Главная / Поэзия
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 16-декабры
Туулган жер
Акыркы жылдардын поэзиясы.
Сүйбөй калсаң
Атап сени өмүрүмдүн гүлү деп,
Өмүрүмдүн бир өзүнө айланттым.
Бир күн сүйүп, экинчи күн ыраактап
Жаштыгымды өткөрбөгүн армандуу...
Келсең күтүп оз денеме сыялбай,
Бут калтырап тикенекти кечкенсип.
Келбей калсаң... күнүм кара жамынып,
Бир күн күтүп, өмүр түгөп эртеси...
Күлсөң күлүп, күлбөй койсоң бозоруп,
Сүйсөң күйүп, өрттөй күйүп жанамын!
Сүйбөй калсаң... Кабыламбы ажалга?!
Сүйбөй калсаң... Балким сүйбөй калаармын...
Сүйбөй калсаң, өмүр бүтпөйт, уланат,
Кайрыламын мен өзүмө эзелки.
Сүйбөй калсаң, мен да сүйбөй каламын,
Мен жоготкон өзүмө-өзүм келемин!
***
Капалуу күзгү күндүн булуттары,
Жыйылып күзгү күндүн уурттары.
Турмушта капысынан адашкансын,
Дүйнөдө көзүм жоктой унуткарып.
От менен ойноп өскөн бала курак,
От болуп күйүп турган бала убак.
Баардыгы сенин отсуз көздөрүңдө,
Жылт күйбөй кошо кетип калган сыяк...
Бир туйса ал сезимди күзүм туяр,
Бир туйса эрдиң даамын жүзүм туяр,
А сенин таштай каттуу жүрөгүңөн,
Атым да унутулуп кеткен чыгар...
***
Арнай элек жакшы сөзүм калбады,
Сага деген бүтпөйт окшойт эскермем.
Айлап-жылдап жазып бүтпөй келемин
Махабатты экөөбүзгө кеч келген.
Аягына чыкпайт өңдүү арманым,
Бир чекитке көп чекиттер уланган.
Ушул менин жашырынган көз жаштуу
Сага деген эң акыркы чыгармам.....
***
Ааламга азап үчүн келдим беле,
Тагдырым шор суусунду бердиң неге?
Турмушум ар кадамга тузак тартып,
Махабат койбойт такыр өз эркиме.
Үмүтүм түнкү жалгыз чырак окшоп,
Тилекти муңга бөлөөр ырлар коштоп.
Бактылуу болуу үчүн акым жокпу?
Көөдөндө көз жаш менен турам боздоп.
Жылдыздын мыйзамы бар – жануу, өчүү,
Өмүрдүн мыйзамы бул-келүү, кетүү.
Сүйүүнүн мыйзамы көп ыйлап, күлүп,
Акыркы натыйжасы арзуу, жетүү.
Бакытка курбан кылып баары жокту,
Жаштыкты, максаттарды, оюн-зоокту.
А турмуш ыйы үчүн чекит коюп,
Бактылуу болуу үчүн акым жокпу?
Көңүлдү бура бербей эл кебине,
Намысты тебелетпей эми эч кимге.
Бапестеп өз бактымды алсам окшойт,
Пенделер койгулачы оз эркиме?
Туулган жер
Топурагың кар астында томсоруп,
Жашыл чөбүң оңгон чыгар өңүнөн.
Адырларчы бозоргонсуп турабы,
Жете албай асмандын ак, көгүнө.
Күндү жиреп, карды тилеп жаткандыр,
Асманды ээлеп каргалардын күнү тууп.
Күркүрөгөн кыш кылычын тартканча
Булбул ырын калбаса экен унутуп...
Келгин үйүн калбаса экен унутуп,
Түйүлбөсүн кыштын дагы кабагы.
Жакшы дешет кыштын кыштай болгону,
Жакшы дешет кышта кардын жааганы...
Жакшы дешет туулган жерде кыш тосуу,
Ыйык дешет от өчпөгөн коломто.
Күркүрөгөн кыш кылычын тартканча,
Туулган жерим тынчтыкта бол, аман бол!
***
Жалган дүйнө боеп менин көзүмдү,
Байкуш жанга айлангансып көрүнөм.
Байлык, акча жыйган сайын аз-аздан,
Дат баскансып барат ички дүнүйөм...
Көздөрүмө аалам көрксүз көрүнсө
Буюм алып өзүмдү өзүм кубантып...
Жашап калдым байлык жыйып, там куруп,
Акча менен өмүрүмдү улантып...
Өзгө айткан сөзгө өлчөп баркымды,
Мактоо үчүн актым суудай күркүрөп.
Өз напсимди эми колго алайын,
Канча жылдар бар боломун ким билет?
Жүрөгүмдүн ыр куржунун ачайын
Дилимдин ак экендигин белгилеп!
Россия
Мээримдүү бол, кайрымдуу бол жаштарга,
Меймандос бол, куру аяк кайтарба!
Жүрөгүнөн жагымдуу жай алсаң да,
Балдарымдын тагдырына айланба!
Кабыл алган кучагыңа раазымын,
Наным таптым ырыскы бер, кут чачкын!
Сезиминен жылуу орун алсаң да,
Мекенине айланбагын баламдын!
© Рахат Таштемирова, 2013
Количество просмотров: 1688 |