Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Чынар Калыбекова, 2004. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 13-январы

Чынар Сеитбековна КАЛЫБЕКОВА

Карагер

Чыгарма чыныгы жашоодогу болгон окуядан алынды. Көпчүлүк сахнага улакчылар жана айылдын эли катышат. Окуя айылда жана жайлоодо өтөт.

События, описанные в пьесе, отражают реальную историю, происшедшую в одном из кыргызских сел. Во многих сценах участвуют жители этого села.

 

Калыбек уулу Сейитбек атындагы
Ат майданынын ачылышына арнаймын.
7-июнь. 2001-жыл. Шекер айылы.

 

Катышуучулар:

1. Муса – чабан, улакчы
2. Мусанын жаш кези
3. Ажар – Мусанын аялы
4. Ажардын жаш кези
5. Мурат – уулу
6. Алмаз — уулу
7. Азат — небереси
8. Байсал – жылкычы
9. Мейиз – Байсалдын аялы
10. Эраалы – жардамчы чабан
11. Жаркын – Эраалынын аялы
12. Өмүркул – айыл аксакалы
13. Самыр
14. Жакып – айыл тургундары
15. Турсун

 

БИРИНЧИ САХНА

Ат майданы. Музыка. Айыл турмушу. Айлана жап жашыл болуп жаздын алгачкы күндөрүнүн бири. Жакын жерде бирин серин аттар оттоп жүрүшөт. Жогору жактан караган кишиге айыл алаканга салгандай көрүнүп турду. Небересин жетелеген Муса аксакал бир топко керилип жаткан айыл тарапка, андан ары айылдын жогору жагындагы жайыкка тигилет. Жаңы ачылган Ат майданы. Мусанын көзүнө эки Тай казан эки мунарадай көрүндү. Бир заматта көңүлүнө эки Тай казандын ортосунда арышын кере таштап алкынган Карагери тартыла түштү.

МУСА: (толкундануу менен) Карагер! Карагер! Туйлап турганын кара...

Кыялы менен толкунданып кеткенин сезген Муса эки жагын каранып алды. Тээ алыста калган жаштык кези... Анан да биринен сала бири ойго чалынып, не бир сыйкыр кыялдар ойноп, өткөн чактын үнү: — Сен кайдасың, мен кайда калдым ыя, Муса?! – деп, аста кулагына шыбырагандай сезилди.

МУСА: (оор дем ала) ... Бир заматта эмнелер болуп кетти. Мүмкүн, менин аман калышым үчүн сен жаныңды кыйган чыгаарсың? Миң атка бергис мыкты жаныбар элең... Кайран жаныбарым! Менин бала — чакама бооруң ооруп, Ажарды сыздатпайын деп, аркыраган сууга каршы сүздүң...

Адамдын жүрөгүн сыздаткан музыка сызыла катуулап барып, акырындап басылат. Муса бирине жетсе, бирине жете бербей ой — кыялы менен алпырышууда.

... Биз кеч өтүп калдык. Ажаандана алкынган суу кирип турган эле. Артылган оор каптары менен аркаңдагы ат сени артка тартса, сен алдыга жүткүнүп жаттың. Сен мени сактап, — Чыгып кетем! — деп, өз күчүңө ишендиң. Мен сага ишендим. Бир жума эртерээк өткөндө, мүмкүн... (тыным, оор күрсүнө) ... Кырсык баскан ошол күн ай!!!

Көзүнө жаш айлана түшөт. Жаш баладай чапанынын этеги менен жашын аарчый, кайрадан алыскы тоолорго тигилет.

Туягың жерге тийбей, желдей учкан карааныңды, кыял — жоруктарыңды сагындым. Сен абдан көрктүү элең. Кудум азыр, сен алдымда тургандай сенин тулку боюңду көрүп турам. Оттуу көздөрүң!.. Улакка келгенде чарчабаган кайраттуулугуң!.. Баары, баары, көз алдымда. Оо, жерге тийип тийбей желдей учканыңда... (тыным) Эсимде. Сен экөөбүз алгач жолуккан ошол күн такыр эсимен кетпейт. Сенин жүдөгөн кебетеңди көрүп, арабага кошконго да жарабайт го деп, биз сага күлгөн элек. Анан сенин оттуу көздөрүңдү көрүп...

Музыка. Мусанын артынан калбай чыбык атын теминип, айлана чапкылап жүргөн Азат бир нерселерди жебиреп айтып баратты.

АЗАТ: Чоң ата! Чоң ата дейм! Дүрбүңдү мага берсең. Айыл жакты карайм. Оо — уу! Тигине биздин үй. (кыйкыра) Эй, мен мындамын. Чоң эне — ее мени көрүп жатасыңбы.
МУСА: (бырс күлүп) Көрүп жатат. Бас.
АЗАТ: Ой, Алтынбектер торпогун байлап жатат. Дүрбү менен “четкий” көрүнөт экен да? А, тигине Майтык маңканыкы, жанындагы бир кулактын үйү. Экөө тээ суунун жээгине олтуруп алышып күнүгө арак ичишет.
МУСА: Антип айтпа, уят болот.
АЗАТ: Чоң кишилер ошентип айтышат го. Аялдар дагы. Доскандын апасы,  — Бир кулак акенин үйүнөн кетмен апкел дегенде мен кошулуп баргам. Анан кетменин берди. Анан апасы: — Экинчи бир кулактын балдарына кетмен бербегиле. Алса бербей катып алышат деди. Кулагын ит тиштеп кеткенби?
МУСА: Ок, кантет! Тентек десе. Чоң кишилер айта берет. (өзүнчө) Тергегени го...
АЗАТ: (алдына чыга) Чоңойгондо айтсам болобу, ыя?
МУСА: (күлүп жиберет) Болбойт. Мени карачы, сен жаман бала болбо. Менден таяк жейсиң. (өзүнчө) Кудай урган десе, мунун баарын кайдан угуп жүрөт. Кара, жада калса ушул балдар да чоңдорду сындайт. Азат дүрбүнү берчи мага.
АЗАТ: (далбастай кейип) Азыр. Ии, карасаңыз, тээ тигил машинаны... Тыгылып калды. Ой, ата! Ой ата, десе! Тү, иттин баласы! Тыгылып калбадыбы.
МУСА: (бырс күлүп жиберет) Азат, сөгүнбө!
АЗАТ: (актанып) Сөгүнгөн жокмун. (кол жаңсай кыйкырып) Тиякка салбайсыңбы! Тиякка! Ой, акмак десе. (өзүнчө) Айдаганды билбейт турбайбы.
МУСА: (чыбык менен чаап) Сөгүнбө дейм. Ушу сени эмне кылсам. Бас!
АЗАТ: (шыйрагын кармай олтура калат) Ик — ии! Катуу тийбедиби.
МУСА: (кайра аяп) Катуу тийдиби? Бейбаш кылбагын десе... Кана тур.
АЗАТ: (кудуңдай күлүп) Алдап койдум. Алдап койдум. Кайып өтүп кетти.
МУСА: (элжирей) Эй, тентегим. Тапансың да, тапан. Жүрү тай казанга баралы.
АЗАТ: (өзүнчө наалып кирет) Эми трактор менен сүйрөтүш керек да. Жаман жолго салып алышкан турбайбы. (кайра дүрбү сала) Айда, айда! Ву! Ву — уу! Минтип эле оңго салса чыгып кетишмек да, ээ? Айдаганды билбейт турбайбы. (дүрбүсүн берип) Ме, чоң ата. Чү! Чү! Кеттик жаныбарым. Диги дик! Диги дик!
МУСА: (күлүп жиберет) Акырын жыгыласың. Азат, акырын дейм.
АЗАТ: (тапандана) Жыгылбайм. Бутум жерде турса неге жыгылмак элем. Чү! Чү!

Муса небересинин кылык — жоруктарына бырс күлө, төмөндө сайга
тыгылып турган машинаны бир топко карап турат да, башын чайкай Тай казанды көздөй басат. Небересинин акылына тан бере астыртадан бир карап алды.

МУСА: (бурула карап) Эринбей эле үстүнкү жолго салганда болбойт беле.
АЗАТ: Шоопур болгондон кийин жолду жакшы билиш керек да ээ, чоң ата? Эми сүйрөп чыгарганга чоң трактор керек. Же, чоң зил машина менен сүйрөсө чыгат ээ? Бравилди билбейт турбайбы.
МУСА: Эмне? Эмнени дейсиң?!
АЗАТ: Бравилди айтам. Бравилачы.

Муса бир топко токтоно албай күлдү.

АЗАТ: Мен туура айттымбы?
МУСА: (эркелете) Сеники туура. Сен билбеген балээ жок.
АЗАТ: (кубана чапкылап жөнөйт) Меники туура! Меники туура!
МУСА: (өзүнчө) Балдар эмнеге кечигишти. Эрте эрте кыймылдагыла деп айта берип чарчайсың киши. Ээ, кудаа, мунуңа да шүгүр. Ушулардын амандыгын бер.
АЗАТ: Ким менен сүйлөшүп жатасыз чоң ата? Периштелер мененби?
МУСА: Кайдагы периштелер? Өзүмчө сүйлөндүм. Бас, баса бер.
АЗАТ: Периштелер түндө биз уктап жатканда келишет ээ, чоң ата?
МУСА: Аны кайдан уктуң? Бир балээлерди айта берчү болдуң да.
АЗАТ: Ал бир балээ эмес. Чоң энем айткан. Түндө биз уктаганда периштелер келет деп. Алар бизди таң атканча кайтарып, эртең менен кайра кетишет.
МУСА: (бырс күлөт) Каякка?
АЗАТ: Үйлөрүнө да. Адамдар уктап жатканда периштелер менен сүйлөшөт дейт. Менин да алар менен сүйлөшкүм келет. (мурчуңдай) Бирок силер мени кыйнап эле эрте уктатып саласыңар.
МУСА: (эзиле элжиреп) Ай быдылдак, быдылдак.
АЗАТ: (алдынан тосуп) Периштелер сага күндүз келишеби? Сүйлөшөсүң го.
МУСА: Адат болуп калган да балам. Мүмкүн оюм менен алаксып...
АЗАТ: (тигиле) Ой деген эмне?
МУСА: Ой деген ой. Ушу сени эмне кылсам ыя?
АЗАТ: (кыткылыктай) Мениби? Эч нерсе кылбай эле койчу. Көтөр десем, белим ооруйт дейсиң да. Ээ, мейличи мен кеттим. Сүйлөшсөң сүйлөшө бер. Чү! Чү! Мен азыр Тай казандын үстүнө чыгам. Кеттик. Чү, жаныбарым! (чапкылаган бойдон кетет).
МУСА: (артынан тигиле) Ай, тентегим, тентегим! Бир балакет бала болду. Оо, Кудай, ушулардын жанын аман кыла көр. Бөөдө кырсыгыңдан сакта.

Муса Тай казанга жеткен кезде небереси Азат анын үстүнө чыгып түшүп ойноп жаткан эле. Небересинин тай казанды айлана чаап, улакчыларды туурап жатканын карап туруп Мусанын жүрөгү туйлап кетти. Көз алдынан не бир өткөн учурлар заматта чууруп өткөндөй болду.
Музыка. Элестер кетет. Ат майданы. Көпчүлүк эл. Улак тарткан жигиттердин кыйкырык чуусу, аттардын кишенеген үндөрү. — Карма эле карма! Ташта эле ташта! — деген элдин сүрөөсү жер ааламды дүңгүрөткөндөй, айлана бир заматта шаңга бөлөнүп, Көк бөрү жүрүп жатты. Улакчылардын сүрөгөн үндөрү:

— Ташта, ташта! Такымга бас! Бас! Кана ташта! Ау — ууйт!
— Баракелде жарайсың Муса!
— Мына ушундай болмок. Улакчы деп биздин Мусаны айт!
— Канча жолу таштап салды ыя? Жарайсың Муса.
— Эми бирди ыргыт! Ыргыт!
— Даагы таштады! Баракелде, жарайсың Муса!
— Ана, ана даагы кетти! Аттын башын кое бер!
— Муса! Муса! Муса!!!

Музыка. Катуу кыялга баткан Муса тай казанды кере кучактап турган
эле. Анын көздөрү жайнап турду. Ал бакытка батып турду. Чапанынын жеңинен тарткан Азатты сезген жок. Анын ой — кыялы тээ алыста алыста болчу.

МУСА: (өзүнчө кыялдана) Атаңдын көрү дүнүйө! Бүгүн көргөн эртең жок. Баары бир көргөн түштөй болуп өтүп кетти ээ?! Күлүктөн күлүк тандап...
АЗАТ: (чапанынан тарткылап) Чоң ата дейм. Чоң ата! Кыйкырсам да укпайсыз да. Кел, улак таштамай ойнойбуз. Сиз бул жакка туруңуз. Мен атым менен чаап келем.
МУСА: (күлүп) Ай, ушул сенин “сизиң” менен “сениң” өтүп кетти го. Ме!
АЗАТ: (бултуңдай) Антип таштабайт да. Чаап келип таштайм.
МУСА: Кана, кыйындыгыңды бир көрөйүн. Тигил Тай казандан бери чаап кел.
АЗАТ: Сен карап тур ээ? Кеттим. (кыйкыра) Чоң ата, мен чаап баратам!
МУСА: (сүрөп) Чап! Чап! (өзүнчө) Куттуу бол айланайын Тай казаным! Ушул күнгө жеткирген кудурети күчтүү Кудайыма ыраазымын. Не заман өттү. Ал учурда Тай казанды ким ойлоптур. Белги коюп коер элек. Эми баары башкача. Элге ырахмат! Буюрса далай далай жакшылыктардын күбөсү болосуң, кырсыктан алыс боло көр касиеттүү Тай казаным! Ынтымак бар жерде ырыскы бар. Элге ынтымак бер Жараткан. Эл аман болсун, жер аман болсун! Оомийин!
АЗАТ: (көпкө тигиле) Мага бата берип жатасызбы, чоң ата? Элге дагыбы?..
МУСА: (чекесинен өөп) Сага балам, сага. Баарыңарга. Баарың аман болгула. Эл тынч болсун. Эл аман болсо, жер аман болсо сен да аман болосуң.
АЗАТ: Тай казан да аман болсун ээ? — Оомийин! — деп коелубу? Оо — оомийин!!!
МУСА: (бата кылышат) Оомийин! Кудай тилегиңди берсин балам. Буюрса бул жерге сен да улак тартасың. Ошону көрсөм... (бооруна кысат) Сен улакчы болосуңбу?
АЗАТ: Мен чоңойгондо сендей болуп улак тартам. Чо — оң атым болот ээ, чоң ата?
МУСА: (көздөрү жайнай түшөт) Болот. Тартасың! Тартасың!
АЗАТ: Сен мага өзүңдүн улакка минген атыңды бересиңби.
МУСА: Сага бербегенде кимге берем.
АЗАТ: Сөзсүз мага берем дегин. Башкаларга берип салбайсыңбы.
МУСА: Сага берем балам.
АЗАТ: Анда кел, кол алышабыз.
МУСА: Неге кол алышабыз? Мен сага сөз берип жатпаймбы. Сеники болот.
АЗАТ: (тапандана) Эркектер убада бергенде кол алышат да. Кел.
МУСА: (каткыра кол сунат) Ой, тапаным! Кел эми. Болдубу.
АЗАТ: (кудуңдай) Эми болду. Сенин атың меники болот. Биз эркектердей кол алыштык. Убаданы бузбайт да ээ. Туурабы, чоң ата?
МУСА: (бооруна кыса өөп) Туура, туура. Тентегим менин.
АЗАТ: Эми тигил Тай казанды да карап келелиби?
МУСА: Анда да барабыз. Шашпа балам.
АЗАТ: (кыткылыктай) Чарчадыңбы? Ме, менин атымды минип ал. Бирок бул сени көтөрө албайт да. Сынып калат. Сен мага чоң атты бергенде, мен сага мындай аттын чооңун анан катуусун жасап берем. (туурап) Чарчаганда минтип таяк кылып алсаң да болот. Эмнеге күлөсүң? Ме, азыр эле муну таянып ал.
МУСА: (боору эзиле) Мунун мени менен соодалашып турганын кара ой. Акыр замандын баласы. Кереги жок өзүң эле минип кете бер. Таягы жок эле басам. (өзүнчө) Жанагы казактын ырчы кызы Макпалдын ырындай:
Чык — чык эткен сааттан корком,
Бир күнү токтоп калабы деп.
Тык — тык эткен таяктан корком,
Аны да колго аламбы деп... (тыным)
... Ошентип таяк таянгандын өзү да, кадырлуу карылыкты көрүү да чоң ырахат го.
Кырсыгы жок бала — чакалардын ырахатын көрүп, Кудайым ошого жеткирсин. Берген Дөөлөтүңө ыраазымын Улуу Теңирим! Акыл эс менен карыта көр.
АЗАТ: Чоң ата, бүгүн Көк бөрү болобу.
МУСА: Болбойт.
АЗАТ: Анан качан болот.
МУСА: Айылда той болгондо. Ага да акылынын жеткенин кара.
АЗАТ: Мен ошондо улак тартамбы.
МУСА: (тигиле) Чоң жигит болгондо тартасың балам.
АЗАТ: (тапандана) Балам эмес, неберем де. Атам сенин балаң болот да. А, мен сага неберең болом. Качан чоңоем? Бирдеме сурасам эле чоңойгондо дей бересиңер.
МУСА: (тигиле) Азат азыр сен канчадасың?
АЗАТ: (салааларын көрсөтүп) Бештемин да!
МУСА: Беште? Эми ошого онду кош. Ии, мына ошондо улак тартканга жарайсың.
АЗАТ: Мени тээ баягында эле чоң жигит болдуң дебедиңер беле.
МУСА: Качан?
АЗАТ: Тээ баягында молдоке келгендечи... Айтпайм. Эмне күлүп жатасың?
МУСА: (Азатты бооруна кысат) Сага күлгөн жокмун. Сүйүнгөнүмдөн күлдүм.
АЗАТ: Чоң ата, улак менден чоңбу?
МУСА: Сенден кичине.
АЗАТ: Анда неге соесуңар? Ыйлайт да. Апасы да ыйлайт.
МУСА: Аны мал дейт. Эми жаратылыш ошондой да балам. Тентегим десе...
АЗАТ: Мен тентек эмесмин. Мен жакшы баламын.
МУСА: Жакшысың. Ылайым жакшы бол. Оо, Теңирим! Мунуңа да шүгүр.
АЗАТ: Чоң ата, карачы. Тай казандын бул жери көчүп кетиптир. Аттар тээп салган да ээ? Балдар да ушул жерге келип ойношот. Мен эч кимди келтирбейм! Кара, карачы.
МУСА: Кой, антпе. Балдар келсин. Бул Тай казан баарыңардыкы. Баарыңардын жакшылыгыңарга кызмат кылсын балам. (өзүнчө) Бир сыйра оңдоп коюш керек экен. Өзүңдүн колуң тийгендин баары ыйык. Сен бөтөнчө ыйыксың касиеттүү Тай казан!
АЗАТ: (кудуңдай аңдып) Эмнени айтып жатасың? Мага да айтсаң.
МУСА: Сага эмнени айтам. Ойно, ойной бер. Көп сүйлөбө дебедим беле.
АЗАТ: (тапандана) Эмне, көз тиеби?
МУСА: Аны ким айтты сага?
АЗАТ: Чоң энем. Көп сүйлөсөң көз тиет деген. Ура! Ура! Чоң энем келатат.

Колуна эшилген аркан көтөргөн Ажар көрүнөт.

МУСА: Сен кайдан? Кел.
АЖАР: Торпокту суунун жээгине жылдырдым. Энесинен алып калгам.
АЗАТ: (кыткылыктай) Кошсо бизге сүт калтырбай эмип салат да ээ? Торпок сүйрөп кеткен жокпу, чоң эне?
АЖАР: Тигини! Сүйрөп кетсе силер мында эмне кылып жүрөсүңөр.
АЗАТ: Кече апамды сүйрөп кеткен да. Мен таяк менен урдум.
АЖАР: Муну мында эмне камап койгонсуң?
МУСА: Бир чыгам дейт, бир түшөм дейт. Ал.
АЖАР: Кутуруп кетесиң да. Кел бери.
АЗАТ: Ик — ки, барбайм. Чоң атам өзү түшүрөт.
АЖАР: Мунун өнөрүн көр. Түшпөсөң олтура бер, биз үйгө кеттик.
АЗАТ: (алаңдай) Менчи? Азыр секирип кетем.
АЖАР: Сен ошондо олтур. Мунун курсагы ачты го.
АЗАТ: Чоң ата — аа?! Азыр секирем анда.
МУСА: Койсоңчу, кайдагы балээни баштабай. Түшүрүп кой.
АЖАР: Айтканынын баарын жасай берип, жаман үйрөттүң. Түшүр өзүң.
МУСА: Кой, секирбе. Мунсуз мен кантип жалгыз жүрөм. Акырын.
АЖАР: Секир! Секир! Эки бутуң тең сынып кетсин.
АЗАТ: (кыткылыктай) Сынса чоң атам шак — шак коюп таңып салат да.
АЖАР: Шак — шакты кайдан билет бул?
АЗАТ: Өзүң айтпадың беле. Чоң атаң улак тартып буту сынганда, шак — шак коюп эле айыктырып алчу деп. Ошенткенсиң ээ, чоң ата? Анан оорубай калган да ээ?

Муса кемпири Ажар экөө кичинекей Азаттын кылык — жоруктарына бир топко күлүшөт. Аларга кошулуп Азат да күлүп жатты.

АЖАР: Муну кара. Биз сага күлүп жатабыз. Сен кимге күлүп жатасың?
АЗАТ: (кыйшаңдай секирип) Мен чоң атамдын шак — шак коюлган буттары менен секирип жүргөнүн элестетип күлүп жатам.
АЖАР: Тигини, ой. Сенден сөз качып кутулбайт экен да. Болду тапанданбай. Ушу сенин тилиңди кесип салайынбы.
АЗАТ: Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Чоң атам айткан. Туурабы, чоң ата?
МУСА: (Ажарга) Укканын унутпаган неме. Кел бери.
АЗАТ: Кармаса урат да.
АЖАР: Мага сенин ошол жерде турганың керек. Тай казанды бир сыйра оңдоп коюш керек экен. Эми улактар башталат.
МУСА: Тигил бетте ого эле көп таштар жатат. Тээтигил жерди көрдүңбү? Ошол жерлерди кетмен менен түздөш керек экен. Канча тегиз болсо, аттарга ыңгайлуу эмеспи. Ой, сен тура бересиңби? Бас, бери кел. Кара, кыймылдабай турганын.
АЗАТ: Волна солдат дебейсиңерби.
АЖАР: Эми солдат болуп калдыңбы. Волна болсо, волна!
АЗАТ: Жана эле ошентпейт белең. Бутум ооруп кетти.
АЖАР: Ушу сени эмне кылсам, ыя? Бас, кишини жүдөтпөй! Ушунун сайраган тилин азыр чындап кесип салам. Жаман тапан болуп кеттиң го. Жанагы атасы кайда жүрөт. Алып кет дейин.
АЗАТ: Кетпейм. Чоң атам зеригет да. Чоң эне, тогуз жерде тогузуң канча болот?
АЖАР: Азыр тоголото коем! Болду! Чоң кишилер сүйлөшүп жатканда сөзгө аралашпа. Жаман бала болуп каласың. Тигиндей ойно. Балдар көчөт апкелишти. Жер кургаганча кадимкидей өнүп калышат. Сууну үстүңкү арыктан алсак болот да.
МУСА: Жакшылап корубаса, мал жеп кетет.
АЖАР: Атайын караганга киши коебуз. Суугарып, ар жак, бер жагын карабаса, толук бой алганча малга жегизип алаарыбыз да бышык.
МУСА: Кана, жүр. Тигилер көчөттөрдү түшүрүп бүтүштү окшойт.
АЗАТ: Биринчи бакты мен тигем ээ, чоң ата? Ушинтип айтпадың беле.
АЖАР: Сен кармап эле берчи. Кыйынсынбай. Чоң атаң тигет.
АЗАТ: Анда бирин чоң атам, бирин мен кармап берейин. Тең тең болобуз да.
АЖАР: Соодалашып турганын көр. Бутка чалынбай бас.
АЗАТ: Ураа, ураа! Биринчи бакты мен кармап берем! Мен кармагандан кийин, мен тиккен болом да ээ, чоң ата? Ураа! Чү! Чү жаныбарым! Кеттик! Кеттик, бак тигебиз.

Чыбык атын темине Азат чапкан бойдон үйдү көздөй кетет. Тигилер анын артынан баланын жоруктарына күлүп бара жатышты.

 

ЭКИНЧИ САХНА

Ат майданы. Музыка. Эки Тай казан тең шыбалып, акталып тим эле сүрөткө түшчүүдөй мелтирейт. Муса Тай казанды айланта басып, колдору менен сылагылап, өтө кубануу менен балдарынын жасаган иштерине ыраазы болуп, ичинен Жаратканга жалынып, аларга өмүр тилеп жатты. Көздөрүндө канча кубаныч. Аталык ыраазычылык! Бир сыйра Тай казанды дагы сылагылап, айланып чыкты. Өмүр бою ат үстүндө өткөн өмүрү менен береги Тай казан да жашоосунун бир бүтүмүнө айлангандай.
Тай казандын ушул турушу Мусага Мекедеги Кабанын кара ташындай эле ыйык көрүндү. Көк бөрү дегенде ичкен ашын жерге койгон бул адамдын ичиндеги түйүнү чечилбеген канча сырларын өзү жана минген аты гана билчү. Жаратылыш кандай сырдуу. Баардык эле нерселер сыртка чыга бербейт. Бук болгон учурларды табигат менен, же болбосо жаныбар менен сырдашкан, сүйлөшкөн учурлар болот. Адам баласына айтпаганды ошолор менен сырдашып, ошол менен сүйлөшөсүң.
Муса да жан дүйнөсү менен ошол табигатка жакын. Тоо, суулар, керилген жайлоолор, тү деген түкүрүк жерге түшпөгөн кычыраган кышта жайлаган кыштоолор... Айдаган малы, минген аты. Анткени менен баардык эле адамдар малдын, жердин сырын биле бербейт. Бул дагы табийгаттын берген тартуусу.
Он эки жашынан баштап малга жакындаган адамда канча тажрыйба бар экенин айтпасак да белгилүү. Улакчынын ат менен жаны бирге болуп калгандыгы да бекеринен эмес. Учурунда жанын сактап, ажалдан алып калган Карагерди кантип унутсун. Унутууга мүмкүн эмес да. Арадан канча жыл өтсө да, тээ чокусун ак кар баскан ашуунун ары жагына көз жиберип Карагерди издейт. Кайран Карагер азыр да жанында тургандай сезип кетет, алтургай ушул убакка чейин ар өткөн Көк бөрүдө топ аттардын ичинен Карагердин карааны көрүнө калгандай, дүбүртүн уккандай болот. Муса капысынан оор дем ала, силкинип алды.

МУСА: Карагер... Көрдүңбү береги Тай казанды? Көрдүңбү, береги ат майданын?! (бир топко тыным). Ал кезде Тай казан дегенди ким билиптир. Кең жайык болсо болгону эмеспи. Кээде айылды да аралап кирип кетчү элек.

Музыка. Тээ алыска алыска, тоолордун ой — кырларын, ак мөңгүлүү бийик чокуларды аңтара карап, Муса үнсүз Тай казанга сүйөнүп олтура кетти. Музыка жаай сыбызгыйт. Муса өтө ойлуу. Анын жан дүйнөсүндө Карагерин жоктогон арман күү сыздап жатты.

МУСА: Кара. Баары кече эле болгондой. Кол сунсаң жетчүүдөйсүң. Камчысын жонго чапкылап, кайран гана карылык... Кайкалаңдап сен да келип калдың ээ? Илгери, азыркы менин жашымдагы аксакалдарды көргөндө, — Карып калыптыр! – деп, аттан түшө калып салам берчү элем. Эми минтип, өзүм да ошолордун жашына жетип олтурам.
Бир кезде мен да тигил неберемдей чыбык ат минип, топуракка оонап, чүкө атып чарчоо дегенди билбей таңдан кечке ойногон күндөр болбоду беле. Балалыктын оюнга тойбогон күндөрү ай! Жетип жетпеген оор турмуш... (тыным)
Кары кишилердин ооздорунан кулагым эшиткен кеп — сөздөр көңүлдө түбөлүк калат экен. — Карылыктын да өзүнчө чоң ырахаты бар. Ошол карылык доорду да сүрөлү! — деп, тилегиле балдар дешээр эле. Бала — чака, небере — чөбөрөлөрдүн урмат — сыйын көрөлү деп тилегиле! Ооба, канча жакшы тилек кылсаңар, ошончонун баарын Жараткан Эгем берет. Балдардын ысык чайын ичип, сыйын көрсөңөр, андан ашкан бакыт жок да. Амандыкты тилегиле! Жашыңда берсе мээнетти, карыганда көрөсүң дөөлөттү... (тыным)
Кара, эч бир кынтыксыз туура айтылган сөздөр. Мунуңа да шүгүр Теңирим! Мен да тилеп келем. Бала — чакам аман болсун! Элге — жерге тынчтык бер.

Көпкө созулган оор тунжуроо. Толкудануу менен тоолорго тигилет.

... Ээ — ээ, аска – тоолорум! Көк мелжиген зоолорум! Тоолорум!.. (тыным) Тайгак жол, тар кечүүлөр... Ак кар, көк муз, айбаттуу ашуулар... Алкынган суулар! Мен силерди сагындым. Бул сагынычтын, силерге болгон кусанын жашы. Силер да мени сагынган чыгаарсыңар. (кыялдана) Эх, өрттөй жанган жигитчиликтин кымбат күндөрү...

Музыка. Жүрөктү элжиреткен домбранын күүсү теребелди терметкендей боло түштү. Чокулуу тоону тиктеген Муса көптөн барып өзүнө келгендей, оор дем ала айыл тарапка көз кырын сала, анан жакын жерде ойноп жүргөн небересин карап жылмайып койду.

МУСА: (кыялдана) Тык — тык эткен таяктан корпо, аны да колго алаарың чын. Мен да бир кезде ушинтип чыбык ат минген бала элем да.
ҮН: Муса!
МУСА: (чоочуп кетет) Ким? Ким?!
ҮН: Чоочуба, биз эле. Сен сагынган Көк — Жайык, Аска — зоолор, ашуу белдер. Сен улак тарткан жайык бел. Агымы күчтүү чоң кечүү. Суунун шарын уктуңбу?
МУСА: Мен чындап эле угуп жатамбы?
ҮН: Чындап эле угуп жатасың. Биз да сени сагындык.
МУСА: (апкаарый түшөт) Карагер жүрөбү?
ҮН: Жүрөт. Жүрөт. Баары оордунда. Бир гана силер каттабай калдыңар. Сүрөткө тартчуудай, ашуулардагы тизилип кетип жатканыңарды, керилген жайыкта жайылган малдарды, силердин шаан — шөөкөттүү жашооңорду сагындык. Балдарыңардын оюн күлкүлөрүн сагындык. Жайлоонун шаңына шаң кошкон Көк бөрүңөрдү сагындык.
МУСА: Мен да ошолорду сагынып, эңсеп олтурбаймынбы. Мен да...
ҮН: Силер каттап турганда бизге да жакшы болчу. Азыр биздин койнубузду конуш кылган малчылар жок да. Аралаган адам, баскан мал жок көк шибер белден.
МУСА: Заман ошондой болуп кетпедиби. Колхоз — совхоз тарагандан кийин баары өзгөрүлдү. Ашуунун ары жагын көрбөгөндөр эмне айта алышат? Эч нерсе билишпейт. Накта бейиштин төрү ошол силердин койнуңарда экенин билбегендер канча?..
ҮН: Э — ээ, Муса, Муса. Аның ырас. Азыр баягындан да кооз болуп кеткен жайлоо дегениң. Тебелеген мал жок. Шыбактар белге жеткен, бетегелүү жайыктар жап жашыл болуп жатат. Эми сен бизге каттабай калдың го.
МУСА: Кайдан? Бирок Кашка — Сууну жайлап калгам. Силер жакты такай карайм. Ой жеткен менен кол жетпейт. Анын үстүнө жаш да келип калды. Азыр баягы Карагерди жулкунткан Муса жок. Карып баратабыз тоолорум! Ашуу бел, агын кечүүлөр! Силер гана бир калыпта тургандайсыңар.
ҮН: Кантип андай болсун. Бизде дагы көп көп өзгөрүүлөр болот. Тек аны адамдар байкашпайт. Сен муну билишиң керек эле да Муса. Биздин сырлар сенде катылуу.
МУСА: Ким билет. Ооба, ооба. Кечиргиле. Мен... мен... Баары оордунда калып, өзүм гана улгайып бара жаткандай сезип кетем.
ҮН: Андай дебе. Канча жыл биз менен сырдаш, курдаш болдуң. Биз сени жакшы билебиз. Алгач келген кезиңде белиң да ката элек жаш бала элең Муса. Азыр чоң ата болуп олтурасың. Мунун өзү чоң бакыт!
МУСА: Неберелеримди жетелеп жүрөм. Шүгүр!
ҮН: Сенин жүрөгүң тоо эле. Коркуу, үркүү деген сенде болгон эмес. Жаш болсоң да, ашуулардан өтүп жаткандагы кайраттулугуң, өзүңө болгон ишенимиң менен баардык кыйынчылыктарды жеңип кетчүүсүң. Баарын унута элекпиз Муса. Унутпайбыз.
МУСА: Улуу тоолорум! Ашуу белдерим! Силер да армандабагыла. Өмүрдүн көбү силер менен чогуу өттү. Силер жакка көз салган кезде, сагынуум... куса... Жүрөгүмдү туйлатып, силерди көздөй жүгүрүп кетким келет. Бирок мүмкүн эмес. Кыялымда кайрадан бир мүмкүнчүлүк болсо, тигил чокуга чыгып, баягы кездей төмөн жакка дүрбү салып, атар койду жонго айдап...
ҮН: О — оо, ал бир керемет күндөрүң эле да.
МУСА: Учурунда ошол керемет күндөрдү жаштыгың менен сезбейт турбайбызбы.
ҮН: Эмне? Катуу өкүнгөн нерсең барбы?
МУСА: (шашкалактай) Жок! Жок! Ошол кезди азыркыдай түшүнсөм дегеним го. Баардык эле адамдар ушинтип ойлонушса керек.
ҮН: Туура, туура. Муса, сенин атыңдан Ат майданы ачылганына сүйүнүп жатабыз. Тай казан кут болсун! Кут болсун!
МУСА: Ырахмат. Мен да силерге ыраазымын. Элге ыраазымын. Баарыбызды көтөргөн, ырыскысын төккөн Жерге ыраазымын! Айылды карагылачы?!
ҮН: Билесиңби, Муса. Сен биз тарапка келгенде кайра айылга көп шашчу эмессиң. Эмнегедир тоолор менен сенин жүрөгүң бир эле. Кетип баратканда, — Мен кайра келгенче аман эсен тургула! Келем! – деп, тоо жаңырта кыйкырып кетээр элең. Кайра эле бизге кайтканда, тээтигил ашуунун чокусунан жайлоону карап: — Мен келдим! Тосуп алгыла! Тоолорум! Мен келдим! — деп, жүрөгүң толо кубаныч менен келчүсүң.
МУСА: Ооба, ооба! Не деген ырахаттуу күндөр өттү. Так ошол ашуунун белине чыкканда кере — кере дем алып, экинчи үйүмө келгендей сезээр элем да ыйык тоолорум! Мени силер турмушка такшалтып, таптадыңар. Мени силер бактылуу кылдыңар. Атыр жыттуу абаң, шар аккан агын сууңдун шары күнү бүгүнкүдөй кулагымда.

Домбранын жүрөк эргиткен күүсү бүт теребелди ээлегендей шаңшып жатты.

МУСА: Кагылайын Кашка — Суум, кудайым кут кылсын. Аркы ашууну аша албасам да, өзүңдүн төрүңдө жайлап, коңуш кылып жүрөм. Бул дагы Жараткандын буйругу. Теңирдин энчиси экен. Үй — бүлөм менен абаңдан дем алып, сууңду ичип жүрөбүз. Өзүңдү жайлоо кылып, алкынып аккан таза сууңа жүзүмдү чайып, моокум канганча жутуп, жээгиңде сээрүндөп кайтам. Ушул энчисин кут кылсын Кудайым. Эсенчилик бар. Азат! Азат! Жүр балам үйгө баралы. Курсагың да ачкандыр. Жүр.
АЗАТ: Мен сага балаң эмесмин да. Мен неберең болом.
МУСА: (күлүп) Бала да бала, небере да бала. Жүр.
АЗАТ: (оюндагысын бербейт) Жок, бала балаң болот. А небере деген балаңдын баласы болот. Ушуну билбейсиңби?
МУСА: Ай, тапаным ай! Баарын сенден үйрөнүп жатпаймбы. Бас эми.
АЗАТ: А, сен кимдин небереси болосуң, чоң ата?
МУСА: Менби? Муса чоң атамдын.
АЗАТ: Тамаша кылып жатасыңбы? Өзүңдүн атың Муса да.
МУСА: Аның чын. Бирок чоң атамдын аты да Муса.
АЗАТ: Мен да кийин баламдын баласына өзүмдүн атымды коем.
МУСА: (күлүп) Мейлиң. Ана, чоң энең да колун жаңсап жатат. Жүгүр. Кайда жүрдүңөр деп, чай бербей коет го. Акырын, акырын. Жай жүгүрсөң. Жыгылып кетпе.

Муса небересине жалынып бара жатты. Аркасынан баягы үн угулат.

Үн: Бакыт деген ушул Муса. Алдыңда жүгүрүп бараткан небереңдин эле кылык жоруктары сага канча күч кубат. Тигине, Ажарың баягындай чайын кайнатып алдыңдан тосуп жатат. Нан жаап жаткан көмөч казан да бизге тааныш. Жайлоодо, ал тургай ашуунун түбүндө да ушул көмөч казанга буркуратып нан жасачу эле Ажарың. Дагы да нан жасап жаткан тура. Нандын буркураган жытын айт! Ал эми жайланып олтуруп ысык нан менен Ажарың экөөң божурашып чай ичкиле. Эми силердин оордуңар төрдө! Ак сакал карыя, ак байбиче болдуңар. Бийик тоонун койнунда кол кармашкан ыйык адамдарым!!!
АЖАР: Ботом, ошол жакка барсаңар эле үй — жайды унутуп, кечке жүрө бересиңер. Силердин эмне, курсагыңар ачпайбы? Баланы ойлосоң болбойбу?
МУСА: Бизди күтпөй өзүңөр иче бербейт белеңер. Азат экөөбүздүн иштерибиз көп да. Туурабы, балам?
АЗАТ: Мен неберемин!
МУСА: (каткыра) Уктуңбу, кемпир. Ушинтет.

Музыка. Үйдүн ичи. Дасторконун жайып Мусаны күтүп олтурган Ажар өзүнчө күңгүрөнүп, кейигендей небереси менен чалына бурк эте бир тийип алат да, чайын куя баштайт.

АЖАР: Кел чайдан ал. Тамагын даярдап, байкуш келин: — Атамдар качан келет? — деп, күтө берип тажагандай эле болду.
АЗАТ: Менин курсагым деле ачкан жок.
АЖАР: Ики — ии, тигини, тигини! Таш мынтыктай болбой, олтур мындай. Анча болду ошол жакка жатып эле албайсыңарбы. Тамагыңды ич. Төгөсүң абайла.
АЗАТ: Тамак төгүлсө конок келет ээ, чоң ата?
АЖАР: Абышканы кичирейтип койгонсуп... Мага акыл үйрөтпөй тынч олтур.
АЗАТ: Үйгө конок келген жакшы ээ, чоң ата? Кой соебуз да.
АЖАР: Сое берип деле калбай баратат го. Мунуң деле өзүңдөн ашпаса, кем калбаган колу ачык бирөө болот. Андан да казанга тамак ассаң эле, — Кошунаны чакырып келейинби? — деп, дап даяр болуп тура калганын айтсаң.
МУСА: (күлүп) Ошондой эле болсун. Тамагын жашырынып жебей.
АЗАТ: Чоң эне тогуз жерде тогузуң канча болот.
АЖАР: Билбейм.
АЗАТ: Чоң ата, чоң ата! Чоң энем тогуз жерде тогузуң канча болоорун билбейт турбайбы. Мен билем ээ? Тогуз жерде тогузуң сексен бир болот. Тогуз жерде онуң токсон! Ага тогузду кошсоң токсон тогуз болот да. Чоң атам токсон тогузга чыгат. Ээ, чоң ата? (тигилерди кечке тиктеп калат) Анан өлөт!
АЖАР: (чоочуп кетет) Эмне?! Бул эмне деп жатат. Буларды сага ким үйрөтүп жүрөт? Эй, тултук, бери жакын келчи мага. Муну эмне кылсам ыя?
АЗАТ: Өзүм эле айттым. Мен билем. Туурабы, чоң ата? Сен ошондо өлөсүң ээ? Ага чейин өлбөйсүң! Экөөбүз Тай казандарды карап жүрө беребиз. Ага чейин тигил бактар да чоңоюп калат. Мен сени өлтүрбөйм.
МУСА: (кучактап) Ооба, сен уруксат бергенде анан өлөм.
АЖАР: Силердин тамашаңар курусун! Муну бирөө укса...
МУСА: Бала да. Оюна келгенин айта берет.
АЗАТ: Анан чоң атам өлгөндөн кийин мага Кашка ат болуп келет. Анан мен Көк бөрү тартам. Эч кимге жеткизбейм. Эч кимге! Бир дагы ат менин атыма жетпейт ээ, чоң ата? Тай казанга улакты таштай берем, таштай берем! Сен башка аттар жакын келгенде тээ тээп жибересиң да ээ? Ошент. Катуу катуу тээп сал!
АЖАР: Бул бала кишинин оюна келбеген нерселерди айтып жатат да. Болду, быдылдабай! Сени элеби... көзүн тостойтуп... Мындайда колго да эч нерсе илинбейт.
МУСА: (бир топко күлүп) Бала да. Сүйлөй берет. Кызыгы бул жакта. (боору эзиле)  — Кышында сени үшүтпөй жылуу үйгө киргизип байлап коем, анан жаныңа төшөк салып жатып алам. Кайтарып жатпасам бирөөлөр уурдап кетет да! — дейт.
АЖАР: (тап бере) Бирөөлөр укпасын. Эмне десе баарына макул боло берип баланы жаман үйрүтүп жатасың. Ушу сенин тилиңди кесип салайынбы.
АЗАТ: Тилимди кесип салсаң, ансыз деле сүйлөбөй калам да. Баарыңар, — Иш калды, иш калды деп кетип каласыңар. Чоң атама ким эрмек болот? Ким жардам берет?
АЖАР: Мунун жардам бергичин ой!
МУСА: Мени ошонусу менен зериктирбейт. Сен уга элек кызыгы көп. (Азатка) Ии, анан мен картайып улакка жарабай калганда, мени союп жеп салышат да, ээ?
АЖАР: (селт эте) Койчу, ал эмне дегениң.
АЗАТ: (Мусаны кучактай калат) Жок! Жок! Мен сени сойгузбайм! Сойбойт! Чоң ата, мен сени эч кимге бербейм. (ыйлактай) Бербейм!!!
АЖАР: Балээнин баарын баштаган өзүң. Эми эмне ыйлап жатасың?
АЗАТ: Сен өлбөйсүң ээ, чоң ата? Өлбөчү?! Мен сени жакшы көрөм! Сен жок болсоң мен сени сагынам да.
МУСА: Өлбөйм, өлбөйм!
АЗАТ: И — ии, чоң эне быйыл жайлоого мен да барам, ээ? Анан чоң ашууну ашабыз ээ? Мен койлорду айдап барам. Өзүмчө атка минем ээ, чоң ата?
АЖАР: (тиктеп калат) Кайсы ашууну айтып жүрөт?
МУСА: Ээ — ээ, жөн эле сураганынан илгерки жайлоолорду айтып бергем. Сурай берет, мен ар нерселерди айтып берем. Тигил Тай казан жакка барганда экөөбүздүн андан башка эмне кептерибиз болмок эле. Мунуң мени түк зериктирбейт. Кийин өлгөндө кайра ат болуп келесиң, өзүм багам, өзүм минем, керек болсо түндө кайтарып жатам дейт. Ошол атты минип ашуунун ар жагындагы жайлоого барам дейт. Кыялы укмуш!
АЖАР: Оо, айланайыным, ошол тилегиңе жет. Биз көргөн жерлердин сулуусун, кереметин, касиеттүү жайларды көрсөң... Кудай ошол тилегиңе жеткирсин. (улутуна) Ал жактын, ал өрөөндүн... (кыялдана туруп калат) Не деген жакшы күндөр өттү. Канатым болсо учуп барып, бир сыйра көрүп келсем кана?.. (ойлуу олтуруп калат).
АЗАТ: (туруп жөнөйт) Ичтим. Эшикке кете берейинби ыя? Кеттим. (чыгып кетет).

Экөө ойлуу олтуруп калышат. Муса алдыртадан Ажарга тигилет.

МУСА: (Ажарга тигиле) Сен да сагындыңбы?
АЖАР: Сагынбай анан... Сагындым. Жаштыктын эң сонун кайталангыс күндөрү ошол көк мелжиген касиеттүү тоолордун арасында өтпөдүбү.
МУСА: (толкундана) Жакшы кез билинбей өтөт тура.
АЖАР: Мейиз жеңе келгенде биздин конуш майрам болуп кетээр эле, ээ? Жеңе жакшы ырдоочу, сөзгө да чечен болчу. Баарыбыздын черибизди жазчу.
МУСА: Иши кылса күлкүңөр токточу эмес.
АЖАР: Ошол биздин жайлоо ошол бойдон турат бекен, же...
МУСА: Мал туягы баспаса өзгөрөт да, Ажар. Илгеркидей колхоз — софхоз, короо — короо кой болбосо, кимдер бармак эле.
АЖАР: Ырас эле мал жок, ким бармак эле. Бир заман өттү да.
МУСА: (оор күрсүнө) Карагер! Жаныбарым... жаныбарым...
АЖАР: (чоочуй) Кантет. Сага эмне болду. Жүрчү бакка төшөк салайын.
МУСА: (ызалуу) Кечир мени? Мен сенин кара күчүңө ишенип...
АЖАР: (томсоро) Эчен ирет өткөн кечүүдөн... Кырсык да. Болду эми.
МУСА: Эмне үчүн ошол сапар өтө албай калдык Ажар?
АЖАР: Арткы атты кое бергениңде...
МУСА: (катуу өкүнүп) Менден кетти!
АЖАР: Чыгып кетесиңер го дегем. Болду, баары өттү.
МУСА: Тай казан курулганы Карагер көңүлүмдөн кетпей койду.
АЖАР: Биз кечигип бардык Муса. Суу катуу кирип турган эле. Бечара Карагердин тоо жаңыртып чаңырганы менин да кулагымдан кетпейт. Ал баарыбызды сактап калды.

Ажар колундагы чайнегин көтөрүп чыгып кетет. Муса ойлуу олтурган калыбынан жазбайт. Музыка.

 

ҮЧҮНЧҮ САХНА

Ашууда. Эл жайлоого көчүп жаткан учур. Мусалар малдары менен өтүп бара жатышкан болчу. Ээ — жаа бербей алкынган суу. Бир жума эртерээк болгондо эмне. Айылдагы үй жайын тейлештирип, бир жумадай кечигип жолго чыккан Муса, ээ — жаа бербей алкынган сууну көргөндө сестене туруп калды. Бул учурда суу катуу кирип жаткан эле. Муса чоочуганын тегерегиндегилерге билдирбегенге аракет кылды. Бул кечүүдөн өтүү оңойго турбасын көрүп эле сезген Ажардын эки көзү Мусада. Тиктеп турган күйөөсүн бир көз караш менен гана түшүндү да, ичинен келмесин келтирип, өзүн кармап, чыйрала түшкөндөй үн сөзсүз башын ийкеди. Мунусу, — Мен даярмын! Кабатыр болбо! — дегени эле. Мурда мындай кирген сууну көрбөгөн жардамчы чабан Эраалынын аялы Жаркын өң — түстөн кетип, алаңдап калыптыр. Сыр бербегени менен Эраалы да коркуп турган эле. Баарынын абалдарын бир көз караш менен байкаган Муса, көпкө карап тургандын кажети жок экенин түшүнүп, тездетүүгө камынды. Акыры өтө турган болгон соң карап тургандан не пайда. Суу уламдан улам көтөрүлүп баратат. Коркконго кош көрүнөт болуп, карап турган кишинин ан сайын жүрөгүнүн үшүн алат. Бир гана эч нерсе менен иштери жок эки бала. Кичүүсү Алмаз эбак уктап калган.

МУСА: (токтоо) Суу кирип калыптыр.
ЖАРКЫН: (алаңдай, шыбырап) Ажар жеңе, кантип өтөбүз?
АЖАР: (жоошутуп) Өтөбүз, коркпо Жаркын. Бул суу эч нерсе эмес.
ЭРААЛЫ: (чыйрала) Былтыр өткөнүбүздө мынчалык эмес эле ээ, Муса байке?
МУСА: (токтоо) Былтыр эрте өткөнбүз да. Быйыл кеч келатпайбызбы.
ЭРААЛЫ: (сууга тигиле) Атырылганын кара!
МУСА: (сыр алдырбай) Жылда эле ушундай. Коркконго кош көрүнөт болуп жатат. Ээ, Жаркын кандай келе жатасың? Жайлоо деген мына ушундай болот.
ЖАРКЫН: Суунун шарынан эч нерсе угулбай жатат. Кулагым тунуп калды.
МУСА: (күлүп) Коркконунан алаңдап алган тура. (Ажарга) Нан чайнатып кой. Мурдагы жылы мындан да катуу кирип турганда өттүк эле. Эсиңдеби, Ажар?
АЖАР: Өтүп эле жүргөн суу да. Жайлоо деген ушундай болот Жаркын. Өткөндө эле Мейиз жеңелер менен кете бер десе болбой койдуң. Эч нерсе эмес, али далайды көрөсүң. Бул башталышы гана. Бая ашуунун башындагы түрүңдү көргөн киши накта күлмөк. (күлүп) Сени бирөө чабанга тий дептирби. Тамаша. Коркпо. Атка бекем олтур.
ЭРААЛЫ: Айылда калбайм деген киши кормок беле жеңе. Коркпойт!
МУСА: (каткыра) Аны кой өзүң эмне элеңдеп калгансың. Кана, даярсыңарбы?
АЖАР: (тиктеп турган Мусадан жалтана түшөт) Койлор өткөн жерден биз өтпөй эмне болупбуз. Тобокел! Жылда эле ушул жерден өтүп жүрбөйбүзбү.
МУСА: Өтүп жатканда сууну карабагыла. Жаркын сага айтып жатам. Атка бекем олтургула! Аттын башын тартпагыла. Өзү алып чыгат. Уктуңарбы!
ЭРААЛЫ: Тигил жүктүү атты мага бербейсизби. Мен жетелейин.
МУСА: Жок! Жүк абдан оор. Анын үстүнө бул ат жайлоого биринчи келе жатат. Сен келинчегиңди кара. Өзүңдүн жүгүң деле бир топ. (Эраалыга) Жаркынга сак бол! (Жаркынга) А, сен эмне алаңдайсың. Же, ушул жерге таштап кетелиби. Биз кайра келгиче күтүп олтур. Же, тигил ашууну ашсаң, жүгүрүп айылга түшүп кетесиң.
ЖАРКЫН: (таарына) Мен коркуп жатсам, силер мени шылдыңдайсыңар.
МУСА: Корккон киши ашуу ашпайт! Тигил ашууну ашкан Жаркынга ушул кечүү кеп бекен. Кана, даярсыңарбы?

Аттарын ырастап, таңгактарын бир сыйра текшеришип, баары сыйынып, бата кылышат.

АЖАР: Муса...
МУСА: Баары жакшы болот Ажар. Балага сак бол.
АЖАР: Сен да балага сак бол. Мураттын көзүн таңып салсаң кантет.
МУСА: (чечкиндүү) Кереги жок. Бул деген жигит! Туурабы, балам? Суу эмне экенин, ашуу эмне экенин эмитен билип, бышканы жакшы. Кана, өттүк! Кудай колдосун! Теңирим колдосун! Атка бекем олтургула. Өзү алып чыгат. Быссымылла! Жараткан өзүң жар бол! Оомийин!!!

Эки баланы экөө өңөрүп Муса менен Ажар аттардын башын сууга салды. Алардын артынан Эраалы менен Жаркын сууга кирди.

ЖАРКЫН: Мен коркуп жатам.
ЭРААЛЫ: Мен жетелеп баратпаймбы. Анда жоолук менен көзүңдү таңып ал.
ЖАРКЫН: (ызалана түшөт) Кереги жок!
МУСА: Эраалы мен суунун ортосуна токтойм. Силер ошол кезде алдыга өткүлө.
ЭРААЛЫ: Жарайт, Муса байке.

Муса келмесин келтирип, аты менен аркыраган сууга кирди. Ажар кичине баласы Алмазды бооруна кыса ичинен Кудайга жалынып баратты. Эмнегедир бир башкача болуп, жүрөгү туйлап, бир жамандыкты сезгендей алаңдап, эки көзү Мусада. Муса суунун ортосуна келгенде токтоп, тигилерди өткөрдү. Баары аман — эсен жээкке чыгаары менен, чекесинен тери чыпылдаган Муса: — Буюрса өттүк окшойт! — деп, атын темине бергенде, минип турган аты артка кетенчиктей түшкөндөй болду. Алгач Мусага суунун катуу шары ургандай сезилген. Анткени суу баягыдан да көтөрүлүп калган эле. Артындагы жетелеген жүктүү ат кошкуруна кетенчиктей башын чулгуп чулгуп, термеле түштү. Жээкке чыккан Ажар туруп калган Мусаны көрүп коркуп кетти. Заматта жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Ай, буйга келбей Эраалы атын кайра сууга салды эле, Муса кыйкыра колун булгап токтотту. Коркуп кеткен Ажардын кыйкырыгынын бирин да Муса уккан жок. Алкынган суунун шарынан кайдан угулсун. Мусанын өзүнүн да эси чыгып кетти. Алдында өңөргөн баласын бооруна кыса Теңирге жалынып жиберди. Карагер алдыга жулкуна бирок буттарын шилтей алган жок. Арткы жүктүү ат оордунан жылмак тургай, кайра артты көздөй тигилерди тартып жатты. Мусанын айласы кете баштады. Капысынан Ажардын чаңырыгы кулагына шак дей түштү. Бул кезде жээктегилер чаң тополоң түшүп жатышкан болчу.

АЖАР: (алаңдай) Муса!.. Оо, Кудай!!!
ЖАРКЫН: Жакшы эле өтпөдүк беле. (кыйкырат) Байке?!
ЭРААЛЫ: Мен барайын жеңе. Муратты алып чыгам.
ЖАРКЫН: (алактай) Жок! Жок! Сууга агып кетесиң.
ЭРААЛЫ: (түртүп жиберет) Ал эмне дегениң. Тарт колуңду!
АЖАР: Суу катуу кирип баштады. Муратты жээкке ыргыт де! Муса!!!
ЖАРКЫН: Кудайым ай! Эми эмне кылабыз. Эраалы...
ЭРААЛЫ: (ачуулу) Турчу ары! Кет дейм! Кет!
АЖАР: Жаратканым ай, жандарын аман алып кала көр. Эраалы тигил эмне турат.
ЖАРКЫН: (тыбырчылай) Мурат жээкке жетеби жеңе? Сууга түшүп кетсечи...
ЭРААЛЫ: Сени кет дебедимби. Бар! Муса байке, баланы бери ыргыт!
АЖАР: Эми эмне кылам, Бир айласын таап суудан чыкпайбы. Оо, Жараткан?! Балам... балам... Мурат!!! Мура – аа – аат!!!

Ошол учурда Ажар далбастай колундагы баласын Жаркынга карматат да, өзүн жогото сууга жүгүрөт. Жаркын чаңыра Ажарды баса калат.

ЖАРКЫН: (чаңыра) Ажар жеңе! Сизге эмне болду?! Сиз кайда?! Эраалы!
ЭРААЛЫ: (кармап калат) Айланайын жеңе, бул эмне кылганыңыз?! Азыр чыгат. (Жаркынга) Эмне жалдырайсың? Карма жеңемди.
АЖАР: (ботодой боздоп жиберет) Бул кандай күн болуп кетти?! Бирин алдыма, бирин аркама өңөрүп өзүм эле өтүп кетчү элем. Айланайын балам ай! Ыйлаба, ыйлаба. Жүрөгү да түшүп кала турган болду. Көзүңдү жум! Жум! Тиги эмне жалдырайт. Муса! Муратты бери ыргыт. Болбосо азыр өзүм сууга кирем. Аркаңдагы атты кое бер!
ЭРААЛЫ: (кыйкыра) Муса байке! Арттагы атты кое бер! Арканды кес! Кес!
АЖАР: (айласы кетип) Кагылайын Карагер?! Сакта ээңди! Суудан аман — эсен чык. Балам... балам... Эми кандай айла кылам?

Кара терге түшүп калч калч этип турган Карагердин абалын көргөндө Мусанын жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Кетсем да өзүм кетейин, балам аман калсын деген ой менен болгон күчүн жыйнап, өзүн колго алып, колундагы баласын кудум улак ыргыткандай Ажар менен Эраалыны көздөй ыргытты. Жерге тийгизбей Эраалы шап эле тосуп алды. Баласын кучактаган Ажар өзүнө бир келип, бир келбей ден — дароо боло түштү. Эми баарынын көздөрү суунун ортосунда турган Мусада. Жүрөгү түшүп калган Жаркын эки баланы кучактаган бойдон үнсүз жалдырайт.

ЭРААЛЫ: (тынчсыздана) Ушундай болот деп ким ойлоптур.
АЖАР: (шектүү) Эмне оордунан жылбайт?!..

Баласынын аман — эсен жээкке чыкканын көргөндө Муса кайратына келе түштүбү, көзү умачтай ачылды. Эми кандай гана болбосун аттарын алып чыгыш керек. Бирок анын аракетинен эч натыйжа чыкпады. Карагердин барган сайын алы кетип, калч — калч этип, катуу титирегенин сезди Муса. Ошого карабастан үч — төрт жолу камчы салып жиберди. Арттагы жүктүү ат такыр эле болбой калганын сезген Ажар жээктен кыйкырды.

АЖАР: (кыйкыра) Атты бошот! Өз жаныңды сакта!
ЭРААЛЫ: Жүктүү атты кое бер! Арканды кес!
АЖАР: Ушундай да көк бет болобу. Эч нерсе укпайт. Ыйлаба балам. Азыр. Жаркын, ме баланы карма. Тиякка алып бар. Кудай, тигил кара көзүмдү кашайткан турат. Айтканды бир укса кана.
ЖАРКЫН: Кудайым ай! Аман — эсен чыкса экен. (чаңыра) Аа — ай! Ат жыгылды.
АЖАР: Балдарды тигиндей алып кет! Эй, сен кайда?! Эраалы, Токто!
ЭРААЛЫ: Жардам бербесем болбойт жеңе. Мындай суу көрбөгөн ат...
АЖАР: Сенин атың жыргап турган жок. Кошо өлгүң келип турабы. Тарт артка! Суунун шарынан эч нерсе угулбай жатат. (кыйкыра) Атты кое бер! Болбосо азыр сууга өзүм кирем. Ачкадан эч ким өлгөн эмес. Эки кап ун үчүн бир балээнин үстүнөн чыкканы турасың. Карагер менен өзүң аман чыкчы, байболгур. Эмне жалдырап турат.
ЭРААЛЫ: Экөөсү менен тең чыкканы жатат. Тигинин артка тартканын кара.
АЖАР: (чаңыра) Кантет?! Кантет?! Кое бе – ее — еер!!!
ЖАРКЫН: Бирдеме деп жатат. Кудайым ай, аман чыгара көр.
АЖАР: Карагер! Айланайын Карагер! Мен сага ишенем. Алдырба, кайратыңа кел!
ЖАРКЫН: Агып кетсечи... Кудайым ай! Кудайым ай!
ЭРААЛЫ: (ачуусу менен) Балдарды кара дебедим беле. Бар дейм!
АЖАР: Бир балээни жүрөгүм сезип жатат. Муса! Муса – аа — аа!!!
ЭРААЛЫ: Кантесиз жеңе. Байкем да кантип чыгышты ойлоп жатат.
АЖАР: Ойлонгончо ойрону чыкканы турбайбы. (буркурай) Бизди какшатканы турасың Муса. Бала — чакаңды ойло. Энеңди ойло. Мени... мени...

Ошол учурда капысынан Карагер катуу кишенелеп, анан ачуу чаңыргандай болду. Бечара жаныбар катуу кыйналып кетти окшойт. Боюн кармай албай артка кетенчиктей түштү. Канча убактан бери аркырап, бой бербей алкынган сууну жиреп турса, бечара кантип кыйналбасын. Мындай шумдукту көрбөгөн арттагы жайлоого биринчи жолу чыккан ат өзүн да, жүгүн да көтөрө албай, суунун агымына туруштук бере албай улам артка тарта араң эле турат. Карагердин катуу чаңыра башын чулгуп — чулгуп алганы бир гана үстүндө олтурган Мусанын гана эмес, жээкте карап тургандардын да жүрөктөрүн түшүрдү. Жанатан берки уу — чууну көп аңдай бербей, эми эсине келген Мурат атасын көздөй чуу койду. Дал ушул маалда Эраалы байкай калбаганда бала сууга кирип кетмек. Кичинекей Мурат чучуктай чыңыра, атасын көздөй жулкунуп жатты.

МУРАТ: Ата! Ата – аа — аа!!! Караге – ее – еер — рр!!!
АЖАР: Балам! Кантет, атаң азыр чыгат.
МУРАТ: Атама барам. Ата — аа!!! Караг – ее — ер!!! Караге – ее – ее — ерр!!!

Баласынын чаңырганы Мусаны селт эттиргендей болду. Дене — башы титиреп, жээктегилерге бой бербей чаңырып жаткан уулун көргөндө, артындагы жүктүү аттын арканын кандай кесип жибергенин өзү да сезбей калды. Ызы — чуудан кулагы тунуп, денесин кара тер каптап кетти. Аркан кесилип, бошогон ат заматта үстүндөгү жүгү менен суунун шарына кошулуп, анда — санда бир көрүнүп, көздөн далда болду. Артка карай берген Муса Карагердин катуу силкингенин сезди.

МУСА: Кайраттуу элең Карагер! Кана эми күчүңдү жыйнап жээкке аман — эсен чык. Катуу кыйнап койдум, кечир мени Карагер?! Чү, жаныбарым!
АЖАР: (жалына) Мен сага ишенем, Карагер. Оо, Жараткан! Жардам бер!
ЭРААЛЫ: Буюрса чыкканы калды.

Бир алааматты сезгендей башын чулгуй Карагер кошкуруна далбастай баштады. Мусада өң — түс жок. Карагер турган жеринен тегеренгендей боло түштү. Мусанын колдору атынын жалына карышып калган экен, муну өзү да сезген жок. Мындайды ким көрүптүр. Кудай жамандыгын көрсөтпөсүн, бир убакта ат ала салып кетти. Карагер менен Муса агып баратты...
Жээктегилер заматта чаң тополоң, ызы — чуу түшүп жатып калышты. Ажардын тоо сууну жаңырткан чаңырыгы... Баланын боздогон үнү...
Суу жээктей баары кошо жүгүрүп келе жатышты. Бир гана эч нерсени али түшүнө бербеген кичүү баласы эл ыйласа кошо ыйлап, оролгон төшөгүндө олтурган жеринде калды. Муса атка жабышып калгандай. Алы кеткен Карагер бир эки жолу ала салып, алкынган сууга эми эч кандай каршылык көрсөтө алышпай калгандай.
Бир кезде ат жээкке карай жулкунгандай болду. Муса жээктен чуркап келе жаткан баласы менен аялын көрдү. Жан деген кандай таттуу... Заматта оюна келбеген ойлор курчап, заманасы куурула, алактай, артынган жүгүн жан талаша кескилеп жатты. Кара, жанталашканы менен колдорунун каруусу кетип, суунун муздагы денесине өтүп кеткенденби, чала өлүк болгондой, кыймылдаганга да алы жок калыптыр. Эми баары кеч болуп калган эле да. Жанараак неге ойлонбоду?.. Баары көргөн түштөй, баш аягы жок чытырман ойлор...

Муса: Баары бүттү! Баары! Карагер баары бүттүбү?!

Муса далбастап жиберди. Андан башка сөз да, ой да Мусанын көңүлүнө келген жок. Акыркы жолу үй — бүлөсүн жакшылап бир карап калганга аракет жасап, аркасына бурула берген кезде кандай кудай жалгап кетти, жаратканын билген Теңирим, берээрин да унутпайт эмеспи, Карагер жээкке сала берип, бирок жете бербей кемерге каптала түштү. Муса Кудайына жалынып, көздөрү жайнай кетти.

МУСА: Азыр чыгып кетебиз жаныбарым. Баары сенин колуңда.

Карагер менен Муса болбой эле бир топ баягы жерде буйдалып, тигилердин жүрөктөрүн ого бетер түшүрүштү. Эми анык чыкпасына, ал тургай айлампага кирип да кетишээрине Мусанын көзү жетип турду. Бирок кайратын алдырбады. Кандай камчы салып жибергенин өзү да сезбей калды. Бул жан талашуудан болгон нерсе экени айдан ачык эмеспи. Карагер болсо барган сайын алдан кетип алдастай, бул кезде камчыны да тоготкон жок. Бечара, ат болсо да адамдан акылдуу жан эле, — Өзүм өлсөм да Мусаны аман алып калайын! Балдары эмне болот? — деп, жанын сабап акыркы күчү менен жулкунду. Жаныбар да болсо Жаратканга жалынып жиберди. Жээктеги чырылдап жаткан баланын, Ажардын боздогону Карагердин сай — сөөгүн сыздатып, жер астын үстүн боло түштү. Ажар менен Муратты акыркы жолу көрүп калганга аракеттенип мойнун созуп жатты бечара. Карагер деп ушул Мурат койгон эле да. Алаканына салып жем берчү эле да. Эми тигинде, — Карагер! Карагер кетпе! — деп чырылдап жатпайбы.

МУРАТ: (солуктай) Карагер! Карагер кетпе! Кетпечи...
АЖАР: Айланайын Карагер! Кайратыңды алдыра көрбө!

А, Ажарчы? Жооруган жонун сылап, кандай карады эле. Аталасын жеп бүткүчө кетпей жанында олтурчу эмес беле. Так ушул саатта Ажардын сылаган колдорун сезди Карагер. Кантип Муратты атасыз калтырат?.. Жем, чөп, атала берген Ажарды боздотобу?.. Ажарды жаактарынан салаалап аккан жашын көргөндө Карагер өпкө жүрөгү кысыла түшүп, анан катуу бир булкунду эле, кемерден чыга түшкөндөй болду.
Жан талашуу... суунун үстүнө кан жая берди. Көрсө, бая суунун ортосунда турганда бутун өйкөй берип таштарга кесилип кеткен экен. Мусанын канды көргөндө көөнү айный түштү. Эмне болсо да эптеп жээкке чыгышса, калганын кудай өзү көрсөтөт. Аман чыгуу гана керек! Катуу булкунган Карагер сууга туруштук бере албай ала салып барып экинчи жолу даагы кемерге кептеле түштү. Анын ачуу чаңырыгынан тоолор солкулдап кеткендей болду. Жер термеле түштү. ушунча келип, жээкке кол сунса жеткидей жерде...  — Бул кандай алаамат! Сенин алың кайда?! Мусаны кантип алып кетем! — деп, өзүнө өзү нааразы боло Карагер турган жеринде туйлап, туйлап, тоо жаңырта ачуу чаңырып  — чаңырып жиберди.

ЭРААЛЫ: (аркан ыргытат) Мусаке... Арканды карма, Муса байке!
МУРАТ: Ата! Ата! Караге – ее — еер!!!
АЖАР: (Жаркынга) Жаркын, эмне жалдырап турасың, тиги баланы карма! Карагер, (ый аралаш) Касиетиңден айланайын бизди боздото көрбө. Мусаны таштап кет! Таштап кет! Балдардын убалын ойло Карагер. Мен эмне кылам. Оо, Кудай!..
ЭРААЛЫ: (жипти дагы ыргытат) Карма! Карма! Жетти! Белиңе ороп байла!
АЖАР: (жалына) Кудайым ай! Жетти! Бекем байла Муса!

Ызы — чуу, кыйкырык – сүрөөн... Кудайдын кудирети менен Мусаны суудан чыгарып алышат. Мусада өң — түс жок. Калч — калч этип бутуна араң турган Муса жээкке тизелей кулады. Аман калганына бир ишенип, бир ишенбей, араң дем алып атты. Баары тегеректей, уулу Мурат баса жыгылды. Өкүнүчтүүсү канча аракет кылышса да, Карагерди сактап кала алышкан жок. Жасаган аракеттери текке кетти. Канча убакыт өттү, канча убакыт алышкандары белгисиз, эстери оогондой эле болду. Карагер болсо баягы кептелген жеринде чучуктай чаңырып турат.

АЖАР: (Мусага) Кудайым! Кудайым сактады!
МУРАТ: Карагер эмне чыкпай турат ата? Карагер чыкпайсыңбы.
ЭРААЛЫ: (Мусага) Аман калганыңа шүгүр байке! Шүгүр!
ЖАРКЫН: Ат эми чыкпай калабы? Чаңырганын кара, Кудайым ай!
АЖАР: (Карагерге) Ырахмат сага жаныбарым. (жалына) Карагер... Карагер... Өзүң эми бир аракет жасап көрчү. Кантип бизди таштап кетесиң? Чык суудан. Чык! Чык!
МУРАТ: Карагер, чык! Ата, Карагерди чык дечи.
ЖАРКЫН: Байкуш ай, жалдырап караганын кара. Ушинтип чыкпай калабы?
АЖАР: Билбейм... билбейм... Жаныбарым ай! Чаңырыгы жандан өтүп баратат.

Так ушул учурда көздөрүн жалдыратып жээктегилерди карап турган Карагер: — Эми баары бүттү! — дегендей, ээсинин аман калганына сүйүнүп, анан баары менен түбөлүк коштошкондой башын чулгуй — чулгуй, катуу бир эки кишенелеп алды. Жан талашып тыбырчылай оордунан козголду. Ооба, оордунан козголду. Анын жан талашканын карап тургандардын сай — сөөгү сыздап, өзгөчө Мусанын кайра сууга кирип кеткиси келип турду. Карагердин үнү жүрөгүн сууруп алгандай дене — башы өлө түштү. Бул көрүнүштү сүрөттөө эч мүмкүн эмес эле. Муса менен Карагердин көздөрү бири биринен өтүп, жан алакетке түшүп жатышты. Жаратылыштын алдында экөө тең алсыз экендиктерин сезишип, күйүп... жанып... ыйлап турушту... Мусаны жалдырай тиктеген бойдон, коштошкону ошол болдубу, башын жогору бир булкуп, — Кошкула! Кош Муса! — дегендей, ачуу айкыра, Карагер сууга кирип, алкынган суунун шары менен кетти.

Карагердин үнү: — Кошкула! Кош Муса! Кош!!!

Көргөн көзүнө ишенбей Муса нес боло түштү. Бул көз ирмемде өзүнүн аман калганына сүйүнгөн жок Муса. Анын эки көзү кетип бараткан Карагерде болду. Бир кезде жээк бойлой атынын артынан жүгүрдү. Анын аркасынан башкалары. Эгер Эраалы кармап калбаганда, өзүн жоготуп койгон Муса сууга кирип кетиши да мүмкүн болчу. Ал болуп көрбөгөндөй абалда калып айланасында эмне болуп жатканын сезбей калган эле. Анын карегинде Карагердин жашка толгон жалдыраган көздөрү гана турган.

АЖАР: (чаңыра) Муса, сен кайда?!
МУРАТ: Ата! Карагерди карма! Карма!
ЭРААЛЫ: Муса байке, өзүңө кел! Эми карматпайт.
АЖАР: Буга эмне болду? Кудайым ай!
МУСА: Карагер! Карагер! Сен кайда? Мени таштап кайда барасың? Кармагыла! Карагер кетти, кармагыла! Алдынан тоскула! Токто! Карагер токто – оо — оо!!!
ЖАРКЫН: Эраалы жет! Деги эмне болуп жатат. Кудайым ай?!..
ЭРААЛЫ: (жетип кармайт) Байке! Муса байке?!
МУСА: (өксүй) Кетти... кетти...
АЖАР: Оо, Кудай! Муса, өзүңө келчи. Карагер сени сактап калды. Кара көзүм кашайып сенден ажырап кала жаздабадыкбы. Өзүңдүн аман калганыңа неге сүйүнбөйсүң?
МУСА: (жер жара кыйкырат) Карагер!!! Жаныбарым, жаныбарым! Кетпе! Кетпе!!!

Бир топко жымжырт боло түшөт. Муса нес абалында суудан көзүн албайт.

АЖАР: (кайраттуу) Балдарды, айылда калган энеңди ойлодуңбу? (ыйлап жиберет) Мени... меничи... Сен кошо кетсең биз эмне болот элек? Айтканды неге укпайсың. Мен айтканда эле арттагы атты кое бергенде эмне. Сен Карагерди кыйнап койдуң. Суу да көтөрүлүп кетти. Анан кемерге кептелип...
МУСА: (ызалуу) Катып калгырдыкы! Кашайгырдыкы! Кеттиби? Кеттиби?! Мени таштап кеттиңби, Карагер... (тоо жаңырта кыйкырат) Караге – ее – ее — ррр!!!

Мусанын ачуу кыйкырыгы тоо таш, суу, чокусу көк тиреген ак карлуу зоолорду «солк!» эттиргендей болду. Өпкө өпкөсүнө батпай баласын кучактап алып солкулдап жатты. Жаныбар адамдан артык ат болчу. Дале кырсыкка баш ийгиси жок, жерди чапкылап, чапкылап жиберди. Үмүтү үзүлбөй дагы да сууну карайт. Кайдан, бул кезде Карагердин карааны да көрүнбөй калган. Мусанын кулагына Карагердин чаңырыгы дале угулуп жатты. Башын катуу мыкчый олтуруп калган Мусага араң турган Ажар боюн таштады. Мусанын көзү алкынган сууда.

АЖАР: Муса...
МУСА: (өзүнө келе) Мени кечир, Ажар? (алыска тигиле) Кечир, Карагер? Катуу кыйналып кетти ээ?.. Кечир мени? Кечир?!
ЖАРКЫН: Аман калдык. Ажар жеңе...
АЖАР: (нес абалда) Баланы берчи.
ЭРААЛЫ: Бала — чаканын ырысы бар экен.
МУРАТ: (ый аралаш) Ата, Карагер сууга агып кетти.
МУСА: Кетти! Карагерден айрылдык балам!
МУРАТ: (солуктай) Эми суудан чыкпайбы? Суу кайдан бүтөт ата?
МУСА: Суу бүтпөйт.

 

ТӨРТҮНЧҮ САХНА

Жайлоо. Музыка. Мусалар жаңы гана жайланышып бүткөн кез эле. Алачыктын бурчунда эки баласы Мурат менен Алмаз ойноп олтурушат. Кемегенин башында Ажар менен Жаркын. Андан ары жакта Муса менен Эраалы бир нерселер менен алектенишип жатышты. Жогору жактан атчан жылкычы Байсал көрүнөт.

МУРАТ: Ата! Бир атчан келатат.
ЖАРКЫН: Ажар жеңе, жылкычы байке келе жатат.
АЖАР: Ырас эле. Эй, Муса, Байсал аке келатат.
МУСА: Көрдүм, көрдүм.
АЖАР: Тура бербей алдынан тосуп чыкпайсыңбы. (Жаркынга) Байсал акенин келгени жакшы болбодубу. Бир азга болсо да алаксыйт. Ушунун кабагы бүркөлсө, түн түшүп, жашоо токтоп калгандай болот.
ЖАРКЫН: Карагерди унута албай жатат ээ, Ажар жеңе?
АЖАР: (оор дем ала) Кайдан. Бул окуя баарыбыздын көкүрөгүбүздө калбадыбы.
Сен дагы унута албайсың, Жаркын.
ЖАРКЫН: (денесин жыйра) Эстегим келбейт.
АЖАР: Кырсык да.
ЖАРКЫН: (колун чекесине ала) Ой, тээ тигинде даагы бир атчан келатат.

Жетип келген Байсалды Муса тосуп чыгат.

МУСА: Ассалоом алейкум, Байсал аке?! Келиңиз, келиңиз.
БАЙСАЛ: Алейки ассалоом! Ии, жайланыштыңарбы? Мал жан — аманбы?
АЖАР: Кудайга шүгүр, аке. Баары жакшы.
БАЙСАЛ: (Мусага тигиле) Кырсык деген кырсык. Эми болоор иш болду. Кантет. Жигит болуш керек да!
МУРАТ: Ассалоом алейкум!
БАЙСАЛ: Азамат! Алейкум ассалоом!
АЛМАЗ: (колун сунуп тура калат) Ашолом...
БАЙСАЛ: (жогору көтөрүп) Ой, азамат! Жигит, жигит...
АЖАР: (жаңсай) Сизди көрүп эрээркеп кетти окшойт. Ичке кириңиз.
БАЙСАЛ: Жайлоодо да ичке кирип олтурчу беле. Кенен жайлоого келгенибиз кайсы, анан чатырга кирип тыгылып олтурганыбыз кайсы. (барк барк эте каткыра) Туура айтамбы. Сен кандайсың, жаш чабан? Келинчегиң, — Кетем! — деп, коркутуп жатат деди деп, Мейиз жеңеңер боору эзилип барды го үйгө. Андай тоодон корккон келинчекти кайдан тапкансың? (тамашалай) Муногу кызыл көйнөк эмеспи?
ЭРААЛЫ: (уяла жылмайып) Ошол. Ошол байке.
МУСА: Тигиндей олтуралы. Ажар төшөктү тиякка сал.
АЖАР: Жарайт. Жаркын, төшөктү мында апкел.
БАЙСАЛ: А, Жаркын де. Жаркынга биздин жайлоо жаңылык болгон экен да. Көлдүн кызы деп уктум эле. Оо, Көлдүн курортундай эле көрдүң го ээ? Накта чоң курорт биздин жайлоо экенин эми билесиң. Тарткан азабыңдын артында чоң бакыт бар экенин унутпа карындашым.
ЭРААЛЫ: Көнөт да.
БАЙСАЛ: Көнөт, көнөт. Көнбөсө Көлдөн Таласка эмне келет. Ха – ха – ха! Байсал байкең ушинтип «бап!» эткизип эле айтып салат. Көнбөй кайда барат. Ии, кетем десе, кое бергиле. Тигил ашууну ашса эле түп түз айылга түшүп барат.

Жаркын уялганынан Ажарга жашынат. Аңгыча атчан Мейиз көрүнөт.

АЖАР: Мейиз жеңем го.
БАЙСАЛ: Ана, тың жеңеңер да жетип келди. (Мейизге) Ой, эртең менен эле чыкмак эмес белең. Эми жеттиңби.
МУСА: (атын алып) Келиңиз жеңе. Жакшысызбы?
АЖАР: Жакшысызбы жеңе? Мал — жан аманбы?
ЖАРКЫН: Саламатсызбы?
МЕЙИЗ: (Жаркынга тамашалай) Ой, сен кете элексиңби? Эмдиге сени ашууну ашып кетти го деп келе жаттым эле. (кыткылыктай) Аман — эсен. Өзүңөр кандай жатасыңар? Тентектер жакшыбы? Ун ала келдим. Балдарга жупка жасап бер.
АЖАР: Кудайга шүгүр жеңе. Рахмат. Төшөккө өткүлө.
МЕЙИЗ: (балдарды өөп) Кана, Мурат жигит бул атты тигиндей байлап кел. Сен эми чоң жигитсиң да. (Алмазды көтөрүп) Бул жигит эмне кылганга жарайт? Сен бул момпосуйду жеп тур ээ. Кана, Эраалы, куржунду түшүр. Бир аз ун, майда чүйдө апкелдим. Вертолет учса, айыл тараптан киши кара келип калаар.

Эраалы Мурат экөө Мейиздин атын жетелеп кетишет. Мейиз менен Ажар карап калышат.

АЖАР: Мурат атасынан да жаман болуп жүрөт. Карагер келеби деп сурай берет.
МЕЙИЗ: Убакыт керек. Баарын убакыт өзү даарылайт Ажар. Жогорку жактагылар да келебиз дегенинен күтүп калбадымбы. Тобоо!  — Эртең эле аркаңардан жетип барабыз! — деген чоңдор, эки жумадан бери уча албай олтурушса керек. Ээ, келбесе деле бир оокат өтөт. Аман, аман калганыңарга сүйүнгүлө Муса.
МУСА: Ырахмат жеңе.
МЕЙИЗ: Мунун «рахматынын» жүүнү бош го...  — Эми кетээр ат кетти, атка армандабай, алтын башыңдын аман калганына сүйүн! Кайраттуу болгун! — деп кетпедим беле. Кайни деген жеңе келгенде кабак башы жаркылдап турушу керек. Ай, Муса!
БАЙСАЛ: (аялына) Сагызгандай шакылдабай, бизге берчүүңдү бербейсиңби.
МЕЙИЗ: (оордунан ыргып турат) А, кокуй! Азыр, азыр. Жаркын тигил куржунда...
АЖАР: Чайга карагыла. Чайга караңыз Мейиз жеңе.
БАЙСАЛ: Жеңең биздин «чайды» берип, анан олтурсун. Ажар, бүгүн түгөнбөгөн куурдагыңарды жеп, түгөтүп кетели. Эттен тажаган да чыгаарсыңар.
МУСА: (күлүп жиберет) Тажаганда да кандай. Карышкыр эле болуп кеттик. Беш маал эт. Эт, эт. Эттен танам деп эч ойлобопмун. Балдардын көргүсү жок. Жешпейт.
ЖАРКЫН: Ажар жеңе, мен нанга бир аз ун ийлеп жиберейинби?
МЕЙИЗ: Ошент, ошент айланайын. Балдар жыргап калышсын.
ЭРААЛЫ: Балдар эмес, биз деле сүйүнүп кеттик. Наны жок жашоо болбойт тура.
БАЙСАЛ: Чын эле. Нан менен суусуз жашоо болбойт! Ушул экөөнөн гана адам баласы танбайт дешет.
МУСА: (баш чайкай) Өз башыбыздан өткөрүп билдик го. Этсиз тамак жебеген жаныбыз, накта эттин өзүн күндө жегенде, жаман болот экен Байсал аке. Курусун!
БАЙСАЛ: (каткыра) Апкел, Ажар, ошол түгөнбөгөн эттерди! Закуска кылабыз. Эраалы иним, куй. Карагылачы, таза аба, кең жайлоо.... Жаман көзүң менен карабачы.
МЕЙИЗ: Эми, куучуңдап мага тийишпей жөн эле ичсең болбойбу? Ана, тиякта шылдыңдап Жаркын да күлүп жатат.
БАЙСАЛ: Билип күлүп жатат да. (Жаркынга) Сен тигил ашуудан корксоң, мен ушул жеңеңден корком! Бирок сеники жеңилирээк. Экинчи жайлоого чыкпасаң, ашуудан кутуласың. Мен мындан кантип кутулам?! Тамаша байбиче, тамаша. Сен үчүн Жаркындын жүрөгүн түшүргөн ашууга күнүнө беш чыгып, беш түшөөрмүн. Кана, алгыла.

Музыка. Баары кыраан каткы түшүп жатып калышат. Ары бери жупка жасай салган Жаркын сүйүнө эки чоң жупканы көтөрүп келип, дасторконго койду. Баарынын көзү нанда... Чуркап келген Мурат менен Алмаз да нанга кол салбай тиктеп турушат.

МЕЙИЗ: (шашкалактай) Касиетиңден кагылайын нандын улуктугу ушул да! Кана, балдарга сындырып берчи Ажар.
АЖАР: (сүрдөнө) Азыр, жеңе. (колдору калчылдап кетет) Сиздер алыңыздар.
МУРАТ: Апа, нан! Нан жейм!
АЛМАЗ: Апа, нан.
ЖАРКЫН: Алмаз, сага мен берем.

Жаркын нанга колун суна берип, тигилерди тиктеп туруп калат.

МУРАТ: Апа, нан жейм!
АЖАР: Азыр, Мурат.

Ажар баласын кучактай ыйлап жиберет.

АЖАР: Кое тур, балам.
МЕЙИЗ: Кантет. Сени кайраттуу десе...

Баарын байкап турган Байсал Мусаны сөзгө тартат.

БАЙСАЛ: Кана, биринчи балдар ооз тийсин. Ме, Мурат. Булар азыр нан дегени менен нан эмне экенин билишпейт. Ээ, Муса. Бу, адам баласынын башынан эмнелер гана өтпөйт. Бизге ушул күндөр оор тийди. А, согушту көргөндөрчү? Тээ, ачарчылык, үркүн... Биздин деле бала чак кыйын убакытка туш келбедиби. Кел, муну Алмаз жигитке берчи.
МЕЙИЗ: Ботом, эмне жалдырап олтурабыз. Кана, ысык нанга карагыла.
ЭРААЛЫ: (кубана) Кебек менен таза ундун айырмасын карасаң жеңе.

Баары бакылдаша чайга олтурушат.

МУСА: Биздин бактыбызга ошол кебектин калганын карасаң. Болбосо, балдарды кантип алаксытат элек. Кечээ апкелген наныңыздан ооз тийгендей эле болдук жеңе.
МЕЙИЗ: Кеп аман калганыңарда. Ажар, ысык чайыңдан куй. Коркок келиндин ысык наны менен ысык чай ичели.
ЖАРКЫН: (уяла жер карап) Ашуунун мындай коркунучтуу экенин кайдан билипмин. Катуу корктум.
БАЙСАЛ: (каткыра) Коркунучтуу эмес, айбаттуу дейт. Айбаттуу! Мейиз жеңең деле биринчи ашканда жүрөгү түшүп, — Эми келбеймин! – деп, мени коркуткан. Кайдан, эми кал десең да болбой ээрчип жүрбөйбү. Керек болсо, жылкыларды өзү айдап өтөт.
ЭРААЛЫ: Оо, биздин Жаркын Мейиз жеңемдей болгончо качан?
МЕЙИЗ: Баса, суудан өтүп жатканда баланын бири сенде беле, Муса?
МУСА: Алмазды Ажар, Муратты өзүм өңөрүп алган элем. — Ыргыт эле ыргыт! — деп, баары кыйкырганда, Муратты кандай ыргытканымды билбей калдым. Бир жери сынып кетсе, же...
БАЙСАЛ: Кайдагыны айтасың. Сынса бүтөт. Сууга түшүп кетпей, Кудай колдоп олтурат. Чоң Кудай өзү колдоду Муса.
МУСА: Такыр эстегим келбейт.
БАЙСАЛ: Эстебе. Экөөңдү тең аман алып калган Карагерге ыраазы бололу.
МЕЙИЗ: (тамагын жасай) Болду деп коюп эле, кайра башынан түшө бересиңби.
БАЙСАЛ: (түртүп) Бүгүн эмне эле жеңеңер мага тийишип калган. Ой, ары олтурчу!
Куурдагың сонун болуптур Ажар. Жеңеңдики тузу ачуу, же кем болуп калат.
МЕЙИЗ: Тынч эле олтурам. Ана, келиндер да күлүп жатышат. Тийишип...
БАЙСАЛ: Келиндер, — Чалын бүгүн көрдүбү? — деп, сага күлүп жатышат да. Сага тийишкендей, бүгүн сөз айтып жаттым беле. Бирдемең барбы? Апкелбейсиңби.
МУСА: Ой, Байсал аке. Сизден сөз качпайт.
МЕЙИЗ: Ботом, бербедимби. Ичпедиңби. Түбүнө жетпесе, түк козголбойт.
МУСА: (каткыра) Ажар... Тигини апкел. Апкел.
АЖАР: Азыр.
МЕЙИЗ: (ишене бербей) Чын эле барбы? Ой, силерде да барбы?
МУСА: Мейиз жеңем ишенбей жатат. Мына.
БАЙСАЛ: (тиктеп калат) Кара, кара, мунун жаны бек деген ырас ой. Килейген ат аккан сууга агып кетпеген аракпы ошондо?.. Тү — үү, ата! Куй эми, насипке айла жок да.
АЖАР: Менин куржунумда болчу.
МЕЙИЗ: Ай, бажырабай, кана амандык үчүн алып жибергиле.
МУСА: Мейиз жеңем кыйын да. Кана, Байсал аке, алып жиберели.
БАЙСАЛ: (алып жиберип) Жөн эле кыйын эмес. Мыктынын мыктысы! Ха — ха!!!
МЕЙИЗ: Жаман өзүн мактайт.
БАЙСАЛ: Айтчы, Ажар? Мындан башка кимим бар мактай турган? Ыя?!
АЖАР: Иий, жеңе. Кайра сүйүнбөйсүзбү. Мен акеме кошулам.
БАЙСАЛ: Бирөө айткан экен: — Атың жаман болсо, сатып кутуласың. Катын жаман болсо, кантип кутуласың?! — деп. Ха – ха — ха!!! Туура айтыптырбы, ыя?!

Жаркындын боору эзиле уялганынан оордунан тура качты.

АЖАР: Мен камырды сала берейин.
МЕЙИЗ: Этиң бышып калдыбы?
АЖАР: Бышмактан эзилип түшүп калды окшойт жеңе.
МЕЙИЗ: Мен силер жакка барайын. Байкеңди билесиң да, ичине бирдеме барганда эки жагын карабайт. Жүр.
ЖАРКЫН: (учуп турат) Ажар жеңе! Асманды карасаңар! Вертолет!!!
БАЙСАЛ: Аркаңардан барабыз дешкен. Келишкен тура.
ЖАРКЫН: Чын эле бизге келдиби, Ажар жеңе?
АЖАР: (сүйүнө) Ооба, ооба. Бизге келди Жаркын.
МУРАТ: Самолет! Самолет! Алмаз самолетту карачы. Ата, самолет келди.

БЕШИНЧИ САХНА

Жайлоо. Музыка. Койлордун маараганы, жылкылардын кишенелегени даана угула баштайт. Жашыл төрдө жамбаштап жаткан Муса радиосун бурагылап, домбранын коңур үнү бара — бара катуулайт. Курмангазынын күүсү жайлоону кучагына алгандай жаңырып жатты. Төрдүн бетин бербей эки атар кой жайылып жатат. Алыстан кыйкырган кишинин үнү угулат. Бул жылкычы Байсал эле.

БАЙСАЛ: Ээ — ээй, Муса! Койлордун алдын тигил бетке кайрып койсоң боло.
МУСА: Ассалоом алейкум, Байсал аке? Мал — жан аманбы?
БАЙСАЛ: Кудайга шүгүр. Жатабыз. Өзүңөр? Ажар кандай? Ох — оо, тайкелердин «Отрар сазын» жайлоодо жаңыртып олтурган экенсиң. Ушундай күүнү жараткан кишини жанынан бир көрсөк кана. (аттан түшүп, көккө жамбаштай кетет) Ии, сүйлө.
МУСА: Баары жакшы Байсал аке. Жайлообузга жеттик! — деп эле, жайылып жатып калдык. Жогоркулардан кабар адыңызбы?
БАЙСАЛ: Мурда күнү эки жылкым ошол жакка өтүп кеткен экен. Ай, куураган бир айгыр болду. (каткыра) Тентип кетет. Ошону кууп барып, алар менен да чер жаза кечке олтурдум. Кетиришпейт. Кой союшкан экен. Этин жеп, сорпосун да калтырбай ичип келдим. Каткан бирдемелери бар экен. Кантип ичпей коем. Үйгө келгенде «аяй жеңең» кадемимди ай да бир катырды.
МУСА: (каткыра) Кайран жеңем! Анан кантип кутулдуңуз?
БАЙСАЛ: (каткыра) Эми, ээн жайлоо... Кой, ай! — деген киши болбосо, эбин табыш бат эле да. (Экөө тең боорлору ката бир топко күлүшөт). Эмне тиктейсиң?
МУСА: (уялып кетет) Ой, Байсал аке...
БАЙСАЛ: (бакылдай) Эмне, байкеңди билесиң да! Жеңеңди жаттап бүтпөдүмбү. Катын безилдей баштаганда, башыңды жаздыкка ката кой, тоодой балээден кутуласың да каласың. Баса, Түкөм силерге салам айткан. Бүгүн эртең тийип кетем деди го.
МУСА: Аман болушса эле болду. Баса, карышкыр түшүптүр дешти эле.
БАЙСАЛ: Бир эки жолу келди дейт. Азыр тынчпыз деди го. Өзүң жак тынчпы? Кечээ тигил сай жактан көргөндөй болдум. Сак бол. Айылга тынчыраак кайталы. Жардамчы чабандарың тыңыраак болсо, анча коркунучтуу эмес дечи. Эртең биз тарапка өткүлө. Балдарды да ала келгиле. Тамак жеп кетишсин деп, жеңең бүгүн силер жакка кеткен. Эмдиге Ажар экөө чай ичип отурган чыгаар.
МУСА: (күлүп) Эмне болгон майрамдын урматына? Кийинки жумада баарыбыз чогулуп, бир улак оюнун жасайлы дебедик беле? Жөн жай элеби, Байсал аке?
БАЙСАЛ: Жөн жай эле. Бизди жылкынын сорпосун ичип, чучук жесин дешип, кара баскан «какеңдер» бир кулунду чапчып кетишиптир. Тээ тигил уурчуктун этегине камалып калыптыр. Өзү бирди көрчү кулун эле да, байкабай калыпмын.
МУСА: (кейип) Каап, жаман болгон экен. Жаш кулун беле?
БАЙСАЛ: Ооба. Арткы бутунан тиштеген экен, катуу кыйналып калыптыр бечара. Мал болбосуна көзүм жетип мууздап салдым.
МУСА: Көп эмес го? Болбосо жаш малды тапыратып кетишмек.
БАЙСАЛ: Ошону мен да айтып жатпаймынбы. Жеңең да бир кызык киши. Муздайын деп жатсам: — Мал болуп кетээр, тийбей эле койсоңчу? — деп, маңдайыма туруп алыптыр. Кайдан мал болсун.
МУСА: Кантип таптыңыз?
БАЙСАЛ: Кайдан тапмакмын. Түкөмдүн чоң баласы өтүп бара жатып бечаранын кишенелеп кыйкырганын угуп, ошол көрүптүр. Атын да унутуп калбадымбы. Атасындай палбан неме болот ээ?
МУСА: Түгөлбай акенин кичүү уулун айтасызбы?
БАЙСАЛ: Ии. — Кантип жалгыз алпарат элеңиз. Мен жеткирип берейин — деп, үйгө чейин жеткирди.
МУСА: Үйгө чейин кыйнабай, ошол жерден эле мууздап жиберсеңиздер болмок. БАЙСАЛ: Сен да жеңеңдин сөзүн сүйлөйсүң да. Ага эмес, кыйналып жеткизген бизге, мага бооруңар оорубайбы? (таарынгандай) Менин кыйналганымды ойлогон киши жок. Туулгандан тескери мал болчу. Жайлоого келгени азабымды гана берди го. Эми экөөбүз тең тынчып калдык окшойт. Андан да жеңеңдин мени күйгүзгөнүн айт. — Издей берип тажатып бүтүрдү дечү элең, эми жаның тынчып калдыбы? — деп коет. Ии, ошентти.
МУСА: (катуу кейип) Сак болуш керек болуп калды. Бир кыныгын алып алышса, «май талканын» чыгараары бышык. Өткөндө тигинде экөө сагалап жүрдү.
БАЙСАЛ: Эмнеси болсо да сак бол. Жылкыга кол салып жатат, койду жөн эле майкандабайбы. Сак боло гөр! Кой мен жөнөйүн.
МУСА: Эми эле келип жөнөйүн дегениңиз кандай? Бир азга олтурсаңыз болбойбу? (радионун үнүн катуу чыгарып) Карасаңыз, сизге арнап ырдап жаткандай. Жылкы айдап үрөң бараңда дейт.

Радиодон Канымгүл Досмамбетованын «Кыйылып турам» деген ыры өзүнүн аткаруусунда кетип жатты. Муса менен Байсал ырды аягына чейин унчукпастан муюп угуп жатышты. Айлана обонго термелип ого бетер көркүнө чыга түшкөндөй.

БАЙСАЛ: (кулак түрө) Бах! Үн эмес бекен! (айланасына суктана карап) Ушул ырчы азыр ушул экөөбүз олтурган жерде олтуруп ырдаса, жайлоонун көркүн мындан да укмуш сезмек ээ? Карачы Муса?!... Кара. (сүрөй санын чаап) Эй, үнүңдөн!!! Соз! Соз!
МУСА: Ыя, Байсал аке, ушул жакка келсем, такыр төмөн түшкүм келбейт. Не деген ырахаттуу күндөр өтүп жатат ээ?
БАЙСАЛ: (каткыра) Биротоло көчүп эле келип албайлыбы? Айылга тигил чокудан дүрбү салып олтура беребиз.
МУСА: Андай болсо кана. Якуттар деле муздун үстүндө жашап жатышат го. Ага караганда биздин жайлоо, бейиштин төрү! Туура айтамбы, Байсал аке? Караңызчы?
БАЙСАЛ: (суктана) Оо, мындан өткөн бейиш барбы? Кудай Тааланын жүрөгүнүн кеңдигин айтсаң Муса. Кыргыз элимдин энчисине ушундай бейишти берип койгонун.
МУСА: (ойлуу) Чын эле. Суусу жок какыраган чөлдө, же тиги Якуттардай муздун үстүндө жашап калбаганыбызга шүгүр дейли. Кыргызымдын жери бейиштин төрү!
БАЙСАЛ: Ошону сөз менен жеткире албай жатпаймбы. Менин сөзгө мококтугум болгону менен, жүрөгүм менен баарын сезем.
МУСА: Коюңузчу. Сиз сөзгө чоркок болсоңуз, анда биз сүйлөбөй эле коелу.
БАЙСАЛ: Анткенимдин себеби, береги жерибиздин сулуулугуна да, байлыгына да, бир дагы сөздүн күчү жетпейт. Мунун баарын сөз менен эч жеткире албайсың.
МУСА: (айланага суктана) Аныңыз ырас аке. Береги баш аягына көз жетпеген керилген тоолор... тигил айбаты күчтүү ашуулар... алкынган суулар...
БАЙСАЛ: Жерден боорубузду көтөргөндөн ушул тоолор менен биргебиз. Өз үйүңдөй эле ысык болуп калат. Ылдый түшсөк мында чыккыча шашабыз, мындан ылдый түшкүчө... (ойлуу) Кан — жанга сиңип, ар бир кокту колоту ысык болуп калат тура.
МУСА: Айылга барган кезде, тумчугуп, батпай кеткендей болом. Бул жакка келгенче шашам. Тоолорду кадимкидей сагынам десеңиз.
БАЙСАЛ: (каткыра) Сагынбай анан. Он эки жашыңдан колуңа таяк кармап, мал менен келе жатасың. Ошонун өзү чоң эрдик Муса. Ысыкты ысык дебей, суукту суук дебей, мал артынан жүргөнүңдүн өзү саган канча бакыт апкелгенин азыр сезбесең, бир кезде сезесиң. Сенин бактың тоолордо! Тоолор жүрөктүүлөрдү сүйөт. Ошондой Муса. Мен сага көп учурда тан берем. Мезгил, убакыт дегениң бир жерде тура бербейт. Баары өзгөрөт. Бир кездеги колуңдагы таяк жулкунган күлүккө айланып, өзүң да жигит болуп, тапталып, такшалып чыга келгениңди өзүң билбей калдың. Мезгил, убакыт чоң сыноо. Ошонун баарын көтөрө алган адам гана, баарына туруштук берип, баарына чыдап, алдыда күткөн бийиктикке жетет. Буюрса ушул бойдон турсаң, тигил баатыр чабандардай, бир жакшылыкка жетээринде эч шегим жок. Эмгектен коркпош керек. Чыдамдуу болуш керек Муса. Чыдамдуу! А, сенде жүрөк бар!
МУСА: (каткыра) Ой, Байсал аке, жаман катуу мактап жибердиңиз го.
БАЙСАЛ: Бул куру мактоо эмес Муса. Чабандык кесип оңой кесип бекен. Буга да чыдаган киши чыдайт. Өмүрдүн баары мал менен минтип тоолордо өтөт. Азап тозогу канча. А, тоолордун арасында жүргөн өмүрдүн теңдеши жок!
МУСА: (тыным) Биринчи жолу ашуу ашканым такыр эсимден кетпейт. Атымдын буту тайып кетсе, — Өлдүм! — депмин. Кыл көпүрөдөн өткөндөй эле болгом.
БАЙСАЛ: Кыл көпүрө эмей эмне? Жаныңды уучтап өтөсүң. Кылт этсең кеттиң. Тигил ашуу, канчалаган атар — атар койлорду, тобу менен жылкыларды, кырчындай жигиттерди жуткан кездер болбодубу. (оор үшкүрөт) Кайран жигиттер...
МУСА: (тыным) Ии... (мукактана токтоп калат)
БАЙСАЛ: Ошонун баарын көрүп деле, ага болбой тоолорго тартыласың. Береги ашуунун өзүндө не деген сырлар жатат. Туу чокусуна келгенде... Эх дүнүйө! Өзүңдүн баатырлыгыңды ошондон аман түшкөндө сезесиң.

Музыка. Экөө тең бир топко чокуларды карап ойлуу олтуруп калышат.

МУСА: (кыялдана) Ыя, Байсал аке? Ашуунун ары жагындагылар мындагы жердин, тоонун, суунун керемет сырларын түшүнүшпөсө деле керек ээ? Кыялданып сезгендери менен, өз көздөрү менен көрүп, азабы менен алышпайт да дегеним го.
БАЙСАЛ: (барк барк эте каткыра) Түштөрүнө киреби дебейсиңби. Бул жагынан сен экөөбүз бактылуубуз Муса. Көрмөк тургай, минтип, жамбаштап жатабыз. Биз азыр бейиштин төрүндө олтурабыз. Бейиштин төрүндө! Карачы айланаңды. Не деген керемет! Не деген ажайып дүйнө! Абасын кара. Кере — кере жутуп, мас боло керилип жата бер. Бир убакыт келет. Ээ, Мусаке... Ошондо сен экөөбүз да мында каттабай калабыз. Муну көргөн да, көрбөгөн да бар. Бирок кептин баары көргөндө эмес. Ошол көзүң менен көргөндүн, колуң менен кармагандын баарын, табигаттын сага тартуулаган сырларын өзүңө сиңире билгенде. Табигат менен жупташып кошо жашай билгениңде.
МУСА: (көпкө тигиле) Катуу ойго түшүп кеттиңиз го.
БАЙСАЛ: Сени да билем, айыл тарапта жүргөнүбүздө: — Эртерээк эле жайлоого кетсек экен! — деп, береги чокуларга тигиле көздөрүң жайнай түшкөн кездерди көп эле байкагам. Сенин жан дүйнөң, жашоодо бийик койгон улуу максатың береги тоолордо экенин мени сезбейт дейсиңби? Сага окшогон жап жаш жигиттер тигил төмөндө, айыл ичинде, эмне кылып жүрүшөт. Кара курсактын тойгонуна корстон болуп, бозодон тое ичип алышып, «ка – аа — арт» кекирип жүргөндөр да жок эмес Муса.
МУСА: (ыңгайсыздана) Коюңузчу, Байсал аке. Өтө эле мактап жибердиңиз.
БАЙСАЛ: Бул мактоо эмес Мусаке. Бул менин сенин ишиңе, жашооңо, мынабул тирүүчүлүктө убактыңды текке кетирбей, жашоого терең көз караш менен карап, өз жолуңду тапкандыгыңа берген агалык гана баам. Азыр бул сөзгө анча маани бербегениң менен, кези келгенде: — Ошондо Байсал акем бекер айтпаган экен деп, мүмкүн көзүм өткөн кезде эстээрсиң. Сага караганда турмуштан тажырыйбам көбүрөөк. (каткыра) Ошондой Муса. Же, сенин мага айтаар акылың барбы.
МУСА: (күлүп) Коюңузчу, Байсал аке. Мен сизге акыл айтып... Катуу тамаша кыласыз да. Канча жылдан бери үзөнгүлөш жүрөбүз, бир ирет катуу кеп сөзүңүздү укканым жок. Бир тууганым болгондо деле сиздей эле болмок деп коем.
БАЙСАЛ: Э — ээ, Муса. Бир тууганым жок деп, кейибе. Балдарың бар. Сага ошолор бир тууган. Каары катуу согуш канчаларыбызды кемитти. Мен да жалгызмын Муса.

Экөө бир топко тунжурай түшүшөт. Алыстан атчан Мейиз көрүнөт.

БАЙСАЛ: Тигил каяктан келатат? Ылдый силер жакка кетти эле, эми жогорудан келатканы кандай? Ой, сен кайдан?
МУСА: (оордунан тура калат) Амансызбы жеңе?
МЕЙИЗ: Кудайга шүгүр. Кабыргаларды салып, туздап, мурчтап, чучуктарды жасап илип койдум. Эртең бала — чакаларды алып, ылдыйкы кошунаңарды ээрчитип биздикинен тамак жеп кеткиле. Ажарга өзүм айтып келатам.
МУСА: Чучуктар сүрсүгөндө эле барбайт белек жеңе.
МЕЙИЗ: Сүрсүгөндө да жейбиз буюрса. (күйөөсүнө) Жамбаштап жатканын кара. Ушинтип уктап калып алдырып ийип олтурат да.
БАЙСАЛ: (кыт кыт күлө) Уктап калсам кана. Унутуп кетип десең.
МУСА: Ой, Байсал аке. Жеңилбеңиз.
МЕЙИЗ: Жеңилбей калсын. Муну жеңем деген киши...
БАЙСАЛ: Ошол тийген карышкырга да, унутуп кеткен мага да, адашкан тайга да ырахмат айтуу керек. Өзүң деле жылкынын этин сагындым деп жатпадың беле. Кайран «какемдердин» бирөө жарымы угуп калган го. Сага даярдап жиберишкен тура.
МЕЙИЗ: (мурчуңдай түшөт) Сени шылдыңдатып эле койсо. Карыганын билбей калжаңдап тийишип турганын карабайсыңбы.
МУСА: (боору эзиле) Ой, Мейиз жеңе, сиз да катырдыңыз. Бирок Байсал акем али жаш! Карыдың дебеңизчи.
МЕЙИЗ: (кылыктана) Карыбаганда... Мени ала качкан кези кайра келмек беле.
БАЙСАЛ: (каткыра) Жеңеңди байкадыңбы, жайлоого келгени жашарып кетти. МЕЙИЗ: (кекетип) Тигини — тигини. Айтканын уктуңбу? Үйгө бараарсың. (атынын
башын бура) Мен кеттим, эртең кечикпей эрте келгиле Муса. Ажар экөөбүз да көптөн бери көрүшпөй сагынышып калган экенбиз, оголе көпкө олтурдук.
БАЙСАЛ: Ээ – ээ — эй, кемпир?! Токточу?
МЕЙИЗ: (мурчуңдай) Ушу мени кемпир дегениңди коюп жүр дебедим беле ыя?!
БАЙСАЛ: (боору эзиле) Мына ушинтмек! Койдум, койдум. Кайын атанын эрке кызы төмөн кеттиң эле, жогоруга эмне чыгып кеттиңиз?
МЕЙИЗ: Зериккенимден айланып жүрөт дейсиңби. Тигил Түгөлбай акелердикине тийе кетейин деп жогору чыктым. Сенин унутуп коеруңду билем да. Тамакка чакырдым.
БАЙСАЛ: А, туура иш кылыпсың. (көпкө тигиле) Жаман тыңсың да.
МЕЙИЗ: (Мусага) Мына ушинтет.
БАЙСАЛ: Унутчаактыгымды моюнга алам. Туура, туура. Баласына эртең менен жолуккам. Мен да айттырып жибердим Мейизжан. Өзүң өтүп туура кылыпсың.
МЕЙИЗ: Көптүк кылбайт. Үй ичинин эсендигин билип, жеңе менен кобурашып кайттым. Башка сураарың жокпу, мен кеттим.
БАЙСАЛ: Бир өптүрүп кой дейин десем, мында Муса турат. Кете бер эми.
МЕЙИЗ: (уяла) Тигини, тигини! Үйгө бараарсың. Кадемиңди катырам сенин.
МУСА: (Байсалды колдоп) Ой жеңе, мен тескери деле карап турам.
МЕЙИЗ: Ушу экөөңдү эмне кылсам ыя?! Тамашаң менен куру. Мен кеттим.
МУСА: (каткыра күлүп жиберет) Жакшы барыңыз, буюрса эртең барабыз жеңе.
МЕЙИЗ: (кетип баратып) Жамбаштап жата бербей жылкылардын баш аягын карап койсоң боло. Жанагы эки жаш кулунга сак бол.
БАЙСАЛ: (Мусага) Көрдүңбү, менин көргөн күнүм ушул!
МЕЙИЗ: Арызыңды айтып жата бер. Мен болбосом көрөт элем сени. Мен бар үчүн мыктынын мыктысы болуп жүрөсүң да! Кеттим!

Музыка. Мейиз атына камчы салдыра бастырып кетет. Байсал менен Муса артынан узата күлүп кала беришет. Радиодон шаңдуу ыр жаңырып жатты.

БАЙСАЛ: (каткыра) Жеңеңдин атка олтурушун көрдүңбү. Жылкычынын кызы да.
МУСА: Анан да жылкычынын аялы! Жеңем кыйын.
БАЙСАЛ: Илгери бир тойдо «Кыз куумайга» түшөм деп, аябай уят болгом. Жетип келип камчы менен жон талаштыра бир эки салды эле дейсиң. Ошондон артынан калбай аңдып жүрүп, ала качып кеткем. Мен да эрдик кылыптырмынбы ыя? О — оо, жеңең кыйын, кыйын. Керек болсо ашуудан жылкыларды өзү айдап өткөн күндөр болду го.
МУСА: Мен көрүп калбадымбы Байсал аке. Билем да.
БАЙСАЛ: (Мейизден көзүн албай) Өзүмдүн аялымды өзүм мактабасам, атаңдын
оозурайын! Анан ким мактайт? Катындар жакшы үчүн каткырып олтурабыз да! Ушулар бизди түшүнүп, биз көргөн азап тозокко чыдашканына Кудайга ырахмат айтуу керек. Жеңилибизди жерден, оорубузду колдон алып, ачуу — таттууну бир татып, не күндөрдү көрүп келе жатышат. Ээ, ушулар мыкты болгон үчүн, биз да мыкты болуп олтурабыз.
МУСА: (муюп) Чын эле, биздин жашообузга баардык эле аялзаты чыдай албайт.
БАЙСАЛ: Буларда жүрөк бар. Болгондо да кандай жүрөк! Анча мынчалар береги ашууну ашмак тургай, дөмпөйгөн дөбөнүн үстүнө чыга алышпайт. Ашууну айтасың, апалап качпайбы. (экөө тең эзиле күлүшөт) Кара, жорголоткон бойдон жеңеңдин карааны да көрүнбөй калды.
МУСА: Жеңем атка минген жактан анча мынча эркектерди алдына салдырбайт.
БАЙСАЛ: (бакылдай) Алган жарың жакшы болсо, эркектин эле бактысы Муса! Ажылдап беттен алып турса, ошол да жашообу.
МУСА: Туура айтасыз.
БАЙСАЛ: Ажарды жакшы кара. Мурчуңдап, кучунашын кармаптып, элди көзүнө илбей ажыдаардай аңкылдаган аялдарды көргөндө жакаңды кармайсың. Жолдош жоролору менен үйүнө барганда кээлеринин аялдары атырылып алдынан чыккандарын көргөнүмдө, Мейиз жеңеңдин алдына төшөк болуп эле төшөлүп калгым келет. Кандай гана абалда келбейин кабак чытып, мурчуңдаганын көрө элекмин. Жаман көргөнүн да билгизбейт. (мойнуна ала) Эми бизден көп эле кемчиликтер кетет дечи. Эркекбиз да! Ошонун баарын көтөргөн аялдан айланса болот. Туура айтамбы Муса? Байсал акең...
МУСА: (колдоп) Туура, туура айтасыз Байсал аке.
БАЙСАЛ: Сенин Ажарың да оңой эмес! Аттан түшө электе эле, — Чай ичиңиз? – деп, жаркылдап турат. Жарың мыкты болсо, жаның тынч, жашооң берекелүү болот. Ой, бүгүн бир черди жаздык окшойт ээ, Муса. Жеңең айткандай жылкылар канча кыр ашып кетти ким билет. Барайын. Эртең шашпай олтурабыз. Баса, жанагы жардамчы чабаның көндүбү? Аларды да алып алгыла.
МУСА: (күлүп) Көндү окшойт. Жүрөт. Карышкырдан корком деп коюп.
БАЙСАЛ: (дүрбүсүн сала) Сенин үйүң мындан көрүнбөйт экен. Тигил жондон балдарыңдын чуркан жүргөнүн карап олтурам. (кериле) Бах! — десең. Жайлоонун абасын карачы. (үн созо) Ээ — хе — хе — хе — хээй! (катуулап) Эхе — ээ — ээ — ээй!!! Мына жаңырыкты угуп ал. Кээде тигил жонго чыгып алып жеңеңе ушинтип кыйкырып койсом: — Кутуруп кеттиңби! – деп, чайын бултуңдап тултуңдап жатып берет. Карачы Муса, ушунун баары биздики болуп жатпайбы. Кандай чапсаң, кай тарапка чапсаң өзүң бил. Жолуңду тоскон да, кой деген да эч ким жок. Оңкочок ашып ойносоң да эркиң менен боло бер. (эстей калат) Ии, томпойуң барбы, ала кел. Бир атышалы.
МУСА: Аны ырас эскертпедиңизби. Ала барам.
БАЙСАЛ: (даагы үн сала кыйкырат) Мына сага! Мени бүт аалам угуп жаткандай сезем. Ушинтип үнүмдүн болушунча кыйкырам. Анан ырдайм. Эмне күлөсүң. Оо, Байсал акең ырдаганда кандай ырдайт. Тобоо, жеңең уят дейт. Ким карап олтуруптур сени. Жеңилдеп, ырахаттангандын эмнеси уят. (созолонто ырдап кирет)
Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Колума кызыл гүл алып ой,
Коштошкон күндү сагынам.
(каткыра) Ха! Ха! Мына сага! Тээ бала кезде Мейиз жеңеңе ашык болгондо мына ушинтип ырдоочумун Мусаке. (кайра ырын ырахаттана улантат).
Сагынам сени сагынам,
Карабай өтпө жанымдан.
Сүйгөнүн эстеп сагынуу,
Эң кыйын экен баарынан.
МУСА: (кыйкыра) Эртеңге чейин Байсал аке. Жакшы барыңыз.

Байсал атка кыйшая олтуруп кыңылдай бастырып кетет.

 

АЛТЫНЧЫ САХНА

Көк бөрү. Айылда. Музыка. Айыл чети. Көк бөрү талаасы. Ал кезде Тай казан деген жок. Эки жерди болжолдошуп чийип коюшту. Шаңшып чыккан комуздун үнү жаңырып, айлана толгон эл. Чоң тойдон көрүнүш. Улакчылар аттарын жулкунтушуп, Көк бөрү башталаар алды. Бири — бири менен тамашалашып бакылдаган үндөр, ич ара талаш тартыштар, каткырыктар. Ары жактан: — Баштабайлыбы! — деген үндөр чыгат.

КӨПЧҮЛҮК ЭЛДЕР:
—  Ой, тура беребизби. Той ээси кайда?!
—  Кеч болуп кетмей болду го! Баштагыла!
—  Эй, Өмүке! Байгесин чоңураак сай. Бизге да жетсин.
—  Баштабайсыңарбы?! Байгесин айткыла. Канча дейт?!
БАЙСАЛ: Азыр, туугандар! Азыр баштайбыз!
ЭЛДЕР: Күндү өткөрбөй баштагыла! Биз ошо кызыгын көрөлү деп келдик да!
БАЙСАЛ: Жигиттер даярсыңарбы?!
ЖИГИТТЕР: Даярбыз! Даярбыз, Байсал аке! Баштаса баштайлы!
БАЙСАЛ: Кана, Өмүркул аке, жигитти мында апкелиңиз. Тынчтангыла!

Бака — шака түшкөн элдер дале будуң чаң. Аларды тынчытып, Байсал ортого чыкты. Эми баары тынчыгандай болду окшойт, той ээси болгон Өмүркул аксакал небересин ортого алып чыгып, элден бата сурап, топ элдин алдында алакан жайды. Аттарын жулкунткан жигиттер экиге бөлүнүшүп катарга тизиле туруп калышты.

ӨМҮРКУЛ: (небересин көтөрүп) Оо, журт! Мына менин баатырым!!!
БАЙСАЛ: (элди тынчытып) Кана, тынчтангыла!!! Өмүкем бата сурап жатат.
ӨМҮРКУЛ: (бата сурап) Ак батаңарды берип койгула, кагылайындар! Неберем элдин керегине жараган жигит болсун! (алакан жая) Оомийин?!
КӨПЧҮЛҮК ЭЛДЕР:
—  Оомийин!!!
—  Той тойго улансын! Жигит болсун!
—  Жигиттин өмүрү узун болсун!
—  Бактылуу болсун! Элдин кишиси болсун!
—  Оомийин!!! Оомийин!!!
—  Кана, эми Көк бөрүңөрдү баштагыла!
—  Баштагыла! Кеч болуп кетет.

БАЙСАЛ: (улакчыларга) Жигиттер! Талаш тартыш, чатак болбосун! (элге) Силер аттардан алыс тургула. Бала — чакаларга сак болгула. Ары жылгыла. Кана, баштадык!!!

Көк бөрү башталат. Ана көрүп ал. Не деген көрүнүш. Алып учкан аттар. Бири биринен ашкан билектүү жигиттер... Ой, ота десең! Сүрөөсү күчтүү болсо кандай жаныбар элирбейт. Аяктары жерге тийбей желдей учаары да бышык. Аттар менен аттар тирешип, катуу даярданышкан эки тарап биринен бири улакты жулуп качышып, улак таштоочу белгиленген жерге келгенде жөөлөшүп, кээси аттан шыпырылып түшкөнүнө карабай кайра чап мине, улакка жабышып жатты. Көк бөрүгө келгенде ар бир атка минген эр жигит биринчи болгусу келээри айдан ачык. Бирок баарына эле улакчылык өнөрдүн бериле бербеши да, бул үлүш баарына тие бербеши дагы чындык. О — оо, улакка келгенде бул өнөр Мусанын каны — жаны менен бирге жаралгандай. Улак болот дегенде Мусанын көздөрү жайнап, каны кызып, жүрөгү ойноп кетээр эле. Жамгырбы, же карбы, мейли бассын туманы, ар качан Карагери экөө улакка даяр!
Бүгүнкү Көк бөрү бөтөнчө болду. Ооба, ооба, бул Көк бөрү Муса менен Карагердин гана эсинде эмес, көргөн, билген, жалпы элдин да эсинде түбөлүк калаарын ошондо жаш улакчы Муса кайдан билиптир. Бир улакта он жети жолу улак таштаган, бул өзү жомок эмеспи? Ким таң калбайт? Мындай мурун болгон эмес, кийин да болгон жок! Жашоодо кайталангыс учур бир гана ирет кездешет. Бул Көк бөрүдө Муса өзүнүн накта улакчы экенин, Теңирдин берген өнөрүн эл алдында мурда болуп көрбөгөндөй көрсөткөнүн, накта улакчы чоң жаңылык жасаганын өзү да сезген жок. Алдына ат салбаган Карагер экөөнүн кайталангыс көз ирмеми ушул той, ушул күн, ушул Көк бөрү болду!
Ана... ана... Ээсинин кыймыл аракетин айттырбай түшүнгөн Карагери менен Муса улакты такымга бекем баскан бойдон желдей учуп баратышты. Аркасында топ атчандар. Айкыра кыйкырып улакчыларды сүрөгөн элдердин сүрөөлөрү...
— Ана, даагы бирди таштады!
— Азамат! Азамат, Муса!
— Жарайсың! Жарайсыңар жигиттер!!! – деген кыйкырыктар жер жарып жатты. Көк бөрү кызыгандан кызып, демдери буркулдап, ооздорунан ак көбүктөрү ата бууланган аттар, камчыларын тиштенген, тирешкен улакчылар!.. Муса Карегердин кулагына бир нерселерди шыбырай, сүрөп баратты.

МУСА: Карагер сен алгырсың! Кана, кеттик!!!
БАЙСАЛ: Капталдай чап, Муса! Бас, такымга, бас! Аттын башын кое бер!
ЭРААЛЫ: Мусаке, карматпа! Жарайсың Карагер! Самыр алдыга чык!

Элдердин сүрөөсү жер жарып, тээ айылга чейин угулуп жатты.

КӨПЧҮЛҮК ЭЛДЕР:
— Оо — уу — уу  — уут!!! Бас! Бас! Жеткирбе!
— Ташта! Ташта, Муса!
— Жигит бүгүн күчүндө! Кое бер атты!
— Азамат! Ушундай болмок. Эраалы капталынан чык!
— Улак деп ушуну айт! Самыр, Самыр, Мусага ыргыт! Жет!
БАЙСАЛ: (сүрөп) Көрдүңбү, Өмүке. Көрдүңбү кандай таштаганын. Жарайсың, Муса! Жөнө, жөнө! Улак эмне экенин көрсөт. Бас! Бас! Ташта! (ыраазы боло) Таштады!
ӨМҮРКУЛ: (таңдана) Баракелде! Баракелде! Бул бир укмуш го.
БАЙСАЛ: Сак болуш керек эле да. Эч нерсе эмес.
ӨМҮРКУЛ: Ой, балам, сага эмне болду? Эч жериң сынган жокпу?

Энтигип чыга келген Эраалы той ээсинин менен Байсалдын жанына келип туруп калат.

ЭРААЛЫ: Бир аз бутумду кайрып алдым. Эч нерсе болбойт. Мусакемдин кандай таштаганын көрдүңүзбү аксакал? Бүгүн балдар күчүндө. Көптөн бери улак болбой буулугуп калышкан экен ээ. Сиздин небереңиз ушундай улакчы болсун! Самыр! Ой, ата!
ӨМҮРКУЛ: Айтканың келсин балам. Жакшы тилек жарым ырыс эмеспи. Болсун, болсун. Ылайым айтканыңар келсин. Минген жаныбары экөө бири бирине куп жарашат экен. Бүгүнкүдөй Көк бөрүнү өзүм да биринчи көрүп жатам.
ЭРААЛЫ: Баары пейилден. Биз жайлоодон түшпөй калганда мындай болоорун бир Кудай билмек. Ана, Муса байкем дагы кетти. (кыйкыра) Жет! Жет!
КӨПЧҮЛҮК ЭЛДЕР:
— Ташта! Ташта, Муса! Жеткирбе!
— Оо — уу — уу, өлтүрдү да!
— Мына сага, Көк бөрү!!!
— Улак, улак! Улак деп ушуну айт.
— Жигиттер араң эле турган экен ой!
БАЙСАЛ: Жарайсың, Муса! Бүгүн сенин күнүң болду. Ыргыт, ыргыт! Оп — паа!!!
КӨПЧҮЛҮК ЭЛДЕР:
— Ой, тигил экөөнүн аттарын кармагыла.
— Ой! Ой, ата, тебишип жаткандарын карчы!
— Чапкылай берип атты өлтүрмөй болду го.
— Түү, айбан неме го! Ой, Самыр, атты өлтүрөсүң!
— Ой, ата, Муса даагы таштады!
ЭРААЛЫ: Кайран Карагер, бүгүн күчүндө экен ээ, Байсал аке?!
ӨМҮРКУЛ: Тигилер эмне үйүлүп алышты? Бир чатак чыгып кетпейби?
ЭРААЛЫ: (каткыра) Аттар тирешип жатат да, Өмүке. Сакем алдырбайт.
ӨМҮРКУЛ: Чатакташып кетишпесе эле болду.
БАЙСАЛ: Ой, Өмүке, аттар да күчүн сынашат.
ЭРААЛЫ: (сүрөйт) Карагер кетти. Аа — уу — уу — уйт!!! Бас, Карагер, бас!!!
БАЙСАЛ: Кайран жаныбар буулугуп калган экен. Бүгүн бир бугун чыгарып жатат.
Жайлоодо жүрүп, бир аз эттенип албадыбы. Бирок күчүндө.
ӨМҮРКУЛ: (Байсалга) Сен эмне кирбей турасың? Кирсеңчи. Байка. Кирбей калып, арманда кетпе. Айтканыңдай мындай улак күндө болбойт Байсал.
БАЙСАЛ: Азыр кирем. Муса да, Карагер да буулуккан экен, кара терлерин төгүп
жатышат. Каап, алдынан тосуп алышты. Муса, четке сал!
ӨМҮРКУЛ: Бул баланын мынча тапталганын бүгүн көрдүм. Азамат болуптур.
БАЙСАЛ: Муса али жаш да Өмүке. Эми көрөсүз. Бул улактан кийин Муса менен
Карагердин баяны далай өрөөндүн баш аягына жетип, али даңкы таш жарат. Оо, тиякта кошуна казактар жатат. (бакылдай күлүп) Баарын талкалайбыз. Кана эмесе, мен кирдим.

Араң турган Байсал улакка кирип кетет. Улак баягыдан да кызыйт.

ӨМҮРКУЛ: (ыраазы боло) Болсун, болсун! Жаны аман болсун. Тигилерге эмне болуп жатат? Кой дегиле.
ЭРААЛЫ: Ой, бул эч нерсе эмес да. Али кызыгы алдыда!

Көк бөрү өтө кызуу жүрүп жатат. Ошол учурда каптал жактан эки киши жакалашып кетишет. Эраалы ажыратат. Алардын бири Карагердин мурунку ээси, ошол айылдын тургуну Турсун эле. Аракка тоюп алган неме бакылдап жатты.

ТУРСУН: (жулкуна) Кимдин аты чыгып жатат, ыя? Меники! Мына, меники!
ЭРААЛЫ: (тыйып) Ой, силерге эмне болду? Чырдашпай, жөн тургула. Уят.
ТУРСУН: (мас) Эй, бала, сен мага сүйлөбө! Мен сенден улуу кишимин.
ЭРААЛЫ: (жактырбай) Туке, мен сизди сыйлам. Болду эми.
ЖАКЫП: Эмне болуп кетти? Ой, Турсун, уят эмеспи. Ырдан чыр чыгарбай, тынч бол. Атаңдын оозурайындар! Бул эмне деген жосунуңар?
ТУРСУН: (темтеңдей) А, сен Эраалы, мага кыйын болбочу. Менин атым менен сенин Мусаңдын атагы чыгып жатат. Туурабы? (мылжыя) Болдум, болдум. (өзүнчө) Ой, ата, баары эле кыйын.
ЖАКЫП: (ачуулуу) Кыйшайган атаңдын оозурайын! Кыйын болсоң кор кылбай таптап албайт белең. Башыңды жара чабайынбы. Тур ары, сасыбай! Ичип алган тура.
ТУРСУН: (кекетип) Ичтим! Чап, чап! (ырсая) Атты кыйнаба деп койчу Байсал.
ЖАКЫП: (жактырбай) Тигиндей алып кеткилечи. Өмүке, той кут болсун.
ӨМҮРКУЛ: (тыйып) Рахмат. Ай бала, тынч тур эми.
ТУРСУН: (ырсайып) Эч жакка барбайм. Карагеримди көргөнү келгем. Кечирип коюңуз аксакал. Той жакшы өтүп жатат. Баары жакшы. (колун куушура бөжөңдөп) Мен сизди сыйлайм. Өмүке, баары жакшы болот.

Мылжыңдай араң турган Турсун Эраалыга капталдай тура калат.

ЭРААЛЫ: (кыжырлана) Улактын бир тобун өткөрүп жибердим. Ой, кетчи!
ТУРСУН: (термелип) Мени башкаргандай сен кимсиң, ыя?! Турчу ары! Тур!
ЖАКЫП: (ачуулуу) Тоюп алган экенсиң ээ, баатырым! (жоошутуп) Мындагы той ээсин сыйлабайсыңбы. Аксакал киши сага катуу айта албай турат. Тигиндей барчы, Туке.
ТУРСУН: (тырыша жанашып) Жок! Мен ошол адамды сыйлап мында турам.
ЭРААЛЫ: Аксакал, Муса даагы таштады. Ана, ана! Оп — па, даагы! О — уу!
ТУРСУН: (кыйкыра сүрөп, бийлеп кирет) Оо — уу — уу!!! Уу — уйт! Уу — уйт! Бас! Жаныбарым! (мактана) Кимдин аты чаап жүрөт, ыя? (тургандарды кектип) Эмне үчүн, Тукемдин аты болчу дебейсиңер?! Эмне үчүн, жок дегенде бир жолу менин атымды айтып койбойсуңар? (көкүрөгүн чапкылай) Турсундун аты деп... (темтеңдей) Кана, Жаке, турчу мындай. Кайран гана жаныбарым! Мен билгем, мен билгем...
ЖАКЫП: (тажай) Түү — үү, сенде ар деле жок экен. Эй, Туке, кетип калчы.
ТУРСУН: (кекетип) Эй, мени сен дебе! Энеңди...
ӨМҮРКУЛ: (ачуулуу) Тек! Баркыңды билсең, байсалдуу болбойсуңбу.
ЖАКЫП: Бери кое берчи. Оозун талкалай коеюн.
ЭРААЛЫ: Жаке, Жаке. Кой эми, Туке?! Кетип калчы, кудай жалгагыр.
ТУРСУН: (мактана) Ат кыйын үчүн, Муса кыйын болуп жатпайбы.
ӨМҮРКУЛ: Чын эле бул атты сен таптадың беле?
ТУРСУН: (аксакалга жанашып) Мен таптаган жокмун аксакал. Мен калп айтканды жаман көрөм. Ой, акырын, жыгылып кетпейин. (катуу өкүнө) Акмак болдум! Ии, акмак! Бул атты мен билбей сатып жиберип олтурбаймбы. Ыйлагым келип жатат.
ЭРААЛЫ: (каткыра) Эй, акмак! Сенин колуңда жүргөндө эмдиге өлүп калмак.
ӨМҮРКУЛ: (суроолуу) Кайран атты кордогон экен да. Мыктысы мыкты экен.
ЖАКЫП: (каткыра) Ээ, Өмүке, Өмүке. Бул аттын тарыхы узун. Ушундай неме аттын кадырына жетмек беле. Арабага салып, «кашаң ат экен» деп жүрчү. Ошол кашаң ат минтип Карагер болуп чыга келгенин көрүп, эми көзү ачылып олтурганы го. Былжыраган атаңдын оозурайын! Башын жара чапсамбы. Муну тигиндей алып кеткилечи.
ТУРСУН: (мылжыя, түзөлүп) Мен мында эле турам. Болду, сага тийишпейм.
ӨМҮРКУЛ: Маска теңелип кереги жок. Оюндун кызуусун өткөрүп жибердик.

Карап турган элдер катуу сүрөп киришет. Ан сайын улакчылар күчөп киришти. Байсал чыгып оордуна Эраалы кирет.

БАЙСАЛ: Кандай, Өмүке?
ӨМҮРКУЛ: Булар даана күчөштү. Канча ирет таштап жиберди ыя?
БАЙСАЛ: Кандай жеткенин да көрбөй калдым.
ӨМҮРКУЛ: Карагер кетти! Ай, алдырып жиберди. Жет, жет! Илди, ой!
БАЙСАЛ: (мактана) Ой, Муса жерден куштай эңет да.
ӨМҮРКУЛ: Эңип алды. Бас такымга, бас! Ой, азамат!
ТУРСУН: (темтеңдей Байсалга жабышып) Бүгүн Мусанын күнү болду го ээ?
БАЙСАЛ: (жактырбай) Жабышпай ары турчу! Алаксытпа. Ой, эмне жабышасың?! Тоюп алган тура, иттин баласы. (сүрөп) Такымга бас, такымга! Өлдү да!
ТУРСУН: (алаңдай) Ким өлдү? Ким?! Мени алдыга кое бергилечи.
БАЙСАЛ: (катуу кагып) Сен өлдүң! Жоголчу! Кет! Кетчи ой! Жет! Жет!
ТУРСУН: (мылжыя) Акырын. Кыйкыра берип аттан ооп түшпө.
ӨМҮРКУЛ: Аттарды бир аз эс алдырбайбы. Балдар деле чарчашты.
БАЙСАЛ: Ой, Өмүке, накта кызыгы эми башталды. Эй, Муса, кандайсың?
МУСА: (кыйкыра) Баары жайында!

Көк бөрү кызуу жүрүп жатат. Турсун темтеңдей басып даагы келет.

ТУРСУН: (темтеңдей) Басаке, атты көп кыйнаба дечи. Жаныбарым!..
БАЙСАЛ: (түртүп) Сен эмне эле мында жабышып калдың. Улакты көрөбүзбү же бүгүн сени көрөбүзбү? Бар дегенде барып калбайсыңбы. Өткөн бир улакта да ушинтип чатак чыгарган дешкен эле балдар. Мас болуп тийишип жатат депмин. Көрсө, маселенин баары ичиңде жаткан тура. Сенин ичиңде куртуң бар.
ТУРСУН: (аяп) Кайран жаныбарым! Сүрөп койбойлубу. Оо – уу — ууйт!!!
БАЙСАЛ: (баш чайкай) Сага айла жок экен да. Тынч тур эми. Ачуума тийсең, көк бөрү кылып тарттырып салам. Кыйшайган атаңдын оозурайын! Эсиң менен болбойсуңбу.
ӨМҮРКУЛ: Оо, Эраалы да оңой жигит эмес экен. Жерден эңип алганын кара.
БАЙСАЛ: Бул да мыкты жигит. Балдар абдан тыңып калышыптыр Өмүке.
ТУРСУН: (шыйпаңдай) Ыя, Басаке, Карагер кыйын чыкты ээ? Түү, ата... мен...
БАЙСАЛ: (аксакалга) Учурунда баркын билбей, эми минтип, Көк бөрүдөн көргөн сайын кыжынып, камчысын жерге чаап олтурат. (Турсунга) Камчыны жерге чаппа!
ӨМҮРКУЛ: Бул ат өзү кайдан келген?
БАЙСАЛ: Белгисиз. Тигил неме базардан алгам дейт.
ӨМҮРКУЛ: (таң бере) Тукуму мыкты окшойт. Муну сүрүштүрүп билүү керек. Кара, кара. Эр экен ой. Тирешип жатканын карасаң. Атты өлтүрөт, кой дегиле. Ой, ой!!!
БАЙСАЛ: (каткыра) Улак мына ушунусу менен кызык да. Бир эки жолу антип көкүрөктөрү менен кагышып алышпаса моокумдары канбайт. Ой, ата, тигил шыпырылып түшүп калды. (кыйкыра) Ой, кантет, аттын алдын тоскула! Эраалы, кайрып кой! Жаш бала тура. Өлгөн тирилгенине да карабайт. Ошол үчүн улакчы да. Азамат! Азамат! Эңип чык!
ӨМҮРКУЛ: Сенин азыр улакты токтотчу түрүң жок го.
БАЙСАЛ: (селт эте) О, жок! Азыр токтотпой калайын.
ӨМҮРКУЛ: Тигини! Тигини кара, Байсал! Ана! Он жети болду. Он жети жолу таштады. Улакчы болбосоң кое кал. Баракелде, Муса! (чекесин сүртө) Мына, сага!
БАЙСАЛ: (кыйкыра сүрөп) Жарайсың Муса! Жарайсың! Ушундай болмок. Каап, кеч болуп кетти. Болбосо даагы бир топ кызыкка батат элек. Алыстан келген балдар бар.
ӨМҮРКУЛ: (ыраазы боло) Азаматтар! Оюн болсо бүгүнкүдөй болсун!
ЖАКЫП: Ка – ра — гер! Ка – ра — гер! Ат болбосоң кое кал!
ӨМҮРКУЛ: Улакчы мыкты, ат мыкты! Баарысы мыкты экен.
ЖАКЫП: Ой, ошо аты мыкты болгон үчүн, Мусанын багы ачылды дебейсиңби.
САМЫР: Эмнеси болсо да, бүгүнкү улак Муса менен Карагердики болду.
БАЙСАЛ: Жигиттер! Жакшы оюн болду. Той ээсине да ырахмат дейли!
ЖАКЫП: Ой, энчиңерден бизге да бөлүштүргүлө. Көз акы деген болот.
БАЙСАЛ: Тигини! Тигини! Карап турганың үчүн энчи бөлүштүр дейсиңби.
ЖАКЫП: (каткыра) Ха — ха — ха! Эй, Байсал! Көз акы деген бар.
ӨМҮРКУЛ: Эй, Жакып! Таштагандын ырымы болот. Берээриңди айт.
ЖАКЫП: Өмүке, мындай тойдун улагын алгандын өзү чоң бакыт.
САМЫР: Айлантпай айтпайсызбы. Жакып аке, эми сизде жокпу? Айт.
ЖАКЫП: Эми таштасаңар кур койбойбуз да.
БАЙСАЛ: Эй, Жаке, улакты сенин эшигиңе таштатам. Ящиги сенден болсун!
ЖАКЫП: Ящик элеби? Бир эмес, эки ящик коюп берем. Ха – ха – хаа!!!
САМЫР: Баарыңар уктуңар. Күбө болосуңар. Эми Жаке, качпа!
БАЙСАЛ: (каткыра) Эй, Жакып! Эки ящик дейсиңби? Сөзүңө тур!
САМЫР: Жакып аке! Мен өзүм таштайм. Куурдак бизден, калганы сизден!
БАЙСАЛ: (элге кайрылып) Балдар! Ушуну менен оюнду токтотбуз. Калайык калк! Бүгүнкү оюнга, — Оомийин! — деп, улакчыларга бата берип койбойлубу. Өмүрбек аксакал ыраазы. Жакшы оюн болду. (улакчыларга) Жакшы ойнодуңар балдар. Азаматтар!
ӨМҮРКУЛ: Айланайындар! Баарыңарга ырахмат. Тойдун көркүн бир чыгарып бердиңер. Аман болгула. Эми неберем үйлөнгөндө ушундай Көк бөрүңөрдү көрсөм...
БАЙСАЛ: Ой, Өмүркул ага, буюрса көрөсүз. Ушул небереңдин улак тартканын да көрөсүз. Неберең мыкты жигит болуп, өмүрлүү болсун!
ӨМҮРКУЛ: (кубана) Айтканыңар келсин. Эл аман, жер аман болсун. Баарыңарга ыраазымын. Аман болгула айланайындар. Оомийин!!!

Музыка жаңырат. Улакка келген элдер өздөрүнчө бака — шака, улакчылар өздөрүнчө бака — шака түшүшүп, Көк бөрү аянты көркүнө чыгып жатты. Элирген аттар ооздорунан көбүктөрүн чычыратып, демиккендерин баса албай жулкунушат. Байсал токтоно албай топту жара кирип барып, Мусаны билектен алды.

БАЙСАЛ: Жарайсың Муса! Бүгүн чоң жаңылык киргиздиң. Он жети жолу таштайт деген эмне?! Карагер... Карагер... Жаныбарым...
ӨМҮРКУЛ: (колдон ала) Келе колду, Муса. Мыкты улакчынын атагын мыкты ат чыгарат. Атың накта Көк бөрүнүн аты турбайбы. Карагер! — дегендей эле бар экен.
МУСА: Ырахмат, Өмүркул аке. Тоюңуз тойго улансын!
ӨМҮРКУЛ: Бар бол айланайын! Көз тийбесин. Жаның аман болсун!

Музыка. Бата кылышат. Көк бөрүгө келген элдер топ топ болуп тарай башташат. Бир тобу Мусаны тегеректеп кептери бүтпөй жатты. Улакты такымга кыса Эраалы Байсалга келет. Салт боюнча улакты айылдын ичине апарып, каалаган үйгө таштайт.

ЭРААЛЫ: Байсал аке, Муса байке, жигиттер! Мен улакты алып кеттим!
БАЙСАЛ: (каткыра) Байка жигит, пейли тарыраак бирөөнүн эшигине таштап ийбе.
ЭРААЛЫ: Кам санабагыла! Чайын кайнатып, дасторконун жайып, силерди куурдак менен күтүп ала турган үйгө барам.
САМЫР: (артынан кыйкыра) Эй, Эраалы! Жакыптын үйүнө ташта! Эки ящигин камдап турам деген. Жигиттер, бүгүн Жакеңдин жайын бир көрөлү.
ЭРААЛЫ: Жарайт. Түз эле Жакемдин үйүнө кирип барам!

Баары каткырып калышат. Эраалы улакты такымга кыса, чаң ызгыта чапкан бойдон айылга кетет. Бүтүндөй көргөн эл кубанып турса, өзү кантип кубанбасын. Мусанын кубанычтан көздөрү жайнап, терисине батпай турду.

БАЙСАЛ: Кана жигиттер, ийри мүйүз тартып олтура калгыла. Кара куржунда бир нерсе бар эле, бүгүнкү улактын урматына, анан да Карагер менен Мусанын эрдигин жуубасак болбойт. (көрө калып) Ой, тигил балдар эмне келишпейт. Бул согуш эмес, экиге бөлүнгөндөй. Чакыргыла. (кыйкыра) Ой, жигиттер! Бери, бери биз жакка бастыргыла. Тең көргөндү Теңирим сүйүптүр дейт. Э — ээ, Муса, Мусаке? Чарчаган экенсиң жигитим.
МУСА: (тура калат) Жок, Байсал аке. Чарчаган деле жокмун.
БАЙСАЛ: (башын чайкай) Ох — оо! Ушундай улактан кийин чарчаган жокмун десең... Жашсың да! (Мусага) Эр экенсиң Муса. Өлбө жигитим! Өлбө! Ар бир той, өзүнүн болуп көрбөгөндөй бир өзгөчөлүгү менен эсте калат. Бүгүнкү Өмүркул аксакалдын тою Карагер экөөңдүн да тоюңар болду. Мындай Көк бөрү күндө болсо да, бүгүнкүдөй болбойт. Кана, куйгула. Муса үчүн алалы. (атка тигиле) Карагер, Карагер! Жарайсың жаныбарым! Сен үчүн Муса. (ичип жиберет).
МУСА: Ырахмат, Байсал аке.
БАЙСАЛ: Ырахматты Карагерге айткын Муса. Сенин атыңды чыгарды.
МУСА: Өзү да араң турган экен. Бир эки жерден башын кайрый албай кеттим.
БАЙСАЛ: Силердин аттарыңар тирешкенде Өмүркул аксакал чоочуп кетти.
МУСА: Неге?
БАЙСАЛ: Мушташып жатасыңар деди окшойт. Оюн кызыганда ушундай болот аксакал десем, башын чайкап, дале болбой чоочуп турду. (каткыра) Тигил Самыр неге шыпырылып калды? Соксойгон атаңдын оозурайын! Дагы койколоңдоп коет.
МУСА: (шыбырай) Акырын Байсал аке, укпасын. Таарынчаак неме...
БАЙСАЛ: (каткыра) Таарынганда аркамдан жайлоого кууп бармак беле. (тийише) Ээ, Самыр... сен эмне бүгүн...
САМЫР: Эмне болду Байсал аке?
БАЙСАЛ: (бырс күлө) Эч нерсе. Мени эмне карайсың. Куйбайсыңарбы.

Олтургандар сөздүн төркүнүн түшүнүшкөндөй каткырып жиберишет. Баары бака — шака түшүшүп, бүгүнкү улактын жүрүшүн айтып бүтүрө албай жатышты. Олтургандардын улам бири Мусаны колдон ала куттуктап жатышты.

САМЫР: (териге) Ой, Байсал аке. Эми кээде болот да. Ат мүдүрүлүп кетти.
БАЙСАЛ: Сен, мүдүрүлбөгөндөй кылып чапбайсыңбы. Камчы сала берип байкуш атты өлтүрдүң. Ат дегенди аяш керек.
МУСА: Мага бериңиз. Мен куям. Эртелетели.
БАЙСАЛ: Жок, бүгүн сен куйбайсың. Бер. Бүгүн биз, сен үчүн ичебиз Муса!
САМЫР: (колдой) Туура, туура. Муса менен Карагер үчүн алалы.
БАЙСАЛ: Оп, азамат. Мындайда сөзгө жыгылбайсың. Атка да бекем олтурсаң...
САМЫР: Байсал аке, алдыңызга түшөйүн. Эми муну айтпасаңыз суранам.
БАЙСАЛ: (далыга чапкылай) Балдар уктуңарбы? Болдум. Болду, Самыр.

Олтургандар кыраан каткы түшүп жатып калышат.

САМЫР: Кана, алгыла жигиттер. Муса менен Карагер үчүн алалык.
БАЙСАЛ: Муса! Башыңдан бак кетпесин, алдыңдан ат кетпесин. Алдык жигиттер.

Баары бирден алып жиберишет. Аңгыча чапкылап Эраалы да келип калат.

САМЫР: Эраалы... Сен эмне учуп келдиңби?
БАЙСАЛ: (таң кала) Бул жарым жолдон эле кайра тарткан го, ыя?
ЭРААЛЫ: Айылдын башынан кайттым.

Олтургандар карап калышат.

САМЫР: (тигиле) Жакемдикине таштадыңбы деги?
ЭРААЛЫ: Чын эле мени Жакыптын үйүнө барат дедиңерби. Ал качан эле сөзүнө турчу эле. Аны сыксаңар кан чыкпайт.
САМЫР: (шашкалактай) Ой, анан улакты кайда таштадың?
ЭРААЛЫ: (шашпай) Айбийке байбиченин үйүнө таштадым. Ыйлап жиберди. Анан кечке батасын берди. Сүйүнгөнүн айтпагыла. Баарыңардын амандыгыңарды тилейм деди.
БАЙСАЛ: (ыраазы боло) Туура кылыпсың Эраалы. Биринин артынан бири кетип, байкуш кемпир карыганда кыйын болду. Батасы кабыл болсун. Соопчулук кылыпсың.
ЭРААЛЫ: (бапылдап) Ой, эмне, куйбай олтурасыңар. Бул силерге менден.
САМЫР: Жаман тыңсыңда! Айттырбай апкелипсиң. Түгөнсө өзүң эле айылга чапмаксың. Ме, эми өзүң тейле. Менден кичүү эмессиңби. (Байсалга) Ыя, Басаке, бүгүнкү улакты көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда. Накта улак болду ээ?
БАЙСАЛ: (кубана) Болгондо да, болуп көрбөгөндөй болду. Аксакалдар кыйкыра беришип, кээси аттан ооп кала жаздашты.
САМЫР: (териге) Ой, Байсал аке...
БАЙСАЛ: Туурасын айтам. Сен кеттиң, сенин артыңдан эки үч чал кошо кетти. Араң кармап калдым. Болду эми таарынбай. Улакка кирчүдөй кошо жулунган чалдарды көрүп, өзүм чалкамдан кете жаздадым.
ЭРААЛЫ: Чатагы жок бүттү. Үлүштү абдан туура бөлүштүрдү ээ?
МУСА: Той ээси Өмүркул аксакал оңой киши эмес.
САМЫР: Баарынан Мусанын бүгүнкү эрдиги накта аңыз боло турган болду.
ЖИГИТТЕР: Туура! Туура! Өлбө, Муса!
БАЙСАЛ: Жигиттер! Баарыңар мыктысыңар! Ошентсе да, Муса бүгүн өзүн кандай улакчы экенин көрсөттү. А, Карагердин баяны буюрса узун элдин учуна, калың элдин кыйрына кетти. Кана куйгула! Бүгүн мен ичем. Атаңдын оозурайын, кечегиң бүгүнкүгө, бүгүнкүң эртеңге окшошпойт. Өлсөк баары калат. Бул дүйнөгө устун болгон эч ким жок. Теңир берген жашоону ойдогудай жашаш керек балдар. Бирибиз тоодо, бирибиз ойдо. Көр тирликтин артынан кууп, күндө эле мындай майрамда олтурган эч ким жок. Эртерээк айтып коеюн. Азыр мындан түз эле биздикине барабыз. Мейиз жеңеңердин куурдагын жеп, бир чер жаза олтуралы. Муса менен Карагердин жеңишин мен жуубасам ким жууйт! Он жети жолу таштады! — дегенде жүрөгүм жарылып кете жаздады.
МУСА: (уяла) Ой, Байсал аке. Катуу мактап жибердиңер. Балдар болбосо мен...
БАЙСАЛ: Билем. Баардык жеңиш Карагердики! Муну туура түшүнгүлө балдар.
ЖИГИТТЕР: Туура, туура! Карагер ишке жарады.
САМЫР: Байсал аке туура айтат. Биз күбө. Жалпы эл күбө. Карагер бүгүн өзүн көрсөттү. Жаныбарым, жаныбарым. Төрт аягы жерге тийбей куштай учканда чаңында калып жаттык го. Ыя, Мусаке, муну эмне кылып таптагансың?
БАЙСАЛ: Баары келип жаныбардын тукумунан болот да балдар. Карагер таза тукумдан. Силерди карап туруп, тигинде биз мушташып кете жаздадык.
МУСА: Неге? Ким менен?
БАЙСАЛ: Атаңдын оозурайын. Баягы эле Турсун. Темтеңдеп кызуу. Ар кимге кыйшаңдап тийишип олтуруп, бир убакта менин жаныма келип калыптыр. Өмүркул аксакал болбогондо кыйшайта чабат элем. Аргымактын асылын билбей, бир кезде ушул Карагерди арбага салган ошол акмак болчу да. (Мусага) Качан көрсөм сабап жаткан жеринен үстүнөн чыкчумун деп сен айттың беле.
САМЫР: Ой, ошол ат ушулбу? Мен анын арабага салган кашаң атын билчүмүн. Сатып жибердим деп жүргөн.
МУСА: Ии, ошол ат. Бир күнү Тукемдин үйүнүн жанынан өтүп баратсам, — Бул ат эмес эле эшек! Эшек да буга караганда тыңыраак. Кара, арабага да жүрбөйт. Союп, сенин көзүндү тазалабасамбы?! – деп, өлтүрө сабап жатыптыр. Байкуштун жону жооруп, өзү деле арыктыгынан баспай калган экен. — Эй, Туке, сойгон күндө деле арык го. Эт деле болуп бербейт! — деп, күлүп кетип баратсам, — Аласыңбы? Бекер эле берем деп бакылдап койду. Абдан кызуу, ызага батып, ачууланып алган экен. Бир топ жерге барганда аркама кайрылып карасам, – Сага кеткен кайран акча! — деп, айкырып, кыйкырып, даагы сабап кирди. Чыдабай артка кайрылдым.
ЭРААЛЫ: (чыдабай) Ой, акмак десе! Өзүн ошентип сабаса.
САМЫР: (ызырына) Ит турбайбы. Ии, анан...
МУСА: Карап тура алганым жок. Жетип барып колундагы камчысын жулуп алдым. Карасам байкуш аттын көздөрү жалдырайт. Басып кете албадым. Жаныбар тили болбогону менен көздөрү көзүмөн өтүп...
БАЙСАЛ: Оо, булардын тили болбогону менен, акылы, эс тутумдары бийик болот. Сени ошондо эле арбаган экен да. Буйрук, буйрук балдар.
ЭРААЛЫ: Туура, туура. Басакем туура айтат.
САМЫР: Анан сага сатты.
МУСА: Боорум ооруду. Килейген таяк тийгенде байкуш ийилип кетип жатты. Бечаранын жону жооруп, кабыргалары саналып калыптыр. Кара терге түшкөн Тукем: — Сатып ал, арзан эле берем. Алгын! — деп, бура бастырбай туруп алды. Таштап кетсем, союп же сабап олтуруп өлтүрөөрүнө көзүм жетип турду. Аттын ыйлаганын ошондо көрдүм. Жетелеп кете бердим. Мына, ошол арабага жүрбөгөн ат.
САМЫР: Кармаган, караган адам болсо, жаныбар жаныбар болот. Тигил келесоо аны кайдан түшүнсүн. Кордогон экен да акмак! Карагер деп өзүң койдуң да.
МУСА: (башын ийкей) Ии. Бутуна араң тургуздум.
БАЙСАЛ: Мен сурап билдим. Түбү бул ат Казактардан келген деп жүрүшөт. Таза тукумдан экенин ал жактан саткан киши деле билбесе керек деп ойлоп коем. Билишсе сатпайт эле да. Туурабы, балдар?
ЭРААЛЫ: Туура, туура. Билишсе бул жакка өткөрбөй калышсын.
САМЫР: (башын чайкай) Итке темирдин кереги эмне дегендей, ат минбеген кишиге, аттын кадырын билмек кайда. Түү! Сүйлөсө кыйшалаңдап өзүнчө бир мыкты!
ЭРААЛЫ: Ким билет. Билбей саттыбы, же уурдап келип урдуруп жибердиби.
БАЙСАЛ: Эмнеси болсо да, биздин Мусага буюрган экен. Баса, жакында тиги казактарда чоң той болот деп уктум. Ошондо Карагерди бир көрсөтөбүз. Атасынын көрү! Ооздорун ачырып, шилекейлерин чуурутуп келели маңка казактардын. Ыя, Муса?
МУСА: Ой, ой, Байсал аке. Менин тагаларыма анча катуу тийбеңиз.
БАЙСАЛ: Тийишем эле. Алар мактанса болот да, биз мактансак болбойт бекен. Сендей жаман жээни менен Карагердей күлүктүн күчүн көрсөтүп, өпкөсү чоң казактардын желин чыгарып келебиз. (каткыра) Алар биздин Көк бөрүгө келгенде болгонун шыпырып кетишет. Тагаларыңа тартпа, Муса! Эми аларды накта сызга олтургузабыз.
ЭРААЛЫ: (туурап) Ой, бай, туыстар! Сендер барсаңдар төө саямыз. Төө! — деп, кетишпеди беле. Буюрса, казактардын төөлөрүн айдап келебиз. Туурабы, жигиттер!
САМЫР: Маңка казактардын эмнесин аяйбыз. Ой, Мусаке, Мусаке...

Олтургандардын баары кыраан каткы түшүп калышат.

ЭРААЛЫ: (каткыра) Сыйдын баары силер үчүн дешкен. Барганда көрөбүз го.
БАЙСАЛ: Кана, жигиттер! Туралы. Түз эле биздин үйгө кеттик.
МУСА: Меникине эле баралы. Кандай дейсиңер.
БАЙСАЛ: (колун кесей) Алардан эмес, менден сура. Мен баарыңардын улуумун. Козу аздык кылса, кой соем. Баары сен үчүн Муса! Сен үчүн! Кеттик, жигиттер!
САМЫР: Сеникине барбай жүрдүк беле Муса. Басакем сыйлап жатпайбы.
ЭРААЛЫ: Басакем жетине албай, сүйүнгөнүнөн өзү жууп берем деп жатпайбы.
БАЙСАЛ: (жетине албай) Кантип сүйүнбөйм? Кантип?! Бирөө айтса ишенбейт элем. Өз көзүм менен көрдүм го. Мен да, сен да, эл — журт да! Баарыбыз көрүп, баарыбыз күбө болдук. Он жети жолу таштадың Муса. Он жети жолу! Мындай түшкө да кирбейт. Сен ошону түшүнүп жатасыңбы. Өмүр бою улак тартып жүрүп, мен мындайды көргөн эмесмин. Менин да колумдан келбейт. А, сен таштап койдуң. (колун жогору көтөрө) Он жети жолу! (каткыра) Атаңдын оозурайындын баласы, сен эмне кылганыңды али да түшүнбөй олтурасың. Бүгүнкү улак көпкө айтылат. Муундан муунга жетет балдар. (Мусага) Сени анык улакчы дейт! Менин сөзүмдү унутпа. Мен айтып жатам сага. Эй, Муса, сендей улакчы, эр жигитти жөн аял туубайт! Улакчылык сенин каныңда бар. Ооба, ооба, бул өнөр кан — жан менен бирге келет. (Мусаны кучактай) Мени кызуу болуп калды деп жатасыңар ээ? Мен мас боло элекмин. Бирок мен бүгүн мас болом! Карагер менен Мусанын эрдиги үчүн мас болом! Биз жеңдик. Биз даагы жеңебиз. Кеттик, жигиттер!!!
МУСА: Ырахмат, Байсал аке.
БАЙСАЛ: (тигиле) Ырахматты, сени тууган энеге айт! Ошого айт!
ЭРААЛЫ: (алакан жая) Байсал аке?
САМЫР: Жигиттер! Бата кылып коелу.
МУСА: (алакан жая) Келгиле, — Оомийин!
БААРЫ: (бата кылышат) Оо — оомийин!!!
БАЙСАЛ: (ат үстүнөн) Жигиттер! Топ тепкендерден биздин эмнебиз кем. Мусаны көккө ыргыткыла! Ыргыткыла! Даагы, даагы! Жарайсың азаматым. Жарайсың!
БААРЫ: (көккө ыргытышат) Муса! Му — уу — саа! Муса – са — аа!!!

 

ЖЕТИНЧИ САХНА

Музыка. Азаттын кыйкырыгынан бейкапар олтурган Муса менен Ажар үйдөн атып чыгышат.

АЖАР: Кокуй! Эмне болду?
АЗАТ: Чоң ата! Чоң ата! Сууга агып кетти.
АЖАР: (катуу чоочуп! Эмне дейт! Ким агып кетти?!
АЗАТ: Атым. Бол, бол, кетип калат.
АЖАР: Ок! Куруп кеткир, ушинтип да чоочутасыңбы.
МУСА: Мен башкасын жасап берем балам.
АЗАТ: Мага башкасынын кереги жок. Өзүмдүн атымды кармап келем.
МУСА: Карма, өзүңдүн атыңды кармап кел балам.
АЗАТ: Карап туруп алышат. Өзүм эле кармап келем. (жүгүрүп кетет).
АЖАР: Кокуй, бул өзү сууга түшүп кетпесин. Токто, мен барайын.

Муса турган жеринде кыймылсыз олтуруп калат. Ажар энтигип, аркасынан күлүп Азат келет. Боору эзиле күлүп жаткан небересин Муса байкаган да жок.

АЗАТ: Чоң энемдин чуркаганын, — Кокуй, кокуй, карма! — деп коет. Суу деген токтоп турбайт да. Чоң ата сага эмне болду? Чоң атам неге ыйлап жатат? Менин атыма боору оорупбу? Мына кармап келбедикпи. Чоң энем алып берди. Тээтигил жерге барып тыгылып калат да. Өткөндө да ушинтип кармап алгам ээ, чоң эне.
АЖАР: Болду балам, эми барып ойной бер.
АЗАТ: Чоң атам неге ыйлады?
МУСА: (ыңгайсыздана) Тээтигил тоолордун чокусун карасам көзүм уялып кетти.
АЗАТ: А, сен көз айнек менен же дүрбү менен карагын да.
МУСА: (кучактап) Бажырым ай. Келчи бери. (өөп) Эми ойно.
АЗАТ: Мага бет аарчуңдан айрып берчи. Чаап келе жатып сындырып алдым.
АЖАР: Ташта. Чоң атаң башкасын жасап берет.
АЗАТ: Болбойт. Бул менин атым да. Минтип таңып коебуз. Ме, жыгач. Сенин бутуң сынганда да ушинтип «шак — шак» коюп таңып салган да ээ? Таңып салгын!
МУСА: Аны сага ким айткан.
АЗАТ: Чоң энем айткан дебедим беле. Бат эле унутуп коет.
АЖАР: (күлүп) Бир жолу сөз болуп кетип айтып койгон элем. Такыр унутпайт. Келе бери, мен эле таңып берем. Таппаганы жок. Келе, жыгачтын жаны бар беле.
АЗАТ: Жок! Сен билбейсиң. Чоң атам өзү таңып берет. Жаны бар да. Ошол үчүн өсүп жатпайбы. Бул деген дагы чоң ат болот. (көгөрүп) Ушуну эле таңып бер.
МУСА: (күлүп) Сындырып алсаң кайдан өсмөк эле. Бактар сындырбасаң өсөт.
АЖАР: Силерди угуп олтурган киши... Кой, мен чай коеюн. (чыгып кетет).
МУСА: Жүр, башкасын жасап берейин.
АЖАР: Ой, ошонусун байлап берип кетирчи. Башты оорутту го.
АЗАТ: (жебиреп) Мен чоңойгондо улакчы болом ээ, чоң ата? Анан бутум сынганда «шак — шак» коюп байлап саласың да. Анан кайра — кайра тарта берем, тарта берем. Көп улак таштайм ээ? Элдер кыйкырат.
АЖАР: (селт эте) Эмне дейт! Ок! Антип айтпа.
АЗАТ: (кыткылыктай) Коркпой эле кой. Бат эле айыгып калат да. (каткыра) Чоң энем коркуп кетти. Мен коркпойм. Мен балдардан ашып кетем. Катуу чабам да.
МУСА: (тигиле) Сынбайт! Сен сак болуп чабасың.
АЗАТ: (Мусага) Сен бутуң сынганда ыйладың беле?
МУСА: Ыйлаган эмесмин. Бирок катуу ооруган. Чыдадым.
АЗАТ: Мен да чыдайм. Мен да ыйлабайм. Менин атым күчтүү болот да.
МУСА: Ме, бажырабай ал. Таңып салдым. Эми чаба бер.
АЗАТ: Чоң ата аттардын тебишкенин көрдүң беле?
МУСА: (сынай карап) Жок, көргөн эмесмин. Чоң энеси сенчи?
АЗАТ: Калп айтасың. Өткөндөгү улакта аттар өлө тебишпеди беле. Менин атым ошентип баардык аттарды тээп тээп салат. Минтип, минтип... (өзү кулап түшөт) Ой, кулап кетпедимби. Бирок мен улак тартканда кулабайм да. Бул чын ат эмес да.
МУСА: Атка бекем олтурганды билбесең, анда сен мыкты улакчы боло албайсың.
АЗАТ: (чычалай) Бул чын ат эмес да. Чыбык ат да.
АЖАР: Азыр ошол чыбык сынганча сабайм. Куру мындан. Бар ойно.
АЗАТ: (тегерене чапкылай) Чү! Чү! Кеттик жаныбарым! Чоң эне, мен чоң атамдай улакчы болом! Көрдүңбү? Карачы мени. Чү! Чү! Ой, түшүп кетпедиби.
АЖАР: Ай! Ташта ал олпокту. Муну топуракка сүйрөп жүргөн тура. Ташта!
МУСА: (каткыра күлүп) Жөн эле койчу. Сүйрөгөнгө жакшы, ойной берсин.
АЗАТ: (чаап келип туруп калат) Менин Карагеримди көрдүңөрбү? Балдардын аты бизге жетпейт. Минтип өтүп кетебиз. Чү! Карагер, кеттик! Дики — дик, дики — дик! Чү!
МУСА: Карагер? Карагер дедиби?
АЖАР: (Чайнегин көтөргөн бойдон туруп калат) Карагерди кайдан билет?
АЗАТ: (чаап келип) Мен атыма ушинтип ат коюп алдым. Балдардын да аттарынын аты бар. Бирок меники жакшы бекен чоң ата?

Күтүлбөгөн окуяга кабылгандай Муса менен Ажар бири бирин тиктешип туруп калышат. Мусанын кандай абалда турганын Ажар айттырбай билип турду.

АЗАТ: Сага да жактыбы чоң эне? Кеттик Карагер! Чоң ата, — Чү! — деп койчу? Катуу чаап кетели. Бол, — Чү! — дебейсиңби.
МУСА: (өзүнө келе) Чү! Чү, жаныбарым! Чү!
АЗАТ: Чү, Карагер дебейсиңби. Атын айтсаң катуу чабат да.
МУСА: (кайраттуу) Чү — үү! Карагер! Чү! Кана жөнө! Жөнө!
АЖАР: Бул атты кайдан таап алган.
МУСА: (толкундана) Мейли өзүнө жакса атай берсин.
АЖАР: Карагер... Кандай ат эле... Чунак бала десе, Карагер десе, дене башым дүркүрөп, бир башкача абалда болуп кетипмин. Андан да баягы ашуудагы окуя...
МУСА: Сен да ошону эстедиңби. Бала да. Кудай Таалаа оозуна сала берди го. Кайран Карагерим! (оор дем ала) Карагер...

Муса менен Ажар бир топко алыскы тоолорго тигиле анан тамандырыкка олтура кетишет. Экөөнүн тең ойлору бирдей эле. Көз алдыларына бирдей элестер тартылып жатты. Бир гана неберелери Азаттын эч нерсе менен иши жок. Унчукпаган Мусанын оюн бөлгүсү келбеген Ажар үнсүз дасторконун оңдомуш этип, аста чай суна, кабак башын карап алды. Муса аны байкабайт. Бүт дүйнө кыймылсыз, баары токтоп калгандай. Көз алдында небересинин кадимки Карагерди чаап бараткан элеси тартылды. Карагер алдына ат салбай учуп баратты.

АЖАР: (улутуна) Ээ, көркү келишкен, алдына ат салбаган мыкты ат эмес беле жаныбар! Келген кези эсиндеби...

Карагердин келиши. Музыка. Элестер кетет. Ажар менен Мусанын жаш кези. Ажар кемегенин алдында казанга нан жаап жатат. Мусанын жанында беш жашар уулу Мурат жаңы сатып келген атты чарк айланып, кубана чуркап жүрөт.

МУРАТ: Ата, мунун атын эмне деп коебуз?
АЖАР: Ушул жүдөгөн атка бир жумадан бери ат таппай кыйналдыңар го. Башка балээ кылып, неге алдың дейм да. Тамакка да тойбойт. Жеп эле жатат, жеп эле жатат.
МУРАТ: Ачка болсо тойбойт да ээ, ата? Көп, көп тамак бериш керек.
АЖАР: Тигини. Ай, Мурат. Тапанданбай мага тезек апкелип берчи. Бол, тез.
МУСА: Бул жөн жылкы эмес. Мунун кайдан келгенин сураштырып билем.
АЖАР: Ой, арабага жараса болду да. Улакка чапмак белең. Ии, баса, тигил Турсун: — Сатканыма сүйүнүп жүрөм, бир күнү тээп өлтүрүп салабы деп коркуп жүргөн элем. Кутулганыма шүгүр! — дептир. Айтканы чын болсо, балдардан абайлаш керек.
МУСА: (күлүп) Турсун экөөңөр эмнени түшүнөсүңөр. Ажар, Ажар дейм. Бери келчи. Мунун көзүн карасаң. Бул жөн ат эмес. Көрдүңбү? Биздин сөздү түшүнүп жатат.
МУРАТ: Ата, муну Карагер деп коелубу?
АЖАР: (бырс күлө) Карагер?! Кашаң немени Карагер деп... Ушу эле жетпей турган жооруган атка. (какшыктай) Ии, кашкасы бар экен, мүмкүн Айкашка коесуңар. Болду, болду, наным күйүп кетет. Айкашка... Керкашка... Мага эмне. Кое бер.
МУСА: Ээ, Ажар. Убакыт керек. Бул аттын баркын кийин билесиң. Ошол Турсун деген неме аттын кадырын билмек беле. Сабай берсе сен деле...
АЖАР: Эмне... эмне дедиң...
МУСА: (кучактай) Тамаша, тамаша, Ажар. Наның бышса чай ичели. Азыр буга сын айтпайлы. Убагы келет, ошондо сындайбыз. Мыкты ат болгудай. Мейли, балам, Карагер болсо Карагер болсун.
МУРАТ: (сүйүнүп) Эми, Карагер дейбиз сени. Апа — аа... Апа, карачы. Ат ыйлап жатат. Эй, ыйлаба. Мен сага жем берем. Сен жакшы ат болосуң. Ме, ме, жегин.

Ажар басып келип атты тегерене карайт.

АЖАР: (атка тигиле) Наристенин оозуна сала берет дейт Кудайым. Мүмкүн мен жаңылып жаткан чыгаармын. Жаш жылкы экен. Толубай сынчынын атындай, желге жеткирбеген күлүк болуп калгысы бардыр. Ылайым ошондой эле болсун балам.
МУСА: (сылап) Сен эми биз үчүн, Карагер болдуң. (атка) Сага да жактыбы? Сени эч ким тааныбагандай кылып сүлкүлдөтүп чыгарбасам элеби. Жанга жан жолдош бол! Ачуу — таттуу, ысык — суукта бир бололу жаныбарым.
МУРАТ: Ата, ата, башын ийкеп: — Макул! — деп жатат. Көрдүңбү?
МУСА: (сылагылап) Көрдүм, көрдүм. Кана Мурат, олтурчу.
АЖАР: (сестене) Муса... Кереги жок. Бала али жаш да.
МУСА: Коркпо. Кана Мурат, олтур! Менин уулум жигит!
АЖАР: (жалынан сылайт) Жакшы ат бол, жаныбарым. Бизди кырсыкка кабылтпа. (тигиле) Муса, мунун чын эле тиктеп турганын кара. Сен айткандай эле, бул жөн ат эмес. Мүмкүн жакшы тукумдан болуп жүрбөсүн. (айланта карап) Сен жөн жаныбар эмессиң.
МУСА: (уулуна) Абайла, бекем олтур.
АЖАР: (эркелете сылап) Карагер... Карагер... Биз сени таарынтпайбыз, сен да бизге жакшы жолдош бол. Жараңды айыктырыш бат эле. Муса, мунун жараттарын майлап, жеген ичкенин мыктылаш керек. (боору ооруй) Бечара десе... көздөрүн...
МУСА: Кана, балам, бастырчы.
МУРАТ: Меники болот ээ, ата? Катуу чаппай эле жүрөм да.
АЖАР: Сеники болот Мурат. Сен эми муну жакшы карооң керек.
МУРАТ: Түндө кайтарып жатам да ээ? Бирөөлөр уурдап кетпесин.

Көздөрүнөн жаш чыкканча күлгөн Ажар өзүн араң токтотот.

АЖАР: (күлүп) Жанына төшөк салып берем. Ошондо түнөйсүң.
МУРАТ: Ата, бул атты арабага салбайбыз ээ?
МУСА: Атың кут болсун Мурат. Атыңдын аты да кут болсун. Кана, бастырчы.
АЖАР: Салбайбыз. Кут болсун балам. Акырын балам, жыгыласың.
МУРАТ: Жыгылбайм. Кеттик, Карагер. Чү! Чү! Бизди көрүп жатасыңбы ата?
МУСА: Көрдүм, көрдүм.
АЖАР: Байкуш атты аябай эле кордогон экен. Кудайдан коркпогон немелер го.
МУСА: (баласына) Болду, Мурат. Кел, байлап коелу.
МУРАТ: (сурана) Даагы бир аз минип турайынчы ата. Биртке эле.
МУСА: Жонун айыктыралы. Анан каалагандай минесиң балам.
МУРАТ: Ата, Карагер меники болот ээ? Алмазга башка ат алып бересиңби?
МУСА: Макул.
МУРАТ: Азыр ал кичинекей да ээ, апа? Аттан жыгылып калат да.
АЖАР: Акылыңдан айланайын сенин.
МУРАТ: Апа, мени карачы. Чаап кетейинби. Чү! Чү!
АЖАР: Акырын, акырын балам. Жөн эле бастыр.
МУРАТ: Биз Карагерим экөөбүз тэ — ээ тигил чокуга чыгабыз. Чү! Чү!
АЖАР: (боору эзиле) Ой, боорум ай! Ал чокуну кое туруп, азырынча береги дөбөгө чаап чыкканга жарасынчы. Муну жакшылап багып, жакшылап таптагыла. Ашуу ашмак тургай, айдаганга баспай калыптыр. Бечарам десе. (Муратка) Болду, кел түш.
МУРАТ: И – ии, даагы бир аз минип турайын.

СЕГИЗИНЧИ САХНА

Көк бөрү аянты. Музыка. Тай казандын тегерегинде небереси Азат чыбык атын чапкылап жүрөт. Аны көпкө карап турган Муса бүтпөгөн ой, түгөнбөгөн элестердин кайыгында термелип олтурду. Анан бир кезде:  — Атаңдын көрүү! Жаштык кез учкан куш тура! – деп, ичинен күбүрөнүп алды. Кайрадан оор тунжуроо... Аттардын дүбүртү... Көк бөрү тарткан жигиттер... Кудум тирүү кезиндегидей жулкунган Карагер алдында тургандай болду. Муса аксакал умсуна оор дем ала, жаак ылдый кеткен жашты аарчый, эки жагын каранып алды. Бирөө карап тургансып уялып кетти. Этек жеңин кагына айыл тарапка көз жүгүртүп, кайра ойго батты.

МУСА: Өзгөрүүлөр көп. Баягы үч көчө жок. Кичине айыл кеңейгенден кеңейип, улам бир көчө түшүп олтуруп, не бир түрлүү үйлөр түшкөн. Элдин жашоосу жакшы. Жаман деп айтканга ооз барбайт. Болбоду дегенде эле экинчи же үчүнчү үйдүн алдында бирден машина. Болгондо да түрдүү түрдүү машиналар. Чет элдикин минебиз деп, илгерки советтик машиналарды карабай калгандары канча. Эх, мезгил убакыт дегениң бир жерге турбайт турбайбы. Баары өзгөрдү. Болсун, болсун! Бар болгон жакшы да.

Муса даагы күбүрөнө тээ алыскы тоолорго тигилди.

... Көрдүңбү, Карагер! Мына, бир кездеги бирин серин үйлөр болгону үч көчө эле. Азыр баш аягына көз жетпейт. Керилген чоң айыл болдук. Бала — чакалар чоңоюп орун очок алышты. Ар кимиси өзүлөрүнчө үйлүү — жайлуу. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей, баары жаңырып күндөн күнгө өсүүдө.
Билесиңби Карагер? Азыр Көк бөрү деген кенен жайылды. Өкмөт жакшы карап, колдогондор көп болуп жатат. Бир кезде сен экөөбүз жулкунгандай, оо, апчыганын беришпеген мыкты улакчылар чыгышты. Көрүп көзүң тоет, жүрөгүң толкунданат. Аларды көрүп олтуруп сен экөөбүздү элестетем. Ушул ат майданда канча Көк бөрү болуп, көз жоосун алган аттар чыгат. Бирок бири да сага жетпейт. Мүмкүн мага ошондой сезилээр.
Карачы, айлыңды. Карачы, береги Тай казанды. Сен экөөбүз улак тартып жүргөндө ушундай Тай казан бар беле? Минтип Тай казан курууну ким ойлоптур. Ал кезде баары башкача эле. Кең жайык болсо эле улак тарта берипбиз го...
Ал кезде Көк бөрү менен Өкмөттүн деле иши болбогон экен. Азыр баары башкача. Баары өзгөрдү. Көк бөрү кенен жайылууда. Мынабул Тай казан сен экөөбүзгө тиешелүү. Бул ат майданы сеники! Менин атымды койгону, сенин атыңды койгону эмеспи, Карагер. Мени: — Улакчы! — дегени, ушул урматтуу сыйга сен, сен жеткиргенсиң Карагер! Сенин эмгегиң чоң. (бир топко тыным).
Атаңдын көрү — үү дүнүйө! Ошол кез мына азыр болсо кана?! Сени тигил борборго алып бармакмын. Сен экөөбүз ошол Кыргызстандын борбору болгон Бишкекте, чоң ат майданда дүйнөнүн туш тарабынан келишкен не бир элдердин алдында улак тартып, чоң сыноодон өтмөкбүз. Ал жер абдан кененда, чоң экен. Эл дегениң кумурскадай жыбырайт. Батпай жүрүшөт. Анан сенин кандай жаныбар экениңди көрүп шилекейлери чууруп, келген элдер таңдана карашып, сага таң бермек! Шекерден келген Карагер! — деп, ооздон түшпөй аңызга айланмаксың Карагер!
Азыркы учурда тиги Көл тараптан бир күлүк чыгыптыр. Чыныгы күлүк экен! Оо, десең, көркүндө да кеп жок. Бирок ал улакка жарабайт. Жоргосун жоргодой, күлүгүн күлүктөй биринин артынан бирин көрсөтүп жатышты. Бул дагы бакыт да. Бир айылдан чыкпай сен арманда кеттиң. Жок, жок. Аларды мыкты дегим келбейт. Сага жетмек кайда. Сен баардык жактан алгыр болчусуң. Тек сени заманың башка болуп, азыркылар көрбөй калышпадыбы.(Тыным).
Эмне унчукпай калдың дейсиңби? Көргөндөрүмдү көз алдыман өткөрүп жатам да. Мыкты, мыкты... Мыктыны мыкты деш керек. Кыйын улакчы жигиттер бар экен. Кеп жок. Бир гана көңүлүмө толбогону, минген аттары майдаланып кетиптир. Неге дегениң кандай? Жакшы аттардын баарын четке кетирип жиберишкен да. Көбү казактарда экен. Кайкалаңдап чыгышты дейсиң. Ичиң күйөт. Жарыя кылган жигит кайра кайра кайсы ат кимдики болгонун, качан казактарга сатылып кеткенин, эми аны кайсы улакчы чемпиону минип жүргөнүн айтып жатты. Тим эле сөөктүү саактуу, сымбаттары да келишкен аттар экен. Жүдөгөн аттарды минин биздин балдар жүрөт. Оюндарын көрүп сүйүнгөнүм менен, минген аттарын көрүп көңүлүм ооруп кайттым.
Билем, билем. Менин колума келгенде сен да кыйналып жүдөп келдиң эле. Өлүп каласың го деп коркуп жүрдүм. Ажарга ырахмат. Жаныңдан кетпей, жондон жабууңдуу түшүрбөй, уулум Мурат экөө кандай кам көрүштү. Сен бутуңа тез эле туруп кеттиң. Сенин атыңды кое албай канча убара болгонубуз да эсимде. Ошондо уулум, — Карагер! Карагер коебуз! — десе, чарчаганча күлдүк эле. Көркүң чыгып, төрт аягың тең жорго, айбаттуу да, салмактуу да, алдыңа ат салбаган күлүк болуп чыга келдиң. Бизди кечир? Ошондо бекерге күлгөн экем. Жүдөп турсаң ким ойлоптур. Эми минтип жүрөктөн кетпес элес болдуң Карагерим! Сен улакка чыкканда катардагы аттардын сенден сестене кетенчиктеп тургандарын сезээр элем. Кайран Карагерим, башты чулгуй бир кошкурунуп койгонуң канчасынын жүрөгүнүн үшүн алчу. Сүрүң сүр эле да.
Баса, Карагер, эртең мында Көк бөрү болот. Мынабул ат майданы ачылып, береги касиетүү Тай казан курулганы биринин артынан бири той беришип айылда майрам үзүлбөйт. Той болгон жерде Көк бөрү болбой койбойт. Көк бөрү тойдун көркү! Ылайым жакшылыктар боло берсин. (Бырс күлүп жиберет). Бала да...
И — ии, неберем минген чыбык атын Карагер деп коюп алыптыр. Тигине! Кечке бир жаны тынсачы. Сындырып алып «шак — шак» коюп жатканы, арыкка агызып кур санаага батканы... Таңдын атканы, күндүн батканы ушунун эрмеги менен билинбей өтүп жатат.

Музыка. Бир топко тыным. Тээ алыска тигилген Муса жанына келип этегинен тарткан небереси Азатты байкабай өз оюу менен алек болуп жатты.

АЗАТ: Чоң ата — аа? Мени карачы.
МУСА: (ойлуу) Тоолор... тоолор... Араңарда жаныбарым жүрөбү... Ошол ашууда бизди сактап, өзүң сууга агып кете бербедиңби. Ажар экөөбүздүн гана эмес, уулумдун да жүрөгүндө түбөлүк калдың. Ал сени эч унутпайт. Кайран Карагер. Кайран жаныбарым!
АЗАТ: Менин Карагеримди айтып жатасыңбы?
МУСА: (түшүнө бербей) Эмне?
АЗАТ: Менин Карагеримди айттыңбы дейм. Карагер! Карагер! — дебедиңби.
МУСА: (оор дем ала) Сенин, сенин... (тоолорго тигиле) Өзүмдүн да...
АЗАТ: (көзүн албай тигиле) Сенин да Карагериң болду беле? Анан кана ал атың?
МУСА: (жылмая) Болгон балам. (ойлуу олтуруп калат). Сууга агып кеткен.
АЗАТ: (чоочуй тиктейт) Меникиндей болуппу? Анан кармаган жоксуңбу?
МУСА: Жок.
АЗАТ: Азыр ошол жакта, тоолордо жүрөбү?
МУСА: (таң кала) Каякта?
АЗАТ: Тоолордо. Сен тоо жакты карап жатпайсыңбы. Күндө эле карайсың го.
МУСА: (небересин кучактай) Ооба, ооба. Тоолордун арасында...
АЗАТ: Мендей жүгүрсөң кармап алмаксың да. Сенин Карагериң чоң беле, чоң ата?
МУСА: Абдан чоң, күчтүү болчу.
АЗАТ: Күчтүү болсо, өзү эле чыгып кетпейт беле. Мага ошол сууну көрсөтөсүңбү?
МУСА: Тээтигил ак мөңгүлүү чокуларды көрдүңбү Азат? Ии, ошол тоолорду ашуу керек. Азыр ал жакка эч ким барбайт. Не бир ашуулар жатат.
АЗАТ: (чечкиндүү) Мен барам! Мен коркпойм! Карагериңди издеп, таап келем.
МУСА: (күлүп жиберет) Жүрөктүүсүн мунун. Сага анда эмне бар. Баса, атыңдын атын кайдан таап коюп алдың? Же, атаң коюп бердиби?
АЗАТ: Жо — оок! Өзүм эле койдум. Тигил Жоомарттын баласын билесиңби? Ал дагы атына Чоң тору деп, атасынын минген атынын атын коюп алган. (кыткылыктай) Аныкы меникинен кичинекей. Мындай эле. Ийри буйру дагы. Чоң тору дегенде баарыбыз күлдүк. Меники чоң ээ? Мен сенин Карагериң бар экенин билбей эле коюп алдым да. Эми сен экөөбүздүн аттарыбыз окшош болуп калбадыбы. (кейип) Каап, чоң ата, Карагериңди бирөөлөр таап алса, союп жеп коюшту го, ыя?
МУСА: Аны эч ким кармай албайт. (өзүнчө) Агымы катуу алкынган суу аны кай жакка апарып, кай жээкке түртүп салды, бир Кудай гана билет.
АЗАТ: (тоолорго тигилген калыбында) Коркпо, мүмкүн өлгөн жок. Суудан чыгып тоолордун арасында жүрү го... Аякта чөп көп да ээ.

Музыка. Бир топко тыным. Экөөсү тең тоолорго тигиле тунжурашат.

АЗАТ: Сен кийин өлгөндө, мага ат болуп келесиң ээ, чоң ата? Мен ошондо сенин атыңды, — Карагер! — деп коем. Бул чындап ат эмес да. Чыбык ат. Эмне күлүп жатасың?
МУСА: Күлгөн жокмун. Сенин акылыңа сүйүнүп жатам. Айланайын.
АЗАТ: (кыткылыктай) Даагы бир жолу, — Айланайын! — деп койчу.
МУСА: (жетине албай) Айланайын! Айланайын сенден.
АЗАТ: Чоң энем, баарын эле: — Айланайын! Айланайын! — дей берет ээ? Менин айтканыма макул болдуңбу?
МУСА: Эмнеге?
АЗАТ: (чыдамы кетеип) И — ий, кечке айта беремби. Бат эле унутуп койдуңбу. Өлгөндөн кийин мага ат болуп кел дебедимби. Адашып башка жакка кетип калба!
МУСА: (боору эзиле күлүп) Макул, макул. Адашпайм.
АЗАТ: Кел колуңду бер. Эркектердей кол алышып коелу да. Келе, бербейсиңби?!
МУСА: (кол алышат) Ой, тапаным! Мен сага Карагер болуп келип, силерди кайтарып жүрөм. Болдубу?
АЗАТ: Сен атсың да. Мен сени кайтарам! Короого ууру кирип, сени уурдайын дегенде тээп тээп жибересиң ээ? Анан катуу катуу кошкурсаң, мен ойгонуп кетем. Сени күндө суугарып, жем чөп берем. Анан экөөбүз тигил бийик тоолорго барабыз. Ошол жактан сууга агып кеткен Карагериңди издеп таап келебиз. Анан экөөңдү бир сарайга киргизип коем да. (боору эзиле) Экөөң жем талашып тебишип кетпейсиңерби? Тигил аттардай болуп, ыя? Антпегиле, макулбу? Ыя, чоң ата, тоодогу чоң Карагерди тапкандан кийин, сен кайра тирилип, чоң атага айлансаң болобу?..
МУСА: (өзүн араң токтотуп) Болбойт да! Андай кайдан болсун.
АЗАТ: Мен да сендей болуп ойлонуп жатам да. Эми Кудай Тааладан үч тогузду сурасам, анда токсон тогуздан да ашып кетесиң!
МУСА: (боору эзиле) Даагы үч тогузду сурайм де! Тапаным ай, тапаным! Ошол өмүрдүн баарын сага, силерге бердим. Кор болбой, силер көп жашагыла. Менин өмүрүмдү улантуучулар — Силерсиңер! Кудайдан ошону тилейм. Аман болгула!
АЗАТ: Бай болгур! — дебейсиңби. Аны унутуп калдың.
МУСА: (чекеден сылап) Бай бол! Бар бол!

Музыка. Небереси чапкылап кетет. Мусанын көңүлү ачыла, кере — кере дем ала, керилип кырка жаткан ак мөңгүлүү тоолорду, ылдый жактагы айылды карап, жашоосуна каниет кыла жакасын кармай Теңирге сыйына өзүнчө күбүрөп жатты.

МУСА: Кудайга шүгүр! Шүгүр дейин, Теңирим! Элге — жерге тынччылык берип, бөөдө кырсыгыңдан сакта. Бала — чакага жамандыгыңды көрсөтпө Жаратканым! Жашоо өз нугу менен ушинтип өтүп жатат. Неберем айткандай, Кудай колдоп бир жээкке чыксаң, укум — тукумуң көбөйүп, көк мелжиген тоолордун арасында жүргөндүрсүң. Мен эмне деп жатам?.. Куру кыялга батканымды кара. Мына ушинтип балдарымдын гана эмес, неберемдин да эсинде калдың. Эми бул сени эч качан унутпайт. Мүмкүн бой жеткенде сен экөөбүз ашкан ашууларды ашаар. Алкынган сууларды кечээр. Биз көргөн Улуу тоо арасындагы кереметтерди, сырларды сезээр... Ал заман кандай болот, ким билет?.. Тоодон коркпогон жүрөктүү болуусун тилейм. Оо, касиеттүү тоолорум! Асман тиреген улуу зоолорум! Алкынган суулар, айбаттуу ашууларым... Мен силерди сагындым!!!

АЗАТ: Чоң ата? Чоң ата дейм?! Курсагың ачтыбы? Жүр, үйгө кетели.

Экөө жетелешип үйдү көздөй жөнөшөт. Алдыларынан Ажар чыгат.

АЖАР: Бүгүн силерди ошол Тай казандын түбүнө түнөп калабы дегем.
АЗАТ: Төшөк жок да. Чоң эне, каттама быштыбы?
АЖАР: Муну кара. Тапанданбай бас! Курсагы ачты го. Ошол жакка чыксаңар эле кечке жоголосуңар. Деги эмне иш бар ал жакта.
АЗАТ: Чоң атам ойлонот, мен ойнойм. Анан тоолорго, айылга дүрбү салабыз. Ии, чоң эне, тигил чокунун ары жагында сууга аккан Карагерди билесизби?
АЖАР: (селт эте) Эмне дейт?! Аны сага ким айтты?
МУСА: Мен айттым.
АЖАР: (жактыра бербей) Бала неме эмнени түшүнөт. Аны эмне айттың.
АЗАТ: Мен чоңойгондо барып, издеп таап келем ээ, чоң ата?
АЖАР: Кайдагынын баарын айтып. Бас, тыпылдабай.
МУСА: Андан кызыгын уга элексиң. Мени өлгөндөн кийин Карагер болуп кел дейт. Мурун эле ат болуп келесиң дей берчү. Бүгүн ошол Карагерге айланып кел дейт. Мен макул болдум. (каткыра) Сен ким болуп келесиң?
АЖАР: Силердин тамашаңар курусун! (Азатка) Сениби, сени элеби! Күлбө!
АЗАТ: Силер күлүп жатсаңар, таарынып калбасын деп, мен да күлүп жатпаймбы.
АЖАР: Мен сага күлгөндү көрсөтөм. Ушундай да бала болот экен ээ? Жаман көздөн сакта Кудайым! Алдыгы чыбыкты берчи?
АЗАТ: (качып) Ики! Мени сабайсың да.
АЖАР: Бар тигиндей ойно.
АЗАТ: Кечке эле ойной беремби. Силердин сөзүңөрдү угам.
АЖАР: (Мусага) Көрдүңбү. Сенин тарбияң. Эбиреп, жебиреп...
МУСА: Мунуң анча мынча кишиге караганда жакшы сүйлөшөт.
АЖАР: (кейип) Ушул баланы көпчүлүктүн арасына апаргандан да коркосуң. Көп ээрчитпечи. Карагерди каяктан айттың эми.
МУСА: Билгени жакшы эмеспи. Мунуң ашууну да ашканы калды.
АЗАТ: Мен чоңойгондо ашуу ашам. Мен коркпойм! Чоң атам эми бара албайт да. Картайып калдың да ээ, чоң ата? Коркосуң.
АЖАР: Ушу сенин тилиңди! Эмне кылсам экен аа? Кел, мындай олтуралы.
АЗАТ: Мен балдарга барсам болобу?
АЖАР: Алыс барба. Мунун кылбаганы жок. Кечээ казандан жаңы чыгарган үч нанды үч итке берип коюп, каткырып карап олтурат дейт. Энеси жетпей гана калдым деп ачууланып мага келди. — Казандагы жугундуну бер, каткан нандарды жейт десе, — Кечке эле жугунду бере бересиңби! — деп, титиреңдеп тил кайтарганын билбейсиң сен. Муну мен бир күнү абдан катуу сабаганы калдым.
АЗАТ: Иттер деле бир жолу ысык нан жесин дегем. Жугундулар ачып кеткен да. Алар деген малдарды, бизди кайтарып жатпайбы. Көп жумуш кылат да.
МУСА: Экинчи андай кылба балам. Нанга антип кесир кылган болбойт. Иттердин өзүнүн тамагы болот. Нанды ыргытпай жүр.
АЗАТ: (бултуңдай) Макул.
МУСА: Менин Азатым акылдуу. (тыным) Нандын азабын биз эмес, тигил балдар да билип калышты го. Ошол сууга аккан эки кап ун эсиме түшкөндө дене башым дүркүрөй түшөт. Аны бул кайдан түшүнсүн. Бала да.
АЗАТ: (тигиле) Карагер менен нандар да агып кетти беле?
АЖАР: Нандар эмес, нан жасап жейбиз деп тоого апараткан эки кап ун сууга агып кеткен балам. Ошол үчүн нанды ыргытпа! — деп, көп айтам силерге. А, силер укпайсыңар. Саал катып калса эле жебей коесуңар. Нансыз жашоо болбойт.
АЗАТ: (тигиле) Анан кантип нан жебей жашадыңар, чоң эне?
АЖАР: Жашадык балам, жашадык.
МУСА: Чоң энең иттерге деген кебектен бизге нан жасап берген.
АЖАР: Кудая тобоо, ошондогу чара чара этти жебей, бир жапырак көмөчтү тиктеп калганыңар али көз алдымда. Көрсө, адам баласы бир гана нан менен суудан танбайт тура.
МУСА: Күндө беш маал эт жей берип карышкыр болуп кеттик го.
АЖАР: Андан дагы ошол иттерге деген кебектин калып калганын айт.

Музыка. Экөө бир топко үнсүз олтуруп калышат. Оор тунжуроо. Аларды тиктеп, бир нерсени түшүнгөндөй Азат тып тынч.

АЖАР: Дагы жылкычылар болуп жакшы болду. Айыл тараптагылар бизден кабар алгыча эмне болот элек. Жайыбызды уккан Мейиз жеңенин бир чака унун алып жетип келгени биз үчүн ошол күн майрамдай эле болду го. Анан да Карагер менен кошо кеткениңде, биздин көргөн күнүбүз эмне болот эле? Кудайдын көзү түз экен, минтип... Койчу, кайдагылардын баарын эстетип. Жакшылыктан кеп кылалычы Муса.
МУСА: (оор дем ала) Айтканга оңой. Өткөндү кантип унутуп кое аласың. Көз алдыңдан кетпей, көөдөнүңө кыт куйгандай орноп калат турбайбы, Ажар. Өткөндү унутканың, өзүңдү унутканың эмеспи. Убакыт өткөн сайын унутулмак тургай, жараты ачылган жарадай жаңырып турат окшобойбу. Өткөн учур...
АЖАР: (ойлуу) Аның да туура. Бул кезде жайлоого даярданып, далбас уруп жаткан кезибиз болоор эле ээ? Сенин ичиңде эмне болгон уйгу — туйгу ойлор жатканын түшүнөм Муса. Мени ойлобойт дейсиңби. Ашуудан өтүп жаткан учурдагы көрүнүштөр өзүнчө бир керемет көрүнүштөр эле го. Жаныбызды уучтап өтчү элек. Сен дүрбү салганда эле, эң биринчи ошол тоолорго караарыңды, ошол ак мөңгүлүү чокуларга тигилип... (тыным) Баарын сезем, туям. Мен дагы ошол жайлоону, жаштыгымдын не бир сонун кездери өткөн ошол тоо арасын сагындым Муса. Мындагы миң жуткан абаң менен, ал жактагы тоонун бир жутум таза абасы канчага тураарын жакшы билем. (кыялдана) Бейиштин төрүндө жүргөндөй, бактылуу убакыттар өттү. Баарына шүгүр дейли. Ары ашпасак да, Кашка — Сууну жээктеп, суусуна жүзүбүздү чайып, ар жайда конуштап жүрөбүз. Бул дагы Жараткандын бизге деген үлүшү! Кере — кере дем ала бергенимде, аркы жайлоонун атыр жыттуу таза абасын кана жуткандай болом. Канатым болсо, атаганат!
МУСА: (каткыра) Самолет жалдап берейинби? Самооруңду көтөрүп ал. Шашпай олтуруп чай кайнатып ичип, эки жакты карап дегендей, бир чер жазып келесиң. (тигиле) Казан аскан кемегең оордунда болду бекен, ыя?
АЖАР: (ызаланып кетет) Сени шылдыңдатып эле койсо. Мен...
МУСА: Тамаша, болду эми. Зериккенимден... Ээ, канатым болсо...
АЖАР: Колхоз — совхоз тараганда биз да туш — тушка тарап кеткендей болдук окшойт. Аш – тойлордо эле бир жолукпасак, Мейиз жеңелерди да көп көрбөйбүз. Баса, Эраалынын бир уулу үйлөнгөнү жатыптыр. (боору эзиле күлүп жиберет).
МУСА: Эмне болду?
АЖАР: (токтоно албай) Азыр, азыр...
МУСА: Ой, сага эмне болду?
АЖАР: Эраалынын келинчеги Жаркынды айтам. Карагер сууга аккан жылы бир барды, ошол бойдон жайлоо бетин көргөн жок. Эраалы: — Сүйрөсөң да барбайм! Ашуудан корком! – деди десе, канча күлүп жүрдүк. Кийин, — Суугуна да ыраазымын. Кыштоого эле барайынчы деп, балдарын алып, кыштоого жөнөчү болду.
МУСА: Э — ээ, Ажар. Ашууну да көрүнгөн эле киши аша бербейт. Тоо — таштын сырын билип, анын мыйзамына көнүү оңойго турбасын өзүң жакшы билесиң. Ага да жүрөк керек! Жүрөк!

Музыка. Муса менен Ажар бактын алдында ойго бата үнсүз олтурушат. Экөөнүн тең көз алдыларынан не бир элестер, тээ өткөн кез чууруп өтүп жатты. Жанатан узун аңгемеге кирген экөө үстүлөрүнөн оор жүктү алгандай жеңилдене түшкөндөрү жүздөрүнөн билинип турду.

МУСА: Мен тоолорго көз жибергенде ушулар элестейт Ажар. Анан кантип ойлонбой коем. Ойлоносуң.
АЖАР: Аның ырас. Адам ойлонбой кое албайт. Ошону билип туруп эле, анан: — Ойлонбо! — дей беребиз. Көнүмүш адат да.
МУСА: Ээ, Ажар. Жалаң эле жыргап өткөн пенде болбойт. Аткарылбаган иштер, жетпеген максаттар ар бир адамда болот. Жараткандын берген жашоосунда, — Баарына жеттим! — деп, ким айта алат. Биз кичине жашоодо, кичине гана иш жасаганга жетишебиз. Жашоонун, ошол кичине жашоонун ичинде канча азап — тозогу, ый — күлкүсү, жана да жыргалы бар. Шүгүр дейли, бешенеге жазгандын баарын көрдүк. Баарына күбө болдук. Жашообуз жаман болгон жок. Өтө озуп алдыга кетпей, артта да калып калбай, элдин ортосунда келе жатабыз. Ортодо болгон жакшы.
АЖАР: Шүгүрчүлүк! Шүгүрчүлүк! Барына ыраазы болуп, тобо кылган жакшы го. Бала — чака аман, эл — жер эсен болсун! Баса, эл — жер десе эле ыраматылык энемди эстейм. Басса турса ушинтип жүрчү эле. (тигиле) Муса, бир ирет улактан бутуң сынып, бая ат басып кеткенде... Сени шалкылдатып беш алтоосу көтөрүп келгенде, байкуш энемдин: — Ойбайлаганы... такыр эсимден кетпейт. Ошондо мен да сени өлүп калган экен деп... Бир заматта чыры — чуу түшүп эле жатып калдык го. Эми айта берсек андай учурлар далай болду эмеспи. Азыр дагы улакка кирип кетесиң, сак болчу. Мурдагыдай жаш эмессиң да.

Ошол учурда алдыларынан Азат чыбык аты менен чуу коюп өтүп кетет.

АЗАТ: (чаап өтөт) Чү! Чү — үү! Жеткирбе, Карагер! Жеткирбе!!!
АЖАР: (селт эте) Ок! Кантет, тентек десе. Сениби!
МУСА: Менин орун басарым!
АЖАР: Кантет. Мындагыларды тебелеп кетесиңби. Акырын!
АЗАТ: Биз чаап жүрбөйбүзбү. Ат келатканда жолдон качып кетиш керек да.
АЖАР: (издей) Жанагы чыбык кайда кетти. Бери мага жакын келчи.
АЗАТ: (кыткылыктай) Оо, алдап кармап алып сабайсың да. Биз карматпай чаап кетебиз. Кеттик, Карагер! Дики дик, дики дик! Чоң ата, мен сендей улакчы болом ээ?
МУСА: (кубана) Болосуң балам, болосуң.
АЗАТ: Качан улак болот?
АЖАР: Карасаң муну. Улакта эмнең бар экен.
АЗАТ: Чоң атамдын жанына туруп кыйкырам. Улакка барганда кишилердин баары кыйкырат ээ, чоң ата. Катуу кыйкырса аттар катуу катуу чабат. Ошону билбейсиңби?
МУСА: (боору эзиле) Кыйкырбайт. Сүрөйт.
АЗАТ: Ии, ошол, сүрөйт. Менин Карагеримди да сүрөп койгулачы. Катуу тээ тиякка чаап кетели. (тикчийе тиктеп туруп калат) Бол эми.
МУСА: (сүрөп) Аа — йт! Карагер! Аа – уу — уйтт!!!
АЗАТ: (тирмийе) Эмнени айтат?! Чап! Чап, жаныбарым! Чү! Чү — дебейсиңби.
АЖАР: Кантет. Болбодубу эми. Бала менен бала болбуп кетесиң да.
МУСА: Мунун айтканы мага мыйзам да! (күчөп) Кана, чапкыла! Чү, жаныбарым, чү! Оо – уу — уйт! Карматпа жаныбарым, желдей сыз. Чап, Карагер, чап! Чап!!!

Музыка. Муса небереси экөө ан сайын күчөп, экөөнүн тамашасы чындап улакка айланат. Жаңы ачылган ат майданынын тегереги толгон эл. Эки жерде көздүн жоосун алган эки Тай казан. Көк бөрү кызуу жүрүп жатат. Улакчылардын арасында Муса аксакал өзү да улак тартып жүрөт. Музыка айлананы жаңыртып, Курмангазынын «Отрар сазы» теребелди терметип жатты.

 

АЯГЫ

11.02.2004-жыл
Бишкек шаары

 

© Чынар Калыбекова, 2004

 


Количество просмотров: 3307