Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Зинакан Пасаӊова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 28-августу

Зинакан ПАСАҢОВА

Турмуштун асма бактары

(эсселер түрмөгү)

Калемгердин жүрөгүнө сүртүлгөн турмуштук ар кандай көрүнүштөр, адам тагдырлары, жашоо парадоксу... Бул түрмөккө киргизилген эсселер реалдуу окуялардын негизинде жазылган.

Мазмуну:

1. Мүрзөдө өскөн гүлдөр
    2. Жаз жоктогон гилас
    3. Куураган терек
    4. Көлдө күйгөн чырак
    5. Жылдыз карап жол тапкан мышык
    6. Роза жана добул
    7. Байчечекей жыттуу каттар
    8. Сонунбү сыйкырлаган булак
    9. Бадам гүлдөгөн шаар
    10. Буура жуунган булак
    11. Куштар куттук айткан гилас гүлү
    12. Кадыр түн кечи
    13. Жамгыр тоодон башталат
    14. Он беши жарык ай

 

Мүрзөдө өскөн гүлдөр

Чөбү тапталбаган жолдун нугун зорго таап, бутка ширелген тулаң чөптү жирей басып, атамдын жайына келе жаттым. Өмүрүмдөгү эӊ узак да, армандуу да, сагынычтуу да жол...

Атамды жерге бергенибизден кийин кыркынчы күнү ушул жол менен жайына келгеним эси-көөнүмдөн кетпей жүрөгүмө батып калган. Ошондо али балакатка жете элек сезимимди майыштырган кайгым кандай жаңы болсо, дөбөлөнө үйүлгөн боз топурак да ошондой жапжаңы, таш боор, муздак эле. Мен үчүн аска-тоодой болгон адамды бизден айрып, кара жер алдына түбөлүккө чыккыс кылып жашырган Кудайдын улуу акыйкатын танып, каяша кылганым отуз жылга созулду...

Саргайып, куурай баштаган чөп жаап калган жолдун билинер-билинбес нугу менен Тоголок-Дөбөдөгү көрүстөнгө чыгып бараттык. Тапталбаган жолду көрүп таң калдым.

– Бул жакка эч ким каттабай калганбы? – деп сурадым алдыда үнсүз жол баштап келаткан инимден.

– Бул көрүстөнгө азыр сөөк коюшпайт, – деди үкөм.

– Эмнеге?

– ...

Кайталап сураган жокмун. Үкөмдүн үндөбөй калганында сыр бардай. Бул суроомо да, өмүр, өлүм жөнүндө чиеленишкен бардык туңгуюк ойлорума да атам жаткан жеринен тура калып жооп берчүдөй эрээркеген, кусаланган сезимге алдырып, толуп-ташып турам.

Бир таман жолдо каркырадай тизилишип артыбызда келатышкан эки тестиер уулум менен инимдин кичинекей балдары өз ара кужулдашат. Бала да, көӊүлдөрүндө али эч нерсе жок. Мүрзөгө келген адамды өлүмдүн сүрү жеӊип, тунжураган ой басып калат эмеспи. Өмүрдүн аягы ушул дөмпөйгөн дөбөчөлөр экенин моюнга алуунун өзү кандай оор. Жарык дүйнөнү кыйып, бир жарым кулач жерде түбөлүккө жай алуучу күндөн эч ким качып кутула алган эмес. Жашыӊ өткөн сайын бул акыйкатты жүрөгүӊ сыздай туясыӊ. Кайсыл бир акылмандын сөзүн эстедим: “Жашоонун сырын түшүнгүн келсе көрүстөнгө бар”.

Тоо боорундагы көрүстөндүн темир тор тосмосунун эшиги зым менен чырмалып жабылыптыр. Иним зымды чечип ачкандан кийин кире бериштеги коко тикенектерди жулуп, ары жак-бери жагын тазалагыча үндөбөй күтүп турдук.

Мүрзөлөр эскире баштаптыр. Жыгач тосмолору чирип түшүп, кээ бирлеринин соройгон бирин-экин гана мамылары калган. Жер менен жер болуп тегизделе баштаган билинер-билинбес дөбөчөлөрдү абайлап айланып өтүп, сиздин жайыңыздын башына келдик, Ата! Көзүмө эң биринчи эле урунганы арча тосмонун бир жак капталындагы жыгачтын жерде жатканы болду. Жүрөгүмдүн бир жагы урап кеткенсиди.

– Оңдоп койбойсунарбы?! – Кейип жибердим үкөмө.

– Жайды оңдобойт экен мусулманчылыкта. Молдодон да барып сурадык. «Болбойт» дешет, – Үкөм бук болгон үнү менен. Жанымда тегерете отурушкан балдарымдан, жээндеримден айбыгып, көз жашымды зорго тыйып турам. Бала чагымдагыдай эч кимден корунбай, уялбай өпкөлөп катуу ыйлап, өмүрүмдө көргөн бардык ызамды, өксүгүмдү, кейишимди жууп-чайып кете тургандай кылып, көз жашымды селдетип төгүп алар ээн жерди да муңдаш адамды да ушуга чейин табалбадым. Мен ыйласам бир гана Сиздин алдыңызга келип ыйлагым келчү...

О, акылманым, биз эс тарткандан баштап «Мен өлгөндө ушул жерге коесунар» деп белгилеп көрсөтүп жүргөн бийик дөбөдөгү жайыңызга күндүн нуру мурда тийип, жылгадан ылдый соккон айдарым шамал түз келип урунуп, жыпарын чачып турат экен. Сиз тирүү кезиңиздегидей эле эртели-кеч табиятка суктанып, улуу тоолордун койнунан суурулуп чыгып, айылды жарып өткөн кашка жолдон көзүңүз өтө бизди зарыгып күтүп, жашыл ааламга, тунук асманга, балбылдаган ай-жылдыздарга сонуркай тиктеп, ошодон каниет алып жашап жүргөнүңүздөй туюлуп кетти.

«Мага темир-тезектен, таш-бетондон эстелик тургузбагыла» деген керээзиңизди эстедим. Үстүңүздөгү басаңдап чөгүп бараткан топуракка кадимки талаадагыдан эч айырмасы жок чөптөр, шыбак, бетеге, кызгылтым беде, кызыл, пуштуу, көк теңге гүлдөр ыргалып өсүп турат. Дагы отуз-кырк жылдан кийин жаткан жайыңыз биротоло тегизделип, арча тосмолор да мезгилге туруштук бере албай кулап түшүп, өзүңүз сүйгөн табигатка айланып кетээриңизге аз калыптыр. Ал учурда биздин да көзүбүз өтүп, сизди эстеген, жай башыңызга келип турган эч ким калбайт экен. Ошон үчүн эстелик койбогула деп катуу дайындап, даанышмандык кылган экенсиз.

Маркумдар жаткан мүрзөлөр качандыр бир убакты-сааты келгенде тегиз жерге айланып, урпактар үчүн эгин айдаар, чөп орулуучу, мал жайылар кадимки талаа болуп тирүүлүккө кызмат кылары табигаттын мыйзамы тура. Биздин айылда мындай эски көрүстөндөр көп. Аларда кимдер көмүлгөнүн азыр эч ким айтып бере албайт. Бул гөрүстөндөргө каттаган жолдор да унутулуп, нугу эчак өчкөн. Ушул акыйкатты айтууга бая үкөмдүн оозу барган эмес экен. Мен да бул акыйкатка жетиш үчүн өтө узак жол басыпмын. Кээде тирүүлөргө караганда маркумдар улуу сабак берүүгө кудуреттүү болот окшойт.

Гүлдөр өскөн, күн тийип турган, жыпар жыттуу жел аймалаган гөрүстөндөн кайтканда канча жылдаган убайымдын жүгүнөн, кусалыктан бошонуп, тирүүлүктү сүйүп, бир сөөмгө өсө түшкөндөй көңүлүм көтөрүлүп келаттым.

Кайыр-кош, Ата!

 

Жаз жоктогон гилас

Быйыл жаздын ууз мезгилине көздөрүм тое куштарлана албай калдым. Аңдабай өткөрүп жиберген көктөм менен кошо бир түп кокон гиласты жоктодум.

Гилас дарагы коңшубуздун короосунда өскөн менен бутак-шактары ортодогу коргондон ашып өтүп, биздин айванды көлөкөлөп турчу. Эки аттам келген корообузда андан башка дарак жок эле. Кыштын керең уйкусунан ойгонуп, жан кирип, бөртө баштаган маалдан кызыл мончоктордой болуп мөлтүрөгөн мөмөсү бышканга чейин делебени козгоп, улам түрлөнүп турчу кокон гилас эшик алдыбыздын көркү болгон экен. Кээде көрпенделик кылып дарактын жалбырактары, гүлдөрү, пыр-сырлары күбүлүп түшкөн алакандай тар жерди күнүгө эртели-кеч шыпыргандан тажап кетчүбүз. Ошондо коңшу үйдөн чакырылбай келген меймандай болгон гиласты өгөйлөп, «Кыйып салыңыз?» деп ээсине догурунуп калар элек.

Биздин сөзүбүздөн тажадыбы, күздүн бир күнүндө иштен кайтсак корообуз бутак-шактардан арылып кеңирсий түшүптүр. Асман бети ачылып, күндүн нурлары эшик алдына кбүрөөк тийгенсип калды. Жерди күнүгө шыпыргандан кутулдук. Мурда эле ушинтпей деп коебуз.

Бирок, гиластын кадыры жазында өттү. Аны дарактар жашылдана баштаганда, келгин куштар кайтканда жоктодум. Гиластын күн сайын жаңыланып турганын, бөрткөнүн, ак булуттай болуп текши гүлдөгөнүн, жалбырак байлаганын, мөмө түйгөнүн, көздү арбап мөлтүрөп бышкан мөмөсүн танда–кеч сонуркап тиктөөчү учурлар эӊсетип жүрдү. Конолгосу жок короого куштар да байыр албайт экен. Гилас дарагына түнөшкөн парандалар таӊ супа салаар менен ойгонушуп, тирүүлүктүн жаңы күнүн сүйүнчүлөшкөндөй шаттана сайрашканына кумар болдум.

Жаз бою гиласты жоктоп, арман кыла бердим. Күз келгенде корообузга гиластын жаңы көчөтүн отургуздум.

 

Куураган терек

Бак-шактуу чакан айылдын ортосунда куураган байтерек турат. Анын көктөбөй калганына үч жылдын жүзү болду. Теректин чырмаган дарты өзөгүнө жеткен сайын как болуп куураган бутак-шактары шамалга, жамгырга урунуп түшө берип, буура моюн жоон бутактары мунжудай болуп каржайып калган.

Ага көзүм түшсө кейиш менен эстебей кое албайм. Оо, биз бала чакта, мындан отуз-кырк жыл илгери , бул терек айылдагы дарактардын алпындай сезилчү. Суналган кылда учун чалкалай араң тиктечүбүз. Коюу шактаган оор тулкусу шамал жүргөндө деңиздей шуулдап чайпалса, жалбырактары кол чабышкандай шатырашып, ансайын шамалды күчөтүп чакырып турчу. Эч бир дарактын жалбырактары теректикиндей ойноок болбойт. Эрке желге тынымсыз дилдиреген бариктердин бетине күндүн нуру ойноп, түнкү асмандагы жылдыздардай жымыңдашып көз уялтаар эле.

Бул теректин жаз менен жайдын нөшөрлөп төккөн жамгырына бой тосуп тунжурап турган учуруна да көп суктангам. Ал эми күзүндө жалбырак күбүгөн маалы өзүнчө шаанилүү. Үлп эткен желге сапырыла жабалактап жаап кирген аселдей тунук жалбырактары жерге килемдей болуп төшөлүп калчу. Шагында куштар уялап, бир короо чымчыктардын конолгосу болгон. Балалык өмүрүмдүн, андан кийин кырчын жаштыгымдын жомоктой бир элесине айланган ошол теректин азыркы тагдырына анан кантип кейибейин.

Айылдын да буга тынчы кеткенине көп болду. “Айыл ичинде куураган терек турса жаман болот экен” деген күбүр-шыбыр үйдөн үйдү аралап, укканды бушайманга салат. Теректин мураскору Теңизбай акеге кулак кагышса: “Кыйбайм! Атамдан калган терек! Тура берсин!” – деп кызаңдап бериптир. “Атадан терек калмак беле, бала калат да” – дешип аксакалдар ортого салып пештешсе да ынанбаптыр. Ошентип, куураган теректин наалаты Теңизбайга калган менен, анын түбүнө жеткен күнөөкөр адам эч нерсени көрбөгөн, билбеген болуп тымпыйып жүрөт.

Бул мындайча болгон эле. Теңизбай акенин атасы короолош олтурган бир тууганы Максыт менен батышпай, ата-бабасынан калган эски конушун жерип көчө качат. Терегин өскөн ордунда калтырышка аргасыз болот. Терек турган жерди Максыттын уулу ээлеп там салды, бак тикти. Аталарынын аразы алардын көзү өткөндөн кийин балдарынын арасын да, ансайын алыстатып, биротоло жат кылды. Бара-бара көлөкөсүнөн башка зыяны жок терек да өгөйлөнө баштады. Максыттын уулу бакчасында өскөн биртке картошка, сабизинен, алма-өрүгүнөн ырыскы талашып, аба жутуп, суу ичип жатканына ичи тарыды. Колунан келсе отоо чөптөй тамырынан жулуп таштаысы келет, ов! Бирок, теректин мураскорунан коркот, эл-журттан айбыгат.

Акыры теректи жок кылуунун амалын тапты. Бөртө баштаган маалда түбүнөн кабыгын балталап, кыйып койду. Аялы тамырына чакалап кайнак суу куйду. Теректин өзөүн өрттөгөн дарт тез эле тулкусуна жайылып, өңдөн аздырды, жашоосун кыйды. Кийинки жылы көктөбөй калды. Биротоло куурагандан кийин шак-бутактары күбүлүп түшүп, куштар конорго сөөмөйдөй да илинчеги калган жок. Шамал жүргөндө деңиздей чайпалып, шуулдаган терек эми эч нерсени сезбей селейип турат. Бир кезде ойноок бариктерине тийишип дирилдеткенге кумар шамал жансыз терекке көңүлү чаппай айланып өтүп кеткенсийт.

Айылдын чок ортосунда куураган мунжу терек турат. Эки туугандын эрегишинен бейкүнөө терек өлдү. Ал ырыс-ынтымагын жоготкон тууганчылыктын, бузулган пейилдин, тар замандын эстелигине окшош, көргөн көздү жазалайт.

 

Көлдө күйгөн чырак

Чыгыш Памирдин башталышы болгон Сары-Кол өрөөнү майда шагылдуу боз топурагынан, ачуу тийген күндөн, арыбай күнү-түнү жорткон шамалдан багы ачылбай бозоруп турат. Бой ала алышпай жапыз өскөн көөдө чөптөр: ала-шыбак, терскен, баялыш, ак кылкан анда-мында бир сербейет. Күнгө күйгөн, шамалга жаланган кара зоолор карашат алыстан калдайышып.

Бирок табияттан өткөн улуу сүрөтчү жок. Ушул жылан сыйпагандай куу талааларга салаадан чубуруп түшүп калган көз мончоктордой топ көлдөрдү ыроолоп коюптур. Сарез-Көл, Айдың-Көл, Булуң-Көл, Жашыл-Көл, Ажыдаар-Көл, Кара-Көл, Ыраң-Көл.... Чоң-кичинеси болуп он бештей көл. Жапан табигаттын тынч кучагында асман, күн, ай жылдыздар менен тиктешип чалкып жатышат.

Кышкысын баары көк муштум болуп тоңуп, калың муз каптайт. Анан күн жылымта тартаар менен муздан бошонушкан көлдөргө алыстан кыйкуулашып топ-тобу менен учуп келишкен ак чардактар, турналар, жапайы ак, кара каздар, аңырлар жан киргизишет. Алар эң алгач жол башындагы Айдың-Көлгө конушуп, өргүү алышат. Сууусу тунук, балыктары өрүлүп жүргөн көлдүн бетин бербей, ак жал толкундары менен кубалаша сагынычтарын жазышат. Ошентип келген куштардын кайтышы менен Сары-Колдо жаз башталат.

Ошол топ көлдөрдүн бири Ыраң-Көлдүн суусу шорго толуп, көрүмсүз болгон менен бешенесине бүткөн өзгөчө касиети бар. Жээгинде узун-кыскалуу болуп кыналышкан эки жалама аска таш турат. Алар “Чырак-Таш” деп аталат. Бийиктиги аркан бою келет. Ошол таштардын биринин орто ченинде кол менен текче жасап койгондой коңул бүтүптүр. Анда кудайдын кудурети менен түн ичинде кызарып күйгөн эки шам чырактын жарыгы чыгып турат. Алардын жарыгы көлдөн да чагылып көрүнөт. Көрүмсүз көлдүн ажары ошентип түн ичинде ачылат. “Ыраң-Көл” деп аталып калганы да ушундан уламдыр.

Анан союз убагында кайсыл бир жылы чек арачы орустар көлдө күйгөн шам чырактардын кабарын угушуп, издеп келишет. Көргөндөрү аздык кылгансып, аскага чыгып барып, алып түшүү үчүн бири-бири менен мелдеше да кетишиптир. Оолуккандардын бирөөсү белинен жип менен байлатып алып, жалама асканын башынан ылдыйлап түшө баштайт. Коңулга жетейин дегенде жаза тайыппы, же мазардын касиети уруппу, кулап кетип, тил-оозго келбей жан берет. Калгандары ич күйдүлүктөн беш атаар мылтыктары менен жарык чыккан жерди аткылап киришет. Бир оокумда шамдын бири ок тийгендей “жалп” өчүптүр. Ошондо гана көксөөлөрү суугандай сөгүнүшүп жөнөп кетишиптир.

Ыраң-Көлдө азыр түнкүсүн жалгыз шамдын жарыгы чыгарын айтышат. Ал суудагы чагылышы менен түгөйлөш болуп, бири Чыракташтын боорунан, бири шор көлдүн тереңинен кара түнгө шоола чачышып, жетим көлдүн ыраңын ачып турат дешет.

Сары-Колдогу топ көлдөрдүн ар бирин айта келсе, кайталангыс таржымалы бар.

 

Жылдыз карап жол тапкан мышык

Ак-Буура дарыясы кирген буурадай күрпүлдөп аккан Даӊгинин оозундажапайы тал, бадалдарга курчалып турган турна моюн аппак үй алыстан көрүнөт. Дарыянын шоокуму беймарал жетип, серүүн шапатасы урган бул тамга быйыл чөп быша элек маалда келдик. Күкүктүн үнү ката элек экен, үйдү айланчыктап кетпей, улам бир даракка конуп, бир күкүк тынбай таңшып жатты. “Күкүк!” деп демигип илеп тарткан сайын өпкөсү көбө түшөт. Анын зар каккандай муңдуу сайрашы жүрөктү “зырп” эттирип, качанкы унутта калган кусадар сезимди чакырат.

Бирок, күкүктүн үнүнө берилген көңүлүбүздү ушул үйдүн таргыл мышыгы бузуп ийди. Ал биз олтурган бөлмөгө кериле-чоюла жай басып кирип, баарыбыз менен учурашкандай акырын мыелоп койду. Маңкайып жүзү жарык, көңүлү кушбак экен. Жүнү кундуздай жылтылдап, агыш келген саңоор жүнү үлпүлдөйт. Сылап-сыйпалып жакшы багылганы көрүнүп турат. Биздин ага көзүбүз түшүп сонуркап карап калганыбызды көрүп үй ээси сөздү мышыгына бурду:

– Бул мышык дарыядан балык, жылан тутуп келип балдарын багат.

– Койчу?

– Кантип?!

– Жеңеңерге айтсам да силерге окшоп ишенбей койду. Анан бир күнү сөрүдө олтурганбыз. Ак-Буура жактан жыла басып келатканын көрүп калдым. Оозунда туурасынан тиштеген чоң балык. Жаны бар экен, бултуңдап жүрөт. Жеңеңерге көрсөтсөм “ой, тообо!” деп оозун ачып калды. Ошондон кийин да балык тутуп жегенин көрүп жүрдүк. Анан жылан жегени шумдук. Башын тиштеп коет экен дароо. Жылан ийрелеңдеп жүрөт,бул мышык болсо аны чычканга окшотуп ары-бери чапчып ыргытып ойнойт. Балдары да жыландын этин кыртылдатып жеп коюшат.

– И-ий, баягыда үйдү өзү таап келгенин айтсаң? – деди аялы Сүйүнбай акеге.

– Ии!... – деп биз да мышыктын таржымалына чындап кызыга баштадык.

– Жылда эки жолудан тууй берип тажатып ийди. Өткөн жылы даы туугандан кийин жолду көрбөсүн деп кара торбого салдым да, машине менен Ошко алпарып, чоң көчөгө таштап коюп баса бердим. Ошо менен кутулдук десем, үч күндөн кийин үйдү таап келиптир.

– Таң атаарда келди. Биз баарыбыз уйкуда элек, – деп улады сөзүн аялы. – Жатак бөлмөнүн терезесинин тушунан мыелойт... Акыры төшөктөн турдум. Карасам өзүбүздүн мышык. Жүнү түлөп, арып-аза түшүптүр. Үйгө кирүүгө уруксат сурагансып жалынычтуу тиктеген көздөрү бир башкача сары-жашыл жалын чачып күйүп турду. Терезелер ачык эле. Мурда ал айнектен секирип кирип-чыгып жүрө берчү. Эми ошентип киришке батынбай жан соога сурап аянычтуу мыелоп жатты. Анын үнүн угушары менен мыймыйлары да ыз-тыз болушуп чуркап чыгышты. Үч күндө сагынышкан эне-балдардын учурашканын көргөн адам ыйлагыдай эле. Жарым сааттай томолонушуп-жумаланышып, алышыша эркелешип жатышты. Айбан да болсо бала деген жандалбасы укмуш экен. Мышыктан баласаактыкты, назиктикти үйрөнсөк болчудай...

– Үйдү кантип таап келди экен? – деп сурады меймандардан бирөө.

– Мышык жылдыз тиктеп жол табат имиш. Күн ачык болгондо ошол түнү эле жетип келмек экен. Асман эки күн бою бүркөк турган. Үчүнчү күнү гана кечке жуук чайыттай ачылган эле. Түнү бою жылдыздарды тиктей жол жүрүп, таңга маал үйгө жетип келген окшойт. Ошого ишенип калдым. Болбосо Ош деген каякта жатат.

Мышык жөнүндө бул аӊгемеден кийин аны кайрадан көрүшкө куштар болдук.Сыртка чыкканыбызда бири-бирибизге билдирбесек да ар кимибиз көзүбүз менен мышыкты издеп жаткансыдык. Тээ кыйлада кайдан-жайдан чыкканы белгисиз, кылак эте Ак-Буура тарапка жыла басып баратканын көрдүм.

Байыр алган үйүн кыйбай, балдарына карамалап, табияттан аралжы издей билген бул даанышман мышыкты сүйсүнө көпкө карап турдум.

 

Роза жана добул

Шаардагы үйүмдүн короосунда розанын эки түп бадалы өсөт. Бири ток пуштуу. Экинчиси аселдей тунук сапсары гүл ачат. Алардын ажайып кооз ыраңдарын боектор дүйнөсүнүн океанына теңештирем. Тиктеген сайын көз кумары канбай, тереңине оп тартып турат.

Розалар даракка окшоп бийик өсөт. Кеч күздө түбүнөн бутап койсом, жазында жапжаш жаңы сабактары түптүз болуп шоодурап тез өсүп чыгат. Дүркүрөп бат жетилет. Биринчи жолугүл ачкан маалы өзүнчө сонун. Жазды сагынып калгансып, бир дагы шагы калбай текши гүлдөйт. Бирок бир сыйра гүлүн төккөндөн кийин кышы бою жыйнаган дарман-дараметтери ошо менен бүткөнсүп, сейрек гүл ачып калат. Розалардын табияты бардык сулуулуктай эле морт келет. Анын назик жана кооз гүлдөрүнө суктана караганда дайым жүрөгүмдө аеолуу сезим кошо ойгонот.

Розалардын жумшак жана солкулдак сабактарын туруштук бере албаган жамгырдан, шамалдан сактап калгым келет. Ар бир жолу добул ургандан кийин алардын жерге бөгүлүп, жыгылып калган шактарын түзөп, таяныч орнотуп, убарагерчилик чеккенимде жаным ачый минтип шыбырайм: “Гөзөлдөрүм, мынчалык бийик өспөгүлөчү?!” Алсыз жана назик болгонуңарга жараша жерге жакыныраак, бекемирээк турсаңарчы? Ошондо добул да, жаан да, уйпалай албайт эле. Өзүңөрдү сактаганга үйрөнгүлөчү?!

Бирок, алар тил албайт. Кайрадан эле күнгө бой созушуп, бийик өсүшкө кумарланат. Жай бою добул менен кармашып, аптапка какталып, бирде жабыркай, бирде бой түзөп, кыска жана көркөм өмүрлөрүн жан кечтилик менен жашап өтөм.

Кеч күздө розанын түбүнөн бутап жатып, жазды ойлоном...

 

Байчечекей жыттуу каттар

Беш көкүл бийкеч курагында боз улан жигиттерден балапан сезиимин чымыратып, жаш жүрөгүн элеп-желеп кылган ашыктык каттарды көп эле алган. Бирок, алардын ичинен өзгөчө сагынып күткөн бир кат болоор эле. Кыз көрмөк турсун атын да укпаган алыскы айылда жашаган он беш жаштагы бейтааныш уландын өрттүү каты ар аптада көпөлөктөй делбиреп учуп жетип келип турчу.

Биринчи жолку таанышуу катында эле кургатылган байчечекей гүлүн салып жибериптир. Жаштык сезими ойгоно баштаган бийкеч ошол гүлдөр өскөн адырларда, тоолордо өзү каалаган сүйүүнү, бак-таалайды тапчудай бир көрүштү эңсеп кыялга баткан. Бейтааныш боз уландын арзууга кумарлуу жүрөгүнүн чакырыгын туйгансып, жүзү албырып, ширин-ширин сезимдерге азгырылган.

Кадимки эле окуучулук дептердин эки барагы толо шурудай тизилип жазылган сөздөрдүн күчү ай! Сүрөтүн да көрө элек теңтуш баланын өзүнө арналган ошол сөздөрүн окуганда кыздын жан-дүйнөсү бирде деңиздин тогуз валдуу толкундарындай сапырылып, бирде мемиреген тыптынч жай түнүндө толгон айдын нурларындай аруу кусалыкка батып, ууз сүйүүсүн ойготкон.

Тагдыр аларды кат аркылуу тааныштырып, кат аркылуу алгачкы махабатты тартуулап, кат аркылуу өмүр бою кыйышпас ысык ынактык буюруптур. Ал каттар өмүрдүн ар кайсыл учурларында кээде узакка кечигип, кээде сагыныч учургандай тездеп, эки шаардын ортосунда байма-бай каттап турду. Жүрөктү толгоп күүгө салган эңсөөлөрүн, санаркоолорун, бул дүйнөдөн сезип-туйгандарын, азып-тозгон ойлорун бири-бирине жеткирүүгө ынтызар, эки жүрөктү үн алыштырган ажайып каттар эле.

Өмүрдүн он бешинчи жазынан таберик кылып тумардай катып жүргөн байчечекейдин кургаган гүлдөрүн аял жыйырма жылдан кийин ошол гүл жыттуу каттардын ээсине көрсөттү. “Кайсы адырдын гүлү болду экен?!” – деп көздөрүнө жаш алган эркек тээ алыста калган балалыгын сагынып тунжурап турду.

Дагы он жылдан кийин экөөнүн сейрек, бирок унутулус жолугушууларынын биринде эркек гүлдү сылагылап: “Мен өмүрүмдө бир гана кызга байчечекей арнагамын...”,  – деди.

 

Сонунбү дубалаган булак

Чоң айылдын эли суу ичкен Таш-Булактын көзү жылдан-жылга соолуй берип, акыры бир күнү какшып калды. Тар колотто андан башка ичээр суу жок эле. Бир дөң ары сайда гана дарыя агат. Узак жерден агып келген дарыянын киргилт, супсак суусу жер алдынан ташты көзөп, көз жаштай сызылып чыккан кайнар булактын муздактыгына, жалбыз жыттуу май даамына, акактай тунуктугуна не окшосун. Булактын тунуктугунан түбүндө жаткан агыш, кызгылтым, көгүш таштар таптаза болуп, кубулжуп көрүнүп турчу. Айылдын эли дарыядан ат, эшеккке чанач артып суу ташып ичип, убарагерчилик тарткан сайын булактын суусун күсөй берип чарчагыдай болду.

Бир күнү айылга суунун кабарын алганы өкмөттөн адамдар келиптир дешти. Алай райондук суу комитетинин өкүлдөрү экен. Арасында ак жоолукчан аял жүрөт. Күндүн нурун шимирип, топурактан азык алып, айдарым желге тотугуп, барсая бышкан дандуу буудайдай кызыл тору иреңинен нур төгүлгөн жубан экен. Балкайган жүзүнө жарашкан ак жоолугу көздү арбагандай кайра-кайра тиктеттирет.

Эл сүйлөп жатканда аял үндөбөй угуп турду. Таш-Булактын соолуп калганын укканда: “Мага көрсөткүлөчү”. – дептир. Жанына эки-үч адамды алып булактын көзүнө чыгып барды. Чөп-чар басып, сазга айланган башаттан жакында эле күргүштөгөн суу агып турганына ишениш кыйын эле. Агышы ак, кызылы кызыл болуп кубулжуп турчу таштар чылага батып жатты. Арыктын нугу да ыпыр-сыпырга толуп тегизделейин деп калыптыр.

Аял буларды көрүп кейип алды: “Жаратылыш силерге сыр көрсөтүптүр. Бул мазар болот. Таза кармаш керек. Ыклас кылып сыйынбайт экенсиңер...”

Ошентип өзү чыдабай кеттиби, булактын башатын, жака– белин эки колдоп тазалап кирди. Беркилер да карап тура алышпады. Биз аздан кийин Таш-Булак таза шыпырылган үйгө окшоп жаркырай түштү.

Аял булактын көзүнө кадала узакка тиктеп отурду. Оозун бүлкүлдөтүп, күбүрөнүп-шыбыранып не сыйынып жатканын, не намаз окуганын билишпей аң-таң болуп турушту жанындагылар. Бүтөөрүндө үнүн көтөрө чалып: “О жараткан ушул айылдын бусурмандарынын, момундардын, үмүткерлеринин, Мухамбет үмүттөрүнүн тилегин кабыл кыл? О, Жер эне, баданиң балкып ийип бер?! Булактын көзү ачылсын, арыкка суу толсун?! Оомийин!”, -деп бата кылды.

Эки-үч күндөн кийин Таш-Булактан суу чыгып, бара-бара тегирмен ташын айлантаарга жетерлик болуп ага баштады. Ошол булакты азыр айылдын эли “Сонунбү дубалапкетти” деп жүрүшөт.

 

Бадам гүлдөгөн шаар

Ош шаарында жаз Сулайман-Тоодон башталат. Башка тоолордон айырмасы да, а мүмкүн касиети да ушул: кары түзгө караганда мурда кетет. Күӊгөй бетине ыктай өскөн бадам дарактары көк чыга электе эӊ биринчи гүл ачып, амал айын утурлайт. “Бадам гүлдөптүр” деп сүйүнчүлөшөт шаардыктар бири-бирине. Бул кабар “Жаз келиптир!” дегендей эле сезимди селт эттирет. Гүл бурак жаз тоодон ылдыйлап келбей койчудан бетер өрөпкүгөн көңүл менен Сулайман-Тоого ашыгып жөнөйбүз.

Мынакей топ-топ болуп бажырайган агыш, мала пуштуу уяң гүлдөргө баштан-аяк оронгон бадам турат кылактап кырда. Быйылкы жаздын биринчи гүлү. Тоонун айдарым соккон шамалына дир-дир эте ак булут болуп учуп кетчүдөй үлбүрөгөн назик сулуулук! Көктөмдү сагынган көздөрүбүздү алалбай узакка соңуркап тиктеген сайын жүрөгүбүз агарып бараткансыйт. “Жаз келатат” деген сүйүнүчтүү сезим алда бир жакшылыктан үмүттөндүрүп, тирүүлүктү сүйдүрөт.

Көктөмдүн биринчи белгиси болгонбадам гүлүн оштуктар жапандардын сакура гүлүндөй эле аздектешет. Көз арбаган агыш, мала пуштуу уяң гүлдөрдү кош колдоп аяр кармап, карегибизге сүртүп: “Эмдиги жаздын гүлүн көрөлү!” деп тилек кылдык. Кайтып келатсак бадам гүлү жыттанган жаз бизди ээрчип шаарга түштү.

 

Буура жуунган булак

Булак жапайы тал, бадалдардын арасында экен. Оргуп чыккан түбү көрүнбөй, табактын бетиндей жерде көк ирим болуп тунуп турат. Кашкайып таптаза. Жээгинде жалбыз, чалкан өскөн. Көк жашаң кыяк чөптөр сууга малынып самсаалайт.

Май айынын табына кире баштаган ысыгы бул жерге өтө алгыдай эмес. Нары кол учун салсаң ичиркенткен муздак булактан салкын шапата уруп серүүн. Көзүбүз менен көрүп, көркүнө кушубуз түшкөндө гана булак ээси Жамгырчы акенин бизди ушул жакка ээрчитип келатып айткандары кулагыма илинди:

– Чоң энем Буура жүз он беш жашка чыгып көз жумду. Ушул булактын суусуна чачын жуучу эле. Өлөр-өлгүчө чачынын бир тал агы жок капкара бойдон өттү.

Эң кеминде жүз жыл бою ушул булакка чөбү тапталбаган бир таман жол менен каттап, жээгинде чачын жуучу аял мага касиеттүү элестеди. Туптунук мөлтүр суудан эңкейип кочуштап сузуп жүзүбүздү чайыдык. Жүз он беш жыл өмүр сүргөн касиеттүү Буура эне жуунган булак кара чачы кулпурган дагы канча кыз-келинди карытып, дагы канча жыл бейиштин соолубас кудугундай көк ирим болуп тунуп турарына кыял жоруп тунжурадык.

 

Куштар куттук айткан гилас гүлү

Бул үйгө кыш алды менен көчүп келдик. Короосу чакан. Бир бай түп гилас менен чай розасынын эки түп бадалы өсөт. Чоң көчөдөн кыйла ичкериде, эки кулач келген тар короосу бар үйүбүздү балдарыбыз “Аралча” деп атап алышты. Жазында биздин кичинекей “Аралчада” эң биринчи гилас гүлдөдү.

Гилас үч күндө гүл ачат экен. Биринчи күнү гүл чанактары жарылып, учу агара баштады. Экинчи күнү гүл ачып, бирок желекчелери толук жазыла албай турду.Үчүнчү күнү таң заардан бизди куштардын түркүн обон-үн менен шаттуу сайраганы ойготту. Айванга чыксам, гилас бадырак ата текши гүлдөп калыптыр.

Шагы көрүнбөй аппак гүлгө оронгон бай түп гилас короону ак булуттай чүмкөп турду. Аны узакка тиктесең “Аралчабыз” кайдадыр каалгып жылып бараткансыйт. Гиластын гүлдөрүнө сонуркаганымдан да ушул ажайып маалды чымчыктардын туюп-сезип, той түшкөндөй чогулуп, кубулжута шаттанып сайрашканы мага зор жаңылык болду. Дарактын биринчи гүл ачканын майрамдашкан куштардын сулуулукка куштарлыгы, сезимталдыгы таң калтырды.

– Гилас канча күндө гүлдөдү? – деп кечинде жети жашаруулумдан сурадым.

Ал да байкап жүргөн экен:

– Эки күндө, – деди.

– Жок, үч күндө. үчүнчү күнү эрте менен куштар сүйүнчүлөштү го бизге?

– Ошол күнү күндүзү аарылар да к-ө-өп учуп келишти, – деди уулум.

Ошентип гиластын гүлдөшү, жалбырак байлашы, мөмө түйүшү биздин үй-бүлө үчүн өтө кызыкдар окуялардан болду. Ал эми чай розалары гүлдөгөндө кыпкызыл өрттөй алоолоп, жыпар жыты короого батпай буркурап турду. Ага кумарыбыз кангандан кийин дубалды түптөп эгилген хризантема, астра гүлдөрүнүн өсүп чыгышын күнүгө аңдып калдык.

Биздин “Аралчага” жаз ушинтип келди.

 

Кадыр түн кечи

Кайсыл бир жылы Орозо айттын алды кара-дарыялык ичкилик кыргыздардын кадыр түн тосуу аземине туш болгон жайым бар. Анда эрте жаз белем, кар аралашкан жамгыр жерди эзип чаба жаап турган. Коңшу аялдар чогулушуп кадыр түн тосуп жатышкан үйгө бутубузга жабышкан чакса баткакты сүйрөп, мүрүбүздөн ылдый суу шорголотуп, иңирде келгенбиз. От улуу жагылган печкенин ысык табына уядай мемиреген бөлмөгө кирерибиз менен сырттагы жамгырдын “чылп-чылп” эткен көңүлсүз дабышы да унуткарыла түшкөн. Бизден кийин да:

– Салоом алейкум!

– Кадыр кеч болсун!

– Түнүңөр кушубак болсун, кармаганыңар алтын болсун, – дешип колдорун боооруна ала кирип жатышты аялдар .

Бирден мейман табак колтуктарында. Ысык бойдон думбаланып оролуп келинген көк самса, чүчпара, манты, оромо, каттама, чакчак, боорсок сыяктуу түр-түр даам жайылган дасторконго батпай чыкты. Улуулата олтургандардын көңүлү дасторкон берекесине тойгондой каниет менен имере карап коюшуп, сыпайы созулушат.

Ушул түнү уккан-көргөндөрүмдөн орозо маалында асмандан аппак нур болуп түшүүчү кут жөнүндө сөздөр мага айрыкча таасир калтырды. Айтканга караганда, кудай сүйгөн пендесине жиберүүчү кутту кармап алган адамга байлык, дөөлөт келет экен. Сөздөн сөзгө уланып:

– Кут карматпай качат турбайбы, – деп калды айсары түс аял.

– Ооба, жөн эле колго кармалбайт. Ак оромол менен баса калып, “Ак сарыбашыл ача туяктан бирди айттым” деп ийиш керек, болбосо кут учуп кетет. Ошол оромолго оролгон бойдон ачпай сандыкка салып койсо алтын болуп калат, – деди карылык мөгдөтүп койгон Байбиче эне.

Бул өмүрдө көрбөгөнү калбаган карысы да, ойноок кыялдары токтоло элек жаш кыз-келиндер да ээленген сезимге албырышып олтурушту. Алардын ар бири бүгүн түнү жакшылап ыклас кылса алаканына кут конооруна ишенип, ой-санаасында байый түшкөнсүйт

Баарына жаккан бул баян кызый-кызый түгөнгүдөй эмес. Токтонуп эле калган Надира жеңемдин сөзү өкүнүчтүү чыкты:

– Быйыл орозонун башында эки апта свет жок болбодубу. Чырак күйгүзүп алып саарлык ичип олтургам. Ичип бүтүп, эми дуба кылайын десем эле эшиктен көз уялдырган аппак шоола кирип келди. Үйдүн ичи свет күйгөндөй жарык боло түштү. Курган жаным машине келген окшойт деп жүгүрүп айванга чыгыпмын. Эч нерсенин дайыны жок. Бакка чейин басып бардым. Нары карап, берип карап, кайра үйгө кирсем баягы нур да жоголуптур.

– И-ий жеңе, таза кызык турбайсызбы! Башыӊыздагы оромол менен эле баса калбайсызбы? – деп шыпшынып ийди жанымда олтурган кара тору келин.

Аңгыча төр жакта олтурган кемпирлердин бирөөсү сөздү жула качты: – Менин жаман чалым өөгүнү түнү келатса эле алды жагынан аппак шоола көрөт. Артымда келаткан машиненин жарыгы окшойт деп аңдоос албайт. Кайра бир паста эле баягы ак нур жок имиш, артын караса машине да көрүнбөптүр. Алигиче арманда жүрөт.

– Илгери орозо маалында адамдар белдерине ак оромол курчанып даяр жүрүшчү эле, – деп Байбиче

– Тиги өйдөкү айылдагы Айти эжени билесиңерби?! Кечинде сөрүдө отурса эле бак тараптан жылт-жулт жарык чыгат имиш. “Кут турбайбы” деп башынан оромолун жулуп алып баса калыптыр. Анан эле сууда жатам дейт. Көрсө бакты сугарган суу көлмөчө болуп калган экен. Ошого айдын нуру чагылышып жылтылдаптыр. Аны Айти эжем бечара кут келген экен деп ойлобойбу.

Бул сөзгө аялдар черлери жазылгыча көпкө күлүштү. “Олдо, момундарым аа...” дейм ичимден. Эрте жаздан кышка чейин жер тырмалашып, бүгүлгөн белдери жазылбаган, кара мээнетке чор болгон ушул чөлдүктөргө чындап эле асмандан кут түшүп алтынга айланса кантишер эле? Пахта терип, тамеки үзүп, буудай оруп, тизесине чейин суу кечип жүрүп шалы өстүрүп,жилигинде майы калбай тарашадай какшып бүткөн, аптапка бышкан, бирок этеги узарып кетпеген момун элдин тиричилиги асмандан кут түшмөк турсун , чакалап алтын төгүлсө да өзгөртө албоочудай аяп кеттим.

Бирок ошол жаздан бери аппак нур болуп кездешүүчү кутту кээде өзүм да эңсеп жүрөм.

 

Жамгыр тоодон башталат

Ошто жаз апрелде толукшуп келбетине чыкса, Алайда май айында ууз көркү ачылып кулпурат. Айылдын ушул маалдагы ажарын көргөн да, көрбөгөн да арманда.

Май ортолотуп, эл жайлоого көчөөр убакка туштап айылга барып келүүнү самап жүрдүм. Эңсесен түшүңдөн да кетпей коет экен. Туулуп-өскөн жерим Мурдашты сагынганда бийик зоодон серпинди тамчылары күмүштөй шыңгырап сапырылып агып түшүүчү булак кирип калат түшүмө.

Ошол булак үйүбүздүн артындагы чокулары асман челген бийик тоонун коосунда ташты жарып атырылып чыгып, аркан бою бийиктен төгүлүп түшөт. Бала шаркыратма деген аты бар. Булактын тунуктугун, муздактыгын көрөм десеңиз ушул жерден көрүңүз. Шоокуму айылды термеп турат.Булактан бир арык суу үйүбүздүн багын аралап өтөт. Айылга келгенибизде анын күмүштөй шыңгыраган доошу бизге түгөнгүс эрмек. Жалбыз ширелип өскөн жашыл булаңдуу жээгинде олтуруп булак үнүн кумарланып тыңшагандан, айылдын жашыл боегуна оңойлук менен үйүр алалбоочу көздөрүбүз тойбой тиктегенден тажабайбыз.

Бул жолу айылда жааган жазгы жамгырдын сулуулугун ачтым өзүмө. Нөшөрлүү жаан адегенде агарып тоодон башталды. Кыл миздүү чокуларын жөө туман чалгандай көшөгөлөп туруп, анан акырын-акырындап өрөөнгө жылып түштү. Жазгы нөшөрдүн жалама аска-зоокаларды, көк бетегелүү жашыл төрдү, дарактарды, үйлөрдү, үй алдындагы бакты, көк майса шиберди жууп-чайып, ар бирин кайталангыс боекко боеп, айылга сабалап кирип келгени өзүнчө кооз кубулуш, табигаттын кайталангыс спектакли болду. Чаңкоосу канган жерден жашаң чөптүн, тоо гүлдөрүнүн жыты уруп, жаш жалбырактардын жуулган бетинде тунуктугу менен көз арбаган тамчылар мөлтүлдөйт.

Шатыраган жамгырдын доошуна кошула Бала шаркыратманын гүү-шаа түшкөн айбаты күчөдү.

Нөшөр сээлдей электе эле асмандын бир чети көпкөк болуп түрүлүп, күндүн таптаза нурлары жабалактап, жамгыр менен атаандашкандай, жапжашыл табигатка жармашты.

Бул түш өңдүү ажайып сулулукту келерки жазга чейин жүрөгүмө тумардай катып койдум.

 

Он беши жарык ай

Адам шаарга келгенине жыйырма жылдан ашкандан кийин гана үйлүү болду. Жеген-ичкенден кысып жүрүп жыйнаган акчасы шаар четиндеги көчөнүн дөнсөө жеринде жайгашкан, эскилиги жетип, кулаганы калган жапыз тамды сатып алууга зорго жетти. Короосу да тар экен. Ушул үйгө жетүүгө жарым өмүрүн сарптаса, эми эскини эптеп, оӊдоп-түзөөгө калган өмүрүн короторун али биле элек.

Жаӊы үйгө түн ичинде уурданып көчүп келишти. Бир ДАОго толор-толбос жүгүнөн уялышты коӊшуларынан. Балдары эр жеткичекти батирден батирге көчүп жүрүшсө кайдан дүнүйө жыйнашсын. Бирок, бул түн анын өмүрүндөгү эӊ унутулгус түндөрдүн бири эле. Таӊга маал короодогу жалгыз түп даракта түнөшкөн парандалар чукуранып үн сала баштаганда ойгонуп кетип,“өз үйүӊ, өлөн төшөгүндө” уктоонун жыргалына балкыды. Агарып келаткан жайкы таӊ да анын бул бактысына теӊ ортоктош болгонсуп ажайып сулуу эле. Көөдөн толгон кубанычынан уйкусу чайыттай ачылып, сыртка чыкты. Аны жашоонун дагы бир күтүүсүзбелеги күтүп туруптур.

Дөӊсөөдө деп иренжиген үйүнүн айваны күн чыгышты карап, алыстан мунарланган Папан тоолору даана көрүнүп турат экен. Ошол тооолордун үстүнөн агарганшоола караӊгылыкты сүрүп, жер жарыйбаштады. Күн чыга элек, бирок асмандын чыгыш тарабы кызгылтым нурга чайылган. Ал тоонун үстүнөн буга чейин көрбөгөн керемет булуттарды көрдү. Ачык асманда эки чон үзүк булут гана күндүн чыгышын утурлагансып жарданып турушат.Алардынкүн тараптагы түрмөгү кочкул кызыл түскө боелуп, ал эми үстү жагы капкара болуп уюлгуйт.Агарын келаткан асманда кызыл, кара булуттар алоолоп өрттөнүп жатышкансыйт. Бул ажайып кубулушсырдуу белгидей жүрөк опкоолжутат.

Танкы уйкудагы шаар тыптынч, таза жана серүүн аба сезимди өрөпкүтөт. Күн көп күттүрбөй эле жарк этип тоо чокусуна конду. Алтын түс жаркыраган нурлары шаардын көп кабаттуу үйлөрүн, дарактарды өпкүлөдү.Эми ал бардыгына бирдей нур чачкан кадимки эле күн эле. Бирок, күндүн төрөлгөн маалын көргөн ажайып таӊ адамдын эси-көөнүнөн кетпей калды. Ушуга чейин турмуш аны камчылап эле келаткан. Жараткандын түгөнгүс сыноолоруна кайышып, каржалган абалында ага ыроологон бул белегине чексиз ыраазы.

Адам эми күндүн төрөлүшүнө ашык болду. Көзүнө уйку жукпай таӊ ата электе турат. Жашоонун ырахаттуу мүнөттөрүн тартуулаган күндүн чыгышын дегдеп күтөт. Алоо кызгылтымаруу шоола менен таӊкы серүүн таза аба желкеден ныгыра баскан көп жылдык жүгүн жеӊилдетип,ой-сезимдерин балкытат, күч– кубат бергенсийт. Ошол күндөн тартып турмуш ага оӊ көзүн салып, иши да жүрүшө баштады.Кээ бир күндөрү асман бетин булут каптап, күн жүзүн тосуп калса ал да кошо бүркөлөт. Жүрөгүн кусалык ээлейт.Кечке талмоорсуп жүрөт. Күндүн көзү тазаланып чыккан күнү агажашоо да жарый түшөт.

Адамдын бул бактысы узакка созулган жок. Короолору танапташ коӊшусу жаз алды менен бир кабат эски тамын бузуп, ордуназаӊгыраган ак сарай куруугакиришти. Үйдүн дубалы бат эле өйдөлөй баштады. Адамдын коргонуна жанаша салынган ак сарай бийиктеген сайын күн чыгыш көрүнбөй, адамдын заманасын таарытат.Эми ал күн чыкканын көрмөк турсункеӊ асмандын жарымын далдаалап калган үйдүн кумшыбак дубалын тиктөөгө аргасыз. Үйдөн чыкса эле көздөрү артын салган бийик үйдүн боз дубалына урунат. Тоолорду, асманды, бак-дарактарды, күн чыгышты тосуп калган үй анын ой-сезимин да кысып, аба жетпей буулугат.

Баарыдан да коӊшусунун сөзү чучугуна жетип, жүрөгүн сыздатты. “Күндү тосуп калдыӊ го ?”, – десе “Үйүмдүн артына күн, булуттун сүрөтүн тартып берем. Ошону тиктей бересиӊ”, -дейт мыскылдуу. (Ой, тобо, көп узабай кокустуктан каза болуп, күндү өзү да көрбөй калды. Күч-кубаты ашкан гүлгүн курактагы жигит эле). Бирок, наркы дүйнөгө ак сарайын алып кете алган жок. Курган ордунда калды.Бала-чакасына да буюрбады. Аялы күйөөгө чыгып, үйдү сатып, көчүп кетти.

Адам ага сүйүнгөн да, табалаган да жок. Ал үчүн күндүн чыгышын көрбөй калуу ачуу бактысыздык эле. Жашоосун көрктөп туруучу ырахаттуу мүнөттөрдөн кол жууп калганына жүрөгү түтөйт. Жараткан аны кайсы күнөөсү үчүн ушинтип жазалаганына аӊ-таӊ.

Ошодон баштап адам таӊды куштарланып тоспой калды Күн чыккан тарапты тиктесе кум шыбак боз дубалды көрүп зээни кейийт. Жаздын жышаанасы башталганча маанайы чөгүп жүрдү. Маалы келгенде каары катуу кыш да артка чегинип, күн жылып баратат.

Короосундагы тонголок эрип, ала-шалбырт башталганда ал дагы бир кереметке туш болду. Дубал түбүндөгү борпоӊ топуракты жарып чөп чыгыптыр. Кар эрип бүтө электе эле жер бетине чыгууга ашыккан чөптүн башы найзадай тикирейип учтуу экен. Али тонголок топуракты жарып чыккан өсүмдүктү көрүү ага чоӊ жаӊылык болду.

Буга чейин жазында өсүп чыккан чөптөрдү көрбөй жүрдү беле. Бирок, аларды жер бети жашылдана баштаганда гана байкоочу. А бул жолу өз үйүнүн короосунда быйылкы жылдын жаӊылыгын биринчи болуп көрүп жатат. Ал бир-эки тал сабак ымыркай өсүмдүккө жаны-алы калбай кубанды. Эгер талаа бетин бербей жайнап турса мынчалык таасирленмек эместир. Өз короосунда сербейип өсүп чыккан бир-эки түп гүл ага өтө кымбат эле. Жашоонун кубанычы түгөнгүс тура деп ойлоду. Жараткананы жакында бир ырахаттан айырса, минтип башка ырахатты берип жатат. Жакшылыктардан үмүт үзбө деген сабагы окшойт. Бул кубанычы анын кирдеп жүргөн жүрөгүн тазартып, көӊүлүнө канат байлады. “Айдын он беши жарык”. Ушул бактылуу сезимдин деми менен ал кайрадан жашоонун агымына аралашып, турмуштагы өз жолун улады.

2000-2011-жылдар, Ош шаары

 

© Зинакан Пасаӊова, 2013

 


Количество просмотров: 2861