Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Кунай Медетхан, 2012. Бардык укуктар корголгон
© Мамасалы Апышев, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жыл 12-марты

Кунай МЕДЕТХАН

Асман каганаты

Тарыхый баян

Мамасалы Апышев менен бирдикте

Бул тарыхый материалдарга жана элдик санжыраларга негизделген чыгармада мындан бир жарым миң жыл илгери, – VI кылымда – болгон окуялар көркөм адабияттын каражаттары аркылуу баяндалат. VI кылымда, гунндар доору артта калган соң, азыркы Кыргызстандын аймагында өздөрүн түрк деп аташкан элдер эң алгачкы жолу тарыхый аренага чыгышып, кийин алар түптөгөн мамлекет күн чыгыш жагы Тынч Океанга, күн батыш чеги Кара деңизге чейин созулуп жаткан мейкиндикти багындырып, бирдиктүү каганатты түзүүгө жетишет. Тарыхый булактарда (байыркы кытай, Рим, Византия) жана ошол доордун тарыхына арналган эмгектерде Улуу Түрк Каганаты жөнүндө жетишерлик маалыматтар болгондугуна карабастан, ал даңктуу, сыймыктуу доор алиге чейин көркөм адабияттын объектисине айлана элек болчу. 

В этом произведении, написанном на основе исторических материалов и народных преданий, повествуется о событиях, прошедших на территории нынешнего Кыргызстана полтора тысяча лет тому назад, – в VI веке. В VI веке, после заката эпохи гуннов, на исторической арене впервые заявил о себе народ, именовавший себя тюрками. Позже, основанное ими государство превратилось в огромную империю, охватывающей территории от Тихого Океана до Черного Моря. Несмотря на то, что в исторических источниках (в древнекитайских, Римских и Византийских) и исторических трудах имеется довольно обширная информация, эта славная эпоха наших предков, которой мы можем по праву гордиться, до сих пор не была объектом художественной литературы.

Бишкек, 2012-жыл

 

“В VI в. в Средней Азии возникла новая кочевая империя. Новые завоеватели, тюрки, вышедшие из Алтая, в короткое время подчинили себе все народы от Великого океана до Черного моря. Основатель империи, Или-хан Тумынь, умер в 553 г.; после смерти хана Тобо (581г.) империя распалась на два государства, восточное и западное; центром последнего, как и большинства последующих кочевых государств западной части Средней Азии, была прежняя земля усуней, т.е. Семиречье.”

В.В.Бартольд. “Избранные произведения по истории кыргызов и Кыргызстана”, – Б., Шам. 1996. С. 102.

 

БАЙЫРКЫ БАБАЛАРДЫН ҮНҮ...

Алгы сөз ордуна

 

Теңиримдей, теңрим болтурган түрк билге каны бу такка отурдум. Сөзүмдү түгөл эшиткин...

Күлтегин таш эстелигиндеги жазуудан

 

Бирде кылымдардын түпкүрүнөн күңүрт-алсыз гана угула калып, бирде алыскы доорлордон араң жетип жаткан үн сыяктуу болсо да, бүгүнкүнүн даана жаңырыгына айланып, биздин заманга чейин жетип келген береги сөздөрдү астейдил, бүткүл көңүл-дитибизди коюп, ар бир көз ирмем сайын тыным билбей согуп жаткан жүрөгүбүздүн толтосундагы агып турган каныбыз менен кошо, чын дилден тыңдай турган болсок, байыркы бабаларыбыз басып өткөн ары даңктуу, ары сыймыктуу, ары кайгылуу доорлордо калган тагдыр жолдору жана да түбөлүккө тарых барактарынын бүктөмдөрүндө калган баатырдык мезгилдердин элестери көз алдыбызга тартылбай койбойт...

Асыресе, өз ата-бабаларынын өткөн тарыхына кызыгуу жана алардын басып өткөн жолдорун кез-кезде болсо да эске салып, артында калтырган издерин жаңыртып, алар баскан жолдор менен сыймыктанып туруу – бардык эле элдерге мүнөздүү болгон сапаттардын бири экендиги талашсыз чындык!..

Бул ирет биз көркөм адабиятта алиге чейин такыр белгисиз бойдон калып келе жаткан, – жалгыз бир эле элдин эмес, – бүтүндөй түрк элдеринин башаты катары, келечек урпактарынын тагдыры үчүн бурулуштуу ролду ойногон ошондой орошон доорлордун бири жөнүндөгү баянды замандаштарыбызга сунуш этип, бул баян жетишээрлик деңгээлдеги тарыхый маалыматтарга негизделсе да, көркөм адабияттын каражаттарын колдонуу аркылуу окурманга жеткирүү аракетин көрмөкчүбүз...

Эпиграфта жазылгандай, Улуу Түрк Каганаты тарыхый чен-өлчөм менен, салыштырмалуу алганда, кыска мезгилге гана жашаганына карабастан, анын өөрчүтүп-өнүктүргөн, сактап калган жана да, кийинки доорлорго калтырган мурасы кайталангыс, улуу мааниге ээ экендигин тарых өзү тастыктап турат. Мунун ачык-айкын далилдеринин бири – азыркы кездеги жалпы түрк элдеринин жапырт, дүркүрөп өнүгүүсү уланып келе жатканы деп айтсак болот.

Ошентип, эзелки тарых бүктөмдөрүндө калган, ар кандай оор кырдаалдарды жана тайгак-тар жолдорду басып өтүп, тагдыр чечүүчү сыноолордон суурулуп чыгып кете алышкан, байыркынын учугун татыктуу улантышкан байыркы Түрк Атанын балдары жөнүндөгү баянды тыңдаңыз, урматтуу окурман!

 

УЛУУ КАГАНАТТЫН ЖАРАЛЫШЫ

Биринчи бөлүм

 

Үстүдө көк теңри, астыда кара жер жаралганда эки арада киши уулу жаралган. Киши уулуна менин бабам Бумын каган, 
    Истеми каган кандыкка отурган. Отуруп түрк журтунун, мамлекетинин мыйзамын тутуп, бийлигин орноткон... 

Күлтегин таш эстелигиндеги жазуудан

 

...VI-кылым...

...537-жыл....

Хан Теңир тоосунун кыркалай созулуп кеткен чокулары гана күмүш түстүү ак кар, көк муз алдында болбосо, башка бардык жака-бели, ойдуң-түзөң жактары көк-жашыл тулаң чөпкө чулганып, Каркыра жайлоосу өзгөчө кооз көркүнө чыгып турган маалы. Теңир өзү ыроологон табигат кооздугу – үзүк-үзүк, сейрек ак булуттары гана түпсүз мейкиндикте жай гана сүзүп, калкып жүргөн түпсүз көк Асманга күзгү сымал карангансып, көгүлтүр көл бетинен бирде бирин-экин булуттуу көк асман көрүнсө, бирде аркайган зоокалары Асманды тиреп тургансыган, бири менен бири бой тирешкенсиген тоо чокулары чагылышып, көрүнүп турат...

Жайдын толукшуп турган кези...

Чак түш... Күн дал төбөдөн жылбай, асылып калгандай болуп, айланага тегиз тийип, тээ төмөн, алыс жактагы “леп” эткен жел да жүрбөй калган, кеңирсип, чексиз жайылып жаткан өрөөндөрдү аёосуз куйкалап жаткансыйт.

А бирок, тоо түбүндөгү капчыгайдын эки тарабын кыркалай жайгашкан тоо урчуктары, ортосун бийик тоо тараптан агып келүүчү көк кашка, адам ичсе тишин какшаткан, муздак суусу бар, кичинекей болсо да, буркан-шаркан түшүп, шар аккан дарыя гана ортолорун экиге бөлүп турган боз үйлөрдүн айлана-тегерегинде тынымсыз соккон мелүүн, эрке, салкын жел ойноп турат.

Хан Теңир тоосунун чокулары күнгө чагылышып, көк музу айнектей көз уялта жалт-жулт этип, тээ төмөн жактан тиктеген адамды өзүнчө бир өзгөчө, кайталангыс кооздугу менен суктандырат...

Кагандын Ордосунун чок ортосунда жайгашкан Ак өргөөсүнөн дал ушул кезде, түштөнгөн соң, сыртка чыгып, күн дал бийик чокуда кылкылдап туруп, күн батыш тарапка ооп кете албай, асылып турган учурда Асманды жана Хан Теңир тоосунун чокуларын кароону күнүмдүк адатына айландырып алган Түмөн каган, көнгөн адатынча, чалкалай калып, башындагы таажыны чечип, денесин бир аз чалкалата, башын бийик көтөрүп, алыскы бийик тоолордун чокулары тарапка көз жиберди. Анын эң сүйүктүү, түбөлүк кебелбес тоолорунун кол жеткис чокулары демейки эле өз калыбынан өзгөрбөй, бир калыптагы мелтиреген, чексиз, улуу жымжыртыкка чүмкөлүп турган экен.

Түмөн каган бир караганда жоокердин согушка кийилүүчү, башындагы темир туулгасын элестеткен, бир караганда, түндүгүнө кичинекей желекче сайылып коюлган боз үйдүн элесин эске салган, дал бешенеси тарабында кичинекей энбелгиси, – карышкырдын башынын сүрөтү алтындын буусу менен түшүрүлгөн кагандык таажысын күн сайын эки ирет гана башынан чече турган: биринчи жолу ушинтип, жанында эч ким жокто, бийик тоолордун ак мөңгүлүү чокуларына таазим этип, карап жатканда, а экинчи жолу да – жанында эч ким жокто, – түн бир оокумда, тактысында жалгыз калып, уйкуга баш коер алдында гана...

Азыр да Түмөн каган таажысын кош колдоп, көкүрөгүнө бекем кыса кармап туруп, кыйлага чейин башын чалкалата, көк Асман тарапка сайылып, учтары асманга тирелип тургансыган, көк мелжиген көгүш мөңгүлүү тоо чокулары менен үнсүз саламдашкансып, кыймылсыз көз жиберип туруп калды. Бир гана айрымасы, – бул ирет ал демейдегисинен бир нече көз ирмемге узагыраак карап туруп калды.

Бирок, эмнегедир, Түмөн каганды бул саам биринчи жолу, ал мурда күн сайын көрүп жүрсө деле, көргөн сайын ата-бабалардан калган ыйык, кымбат баалуу мурас-эстелик сыяктуу сезилген, тээ бийиктеги көз мелжиткен, мөңгү баскан чокулардын күн нуруна чагылышып, жалт-жулт этип, көз моокумун кандыра, миң кубулжуп ойноп жаткан элеси күндөгүсүндөй эле жүрөгүн купуя толкутуп, ичтен кере дем алдыра, тындыра, көңүлүн тынчытып, тымызын кубандыра алган жок.

***

Түмөн каган таажысы жок, жылаңбаш туруп калганын эч ким жакындан келип көрбөшү ылаазым. Антпесе, анын демейки эле бурадарларынан эч кандай айрымасы деле болбой калар... Мындай ишеним анын көкүрөгүндө ал мындан он эки жыл мурда, туура отуз беш жашында, оорудан улам аркы дүйнөгө узаган атасынын бош калган кагандык тактыга олтурганда эле дароо бекем орноп калгандай болгон... Ал өзүнө Ыйык Көк Асмандын назары түшүп, Көк Теңир өзү колдогондугунан улам гана, кагандык тактыга олтуруп, бүтүндөй бир элдин тагдыры үчүн жооп берүү милдети өз моюнуна тагылып калгандыгына да бекем ишене турган.

Азыр ал кырк жети жашта. А чоң атасынан кагандык такты мураска алган атасы – туура он сегиз жыл бийлик жүргүзүп, элүү сегиз жашында акка моюн сунган...

Азыр Түмөн каган дагы артта калган өмүрүнө кылчайып карап, өзүнүн ачып көздү жумганча эле кырк жети жашка келип калгандыгын эске салды... Жок, жок... Ал азырынча бар болгону кырк жети гана жашта...

Эмнегедир, соңку жылдарда, жаш курагы өйдөлөгөн сайын, Түмөн каган купуя бир өзүнчө, эч кимге билдирбеген ой-санааларга батчу болгон: Теңир ага канча өмүр берди болду экен? Ал кагандык тактыда дагы канча жыл олтурат?.. Анан дагы, ыраматылык атасы – катуу ооруга дуушар болуп, ажал менен арбашып калса да, төшөккө жатып калбай, күн сайын куландан соо адамдан бетер, жан адамга билдирбей, тактысынан түшпөй олтурганын эч эсинен чыгара албай келет. Каган атасы бир күнү аны ээн аксарайда, такта олтуруп, жанына чакырып алып, ага бир сырын ачканга бел байлаганы бар. Бирок, ал ошол сырын толук ачканга да үлгүрбөй калды.

“...Уулум, менин ордумду баса турган жалгыз өзүңсүң... Сени мен ошон үчүн акыл-эс кирип, эрезеге жеткен кезиңден баштап, даярдап келе жатамын... Жаман айтпай жакшы жок дейт го... Теңиримден ошондой буйрук болуп, ажалга моюн сунсам, бул тактынын ээси сен болуп каласың... Мен он сегиз жыл бийлик жүргүздүм. Жаман бийлеген жокмун. Туура, калыс бийледим... Бурадарларга жардам берип, колдон келишинче колдоп жүрдүм... Эч бир жанга жамандык жасабадым... Лекин, ичте бир арылгыс арманым калды. Бир чоң ишти жасай алган жокмун... Эми, мындай айыкпас оору асылып калган соң, мен аны жасоого да үлгүрбөйт окшоймун... Ал жөнүндө бир аз кечирээк ойлонуп калдым...”

Каган сөздүн дал ушул жерине келгенде, Ак сарайга ханыша -кагандын аялы, – Түмөн кагандын апасы шашыла кирип келди. Деги, аксарай эрежеси боюнча, каган кимдир бирөө менен ээн-эркин жалгыз сүйлөшүп жатканда, эки гана адам уруксатсыз үстүнө минтип шарт эте эшик ачып, кирип келе алмак: биринчиси – кагандын аскербашчысы, экинчиси – ханыша... Демейде, бул кандайдыр бир шашылыш, күтүүсүз бир нерсе болуп кеткендигин туюнткан белгиси катары кабылданаар эле... Анда да дал ошондой болду: оорулуу каган үчүн кытай тараптан атайын чакыртылып, алынып келинген атактуу табып Аксарайга жеткирилип, күтүп олтурганы маалым болду да, дароо бардыгы тең ошол жагдайга көңүл буруп калышты...

Түмөн каган өзүнүн бир көз ирмемдей болуп, сызып өтүп кеткен он эки жылдык бийлигинин эң соңку жылында каган атасы менен болгон дал ошол акыркы көзмө-көз сүйлөшүүсүн улам-улам эстей бере турган болгон. Кечкисин, сырттан кайтаргандар гана калышып, ээнсиреген аксарайда өзүнчө жалгыз калганда да, кээде күтүүсүздөн эле, башка кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп жатканда да... Бүдөмүк бойдон, толук айтылбай калган ошол ойдун жандырмагын чечмелей албай кыйналат? Атасы ошондо кандай чоң ишти жасай албай калдым деди болду экен?.. Эмне үчүн бир аз кечирээк ойлонуп калдым деди?.. Бул тууралуу, эмнегедир, Түмөн каган кийин өзүнүн ханыша апасынан дагы сурап калбаптыр... Балким, каган атасы ошол аруу максатын, жетпей кеткен ой-максатын ханыша апасына айтканы деле күмөн чыгар? Болбосо, анын каган атасынын керээзи катары апасы кийин ага айтмак эле да?!

***

Каганды карапайым бурадарлардын арасында кадыр-баркы бар, эл бийлеген адамдардан гана эмес, башка дагы өздөрүн кудуреттүү сезишкен, теңирден аларга өзгөчө башкача күч берилген деп санашкан баатырлардан айрымалап турган бир нерсе – жалгыз ушул башындагы таажысы гана...

Ошон үчүн, кагандын кээ бир учурларда башка адамдар сыңары эле, күнүмдүк бир майда нерселерге кабатырланганын да, капаланып көңүлү чөккөнүн да, кандайдыр бир окуяга, же көрүнүшкө ашыкча кубанып тургандыгын да башка эч ким көрбөшү ылаазым. Антпесе, анын бийлигинин өз бурадарларынын алдындагы сырдуу касиети, башкалар сыйынган кудурети билинбей, тайыздай баштайт... Көк Теңир өзү колдоп, Көк Асман тараптан жогорку бийлик тартууланган каганды, анын бурадарлары жөнөкөй эле адамдардай болуп, күнүмдүк майда бир нерселер менен алпурушуп калган кейипте жүргөнүн эч качан көрбөгөнү артык!..

Көнүмүш калыбынан жазбай, сыртынан баарына кайдыгер, калбаат карап, айланага үнсүз тегерете көз чаптырып турганы менен, Түмөн кагандын көңүлү азыр жайында эмес эле. Береги эле тынымсыз согуп жаткан, ойноок шамал сымал, жүрөгүнүн түпкүрүндө ар кандай карама-каршылыктуу ойлор удургуп ойноп, бирде кооптондура тынчын алып, бирде бир азга тынчый калса да, кайра эле эске түшүп, бир чечимге келе албай жаткан...

Түмөн кагандын тынчсызданышына олуттуу бир гана себеп бар болчу. Каган мындан бир айча илгери, эч бир жанга билдирбей, алыскы чөлкөмдөргө атайын тапшырма менен жиберген өзүнүн бир тууган иниси Шаадеми, эмнегедир, болжолдонгон маалдан кыйла кечигип, кайтып келбей жаткан...

Түмөн каган ордосундагы таянган кубаты, өзүнөн беш жаш кичүү аскербашчы иниси Шаадемиге дал өзүнө ишенгендей эле ишене турган. Ошондуктан, эгерде ал алыскы жооптуу сапардан кайтпай калса, же кандайдыр бир күтүүсүз кокустуктан улам мерт болуп калса, Көк Теңир өзү андай жамандыктан сактасын, бул кагандын ордосу үчүн гана чоң жоготуу болбой, жеке Түмөн кагандын өзү үчүн дагы өтө оор сокку болмок.

Лекин, Түмөн каганды тынчсыздандырган ой – каган ордонун, же өзүнүн бир тууган инисинин гана жеке адамдык тагдыры жөнүндөгү кабатырлануудан улам эмес, түпкүрүндө – каган ордонун алда канча эбегейсиз болгон, алыскы келечек тагдырына байланышкан асыл тилек-мүдөөгө байланышып турган. Түмөн каган азыр ал максатына жетүүнү өмүрүндө башка эч нерсени көксөбөгөндөй, эңсебегендей каалап турган...

Өз өмүрүндө далай чоң жеңиштерге жетишип, көздөгөн максаттары орундалган, азыр каалаганынын баары тең бутунун алдында жатып, же сунса эле колу жетчүдөй сезилип турган, күч-кубатка толуп, болукшуп турган Түмөн-кагандын көксөгөнү да, көздөгөнү да азыр ошол инисинен башка эч кимге айтпаган сырдуу максат эле... Ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген бул максат аны күндүзү да, түнкүсүн да, артынан калбай ээрчип алгандан бери кыйла убакыт болгон...

Акыры ал канчалык оор, санаачыл түйшүккө батса да, түкшүмөлдөп олтуруп, бир жыйынтыкка келип, Аксарайда такта олтуруп, иниси Шаадеми экөө эч бир жан жокто, көпкө чейин көзмө-көз сүйлөшүп, кеңешип олтурушуп, акырында ушундай чечимге келишкен болчу...

***

Шаадеми жалаң гана ар кандай кырчылдаган кагылышуулардан, кыл чайнашкан кармаштардан өтүп, сыналган жигиттеринен турган, “карышкырлар” деп аталып калышкан жоокерлерден куралган аскерлердин ичинен дагы тандалып, иргелип алынган, эң ишеничтүү, өзүнө жакын болгон жүзбашы жигиттеринин биринин колун дагы бир кыйла чыңдап туруп, аны кагандын ордосун кайтаруучу аскерлерине кошту да, өзү башка бир жүзбашынын атчан курал-жарактуу колу менен алыскы сапарга таң жаңы гана сүрө баштаган кезде аттанып жүрүп кетти.

Ал атчан жоокерлердин аттарынын туяктарынан чыккан дүбүрт жер дүңгүрөткөн добушка айланып кеткендиктен улам, али тынч уйкуда жаткандар чочуп ойгонуп кетишсе да, Шаадеми бул ирет көнүмүштөй болуп калган, кандуу жортуулга аттанбай эле, биринчи жолу алдыда ак боз атын алчактата, өзүнүн моюнуна өтө жооптуу, оор элчилик милдет тагылып бара жаткан.

Анын эки капталында жанаша, коштой бастырып бара жатышкан эки атчандын аттарынын ээринин кашына бекемдеп байланып, асаба таягы атчан жоокердин үзөңгү боолуу такымдарына кыстарылган, эки башка түстөгү туу алды жакта желбеп, жол көрсөткөн маяк сымал болуп, баштап бара жаткан. Оң жагындагысы – дал орто ченинде көктүрктөрдүн алтын жиптер менен саймаланып, түшүрүлгөн көкбөрүнүн башынын сүрөтү бар Көктүрк кагандыгынын туусу болсо, сол жагындагы атчан жоокердин колундагысы, – али таң сүрө элек үрүл-бүрүл жарыкта ап-аппак болуп алыстан көрүнүп, жер үстүндө жылып бара жаткан булут сымал желбиреп бара жатканы, – алыстан, бет алдыдан караган адамдарга, бул удургуп, селдей каптап келе жаткан атчандардын ак ниетин, тилегин билдирип турган туу – элчиликтин ак желеги болчу...

***

Эми соңку кездерде түнкү уйкусу да тынч болбой, бузула баштаган Түмөн каган, кайрадан күн санап көрдү да, Шаадеми алыскы жолго аттанып, жол жүрүп кеткенден бери бүгүн туура кырк күнгө таяп калгандыгын аныктады.

Каган ордонун Аксарайындагы жашоо абалкы көнүмүш эле ыргагында өтүп жатса да, Түмөн каган сыртынан эч бир сыр билдирбегенге аракет кылса да, уйку-соонун ортосунда жүргөн сымал абалда болуп, көңүлү тынчып, бир нукка түшө албай жүрдү. Мунун баары түнкү уйкусу бузулуп, уйкусу канбай калгандыктан улам болуп жатса керек деп боолгоду өзүнчө... А бирок, бийлиги ченемсиз болуп, оозунан чыккан илебине гана далай иштер заматта бүтүп жаткан каган тынч уктай албай, уйкусу канбай жатат десе, буга дегеле эч ким ишенбес эле!..

Каган тактысында олтуруп, демейдегисиндей эле, акылман шад, таркандарын, кеңешчилерин, чет жактан келген элчилерди биринин артынан бирин кабыл алып, эреже боюнча узатып жатты. Алыскы бай өлкөлөрдөн алардын өлкө башчыларынын каганга берилген кымбат баалуу тартуу-белектерин ала келишип, бир азга болсо да кабыл алуусун суранышкан бай кербенбашчылары да кербен сарайларда түнөп жатышып, кезек күтүшө, Аксарайга кирип чыгууга жетишип, Түмөн каганга тизе бүгө, таазим этип, кымбат белектерин тапшырышып, каган менен бир азга болсо да көзмө-көз сүйлөшүп чыккандарын жогорку сый-урматка арзышкандай кубанып, чыгып кетип жатышты.

Түмөн каган сыртынан сыр билдирбегени менен, анын көңүлүнүн түпкүрүндө тынчын алган нерсе – дале болсо алыс жак тарапта – сапардан кайтып келүүчүлөрдөн кабар күтүүдө эле...

Анын эң ишеничтүү адамы, он эки жыл бою кагандык бийликте өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келген бир тууган иниси, – Шаадеми кандай кабар менен кайтат?! Деги, тирүү кайтабы?.. Эмне үчүн эле мынчалык кечигип жатат?..

...Түмөн каган кыйлага чейин өз жандүйнөсүн кыйнап, ойлонуп жүрүп, акыры ошондо атасы ага четин гана чыгарып, бирок, толук айтууга үлгүрбөй калган сырдын түйүнүн чечкен болчу!.. Бул тууралуу ал дароо эле аскербашчы иниси Шаадеми менен, кубанып, жарпын жаза бөлүшкөн.

Шаадеминин алыска аттанып кеткендеги сыры да ошону менен байланыштуу болчу... Каган аскербашчы иниси экөө жан адамга билдирбей, өздөрүн акылман кеңешчибиз деп санашкандардын ичинен да бул ишке эч кимисин аралаштырбай, узакка чейин кеңешип олтурушуп, акыры ушундай бир чечимге келишкен болчу... Алыскы Алтай тоолорун жайлап, Улуукем дарыясын бойлой, Көгмён тоолорунан Ата-Тоого чейинки аралыкта кышын-жайын көчүп-конуп жүрүшкөн Түрк Атадан таркаган уруу башчыларынын баарын Каркыра жайлоосуна сый-урмат менен чакырып, чогултуп, баштарын кошуп, Курултай өткөрөлү деп чечишкен.

Ал курултайда дайыма ыркы жок, бири-бирине атаандашып, арзыбаган майда бир нерселер үчүн бири-бири менен таарынышып, жайыт талашып, же үйүр-үйүр жылкыларды уурдап, айдап кетишип, кези келгенде чабыша да кетишип, бирок, өздөрү баары тең бир Түрк Атанын урпактары экендиктерин эстен чыгарышпагандыктан, эч качан катуу да кетишпей, ар кайсыл аймактарда чачылып, башы кошулбай келе жаткан түрк элдеринин урууларын бириктирип, кийинки келечек тууралуу сөз козгошмок!..

Азыр да, ушуларды ойлонуп олтуруп, Түмөн каган ошондо, бул жарыктагы эң соңку демдери калган кезде, каган атасы айткан: “Мен өмүрүмдөгү бир чоң ишти жасай албай калдым!” – деген арманы дал ушул экендигине ичинен бекем ынанып турган. Буга себеп, далил – башка бир учкай сүйлөшүү да эсте калган болчу. Ошондой кезектеги кыска кагылышуулардын биринен соң, Түмөн ханзаада жаштык деми менен, курчтук кылып, ойлонбой эле, атасына коңшулаш уруулар менен “улам эле чабышып, убаралана бербей, биротоло эле баш көтөргүс кылып талкалап салууну” сунуш кылган болчу.

О-о, азыр ойлоп көрсө, ошол кезде атасы анын азыркы курагына караганда дагы кыйла эле жаш, али кырк жашка дагы жете курагында экен!.. А бирок, жаштыгына карабай, акылмандыгын, алысты көрө билген кыраакылыгын карабайсыңбы?! Ошондо атасы, акырын жылмая карап, жай гана: “Э-э, уулум, эч убакта анчалыкка жетип, катуу кетпегин! Биз баарыбыз тең бир Түрк Атанын балдарыбыз. Баары бир качандыр бир кезде биригип, башыбыз чогуу кошулат. Кыйын күнгө кабылганда, же сырттан душмандар жерибизге селдей каптап, кирип келгенде, биздин коңшулаш жашашкан урууларыбыз, өз ара миң ирет чабышсак дагы, таарынышсак дагы, баары бир бири-бирибизди жалгыз таштап, кыйып кете албайбыз го... Биздин андай жоругубузду ата-бабаларыбыздын арбактары, Түрк Атабыздын арбагы деле кечирбейт болуш керек, гой?!” – деп, оор үшкүрүнө, күрсүнүп койгон эле...

***

Кырк биринчи күн да артта калды...

Бул түнү Түмөн каган бир нече жолу улам-улам чукуранып ойгонуп, жакшы уктай албай, тынчы кетип чыкты. Көзү жумулбай, ойлуу жатса да, көңүлүн эзген баягы эле күтүү кыйнаганы билинип жаткан: Шаадеми неге мынчалык узакка чейин кечигип жатат?! Деги, ал баштаган чабармандар Түрк Атанын балдары жайгашкан бүт бардык жерди кыдырып чыга турган болушса да, мыкты, тандалган күлүк, жорго аттар менен кетишкен жигиттерге кырк күн кайтып келгенге кенен жетишмек...

Кез-кезде, Аксарайда гана эмес, бүт айлана чөлкөм түнкү бейпил жымжырттыкка бөлөнүп, тоо дарактарынын коюу жалбырактарынын сүрдүү шуулдаганы жана үкү сыяктуу түнкү жаныбарлардын, канаттуулардын гана чакырган, сайраган дабыштары угула калбаса, жайкы салкын түндүн жымжырттыгында шырт эткен үн дагы даана угулуп турат...

Түмөн каган таажысын эбак чечип, жанына коюп, жылаңбаш болгондуктан, башын куштардын жүндөрүнө толтурулган, мамык, жумшак балыштан алып, оюм-чийимдери менен, өзгөчө оюулары менен кооздоп жасалган шырдакка башын коюп, жата калып тыңшай салып да жатты: эгерде Шаадеми баштаган атчан чабармандар алыс жактан кайтышып, жер дүңгүрөтүп, чаап келе жатышкан болсо, бул дабыш жер түпкүрүнөн чыккан жаңырыкка айланып, кулакка даана угулмак!..

Азыр моюнунда бир элдин тагдыры, келечек жүгү тагылып турган Түмөн каган, ошентип, түн бир оокумунда жалгыз, ойгоо жатып, качанкы бир эселек бала курагындагыдай, ойноп жаткансып, кулагын жерге такап, тыңшай калып жатканына, бир жагынан күлкүсү келсе, экинчи жагынан, муздак тоо суусун токтобой, шимире ичкенден кийинки сыяктуу, өкүнүчтүү, орду толгус жоготууга айланган бир сезим көкүрөгүн каптап, аралап өттү...

Ооба, азыр ал каган болгону менен, бир кезде ал деле кадимкидей жөнөкөй бала болгон! Башкалардай эле, бейкапар, көңүлүндө кымындай да камтама болуу деген жок, ойноок, шок, тентек бала болгон!.. Ошондой күндөрдө, ордону кайтарышкан жоокерлердин жана жансакчылардын тыюу салышканына карабастан, өзү курактагы беш-алты теңтуш балдары менен чогуу, жашынмак ойношуп, жансакчыларга да таптырбай, тоолордун бийик зоокаларына чыгып кетип калыша турган. Кээде, көк майсаң чөптүү жерди кучактай жата калып, тээ алыскы мөңгүлүү зоодон тынымсыз атырылып, жерге агып түшүп жаткан шаркыратманын үнүн тыңдап угушаар эле!.. Кызык, ал шаркыратманы ошо Хан Теңир тоосунун чокусу тарапка аңчылыкка чыгышчу анча-мынча адамдар гана көрүшпөсө, эч ким көргөн деле эмес окшойт. Алыстан шоокуму кулакка да такыр угулбайт. А бирок, жерди көкүрөгүң менен кучактай жатып, кулак төшөөрүң менен эле, тээ бийиктен шарылдап, аба жарып, тынымсыз атырылып, агып түшүп жаткан суунун шоокуму даана угулат. Угулат да, көз алдыңа дал бет маңдайыңда тургандай элестейт: көк муздуу мөңгүлөрдү баскан карлар жайкысын эрий баштайт да, баары тең агып келип, бийик, жалама зоокалуу, тик жар бетине келгенде, төмөн карай абага асылып калгансып, атырыла аба менен агып, тээ төмөн жактагы капчыгай тарапка карай шарылдап-шуулдап учуп-сызып жөнөйт...

Түмөн каган бала чагында атасынын эч тайманбас, коркуу сезими эмне экендигин билишпеген, бет алдынан чыккан душманын селдей каптап, тепсеп өтүп кетүүгө жөндөмдүү болушкан атчан аскерлеринин дүбүртүнүн дабышын дагы дал ушинтип укканды жактыра турган. Алар ордодон чыгып, чапкан бойдон алыстап, узап кетишкени да, же, алыскы сапардан олжолуу кайтып келе жатышканы да дал ошол шаркыратманын күрүлдөгөн добушунан айрымаланып, өзгөчө чыккан, жерди тээ түпкүрүнөн бери дүңгүрөтө угулган дүбүрттөн улам билине турган.

А бирок, азыр ал ошол кулакка тааныш, жагымдуу дабышты уга алган жок... Шаадеминин кечигип жатышы ал үчүн түшүнүксүз болуп жаткан...

***

...Эртеси түш ченде гана, Түмөн кагандын чак түштөгү серүүндөөсү аяктап, ал Ак өргөөгө эми гана кирмекчи болуп, аяк таштоого камдана баштаган кезде тээ төмөн тараптагы, алыс жактан, Ыйык-Көлдүн батыш жээги тараптан асманга атырыла оргуп, бурулдап, созула көтөрүлүп чыгып кетип жаткан, бийиктеген сайын улам жайылып таркап жоголуп, элеси көзгө илешпей, көк асманга сиңип, жок болуп кетип жаткан түрмөк булуттардай болгон караан көрүндү. Жок, ал булуттай эмес эле, кургак жердеги куураган чөп-чарларды улам көз ачып жумгуча каптап, укмуштай тездик менен берилеп жылып келе жаткан, чатыраган өрттөн чыгып жаткан түтүнү сыяктуу эле! Бар болгону – анын түсү өрттөн чыккандай коюу-каракөк түстө эмес, өтө тездик менен жылып келе жатса да, жай жылган жер үстүн каптаган булуттай боз-ала түстө болчу... Али эч бир караан көзгө илешкистей, алыскы аралыкта болсо да, бийик тоо тараптан мунун баарын көрүп турган Түмөн каган бул жер үстү менен аны көздөй желдей сызып, жер бети менен учуп келе жаткан булут – анын көптөн бери тынчсызданып күтүп келе жаткан иниси Шаадеминин карышкыр жигиттеринин аттарынын жер көңтөргөн туяктарынан чыккан, ызгыткан чаңдын карааны экендигин жаземдебей түшүндү... Түшүндү да, жүрөгү толкундана, бир катуу булкуп алып, күтүүсүз көрүнүштөн улам, абдан катуу сүйүнүп кетсе да, эч сыр билдирбей, ичинен гана тына, жеңилденгендей бир оор үшкүрө дем алып алды да, ак өргөөгө карай жай, салабаттуу кадам таштады.

Эгерде алардын үмүтү-тилеги, ою, көздөгөн максаттары, иши оң жагына чечилбесе, Шаадеми мынчалык шашылыш чаап келмек да эмес. Жок, ал эч качан жаман, суук кабарды агасына угузуу үчүн мынчалык шашылмак эмес!..

***

Жай чилдеси да өткөн сапарына карай ооп кетип, саратан айы жаңы гана башталып калган кез...

Кеңирсий жаткан Каркыра жайлоосунун жашыл майсаңдуу өрөөнү сыйлуу коноктор үчүн тигилген ап-аппак боз үйлөргө батпай кеткенсиди. Кандайдыр бир чоң салтанатка, эзели боло элек той-майрамга даярдык көрүлүп жаткандай маанай айланадан ачык сезилип турду...

Акыры алар үчүн көптөн бери даярдык көрүлүп, алыстан күтүлүп жаткан сыйлуу коноктор да биринин артынан бири топ-топ болуп келе башташты.

Адегенде, башкаларга караганда эң алыста отурукташкан болушса да, жорго аттары менен кырк күнчүлүк жол жүрүшүп, мыкты жасалгаланган ат жабдыктары көз жоосун алып, тандалган тулпарларынын салтанаттуу, алчактаткан басыктары менен, өздөрүнүн азганакай гана сандагы жарактуу жансакчы жигиттеринин коштоосунда, Алтай тоолору тараптагы жана Улуукем суусунун бойлорундагы, Чач шаарынын айланасындагы түрк урууларынын кагандарынын атчандар топтору биринин артынан бири келип, ыргыштап, ооздуктарын чайнашкан аттарынын башын бура, тизгин жыя тарта, токтошуп, алдынан тосуп чыккандардын аларга көрсөткөн чоң сый-урматы менен кабыл алынышып, кызматчы жигиттер алардын аттарын алышып, өздөрүн колтуктан көтөрмөлөй кармап, аттарынан түшүрүп алып, сый өргөөлөр тарапка узатып, беленделген жайларга киргизип жатышты.

Түмөн каган аларды мурдатан алдын ала даярдалган, ар жерге топ-тобу менен тигилген, жүздөн ашуун ак өргөөлөргө жайгаштырууга буйрук берип жатып, ичинен сызган зор канааттануу сезимин баштан кечирди. Ооба, анын жеке өзүнө карата зор ишеним бар болгондуктан гана ушундай болду.

Антпесе, мынчалык аз сандагы жансакчылары менен келишмек да эмес. Ичтеринде кылдай эле арам ойлору бар болсо, же такыр келишпей коймок, же келишсе да, барымтага алышпасын деп чочулашып, чоң, күчтүү колдун коштоосунда гана келишмек!..

Каган болсо да, түпкү атасы бир Түрк Атанын балдары болгон бир туугандарына, өзүнө жасалган мындай ишеничтүү мамилелери үчүн жөнөкөй адам катары эле ичи жылып, Түмөн каган терисине батпай, төбөсү көккө жетип, кубанып турду...

Андан соң, көп узабай эле, дал белгиленген мөөнөткө, кечикпестен жетип келишкен Тараз, Атлах, Ош жактагы түрк урууларынын кагандары да ошондой эле жогорку сый-урмат көрсөтүү менен кабыл алынышты.

***

Кечке жуук. Күн уясына жаңы гана кылкылдай, батып бара жаткан маал...

Күн чайыттай ачык болуп, түпсүз көк асманда бир үзүк да кичинекей, кылайган булут көрүнбөйт... Жайкы мелүүн жел, демейдегидей эле, бир калыпта согуп турган кез.

Бирок, бул аймакта бүгүнкү күн демейдегиден башкача эле. Муну баары тең, – улуу-кичүү дебей, – билип турушкан сымал, алардын көз алдында кандайдыр бир салтанаттуу, маанилүү окуя болуп жаткандыгына күбө болуп жатышкандай маанай жаралган болчу...

Кыдырата тигилген аземдүү Ак өргөөлөр буга чейин кеңирсип, ээнсиреп жаткан сымал көрүнүп келген жайык, жашыл өрөөнгө батпай кеткендей сезилет...

Келген коноктордун баары өздөрү үчүн өзгөчө аземделип, жасалгаланган ак өргөөлөргө киргизилип, алыстан жол жүрүп келишкен соң, аттарынан түшүшүп, ар бири өздөрүнүн коштогон тобу менен чогуу, алар үчүн мурдатан беленделген боз үйлөрдөн орун алышты. Ар бир уруу каганынын карамагына, алардын келген адамдарынын санына жараша, он чактыдан аземделген чоң боз үйлөр бөлүнүп берилген болчу.

Ат үстүндө алыскы жолдон чарчап, түшкө жуук келишкен коноктор бир азга эс алышып, шам-шум этишкен соң, кээ бирлери боз үй алдыларына чыгып, ары-бери басышып, алиге чейин үстүн ак кар, чокуларын көк мөңгүлөр басып турган тегеректеги бийик тоолорду кызыга карашып, өздөрү отурукташып калышкан жерлердин өзгөчөлүктөрүнө салыштырышып, сонуркап да, таңыркап да карап турушту...

Дал ушул кезде Түмөн каган өзүнүн акылман жан-жөкөрлөрүнүн коштоосунда, көптөн бери минилбей турган ак боз атын минип, ак өргөөлөрдө жайгашкан меймандардын ар бирине токтоп, баарын тең түгөл кыдырып, жолугуп, саламдашып чыкты. Бул дагы улуу кагандын өзү чакырган сыйлуу меймандарына көрсөткөн жогорку ызаат кылуусунун бир белгиси болчу. Түмөн каган аларды атайылап, бирден, же экиден чакырып алып, өзүнүн кагандык ак өргөөсүндө сүйлөшүүнү бул ирет туура эместей эсептеди.

Бардык Түрк Атадан таркаган уруулардын кагандары менен теңата, ызаат көрсөтө сүйлөшүп, алар алыскы жолдон кийин кандай жайланышып алышканын сурап, жана да эс алуу үчүн кандайдыр бир кем-карч жокпу дегенчелик кылып, бир кезде Түрк Атадан таркап, кийин алыстап кетишкен туугандары кандай жашап жатышкандыгынан дагы кыскача болсо да маалымат алгандай болду.

***

Эртеси күнү, мезгил улуу шашкеге чукулдап калган чакта, сыйлуу коноктордун баары тең калбаат каада күтүшө, Түмөн кагандын жайкы Аксарайы болгон он сегиз канаттуу Ак өргөөдө чогулушту. Каган ордонун атайын эрежелерине ылайык, расмий таанышуу, ал-жай сурашуу жүрүп, сыртынан демейдегидей эле жөнөкөй аңгемелешүүдөй уланып жаткан. Ошентсе да, кагандар ар бир сөзгө да, баш ийкөөгө да кылдаттык менен маани беришип, бирин бири алдыртан сынай карашып, жаман айтпай жакшы жок демекчи, башка оор жүк түшкөндө, алардын ичинен кимисине ишеним артууга болот, кимиси терс бурулуп кетиши мүмкүн дешкен сымал, ар кимиси ичтеринде өз ойлору менен алпурушуп, түпөйүл болуп олтурушту.

Кагандардын баары тең кыраакы, алысты мелжеп ой жүгүрткөн адамдар экени дароо эле алардын кебетелеринен байкалып турат. Теңир өз буйругу менен гана жогортон, Көк Асмандын амири менен тага турган, Кагандык ары оор, ары чоң сый-милдет болгон таажы жөнөкөй эле адамдын башына, кокусунан туш келип калбайт да?! Ал кагандык таажыны Көк Теңир сенин ата-бабаларыңа ыроолоп, мураска калып келген менен, элиңе ак кызмат кылуу, өз моюнуңа тагылган милдетиңди кандай аткарып кете аласың – Теңирге эмес, жеке сенин өз кудуретиңе, акылыңа жана зирек көрөгөчтүгүңө гана жараша уланып жүрүп олтурат!..

Көгмёндүк түрктөрдүн эр ортону элүүлөргө келип калган, сакал-мурутун ак аралай баштаса да, дене-бою чың, саргыч чачтуу, көгүлтүр көздүү, сымбаттуу каганы жашы улуу катары төр тараптан орун алыптыр. Анын оң ыптасы жагында, байыркы түрк ата-бабаларынын ээлеген жерин мекендеп туруп калышкан, сырткы кебетеси москоол, кабелтең, эки жаак бетинин сөөктөрү уркуя, сыртына чыгып турган, көздөрү бүтүкүйлөнө көрүнгөн Алтай түрктөрүнүн каганы олтурат. Кагандардын сол тараптарында, бир аз арт жакта кагандардын увазирлери, акылман кеңешчилери жайланышышкан.

Алтай түрктөрүнүн каганы өзүнүн жаштыгынан уламбы, көздөрүн жүлжүйтө, башкаларды алдыртан, ойлуу кыдырата тиктеп коюп, азыраак сүйлөп, башкаларды көбүрөөк угууга ынтызар болуп олтурганы байкалат... Башка кагандарга караганда жаштыгына карабастан, алтайлык түрктөрдүн каганы өз энчисине туш келген биринчи сыноодон татыктуу өткөн эрдиги, чоң чабуулга туруштук берип эле тим болбой, Алтай тоолоруна чейин кирип барышкан, тоонун аркы бетинин этегинде жайланышкан монгол тилдүү баскынчы элдин кара таандай каптаган, атчан жоокерлерин сүрүп чыгарып, экинчи тийишкис кылган даңазасы жалпы түрк элине таркап, муну эч ким али унута элек болчу!..

Азыр кагандардын баары тең сый коноктордун ээси болуп, алыстан ардактап, туугандык биримдигибизди чыңдайлык, бири-бирибизден алыстап, чоочун болуп кетпейлик деп, чакыртып келген Түмөн кагандын эң башкы максаты тууралуу ар кандай күдүк ойлорго дагы батып жатышкан. Жок, бул карт бөрү ушундай жөнөкөй ой менен гана, түздөн-түз көздөгөн максаты жок туруп, мынчалык тобокелчил, машакаттуу ишке эч качан бармак да эмес. Анын кези келгенде ачыкка чыгып, айтыла турган эң башкы сунушу, чыныгы максаты кандайча болду экен?!

Айтор, сөз арасында ар кандай ойлорго батып, өздөрүнчө түкшүмөлдөрдү боолголоп олтурушкан кагандардын баарынын тең –бул ачык айтылбаганы менен да, – баарынын тең бул жолугушууга келгендеги өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары да бар болчу! Муну Түмөн каган дагы жакшы түшүнүп турган.

Бирок, эч кимиси кагандык сүйлөшүүлөрдүн шаанисин бузуп, чектен чыгып, же ашыгып, сурап жиберишкен жок. Баары тең эки күндөн бери сыр чекишип, бири-биринин көнүмүш адаттарын, сүйлөө, жаңсоо айрымачылыктарын бир аз болсо да билип калышса да, ортолорундагы белгилүү бир көрүнбөгөн чектен өтүшпөй, сый мамиле аркылуу ортодогу аралыкты сактап олтурушту...

Эзелтен эле Түмөн кагандын азыркы ээлеп турган аймагы Түрк Атанын түпкү Мекени деп эсептелип, азыр өздөрүнчө бөлүнүп, өз алдынча кагандыкка ээ болуп турушкан түрктөрдүн ата-бабалары да, баары тең ушул Ата-Тоо аймагынан таркап кетишкендигин билишет. Ошондуктан, майда ар кандай араздашууларга, көчмөнчүлүк кагылышууларга карабастан, алар дайыма бирин-бири ичтеринен тууган катары санашып, кыйынчылыкка кабылганда арка-бел болот деп ишеним артып келишет. Анан калса, дагы бир моюнга ала турган жагдай, башка түрк кагандыктардын баарынан алда канча мурда түптөлгөндүктөн, түрк элдеринин башаты болгон Ата-Тоо кагандыгы убакыт өткөн сайын кулачы жайылып, кубаты артып бараткан. Теңир өзү Асмандан ыроологон берекелүү, кооз табиятынан сырткары да, Улуу Соода Кербен жолунун так чордонунда жайгашып калышы, ага дагы кошумча, – дал ушундай учурда Түмөн сыяктуу акылман, алысты көрө билген, кыраакы кагандын бийликке келип калышы, – ушунун баары биригип келип, Ата-Тоодогу түрк каганатынын ооматы артышына себепкер болуп турган.

***

...Жалпы түбүбүз бир, баарыбыз тең Түрк Атанын урпактарыбыз деп санашканы менен, ар бири өз-өзүнчө кагандыкка ээ болушкандыктан, узак жылдардан кийин гана эми араң ушинтип чогулушкан кагандардын баары тең мурдатан эле көктүрктөрдүн башчысы Түмөн кагандын даңкын алыстан угуп жүрүшсө да, аны менен минтип биринчи жолу бетме-бет келип, анын жеке чакыруусу менен сый көрүп олтурушкан... Жалаң гана кагандар жана алардын аскербашчылары, акылкошчулары жана жакын жан-жөкөрлөрү гана катышкан түшкү сыйтамакты берүү аземи башталды.

Ардактуу сый конокторго кымызды түрлөтүп, каалоочуларына карай, балкымыз, тунма кымыз сунулуп, жылкы эти казы-жалдары менен кошо тартылып, жаш козунун эти, бешбармак желип, атайын кытайдан алынып келинүүчү кымбат баалуу, жыпар жыттуу чайы менен кошо ичилип жатты.

Эми сыйтамак үстүндө расмий эмес, жайынча сүйлөшүүлөр башталып, алыстан келишкен улуу даражалуу меймандар бир кезде бардык түрк элдеринин мекени болгон көктүрктөрдүн жеринен алган таасирлери тууралуу ойлорун айтып жатышты. Баарынан да сыйлуу жогорку даражалуу конокторго алар мурда эч жерден көрбөгөндөй бийик, кооз Хан Теңир тоосу, суусу укмуштуудай таза, күзгүдөй тунук, кооз Ыйык-Көл жана Каркыра жайлоосу эч качан эстен чыккыс таасир калтырган болчу... Деген менен, сөз арасында, Улуукем дарыясынын боюдагы кышын-жайын жашыл, чер токойлуу, чексиз түздүктөрүнүн өзгөчө кооздугу, Алтай тоолорунун аймагындагы башка эч жерге алмашкыс табигый байлыктары тууралуу дагы кыстыра айтыла калып жатты...

Түштөнүүдөн соң, өздөрүнө мындай зор ызаат менен, жогорку деңгээлдеги көрсөтүлгөн урмат-сыйга канааттанышып, ыраазы болушкан жалпы түрк урууларынын кагандары бирде топтоло калышып, бирде эки-үчтөн болуп ары-бери басышып, кобураша сүйлөшүп, эс алып жүрүштү.

Негизги жыйын ошол күнкү кечбешимде гана башталды. Баягы эле Аксарай, бирок, ал бул ирет башкача иреттелип, жыйылып, жасалгаланып коюлуптур. Дал орто ченде көктүрктөрдүн туусу менен карышкырдын башынын элеси түшүрүлгөн энбелги коюлуп, сүйлөшүүгө келгендер баары тең бетмаңдай, кыдырата тегеректей олтурушуп, көзмө-көз маектешүү башталды.

Түмөн кагандын Түрк Атанын балдары өзара ынтымакты чыңдайлык, мындан ары бири-бирибиз менен болгон майда араздашууларды унуталык деген сунушун баары тең колдоого алышканы менен, кечээтен бери кагандык чөйрөнүн жазылбаган эрежелерине ылайык, бири-бирине сый мамиле жасашып, ызаат көрсөтүп, көрүнбөгөн чектен эч чыкпай келишкен эл башчылары эми гана айтып кала турган сөздөрдүн дал удулу келе калганын сезишип, өз учурунда айтылбаган сөздүн атасы өлүптүр кылбайлык дешкенсип, бири-бирине карата болгон нааразычылыктарын дагы бир аз кыйыта, же ачык эле айтып алганга да үлгүрүштү. Бирок, кагандарчасынан, сыпайы, сылык гана, бири-бирине үндөрүн көтөрбөй, айткан сөздөрүнө дагы кылдай да жаман сөз кошушпастан, тек гана өз көз караштарын билдиргендей болушту.

Бул сыртынан караганда жай сүйлөшүү сыяктанган, бирок, татаал өзара маселелерди камтыган талкууну чечүү учурунда бир нерсе өзүнөн өзү эле аныкталып калгансыды: Түрк Атадан таркаган элдердин урпактары көбөйүп, кеңирсип жаткан ээн аймактарга жайылып, таркаган соң, ар бири өз урук-уруулары менен өз-өзүнчө кагандык ордолорду көтөрүп кетишкени менен да, алиге чейин эле алардын тили да бир, дили да, салт-санаалары да бирдей окшош бойдон сакталып келе жатыптыр.

Анан дагы, ушундай ченемсиз, чексиз созулган аймактарда – күнчыгыш тараптагы Улуу Мухиттен баштап, күнбатыштагы Кара деңизге чейинки жерлерди мекендешип, эрте жаздан кеч күзгө чейин тынымсыз көчүп-конуп жүрүшкөнүнө карабастан, дале болсо аларды бөлүп турган чекаралары жок болгондуктан, алар бир тилде сүйлөп эле тим болбой, ата-бабалардан мураска калган отуз эки тамгадан турган, жогортон төмөн карай окулуучу катариптерди да алиге чейин чогуу пайдаланууну улантып келе жатышат!..

Баары бири-бирине теңата болушкан кагандар, түпкүрүндө эч кимиси менен каршылашуу тууралуу ойлошпосо да, мурдагы ата-бабалардын мезгилинен бери жашоо таанылгыстай болуп өзгөрүлө баштагандыгын, мындан элүү жылча илгерки эле учурларда ээн-эркин көчүп-конуп, жайыттарды тандап, күн алыс жайыт которуштуруп, алмаштырып жүрүшкөн көчмөндөрдүн жери дагы улам байкалбастан, тарып бара жаткандыгын моюнга алып олтурушту.

Көгмён жана Алтай элдеринин кагандары дароо эле Түмөн кагандын өзара ынтымакты чыңдоо жөнүндөгү сунуш-чакырыгына жооп кылышып, өздөрүнө коңшулаш жашашкан элдерге карата болгон нааразычылыктарын да ачык эле билдирип жиберишти. Албетте, алардын айланасындагы курчап турган тили буруу, айрым учурларда башка бутпарас, чокунуу сыяктуу диндерди тутунушкан, кошуна болуп жашап калышкан элдер менен Көк Теңирге сыйынышкан, түшүнүгү да, дүйнөтаанымы да башка болгон элдердин өзара ынтымакты сактап, бейпил жашоосу өтө эле кыйын маселе экендигин моюнга албаска эч арга да жок.

Ошондуктан, Түрк Атадан таркаган элдери өзара ынтымакты сактап, байланышты чыңдаган учурда деле башка элдер менен жер талашуу, байлык талашуу өз күчүндө калып, улам-улам улана берери турган иш болчу...

Муну Түмөн каган дагы абдан жакшы түшүнүп турган.

Ошол эле учурда, ал Суйаб шаары сыяктуу борбору баш болгон, бир нече кооз, бай шаарлары бар, эли мал чарбасынан башка дагы, туруктуу отурукташып, дыйканчылык кылууга көнүп, эзелтен келе жаткан көчмөнчүлүк салттан өтүп калышкан көктүрктөрдүн каганаты сыяктуу мамлекеттин мындан аркы өнүгүшү үчүн тынчтык аба менен суудай эле зарыл болуп тургандыгын дагы жакшы түшүнүп турган...

Ал тээ алыскы, күңүрттөнүп, билинер-билинбес болуп, карааны бүлбүлдөп көрүнүп турган келечекти эске алуу менен, терең ойлонуп туруп, ушундай чечимге келген болчу. Көктүрктөрдүн көркөм аземдүү шаарлары дагы башка чет өлкөлүк соодагерлерге, тили буруу бурадарларга билинбестен толуп бара жаткан.

Жаман айтпай жакшы жок демекчи, жалпы түрк элдеринин биримдиги түзүлүп калса, бул биримдик дегеле эч кимден жеңилгис, кубаттуу күчкө айланмак!.. Демек, Көгмён, Алтай элдеринин кагандары да туугандарынын аларды сырттан колдоосуна муктаж болуп турушкан чагы экен. Ушунун өзү эле алар ойлогон ой-мүдөөлөрдүн, кызыкчылыктардын дал келиши эмеспи?!

Арийне, кышы жылдын жарымынан ашык, узакка созулуучу чер-токойлорду, тоолорду мекендешкен көгмёндиктер менен алтайлыктардын дагы бир татаал көйгөйү бар экен. Болгондо да, дал ошол бир атадан таркаган түрк элдери менен тыгыз байланышкан, улам оордошуп бара жаткан көйгөй...

Кышы бою аңчылык, малчылык менен алпурушкан энесайлыктар менен алтайлыктар жай айларында көчүп-конуп олтурушуп, Чач, Жоон-Дөбө, Тараз, Атлах шаарларына акырындап, жакындап жылып кирип келишет. Бул алар үчүн илгертен бери эле, ата-бабалардан сакталып калган, көнүмүш көчмөндүк салт сыяктуу болуп калган.

Ошентсе да, соңку учурларда, өздөрү байырлаган чер-токойлордон бери түштүк тарапка карай жылып, чөл аймактарына жеткенде эле башка түрк элдери менен өзара чабышуу, үйүр-үйүр жылкыларды айдап кетип, кээде көчмөндөрдүн айылдарын чаап алууга чейин жеткен учурлар бар. Элдин баары эле куралдуу жоокерлерден куралбайт да?! Адатта, бир чоң согуш чыгып, же курал алып чыгууга мажбур болгон кездерде гана, бардык курал кармоого жөндөмдүү жигиттерге, эркек аттууларга ат жабдыктарын, курал-шаймандарын даярдап, жортуулга аттанып чыгууга буйрук берилет эмеспи...

Баарынан да, эң эле өкүттүүсү, – ошол тынч жаткан элдердин бири менен биринин чабышуусунда, бейпил турмушуна бүлүк салууда ошол эле Түрк Атадан таркаган, тууган элдердин көчмөнчүлүктөн калган саркынды салттардан улам, бири-бирине улам өчөгүшүп бара жатканы болчу. Эгерде бир айылдан түн жамына келишип, жылкычыларды сабашып, отуз-кырк жылкы айдап кетишсе, андан көп өтпөй эле, ошол айылдын жигиттери топтолушуп, союлдарын колго ала аттанып чыгышып, из куушуп барышып, дал ошол жылкы тийген айылдан жүздөгөн жылкыларды бөлүп, айдап кетмейи күн алыс болбосо да, тез-тез кайталанып туруучу адатка, көнүмүш көрүнүшкө айланып калган болчу.

Көгмёндүк каган менен Алтайлык кагандын мынчалык катуу коюлган дооматтарына кулак төшөп олтуруп, Түмөн каган аргасыздан ичтен тынды. Анан дагы эмне деп жооп кайтара алмак?.. Силер деле көчүп-конуп жүргөн учурларыңарда бет келгенди, оңтойлуу олжо боло калганды кыйрата чаап алып, кетип жатпайсыңарбы?! Мындай мамиле ошондой жасаган ишиңерге карата берилген жооп да! – деп айтмак беле?! Жок, кагандардын салтына мындай деп, бурадарларчасынан жөнөкөй таарынычын айтып, бирөөлөргө кылапат кыла сүйлөгөн эч жарашпайт.

Түмөн каган сөздү акырындап башка нукка бурду: Энесай жана Алтай кагандарын тымызын, алдыртан колдоого алып, алар жайкысын түштүк багытка карай, өздөрү ээлеп турушкан кенен аймактуу жеринин тардыгынан улам эмес, турмуштук жана табигый муктаждыктан улам гана көчүп келишке мажбур болуп жатышканын өзгөчө белгилеп, айтып өттү.

“Менин уккан кабарыма караганда, Көгмён жана Алтай элдери табигый шарттарынан улам гана, калың жааган, киши бою кардан улам, кыш бою эч кайда өз чөлкөмүнөн алыска чыга албай калышкандыктан, жайкысын соода-сатык иштерин жүргүзүп, кышкысына кам көрүп алуу үчүн гана биздин шаарларга жакындап келишет. Алар бир жаман ой менен, же өз туугандарынын жайыттарын биротоло басып алуу үчүн, жерлерин талашып алуу үчүн бул жакка келип жатышкан жери жок! Мен буга өзүмө ишенгендей эле ишенемин...”

Түмөн каган башындагы дал бетмаңдайында көкбөрүнүн алтын буусу менен жалатылып, түшүрүлгөн көкбөрүнүн элеси бар кагандык таажысын жалтылдата, башын муюй ийкегилеп, башкаларды дагы өз оюн кубаттоого үн-сөзсүз чакыргандай болду.

Аны угуп олтурушкан кагандар жана башка жыйынга катышып олтурушкандардын баары тең кулак түрө, сөз мааниси кайсыл тарапка карай бара жатканын ачык аңдай алышпай, тунжураган жымжырттык бир тынымга ак өргөө ичинде чымын учканы угулгандай абалга жетип, тымтырстык ээлей калганда, Түмөн каган бир азга үзүлө калган сөзүн кайра улантып, эми тегерете, бетме-бет олтурган кагандарга мурдагысынан дагы ишенимдүү, бекем чыккан, олуттуу үн менен кайрылды:

“Эгерде биз Түрк Атабыздын арбагына сыйынып, өз ата-бабаларыбыздын накыл сөздөрүн али унута элек болсок, ырыс алды ынтымак деп, бири-бирибизди колдоп, чек ара коюлбаган аймактарда көчүп-конуп жүрүшкөн туугандарыбызга, алар эч ким менен чыр-чатакка барбай, тынч гана өтүп кете турган жолдорду ачып берип коюп, тынч жашап жүргөнүбүз ылаазым... Болбосо, ушундай майда-барат таарынычтар, чабышуулар акырындап жыйылып олтуруп, өзара душмандашкан абалга жетип калуусу да толук ыктымал!.. Мындай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт!.. Жараткан Теңирим биздин жакын туугандардан болушкан бала-чакаларыбызды, урпактарыбызды дал ошондой душманчасынан өзара согушкан жамандыктан сактасын!

Кандай дейсиңер, туурабы?!”

Дагы бир тынымга жымжырттык созулду да, туш-туштан дуулдаган, ыраазы боло колдогон үндөр бир ооздон бирин-бири коштогондой, күүлдөп, жаңырып кетти: “Туура, туура!”, “Ак сөз!..”, “Абдан туура айтасыз!”, “Биз дагы ушундай деп ойлойбуз!..”

Дагы бир азга созулган тынымдан соң, Түмөн каган, баарына тең кыдырата көз жүгүртүп алып, бул жыйындагы эң башкы максатына кылдат гана, табигый көрүнүш сымал өтүп, бул ирет сөздү алыстан имербей, ток этер жерин, мурдагы үзүлгөн сөзүн улаган сымал эле, ортого салды:

“...Анын үстүнө, соңку он беш-жыйырма жылда жашоо абдан өзгөрдү. Азыр ата-бабаларыбыз жашап өткөн замандагыдай эле, ар кимибиз өз алдынча бөлүнүп, күн өткөрө берчү учур эмес... Коңшулаш жайгашкан мамлекеттер көбөйгөн сайын, мурдагы кеңирсип жаткан, чексиз жерибиз, жайыттарыбыз дагы билинбестен тарып бараткансыйт... Анысы аз келгенсип, элибиз байып, жерибизде базарлары бай шаарларыбыз чоңойгон сайын, Теңир өзү ыйгарган, биздин ата-бабаларыбыздан калган жерибизге көз арткандар да көбөйүп бара жатат...”

Түмөн каган сөзүнө атайын тыным жасай, дагы бир сыйра кагандарды кыдырата тиктеп өттү: унчукпай олтурушканы менен, алардын баарынын анын сөзүнө муюган түрлөрү бар. Сыртынан салабаттуу, калбаат олтурушкан кагандардын ар кимиси азыр өз кагандыгынын бүгүнкү абалы, келечеги тууралуу түркүн ойлорго батып олтурушканын болжолдоо кыйын деле эмес эле. Анткени, жогоруда өзү айткандай оор маселелер алардын ар биринин башында турган болчу. Түмөн каган, күрсүнүп алып, сөзүн улады:

“...Ошондуктан, жаман айтпай жакшы жок, эгерде сырттан душман кирип келсе, жалпы Түрк Атанын балдары бирге болсок, кантет? Буга кандай карайсыңар? Менимче, бириксек бизге катылчу да күч жок бул чөлкөмдө?..”

“Абдан туура айтылган сөз!” – деп, эң алгачкы болуп дагы көгмендук каган үн катты. “Ансыз деле дайыма дилибизде бирге болуп келгенбиз да!” – деп, жаш алтай каганы коштоп жиберди...

Баятан бери ичтен сынашып, бирин-бири алдыртан байкап олтурушкан адамдардын оюнун акырында минтип бир жерден чыгышына, Ак-өргөөдө олтурушкандардын баары тең жапырт кубанып кетишкендей, дароо ачык, шаңдуу маанай жаралды. Ушуга чейин бул жолугушуу кандай аяктаарын да, кийин бул жолугушуунун жыйынтыгы кандай окуяларга алып келээрин да болжолдой албай, түпөйүл санаага чөгүп олтурушкан кагандардын жана жыйынга катышкан төбөлдөрдүн баарынын тең жарпы жазыла түшкөндөй болду!..

Бирок, баарынан да катуу Түмөн кагандын иниси – аскербашчы Шаадеми ачык кубангандай болду. Шаадеми аскербашчы ичине сыйбай чыккан кубанычын жашыра албай, Түмөн каган агасына куттуктагандай, чексиз ыраазы боло бир тынымга, жайнаган көзүн албай, тиктеп туруп калды. Бул жалпы түрк элдеринин кагандары тарабынан болгон колдоо алардын агасы экөөнүн эки-үч айдан бери тыным албай, ары ойлонуп, бери кыйылып жатып, акыры тобокел салышып, аткарууга белсенип киришишкен ой-тилектеринин орундала баштагандыгынын ачык белгиси эле!

***

Кагандарга жана алардын жан-жөкөрлөрүнө кечки сыйтамак тээ тоо мөңгүсүнөн шаркыратма болуп түшүп келип, жерге түшкөн соң бир кучактай гана шар аккан кичинекей дарыяга айланган суунун боюнда тигилген чоң ак чатырда берилди. Кызмат кылган жигиттер тиш какшаткан, шар аккан муздак сууга мурдатан байлап, муздатып коюшкан чаначтагы кымыздар суудай агып, бул ирет сүйлөшүүлөр казы-карта, койдун куйрук-боорлору, бешбармак, жашылча-жемиштер додолоно үйүлгөн дасторкон үстүндө улантылды. Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш демекчи, экинчи күнкү жүргөн сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаган соң, эми мурдагыдай бирине бири аярлай, этият, алдыртан сынай карап сүйлөшпөй, тунма кымыз да ичке кире баштаган соң, бажакташып, ачык сүйлөшүп, бирок, ошол эле учурда белгилүү бир чектен да ашып кетишпей, кагандык адеп-кааданы бек сактап олтурушту.

Бир кезде, кеп кезеги Көгмён каганына келгенде, ал жалпы олтургандардын көңүлүн буруп, ак аралаган сакалын экчеп-экчеп алды:

“– Биз бул Алтайлык кошуна тууганым экөөбүз кеңешип көрүп, мындай бир чечимге келдик. Эгерде, сиздер туура көрсөңүздөр, жалпы түрктөрдүн башаты болгон, азыркы түрк кагандыктарынын ичинен эң эскиси да, эң чоңу да болгон Ата-Тоо түрктөрүнүн кагандыгын Улуу Түрк кагандыгы деп атап коелук?.. Ал эми көктүрктөрдүн каганы – улук Түмөн каган жалпы түрк урууларынын биримдигине кепил болуп берсин?.. Тынчтык мамилелер дайыма сакталып, биротоло өзара ишенич орносо, кыйын учурларда бириге алсак гана биз жалпы түрктөрдүн биримдигин түз алабыз да?.. ”

Кайрадан сактана, тымтырс боло түшүшүп, олтургандардын арасында оор жымжырттык орун алды. Бирок, айтканынан кайтпаган, бетке чаап сүйлөгөн, тегерегиндеги тили буруу элдер менен тынымсыз чабышууну улантып, ошонусу менен гана бардык сыноолорго түтүп келе жаткан Көгмён түрктөрүнүн каганы эч нерсени байкабагандай, бейгам гана сөзүн улантты: “Баарыбыз бир атанын балдарынан таркаган эл болгондон кийин, баарыбыздын башыбызды бириктирип, кошуп турган, талаш маселелерди да чечкен бирөө болушу керек го?! Ансыз деле, тилибиз да бир, дилибиз да бир болуп, бизди бөлүп турган чек арабыз дагы жок болсо?.. Ошондо Түмөн каган бүгүн биздин алдыбызда берген убадасынын аткарылышын өзү көзөмөлдөп, ортолорубузда тынч карым-катнаш болуп турушуна кепил болуп бере алат деймин да?!”

Бул ирет да, Көгмён каганынын сөзүн эң алгач Алтай каганы: “Эң туура айтылган сөз!” – деп колдоп жиберери менен эле, башкалары да кошо дуулдап, жапырт колдоп кетишти...

Бир гана Түмөн каган бул ирет унчукпай мелтиреп, ойлуу олтуруп калды. Өзүнө өзгөчө ишеним ыйгарып жаткан бул күтүүсүз сунушка ал ашкере кубанган да жок, кайгырган да жок, тескерисинче, эмелеки өзү айткан сөздөрүнүн туткунуна өзү айланмакчы болгонун жакшы түшүнүп турду. Эми ал мындан ары береги ак кар баскан чокулары алыстан, көз жетпеген аралыктан агарып көрүнүп турган Бедел тоо кыркаларынан тартып, ары жак тарабы Чач, Тараз шаарларына чейин созулуп, жайылып жаткан, Жейхун дарыясынын жээктеринен баштап, Гүлзариун дарыясынын бойлоруна чейинки аралыктагы аймакта болуп кетчү жамандык иштерге да, түрк элдеринин ортосундагы өзара араздашууларга да, өзү жалгыз жооп берип калышы дагы ажеп эмес!..

Бирок, кагандын сөзү бир гана ирет айтылмагы парз. Каган айтылган сөзүн кайра алып, мурунку убадасынан таймайы, – кагандык салтка ылайык келбейт!

***

Жайкы кеч узакка созулуп, күн баткандан соң күтүүсүздөн кара булут асманды каптап, айланып, бир заматта эле нөшөр төгүп жиберди да, кайра тез эле күн чайыттай ачылып, кара булут каалгыган бойдон, тоо чокулары тарапка сүрүлүп, жылып кетти. Бул кезде кечки сыйтамак аяктап, коноктор ар бири өз карамагындагы боз үйлөрдө эс алып жатышкан болчу.

Жамгыр басылып, ансыз деле салкын жайлоонун абасы ого бетер серүүндөп калган кезде, түнкү уйкуга баш коер алдында, буту-колду жазыш үчүн сыртка чыгышкан кагандар жана аларды тегеректешкен адамдар бир ажайып табигый кубулушка күбө болушту: дал төбөлөрүндө, илинип калгансыган, узарып созулуп кеткен, бир учу береги аркайган тоо чокуларына кирип кетип, экинчи учу тээ күн батыш тараптагы көз жеткис мейкиндикке барып такалган, миң нурлуу кубулжуган, кооз күн желеси көк Асмандын бетинде тартылып туруптур.

Мындай кооздукка баары тең таң калыша да, кубаныша да, суктаныша да карап калышты. Сыртка чыккандардын баары тең эле чалкалай калышып, асман бетине атайылап тартылгандай, жаа сымал иймекей, бир учу күн чыгышты, бир учу күн батышты таянып, тирелип калган, көз жеткис кооз нурлардан куралган күн желесин карап жатышты...

Түмөн каган бул табигый кубулушту Көк Теңирден, Асмандан жеке анын өзүнө карата берилген бир сырдуу белги катары жоромолдоп, жакшылыкка жоруду. Демек, ынтымак менен ырысыбыз өсүп, кулачыбыз чыгыштан батышка чейин жетип, кубатыбыз артат экен! – деп ойлоду да: О-о, жараткан Көк Теңир, бир өзүң колдой көр, көк Асмандын, Түрк Атанын балдарын унутта калтырбай, – деп ичинен күбүрөндү... Ооба, улуу кагандар да, ушинтип, кез-кезде өтө сейрек учурларда гана болсо да, жаратылыш жиберген жышаандарга ишенип, келечектен жакшылык тилеген, Жараткан Теңирден жардам, колдоо сураган учурлары болот!

Түмөн каган ушул саам бала чагында атасынан уккан, ал эми атасы – өзүнүн ата-бабаларынан уккан байыркы уламышты өзгөчө сыймык менен эсине салды. Бул уламышты көктүрктөрдүн урпактары баары тең билишет да, байыртан бери кандайдыр бир ыйык ишеним катары тутунуп келишет.

Ал уламышта Түрк Атанын урпактары кандайча жаралып, кандай таркаганы баяндалат. Байыркы доорлордун биринде, Хан Теңир тоосунун ак муз, көк мөңгүлүү зоокаларынын бетине Көк Асмандан дал ушул күн желесиндей болгон Нурлар агылып түшө баштайт да, ал нурдан жерге түшкөн, ыңаалаган ымыркай баланын үнү угулат. Ал кезде бул чөлкөмдөр дээрлик ээн болуп, жапайы айбанаттар гана мекендеп турушчу экен.

Тоодогу жымжырттыкты жаңырта бузуп, ыңаалап ыйлап жаткан баланын үнүн угуп, жаңы гана тууган бөлтүрүктөрүнө жем таппай, жортуп жүргөн карышкырдын канчыгы жыт алат да, ошол нурлар төгүлүп жаткан жерге жетип келет. Ошентсе да, ымыркай балага тиш салууга батынбай, четтен улуп-уңшуй карап, кыймылсыз олтуруп калат. Жаңы туулгандай болгон баланын денеси жылаңач болгону менен, сыртынан көз уялткан, кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн тосмо сыяктуу нурларга бөлөнүп, сыртынан нурлар менен чулганып турган болот.

Карышкырдын канчыгы баягы каптап турган нурлар көк Асманга көтөрүлүп кеткен соң, Жогортон өзүнө берилген буйрукка эриксизден баш ийип, баланы оозуна тиштей, үңкүрүнө алып келип, ошол күндөн тартып, баланы дагы бөлтүрүктөрү менен чогуу эмизип, багып чоңойто баштайт!.. Ошентип, Көктүрктөрдүн жаралышы тууралуу ал баянда, жалпы түрк эли дал ошол Асмандан нур аркылуу түшүрүлгөн баладан таркашкан деп айтылып калат. Дал ошон үчүн көктүрктөр карышкырды дагы түпкү энеси катары ыйык санашып, өз энбелгилеринде анын элеси түшүрүлгөн сүрөтүн көтөрүп жүрүшөт. Көктүрктөр өздөрү түптөп, көтөргөн кагандыктын туусунда дагы алтын жиптер менен тигилген, көкбөрүнүн башынын элеси түшүрүлгөн сүрөттүн бар экендиги дагы дал ошондон улам!..

Түмөн каган дал тактысынын оң жагында сайылып турган, көк асмандын түсү сыяктуу асаба таягы көккө боелгон, кагандыктын асман түстүү туусуна сыймыктана карап алды. Көк Асман жана Теңир дайыма колдоп турса, көктүрк элинин келечеги да кең, баскан жолу да байсалдуу болот! Кагандын көкүрөгүндө ушул тапта дал ушундай бекем ишенич, изги үмүт-тилектер дал эле асман бетине кериле тартылган күн желеси сымал болуп, жүрөк тушуна орноп, андан чачыраган кулпурган көп түстүү нурлар сыяктуу, эргиткен түркүн сезимдер уялап турган чак болчу...

Жалпы түрк урууларынын кагандары бир чечимге келишип, биримдик түзүп, бул чөлкөмдө өзара тынч жашап, зарылдык туулуп калган маалда, бири-бирине аскерий колдоо көрсөтүүнү да макулдашкан соң, жыйын зор сый-урмат менен аяктады. Кагандар өздөрүн коштоп келген адамдары менен аттанып, жолго чыгышып, аларды узатып коюуга кошо аттанып чыгышкандар биринин артынан бири чубалжый, караандары узап кете башташты...

***

...VI-кылым. 546-жыл...

Суяб шаарынын айланасындагы кеңирсип, калкылдап, созулуп жаткан берекелүү өрөөндүн бош ойдуң-талааларында кызгалдактар кызыл-тазыл болуп жайнап, жаратылыш көктөм кооздугуна магдырап турган маалы...

Түмөн Элкагандын байтакты шаарды тең экиге бөлүп, мелүүн агып өтүп жаткан дарыянын боюнда жайгашкан бөтөнчө кооз ордосунун – Аксарайдын бийик дубалдар менен курчалган жана тогуз тарабында бийик көтөрүлгөн мунаралары бар короосу демейдегиден кыйла көп, күнчыгыштан күнбатышка чейинки ар түрдүү байлыктарга мол мамлекеттерден келишкен элдердин өкүлдөрүнө толуп кетчү болгон. Алардын көбү байыртан бери калыптанып калган, эми өчүп бара жаткан издери кайра жаңырган Улуу Кербен Соода Жолу аркылуу өтүүнү адат кылып алышкан соодагерлердин кербенбашчылары, алыскы өлкөлөрдөн жер кыдырып келип калышчу дервиштер, кандайдыр бир башкаларга айтылбаган, жашыруун өтүнүчтөрү менен кагандын жеке кабыл алуусун суранышкан чет өлкөлүк тыңчылар, башка мамлекет башчыларынын дубай-саламдарын ала келишкен элчилер каганга кире алышпай, дубанадан бетер ак уруп жүрүшкөн чак.

Улуу Түрк Каганаты түзүлгөндөн бери он эки жылга аяк баскан. Бул алысты мелжеген саясат өз жемишин бербей койгон жок. Көз жеткис мейкиндикте байыркы көчмөн урууларынын ортосундагы өзара тыгыз байланыштардын күчөшү, бул чөлкөмдөгү тынчтыктын биротоло орношуна алып келди.

Ошонун натыйжасында, мурдатан сээлдеп, акырында бул өлкөнү кыйгап өтүп кете башташкан соода кербендери дагы, чыр-чатактар такыр жоюлган соң, улам көбөйүп, шаарлардын кербен сарайларына батпай толуп кетип, көчмөн түрктөрдүн ири шаарлары, элдери тыгыз олтурган аймактары тез аранын ичинде гүлдөп, дүркүрөп-өсө баштаган абалга жетти...

Өзгөчө борбор шаардын көркүн ачкан, ар кайсыл жактардан элдерди тынымсыз өзүнө тарткан чоң базары жомоктогудай байлыкка толуп, алыскы-алыскы мамлекеттерде дагы аңызга айлана баштаган болчу. Алыска жүрүүчү шаймандары, тандалган, чыдамдуу төө кербендери жок соодагерлер ушул эле Суяб базарынан – алыска барып убара болуп олтурбай, – соода-сатык иштерин бүтүрүп, кайтыша турган болуп калган.

Кытай тараптан келген кербендер менен Кара деңиз, Урум жактан келген соодагерлердин айрымдары дал ушул шаардан эле алыстан издеп келген буюмдарын, өздөрүн кызыктырган нерселердин баарын таба алышчу. Ошондо алардын алыскы сапарга чыккандагы камтама болгон көңүлдөрү жайланып, жайкысын ысык, мээ кайнаткан чөлдөрдү басып өтүүдөн, кышкысын ызгаар шамалы беттен аймалай соккон, ачык талааларда жол жүрүүдөн жүрөктөрү жедеп, такыр эле заарканып калышкан соодагерлер, эми ошондой оор түйшүктөрдөн биротоло кутулуп калышканына сүйүнүшүп жүрүштү.

Алар бул бейиштегидей салкын аймакта жайгашкан шаарга келип киришери менен эле, дароо жүктөрүн түшүрүшүп, бул чоң базарды улай, суу жээгинде салынган ыңгайлуу кербен сарайларында эс алып жатып калышчу болду. Тим эле, мурунку убактарда айлап-жылдап кооптуу, азаптуу жолдо жүрүшүп, акыры көздөгөн багытына жете келген соода кербендериндей болуп!..

Улуу Түрк Каганаты гүлдөп-өсө баштагандан бери анын байлыгына, жашоого ыңгайлуу, жагымдуу табияты бар жайгашкан жерине дагы тымызын көз арткандардын саны дагы билинбестен көбөйө баштаган болчу...

***

Акыры эң шашылыш деп эсептелген, кечиктирилбей чече турган маселелердин көбү чечилип, каган ордонун турмушундагы бир аз убакытка болсо да, күндөлүк нукта өтүүчү, жай аккан, көнүмүш жашоо орноп, эс ала турган учур да келип жетти.

Соңку жылдарда Түмөн каган ушундай сейрек учурларда гана бир аз алды-артына карай кылчайып, өзү жасап жаткан иштердин оң-тетири жактарын өзүнчө олтуруп баалап алганга үлгүрчү болгон. Антпесе, Улуу Түрк Каганаты биримдиги жөнүндөгү келишим түзүлгөндөн бери күндүр-түндүр эч тыным албай, бир күндү да текке кетирбей, жалаң гана улам кулач жайып бара жаткан мамлекетин чыңдоонун аракетинде болуп келген. Дал ушундай аракеттердин натыйжасында гана, Түмөн каган түрктөр менен чектешкен аймактардагы бардык мамлекеттер менен тынчтык келишимдерди түзүүгө жетишип, бул чөлкөмдө биринчи жолу мындай узак убакытка созулган тынчтыкты орното алды.

Мындай алысты көздөгөн максатына жетүү үчүн, өзүнүн жеке адамдык ой-мүдөөлөрүнө ылайык келбеген чегинүүлөргө барган учурлары дагы болду. Бир тууган иниси Шаадеми, жана дагы башка ордодогу ишеничтүү адамдарынын каршы болушканына да карабай, түпкүлүгүн ойлонуп иш жасап жатамын деп чечти...

Күн чыгыш-түндүк багытта, кытайларга кошуна жайланышкан жужан элинин мамлекет башчысынын тили буруу кызын аялдыкка алып, алардын көктүрктөр өлкөсүндөгү байланышуучу соода элчиси катары жиберилген Анагуйга Суйабдын эң мыкты жайыттуу, суулуу, түшүмдүү аймагынан өзүнүн атайын жарлыгы менен жер да бөлдүрүп берген эле.

Мамлекет аймагынын туш-тараптагы чептери аскербашчы иниси Шаадеминин атайын машыктырылган, иргелген атчан аскерлери тарабынан дайыма ишеничтүү кайтарууга алынып тургандыгына карабастан, Түмөн каган коңшулаш мамлекет башчылары менен достук, өзара ишеничтүү мамилени орнотуу зарыл деген алысты көздөгөн максатынан тайган жок. Дал ушул максатта, кагандын жеке өзүнө гана баш ийишип, анын өзүнө гана көзмө-көз маалымат берише турган тыңчылары да бар болчу.

Алар кээде соода кербендерине кошулуп, соодагердин кейпин кийишип, же, жер кыдырган дервиш-дубана сыяктуу ак урушуп, кээде ачык эле чабарман-элчилерди узатуучулар катары башка мамлекеттердин башчыларына Түмөн кагандын атынан тартууларды ала барып тапшырышып, теребелдин туш-тушунан тири укмуштай, таң каларлык жаңылыктарды, кээ бир кездерде кооптуу кабарларды да жеткирип турушчу. Алыскы өлкөлөрдө кээде эки-үч жылдап жүрүп, көрбөгөн азаптарды көрүп, баарын өз көздөрү менен көрүп, өздөрү күбө болуп келишкен тыңчы-дервиштер, мындай жандарын оозуна тиштеп, өз өмүрлөрүн тобокелге салган эмгек акысы үчүн каган казынасынан алтын теңгелерди алышып, жана башка өздөрү каалагандай асыл баалуу буюмдарды тандап алышып, өзгөчө сый-урматка татыша турган.

Жакында эле биринин артынан бири чыгыш тараптан келишкен эки тыңчы мааниси жагынан өтө окшош болгон, келечек жагдайында кооптондурган кабарды билдиришкен болчу. Бири – жужандардын өлкөсүнөн, экинчиси – Кытай тараптан...

Ал тыңчылардын айтымында, бул эки мамлекетке тең он жылдан ашуун убакыттан бери көктүрктөрдүн өлкөсүнүн өзгөчө тездик менен өнүгүп, мезгил өткөн сайын байып, кубаттуу өлкөгө айланып бара жатканы такыр жакпай калыптыр. Түрк каганатынын борбору Суйаб мурдагыдан дагы көркүнө чыгып, бул чөлкөмдөгү эң эле ири шаарлардын бирине айланганы аз келгенсип, анын тегерегиндеги, дээрлик бирине-бири улана жайгашкан башка дагы Жул Невакет, Акбешим, Тараз, Атлах, Барскан, Чигу, Дөң-Булак, Ош шаарларынын да мартабасы ашып, байып, ири соода борборлоруна айланып баратышы, соода кербендеринин чыгышка кетүүчү жолун, мурда жайма-жай агып өтүп турган суунун нугун башка жакка буруу үчүн коюлган бөгөт сымал, тороп, токтотуп калгандай болгон. Ушул кезге чейин Күнчыгыш тараптагы Кытай, Жужан мамлекеттеринен Күнбатышагы Урум, Византий мамлекеттери менен аябай өрчүгөн соода-сатык байланыштын кыйла солгундап, биринин артынан бири тынымсыз өтүп турушчу төө кербендеринин карааны сээлдеп калышына алып келген болчу!..

Дал ошондуктан улам, он жылга жетпей эле, күнчыгыш мамлекеттери соңку кездерде көктүрктөрдүн мамлекетине каршы жортуулга катуу даярдык көрүп жатканы байкалгансыйт. Көктүрктөрдүн каганаты жөнүндө алардын базарларында, чайканаларында сөз башталып калса эле, жоокерлери гана эмес, жөнөкөй адамдары дагы дароо ызырыныша, жүзүн үйрүп: “Биз жакында аларга көргүлүктү көрсөтөбүз! Алардын элин-жерин тып-тыйпыл кылып өрттөп, бар байлыгын талап-тоноп алып, өздөрүн жер менен жексен кылып кырып, талкалап, тирүү калгандарын кул-күңгө айландырып таштайбыз!” – деген сыяктуу опузалуу, жек көрүү аралашкан көз караштарын билдирүү көнүмүш адатка айланып бара жатыптыр...

Деген менен, көктүрк төбөлдөрүнүн эң сулуу кыздарын коңшулаш мамлекет башчыларына аялдыкка тартуу кылып, өзү да тили буруу жужандын бир сулуу кызын сүйүктүү аялдарынын таарынышканына карабастан, үстүлөрүнө токол кылып алган Түмөн каган мындай оозеки коркутуп-үркүтүүлөргө маани бербейин десе да, жүрөксүү пайда болуп, тынчы кете баштаган. Ал каган катары эл арасындагы мындай маанай жөн эле жайдак жерден жарала калбасын, артында козутуп жатышкан кандайдыр бир өтө таасирдүү күчтөр бар экендигин дагы ачык туюп турган.

Түмөн кагандын жүрөксүп, тынчсыздануусуна да олуттуу себептер бар эле: соңку кездерде соодага, дыйканчылыкка көнүп, тынч, бейпил, байгер турмуштун кыныгын алып калышкан карапайым адамдар сырттан басып кирген душманга каршы оңой менен жапырт көтөрүлүп чыга албайт. Мындай түп көтөрүлө, жапырт козголуу – тээ жыйырма-отуз жылча мурда өтүп кеткен, же ата-бабалардын заманындагы, бир колунда орок кармаса, экинчи колунда жаа-жебесин ала жүрүп, же кетмен чаап, буудай сугарып жүрсө да, белиндеги асынган кылыч-шамшары кынына салынбай, дайыма жоого каршы чыгууга даяр болуп жүргөн кездеринде, же базарга оокат сатып алганы кирсе да, темир тулга, чопкуттарын чечпей жүрүшчү жоокерчилик мезгилде гана болушу мүмкүн эле...

Асыресе, каганды теңирге сыйынып, ыраазы болуп, каниет кылдырган бир жагдай, – Шаадеминин тандалган карышкыр жоокерлери сан жагынан кыйла эле аздык кылгандыгына карабастан, азырынча кандай күчтүү душман каптап келсе да, тосуп алып, татыктуу жообун бергенге жарамдуу абалда кармалып турат. Түмөн кагандын акыркы кездеги бир гана чочулаганы – коңшулаш жашашкан жужандар менен кытайлардын кызыкчылыгы бир жерден чыгып, көктүрктөргө каршы жортуулда биригип кетишпес бекен?! – деген түпөйүл тынчсыздануу болчу... Анда эле согушчан атчандардын артынан, кара таандай каптаган, сансыз жөө аскерлер көктүрктөрдүн жерине басып кирип, Хан Теңир тоосунун айланасындагы, туш-тараптан агып келип, Ыйык-Көлгө куюлган дарыялардан суу ордуна кан агып калаары белгилүү. Бирок, кимдин каны көбүрөөк агат? Душмандынбы? Же көктүрктөрдүнбү?..

***

О-о, опаасыз дүнүйө! Бул жарыктагы жашоого Теңирим ар бир адамды жаратканда, анын моюнуна аткара турган бир парзын да кошо тагып, ар бир пендесине өзүнө ылайык, дараметине жараша түйшүктү да чогуу тартуулап койгон тура. Андан тирүү кезде арылып, же качып кете алмай да жок бул жалганда... Каган болуу милдети да, бурадарлар ойлошкондой, жеңил эле жүктүн бири эмес. Ал эми көп кагандыктардын башын бириктирген Улуу Каганаттын башчысы болуу – моюнуңа артылган жүктүн ого бетер оордогону экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Ал жүктүн чыныгы салмагын жалгыз Түмөн каган, – азыр Улуу каган аткан конгон, – өзү гана билет! Муну Түмөн каган өзү али өспүрүм бала чагында эле, атасы айыкпас, катуу ооруга чалдыккандан баштап, өмүрүнүн эң соңку жылдарында абдан катуу ооруп жүрсө да, төшөккө жатпай, тактысында чыдап, тиштенип олтуруп, оорусун эч кимге билдирбей жүргөн кездеринде эле түшүнгөн.

Түмөн каган өз мамлекетинин ичинде да, өз бурадарларынын арасында да ага каршы жаралган нааразычылыктар улам күчөп бара жаткандыгын сезип эле жүргөн. Бул жашоо ушундай табышмактуу жаралган, карама-каршылыктуу, бир жагын бүтөсөң экинчи тарабы тешилген идиштей, убакыт кумдай эшилип төгүлүп, колдон кайрымсыз чыгып кете берген нерсе болот экен го, о-ов!? Кечээ жакында эле ал ойлогон ой-максатына жетип, кагандык бийлигинин кубатын арттырып, бурадарларынын бардыгынын кардын тегиз тойгузуп, бейпил турмушту орнотподу беле?!

А бүгүн болсо, ошол эле он беш жылга жакын убакыттан берки кандуу согуш деген эмне экенин такыр унутуп, чаап алуудан, бүлүнүүдөн коркпой жашап калышкан карапайым элдин арасында Түмөн каган тууралуу не деген гана адам ишене алгыс, далай апыртма, ушак сөздөр аралап жүрөт?..

***

...Мындан бир нече жыл мурда, ал Каркырадагы жайкы Аксарайында турган кезде кытайлык бир дервиш абдан суранып жатып, акыры Түмөн кагандын кабыл алуусунда болуп кеткен. Аны кабыл алып жатканда, Аксарайда Кытайдан жана Гаочандан келишкен элчилер да бар болуучу.

Күнбатыш тараптагы чебин мурдагыдан кыйла бекемдеп, коңшулары менен жакшы мамиле түзүп алууга жетишип, көңүлү бир аз болсо да тынчып калган Түмөн каган, эми күнчыгыш тараптагы жаратылыш өзү жасап берген, адам оңой менен өтө алгыс бекем чеп сыяктуу болуп, бийик аскалуу тоолор курчап турса да, кез-кезде ал жактан соода-сатык деп, же дервиш болуп, адамдар тынымсыз келип турушкан Кытай, Гаочань жана Жужандар мамлекети менен дагы мамилени күчөтүп, жакшыртууга кызыкдар болуп, мунун оңтоюун кантип келтирүү тууралуу ойлонуп жүргөн. Дал ошондой учурда, кытайлардын жана уйгурлардын элчилери жана дагы батыш мамлекеттерин түрө кыдырып чыгып, кайра өз мекенине узак убакыттан соң, кайтып келе жаткан кытай дервишинин бир учурга туш келип, чогуу болуп калышы, – Түмөн кагандын көктөн тилегени жерден өзү эле табылган сыяктуудай болчу!

Буга орчундуу түрткү болгон себептердин бири, – Түрк-Атанын урпактары өзара тынчтык, достук байланышты сактоо тууралуу макулдашууга жетишип, алар ээлеген ченемсиз кең чөлкөмдө бейпил, баймана жашоо орной баштаган соң, бир жагы күнбатыштагы Кара деңиз, Урум тараптан, экинчи жагы – күнчыгыштагы Улуу Мухитке чейин созулуп жаткан өлкөлөрдөн аягы үзүлбөй, тынымсыз келип жатышкан элчилер, дубана кейпин кийинишкен тыңчылар, бүт өмүрүн эл-жер кыдырууга сайып коюшкан мударис саякатчы-дервиштер, киши баласынын оозун ачтырып, таңдандырган, ар кандай өнөрлөрү бар чилтендер көктүрктөр жашаган аймактарда толуп кеткен... Ал эми соода-сатык менен шугулданышкан көптөгөн тили буруу адамдар базарларга батпай, мурда аңгырап жатчу кербен сарайларда түнөк жайлар жетпей калганга чейин жетип, эми Анагуй баштаган жужандар өздөрү үчүн көндүм болгон, камыш менен жабылып, шоңшойгон үйлөрдү курууга киришишип, суу бойлоп кеткен өрөөндөрдө алар өздөрүн жергиликтүү калк сыяктуу сезип, ал тургай, кээ бир учурларда көчмөн көктүрктөрдүн жерин ээлеп алышып, кайра келишсе киргизбей, ыдык көрсөтө да башташыптыр!

Түмөн каган чет өлкөлүк элчилерге да, алар аркылуу мамлекет башчыларына да жеткирүүгө кызыкдар болгон нерсе ушул болчу: көчмөн, жоокер элдин кыжырына тийүү, – тынч уктап жаткан арстанды ойготуу менен бирдей эле болот! Эгерде, козголоң бир от алып кетсе, аны токтото турган күч да жок, кеч болуп калат!..

Улуу түрк каганатынын башчысы Аксарайда сый көрүп олтурушкандарга бул тууралуу көп ирет кыйыта да, түз да билдирген. Бул ирет да ал, ар бир эл ага Теңир өзү ыроологон жерине-мекенине ыраазы болуп, топук кылып, башка бир элдин Көк Теңир, Асман өзү тартуулаган ырыскысына көз артып, кол салбашы керек деген акылман, алысты ойлогон, жылма саясатын жүргүзүп олтурду.

Сюань Цзань башкаларга окшоп, сыйтамак учурунда кымыз ичпей, шарап да ууртабай, бешбармак-эт жебей, бул үчүн эки алаканын бириктире, маңдайына коюп, эңкейе калып, тизе бүгө улуу кагандан кечирим суранып, андан соң, жеке өзү үчүн гана жалаң гана чөп-чарлардан атайын даярдалып, дасторконго коюлган тамакты, жашылча-жемиштерди жеп, алдындагы таш кумарага куюлган айран-сүттөн ууртап-татып, ичип олтурду. Анын айткан сөздөрүн жергиликтүү тили буруу элдин тилин гана билип тим болбой, башка элдердин тилдерин дагы билген тилмеч Түмөн кагандын жанында төкпөй-чачпай которуп берип олтурду.

Бутпарас дервиш эң эле алыс жактар жөнүндө, көркөмдөп айтып жатса, жомок сыяктуу таасир калтырган баянын куруп, жалаң гана мармар таштардан бою асман тиреген, бийик, көркөм үйлөрдү куруп алышкан түркүн элдердин өнүккөн мамлекеттери жөнүндө айтып, өзүнүн жердин күн батыштагы чет жагына такыр жете албай койгондугун таң калуу менен билдирди. Анткени, дүйнөнүн ал жак тарабында дагы күнбатыш деп атап коюша турган мейкиндик чексиз созулуп кете берет экен.

Баарынан да кызыгы, дервиш кез-кезде барып турушчу көктүрктөрдүн да кабары бар Кара деңизди айланып, ары жагына өткөндөн кийин, кыйла узак жол жүрүп, дал Күнчыгыштагы Улуу мухиттей болгон эки мухитке кабылганын, алардын бири түндүк тарапта болсо, экинчиси түштүк жакта жайгашканы тууралуу айтып бергени болду. Дал ошол түштүк жагындагы суусу жылуу мухитке бутун чайкаптыр. Ал жактагы такыр кыш болбогондуктан, белдерине эндүү бир жалбырактарды байланып алышып, аял-эркеги дебей, баары тең жылаңач бойдон жүрө беришет экен. Дарактарда жыл бою түгөнбөй, биринин артынан бири бышып турган мөмө-жемиштерди гана жеп, жашашкан элди индустар деп атап коюшат деди...

Маселен, азыр эле силердин өнөрпоздоруңардын ичинен бирөө чоор деп аталган ышкырык-түтүгүңөргө окшошкон аспабы менен биздин алдыбызда ойноп берди го?! А мен бир илмийген индус сыйкырчынын дал ушуга түспөлдөш, окшош болгон түтүкчө-ышкырыгы менен ышкырып, өзү дайыма кабына салып алып, жонуна көтөрүп жүргөн жыландарын базардын дал ортосундагы бош аянтка жая салып, аны тегеректей, жардай калышкан адамдарга укмуштай бийлетип, ойнотуп бергенин өз көзүм менен көрдүм!..

Муну укканда, Түмөн кагандын арт жагында ушул кезге чейин эч үн катпай, демин ичине тарта, көзүн сүзүп, үргүлөп олтургансыган, карып бараткан акыл кошчусу, кармана албай, күбүрөнө келме келтирип, Көк Теңирге жалынып да жиберди... А бирок, бир караганда андай эч иш кылбай, табигат өзү берген ырыскы менен гана оокат кылышкан адамдардай сезилгени менен, алар ааламдын башка эч бир элдеринде кездешпеген өнөрлөргө да ээ болушат экен.

Ошентип, үйүнөн аалам кезип, жети жылдан ашык убакытта кайтып келип калам го деп, болжолдоп чыгып кеткен дервиш, эми минтип он эки жылча убакыт өткөн соң гана, кайра кайтып бара жатыптыр. Бутпарас мударис айткан сөздөрүнүн ичинен, Түмөн каганды өзгөчө көңүлүнө түйдүрүп, ойго салганы да болбой койгон жок. Дервиштин айтымында, азыр түштүк жактагы афтал элинин өлкөсү өздөрү байыртадан бери ынтымакта, коңшулаш жашап келе жаткан фарсы тилинде сүйлөшкөн элдүү мамлекеттер менен кырчылдашкан согушту башташып, ал чөлкөмдөгү алоолонуп күйгөн от басылбай жатыптыр. Жакын арада ал алаамат оттун тыйылышы дагы күмөн экен...

Жанындагы баштыгына жарты сындырым нан, эки-үч ууртам суудан артык жүк салбаса да, жакырчылык эмне экендигин анча түшүнө бербеген бул бутпарас дервиш, тилине, дилине карабай, өзү кыдырган жерлеринде бардык жарандарды бул жарыктагы убактылуу жашоодо топук кылууга үгүттөп жүрүүнү адатка айландырып алган болчу. Азыр да дервиш буга мисал катары, ата-бабалары эзелтен эле аралашып, тынч жашап келишкен афтал эли менен башка фарсы тилиндеги бир динди тутунушкан элдердин ортосундагы согуш дал ошол байлык талашуудан улам келип тутангандыгын кеп салып олтурду. Көрсө, Күнбатыш өлкөлөрү жактан Кытай тарапка кырк жылдан ашуун убакыттан бери тынч өтүп жатышкан соода кербендери аларга алтын-дилде, күмүштөн салык төлөшүп, базарларын көз жоосун алган, ал жакта жок асыл буюмдарга толтуруп коюшкандыктан, жергиликтүү элдер эзели көрбөгөндөй болуп, байлыкка туйтунушуп, байышкан соң, пейилдери бузулуптур. Ошол алыстан – чыгыштан да, батыштан да өзү эле агып келип жаткан байлыкты бөлүшө албай, бирин-бири кыра башташыптыр!..

Дал ошол кыргын согуштан улам, Урум, Византий соода кербендери жана да Кытай соодагерлери согушка жакын болгон, кооптуу болуп калган түштүк аймактан качышып, мурдагыдай Кара деңизден кийинки кыска жолго салышып, Фергана өрөөнүнөн дароо эле Кашкарга өтүп кетишпестен, ага караганда жолу кыйла татаал, суусуз, какыраган чөлдүү аралыкка чыдашып, чөл аркылуу уланып, бийик тоолуу татаал Бедел ашуусу аркылуу айланып өтсө да, Чач шаарынан Таразга, андан бери Атлах, Невакет, Суйаб шаарларына өтүп кетүүнү артык көрүп калышыптыр...

Ромейлердин шаарларын шашпай кыдырып чыгып, көчүп жашап жүрүп, бутпарас мударис ал тарапта көктүрктөрдүн чыгыш элдерине таандык мүнөздө гана курулуп жаткан жаш, жаңы, бай шаарлары жөнүндө көп мактоо сөздөрдү угуп жүргөнүн да ачык баяндады. Бири бирине жоо болуп, аңдышкан батыштыктарды баарынан да аябай таң калтырганы, – соода кербендери кечигип, түндүн бир оокумунда келишсе да, шаардын сыртында калбай, көктүрк мамлекеттеринин шаарларынын чеп дубалдарынын дарбазалары күнү-түнү дайыма ачык турганы экен!..

Дервиш айтып келген, алыскы түштүк тараптагы башталган согуш алааматы жөнүндөгү кабар Түмөн каганды терең ойго салып койду. Көк Теңирдин чексиз амирине ичинен дагы бир ирет купуя башын ийип, сыйынып, шүгүрчүлүк кылып алды. Эгерде жалпы түрк атанын балдары чогуу ынтымакка келишпесе, азыр дал ушундай жолго түшүп, байлык талашып, ыркы кетмеги, талашты чечмек болуп, жоо-жаракка күчүн чыгармайы турган иш болчу!..

Аксарайга Күнчыгыш жана Күнбатыш өлкөлөрүн түрө кыдырышчу соодагерлерден, тыңчылардан, элчилерден ар түркүн кабарлар байма-бай келип турса да, соңку он жылга жакын мезгилден бери түштүк жактагы мамлекеттерден такыр кабар келбей калган. Кытайдан жибек ташып өтүүчү кербен жолдун бир танабы катары, мурдатан өзара тыгыз байланышып калгандыктан, афтал, фарси элдери менен болгон байланыш такыр үзүлүп калгандыгына таң кала, тынчсыздана баштаган эле...

Дал ушул дайынсыздык жагдай, соңку учурларда Түмөн каганды ичинен түпөйүл тынчсыздандырып жүргөн. Мамлекеттер ортосундагы өзара мамилелердин үзүлүп, катташпай калгандыгы – акырында жүрүп олтуруп, аларды алыстатып эле тим болбой, бара-бара бирин бири түшүнбөгөн душманга да айландырып тынат!..

Мындан бир аз жылдар мурда эле, ортолору алыстап бара жаткан, түбү бир башка бир тууган түрк элдери менен биримдигин чыңдап, күнбатыш тарабындагы мамлекет чебинен көңүлү тынчыган Түмөн каган, дал мына ушул ой-санаадан улам гана, күнчыгыштагы тили буруу элдер менен дагы жакындашууну, ыгы келсе, мамилесин жакшыртууну көздөй баштаган эле... А бирок, Түмөн кагандын андай далалатынын жыйынтыгы кандай жемишин берди?! Теңирден тескери сөздөр айтылып, эл арасында ачык айтылбаган күбүр-шыбыр аңыз кептер көбөйдү.

Өз ою тескери жагынан чыгып, көздөгөн үмүт-тилеги көз көрүнөө ыраактаса, буга сыртынан караганда телегейи тегиз сыяктанган, алтын тактыда олтурган улуу каган деле кайгырбай кое албайт. Арийне, бул санаа жыгачты ичтен жеген курт сымал болуп, сыртынан билинбей, өңүнөн аздыра, эч жанга билдирбей, купуя гана өзүнчө кайгырат...

Соңку кездерде, он жылдан ашуун бейпил жашоо уланып, эл турмушу кадимкидей оңолуп, көктүрктөр жергесине мурда качып кеткен кут кайра келип орноп калгандыгына карабастан, эл ичи да удургуп, тынч эмес эле. Күндүзү түрк элдеринин шаарларындагы базарларды жөө кыдырышып, алыскы тоо койнундагы элдер жашаган аймактарга дагы дубана кейпин кийишип, барып жүрүшкөн кагандын тыңчылары түн жамына каган ордого кайтып келишип, бири бирине окшош болгон, тынчсыздандырган кабарларды алып келе башташкан болчу.

Алардын ичинен эң эле шойкомдуусу, адамдын үрөйүн учурганы – Түмөн кагандын өзү жөнүндөгү апыртма сөздөр эле. “...Түмөн каган тили буруу жужан аялды алгандан бери өзгөрүп кетти... Өз элине мурдагыдай камкор карабай калды... Жаш аялынын таасири менен өзүнүн Теңир ишениминен баш тартып, бутпарас динин кабыл алыптыр... Жакында Аксарайга кирген бутпарас дервишке башын ийип, тизе бүгө, таазим этиптир!.. Мындай жорук – улуу түрк каганы үчүн шермендечилик да?!”

Бул сыяктуу чөл-талаалардан өтүп, шаарлардын базарларын аралай, шамалдай желип-жорткон сөздөрдүн далайын угуп жүрсө да, каган тилин тишине басып, аргасыздан чыдап тим болгон. Деги, элдин оозун ким тыймак да, ким жапмак? Бул жарык дүйнөдө андай күч жок. Эң эле кудуреттүү делген каган бийлиги дагы буга келгенде алсыз болуп калат. Ошон үчүн, эзелтен баш кесмек бар, тил кесмек жок деп айтылып калган да?!

...Арийне, каган баягы бутпарас дервишке башын бир аз ийе, колун көкүрөгүнө алып, ызаат-урмат көрсөткөнүн да танбайт. Жердин жети кабат тереңдеги түбүнө гана түшпөй, ата-бабаларың эзели көзү көрүп, кулагы укпаган жерлерди кыдырып келген дервиш “улуу каганга жолугууну каалайм” деп, суранып кирип, таазим этип олтурса, аны сый-урмат менен, жакшы кабыл албаганда, анан дагы кандайча кабыл алмак эле?! Ал дервиш жолду ката, аралап өтө турган жерлердеги кезиккен элдеринин баарына өз көзү менен көргөндөрү жөнүндө айтып берип, анын ичинде, асман каганаты тууралуу дагы баян куруп берери анык да?!

Анын үстүнө, Түмөн каган адатта өзүнө кирген адамдардын чыныгы максатын, көкүрөгүндө болгон бардык парасат-дараметин аныктап-билүү ниетинде, аны өз эркинче жайлантып, каалагандай сүйлөтүп коюп, акылы менен калчап, сынап угуп, олтуруучу. А бул ирет маңдайында бирде акырын, шыбырагандай болуп сүйлөп, сүкүт сала, көзүн сүзө, бирде көк асманга карай, жыпшык көздөрүн алчыланта, чакчая калып, сүйлөп жаткан бутпарас дервиш, дегеле мурда анын аксарайына киргенге татыктуу болгон сансыз адамдардын бирине дагы окшобогон, өзгөчө жаралган пенде экендигине ичинен ынанып тургандай болгон. Дервиш акыл-эси токтогон бала кезинен тартып эле, тынч, бейгам жашоодон биротоло кечип салып, өмүрүнүн көбүн эл-жер кыдыруу менен өткөрүп жүрүптүр. Баарынан дагы каганга абдан жакканы, мындан он жылча мурда, жашы отузга чукулдап калган чакта, дервиш адам катары жаралып, бир келген өмүрүндөгү эң чоң ишине бел байлап, алыскы жолго чыгыптыр. Максаты – эгерде өмүрү жетсе, бүт ааламды айланып, өз көзү менен көрүп, кыдырып чыгуу экен. Ошентип, эл-жер кезип, тентип жүргөн дервиш, кээде ыссыкка күйүп, кээде суукка тоңуп, кээде аз эле жерден өлүп кала жаздап, кээде ачка калып, ээн чөлдөрдү басып өтүп, эл жашаган чөлкөмгө араңжан болуп, кумурскадай кыбырап, илкий басып, араң гана жетип, тирүү кезинде эле бүт азап менен тозокту башынан өткөрүп бүтүптүр. Эми алыскы жактарга жасаган узак сапарынан кайтып келе жатып, дервиш өзүнүн тилин түшүнгөн тили буруулары да бар аймакка жетип, өз үйүнө жетүүгө аз эле калганын сезгенине кубанган сымал, чечекейи чеч болуп, ачыла, жайдарылана сүйлөп олтурду.

Ал өзүнүн бул азаптуу саякаттагы эң башкы максаты – өз үйүнө, мекенине жеткен соң, ушул артта калган он эки-он үч жылча мезгил ичинде көзү көргөндөрүнүн баарын кагазга түшүрүп, жазып, тарых кылып, урпактарга калтыруу экендигин жашырбай айтты. Дүйнөдө ар биринин өзүнүн тилине гана тиешелүү болуп, ошол тилде гана сүйлөшкөн адамдар үчүн гана түшүнүктүү болгон көп катариптери бар экендигин да айтты. Ал тургай, дервиш Урумда ошондой ар түркүн катариптерде жазылса да, баары бир жайда кастарлап чогултулган, өзгөчө дыкаттык менен сакталып, сабаттуу адамдарга гана ошол жерде окууга уруксат берилген, сан жетпеген китептер сакталып турган акыл кенчтүү кампаларды да көрүптүр!..

Ушул тапта, жалаң гана кечилдер менен чокунган динчил адамдар өздөрүнчө кичинекей мамлекет сыяктуу болуп, өздөрүнчө бөлүнүп жашашкан жайларда ошондой китептерди жазуу абдан өнүгүп жатыптыр... Кытай дервиш Урумда бир жылдан ашуун дал ошол кечилдердин жайында жашап, алар менен чогуу күндүзү дыйканчылык кылып, кечкисин өз беталдынча сыйынып, китеп окуп жүрүп, алардын тилдерин да үйрөнүп, катариптерин да өздөштүрүп, кымбат баалуу китептерин окуп чыгууга жетишиптир. Ошондой аракеттери текке кетпей, мындан он жылдан ашуун убакыт мурда, бул алыскы сапарга адеп чыккан кезиндеги эле колундагы таягы менен, жонундагы эң эле керектүү буюмдары менен кошо бир-эки күндүк жол азыгын гана салып алчу кичинекей калтасынан башка эч нерсеси жок кайтып бара жатса да, ал жаш курагы кырктан ашып, жашоодогу мурда түшүнбөгөн көп нерселерди түшүнүп, көп жаңы нерселерди билип, көзү ачылып, олжолуу кайтып бара жатыптыр!..

Бул кызык баянга унчукпай, көңүл коюп кулак төшөп олтурган Түмөн каган, алтын тактысында санаалуу ойго чөгүп олтуруп, азыр анын алдында олтурган бутпарас дервиш бул жарыкта жаралган эң эле бактылуу, сейрек жолугуучу, Теңир берген ырыскысы ченемсиз адамдардын бири экендиги жөнүндө ойлоду. Анткени, дервиш адам баласы бир жаралуучу өмүрүндө өз максатын жаңылышпай таап, дайыма аны аткарууга умтулуп, жашап жүрүп, мына эми жетейин деп да калган чагы экен! Ал эми күндүр-түндүр элин-жеринин тагдырын ойлонуп жүрүп, акыры биримдикке, тынчтыкка жетишип, мурдагы кыргын-согуштардан ач-жылаңач калган элин тоюндуруп, бай жашоого жеткире алган Түмөн каган өзүнүн түпкү максатына жетип, жеке адам катары бактылуу боло алдыбы?! Жок!..

Көөдөндөгү туруксуздук, келечек тууралуу түпөйүл тынчсыздантып санаа тарттырган ойлор сары оорудан дагы жаман... Бул оору да эмес, бирок, айыкпас дарттан да жаман илдет... Ыраматылык каган атасын да дал ушундай белгисиз санаа-дарт жеп түгөтүп, тынган эмес беле?! Каган атасынын бийлигинин кубаты теребелдин төрт тарабына жетип турган кезде, кулак уккан, көз көргөн жерлердин баарынан издетилип-табылып, чакыртылып, көптөгөн түйшүктөр менен атайын алынып келинип жатышкан табыптардын анын оорусуна эч кандай дабаа таба алышпаганында эле бир сыр бар да?.. Терең ойго батып олтурган Түмөн каган, эриксизден оор үшкүрүнүп алды. Өзүнөн бир аз артта, сол жак тарабында үңкүйүп, үнсүз олтурган акылкошчуларынын бири өзүн кармана албай, ал тарапка жалт бурула карап калганда гана, муну көзүнүн кыйыгы менен байкаган каган, ичинен өзүн оңтойсуз сезип кетти.

Бул көз караш Түмөн каганды түпсүз ойлордон арылтып, бир топ кайра чыңалткансыды. Эми эле ал эч кандай сый-белектерди албай, асыл баалуу тартуулардан баш тарткан дервишке кайрылып: “Сен абдан бактылуу адам экенсиң!” – деп, жок дегенде курулай сөзү аркылуу болсо да, жогорку баа берүүгө камданып олтурган. Ошондуктан, унчуккан жок. Эртең эле эл арасында келекеленткен кепке айлантышып, көктүрктөрдүн алтын тактыда олтурган каганы кайырчы-дервиштин жашоосуна суктаныптыр, бул жарыкта андан өткөн бактылуу адам жок деп айтыптыр! – дешип, ачык эле сөз кыла башташаары эч күмөн туудурбайт...

Эми Түмөн каган алыскы келечекти көрүп, бутпарас дервиштин ошол али жазыла элек китебиндеги көктүрктөр жөнүндөгү жазылган ар түркүн кабарларды көрүп, барактап, олтургандай сезимди баштан кечирип олтурду.

...Жаңыдан гана гүлдөп-өнүгө баштаган көктүрктөр мамлекетинин улуу каганы кандай сый-урмат менен кабыл алганын, көк асманга сыйынган көктүрк элинин пейили да чексиз асмандай кең болгону менен, жапайычылыкка окшогон сапаттары да алиге чейин бар экен.. Өздөрү чакмак таштар менен жагып алышкан оттон ыйык күч катары коркушуп, ал отту өзү өчүп калмайынча өчүрүшпөй, күндөлүк жашоосунда күйүп кетүүчү жыгач отургучтарды такыр колдонушпай, темир отургучтарга гана олтурушат экен..

Сыйтамак аяктаган соң, көктүрктөрдүн ырчы-чоорчулары Аксарайга келген улуу урматтуу конокторго өнөрлөрүн тартуулашкан. Кытай, Гаочань элчилери да, баары тең каганга ыраазы боло, таазим этишкен. Бутпарас дервиш улуу каганга ыраазычылык билдирүү иретинде, өзүнүн буруу тилинде өлөң сымал сыйынуусун узакка айтып, каганга башын ийе таазим этип, тизе бүгө, жүгүнүп койду. Каган жооп иретинде, колун көкүрөгүнө алып, башын бутпарас дервишке карай, бир аз төмөн ийди. Мунусу: биз Көк Теңирге гана сыйынсак да, башка тили буруу элдердин өз кудайларына сыйынуусуна дагы урматтоо менен мамиле кылабыз! – деп билдирген белгиси болчу...

 

КАНДУУ СЫНОО

Экинчи бөлүм

 

...Түрк элинин аты, даңкы жок болбосун деп, (...) теңири көтөрдү, эл берген теңири түрк элинин аты, 
    даңкы жок болбосун деп, өзүмдү теңири кандыкка отургузган эле...

Күлтегин таш эстелигиндеги жазуудан

 

...547-жыл. Кеч күз...

Түмөн каган менен анын бир тууган иниси, аскербашчысы Шаадеми экөөнүн ортосундагы эң алгачкы жолку пикир келишпестик дал ушул кезде пайда болду. Бирок, бул жөнүндө алар аксарайдагы бир да жанга билдиришкен жок.

Хан Теңир тоосунун айланасын эзелтен мекендеп келген көчмөн көктүрктөрдүн жерине аз-аздан келип жүрүп, көбөйүп кеткен соң, жужан эли тынымсыз көчүп-конуп жүргөн көктүрктөрдүн бош калган жерлерин ээлеп алышып, кеч күздө, алар кайра көчүп келишкенде, кайтарып бербей коюшкан бирин-экин терс көрүнүштөр эми арты жаман жагына айлануучу чыр-чатакка айланып бара жаткан. Бир жагынан жужан мамлекетинин соода элчиси Анагуйга таянышкан, экинчи жагынан, Түмөн кагандын соода-сатык өнүккөн сайын көктүрктөрдүн шаарлары көркүнө чыгып, дыйканчылык дагы өнүгүп жатканын колдогон саясатын билгичтик менен өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышкандар көбөйүп, жергиликтүү көктүрк элин тымызын да, ачык да, Теңир-Тоо аймагы жакка карата сүрүп чыгара башташканы баарына дайын боло баштаган эле!..

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Кунай Медетхан, 2012
    © Мамасалы Апышев, 2012

 


Количество просмотров: 2643