Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Философия жана илим, Илим
© Мурзакулова А. Дж., 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 23-марты

Асель МУРЗАКУЛОВА

Кыргызстан: жаран жана мамлекет

ЖОЖдор үчүн окуу колдонмосу

Бул китеп 2012-жылы орус тилинде басылып чыгарылган «Гражданин и государство в современном Кыргызстане» окуу колдонмосунун негизинде толукталып, кошумча темалар менен кыргыз тилинде чыгарылды. «Кыргызстан: жаран жана мамлекет» окуу колдонмосу жарандуулук, коом жана мамлекет сыяктуу категориялар системалык түрдө каралды. Азыркы Кыргызстандагы мамлекет менен жарандын ортосундагы өз ара байланышка өзгөчө басым жасалды. Коомдук турмуштун демократиялаштыруу, мамлекеттик түзүлүш жана жарандык жоопкерчилик сыяктуу жактары талдоого алынды. Саясий жана укуктук чөйрөдөгү жарандуулуктун олуттуу проблемалары тыгыз байланышта каралды. Окуу колдонмосунун максаты – окурмандардын жарандын азыркы коомдогу жана мамлекеттеги ролу туурасында илимий түшүнүгүн калыптандыруу болуп саналат. Колдонмо ЖОЖдун окутуучуларына жана студенттерине, ошондой эле жарандын, коомдун жана мамлекеттин өз ара иштешүү маселелерине кызыккандарга арналат.

Мурзакулова А. Дж. Кыргызстан: жаран жана мамлекет. ЖОЖдор үчүн окуу колдонмосу / жооптуу редакторлор Дятленко П. И. Кулсариева Г. Т. – Б.: ST.art LTD, 2013. – 126 б. китебинен алынды

УДК 340
    ББК 67
    М 91
    ISBN 978–9967–05–938–2
    М 1201000000–13

Кыргыз-Орус Славян университетинин окуу-методикалык кеңешинин сунушу менен басууга берилди

Рецензенттер:

КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Абдуразаков И. А.;
    тарых илим. доктору, профессор Акунов А. А.;
    тарых илим. канд., профессор Машрапов Т. Т.;
    тарых илим. канд., доцент Халанский И. В.

Бул колдонмо Полис Азия борборунун «Жарандык билим берүү мектеби» долбоорунун алкагында Астана шаарындагы Польша элчилигинин колдоосу менен басып чыгарылууда

 

МАЗМУНУ

Киришүү
    Тема 1. Жаран деген ким?
    Тема 2. Эгемендүү Кыргызстандагы мамлекет жана жаран.
    Тема 3. Кыргызстандагы бүгүнкү коом жана андагы жарандуулуктун ролу.
    Тема 4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулушуна жана президенттик институтунун табигый өнүгүүсүнө конституциялык реформалар аркылуу кыскача баяндама.
    Тема 5. Демократия: аныктамалар, шарттар жана азыркы окумуштуулардын көз караштары.
    Тема 6. Мамлекет коомдун саясий системасынын негизги элементи катары. Мамлекетке берилүүчү түрдүү аныктамалар.
    Тема 7. Мамлекеттин типологиясы: башкаруу формасы.
    Тема 8. Мамлекеттердин типологиясы: Мамлекеттин түзүлүш формасы.
    Тема 9. Мамлекеттин ички жана тышкы милдеттери.
    Тема 10. Мамлекеттик аппарат жөнүндө түшүнүк. Мамлекеттик органдар жана аларды классификациялоо.
    Тема 11. Мамлекеттик бюджет деген эмне?
    Тема 12. Мамлекеттик бюджет кандай кирешелерден түзүлөт жана эмнелерге чыгымдалат?
    Тема 13. Базар экономикасы жана анын мамлекеттин өнүгүүсүндөгү ролу.
    Тема 14. Жеке менчик деген эмне?
    Тема 15. Жарандык коом деген эмне?
    Тема 16. Кыргызстандагы шайлоо институттары.
    Тема 17. Кыргызстандагы саясий партиялар.
    Тема 18. Кыргызстандагы этномаданияттын көп түрдүүлүгү: жетишкендиктер жана проблемалар.
    Глоссарий
    Тиркеме

 

Киришүү

Кыргызстан үчүн жарандык билим берүү проблемасы, азыркы билим берүү системасынын актуалдуу милдеттеринин бири болуп саналат. Азыркы билим берүү программаларында жарандын образы кандайча берилген? Окуу колдонмосун иштеп чыгуу учурунда Кыргызстандын билим берүү мейкиндигинде бул суроого жооп табуу өтө кыйын экендигине ынандык. Айрым гана окуу колдонмолорунда бул маселеге кайрылууга аракет жасалгандыгы болбосо, академиялык чөйрөдө жарандын образы, демек, өлкөнүн келечегинин образы боюнча кеңири дискуссия болгон эмес. Ошондон улам, аталган кенемтени толтуруу максатында жарандык компетенттүүлүктү жогорулатуу маселелерине арналган өзүнчө курсту иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты.

Өлкөдө акыркы он жыл ичинде болуп өткөн саясий процесстер Кыргызстандагы жарандык аң-сезимдүүлүктүн жаралышына жана калыптанышына байланышкан көптөгөн проблемалардын бетин ачты. Коомду бөлүп-жаруу тенденциясы (экономикалык: бай-кедей болуп; аймактык: түндүктүштүк болуп, этностор аралык: «титулдук улут» жана «улуттук азчылык» болуп) барган сайын күч алып жаткан убактааны бириктирүү милдети өтө курч болууда. Кандай концептуалдуу негиздер коомдук биригүүнүн өзөгү боло алат? Өзүн-өзү аңдап билүүдөгү ички карама-каршылыктарды канткенде болтурбай коюуга болот? Адамдардын жана мамлекеттин өнүгүүсүнө дем берүүнү ким аркылуу жасоо керек? Окуу колдонмосундагы позицияга ылайык, бул милдет Кыргыз Республикасынын компетенттүү жаранын калыптандыруу аркылуу чечилет.

Бул колдонмонун максаты – жарандык билим берүүнүн негизин түзгөн түшүнүктөргө, атап айтканда, жарандык өзүн -өзү идентификациялоо, жаран жана мамлекет, мамлекеттин саясий түзүлүшү, шайлоо системасы жана жарандык жоопкерчилик, сындуу түшүнүктөргө жана аларга байланышкан проблемаларга комплекстүү түшүндүрмө берүү болуп саналат.

Бул курс Кыргызстандын ЖОЖдорунун төмөнкү курстарынын студенттерине арналган жана азыркы билим берүү системасында кеңири тажрыйбаланып жаткан тандоо боюнча курс (ТБК) катары сунушталат. Жарандык билим берүүнүн көптөгөн тематикалык бөлүмдөрү бул колдонмого киргизилген жок (мисалы, адам укуктары ж. б.). Себеби, анын үстүндө иштеп жаткан учурда биз Кыргызстандын орто мектептери үчүн IFES фондунун колдоосу менен авторлор жамааты тарабынан даярдалган окуу колдонмосуна таянган болчубуз. Бул колдонмо Билим берүү жана илим министрлиги менен түзүлгөн меморандумдун негизинде милдеттүү түрдө окула турган болуп программага киргизилген. Ошондон улам бул окуу колдонмосу орто мектепте милдеттүү түрдө жаран таануу боюнча курстун окутулушун, мазмунунда мектеп программасындагы темалардын кайталанбашын эске алуу менен түзүлгөн.

Окутуучулар үчүн усулдук сунуш катары бул курс боюнча дискуссиялык мүнөздөгү сабактарды өтүүнүн зарылдыгын белгилеп койгубуз келет.

Колдонмодо студенттерди ар бир тематика боюнча концептуалдык, практикалык мисалдар менен тааныштыруу аркылуу темаларды ачып берүүгө аракет жасалды. Ошондон улам, сабактардын планын түзүүдө дебаттар, топтордогу чакан презентациялар, кереге кеңештер, имитациялык оюндар (мисалы, «Шайлоо системасы» деген тема боюнча) сыяктуу форматтарды колдонууга басым жасалышы керек. Тиркемеде курс боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды түзүүнүн үлгүлөрү берилген. Автор бул колдонмонун жарык көрүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн Астана шаарындагы Польша элчилиги, ошондой эле баалуу кеңештерин берген редакторго, рецензенттерге, кесиптештерине ыраазычылык билдирет.

 

Тема 1. Жаран деген ким?

 

Жаран – өзүнүн кызыкчылыктарына эмне төп келе тургандыгы жана кайсы саясий тандоосу ага бул кызыкчылыктарды камсыздоого мүмкүндүк бере тургандыгы жөнүндө жеткиликтүү билимге ээ болгон адам.

Даль Р. Жарандык компетенттүүлүктүн көйгөйлөрү

 

Жаран саясий процесстин өз алдынча каарманы катары салыштырмалуу түрдө жакынкы жылдардын аралыгында эле пайда болду десек болот. Республикалык башкаруу формасындагы жаран менен мамлекет (монархияга теңтайлашуу менен) Батышта жана Чыгышта бир мезгилде болбосо да жаңы саясий мезгил башталгандыгынын белгиси катары болуп калышты. Орто кылымдардагы Европадагы революциялардан тартып, 2011-жылы жазында болуп өткөн араб өлкөлөрүндөгү саясий чоң өзгөрүүлөр1 жарандардын саясий аң-сезиминин калыптангандыгын көрсөтө алды.

Эреже катары, саясий өз ара аракеттенүүнүн көнүмүш субъектилери катары – мамлекеттер, улуттар, коомдор, эл аралык уюмдар, өлкөлөрдүн лидерлери (президенттер, премьер-министрлер, монархтар) катыша алат. Бийликтин мындай координаталарында бир катар юридикалык жана жекече мүнөздөмөлөргө ээ, өзүнүн мамлекет жана коом менен байланышын белгилүү бир саясий чектердин алкагында аныктаган адам өзүн жаран деп атайт.

Жарандуулук терминдеринде адамга аныктама бере турган бир катар юридикалык мүнөздөмөлөр бар.

 

«Жарандуулук – адам менен мамлекеттин ортосундагы адамдын ар-намысын, негизги укуктарын, эркиндиктерин таанууга жана урматтоого негизделген өз ара укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин чагылдырган туруктуу укуктук байланыш».

Авакьян С. Юристтин энциклопедиясы

 

Ошентип, жаран мамлекет менен тыгыз өз ара байланышта болот жана анын көз карандылыгы адамдан айырмалап турган өзгөчөлүгү болуп шайлоого жана шайлануу укугуна ээ кылган фундаменталдык укуктарынын болушу эсептелет. Анткен менен азыркы заманда жарандын юридикалык же формалдуу мүнөздөмөлөргө ээ болуусу жарандуулуктун толук көрсөткүчү боло албайт.

Эреже катары, көпчүлүк жарандардын жарандуулуктун юридикалык мүнөздөмөлөрүнө ээ болгону менен алардын жоопкерчилигине таасир эте ала турган, минималдуу саясий сабаттуулугуна кепилдик бере ала турган жөнөкөй билими да жок. Бул алардын саясат чөйрөсүндө да, жарандардын өз укуктарын коргоо жаатында да, ар кандай баш айландырууларга жана маалыматсыздыкка дуушар болуусуна алып келет. Демек, бүгүнкү күндөгү жаран – жарандуулукка ээ болуу менен гана чектелбей, эртеңки күндө өзүнүн саясий тандоосун жасап, ал үчүн жарандык жоопкерчиликти мойнуна алууга жөндөмдүү болгон адам болуп саналат. Бул тандоо (мамлекет башчысын, саясий партияларды, эл өкүлдөрү болгон депутаттарды ж. б.) жарандык кызыкчылыктарды камсыздоого багытталышы керек.

Өзүнүн саясий тандоосун иш жүзүнө ашырып, аны коргой алган компетенттүү жарандын көйгөйлөрү жалпы жаш мамлекеттерге гана тиешелүү болбостон, жарандуулуктун жетишээрлик узак мөөнөттөгү демократиялык салттары бар өлкөлөргө да тиешелүү. Азыркы жогорку технологиялар, социалдык түйүндөр, интернет жана массалык коммуникациялар өнүккөн кылымда жарандардын саясий компетенттүүлүгүн жогорулатуу милдети өтө курч маселе бойдон калууда.

Идеалдуу деп айтуу үчүн Кыргызстандын жараны төмөнкү мүнөздөмөлөргө ээ болуусу зарыл:

• өзүнүн шайлоодогу добушун өзүнүн тандоосунан тышкары бербөө;
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийүү жана урматтоо, алардын аткарылышын талап кылуу;
    • адамдын этносуна, динине, расасына карабастан анын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо;
    • мамлекеттик институттардын өз милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөө;
    • маалыматка ээ болуу.

Ой жүгүртүүгө суроолор:

1. Өз жарандуулугуңду кандайча көрсөтүүгө болот?
    2. Кыргызстандын жарандары үчүн кимди үлгүлүү жаран катары көрсөтө аласыз?
    3. Жаран кандай сапаттарга ээ болуусу керек?
    4. Мамлекеттин натыйжалуу иштешине компетенттүү жаран кандайча таасир көрсөтө алат?

Окуу үчүн сунушталуучу адабияттар.

1. Даль Р. Проблемы гражданской компетентности Элекронная библиотека Гумер: www.gumer.info/bibliotek_Buks/Polit/dal/pr_gra.php
    2. Аронсон Э., Пратканис Э. Р. Эпоха пропаганды: Механизмы убеждения, повседневное использование и злоупотребление // Электронная библиотека Гумер: www.gumer.info/bibliotek_Buks/Psihol/EpohProp/11.php

 

Тема 2. Эгемендүү Кыргызстандагы мамлекет жана Жаран

Кыргызстандагы жаран менен мамлекеттин ортосундагы мамиле кыйынчылык менен, айрым учурда драмалык мүнөзгө ээ болуп түзүлүп келген. 1990–2010-жылдардагы Ош окуялары, 2002-жылдардагы Аксы окуялары, 2005-жылдардагы март окуялары жана башка жаңжалдар Кыргызстандагы жаран менен мамлекеттин өз ара мамилеси өтө татаал абалда экендигин көрсөттү.

1990-жылдардын башында башталган системалык өзгөрүүлөр алардын өз ара байланышындагы негизги өзгөчөлүк болуп калды. Бул процесстер мамлекет менен жарандын өз ара иштешүүсүнүн маданиятынын мурдагы советтик мурастардан баш тартып, жарандуулуктун жаңы көрүнүшүнө трансформацияланышына жол ачты. Республиканын эгемендүүлүгүнүн жыйырма жылдык тарыхында жаңы дөөлөттөрдү, коом жана мамлекеттин ортосундагы өз ара байланыштын эрежелерин издөө процесси болуп келди.

Мамлекет менен жарандын өз ара аракетин эки маданий салт аныктайт:

• Өз ара мамилелердин патерналисттик маданияты: мында мамлекет жарандын атасы катары ага турмуштун маданий, идеологиялык багыттарын көрсөтүп берип турат жана анын экономикалык ишмердигин көзөмөлдөйт.

• Өз ара мамилелердин либералдык-демократиялык маданияты: мында жаран өз алдынча индивид катары мамлекеттин ишмердигине көзөмөл жүргүзөт.

Биринчи салт тоталитардык, авторитардык (жарым жартылай авторитардык) башкаруу орнотулган, ошондой эле монархиялык башкаруу сакталган мамлекеттерге таандык. Экинчи салт болсо, өнүккөн жарандык коомдун институттары, саясий партиялары, көз карандысыз ЖМК бар демократиялык башкаруу формасын кабыл алган мамлекеттерге таандык. Жаран менен мамлекеттин ортосундагы негизги коммуникациялык аракеттер төмөнкүдөй мезгилдердин аралыгында болуп өтөт: жарандар өз эркин билдирген учурда – шайлоолордо, референдумдарда; мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланган учурда – бюджеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо; социалдык милдеттенмелер аткарылган учурда – пенсияларды төлөө, жөлөк пулдарды берүү ж. б.; ошондой эле жарандарга маалымат берүүдө – мамлекеттик ЖМКнын маалыматтык саясаты. Конкреттүү бир коомдогу тарыхый жана саясий салттардын мүнөзүнө жараша жаран менен мамлекеттин жүрүш-турушунун ар түрдүү моделдерин калыптандырса болот.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Мурзакулова А. Дж., 2013

 


Количество просмотров: 31401