Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Кундуз Айткулуева, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 17-апрели

Кундуз Шаршенбековна АЙТКУЛУЕВА

Өчпөгөн үмүт

Ар бир адам жашоого койгон ой-максаты бар. Негизги маселе — ошол максатына кандай жолдор менен жетет... Өз оюндагысын аткаруу үчүн башкы каармандар Айым жана Тимур көптөгөн кырсыктарга дуушар болушат. Анткени, адам баласы бардар турмушта азыр жана тезинен жашагысы келет. Ал эми ошол бакубат жашоого кандай жол менен келгени көп адамдарды ойлонтпойт. Эгерде жашоодо туура эмес иштерди кылсак, бирөөнүн убалына калып, өз көмөчүбүзгө күл тартсак – анда жер үстүндөгү сот, мыйзам жазалабаса да, төбөбүздө турган Кудайдын мыйзамы жаза берет... Адам баласы ушуну унутпаса...

 

I

Тимур машинесин чоң жолдон оолак буруп, артта отурган кызга кайрылды:

– Ии, Айым, сүйлө, кайдан жүрүп ушундай жашоого туш келдиң?

– Мени кайдан билесиң? Токточу, көз айнегиңди алчы! Ай, сен Тимасыңбы?

– Ах!

Кыз эки колу менин бетин жаап, көпкө чейин унчукпай отуруп калды. Бала да үндөбөдү.

Мындан бир аз мурда кычыраган «BMW» маркасындагы кара көк машине шаардын белгилүү бир жерине токтогон. Нары жактагы 5-кабаттуу кирпич үйдүн алдында толук аял күтүп туруптур.Тимур айнекти түшүрүп:

– Мен жана телефон чалгам. Супер сулуу, болгондо да кыз керек! – деди

– Таң аткыча алам, деген сен белең, сааты 200 доллар, билесиң да? – кара толмоч аял эч буйдалбастан жооп узатты.

– Алып келчи, көрөйүн!

Толмоч «мамашка» үйгө кирип кетип тез эле бир кызды жетелей басты.. Машинеден түшпөгөн Тимур тамекисин чычайта сойкунун кебете-кешпирине көз салды. Бойлуу, арык, чачын жайып койгон, кара көз айнек тагынган кызды «шеф жактырат» – деген ойго келди:

– Отур! – Ме, мамаша карма! – тигинин колуна жашыл кагаздарды карматты да:

– Товарга жооп бере албасаң, кайра келем! – деген бойдон «зуу» койду. «Мамашка» жооп айтканга да үлгүргөн жок. Бирок ичинен: «Кыз деген кыз» – баасын канча сурасаң, ошончо беришет» – деп сүйүнгөнүн жашыра албай акчасын санап кирди.

Машине шаарды аралап чыгып тоо жакты көздөй баратканын кыз билди да айдоочуга суроо берди:

– Кайда барабыз?-

– Ишиң эмне, же сен каалаган жагыңа барчу белең? – ызырынган Тимурдун жообун уккан кыз коркконунан унчукпай калды. Терезеден артта отурган кызды жакшылап карап келе жаткан айдоочу өзүнүн классташын тааныды. Шаардан чыгып жол боюна машинени токтотуп бала жанагы суроону кызга узатканы.

Бул шордуу кыздын аты Айым. Атасынын аракети менен шаарда университетте окуп жаткан. Атына жараша заты бар кыз тез арада эле факультеттин «чүрөктөөрүнүн» бири болуп калды. Балдар биринин артынан бири чуркап, кимисин жактырарын биле электе балакет окуяга туш болуп калбадыбы.

Ал мындайча болот. Кышкы сессия башталып, зачет алганы кубанып, тапшыра албагандары кантип, эмне кылып баа койдуруштун азабын чегип жүрүшөт. Айым чындыгында тырышчаак болгону менен кийинки убакта кино, кафеге чакыргандар көп болуп, сабакка көңүлү солгундап калган. Ошонун кедери эми тийди. Байыркы тарыхтан сабак берген Бексултан агай «зачет» койгон жок. Айым:

– Агай, коюп берсеңиз, кийинки сессияда жалаң беш менен окуйм, суранам, агай – деп жалдырады.

Бексултан агай болсо кагаздарын жыйыштырып жатып:

– Мен сенин эмдиги сессияга жетериңе да көзүм жетпейт – деп кыздын келишкен мүчөсүнө сук арта карады.

– Эгерде «зачет» керек болсо кечинде үйгө кел, жайбаракат сүйлөшөбүз.

 

Айым ойлонбостон макул болду. Жигиттер менен көп кезигип алардын мүнөздөрүн анча-мынча байкап калган кыз, агайы эмнени каалап турганын сезди. Бирок жаман оюнда боз балдарды кантип алдап, сызга отургузуп кетсе, Бексултанды да ошондой кылмакчы болгон. Турмушту анча биле элек кыз баарын өз алдынча бүтүрмөй болду. Эртеси эч кимге айтпай агайы айткан дарек боюнча барды. Бексултан агай эшикти өзү ачты. Үйүндө андан башка киши жок, анын үстүнө бул жерде киши жашабаганы билинип эле турду. Айым бул атайын «свидание» үчүн даярдалган квартира экенин баамдады. Бир бөлмөдө эки кишилик керебет жана күзгүдөн башка буюм аттуу жок экен. Ортосундагы столго дасторкон салынып жашылча-жемиш жана коньяк, вино турат.

– Кир, отур, эч уялба! – Бексултан кызды дасторконго чакырды.

– Эмне ичесиң, коньяк, вино?

– Агай, Сиз мени зачет тапшырганы чакырбадыңыз беле?

– Ооба, азыр кичине эс алып анан зачет аламын, баса, шаарга менин жакын досум да келип калыптыр. Сенден «зачетту» экөөлөп алабыз – деп мыйыгынан күлүп койду.

Айым кептин төркүнүн түшүндү да агайын алдамак болуп:

– Анда мен сууга түшүп чыгайын – деди кебелбей

– Азамат, сени түшүнүктүү кыз деп ойлогондой эле бар экенсин, сүлгү ваннада илинип турат

Бексултандын арам оюн кыз илгерлетпей түшүнгөнүн ал ичинен башкача баамдады:

– Далай мугалимге ушинтип «зачет» тапшырып жүргөн экенси да, шуркуя…

Студенткасын ваннага киргизип ийип эки алаканын ушалап көңүлү жайдары.

Аңгыча коңгуроо шыңгырап калды. Эшикти ачкан Бексултан:

– О, дос кел, кир! – босогодо турган кишиге кол бере учурашты.

– Мен билбеген кайдагы бир даректи айтып, кишини адаштырасң да. Үйүңө чакыра албасаң мен жайгашкан мейманканада эле жайбаракат отурмакпыз, айырмасы кайсы?

– Койчу, Саке, мен сага айтпадымбы, – сени жыргатам, эс алдырам, жаш кыздардын компаниясында отурабыз – деп, качанкыга дейре эле эки аяштын этегине жармаша беребиз? Кел, жаштыгыбызды бир эскерип коелу, солкулдаган бийкечтер менен!

– Кайдагы бийкечтер, экөөбүздү карыганда кайсы теке сүзүп кыздар менен отурабыз?

– Ээ дос, карыдык дебе, өмүр өтүп баратат, балдар чоойду, кээде-кээде ушинтип бир жыргап алыш керек, бул дүйнөдөн сопу момун болуп эч ким өткөн эмес да, туурабы? Кел, тамакка кара!

– Колумду чайкайын.

– Ал жакта бир сулуу сени келет деп даярданып жатат, колуңду аш үйдөн эле жууп алчы!

Бирөө университетте, бирөө «сельхоздо» окуганы менен бир отуруштан таанышып Сагынбек менен Бексултан студент кездеринен бери дос болуп калышкан. Ал кезде тартип деген бар эле, окууга да абдан чоң көңүл бөлүнүп, мугалимдер азыркыдай акча, белек алмак түгүл, студенттердин жашоо-турмушун жатаканага чейин келип көрүп-билип, ал эми кураторлор түнү менен ошол жерде күзөттө болоор эле. Ошол доордун тарбиясын алган бул экөө минтип бат эле бузуку замандын шарданы менен жашап калышты. Антпеске арга жок. Көбү ушул шылтоону айтып, бири-бирин сөөмөйү менен көрсөтүп, келечегибизге өзүбүз балта чаап күн көрүп келе жатабыз. Эки дос жайыл дасторкондун четинде жаштыгын эскерип, азыр ким кайда иштеп, эмне болуп аткандарын айтып отурушту.

– Бери кара, менде момундай бир сонун кыз бар, бүгүн мага «зачет» тапшырганы келди, ошону сага камдап жаткам. Суйсалат да, чиркин!

– Өзү сук артып жатса, анда эмне мага дейси? – Сакен досун карады.

Канчалык кетенчиктесе да Сагынбек досунун айткандарына бир чети кошулуп да отурду. Мурда-кийин мындай ыплас иштерге барып көрбөгөн неме тигинин сөздөрүн актангандай кабылдады.

– Эми, дос, сен айылда жүрөсүң, ал жерде минтип кен-кесири чер жазып, эс ала албайсың, меники го башка. Менде бардык шарттар бар! Ха-ха-ха! Аяш да эчтекени билбей калат!

Экөөнүн каткырыгы таш жарып, чечекейлери чеч болуп отурушат. Ошентсе да досу жаш кыздарды азгырып «зачет» коюп берем деп алдаган жашоосун Сагынбек ичинен жактыра бербегени менен ачык айта албады.

Айым сууну агызып коюп, агайын кантип алдап качып кетиштин амалын аткарууга ордунан турду. Мындайды ал далай жолу балдар менен барган жеринде жасаган. Ваннын эшигин чала-була ачымыш болуп, халатын кийип алып чөк түшүп отуруп калат. Суунун акканын угушкан тигилер ана келет-жок, мына келет-жок – болуп отуруп акыры ваннага барат. Караса, Айым жерде сулап жатат. Жүрөгү түшкөн балдар кызды эптеп эсине келтирип, ач кулактан-тынч кулак – деп Айымды кетиргиче шашкан болушат. Кийин кезиккенде:

– Кээде жүрөгүм ошентип кармап калат-деп актанып койчу.

 

Ошол жоругун бүгүн да жасады. Ваннага кирип келген Бексултан кызды көтөрө калып бети-башын чапкылап кирет:

– Ай кыз, ай кыз! Сага эмне болду?

Өз кызын тааныган Сакен эмне деерин билбей оозу ачылат.

– Ой, Беки, бул менин кызым да, ненди урайын акмак, алмончоктой кызымды мага салып бермек экенсиң да, канчасын ушинтип шерменде кылдың эле?

– Э, Саке, мен аны кайдан билиптирмин, кызың өзү мага келген, эмне кылып окуп жүргөнүн сен билбесең, мен кайдан билем!

Экөө кыжылдаша түштү, ал тургай Сагынбек тигини бир-эки жолу муштап да жиберди. Муну уккан Айымдын жүрөгү дүкүлдөп жарылып кете жаздады.

– Өлдүм! Өлдүм! Атам Бексултан агайдын досу экенин кайдан билдим. Ал деген бул факультетке сессия алдында жаңы эле келбеди беле! Өлдүм! Атам өлтүрөөт! Эмне кылам!? – Үчөө ар бири жан далбас уруп жабалактап, мындай күтүүсүз окуя бардыгынын чучугуна жетти. Сагынбек кызын колдон тарта:

– Бетпак, атаңдай болгон киши менен эмне кылып жүрөсүң бул жерде? – деп өзү эле шалактап, колго келбей жаткан кызды жаактан ары чапкылап кирди. Заары бетине чыккан досун көргөн Бексултан арачага түшкөндөн тартынды. Айымдын чачтары чайпала башы ары-бери толгонуп үзүлүп кетчүдөй сезилет.

– Аай, башым! Ата, чаппа, мен эчтеке кылган жокмун! – Айым ордунан эптеп туруп сыртты көздөй жылаңайлак, жылаң баш чуркады.

Сагынбек эми Бексултанга жулунду. Каны бетине тепкен досун көргөндө мугалим сөрөй эми чындап коркуп кетти:

– Саке! Эсиңе кел, кызыңа тийген жокмун, көрдүң го, сен келгенде ал ваннада эмес беле!

Көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган Сагынбек ачуунун күүсү менен досун төштөн ары бир урду эле, коньяк ичип кызып калган тиги кетенчиктеп барып столдун бурчуна башы менен тийип кулап түштү. Столдун буту кызыл жаян канга боелду. Эки жагын каранган Сагынбек эсин жыя албай күшүлдөп тышка жөнөдү. Көп кабаттуу үйдүн короосунда:

– Айым! Чык бери! Тапсам өз колум менен өлтүрөм! – деп кыйкырып ары-бери чуркап жүргөн кишини көргөндөр андан качып,терезеден көрүп калган кээ-бири милийса да чакырып жиберди.

Шаардын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринин короосуна уңулдаган милийсанын, «Тез жардамдын» машинелери жетип келди. Ошол жерде кимдир бирөөнү кыйкырып издеген кишини, бир квартирада каза болгон адамды жана халатчан бутунда тапичкеси жок кызды ар кайсы машинеге бөлүп салып кетишти.

Ошентип, Сагынбек кокустуктан киши өлтүрүп алып 8 жылга кесилип кетти. Кызы окуудан чыгарылып калган. Айыл ичи уу-дуу кепке толду. Болгон иштин чоо-жайын билген аялы кызы менен ачык сүйлөшүп, анын сөзүнө ишенип-ишенбей, жулмалап сабап да жиберген. Өз канынан жаралган баласына байкуш эне кантип ишенбейт, а бирок иш башкача болуп жатпайбы. Айым актыгын кантип далидешти билбей, энесинин көзүн карай албай, же үйгө же сыртка батпай жүргөндө тээ Ат-Башыда турган таяэжеси келип алып кетти. Баягы очор-бачар үй-бүлөнүн оту бир заматта өчүп, атасы түрмөдө, кызы талаада калды. Антип айтканым, Айым эжесиникинен эки айдан кийин эле качып кеткен. Ал айылдагылар тааныбаса да: «Шаарда сойкулук кылган кыз экен, атасы кармап калып, ойношун өлтүрүп кесилип кетиптир, мындай шуркуядан алыс болуш керек» – деген айы кеп тарап кеткен. Ал жерден таяэжесин уятка калтырбайын деп, түн жамынып колунда болгон акчасын берип шаарга такси менен качкан.

Айым шаарга эптеп келип жатаканага барды. Андагы чогуу окугандардын баары тескери карашып байкамаксан болушат. Кийимдерин жыйнап, төшөнчүсүн өткөрүп, барар жери жок болсо да түштөн кийин Айым жатаканадан чыгып кетти. Болгон окуя ректорго жетер замат башкаларга сес болсун деп окуудан чыгарылган, Бексултанды болсо кокустуктан каза тапты дешкени менен мугалимдер да, студенттер да эмне болгонун билишет… Университеттин жаман атагы жазмакер журналисттер жана гезиттер аркылуу журтка тарап кетти.

Шаардагылардын баары аны таанып, колу менен көрсөтүп аткансып, кыз өзүнөн өзү корунуп, чүнчүдү. Ош базарынын ичиндеги бир кафе атанган болор-болбос ашканага идиш жуугуч болуп орношту. Анысынын да жөнү бар: билими жок, тууган-тааныштардыкына бара албайт, эч кимден жардам сурай албайт. «Мен акмын, Кудай алдында тазамын» – деп да айталбайт, өзүнүн күнөөсү жок экендигин далилдей албайт… Дүйнөдө жалгыз энеси гана түшүнмөк, бирок андай болгон жок. Кыз эми чыга алгыс туңгуюкта калгандай…

Бойлуу, чырайлуу кызды базарда иштеп, ошол ашканага келген эркектер байкады. Шылуундары:

– Кечинде бир жакка барып келели – деп да көрүштү. Айым унчукпай кутулат. Ал эле эмес жоон топ балдар мелдеше кетип, ким Айымды жаткыра алса деп – кадимкидей акча сайышты. Ал мелдешти Казат аттуу бала баштаган:

– Мен билем Айым ким экенин, элге айтып берем –деп коркутсам, мага макул болот, мен утуп алам– деп айтып жүрөт имиш.

Базарда иштегендер мунун аягы эмне бүтөөр экен дешип тымызын күтүп жүрүшөт. Кыз мындан эч кабары жок, чогуу иштеген бир орус аялдын времянкасында батирде жашап жүрөт. Арзан болгону менен сыз, суук бөлмөдө темир керебетте жатат.

Ашканада эл азайып калган, идиш жууп жаткан Айымдын жанына Казат келип:

– Атадан салам айтып келиптир бир киши – дегенде, тиги селт эте чоочуп кетти.

– Кайдагы киши, менин атамды кайдан тааныйт экен!

– Билбейм, сени сурады, тааныбайм деп койдум – Казат калпты урдуруп жатты, бирок кыздын талуу жерин кармаганын байкады.

– Казат, суранам, айтпа, менин иштеген жеримди көрсөтпө, макулбу?-

– Ой, макул, эмне мынча чоочуйсун, атаңдан коркосуңбу? – бала чала-була уккандары чын экендигине ынанды.

Ошентип Казат калптан болсо да Айымды көз каранды кылып алуу амалын издеди. Эми бул кызды төшөккө гана жаткырыш калды, ошондо акчаны да утат, базар ичиндеги балдарга да сөзү өтө турган «жигит» болуп калат. Чунактын ою ушундай болчу. ¬Өз авторитетин калыстыгы, күчү, ишкерлиги менен көтөрө албаган бала ушундай ыплас жол менен барктуу болмок экен.

Ош базары тогуз жолдун тоому эмеспи. Кардарлар келип өз керегин алып кетет, ал эми базардын өзүнүн жашоосу, алыш-бериши – дегеле башкалар билбеген өз мыйзамы бар. Базарда соода кылгандардын «крышасы» болот, майда-барат чыр-чатакты милийсага жеткирбей эле ошолор чечип коет. Азыр бул жерде Тимур деген баланын доору сүрүп жатат, «Тимоха» деп-орусчалап чакырышат. Бирок ал баарына эле Тимоха эмес. Өзүнөн жогору тургандарга Тимоха, ал эми андан төмөн тургандарга Тимурзат. Тимурзат – деп өзү айттырган, анын ою боюнча «зат» деген байыркы «заада» – пааша, падыша – дегенди туюндурат. Ушундан эле баланын максаты канчалык экенин баамдагыла.

Баягы Казаттын мактанган кеби ооздон оозго айтылып отуруп Тимурзатка да жетет.

– Идиш жууган бир кыз үчүн мынча акча сайылыптыр, ошондой оюндарды Казат баштап жатыптыр, максаты акча алмай экен, биз эмне карап тура беребизби, биздин «территорияда» кайдагы бир Казатты бакылдатып коюп! – балдар Тимурга ушинтип кеп салышты.

– Кое тургулачы, болор-болбос тыйынга азгырылбагыла, билгенин кыла берсин, это мелочь, Казат вошка, кыздарга сайган акча – тыйын да, – деп Тимур аларды тынчтандырды.

Бир аздан кийин базарга кытайлык соодагерлер чөнтөк телефондордун оголе эле чоң партиясын алып келет экен, ошолорго Казат балдары менен «крыша» болгону атыптыр – деген кеп тарады.

Тимурдун балдары эми чындап эле Казатка каршы тирешмей болушту. Бул жолу Тимур балдарды токтоткон жок. «Чын эле, жаш болуп туруп, бизден биринчи шыпылдап кытайлыктарга «крыша» болгонду ким коюптур ага, мен го «зонага жылытма» төгөм, а бул кайдан чыккан неме, муну ким «карайт» болду экен– деген ой менен Тимур өзүн базарга койгон «кишисине» жөнөдө.

Тимурдун «кишиси» шаардын бир канча ири соода түйүндөрүнө зонадан «смотрящий» болуп дайындалган Чоң Кара аттуу неме. Ал 90-чу жылдарда Оштогу окуяларда өзбектерге каршы турган, бирок Москва жиберген орус соттун адилетсиз чечими менен 5 жылга эркинен ажыратылып, кийин тааныш салып жатып эрте бошонуп чыккан. Эми болсо адилеттүү, калп сүйлөбөгөн калыс адам өзүнүн гана абийир мыйзамы менен жашап калган. Чоң Кара түрмөдө отурган убакта аялы соода кылып, кичине бутуна туруп алгандан кийин Кытайдан кездеме ташып, эми Россиянын бир шаарында контейнерге ээ болуп, ошол жерден үй сатып алып, биротоло көчүп кеткени жатыптыр.

– Иним, сага айтарым, калыс бол, майда-барат соода кылып жан баккандарга тийбе, «салык» төлөөчүлөр казино, ресторан, клуб кармагандар! «Зонага жылытманы» ошолор берет. Аша чаппа, баарын өз орду менен аткар. Эч качан уруулук менен канга жеткирбе. Түз жүр, туура жүр. Эч кимден коркпо. Эч кимге жалдыраба. Эч кимден суранба. Эми бул жакка сөөгүм эле келбесе…– деп сөзүнүн аягына чыккан жок. Аялы шашып жатканын билдиргендей Тимурга карады. Чоң Кара сөзүн улады:

– Кыйналсаң Самарга бар, сени сурап калат, өзүнө жигит кылайын деген ою бар окшойт. Кош…

Өзү көп сүйлөгөндү жактырбаганын билип анан үстүнө алыс сапарга жөнөп жаткан адамды Тимур майда иш менен алагды кылгысы келген жок. Ошентип Тимурдун кеңешчиси да өз мекенинен кетти.

Тимур Казатты ачык сөзгө тартмай болду. Экөө болжошкон жерден кезигип, Казат кызды көрсөттү. Тимур Айымды тааныды. Ал класташы эле. Атасы айылда агроном болуп иштечү, кийин элдин үлүш жерлерин сатып алып, аны кайра арендага берип, жок жерден акча таба билген киши эле. Жашоосу жакшы, бирок аша чаппаган оокаты бар. Улуу кызын шаардан окутуп жатыптыр, контракт төлөйт экен, элден аренда ордуна алган буудайын сатыптыр, машине алат экен – деген айылдаштарын кебин Тимур угуп калчу. Ал эми үч-төрт ай мурда болгон окуяны так укпаса да, анча-мынчасын билет. Өзү да таң калып жүрдү: «Айым ошончолукка барбайт эле, ким билет, шаардан кыздар бат эле бузулуп кетет.., черт его знает…– сыяктуу бүдөмүк ойлору ичинде калды.

Эми ошол Айымга акча сайылып, базардын боз балдарына тамаша болуп атыптыр.

Тимур Казатка:

– Болуптур, мен сенин майда-чүйдөңө кийлигишпейм, кытайлыктар менен ким сүйлөштү, өзүңбү, же иш бирөөнүн атынан жүрүп жатабы?

– Жок, кытай мага өзү келди, базарга биринчи чыгышыбыз, бизге бирөө тийишпейби – деп, – Казат карандай калпты айтты

– Кази, сен мени билесиң, мен да сени жакшы билем. Кытайды Самар иштетет экен, сөздү көбөйтпөй, аларга жолобо.

– Сени Самар жибердиби, ошого иштеп калдыңбы?

– Мен ага иштебейм, айттырган гана сөзүн угуздум, эмне кылышты өзүң билесиң! – Тимур басып кетти. Өзүнүн балдарына болсо:

– Азырынча тынч тургула, кытайды жайына койсун, андан аркысын дагы көрө жатарбыз– деди.

Чындыгында Самар мындай боз балдар менен иши да жок болчу, Тимур анын атын өзү эле кыстарып койду. Бирок андай жоругун Самар укса эмне болорун билген Тимур киши салып Самардын балдарына кезигип кытайлыктарга крыша болуусун суранайын, деп жүрдү.

Казатка Айым жөнүндө эчтеке айтпаганы менен Тимур классташын жаман жоруктан алып калууну ойлонду.. Бир күнү кечинде кафеде киши азайып калган убакта шыр эле ашканын ичине кирип келди. Айым колуна резина кап кийип алып идиш толгон раковинанын жанында туруптур. Шарт ачылган эшикке бурулган кыз Тимурду тааныган жок:

– Ким керек, баары залда тамак ичип жатышат, ошол жакка бар!

– Айым, кандайсың? Тааныбай атасыңбы? – Тимур көз айнегин, кепкасын чечти.

Тогузунчу класста өзү жактырып жүргөн Тимурду Айым эми тааныды. Олбурлуу, сүрдүү жигит болуп калыптыр.

– Ии, кандай, өзгөрүп кетиптирсиң да, кайдан жүрөсүң?

– Сени ушул жерде иштейт деп угуп, жолуга кетейин деп эле…

«Мен жөнүндө баарын билет болуш керек, эми эмне кылам, э, өлгөнчө көрүнгөндөн коруна берип тажап кеттим, эмне десе ошо десин – ою менен:

– Жүр тышка чыгалы– деп алдыга басты.

Экөө «Кыялдын» тепкичи менен жогору басып, киши өтпөгөн жерде туруп калышты.

– Тимур, айылдан уксаң керек, жашырганда не, иттик болду, мен жок жерден бир кишинин өлүмүнө, атамдын кесилип кетишине себепкер болуп, элдин каргышына калдым, мындан аркы жашоом эмне болот, бир Кудай өзү билет. Өлүп кетейин дейм, бирок кантип ошого барам… Апам такыр жинди болбойбу, үйдөгү бөбөктөрүм эмне болот. Менин жашоом ушундай… Айым көзүнө жаш ала сүйлөдү. Тимур анын айтканына ишенип да ишенбей да жатты. А бирок Айымга ар кайсыны айтып соороткусу келген жок.

– Мен да сенден жашырбай эле айтайын, базардагы балдар кимиси менен жатат деп сага акча сайып жатышат. Ошондуктан аман-сооңдо бул жерден кет!

Тимур классташынын тагдырына бир чети боору ооруса, бир чети ызаланды: «Шуйтуңдап мугалимге барбай койсоң эч балакет жок эле да. Сен да оңой кыз эмессиң..».

– Мен кайда барам, эмне кылам?

– Билбейм, кетип калып кутуласың!

Айым ары карап туруп калды Тимур ага боор ооруганы менен билдирген жок, тек гана

– Жакшы кал кабарлашабыз, – деген тейде ылдый түшүп кетти.

– Ай кыз, кайда жүрөсүң, элдин баары кетти, идиштериңди жууп бүт, үйгө кетели – деп ашкананын ашпозчусу Рима ачууланып кирди.

– Азыр.

Идиштерди чала-була жууй салып, экөөлөп эшикти бекитип сыртка чыгышты. Автобус токточу жерге келгенде Рима:

– Кайсыга түшөсүң? Баса сен тиги Вераныкында жашайсың да ээ?

– Ии? Айым бир аз буйдала түштү да:

– Рима эже, мен эртең жумушка чыкпайм башка жакка кетиш керек– деди

– Сага эмне болду, кайда барасың, антсең Гүүлмира айлыгыңды төлөбөй койот, же күйөөгө тийгени калдыңбы?

Айласын таппай турган Айым ызасына чыдабай ыйлап жиберди:

– Кайдагы күйөө, тиги Казаттын балдарынан качып баратам, алар мени сойку деп, мага акча сайып мелдешип атыптыр.

– Койчу, эмне үчүн, сени ошондой кыз деп атышыптыр? – Рима жабышты да калды

– Билбейм, жөн эле жалаа жаап атышат да!

Рима кыздын сөзүнө ишенген жок: «Бир мандемиң бар да, болбосо эркек балдар сени менен эмне иши бар эле...», бир азга ойлоно калды да:

– Жүр, бүгүн менин үйүмө жатып ал, эртең бирөө менен тааныштырып койом, ал жакшы эже сени жумушка алып жардам берет.

– Ал ким, эмне жардам бере алат?

– Жүр, жүр, маршрутка келе атат, анан айтып берем – Рима кызга сыр алдырбастан үйүнө ээрчитип кетти.

Рима минтип айтканы жөндүү, анын Бейшекан деген жакын досу бар. Ал тээ 90-чу жылдары ар ким өз алдынча акча таппмайдын жолуна түшкөндө, цирктин жанында турган кыздардан беш-алтоону тандап алып айтылуу «Моссоветке» алып келип, ошол жерден көмүскө «байтал базарды» баштаган. Аны туурап башка жактан келгендерди колуна алып алган милийса балдар менен коркутуп-үркүтүп кубалап атып, ошол жерге жалгыз өзү «мамашка» болуп алган. Анан калса ошол кездерде колунда тыйыны барлар оголе көөп кетти эле го. Кой деген кожо, ай деген ажы жок – акчанын гана доору сүрүп, кайда барсаң мамайдын көрү болуп калган заман. Бирок ошондой башаламандык Бейшеканга абдан жакты. Кыз сатып бир топ байып алды. Бейшекан кандай «оокат кыларын» жакындан билгендери шаарга келип окууга өтпөй калган кыздарды, ата-энесинин колунда жок, шаардагы туугандардыкында жүргөн кыздарды, окуусун уланталбай калгандарды ээрчитип келип кадимкидей акчага баалап колуна өткөрүп беришчү. Кайда, кимге, эмне үчүн келгенин көпчүлүк кыздар түшүнсө да макул болушчу. Балким аргасы жоктон, же башка жумуш табылбагандыктан, же ушундай жашоо жаккандыктанбы, айтор ар кимисинин шылтоосу бар.

Рима Бейшеканга телефон чалат да кечинде бир сулууну алып барарын айтат. Өзү Айымга бир «модалуу «китайский» кофта, шым алып берип конокко ээрчитип жөнөдү. Бейшекан кызга эч шек алдырбастан жылуу тосуп алды да сын көз караш менен «товар жакшы, кымбатка өтөт» — деп кымыңдап калды. Рима экөө өткөн-кеткендерди айтып отурушту, чай ичилип бүткөн соң:

– Мына Айым, Бейшекан эжең сени жумушка алам дейт, квартира да берет, экөөбүз дагы кабарлашып турабыз– деген Рима кожойке менен ички үйгө кирип кетип бир аздан кийин чыкты. Өзү жайдары, кыздын бетинен өөп коштошуп кетти.

Айым «байтал базарга» сатылып кеткенин туйган да жок. Ал Казаттан кутулганына сүйүнүп, Римага ыраазы болуп отурат. Бейшекан кызга эртең баарын түшүндүрүп берерин айтып жаткырып койду. Таң аткыча Айымда уйку жок, эмне болгон жумуш, экөө тең ачык айтпайт, Кудайым ай, – ушинтип ар кимге жалдырап каламбы? – деген түркүн ойлор башынан кетпейт. Ошентсе да көптөн бери жылуу, жумшак керебетте эс албаган жаш неме көшүлүп уйкуга кетти.

Тимур кыздын чындап эле кетип калышын каалады, анткени базарда өзүнүн авторитети бекемдей элек, Казат сыяктуу майда «сошкалар» менен ызы-чууга аралашкасы келбейт, себеби баягы Чоң Кара айткандай Самар менен байланыш түзсө, анда иши алдыга жүрмөк, өзүнүн ою боюнча бара-бара ага ишеним көрсөтүлүп, чыныгы «авторитеттер» менен иштеп калаар. Акыл десең акылы бар, ишке келгенде майын чыгара иштеген Тимурдай боз балдар тигилерге сөзсүз керек. Сыртынан байкап, кийин ишке сала турган «кадрлар» алардын тымызын көзөмөөлүндө. Тимурдун бир павильону, бир обменкасы иштейт. Убагында бир кичинекей комокту чоңойтуп алган, аны эжеси иштетип жатат, ал эми обменканы Чоң Кара калтырып:

– Иштете бер, кийин керек болгондо өзүм алам, балким кайтып келермин...-деген.

Тигилердин «сырдуу дүйнөсүнө» аралашкысы келген Тимурдун көктөн тилегени жерден табылды. Анткени бир окуянын аягы ошол көздөгөнүнө жол ачты.

Шаардын четинде жашаган эжесиникине конуп калган. Түндө катуу добуштан ойгонгон эжеси Тимурду ээрчитип тышка чыкса, бир кычыраган иномарка авария болуптур, шопуру менен жанындагы баланы Тимур машинеден эптеп атып сууруп чыкты. Экөөнүн тең бети-башы кызыл-жаян кан болгон. Үйгө алып келип жууп-тазалап «Тез жардам» чакыралы дегенге шопуру болгон жок.

– Дос, сөздүн чыны – биз машинени айдап качканбыз, доктур келсе сөзсүз милийса келет. Машине деген темир, табылат, бизди кармап кетет. Ырайым эт, чакырба – деди. Тимур эжеси экөө бири-бирин карап эмне дешти билбей калды.

– Анда балдар, эптеп такси менен кетип калгыла, мени туура түшүнгүлө, бала-чака деген бар, мен деле эптеп күн көрүп жүрөм – деп эжеси балдарды кетире баштады. Шопур бирөөнө телефон чалды. Бир топ убакыттан кийин тыштан ышкырык чыкты:

– Силер чыкпагыла, бизге келишти– тигилер чыгып кетишти. Босогодон:

– Рахмат эже, билгениңерди ооздон чыгарбагыла, силерге эле жакшы болот-дешти

– Кайдагы балакетке кабылдык эле, заманың менен куруп кал, жанын аман алып калсаң да, минтип коркутуп кетет! Балдардын үйдө жогу жакшы болбодубу– эжеси наалып калды. Тимур булар оңой балдар эмес экенин баамдады:

– Чын эле, эже, милийса келсе «билбейм, уккан жокмун» деңиз, антпесе ары-бери самсаалата берет– деп эжесин жооткотуп койду. Ошол бойдон тым-тым болуп калышты.

Эртең менен келген милийса көчө кыдырып уккан-билгендерден сурамжылап жүрүштү. Элдин айтымына караганда, машина уурдагандар авария кылып качып кетишиптир. Тимурдун эжеси:

– Эчтеке билбейм, эчтеке уккан эмесмин – деп сурамжылап жүргөн милийсадан кутулгуча шашты.

Казат Айымдын качып кеткенин билип, жемин алдырып жиберген куштай жинденди:

– Ненди урайын, жалап, жылжып жүрүп баарын билип алганын кара!

– Ай, эже, Айым кайда кетиптир, билбейсизби?-

Рима башын чайкап:

– Ал бир маңыз эле, эч ким менен сүйлөшпөйт, эч кимге эчтеке айтпай эле кетип калды. Ал тургай иштеп тапкан акчасын да албай кетти – деп кутулду.

Бул Рима да оөой катын эмес. Турмуштан далай запкы жеп, күйөөсү иштебей, ичип, сабап, турмушка өчөшүп калган. Өз көмөчүнө гана күл тартып жашайт. Бирөөнүн кызын кызылдай акчага соодалап жибергенине кенедей да капаланбайт. Ичинен: «Өзүнө эле жакшы болот, акча таап жашап кетет, баары бир аны күйөө албайт, андан көрө турмушун оңдоп кетсин. Тигине дөө-шаалар адам эмес керилген жайыттарды, пансионаттарды деле башка элге сатып жиберди, алар эмне кудайдан коркпойбу, жыргап эле жашап жатат» – деген чолок акылы менен жүрөт.

Бейшекан Айымдын чырайына, фигурасына баа берип:

– Бул өтө кымбатка арзый турган кыз экен, бир аз эс алдырып, жүдөгөн кебетесин, кийимин ондоп түзө анан алып чыгайын – деген ой менен Аыймды эч кимге көрсөтпөй өзүнүн квартирасында бакты. Айтылгандай, Бейшекан эми өзү кыздарды баштап көчөгө турбай калган. Ал «бизнеси» эми өзүнүн ыплас ишин жашырган «Шаан-шөкөттөрдү өткөрүү боюнча кызматтар» атанган жеке офиси жана бардык тийиштүү документтери бар кадимки эле фирма болуп катталган, башка ишкерлер сыяктуу салыктарды убагында төгөт, отчет берет. А бирок кимге кыздар керек болсо ушул фирмага чалат. Муну көпчүлүк билет. Билгенде эмне, кыздарын алып жүрүшөт, бирөөгө айтып өзүнүн уятын эч ким чыгаргысы келбейт да. Башынан мүшкүл кетпеген Айым дал ушул фирмага «кызматка алынганын» азырынча өзү да биле элек.

 

Бейшекан эжеси:

– Мага үй кызматчы бол, убактым жок, ишим көп, квартираны жууп тазалап, тамак бышырып турасың, акчанын ордуна кийим алып берем – деди.

Айым болсо:

– Эмнеси болсо да, кимсиң, кайдансың, эмне кылып жүрдүң – деп эзбегенине ыраазы.

Убакыт билинбей өтүп жатты. Бейшекан «товардын» баралына келишин күтүп жүрдү.

Айылдагы энеси Айымдын качып кеткенин сиңдиси келгенде гана билди:

– Мурда эмне айттырган жоксун, телефон бар го, ал дейди эми кайда жүрөт, ушунча убакытты өткөрүп жибердик!

– Ой, мен аны сага кеткен деп эле жүрдүм да – сиңдиси «сойку» кызын аяган эжесин жактырган жок. Ал баары бир Айымдын айтканына ишенген эмес, «бир мандемиң бар үчүн мугалимге жалгыз барып жүрөсүң да» – дегени деген.

– Шаарга барайын, шордуу жаным ай, атасы экөө мени жеп бүтмөй болду. Ушундан көрө өлүп эле калганым жакшы -Зумрат ыйлап жиберди.

– Эже, Кудайга күнөөкөр болбочу, балдарың турат, жездем эми эле келип калат, бир Айым деп башкаларын жетим кыласыңбы, койчу – кайра эжесине боору ооруп кучактады.

– Табабыз, ушу турган Бишкек эмес тээ чет өлкөгө кеткендер деле табылып жатпайбы, ыйлабачы, Зумрат!

Сиңдисинин сөзүнө ынанып калган эне кызын издөөгө бел байлады.

«Кызынын айынан кесилип кетиптир, өзү «правильный эркек» -деген Сагынбек жөнүндө кабар зонага андан мурда эле жеткен. Камерада чогуу отургандар андан аялы «свиданкага» келгенде акчаны көбүрөөк алып келсин – айт деп үйрөтүшөт. Сагынбек үй-бүлөсүн, балдарын сагынат. Кызынын кылыгын эстеген сайын туталана берет. Өткөндө «свиданиеге» келген аялы:

– Ал байкуштун күнөөсү жок, кептин баары сенин досуңда! –десе

– Айтпачы мага ошону, Бексултан аны эмне кыйнап жетелеп алып келиптирби, өз көзүм менен көрдүм го, ненди урайын, сени тарбияң ошонун баары. Кийимдин жакшысын алып берип, баскан турганын тыйбай, мына акыры аягы эмне болду! Андай кызым жок! Кечтим баламдан! Экинчи атын угузба! Бар кетчи! Конвой!-деп алып кетчү солдатты чакырып коштошпостон ичкери кирип кетти.

– Атасы, антпе! Жалгыз кызың эмеспи! – Зумраттын ыйлап айткан сөздөрүн тиги уккан жок. Бетин жүз аарчы менен басып боздогон эне сыртка жөнөдү.

Айымдын дайны жок кеткенин Зумрат атасына билдирбей издемек болду. Туугандар бар эмеспи, чогуу окугандары бирдеме билеер-деген сокур үмүт менен шаарга жөнөдү. Үйдө калган эки эркек баласын сиңдиси карап калды.

Тимур баягы аварияны унутуп деле калган. Бир күнү тааныбаган бир бала келип, – байке, мобу телефонго чалсын дейт– кагазга жазылган телефонду сунду.

– Ким берди?

– Билбейм, мен банан сатам, машине айдап бараткан киши Сизди көрсөтүп «телефон чалсын, берип кой»-деп кетип калды, мага жыйырма сом берди...

Тимур бир аз ойлоно калды:

– Ким болду экен?

Кагаздагы номерди терди:

– Алло! – эркектин коңур үнү жооп берди.

– Ассалом алейкум, аксакал, ушу телефон менен чал дешиптир!

– Атың ким?

– Тимур!

– Жакшы, кечинде «Кызарт» кафесине кел, сүйлөшөбүз.

– Эмне иш...-дегиче эле тиги телефон өчүп калды.

– Кызык го булар, эмнеси болсо да барганда көрөм да, – Тимур жаштыгына салып ар нерсеге баш ооруткусу келбеди.

Кечинде Тимур айтылган кафеге кирип барга отурду.

– Суу берчи!

– Жарайт! – бармен шыпылдап узун бокалга суу куюп берди.

– Салам! – жанына бир жигит келип, жүр! – деп астыга басты.

Тимур артынан түштү. Кафенин ички жагында кенен залда дүр-дүйүм дасторкондун үстүндө үчөө отуруптур.

– Ассалом алейкум!

– Алеки салам, кел! – бирөөсү кол жаңсады.

– Кел, тамактан ал.

 

Ашыкча кептин кажети жок экендигин Тимур түшүндү да унчукпай нандан ооз тийип астындагы тамакты жеди.

Тигилер өз ара сүйлөшүп жатышты:

– «Караларды» шаардан кетириш керек, тынчтык бербей калышты. Аларыңа «шапкелер» болушуп, ошондуктан нахалданып атышат.

– Шашпагыла жакында баарын тазалайбыз.

– Ии, Тимоха сүйлө, же Тимоха десем жакпайбы? – ортодо отурган кызыл сары киши күлүп койду.

– Айта бериңиз андан эчтеке деле өзгөрбөйт го, – Тимур акырындык менен иштин чоо-жайын түшүнмөкчү болду.

– Чоң Кара сени түз жүргөн бала, калп айтпайт, колу таза – деген, өзүм да байкап жүрөм начар эмес бала көрүнөсүң, анын үстүнө менин кеңкелестерим бирөөнүн машинеси менен ойной коюп өрт чыгарып жиберди. Ошончодон сага туш келгенине таң калдым. Ал жубарымбектер өз жазасын алды. Эми эмнеси болсо да сага ыракмат, балдарды жашырып, милийсага билгизген жоксуң. Кандай жардам керек?

– Эчтекенин деле кереги жок, балдар бир ишке кабылып калыптыр, милийсаны өзүм деле анча жакшы көргөн жан эмесмин.

– Азамат, дурус бала экенсиң. Менин фирмам банк, ресторан, дүкөндөргө мыкты сакчыларды даярдайт ошол балдарга баш-көз бол! Эки күндөн кийин ишке чыгасың, жарайбы? Калганын кийин сүйлөшөбүз. Бара берсең болот! – сөздүн бүткөнүн билдиргендей сары киши колун аарчып телефондон номер тере баштады.

Ордунан турган бала тигилерге баш ийкеп чыгып кетти.

Тимур ичинен абдан эле сүйүнүп калды Мына эми эртели-кеч базарда жүрбөй, офисте балдарды өзү тейлеп калат. Чындыгында Тимур кандай жашоого жол салып баратканын сезген жок. Ага коомдон обочо, бирок баарынан кабардар, бакубат жашаган, өзү суктанып жүргөн «күчтүүлөрдүн» дүйнөсүнө эшик ачылгандай болду.

Ошентип Тимур Самардын жигиттеринин бири болуп калды. Таза, арам ою жок көрүнгөн баланы Самар өзүнө тартып жакындата берди. Кээде өзүнүн майда-барат жумуштарын башкаларга ишенбей ошого тапшырчу. Ал эми эс алганы барганда жалаң кыз талап кыларын башка балдар айтса Тимур ишенген эмес. Эми минтип өзүнө тапшырма берип, шаардын башындагы тоо түбүндөгү айылдын биринде салынган заңгыраган үйүндө күтүп отурат.

Айым Тимурга болгондун баарын төкпөй-чачпай айтып берди.

– Ишенсең ишен, ишенбесең ишенбе, бирок мен акмын, өз абийримдин алдына жана Кудай алдында акмын!

Далили жок актанып жаткан байкушка боору ооруду. Тимур кызга ишенгиси келди. Мектепте окуп жүргөндө кечинде үйүнө барып акырын ышкырып чакырса апасы кубалагынын эстеди. Мына жакшы тарбия көрүп өскөн кыз бүгүн минтип отурат. Өзү болсо жактырып жүргөн классташын бир «авторитеттин» көңүлүн көтөрүш үчүн алып баратат. Заманың менен куруп кал!

– Эми эмне кылайын дейсиң, Айым?

– Билбейм, өлүп кетким келет, бирок өлө албайм – уятынан ушинтиптир, анда жанагы кептин баары чын экен да -дешпесин. Мен өлбөйм, ак экенимди апама, атама элге көрсөтүшүм керек!

– Сенин ак-көк экениңдин кимге эмне кереги бар дейсиң, эл деген бир айтат, эки айтат андан кийин башка ушак чыгат да сени унутуп калышат – Тимур кызды сооротумуш болду.

– Тима, мен бир жакка качып кетким келет! Эч ким таба албаган бир тоонун арасында жапайы болуп жашай берет элем –Айым бир саамга оюна алаксып кетти.

– Ата-энең бөбөктөрүң эмне болот? Сен алар үчүн актанайын деп жатпайсыңбы?

– Ай байкуштарым, ай чын эле мен кайда качып кете аламын! – тиги оор үшкүрүнүп алды.

Тимур ушул татынакай классташ кызын кантип Самарга салып берип коюп жашап жүрөрүн элестете албай койду. Ал Айымды калп эле жаман атты кылып аман алып калыштын амалын издеди.

Жашоодо ушундай кыйын абалга туш келерин уктаса түшүнө, ойлосо оюна келбеген бул экөө өмүрлөрүндөгү кыйынчылыктар эми гана башталып жатканын билишкен жок. Жаштыгына салып эптеп ушул туңгуюктан чыгып кетсек андан ары тынчып калаарбыз деген ойго алдырып бир амал издеп жатышты.

– Эмнеси болсо да мен жүрөгүм ооруп калды – деп эсимен танып жатып калайын, сен эптеп мени дагы бир жолу качырып жибер, Тимур суранам сенден ! – Айымдын балбылдаган көздөрү баланын жүрөгүн сайып өттү.

– Качан болсо эле бир шумдуктуу окуяларга кабылып жүрөсүң, сен да бир шордуу экенсиң, -Тимур ызасын жашырган жок.

– Эмне кылайын эми, ошондой болуп атпайбы, мен эмне өзүм ушунун баарын каалап жатат дейсиңби?! – Айым да өзүн токтоткон жок.

– Болуптур, Кудайдын буюрганын көрөрбүз, сен болушунча эле амалданып көр, мен доктур чакырайын – деп чуркамыш болоюн, анан шеф эмне дейт, кандай кылабыз ордунан байкаштыралы.

 

Экөө жандарын оозуна тиштеп тоодогу айылды көздөй жөнөштү. Тимур кызды аяганы менен кийин Самар ага өчөшүп калса арты жаман болорун билип турду. Жок, антпейин десе, бала кезинен бери жактырып, балким ал сезе билбеген сүйүү отуна кабылып кээде үйүнө чейин узатып жүргөн классташ кызын тигиге ыраа көрбөдү. Айымга кантип болушуп, Самардан алып калыштын айласын таппай машинесин айдап баратты.

– Менин колумдан эмне келет, кызды качырып жиберип, башкасын алып барбайынбы, – чын эле! Ал машинени тезинен токтотту да артка кайрылды:

– Эмне болуп кетти? – Айым көзүн алайтып Тимурду суроолу тиктеди.

– Кеттик, сенин мамашкаңа башка кыз бер мунуң жакпай калды! – дейин.

– Ал оңой менен алданбайт го, мени ушунча күн үйүнө бекер багып бапестеп кийинтип жүрдү дейсиң, чыр чыгарат го?

– Менин деле бир мамашкага алым жетет! – Тимур Айымга тынчсызданганын билдирген жок.

Шаарга жеткенде Тимур кызды өзү мурда квартирада жашап кеткен татар абышка-кемпирдикине алып барды.

– Мен өзүм гана келсем чыгасың, башкаларга көрүнбө, – квартиранын ээсине акча таштап, моя сестренка пусть пока поживет, на днях приеду заберу – деп Айымды табыштап кетти.

Өзү шаардагы гезит беттерине жарыя берген фирмалардын биринен шефи жактырган узун бойлуу эки кызды тандап алып кетти.

Самар бүгүн өзү эс алгысы келип, Тимурду шаарга көңүлүн ача турган кыз таап кел – деп жиберген, конъяктан ууртап теледен жаңылыктарды карап отурган. Телефон шыңгырап калды, дагы кимиси болуп кетти – деген тейде кулак төшөдү.

– Салам, баатыр, иштер жүрүп жатабы, биз жактагы булак соолугансып баратат көз салып койчу, бүгүн берип жиберсең жакшы болот эле – жооп бергиче телефон өчүп калды. «Тынчтык бербес болушту, Кудай бербесин, мен ошол жакта болсом мага да бирөө жардам берет беле, билбейм, азыркы балдарга ишенич жок, убагында жакшы тарбия албай калышкан. Берип эле жатам, тоюшпайт.. Кимди жиберсем? Самар бир азга ойлоно калды да, -Тимур эле жарайт го, ошону айдайын – деп Тимурга телефон чалып:

– Тез кел, иш бар!-

– Мен кыздарды алып келе атам! – жигиттин бапыраңдаган үнү чыкты.

– Ташта, ага убакыт жок!

Тимур артка карап:

– Кыздар, шефтин үнүнө караганда зарыл иш чыгып калган болуш керек, түшкүлө – деп кыздарды орто жолдон түшүрүп зуулдаган бойдон жөнөдү. Тигилер бирдеме айткыча машиненин каараны да көрүнбөй калды.

«Кудайым колдоду, азыр Айымдын деле кереги жок болуп шефтин чакырганы жакшы болбодубу» – бул ирет да Тимурдун иши өзүнөн өзү эле ойдогудай болуп кетти.

Самар үйүнө көп акча кармачу эмес. Өзү бычактын мизинде жүргөнүн билет, да ар кандай абалга туш келип калышы мүмкүн, ошондуктан бир аз тыйын – тыпырын карындашына каттырып коет. Ал эми ири суммадагы акчасы, алтыны «общак» Казакстанда банкта өз убагын күтүп жатат. Бекер жатпай үстүнө акча чакырып көбөйүп жатат. Бул байлык далайдын эмгегин, канын, тапкан ташынганын жеген байлык, ошентсе да Самар аны эч ойлобойт. Ар ким өз алына жана куулугуна, күчүнө ишенип жашаган заманда мендейлер аз эмес. Эл башкаргандар менден көп эсе талап тонойт, уялса ошолор уялсын, менин өз жашоом бар, мен бала чакамды багышым керек, – деген эрежеси менен жүрөт. Айтмакчы, Самардын биринчи аялы чет өлкөдө окуган балдарын карайт, атасынын эмне бизнеси бар экенине көп деле кызыгышпайт, анткени башынан эле көп суроого жооп бербей койгон атасы балдарын ошол тартипке көндүргөн. Акчадан, тамактан кем карчы жок чоңойгон балдары өмүр бою атасынын аркасында жүрчүдөй болуп калгандай. Эмне кайдан келип жатканына баш ооруткусу келбейт, андан да башка жактын жашоосуна көнө түшкөндөн кийин өз эл-жерине кайтып келгиси жок алардын. Документ боюнча Самардын үй-бүлөсү жок, ажырашып кеткен, балдары энесине катталган. Ошондой абал баарына туура келет экен. Себеби, эч кандай «проблема» болбойт экен.

Шефтен «Точкалардан тезинен салыкты чогулт!» – деген буйрукту уккандан бери Тимурда тыным жок. Ишенген балдары менен күндүр-түндүр салык топтоп, тезинен Самардын айтканындай зонага жиберди. Өзү тапкан жигиттин ыкчамдыгы, өткүрдүгү жана тайбастыгы Самарга жакканы менен ичинен: «... кийин мени менен тиреше турган эрезе жетип калышы мүмкүн»... деген ойлору да жок эмес.

Шефтин тапшырмасын аткарып жүрүп Тимур Айымга да бара алган жок. Ал болсо зарыгып күттү, «...көргөн күнүм эмне болот, ушинтип эле качып корунуп, көрүнгөндүн көзүн карап каламбы, башкаларды кой, – жок дегенде апам ишенсе эмне! А бирок атам мени эч качан кечирбейт го, мындан көрө өлүп эле калганым жакшы, уятына чыдабай өз жанын кыйыптыр, демек болгон окуя чындык экен– да дешер анда. Айлам куруду, эмне кылам... тагдырым ушунча оор беле, Кудай ай, бир жан айласын тапсам экен»... Жаш кыздын ой-санаасы бүтпөс...

Айымды бир «куркуль» алып кеткен бойдон жок – деген кабарды уккан Бейшекан адегенде чоочуп кетти. Татынакай кыз эле, тигинин айтканын көнбөй коюп бирдеме кылып салган го, Кудай сактасын, деги аман болсо болду. Болору болгондур, кийин, иши кылып мага издеп келишпесе болду... Дагы бир-эки күндөн кийин Айымды алып келген Римага чалып: «Кызың жоголуп кетти, дайыны жок, качып жүрөт окшойт. Эгерде бирөөлөр издеп келсе мага алып келгениңди айтпа, болбосо экөөбүзгө тең жаман болот», – деп коркутту.

Башынан көп нерсени өткөргөн Рима: «Билбесем билбейм эле дейм да» – макул болду. Өзү: «Бирөөнүн кызына күйүп-бышып жүрөмбү, ата-энеси бар болсо таап алар, жөн кыз эмес, талаада калбайт», – деп ойлоп койду.

Бул арада шаарга келген Зумрат аталаш инисинин кызыныка токтогон. «Сагынбек атадын иши боюнча жүрөм, тааныш издеп таап эптеп эртереек чыгарыштын амалын табайын, антпесек боло турган эмес», – деп калп чынын аралаш айтып, өзү тымызын кызын издеп жүрдү. Шаардагы туугандырдын жана тааныгандардын баарына эле баргандай болду. Айымдан дайын жок. Баягы окуядан кийин Зумрат менен Айымга алардын деле жан тартканы байкалган жок. Айласы куруду. Кызын издеп жүрүп байкуш эне айылда калган балдарын да эстеп жүрөгү ооруйт. Ортодо жалгыз кызынан кечкен күйөөсүнүн жоругун да түшүнүп түшүнбөйт. Деги койчу, Зумрат сарсанаадан карып кетти, ден соолугу да жакшы болбой баратат. Бүгүн адатынча шаарга чыгайын деп камынып жатса жээни: «Эже Ош базарына барып тамак-аш саткан жерлерди карап чыкпайсызбы, ошол жактан чала-була көргөндөй болдум, деп кызым айткан, бирок мен этибар албаптырмын, андан бери канча убакыт өттү, балким бирөөлөрдүн уккан билгени бардыр»... Сокур үмүт кайда болсо да адамды жетелейт. Зумрат ошол эле күнү Ош базарына жөнөдү.

Самарга Казакстандан суук кабар келди Ал жактагылар кредиттерди очойто аларын алып кайтарып бере албагандыктан банктар банкрот болуп жатат, алтынын, акчасын салган колунда бар баурлар бүт баарын чыгарып, Россия менен Европанын банктарына которуп жатыптыр. Самар ал жакка бара албайт, анткени мындан алты жыл мурда Казакстандын «кызыл шапкелерине» карматпай качып, Россияга анан Кыргызстанга башка бирөөнүн документтери менен келип жашап жүрөт. Атасы казак болгону менен энеси кыргыздын кызы, ошондуктан алыс кетпей эле Бишкекти башпаанек кылып, бул жерден да өз ордун тез эле таап алган. Ал «Коопсуздук кызматы» деген аталыштагы фирма ачып алып, офис, базар, мекеме, кафе жана ресторан кайтарган сакчы балдарды даярдап күзөткө тургузуп акча табат. Ошол эле убакта анын балдары иштеген жеринде жүгүртүүдөгү акчанын көлөмүн, жетекчилеринин талуу жерлерин жана башка ушуга окшогон маалыматтарды тымызын топтоп жүрөт. Кийин Самар баарын өзү терең изилдеп чыгып кимден кантип акча өндүрүп алуунун амалын табат да, тигилерди көндүрүш үчүн жигиттерин жиберет. Аша чаап кетпейт, бирок акырындык менен жеңет да акчага маарып калат. Элдин, милийсанын көзүнө көп көрүнбөш үчүн ушул фирманын атын жамынып орто чабал оокаты бар адамдай жүрөт. Жигиттерин да ошондой жашоого көндүрөт. «Андай эле акча чачып жашагаң келсе чет мамлекетке үй-бүлөң менен барып эс алып кел, же дүкөн менен фирма ачып бирөөгө жаздырып иштет, көзгө көп урунбасаң жашооң тынч болот» – дейт. Жайбаракат турмушун өткөрүп жаткан Самардын шаштысы кеткен учур. Ал Тимурду Казакстанга жиберип акчаларын да «казынаны» банктан чыгарып, Европанын бир банкына которуп кел, деп жиберүүгө бел байлады. Өзү деле жашарынып барса болмок, бирок ал жакта көрүнгүсү келген жок, анын үстүнө жашырынып жашаса да жаны өтө эле таттуу.

Тимур шефинин айтканын мээсине куюп алганы менен «шайтан сайып бирдемени эсинен чыгара турган болсо Самардын колу жердин түбүнөн да таап чыгарын» – эскерткен кожоюндун үнү кулагына көпкө жаңырып турду. Мындан бир канча убакыт мурда ушундай кишилердин арасына кошулсам, алар менен иштесем деген кыялына азыр күлкүсү келди. «Өз ыктыярым менен чыга албай турган торго илинип бердим, булардын жашоосун желкемдин чукуру көрсүн, – деер элем. Эптеп ушул жолкусун жасап берип тапкан акчамды алып, анан Россияга иштегени кетпесем, булардын улагасында жүргөндөн башка кешик артпайт экен», – деген Тимурдун ойлору алыс кетип, балким Айым мени менен кошо кетеер сыяктуу үмүт жанды.

Колу бошогон күнү эле Айымга жөнөдү. «Бул байкуш өзүнөн өзү эле урунуп-беринип кор болуп калды, мындан аркы жашоосу кандай болор экен», -Тимур баягы бала кездеги бакыраң көз классташына болгон сезими кайрадан ойгонгонун туйган жок. Тек гана Айымга жардам берейин деген ниети менен келе жатты. Көптөн бери көрбөгөндүктөнбү же зарыгып күткөн кишиси карп-күрп кирип келгендиктенби, Айым сүйүнгөнүн жашырбай Тимурду кучактап тосуп алды. Мындайды күтбөгөн тиги алдастай түштү да кыздын эки колунан аяр кармап:

– Кандайсың, тынч элеби, эч ким келген жокпу?

– Жакшы эле – Айым өзүнүн сүйүнгөнүн билгизип койгонуна уялып кетти.

– Айым, мен Казакстанга кетип жатам, эч жакка чыкпаганга аракет кыл.

– Качан келесиң?

– Билбейм, кем-карчың чыгып калса бул акчаны корото бер, азырынча жетет кийин өзүм деле келип калармын.

– Мен сени күтөм, – Тимурду кыздын аялуу тиктеген көз карашы узатып калды. Жигит өзүн аябай кармады, же болбосо назик үлбүрөгөн Айымды сыга кучактап жыттап өпкүлөп жибермек. Өзүн токтотту. Эмнеге ошенткенин өзү деле билбейт, уялдыбы же Айым жөнүндө мурда угуп жүргөн башка ойлорго жетелендиби, айтор, дити барган жок.

Баягы Зумрат эки күндөн бери Ош базарын кыдырып жүрөт. Бүгүн оңдой берди болуп Айым иштеген ашканага кирген. Айым жөнүндө уккан Рима:

– Мен эчтеке билбейм, жумушка хозяйка алат, мен билбейм– деп качты. Ошол жерде идиш жууган кыз:

– Кайсы Айым, качып кеткен кызбы, менден мурда бир кыз иштечү экен, анан базарда иштеген балдардын бири алам дегенди угуп качып кетиптир, жашаган жеринен кийимдерин да албаптыр – деди.

 

– Кайда жашачу экен? –Зумрат кызын тапкандай сүйүнүп кетти.

– Тиги баба Вераныкында.

Кызынан бир чолок кабар билингенине сүйүнгөн Зумрат орус кемпирге жетип барды.

– Ооба, ал бир байкуш экен, времянкага бекер эле жаткырып жүрдүм, энеси болсоң эмнеге келип алып кеткен жоксуң? Көп ыйлачу, кандай күн түшсө да энесиң да, кызыңды издеп таап алып алсаң болмок! Эми кайда кеткенин эч ким билбейт. Жүр, үйгө барып кийимдерин алып кет! Кызынын дайын бат эле таппай калган Зумрат уккан кулагына ишенбей, Веранын үйүндөгү кызынын кийимдерин алып боздогон бойдон калды.

– Эми эмне кыламын, кайда барамын, милийсага барайын башка айла жок, – Зумрат эч ким менен кеңешпей эле кызын милийсага издөөгө бермекчи болуп сиңдиси жашаган жердеги милийсанын бөлүмүнө барды. Ал жердеги балдар:

– Эже кызыңыздын катталган дареги жок экен, биз аны издей албайбыз, жашаган районуңуздан милийсага бериңиз – деп түшүндүрүштү.

– Райондон кантип издетем, эл эмне дейт, ал байкуштун башынан балээ кетпес болду го, – жалдыраган аял ыйлап жиберди.

– Балдар, кое тургулачы, эже ыйлабаңыз, биз кызыңыздын сүрөтүн шаардык постторго берип коебуз, участковый балдарга беребиз, балким бирдеме чыгып калар, – деген балага Зумрат ыраазы болуп,

«...болуптур айланайын, рахмат сенин да мендей энең бардыр, ылайым аман бол,» – кайра кайра алкап – кирди.

– Эртең эле сүрөтүн алып келем.

Кызы жөнүндө бир жакшы кабар уккансып эне кадимкидей жеңилдене түштү.

 

Сагынбек отурган зонага «текшерүү келет экен», – деп бардыгын зектерге актатып, сырдатып, түрмөнүн ичи-сыртын оңдотуп жатышты. Сабырдуу, калп сүйлөбөгөн Сагынбекти жанындагылар кызынын айынан жүргөнүн билишет, ага көп деле тийишип шакаба чегип тамаша кылбайт. Анан калса Сагынбек өзү деле дудук немече дайыма эле унчукпай жүрөт. Кызынын кылыгына ишенбейин десе, зачетту окуган жеринен тапшырбай атасындай болгон агайы кайда чакырса ошол жакка барганы, ваннада сууга түшүп даярданып жатканы ишеничин жокко чыгарат. Аялынын айтканын караганда, кызы калп эле шоктонуп, ошентип амалданып зачет койдуруп алмак экен, болбогон кеп, кантип эле ошондой болсун, элдин кыздары жакшынакай эле окуп жүрбөйбү! Балким, жанагы мугалим сөрөйлөр баарын ушундай жол менен окутуп жүрөбү? Жок, жок андай болушу мүмкүн эмес, анда адам баласы айбан болуп кетпейби! Билимдүү, анан калса калыс сүйлөгөн Сагынбекке «кызыл шапкелердин» да мамилеси түз. Түрмө деген түрмө – ичи сыз, киши көп, биринин үстүнө бири батпай, бирөө чүчкүрсө баары тумоолоп, эптеп өлбөстүн күнүн кечиришет. Текшерүүгө келгендердин арасында Сагынбектин аяшынын иниси бар эле. Жездеси абдан суранып табыштагандыктан колониянын начальнигинен сөз айттырды. Эгерде шайлоодон кийин амнистия чыгып калса, балким сени көрсөтөбүз, анча-мынча тыйын тыпыр камдай берсин, – дегендей.

– Эрте чыгып алып элдин, балдарымдын алдына кантип барам, андан көрө убакыт өтсүн. Кийин чыксам деле айылга барбайм, башка жакка кетем. Балдарым эптеп боор көтөрүп алсын, балким, менден уялып жүргөндүр, тыйындын деле чыга турган жери жок. Аялымдын жарыбаган айлыгы менен көр оокат өтүп жаткандыр. Өзүм тейлебесем жердин арендасы деле жакшы чыкпаптыр, баары эле келерки жылдын түшүмүнө деп бере албай жатса, акча чогултуп мени эрте чыгарып алгыла, – деп туугандарга кантип айттырам? Силерге рахмат, бирок мен өз убагында эле чыгам, ошого Кудай жеткирсе– деп болбой койгон. Ошол бойдон Сагынбекке эч ким кам көргөн жок. Жардам берели десек өзү болгон жок, убалы өзүнө, жок дегенде балдарын ойлосо болмок, – дешип достору да тынчып калышты.

Азыр Тимур Казакстанда жүрөт. Самардын табыштаган Бурдан аттуу кишисине барып банктагы акчаны шефтин атынан кантип которуштун жолун билип алып, экөө керектүү ишеним каттарды көтөрүп алып келишти. Биздин банк жабылып жатат, болгон каражатты чыгарып берип жатабыз, башка жакка которо албайбыз, анткени биздин эсептерибиздин баарына тыюу салынды, акчаңарды нак алып кеткиле – дешип банктын кызмакерлери эртеңкиге убакытты болжолдоп беришти. Тимур кабатыр болуп Самарга телефон чалды.

– Иш болбой жатат, банк банкрот болуп эсептеринин баары жабылыптыр, башка жакка акча которбойт экен, накталай алып кеткиле– деп жатышат, кандай кылайын?

– Жакшылап ук, Бурдан экөөң эч кимге билгизбей акчаны мында алып келгиле. Түнү менен такси жалдап улам машине которуп жүргүлө. Артыңдан ээрчиген бирөө жарым болсо буйдалбастан көзүн тазалагыла. Акчанын арты менен мени таап алганы жатышса керек. Мага чалба, башка номер менен өзүм чыгам.

Самардын сөзүнөн улам Тимур абалдын оор экенин түшүндү, акча үчүн «адамды жок кыл»-дегенине караганда, иш чатак. Эртеси Бурдан экөө банкка барганда эшиктин алдында турган эки кара джипти көрүп эле шектене баштады. Залдын ичинде күзөтчү кечээки эмес башка бала экен, айнек тосмонун артында боз костюм кийген зыңкыйган эки жигитти да байкады. Тимур өмүрүндө банкктардын кызматы менен пайдаланып көргөн жан эмес, ошондуктан Бурдандын артынан эрчип жүрө берди. Бурдан айнек тосмонун артындагы кызга кайрылып документтерин көрсөтүп, ал жооп берип ордунан туруп ары жакта отурган дагы бирөөнө барды эле тигиниси ичкери кирип чыкты да Бурданды кол кой, – деп терезенин астынан кагаздарды сунду. Тиги шеригин карап акырын жылмайып койду, иштин жайында экендигин Тимур дароо түшүндү. Бирок экөө кассанын жанына келгенде эшиктен дагы бир сомодой болгон жигит кирип оозду тосуп туруп калды. Тимур менен Бурдан пачкелеген акчаны кассир балага санатпастан эле колундагы чоң сумкага салып алышты. Эки жагын каранып сыртты көздөй басканда жанагы долдойгон неме аларды утурлай басып колун салган эки чөнтөгүнөн удаа-удаа ок атты. Ызы-чуу болуп калды, күзөттө турган бала пистолетин алып аткыча боз костюмчан экөө жыгылып бараткан Бурдандын колунан сумканы жулуп алып эшикке жөнөштү. Бутуна ок тийген Тимур эси ооп баратып ушуларды элес– булас көрдү. Бүттү. Караңгы. Эч нерсе көрүнбөйт. Эч нерсени сезбей калды.

Банкка таламандын тал түшүндө ууру кириптир, күзөтчү менен дагы бирөө каза болуптур, бирөө катуу жарадар экен, уурулар джип менен качыптыр– деген кабар Алматыны тез эле каптады. Кулагы бирдемени чалгандар «Бишкектен келген кыргыздар оголе көп акчасын алдырып жибериптир, булардын артынан аңдыгандар бар экен», – деген имиштерди бири-бирине айтып сөздү көбөйтүп да жиберишти.

Тимур Алматынын ооруканасында үч күн эсине келбей жатты. Банкта иштегендер чырылдашып милийса, доктур чакырып ары-бери болгуча жарадардын каны көп кетиптир. Доктурлар бутуна операцияны жасабасак өлүп калышы мүмкүн, – деп ошол эле түнү буттун сөөгүн жара тийген окту алып чыгышканы менен Тимурдун мындан ары адам болушуна көп деле ишене бербей турушту. Милийса эки жолу келип ахбалы оор болгондуктан сурак ала албай кетти.

Самар болгон ишти угуп алып бирде чын эле кырсык болгонун ойлоп, бирде Бурдан казактар менен сүйлөшүп алып жасадыбы же Тимур менен Бурдандын мышык-чычкан оюндарыбы, – деп шектенип калды. Айтор, өзү айткандай «эч кимге ишенич жок, бир көзүң бир көзүңө жоо» болуп турду. Мына, өзү таап жумушка чакырып, жардам берип ишеним арттырып жүргөн Тимурдун кылганын кара! Же чын эле булардын артынан түшүп акчаны тартып алып мени коркутайын деген максат менен жасалган ишпи?» Кандай ойлосо да башы маң. Ошентсе да Самар Алматыга Тимурдун акыбалын билип келгени балдарын жиберди.

– Соодагер болумуш болуп товар алгыча, доктурга барып кабарын билгиле, – деди. Казактын милийсасы Бурдандын шектүү турмушун билишет, бирок ал камакка алууга такыр эле шек берчү эмес. Тынч оокат кылымыш болгону менен Бурдан эмне менен алектенип жүргөнүн билишчү. Ошентип Бурдан жок болду, тигиниси кыргыз экен, жарадар. Акчаны алып качкандардын эки машинесин тең Алматынын чыга беришинде түн ичинде бирөөлөр өрттөп салыптыр. Жиги билинбеген бул окуя жөнүндө Тимур гана бирдеме айта алат. Милийса анын сакайышын күтүп жатат.

Кызына издөө салган Зумратты туугандарынын кээ-бири туура эмес көрүштү. Ээн баш тентип кеткен кызын бизди элге уят кылып теледен көрсөтүп издеп жатыптыр, анан кантет эне да, балким бир кабары билинип калар– дегендери Зумратка боор тартышты. Айымдын сүрөтүн телевизордон көргөн айылдаштары Сагынбектин баягы кызы дагы бирдеме болуп жоголуп кетиптир, Зумрат шаардан издеп таппай моминтип жарыя берип салыптыр, – деп эки кишини башы бириккен жерде кеп кылып калышты. Бирок ошол телевизордон берилген жарыядан кийин Айым жөнүндө милийсага бир орус киши телефон чалды.

– Биздин кошуна квартирант киргизет, ошолордукунда силер издеген кызга окшош бирөө жүрөт, – деп дароо турбканы коюп салды. Күзөттө турган милийса бала тигинин дарегин телефонун сураганга да үлгүргөн жок. Айымды издөө салган балдарга барып айтып, алар милийсанын номуруна абышка чалган убакытты көрсөтүп шаардык телефон станциясынан тигинин номерин, дарегин тактап алышты. Ошентип эки күндөн кийин Айым табылды. Милийсанын: «Квартирант кызды биз алып кетебиз, муну энеси издеп жөрөт качып кетиптир, кайдан силерге келип калды», – деген суроосуна чал-кемпир бири бирин карап, кечинде жатар жерим жок деп сурангаынан киргизип алганбыз, – деп кутулушту. Тимур да канча күндөн бери дайынсыз болгонуна капаланган Айым эми энесинин алдына барып эмне деп айтарын ойлоп, эңги-деңги болуп милийсалар менен машинеге түшүп кетти. Издегени табылып калганына кубанып калган балдар Айым менен таанышып:

– Эмне болуп үйүңдөн качып жүрөсүң, энеңди аясаң болбойбу. Жаман нерсеге кабылган күндө да энеңе барышың керек болчу, кайдагы бир татар чалдарга жашырынбай, – алар кызга бир чети түшүнбөсө бир чети боо ооруп да турушту. Күнөөсүн мойнуна алган окуучудай башын жерге салган Айым үндөбөдү.

Кызынын табылганын уккан Зумрат милийсанын конторуна кантип жетип келгенин да билбей калды. Өйдө карабай, арыктап, жүдөңкү тартып калган кызын көргөндө эненин жүрөгү сыздады.

«Элдин, күйөөмдүн сөзүнө ишенип чолпондой болгон баламды мынча куураттым, ким эмне десе ошо десин, кызымды үйгө алып кетем» – деген ой менен милийсанын кагаздарына кол коюп берип, балдарга рахматын айтып, тамак ичип койгула– деп колуна акча карматып, Айымды жетелеген бойдон кетти. Айылга жөнөөрдө Сагынбекке барган жок, сидисинен кат жазып ичине акча салып жиберди. Эки ортодо чайналып кыйналган Зумрат кызынын тагдырын ойлоду.

– Ата-энеси колдоп түшүнбөсө, жаш байкуштун күнү эмне болот, тирүүлөй жетимден беш-бетер бирөөнүн босогосунда сагалап жүргүчө өзүмдүн жанымда болсун.

Айым апасынын айткана макул болбоско аргасы жок эле, мындан качып отуруп кайда барып кимдин колуна түшөт, жашоосу эмне болот, Тимурдан болсо дайын жок. Бирөөдөн сурайын десе, – өзү минтип отурат. Ошентип апасы менен айылга кетти. Айылдагылар болсо, «...Баягы Айымды милийса камап салыптыр, энеси чыгарып келиптир. Жакшы окуган зымырылган кыз эле, бат эле бузулуп кетиптир»-, деген кеп менен алаксып калышты. Зумрат ким эмне дегенин укса да укмаксан болуп:

– Жалгыз кызымды кор кылбайм– ниети менен Айымды үйүнө алып келди.

– Балдарга баш көз бол, мен жумушка чыгайын, эптеп оокат кылып кетебиз, балам– деп кызынын аман-эсен табылганына белсенип калды.

 

Казак милийсалар Тимурдун абалы кичине эле жакшы боло баштаганда суракка келишти.

– Аты-жөнүң ким, бул жерге кандай максат менен келдиң эле, акчанын ээси ким, сага эмне үчүн ишенип ушунча көп акчаны алып кел деди, силерди аткандарды тааныйсыңбы? – жамгырдай жааган суроолордон кантип кутуларын ойлонгон Тимур атайлап эле ордунан козголуп колуна сайылып турган дары тамчылаткан ийнени чыгарып алды да бир аздан кийин эсин жоготуп койду. Тынчсызданган милийса доктурду чакырды. Сурак токтоп калды. Медсестра тигилерди чыгарып жиберди. Бирок дайыма эле ушинтип кутулбасын түшүнгөн Тимур бул жерден эптеп чыгууну көздөдү.

Самар болсо алыскы Жумгалдагы корукта салынган үйгө кетүүгө даярдык көрө баштады. Ал үй жөнүндө өзү менен токойдо корукчу болуп иштеген айылдашы Дереш гана билет. Үйдүн жыгач-ташына, майда-чүйдөсүнө акча берип Дерешке толук бойдон ишенип, кайра текшерген жок. Ошентип бул үй эки жыл ичинде туруп калды. Жала жыгачтан салынган чакан үйдү билбегендер токой ичинде оңой менен таба алышпайт. Самар эч кимге айтпай жалгыз өзү түн жамынып машинесин айдап ошол жакка жөнөп кетти. «Дереш эч кимге айтпайт, абал тынчыгыча ошол жерде болоюн»...– деген ою менен жөнөгөн.

Бирөөнүн акчасынын айынан бул дүйнө менен аз жерден кош айтышпай калган Тимурдун акыбалы абдан эле кыйын болуп турган чагы. Кача турган ою бар, бирок аны кантип ишке ашырат? Алматыда билген жалгыз кишиси Бурданды да атып салышты... Эртеси түштөн кийин ак халат жамынып, колдоруна пакет көтөргөн Самардын балдарын көргөн Тимур жеңилдей түштү. Бирок, алардан жардам болор болбосу белгисиз болуп чыкты. Ал-жайды сурашкан соң балдар болгон окуя жөнүндө Самар чындыкты талап кылганын айтышып, Тимур “шефтин” ишеничинен кеткендей маани беришти. Тимур актанганы менен өтө көп суммадагы акча жана алтындын ордун толтура албасын билип турду. Самар аны аябайт. Эмне болуп ушул “сырдуу дүйнөгө” кызыгып, өз башы менен кирип алганын Тимур эми гана ойлоно баштады. Боз балдар анча түшүнө бербеген “өз мыйзамдары” менен жашаган “өзгөлөрдүн” жашоосу, жанын кыйнабай башканын тапканы менен оңой оокат өткөргөн алардын турмушу кызыктырдыбы, же колунда жок кембагалдарга кээде уурдаган байлыгынын эсебинен ажаат ачып жардам берип, колдогон “берешен мырзалардын” романтикасы азгырдыбы, айтор, өзү да өзүнө түшүндүрүп бере албайт.

– Эмнени айтасың, болору болду, сен эми “шефтин” жоготконун табышың керек, доктур менен сүйлөшүп көрөлү, арга табылбаса качып чыгууга аракет кылалы, – деп кетишти балдар. Тимурдун мындан аркысы жолу көрүнбөгөн караңгы түн сымал...

– Эсиме келбей эле койсом жакшы болмок, бир жагынан милийсасы кыйнайт, бир жагынан тигилери келип алып эзет...– терезени тиктеген жигиттин эсине Айым түштү. «Ал эмне болду экен, мен келгиче эч жакка чыкпа дедим эле, ошону аткарып тынч отура турса экен..». Мектепте окуп жүргөндө Айымдын артынан ээрчип үйүнө чейин узаткан күндөрүн эстеп Тимур жылмайып койду. Ата-энесинен уялып кечинде да бара алчу эмес, кыздын апасы кубалагандан кийин такыр эле жолобой калган. Болгону мектепти аяктап жатканда кечеде чогуу бийлеп, Айымга өз сезимдерин билдирүүгө аракеттенген, бирок кыз аны этибар алгандай болгон жок. Кийин шаардан кезигип бир-эки жолу киного барып классташ катары эле мамиледе жүрдү. Кийин Тимур атайын жолугайын деп жатаканага барса Айым бир жакка кеткен болот, же жолугуп шашып атканын айтып, кечирим сурамыш этип кайра кирип кетет. Классташ кызы башка балдар менен жолугуп, теңтуштары жана чөйрөсү башка болуп кеткенин Тимур сезчү, бирок анда-санда эстегенде Айымды көргүсү келип ага барайын деп дегдечү. Ошентсе да кээде өзүн токтотуп же жумуштары чыгып барбай калчу. Кийинчерек Айымдын дайыны да чыкпай калды. Көрсө ал шордуу кыздын турмушу таптакыр башка нукка бурулуп кеткен турбайбы. «Эми эмне болор экен, бул казактар мени тынч койбойт, Самардын мага ишенбегени айдан ачык болуп турат», – Тимурдун ою миң санга бөлүнүп күнбү түнбү уктабаганы уктабаган. Жаш баланын турмуш жолу ушундай опурталдуу башталып эртекиси бүдөмүк...

Самардын иштери боюнча материал топтоп жүргөн опер Канатбектин жетекчиси подполковник Илгиз Мырзаев:

– Кандай да болбосун тигилерди торго түшүрүш керек, шайлоо алдында тынчыраак эле болгону дурус, анын кылыктары казактын милийсасына чейин билинип калды, өз ара разборка кылышып ызы-чууну көбөйтүп жиберишет– деп ачык айтты. Канатбектин балдары Самарды тымызын издеп анын артында чубалган иштерин иликтеп жүрүштү. Бирок өтө сак жүргөн Самарга далилдүү күнөө коюп торго камаш оңой эместигин билишет.

Бул убакта ар кимиси өз кара жанын аман алып калуу менен алек болгон Самар менен Тимурдун жолу эки башка жолго түштү. Биринчисинин өз чөйрөсүндө белгилүү колдоосу, байлыгы, байланыштары болгондуктан чет мамлекетке чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Чуулган тынганда акырын жылып жасалма паспорт менен Кыргызстандан чыгып кете алат. Самар алдырган байлыгына капа. Андан башка оокаты деле аз эмес, бирок уурдалгандын ордун толтуруу кыйын болоор...

 

Ал эми Тимурдун байлыгы да, таанышы да, оокаты да ченелүү. Самардай «кадыр-баркка» жете элек, жете да албайт. Тимур кара күчкө керек болчу балдардан экендигин өзү деле билбейт. Мындай боз балдар тигилердин кара мүртөз ойлорун ишке ашырып, байлыгын көбөйтүп, өзүлөрү бир күнү ок же бычак жеп, же болбосо милийсанын торуна илинип тынып каларын ойлобойт. «Коомдо көмүскө бийлик кылгандардын кызматындабыз, акчабыз кенен, жашообуз жакшы, шеф мындан да жогоруласа биз да артынан кетебиз» – деген тейде жашап жүрүшөт. «Булардын турмушуна жетсем» – деген Тимурдай балдардын канчасы дайынсыз жок болгон, нашаа чегип тентип кеткен, «шефтин» жансакчысы болуп окко төшүн тозгон, аягында түрмөдө отуруп ооруулу болуп үй-бүлөсүнүн багуусунда калганын ким эсептеп билиптир.

Тимурдун артынан аңдыган казак милийсалардын көздөгөнү бар, анткени алар бул кылмышты башка республиканын жараны жасаган деп ага күнөө коюп ишти сотко чейин жеткирбей жаап салып, жетекчилигине рапорт беришмек. Доктурда жаткан Тимурга кыйын эле болуп калды. Качып кеткен күндө да эч бир документтери жок немени биринчи токтоткон жеринен кайра алып кетишет. Ошентсе да ал тобокел кылайын деп чечти. Бир жумадан кийин Самардын баягы балдары казак тааныштарынан банктагы окуянын чет-жакасын билишти. «Банктан бирөөлөр ири суммадагы акчаны кол менен алып кетет экен» – деген кабар жетчү жерине угулгандан кийин ал жердегилер жөн жатмак беле. Тез арада даярдана калышып, акчаны сууруп кетиш үчүн эки көзгө атар жигитти, кандай машине менен кууса да качып кете алган өзүлөрүнүн ичинен дайыма ушундай чуулганда качырып кеткен Зорик аттуу «братванын» ишеничтүү адамын алышып, бир заматта эки кишинин өлүмүнө себеп болгон көп акчаны олжо кылышты. Баары тең тымпыйып Казакстандын алыс алыс айылдарына жатып алышты. Зорикти болсо бир саатан кийин эле Россияга жасалма документ менен алынган билет аркылуу самолетко салып качырышты. Бул кылмышты иликтеген милийсалар узакка созулчу тергөө экенине көздөрү жеткени менен тынбай казып жатышты.

 

II

Албетте, Айым айылга келгени уу-дуу кептер бир сыйра жаңырып, эки-үчөөнүн башы чогулса кеп ошол жөнүндө болуп жатты. Ошентсе да өз үйү, бөбөктөрү менен энеси жанында болуп санаасы тынчып калган Айым аз да болсо оңолуп калды. Апасынын кол машинесине инилерине шым, апасына юбка сыяктуу майда-барат буюм тигүү менен алек болуп жатты. Анысыны деле пайдасы тиет экен, кошунанын чоң энеси бир-эки көйнөк тиктирип башкаларга көрсөтүп, көчөлөш кошуналары да тигини тигип бер, муну тигип бер сурап калышты. Зумрат кызынын иш менен алагды болгонуна ыраазы. «Каралдым, акырындык менен кыйналганың, ак жериңен күйгөнүң унутулуп калар...».

Тимурдун ата-энеси баласынан кабар келбей калганын «Россияга кетем деди эле, балким ошол жакта жүргөндүр» – деген үмүтүнө чыдабай, эжесине телефон чалып баланын дайынын билип бер– дешип тапшырма беришти. Эжеси, Тимурдун бир жакка барып келебиз балдар менен деген бойдон жарым айдан бери көрө элегин айтпастан, базарда Тимур менен чогуу иштегендерге барууну чечти. Базардагылардын Тимур бир авторитеттин жигити болуп кеткенинен башка эч нерсе билбейбиз, – дегенин уккан эжесинин оюна ар кандай ойлор келди. Мына эми, өз жанын өзү баккан тың Тимурду да эже-жездеси карайлап издеп калышты.

Самар Дерешеке түн жамынып жол жүрүп отуруп, жеткиче башынан өткөргөн өмүрүн көз алдына элестетип, байлык жыйып, башкалардын мүлкүнө ээ болуп, бир эмес эки аялын, балдарын акчадан башка эч нерсеге үйрөтүп көндүрбөгөнүн, артында суук сөздөр менен каргыштан, балдарына мурас оокаттан башка эмне калтыраарын ойлоп келе жатты. Ошентсе да кара жанды аман алып калуу үчүн кылган далалаты дагы эле жашагасы келгенин айгинелеп турат. Түн ортосунда терезенин чертилгенин уккан Дереш:

– Чоочун адам бул убакта эмнеге келет, болду-болбоду өз кишилер эле -деген ой менен тышка чыкты. Самарды көргөндө кубанып кучак жая тосту:

– Оо, дос, аманбы, тынччылыкпы?

– Тынч болбой калды, иш чатак, менин артымдан сая түшүп алышты, менин бул жерде экенимди сенден башка бир жан билбейт -Самар Дерешти көпкө тиктеди, Дереш анын оюн түшүндү.

– Кам санаба. Токойдо адашкан бирөө-жарым эле көрбөсө, сени бир да киши көрбөйт. Үйгө кир. Ошол түнү экөө далай сөздөрдү айтып, мындан ары кыла турган иштерди шашпай тууралап алышты. Эми булардын жашоосу башкача болорун экөө тең сезип жатышты.

Тимурдун абалы бир аз эле оңолгондо казак «кызыл шапкелер» алып кетишти. Самардын балдары өзү да күтпөгөн капилет болду. Тимурду торго камап, баурдастар изи табылбаган кылмыш ишин кыргыз бандиттин кылганы– дедиртип жаап салмай болушту. Албетте, эч бир документи жок башка өлкөнүн жаранына мойнуна кылмышты алдырып, ишти бүтүрүү – айлап-жылдап кылмышкерлерди издеп күнөөсүн далилдегенден оңой эмеспи.

Бирок, Тимурдун артында тургандарды таап, өз ишин бүткөрүүнү көздөгөн кыргыз милийсалар атайын кат жазып алып, Казакстандын борборуна келишип, коом менен элдин тынчтыгын коргогон, алардай эле жанын сабап иштеген милийсалар менен ачык сүйлөшүп, кыргыз жаранын өз жеринде ак-карасы далилденип, иш мыйзам чегинде чечилиши эки тарапка тең жакшы болорун айтышып, казак боордоштор маселеге туура көз карашта болоруна ишеничтерин билдирип, жооп күтүп калышты Ички иштер органында иштеген бул кылмыш боюнча жооптуу болуп дайындалган казак офицерлер өз ара кеңешип, тийиштүү документтерди даярдаган соң, Тимурду кыргыз кесиптештеринин колуна өткөрүп беришти. Анткени аларга деле ашыкча жүк болгон, ачыла тургандыгы күмөн болгон дагы бир кылмыштын «зарылдыгы» деле жок болчу. Кыргыз туугандар өз кылмышкерлери менен өздөрү иштесин, ал эми акча уурдагандарды биз бул жактан издейбиз-деген тариз болду.

Ошентип аңгектен качып дөңгөккө чалынып, эртең эмне болорун ойлогондон корккон Тимур колуна кишен салынып, кадимки костюм шымдын ичинен ок өтпөс кармама кийген, койнунда тапанча тагылган эки залыйган жигиттин ортосунда Бишкекти көздөй жеңил машине менен келе жатты. Жолдо алар тигини суракка алышып, «...энеңди гана, башыңа эмне күч келип бир бандиттин акчасы үчүн өлүп-тирилип атасың, – дешип– баланын келечеги кандай болорун, тууган менен дос-теңтуштан каларын, чындап келсе, же өлүү же тирүү экенин билинбей деле каларын сүрөттөп айтып беришти. Бир топ жерге чейин үн катпай жүрүп отурушту. Тимур тигилердин айткандарын көз алдына элестетип, ары-ойлонуп, бери ойлонуп жатып акыры билгендерин айтып бергени менен милийсаларга андай маалымат маанилүү эмес болуп чыкты.

– Көрдүңбү, Самар сага өзү эмне кылып жүргөндөрүнүн четин да билгизбептир, сен болсо ал үчүн жаныңды чабасың, ойлобойсуңбу, Самар сага тууган болуп бермек беле, эшек, сендейлер ага колундагы шакектей, бирин атып кетсе, башкасын алат -деп капитан наамындагы Арстанбек боз баш балага күйүп айтты.

– Бандиттик романтиканын аягы – эң жакшы дегенде– түрмө, башка жолу– арак менен наркотик, же сен киши өлтүрөсүң, же сени бирөө өлтүрөт. Ошону каалап бардыңбы Самарга?

– Жок, мага алар турмуштун чыныгы кожоюну болуп көрүнчү.

– Атаңдын башы, ошол сен айткан «кожоюндардын» колу чыканагына чейин кан, кимдин артынан ээрчишти билип жүр! Акыл айткан милийса балдар Тимурду бир-эки муштап да жиберишти.

– Мээси жок, Самардын артынан ата-энеден айрылып торго кетесиңби?

– Идиоты, романтики хреновы...– машине айдап бараткан бала орусча сөгүнүп алды.

– Сендей акмактардын айынан бандиттер, уруулар көбөйүп, «пахандар» ээ бербей калышты...

Айтылгандардын баарын узак жолдо ойлонуп бараткан бала жашоосу кайда бурулганын эми түшүнгөнсүдү...

Бишкекке келгенде Тимурду торго салышты. Ага «Уюшулган кылмышкерлер тобунун мүчөсү, уруксатсыз курал алып жүргөн жана аны колдонгон» – деген коюлуп соттолуп, 3 жылга кесилип кетти. Айылдагыларга, баланчанын баласы бандит болуп казактын банкын тоноп, кармалып, кесилип кетиптир – деген кеп тарады. Аны уккан Айым таң калды. Тимур базарда балдарды башкарып жүргөнүн билет, а бирок бандит болуп кеткенине ишенбейт. Келгенден бери атасынан кантип кечирим аларын ойлонгон Айымга башка түйшүк кошулду. Айтмакчы, Тимур экөө жөнүндө эч бир жан билбейт, апасына да кеп кылган эмес. Апасы болсо кызы үйдө, колунда жүргөнүнө эле ыраазы, жумушка кетсе балдарынан санаасы тынч. Айым болгон оокатты жасаганы аз келгенсип, кийим тигип анча-мынча тыйын да таап калды. Кийинки убакта көп санааркаган кызынын:

– Атамдын бетин кантип карайм, апа, эптеп бир айласын таап, бизди жараштырыңыз– деген кебине

– Мени ойлобой жүрөт дейсиңби, анын да бир амалы табылаар, тирүү койгон Кудайым экөөңөрдү кантип табыштырбайт, балам, ак болсоң атаң ишенет, – кызын жубаткан Зумрат «андай кызым жок!» – деген атанын сөзүн баласына билдирген жок.

Эми атасы да, Тимур да ар качан кыздын оюнан чыкпай калышты.

«Ойноп күлсөң да, ойлоп күл» – деп айтылган элдин акылман сөзүнүн мааниси айылдагы Айымга да, алыста камакта жүргөн Тимурга да жете тургандай болуп калды.

Убакыт өтө берип, күнүмдүк көр тирлик, майда-барат жумуш менен таңдын кантип атканы, күндүн кантип батканы да байкалбай калат эмеспи. Зумрат күйөөсүнө кезектеги жолугушууга барса, шайлоонун шарапаты менен анын мөөнөтү кыскартылып амнистия боюнча чыгышы мүмкүн экенин угуп, бир чети кубанды, кайра эми кызымдын абалы кандай болот– деп ойлонуп калды. Сагынбек болсо түрмөдөн чыкса айылга барбасын мурда эле чечип алган.

– Балдарым кааласа келип катташаар, каалабаса аман болсун, алардан мага амандыгынан башка эчтекесинин кереги жок, – деп күнү-түнү түйшүктөнгөн оюн билдирди. Зумрат эми күйөөсүнөн, балдары атасынан тирүүлөй ажыраарын түшүндү.

– Кой, атасы, антпечи, кырсык болду, сенин ага кенедей да күнөөң жок, аны эл билет, ал тургай өкмөт сени өзү бошотуп жатат, эң башкысы – алтын башың аман, балдарыңдын күнүн көрөр өмүрүң, ичеер сууң бар экен, Кудайга күнөкөр болбочу!

– Кайсы бетим менен айылга барам, мен ошондой чечтим, балдар келгиси келсе жибер, мени көргүсү келбесе– таарынбайм.

– Конвой! – артта турган аскер баланы чакырып Сагынбек ичкери кирип кетти. Жаш кезинен кошулган жаркылдаган, тың, айылдаштарынын арасында өзүнүн да, сөзүнүн да баркы бар жолдошу аз убакыттын ичинде арык, көп сүйлөбөгөн, терс мүнөз адам болуп калганына Зумрат ичинен сызып, сыртынан билгизбей жылмайып кол булгап кете берди. Жолдон өзү:

– Мейли, балким шаарда жүрүп алаксып, балдарын сагынып, акыры кызын деле кечиреер. үйдө экөө маңдай-тескей отурса кандай болот, Сакеники деле туура го, – байкуш келин эмнени ойлоп, кандай иш кыларын билбей айылга жөнөдү.

 

Ошентип Сагынбек түрмөдөн чыгып, ошол жерде иштеген милийсанын таанышынын шаардын четиндеги мал кашарында кой багып калды. Элден алыс жер, аны көргөн-билген жок, сурамжылаган киши жок, малдын артында жүрүп, бир аз тынчыгансып калды. Бир-эки жолу Зумрат келди, кийинки келгенинде балдарды ала келерин айтты. Эми Сагынбек аларды күтүп, камынып, кокус бүгүн келип калбасын-дегендей ар дайым сакал-мурутун кырынып, кийимдери эски болсо да таза күтүүнүн аракетинде болуп жүрөт.

Тимурдун жагдайы башкача. Ата-энеси, эжелери колунда болгон мүлкүн сатып, жарым жылдан кийин баланы эптеп, тааныштан тааныш салып жатып түрмөдөн чыгарышып, өзүүндөй болуп ар кандай майда-барат кылмыш кылгандыгы үчүн кесилип кеткен, бирок шаардын четинде бир жайда чогуу камакта жатып иштегендердин арасына «поселение» – деген эрежедеги тартиби да талабы да жеңил жайга котортушту.. Үйдөй болбосо да бул жер түрмөгө салыштырмалуу бейиш эле. Өз жолун, тагдырын өзү бузуп алган Тимур абдан түнт болуп кетти, жанындагылар менен сүйлөшпөйт, зарылчылык болгондо гана бирөөгө кайрылса кайрылат, болбосо тамекини да жалгыз отуруп чегет. Адегенде бул жердеги «тартип кармоочулар» кепке тартып, мамиле түзүүгө далалат кылышты. Болбоду. Кийин бир-экөөнү жиберип себепсиз тийишип да көрүштү. Ошондо Тимурдун чыдамы жетпей, өзүн токто албай тигилер менен аябай мушташты. Арачыга түшкөндөр:

– Кызылдай жинди турбайбы, тек жайына койгула, өлтүрүп деле салчудай...– дешкенинен улам, эч ким деле жолобой калган. Керели –кечке ар кайсы жактан табылган жумуштарга барышат, жумуш жок болгон күнү өздөрүн кайда батырарын билбей кагып калышат. Ырас, колу бирдеме билгендер майда-чүйдө жасап алаксыйт, көпчүлүгү баягы эле карта ойномой... Ошонун арты менен бири-биринен акча, тамак, тамеки утуп алышат. Өзүндө жок болсо келген туугандарынан, тааныштарынан сурап атып кутулушат. Ошол оюндун артынан түн ката сабалгандары, коркутулгандары канча... Тимур ар бир күндү санап, бул жерден чыгарына кээде ишенбей да кетет. «Айымды жалгыз калтырып, өзүмдөн дайын жок, мени алдап таштап кетти– дээр. Айласы куруса айылга эптеп жөнөөр...– деп бала санаасын басымыш болгону менен, ою он бөлүнөт. Жакында эжеси келгенде уялып атып:

– Баланчанын Айым деген кызы менин классташым болчу, кайда экен, шаарда же айылда бекен – сурасаңыз – дегенине эжеси ичинен: «Кудайга шүгүр, бала кыз жөнүндө сурап калса, демек жашоого үмүт салганы» – сүйүнүп кетти.

– Биле келем, жакын арада билсем кабарлайм– деп коштошуп кетти.

Күндөр күнгө тогошуп айлар кетип, бир топ убакыт өттү арадан...

Бир күнү эле айылдагылар:

– Бишкекте эл толкуптур, Акаев качыптыр, баланчанын баласы телефон чалыптыр-деген кеп чуу тарады. Баары телевизордун мадайынан чыкпай калышты.

– Бийлик алмашты, балдар чогулуп шаарга кетип жатат, ким барат, жүрү – болуп атышып айылдагы жоон топ жаштар да Бишкекке жөнөштү. Барганда эмне кылат, кайда барат ачыгын деле билишпейт. Чакырган кишинин артынан кете бермей...

Кырда кой жайып жүргөн Сагынбекке кожоюндан чабарман келип:

– Малды тез айда, айылдагы туугандарга бөлүштүрүп, өзүң убактылуу шефтин атасыныкына барасың, жыргалбай жашоо бүттү, эл тынчып калганда кайра келесиң – деген бойдон шашып кетти. Ошол буйрук айтылганга чейин деле кожоюнду бир-эки көргөн, эми болсо Сагынбек кожоюнду такыр эле көрбөй калды. Сокулуктун тегерегиндеги бир айылда турган анын атасынын малын каралашып калды. Балдарынан кабар алып: «Ырас, айыл ичи азырынча тынч экен, дуулдаган шаардыктар эле, же өзү тынч болбой, же башкаларга жашоого бербейт, акыр заман келе турган болду го, – деп карыяга кайрылды.

– Э, балам, элдин пейили бузулса заман да бузулат – баласынын оокатын карап, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон чал мурдагы бейпил турмуш болбосун түшүнүп, балам аман болсо болду-деп турган кези. Совет убагында партияга өтүп, колхоздун атка минерлеринин бири болуп турганда ушул уулун шаардан окутуп, кайра колхоздун жылуу орундарына отургузууга аябай далбас урган. Тилегени орундалып уулу айткандырынын баарын туура аткарып, беш-он жылдын ичинде элдик мүлктүн бир тобун эле өзүнө таандык кылып алды. Колхоз ыдырагандан кийин «жеке фермер» деген ат менен айылдаштарын жумушка мал бакканы алып, баягы жыйган мал-жанды көбөйтүп, байлыгына байлык кошулуп ирденип калган. Эми болсо минтип бийлик алмашып, дагы кандай заман болот деп, атасынын акылы менен малын туугандарга жашырып, өзү Москвада окуган кызына кетти болуп акырын жылып, аялы экөө Кыргызстандан чыгып кетти. Себеби, кайын-журту качып кеткен президент жактан эле... Мунун баарын Сагынбек кийин билди. Азырынча баш калкалаган жери ушул болду. Балдарын сагынып чыдабай, акыры Зумратка телефон чалып, уулдарын шаарга алып келүүсүн суранды.

– Шаар азыр тынч эмес, Саке, бир аз кое туралы – деген Зумраттын сөзүн да эп көрүп, ойлонуп калды.

– Балам, ичиңде бугуң бар көрүнөт, айт дебейм, бирок колдон келсе жардам берейин.

– Рахмат, аксакал, балдарымды сагындым, канчадан бери көрө элекмин.

– Барбайсыңбы анда!

– Жок, айылга мага жол жок.

– Анда бул жерге чакыр, келсин, ушу турган жерде кантип келбесин, чакыр

– О, аксакал, ойдо жок жерден жыргаттыңыз, эртең эле келгиле дейин – Сагынбек сүйүнүп, Зумратка кабарлашты.

Бийлик алмашып, эртең эмне болорун билбей турган эл адегенде бир солкуп алды эле, кийин анча-мынча жакшылыкка окшогон иштер болгону менен эч нерсе өзгөрбөй, бийликке кызыккандар гана жан далбас уруп, карапайым калк баягыдай эле жан багуунун, өз жашоосунун азабы менен калды.

Жаңы бийликтин жардамы абактагылардын кээ-бирине тийди, анткени «амнистия» жарыяланып, далайы эркиндикке чыгышты. Ошонун шарданы менен Тимурдун атасы да баласын кесилген мөөнөтүн кыскартып, бошотуп алды. Тимурдун:

– Айылга барбайм, шаарда калам – деген сөзүн угаары менен баласын бир муштады.

– Барбай көрчү, айтканымды кылбай көрчү, атаңдын оозун урайын десе, өзүң билип, шаарда жашап эмне болдуң!? Экинчи шаар дегенди кулагыма угузба, үйгө барып, короо-жайды карап, баш-көз болосуң, мен айткан кызды алып жашайсың! Болду, башка сөз жок!

Ачуусу келген атасына Тимур каяша айта албады. Канча убакыттан бери атасын эмне деген азапка салганын эстеп ооз ачпады.

Ата-бала унчукпай машинеге отуруп, айылга кирип келгиче Тимур үн каткан жок. Короого машине киргенде көзүнө жаш алган апасы колуна суу куюлган чыны алып чыгып, баланын башынан тегеретип, жалынып –жалбарып үйүнө киргизди. Жаңы көйнөк-шым кийип, бети-башын таза жуунган Тимур жакшынакай салынган дасторконго отурганда толкунданып, тамагы буулугуп, көзүнө жаш алды. Жанында отурган апасы менен атасынын тез эле карып кеткенин, ошол санаанын себепкери өзү экендигин, ичиндеги бугун чыгара албасын түшүнүп, энесинин колун өөп, атасынын ийнине башын жөлөп:

– Кечиргиле, мен силерди абдан уят кылдым, – ыйлап жиберди...

Тигилер бири-бирин карап, бала жаңылганын түшүнүптүр -деген кыязда, ичтеринен сызып, билгизбей отурушту. Бир азга болсо да бул үйдө санаалар жоголгондой болду...

Бийлик алмашканы көп адамдардын ой-мүдөөсү ишке ашчудай болуп, кадимкидей канат күүлөп калышты. Баягы Самар достору менен кайрадан байланыш түзүп, акырындык менен иштерин оңдой баштады. Эми алар чогулуп, арасынан бирөөнү кандай гана болбосун бир кызматка же Жогорку Кеңешке жылдырууну максат коюшту. Баары эле тийиштүү чөйрөдө таанымал болуп калгандыктан, Дерешти депутат болууга ат салышсын – деген бүтүм чыгарып, каражат, иштей турган адамдарды даярдого кам көрүлө баштады, Дереш канчалык моюн бербей макул болбосо да Самардын айтканынан чыга алган жок.

– Эгерде депутат болуп калсам– ал жерден кантип иштейм, эмне кылам? – Дереш ойлорго чөмүлдү. Канткен менен жалдап келген журналист, чач тарач, дизайнер өз ишин кылдат аткарышып, Дерештен кол менен жасагандай зыңкыйган талапкер чыга келди. Башка атаандаштарына караганда каражаттан кысылбагандыктан ал кыйла алдыга озуп чыкты. Эл дагы аны жакшы билбесе деле Дерештин атынан таратылган белектер, акчалар, «кийин баарын жыргатам» -деген убадаларга ишенип, өз добушун салууга сөз берип жатышты.

Сагынбек теледен, гезиттерден болуп жаткан окуяларды угуп, кантсе да балдарына барууну чечти. Ошол эле кечте жолго чыгып, түнү менен айылга жетти. Иттин үргөнүнөн улам сыртка чыккан Зумрат Сагынбекти көрүп:

– Айым, балдар, атаң келди!-

Аталап чуркап чыккан балдарын көргөндө Сагынбек – ушунча убакыттан бери кантип чыдап жүргөнүнө таң кала ойлой кетти. Балдарын, кызын кучактаган учурда жүрөгү сыздап, бир нече майда ийне сайгылап жиберди, буттарынын күчү кетип, турган жеринен жыгылды. Айыл ичинде түнү менен доктурга жеткирүү кыйла эле азап эмеспи, Зумрат балдары менен ары-бери чуркап, машинеси бар кошуналардыкына барып, Сагынбекти салып алып районго ооруканага жөнөштү. Ал жерде түнү менен иштей турган дарыгердин үйү жакын болгондуктан кечки тамакка кетиптир. Далбастап доктурду алып келишип, аппаратура менен дары –дармектерди дайындагыча эле бир топ убакыт өтүп кетти. Сагынбек бир далайдан кийин эсине келди, бирок адам болбосун түшүнгөн медиктер Зумратты сыртка чакырып,

– Машинедеги балдарын чакырыңыз, коштошуп калышсын, – дегенде тигинин алдындагы жер айлан көчөк болуп кетти.

– Кантип, канча жылдан бери балдарын сагынып жүрүп эми жүз көрүшкөндө ушундай да болобу! – башы тегеренген Зумрат балдарын чакырып:

– Атаңар доктурга дагы жатат экен, кирип чыккыла.

Кызын четке чыгарып:

– Айым, балам, атаңдан кечирим сура, азыр батасын алып кал, эртең кандай күнгө туш болобуз бир Кудайым өзү билет...Энесин жалт караган Айымдын жүрөгү жамандыкты сезип, денесин калтырак басып бөбөктөрүнүн артынан палатага кирди. Өңү купкуу, бети-башына түтүк оролгон атасы көздөрүн алайтып үрпөйгөн балдарын көрүп, алар чоочубасын дегенсип, алсыз жылмайган болду. Айым атасынын жанына келип, колунан өөп:

– Ата, кечириңиз, мен Кудай алдында, Сиздин алдыңызда акмын – деп, башын жерге салып көзүнүн жашын көлдөтүп отурду.

– Ыйлаба, кечирдим, – оозун араң кыбыраткан атасы кызын нуру өчкөн көзү менен карап, уулдарын алсыз колу менен сылагандай болду.

– Балдарды чыгарып кеткиле, – ооруулунун жанына шаша кирип келген доктур менен медсестра аппаратурасын карап, ийне даярдап калышты. Боздоп ыйлаган Зумрат балдарын жетелеп сыртка чыкты. Эмне кыларын билбей турган Айымдын жанына ак халатчан бирөө келип:

– Айылдан туугандарды чакыргыла – десе деле бир туңгуюкка кирип кеткен сыяктуу, колуна телефон алып жакын жеңелеринин бирине чалды:

– Жеңе, силерди доктур быякка чакыртып жатат.

– Ыя, эмне балакет болуп кетти, тынччылыкпы деги!

Кызынын колунан телефонду алган Зумраттын:

– Биз болбой калдык окшойт, келгиле – деген сөзүн уккан жеңеси,

– Алда каран күн ай, кичине бала шаарда эмес беле, эмне балакет болуп кетти? – деп тызылдаганда:

– Жеңе, тезирээк келгиле, калган сөздү кийин угасыңар – Зумраттын айтканынан улам токтоп калды. Туугандары чогулуп районго жөнөп кетишти.

Эртеси айылдагылар:

– Баягы шордуу Зумраттын күйөөсү каза болуптур, балдары жаш эми кантет, Сагынбек жакшы киши эле, жанагы жашабагыр кызынын айынан кесилип кетпедиби, – сыяктуу кептерди айтышып, топурак салганы бара жатышты.

Айымдын атасы жөнүндө уккан Тимур башкалар менен чогуу барып куран түшүрдү, аялдар боз үйдө отургандыктан кирип көңүл айтканга даай алган жок. Эл арасында айтылган сөздөрдү угуп алып ичинен ар кандай ойлорго батты. «Апам Айымды энеси бирөөнүн үйүндө жүргөн жеринен таап келиптир, такыр эле башкача болуп калыптыр, келгени көчөгө чыкканын көргөн жокмун, байкуш кыз тууралуу ар кайсы кептерди айтышат, элдин оозун ким тыйат, чындыкты атасы экөө эле билет да, – деп айтпады беле, апасы тиги квартирадан кантип тапты экен...».

Башкасы аз келгенсип Зумрат эми жесир, балдары жетим калды. Куран окутуп келген элдин алдында Айым араң чыдап отурду:

«Атам аман калып мен өлүп кетсем болмок, – көргөн күнүбүз эмне болот, алда Кудайым ай, мынча тагдырым оор»...– боздоп ыйлап жүрдү...

Өлгөндүн артынан өлмөк кайда...

Жашоо улана берет, тирүүлөр көр-тирлик менен алаксып, аны кыламын, муну жасаймын – менен күндөр чубап, биринен-бири сала кете берет...

Тимурдун атасы колукту алып берип баланы айылга кармап калуу үчүн кемпири менен сүйлөшүп тымызын кыз караштыра баштады. Анткени менен бир-эки көздөгөн жерге айттырса:

– Ал бала түрмөгө түшкөн, кызымды андай балага берип койсом кийин кандай болорун ким билсин, биз кызыбыздын багын тилеген ата-энебиз – сыяктуу жооп алды. Катуу ойлонду. Башка айылдардан караштырганы менен кийин деле мындай сөздөр айтылат.

– Чунакты шаарга кетирип жибере албайм, бир барганы эле он жылга тете болду, атаңдын оозун урайын чычым, эмне кылам эми...– атанын ою онго санаасы санга бөлүнөт, энесинин баш оорусу бар болгондуктан үй-бүлөдөгү иштердин көбүн өзү чечип калган Тынарбек Тимурга чындап келинчек табылбай калабы-деп чоочулап жүрдү.

Айыл арасы шайлоо шарданы менен уруу-уруу болуп бөлүнүп, «өзүбүздүн балдарыбыз турса, тигини эмнеге шайлайбыз, баланча деген биздин жердешибиз болот, ошого добуш берели» – деген таризде үгүт иштеринде болуп жатышты. Иштегени иштеп, иштебегени элдин шары менен сүрмө топ болуп жүрүп акыры шайлоосу да өттү.

Тааныштардын, колдоочулардын тамагын, чөнтөгүн жакшы эле майлаган Самар менен жолдошторунун аракети оңунан чыгып, баягы эч ким тааныбаган Дереш депутат болду... Эми Самардын жолу ачылып, тигинин аты менен иштерин каалагандай бүтүрөрүндө шек жок... Самар Дерешке жардамчы, тагыраак айтканда жан сакчы катары кайдан болсо да Тимурду табууну чечти. Ал баланынын айынан жоголгон акчанын изине чыгып болгон иштин чоо-жайын Тимурдун өзүнөн билгиси келди. Мурда кара жанын сактап, жоготконуна да кайыл болгон Самар эми баарын өз ордуна коет, баарына баштагыдай бийлик жүргүзүп, көнгөн турмушун эңсеп кайрадан ага жетишкенгенге аракет кыла баштады.

Э оболу ал баягы уурдалган акчаны кайтаруунун амалын издеди. Жандоочу жигиттердин бирин Тимур мурда иштеп жургөн базарга, эжесине жиберип дайынын билүүгө тапшырма берди. Тигиниси шуулдап ошол эле күнү кечинде жетип келди.

– Шайлоого карата мунапыс берилгенден кийин Тимоханы ата-энеси айылга алып кетиптир, эжеси ыйлап «Болгон малыбызды, жыйган-тергенибизди берип атып, араң куткарып алдык, баланы жайына койгула, анын эч нерсеси калган жок, убалы силерге жетсин» – деп каргап да жибергенин айтып, «кожоюнду» карап туруп калды.

– Демек, бала бар экен, сен бара бер! – Самар башын ийкеп койду. Ошол күндүн тартып Тимурдун тагдыр жолу бирөөнүн айла-амалы менен дагы бир ирет бурулду.

 

Айылдын чаңын бырпыраткан иномарка түз эле Тиманын үйүнүн алдында токтоду, ке далылуу олбурлуу эки жигит шашпай басып келип короонун оозуна келишти. Ары жактан арсылдаган итке көңүл бурбастан тигилер бирөөнү күткөндөй туруп калышты. Терезеден карап турган үйдүн ээси бул жаналгычтар баласын издеп келгенин сезгендей аларды эптеп жолго салуну ойлоп сыртка чыкты.

– Ассалоум алейкум, аксакал!

– Жол болсун, баатырлар!

– Тимурду чакырып коюңузчу!

– Ал бала шаарга кеткен, иштери бүүткөндө келмек.

– Аксакал, эмесе кеп мындай: Тимурду «шеф» күтүп жатат, сөзү бар экен, тез арада табылып калса өзүнө эле жакшы болот, андай болбосо башкача сүйлөшөбүз.

– Кайсы шеф, ал деги ким эле, Тимур бизге айткан эмес, базарда иштеп оокат кылган жеринен камалып кетпедиби, күнөөсү жок экен – акталып чыкты!

– Балаңыз айтпаганы жакшы, силерге жакшы дегеним, анын иштери тууралуу биз да жакшы билбейбиз, билбегенибиз бизге да дурус. Ошентсе да айтып коюңуз, шеф чакырып жатат. Тигилер машинага шак-шак отуруп «зуу» койду. Артында уюлгуган чаңды карап турган атанын жүрөгү жаман нерсени сезгендей тыз-тыз сайгылашып кетти.

Ички бөлмөнүн терезесинен карап турган Тимур буларды тааныды, Самар анын изине түшкөнүн, кайда жүрсө да бу жер үстүндө алардан качып кутулбасы беш колундай эле. Кирип келген атасынын суроолуу да аянычтуу да: «Дагы кандай балакетке аралаштың эле, – деген карашынан көзүн ала качты.

– Балам, апаң жокто ачык сүйлөшүп алалы. Тигилериң жөн келген жок, артыңда дагы кандай чууң бар эле, экөөбүз акылдашып бир айласын табаарбыз… менден жашырба, уулум. Бул дүйнөдө энең экөөбүздөн башка бир жан сага күйбөйт, ошону билип жүр. Тимурдун муундары калчылдап, үнү кыргылдана түштү.

– Билем ата, бирок менин иштериме силерди арлаштырыгым келбейт, ансыз деле бир мен үчүн канча азап чегип жатасыңар…

– Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс аяк болбойт, уулум, биздин көзүбүз турганда жолунду ачып ал, кийин такыр эле адашып калып өкүнүп калба. Атанын бир топ олутуу сөздөрүнөн улам Тимур башынан өткөндөрүн айтып берүүнү эп көрдү. Бирок Айымга тиешелүү жагын эч билдирген жок.

Атасы көпкө чейин тунжурап унчукпай отурду.

– Эми болору болуптур, эң башкысы – көп ойлонбой иш кылган алдыгы мадыра башыңды аман алып калуу. Тиги жан алгычтар сени соо койбойт, алардан кайда качып кутулмак элең, калган мүлкүбүздү бүт сатсак да уурдалган акчанын ордун толтура албайбыз, бу желмогуз ажыраган байлыгын сенин колуң менен кайтарып алгысы бар го. Кийимиң бүтүн, кардың ток, чөнтөктө акчаң бар туруп ушуларга эмнеге, кандай артык жыргал турмуш издеп бардың? Баамымда сен да оңой-олтоң, бирөөнүн оокатын тартып алып жеңил жашоону эңсеп өмүрүң жалаң гана жыргал менен өтөт десең керек. Андай турмуш убактылуу гана болоруна, андай турмуштун куну өтө кымбат болоруна алдыгы чолок акылың жетпесе керек… Тигилердин турмушун каалап ошолордой тагдырды өзүм бийлетемин десең керек. Мына аягы кандай болорун турмуш өзү көрсөтүп койду. Эми изиңе түшүп алышты, алчусун алмайынча жаныңды койбойт, бир айласын табуу керек…

Тимурдун атасы турмуштун далай оош-кыйыштарын башынан өткөргөн адам, баласын тигилерден куткаруунун жолун издей баштады. Оболу Тимурду кимдин кызына болсо да үйлөнтүп, келинин барымтага салып берип аз болсо да убакытты созуп, үй-жайын, болгон мүлкүн сатып, жетпегенин карыздаса да, баласын аман алып калуу. Ансыз деле баласын айылга алып калсам деген мурдагы ою ого бетер күчөдү. Тымызын тапкан айла-амалын билгизбестен: «Жарык дүйнөдө жүрсө көр тирлик өтө берет» -деген ою менен байбичесине:

– Баланы үйлөнтсөк жакшы болор эле, шаарга кетем эле дейт, жанына караан болот, биздин да санаабыз тынчып калат.

– Ырас эле болмок, бирок Тимканын (энеси эркелетип баласын ушинтип айтчу) окуясы элге угулуп калды, – эки жерден «аткез» да болду, биз менен куда болчулар табылабы?

– Жаш кезде жаңылыштык боло берет, баланын өмүрүн тилейли, башкалардан эмнеси кем, чекеден чертип туруп кыз тандап таап берем – деп күпүлдөгөн күйөөсүнүн сөзүн кайырбаган зайыбы ичинен башка ойлорго чөмүлдү: «Балам кыз чана турган жигиттерден эмес, ортодо шайтан азгырып түз жолунан адашпадыбы, Кудайым бар экен, эптеп чыгарып алдык, мындан аркысы жакшы болсун»…

– Туура айтасың, атасы, ары-бери издештирип, айыл-ападан сураштырып керек болсо төркүн жактан сурап билейин.

– Ашыкпа, кулак салчы, антип элге билдирип, «баланча уулуна дагы эле кыз издеп жатыптыр –деген кептин кереги жок, адегенде балаң менен сүйлөшүп көр, балким жактырганы бардыр, болбосо анан өзүбүз байкаштыралы. Азырынча эч ким эч нерсе билбей турганы дурус – Тынарбек бирөөнүн баласынын куну менен өз баласын куткаруу үчүн кылган амалын ичине катты.

Апасы баласынын сырын билейин кыязда Тимурду кепке тартса:

– Азырынча үйлөнөйүн деген оюм жок, анын үстүнө шаарга иштесем, аз да болсо карыздардан кутулууга жардам бермекмин…

 

– Шаар-марыңды кой, көрдүк го аныңды! Карыздан да кутулабыз! Баягы союз жылдарында Атыр жеңе дүкөнгө аябай көп товар төлөмөр болуп кесилип кетеринде жалпы туугандар карызын көтөрүп, өкмөткө төгүп берип алып калганбыз. Мына азыр бала-бакырасы менен жыргап эле жашап жатат. Ошол кезин унутпаса алар да бизге каралашар. Андан көрө атаң экөөбүздүн алыбыз келип турганда үйлөнүп ал, бөбөктөрүң да бой тиреп келе атат, аларга да баш-көз болуп, бутуңарга туруп алсаңар жардам берип дегендей… Баласы сөзүнө муюгансып калганын байкаган энеси:

– Айтчы, балам, көңүлүңө жаккан кыз-кыркын бардыр? Ата салты менен барып куда түшүп, той кылалы.

Тимур бир чети уялды, ата-энеси кыйналып абактан алып чыкканы аз келгенсип, эми минтип үйлөнтөбүз деп кам көрүп жатканын аяды. Ошентсе да үй-бүлө күтүп алса, кийин түз жолунан бурулбас, балдарын ойлоп дегендей, ата-энесинин да санаасын тынчыткысы келди.

– Байкуштарым, бир мен үчүн эмне азап тартышпады, атам болгон иштин чоо-жайын билет, балким булардыкы деле туурадыр…Деги айтканы менен макул болуп турайынчы, кийинкисин көрө жатарбыз – деп Тимур апасына:

– Тиги Сагынбектин кызын билесиз да, бир класста окуганбыз, жакшы эле кыз го?

– Ким, Айымбы? – Зарылкан чоочуп кетти. (Балекет баскырдыкы, аны эл эмне гана деген кеп кылып жүрүшөт)– оюна кеткенин баласына билгизген жок.

– Ии, тааныйсыз да, азыр үйүндө жүрүптүр, шаардан апасы алып келиптир, балдар айтышты.

– Ий, балам ай, ал кыз шаардан сойкулук кылып жүргөн жеринен атасы кармап алыптыр, ошонун айынан киши өлтүрүп кесилип кеткен. Кийин чыгып келгенде каза болду, жүрөгү начар экен. Жайнаган кыздын арасынан жактырганың ошобу?

– Апа, Сиз айткандардын баары жалган сөз, ал жерде кокустук болгон, эл болсо бирди миң кылып айтаарын билесиз го!

– Куураган балам, атаңдай айтканыңдан кайтпаган мүнөзүң бар, кийин кепке сынбагандай боло аласыңбы, уккандарыңа чыдап туруп бересиңби? Жакшылап ойлон, балам!

Кечинде Зарылкан болгон кепти төкпөй-чачпай жолдошуна айтып берди.

– Чунак баланын кылганын кара, а бирок ал иштин ак карасын ыраматылык Сакем менен кызы эле билбесе, эл аны айтат-муну айтат, калп-чынын аралаштырып жиберет, балким Тимурдун да бир билгени бардыр. Тынарбек баласы айткан кызды деле жакшы тааныбайт, тек гана айылдагы кептерден улам аны сыртынан эле: «Жашабагыр, бешиктен бели чыга элек жатып кылганын карасаң, Сагынбектин эл караган жүзүн жер каратып. Мени кара, бирөөнүн кызына сынтагып коем, Тимканын кылыгычы, – кабагын бүркөгөн чачын ак аралаган орто жашар адам оор үшкүрүнүп алды. «Балам, балам дейт экенбиз, же балаң аны билбейт, баарына чыдап көтөрбөскө айла барбы, баланын өмүрүн тилейин, баарын аманчылык жеңет эмеспи»…

– Байбиче, балким уулуңа ошол кыз туурадыр, ойлонуп көрсөң, айыл ичинде биздин баланы деле кеп кылып, ар кайсыны айтып жүрүшпөйбү, анан ким бизге кызын берип куда болгусу келет дейсиң. Өткөндө бир-эки жерге айттырсак, жообу тиги болду. Жакшылап ойлонуп көрчү, эки бакыр-бир тукур дегендей экөө бири-бирине жарашат. Акыры көңүлүдөрү туура келсе эл катары жашап кетеер…

Тимурдун атасына Сагынбектин кызы «жаналгычтардан» кутулуу үчүн эң ылайыктуу болуп жатпайбы. Анткени издеп барар атасы жок, энеси кичине балдары менен чыгынып артынан бара алабы жокпу, ким билет… Тыңыраак туугандары жокко эсе…Эми алардын ишенер адамы Тимур болуп калат да. Тынарбек зайыбын көндүрүп уулуна Айымды алып берүүнү көздөп калды.

Айтканга оңой болгону менен бул иштин да өзүнчө машакаты бар эле. Атасынын каза болгонуна жыл чыга электе кызы турмушка чыгып кете албаса керек, ошондуктан энесин, туугандарын көндүрүү керек. Алар макул болобу, жокпу?.. Ортого кадыр-барктуу эл сыйлаган адамдарды салып, адегенде Зумраттын кабак-башын байкап анан кызына жуучу жиберсем, туура болоор – деген кыязда Тимурдун атасы өз алдынча кам көрө баштады.

Самар балдарына Тимурду таптырып алып, баланы коркутуп-үркүтпөй, акырындык менен казактардын изине түшүп, жолун ким тороп жатканын, кайсы эр жүрөк даап байлыгына көз артып кара күчкө салып тартып алганын билгиси келди. Билип эле тим болбостон алдырганын кайтарып, тиги эргулдарды жер менен жексен кылгандан кайра тартпай турган чагы. Дерештин депутат болушу – Самардын жүзөгө ашырган эң жемиштүү ийгилиги, анткени анын колдоочусу бийликте отурат, прокуратура жана милийса тараптан шыбыш билинсе жаап-жашыра турган кишиси, каражаты бар. Өзүнүн мурда токтоп калган анча-мынча бизнеси жанданып, көмүскө жүргүзүлгөн бухгалтерия аз өлчөмдө чыгарып берген салыктарды төлөп катардагы ишкер болуп калды. Аны менен жаңыдан таанышып иш жүргүзгөндөр: «Болор-болбос киреше менен жан бакан адам» – деп айтышар. Ушу сөздөргө жетиш үчүн Самар аябай аракет кылган. Мингени орточо баадагы иномарка, акчаны чачпайт, ар кайсы жерге барып көңүл ачканын бизнес чөйрөсүндөгүлөр деле көрбөйт. Ошентип Самар көптүн бири болуп жүрөт. Андай болгону менен башка иштердин ана башы, уюштуруучусу, бир топ соода базарлардан салык алуучу, «зонадагы пахандардын» ишенген адамы экендиги көпчүлүккө белгисиз бойдон калууда. Анын көздөгөнүн эч бир жан билбейт…Бул заманда бирөөгө сырын айтып тымызын иштерине аралаштыруу эмне менен бүтөрүн билген Самар Дерешке гана ишенет, жалгыз ошо менен сүйлөшүп кеңешет. Тимурду алдырып келип депутаттын жан сакчысы кылып жанына байлап анан ойлогонун ишке ашырмакчы.

Карасы түшө элек Зумрат багарынан айрылгандан бери кайгыдан баш көтөрө албайт. Айылдагы кадырлуу эки байбиченини кирип келгенин көргөндө:

– Булар баягыда куран окутуп келишти эле, дагы бирдемеси чыга калган го, деги тынччылык болсо экен – деп Зумрат аларды утурлай тосту.

– Кагылайын, коркпо, жөн-жай эле келе жатабыз, такыр мөнкүрөп баратасың, жанына отуруп бир аз эрмек бололу дегендей…

– Келгиле, төргө өткүлө, мага да жакшы болот, алаксып турайын, Айым, апаларга чай даярда!

Ары жактан идиш-аяктын үнү чыгып, конок камы башталганы билинип жатты. Бир аздан кийин келгендердин алдына чайын да тамагын алып келген кыздын шайдоот кыймылын байкап отурган байбичелер бири-бирин карашып, кепти алыстан баштап, мында келген себептин аныгына өтүштү.

– Зумрат, кайрат кылып, белиңди бекем бууп, балдарга эми сен баш-көз болосуң, кызың бойго жетип калыптыр, ал бирөөнүн бүлөсү эмеспи. Уулдарың четинен үйлөнө баштаса, куда күтүп дегендей, эми эле очор-бачар болуп, корооңдо неберелериң чуркап сени чоң энелеп этектеп калат…

– Аа, Кудайым десең, ал деле эми эле болот, балдарың аман болсун– экинчи кемпир тигинин кебин коштоп кетти.

– Кызың канчага келип калды?

– Быйыл жыйырмага толду, бул байкушума да кыйын болду…– Зумрат кызын актагансып, айыл арасындагы кептердин төгүнү жок экенин билдирген болду.

– Элдин оозун ким тыйат дейсин, бир сөздү чала-була угуп алып, анысын он эсе көбөйтүп жайып жиберет эмеспи, аларга көңүлүңдү буруп жүрөгүңдү оорутпа, кызыңа өзүң ишенсең болду.

– Кызымдын кенедей да күнөөсү жок, Сагынбектин мурда эле жүрөк оорусу бар болчу…Шаардагы досу ичип алып жыгылып кеткен жерден милийса Сагынбекти кармап мойнуна алдырып кесилбедиби. Мен эмне ар бир ушакчыга барып түшүндүрүп отурмак белем, айтып-айтып чарчаганганда басылат – оор улутунган Зумрат оюндагысын билдирди.

– Көп кейибе, айтыла жүргөн баягы эле сөздөр, Айым өзү жакшы кыз, анын эстүүлүгүн, журум-турумун баалап колун сурагандар четтен табылат – деген сөздөрдөн кийин чоочугансып караган аялга байбичелер эки жагынан чыгып сөздүн төркүнүн түшүндүрүп киришти.

– Тиги Тынарбектерди билесиң да, ошолор шаарда иштеген баласын үйлөнтөлү деп айыл-ападан жакшы жер караштырып жүрүшөт. Баса, силердин кызыңар менен чогуу окуптур го? – биринчи байбиче сонуркап койду.

– Ооба, тааныйм, Тимурдун энеси эстүү жан, мурда колхоз убагында актипдер кээде конокко чогуучакырылып калчу эмес беле, бир нече жерде болгонбуз. Тимур начар деле бала эмес го, угушума караганда бир кокустук болуп отуруп келиптир го, элден укканымды айтып жатамын да…– Зумрат кызын эстеп уланткысы келген жок.

– Тамакка карасаңар, Айым келегой, отур – кызына кол жаңсады.

Келген меймандар кыздын көзүнчө башка кептерди кобурап отурушту. Дасторконго бата кылып, Сагынбектин арбагына багышталып дагы бир ирет куран окулду. Кетеерде тиги экөө Зумратты тигиндей чыгарып алышып ачык сүйлөштү:

– Тынарбек жуучу жиберейин деп айттырды, акылынды миң калчап, кызың менен сүйлөшүп көрбөйсүңбү?

– Атасынын ашын бере электе күйөөгө кеткени туура болбостур, агайын-тууган деген бар, кыздын оюн билели, убакыт бар дагы сүйлөшөбүз – Зумрат ичиндеги уйгу-туйгусун билгизбестен, тигилерди жылуу-жумшак узатып жиберди.

– Тим койсо сыртыбыздан тон бычып баарын өзүлөрү эле билип чечип алгандарын кара… Атасы жок деп кызымды билгиси бар, байкушум ай, Сагынбектин көзү турганда чекеден чертип жигит тандамаксың... Зумрат кызы жөнүндө көпкө ойлонуп бактын ичинен чыкпай жүрө берди. Эмнеси болсо да атасынын ашы берилмейинче ал жөнүндө кеп болбойт, бирок балама айтып анын оюн угайын деген бүтүмгө келди.

Кийин, арадан көп жыл өткөндө Зумрат: «Ошондо туура эле кылыптырмын, жалгыз кызымды бактысына тоскоол болбой, – деп. Ал эми Айымдын жүрөгүн ошол Тимур өмүр бою ээлеп калганын биле элек…

Бир топ күндөн кийин кызы менен шашпай отуруп сүйлөштү:

– Сени менен окуган Тимурдун эмне болгонун уктуң беле, айылда жүргөнүнө бир топ эле болуп калды. Эми жаш кезде жаңылыштык болот эмеспи, ал да бир шайтан азгырыкка кабылса керек, дагы ата-энесинин анча-мынча жыйган-тергени бар экен, эжеси менен туугандары жардам беришип түрмөдөн чыгарып алышты. Атасы сага куда түшөйүн деп жатыптыр, атаңдын ашын бергенден кийин сүйлөшөлү дедим. Сенин оюң кандай, Тимур жакшы эле бала ээ? – кызын карады

– Ии, – башын жерге салган Айым үн каткан жок.

– Түшүнсөң, сен ыйлабагыдай болгон, сени сыйлаган жер болсо деп тилейм, менин жайыма койсо үйдөн чыгарбай эле жаныма алып жүрөр элем, айлам жок, сен бойго жеттиң, турмуш куруп балалуу болушуң керек… Негизи бала түзүк эле, жери да начар эмес, эгерде көңүлүң башкада болсо мен сени кыйнабайм.

– Апа, бардыгына өзүм күнөөлүмүн, оюндан от чыгарган да өзүм болдум, атамдын оор тагдырына да, өлүмүнө да мен себепкермин, мендей баланын барынан жогу – Айым бышактап ыйлап кирди.

– Кой кызым, антип өзүңдү жемелей берсең такыр чөгүп кетесиң, болору болду, атаң кайрылбайт, ыйлап кайгырып атып ал жактан бир да жанды адам баласы келтире алган эмес. Сен жашсың, жакшынакай турмуш куруп кетсең бизге жөлөк-таяк болорсуң, сенин бактыңды көргөндөн артык эмне бар дейсиң. Туура десең ошол эле Тынарбектин баласын ойлонуштуруп көрөлү, макулбу? Кызы башын билинер-билинбес ийкемиш болуп сырттка чыгып кетти.

Короону шыпырып жатып Айым Тимурду канчадан бери көрбөгөнүн, аны чынында эле сагынганын сезип, экөө шаардан бир аз да болсо кезигип, Тимур издеп келгенин эстеп, кубарган жүзүнө кызыл кирип, курбусуна болгон аео сезимдерин, кусалыгын эске салды…

Кийинки жумада келген жуучуларга:

– Карабызды алалы, элге шылдың кылбагыла, кызымды ыза кылып ала качпасын, өз колубуз менен узатабыз…– таризинде Зумрат келгендерди узатты.

Арадан мезгил учкан куштай өтүп ар ким өз турмушун кечирип, бири жетишкенине кубанып, экинчиси уттурганына кайгырып, түндү узатып, таңды тосуп, Кудайдан амандыгын, тынчылыгын тилеп өмүрүн улап бара жатты.

Сыртынан билгизбегени менен Тимур ичинен түпөйүл жүрөкзаада болуп жүрдү. Акыры атасынан суранып шаарга барып келмей болду.

– Мен барып иштерди бүтүрүп келейин, анан биротоло айылга калайын, барбасам болбойт, изиме түшүп алышты жашынып качып кайда бармакмын биротоло чечишип келейин.

– Тигилериң байма-бай каттап жаныңды койчудай эмес, барсаң барып кел, мейлиң, бирок биздин да санаабыз тынч болсун – колуктуңду алып чогуу кеткиле, – Тынарбек ичинен: «Замандын бузулганын кара, өз баламды жанкечтилерге салып берип атам, же бир бара турган, мени туура түшүнгөн милийса болсочу, а-дегиче эле торго камайт, атандын көрү тар дүйнө,…– деп улутунуп алды.

– Ата, аны кийин сүйлөшөлү дебедик беле, мен макулмун – бирок кийинчереек.

– Кой балам, мен сени качан келет деп күтүп отурайынбы, болбосо шаарга мен да барам!

Атасынын сөзүнөө бир чети күлкүсү келип, кайра аны аяган баласы:

– Жарыктык, Сиз барганда эмне чечилет, мен баарын өзүм бүтүрүшүм керек.

Атасынын кайтпаганын көргөн Тимур макул болбоско аргасы калган жок. Мындан бир аз мурда өзү атайын Айымга жолугуп сүйлөшкөнү менен эки жаш баштарынан өткөргөн окуялары тууралуу кеп козгогон эмес. Тимур кайгы менен санаадан чөгүп калган кызды көкүрөгүнө бекем кысып бардык азаптардан коргоп алгысы келди. Айым жаш толгон көздөрүн ала качып:

– Мен жөнүндө эл эмне гана кеп кылбайт дейсиң, көнүп да бүттүм, апамды аяп ойлоном, кийин инилерим үйлөнсө да далай сөз угушат да, Тима мен бир алыс жакка кетким келет, ошол бойдон дайынсыз элдин оозуна илинбей калаармын…

– Койсончу, Айым, өз эл-жериңден кайда качып, эмнеден барып кутуласың. Алар кимди гана ушак кылбайт дейсиң, андан көрө айтчы, мага ишенесиңби, өмүрүмдө эч бир кызга айтпаган сөздү азыр сага айтып жатамын. Айка, сени мектептен бери жактырарымды билесиң, бирок убагында экөөбүз сыр чечише албадык, а бирок сезимдерим солгундаган жок, жыл өткөн сайын күчөгөндөй. Башкалардын сөзүнө көңүл бурба, эгер макул болсоң сенин болушарың болоюн, экөөбүз ынтымактуу үй-бүлө болобуз, мен сени таарынтпайм. Өзү тың, «пахандар» менен далай иштерди бүтүрүп жүргөн өрт жигит болгону менен Тимур эмнегедир ушу кызга келгенде бу саам сезимдерин, ички сырын билдирүүгө сөз таппай кайсалап, Айымга оюн түшүндүрүүгө кудурети жетпей жатты.

– Мага ишенген апам менен эле ушул Тима, шаарда окуп жүргөндө эмнегедир башкаларга аралашып мага келсе качып жолуккум келчү эмес, кийин базарда иштеп жүргөндө да жаман балдардан качырган, ошондо эле жактырып жүргөнүмдү билдирсем, балким азыр баары башкача болмок – ойго баткан кызды:

– Айым, эмне ойлонуп калдың? – деген Тимурдун сөзү алаксытты.

– А, жөн эле, мага көптөн бери апамдан башка бир да жан жылуу сөз айта элек. Тимур, мен сага ыраазымын, сен дайыма оюмдасың, а бирок кийин кандай болор экен, досторуңдун тамашасына сынбайсыңбы, ата-энең менен туугандардын арасында мен кантип батаар экенмин. Айымдын жалжылдаган көздөрүн көргөндө жигит үчүн аалам бир тең жанында үлбүрөп турган кыз бир тең болуп турду. Эки жаш келечеги канчалык опурталдуу жана түйшүктүү болорун сезгенсип бири-бирин аяп жалооруп турушту.

– Апамдар сени жактырат, сага жакшы мамиле кылышат, туугандардан уялып корунба, айылда көпкө турбайбыз, шаарга кетебиз, бир аз иштеримди бүтүргөндөн кийин балким Россияга барабыз…

– Мен апамды, инилеримди кантип таштап кетемин, кыйналып калышат, сен шаарга барып иштеринди биротоло бүтүрүп кел, мен сени күтөм, тез-тез кабарлашып турабыз да, жүрөгүмдө жалгыз сенсиң – деп башын жерге салган Айымдын жүзүн өзүнө бурган Тимур саамайынан сылап, көздөрүнөн өптү.

– Айым менин, күнүм менин, мен сен үчүн баарына даярмын…

Ушул жайдын жылуу кечи кыз-жигиттин купуя сырларына ортоктош болуп, мурда-кийин эч бир жан билбеген далай сөздөрүн укту.

Борбордо болсо депутаттар мыйзамдарды жазып, аларды талкуулап «элге кызмат кылып», анын арасында жеке өз кызыкчылыгын көздөгөндөр да, өз иштерин бүтүрүп жүргөндөр да аз эмес. Дегеле жогору жактан карапайым элдин турмушу анчалык деле оор жана түйшүктүү көрүнбөйт болсо керек, анткени ортодогу аралык абдан эле узак… Көп депутаттын бири болуп Дереш да бийик отурат, анын айта турган сөзүн, тийиштүү комитетте аткара турган иштеринин баарын тейлей турган билимдүү жазмакер эки жардамчысы бар. Бирин шофер, экинчисин референт кызмат ордуна Жогорку Кеңештин штаттына каттатып, айлыктарын ойдогудай чыгартып берген. Дереш адаттагыдай эле Самардын гана айтканы менен жүрөт. Айылдан үй-бүлөсүн көчүрүп зангыраган үйдөн төрт бөлмөлүү квартирага киргизип койгон. Башынан ашык суроо бербей көнгөн жубайы асмандан түшкөндөй эле болгон азыркы турмушуна ыраазы болуп, ушундай жашоо бар экенине кээде өзү да ишенбей кетет. Самар досуна иши чыгып калса телефон чалып шаардын чет жакасындагы көптөгөн кафе-ресторандардын биринин жабык бөлмөсүндө жолугат. Бүгүн да экөө дүр-дүйүм дасторкон үстүндө жайбаракат отурат.

– Сага бир баланы жан сакчы кылып дайындайлы, ал жубарымбек казактарга баягы акчаны алдырып, жаракат алып доктурда жаткан жеринен биздин милийсаларга тарттырып жибергенбиз, ортодо ызы-чуу болуп убагында соттон алып чыга албай кесилип кеткен. Элдин колу менен жасалган революциянын пайдасы биздей пенделерге да тийет экен, дос. Жаңы бийлик мунапыс жарыялап ал баланы ата-энеси поселениеге чыгарып кетиптир. Эми бала табылгандан кийин «оокатыбыздын» ордун толтуралы. Канча жылдан бери жыйнаганыбызды бирөөнүн колунда калтырсак шылдың болобуз го…Эненди гана урайын казактар, артымдан аңдып жүрүп кол салганын карабайсыңбы. Ошол учурда бычакка сап балдардын көбүн Россияга иштер менен жөнөткөнбүз. Мында калгандардан Тимур эки жакка чыга элек, аны «кызылдар» билбейт деп жиберсек, чунактын кылганын көр, бир аз аярлап турбастан Бурдан экөө шашып кеттиби, айтор болору болду. Самардын оозунда башка сөз, ал эми ичинде башка ой: -«Ишенген балдар камалып кетти, калган бир-экөөнү казактар таанып калган, эч ким билбеген боз баланы жиберип шылдың болуп отурамын. Эч нерсе эмес, акыры көздөгөнүмө жетемин, мага даап мүлкүмө кол салган эргулдун башын кесип канын ичем!»… Дереш эчен жылдар бою досунун кылгылыктарын билсе да андан эч качан баш тартпайт. Мына азыр да Самардын айтканы айткан, дегени-деген болуп бардык сөзүнө кошулуп макул болуп отурат.

– Мурда сенин тарбияңды көргөн ал чычым бузулуп кете турган бала болбосо керек. Айткан себебим, кесиптештеримди жандап жүргөн боз балдардын кээ-бирлери бат эле өзгөрө түшкөнүн байкадым. Заманга жараша жаштар да башкача өсө турган болду… Эки «мыкты» кеп кылып жаткан балдар да, заман да өздөрүнүн кылган иштеринин, башкалардын эсебинен жан баккан жашоосунун арты менен өзгөрүлүп баратканын билмексен…

Ошентип айылда жүргөн Тимурдун тагдырын Самар, келечегин сүйгөнү менен байланыштырган Айымдын тагдырын баласын ошол кыз аркылуу куткарып алчу Тынарбек, чечип коюшту.

Зумрат тымызын кызына сеп камдай баштаган, «атасы жогун билгизбей, элдин кыздарындай эле кол менен узатабыз, кызымдын бактысы үчүн аянбайм, баарын жасап беремин» – деген ойлору менен жууркан-төшөк тиктиргенге жүн, пахта, кездемелерди ала баштады.

Тимур «шефи» менен жолугуп ачык сүйлөшүү максаты менен атасына үйлөнөм-деп сөз берип жатып, жубатып алып, шаарга суранды. Айым апасына билгизбегени менин ичинен санаасы тынгансып, башкалардын ушак-айың сөздөрү бир тен, апасы менен Тимурдун ишеничи бир тең болуп калды. Үлбүлдөгөн сүйүү оту жанып жүрөгүнө жылуулук кирип калды.

«Каралардын» дүйнөсүнө баш бакканда эле муш жеген Тимур, өмүр бою чыга албас зынданга түшкөнүн чала-була адаганы менен: «Эптеп бирдеме кылып «тигинин» акчасынын ордун толтура албайм, демек алар мени иштерине салат, кандай болсо да алдына барып ачык чечип алайын, өзүм келбесем балдар зордуктап алып барат, андай кордук көргүчө өлүп алганым жакшы» – сыяктуу ала көөдөн ойлоруна жетеленип Самардын алдына келди. Шаардын чет жактарындагы көчөлөрүндөгү көзгө көп илинбеген үйлөрдүн биринин алдына такси токтоду. Андан түшкөн баланы үйдүн ичинде камераларды тиктеп отурган кароолчу кол телефону менен бирөөгө кабарлады. Короону айланта тигилген тегиз кыркылган жашыл дарактардын арасында жашыруун орнотулган камераларда Тимурдун дарбазынын коңгуроосун басканы көрүндү. Спорттук машыгуулар үчүн атайын жасалган бөлмөдө корей күрөшчүлөрүнүн кийимин кийинген Самар жайбаракат кыймылдарды өз ирети менен аткарып бүтүп чекесиндеги терди сүлгүгө аарчып сырткы бөлмөгө чыкты.

– Тимур келди! –жигиттердин бири шашылып кирип келди.

– Келсе күтүп турсун – Самар ваннага кирип кетти

Тимурду күрөң жыгачтан жасалган стол, кара булгаары капталган эки кресло коюлган кабинетке ээрчитип келген бала:

– Отуруп тур, шеф азыр келет – деп чыгып кетти.

«Шефи» менен боло турган жолугушуусун далай ирет көз алдына келтирсе да учуру келгенде Тимур апкаарып турду, анын кол алдында болуп, ишеничине киргени менен Самардын сүрү да каары бир топ эле болчу. Анан калса жакпаган, каяша айткан, оюндагысын аткарбагандарды жер менен жексен кылгандан кайра тартпаган мыкаачылыгы бар эле. Бирок Самар ишти адегенде сөз менен бүтүргөндү жактырат, ал эми айтканына көнбөгөндөрдү чынында эле жаман кылчу. Ошондуктан, анын атынан барган жигиттердин сөзү эки болчу эмес. Албетте тил албай койгондор да болот эмеспи, алардын бизнесине кайдан-жайдан эле бөгөт коюлуп, иши такыр токтоп калганга чейин тымызын аракеттер жасалып, тиги «тоң моюндар» өздөрү же бирөөлөр аркылуу кайра эле «жардам» сурап кайрылууга аргасыз болушат. Ошентип мурда тил албагандар эми «салыкты» эки эсе көп болсо да кошколдоп төлөп калышат. Ким болсо да, кандай иш кылса да тынч жашагысы келет, туурабы…

Кабинеттин эшиги шарт ачылып Самар кирип келди. Ал мойнундагы ак сөлгө менен суу чачтарын кургатып аарчынып, түгү чыккан көк халатынын сыртынан далысына таштап койду. Ордунан турган Тимурду көрмөксөн болуп креслого отуруп шашпай чылым түтөтүп, туруп келип оозундагы түтүндү тигинин бетине үйлөдү. Тимур ичинен тиштенип, жаак бетиндеги түйүлдүктөрү, эки муштуму кошо түйүлө түштү, «ненди урайын, колдон келет кылганын карасаң, шашпа сенин да желиң чыгаар» – дегени менен Самарга туруштук берип теңелиш кайда…Бирок шек алдырган жок.

– Салам алейкум, аксакал!

– И, көзүңө «аксакал» көрүнүп калыптырмынбы, мурда «шеф, шеф» – деп эле зыпылдап чуркап жүрчү элең го!

Тимур унчуккан жок. Самар өз жанын аман алып калыш үчүн мындай боз балдардын бир нечесин тирешкендердин огуна салып берген, буларга кандай мамиле кылып эмнени жасашты да билет, буйруктарын так жана убагында аткарганга да үйрөтүп койгон.

– Отур, издетип чакыртпай эле өзүң келбейсиңби, же менден качып кутулам деген оюң бар беле? Өзүң келип иштин чоо-жайын ачык айтып береби десем, жоксуң…-

– Сиз жөнүндө эч кимге эчтеке айткан жокмун, Алматыга келген балдарга доктурдан качканга жардам бергиле десем, кеткен бойдон кайрылган жок. Бишкекте сотко же зонага эч ким барган жок, телефон чалсам Сиздин трубка жооп бербейт. Ата-энем эптеп поселение жасатып, кийин амнистия чыгартышып айылга алып кетишти, «үй камакта» болдум, атама жок шылтоолорду айтып шаарга араң келдим. Кокус Алматыда атылып кетсем ың-жыңы жок, дайынсыз жоголмок экем…

– Оозуңа карап сүйлө, Бурдан экөөң сак болсоң мынчалык чуу болмок эмес. Өзүңдү кыйынмын десең башканы сенден он эсе кыйын деп жүр. Бурдан мыкты жигит эле, бирок алабарман болчу, ошонусунун кесепети тийди. Самар: «Менин байлыгым үчүн каза болду» – деген ойдон алыс, тек гана ага жан-дили менен берилген жигити өтө сак болбой, ага тапшырылган иш так аткарылбай эми минтип баш оорутма болгонуна жинденип турганы.

– Ии, эми эмне демекчисиң, болор иш болду, Бурдан жок, алдыргандын ордун ким толтурат, көпкөн казактар ошондон бери к….ү менен күлүп, шылдың болуп атабыз… Силер башыңарды жакшы иштетсеңер мынчалык кетмек эмес. Дагы эч ким келген жок дейсиң, бир сен дегидей баламдан артык белең… Казынаны табыш керек, убакытты уттуруп жибердик, бирок биз деле казактардын жемине кол салып алдырганыбызды кайрып алышыбыз керек. Самардын көздөрүнөн жалын чыккансып турду, анын чечкиндүүлүгүн столду урган муштуму айгинелеп турду.

– Хм, булардын «проблемасын» чечиш үчүн мен аман калыптырмын да ээ, өзүнө байлыгы гана тийсе болду турбайбы, тигилерге мени жем кылып салып берип! Деги кутулбас болдум го, кайдан да ушуларга туш болдум экен, чыкпас зындаң экен го мени азгырган «сырдуу дүйнө»…

– Сен азыр бир депутатка жансакчы болуп иштеп турасың, аткара турган иштин сааты бышканда кабарлайм, бара бер, биздин иштерибиз онуңан чыгышын жана амандыгыңды тилеп тур, киийнкисин көрө жатарбыз.

Самар балага: «…баары али алдыда, сенин кылганыдын бир кылдай да жери аныктала элек, жаның менин колумда» – дегенин тиги айттырбай туйду.

Тимур мындай «жылуу-жумшак» кездешүүнү күткөн эмес. Шеф аны коркутуп, алдырганыңды таап кел-деп мойнуна салат го – сыяктуу ишенич ой менен жолугууга келген. Бирок жаш немеге эчендердин көзүн бирөөнүн колу менен тазалаган карт бөрү оюнун четин гана чыгарды. Кийин бул бала казынага жетчүжолдордун бири гана болуп берерин Самар билет, ошондуктан аны чочутпастан жакын жерге кармап жүрө тургандай кылды. Эгерде коркутуп-үркүтүп, казынаны тап – болбосо бар мүлкүңдү, жаныңды аламын десе – тигинин атасынын болор-болбос малынан башка эчтекеси жок, жан айласы кылып бу мадыра баш качат элем – десе – анын убарасы канча дейсиң… Шашкан шайтандын иши. Дарбазадан чыгып бараткан Тимурду карап турган «шеф» казактар менен түшө турган таймашына салып бере турганы анык болгонуна, ким аны менен тымызын мышык-чычкан оюн баштаганын билгенден кийин ачык эле «разборка» кыларына көзү жетип, жылма оюн эч бир жанга билдирбей өзүнө тең салмактуу шериктерди табуну чечти.

 

Кийинки жумада ошондой бир-эки «шефти» жолугушууга чакырып оюн ортого салды. Казына жөнүндө кеп чыгарбастан эле «казактар менин жигиттериме тийишиптир, алар өз жеринде болгондуктан үстөмдүк кылышты, намыс үчүн бир жолу чогуу туруп бербейлиби, илгери-кийин бири-бирибизге ишибиз түшпөгөн күндө да ишеничтен кетпей бири-бирибизди колдоп, сөзүбүз бир болуп, кимисине болсо да жооп бере аларбыз – сыяктуу кылып маселени чечмеледи. Көп сөздү жактырбаган тигилер деле: «…бириккенде майда-барат иштер көбөйүп кетеерин, «шеф» боло тургандар тирешип, иштер машакаттуу болорун айтышып, ар бирибиз өз оокатыбыз менен болгонубуз дурус» – дегендей жооп айтышып тарап кетишти.

«Кайда барсаң бири-бири менен тил табыша албаган кыргыз, карачы, биздин жерди мекендеп, жашап бир топ тармактарды «көзөмөлгө» алган «каралар» улутуна карабай чогуу болот да бизге кадимкидей тап берип тирешкени тирешкен. А биз болсок минтип «машакаты көп болот деп, беш манжабызды бириктире албаганыбыз үчүн тигилерге жемибизди алдырып, ал эмес өрттөй болгон балдарыбызды аттырып ийип жатабыз…» – тишин кычыраткан Самар «кесиптештерин» бир ынтымакка көндүрө албаганына ичи күйдү да, «туура, бийлик ынтымакка келе албаса, биздей кара тамандар ага жетеби?» – деген ойго жетеленди. Бирок өзүнүн ордуна деле эч кимди ыраа көрбөйт, каруумдан күчм кеткиче туруп турсам, анан четке чыгып кетем – болуп жүргөнүн аңдабайт.

Депутатка жансакчы болгондон бери Тимурдун иши көп, аты эле жансакчы болгону менен тындырбайт экен, анткени ал Дерештин эмес кайрадан эле Самардын кызматында. Так эле «шефиндей» сөзгө сараң депутат: «Сени чакыртып жатат, жөнө» – дегени деген. Ошентсе да жардамчысы Тимурдун колуна акча берип:

– Кытайдыкын эмес фирманын кийимин ал, бут кийим булгары болсун, өзүңө ылайыктуу парфюм тандагын – деп дүкөнгө жөнөткөн. Жогорку Кеңеште иштегендердин баары эле жакшы кийингенге аракеттенишет экен. Эми бойлуу, кең далылуу Тимур кычыраган костюм-шым, булгары туфли кийген, кулагына радиокнопка салган, кара көз айнек тагынган кадимки жансакчылардын бири болуп калды. Убакыт өткөн сайын Айымга болгон сагынычы күч алууда. Жалгыз турган учурда кол телефону менен сүйлөшүп калса кадимкидей каниет алып калат.

– Бир аз чыдасаң, жакын арада барып калармын, сени ала качып кетем – деп кызды тамашалап коркутуп койот.

– Мейлиң, сенин айтканың менен болом – Айымдын жообу жигитке канат байлайт.

Арадан эки ай өттү. Самардын жигиттеринин топтогон маалыматына караганда анын казынасы Россиянын банкына түшкөн шекилдүү. Тимурду казак милийса билип калган, ал жерге барса – кармалат. Баланы түз эле Россияга жөнөтмөк болду. А бирок ага ишти ойдогудай бүтүртүш үчүн Самар бир илинчек таппай жаткан. Ошондо Тимурдун артынан андытып койгон балдардын бирөө:

– Тигинин кызы бар окшойт, жалгыз боло калса эле телефон чалып жайдары болуп калат– дегенин эстеди.

Азыр депутаттар өздөрүн «шайлаган» эл менен жолугуу үчүн тарап кетишти. Сөз жок дечи, кээ-бири чынында эле бир-эки район же айылга барып айыл өкмөтүнө киши чогултуп жолугушуу өткөрөт. Көпчүлүгү болсо айылдагы туугандардыкына барып сый көрүп, алардын келгенин билип ар кайсы өтүнүч менен келгендерге кезигип, «аткарам, жардам берем» дебесе да сурангандардын жүрөгүнө үмүт отун тутантып узатып жиберет. Кийин ошолордун аты-жөнүн жардамчысына тизмектетип мынча шайлоочу менен жолугуп, алардын насыятын аткарууга кам көрүп жүрөм – сыяктуу документ сөрөй пайда болот. Тимур бул жагдай менен пайдаланып депутаттан эмес, «шефинен» суранып айылга барып келүүнү чечти. Мурда атасынын санаасынын тынчытып, кожоюн иш берди, карызды акырындык менен жабасың, кийин дагы көрө жатарбыз -дегендей баласынын айткандарына Тынарбек ишенди, бирок чоң жеп көнгөн бандиттердин карызы оңой менен кутула турган карыз эместигин билип, баласынын тынчын албастан ичинен сызып, жүрөгү бир жамандыкты сезгендей болуп жүрөт…

Тимур «шефтин» кезектеги тапшырмасын аткарып келип:

– Мен айылга барып учурашып келейин – Самарга кайрылды

– Канча жүрөсүң?

– Так айта албайм.

– Дагы артыңдан киши жиберейинби?

– Атам мени үйлөнткөнү жатат…

– Аа, жакшы экен, сүйлөшкөн кызы бар беле? – Самар эч нерсе билбеген кишиче сурады.

– Ии, биздин айылдан, менин классташым…

– Дурус, дурус – Самарга бир ой «кылт» этти.

– Барса барып кел, колукту алып келсе бул жактан да той беребиз – «шеф» Тимурдун эки ийинен таптап койду.

Ошол эле түнү депутаттын эски менчик «иномаркасын» сурап алып шаардан чыгып кетти. Жолдон эчен ирет Айымга чалып «Мен сага баратамын» – дегиси келгени менен, өзүн токтотту: «Адегенде атамдар менен кеңешип алайын, Айымга болсо капилет учурап кубандырайын!»

 

Кыялдары айдаган машинесинен ылдам учкан жигит келечеги бүдөмүк болсо да сүйгөнүнө жолугарын элестетип көңүлү көтөрүңкү чоң жолдо бара жатты.

Тимурду кетирип жиберип Самар Түркиядагы досуна телефон чалып, өзүнө коопсуз, жылуу жай издөөнүн аракетинде болду. Казынасы табылган күндө да аны колго тийгизүү оңойго турбас, ошентсе да жер-жердеги тааныштарын таап, Тимурду «изкубар» кылып жөнөтүп, ал колунан келсе казынаны таап берер, ишке жарабаса өз убалы өзүндө болот, касташкандардын огу жетеби же бир кокустук болуп кетеби, айтор, ага «шефтин» кенедей да тиешеси болбойт. Баланын келинчеги иштер бүткүчө кайтарууда калат, эгерде жубарымбек тил албай моюн толгосо аны ийге келтире турган себеп Самардын колунда турат. Жана Тимур менен сүйлөшүп жатканда келе калган ою ушул болчу.

Алыстан ашка келген туугандары Зумраттын карасын чечип башына ак жоолук салышып: «Мындан аркысы жакшылык болсун, кайрат кылып балдарыңды чоңойтуп, небере жетеле – дешип кыргыздын салтындагы жөрөлгөлөр аткарылып эки күндө эл узады. Сагынбекти жубайы да, балдары бир жылдан бери жоктогону менен турмуш улана берди, көр тирликтин айынан Зумрат жумушка чыгууга аргасыз, Айым эч жерде иштебейт, бирок бир үйдүн түйшүгү бүтүндөй анын мойнунда. Бүгүн да адаттагысындай эле апасын жумушка, бөбөктөрүн бирин сугатка, экинчисин мектепке узатып үйдөгү түгөнбөгөн майда-барат менен алек. Атасы менчиктештирген жерлердин далайын ижарага алып иштеткендер Зумрат менен балдарына: «Быйыл түшүм болбой калды, эмдиги жылы буюрса, түшүм алсак карыздан толугу менен кутулабыз» – дешип улам кийинки жылга созуп жүрө беришти. Бойго жете элек иниси Тыныч айылдагы кишилердин талаасын сугарат, чабык башталганда кайра талаага чыгат, түшүм жыйналгыча үй бетин деле көрбөйт.

– Быйыл иштеп каражат топтоп алып тиги Канат байкемдин баласы менен чогуу Алтайга барабыз, мен силерге акча салам, бат эле бутубузга туруп кетебиз – десе

– Сени кантип ошончо алыс ай-талаага жиберем, атаңдын көзү болсо ушинтип отурат белек – Зумрат көзүнө жаш алат.

– Азырынча мында иштеп тур, кийин дагы көрө жатарбыз – Айым кийин эмнени көрө жатарын өзү да билбейт, тек гана апасы менен инисин жооткотуп койду. Айылда жумуш жок, шаарга кеткен эжесинин жолу тигинитип калды, айласы жоктугунан алыска кетүүгө бел байлаган Тыныч үй-бүлөсүнө колунан келген жардамын бергиси келет. А бирок ал жакта эмне иштейт, апасына сала турган акчаны кантип табат, билбейт. Ошондой болсо да эркек эмеспи, үйүндөгүлөрдүн ишеничи жана тиреги болуп, түйшүктүү жоопкерчиликти мойнуна артып, кабелтең сүйлөп отурду.

Ар бир үй-бүлө өз түйшүгүн тартып турмуш жолу уланып кете берет турбайбы. Арабызда ушул жашоого ыраазы болуп, топук кылгандардын ичинен турмушу самаганына жетип-жетпей бир күндүк наны табылса «шүгүр» дегендер аз эмес… Кээ-биринде болгон сайын дагы болсо экен – деген тилектери күнү-түнү басылбайт. Алыс барбай эле коелу, ушул айылдан бир канча гектар жер кестирип алып заңгырата кабат-кабат үй салып, айланта кымбат кирпич менен курчап, атайын эс алуу жайын салып, шаардыктарды дем алыш күнгө алып келчу дагы бир пенде иштеген жерине: «Айлыгым 4 миң сом, башка кирешем жок» – деген маалымат бериптир. Эмне дей алабыз…Кантсе да баарыбыз пендебиз, баарыбыз Кудай алдында, өз абиирибиздин соту менен жашап келебиз… Бири «казынасын» дайынын таппай, керек болсо жансакчы балдарынын өмүрүн кыйууга даяр болсо, бири күнүмдүк көр тирликтин айласын таппай бушайман.

Тимурдун айылга келгенин телефондон уккан Айым көптөн күткөн адамын көрөрүнө кубанып, бетинин нуру жанып, ичинен абдан сүйүнүп калды. Бир-эки күндөн кийин Тимур менен Айым кечинде жолукту.

– Кандайсың? – колун кыса кармады

– Жакшы эле го – Айым кубанганын билдирбегенге аракеттенди.

– Кандай узаттыңар?

– Туугандарыбыз айткандай, колубуздан келишинче узаттык, элден уялып чыкканым жок, бир жаман аттуу болдуң – бүттү, өмүр бою андан кутула албайсың, айтып жүрүп чарчагыдай деле болушту. Эмне кылмак элем, баарына өзүм күнөөлүмүн. Биринчи эле сессияга чейин биздин факультете окуган кыздардын бирөөсүнүн классташ баласынын туулган күнүнө барганбыз. Барсак башка кыздар да бар экен, ошол жерде бир бала өзү жактырып калган кызды ары-бери жетелеп эле калган. Анан эле тигиниси шалак этип кулап кетпеспи… Баарыбыз коркуп доктур чакыралы деп жатсак, кыз эсине чала-була келди да дос кызы менен кетип калды. Биздин үрөйүбүз учуп тараганча шашылдык. Шаардан кийин ошол кызга кокустан жолугуп калып:

– Ии, кандай, окууларың жакшыбы, баягыда эмне болдуң, биз аябай коркуп кеттик – десем.

– Качан?

– Рысбектин туулган күнүндө чогуу отурбадык беле!

– Аа, анда мен жөн эле тиги жабышып алганынан эптеп качып кеткем.

– Ошондой дечи, биз болсо талмасы бар го, же жүрөгү ооруйт го – дегенбиз да.

– Койсоңчу, кайдагы талма, просто мен кээде ошентип балдарды алдап коем – тиги алаканын чапкылап каткырып калды.

– Кыйын экенсиң!

– Ой, анын эмнеси бар экен, сен деле отурушка барганда жакпаган бирөөө жабышса ошентип бир сальто-мортале жасап кой!

– А кийин кезиккенде эмне дейм?

– Такыр эле тупой болбочу, «чын эле кээде жүрөгүм ошентип кармап калат» – деп жер тиктеп кыбырап калбайсыңбы!

– Аий, деги таппаганың жок экен!

– Анан эмне ар кандай келесоолор менен эле сүйлөшө бер деп турасыңбы? Жок, биз деген кычыраган балдарды чекеден чертип тандашыбыз керек! Түшүндүңбү, именно биз тандашыбыз керек! Тигилердин оюна койсон, тимеле өзүлөрүн Тимати Далтон же Ди Каприо деп эсептешет да, жок дегенде бутунун шыбоосун кетирип албайт, жаныңдан өтсө думугасың!

– Ха-а! Ха! – эки кыз алакандарын чаап күлүп калды.

– Ошентсе да бизди сынап бирдеме дегендерин кантейин!

Шакылдаган таанышым мага толгон-токой сөздөрдү айтып берип бир топ убакыттан кийин коштошту. Мен болсо эми тигинин ыкмасына салып тийишкен балдардан кутулуп кетишти үйрөнүп алдым. Бир нече жолу ошенттим, а бирок аягы кайгылуу окуя менен бүтпөдүбү…

Айым жер тиктеген бойдон Тимурду караган жок. Бала да унчукпады. Ортодо тынчтык өкүм сүрдү. Жылуу жел кыздын саамай чачынан сылап өттү, Тимур алаканын жая назик чачтарды кармагысы келди, бирок анте албады. Айымдын тагдырына туш келген оор жүк эки жаштын сүйүүсүн басып тургандай. Ошентсе да Тимур Айымга күндө кечинде келип жүрүп аз-аздан кыздын шыңгыр күлкүсү чыгып, жигиттин кучагынан далайга чыкпай, экөөнүн сөздөрү түгөнбөгөн айлуу кечтер кайталангыс…

– Атам силердикине киши жиберсе апаң эми макул болобу, жакшылап сүйлөшсөң, жок дебестир?

– Апам менин бактым үчүн жок дебейт, аларды сагынам го, үйгө тез-тез жиберип турасыңбы?

– Биз эмне чет өлкөгө кетип жатабызбы, конечно катташып турабыз, ал жөнүндө эч кам санаба.

– Айылдагыларга жаңы кеп табылат экен да, ээ…

– Койчу, кайгырба, экөөбүз алар билбеген, көрбөгөн жерде жашайбыз – Тимур ойлонбостон жооп берди.

– Андай жай кайдан табылмак, менин оюма койсо жапайы аралда деле жашайт элем, жанымда сен гана болсоң…– Айым кайгылуу жүзүн жигитине бурду.

– Ишенсең жаным, сени менен кайда жүрсөм да өзүмдү бактылуу сеземин, чын эле экөөбүздүн жолубузда кандайдыр бир окуялар болуп кетти, үрөйдү учурган кылмыш эч же жамандык кылбасак, кырсык болду, бирок жашоо токтоп калбайт да, экөөбүздү ата-энебиз колдоп канатына калкалап алды. Сен тартынган эл эмне кылып койду, ушак тараткандан башкасын билгеним жок. Эл эмне десе дей берсин, эң башкысы бири-бирибизге ишенебиз да, туурабы?

– Тимур, кийин сен мага өзүң айткан «кырсыкты» эстетип, көңүлүмдү оорутпайсыңбы?

– Бала эле бойдонсун, Айым, мен сага өткөндөр жөнүндө эстетмек түгүл азыр унутуп койуга даярмын!

– Балким биз чын эле ынтымактуу жашап кетербиз, сага ишенем…Кеч болуп калды, мен барайын.

– Эртең баргандарга оң жооп берсеңер, макулбу? – Тимур Айымдын колун кыса кармап коштошту.

Бир жуманын ичинде Зумрат кызын колунан узатып, Тынарбек баласын үйлөнттү. Эки башы бириксе эрикбегендер ал той жөнүндө далай убакыт кеп кылып жүрүштү.

– Башка кыз табылбай калгансып, Тынарбек баласына тиги сойкуну алып бериптир – деп бири айтса.

– Анын баласына ким бармак эле, түрмөгө түшүп келген неме ошол атасынын арты менен калды, «зек» менен «сойку» бири-бирине жарашат – буларга башка ким бүлө болмок эле? – экинчиси улап кетти.

– Экөө теңжакшы жердин балдары болгону менен шаарда жүрүп бат эле туура эмес жолго түшүп кеткендерин карасаң, илгеркилер «жакшыдан жаан, жамандан мөөн» – деп эң туура айтышкан турбайбы, экөөнун тең ата-энеси канча убайым тартты десең…

– Айтпа, тиги Сагынбек болсо жалгыз кызынын айынан кесилип кетип оорукчан болду, акыры өлүп берип жаны тынды.

– Өлгөндүн өз шору, Зумратка эле кыйын, карыганда эмне болот, балдары атасын бир-эки жыл жоктойт анан өз турмушу менен кетет, жаш да.

– Туура айтасың, тигине кызы атасынын ашына чейин араң чыдады, шак этип күйөөгө чыга калды, үйүндө бир аз отура турса болмок.

– Ал үйүндө отурса, балдарынын жумушу жок, жалгыз Зумрат иштейт – кыйын эле болуп калса керек, андан көрө ошол күйөөнүн аркасы менен энесине жардам бере алгыдай болор бекен?

– Эмнеси болсо да эки бакыр бир тукур болуп жашап кетеер…– дешип айылдагылар баягы эле түгөнбөгөн кебин эрмектеп жүрүшөт.

Элеттеги элдин турмушун «жакшыртып, мамлекетти алдыга чыгарчу» бийликтин, Жогорку Кеңештин «жепутаттары» өз жашоо турмушу үчүн ат салышууда. Досунан аянбай аракеттенип акча жана кыйла амал-айла менен депутаттын креслосуна отургузган Самардын максаты кандай экени белгилүү эмеспи. Дерешке мыйзам кепилдеген кол тийбестик жана депутаттык мандаты бардык эшиктерди ачып берет. Демек, анын атынан көптөгөн иштер бүтөт, ата-энесинен эрте айрылып, өз аракети менен нан таап жегенден баштап бардыгын бирөөнүн колу менен бүтүргөнгө көнгөн «шефтин» мындан аркы көздөгөнүнүн бардыгы аткарылууга тийиш. Ошол деми менен «казынасын» казактардан кайра тартып алуу жөнүндө оюнан кайтпай турган чагы. Өзү да сак болбой жыйган-тергенин көбүн, «общактын» да бир топ каражатын шашылып казактын банкына чогуу салып жиберген күнөөсү бар экенин билген күндө да жоопкерчилиги андан азайбайт. Жигиттери топтоп келген маалыматтардан улам «казынанын» изи Россиядан табылды, тиги шылуундар акчаны бөлүп-бөлүп ар кайсы тарапка банктарга салып коюшуптур.
Ал жердеги тартипти көзөмөлдөгөн «смотрящий» менен жолугуп, бул казынанын ээси ким экендигин айтып, «ээси келсе доосун бер « – маселесин адегенде ачык чечип алууга аракеттенип көрүү зарылдыгын Самар түшүнүп турат. Эгерде тигилер «жок, андай болбойт, колго тийгенден кийин бул оокат меники, далилиң бар болсо анда кеп башка» – дей турган болсо, айла жок, күчкө салып тартып кетүү керек. Россиянын милийсасы деле, «кара күчтөрү» деле оңой менен кепке келбейт, анын үстүнө казына бөлүнүптүр, аны ар кайсы жерден чогултуу бир топ кыйынчылыкка турат. Жасай тургандарынын ар бир аракетине кылдаттык менен мамиле кылып көнгөн Самар шашпай отуруп алып планды ойлонуштуруп кагаз бетине түшүрө баштады.

Тимур менен Айым ата-энеси берген оокатын машинеге жүктөп алып шаарды көздөй бет алышты. Бир күн мурда апасы жана инилери менен коштошуп, «ижарага алган жердин акчасын кайнатамдар берип жиберишти» – деген шылтоо менен Тимур тапшырган акчаны Зумратка карматты. Кудасы жердин акысын эки жылдан бери созуп бербей жүргөнүн кызына айткан жок.

– Ай, бул арендадан көп го, куда жаңылып калган турбайбы?

– Жок апа, жаңылбай эле, Тимур үстүнө кошуп койду, ала берсеңиз, дагы качан ушинтип силерге тыйын-тыпыр чыгат, ким билет.

– Жараткан берерин унутпас, аманчылыгыңарды тилегиле, жашсыңар, жаштын тилегин берет дейт – Зумрат кызынын алгачкы жардамына ыраазы боло көзүнө кубанычтын жашы толду.

– Коюңузчу эми, апа, буюрса баары жакшы болот – Айым энесин кучактап бетинен өпкүлөдү. Ошол күнү үйүндө биртуугандары энеси менен бир топко чейин болду.

– Кой кызым, үйүңө эрте бар, «төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт», – дедиртпе. Силер каттаган сайын келип-кетип турабыз, инилериңдин телефондору бар эмеспи, сагынганда сүйлөшүп турабыз.

Кызынын эл кеп кылып жүргөн «окуясынын» аягы ушинтип жакшынакай той менен бүткөнүнө ичинен кубанган жана ушакчылардын жаагы жап болгонуна маашыр болуп жүрөт Зумрат. Азыр болсо кызы кайын-журтуна сөзгө калбагыдай болсун деп, Айымды тез эле узатып жиберди. Өзү эми канаты жок учуп эле жүргөндөй, антпегендечи, кызы менен күйөөсүнүн азабын канча тартты, жалгыз кызынын артынан эмне гана деген сөздөр чубалды дейсиң, таза экен, ак экен – мына кадимкидей куда түшүп жакшынакай кылып кол менен узаттык, жери да жакшы, ал эми күйөө баласынын түрмөгө түшкөнүн кызыныкындай эле болгон кокустук деп эсептейт. Ошого ишенген Зумрат башкалар да өзүндөй ишенет деген ойго жетеленет. Баары эле ойдогудай боло бербейт дечи, бирок адам баласы жакшылыкка гана үмүт байлап эчен кылымдар бою жашап келе жатпайбы...

Машинесинин номурун, өңү-түсүн жаттап, турган үйүнүн дарегин алган Тынарбек баласынын артынан тез арада бармай болду. Кандай айла таап уулуна эмне жардам берерин өзү деле так билбейт, тек гана тиги «жаналгычтардын» колунда болсо билгизбей келинди барымтага калтырып, баласынын башын куткаруу оюнан кетпейт.

Азыр жашап турган квартирасында депутаттын дагы бир жан сакчысы турчу, Тимурдун колукту алып келгенин билсе, тиги өзү чыгып кетеби же биз башка жай издеп калабызбы? – баланын ою келинчегин алып бара турган жайдын даярдыгында.

«Кудайым ай, миң мертебе ыраазымын, менин актыгым айкын болду, апам жана биртуугандарым менден шек санабай, өзүм эч кимден корунбай, элди ачык карай аламын, атам гана кайрылгыс…» – артынан чубалган ушак-айыңдан кутулганына бир чети кубанып, бир чети атасын жоктоп кайгырган Айым анда-санда Тимурга жылмайып коюп келечеги жөнүндө ойлонгусу келбей, учу-кыйыры жок жолдун эки жагын карап, терезеден көрүнгөн кырка тизилген тоолор менен коштошуп бара жатты…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Кундуз Айткулуева, 2013

 


Количество просмотров: 9940