Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Мукарамова Г., 2013

Гүлайым МУКАРАМОВА

Ыр

 

Канча жаш дебе жүрөк жаш,
Кел, күтөмүн, замандаш.
Күн нурун чачып келиптир,
Күндөй бир жанган элүү жаш.

Айланып келди элүү жаш,
Аман бир болсун алтын баш.
Ай нурун төгүп келиптир,
Айдай бир толгон элүү жаш.

Жашоонун көркү элүү жаш,
Жадырап-жайнап көңүл ач.
Жүрөктүн күүсүн черткилеп,
Жүрөлү бирге болуп жаш.

 

Гүлайым Мукарамова, Россия, 2013 год

 


Количество просмотров: 1620