Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зинакан Пасаңова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2013-жылдын 23-декабры

Зинакан ПАСАҢОВА

Акутагава жана эки сом

Аңгеме

Кээ учурда ойлонбой жасаган осол жоруктарыбызга көз жуумп койгубуз келсе да абийир соту бизге тынчтык бербей, кайра-кайра эске алып турат эмеспи. Тоту да өлүм алдында жаткан кемпирден жапан классиги Агутагаванын китебин эки сомго сатып алганына сүйүнгөн менен кийин бул пенделик чабалдыгы үчүн өкүнүп өтөөрүн билген эмес.

 

Ооруканадагы бул түн да бейтынч өттү. Он кишилик палатанын терезе тарабында жаткан Тоту жаны оорубаса деле түнү бою уктагандай болгон жок. Ага уйку бербеген нерселер көп эле. Далисте өчүрүлбөгөн электр шамынын жарыгы, бирге жатышкан кемпирлердин деми кысылгандыктан кыркырашып, коңурук тартышып, онтолошуп кыйналып укташканы, ары-бери оодарылышкан сайын темир керебеттердин алмак-салмак кычыраганы... Анан да көздөрү чала көрүүчү кемпирлер таң аткыча биринин артынан бири дааратканага катташып, эшикти таппай улам бир нерсеге урунушуп, калдыр-кулдур түшүрүшсө баары бир сыйра ойгонушат. Уйкусу качкан эки айылдык эне түн жарымында кобурашышып, узун жомокторун башташат. Тотунун бир нече жолу “Бизди уктаткылачы?” деген суранычын укпамышка салып коюшту, же чындап эле укпай калышты. 

Шаардык ооорукананын көз микрохирургиясы бөлүмүнө жатарда аны кабыл алган дарыгер аял бул бөлүмдө дарылануучулардын бардыгы кары адамдар экендигин эскерткен. Тотуга окшоп кырк жашка чыкпай жатып “катаракт” деген көз оору дартына чалдыккандар кем экен. Көбүнчө жетимиш жаштан ашкан адамдар ооруйт. Аны убагында дарылабай өтүштүрүп ийип сокур болуп калгандар да көп.

— Башыңызга качандыр бир катуу сокку жегенсиз го. Ошонун кесепети болушу мүмкүн. Сиздин курагыңызда катарактка чалдыгуу эртелик кылат. Анын үстүнө сүрөтчү экенсиз. Сиздин өнөрүңүз көз менен да, — деди хирург аял. 

“Катаракт” деген дартты Тоту жарым жыл мурда биринчи жолу укту. Кеч күздүн бир күндөрүндө оң көзүнүн кареги электенип калганын байкаса да ага көп деле маани берген жок. Жанын оорутпай, жашоосуна кедергиси тийбегенден кийин бүлүнө турган эмнеси бар эле. Көз догдурга көрүнүп дарыланып алар. Ушундай бейгам ойдо а түгүл күйөөсүнө, балдарына да айтпады. Күн өткөн сайын көрүүсү начарлап бараткандай сезилсе да дарыгерге барууга чыгынбай жүрүп, жазга жетти.

Жаздын ууз мезгили эле. Эки-үч күндө эле аба тездик менен жылып, жерден буу көтөрүлүп, дарактар бүчүр байлаган жашыл көктөм шаарга ашыгып кирип келди. Тоту жылдагыдай эле үйүнүн короосуна эрте жазда, жай бою жана кеч күзгө чейин ачылуучу түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрүн эгип койгон. Короодогу күнөстүү, кара топурактуу борпоң жерде өскөн көчөттөр бат жетилип, марттын башында алгачкылары гүл ача баштады. Гүлдөргө бала чагынан куштар Тоту үчүн жыл сайын бул учур майрамдай. Жаз келгенден баштап таң супа салаар менен төшөктөн туруп, короодогу чакан гүлбакчасын көрүүгө ашыгат. Түнкү серүүн абаны сиңирип, ансайын аруу жана назик көрүнүшкөн желекчелерди кумары канбай тиктей берет. Шаар жеринде жашап, жаратылышка дайыма кусадар болуп жүрчү жүрөгүнүн дабасын ушул гүлдөрдөн тапчу.

Жаздын гүлдөрү ага ырахат гана тартуулабастан чыгармачылык эргүүсүн да ойготчу. Түркүн-түс гүлдөр жана же алардын дестелери тартылган картиналарын көбүнчө жазында жаратчу. Май боёк менен тартылган бул чыгармаларда кандай гана гүл болбосун табигатынан да назик жана жандуу көрүнөт. Жыпар жыты билинер-билинбес аңкып тургандай сезилет. Тоту боёктордун кошулмасынан таң калаарлык ачык жана ширелишкен түс табуунун чебери эле. Ар бир гүлдүн кайталангыс түзүлүшүн, сулуулугун гана ачпастан, ага романтикалык сырдуулук жана үлбүрөк аруулук да бере билчү. Сүрөткердин жан дүйнөсүнө сугарылган бул чыгармалар кең дүйнөнүн бир тамчы сулуулугун көзгө тартып, көңүлгө сүртүү менен укмуштай мемиреткен бейпилдикти, гармониялуулукту, терең сүйүүнү даңазалап турчу. Сүрөт көргөзмөдөн көргөндөр “Бул бейиштин гүлдөрүбү?”—  деп сурашчу.

Сүрөткер айым холско көркөм дүйнө жаратуучу бул бактысынан быйыл кол жууп кала жаздады. Короосунда өскөн жоогазындар гүл ачкан биринчи күнү көзүнүн дартын чындап сезип, бейпайга түштү. Гүлдөргө жакын келип кадала тиктесе да алардын келбет-түсүн даана көрө албай калыптыр. Кыпкызыл, алоо кызыл, пуштуу гүл желекчилери жана урук чанакчалары боегу өчүп бараткан эски сүрөткө окшоп туманданат. Сүрөтчү айым эндирей түштү. А түгүл эки-үч күндөй ишенбей да жүрдү. Күн сайын бир керемет болуп, көздөрү ачылып, кайрадан мурдагыдай даана көрө баштоочудай үмүткө алданат. Бирок, өзгөрүү болгон жок. Чын эле эми бул жарык дүйнөнүн көрк-келбетин табигат кандай жаратса ошондой түспөлдө көрө албай калабы? Анда чыгармаларына эргүү менен азыкты кантип алат? Сүрөтчү үчүн мындан ашкан кайгы жок. Анын көздөрү кадыресе адамдар көрө албаганды көрүп, түс, боекторду ажырата албай калган күнү анын да өмүрү бүтүүгө тийиш.

Тоту шаардык оорукананын көз микрохирургиясы бөлүмүнө жатаарда дарыгер аял азырынча он койкалык палатада гана орун бар экендигин эскерткен. Аны сүрөтчү катары сыртынан тааныйт экен. “Менин элүү жылдыгымда Сиздин кызгалдактар тартылган картинаңызды белекке беришкен. Үйүмдө илинип турат. Гүлдөрдү өтө жандуу тартыпсыз. Караган сайын ырахат алам”, — деди ызааттуу мамиле жасап. Искусствону баалай билген жана чыгармачыл адамдарга өзгөчө сый-урматы көрүнүп турган бул аял Тотунун жүрөгүн жылытты жана адис катары да ишеничин жаратты.

— Операцияны өзүңүз жасаңызчы? – деп суранды Тоту андан.

— Биздин бөлүмдө иштешкен хирургдар баары эле мыкты адистер. Макул, кааласаңыз өзүм жасайын. Бирок, азыркы учурда оорулулуулар өтө көп болуп жатат. Мүмкүн, бир аз күтө турарсыз. Катаракт тез өөрчүчү оору эмес. Анын үстүнө сиздики жетиле элек экен. Үч-төрт айдан кийин келсеңиз да болот күзгө жакын.

— Кандай палатада болсо да жата берем. Көзүм айыкса болду, — деди Тоту дарыгерге. Анын бир күн күтүүгө да чыдамы жетмек эмес.

Бөлүм башчы аны керебеттер эки катар коюлган чоң палатага ээрчитип кирип:

— Мынакей, суранычыңыздар боюнча сиздерге жаштардан коштум. Анан көп эле эркелеп, кыйнай бербеңиздер..., — деп тамашалай сүйлөдү.

Тоту сөз төркүнүн адегенде түшүнгөн жок. Палатада жатышкан бир өңчөй кемпирлер аны кантип “кыйнашарын” бара-бара билди. Онго жакын оорулуунун жетөө сексен жаштагылар, калгандары да жетимиштен ашкандар экен. Өзү гүлдүн түсүн даана көрбөй калдым деп убайым чексе, бул ооруканага көбүнчө карылыктын айынан көздөрү таптакыр көрбөй калышканда келишет экен. А түгүл “сизге эми көздүн не кереги бар?” дешкен уул-келинин каршылыгына карабай, пенсиясын түйүп алып качып келген 85 жаштагы эне да бар. “Бир күн болсо да жарыкчылыкты көрүп турайын дедим”.

Бирге жаткандарга караганда бир чети көздүүсү да, экинчиден жашы да Тоту жалгыз өзү болгондуктан, алардын бирин жетелеп, бирин сүйөп ашканага алып барган, тамак-ашты бардыгына үлөштүрүп куюп, анан бошогон идиш-аяктарын жууш, кол телефондорунан каалаган адамына чалып берүү сыяктуу дагы башка көптөгөн кичүүлүк милдеттерди аткарууну өз мойнуна алды. Баарынан да палатанын түпкүрүндө койкада мышыкка окшоп бүрүшүп жаткан Мария аттуу татар улутундагы кемпирге көбүрөөк көңүл бурат. Ал дааратканага да жетелетип араң барат. Тамакты колуна карматса анан жемиш болот. Ошонусунан корунабы кечке керебеттен жылбай кыймылсыз жатат. Кемпирлердин сөздөрүнө анда-санда гана үн кошуп коет. “Жалгыз уулу бир да жолу кабар алган жок. Тууган-уруктары деле келишпеди”, — деп. Бирок, палатадагылар ага үйдөн келген тамак-аштарын тең бөлүшүп, жан тарта мамиле кылышат.

Тоту да бул кемпирге көбүрөөк илингенинин себеби бар эле. Мария эненин аянычтуу абалы ага качанкы бир окуяны эстетип, көп жылдар бою жүрөгүнүн түпкүрүнө катылган айыптуу сезимин козгоп койду. Мындан бир нече жыл мурда өлүм алдында жапон классиги Агутагаванын китебин эки сомго сатууга аргасыз болгон Магзия Хабибуллина аттуу татар кемпирге кайрадан туш болгондой бүшүркөйт.

***

Тотунун үйүндө атактуу жазуучу Акутагаванын новеллалар жыйнагы көп жылдан бери аздектелип сакталып турат. Сүйүктүү жазуучусунун бул китеби өткөн кылымдын 80-жылдары москвалык белгилүү басмадан чыгып, мукабасы эски үлгүдө түссүз жасалгаланган, тамгаларынын боегу өчүңкү тартып, көзгө жупуну көрүнсө да китеп текченин көрүнүктүү жеринен орун алган. Бул болсо сүрөткер айымдын адабият алптарынын бири Акутагаванын издесе табылгыс баалуу китеби менен мактанышы эмес эле. Жапон классиги аны сүрөтчүнүн тагдыры жөнүндө жазылган белгилүү новелласы менен жеңип алган.

Новелланын каарманы, таланттуу сүрөткер “Тозоктун оту” аттуу чыгармасын тартууда жан кечтилик менен иштептир. А түгүл шакирттеринин өмүрүн да тобокелдикке салуудан да кайра тартпаган. Тозокко түшкөн адамдардын азап чеккен абалы картинада дал өзүндөй берилиши үчүн ал бул кыйноолорду өз көзү менен көрүшү керек эле. Ошондуктан өзүн пир тутуп, өнөрүн үйрөнүүгө ыклас кылган шакиртин күтүүсүз кишенге чырмап кыйнап, денесин жырткыч кушка чокутуп канжалатып, анан көргөндөрүн сүрөткө дал өзүндөй түшүргөн.

Чыгарманын негизги чордонун өрттөнүп жаткан каретада тирүүлөй күйүп бараткан жаш ак сөөк айымдын чеккен шумдук азабы жана жан далбасы түзмөк. Бирок, сүрөтчүгө ай чырайлуу селкинин жүзүндөгү жан чыдагыс кыйналууну, чырмалышкан кара чачтарына жабышкан жалынды, бир үзүм ак булуттай үлбүрөгөн ак жибек көйнөгүн жалмаган кызыл чокту жандуу тартуу үчүн элестөөлөрү жана кыял чабыты жетишсиздей туюлат. Бул көрүнүштү өз көзү менен көрсөм деген оюн өзү кызмат кылуучу королго билдирет. Жеткен ырайымсыздыгы менен аты чыккан король “Сенин каалооң орундалат” деп убада кылат.

Чын эле баары ал каалагандай болду. Королдун сепилинен алысыраак эмес токойдун четиндеги жарда ак сөөк айымдар түшүүчү карета асмакка асылып, анын жибек пардалуу терезесинен гилас гүлдөрү менен кооздолгон ак жибек көйнөкчөн кыздын периштедей көз талдырган сулуу жүзү кылаят. Ал эми каретанын алды жагында кургак отундун үймөгү жагууга даярдалып коюлган. Король эч нерседен кабарсыз сүрөтчүгө өрт коюла турган каретага жакындап барып, өзү эңсегендей “тозок отун” көрүп моокумун кандырууга чакырат. Жарга жакындап келгенде гана сүрөткер каретада олтурган айым көзүнүн карегиндей көрүп алпештеген жалгыз кызы экенин көрүп дүйнөсү астын-үстүн болот. Бирок, баары кеч эле. Тил-ооздон калган калемгер королдун кызматкерлери отту кантип тутантышканын, өрт бара-бара алоолоп каретага жабышып күйгүзө баштаганын көз албай карап туруп берет. Буту— колу бекем таңылган кызы адегенде кара түтүнгө тумчугуп жанталашып, анан кызыл жалынга чулганып, тармалданган узун кара чачтары менен гилас гүлдөрү тагылган ак жибек көйнөгүнүн үлбүрөк этек-жеңдери жалбыраттап күйүп бүтүп, айчолпон кызы тез эле чычалага айланганын кирпик ирмебей тиктеген адам таш боор ата эмес эле өз өнөрүнүн кулу болгон сүрөткер эле. Ал кызын да унутуп, тарта турган “Тозок оту” картинасына өзөк болуп бере турган шумдук көрүнүшкө арбалып, көздөрүнө өчкүс кылып сиңирип жатты.

Сүрөтчү бул чыгармасын бир дем менен тартып бүтөт. “Тозок оту” ага эбегейсиз улуу атак-даңк алып келет. Бирок, калемгерге эми эч нерсенин кереги жок эле. Анын искусствого берилген ак кызматы кызынын өмүрүнө тете болду. Өзү тозоктун отуна күйгөндөн да оор азапка кабылды. Сүрөтчүнүн өз эрки менен жанын кыйгандан башка аргасы калбайт...

Окурмандын акыл-эсин дал кылып, таланттын миң кырдуу, миң сырдуу табиятын, бактысын жана шорун өтө чебер баяндаган бул чыгарманы Тоту адегенде китепканадан таап окуган. Бирок, жактырып калган жазуучунун китебин сатып алсам деп ак эткенден так этчү. Союз мезгилинде Акутагава сыяктуу атактуу акын-жазуучулардын чыгармалары колго тийгис таңкыс байлык эле. Китеп дүкөндөрдө классиктердин китептери түшүп калса жең ичинен жашыруун кымбатка же тааныш-билиш аркылуу сатылып, көпчүлүктүн колу жетчү эмес. Көркөм чыгармалардын толук жыйнактарына жазылып алуу андан бетер кыйын. Ошентип Акутагаванын чыгармаларына суусап жүргөнүндө ага кокусунан туш келип, көктөн тилегенин жерден тапкандай болду. .

Кеч күзбү, же эрте жазбы, айтор ызгаар аралашкан жамгыр майдалап себелеп жаап турганы эсинде. Шаардын тар көчөлөрүнүн биринде келатып жол боюндагы бир кабат эски имаратта жайгашкан дүкөнгө баш багып калды. Айылдын дүкөндөрүндөй тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары жана күндөлүк тиричиликке керектүү майда-барат аралаш сатылган залда кардалсыз зеригип олтурган сатуучу аял аны көргөндө жан кире түштү. Бирок, Тоту бул дүкөндөн өзүн кызыктырган эч нерсе таппай куру кол чыгып баратып эшик алдында турган чакан үстөлдүн бетине жайылган китептерди көзү чалды.. Алардын үстүнө “Карыган пенсионер, катуу оорулуу Магзия Хабибуллина дары-дармек сатып алуу үчүн акчага муктаж. Бул китептерди сатып алып, пенсионерге жардамыңызды аябаңыз?” деп сыя калем менен жазылган чакан картон кагаз коюлган. Тоту бул жазууга көп деле этибар бербеди. Азыр кадам сайын кайрымдуулукка чакырган үндөөлөр көнүмүш болуп баратат. Бей-бечаралардын бардыгына жардам бере бергидей өзүнүн деле ашып-ташкан байлыгы жок.

Бирок, Тоту китеп көргөндө кыя өтө алчу эмес. Үстөлгө коюлган алакандай жука жана калың томдорду, көп окулуп ушаланган, авторлору да анчейин таанымал эмес китептерди бир сыйра көздөн өткөрүп жатып көптөн бери издеп жүргөн чыгарманы таап алды. Үстөлдүн эң четинде жаткан Рюноскэ Агутагаванын “Жөргөмүштүн желеси” аттуу новеллалар жыйнагын көргөн көзүнө ишенбей кетти. Боз мукабанын сыртында адамдарды куйкалаган тозоктун оту тартылыптыр. Бул табылгасын кимдир бирөө колунан сууруп алчудан бетер көкүрөгүнө бекем кыскан Тоту сатуучуга кайрылып:

— Бул китеп канча сом турат? — деп сурады.

— Эки.

— Эки?! – Тоту чала уктумбу деп кайра сурады.

— Ооба, эки сом. Булар катуу оорулуу бир кемпирдики. Дары-дармек алууга акчасы жетпей кыйналгандыгынан бизден китептерин сатып берүүнү суранган. Алыңыз, жакшы китептер бар.

Тоту эки сомду сатуучуга кармата салып, дүкөндөн чыкканча шашты. Күтүүсүз табылгасына жана аны өтө арзанга сатып алганына кубанычы койнуна батпайт. Же сатуучу аял адашып айтып алдыбы? Азыр артынан чуркап чыгып, кечирим сурап, анан баасы “паланча экен” десечи. Анда Тотунун жанындагы акчасы жетпей калышы да мүмкүн. Ушинтип корккон аял тездей басып, дүкөндөн алыстап кетүүгө ашыкты. Жеке пайдасын көздөгөн көрпенделик кызыкчылык аны да жеңди. Эски-уску китептерин сатуудан башка аргасы калбаган оорулуу кемпирди ойлогусу да келген жок. Бир бечара кары кемпирден аяган аз гана акча анын дүйнөсүн түгөл кылчудан бетер качып келатат. Акутагаванын новеллалар жыйнагы кийин бул пенделик чабалдыгын дайыма эстетип, ыйманы өмүр бою соттоп өтөрүн биле элек.

Ооба, дал ошондой болду. Китеп текчесинин эң көрүнүктүү жеринен орун алган боз мукабалуу “Жөргөмүштүн желеси” көзүнө урунса эле тар көчөдөгү жупуну дүкөндү, эски китептерди, дары сатып алуу үчүн акчага мукураган кемпирди эстебей кое алчу эмес. Аздектеген жазуучусу Акутагаванын руху да ага нааразы болуп жүргөнүндөй көңүлүндө тынчтык жок. Китепти көргөн сайын көңүл түпкүрүндөгү уяты ойгонуп, кимдир-бирөөгө кайтара албай жүргөн карызы бардан бетер кыйнала баштайт. Кээ учурда ойлонбой жасаган осол жоруктарыбызга көз жуумп койгубуз келсе да абийирибиз унуткургузбай кайра-кайра эске алып турат эмеспи.

Тоту андан кийин да баягы дүкөнгө барып, китептин өзү чамалаган чыныгы баасында акчасын төлөп, а мүмкүн ошол кемпирге да жолугуп, колдон келген жардамын берип келүүгө көп эле жолу ниеттенди. Бирок, ана-мына деп чыгынбай жүрүп арадан бир топ айлар өтүп кетиптир.

Жаз келгенден тартып тынымсыз сүрөт тартуу убарагерчилиги менен алек болгон аял кеч күздө гана чыгармачылык тыным алчу. Табигат жылаңачтанып, гүлдөрдүн соолушу менен анда депрессия башталат. Бул учурда баарына көңүл кош, илээнди, түнт болуп кетүүчү Тоту өзүн алаксытаар нерсе да издебейт. Жазында гүлдөп, мөмөлөп, жайында күндүн нурун, мөңгү суусун сиңирип жемишин азыктандырган, күз келгенде бышкан түшүмүн төгүп берип, боюнан бошогон дарактай шопоюп куру калгансыйт. Жан дүйнөдөгү бул жалгыздыкка үй-бүлөлүк бактысы да аралжы боло алчу эмес. Тотунун жашоосунда чыгармачылык иши менен үй-бүлөлүк турмушу эки башка нукта агып келатат. Аларды бириктирүүгө аракет кылып да көрбөгөн. Аны аялдык өз бактысына канааттандырган нерсе күйөөсү менен балдарынын сүйүүсү, жай гана көйгөйсүз өтүп келаткан тиричилиги эле. Жеке турмушунан ой-санаасы тынч адамды бактысыз дегенге болобу. Ал эми сүрөтчүлүк өнөрү ага өзүнө жараша атак-даңктын, эргүүнүн жана чыгармачылык изденүүнүн кубанычы , кээде өз талантына шектенүү, утурумдук чүнчүү сыяктуу сезимдер менен жан дүйнөсүндө боштук калтырбай толтуруп турчу. Көргөзмөлөр, автордук кечелер, телеканалдарга, гезит, радиолорго маек берүү, чыгармачылык сынактарга катышуу сыяктуу толгон-токой коомдук иш-чаралардан бош убактысы да жок.

Бирок, кеч күздө чыгармачылык тыным башталганда Тоту чың тийбес, таарынчаак, ичимден тап болуп кетет да күйөөсү менен мамилеси бир аз бузула түшөт. Кесиби искусство менен таптакыр байланышы жок эри Тотунун мүнөзүндөгү өзгөрүүнүн себебин түшүнбөй, аялдын маал-маалы менен болуп туруучу терсаяктыгы катары кабыл алып, көп учурда эркектик айкөлдүк менен көтөрүп коюга кудурети жете бербейт.

Эрди-аял жок жерден кагылыша түшкөн ошондой учурлардын биринде Тоту ачуусу менен пальтосун илгичтен жулуп алып колуна көтөргөн боюнча көчөгө чуркап чыкты. Күздүн ызгаар аралашкан ак жааны шыбыргактап, шаарды боз чаңгыл туман каптап турганын көргөндө маанайы ансайын пастай түштү. Күйөөсү артынан чыккан жок. “Чала сага! Өзүңдөн кетти”, — деди ызасы бир аз басаңдаганда күнөөсүн мойнуна алып. Бирок, ошол замат кайра үйгө киргиси келбеди. Көңүлдү чөктүргөн мындай жаанда кайда барууга болот. Жүзүн муздак, майда тамчыларга тосуп бир аз тургандан кийин мындай кырдаалдан чыгуунун өзү билген ыкмаларын ойлоно баштады. Алардын ичинен эң натыйжалуусу эле соопчулук жасоо. Бирөөнүн көңүлүн алуу, же оорулуунун абалын суроо, зарыккандарга жардам берип, же кимдир-бирөөгө күтүүсүз жакшылык кылуудан да көңүлү дайыма көтөрүлө түшчү.

Кимди кубантсам деген Тотунун ою Акутагаванынн китебин сатууга аргасыз болгон оорулуу кемпирге барып такалды. Көптөн бери жүрөгүн өйүп жүргөн карызынан кутулар учур акыры келиптир. Азыр барат да Магзия Хабибуллинага баштыгындагы болгон акчасын берет. Ошондо гана көптөн бери кыйнап жүргөн оор жүктөн кутулаар. Үйүнө жаңыланган сезим менен кайтып, күйөөсү менен жарашууга да күч табаар...

Тоту таксинин айдоочусун көпкө убаралантып өзү кандай аталарын билбеген жана каерде экенин бүдөмүк гана болжолдогон тар көчөнү издетти. Акыры тапты. Ошол эле жупуну дүкөн, ошол эле сатуучу, ошол эле товарлар... Дүкөнгө кирээри менен китептер жайылган үстөлдү өз ордунан көргөндө жүрөгү калыбына келе түштү. Китептер бир аз азая түшүптүр. Оорулуу кемпирге жардам берүүгө өтүнүч жазылган картон кагаз да көрүнбөйт.

— Бул китептердин ээси барбы? — деп сурады сатуучудан. 

Ал өзүн тааныбай калганын дүкөнгө киргенде эле байкаган.

— Ээси жакында өтүп кетти. Жалгыз бой байкуш кемпир эле. Коңшу жашоочубуз. Дары-дармекке акчасы жок аябай кыйналганынан китептерин да болсо сатып берели дегенбиз. Алгандар деле кем болду. Бардык китептин акчасын өзүм төлөп койдум. Кемпирди көмүүгө каралаштык.

Жөнөкөй адамдарга таандык илбериңкилик менен жана чын дилинен жооп берген сатуучу аялга Тоту не дээрин билбей:

— Аа... — деп тим болду. Эми анын кайрымдуулугуна кемпир муктаж эмес. Бирок, Агутагаванын алдындагы кечиримсиз күнөөсүн кантет...

Эшикте күтүп турган такси менен кайра артка кайтып келатып борбордук мечиттин жанынан өтө берээринде токтотту. Заңгыраган ак сарай мечитти курчаган оймо-чиймелүү темир тосмонун дарбазасы ачык туруптур. Бул мечитте жакында аялдар бөлүмү ачылган эле. Анын ичин жасалгалоого Тоту да сүрөтчү-декоратор катары катышкан. Бирок, бөлүмдүн ачылыш аземинен бери бул жакка келе элек. Ал мечитке кирип, Магзия эненин арбагына багыштап куран окуп кетүүнү чечти. Аялдар бөлүмүнүн атинчасы аны таанып утурлай басты. Тотунун өтүнүчүнө жан дили менен макул болуп, мукамдуу муңайым үнү менен сүрөөлөрдү кыраатына келтирип узакка окуду. Курандын касиети бийик сөздөрүнүн маанисин толук түшүнбөсө да Тоту сүрөөлөрдү кулагы сүйүп угуп, көөдөнү жибип, жүрөгү бошоп баратат. Куранды жети ата-бабасынан тартып, бул жалган дүйнөдө өчкүс из калтырган Агутагаванын, мүмкүн жөнөкөй эле бир пенде болуп жашап өткөн Магзия Хабибулланын рухтарына багыштап, алар үчүн Жараткандан ырайым сурап, жандарын азаттыкка чыгара көр деп дуба кылып, өзүнө да кечирим сурап жатты.

Көптөн бери мындай жеңилдене элек эле. Энеден туулган ымыркайдай таза, аруу абалга келүүнүн эч нерсе теңдешсиз жыргалын сезди. Демек Жараткан аны кечирип, ырайым кылды. Аалам ээси чындап өзүнө ыклас кылган пендесине сүйүүсүн да, мээримин да аябайт.

***

Бирок, Алла-Таала жараткан нерселерди андан да бийик коюп, суктанып, жүрөгүн бүтүндөй арнаганы үчүн да каарына калаарын анда Тоту билген эмес. Короосундагы гүлдөрүн ашкере сүйүп, тиктеген сайын көздөрү тойбой кумарланганы, сулуулукка сыйынган өнөрү үчүн эсебин берер күн келгенин ооруканага жатканында гана ойлоду.

Жараткандын мындай жазасына сүрөтчү айым мындан бир топ жыл мурда да кириптер болуптур. Бирок, анда маани берген эмес... Анын үйүнүн короосунан күн чыгыш тараптагы алыскы тоолор көрүнүп турчу. Тоту күн ачык мезгилде ошол тоолордун үстүнөн агарган таң шооласын, асманды жана бирин-серин булуттарды алоо нурга бөлөп чыгып келаткан күндүн алгачкы нурларын көрүүгө кумар эле. Ошол учурду көрүү үчүн жайы-кышы таттуу уйкудан кечип өтө эрте туруучу. Бул ажайып сулуулукка мас болгондой арбалып тиктөөчү. Бирок, ой-дүйнөсүн аруулантып, сезимин байыткан бул улуу бактысы узакка созулбады. Эки жылдан кийин үйүнүн алдына бийик имарат салынып, күн чыгышты далдаалап калды. Ал суктанган керемет таңды көрсөтпөй тосуп калган жана эшик алдын көлөкөлөгөн жети кабат көп кабаттуу бетон үй курулду. Эми Тоту таңдын атып келаткан маалына куштарланмак турсун, бийик имараттын артына курулган автоунаалар үчүн токтоочу жай, чарбалык дагы майда-чүйдө быкы-чыкы курулуштарды көргөн сайын маанайы бузулат.

Сүрөтчү айым не күнөөсү үчүн турмушундагы эң бактылуу учурдан айрылганын көпкө чейин түшүнө албай жүрдү. Бул суроонун жообун көзүн күтүүсүздөн дарт чалганда гана тапты. Ал жашоодогу керемет сулуулукка сүрөтчүнүн сезимталдыгы, кооздукка куштар жүрөгү менен суктанып жана ырахаттаныптыр. Бирок, аны жараткан аалам Ээсин тааныган жок, жашоодогу бардык жыргалчылык, көркөмдүк жана берген ырыскы үчүн алкышын эң биринчи улуу Жаратканга арнап, таазим кылууну билбептир. Тотуга бул кемчилигин түздөө үчүн Алла-Таала кең пейилдик менен дагы бир мүмкүнчүлүк бериптир. Агутагаванын китебине байланыштуу окуяга жөн жеринен кабылган эмес экен. Жараткандын бул ишааратын да элебей колдон чыгарганын эми гана билип жатат. Улуу акыйкатка жетүү үчүн ага көп адашууга жана узун жолду басууга туура келди.

***

Көз микрохирургиясында жаткан күндөрү Тоту өз жашоосунун ой-чуңкурун талдап, өмүр-дүйнө жөнүндө ой жүгүртүүсүнө убакыт кеңири болду. Баарыдан да өкүнүчтүүсү көзүнө операция жасалгандан кийин дарыгер ага үч айга чейин колуна кисти кармабай, китеп окубай, режимди катуу сактоо керектигин эскерткен. Ушул талапка баш ийүү Тоту үчүн эң оор сокку болду. Жаратылыштын көркү ачылып толукшуган жайда, сезимди дилдиретип түркүн обон-күүгө салып турган мезгилде сүрөт тартпай калуу жашоосунун маңызынан ажыраганга тете эле. Мындай караганда үч ай анын кырк жылдык өмүрүнүн бир көз ирмеминдей эле көрүнөт. Бирок, чыгармачылыксыз бошко кеткен ар бир күнү ичин ачыштырат. Көзүм мурдагы калыбына келе бекен деген санаркоосу андан бетер жанды эзет.

Оорукананын турмушу да буга чейин өз дүйнөсүндө жана үй-бүлөлүк бейпилчиликте жашап келген Тоту үчүн жаңы сыноо болду. Жарык жана жайлуу үйүндө тиричиликке карамдуу күйөөсүнүн жана чоңоюшуп колунан ишин алып калышкан балдарынын камкордугуна бөлөнгөн аял жеңил жана ырахаттуу жашоого аябай ык алып калган экен. Эми ошол жыргал турмушунун кайтарымын берүүчү убакыт келиптир. Көпчүлүк, болгондо да карылыгы жетишкен кемпирлер менен бир палатада уктоо баарынан өткөн азап болду. Күндүзү болсо аларга каралашып жаш келинден бетер кызмат кылууга мажбур. Көздөрү таптакыр көрбөгөн, же чала көргөн карылар дааратканага, ашканага, же дары куюучу бөлмөгө жетелетмейинче бара алышпайт. Бөлүмдүн эки медайымы жана бир санитарка аял баарына көз салууга түк да убактылары жетпейт. Ошондуктан, Тоту кемпирлерди ал-абалын сураганы ооруканага келишкен тууган-уруктарына жетелеп алпарып учураштырып, алып келишкен тамакты палатада жаткандардын баарына үлөштүрүп бөлүштүрүп куюп берет. Күнүнө бир жолу идиш-аяктарын жууп-чайып ордуна коюу да анын мойнунда. Ал бул иштерди сообу тиет деген ынаным менен жасагандыктан оорчулугун деле сезген жок. Ал эми түнкү уйкунун азабын чеккенде Агутагаванын тозокту сүрөттөгөн новеллаларын эстөөчү.

Дагы бир айныксыз аткара турган милдети бар: кемпирлердин чубалжыган узун баяндарын тажабай угуп берүү. Мурда бири-бирин таанышпаган адамдардын ооруканада бирге өткөргөн жашоосу “сыр баштыктын” оозун оңой чечет экен. Ар бири бекерчиликте өзү жөнүндө айткысы келет. Бардыгынын өзүнө жараша бактысы да, шору да, айта турган таржымалы да бар. Алардын аңгемелери көбүнчө үй-бүлөлөрүнүн, бала-чакаларынын, келин-кесектеринин, жашоо-тагдырынын тегерегинде айтылат. Узак жашагандардын арманы да, жоготуулары да көп болот экен. Көпчүлүгү чалдарынан, же перзенттеринен, бир туугандарынан ажырап, өлүмдүн күйүтүн тартышыптыр. Карышып, ал-күчтөн тайып, иштен калышканы менен дагы эле жүрөктөрүнө жеңилдик жок. Бир баласынын сый-урматын көрүшсө, экинчи баласынан көңүлдөрү тынбай үшкүрүнүшөт. Тагдыры тайкы уул-кыздарын ойлошсо санаалары санга бөлүнүп, ичтен сызышат. Негедир, өмүрдүн узун жолунда өкүттүү күндөр өзгөчө унутулбайт тура. Жүрөктөрүнө терең батып, унутулбай калган арман-күйүттөрүн эскеришсе, ооздорунан көк түтүн буралат.

Карыялардын сөзүн муюп тыңдай билгениненби, же илбериңикилигенби, айтор Тоту бардыгына жакты. Ашып-ташкан ыраазычылыктары менен алакан жайышып кайра-кайра бата беришет. Сүрөткердин көңүлү айрыкча татар кемпирге көбүрөөк бөлүнүп жүрдү. Аны утуру эле “Магзия эне” деп атап алат.

— Кайсы Магзияны айтасың? “Мария” десең!

Ага жанаша керебетте жаткан байбиче кайра-кайра эскертсе деле оозуна “Магзия” кирет. Мүмкүн, Акутагаванын китебин сактап келген Магзия Хабибуллинанын жаны ушул кемпирге берилгендир... Тоту деле өзүнүн мурдагы өткөн жашоосунда жапан жаратылыштын койнунда жашаган жапайы адам, же кыраан куш болсом керек деп ойлоп жүрбөйбү. Ички каалоосу табигатка тартылып турганына караганда ал ээн жер-суунун арасында тоо-токойлор, деңиз же чөл мейкиндигине жуурулушуп өмүр сүргөн болуш керек. Телевизордон жарнамалык роликтерден шуулдаган жашыл токойду, түпсүз терең океандын албуут кудуретин, кумсарган чөлдүн кумдан бүткөн дөңсөөлөрүн, сапырылган шаркыратмаларды, куштар мекендеген залкар тоолорду көргөндө жүрөгү туйлап, белгисиз кусалыкка батчу. Ошол өзү көрө элек жерлерди эңсеп, сабалап учкан эркин куштай сызып жеткиси келет. Ой-кыялы көөдөнүнө батпай тепкилеп, дүйнөнүн алыскы кыйырына көкөлөп алып-учат.

Тоту бул сезимин эч ким менен да бөлүшө албады. Тарткан сүрөттөрүндө гана анын жан дүйнөсүндөгү бул каалоо-эңсөөсү кандайдыр бир өлчөмдө болсо да чагылып турчу. Ошондуктан, анын картиналарындагы пейзажда абстрактуулук басымдуулук кылганы үчүн кээ бирөөлөр макташса, ал эми экинчи бирөөлөр түшүнүксүз деп сындашчу.

Ооруканада Тоту чыгармачылыгына жаңы тема тапты. Ал эми карылык жөнүндө тартат. Буга чейин өмүрдүн эңкейишинде ал-күчтөн тайып, бирок, акыл-эси даана, бактысы балдарына, эң жакын адамдарына байланган кары адамдардын тагдырын үстүртөн гана билүүчү экен. Өзүнүн ата-энеси бул дүйнөдөн жаш кетишти. Ал эми күйөөсү бала чагында томолой жетим калып, балдар үйүндө чоңоюптур. Кырктын кырында күздө ачылуучу гүлдөрдөй жайнап аялдык баралына толуп турган сүрөтчү айым азырынча карылык жөнүндө ойлоно элек экен. Палатада бирге жатышкан кемпирлердин жашоо-дүйнөсүн тереңирээк билген сайын ага карылыктын дагы бир өңүтү ачылды. Көрсө, өмүр сүрүүнүн өзү бардык куракта кызык тура. Улгаюу бул адамга жана анын жакындарына оор жүк, оору-сыркоо, дармансыздык гана эмес, өзүнө жараша кубаныч-бактысы, каалоо-тилектери, ата-энелик сезимдери менен бай жана мазмундуу экен. А түгүл азыркы абалы баарынан аянычтуу болгон Мария эне да жашоо деп тырмышат. Бир буту көрдө туруп да көздөрүнө операция жасатканы бекеринен эмес. Ал керебетинде бөкчөйүп узакка кыймылсыз жана сүйлөбөй жатканы менен ичинде кайнаган ой-санаасы бар экен. Бир күнү жарылды.

— Бардыгына балам жок деп коем. “Куу баш” атка да конуп бүттүм. Жалгыз уулум бар. Атасы экөөбүз ал төрөлгөндө эле ажырашып кеткенбиз. Өгөйдүн көзүн каратпайын деп экинчи ирет турмушка чыкпадым. Мага көз салгандар да, сөз салгандар деле болду. Бирок, бир гана балам деп жашадым. Аны эч нерседен кем кылбай багам деп кара жанымды карч урдум. Эки-үч жерде иштедим. Уулум жаман чыккан жок. Чоң окууда окубаса да электриктин кесибин үйрөнүп, иштеп жүрдү. Анан ыйманы жок бир албарстыга үйлөнгөндөн кийин өз уулумду тааныбай калдым. Аял алганга чейин “Апа, апа...” деп эле көзүмдү карап, үйрүлүп түшүп эле турчу. Эркек бала үйлөнгөндөн кийин энеге таандык болбой калат экен. Же аялы бир аялга окшош болсочу. Тили жылаандан бетер ышкырат. Же үй жумушуна жок экен. Илээндилиги кыжырыңды келтирет. Бирок, чачын короздун куйругундай өркөчтөнтүп түйүп алып, оозун кыпкызыл, көздөрүн көгөртө боеп, куйругун чайпап басып уулумдун башын айлантып алган. Экөөбүз кер-мур айтыша кетсек аялына болушуп, мага да тили тийчү болду. Ыйлап жүрүп көздөрүмдүн курчу да кайта баштады. Бир күнү экөө “Россияга барып коммерция кылып келебиз” деп камданып калышыптыр. Уулумдан ажыраганым ушул турбайбы деп ичим ачышса да, кайра “ач кулактан тынч кулак” деп өзүмдү жооткоттум. Ошол кеткен боюнча кабары жок. Үч айдан кийин кайсыл бир банктын кызматкери келип, насыя акча доолап жүрөт. Көрсө, уулум үйдү күрөөгө коюп, банктан насыя көп акча алыптыр да аялы экөө куйруктарын түйүп алышып, Россияга өтө качыптыр. Ошодон бери беш жыл өттү. Каерде эмне кылып жүрөт, билбейм. Банк үйдү алып койду. Мени болсо коңшуларым карылар үйүнө алып келип тапшырышты. Жан күйөөр тууганым жок. Силерге карылар үйүндө жашайм деп айтыштан намыстанып жүрдүм.

Бирок, тирүүдөн түңүлүү кыйын экен. Баламдан үмүтүмдү үзө албайм. Бир күнү эс-акыл кирип, жаркырап алдыма келип калабы деген үмүт менен жашап жүрөм. Күйөөмдөн ажыраганымдан кийин бир гана уулум деп өмүр сүрүп келипмин... Аны көрмөйүнчө мага өлүү кыйын. Баламдан топурак буйруса бул дүйнөдө арманым жок эле. Уулумдун жүзүн бир көрүп калайын деп көздөрүмө операция жасатканымдын себеби да ушундан.

***

Мария эненин баяны баарынын зээнин кейитти. Кээ бири анын жанына келип керебетине олтуруп да алышыптыр. Перзенттин кайгысын тарткан кемпирге баары энелик жүрөктөрүнөн чындап жан ачып турушканы байкалат. Айылдык кыргыз кемпирлер Мария жашаган карылар үйүн “жетимкана” деп атап алышты. Ал жердегилер ач-жылаңач калгандан бетер боору ооругандык менен “же, ич” дешип өнтөлөй башташты. Тоту ага чейин эле колуна аш карматып, аны ичип түгөтмөйүнчө жанында турат. Мария кемпир бир сындырым нанды да ушалап алып, анан тиши жок оозунда көпкө мүлжүңдөп атып жейт. Ушунусунан уялабы, тамакка көп ынтылбайт. Кечке ачка деле жата бериши мүмкүн.

— Тамакты жакшы жесеңиз оорубай жүрөсүз. Уулуңузду күтүшүңүз керек. Мен да интернет аркылуу да издеп көрөм. Россияда иштеп жүргөндөрдү тескей турган уюмдар бар, ошолордон да сураштырам, — деп убада кылды Тоту. Бул сөздү укканда Мария кемпирге жан кире түштү. Бүгүн эле таап берчүдөй чала көргөн көздөрү менен ал тарапты үмүттүү тиктеп, баш көтөрүп олтуруп да калды.

Операция жасалган көзү бир аз тыңый баштагандан кийин Тоту ооруканадан чыкты. Палатадагы кемпирлердин баары өз энесиндей жылуу узатышты. “Телефонунду жазып берчи мага?”, — дешип чөнтөктөрүнөн түшпөгөн, күнүнө нечен маал үйдөгү бала-чакалары менен сүйлөшүп туруучу уюлдук жупуну телефондорун сунушат. Тоту да аларга чын дилинен ден соолук менен ооматтуу байбичелик бакыт каалады.

Үйгө келгенден кийин да Мария кемпирге кантип жардам берсем деп ойлонуп жүрдү. Ал жашоочу карылардын интернат үйү деле Тотунун үйүнөн көп алыс эмес жайгашкан. Баласынан кабар келсе кандай сүйүнмөк. “Уулуңузду издейм” деп үмүткер да кылып койду.

Бирок, Тоту көзү айыккыча эч жакка чыга алган жок. Күнүгө эрте менен ойгонгондо соо көзүн жумат да, операция жасалган көзү менен бет маңдайына илинген саатты тиктейт. Азырынча сааттын жебелерин, убакыт ченемин көрсөткөн сандарды даана көрө элек. Бирок, дарыгерлер көзү бара-бара калыбына келерин эскерткен. Баарынан да колуна кайрадан кисти кармап, сүрөт тарта турган күндү күтүп чыдамы түгөнөт. Сүрөткерлик каалоосу ээ-жаа бербей айласын курутууда. Ооруканадагы турмуштан жаңы тема, жаңы каарман тапты. Ал “Карылык” деп аталат. Бул таасирлер басаңдаганча картинага түшүрүп калуу керек эле.

Арадан бир айдан ашуун убакыт өттү. Аптапка куйкалай баштаган жай күндөрүнүн бир таңында Тоту жакшы маанай менен ойгонду. Төшөктөн турбай туруп адатынча терезени тиктеди эле, дарактардын бутак-шактарын, жалбырактарын даана көрүп калыптыр. Бөлмөдө илинип турган картинанын сүрөтү, сааттын жебелери да кадимкидей көрүнөт. Аял керебетинен ыргып туруп, короого чыкты. Жай ортолоп гүл ача башташкан роза, дагы башка гүлдөр мурдагыдай кызылы кызыл, агык ак болуп бажырашып жайнап турушат. Алардын ар бир желекчеси, түсү дааналанып көрүнөт. Тоту көптөн бери минтип кубана элек эле. Ал өзүн жашоого экинчи ирет төрөлгөндөй сезди.

Турмушу өз нугуна түшүп, көңүлү ордуна келгенден кийин ал карылар үйүнө барды. Эки колуна көтөргөн баштыкта Мария энеге керектүү буюм-кечек, анан москвалык кондитердик шириндиктер, чайдын түрлөрү жык салынган. Интернат-үйдүн дарбазасы ачык экен. Чак түш болгондуктанбы, короодо баскан-турган киши көрүнбөйт. Тоту имараттан чыккан ак халатчан аялды токтотуп, издеген адамын сурады.

— Азыр түштөнүп жатышат. Чакырып коеюнбу?

— Жок, рахмат. Сиз бул баштыкты берип коюңузчу Мария деген энеге. Москвадагы баласы берип жибериптир менин уулумдан. Анын иши чыгып калып, мени жөнөттү. Уулу аман-эсен жүрүптүр. Курулушта иштейт экен. Үй сатып алганга жетээрлик каражат жыйнап келем дептир. Ага чейин апам оорубай, кайгырбай жүрө турсун деп сураныптыр. Ушуларды айтып коюңузчу? Мен жолуга албайт окшойм. Азыр аябай шашып жаттым эле. Ишке барышым керек.

Тотунун бул сөздөргө ишенип-ишенбесин билбей өзүн арасат тиктеп калган аялга баштыктарды кармата салды да, ооз ачууга үлгүртпөстөн артына шарт бурулуп, жөнөй берди. Жолдо баратып Мария эненин үмүтү кантип “жарк” деп жанаарын, уулуна болгон сүйүүсү кайрадан көөдөнүн жылытып, мүмкүн көр оозуна чейин демөөр болорун ойлоду.

Бул күнү анын короосунда ажайып бир гүл чанак ачты. Бул гүл бир гана түп эле. Жаз алды көчөт базарынан сатып алган. Боюн жерден жаңыдан көтөргөн көчөттүн пилдин кулагындай болгон жалгыз жалбырагы гана бар эле. Ошонусу менен аялдын көңүлүн бурган. Көчөттү сатып олтурган уйгур аял ага бул гүлдүн “кан” деп аталарын, өтө кооз гүл ачаарын жан дили менен тажабай көпкө түшүндүргөн. Баасы да башка көчөттөргө караганда эки-үч эсе кымбат экен. Мындай гүлдү мурун-соңгу көргөн эмес экен. Аталышы да өзгөчө туюлду. Жаңы көчөттү үй алдындагы алакандай бош жерге эгилген роза менен герандын арасына олтургузуп койду.

Кан өтө жай өстү. Жаз өтүп, июндун аягына чейин башка гүлдөрдүн баары бир сыйра гүлдөп бүткүчө сөңгөк сабагы жарым метрдей гана узарып, пилдин кулагындай болгон үч-төрт гана жалбырак жайды. Тоту ооруканадан чыгып келгенде сөңгөктүн учу карагайдын тобурчагына окшоп почоктой баштаган экен. Бүгүн эрте менен караса жоон сабактын учуна жумурулана топтолгон чанактардын эң түбүндөгүсү кызарып ачылганы турган. Ал көчөдөн келгиче көз уялткан кыпкызыл түстөгү гүл бажырайып көз жарыптыр. Гүлдүн ток кызыл, калың жана чоң-чоң үч жүрөкчөсү кайкалап артка кайрылып, төртүнчүсү оттун бир тилим жалынына окшоп ортодо буралып турат. Кыпкызыл боегу жана чоңдугу менен көз уялткан желекчелер каны атырылган жүрөктү элестетет. Көргөндүн сулуулукка кумарын кандыргыдай ажайып сөөлөт менен балбылдайт. Буга чейин Тотунун гүлбакчасынын көркү болгон пуштуу кызыл, сары розалар, ак, кызыл герандар эми анын жанында ажары өчүп, көрүмсүз болуп калыптыр. Баары чогулуп да бир гүлдүн сулуулугуна тең келе албай сумсайышып турушкансыйт.

Ошол күндөн баштап почоктогу ар бир чанак бирден гүл ача берди. Ачылганы жаңы чыккан күндөй балбылдап көркү менен көз уялтат. Ар бири башкаларын далдаалабай, кайра баары биригип сулуулуктун бир ансамблин түзүп жаркырашат. Тотуну күн сайын жаңы ачылган гүлгө сүйүнүп, көздөрү тойбой тиктейт. Бул жашоонун ага ыроологон жаңы белеги эле. Жүрөгүн жаңы сезимдерге толтурган бул кумарлануу аны сүрөт тартууга дегдете берип, күндөрдүн биринде ой-боюна койбой колуна кисти карматты.

Тоту жаңы чыгармасын “Чүрөк гүл” деп атады...

Июль, 2013-жыл

 

© Зинакан Пасаңова, 2013

 


Количество просмотров: 1882