка жакта жүргөн.
— Анда атам сизди кантип таап алган?
***
Үч жаш 9 ай:
Апасы Акылбекке жомок айтып берип жатты. Падышанын төрөбөгөн аялы түшүндө көргөн алтын балыкты кызматкерлерине карматтырып жегенден кийин боюнда болгону жөнүндө. Аны уккан Акылбек дароо сурады:
— А Сиз эмне жегенде боюңузда мен болгомун?
— Алма жеп,— деп күлдү апасы.
Ошодон бери «Мен алманын почогунан пайда болгомун» -деп элестетип жүрөт.
***
Төрт жашар эки ай:
— Губернатор, — деп тааныды Азамат телевизордон сүйлөп жаткан облустун губернаторун.
— Сен да чоңойгондо ушундай губернатор болосуң,— деди чоң энеси.
— Менин чачым ак эмес да,— деди Азамат чачы агара баштаган губернаторду бушайман боло тиктеп.
***
Төрт жашар үч ай:
Азамат Африка жөнүндө телеберүү көрүп жатты. Жунглиде пилди таяк менен уруп жаткан адамдарга таң калып:
— Пил күчтүү эмеспи? — деп сурады атасынан.
— Эң күчтүү жаныбар. Ошон үчүн оор жүк көтөрөт да.
— Анда эмне үчүн өзүнөн кичине адамдар урса жөн туруп берет?
***
Төрт жаш үч ай:
Акылбек апасына нааразы болуп жүрөт:
— Сиз мени жакшы көрбөйт экенсиз.
— Эмне үчүн, уулум?
— Жакшы көрсөңүз Нуркыз эжем, Замир байкемден мурда мени биринчи төрөйт элеңиз да…
***
Төрт жаш 4 ай:
Дем алыш күнү апасы базарга жөнөдү. Азаматка оюнчук ала келмек, ошон үчүн ал чыдамсызданып:
— Саат канчада келесиз?— деп сурады
— Бирде.
Базардан кайтканда апасы саатты карап чоочуп кетти:
— Эки болуп калдыбы?
— Мен Сизди тез келсин деп бирге жылдырып койгомун,— деди Азамат. А көрсө ал саат бир болсо эле апам келип калат деп ойлогон экен.
***
Төрт жаш 6 ай:
Зоопаркка биринчи жолу барган Акылбек жолборс менен бугуну көпкө чейин кызыгып тиктеди:
— Эмне үчүн арстан жок? — деп сурады анан апасынан.
— Арстанды кармай албай коюшса керек да.
— Анда эмне жолборс коркокпу? Эмне үчүн карматып коет. Кармайын деп келатышканда эле тиштебейби? — деп көпкө чейин капа боло берди Акылбек. Анын ою боюнча жолборс эң күчтүү айбан эле.
***
Беш жаш бир ай:
Акылбек согуш жөнүндө кинотасма көрүп жатып каны кызып кетти:
— Мен жоокер боломун! — деди атасына.
— Уулум, жоокерлердин командири болосуң, — деди атасы анын кыялын коштоп.
— Командир болуш мага жакпайт, алар күрөшө алышпайт, столго олтуруп алып эле жаза беришет. Жоокерлер согушушат, алар кыйын…
***
Беш жаш бир ай:
Акылбекке апасы Сент-Экзюперинин «Кичинекей ханзаада» деген чыгармасын окуп берди. Аябай берилип угуп, сүрөттөрүн кызыгып көргөн Акылбек кыялданып:
— Мен да ошол ханзаада жашаган планетага баргым келип жатат.
— Барып кел.
— Эмне менен барса болот, самолет жетеби?
— Жетпейт, — деди апасы күлүп.
— Ракетачы?
— Жетет.
— Өзүм эле учамбы?
— Башка космонавттар да учушат, жолдо кетпаратышып сени ханзаада жашаган планетага таштап өтүшөт.
Акылбек:
— Сизди сагынсамчы? — деп кыйыла түштү да, кайра шашыла айтты, — телефон чалып турам аа, апа?
***
Беш жаш 3 ай:
Сасык тумоолоп калган Акылбек үч күндөн бери бала бакчага барбай үйдө жатат. Аны карап жумушунан калган апасы жанында олтуруп «Доктор Айболит» жөнүндө китеп окуп берди. Акылбекке Доктор Айболиттин ооруган айбанаттарга дары берери менен дароо айыгып кеткени аябай жакты. Үч күндөн бери ысытмасы түшпөй кыйналган бала апасынан суранды:
— Сиз да Доктор Айболитти тез чакырып келиңизчи, мени да дароо айыктырсын?
***
Беш жаш 5 ай:
Апасы:
— Патила деген догдур эжең кичинекей кезиңде сени дарылаган. Сенде эмгеги аябай чоң. Кийин ага кызмат кыласың.
— «Кийин» деген качан болот?,— деди Акылбек.
— Сен окууну бүтүп, иштегенде.
— Ага чейин унутуп калсамчы?
***
Беш жаш 6 ай:
Күн ысыкта иштен чарчап келген апасы Азаматка:
— Беш мүнөт уктап алайын, тынчымды албай тур ээ?— деп жатак бөлмөгө кирип кетти. Катуу уктап калган экен.
— Апа, туруңуз! Көзүңүздү ачыңыз?! – тынбай жулкулдатып жатып ойготкон уулуна ачууланып:
— Бул эмне кылганың!?
— «Беш мүнөт эле уктайм» дедиңиз эле го. Беш мүнөт өттү.
***
Беш жаш 6 ай:
Азаматтын жакшы көргөн ити өлүп калды. Ага катуу кайгырган бала тынбай ыйлай берди.
— Ыйлаба?! Итиң өлүп калса да чоң атаңдын үйүндө эшегиң, торпогуң бар го?! –деп сооротушту аны.
— Алар мени тааныбайт. Итим таанып дайыма чуркап келет эле , — деп ыйын көпкө чейин токтоткон жок Азамат.
1994-2004-жылдар
© Зинакан Пасаңова, 2013
Количество просмотров: 3878 |