Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Мунара Зарипова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 17-декабры

Мунара ЗАРИПОВА

Саркеч сезим

Ырлар

Бул китеп автордун алгачкы ырлар жыйнагы. Жыйнакка алгачкы жана кийинки табият, сүйүү, Ата-Мекен ж.б. ар кыл темадагы ырлар топтоштурулду. Окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

Зарипова М. Саркеч сезим: Ырлар жана котормолор. – Б.: 2013. – 112 б. китебинен алынды

 

Чыгарамаларым туурасында өз ой-пикири менен бөлүшүп, кеңешин берген КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыздын таланттуу акыны Акбар Рыскулов агайга чоң ыраазычылыгымды билдирем.

Автор

 

МЕКЕНИМДИН ДОБУШТАРЫ

 

Ырларымдын жарыкка чыгышына атамдын керээзи түрткү болду. Биринчи китебимди атам Эркин Зарип уулунун жаркын элесине арнайм.

 

ЧЫЧКАН СУУСУ

Шамал менен тең жарышып, кубалашып,
Мөңгүлөрдүн майда суусун ала качып,
Оозуңдан көбүк чачып ажыдардай,
Тоодон ылдый келатасың кайнап-ташып.

Добуштарың эске салат журт шерлерин,
Карсылдашып коргоп келген элин-жерин,
Бүтсө керек билектери ушул күчтөн,
Ээ бербей тешип чыккан тоонун бетин.

Сезгим келет албууттанган айбатыңды,
Таш майдалап, тоо ураткан кайратыңды,
Кайберен ооз тийген башатында,
Көркүн көрчү кешик ичкен карагайдын.

Жөө жомоктой кайталанып, сапырылып,
Канча кылым, канча мезгил шар агылып,
Бабалардан калган сырды жеткирчүдөй,
Шашыласың мүдүрүлүп, ала салып.

Багынткан канчаларды сенин сүрүң,
Сергиткен, тазалаган сенин үнүң,
Сагынып атыр жыттуу салкын желди,
Дагы деле сени бойлойт кыргыз көчү.

 

ТООДОГУ ЖАЗ

Кубалап кеч карларды ойлорунан,
Мончоктой мөңгү сууну коюнунан,
Төмөн карай чуркатып өзөн, сайга,
Өптүрүп булуттарга моюнунан.

Жасанып чоң энемдей майрамдарга,
Жар салып шаң-гүү менен айланага,
Баркыттан жашыл-ала кемсел кийген,
Тиктирип бир керемет кыраандарга.

Жай берген арчаларга төш-боорунан,
Шиберден шырдак салган оң-солуна.
Жайытына кардан төшөп ала кийиз,
Алдымдан тосуп чыгат колун суна.

Керилип, кенен таштап кең пейилин,
Алдейлеп, сактап, коргоп кыргыз элин.
Булуттун актыгынан жанга азык,
Туямын балдарына эмизгенин.

Кулпуруп, жашылданып, күчкө толуп,
Жаш шоола муз-мөңгүгө жылуу конуп,
Этият сыйрып таштап ак шейшепти,
Койнунда турат жаңы жаз ойгонуп.

 

ЖООГАЗЫН

Ойгондуңбу?
Кел, экөөбүз көрүшөлү, оболу.
Күлгүн жазды биргелешип тосолу.
Күн нуруна рахаттана чайканып,
Күзгө чейин келе чогуу бололу.

Чукуранып, керип алчы боюңду,
Бир чиренип күнгө созчу мойунду.
Саамайыңдан бир искейин, садага,
Тиер-тийбес, аяр созуп колумду.

Тартынбачы, жерди уяң тиктебе,
Көркүң көрсөт, бир суйкайчы кериле.
Бул жашоонун көркү бала жана сен,
Ажарланчы, башка парзың эмнеде?

Жазгы жайлоо сыяктантып короомду,
Салдың эске жаштык өткөн тоодогу.
Жыпарыңан кетекенсиди кеңейип,
Короом тургай элестерим ойдогу.

Назиктигиң тосмо коюп сактайын,
Күндүн нуру кунар кошсун ансайын.
Жайлоо көркүн шаар жерине тараткан,
Жоогазыным, сени даңктап жазайын.

 

САРКЕЧ СЕЗИМ

Сары күн, сары ай, сары апта,
Сары түстө курчап турган айлана да,
Түгөнбөс сары күздүн сарылыгы,
Бийлегенсип табийгатты чексиз санаа.

Саркечтеп асыраган асыл ойлор,
Айланды короомдогу сары бакка,
Жетилип ширесине толгон бойдон,
Үзүлбөй кала бербе күзгү бакта.

Сары чөп, сары гүл, сары талаа,
Берешен күз мезгили дыйкандарга,
Талыкпай айдасам ак талааны,
Берер деймин ыр-береке мага да.

 

ЭМЕН

О, эмен бак, кебелбеген кайратың мол,
Ызгаар, жамгыр, шамалдарга болуп тоскоол,
Келбетиңден сүрдөп турат бийиктиктер,
Жерден көккө тайманбастан саласың жол.

 

***

Күзүндө береке, береке!
Тасмалды кенен жай эжеке,
Кырманда эгин көп, эгин көп,
Балбан күз буйруган белекке.

Береке күзүндө, күзүндө!
Токпейил күлмүңдөйт жүзүндө.
Кайратман дыйкандын эмгеги,
Кызарат чылк толгон үзүргө.

Молчулук, токчулук күзүндө,
Түркүн даам, жемиштер үйүмдө,
Тырсыйган кызыл бет алманы,
Тиштесең капа жок көңүлдө!

 

БУЛУТТАР

Бирде жалгыз, бирде топ-топ куштардай,
Канат жайып, тосуп күндүн жебесин,
Үлпүлдөшө каалгышат шашылбай,
Өзгөртүшө улам-улам келбетин.

Горизонттон кайра-кайра көбүрүп,
Сүткө окшойт байып кетип төгүлгөн,
Ысык-Көлдүн толкунунан бөлүнүп,
Көк асманда ак куу болуп көрүнгөн.

Боз үйлөрдүн кенен төрүн ээлеген,
Шырдактагы оймо-чийме сүрөттөй,
Мейкиндикке оюу салып не деген,
Кубулушат жаңы көрккө көп өтпөй.

Дилдей таза, ойдой учкул аппак зат,
Бийиктиктин асыл сырдуу гүлүндөй,
Актыгыңан бүркөө маанай ачылат,
Жакшы сөзгө көтөрүлгөн көңүлдөй.

 

***

Барсыңбы сары чымчык назик үндүү?
Жетелеп нурларынан ысык күндү,
Биз жакка жазды ала келиптирсиң,
Таратып айланага ак сүйүүнү.

Таң эрте ыргактарды созолонтуп,
Уктаган сезимдерди козгоп коюп,
Жетсин деп эңсөөлөрүң күткөнүңө,
Көкүрөктө ала келген сактап, коруп.

Ырахмат ырларыңа үмүт берген,
Эргиткен жүрөктөрдү таң эртеден,
Байкасам ырларыңды сенин дагы
Келечектен үмүтүң кенен экен.

Бакыт үчүн мээнетиң текке кетпес,
Ээн, суук күндөрүң кайтып келбес,
Ырларыңды баалаган сары чымчык,
Жаныңдан кыя учуп, өтүп кетпес.

 

МЕКЕНИМДИН ДОБУШТАРЫ

Кулак салсам добушуна мекенимдин,
Угуп турам бешик ырын энекемдин,
Жанга жакын назик үндөр эске салат,
Өскөн жердин кайталангыс экендигин.

Кулак төшөйм шыңгырына муюп денем,
Тамчы болуп булагыңа кирсемби дейм,
Ымыркайдай кайра баштан тазаланып,
Өмүр өтүп, көз жумганча кирдебесем.

Токойлоруң шоокум салса, мен шамалга
ыраазымын жан киргизген бутактарга,
Шыбырашып уяң кыздай жалбырактар,
Кулагыма тагып турат күмүш сырга.

-Ах,чиркин гүлүң болуп калсамчы!— деп,
Чөптөрдүңдүн жыттарынан искеп-искеп,
Чалкалап жатып алып көк шиберге,
Улутунам өткөн кезди эстеп-эстеп.

Жанымдагы чөп арасы шытыр-шытыр,
Көз алдымда агала-көк чексиз чатыр,
Шашылбай чегиртке да мекенинде,
Добуштарга салым кошуп жүрөт азыр.

Кулак салсам добушуна мекенимдин,
Угуп турам дастандарын улуу элдин,
Комузуна кошулган сүрдүү дүбүрт,
Эске салат ыйыктыгын туулган жердин.

 

КЫШКЫ ЫР

Сан-сандап, майдалап себелейт кар,
Секиндеп издериңден ээрчип табар,
Кадалып миңдеген терезеге,
Сүйүүмдөн ар бир жанга берет кабар.

Жайма-жай, жер жүзүнө жайылат кар,
Жалынсыз кең дүнүйө сезилет тар,
Айланып ааламды кыдырса да,
Тапкан жок эңсегенди чарчаган кар.

Бат-баттап, шашылып төгүлөт кар,
Адаштырат жолумдан менин басар,
Чачылып ээн талаада бурганактайт,
Адамча ак сүйүүдөн арманы бар.

Жаагандан сен да жадап бүтөрсүң кар,
Жер дагы актыгыңа толук канар,
Ошондо нөшөрлөгөн жазгы жамгыр,
Көңүлдөгү ызгаарды айдап чыгар.

Үмүттөр качан өлөт? Кышында.
Жер жайнап тару сымал кар жааганда,
Асмандан периштелер боюн силкип,
Канаттарын кара жерге сапырганда.

Боз түшүп, жаратылыш картайганда,
Сумсайып сулуу бактар калдайганда,
Азаптуу күн салгансып кайрадан кыш,
Бүркөлүп ачык асман карайганда.

Акактай сыдырылып көктөн жерге,
Оронуп жансыз, мерес муздак демге,
Бозоргон туңгуюктан тынбай түшкөн,
Үмүттөр калып жатты тепсендиде.

Көкөлөп, аруулукту самап учкан,
Ишеним, жаштык кыял алгалаган,
Үмүтүмдөй ушул кышта, мен дагы
Аргасыздан көктөн түшүп бара жатам.

 

ЖАЗ

Башталды.
Бир жыл бою баары күткөн,
Булбул ыры муңдан бүткөн,
Көктөм учур, ала булут
Көлчүктөргө жашын сүрткөн.

Ала шалбырт карлар аккан,
Жаш шиберге шуру чачкан,
Сулуу учур, көз кандырган,
Жаннат өңдүү сүрөт тарткан.

Ак көйнөктөр жайнап учкан,
Мыйзамдардын баарын бузган,
Назик учур, жүрөк эзген
Чыга калып сүйүү бурчтан.

Ой жашарып, күн узарган,
Келечекке жол чубалган,
Сергек учур, качып чыккан,
Акыл тоскон дубалдардан.

 

САРЫ ОЙЛОР

Күзүндө куштар эмес мен көчөмүн,
Талаадагы түстөр эмес мен өчөмүн,
Ак кепинин оронгон тоолор эмес,
Жазда кайра жаралууга мен өлөмүн.

Мен күздүн жалынына түтөп күйөм,
Жабыркап ар бир барик түшкөнүндө,
Саргайып, соолуп калам шибер сымал,
Кайрадан көктөмдөрдө көгөрүүгө.

Мен күздүн жалынына күйүп түтөм,
Себилип сары дилде сымак жерге,
Шуудурап, шамал менен кышты күтөм,
Чокулар оронушкан аппак селде.

Жабыркайм ар бир барик күбүлгөндө,
Жактырбайм күн көрүнбөй күттүргөндө.
Чыйрыга, жерип муздак көлчүктөрдү,
Чабыттайм учкун сымак ысык күнгө.

Күл болуп түгөнөмүн түтөп-түтөп,
Кайрадан жаралууну күтө-көксөп,
Себилген үрөнүмдөн эрте жазда,
Чыкса дейм кайрадан жашоо көктөп.

 

КҮЗ

Сыртка чыксам аба таза, салкын, суз.
Ным жыттанат чала тоңгон топурак.
Кичинекей көлчүк кетип, жука муз
Төшөлүптүр кагаз сымал апаппак.
Тээ асманда мейиз сымал каргалар,
Шашпай учат көңүлүндө кайгы жок,
Көз чаптырам мен суктанып арбала,
Кайда эми жашчылыгым ойноок, шок?
Батыш жактан үмүт издей, күн карай,
Моюн созом жылчык издеп асмандан,
Короо төрдө, бурчта өскөн карагай,
Жамыныптыр кыроо көйнөк кайрадан.
Күз мезгили сапар улап алыстай,
Бара жатты муздак желге кошула.
Чубалжышып мейкиндикти арыштай,
Куштар кетти таштап үмүт колума.
Күз да бүттү, дагы бир күз өмүрдө,
Дагы бир кыш келет эртең өмүргө,
Өткөнүнө көп күндөрдүн ичим тыз,
Эртелеткен өмүр жолун өлүмгө.

 

ТОКОЙ

Жашыл жанар термелет жазгы бийде,
Буркурайт гүлүн ачкан таттуу жийде,
Дүпүйгөн, тармалданган кооз дубал,
Шуудурайт бир укмуштуу сырдуу тилде.

Суктанамын мен шамалга ага сырдаш,
Болсом го койнундагы булбул курдаш!
Шоокумуна ыргак кошуп жан эргиткен,
Ырларымды созолонткум келет уйкаш.

Нур болсом жылтыраган жалбыракта,
Селкинчек тээп жыргасам бутак-шакта,
Көлөкөңө бөлөнгөн чымчык сымал,
Үргүлөсөм түш көрүп ушул чакта.

 

ТАҢДА

Жымжырттык. Жер уйкуда жатат жансыз.
Жерди тиктейт чарчаган Чолпон жылдыз.
Мейкинде мемиреген булут жалгыз.

Чыйрыктыра чыгыштан түн суюлуп,
Тоо кырынан жер бетине сүт куюлуп,
Сейрек, уяң нурлар түштү созулушуп.

Ушул тапта күчкө толот балбан билек,
Ысык демге ороп жатат жарын эркек,
Уйкуга таттуу түштөр болот белек.

Ымыркайдын оозундагы ийип эмчек,
Жаш энеге кыялдары болот эрмек,
Айланага боюн салып кулак сергек.

Козгобой шоокумду шамал таптайт,
Короз да үнүн түзөп канат какпайт,
Короонун таң уйкусун сүкүт сактайт.

Курчалган бир керемет тунжуроого,
Ай-бийкеч назар салат бул жашоого,
Нурун төшөп менин ачык босогомо.

 

ЖАЗДЫ СЕЗҮҮ

Араласам кыштын соңку күндөрүн,
Кулак чалды жаздын шаңдуу үндөрүн,
Кыл учунда назик нурдун жылтылдап,
Улап турду келер күндүн күдөрүн.

Жазды туйдум шайы, жибек оронгон,
Окшоп турган жашык кызга сооронгон,
Кышы бою жылуу үйдө жашынган,
Уяң кыздай жаңы чыккан короодон.

Изи жылуу, баскан жерди эриткен,
Ызгаар кышты нуру менен жибиткен,
Алмаштырган тунжураган тынчтыкты,
Куш сайраны, шоокум күүгө эргиткен.

Төгүп турган жан киргизген жамгырды,
Муз эритип, чөп чыгарган акырын,
Сансыз боек чачып, анан соңунда,
Кооз жоолукка окшотуп тоо, адырды.

Жазды сездим деми гүлзар аңкыган,
Жибек чачын желге сылай тараган,
Булуттарды боз шамалга арттырып,
Мейкиндикте жаңы жашоо жараткан.

 

***

Тып-тып, дыбырт-дыбырт, шатыр-шатыр,
Көчөдө жай сейилдеп жүрөт жамгыр,
Алаксытып чабал кышты гүлдөр менен,
Айланага сээп жатты сонун атыр.

Тып-тып, дыбырт-дыбырт, шатыр-шатыр,
Кызыл жоолук, жашыл көйнөк кийип адыр,
Мөлтүрөп жан сергиткен тазалыкка,
Шайысына бермет тагып турат азыр.

Тып-тып, дыбырт-дыбырт, шатыр-шатыр,
Шашылбай тамчылай бер жылуу жамгыр,
Жер эненин жүзүн сүйүп өзүң менен,
Капалыгын жууп кетип, көздөн жашыр.

Тып-тып, дыбырт-дыбырт, шатыр-шатыр,
Көчөдө жай сейилдеп жүрөт жамгыр,
Талыкпаган мээнеткечи жаз күндөрдүн,
Тирүүлүктүн бир тамчысын мага калтыр.

 

***

Жомогу бүттү окшойт кыштын, кардын,
Бубактар булут болуп барат көчүп.
Тыпылдап уяң тамчы чатырлардан
Эртеден жатат тынбай жашын төгүп.

Тамчынын ыргактары жерди чертип,
Ойготту уйкусунан токсон күндүк.
Дыбырттан жаратылыш турат эргип,
Жамынып көктөмдөрдү осол түндүк.

Магдырап, дыбырттарга кулак төшөп,
Тарбайган көктөй элек жаңгак тынды.
Кайталбай мекенине узап-жөнөп,
Себелеген жамгырдан ызгаар сынды.

Табийгатта толкундануу пайда болуп,
Негедир менин дагы тынчым алат.
Жаш, назик бүчүрлөргө көөдөн толуп,
Көңүлдөрдө унутулган ыр жаңырат.

Жукарган көк муздарды жара басып,
Баратам мен да жазга илгерилей.
Жүрөгүм согуп жатат жаңыланып,
Үмүткө, ишенимге имериле.

 

КЫШКЫ ОЙ

Самандын сапырынды боз чаңындай,
Эненин бубак баскан ак чачындай,
Этият, аяр түшкөн биринчи кар,
Жүрөгүмдү куйкалады от, жалындай.

Себелейт сансыз ойдой, бир токтолбой,
Бирде жай, бирде катуу, жүрөк толгой,
Качанкы эстен кеткис алгачкы кар,
Кууп жетти мени бүгүн аткан октой.

Өмүрдү нечен карлар аралады,
Канча кар көмүп койгон санааларды,
Эсимди эки кылат өткөн күндөр,
Жаңыртып айыкпаган жараларды.

 

КӨЧӨ ЖЫМЖЫРТ

Күн шооласы күүгүмгө жиксиз сиңип,
Күзгү кечке чолок күн сүңгүп кирип,
Чөмүлтүшкөн айлананы мунарыкка,
Аппак карлар бийлешет чимирилип.

Айлана аңгырап бош, анан муздак,
Жоготтум сүйүүмдү кардай аппак,
Адаштым сага деген жолду таппай,
Экөөбүздүн ортобуз эми ыраак.

Бир гана шамал билет абалымды,
Күүлөгөн майтарылган канатымды,
Тилинип торлоруна дарактардын,
Түшүнүп жүрөк эзген азабымды.

Бир гана күзгү күүгүм болуп күбө,
Алданган, арыбаган үмүтүмө,
Чок сымал алоолонгон жүрөктөгү,
Сезимдерге кошулуп кошо күйө.

Капарына бир гана карлар албай,
Мээримсиз, сумсайып назар салбай,
Өчүрдү жалындаган тегеректи,
Сүйүүнүн сулуулугун эч байкабай.

 

КҮЗГҮ НАТЮРМОРТ

Тамчыдай мөлтүрөгөн сыя жүзүм,
Сабына жыш толгон, жылчыгы жок.
Кол барбайт алууга бир да үзүм,
Аядым көркөмүн мончок-мончок.

Саргайган күнгө окшош шар өрүктөр,
Эзилип дүпүр-дүпүр жерге түшөр.
Өрүкзар мөмөсүнөн жерди чийген,
Тизелейт бутак ийип “Сынам, көтөр!”

Бычактын кыл учунан тарс жарылып,
Агызат бал ширесин кызыл дарбыз.
Таралат алыс жакка жыты аңкып,
Даамына тамшанабыз бардыгыбыз.

Кызыл бет тысырайган ак алмалар,
Тырсылдап тишке тийген сайын алар,
Фонтандай тамчы шире чачыратат,
Чаңкасаң ысык күндө моокум канар.

Суктанып, көзүм тойбойт күзгү бакка!
Дүр жемиш салаалаган бутак-шакта,
Бактарда жети түстүн өңү жайнайт,
Элесин окшоштурдум Эдем бакка.

 

***

Кечээ эле айлананын көркүн ачкан,
Жалбырактар сарала, жалын түстүү,
Бүгүн эрксиз үзүлүп дарактардан,
Чыланды көлчүктөргө муздак күзгү.

Кубарган чөп белден сынып эми жерге,
Башын ийет, тизе бүгүп, уйкусурап,
Сөңгөгүнө шире толгон шибер эле,
Мезгил жетти эми минтип куурап турат.

Кайра-кайра айланышып бош талааны,
Ач каргалар сапырышат самандарды,
Таратып жайда болбос ой-санааны,
Жарк этпейт, көзүн ачпайт асман дагы.

Кайдасыңар кайкып учкан карлыгачтар,
Көк асмандын көркүн ачкан саратанда?
Жаңырат бийиктикте суз кайрыктар,
Кайтышкан турналардын анда-санда.

Ажырашуу деми тарап алыстарга,
Жетимсирейт кайрадан бүтүн жашоо.
Токтотууга, жол бербеске калбай арга,
Жамгыр менен ыйлап жатты күн да кошо.

 

КҮЗ

Коңур мүнөз, сулуу келин берешен,
Ар бир үйгө алып келген киреше,
Даам толгон дасторконду жайнатып,
Толук жылга камдап койду береке.

Маанайы пас, сары келин мээнеткеч,
Эмгектенген талаа-түстө эрте-кеч,
Шашпай келип, кетеринде шаштырган,
Шартыбызга, абалга да карабай эч.

Сабыры суз, ойлуу келин сумсайган,
Жамгыр, шамал, жалын түстөн жаралган,
Сары санааң эзип бүттү жүрөктү,
Кыш келсе экен боз уйкуга курчаган.

 

ЖОЛДОР

Жолдор, жолдор аягы жок, түгөнбөс,
Жетелеген алыстыкка көрүнбөс,
Кыялдарга шерик болуп алыста,
Сапар турат узак жолдон бөлүнбөс.

Балбан жолдор, жоон жоруп карыган,
Байыркыдан, өткөн күндөн из калган,
Былк этпей, боорун төшөп топуракка,
Бүткөн боюн кадамдарга арнаган.

Кай мезгилден тыңшап заман шилтемин,
Чогултушуп түпкүрүндө күч, демин,
Алар дагы эңсеп жүрөт, билесиңби?
Жибек жолду баштап келген кербенин.

 

***

Кыйма-чийме, чырмалышкан узак жолдор,
Өмүрдө, тирүүлүктө түшөр торлор.
Башы бар, учу-кыйыры көрүнбөгөн,
Баш катырма, бирок, кызык кроссворддор.

 

ТҮНКҮ АСМАН

Түнкү асман терметет жылдыздарды,
Эркелеп ээн жаткан койнундагы,
Эриндери жаңы айдын чийиндиси,
Окшоп турду жылмаюуга ааламдагы.
Толукшуйт түбү чексиз тереңдиги,
Толтуруп көздөрүмдүн каректерин,
Бүткөнсүп зымырыктын канатынан,
Жайылат кенен көктө перилери.
Жериме көк асаба нечен кылым,
Жымыңдайт миң түркүн ачып сырын,
Аалымдар кербен тартып келе жатып,
Чечмелешкен ал аркылуу эл тагдырын.
Таратып маанайыңды мейкиндикте,
Акурат шамал-дербиш бийиктикте,
Ал куюн, бороон-чапкын доолуланган,
Сооротуп, ээликтириш өз эркиңде.
Түнкү асман, кароодон сени танбайм,
Өзүңдөн сырларымды эч жашырбайм,
Ажарыңдан кереметтүү кубат алып,
Тирүүлүктө дагы-дагы ыр жаратам.
Тээ кийин, бул жашоодон кайтканымда,
Жашоонун табышмагын тапканымда,
Булуттарды канат кылып учуп барып,
Жылдыз болуп ажар кошом ажарыңа.

 

КЫШКЫ РАПСОДИЯ

Саймалуу кыш терезеге түндө конуп,
Түн уйкума кар аралаш түштөн кошуп,
Кычыр-кычыр тегеренип тынч үйүмдү,
Таптап чыгат, –Уктагын, – деп бороон улуп.

Асман толо түрмөк, түрмөк аппак бубак,
Соймоңдойт шамал жолдо карды чубап.
Мемирейт уйку баскан дөмпөк үйлөр,
Узун түндө мен отурам ырым курап.

 

ЭТЮДДАР

***

Кайрадан мезгил жетти тыныгууга,
Тырп эткен тирүү жанга, жерге, сууга,
Тазалап бүткөн боюн жаратылыш,
Чөмүлдү мемиреген уйкусуна.

***

Жаралса да ааламдын суугунан,
Жайылган кара баскан буусунан,
Кар айланды гүлдөткөн касиеттүү,
Жер-асмандын шаар аккан суусуна.

 

КАР

Пахтадай үлпүлдөк,
                     кышта жансыз,
Булуттай жепжеңил,
                      кумдай сансыз,
Мамыктай жупжумшак,
                      таштай муздак,
Өмүрү эң кыска,
                      ундай аппак,
Көңүлү гүлдөй болот
                      абдан назик,
Аязга, суукка болот шерик,
Наристе пейилиндей
                      өзү таза,
Болсо да башаты
                      чексиз кара,
Тепсесең турпактай
                      келет борпоң,
Эрип, тирилет
                      күндөн, оттон,
Мүнөзү туруксуз
                      жаз күнүндөй,
Калгандай ызгаардан
                      түк бөлүнбөй,
Келбети, турпаты
                      саймалуу муз,
Койгондой жаратып
                      талыкпас уз.

 

ӨМҮР

 

ӨМҮР

Өмүр – жалын, өмүр – учкун
көз ирмемде күйүп – өчкөн.
Өмүр – тамчы, өмүр – толкун
жээктерге тийип өлгөн.

Асмандан кокус түшкөн
кичинекей жылдыз – өмүр.
Саратанда тилеп күткөн
себелеген жамгыр – өмүр.

Чагылгандын жарыгынан
жаралган закым – өмүр.
Аскар-зоонун таштарына
тамыр жайган арча – өмүр.

Бешикте жай термелип,
мемиреген бөбөк – өмүр.
Эмчектен ийип аккан
Эненин сүтү – өмүр.

Булбулдун шаңшыганы,
Шибердин ыргалганы,
Жүрөктүн кыйналганы,
Сүйүүнүн ырдалганы,


Мээнеттин бүтпөстүгү,
Мөөнөттүн күтпөстүгү,
Жарык күндүн өчпөстүгү,
Бардыгы – кымбат өмүр!

 

АЯЛСЫЗ ЖАШОО

Күнсүз өткөн жайдын айындай,
Шоокуму жок калган кайыңдай,
Айсыз калган түнкү асмандай,
Кызгалдаксыз жазгы талаадай,
Тамгаларды кумга жазгандай,
Оор түйшүк башка салгандай,
Бара жаткан нугун жоготкон,
Иримденип житкен дайрадай.

Кыйгуулаган жалгыз ак куудай,
Сайга жетпей сиңген аз суудай,
Ачкычы жок калган кутудай,
Улаары жок калган улуудай,
Ыргагы жок калган ырлардай,
Кызыгы жок калган кумардай,
Дубалардын күчүн жоготкон,
Сөздөр өчкөн алсыз тумардай.

Жарыгы жок аткан кеч таңдай,
Жарагы жок калган аспаптай,
Шүүдүрүмсүз калган шалбаадай,
Даамы учкан кычкыл шараптай.
Татымы жок супсак наваттай,
Жараланган кыска канаттай,
Аялзатсыз жашоо кажетсиз,
Жер шарысыз турган асмандай!

 

ЭНЕ БАРДА

Очок өчпөйт, коломтодон түтүн булайт,
Чырак өчпөйт, ушул жарык үмүт улайт,
Уктабастан сакчысындай бүт жашоонун,
Эне руху адамзатка өмүр сурайт!

Өмүр бүтпөйт! Муундарды муун улайт.
Жерлер көчүп, көк тиреген тоолор урап,
Чайпалып түпсүз мухит кайнаса да,
Жашоо бүтпөйт, Эне тынбай тилеп турат!

Сүйүү өчпөйт! Эне барда жашай берет,
Ак сүйүүнүн тилин жалгыз Эне билет.
Дүйнөдө бир гана сүйүү бар алдабаган,
Бүтүн жашоо ал сүйүүгө негизделет.

Үмүт өчпөйт! Бул жалганда үмүт – булак.
Өмүр көчүн үмүттөрдөн кошуп курап,
Сугарып чөлдөп кеткен тагдырларды,
Энелердин ишеними келет улап.

Ыйман качпайт! Эне барда дайым болот.
Энелердин батасына ыйман конот.
Канаттарын калкандай жайып Эне,
Урпактарын адашуудан кайрып, тосот.

Жашоо бүтпөйт! Энелердин сүтү түтөт,
Болуп келген бул жашоого ыйык мүрөк.
Өлбөстүккө кепил болуп кала берет,
Сокпой токтоп калмайынча Эне-жүрөк.

Очок өчпөйт, коломтодон түтүн булайт,
Чырак өчпөйт, ушул жарык үмүт улайт,
Уктабастан сакчысындай бүт жашоонун,
Эне руху адамзатка өмүр сурайт!

 

СЫРГА ТУУРАЛУУ СЫР

Кулагымды көзөп берчи менин, апа,
Сулууланып мен да сырга тагынайын.
Бойго жетип калганыма болбо капа,
Кыз кезимде мен кулпуруп ачылайын.

Кыз кезимде мен кулпуруп ачылайын,
Сезимдердин шарданына жолум ачып.
Боз жигиттин таалайына жазылайын,
Кетсин мени айылына ала качып.

Кетсин мени айылына ала качып,
Агартайын мен жакасын эр жигиттин.
Ууз сүттөй махабаттын даамын татып,
Сезгим келет зор бакытын энеликтин.

Сезгим келет зор бакытын энеликтин,
Эне болуп бир өзүңдү сагынайын,
Доорумду басып өткөн эркеликтин,
Балдарыма тамчы койбой кайтарайын.

Балдарыма тамчы койбой кайтарайын,
Бир өзүңдөй түгөнбөгөн мээрим төгүп.
Түйшүгүнөн бул турмуштун калкалайын,
Кетмейинче бул жашоодон көзүм өтүп.

Кетмейинче бул жашоодон көзүм өтүп,
Улантайын бийик парзын аялзаттын,
Үзбөй, улап кыргызымдын улуу көчүн,
Урпактарын асырайын адамзаттын.

Урпактарын асырайын адамзаттын,
Очок болуп коломтого кут киргизген,
Жүрөгүнө дем салайын азаматтын,
Кудуреттүү сөз менен муз жибиткен.

Кулагымды көзөп берчи менин, апа,
Сулууланып мен да сырга тагынайын,
Бойго жетип калганыма болбо капа,
Кызгалдактай мен кулпуруп ачылайын.

 

ӨМҮРДӨ ЫР КУРЧАНЫП КЕЛЕ ЖАТАМ

Ыр жазуу эрмек эмес зериккенден,
Калчудай жөн учурда чыгып эстен.
Бул азап, тынчтыгы жок түйшөлүү го,
Жазбасаң майыштыра жүрөк эзген.

Дубадай миң кайталап ар бир сапты,
Аңтарып, тинтип тынбай сөздүк капты,
Арбалып турушуна тамгалардын,
Байкабай мезгилдерди, кечти, таңды.

Түткөндөй ымыркайдын чыргоосуна,
Көндүргөн, карабастан ыйлоосуна.
Күбүлбөй канча ирет кагылсаң да,
Чыдаган ыр дүйнөнүн сыноосуна.

Күнүгө дыйкан сымал жазда чыккан,
Күздүктүн өсүшүнө назар салган,
Издеген үрөндөрдөн айрып, сомдоп,
Отоосун этияттап чапкан анан.

Чубалжып күндөр өткөн көз алдыңдан,
Ыйлаган кездер болот алсыздыктан,
Чыйратып бир ыр сапка бүт жашоону,
Сиңириш кыйын сапка Акын сызган.

Ыр менин көлөкөмдөй бөлүнбөгөн,
Бир керемет башкаларга көрүнбөгөн.
Күлмүңдөгөн ойлорума бүлүк салып,
Жыйнаган саптарымды өрүлбөгөн.

Ырлар менен күндү тосуп, күн узатам,
Ырларыма арызданам, сырым катам,
Ыр менен көтөрүп көңүлүмдү,
Өмүрдө ыр курчанып келе жатам.

 

КЭЭДЕ

Кээде...
Бирөөгө жакпай, өзүңө батпай,
Абийир сатпай, түйшүктөн качпай,
Оройду какпай, жакыным таппай,
Келемин жашап, турмуштан чарчай.

Кээде...
Жалындап оттой, өлүмдөн коркпой,
Жумушту койбой, күрөшкө тойбой,
Бийиктеп тоодой, узарып жолдой,
Келемин жашап, кой десе болбой.

 

БАРДЫГЫ ЖАКШЫ БОЛОТ

Бардыгы жакшы болот эч кайгырба!
Өткөнгө кош айтышып, эске салба.
Азапка бир дагы жан даяр эмес,
А бирок чыдабаска барбы арга?

Ушундай болуп келген, боло берет,
Өмүр ушу – бири келсе, бири кетет.
Жашоонун улуулугу жашоодо го?
Өлүмдүн улуулугун ажал билет.

Санаа көлүн кеч кечпе эч бөксөрбөйт,
Өткөн күн өтүп кетти эми өзгөрбөйт.
Окшоштуруп бирөөлөрдү жолдон-белден,
Сагынтып элестери такыр өчпөйт.

Токтотпо кадамыңды, улант, жаша!
Өч алгын өткөн күндөн гүлдөп кайра.
Шашылгын жаратууга тирүүлүктү,
Эки эсе жанданып, улам чамда.

Тор жайган тосмолору өмүрлөрдүн,
Көгөртпөй көктөмдөрүн көңүлдөрдүн,
Койсо да багындырба маанайыңды,
Ишенип өтөөрүнө бул күндөрдүн!

II

Бардыгы жакшы болот эч кайгырба!
Өткөнгө кош айтышып, эске салба.
Азапка бир дагы жан даяр эмес,
А бирок чыдабаска барбы арга?

Көз жаштан тилектерим орундалса,
О, анда бул дүнүйө болуп башка,
Жараттарым айыгып жүрөктөгү,
Бактылуу сезер элем өзүмдү анда.

Күбүлгөн көңүлдөрдү терип жерден,
Чогултуп ачык маанай улам бирден,
Кайрадан сапарыма аттанамын,
Көтөрүп көкүрөгүм кара жерден.

Жазында сынган бутак жашылданар,
Чөккөн көңүл жаркылдап кайра жанар,
Өмүр чиркин, бирде бал, бирде ачуу,
Барына шүгүр күндүн маанай жазар.

Бардыгы жакшы болот, мен ишенем!
Мен адаммын, үмүт менен жашап келем,
Тагдыр менен адам койгон тоскоолдорду,
Бул жашоодо жеңип келгем, жеңе берем!

 

***

Чекемден сылап койчу менин өмүр,
Бактыма өнөр жылдар бөлүнгөндүр.
Негедир табышалбай жүрөбүз го,
Күтүүдөн бөксө болуп жүрөт көңүл.

Буйрутпай койбо мага болжогонду,
Сурабайм жеңил кыл деп жолдорумду.
Адалдыкка баш ийип жашап келген,
Бийик кыл эмгегимди, ойлорумду.

Заманыма ача элек сырларым бар,
Төрөлбөй уктап жатат асыл саптар.
Жолуктурчу сезимдин куюнунда,
Төгүлсүн көкүрөктөн тунук ырлар.

 

ЖОЛ КАРАП

Кайчылаш үзүгү өмүрдүн,
Канча так калтырды жүрөктө,
Өчкөнсүп нурлары көзүмдүн,
Жат киши көрүндүм өзүмө.

Сезимдер сыздады үмүтсүз,
Соолуду сүйүүмдүн гүл багы,
Тунжурап, томсоруп өзүңсүз,
Күтүүдөн көңүлүм калбады.

Ээрчип тагдырды үн катпай,
Эрмен чөл болсо да ар тарап,
Кайрыбай, талашпай, таарынбай,
Жөн гана келатам жол карап.

 

КЭЭДЕ ӨМҮР…

Кээде өмүр өгөй эне жарытпаган,
Кээде өмүр оттой жанат жалындаган,
Бирөөлөргө санаасы жок жыргал өмүр,
Бирөөлөргө өмүр азап жаралгандан.

Кээде өмүр бир көз ирмем арзыбаган,
Кээде өмүр кылым, доор, бүтпөс дастан,
Кээде өмүр бүтүн бойдон табышмактай,
Бир өзүнө болгон сырды камтып алган.

Кээде таттуу, ушунчалык өмүр ширин,
Амал табып түйшүктүн да табып тилин,
Ажалдын курч мизинен качып чыккан,
Дал өзүнөн өлбөй туруп өчүн алган.

Кээде өмүр наркы бүткөн бөз сыяктуу,
Баркталбай тепсендиде айбан жандуу,
Адамдык сапаттардын дайыны жок,
Энчиленген макулукка эки сандуу.

Кээде өмүр ушунчалык зарыл керек,
Кашыктап, тамчы сыгып, аспиеттеп,
Алаканга салып алып аз өмүрдү,
Тирүүлүккө суусун кылып куюп берет.

Кээде өмүр шаттык менен жалаң сайран,
Мазмуну жок максатсыз өмүр кайран!
Шарактайт түк өчпөгөн фонтан сымал,
Мөөнөтүн туш тарапка шамал чачкан.

Кээде өмүр байсалдуу кенен сапар,
Жол салган башкаларга катар, катар,
Чайпалтпай аста-секин өмүр көлүн,
Кошулган издеп келип көп булактар.

Өмүр – кенч, аманатка жеңил келген,
Сырын табат ал байлыкты күтө билген.
Көркөм дүйнө бийлик кылган оо, өмүрүм,
Насибиңе шек келтирбей жашасам дейм!

 

БАКЫТ

Эртең менен саламатта ойгонсоң,
Терезеңде нур күлмүңдөп ойносо,
Тегеренип айланаңда балдарың,
Жарың сени капа кылбай, колдосо.

Эске түшсө ырахаттуу учурлар,
Эртеңкиге тик карасаң үмүт бар,
Эс тутумда өкүнүчтүү сезим жок,
Болсо белес, максаттарың умтулар.

Адырларда жоогазындар жайнаса,
Жазгы бакта куштар эргип сайраса.
Түгөл чыгып оор кыштан мал-жаны,
Чабан малын тоону көздөй айдаса.

Тийип турса жакындарга жардамың,
Болсо сени баалай билген адамың,
Эске тутуп, жатка билсе окурман,
Чыгармаңдын эч болбосо төрт сабын.

Үй-бүлөдө балдар чыкса ыймандуу,
Бүлө күтсөң элпек мүнөз, ыйбалуу,
Сапарлашың сени туура түшүнүп,
Турмушуңда болбосо эч кыйналуу.

Эгер балаң үмүтүңдү актаса,
Өссө бийик тийип ага ак бата.
Ымыркайды өз энеси бөпөлөп,
Өгөй эне жетимдерди бакпаса.

Ата-энең, Ата-Журтуң бардыгы.
Адамдарда арамдыктын аздыгы.
Ай ааламдан жер бетине төгүлгөн,
Ажарланткан өмүр азык жарыгы.

 

ТАРАЗА

Адамда сүйлөгөн көп, уккан аз,
Арада мактанган көп, кылган аз,
Аттиң ай, жамандык көп, жакшы аз,
Эл ичинде армандар көп, каниет аз.

Билимди тепсеген көп, баалаган аз,
Жашоодой көрүнүш көп, жашаган аз,
Байлыкка умтулган көп, жеткени аз,
Бай болуп жардыдай жөнөкөй аз.

Жашоодо жаңылуу көп, оңолуу аз,
Жүйөөсүз каралоо көп, акыйкат аз,
Жүрөктү өйүп жүргөн ойлор көп,
Айта келсе таамай тийген сөздөр аз.

 

***

Түн бир оокум, уйку басып үйүм жансыз.
Көр оокатка күч алдырган денем алсыз.
Кооз, сырдуу жымыңдаган жайкы асман,
Жаштыгымдай, бала чактай жатат алыс.

Мээлүүн согуп сезимдердин шамалдары,
Өчкөнсүдү жайдын сулуу жамалдары,
Билгиздирбей боз булуттар аралашып,
Суюлгансыйт улуулардын катарлары.

Назар салам жашап өткөн жылдарыма,
Кошула албайм заманымдын ыргагына,
Моюн сунбай издей берем ачкычтарды,
Жашоонун баш катырган сырларына.

Тегеретип тиричилик тегирменин,
Мээнети жок жашагандан теригемин,
Сөлөөттүү мүнүшкөрдөй кушун баккан,
Куш канаттуу сөз бакпасам ээлигемин.

Тегеренип, ай тогошуп жайдан күзгө,
Айланат жашыл чөптөр ачкан гүлгө,
Ажарым адашпаса кандай болмок!
Жаркырап жана берсе окшоп күнгө.

Кайтпастыкка ыраа көрбөйм билсем дагы,
Токтоп калган саат сымал колумдагы,
Токтой турчу кое берип мезгил учун,
Кана элек бул жашоодон моокум дагы.

 

КЫЙНАЛГАНДА АТА-ЖУРТТУ ТАШТАБАЙМ

Испанияга кетти менин кошунам,
Орусияда жашайт менин бир агам.
Карап туруп интернеттен жашоосун,
“Кетсемби” – деп кээде мен да ашыгам.

“Кетсемби” – деп кээде мен да ашыксам,
Ой бузулуп, азгырууга алдырсам,
“Чоң атамды кантип таштап кетебиз?” – деп
Суроо берет капаланган чоң балам.

Кызым дагы кеткиси жок эч жакка,
“Түркияда жаабайт экен кар, апа.”
– деди дагы сөз улады: “Сиздерге
кыйналсак да болбойбуз – деп – эч капа.”

Мен олтуруп көп ойлондум, калчадым
абалымды, дараметтин ар жагын.
Мекенимсиз, тоолорумсуз таптакыр,
Мен өзүмдү элестете албадым.

Ата-Журтум кыйын кезең башынан
турса кечип, жолго кантип камынам?
Кыйналганда мен апамды карабай,
Кеткен өңдүү, өз оюмдан уялам.

Балканактай бала кезден асырап,
Чоңойтом деп калса эми алсырап,
Өз атамды кантип таштап кетемин,
Турган кезде менден жардам ал сурап?

Капа көңүл тооруп турса элимди,
Эресеге эр жеткирген жеримди,
Керт башымдын токчулугун кам көрүп,
Ата-Журтту ачка таштап кетемби?

Алмашпаймын эч бир байлык, алтынга,
Сенсиз жашоо сыйбат экен акылга,
Кулун сымак үйүрүнөн адашкан,
Окшоштурам мен өзүмдү алыста.

Жерим байлык, журтум байлык колдогон,
Жүзү жарык балам байлык ойногон.
Абасынан айланайын жеримдин!
Суусу байлык таш жээктерди бойлогон.

Кечир, жерим! Азгырылдым азыраак,
Тажабаймын кайталоодон ар бир саат,
Мекен сулуу, эне жыттуу, кең пейил,
Кыйналганда кетпей алам асырап!

 

***

Бак тикти эркеги,
Аялы – гүл,
“Өссө – деп эртеси,
Байласа бүр.”
А бирок кетишти,
Таштап багын,
Аялы – бир жакка,
Издеп багын,
Баш оогон тарапка,
Эркек дагын.
Калышты томсоруп,
Суусуз, күнсүз,
Чыбыктай жаш чырпык,
Сөңгөк гүлсүз.
Өткөндөр тебелеп,
Байкуштар кор.
Ийилип, өспөдү,
Турмуштан оор.
Калышты саргайып,
Эрте соолуп.
Көрүшпөй көктөмдү,
Азып, ооруп.
Күзүндө жем болду
Алар малга.
Кош көңүл мамиле,
Акырында,
Түбүнө жетти
Булардын да.
Гүлгө да үлбүрөк,
Болуп сакчы,
Багалы астейдил
Жашыл бакты.

 

***

Кечетен тынбай төгөт ак жаан, ак жаан,
Аңгырап айлана бош. Бир да караан
көрүнбөйт күүгүм кирген көчөлөрдө.

Жоругуң ойлорума сыйбайт, сыйбайт,
А жүрөк кыя албай сыздайт, сыздайт,
Турмуш да мени минтип сынап турат.

Адашып муздак күзгү ошол кечте,
Кол шилтеп тагдырыма, койгон чекке,
Бараттым ак жамгырдын колун кармап...

 

ТУН СЕЗИМ

Жаралып күлкүңдүн ууртунан,
Суурулуп жүзүңдөн улутуна,
Махабат жүрөктүн төрүн ээлеп,
От жакты ааламдын учкунунан.

Жайнадым, махабат сулуу экен,
Гүл болду баскан жол сени менен,
Жаннаттай жомок сымал ааламда,
Жаздагы жоогазын болгум келген.

Учканмын, сүйүү – бул канат экен,
Куштардай бийиктеп сени менен,
Сүйүүдөй дүйнөнү чарк айланып,
Түбөлүк бир болсок деген элем.

Махабат демине алоолондум,
Жалындай жарк этип каалоолорум,
“Өчпөстөн жана бер сүйүү заты.” –
Деп сага сыйынып, жалоорудум.

Балкыдым. Махабат – кумар экен,
Ташкындап сезимдер сени менен,
Жан дүйнөм эзилип эргүүлөргө,
Өзүмдү өзүңө арноом келген...

Коштоштум...Ушунчалык кыска беле,
Махабат мөөнөтү мага деген?
Далай сезим баштан өттү, а бирок,
Эң тунугу – тун сезим болот экен.

 

***

Биз ал кезде назик маанай бала элек,
Турмуштун түйшүктөрүн тарта элек.
Жашоонун бийик кырдуу белестерин,
Түйшөлүп, арып-азып аша элек.

Биз анда оттой жанып, чоктой элек,
Өмүрдө калп, жамандык жоктой эле.
Жүрөктөр бир да тамчы кирдебеген,
Эненин ак сүтүнө окшойт эле.

Биз анда тайманбас, коркпос элек,
Эчен кыял көкүрөктү алган ээлеп.
Ээленип, эртеңкиге таамай карап,
Эртелеп жеңиштерге жетелик деп.

Биз анда шайыр мүнөз, элпек элек,
Сезимдер шүүдүрүмдөй сергек эле,
Малынбаган махабаттын азабына,
Көңүлдөр сүйүүлөрдөн кала элек.

Биз ал кезде, ал бир сонун кездерде!
Мөөнөт чукул, өмүр азын билгенде,
Убакытты ыраа көрбөй өткөнгө,
Шашаар элек өмүр гүлүн тергенге.


Бирок, жашоо ошон үчүн табышмак,
Жаштык бүтүп, келет экен карымак,
Өмүрдөгү басып өткөн жолдорду,
Мүмкүн эмес кайра артка кайрымак.

 

***

Кайрадан сага келдим Ысык-Көлүм,
Азгырды уйку бербей сүрдүү көркүң,
Толкундар жумшак сылап жээгиңди,
Көргүм келди эркелетип өбүшкөнүн.

Турпатыма сиңирип салкын желди,
Сергитип ойлорумду, сезимдерди,
Суктанып жылтылдаган балыгыңа,
Турмуштун тоскоолдорун жеңгим келди.

Жараланган сезимдерге тузуң дары,
Көкүрөккө арман түйүп келсем дагы,
Чарчабай улам шарпып чайкап койчу,
Бугумду чыкпай жаткан койнумдагы.

 

***

Көп күндүк караңгыдан
бир күндүк жарык артык,
Көп күндүк капалыктан
бир күндүк шаттык артык,
Көп күндүк сараңдыктан
бир күндүк марттык артык,
Көп күндүк сыркоолуктан
бир күндүк саламаттык,
Көп күндүк жалкоолуктан
бир күндүк эмгек артык,
Көп күндүк зеригүүдөн
бир күндүк эрмек артык,
Көп күндүк арамдыктан
бир күндүк адал артык,
Көп күндүк жамандыктан
бир күндүк сооп артык,
Көп күндүк жокчулуктан
бир күндүк болгон артык,
Көп күндүк токчулуктан
бир күндүк орозо артык,
Көп күндүк билбестиктен
бир күндүк билим артык,
Көп күндүк эссиздиктен
бир күндүк акыл артык,
Көп көрүнгөн жылдыздан
бир көрүнгөн күн артык,
Канча баалуу болсо да,
аккан суудан сүт артык,
Көп узаган уруштан
кичинекей кут артык,
Жылчыгы жок карадан
кичинекей үт артык.

 

***

Бул жашоодо сүйүп келдим сулуулукту,
Ыр саптарын жан эргиткен уккулуктуу,
Жаратса кайра эгер жан тирилтип,
Сүйүп жашайм дагы эле аруулукту.

Сансыз сезим ээлеп алып бир өзүмдү,
Ар сыноого салып көрдү жүрөгүмдү,
Кандай гана азгыруулар болсо дагы,
Кир ниетке булгабадым көөдөнүмдү.

Оңой эмес салгылашуу сезим менен,
Күч сынашар өзүң менен майдан кенен,
Алсырап, кайратымдан тайсам дагы,
Баео, таза сезимдерден танбадым мен.

Кыйын олжо... Өтө кымбат баасы мага.
Ыраа көрбөй, алмашпадым канчаларга.
Көздөн ары, азык кылып абийримди,
Багып келем менден калар урпактарга.

 

***

Биз жаралып бул жашоого неге келдик?
Короткондон башка Жерге нени бердик?
Ай, чыдабай кетпес бекен дүйнө кыйрап?
Жетпес бекен түбүбүзгө текеберлик?

Сапар улап, улам алга таштап кадам,
Көр оокатка азгырылып барат адам,
Жашоо парзын унуткарып барган сайын,
Тегеретет турмушундай жерди ыкчам.

Жаратылыш берген тоолор менин жайым,
Неге күтөм кереги жок буюм-тайым?
Жаркыраган жылтырак эмес жердин көркү,
Жер кайгырат ыйманыңдан тайган сайын.

Токтой турчу! Демиң басып назар салчы
өткөн күнгө. Неге жеттиң деги, айтчы?
Адашкандан, чарчагандан башка олжо
таппадың го.Башатыңа сурайм кайтчы!

Токтой турчу! Ашыкпачы алданууга,
Тапкан байлык айланбасын ачуу ууга.
Сени күткөн кут орногон айылыңа,
Бир кайрылып, жүзүң чайчы таза сууга!

Токтой турчу! Эске салчы бала кезди,
Ошол баео, тунук дилиң кайда безди?
Эресеге жеткирген ата-конуш
Күтүп жүрөт:“Кайтышат” – деп кайра бизди.

Токтой турчу! Тыңшап көрчү жүрөгүңдү.
Ал жактырбайт сен адашып жүргөнүңдү.
Кыйнабачы туураймын деп болбогонду,
Ыргытсаңчы түк керексиз жүктөрүңдү.

Токтой турчу! Шаштырбачы убакытты,
Шашып жүрүп учурбайлы зор бакытты,
Алмаштырып албадыкпы ордуларын,
Бакыт көрүп жылтыраган кур байлыкты.

Токтой турчу! Пенде-адам, токтой турчу!
Пейилиңе, жан дүйнөңө назар бурчу,
Алдабачы сен өзүңдү билем менен,
Жүрөк менен жашаш керек, сезим менен!

Биз жаралып бул жашоого неге келдик?
Короткондон башка Жерге нени бердик?
Ай, чыдабай кетпес бекен дүйнө кыйрап?
Жетпес бекен түбүбүзгө текеберлик?

 

***

Жүрөбүз
бирде сүйүп,
Бирде күйүп сүйүүдөн,
Бирде күтүп,
Бирде тажап күтүүдөн,
Бирде ыйлап,
Бирде чарчап күлүүдөн,
Үмүт үзбөй,
Майрам күтүп өмүрдөн.
Бирде сынып,
Бирде көңүл көкөлөп,
Бирде өзүң,
Бирде балаң бөпөлөп,
Бирде курчуп,
Бирде жумшак болобуз,
Бирде жымжырт,
Бирде шаңдуу корообуз.
Бирде алдап,
Бирде кайра алданып,
Кубулабыз,
Терс, оңуна айланып.
Миң түрлөнгөн
кийсек дагы масканы,
Чын жүзүбүз турат,
бирок, байкалып.

 

***

Бул дүйнөдө сени ойлоп, сени аяр,
Сен үчүн бардыгына турган даяр,
Бир адам бар суранган жараткандан,
Сен жактан келбесе деп жаман кабар.

Тилинип миң бир жолу муштум жүрөк,
Тилеги окшоп тынбас сууга мүрөк,
Сен үчүн кайраттанып, кубаттанып,
Керек болсо өлүмгө да даяр жүрөт.

Бактысын сени менен жүргөн өлчөп,
Сакчыдай көз ирмебей түндөр өтөп,
Сен үчүн бул дүйнөнү колдон келсе,
Коер эле ары өкчөп, бери өкчөп.

Танса да сени тууган, курдаш-курбу,
Өгөйлөп кордосо да турмуш кургур,
Кучагы, боору жылуу кандай болбо,
Үмүт үзбөй, санааларын оңго буруп.

Таалайын тамчы калбай сага арнап,
Өмүрдүн гүл жолдорун сага самап,
Жөлөк тургай, тоо болуп кетет эгер,
Келип калса күтүлбөстөн кайгы-азап.

Оорусаң ал ооруңдан арачалап,
Сен үчүн тилеп жатып таң атырган,
Алыстан кадамыңды коргоп турар,
Жашоодогу ар түркүн жамандыктан.

Багынбай түгөнбөгөн түйшүгүнө,
Дем алып арыбаган сүйүүсүнөн,
Түндөрү чыгып келет сен жөнүндө,
Кыялдын туу-чокулуу ой төрүнө.

Суутпагын сага деген зор сүйүүнү,
Жашоодо сенден башка көп күйүтү,
Орундатчы энекеңдин бир тилегин,
Орносун жүрөгүнө зор сүйүнүү.

 

ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ

Эсимде бала чактан кетпей калган,
Энемдин алаканы нан жыттанган,
Пахтадай назик жылуу манжалары,
Эртелеп сылап турчу маңдайымдан.

Оросо эркелетип кучагына,
Кобурап: -Айланайын, — кулагыма,
Сезилчү бүт дүнүйө бир керемет,
Бөлөнүп балалыктын бактысына.

Жетелеп жол көрсөтүп, кеңеш айтып,
Турмуштан мүдүрүлсөк ойго батып,
– Кай жерден мүчүлүштүк кетирдим? – деп,
Жемелейт жалгыз өзүн сырын катып.

Эзилип, эңшерилген эчен жолу,
Эненин эт-жүрөгү баатыр болду.
Түйшүккө кайыл болуп жашай берет,
Тилеги менен келечекке салып жолду.

 

ЧОҢ ЭНЕЛЕР

Томолок ырыскыны тоголотпой,
Күтүүсүз жокчулукту түк тоготпой,
Козголбой, жылуу ордун суутушпай,
Чоң апалар айылдагы – опол тоодой.

Үй кутун очоктогу чоктой топтоп,
Намысты эрлеринен калбай коргоп,
Жүрүшөт кутман болуп жерибизге,
Аларсыз жашоо өзү калар токтоп.

Береке чакырган пейили кенен,
Этегин неберелер энчилешкен,
Чөбөрөлөр жаңы баскан “Энелешип”,
Таң эрте коюндарда эркелешкен.

Томсоруп, айыл калат жалгызсырап,
Кетсеңер сапар тартып көпкө узап,
Короону жымжырттык курчагансып,
Чыдамсыз айыл күтөт жолду карап.

Энелер, чоң апалар, таенелер!
Элимдин ырыскысы силерсиңер.
Журтумдун эрлерине кубат кошкон,
Сабырдуу акыл, күчтүн демисиңер.

 

АТАМДЫН БАКЧАСЫ

Уйку таштап, ишти баштап таң эрте,
Баба дыйкан үрөн септи жаз эрте.
Алты ай жайы эмгектенип талыкпай,
Күздү күттү мөмө толгон себетке.

Бакчасында помидорлор үйүлөт,
Нокоттору шуру сымал түйүлөт,
Кулпунайы бышып калган эртелеп,
Самсаалаган сабагынан күбүлөт.

Жашыл жылаан сыяктанат бадыраң,
Аны көргөн бөбөктөр да айран таң,
Жемек тургай үзө албай убара,
Ал анткени, тикен менен капталган.

Топко окшоп томолонот ашкабак,
Ашканада ашка даяр ар убак.
Аны менен бир катарда коон бар,
Кебетеси ашкабактан башкараак.

Кызыл сөңгөк кызылча да бир катар,
Сабиз, түрпү, картошкасы дагы бар.
Жер алдында мөмөлөрүн багышкан,
Булар ынак, ынтымактуу курбулар.

Багбан ата мээнет кылып көптөгөн,
Нелер гана бул бакчада өспөгөн.
Маңдай терге сугарылган ошол жер,
Кенен пейил мындай багбан көрбөгөн.

Күз да келди себет толгон эгинге,
Ырыс-кешик насип эткен энчиге.
Ал айдаган мөмө-жемиш жетилген,
Эми азык, үрөн болду элине.

 

***

Улуулук – жашта эмес, адепте,
Улуулук – даңкта эмес, эмгекте,
Улуулук – байлыкта эмес, билимде,
Улуулук – бийликте эмес, элимде,
Улуулук – күчтө эмес, акылда,
Улуулук – көптө эмес, сазында,
Улуулук – санда эмес, сапатта,
Улуулук – кишиде эмес, адамда.

 

***

Бул жашоо абдан кызык, татаал оюн,
Эчен кылым тирүүчүлүк турмуш тоюн,
Токтотпой мурас кылып адамзатка,
Туюндурат аманатка асыл оюн.

Бул жашоо табышмактуу, катаал оюн,
Жеткизбей төбөсүнө керет боюн.
Узарат ой сапары жообун таппай,
Чечилбей кала берет сырдуу түйүн.

 

***

Сырын издейм жашоо аттуу чоң бактын,
Тапкым келет асылдыктын башатын.
Көргүм келет кантип адам жанына,
Жаман-жакшы сапаттардын тарашын.
Чырмооктонуп сөңгөгүнө жабышкан,
Сыйрып алсаң жаны кейип кайышкан,
Сары чырмоок сыяктанган сезимдер,
Адам менен күч сынашып кармашкан.
Таап алып жамандыктын өзөгүн,
Сууруп, анан келет дароо өрттөгүм.
Тикенектей сайгылаган жамандык,
Ээлебесе адамдардын жүрөгүн!
Тинтип издейм мерестиктин тамырын,
Буусам деймин анын жашоо азыгын,
Кай жеринен кыйып салсам өспөс дейм,
Сырты жашыл, ичи чирик бутагын.
Издей берем таза бүчүр, жаш бутак,
Суугарылган мөлтүр кашка булактан,
Алп Багбандан “Сактай көр”, – деп мен сурап,
Үзгүм келбейт үмүтүмдү чоң бактан.

 

МЕН КЕТТИМ...

Мен кеттим ааламдын чыгышына,
Сапар алдым чексиздиктин арасына,
Турмуштун түйшүгүнөн азаттыка,
Бет алдым кыялдардын калаасына.

Кыдырып эңсеп жүргөн жерлеримди,
Сүртөмүн мезгилдерге элесимди,
Төшөлүп, толгон айдын ак нурундай,
Билемин кайра жерге келеримди.

Даңазалайм кылымдарга аруулукту,
Чогултуп тирүүлүктү, жылуулукту,
Жазында жамгыр менен бир төгүлүп,
Тартуулайм ар бир жанга сулуулукту.

 

***

Мен – аба, мен – шамал, шоокуммун,
Көбүргөн көк тармал толкунмун,
Түгөнбөй оргуган түпкүрдөн,
Булакмын кандырган моокумуң!

Жарыкмын, шооламын, учкунмун,
Алп күндүн бир үзүм учумун,
Жаңырып ак нурдай тараган,
Жылт эткен элеси учурдун!

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Мунара Зарипова, 2013

 


Количество просмотров: 2528