Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Акималиев А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 28 ноябры

Алик АКИМАЛИЕВ

Бала мышык

Ырлар жыйнагы

Эрте чыкан поэзия. Жаңы кайра иштелип чыккан ырлар 1982-жыл

Акималиев Алик. Ханда жок байлык Манассия: Тандалма: 1-том. — Б.: «Айат», 2008. -232 б. китебинен алынды

УДК 821,51 
ББК 84 Ки 7-5
А 39
ISВN 978-9967-433-55-7
А 4702300200-08

Автографтар. Тандалган чыгармаларынын, 2 томдугу.

Китептин башкы демөөрчүсү: КР «Кыргызпатент» Мамлекеттик фонду

Башкы редактору: Чыныбай Акунович Турсунбеков, филология илимдеринин кандидаты, доцент, ири ишкер, белгилүү акын – жазуучу

Редколлегия: Ч. Айтматов, Кубанычбек Бакиев, (ген. юрист, романист, юбилейлик комиссиянын төрагасы), О.Султанов, С. А. Раев, Дастан Бердиев, С. Жусуев, С. Эралиев, Ж.И. Салаев, Ч. Абыкеев, Б. М. Наргозуев, К. Бакиров, С. Акматбекова, Ф. Абдулова, Байас Турал, Ж. Зарлыкбеков, А. Сариев, Э. Турсунов, С. Тургунбаев, А. Өмүрканов, Ж. Бекешев


АДАМГА

                                                                           О, кудуретиңден Кудай! Жараткан Аллах жер
                                                                           пенделерин бүт кекиртегине чейин чылк алтынга
                                                                           матырып, төшүнө чейин асемдеп жараткан экен. бир
                                                                           гана башын, келлесин ар кандай жасаган тура. Ошон
                                                                           үчүн баарында көкүрөк бар, көрөгөч көз таланттуу акыл
                                                                           бирдей эмес белем. 
                                                                                                                                                              Автор

Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине.

Дүңгүрөп дүйнө жашыл кутка толгон, 
Дүйнө бүт чөгөрүлгөн карегине.
Тургузсаң жыгылып, сынып жаткан чакта,
Тулкусу жаратылган алтындан чылк, 
Турмушту бүт гүл кылып иер эле. 
Козгосоң адал, таза ниеттерин, 
Колунан бар жакшылык келер эле.

Адамды эч жаман дебегиле, 
Жаман сөз айтпагыла дарегине.

Түрмөнүн түбүндө да адам жатат,
Жабышкан өрттөй жалаа,өрттөп жанын,
Шамшардай сөз миздерин жаландатат.
Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине.

А балким, карап,турган көзүң жаман,
А балким, сөөккө жеткен сөзүң жаман.
Нерв, кокустук, мамиле кыял жаман. 
Мага десең, Президент, БОМЖ же министр бол.
Баарынан адам болбой калган жаман,
Теңирим берген ыйман, ууз ак жол.
Ойготуп ойлонгондун өмүрү мол, 
Тебелеп ыйманың жеп алдабасаң. 
Бул китеп ырдын дагы мааниси ошол
Акыйлашкан аймаңка мүнөз жаман,
Адамды өлтүрүүдөн кайра тартпайт,
Кызарып кылдай бети уялбаган.
Ууктуруп ушак сөздөр учкан сайын,
Башымды которуп мен аран барам.
Адамды эч жаман дебегиле,
Жаман сөз айтпагыла дарегине. 
Адам сен, билсең өзүн, кадыр-баркың, 
Падыша сага башын иер эле. 
Тирденип, ондосоң өз пейил-куюң, 
Тиран да кол куушуруп келер эле. 
Акын да, Гений да. Улуу жалгыздыкда 
Сен мененг сүйлөшкө зар болор эле.

Адамды эч жаман дебегиле, 
Жаман сез айтпагыла дарегине
Адамдын тийбегиле ьйыгына, 
Адамдын тийбегиле жүрөгүнө!!!

  * * *
Бүркүткө бүркүт шаңшыйт да,
Куудулга шайыр каткырат
Чымчыктар чумкуйт чалчыкта,
Карганы карга жактырат. 
Алп турмуш сырын мен издейм,
Туманда жүрөк оту бар.
Баш созуп тоо... чөл... деңизден... 
Чокуну көрөт чокулар!

 

Алик Акималиев
Бала мышык. – Фрунзе, “Мектеп”, 1982


Бала мышык

Мый, мый, мышыгым 
Мыёолоп берчи.
Жонундан сылайын, 
Жанымакелчи.
— Мыяу...
Коңурук тартасың,
Коюнума жатасың.
Эреркеп, эркелеп, 
Эмнени айтасың.
— Мыяу, мыяу,
Курсагың ачкабы?
Же каалооң башкабы?
Апанды сагынсаң,
Акырын айтчы, аны?
— Мыяу, мыяу, мыяу.


Күлкүм келет

Кошомат кылып шыйпандап,
Коркуп качкан артына, 
Күлкүм келет бир иттин:
"Жолборс" деген атына.


Тай-тай

Тай, тай, тай, 
Таканчыкта тайтайбай.
Кас, кас, кас, 
Каздан жакшы бас. 
Бир,
         Эки,
                   Уч
                          кадам ташта.
Шашпа, шашпа,
Келегой, келегой,
Оң колуңду, соз, колуңду.
Соз, кичине берегой,
Сол колунду, соз, кичине, берегой,
Соз колунду, берегой
Келегой, келегой,
Тай, тай, тай, таканчыкта тайтайбай.
Кас, кас, кас,
Каздан жакшы бас
Аз, аз, аз,
Бир, эки, уч,
Бас!...
Басып кетти,
                       А-за-мат!
                                        Оп-па!


А сенчи?

Мен бешик термете алам,
А сенчи?
Бөбөгүмдү көтөрө алам, 
А сенчи?

Апама, мама бер дебейм,
А сенчи?
Кээде бир аз эркелейм,
А сенчи?

Мен бешикке жатпаймын,
А сенчи?
Жатат элем, батпаймын,
А сенчи?

 

Алгачкы лирикалар
(1970-1978 жылдар)
Апам Болдукызга

Чын ден-соолук, узун-өмүр Сиз каалап, 
Чоңойтконсуз бизди алтын Апакем. 
Ушул асыл эмгегинди мен баалап,
Алтындан бюстунду жасайт элем.
-------------------------------------------------------   
                      1972-жыл мектеп сочинениясынан


Кышкы түн

Сыртта суук обоолоп, 
Меште жалын алоолоп. 
Түн бир маалда эмчек издеп, 
Ымыркайлар ойгонот. 
Бал уйкудан кирпик ирмеп,  
Алдей, алдей бешик термеп. 
Баатыр эне толгонот,
Апам нени ойлонот?


Асан-Үсөн

Жамгыр жаап басылып, 
Күн күлүндөп ачылып.
Айиий, кызык?!
Асманга
Кылыч турат асылып. 
Бул түрлөнгөн кооз шоола,
Көк бетине чийилип.
Жаркыйт айыл үстүндө,
Асан-Үсөн ийилип.

Мектеп окуучулук дептеринен, 1972-жыл.


Миң дөбө
(Токтогул шаарчасына)

Үн менен айткым келет көтөрүнкү,
Миң-Дөбө миң үй болуп көтөрүлдү.
Айланды кубулуп кооз шаарчага, 
Каксөө чөл, какшып жатчуу кечээ күнкү.
Сүйөмүн ушул көрктүү жаш калааны,
Жаңыдан бүр байлады жаш дарагы. 
Кубанткан курулуштар кулач жайып, 
Көркүнө көрк кошуу да улам жаңы. 
Күндүз-өтүп шаңдуу турмуш менен, 
Түнкүсү көрк талашып жылдыз менен. 
Өркүндөп сен Токтогул шаарчасы,
Өсө бер, көкөлөй бер, кыргыз жергем!


Кара-Көнгөй

Карасам Ак-Тектирден көңүл коюп, 
Өзгөргөн жаңы, жайлуу конуш болуп.
...Каз катар аппак үйлөр тектиринде,
Калгандай каркыралар кокус конуп. 
Бул көркү билбегенге табышмактуу,
Бул айыл эскиби же жаңы-жашпы? 
Келсек да быйыл эле мында көчүп, 
Супсулуу, түркүн гүлдүү, калың бактуу.
Эмгекчи эл жапа тырмак жайын куруп, 
Ээлешкен тоо арасын байыр кылып.
Көйкөлдү Кара-Күнгөй мээнет менен, 
Жаз жашыл тукабаны жамындырып.

«Учкун» райгазетасынан, 1974-жыл


Бир тиши бар Айнагүлге
(Маек)

— Бир тиши бар Айна,
Калган тишиң кайда?  
— Кантка кошуп жеп койгом,
Чылап сүткө, чайга.
— Ай-ий-ии-ий... 
"Аа-а"деп койсон?  
— Аный, жаагым ооруп кетет,
Момпосуйга көп тойгом.

— Аны болмок аз жесең,
— "Чабалекей", "Жаз" деген
Шилекейим чубуртуп,
Ширин! Ым-пы, жакшы экен.

— Тамшансан, көп курт угуп,
Талашып жеп чыр -чыгып.
Ууз таштер курч, тунук,
Уу курт жеген кырчылып.
Дуу-тыз этсе, көз жаштуу
дулдуясың тумчугуп.

Бүбү энем бу дайым, 
Тартат сен деп убайым:
"Аи, тиш оору-жин оору,
Кой, кой жанын кудайым".

— Байке, барле бут тишим,
Бадырайып күлчүмүн!
Тишке зыян таттуулар,
Башта "кхы" экенин,
Байкабай мен жүрчүмүн.

— Бир тиши бар Айна,
Эми тапчы айла?
Көрчү калган тишин, жок,
Тишин менен ишин, жок.

— Бир тишти
Мен Айна
Таза жууймун дайыма.
Оозум толо кашкайып, 
Отуз бир тиш күрүчтөй,
Катар чыгат кайра!

— Бар порошок, тиш жуугуч,
Тан-кеч жууймун тишти курч.
— Анда ар бир балага,
Аяай Айна — үлгү кыз!

— Таттууну коп жейм дебейм,
Таза журуп эркелейм.
— Кубанычыңа шаардан,
Куурчак алып келип берем.


Бай бала Элнар

Ак гүл жоолук,
Бырыш жүздүү Энелери.
Кызыл көйнөк,
Күрүч тиштүү Жеңелери.
Күмүшсакал, Аталары,
Жакжайган
Кара мурут,
Абалары бакжайган.
Бар бала, балчайган,
Бай бала, Элнар!

Айна, Чопой эжелери,
Алтын сары жөжөлөрү,
Чааралекей тооктору, 
Кызыл таажы чоң Корозу,
Жибек жүндүү кой короосу,
Шайыр, жакшы агалары, 
Бар бала, мантайган 
Жүрөт арттан ээрчип 
Күчүгү Пончик.
Бар бала мантайган,
Бай бала Элнар!

Мейлиге сен эч нерсеси,
Жок деп аны байкаба 
Бир жерде, чаңкайган
Жашайт абдан Бай бала!
Ансыз деле бүткүл дүйнө
Бүт баардыгы сеники,
Ай бала, шаңкайган.
Таанышкыла, балдар: 
Бул — бала Элнар!


Бешик ыры

Аллей, аллей, ак бөпөм,
Аллей ырын ук бөпөм. 
Бешик бооң бек болсун!
Бейпил түн-күн көп болсун.
Бала мышык талашып, 
Бал каймагын жеп койсун.
Балтек кууп жете албай,
Бала мышык жылт койсун.

Аллей, аллей, быйып бөпөм,
Аябай укта тынч, бөпөм,
Жер бешиги термелип,
Жел бешиги термелип.
Күн мончоктор айланып,
Ай мончогун байланып.
Чаңкайган көк, башьңа
Чачсын жылдыз чачыла!..

Эй, аллейоо, аллейоо ак бөпөм, 
Эл-журт аман жатса экен!
Акылдуу бол, улуу бол, 
Анан бизге чачырап,
Ай мончоктой сулуу бол,
Кыргыз-журттун кулу бол. 
Ай элинин шооласы,
Күн элинин уулу бол!


Бир гана топ

Көк-жашыл көлмөгө
Көк-кызыл тобумду 
Утур коё берип 
Карасам
— Экее болот санасам.

Бирок
Ала койсом 
Бир гана топ.
Бири капа жок? 
"Ап" дегенби Бака, 
Андыйт мени,
Апа-аа!


Тоок кармоо

Бут кычышса, жан кызып, 
Тоок кармоо эң кызык! 
Чымын-куюн чуркайсың,
Учкан куштай сен сызып.
Кыргыйдай ил тоокту,
Таман тердеп жүгүрүп. 
Сатымкулдай болосуң,
Марафончу жөө күлүк!

...жылкыларды түзөнгө
Имергендей жаа кылып,
Тоокторду топ бала, 
Тосо кууйт жабылып! 
Талды аралай кубалап, 
Тамды айлана чуркашат.
Короздору койкоңдоп, 
Мекияндар буйташат.
Чарчагандай Чаар-Тоок, 
Чалыштаган калдандап.
Жетип-жетпей Өскөнбек,
Жеңи-этеги далбандап,
Буйт берерде качырбай, 
Буттарынан кармады, 
Чар тарапка учушту,
Чаар-Токтон калганы...

"Күлүк, чапчаң, шамдагай,
Күүлөп канат талыкпай. 
Кулундарым өскүлө,
Кудум куюн Мамыттай!" 
Деп алкады Шайбү Апам,
Алма берип, кызыл, ак, 
Шилекейин чубуртуп,
Жалкоо бизге кызыгат...


Тескери бала
(шакаба)

Шапкесин тескери кийип.
Майкесин тескери кийип.
Көйнөгүн тескери кийип.
Шым, турсасын тескери кийип. 
Байпагын тескери кийип. 
Батинкесин тескери кийип. 
Башын буруп тескери жүрүп
Арты менен басып.
"Аный, аный" деп болбойт. 
Ушундай бала барбы силерде. 
Уф! — жадап бүттүк эскертип жүрүп.
Шапкеси желкесинде чапталып. 
Майкеси кокосуна капталып. 
Көйнөгү далысынан жакжайып.
Шым, турсасынын көчүгү
Курсак болуп чыккан чандайып.
Жүнү чыгып сыртына, 
Байпагына багелегин кыстарган
балпайып.
Батинкесинин эки башы 
Бир-бирине таарынгансып.
Эки жакты карайт кайкайып.

Эх, тежик бала!
"Ф" тамгасындай, бутун тайтайып.
Фу! Ушу сенин акшыңдап көзүң
жиңдидей.
Башың тегеренип, тегеренип.
Мээң калса керек чайкалып!
Кой, антпегин?
Оң жр, о, кийин,
О, азамат деп сени айталык.


Жөкүн менен Жөргөмүш 
(тамаша)

Жөргөмүш курт жөргөлөйт,
Жөкүн кууп жөрмөлөп.
Боору менен боортокто,
Бол, тез, жет дейм эртерээк.

Курт көрүнүп, көзүнө 
Кудум Чаар тооктой, 
Жөкүн сая түшсө да,
Жөн, жай жылат тоготпой.

Олтургучка жетишти,
Оймоп, сойлоп өтүштү,
Басса колу "булп" этти. 
Куу курт качып чендетпей
Жөкүнтайым эмчектей 
Күйүгүшкөн бул эки 
Күлүккө чаң жел жетпей.

Кутулалбай курт-күлү
Куугун чапчыйт жүткөнү
Тоодой Жөкүн курт 
Токтоп: "Ап" дейт чүчкүр
Жөкүн жатты жамбаштай 
Жөргөмүш курт алдастай

Курт жетип эшикке, 
"Култ" дейт түштү тешип, 
Барып жөкүн эшикке
Батпай алды тешикке.


Жөө күлүк Бектен?

Биздин айылда бирөө бар,
Аты: "Жөө күлүк Бектен".
Анткени Токтогулдан Токмокко
Ачып көздү жумгуча, Ала-Белге жеткен
Тим эле топтой учат,
Атактуу Пеле тепкен!
Ой-тообо-о!..
Таманына күлдүргүч сүйкөп
Алганбы дейсин, дубалап,
Кызыса балким,
"Чайканы" жетет го кубалап!
Антаңдап аракка чаап баратса,
Артынан көк түтүн чубалат...
Бирок жөнү жок эле чуркабайт,
Биздин куюн көчүк Бектен,

Эгер жүз граммдан коюп, ар километрден,
Сеп деп этип жүгүрүп чык деп мелдешсең,
Анда Бекем — чыныгы болмок
                                                          марафондук рекордсмен,


Микроилбирс атты алып

Баламышык таптанып,  
Чычкандарга чап салып 
Ийинине киргизбей, 
Илет бирден илбирстей. 
Апам баалайт: — Азамат! 
Зыянкечти жазалайт.
Иним Кыял таңданат.
Бирок ичтен арданат:
— Эх, кежирмиң, жалкоомун,
"Эким да" жок ушунча. 
Эч бир мактоо укпаймын, 
Жокмунго деп мышыкча.


1+1=?

Тамак ичпей бултуят, 
Таарынгандай тултуят.
Ооруганбы бир жери, 
Эки көзү жылтырайт. 
Көрсө, ойлонгон турбайбы,
Нөлөвойдогу Чабалбай 
Бирге бирди кошковдо,
 Канча экенин табалбай.
Ошону билбейт экен — ээ?
Хехе-хехе-хе-хе-хе...


Асмандагы Ильич шамдары

Түмөн жайнап түнкү сансыз жылдыздар,
Тээ төбөдө жадырашат балбылдап. 
Көгүш кечтин көркү уяң кыздардай,
Айлымын отторундай жалжылдап.
Жылдыздуу түн.Көңүлүмдү эргитет, 
А жанымда нур бөбөгүм Чынгызым.
— Асманда да Ильич шамы барбы, — дейт,
Ал көрсөтүп Алтын Казык жылдызын.


Мен жоокерди жылмайттым

Шаттуу басып, шартылдап, 
Жоокер келди жаркылдап, 
Узак убак көрбөгөн, 
Учурашты эл менен.
Элге салам бергенде,
Мага кезек келгенде;
— Саламатпы, Тентек? — дейт,
Бейбаштыгым эскерип.
А мен аны жылмайттым, 
Колун сунса, честь берип.


Кичинекей шофер

«Ву-ву-у вав-лап» Элнарбек,
Кетем десе тебелеп, 
Машинасын жетелеп, 
Жолдон чыга качамын. 
Көрчү куудул ал тентек.
Чонойгондо шопурдун 
Окуусуна барам дейт. 
Кант, май, эт, сүт, нан ташып, 
Баарыңарды багам дейт.


Торпок

Үкөлдөн ким качса, 
Сайдырбаган коркок.
Сүт ичкенди гана билген,
Теңирейген 
Ал бала торпок.


Дүкүлдөйт Кулуке-Ата тегирмени

Вера Нургазиевна Бримкуловага

Эң ыйык Кетмен-Төбөм — жерим менин, 
Эргитип жыпар мончок желиң мэлүүн. 
Вера эжем бала чакта ойногондур, 
Тегеренип Кулуке Ата тегирменин 
Кыркаяк эжей өскөн Ара-Булак, 
Оргуган сай-сайынын баары булак. 
Өткөн бир өмүрлөрдү эске салып,
Шыңгырап кел түбүндө күүлөр кагат.

Куулжуп Асан-Үсөн кооз күн желе
Чыкчы эле, шам балачак өчтү дебе,
Вера эже, сиздин «Айат» басмаңызда
Дүкүлдөйт тегирмен шол жүрөк дале.
Вера эже таятьңыздай жүрөгүңүз,
Шар, чечкин көк дайрадай мүнөзүңүз.
Ичинде даанышмандык жанып турат, 
Мунайым бал-бал эткен көздөрүңүз.

Жаркырайт шаар ичинде жылдызыңыз, 
Бапырап бай, ырыскы турмушуңуз. 
Кыргыздын Макаренкосу улуу Педагог. 
Нургазы агайымдын гүл кызысыз. 
Чымчыйсыз чыкыйымдан Сиз жемелел,
«Аликбай акча таап, адам бол» деп
Кейибейм, «Я высоко горжусь вами:»
«Бишкекте таянычым бар — Вера эжем!» деп.

Кадырлайм алтын Вера эжекеми, 
Өмүрдө түгөнгүс кенч, берекеми.
Ах, аттин эркек болуп туулганда,
Билинмек далай журтка Шер экени!

Кут болсун, алтын эже Туулган кунуң! 
Ачылсын бажырайып бакыт гүлүң.
Мен үчүн эки дүйнө эч унутулгус, 
Эжелик мээр, мээнет, түшүнүгүң. 
Турасыз эркелете мени карап,
Вера эжем, жинге тийсем «өтүм алат».
Ийиктеп чубап өмүр, үмүттөрүн,
Ишине илбериңки кетип барат.

Вера, эжем, кулпура бер-зымырык кушча, 
Ачылган жүрөктөрдөй, жүз миң нуска
Толготкон калемгелер китептери.
 Көз жарат баркырашып басмаңызда. 
Вера эжем, айым сулуу периштердей, 
Кайраттуу капалыкты «Чихна» дебей. 
Менин да бир китебим шул «Айаттан», 
Ыңаалап жарык көрсө наристедей.
Таанылып атым чыгып түркүн элге, 
Аламрын Нобель сыйлык, балким, Эже.
Катар кат томдуктарым чыгарайын, 
Канышадай. китептерге киндик эне, 
Алтыным,.аячырактай Вера эже! 
Эргитип жыпар мончок желиң мэлүүн,
Эң укмуш Токтогулум — жерим менин.
Куду эле балачактай уктасам дейм, 
Кучактап Кулуке-Ата тегирменин...

24 октябрь, 2005-жыл

 

ТОКТОГУДУКТАРДЫН КӨЧҮП-КОНУУСУНУН 35 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА.

МАТЁРА МЕНЕН КОШТОШУУ

(Роман-баллада)

Кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмер, чыгаан уулу Токтосун Ормонбекович Мадияровго

Дүйнөдө жер жүзүнөн 3 кыштак биротоло жок кыльшган. Кезегинде Советтик режимдеги империя тарабынан эндекей элет калыктарынын жан-дүйнөсүнө бүлүк салынып, киндик кан тамган жерлеринен зомбулук менен көчүрүлүп, жырткычтык экологиялык геноцид жүргүзүлгөн. Бул жаратылышты тукум-курутуучулук-дүйнөлүк трагедия эмей эмне?

СССРдин тушунда Енисей дарыясынын куймасында Братск гидроэлектростанциясы курулганда жөпжөнөнкөй орус кыштагы Матёра кумга чайкалып түбөлүккө жер бетинен өчүрүлгөн. Анан дагы Нобель сыйлыгынын лауреаты, Колумбиялык улуу жазуучу Габриэлла Гарсиа Маркес «Жүз жыл жалгыздыкта» аттуу романында көрсөткөндөй фантастикалык миф жана көркөм шарттуулукта баяндаган чыгармасындагы адамдардын адеп-ахлак жан дуйнесунун бузулушун, жалгыздан болгондо Адамзатинсанаты жок болорун роман эскертүүсүндө жазгандай Латын Америкасында

Макондо деген кыштак желге учуп кеткенсип азыр аты-жыты жок. Вьетнамдагы Сонгминин катуу кайгысы кылым мушкулу эмей эмне?!

Атүгүл репрессиялар, ар кандай катаклизмдер, Улуу Ата Мекендик согуштун апааттары, дале айыкпас жүрөк жараттары, жер кыртыштарынын эрозияланышы, табий кырсыктардын каптап өтүшү: зилзаалалар (1946, 1992), Жоомарттай лидердин жоктугунан саясатта, илимде, маданиятта, адабиятта, чарбанын ар кайсы тармагында эки чоң муундун ондогон жылдар текши өксөк болушу да Кетментөбөлүктөрдү да кыйгап өткөн эмес.

Кыргызстанда соцрежимдин айынан менин айылым Акчий-Карасуу (эски Ленин колхозу) тыптыйпыл кылынып, сууга чөктүрүлгөн. Ачарчылыкта чечендерди, казактарды сактап калган мулде кыргыз жеринин бир шахмат талаасындай эгин-жайлуу кыртышы бар, дасторкондой асыл каймак өрөөнү ылай кир сууга бастырылды да калды -32,5 миң гектар. Ата-бабалардын ыйык бейиттери жексенделди. Калганы балыкка жем болду. Кыямат-кайым дал ошол 1973-жылы болгон экен. Бул 35 жылдык Аза... Тарых эстутум сотуна Л.И. Брежнев, Н. Косыгин, Ш. Рашидов, Т. Усубалиев өндүү соцрежимдин төбөлдөрү тартылышы керек.

Арифметикалык эсеп менен Евразиянын төрт мамлекети: Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан Токтогул районуна 3 миллиард доллар компенсация төлеш керек. Демек ар бир токтогулдук каерде жашабасын электр телему менен бекер камсыз кылынышы Жогорку Кенеште каралууга тийиш. Кыргыз өкмөтү, мамлекети жыл сайын берген 63 миллион сому текейге да арзыбайт. А моралдык психологиялык жактан тарткан жабыр зыяныбыздын орду тубу жок күн, эч ким телей албайт. Биздин токтогулдук жаштарга Чүй боорунан бир миң, чарчы гектар уй салууга жер берилиши да кажет. 100 жыл мурун айтылган «Токтогулду көл басат, Анжиян, Ташкентти сел басат» деген создүн зор коркунучун сезүүлөрү абзел. 19 миллиард куб сууну эң төмөн чекке азаитып, байыркы сактар, гундар ээлик кылып мекендеген ата-баба конуштарын ачуу маселеси да турат.

Дегеле, Улуу Кыргыз Жерине, Элине бардык жактан, ар тараптан оңбогондой эксперименттер жасалган. Кеп оролу ошол туурасында.


I  глава

Акыркы ирет тиктейм кыйырын талааңын.
Чөптөрүндү келди назик сылагым. 
Кордук менен көчтүк сенден айла жок,
Кош бол, айлым, кош бол, Апам сымалым!
Ыйласамбы ыр жазуудан көрөкчө,
Саган ырды жазмак элем бөлөкчө. 
Таппайм эми! Омкорулуп түбүмдөн,
Тамырларын шамал жулган терекче, 
Көл түбүндө каухар сындуу калаасың.
Көздөн учуп айылым Акчий-Карасуум,
Турмушта бул, тарткан биздей жок чыгар, 
Туулган жерин жоготуунун азасын.. 
Көк жайык жер!.. Жети атамдын жери элец,
Как журектун кат-кат сырдуу жери элең. 
Үрөйүм учат!.. Согуш болуп өткөндөй
Үйлөр кыйрап... 
...Түтөп калган кемегең... 
О, кут учкан!.. Ураган шамал серпкендей
Же сел жүрүп, жер титиреп кеткендей, 
Түнөрүшүп, түн ичинде калгам чылк,
Түбөлүккө бүт шамдарың өчкөндөй.
Эсил кайран, жер көмүлдүң — ачалбайм,
Эми сени зар какшасам табалбайм.
Бул.дүйнөдө жер жүзүнөн жок болгон, 
Кош бол айлым, -
                             Матёриям,
                                                 Макондам!
Эңгирешти кемпир-чалың бүк түшкөн,
Эски айылым-ов, эми кетпейт эч түштөн.
Көк иримде чабак уруп көрүшүп, 
Элестерин эчен бир жыл канча издейм.
Кулач уруп сүзүп жүрөм кампаңда,
Гараж... мектеп... эски контор... бакчаңда.
Маркумдардын баары жүрөт тирүүндөй, 
Балык болуп кирсем көчө, боз тамга.
Эски Ленин колхозу эле. Көчөңун 
Көркү унтулгус. Гүлшүүдүрүм кечемин.
Арман болуп жүрөгүмдү мыкчыйт-ов?
Аалам сыйган алакандай мекеним.
Берекелүү беде аңыздар, буудайлуу
Даркан талаа... Ана, дыйкан суу жайды.
Таманымдан башыма өткөн ысыгың, 
Тамдар салып кечкен элем ылайды.
Ай жарыкта... 
Карап турсам түндө мен,
Кызыл кыян беделериң гүлдөгөн...
Чоң апамдын каймак, нанын ысык жеп,
Кой жайганы кетүүчү элем таңда мен.
Алектенип тыным албай күн-түнүм,
Китептердин дүйнөсүнө сүңгүдүм. 
Түгөл окуп бир чоң «Кызыл үйдү» мен,
Окуганга жок эч нерсе болду күн.
Мактаныч болор айтсам ал кез тууралуу, 
Улуу «прозрение» чыгар бу дагы. 
Вундеркинд боло жаздап аз жерден, 
Жат чыгаргам татаал алгебраны. 
Кыйкырчумун түшүмдө учуп түпкүргө,
Аалам чексиз. Жер экен дейм сыз түрмө.
Сары чачтуу балдар менен тирешип,
Салгылашкам шахмат талаа үстүндө.
Жанталашып жасап бир топ аракет, 
Жасайм дедим космикалык ракет.
Илим күчүн ыргыштаткан жылдыздар,
Не бир сырдуу азгырышчу жалт-жулт деп.
Гезиттерге ыр жиберип, кат да алдым,
Окуп араң мен дирилдеп, калтаардым,
«Урматтуу Алик! Сиз...» деп жазып атпайбы,
Ушунчалык келчү менин даңкталгым!
А көрсө, бир трафарет кат экен,
Атын жазып бир редакциядан бир берээн. 
Колду коюп коёндой окшош каттарды
Фрунзеден бизге айдап ийчү экен. 
Майда кыздар кылгырышып, жымындап,
Акын деген сыймык, атак алдым бат.
Мен мектепте Пушкин болуп кеткенсип, 
Ары-бери басуучу элем толкундап.
Бүркүт тумшук булуңунда Манкаут,
Уитменди көрүп турдум кечке жуук. 
Ташкындаган музасына чөмүлгөм,
Таңыркагам мухитине дал болуп. 
Окуп далай романын Дюманын,
Ээрчип барып көргөм Монте аралын.
Тагдырына кейип Дантес моряктын, 
Табышмактуу издейм Грант баянын. 
Бар эле анан «Канжар» деген боз китеп, 
Окуялар кызыктарга ээрчитет...
Ата Журт деп, Көл деп жаш, курч жүрөгүм, 
Алыкулдун жакшьт ырлары эргитет. 
Турар болгон тунгуч устат «Алиппем» 
Тунук бала поэзиясы эриткен. 
Омор, Жолон, Рамистин лирасы,
Талантыма башат болуп телчиккем.
Аалы, Жоомарт,Чыңгыз, Кеңеш, Төлөгөн, 
Мени сөздүн бешигине бөлөгөн. 
Эл журт бизди адам кылып өстүрөт, 
Акын болуп төрөлөт дейт энеден.
Бала көрсөң беш көкүлдөн сылап жүр,
Күрсактагы кул, ханбы ким билиптир.
Эч ыр жазбай калсам, балким, базарком, 
Болмокмун же академик, министр.
Эсте жазың байчечектер кылтыйган, 
Музоо жалап мурду тердеп уй тууган. 
Чыйпылдашып даңгыр эшик алдына, 
Жайнап чыкчу сары жөжөлөр быйпыйган.
Эстейм дале Сырдыбайдыи короосун, 
Бак чүмкөгөн чоң көчөнүн ортосун.
Тептегерек малкепенин кырына, 
Кончу күздө окшош отуз корозум.
 Тоокту сатып анда «бизнес» мен кылгам, 
Кош чөнтөккө жумурткадан онду ургам. 
Балээ басып таш алам деп олтургам, 
Таранчыга тээ, чаң жолдо жөн турган.
Ташым кайып дал жанынан «шуу» кетти,
А боз чымчык учту дагы тынч кетти. 
Беш тыйындан сата турган жумурткам,
Бир ирмемде чөнтөгүмдөн «былч» этти.
Анан дагы козу саткам тан, атпай,
Болот элем аны улантсам жакшы бай. 
Уктап калчум байлап козум бир талга,
Ошондогу бала уйкунун таттуусу ай!
Базарчылар кайткан малын айдашып, 
Мени ойготчу калса эгер байкашып. 
Балтаң, куйрук, барпаң күрөң, козуну, 
Жиберчү элем 20 сомго карматып.
Эки колду артыма алып компоюп,
Башкармадай басчу элем чолчоюп.
А чоң апам билбейт акча санашты, 
Пенсиясын мен алчумун кол коюп.
Саралтын бак, бар көк дүкөн, боз мектеп,
Сапен эжей нукучу эле «тез жаз» деп. 
Жүз дептерди улам кайта жаңылап,
Түгөтчүмүн арип жазып тизмектеп. 
Үчүнчүгө чейин билбей тамганы,
Бирге бирди мээм кошо албады.
Көчүрбөйбүз, чыгарабыз мектептен, 
Дешкен кезде намыстандым мен дагы. 
Чүкө берип Жээнбекке класском, 
Ал шефке алып жардам берип мага чоң.
Арданып мен анан кеттим жакшы окуп,
Билимге жол башталды окшойт ошондон. 
А сары" кыз Жамыйланы сүйчү элем,
Дүйнөдөгү бир периште дечү элем,
Өрт алгандай жанып-күйдү жан-дүйнөм,
«Төрт» алганды уят эле көрчү элем.
Тунгуч сүйүү шык бергенде нак ушу,
Турмуштагы бир керемет болуучу.
Сураптырмын атам келсе бир жолу, 
«Барам, кайда райкомдун окуусу?» 
Көрсө, райком окуусу чын жок тура.
Бул жашоого баш бакканда жүрөктө
Сүйүү, шык, ой, максат, тилек толтура.
Өмүрүндө алар улам бөксөрөт,
Жакшыны да, жаманды да көз көрөт.
Көзүңдү ачып улам турмуш башкача,
Сени менен турмуш улам өзгөрөт.
Өзүбүздөн чоң балдардан коркчу элек,
Тартып алып, талашып жеп коёт деп, 
Барс-барс бышкан сүт дүмбүлдү кызарган 
Чормойлорго сүртүп-сүртүп койчу элек. 
«Макүрү» деп алар жебей келгенде, 
Кыткылыктап тоё ичип-жеп көпкөндө,
Жарылганча курсактарды көтөрүп, 
Жашынчу элек баш көрүнбөй чөптөргө...
Көркөм эле ушунчалык дүйнө кең,
Жаратылыш тили менен сүйлөгөн.
Кой үстүнө жумурткалап торгойлор,
Уясында балапанга тийбегем.
Эстегенде ойго түшөт дагы эле, 
Тең жарышып чуркачу эле бедеде, 
Чек арачы ит тукумдан шам кулак, 
Учар деген сары көкжалым бар эле. 
Адамдан да акылдуурак жакшы ит деп, 
Айтышчу эле. Асел апам «түв-түв» деп 
Ырымдачу, досум эле, келчү эле
Кыргоол алып же жапайы каз тиштеп.
О, анда ошол үчүнчүдө окуймун;
А чоң апам саап иччү эки уюн. 
Кастүрүлдөр толо бал да, сары май,
Кырмычыкка айда гана тойчумун. 
Баштыгымда «Кызык киши», «Шоңур» бар,
Анан гезит, Мидин жазган шок ырлар. 
Кыткылыктап окуп жата берчүмүн, 
Кызгалдактуу мен кой жайган адырлар.
Тамылжыгам алган өндүү бозо ууртап,
Чий түбүндө момураган козу уктайт. 
Өзүнчө бир дүйүм дүйнө элең сен 
О, элет жер, бир ажайып коозуңду айт?! 
Токойдогу көлмөлөруң көк ыраң, 
Чабактарың куйрук серпип чумкуган. 
Бүлдүркөндөн букет терип кучактап, 
Ширелериң тамырда аккан таттуу кан. 
Тотудай кооз Шекер Абам боз үйү, 
Саз жээгинде көк шиберлүү өрүшү. 
Айран берип, жасап берчү чабаты,
А кишинин зор энелик сүйүүсү. 
О, элет жер, каратору шол балаң 
Акын эми «өлгөн айлын» ырдаган.
Жайлообайдын жара тээп дарбызын, 
Өскөнбайдын анделегин уурдагам. 
Чап секирип дубалдардан ашкамын,
Шымымды айрып бутагына бактардын,
Кызыл чымкый алмаларын жечү элем,
Кызыл тору кыздары бар Топбайдын. 
Мен жыңайлак чаң, жолунда тызылдайм,
Шамалына батперектер учургам.
Чоң кашаттын дүмбүлдөрүн шак кайрып, 
Кызыл чокко барсылдатып бышыргам. 
Дал ошол чакта келе жатты «көл» сүрүп, 
Айылымды четтен чапчып, өлтүрүп.
Жылан, бака, коён, түлкү качты бүт,
Келчү болду үйгө чейин түз кирип. 
Дал шол чакта «көчөбүз» деп дүргүдүк, 
Кайра ачылып арбактар да тирүү бүт.
Кыямат-кайым болуп кетти бүт өрөөн, 
Таранчыдай «дуу» деп чоочуп көпчүлүк.
Бульдозерлер сүзүп кирди үйдү бүт, 
Калган үйгө кара чымын үйүлүп.
Менин шондо көзүм чылпак, шор басып, 
Көрбөй калгам. Бука өкүргөн жинигип.
Ат кишенеп, алааматта ит үрүп,
Улуйт таң-кеч. Эл унаа издеп жүгүрүп. 
Ажыдаар-Көл жылып бери келатты, 
Оор оп тарткан толкундары түрүлүп!.. 
Чып бекилген дарыя буулуп кир, ылай, 
Кыртышты жеп ал түн каткан уурудай. 
Мен шондо эле буга каршы ыр жазгам, 
Эми санаа чеккен жокмун курулай. 
Райгезитте ага чочуп кетишкен:
«Жазба, кой!» — деп алар эскертишишкен,
Токтогулдай камаласың түрмөгө,
Токтогулдай качалбайсың Сибирден!
Учуп келсин өрөөнүмө жашыл жаз. 
Айылым, өзүн даргөйүмдө эсен бол, 
Арманымсьң бөксөрбөс да, арылбас... 
О, арман жер, о арман жер, арман жер,
Акын болмок бир жолу эле көргөндөр. 
Эгемендик заманына туш келсең, 
Эчки бакпай элиң болмок миллиардер.
Токон уулуң минсе минсин «Мерседес» 
Эшек минген чалдарды эстер эрте-кеч.
Сенде жатат канча ыр, жомок, роман,
Көздөн учкан, көзгө сүрткөн канча элес?! 
Эсил кайран элет жерим, табалбайм,
Бу Жаханда мага сенче жок арман.
Бул дүйнөдө жер жүзүнөн жок болгон,
Кош бол айылым -
                              Матёриям,
                                                   Макондам!


II глава

О байыркы көгүлтүр кут өрөөнүм, 
Сенде ачылган бул дүйнөгө карегим, 
Көл-Бейитке көмүлгөндө айылдар,
Көл түбүндө калган менин жүрөгүм. 
Кетмен-Төбөм! 
Кереметтүү журтумдан 
Ал айылдар жок эч эми унтулган. 
Дайынын таппайм даректерин мекендин,
Даракка окшойм тамырлары кыркылган.
Сенде калган балалыгым, тун сүйүүм,
Шыңгырларын укпайм эми күлкүңүн.
Кыяматтын кыяматы экен го, 
Бул тымызын болуп өткөн Үркүнүң.
«Ата конуш жерге деген санаалар, 
Сапырылат сары эгин жай талаалар, 
Кыргыз үчүн бойду көлгө чөгөрдүң, 
Менден дагы мындай эрдик жаралар». 
Деп ыр жазган кыйсыпырлуу кез эсте,
Бир өрт күчөйт өчүралгыс өзөктө.
Армандардын арманы да шул болот,
Атаң эмес, айылыддын «көзү өтсө».
Асанкалый ырдагандай муңканып, 
«Көл түбүндө эл жашаган жер калып»,
Токтогулдун колу чайпал кайыкты,
Токтоналбай өткөндү эстеп ыйладык. 
Сактай албай 
Сени заман кор кылган. 
Саралтындай жерге кантип кайгырбайм.
Тозоктордун тозогу бул экен го,
Томолонуп өскөн жерден айрылган. 
Сенден мына 
Бүт Кыргызстан от алган, 
Мелмилдейсиң суу сактагыч аталган. 
Жээгинде ойго чумуп олтуруп,
Нечен ирет көздөн ысык жаш алгам. 
Мен өзүңдөй жүрөктөрдө жыл «дурт» этип
Жогорку вольт «Ырчырактар» жазылган.
Жетим эмес, ата-энеден айрылган, 
Жесир эмес жубайына кайгырган.
Эң зор кайгы туулган жериң, жок калып, 
Оор экен айрылуу өз айылындан. 
Муну сездим эчен жылдар ичимден,
Айылым сен жок басырынгам, кичирем.
Туулган жерсиз тапка келбейт тулпар да,
Айланайын, сенден чыккан түтүндөн.
Өз жериндин чөбү гана дары экен:, 
Жаш акчудай кирпигимди ирмесем. 
Кайдан, кантип эми сени табайын, 
Кагылайын кичинекей бир мекен.
Кайыр кош бол, карегиме баткан жер, 
Калкып чыгат суу үстүнө өткөндөр. 
Оозума от жуткансыйм уу кошуп,
О, арман жер, о, арман жер, арман жер!?
Жүрөктөйсүң жүлүнгө кан жиберген, 
Элес келет толкундардан шиленген. 
Сенин жытың көлдөн уруп жаткансыйт,
Кусам басып шор туз сууң ичем мен. 
Көлдөн чыгып, ата-бабам арбагы, 
Сөөмөй кезеп турушкансыйт бүт баары.
Сары тонундай бир жыттасам эмине, 
Ыр жыттанган, тер жыттанган турпагың.
Түккө турбас түйшөлгөнүм, кейишим, 
Жүз дөбөң бар, жүз падыша бейитиң.
Тогуз шаар, нечен тарых көмүлгөн,
Таңкаларлык, кайталангыс бейишим. 
Кош бол, айылым,
Алгач киндик кан тамган 
Кагазда ыр, элес гана жан салган, 
Апам бар деп айтса айтат чыгармын, 
Айылым бар деп мен эч кимге айталбайм.
Көкүрөктөн бурап чыгат көк түтүн, 
Планетте мындан ачуу барбы арман?!
Көл жээгинде, ырас кечкен эл-журт бар,
Сөөгү сөпөт болгон кары маркумдар. 
Кандай күндү кечирди экен өзүңдө, 
Кандай, не деп жашап өткөн алтындар?! 
Элес-булас эстейм райборборду, 
Беш жашымда көргөн элем Коргоолду. 
Атам айтан «ырчы Кокең» ушу деп, 
Атам өзү эшек минген чал болду. 
Акындардын тамырлары зыркырап, 
Укса муну ыйлап иймек буркурап.
Калды сууда гений жүргөн асыл жер 
Кантип сонун элестериң унтулат?!
Табыттай оор, коргошундай суу баскан,
Көрүстөндөй көрүнөт бу көл жаткан.
Саламат бол, эс-дартымда сандыктай, 
Саган, айылым, карызмын мен жүз дастан.
Кечирип кой, терип-тепчип жаздым аз. 
Учуп келсин өрөөнүмө жашыл жаз.
Айылым, өзүң даргөйүмдө эсен бол,
Арманымсың бөксөрбөс да, арылбас... 
О, арман жер, о арман жер, арман жер, 
Акын болмок бир жолу эле көргөндөр.
Эгемендик заманына туш келсең, 
Эчки бакпай элин болмок миллиардер.
Токон уулун минсе минсин «Мерседес» 
Эшек минген чалдарды эстер эрте-кеч.
Сенде жатат канча ыр, жомок, роман,
Көздөн учкан, көзгө сүрткөн канча элес?! 
Эсил кайран элет жерим, табалбайм, 
Бу Жаханда мага сенче жок арман.
Бул дүйнөдө жер жүзүнөн жок болгон, 
Кош бол айылым -
                              Матёриям,
                                                   Макондам?!

1974-жыл.


(Көңүл буруңуздар! Бул сайтта китептин бир бөлүмү жайгаштырылган)

Текстти толун бойдон ушул жерден көгүрүп алсаңыз болот


© Акималиев А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4591