Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Чынар Калыбекова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 9-январы

Чынар Сеитбековна КАЛЫБЕКОВА

Мектеп рэкеттери же, 21-кылымдын “вампирлери”

(Психологиялык драма)

Азыркы күндүн илдети болуп калган мектептеги рэкет тууралу психологиялык драма. Окуя шаардык мектептердин биринде өтөт. Драма бүгүнкү өспүрүмдөргө арналат.

Психологическая драма об одном из недугов современной молодежи – школьном рэкете. Действие происходит в одной из городских школ и посвящено жизни юных учащихся.

 

Катышуучулар: 

1. Адил
2. Марлен
3. Руслан
4. Зулайка
5. Болсун
6. Турат

2013-жыл, Бишкек шаары

 

1 – САХНА

Музыка. Кечки клуб. Эки экиден жетелешкен жаштар. Кыйкырык ызы чуу. Бири бийлеп жатат, бирөөлөрү мушташып жатышат. Бирөөлөрү темтеңден мас. Катуу музыкадан бири бирин укпай кыйкырган жаштар. Бут киймин жоготкончо бийлеп чарчаган Зузу жалгыз туфлисин колуна көтөрүп четке чыгат. Артынан Руслан келет.

ЗУЗУ: Менин бутум кайда калды? Жаңы кийип чыккам. Түү, иттики! Аны издеш керек. Тээтиги чачы саксайган ким? Кечке сага асылат. Барып эсептешип келейинби ыя? (жулунат) Карасаң, даагы сени тиктеп жатат.
РУС: Жөн. Ал деген мас турбайбы. Мушташып кетесиңер.
ЗУЗУ: (каткыра) Эй, Рус! Менин чечинип бийлегенимди соткага тарттыңбы?
РУС: Ооба, тарттым. Аны эмне кыласың?
ЗУЗУ: Интернетке жөнөтөм. (кытылдай күлөт) Кана, кана. Жок го...
РУС: (калп кейип) Ии, тартылбай калган турбайбы.
ЗУЗУ: (темтеңдей) Кайра тарт! Азыр бул жерге... столго чыгам.
РУС: (шашкалактай) Кой, уят болот. Ана баары сени карап калышты.
ЗУЗУ: Мейли карашсын. Менде фигура бар да. О – и — ий! Мына сага музыка! Кеттик даагы бийлейбиз. (чаңыра кыйкырат) Оу – уу!!! Кайф! Кайф!

Зузу майкасын чечип булгалай кайра бийге кирип кетет. Рус араң кармап майкасын кийгизет. Ошол тапта Зузу баягы чачы саксайган кыз менен чачташа мушташып кирет. Анын катуу чаңырыгынан Марс, Турат, Бобилер жетип келишет.

МАРС: Мында эмне болуп жатат.
ТУРАТ: Охо! Зузу чаңытып жаткан экен да. Давай! Бас! Бас!
МАРС: (Туратты башка чабат) Эшек! Бар да, тыйгын!
ТУРАТ: Күндө боло бербейт да. Кызыгына баталы. Давай, Зузу!
МАРС: Акмак! Сага жин тийдиби?!
ТУРАТ: Кечирип кой, бос?! Эй, Рус! Эмне турасың? Эсине келтирбейсиңби.
РУС: Мени укпай жатпайбы. Чапсаң балээге каласың. Зузу, Зузу!.. Болду.

Кыздарды араң ажыратышат. Турат жалмаңдап тигилерди узатып келет.

МАРС: Зузу, сен эмне. Биз бул жерге бүгүн акыркы жолу келип жаткан жокбуз да.
ТУРАТ: Күндүз эмне деп сүйлөштүк эле. Тартипти сактайлы дебедик беле.
ЗУЗУ: Мага акыл айтпаган сен эле калдың эле. Кетчи ары!
БОБИ: Турат туурасын айтты. Тигинде камерага түшүп жатпайбызбы.
ЗУЗУ: (каткыра) Кана, кана? Мен түшкүм келет. Русик кайда? Рус! Рус!
РУС: Мен мындамын. Сага эмне болуп жатат билбейм. Тур.
ЗУЗУ: Менин бир туфлим кайда? Ким алды? (чечине баштайт). Ме, баарын ал!
БОБИ: Буга жин тийдиби. Зузу! Кий дейм!
ЗУЗУ: Кийбейм! Азыр баарын чечем. Эмне баарыңар мени карайсыңар.
ТУРАТ: Баскан экенсиң ээ?
ЗУЗУ: Мен эч нерсе баскан жокмун. (ыржалактай) Бир аз гана...
РУС: Зузу... Зузу...
ЗУЗУ: Сен ары турчу! Кет! Тигил саксайган неме менен кет! Мен бийлейм.
БОБИ: Жыргатыпсың. Зузу бас, үйгө кетебиз.
ЗУЗУ: Кетпейм! Тигил жезкемпирди өлтүрөм. Кечке Русту карайт. Кое бер!
МАРС: Эй, акмактар! Баарыңар камерага түшүп жатасыңар.
РУС: Укпай жатпайбы.
ТУРАТ: (жиндене) Азыр келип баарыбызды сүйрөп кетишет. Канча бердиң эле.
РУС: Мен берген жокмун. Кайдан алганын да билбейм. Сурасам айтпай койду.
БОБИ: (шектене) Эмне мени карайсыңар? Мен билбейм.
ЗУЗУ: (ызалуу) Эмне баарыңар акылдуу, мен акмак болуп калдымбы?
МАРС: Келатышат. Мен кармап турам. Качкыла!
ТУРАТ: Зузу, токтот дейм!
БОБИ: (алаңдай) Тигине, милициялар келатышат.
ЗУЗУ: Фу — уу!!! Чакыр! Чакыр! Атама айтып аттыртып салам!
РУС: Сага эмне болду деги. Басчы!
ЗУЗУ: (качат) Жолобо! Жолобо! Кое бер дейм! А – аа — аай!!!

Руслан Зузуну жонуна көтөргөн бойдон кетет. Тынчттыкты сактагыла деген клубдун ээси менен балдар мушташып кетишет. Чаңырган кыздар, мушташкан балдар. Түнкү клубдун ичи ызы – чуу түшүп жатып калат.

 

2 – САХНА

Музыка. Мектепке келаткан Адилди топтолгон Марстар тосуп алат. Алгач жүрөгү дүпүлдөгөн Адил коркконун билгизбегенге аракет кылып, турган жеринде катты. Каршылык көрсөтсө, бул “вампирлердин” балээсине накта калаарын жакшы билет. Ушундайда Эркин досунун жогуна капа боло түштү.

МАРС: (кекете) И – ии, дос кайдан келе жатасың?
АДИЛ: Үйдөн.
МАРС: Үйдөн... Сенин үйүң барбы? Ыя, балдар, мунун үйү барбы? Ха – ха – ха!

Тегеректеп тургандардын баарысы каткырып жиберишет. Арасынан бир кыз Адилдин жакасын оңдомуш болуп, мурдун чүйрүй ойсоктойт. Бул Болсун деген кыз. Эркелеткен аты — Боби.

БОБИ: (какшыктай) Сен үй сатып алдыңбы? Качан? Эй, кыздар, бул үйлүү болгондо мен буга тием дегем. Биз үйлүү болупбуз. (оштоно кыткылыктайт) Куттуктап койбойсуңарбы. Менин Адилжаным! Канча кабат? Особнякпы?
ЗУЗУ: (оштоно) Куттуктайм! Машиналуу болгондо мен тием дегем. Ой, боорум ай! Бойфренд! Даагы кайсы квартирага көчтүң. (мурдун чүйрүй) Фигаро там, Фигаро здесь! Фигаро там, Фигаро здесь... Ха – ха – ха... Рус! Русик! Я тебя люблю! Менин козум, менин “бессмертный кощейим!”. Ой, акырын помадам...
БОБИ: Ой, ой, ой! Өлөт го... Люблю болбой өл а –аа!

Тургандар дуу каткырышат. Адил ыза болуп, бирок жалгыздыгынан чоочуй, унчукпай тура берди. Марстын “кошелегу” Турат кыйшаңдай одураңдайт.

ТУРАТ: Сенин өпкөңдү кагыш керек!
МАРС: Эмне унчукпайсың. Кана сүйлө. Директорго арызданганды билесиңер.
ТУРАТ: Бул жигит тилин жутуп койгондон сообу? Кана, көрсөтчү. Барбы?
АДИЛ: Эмне?
ТУРАТ: (тилин салаңдата) Тилиң?!
БОБИ: Аны мен карап жиберейин. Сен эмне тилин сормок белең. Тур мындай!
АДИЛ: (ызалуу) Уят эмеспи.
БОБИ: Анын эмне уяты бар. Кана Тусик, тилиңди көрсөтуп койчу. Во! Во! У –уу!

Турат жанагындан да ыржалактап, итче тилин салаңдата Адилди айланып чыгат. Тургандарга ого бетер жага бербей баары ыржалакташып күлүп жатышты.

МАРС: (Туратты түртүп жиберет) Турчу мындай!
ТУРАТ: Эмне?
МАРС: (заардуу) Эмне, эмне?!
ТУРАТ: (шыйпалаңдай) Болдум, Босс! Мен өчтүм! Өчтүм!

Туратты Марс желкеден ала түртүп жиберет да, Адилди өзүнө тарта топтон алып чыгат.

МАРС: (Адилге) Эркин досуң кайда?
АДИЛ: Билбейм.
МАРС: Деги сен эмнени билесиң ыя?! Муну ким сатып берди?
АДИЛ: Апам.
МАРС: Апам?!..
БОБИ: (Марска) “Мамин сыночек!”. Алигиче апасы менен базарга барат.
МАРС: А, мен сенден сураган жокмун.
БОБИ: А, мен эч нерсе айткан жокмун. (жактырбай басып кетет) Рус! Бек!
ТУРАТ: (шыпылдап) Базардан бирдеме калды бекен, аңтара салайынбы?
БОБИ: (даяр боло калат) Мен эле аңтара салам. Шымдын чөнтөгүн кыздар аңтарат. Эркек эркектин шымын аңтарбайт. (Адилди аңтарып кирет) Эмне карайсың. Түз тур.
БОБИ: Бирдеме барбы, же... Ой, боже! Ужас! Ужас...
ЗУЗУ: Боби, эмне өлүп калдың. Бирдеме барбы?
БОБИ: (көздөрүн алаңдата нес боло) Эч нерсе жок.
ЗУЗУ: Таптакыр эчтеме жокпу? (боору эзиле) Боби... Боби... Эй, тигини карагыла!
РУС: Боби, Боби... Болсунуң болбой калды. Ха – ха – ха!
ТУРАТ: Ошондой болмок. Эми уктабайсың. Адил түшүңө кирет го...

Турат Бобини жеңинен тарта четке чыгарып тургузуп коет. Катып турган Бобини Зузу айлана карап чыгып, көздөрүн аландата тиктеп калат.

БОБИ: (таңдана) Силерге эмне болду?
ЗУЗУ: (түшүнбөй) Сага эмне болду?
БОБИ: (апкаарый) Мен... мен... Мен Адилди сүйүп калдым окшойт.
РУС: (таңдана чоочуй) Эмне?! Зузу, муну чымчып койчу.
ЗУЗУ: (шыбырай) Кандай экен?..
БОБИ: Силердин эси дартыңардын баары “ошо!”. Мен анын шымынын чөнтөгүнө колумду салганым жок. Мен анын көзүн көрдүм. Анын көздөрү... Айталбайм. Мен чын айтам. Бир партада олтуруп, анын көзүнө бир ирет да карабаган экемин көрсө.
ЗУЗУ: Ии, бетим! Өлдүк, өлдүк! Макс сени союп коет. Макс! Макс!..
БОБИ: (Зузуга) Акырын! Мен Максатты сүйбөйм. Ал өзү эле жабышып жүрөт.

Ошол учурда балдар Адилди сабап киришет. Табасы канган Марс тамекисин чычайта кармап, чыйт түкүрө карап турат. Шыйпаңдаган Турат Марска келет.

ТУРАТ: Азыр сабакка киребиз да. Сабактан кийин эле кармабай.
МАРС: Биз кармадыкпы. Өзү келбедиби. Сен эмне эми түштөн кийин акылдуу болуп жатасың. Батыратпай туруп турбайт белеңер. Токтоткула! Иттин баласы. Кыйчалышкан учурда ушинтип алдыңан чыгат да. Алдыгы келесоону бети башыңды жууп ал дегиле.
ТУРАТ: Мен бетке тепкен жокмун. Кимиң тээп жибердиңер.
БОБИ: (боору ооругандай) И — ии, мынча эмне сабадыңар? Адил тур.
ТУРАТ: (Бобини жактырбай) Сен турчу мындай!
РУС: Өткөндө мени мектептин директоруна кармап берем деген. Ме, сага!
БОБИ: Болду теппе! Көрбөй турасыңбы, бети көрүнбөй калыптыр.
ЗУЗУ: Эй, балдар. Сабакка киребизби?
ТУРАТ: Сен кире бер! Чилистен болуп кетет. Ме, тамеки! Ушул сага сабак!
БОБИ: (тамекини алып) Силер кирбесеңер бизге эмне бар.
РУС: Сабакты коюп, муногуну эмне кылабыз. (Адилге) Кайдан чыга калдың.
ЗУЗУ: Мектептегилер көрсө эмне дешет. Мен суу апкеле коеюн.

Жанатан жалдырап тиктеген Зузу шашкалактай сууга жугүрүп кетет. Мурда чын эле байкабаган Боби бул сапар Адилге чындап боору ооруп карап турду. Жакындайын дейт, Марстардан коркот. Бүк түшкон Адил оордунан тура албай жатты.

БОБИ: (шыбырай) Мени кечирип койчу? Мен...
ТУРАТ: Сен эмне ага күйүмүш болуп жатасын. Ой, мастан. Тур, мындай!
МАРС: (Адилге) Чыгар дегенде, жөн эле чыгарып бербейсиңби. Сага жалыныш керекпи. Эмне, кызсыңбы? Жалынтып... жалдыраткандай...
РУС: Эркектей болбойсуңбу. Мен сага 3000миң сом дегем.
ТУРАТ: Эй, эшек! (туурап) Ии – аа! Ии — аа!!! 5000 же 10 000 сом деген жокмун да. Болгону 3000 миң эле сом. А сен мага 1000сом сунасың. Мен сага кайырчымынбы? Ыя?! Өлтүрө тээп салсам... (тээп) Бутумду өп! Өп!
АДИЛ: (түшүнө бербей) Эмне?..
МАРС: (жиндене) Темене! Эй, тентиген мээң дурайын! Квартирадан квартирага көчсөң акча бар. Салыкка келгенде акча жок. Эй, Рус!
РУС: (тура калат) Хоп, Босс!
МАРС: (буйрук кылат) Мындан кийин 10 менен 11чи класстарды сен чогултасың. Уктуңбу? Муногу “герой” сага баш ийет. Макс 4төн 6га чейин чогултат. 7 – 8 – 9 — класстар сеники болот Турат.
ТУРАТ: 10 – 11 класстар меники да. (куулана) Жарайт, Босс! Сен айткандай болот.
МАРС: Сен баарынын үстүнөн көзөмөл кыласың. Баары күндөгүдөй эле сага чогултуп беришет. Анан “тиякка”... Уктуңарбы! Ким “косяк” кетирсе күнөөнү өзүнө койсун. “Общякка” түшөсүңөр. Сигарет барбы?
ТУРАТ: (кошоматтана) Мынаңыз, Босс! Жаңы чыккан маркадан алып койгом.
БОБИ: Кошоматчы. Жексурун!
ТУРАТ: Сен мага бирдеме дедиңби, Боби?
БОБИ: (кытмыр күлө) Джынсың укмуш экен дедим! Тусик!
ТУРАТ: Албетте, Тукең жаман жуман “джынсы” кийбейт да. Бекти тандабай мени тандаганыңда... Болду, болду, коркуп кеттим. Бир Бек дейсиң, бир Макс дейсиң...
БОБИ: Сени тандаганда, мени жонуңа көтөрүп Меккеге жөө алып бармак белең. Эй, кошелек! Абайлап тийишсең. Фу! – десем, учуп кетесиң.

Ошол учурда эки колунда эки желим бөтөлкөгө суу көтөргөн Зузу аптыга чуркап келет.

ЗУЗУ: Балдар! Балдар! Бүгүн мектепте жалпы чогулуш турбайбы.
ТУРАТ: Анысын тап такыр унуткан турбайбызбы.
ЗУЗУ: Тезинен залга киргиле! – деп, класс жетекчи кыйкырып жүрөт. Мына суу.
БОБИ: Адилди эмне кылабыз? Чогулуш бүткөнчө бир жерге жашыралы.
МАРС: Түү, иттики!
ТУРАТ: Кече эле жарыя кылбады беле.
РУС: Эми эмне болот. Адилди туаелетке...
МАРС: (жиндене) Эмне, туалетке салып жиберелиби.
БОБИ: (шыбырай) Жашырыш керек да. Азыр биздин аркабыздан кирип барса...
МАРС: (ачуулуу) Тигини жоготкула! Мектепке кирбесин.
ТУРАТ: Иттин гана баласы! Ошончо күндөн бүгүн... Жогол! Жогол!
БОБИ: (Адилге) Сен үйүңө кете бер. Ичи ооруп кетти деп айтып коебуз. Макулбу?
ЗУЗУ: Ошент, Адил. Ооруп кетти дейбиз.
РУС: Марстын жинине тийсең мектеп эмес, тууган энеңди да көрбөй каласың.
ЗУЗУ: Адил аман – сооңдо кетип кал.
РУС: Жөнө! Эмне турасың.
ТУРАТ: (шыпылдай) Токточу. Чөнтөгүңдө майда – чүйдөлөр калган жокпу.

Турат араң турган Адилди биротоло шыпыра тоноп, жолго салат. Аны карап тургандардын каткырыктары жер жарат. Адил араң басып баратты.

ЗУЗУ: Ой, баспайсыңарбы!
МАРС: Жүргүлө! Чогулуш болсо чогулушуна кирип анан кетели.
БОБИ: (жагалдана) Марс, Марс дейм!
МАРС: (жактырбай) Эмне кыйкырасың. Кулагым керең эмес.
БОБИ: (шыбырай) Бүгүн түнкү клубка барабызбы?
МАРС: (баарына) Кечегиндей болсо өлдүңөр. Кыз экениңерге карабайм. (Туратка шыбырай) Даярдап койдуңбу?
ТУРАТ: (жагалдана, шыйпаңдай) Албетте! Болгондо да “чипчистый”! Сырт жактан келген дейт. Шефтикинен бир аз кытып алдым. Биздикилер таза эмес да.
МАРС: Сен катуу кеттиң дос. Абайла, байкап калса “Шеф” башыңды жулат.
ТУРАТ: Сактанып эле жүрөм. Антпесем оокат өтпөйт да. Силерге деп эле...
БОБИ: (кызыга, шыпылдап) Ал эмне?
ТУРАТ: Сенин ишиң эмне. Сени кыз деп коет. Жүрө бербейсиңби.
БОБИ: (шектене) Көрүп койдум. Бизге да бересиңби?
МАРС: Ал сага сагыз эмес. Өлүп калышың мүмкүн.
БОБИ: Сен өлбөсөң мен деле өлбөйм. Аялдардын ден — соолугу эркектерден он эсе күчтүү болот! Эркектер аракты таштап салат, аялдар таштай албайт. Эй, Зузу! Сен айтчы...
ТУРАТ: (оозун баса калат) Келесоо! Анын атасы кайда иштейт билесиңби?! (мээге колун көзөп) Тук! Кеттиң. Эч нерсе көргөн жоксуң уктуңбу?! Бас, бас! Кечинде көрөм сени. Тилиңе тишиң күбө.
БОБИ: (кылыктана) Чын эле проба кылдырасыңбы?
ТУРАТ: Болду, болду. Берем дебедимби.
ЗУЗУ: Баспайсыңарбы! Болгула, тез!

 

3 – САХНА

Музыка. Күндөгүдөй эле кечки клубдагы көрүнүш.

ЗУЗУ: Эй, Рус. Бүгүнкү салыктардан жыйналган акча бир топ болуптур го, ээ?
РУС: Сени каалаган шаарыңды айлантып келгенге жетет. 10 менен 11лердин сазайын гана бердик окшойт. Адилди уккандар тим эле жепилдеп калышыптыр. Тиги куркулдайдай болгон Дамир апасынын кашимир чапанын сатып жибериптир акмак.
ЗУЗУ: Бербесе да акмак, берсе да акмак! Деги сага ким акмак эмес.
РУС: Ой, акмак болбосо, апасынын чапанын сатканча, тигил Дордойдон киши тонобойбу. Андан жолуң болбосо, Ош базарына кел. Акчалуунун баары ошол базарда! Ал да кач! Чоң базардын кайсы башынан сени таап чыгат.
ЗУЗУ: Чын эле. Биздин башыбызга да балээ кылбай. Эгер апасы чапаным кана десе, сатып акчасын бизге бердим десе, директор менен милицияга бизди салып берет да.
РУС: Ошентип эле көрсүн. Анда эле чапан жоголгондой жоголот.
ЗУЗУ: Буга кандайсың?
РУС: Сенин ашказаның ооруйт. Сага болбойт. Ташта. Ташта дейм!
ЗУЗУ: Менин ашказаным, менин ашказаным. Элден эмнем кем.
РУС: Зузу, ушуга көнбөй эле койчу суранам. Бул жаман жакка апарат. Атаңды...

Зузу болбой жабышып Русландын колунан наркотик оролгон кагазды жулуп алат да, жан талашып мурдуна тыгат. Руслан бир аяп, бир жийиркенип кетет.

ЗУЗУ: Кечээ эле экинчи оозума албайм деп мамама убада бергем. Атаңа айтам дейт. Анда мен: — Эгер атама айтсаң, анда мен ошол күнү асынып өлөм! — деп коркуттум.
РУС: (каткырып) Анда...
ЗУЗУ: Ал деген өзү мага кармалган да. Көлгө эс алып барганда. Чүш! Ал деген өгөй эне! Бирок мени, — Сен менин жалгызымсың. Мен сени 2 – жашыңдан өз кызымдай бактым! — дейт. Атамды сүйөт имиш. Ха – ха – ха... Чын элеби, же акчасына...
РУС: (кызыга) А, мүмкүн сүйөт. Не болуп кармадың?
ЗУЗУ: Мурдакы күйөөсү акча сурап жатканда. Анысы алкаш экен.
РУС: (каткыра) Сенин атаңдын байлыгы бир шаарды бакканга жетет. Бир алкаш эмне болуп кетиптир. Күндө келеби?
ЗУЗУ: Жок. Кээде эле. Мамам аны сүйбөй. Ала качып кеткен экен. Кийин кетип калыптыр. Эми анысы алкаш. Боорум ооруп кетти дейт. Мейли бере берсин. Мага эмне.
РУС: Анысы келе берип. Бир күнү экөөлөп силерди тоноп кетсечи.
ЗУЗУ: Оо! Анда өлдү да. Папам аны тук.. (колун мээге такап) Атып салат.
РУС: Сен кийин мага турмушка чыкканда ушундай окуя...
ЗУЗУ: Фу — уу! Оозуң кандай жаман. Папам сен экөөбүз үйлөнгөндө шаардын эң чоң ресторанынан той өткөрөм дейт. Элестетип көрчү. (кыялдана) Аппак көйнөк, сен болсоң... (окшуп жиберет) Ой! Рус... Рус...
РУС: Сага эмне болду? Айтпадым беле, Бобини туураба деп. Анын ата — энеси алыста. Сеникине кармалсак, баарыбыз өлөбүз. Өзүң айткандай баарыбызды тизип туруп атып таштайт.
ЗУЗУ: Мен азыр келем. Жөн эле башым айланып кетти.

Зузу чыгып кетет. Руслан жалгыз калат.

РУС: (өзүнчө тыпырчылай) Өлалбай жүрүп “өкмөттүн кызына” неге жолойм. “Тең теңи, тезек кабы менен” — дептир. Ата – энемдин тапканы чайга жетпейт, чайга жетсе майга жетпейт. Акча! Акча! Карыз! Карыз! Карыз! (бармагын тиштегилейт) Баарын алгың, көргүң, билгиң, кийгиң келет. Баары жетпейт. Кайда барба акча деген аскага урунасың. Куураган кошоматтык! Тигил балдардын тепкисинде калбайын деп, куру баатыр болуп жүрөм. Бул да мага жабышып алды. Үйлөнөбүз деп коет. Жакшы эле кыз дечи. Бирок менин атамдын мунун атасынын байлыгындай байлыгы жок экенин билгенде көчүккө тээп жолго салат го. Өзүм да жакшы көрүп калдым. Эми эмне болот.

Ошол учурда жанына Боби келет. Ойлуу олтурган Руслан чоочуп кетет.

БОБИ: (теңселип кирет) Руси! (асылат) Руси, я тебя люблю... люблю... Ой, такам сынып калды. Эч нерсе эмес. Бир эле “Алло!”. Эртең эле жапжаңы туфли Россиядан учуп келет. Зузу кайда?
РУС: Азыр келет. Туалет жакка кетти.
БОБИ: (шектүү) Ой... уже...
РУС: Эмне, уже?..
БОБИ: Сен аны кайдан түшүнмөк элең. Баса, жаңы товардан проба кылдыңарбы?
РУС: (таңдана) Эмне болгон товар?
БОБИ: Сага эмне болгон. Мында эмне олтурасыңар. Жүргүлө тиякка. Тим эле көзүң ачылат. Биз болбогон эле бирдемеге “кайф” болуп жүрүпбүз да. Накта кайф...
РУС: (шектене) Боби, суранам, Зузуга айтпай эле койчу.
БОБИ: Кызык эмнеге айтпайм. Анын деген акчасы көп. Келесоо, акмак болбочу. Андан көрө андан акча ал. Байдын эмнесин аяйсың. Давай! Гони!
РУС: Кеп акчада эмес. Анын ашказаны ооруйт. Бүгүн кой десем болбой тигиден чегип алып, эми туалеттен чыкпай олтурат. Атасы билсе бизди эмне кылат билесиңби?
БОБИ: Бизди коюп өзүнүн кызын тыйып алсынчы. Бул деген мурда сайынып да кетпеди беле. Акчанын күчү менен аман калды го. Байларга бооруңду оорутуп эмне кыласың. Мага бооруң оорутпайсыңбы, Рус. Байкуш апам он жылдан бери Россияда тентип жүрөт. Акча! Акча! – деп.
РУС: (жактырбай кагат) Ошо сени багам, окутам деп жүрөт да. Суукта титиреп.
БОБИ: (ыйлап кирет) Ошо да! Байкуш апам. Атам тирүү болгондо да эмне?.. Мен да Зузуга окшоп чойроктоп, каалагандай эркелейт элем. Биз булардан да бай жашамакбыз.
РУС: Зузудан эч жериң кем эмес. Кымбат телефон, кымбат кийим...
БОБИ: (жиндене кыйкырат) Жок! Жок! Менде болсо, мен дагы Зузуга окшоп мектепке машина менен келбейт белем. Таежем калп эле эркелетип, анан апам келгенде: — Мен кызыңды минтип бактым, тигинтип бактым. Каалаганын алып бердим. Мына! – деп, калп жагынат. Болгонун шыпырып алганча шашат. Бир тууган деле бир тууганды аябайт экен. Эгер апам ошол жакта өлүп калса, анда мен жалгыз каламбы? Мен корком, Рус.
РУС: (сооротуп) Болду, болду. Элдер карап жатышат.
БОБИ: Карай беришсин. Рус, кел, экөөбүз бир жакка качып кетели.
РУС: (чоочуп кетет) Кайда? Мектепти бүтөбүз. Анан каалаган жагыңа кете бермей.
БОБИ: Маңыроо баш! Мен сени жакшы көрөм. Ошону да түшүнбөйт.
РУС: А, мен Зузуну жакшы көрөм да.
БОБИ: (шылдыңдай каткырат) Ой, боорум ай! Мектептен кеткенден кийин ал сени карабайт. Азыр анын сабактарын даярдап жүрөсүң. Мектепти кандай бүттүк, ошондой “гудбай”! Түшүндүңбү?! Анын атасы эчак эле бир министрдин баласына башын байлап коюшкан. Сага айткан жок беле. Азыр Зузужан күйүттүү болуп жүргөн кези.
РУС: (теңселе түшөт) Чын элеби?
БОБИ: Ошол учүн пайдаланып кал деп жатпаймбы. Тебеленип жаткан акчалардын эмнесин аяйсың? Жүргүлө жаңы товардан ооз тийгиле. Тим эле укмуш! Заматта көзүң ала чакмак болуп, жаңы дүйнөгө кирип кетесиң. Оо, кайф! Кайф! Тусини көрсөң... (каткыра) Башта талтайып эс учун билбей жатып калган, эми жинди жинди болуп секирип жүрөт. Марс тоже кайф! Полный катужка кетти дейсиң. Зузу эмне туалетке түшүп кеттиби? Мен азыр. (темтеңдей) Зузуну карап келейинчи. (чыгып кетет).
РУС: (ызалана) Малай дешсе капа болуп коем. (өзүнө) Ай, мейли айтса айта беришсин. Мен кошомат үчүн эмес, Зузуну жакшы көргөнүм үчүн жардам берем. Зузу жакшы кыз. Бир аз эркелик кимде жок.
БОБИ: (чаңырат) Аа – аа— -ааа!!! Зузу! Рус! Рус! Балдар! Тез жардам!!!

Ушул учурда Бобинин ачуу чаңырыгы чыгат. Заматта тополоң түшүп калышат. Тез жардам келип Зузуну алып кетет.

 

4 – САХНА

Мектептин багы. Марс менен Турат. Экөө тең кабактары бүркөө олтурушат.

МАРС: (ачуулу) Ага наркотикти ким бериптир.
ТУРАТ: (сестене) Билбейм. Сыягы Рус эскиден калганын берген го.
МАРС: Акмак десе. Канча беришти билбейби. Өлүп калса эмне кылмакбыз.
ТУРАТ: (шылдыңдап) Даагы жакшы. Жаңы товардан “ чыкмак” экен.
МАРС: Анын ашказанында жарасы бар деп жүрүшпөйбү. Өзү да акмак!
ТУРАТ: (демите) Алына карабайбы десең аа!
МАРС: Анын алы  — атасы! Бүт дүйнө атасынын таманында тургандай жүрөт.
ТУРАТ: (кытмыр) Бизди мектептен биротоло чыгарышат бекен?
МАРС: (кенебей) Сени билбейм, мени чыгарышат.
ТУРАТ: (шуулдап) Мен балдарды топтоп жибербеймби?
МАРС: Андан эмне пайда. Өзүм бир айласын табам. Сен ишиңди унутпа.
ТУРАТ: (жагалдана) 7ден 11чи класска чейин бааны көтөрдүм.
МАРС: (далыга таптай) Азамат! Азаматсың сени чыныгы дос десе болот.
ТУРАТ: Кыңк эткениңер “Общяктын” алдында жооп бересиңер дедим. Алардын аттарын укканда жүрөктөрү түшкөнчө коркушат. Алар керек болсо, “общяк” ким, “Босс” ким түшүнүшпөйт деле. Бизди ошолорго кызмат кылгандар деп жүрүшөт. Рус да билбейт.
МАРС: Рус бир жүргөн жан да. Күлкүң келет. Ал Зузуну жакшы көрүп калган имиш. Мүмкүн кызына шылтоолоп, атасынын акчасын аңдып жүргөндүр. Ким билет.
ТУРАТ: (жагалдана) Андан сак болуу керек. Сатып жибериши мүмкүн.

Ушул учурда Руслан кирип келет.

ТУРАТ: (шашкалактай) Ой, сен кайдан? Зузуга бардыңбы?
РУС: Бардым. Ашказанын операция кылышат экен. Ушул жумада.
МАРС: (калп кейип) Тү! Жаман болгон турбайбы.
РУС: (кейип) Жаман болду.
ТУРАТ: (куйтулана) Албетте жаман болду. Абайлап, дозасы менен бербейт белең.
РУС: (Туратка асылат) Ошону мага сен бергенсиң. Менин сумкаман Зузу алып...
ТУРАТ: (одураңдап) А, сен, мен бергендин баарын эле бере бербегин да.

Экөө жакалашып кетишет. Аларды Марс тыйып коет.

МАРС: (экөөн тең тыйып) Болдугула! Эми сен экөөң эле калдыңар эле. Андан көрө сакайып кетсин дейли. Кана канча чогулттуңар. “Босско” отчет бериш керек.
ТУРАТ: (шыйпалаңдай) Туура! “Общякка” салса, тээрибизди тескери сыйрып...
РУС: Бир топ эле жыйнадым. Адил бүгүн качып кетиптир.
МАРС: Аның биздин жоруктарды угуп табасы канып жаткандыр.
ТУРАТ: Аны кое туралы. Дамирдин жайын айтайын. Өткөндө апасынын кымбат баалуу кышкы чапанын сатып жиберген. Кече мага тыбыт жоолугун көтөрүп келиптир. Мээси жок. Мен эмне, аны башыма салынып аламбы? (Марска көз кысып) Ушуну “Босс” укса, Дамирдин мээсине бомба коет. Мээси жок чирик!
РУС: (чоочуп) Өлтүрөт да. Босско айтпай эле кой. Дамирлер квартирада жашайт. Көп бир тууган. Апасы оорулуу, атасы өлүп калган. Адилдин да атасы жок.
МАРС: (кекетип) Эмне! Алардын аталарын мен өлтүрүптүрмүнбү?!
ТУРАТ: Колу буту аман – эсенби, тапсын. Уурулук кылышсын. Акчалуулар жайнап жүрөт. Аркасынан түшсүн. Эй, акмак болбосо, бир кашыктан уурдап сатса да бизден кутулат. Анын эки иниси базардын кире беришинде бут кийим тазалашат. Ошолорду жойлотуп жиберсе, бир жойлоп чыккандары бир баштык акча! Энесинин чапан, жоолугун саткан кишиге уурулук кыйынбы? Туура айтамбы, Босс?
МАРС: Жайлаптыр да, акмак! Эми өтүгүн сатып жиберсе, байкуш энеси кыштан жыңайлак чыгат экен да. Ха – ха – ха... Эй, балдар. Мени “Босс” дебегиле. Угуп калса...
ТУРАТ: (куйтулана) Рус, сен деле билмексен болуп кой. Мен билгендеримди айттым да. Адилдин атасы тачка сүйрөп жүрүп кече жакында өлдү го. Эми ошо тачканы иниси экөө алмак салмак сүйрөп жүрүшөт. Даагы мектептин отличниги! Ха – ха – ха!!! Келе акчаларды. Канча чогулттуң.

Руслан болгон жыйган акчаларды санап өткөзөт.

МАРС: Сотканы жаңыртыш керек эле. Силер сабагыңарга кире бергиле. Мен “Босско” кеттим. Көңүл күүсү жакшы болсо, береги сотканы жаңырта келейин. Эй, кошелек! Сен эмес, Туратты айтам. Бери келчи.

Туратка бир нерселерди шыбырап, Марс жолуна түшөт.

РУС: Өзүнүн көңүл күйү жакшы эмес го. Бизге да эч нерсе таштабай кетти.
ТУРАТ: Алгач “Босско” отчет берип, анан биздин үлүштү бөлүштүрөт да.

Эки жагын карана алактаган Боби келет.

БОБИ: Издеп жүрсөм, мында белеңер. Кандай, Руси?
РУС: Жакшы.
БОБИ: Оозуң жакшы дегени менен, түрүң жакшы эмес го...
РУС: Бир жумадан бери уктай албайм.
БОБИ: (каткыра) Зузунун жанына барып жатып ал!
ТУРАТ: Сага баары тамаша.
БОБИ: Тамашаны Зузу больницадан чыкканда көрөсүңөр. Ошол күнү кимдер менен жүргөнүн таап, баарын сотко берем деп жатыптыр мамасы.
РУС: (шектене чоочуп) Чынбы?
БОБИ: Чын.
ТУРАТ: (камырабай) Оо – ой... Бере албайт. Өзү тигиндей мамлекеттик кызматта иштесе, коомдун алдында уят болгусу келбейт. Жашырып коет. Биринчи жолу болуп жатты беле. Ой, бул деген мурун сайынчу экен да. Биздин мектепке ошол үчүн которулуп келиптир. Из жашырып дегендей. Сот алдында териштирип бети кызаргандан көрө, чет өлкөлөрдүн бирине жөнөтүп жиберет. Ал жактан тартмак тургай, сайынып жата бер. Бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок! Анан баары унутулат да калат. Эмне, жаман көрүп карайсың. Укканымды айттым.
РУС: (ызалуу, жактырбай) Уксаң деле, сени эркек дейт го.
БОБИ: Деги сен кыйынсың.
ТУРАТ: Ошого да мээ керекпи? Дегинкиси, боло турган ишти айттым да. Бирдеме саттыңбы? Сен муну абайла. Кармалсаң атууга кетесиң.
БОБИ: Мээлүү киши! Бизди жашы жете электердин эле колониясына айдайт.
ТУРАТ: Сак болсун эле дегеним. Кана көрсөтчү, канчасы калды.
БОБИ: Болгон он даана калды.
РУС: Баарын саттыңбы?
БОБИ: Башка мектептегилер да алышты. Кечинде клубка барганда көрөсүңөр.
ТУРАТ: Мына сага, маза — аа! Кечинде “мама миа” болот турбайбы.
БОБИ: Бизге эмне, өтсө болду да. Эй, баскыла. Чогулуш болот деп жатат.
ТУРАТ: Ушулардын чогулушу бүтпөй койду го. Баскыла!

 

5 – САХНА

Музыка. Кечки убак. Айлана тымтырс. Спорт аянтчасы. Турат берген суусундукка наркотик кошулганын билбей ичип алган Адил бир укмуштуудай кыйналып, бирде ыйлап, бирде ырсалактап күлүп жатты. Балдар Адилди ортого алышып, шылдыңдап жатышат.

БОБИ: Эй, балдар! Муну карагыла, маймыл болуп жатат.
МАРС: Ошондой болмок. Тим кой.
ТУРАТ: Бизди директорго салып бересиң ээ?! Кандай экен? (шылдыңдай) Ошол да. Ошондой болот. Кайф! Кайсы дүйнөдө жүрөсүң билесиңби? Жырга, жыргай бер.
РУС: Дозадан ашык берип койгон жоксуңбу?
ТУРАТ: Өлбөйт! Бул бизди дозадан чыгарды. Класс жетекчиге, андан директорго! Ата – энелерди чакыртып, уят болгон кандай экенин билсин. Соткага жакшылап тарткыла. Интернетке киргизебиз. Энеси көрсүн. (туурап) Менин балам отличник! Ха – ха – ха!!!
БОБИ: Зузу эмне кечикти. Эрте эле келмек.
МАРС: Атасына кармалбаса келет.
ТУРАТ: Баягы эле мамасы мээсине чай кайнатып жаткандыр. (Русланга) Өзүң алып чыкпайт белең. Жигит имиш.
РУС: Астында машинасы бар. Келип калат.
БОБИ: Марстын машинасы бар, Тусиктики бар, Зузунуку бар. Сен экөөбүз качан машиналуу болобуз?
ТУРАТ: Төөнүн карды жерге тийгенде!
БОБИ: (ызаланып кетет) Эмне?!
ТУРАТ: Тамаша. Сага машинанын кереги эмне. Оозуңду боеп баратып оңкоңдон сайыласың. Зузу канча сайылды. Руслан алса болот. Жигит кишинин жөө жүргөнү уят!
БОБИ: Ишиң болбосунчу.
ТУРАТ: Болдум, болдум. Эч нерсе айта электе беттен аласың. Сенден корком.
БОБИ: (Адилди көрсөтүп) Тигинден коркпойсуңбу? (көрө калып) Эй, балдар! Бул өлгөнү жатат. Адил! Адил!
РУС: Чын эле. Буга тез жардам чакыруу керек.
ТУРАТ: (бакыра) Тез жардам чакырып жинди болдуңарбы. Бизди кошо басып кетет. Келгиле, көтөргүлө. Тигиндей, бир жерге таштап коелу.
БОБИ: (көздөрү ала чакмак) Өлүп калсачы.
МАРС: (сестене туруп калат) Өлбөйт. Бирөө жарым көрсө тез жардам чакыраар. Чыгарып таштагыла. Мындагылар байкабасын. (Адилге) Эй, дос! Суу ичесиңби? Х – ха!
РУС: Акылга сыйбаган иш болуп калат го...
ТУРАТ: (кыжырлана) Сенин акылыңды ким сурап жатат. Көтөр!
МАРС: Балдар, муну бир жерге таштайлы да, биздикине кеттик. Бүгүн эч ким эч жакка барбайт. Шаарга чыктык дегиче кармаласыңар.
ТУРАТ: Мында болгонубузду бирөө жарым айтса, Адилди бизден сурайт. Же, Рус, сеникине баралыбы. Экзаменге даярданып жатабыз да. (каткырып) Ха – ха – ха! Окуйлу.
РУС: Биздин үйдө коноктор бар. Атасы салып койгонсуп, апамдын туугандары баары келип алышат. Бир күн болсо мейли, бир айлап жатып алышат.
БОБИ: (каткыра) Ошол үчүн айтат да, — Эркектики эшиктен, катындыкы төрдөн кетет! – деп. Жата беришсин. Эшикте эркек, үйдө катын командир!
МАРС: (жактырбай) Кыйраттың! Зузуга телефон чалчы. Мектепке келбесин. Менин үйүмө кел дегиле. Мында карааныбызды өчүрөлү. Боби, машинага олтур!

Экөө эси ооп жаткан Адилди көтөрүп бактын түбүнө ташташат. Боби Зузуга телефон чалып кирет. Балдар шашып киришет.

ТУРАТ: Мектептин капталына таштап келдик. Элдер көп өтөт.
МАРС: Ырас кылыпсыңар. (Бобиге) Барбы? Болгула кеттик.
БОБИ: (безеленип) Албай жатат. Азыр. Алоо! Алоо!
РУС: Эмне болуп жатасың. Мага берчи.
БОБИ: Зузу эмес. Башка бир эркек жооп берип жатат.
ТУРАТ: Эркек?!
БОБИ: Ооба, эркек киши.
МАРС: (жиндене) Эркек болсо, ошо эркектен Зузуну сурабайсыңбы.
РУС: Мага берчи. (тел алат) Алоо! Алоо! Зузу...Зузу... Сени мында... Ким бул?
ТУРАТ: Эмне болуп жатасыңар. Берчи бери! Эй, Зузу! Сен мында келбе. Эмне?
БОБИ: Баарыңар жинди болуп калгансыңарбы. Апкелчи бери, өзүм айтам.
ТУРАТ: (сестене) Кое турчу сен. Бир аял сүйлөп жатат.
МАРС: Аныңар үйдөн эле бастырып чыкса, көздөрү ала – чакмак болуп бир карагайга сайылып калган жокпу?
БОБИ: (чоочуй) Оозуңа таш! Ал антпейт.
ТУРАТ: Сиз кимсиз? Бизге Зузу керек. Бизби... Биз чогу окуган классташтары болобуз. Бүгүн бир кыздын тууган күнүнө бармакбыз эже. Чакырып коесузбу. Эмне?!..
БОБИ: (каткыра күлөт) Кыйраттың. Ой, боорум ай! Кыйраттың, ии... анан...
РУС: (Туратка) Сага эмне болду? Боби, күлкүңдү токтотчу!
ТУРАТ: Зузу... Зузу...
МАРС: (кенебей) Эмне, чын эле авария болуптурбу?
ТУРАТ: Жок. Ал... ал...
РУС: (тынсыздана) Айтпайсыңбы! Эмне дейт.
БОБИ: (Руска асылып) Асынып өлөм дейт! Муну карагыла. Байкушум десе.
ТУРАТ: (Бобини жулкуй) А, сен кайдан билесиң?
БОБИ: Эмнени? Мен анын тамашасын айтып койдум. Бир нерсе оюндагысындай болбой эле калса болду, — Асынып өлөм! Асынып өлөм! Машинасын бербей койсо деле , — Асынып өлөм! Баарын коркутуп жатып калат го. (чойроңдой) Деги ушул кызга эмне жетпейт түшүнбөйм. Бир күнү өзүнүн, бир күнү атасынын машинасын айдайт. Мүмкүн бизге көрүнгүсү келип, атасынын жаңы машинасын сурагандыр. Жок десе, коркутуп олтургандыр. (калп чоочуй) Опей, мени кечирип койгула. Эмне, авария болуптурбу?

Музыка. Бир топко оор тунжуроо. Баары Туратты карап катышат.

РУС: (жалдырай) Деги аман – эсенби?
МАРС: (чыдабай) Эмне дейт?! Айтпайсыңбы тез!
ТУРАТ: (боп боз боло түшөт) Зузу... Зузу жок.
БОБИ: (нес абалда) Эмне...
РУС: Эмне?! Сен эмне деп жатасың, Турат?!

Баары жалдырап туруп калышат.

ТУРАТ: (башын мыкчый) Айталбайм! Айталбайм!
МАРС: (кыйкырып жиберет) Айт! Айт! Эмне деди?
ТУРАТ: (жалдырай) Зузу... Зузу, гаражга асынып калыптыр.
БОБИ: (чаңыра) Эмне?! Эмне дейт! Жо – оок!!!
РУС: Мүмкүн эмес!
ТУРАТ: Телефондогу аял айтты.

Катуу чыккан музыка айлананы жарып өтөт. Баары жансыз катат.

РУС: (эсине келе) Ким? Ким?! Ким айтты!
ТУРАТ: Билбейм. Телефондогу аял.
РУС: (кыйкырып жиберет) Жоок! Жо – оок! Андай болушу мүмкүн эмес.
БОБИ: (алаңдай чоочуп) Кантип? Чын элеби? Чын эле асынып алдыбы? Зузу... Зузу... Биз сенден ажырадыкпы... (чаңыра) Жо – оо — оок!!! Зузу – уу!!!

Музыка. Боби чаңыра Русту кучактайт. Сахна караңгылайт.

 

6 – САХНА

Сахна жарык болгондо качып бараткан бала көрүнөт. Бул Адил эле. Аны Марс, Турат, Рустар кууп бара жатышат.

МАРС: Токто дейм! Качып кутула албайсың.
ТУРАТ: Иттин гана баласы. Акчамды таштап кет. Жетсем өлөсүң.
РУС: Адил акмак болбо. Жолдон чык!
МАРС: Балдар алдынан тоскула. Күйүгүп да калдым.
ТУРАТ: Машинага урунуп өл дегени турасыңбы.
РУС: Адил! Зил келатат. Адил! Ади – ии — иил!!!
ТУРАТ: Эмне болуп кетти ыя? Иттин баласы! Адил!..
МАРС: Балдар, качкыла! Качкыла!!!

Качып бараткан Адилди машина уруп кетет. Элдер топтолуп калышат. Марстар заматта көздөн кайым болушат. Аялдын чаңырыгы: — Ади – ии – ии — иил!!! А – аа – аай! Балам! Балам! Айланайын жан балам!!! Оо, Кудай! Эми эмне кылам?! Аялдын ыйы көпкө басылбайт. Музыка. Сахна караңгылайт.

 

7 – САХНА

Бактын ичи. Турат, Руслан, Боби үчөө томсоруп олтурушат.

БОБИ: (жер карап) Баарыңарды акыркы коңгурооңор менен куттуктайм!
РУС: (бурк эте) Баарыңарды түрмөгө түшүшүңөр менен куттуктайм десең.
БОБИ: (оор үшкүрө) Баарына биз күнөөлүүбүз. Мен, сен! Сен!
РУС: (башын жерге сала) Боби туура айтат. Биз күнөөлүүбүз.
ТУРАТ: (одураңдай) Биз эмне?! Алардын оозуна салдык беле. Өзүлөрүндө эрк болуш керек эле да. Мисалы мен, — Эч кандай наркотик, эч кандай ичимдик оозума албайм! — дедим, албай койдум.
РУС: Сенби? Сен өзүң баштап баарына кандай колдонууну көрсөтпөдүң беле.
ТУРАТ: (каткыра) Акмак! Акмактар! Мен ошентсем минтип машина минет белем. Бул машина кайсы акчага келгени бириңдин да мээңерге келген жок. Силер нашаа тартып, өлүп тирилип нашаа сайынганыңарда, мен кадимки эле унду колдончумун. Первый сорт! Эми мээңе жеттиби?! Билем, куркулдай, сен да “отмаскага” чыкчуусуң.
БОБИ: (таң кала) Чын элеби?
ТУРАТ: Чын, чын. Болбосо силерге окшоп эчак наркоман болуп кетпейт белем. Эми силерди даарылануучу жайга алып кетишет. Коркпогула, мен барып турам.
РУС: (зааркана) Сен абдан коркунучтуу адамсың!
ТУРАТ: Баа бергениңе ырахмат. Болбосо силер мени тебелеп кетмексиңер.
БОБИ: Марстан коркпойсуңбу? Босско ушул сөздөрүң жетсе... Тиги “общяктар”...
ТУРАТ: Кайдагы Босс? Кайдагы... (эсине келе тып токтойт) И... Марстан коркпойм, бирок сыйлайм. (ызалуу кагына) Дос! Дос! – деп...
РУС: (тигиле) Калп аткан менен болобу, досуң жакшы эле сазайыңды берди го.
ТУРАТ: Ошентсе да, “тигил жакка” тамак — аш алып барып турам дечи. А, сен, сен барбайсыңбы? Үч жыл деген бат эле бүтөт.
БОБИ: А, мүмкүн ага жеткирбей атасы чыгарып алат. Аларда акча көп.
РУС: Туура айтасың, Боби. Азыр соттордун баары сатылган. Акчаң болсо...
ТУРАТ: Сен сотту коюп, өзүңдү ойло. Тиякта деген тозок! Сага ким камкор болот.
БОБИ: Сен эмне кыйынсынып жатасың? Бизди даарылайт.
ТУРАТ: Көрөм. Андан көрө менден кол үзбөй адам болсоңор. Сууга кошсом да, бир айласын кылып жеткирип турам.
БОБИ: (ыйлап жиберет) Кудай сенин жазаңды берсин, кошелек! Сен өмүр бою бирөөлөрдүн эсибинен жашаган жаман адам болосуң. Ары жок, арсыз чөнтөк!
ТУРАТ: (одураңдай баса калат) Эй, эй! Абайлап сүйлө. Заманың түлкү болсо түлкү бол, карышкыр болсо карышкыр бол! Унутпагыла. Береги жашоону эки бети бар. Ак жана кара! Жакшы жана жаман! Эми алдыгы тооктукундай мээңерге бирдеме жеттиби? (кекетип) А, шордуулар! Арсыздар! (Бобиге) Менин досум Зузу...

Боби ыргып туруп Туратты басып жыгылат. Экөө бир топко алышат.

БОБИ: Өлгөн кишиге тийишпе! Акмак! Сени өлтүрөм!
ТУРАТ: Ээ... эй... (түртүп жиберет) Бетти тытат го.
РУС: Турат!
ТУРАТ: Болдум, болдум. Тигил баштабадыбы.
БОБИ: (ызалуу) Сени Зузу менен Адилдин арбагы урсун! Баласынын күйүтүнө чыдабай оорулуу апасы кошо өлдү. Үч кишинин арбагы сени эч качан уктатпайт!

Боби бир топко чейин солуктап ыйлайт. Рус жер карап олтурган калыбынан жазбай олтура берди. Жинденген Турат ары бери басып, бир убакта айкырып кирет.

ТУРАТ: (ызалуу) Токтот! Токтот ыйыңды! Тор менен капталган айнектин ары жагынан мени ойлойсуңар. Шашпа! Шашпа! Ошондо Тусик сага керек болот. Кош! Эртең акыркы экзамен. Анан мени эмес бул жарыкчылыктын кызыгын да көпкө чейин көрбөйсүңөр. Эгер издесеңер телефон бар. (эстей калып) Баса, менин жаңы машинамдын көрүндүгүн бербей кетип баратасыңар. Мейли. Как ни будь бир кирип кетээрмин. Бир баскан, бир жүргөн досторду унутпоо керек! Кана, Боби, бир өөп коеюнчу.
БОБИ: (жактырбай түртөт) Кетчи ары! Бети жок!
ТУРАТ: (туурап) Тусик! Тусик! Мен сени сүйөм!
РУС: Кетип калчы.
ТУРАТ: (жойпулана) Кеттим. Кеттим. Пи – ии – и – ип!!! Пи – ии – пипп!!!

Турат кетет. Экөө баштарын жерге салып олтуруп калышат.

БОБИ: Рус, сен кое аласыңбы?
РУС: Даарыланабыз да.
БОБИ: Марсты көп жылга камаса болбойбу?
РУС: Эмне үчүн?
БОБИ: Баарын ошол баштаган да. Бейиш! Бейиш! Мына сага бейиш!
РУС: Аны ээрчиген өзүбүз күнөөлүүбүз да, Болсун. Сенин өз атың кандай жакшы. Болсун деп. Ата – энең сен төрөлгөндө, — Ушул кызымда каалагандын баары болсун! — деп, ушул атты койгон да. Анан кайдагы Боби, Боби...
БОБИ: Мындан ары сени да өз атыңдан айтып жүрөм. Руслан деп.
РУС: Ырахмат. Зузунун койгон аты – Рус деп. Шылтоо таап эле эркелей берчүү эле. Эмдиге чирип кетти го ээ? (селт эте түшөт) Мен эмне деп жатам.
БОБИ: (соорото) Кече кырк күн болду. Мектептин стенд доскасына, — Урматтуу мектеп окуучулары! Ата – эне, агай – эжелерди сыйлагыла. Өзүңөрдү сыйлагыла. Тартиптүү болгула. Тамеки тартпагыла, арак ичпегиле! Наркотиктен алыс болгула! Сенин келечегиң сенин колуңда достор! – деп, чо — оң кылып жазып, илип койдум.
РУС: Туура кылыпсың.
БОБИ: Мен да ошондой ойлойм.
РУС: Жүр, кетели. Эртең акыркы экзамен.
БОБИ: Мен коштошуп алсам болобу?
РУС: (таңдана) Ким менен?
БОБИ: (залга) Балдар! Бизди кечиргиле. Биздин жолду жолдобогула. Биз жасаганды жасабагыла. Алыста жүргөн ата – энелериңерди сыйлагыла.
РУС: Бизди кечиргиле?!

АЯГЫ

 

29-апрель. 2013-жыл.
Бишкек шаары.

 

© Чынар Калыбекова, 2013

 


Количество просмотров: 2069