Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Киносценарийлер
© Чынар Калыбекова, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 13-январы

Чынар Сеитбековна КАЛЫБЕКОВА

Намыс

(киносенарий)

Бирөөлөрү бул жарыкчылыктан кетсе, экинчилери бул жарыкчылыкка келип турат. Тирүүчүлүк ошентип улана берет. Бул киносценарийде ушундай турмуш чагылдырылган.

Одни уходят из этого мира, другие приходят на их место. Так вечно продолжается жизнь. Обо всем этом рассказывается в сценарии фильма.

 

Катышуучулар:

1. Айым. 50 – жашта. Мугалим.
2. Бермет. 22 – жашта. Студентка.
3. Айжан. 19 – жашта. Студентка.
4. Азамат. 19 – жашта. Айжандын жигити.
5. Саадат. 20 – жашта. Айжандын жакын курбусу.
6. Аман. 30 – жашта.
7. Толкун – Амандын экинчи аялы.
8. Эрмек – Амандын уулу. 5 — жашта.
9. Эмиля – Амандын кызы. 3 — жашта.
10. Санжар — Амандын досу. 30 – жашта.
11. Жазира. 19 – жашта. Студентка.
12. Махабат. 19 – жашта. Студентка.
13. Жээнгүл. 19 – жашта. Студентка.
14. Сонун. 17 – жашта. Студентка.
15. Сайкал. 20 – жашта. Спортсменка.
16. Дастан. 25 – жашта. Спортсмен.
17. Тренер. 35 — 40 – жаштарда.
18. Батыш. 65 – жашта. Айымдын кошунасы.
19. Кошуна чал. 70 – жашта.
20. Кошуна келин. 30 — жашта.
21. Мира 50 – жашта. Гостиницада иштеген аял.
22. Таксист. 40 – жашта.
23. Мас аял. 30 – жашта.
24. Эркек. 35 – жашта.
25. Сүт саткан аял. 30 жашта.
26. Контролер жигит. 30 – жашта.
27. Официант жигит. 20 – жашта.
28. Врач 45 — 50 — жаштарда.
29. Сестра кыз 20 – 22 – жаштарда.
30. Ак калпакчан жигит. 20 – жашта.
31. Сулуу кыз. 18 – жашта.

 

1 – көрүнүш

Үйдүн ичи. Бермет менен Айжан. Кыздар сабакка даяданышууда. Ошол учурда Айым ашкана жактан баш багып кыздарды чайга чакырат. Айым Бермет менен Айжандын энеси. Кесиби боюнча мугалим.

АЙЫМ: Айжан, Бермет эжеңди чакыр. Чай даяр болуп калды де.
АЙЖАН: Азыр. Бермет эже!
АЙЫМ: Болгула, тез. Ушинтип олтуруп кечигесиңер.
АЙЖАН: (ордунан кыйкыра) Бермет эже!
АЙЫМ: Акырын, кыйкырба. Уят болот. Тура элек элдер бар да кызым.

Ошол учурда кошуна балкондон орто жашап калган аял сыртка баш багып кечке эки жакты карап турат. Бул аял Батыш. Капысынан үстүнкү кабаттан бирөөлөр сигарет ыргытып жиберет. Көрө калган Батыш кыйкырып сала берет.

БАТЫШ: (кыйкырат) Ай! Көзүң кашайгырлар! Ай! Көзүң кашайгырлар!!! Даагы кимиси ыргытты. Ой, мындагыларды өттөп жибересиңерби?! Талаада жүргөнсүп... Ай! Ай, бала?! Кимиңер тамеки ыргыттыңар?!

АЙЖАН: (апасына) Ана! Батыш кошуна кыйкырып жатат.

Аялдын үнүнүнөн Айым балконго шашып чыгат.

АЙЫМ: Жакшысыңарбы эже? Таң атпай неге ачууланып жатасыз?
БАТЫШ: Жакшы. (кагына) Түшүнөн чоочуду дейсиңби. Тигилер...
АЙЫМ: А, жаңы квартиранттаргабы?..
АЙЖАН: (апасына жакындай шыбырай) Ал жакта балдар эмес, кыздар жашашат.
АЙЫМ: Кыздар...
АЙЖАН: Ооба. Үч кыз келген. Студенттер экен.
АЙЫМ: Акырын.

Батыш жогору этажка моюнун созо даагы кыйкырат.

БАТЫШ: Маданият дегенден эч нерсе жок! Ээ, кокуй! Бул үйдү атаңар салып койсо да эмне болуптур. (өзүнчө) Ой, мында качан тынчтык болот?! Эки айдан бери унчукпайм. Түнү менен тарса — турс, тарса — турс!!! Мындагыларды уктатпагандары аз келгенсип, таң атпай башыбызга тамеки ыргытышат. Ой, үнүңдү чыгарбай олтура берсең, казаны менен жугундуларын башыңдан ылдый коңторуп жибергенден да баш тартышпайт.

Кошуна балкондон орто жашап калган киши чыгат. Батыштын ачуу кыйкырыгынан биринин артынан бири жабалакташып кошуналар балконго атып атып чыгышат. Алар ар жак бер жакты карашып, кыйкырып жаткан Батышты жактырбай шарт — шарт кирип кетишет. Айым менен кошуна балкондогу чал гана калат. Батыш кошуна балкондогу чалга баш ийкеп учурашат.

БАТЫШ: Жакшысыңарбы, кошуна?!

Чал башын ийкей саламдашат. Батыш баятан карап турган Айым менен кайрадан учурашат.

БАТЫШ: Жакшысыңбы, Айым? Кыздарың кандай?
АЙЫМ: Жакшы эже. Сиздин үндү угуп эле чыга калдым. Ден – соолугуңуз жакшыбы?
КОШУНА КЕЛИН: (баш багып) Таң атпай кыйкырышып... Ой, эмне болду, Батыш эже? (өзүнчө жактырбай сүйлөнөт) Элге уйку бербей. Ушул кемпирдики өттү.
БАТЫШ: (жогоруга кыйкыра) Жакшы болбой жабышсын. Бир күнү оору, бир күнү соо... Алымкан болуп жатабыз да. Карылык, сиңдим. Карылык!
КОШУНА КЕЛИН: Кыйкырган менен укпайт го. Эже күйөөм уктап жатты эле...
БАТЫШ: Уктап жатса ойгот. Энелүү эки, аталуу алты тойду де! Шаардыкы ушул. Кечке уйку! Шорду тарткан эле айылдыктар. Кечке кетмен чабат. Мал багат. А, мындагылар уктап жатат.
КОШУНА КЕЛИН: (жактырбай) И – ий! Коюңузчу! (кирип кетет).
БАТЫШ: (Айымга) Мына! Айтса ушинтип чычалашат. Уктагыла! Уктагыла!

Кошуна балкондогу чал да Батышты жактыра бербей тескери карап көнүгүү жасап жатты. Батыш эми ага карап кыйкырат.

БАТЫШ: Ээ, кошуна! Андан көрө сыртка чыгып ары бери баспайсыңбы. Ошентип бир эки дегенде эле дене жазылып кетмек беле. Басыш керек! Басыш! Атаңдын көрү! Береги буттарым гана жарабайт да. Болбосо бул убакта шаарды эки айланып чыгат элем.
КОШУНА ЧАЛ: (башын ийкегилей) Болот, болот.
БАТЫШ: (чалды жактырбай) Болот, болот! — деп койбодубу. Андан көрө басканга бутум жарабай эле дебейсиңби. Корооздонбой! Ары бери өткөн кыз – келинден көзүн албайт. Балкондон салаңдап түшүп калганча аркаларынан карап жатып калат.

Даагы кейип жогоруга кыйкырып кирет.

... Жүзүңөр курусун! Тартип деген жок! Уят сыйыттан кеткен дин безерлер! Ой, мунун баары жатат. Өрттөнүп кетсе эмне болот. (Айымга) А, сиңдим, өзүңөр кандайсыңар?
АЙЫМ: (жылмая) Жакшы эже. Кудайга шүгүр!
БАТЫШ: (өзүнчө катуу кейип) Таза аба жутайын деп чыга калсаң эле, башыңа жугунду суу төгүлөт, же минтип чала тарткан тамекилерин ыргытат.
АЙЫМ: Кайсы этаж экен?
АЙЖАН: (ичтен баш бага) Ии – ий, апа, кирип кетиңизчи. Кечке сүйлөй берет.

Батыш жогору карап даагы кыйкырат.

БАТЫШ: (кейий) Кайсы экенин ким билсин. Тогуз этаждын кайсынысынан табам. Ушинтип кыйкырып, кыйкырып кала берем. (жогоруга кыйкыра) Ой, эмне болгон жандар булар! Айтып тилим тешилди. Күндүн ысыгы бул. Балкон толо оокат. Ээ, кокуй, кокуй! Чын эле өрттөнүп кетсе эмне болот ыя?! Ким жооп берет ыя?!..
АЙЫМ: Айтып эле жатабыз. Ээсин таап, айтуу керек.
БАТЫШ: Квартиранттарды киргизип коюшат да жоголушат. Акча болсо эле болду аларга. Мындагыларды ойлогон эч ким жок! Баскан турган жердин баарына түкүрүп, какырып кетишет. Тепкичтен киши баса албайсың. (жогоруга кыйкыра) Эки бетиңерден апчый капмап, оозуңарга түкүрсө!.. Түф – үү! Бети жоктор!!!
АЙЖАН: (боору эзиле күлүп) Эми кечке чейин сүйлөнөт. Тим эле “Кыргызстан обондору”. Апа, кириңизчи. Чай муздап калды.
АЙЫМ: Капа болбоңуз, Батыш эже. Айтсак түшүнүшөөр. Кириңиз чай ичели.
БАТЫШ: Сүт саткан келинди өткөрүп жибербейин деп карап турам. Кыздарыңды сабагына узата бер. Шашпай анан кирээрмин. Отпусткаң бүтө элекпи.
АЙЫМ: Дагы бир жума бар. Кириңиз.

Айым кызы Айжан экөө үйгө кирип кетишет.

АЙЫМ: (кыздарына) Карыганда адам ошондой болуп калат балам. Ага күлбө. А тазалыкка келгенде эң туура айтат. Азыр жаштардын баары ыплас, өзүмчүл болуп баратышат. Өз үйүнүн тегерегин таза карабаган адам коомдун тазалыгын ойлобойт! Өзүмчүлдүк адамды өстүрбөйт. Баары адам баласынын өзүнөн башталат балам. Эң биринчи жан дүйнөң таза болушу керек! Туурабы?
БЕРМЕТ: Туура! Алтыным апакем! Ар бир сөзүңүз бизге чоң мисал.

Баятан турган киши ичке кирип кайра чыгат. Ал Батышты карап туруп, баарына эле туура дегендей башын ийкеп тим болот. Анан көзүндөгү очкисин оңдоп, айланада чачылып жаткан таштандыларды бир сыйра шашпай карап чыгат да, ичинен сөгүнө түкүрүнүп алат. Мунусу менен шаар тазалыгы эмне кылып жүрөт дегендей кейиштүү башын чайкайт. Анан бир убакта Батыш кемпир айткандай эле кетип бараткан эки келинди карап мойну созулуп калат. Батыш баарын байкап турат. Батыш айланага бир сыйра көз жүгүртүп, тиги киши жакты карап, даагы наалып кирет.

БАТЫШ: (чалга карай) Уят дегенден эч нерсе жок!
КОШУНА ЧАЛ: Тигил таштандыларды...
БАТЫШ: (шектүү тайсалдай) Ии, мен да ошолорду айтам да. Ушулардын азабы өттү ой! Же, буларды жөнгө салаар киши жок. Өтмөтүңө деле баары бир! Ити киреби, кушу киреби, — Ой мында кимдер жашап жатат? Кандай жашап жатышат? — деп карап да коюшпайт. Элдин жайын сураган киши жок. Подвалдын суусу белге чыгат. Келемиштер чердакта бийлеп жүрүшөт. Анан эле, — Ремонтко бер! Светке төлө! Газга төлө! Мусорго төлө! Ысык суу, муздак суу... О, койчу! Элүү жылдан бери эшиктин алдына бири басып келишпейт. Анан эле төлө! Төлө!!! Бер! Бер! Алганга келгенде баары даяр!

Чал туура дегендей башый ийкейт. Ошол учурда эшик катуу чырылдайт. Батыш эшикти ача салса квитанция сунуп контролер жигит турат.

БАТЫШ: (тигиле) Бул эмненики?!
КОНТРОЛЕР ЖИГИТ: Светтики.

Экөө тиктешип калышат. Контролер жигит ыңгайсыздана түшөт.

БАТЫШ: Бирин төлөп бүтө электе эле бири... Келе!
КОНТРОЛЕР ЖИГИТ: (сунуп жатып) Эмне болду эже?
БАТЫШ: (кагына) Эч нерсе!

Жигит аркасына карана жогорку этажка чыгып кетет.

БАТЫШ: Тобо – оо! Светтики деп... (бир топко каткырат) Мына ушинтип келе беришет. Келе! Келе! Төлө, төлө. Бер, бер!!! (узакка созулган күлкү)

Батыш кайрадан балконго чыгып, кечке кейип, эки жагын карана адатынча балконго олтура кетет.

АЙЖАН: Батыш апаныкы деле туура. Тартип, тазалык деген жок. Кече сабактан келе жатсам, балкондон шалп эттирип суу төгүп жиберсе болобу.
АЙЫМ: Балкондон сыртка суу чачып... Кызык намелер го.
АЙЖАН: Жогоруга келген квартиранттар ошондой кишилер экен.
БЕРМЕТ: (ички бөлмөдөн) Бактын арасында чай ичип олтургандай сезип кетишкен го. Чоң энем деле олтуруп алып, чыны табактарын жууган сууну тиякка — биякка чачып коюп олтура берет эмеспи.
АЙЖАН: Ал деген жер үйдө да. Бул көп кабаттуу үй. Чоң энем картаң да.
БЕРМЕТ: Билем. Жаман тыңсың да боорум.

Бермет күзгүгө карана шашкалактай боенуп жатат. Ачылган эшиктен Айжан эжекесин карап бырс күлө туурап коет. Аны энеси байкап калат. Айжан жөн эле дегендей кашын серпе чайга олтура кетет.

АЙЫМ: Сен иче бер. Бермет эмне кылып жатат. Бол дейин. Кечигесиңер.

Шашып чыгып бараткан Бермет апасы менен эшиктин оозунан сүзүшүп калат.

АЙЫМ: Сен кайда. Чайыңды ичпей кетесиңби?
БЕРМЕТ: Апа, мен кечигип жатам. Буфеттен ичип алам.

Бермет чыгып кетет. Айым ойлуу столдун чекесине олтуруп калат. Айжан да эжесинин артынан шаша жөнөйт.

АЙЖАН: Эжеке, кое тур! Мен да чыгам.
АЙЫМ: Сен кайда?!
АЙЖАН: Мен ичип алдым апа. Кечикпей барайын.
АЙЫМ: Сак болгула. Сыртта жүргөндө өзүңөргө өзүңөр тың, бири бириңерге караан болгула жандарым. Теңирим силерди эч нерседен кем кылбасын. Эмнеси болсо да, “баланчанын кызы” дегизбей жакшы жүргүлө.
АЙЖАН: Апа, мен сабактан кийин түз эле тренеровкага кетем.
АЙЫМ: (кейий) Кой десе эле болбойсуң. Мушташкандай эркек бала болбосоң.
АЙЖАН: (кучактай) Апо – оо...
АЙЫМ: Колу – бутуңду сындырбай тынч болсоң эле болду.
АЙЫМ: Эң негизгиси өзүмдү өзүм коргой алам. Жаманбы?

Айым балкондон кыздарын узата карап турат.

АЙЖАН: (апасына кыйкыра) Апа! Тигине сүт саткан аял келе жатат. (Берметке) Эжеке! Токто! Чогу кетели.
АЙЫМ: (ичинен күбүрөнүп) Жараткан Теңирим! Ушулардын бактысын ача көр! Кем кылба. Мен көргөн азаптардан алыс болушсун. Булардан башка менин кимим бар. Экөө тең бой жетип калышты. Кандай тагдыр күтүп турат ким билет. Айланайындарым! Айланайындарым... Айткан сөзүн кара. Силерди да коргойм деп коет. Өзүңдү корго кызым. Өзүңө сак бол!

Эжесинин аркасынан чуркап жеткен Айжан бирдемелерди айтып баратты. Айым кыздары көрүнбөй калганча карап турат.

АЙЖАН: (эжесине) Апам күндө эле бизди узатып жатып кемпирдей болуп эле кайра кайра жалына берет ээ? Тигил Батыштан жугуп баратат го. Кошуна болгондон кийин...
БЕРМЕТ: Чоң энеме окшоп баратат десең. Сен да ошентесиң.
АЙЖАН: Кайсы киного барасыңар?
БЕРМЕТ: Билбем. Жаңы кино дейт го кыздар.(шектүү) Аны кайдан уктуң?
АЙЖАН: Кечинде телефондон бирөөлөр менен сүйлөшүп жатпадыңбы.
БЕРМЕТ: Шайтан элесиң ээ. Кийин айтам.

Кетип бараткан Бермет жолдун аркы бетинен Азаматты көрүп тык токтойт.

АЙЖАН: Эмне болду?
БЕРМЕТ: Тигил жигит сени күтүп турабы?
АЙЖАН: Кайсы? (Азаматты көрүп) Оо, менин жан сактоочум го. Тура берсин.

Эже — сиңди тамашалашып кетип баратышты. Берметтен уялган Азамат аралыкты кармап алардын артынан кетип баратты. Айжан эжесине байкатпай улам – улам кылчактай Азаматты карап коет. Айым балкондон кыздарынын артынан карап турат. Кошуна балкондогу Батыш баягы калыбында олтурат.

БАТЫШ: (Айымга) Кыздар кетиштиби?
АЙЫМ: Кетишти. Кечигебиз дейт.
СҮТ САТКАН АЯЛ: Сүт! Сүт! Айран, айран! Жаңы тартылган каймак! Сүт! Сүт!
БАТЫШ: А, тигине сүт да келе жатат. (Айымга) Мына, кечээ эле чуркап жургөн кичинекей кыздар эле. Минтип заңгырашып бой жетип калышты.
АЙЫМ: Ырахмат, Батыш эже. Сүткө түшөлү. (Айым ичке кирип кетет).
БАТЫШ: (Айымга боору ооруп өзүнчө кейийт) А – аа, байкуш! Экөө тең кетип калса, менин кейпимди кийип жападан жалгыз төрт дубалды кайтарып каласың го... Өң десе өңү, түс десе түсү бар. Бирөөнун этегин кармап кетсе болбойт беле. Жалгыздык деген жаман. Азыр кыздарың бар билбей олтурасың. Экөө кетсе, ошондо жалгыздыктын азабын тартасың! (сүт саткан аялга) Ай, келин! Жаңы тарткан каймагың барбы?!
СҮТ САТКАН АЯЛ: Бар эже! (кыйкыра) Сүт! Сүт! Айран! Айран!!!
БАТЫШ: Туруп тур! Мен азыр түшөм.
СҮТ САТКАН АЯЛ: (кыйкыра) Сүт! Сүт! Айран! Айра – аа — аан!!! Сү — үүт!!!

 

2 — көрүнүш

КЕЧКИ КЛУБ. ДИСКОТЕКА. МУЗЫКА. Бермет менен Аман. Бийлеп жаткан жаштар. Бийлеп бүтүшкөн Аман менен Бермет четки столго келип олтурушат.

АМАН: Кандай. Бүгүнкү кеч сага жактыбы?
БЕРМЕТ: Жакшы.
АМАН: (каткыра) О — оо! Жакшы гана эмес, эң сонун! Жаштык деген ушул! Жаштыкты колдоно билүү керек. (алаканын үйлөп) Үф — ффф!!! Учуп кетет. Кайран гана жаштыкты кантип жоготуп алганыңды өзүң да билбей каласың. Анан кемшийген кемпир, сары тиш чал болуп олтуруп калабыз. Туура айтамбы?
БЕРМЕТ: (бырс күлүп жиберет) Мүмкүн...
АМАН: (бышыктана, тапанданып) Мүмкүн эмес. Ошондой! (манчыркай чалкалай) Ошондой Берметка, ошондой! Жаштык бул суу! Жаштык бул желп этип жайкап өткөн сыдырым жел! Акындардын ырындагыдай. Жаштык бул... (Берметке тигиле тып токтойт) Сага эмне болду?
БЕРМЕТ: (эки жагын карана) Эч нерсе.
АМАН: (калп каткырып) Ойлонуп кеттиң ээ? (чирене маашырканып) Ошондой. Ойлон! Ойлон сулуу! Сен экөөбүз бул жаштыкка түбөлүк турсак кана. (ичип жиберет) Атаңдын көрү дүнүйө! Эч качан андай болбойт. Ошол үчүн жыргаш керек. Карачы тигилерди. Эч нерсе менен иштери жок. Бүгүнкү күн, бүгүнкү саат менен жыргап жатышат. (корс эте) Ой, сен эмне ичпей олтурасың?
БЕРМЕТ: (тартына) Мен ичпейм.
АМАН: Кана, кана. Бул деген вино да. Кан болот.
БЕРМЕТ: (уяла тартынып) Ичип көргөн эмесмин. Чын айтам.
АМАН: (куулана) Ишенем, ишенем жаным! Анда бүгүн кичине ооз тиесиң.
БЕРМЕТ: Болбойт.
АМАН: (куулана) Макул, макул. Өзүң бил. Сен айткандай болсун.
БЕРМЕТ: (Аманга) Тамак жеген жоксуңар го.
АМАН: Ушундай жерде да тамак жечү беле. Карачы тигилерди. Бул жерге бийлеп, жыргап... Рахат алуу үчүн келишет. Кечирип кой.
БЕРМЕТ: Жок, жок. Эч нерсе эмес. Түшүнөм.
АМАН: Негизи мен өзүм турмушумда аз сүйлөгөн кишимин. Сенин көңүлүңдү ачам деп... Көп сүйлөсөм кечирип койчу ээ, мени? Сен деги турмушуңда күлөсүңбү?
БЕРМЕТ: (ыңгайсыздана түшөт) Ооба.
АМАН: (куулана тигилет) А, мен корком.
БЕРМЕТ: (чоочуй) Эмнеге?
АМАН: Сени жоготуп аламбы деп.
БЕРМЕТ: Кызык.
АМАН: (жакындай, кучактап) Кызык эмес. Айтчы, Берметка. Эгер сени жоготуп
алсам, анда мага береги жашоонун кызыгы эмне?.. Мен сенсиз кантип жашайм?!..
БЕРМЕТ: (күлүп жиберет) Мен жаныңда эле олтурбаймбы.
АМАН: Ооба жанымдасың. Ал тургай кучагымдасың. Кокус... кокус бирөө... (көрө калып) Оп — па! Мына сага!

Ошол учурда четки столдо майрамдык маанайда олтургандардын арасынан бирөөлөр чатакташып кетишет. Ортодон тура калган толугунан келген аял доолулана итирейген күйөөсүн жаак талаштыра чаап калат. Олтургандардын баары карап калышат. Официант жигит жетип келет.

МАС АЯЛ: Сени мен адам кылып жүрөм го акмак!
ЭРКЕК: (элден уялып) Болду. Элдер карап жатат.
МАС АЯЛ: Карашсын! Угушсун! Үйдө катын, эшикте эркек болуп жүргөн катындарга сабак! Баланы тууган мен! Базарда жүргөн мен! Акчаны тапкан мен! Бир жолу бир туулган күнүмдү жакшылап өткөрө албаган сен да эркексиңби?!
ОФИЦИАНТ: Мында чатакташууга болбойт. Айым, тартипти сактаңыз.
МАС АЯЛ: Сен мага тартипти үйрөтпө! Мен акча төлөп жатамбы. Төлөп жатам. Сен тейлегенди бил!
ЭРКЕК: Кой дейм. Уят болот.
МАС АЯЛ: Уяттын балакетин алат бекенсиң. Жаагыңды басып тынч олтурчу! Керек болсо азыр кыйкырып ырдайм. Бүгүн менин туулган күнүм. Эмнени кааласам ошону кылам. (музыканттарга кыйкыра) Эй, музыкант коштоп койчу! (ырдап кирет) Кызыл өрүк, кызыл өрүк...
ОФИЦИАНТ: Айым... леди...
МАС АЯЛ: Кыңкылдабай турчу ары! Акчаңды эки эсе төлөп берем. Бар! (кайрадан ырын улантат) Кызыл өрүк, кызыл өрүк... Кана, бирден алып жибереличи. Тамакты жумшартып. Ха – ха – ха...

Уялып кеткен официант жигит басып кетет.

ЭРКЕК: Баарына уят болдук. Олтурчу.
МАС АЯЛ: (ыйлактай) Ушул сен уятты билесиңби?! Айтчы? Бир коньяк адамдын тагдырын чечеби? (сумкадан акча алып чачат) Мына акча! Мына! Мына акча! Подружкам үчүн эч нерсе аябайм. Азыр ушул жерге ящиктеп коюп койгонго кудиретим жетет. Эй, бармен!!!

Бермет оозу ачылган бойдон тигилип турат. Аман бырс күлүп жиберет.

АМАН: Ох — оо!!! Кыйын аял экен ээ? Эрин кекиртектен алды го.
БЕРМЕТ: Элдин алдында эрин сыйлабаган аялдын эмнеси кыйын. Уяты жок аял экен. Канча акча тапса да, кандай тапса да, бир үй – бүлө да.
АМАН: Сен да кийин мага ачууланганда...
БЕРМЕТ: Биздин ортобузда сый болот го деп ойлойм.
АМАН: (шашкалактай) Албетте! Албетте!
БЕРМЕТ: Апам айтат: – Эгер эки адамдын ортосунда чыныгы сүйүү болсо, алар өмүр бою бири бирин сыйлашып өтүшөт деп.
АМАН: Туура! Өмүр ансыз да кыска. Бул жашоодо чечилбеген эмне бар. (сырдуу тигиле) Сенин апаң акылдуу жан экен. Туура айткан. (аялга) Мастык менен катуу кетти.
БЕРМЕТ: Эртең соолукканда абдан өкүнөт го. Мындан кетели.
АМАН: (шашкалактай) Даагы бир аз олтурсак кантет.
БЕРМЕТ: Андан көрө бир аз таза абага баспайлыбы.
АМАН: (шуулдап) Жарайт. Жарайт. Сен айткандай болсун. Мындан кетели.
МАС АЯЛ: (кыйкыра) Эй, бармен!!! Коньяк кана?!

Аман менен Бермет чыгып кетишет. Түнкү шаар.

 

3 – көрүнүш

Көчө. Айжан менен Азамат жетелешип ойноп келе жатышат. Светафорго келгенде таякчан кары чалды Азамат жолдон жетелеп өткөрүп коет.

АЙЖАН: Азаматсың.
АЗАМАТ: Сообу тиет.
АЙЖАН: Картайганда кыйын эле болсо керек ээ?
АЗАМАТ: Албетте кыйын. Биз да картаябыз да.

Айжан менен Азамат спорт залга келишет. Көнүгүү жүрүп жатат. Айжандын алдынан тренери тосуп чыгат.

АЙЖАН: Саламатсызбы? Кечиккен жокмунбу?
ТРЕНЕР: Өз учурунда келдиң. (бирөөнү чакырат) Дастан бери кел! Бүгүндөн баштап Айжан менен иштейсиң. Бул жигит ким? Бизге келдиби?
АЙЖАН: Чогу окуйбуз. Мени узатып келди.
АЗАМАТ: Салоом алейкум!
ТРЕНЕР: Алейкум ассалоом. Көнүгүүнү баштай бергиле. (тренер басып кетет).
АЙЖАН: Эмне анча карадың? Кызганып жатасыңбы?
АЗАМАТ: Жок. Жөн эле карадым. Эки жолку чемпионду жанынан биринчи көрүп жатам. Бул жердин жабдыктары мыкты экен ээ?
АЙЖАН: Баарын жакында эле коюшуптур.

Ошол учурда машыгып жаткан кыздардын бири Сайкал Айжанга тийише өтөт.

САЙКАЛ: Салам! Жигитиңби?
АЙЖАН: Салам!
САЙКАЛ: (Азаматка тийише) Салам жигит! Сайкал.
АЗАМАТ: Азамат.
САЙКАЛ: (Айжанга) Шашпай тааныштыраарсың. А, он ничего...

Сайкал Азаматка көзүн сүзө басып кетет. Азамат аркасынан караган бойдон калат. Баарын байкап турган Айжан Азаматты чыканакка түртөт.

АЙЖАН: (түртүп) Эмнге болду?
АЗАМАТ: (шашып кетет) Эч нерсе.
ТРЕНЕР: Айжан!

Залда машыгуулар кызуу жүрүп жатат. Азамат Айжандын машыгуусун бир азга карап турат да, акырын чыгып кетет.

 

4 – көрүнүш

Университеттин ичи. Студенттер. Танапис учуру. Айжан менен Бермет коридордон жолугушуп калышат.

БЕРМЕТ: Жүрү, буфеттен бир нерсе ичип алалы.
АЙЖАН: Бүгүн да көйнөк кийип алыпсыз. Сизге көйнөк жакшы жарашат. Мен көйнөк кийсем эле чалынып, чулунуп... (шектүү) Жолугушууга барбайсызбы?
БЕРМЕТ: Кемпирдей болуп бир нерселерди эле шекшине бересиң да. Жөн эле кийдим. Илинип тура берип сүрсүп кетти го дейт апам.
АЙЖАН: Ии, баса, эми мени менен эки жолку чемпион машыкмай болду. Аты Дастан. Телевизордон көргөнсүз.
БЕРМЕТ: (кубана) Куттуктайм! Эң сонун.

Ошол учурда Айжандын курсташ курбу кызы Саадат шашып келет.

СААДАТ: Кечке сени издеп жүрбөдүмбү. Саламатсызбы Бермет эже? Айжан, кыздар күтүп калышты. Бермет эже, биз КВНге катышалы деп жатабыз.
БЕРМЕТ: Эң сонун!
АЙЖАН: Унутуп койгон турбаймбы. Мен кете берейин.
БЕРМЕТ: (жылмая кучактап өбөт) Барагой. Жакшылап даярдангыла.
СААДАТ: Рахмат эже! (Айжанга) Эжең жаман сулуу ээ? Тигинде мактоо доскасында сүрөтү да илинип турат. Мээси тим эле компьютер дешет го...
АЙЖАН: Акырын көзүң тиет. Окусаң сенин мээң деле компьютер болот.
СААДАТ: Кайдан, балээниби. Күнү – түнү окуйм. Мээге эч нерсе кирбейт. Агамдан сурасам, — Сен эмес өзүмдүн башымда эч нерсе жок. Интернеттен көчүрүп ал! — деп кутулат. Кайдагы интернет. Апам менен атам: — Оку! Оку! – дешип, жатканча мээни чукуйт. Акыры жаттап кутулам.
АЙЖАН: Туура да. Окуй берсең, окуй берсең акыры бир немеси мээге жугат да.
СААДАТ: (безилдей) Биз мээни чукуп олтурганда, Жазка менен Маха болгон интернеттегилердин баарын көчүрүп келип агайдын алдына таң атпай таштап коюшат. Женифер да ошолордон көчүрүп алат окшойт ээ?
АЙЖАН: (тык токтойт) Жазка, Мазка, Маха! Аттарынан адам коркот. Саадат, биз каякка бара жатабыз?
СААДАТ: (бейкапар) Алтынчы корпуска. Агай ушунда чогулгула деген.
АЙЖАН: Анан мында эмне келдик? Эки жакты карачы.
СААДАТ: (каткыра) Сөзгө алаксып баса берген турбайбызбы. Жүрү. Тигил Бермет эженин жигитиби?
АЙЖАН: (селт эте) Кайсы? (өзүнчө) А, кармалдыңбы.

Айжан Берметтерди кайра кайра шектене карай берет.

СААДАТ: Тааныйсыңбы?
АЙЖАН: Жок, тааныбайм.
СААДАТ: Жигити го ээ?
АЙЖАН: Мүмкүн. Мен кайдан билейин.

Айжан ичинен абдан бушайман болуп баратты.

 

5 – көрүнүш

Үйдүн ичи. Айым Бермет экөө күндөгүдөй эле ашканада кечки тамак менен алектенишүүдө. Эне бала көңүлдөрү куунак. Бермет соткасынын үнүн катуулатып коет. Анда казак ырчысы Кайрат Нуртас ырдап жаткан болот.

БЕРМЕТ: (кошулуп) Аурмайды жүрек, аурмайды... Апа, жакшылап уксаңыз. Азыр кыздардын баары Кайрат деп “ооруп ” жүрүшөт.
АЙЫМ: (күлүп жиберет) Ооруганы эмнеси?
БЕРМЕТ: Ашык болушуп дегеним.
АЙЫМ: Ар бир учурдун жүрөктө калган ыры болот балам. Биздин учурда, Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаевдер “мода” болчу. Биздин дагы далай далай кыздар ошол ырчыларга ашык болушкан.
БЕРМЕТ: Ка — ап, Кайрат Нуртас кыргыз болуп калбаганына өкүнөм. (эстей) Ии, баса, апа. Жанагы физик агайды ошентип мектептен чыгарып койдуңарбы?
АЙЫМ: Жок. Иш бербесеңер бербегиле. Мектепти кайтарам! – деп...
БЕРМЕТ: (кытылдай күлүп) Катуу ызаланган экен.
АЙЫМ: Бир кесипте узак жылдар бою иштеген адам ошол жерге байланып калат.
БЕРМЕТ: Азыр эч ким мугалим болгусу келбейт. Болбогон айлык. Канча нерв. Тапкан ташыганы эч нерсеге жетпейт.
АЙЫМ: (мээримин чача жылмая) Жетет балам. Бизге жетип эле жатпайбы.
БЕРМЕТ: Бирок сиз кыйналып жатпайсызбы апа.
АЙЫМ: Кыйналбайм. Силерди бутуңарга тургузуп алсам, баары унутулат.
БЕРМЕТ: (кучактап) Жаным апам! (жашып кетет) Апакебайым! Сүйүктүүм!..

Бермет апасын кучактай эреркей жашып кетет. Айым кызын бооруна кыса кучактай тээ алыска тигиле тунжурайт. Ыр уланып жатты.

АЙЫМ: (сооротуп) Кантет. Береги ырың кишини жаман санаага салат экен.
БЕРМЕТ: Сизди аяйм. Эртерээк окуумду бүтсөм...
АЙЫМ: Бүтөсүң. Тилегиңе жетесиң. Теңирден бакыт сура кызым. Аял кишинин тагдырдан жолу катуу болот. Бак бер дегин. Бак бер де! Биз бала кезде да чоң энелерибиз ушинтип айтчу. Ошондо эмне эле кечке айта берет дечүмүн. Көрсө... Айжан эмне кечикти.

Бермет апасына бир нерсе айталбай кыйналып жатты.

БЕРМЕТ: (уяла) Апа... Сиз апаңыз менен сырдашчу белеңиз?
АЙЫМ: Сырдашчу кеп болсо сырдашчубуз. Эмне болду?
БЕРМЕТ: Эч нерсе. Жөн эле сурап койдум.
АЙЫМ: (кызын алдыртадан тиктей) Бир нерсе айткың келип турабы? Менден эч нерсе жашырба. Эмне, жигит менен тааныштыңбы?

Ошол учурда сырттан учуп күйүп, аптыга Айжан кирет.

АЙЖАН: (шашкалактай) Апа! Апа! Сүйүнчү! Мен көрдүм! Мен... мен...

Күйүгүп жүгүрүп келген Айжан эжеси Берметти көрүп тык токтойт.

АЙЫМ: Эмне болду кызым. Ал кандай сүйүнчү? Айт, айта гой.
АЙЖАН: (ыңгайсыздана, ындыны өчө) Мен... мен... (алаңдай калп айтат) Мен Республикалык мелдешке катышканы калдым.
АЙЫМ: (кубана) Чын элеби? (кучактай өөп) Чырагым менин! Эркетайм менин!
АЙЖАН: (эжесин тиктей, калп жылмая) Ооба. Чын.
БЕРМЕТ: (көздөрүнө тигиле) Даагы бир нерсе айтайын дедиң беле?
АЙЖАН: (шашып кетет) Жок. Башка эч нерсе жок.
АЙЫМ: (кубана) Болсун балам, болсун. Эмне менен алектенсең да биринчи катарга окууңду койгун. Жакшы билим гана сени бийиктикке жеткирет.
АЙЖАН: (тайсалдай) Ай, иий... Эмне жыттанып жатат. Тим эле мурунду жарат го. Курсагым абдан ачты апа.
АЙЫМ: Кичинекейим менин. Тез чечинип, колуңду жууп дасторконго олтур. Мен чай демдей берейин. Сени кечигип келет деп күтүп олтурганбыз. Жакшы болбодубу.

Бермет Айжанды шектүү карап артынан бөлмөгө барат.

БЕРМЕТ: Сен калп айтканды билбейсиң. Кайдагы мелдеш?
АЙЖАН: Азыр мени менен эки жолку чемпион иштеп жатат.
БЕРМЕТ: Анан сени түз эле Республикалык мелдешке апарам дедиби?
АЙЖАН: Ооба. Ал айткан жок. Тренер агай айткан.
АЙЫМ: Кыздар! Кана, чайга келгиле. (өзүнчө) Иш – окуу, иш – окуу! — деп жүрүп, Таңдын атканы Күндүн батканы билинбейт. Неси болсо да ооруу сыркоодон алыс, аман – эсен жүрсөңөр болду.
БЕРМЕТ: (кубаттап) Апа, бизге Сиз аман болуңуз. Жакшылыктар алдыда.
АЙЫМ: (мээрим чача) Ошол силердин жакшылыгыңарды көрсөм деп, Кудайдан күн – түн тилеп жүрөм го. Силердин бактыңарга жакшы күйөө чыгып, жакшы жерге бүлө болсоңор, кыйналбай жашасаңар... Менин тилегеним ошол айланайындарым.
АЙЖАН: (бурк эте) Апа, мен күйөөгө тийбейм!

Ошол учурда Азамат телефон чалып калат. Уялып кеткен Айжан жашырынып барып балкондон сүйлөшөт. Балкондун алдында Азамат турган болот.

АЗАМАТ: Качан чыгасың? Болбойсуңбу?
АЙЖАН: Сен кайда турасың?
АЗАМАТ: Терезеңдин түбүндө.
АЙЖАН: Кайсы? (көрөт) А, көрдүм. Мен тамактанып чыгам. Сен баса бер.
АЗАМАТ: (тамашалай) Жалгыз корком да.
АЙЖАН: (кыткылыктай) Корксоң тээтигил кемпирди колтуктап ал!
АЗАМАТ: (эки жагын карана) Кайсы? (кызга) Сениби. Мен кеттим.
АЙЖАН: Адашып кетпе!

Айжан күлүңдөй ашканага кирет. Эжеси менен апасынын сөздөрүн тыңшай, тамашалаша кетет.

АЙЖАН: (кыңылдай) Орумайды жүрөк, орумайды, сенсиз...
БЕРМЕТ: (Айжанга шектүү карайт) Эмне?!
АЙЖАН: Эч нерсе.

Бермет Айжанды астыртадан аңдый карайт. Ошол учурда Айжан да эжесин аңдый караган болот. Айым кыздарын аста карап жылмайып коет.

АЙЫМ: (шектүү) Ушу силер менден бир нерсени жашырып жаткан жоксуңарбы?
БЕРМЕТ: (шашып кетет) Эмнени? Жок, жок!
АЙЖАН: Эч нерсе. Мен эч нерсе билбейм. Эч нерсе көргөн жокмун.
БЕРМЕТ: (шектүү) Эмне?! Эмне күлөсүң?..
АЙЫМ: Кантесиңер. Тамак муздап калат. Чунак кыз десе...
АЙЫМ: (өзүнчө кобурай) Кыз болгон соң баары күйөөгө чыгат. Жашоо деген ошол да кызым. Кыз деген бирөөнүн бүлөсү. Андан көрө Теңирден бак тилегиле. (алакан жая дуба кылат) Оо, Жараткан! Кыздарыма бак бер! Таалай бер! Тагдырларын кем кыла көрбө. Ар бир эненин балага тилегени бакыт. Эки кызым — эки Айдың көлүм! Эки – Аккуум! Эки канатым! Суук көздөн, жаман сөздөн сакта! Элиме кереги тийген кыздардан болушсун. Оомийин!

Баары алакан жая бата кылышат.

АЙЖАН: Оомийин! Эжем кетсе, мен кетсем... Сиз мында жалгыз каласыз да. (каткыра) Апа! Апа дейм?! Мен сизге күйөө бала ала качып келем!
АЙЫМ: (кыткылыктай) Анда сен мага жакшы күйөө бала апкел.
АЙЖАН: (кубана, кучактап) Апа, ошентсем болобу? Мен деле бирөөнүн үйүнө барып жашайт экем. Айырмасы кайсы. Ал биздин үйгө келип жашасын. Макулбу?
АЙЫМ: (Айжанды эркелетип) Эркем менин. Жазым менин. Кана, тамак муздап калды. Ал үйбү, бул үйбү айырмасы жок. Эң негизгиси жашоодо тандаган жарыңардан Кудай жаңылтпасын. Мен силердин ыйлаганыңарды көрбөсөм дейм. Ар бир эне ошону тилейт жандарым.
АЙЖАН: Апа, жакында Кайраттын концерти болот экен. Баралычы. Макулбу?
БЕРМЕТ: (күлүп) Сен да ашык болуп калдыңбы?
АЙЖАН: Таланттарга кимдер ашык болбойт. Таланттарга дүйнө ашык! Дүйнө!!! (кучактай) Апа мен бир жакка барып келейинчи. Тез эле келем.

Айжандын кыткылыктаган күлкүсү көпкө басылбайт.

 

6 – көрүнүш

Университеттин алды. Айжан Азамат экөө сабактан чыгышат. Айжан капысынан шашып кетип бараткан Берметти көрүп калат. Бермет түз эле жолдун аркы четинде токтоп турган машинаны көздөй баратты. Машинанын ичинен сымбаттуу кийинген, кара очки тагынган баягы жигит чыгат. Айжан Азаматка байкатпай эжесин уурдана карайт. Аралык алыс болгондуктан жигиттин өңү даана көрүнбөйт.

АЗАМАТ: Айжан, сен кайда?!
АЙЖАН: Азыр, азыр. (өзүнчө) Каап, кетип калышты.

Машина жүрүп кетти. Айжан эжеси Берметтин кеткен жолун кечке узата карап калат. Азамат артынан жете келет.

АЗАМАТ: Ким?
АЙЖАН: Эч ким.

Ошол учурда тултуңдап, бултуңдап ачуулуу Саадат жете келет.

СААДАТ: Туура сүйлөгөн тууганга жакпайт деген туура! Акмак!
АЗАМАТ: Ой, эмне болду сага?
СААДАТ: Жин тийди! (өзүнчө) Жиниме тийсе “Машке” деп деле салам. (туурап) Жазка! Жазка!.. (Айжанга) Эмнеси жакпайт билбейм! Анын атын мен коюпмунбу.
АЙЖАН: Баягы эле Жазирабы.
СААДАТ: Жаңы паспорт алып, Жазка деп жаздырам. А, мүмкүн Жасмин дейт.
АЗАМАТ: Ошол элеби?
СААДАТ: Элдин көзүнчө, — Дура! Мени Жазгүл деп айтпа дебедим беле дейт.
АЗАМАТ: Мен ушул кыздарга эч түшүнбөйм. Космостон түшкөндөй го.
СААДАТ: (какшыктай) Жазка, Жасмин! Мүмкүн Леди Гага же Уитни Хьюстон коюп алаарсың дура! Иши кылса шаарга келгени көрүнгөндү туурап жинди жинди эле болуп жатышат.
АЙЖАН: (каткыра) Болду эми. Жаман жиниңе тийген экен.
СААДАТ: Азамат уксаң. Ушул кантип болсун. Жазирасы – Жазка, Жээнгүлү – Женифер, Махабат – Маха!!! Женифер дегенде эле Женифер Лопес болуп кетеби?! Маха! Маха эмнени түшүндүрөт?!.. Зачеткаларды таратканда Женифер! Маха! — десем элдер эмне дешет?! Баары шылдыңдашып күлүшбөйбү. Уф – фф!!!
АЗАМАТ: Ээ, кыздар, кыздар! Кыйкырсаңар деле кыргыз бойдон эле каласыңар!
СААДАТ: Ии, баса, сүйүү күнүңөр менен!
АЗАМАТ: Ой, ырахмат! Биринчи сен айттың Саадат. Ырахмат!
АЙЖАН: Валентина! Валентина! Кыргызда валентина болгон эмес да.
АЗАМАТ: Эми ошондой болуп калбадыбы.
АЙЖАН: (какшыктай) Ии, де! Болуп калса, гүл кана?
АЗАМАТ: Баратпайбызбы. Болот да. (Айжанды кучактайт) Мында көтөрүп келсем эжелердин баары: — Мага бекен? Мага бекен? – деп, үмүт кыла беришпейби.

Үчөө бир топко каткырышып басылышат.

СААДАТ: (тамашалай) Ии, Айжан. Азаматтын дос баласына “куда” түшүп жатам.
АЙЖАН: (чоочуй) Эмне?! Кайсы кызыңды алып бергени?..
СААДАТ: (боору эзиле) Өзүмдү! Азыркы жигиттердин баары “самапал” экенин билбейсиңби. Таанышпай жатып эле, кыздын атын сурагандан мурун, — Үйү бар бекен? Ата – энеси бай бекен? Бюджетте окуйт бекен же контракпы... итыды... пытыды дешет. А, мен суратып олтурбай эле Азаматтын Ала тоонун туу чокусунан топоз минип түшкөн досун сыртынан “тук!” эткизип атып алдым. Атасынын айдаган үйүр – үйүр жылкылары, топоздору, кой, эчкилери сан жетпейт дейт Азамат.
АЗАМАТ: (күлүп) Саан уйларын унутуп калдың. Алары да чамасы ондой бар го.
СААДАТ: Мына! Уктуңбу?! Чака – чака сүт саайбыз. Кымыз!
АЙЖАН: Тамашаңар укмуш экен.
СААДАТ: Тамаша эмес Айжан. Береги шаардын кара түтүнүн жутуп, тиштин кирин соруп жүргүм келбейт. Чыныгы жашоо айылда! Тээтиги тоолордун чокусун карачы. Көрдүңбү? Бир кезде мен Азамат экөөңөрдү ошол тоонун ары жагына конокко чакырам. Жайлоо, кымыз, айран, сүт! Оо – уу — ууу!!! Бала – чакаңар менен келгиле!
АЙЖАН: Оку... иш... Саадат, сен экономист болосуң да.
СААДАТ: Эсеп — кысапты ошол жактан жүргүзүүгө да болот. Жетиштүү жашоо үчүн алгач айылдын экономикасын көтөрүү керек досум.
АЙЖАН: (кыткылыктай) Сен бир айылга башкарма болгону жүрөсүңбү?
АЗАМАТ: Мүмкүн аким болоор. Анан Губернатор! Саадаттын колунан келет.
СААДАТ: Алгач айыл өкмөтүнөн баштоо керек десеңер. Эмне? Эмне күлөсүңөр.
АЙЖАН: Айыл өкмөтүнүн бактылуу “кожоюну” ким? Айтпайсыңарбы?!..
СААДАТ: Кино театрдын алдында ким ак калпак кийип турса, топоз минген жигит ошол!

Үчөө тең боорлору эзиле каткырып кинотеатрга жетип келишет. Жакындаганда Айжан ак калпак кийген жигитти издей баштайт. Саналуу гана адамдар көрүнөт.

АЙЖАН: Тээтигилби? Аның чал го...
СААДАТ: (мурчуңдай) Кана. Чалды айтасыңбы. Жакшылап изде! Сен аны көрсөң турган жериңден эсиңден танасың досум!
АЙЖАН: Көрдүм! Жанында колтуктаган аялы бар го...
СААДАТ: Сага шылдыңдаганды көрсөтөм! Кимди айттың?
АЙЖАН: Тигине! Кучакташып турушат. Баргын да, аялынын колунан жулуп ал. Болбосо топозго учкаштырып алып кетиши мүмкүн. Ой, боорум ай! Тамаша, таарынба. Азыр табам. (кыңылдай ырдап) Чойт эркечим, чойт эркечим баштагын! Ак калпак жигит кайдасың? Кайдасың? (өзүнчө) А – аа... тургандарын... Ушундасыңарбы... (ката түшөт)
АЗАМАТ: Мына сага! Эй, Айжан. Эмне болду? Жыгылсаң да мени көздөй жыгыл.
СААДАТ: Айтпадым беле. Демиң да чыкпай калдыбы. Ана, бизге келе жатат.

Айжан баягы кучакташкандардын жагындагы эки караанга тигилген бойдон катып калат. Ал келе жаткан ак калпакчан жигитти көргөн да, байкаган да жок. Тургандар эжеси Бермет менен баягы жигит эле. Экөө бир нерсени чечише албагандай түрдө болуп жатышты. Айжанды жүрөгү кысыла түштү. Аңгыча булар күткөн ак калпакчан жигит да келип калды. Айжан аны байкаган да жок.

АЙЖАН: Мен азыр!
СААДАТ: Сен кайда?
АЙЖАН: Азыр келем. Азыр.

Айжан түз эле эжекесин көздөй басат. Ошол тапта Бермет менен Аман киного кирбей эле машинага олтуруп кайдадыр жөнөп кетишет. Эч нерсе түшүнбөгөн Айжан орто жолдо туруп калат.

АЗАМАТ: Сага эмне болду?
АЙЖАН: Эч нерсе.

 

7 – көрүнүш

Кечки шаар. Аман машинасын бийик кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына токтотуп, бирөөлөр менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатты. Бермет жүрөгү туйлап тынчсызданууда. Телефондон сүйлөшүп бүткөн Амандын көңүлү абдан куунак. Аман алыс эмес жердеги гүл саткан жайга кирип кетти. Бермет терезеден баарын карап олтурат. Аман гүлдөн гүлдү тандап жатты. Гүл алгандар абдан көп. Баары түгөйлөрүнө гүл тартуулап жатышат. Сүйүү күнү! Сүйүү күнү! — эле дешет. Кызык Бермет да бүгүн биринчи жолу ушул күндүн урматына кучагы толо гүл кучактаарына ичинен кубанып олтурду. Аман түз эле келип, Берметти колунан ала машинадан түшүрүп, кучагы толо кыпкызыл роза гүлгө ороп салды. Бермет Амандын колундагы чаканыраак оролгон экинчи гүлгө тигилет.

БЕРМЕТ: Бул гүл кимге?
АМАН: Чүш – шш! Барганда көрөсүң.
АМАН: (Берметтин гүлүн жыттап) Кандай экен?
БЕРМЕТ: Эң сонун! Укмуш!!! Чын айтам.
АМАН: (Берметти жыттап) Менин гүлүм сенсиң! Айым да, Күнүм да, жашоомдун жарыгы да сенсиң Бермет! Сенсиз жашоо караңгы. Сенсиз мен азизмин! Азизмин! Менин Берметим! Менин асылым! Каалайсыңбы, тигил магазиндеги гүлдөрдүн баарын азыр алдыңа төшөп салам. Чын айтам.
БЕРМЕТ: (кубана) Бизден кийин келгендер гүлсүз кетишкенин каалабайм.
АМАН: О — оо! Бул акылмандык! Өзүндү гана эмес, өңгөнү да ойлой жүрүү керек.
БЕРМЕТ: Аман. Мен сени жакшы көрөм.
АМАН: Жаным менин! Кара көзүм менин! Мен сенин баскан жолуңа ааламдагы болгон гүлдү төшөйм! Жүрөгүмдү төшөйм! Жүрөгүмдүн тамырлары сени бакыттын чокусуна жеткирген жол болсун! Ошол жол менен мага жетесиң. Береги көздөр... Мени антип карабачы Бермет. Чөгүп барам. Карегиңе чөгүп барам. Кандай сулуусуң! Кандай жан сени бул жарыкка алып келген. Миң ырахмат! Сени жараткан Жаратканга ырахмат! Сени мен үчүн жараткан. Мен сени издеп жүрдүм. Акыр таптым. Бул чоң бакыт! Биз эч качан айрылбайбыз. Эч качан! (кулагына шыбырай) Биздин сүйүү түбөлүктү! Сен мен үчүн жаралгансың Берметим! Периштем! Гүлүм! Күнүм!!!

ГОСТИНИЦА. Экөө гостиницага кирип кетишет. Аларды 50лөр чамасындагы аял жаркылдай эшик ачып күтүп алат.

АМАН: Оо, Мира эже кандайсыз? Майрамыңыз менен!

Аман экинчи букетти эшик ачкан аялга сунду. Аял абдан кубана гүлдү жыттай, бооруна кысты.

МИРА: Жакшы, жакшы. Келгиле. Оо, ырахмат! Ырахмат, Аман.
БЕРМЕТ: Силер таанышсыңарбы?
АМАН: (куулана шыбырай) Жана телефондон атын сурап албадымбы. Бүгүн сүйүү күнү Мира эжеке. Бул күнү ар бир аял заты гүл алууга татыктуу!
МИРА: Эркектердин баары сендей түшүнүктүү болсо кана иним.
АМАН: Ачкычты таштап кете бериңиз эже. Өзүм телефон чалам.
МИРА: Жакшы болот. Үйдө да конокторум бар эле.
АМАН: О — оо, эң сонун! Барып конокторуңузду тосуп, майрамдай бериңиз.
МИРА: (Аманга шыбырай) Баарын өзүң айткандай даярдап койдум.
АМАН: (аялдын кулагына шыбырай) Ошол үчүн сизди сыйлайм да.

Аял Аманды сырдуу карап чыгып кетет. Бермет тынчсыздана баштайт. Аман Берметти кучактайт.

АМАН: Кана төргө өтүңүз сулуу! Сюрприз!

Аман Берметти колунан ала ички бөлмөгө киргизет. Бөлмө караңгы. Жасалган столдун эки четинде эки свеча күйүп турат. Ортодо чоң букет гүл. Жасалгалуу столду, бөлмөнүн ичин бир сыйра аңтара караган Бермет таң кала туруп калат. Анан эмнегедир жүзүнөн майрамдык маанай бир заматта жоголуп, жүрөгү туйлап кооптоно баштайт. Жарыкты күйгүзүп жиберет.

БЕРМЕТ: (алаңдай) Булар... мунун баары...
АМАН: Мунун баары сен үчүн жаным! Бүгүн сүйүү күнү! Сен үчүн ар күн ушундай майрам болушу керек. Сен ошого татыктуусуң.
БЕРМЕТ: Мунун баарынын кереги эмне? Бул жерге неге келдик? Бая кафеден куттукташпадыкпы...
АМАН: (күлүп) Тапыраган элдин арасында майрам болмок беле. Бул эмне?.. Чихня! Сен мындан чоң сыйга татыктуусуң жаным!

Аман жарыкты өчүрөт.

БЕРМЕТ: Жарык... Жарыкты күйгүзчү!
АМАН: Анда болбой калат го. (кучактай) Мына эми өзүбүз гана калдык. Сен эмне мергенден корккон эликтей болуп... Кел мында. Жок, жок. Алгач бийге чакыруум керек эмеспи. (колун жаңсай) Бийкеч, сизди бийге чакырууга уруксат этиңиз?
БЕРМЕТ: (тартына) Мен... мен...
АМАН: (заматта өзгөрө) Эмне сен?!.. Сен эмне болуп жатасың? Мында эмне келгенибизди алигиче түшүнбөгөн ошончолук эле макоосуңбу?! Энеден бүгүн туулдуңбу? (куулана) Кечирип койчу? Мен... мен... Мен бир аз кызуу болуп калдым окшойт ээ?
БЕРМЕТ: (үрөйү уча) Мүмкүн эмес. Сен... сен... Кантип?..

Ушул кезде тиктеп турган Амандын көздөрү бузулуп, Берметке бир башкача көрүндү. Ал Амандан кача баштайт. Столду айланып качкан Бермет жайылган дасторкондун чекесин апчый кулайт. Дасторкондогудардын баары жерге жайылып жатып калды. Мындай учурда Аман кыз менен тартышып олтурмакпы. Берметти жете кармап, өзүнө кыса кучактап, бир маалда күтүлбөгөн жерден алаңдап турган кыздын көйнөгүн жырткычтык менен эки жака айра тартты. Муну күтпөгөн Бермет “Апа!” – деп, бир бакырганга араң үлгүрдү.

БЕРМЕТ: (чаңыра) Аман кереги жок! Акмак болбо! Жок! Жок! Жо – оо – оок!!! Апа!!! Аа – аа – аа — аай!!!

 

8 — көрүнүш

Студенттик жатакана. Айжан курбусу Саадаттарга конокко келген эле.
Комнатада Саадат, Айжан, Сонун. Комнатанын ичи абдан тыкан, таза, ар бир буюм оорду оорду менен жайгашкан. Төрт кроват. Терезеде колго өстүргөн кооз гүл турат. Гүлдүн бир бутагы соолуп, куурап бараткандай. Кыздар чай үстүндө тамашалашып олтурушат.
Сонун кыздардын эң кичүүсү. Эч кимге кошулбаган, баарын тымызын
бүтүргөн, оңой менен сүйлөбөгөн, сүйлөсө да кыңылдай созулуп сүйлөгөн, берген суроого араң жооп берген сагыздай чоюлган кыз. Бая Айжандар сырттан киргенде оордунан да туруп койгон жок. Берген саламына жооп болбогон соң, Айжан да Саадатты карап тим болгон. Жакын курбусунун жатаканага келгенине жетине албай Саадат барпалактай болгон тамагын столго жайып кирди.

СААДАТ: (тийише) Азамат сен кайда барсаң ошол жакта. Аркаңда бир кадам калбайт экен го. Кайра кайра, — Кайда барасыңар? Кайда барасыңар? Кайдан келе жатасыңар? – деп. Тим эле көлөкө!
АЙЖАН: Ал ошондой. Эркине койсоң мени менен кошо жашап алгысы эле бар.
СААДАТ: Айжан кел, мындай төргө олтурчу. (жайдары) Мына дос, биздин жашоо! (кызды көрсөтүп) Сонун биринчи курста окуйт. (бурк эте) Сен эмне унчукпайсың! Сырттан киши киргенде “келгиле” деп тургула дебедим беле. Сыпайычылыкты да билишпейт. (Сонунга) Тур! Тамакты карап кел. Бирөө көтөрүп кетсе деле олтура беришет.

Унчукпаган Сонун созулган бойдон үн – сөзсүз сыртка чыгып кетет.

СААДАТ: Көңүл бурбай эле кой. Мүнөзү ошондой кыз.
АЙЖАН: Кызык кыз экен.
СААДАТ: Мында кызыктар көп. (кыздарга) Оо, мына “кызыктар” келишти.

Сырттан тытылган шым, курсак киндиктери ачык, иретсиз моода кууп кийинген Жазка менен Маха кирет. Алардын аркасынан кирген Сонун түз эле керебетинен барып олтурат. Эч ким менен иши да жок.

СААДАТ: (Сонунга) Эй, тамак турабы?
СОНУН: Турат.
СААДАТ: Бышыптырбы?
СОНУН: Бышайын деп калыптыр.

Баары каткырып жиберишет. Сонун үн катпайт. Жазкасы кадимки Жазира, Махасы Махабат. Жазира абдан шок, айтканын бербеген кежир, мүнөзү абдан оор, бирок ошол эле учурда кыялкеч, келечекте жакшы келин болууну эңсеген кыз.
Маха — Махабат жашоого жеңил караган, өзүмчүл, эсеп менен жүргөн, өзүн баарынан акылдуу көргөн, абдан куу кыз.

МАХАБАТ: Үйрөтүп жатасыңбы.
ЖАЗИРА: Тийишпечи. Ушуга асылдың да калдың го.
МАХАБАТ: (кагына) Мырка! Тийишип эмне кылайын. Качанга чейин эл — журтка аралашпай жапайыланып жүрө берет. Жарылып да кетпеген неме экен. Уфф! Чарчадым. Элдин кичүүсү болгуча, иттин күчүгү бол дептир.
ЖАЗИРА: Чувиха , чай кое келчи.
МАХАБАТ: (наалый) Өзүң чувиха! – Маха аны апкел! Маха, муну апкел! (ачуулуу) Маха качан чоңоет?! Бул келгенде сүйүндүм эле. Курсак ачты. Женифер кайда?
СААДАТ: Айжандын келээрин угуп ашканада жүрөт.
МАХАБАТ: Кой, Женифер Лопестин ашын карап келейин. Бир келген конокко жакшылап чай бербей уят болбойлу. Айжан маанайың кандай?
АЙЖАН: Кадимкидей. Силерге келсем жыргап калам. Көңүлдүүсүңөр. МАХАБАТ: (кол шилтеп) Ай, күндө эмес.
АЙЖАН: И, баса, Женифер кайда жатат?
СААДАТ: Башка комнатага которулуп кеткен.
ЖАЗИРА: Бирок тамакты чогу ичебиз.

Жазира кашын серпий Сонунду көрсөтүп коет.

МАХАБАТ: О — оо, бизде жаңылык көп. Чайкалар учуп...
СААДАТ: (жактырбай) Сенин оозуңду бирөө тырмап жатабы?
МАХАБАТ: Эмнесин жашырасыңар. Баары бир угулат да. (Сонунга) Мымра!

Махабат чыгып кетет. Олтургандардын баары бири бирин карап калышат. Махабат коридорго чыгып эле кайра боп боз болуп шашып кирип келет.

СААДАТ: Эмне болду?
МАХАБАТ: (учуп кирет) Жок! Сволоч, кохалар!
СААДАТ: Эмне жок?
МАХАБАТ: Казан жок! Женифер да жок!
ЖАЗИРА: (алаңдай) Казан каякка кетиптир?
СААДАТ: (жиндене) Марска учуп кетиптир!!!

Ошол учурда сырттан казан көтөргөн Женифер бултуңдай буркулдап кирет.
Женифер дегенибиз – Жээнгүл. Жээнгүл толугунан келген куйруктуу кыз. Кошуна комнатада жашайт. Ушакчы, аңдыгыч. Кадимки жомоктогу Жер тыңшаар Мамыт.

ЖЭЭНГҮЛ: (жиндене) Балээ жегирлер десе! Мына!
АЙЖАН: (Саадатка) Эмне болду?
ЖЭЭНГҮЛ: (ачуулу) Кирип барсам, кашык, бычактарын даярдап олтуруп
калышыптыр. Тим эле энелери даярдап коюшкансып. Дагы баары чогулуп алышыптыр.
ЖАЗИРА: Сени көрүп жүрөктөрү түшүп калды го.
МАХАБАТ: Бүт кыдырып чыктым. Сен каяктан таптың? (сөгүнө) Дылдалар десе!
ЖЭЭНГҮЛ: Кайдан издешти билбейсиң да. Сөгүнбөчү, ай! Коха!
МАХАБАТ: Өзүң коха! Койчу ай, баарыбыз эле “кохабыз” да. Болду, болдум.
АЙЖАН: (түшүнбөй) Алар кимдер?
СААДАТ: (боору эзиле) Сен эч нерсе түшүнбөй эле олтурасыңбы. Женифер сени коноктойбуз деп аш басып койсо, балдар уурдап кетишиптир. Беш этажды шимшип жүрүп таап келбедиби. Эй, созулкан сен каяты карап келдиң? Буга баары бир.
АЙЖАН: Кызык экен.
МАХАБАТ: Мындай кызыктар бизде күндө болот. Сеники жыргал. Өзүңдүн үйүң бар. Курсак ток, санаа жок. Бизде күндө ушундай кырылыш. Тамак уурдамай.
СААДАТ: Ошол үчүн талаа жери кең жер, баарысына тең жер дейт.
МАХАБАТ: Ооба! Кең жер болуп, кеңибиз чыгып олтурбайбы.
ЖАЗИРА: Чүш — шш! Сенин тилиңди бирөө тырмап жатабы. Болду да эми.
АЙЖАН: (түшүнбөй) Мында эмне болуп жатат?..
ЖЭЭНГҮЛ: (көңүлү суз) Силер иче бергиле кыздар. Менин иштерим бар.
СААДАТ: (аяп) Сен кетип калсаң кантип жейбиз. Өзүң да олтур.
ЖЭЭНГҮЛ: Азыр келем. (чыгып кетет)
МАХАБАТ: (өзүнчө күңкүлдөй кагынат) Ушул күндө “целкасы” бүтүн ким бар?!
ЖАЗИРА: (Махабатка кошулуп) Ким эле жакшы жашоону кыялданбасын. Баарыбыз эле жакшы жерге барып, үлбүрөгөн жакшынакай келин болгубуз келет. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп жатпайбы.
АЙЖАН: (шектүү) Силерге эмне болгон? Баарыңар эле бүдөмүк сүйлөп...
СААДАТ: (мукуктана түшөт) Тиги...
МАХАБАТ: Анын эмнесин табышмактантып жатасың. Тиги Женифер “целкасын” алдырып коюптур. Ошого букадай буркулдап, жарыла албай жүрөт.
АЙЖАН: (түшүнө бербей) Целка?!.. Аныңар эмне?
ЖАЗИРА: (каткыра) О, кокуй! Бул али “целка” эмне экенин билбейт го...
МАХАБАТ: (каткыра) Зачеткасын тапшыра албай, иши бүтүп калыптыр.
ЖАЗИРА: Түшүндүңбү?!
МАХАБАТ: (өзүнчө кагына) Мен алгансып, баарыңар эле мага асылчу болдуңар.
СААДАТ: Кыздар...
МАХАБАТ: (кыйкыра) Эмне?! Эмне?! Болоору болуп, боесу канды.
ЖАЗИРА: (кытылдай күлүп) Эми жолу ачык. Каалагандай жыргап жүрө бер. Убагы келгенде бирдемеси болот да.
МАХАБАТ: (корсулдай) Ошентсең. Ошол да чечилбеген маселеби!
ЖАЗИРА: (боору эзиле) Ой, боорум ай! Чын эле... тиктирип деле...
СААДАТ: (кагып жиберет) Сага табылбай калбадыбы.
ЖАЗИРА: (мурчуңдай) Туурасын айтсам да жакпайм!
МАХАБАТ: Силер менен ишим эмне. Өзүм кези келгенде ошентип эле салам.
ЖАЗИРА: Кимди ким көрдү, быржыбайды там басты кылыпбы? Ха – ха – ха...
СААДАТ: Жениферди аясаңар боло. Ал деген жалгыз кыз. (ачуулу) Бетиңерден кызылыңар кетип... Кантип каткырып жатасыңар?! Кантип?!
МАХАБАТ: Зачет тапшырып жатканда мырза мугалимдер, — Жалгызсыңбы, көпсүңбү? – деп сурабайт экен да.

Айжан нес боло олтуруп калат. Анын жанына Саадат келип олтурат. Жазира терезеге тигилет. Кирип келе жаткан Женифер эшиктин алдына туруп калат. Эки жакты карабай тамакка кирип жаткан Махабат колун шилтей даагы шаңк этет.

МАХАБАТ: Тоже мне проблема!!! Азыркы заманда анын эч кыйыны жок. Эртең эрге тием дегенде барып тиктирип саласың. Болду!
ЖАЗИРА: Солкулдаган жел өппөгөн селки болуп чыга келесиң де.
МАХАБАТ: Ага чейин ойно, күл, жырга! Бул жашоого бир эле келесиң. Качан мени эр алат деп саргайып жүрө бербей, бир келген өмүрдүн лаззатына бат!!! (Сонунга) Эй, унчукпас! Тигил текчедеги нанды алып берчи. (кызды кагат) Эмне мени акшыя карайсың? Турбасаң ошол жерге жабышып кал Өзүм эле алам.

Женифер текчеде турган нанды алып Махабатка сунат. Махабат ыңгайсыздана артка кетенчиктей түшөт.

ЖАЗИРА: (терезеге тигиле) Мен мени сүйгөн жигиттин жары болгум келет.
МАХАБАТ: Сенден бирөө талашып жатабы.
ЖАЗИРА: Сөзүң сөөккө жетет да. Сенин тилиң жаман.
МАХАБАТ: (кагына) Керек болсо азыр ар бир үчүнчү кыз... (ызалуу бултуңдайт) Ээ, койчу! Алтымыштан бири аман чыкпаса, баары эле ошондой.
СААДАТ: Оозуңа таш!
МАХАБАТ: (мурдун чүйрүй) Эми сага жетиш кайда?! Комсомолка!
АЙЖАН: (тура калат) Эмне?! Силерге эмне болгон? (суроолу ар бирине тигилет) Жазка, Маха! Женифер?!.. (Саадатка) Бул жерде соо киши барбы?! (аста) Саадат...
СААДАТ: (шашып кетет) Мен тынчмын! Кудай сактасын!

Оор тунжуроо. Баары тескери тескери карап кетишет. Ошол кезде баятан кроватта үнсүз кыймылдабай олтурган Сонун солкулдап ыйлай баштайт. Баары ошол замат жапырт Сонунду жалдырай тиктеп катып калышат.

МАХАБАТ: Оп – паа! Сен дагыбы?!..

 

9 – көрүнүш

Үйдүн ичи. Бермет менен энеси Айым. Эне бала бири бирин тиктегенден жалтанышып экөө тең жер карап олтурушат. Оор тунжуроо.

БЕРМЕТ: Апа?..
АЙЫМ: (колун жаңсай) Унчукпа! Унчукпа, балам...

Бир топко созулган оор тунжуроо. Бермет солкулдап ыйлайт.

БЕРМЕТ: (ый аралаш) Мен аны жакшы адам деп...
АЙЫМ: (өзүн кармап) Бир көргөндө адамдын баары жакшы көрүнөт. Мен сенден эмес, Айжандан коркчумун. Баарына жеткен акылың... (мелтирей) Балам ай! Балам!!!
БЕРМЕТ: Айжан андайга барбайт апа.
АЙЫМ: (суроолуу тигилет) Сенчи?.. Сага болобу?!
БЕРМЕТ: (апасына боюн таштайт) Апа... апакебай... Кечир мени? Кечир?!
АЙЫМ: (теңселе түшөт) Мен силерге бакыт тилеп жүргөм. Бакыттын баасы кымбат экенин билсеңер кана?.. Балам ай, балам! Сен... сен...

Айым олтурган жеринде эсин жогото жыгылат. Бермет далбастай түшөт. Бир балконго, бир апасына жүгүрүп, үйдү башына көтөрүп чаңырып жатты.

БЕРМЕТ: Апа! Апакебай! Көзүңдү аччы апа?! Ким бар, жардамга — ааа!!! Кудайым ай, эми эмне кылам?! Батыш эже! Айжан! Апа, суу ичиңизчи. Кечир? Мени кечир, апа?!

Өзүн жоготуп койгон Бермет апасына жалынып жатты. Бир кезде көрө калып телефонго жүгүрөт.

БЕРМЕТ: Азыр! Алоо! Алоо! Тез жардам! Апам...

Берметтин чаңырыгынан Батыш чуркап кирет. Анын артынан кошуналар киришет. Жансыз жаткан Айымды көрүп Батыш кыйкырып жиберет.

БАТЫШ: Эмне болду? Кокуй, Айым?! Эмне турасыңар. Тез жардам! Тез жардам чакыргыла! Айым! Айым, мени карачы. Суу! Суу!

Ошол учурда тез жардам келип калышат. Айымды больницага алып кетет.

 

10 – көрүнүш

Палатанын ичи. Айым дале эсине келе элек. Капельницада жатат. Палатага кирген врач Айымды бир сыйра карап чыгып кетет. Айымдын жанында Айжан ыйлап олтурат. Бермет терезени карап мелтиреп үнсүз. Сестра кыз даагы бир сыйра уколун салып, Айымды үңүлө карап жатты. Бир кезде шашып коридорго баш бага врачты чакырат.

СЕСТРА КЫЗ: (шаша) Доктор! Доктор! Мында келсеңиз.

Ансыз да коркуп олтурушкан Айжан менен Бермет алаңдашып калышат. Чыгып кеткен врач шаша кирип келет. Өз ара күбүр – шыбыр.

ВРАЧ: Дозасын мен айткандай коштуңбу?
СЕСТРА КЫЗ: Ооба, сиз айткан өлчөмү менен коштум.
ВРАЧ: Тезинен реанимацияга алып баргыла.
СЕСТРА КЫЗ: Жарайт.
АЙЖАН: (алаңдай) Апа! Апа! Эмне үчүн көзүн ачпайт?
ВРАЧ: Баары жакшы болот. Азыр укол менен уктатып койдук. Тездеткиле.

Врач шашып чыгып кетет. Сырттан эки жардамчы врач кирет.

СЕСТРА КЫЗ: Силердин мында турганыңар болбойт. Үйгө кете бергиле. Эртең келесиңер.
БЕРМЕТ: Айтыңызчы?.. Апам...
СЕСТРА КЫЗ: Азыр эч нерсе айта албайбыз. Баары эртең менен белгилүү болот. Жакшы болуп калса эртең кайра палатага которобуз.
БЕРМЕТ: (нес абалда) Жакшы болуп калса... Эртең...
АЙЖАН: (алаңдай) Апамды кайда алып барасыңар? Айтыңызчы. Апам сакаябы?
БЕРМЕТ: (нес абалда) Баары жакшы болот. Жүрү.

Айымды реанимацияга алып жөнөшөт. Айжан артынан жөнөйт. Бермет жетип кармап калат.

АЙЖАН: Апама эмне болду? Эмнеге минтип калды? Эки күндөн бери көзүн да ачкан жок. Мени да, сени да тааныбайт. Эмнеси ооруп жатат?
БЕРМЕТ: (кучактай, нес) Билбейм.

 

11 — көрүнүш

Түндүн бир оокуму. Бермет уктап жаткан Айжандын чекесинен өөп бир топко карап турат да, эшикти акырын жаап ашкана жакка чыгат. Мелтиреген калыбында бир топко кыймылсыз олтурат. Ушул тапта анын кыялында ар кандай ойлор жүрүп жатты.

БЕРМЕТ: Кыялдар... кыялдар... Ким жеңилет, ким жеңет. Дартка эмне себеп...
ЖҮРӨК: Бул апасы айткандай, эңсегендей бакыттын жолун издеген кыялдар эмес, түбөлүк караңгылыкка кантип сүңгүп кетүүнүн жолун издеген кыялдар эле...

Музыка. Бермет жансыз. Элестер биринин артынан бири кетип жатты.

Биринчи элес. Бермет маңдайындагы топ бычактардан көзүн албай тигилип турду. Бир кезде ордунан шашпай турду да топ бычактардын ичинен эң курчун колуна алды. Алгач бычакты эки колдоп кармай башынан ашыра көтөрүп демин чыгарбай турду да, анан түз эле өзүнүн жүрөгүнө мээлей сайды.

ЖҮРӨК: Дүк! Дүк! Дүк!.. Чиркин жүрөктүн согушун карачы. (каткыра) Арсыз десе! Арсыз эмей эмне, арсыз жүрөккө бычак да кирбейт тура. Жакшылап эле мээлегендей болбоду беле. Жалтанып кирбей турганын...
БЫЧАК: Жалтанган жокмун! Аядым.

Алданган жүрөк менен мийизи курч бычак тирешип турду.

ЖҮРӨК: Сен мени жара сайганы турасыңбы? Өтүмү жок коркок десе!
БЫЧАК: Мен сени аяп кеттим.
ЖҮРӨК: Аяган жоксуң. Даай албадым десең.
БЫЧАК: Сен алдандың!
ЖҮРӨК: Ооба, алдандым. Бирок мен арсыз эмесмин! Мен адамдардын баарын өзүмдөй көрдүм. Керек болсо өзүмдөн да өйдө көрчүмүн. Көрсө, көп адамдар алдамчы келишет турбайбы.
БЫЧАК: (каткыра) А, сен, эмнеге мынча назиксиң? Азыр жара саймакмын, бирок сенин тазалыгыңды, назиктигиңди билем да. Аяп кеттим. Кечир?
ЖҮРӨК: Кечирим сураба. Мен сенден кечирим сурашым керек.
БЫЧАК: Аз жерден жара сайганымда... (орой) Кечирим деп коет.
ЖҮРӨК: Ошентсең деле болмок. Мени аяп кереги жок эле.
БЫЧАК: Андай дебе. Менде да жүрөк бар. Кимдин жаман, кимдин жакшы экенин мен деле кээде байкабай калам. Ошол үчүн көп учурда менден каталык кетип калат.
ЖҮРӨК: Сен өзүң көтөрүлбөйсүн да. Сени кармаган колдор...
БЫЧАК: Туура айтасың. Кандуу колдорго түшкөндө кантип качаарыңды билбей каласың. Анан тим эле өчүм бардай бырчалап кирем. Береги колдун титирегениң байкадыңбы? Жада калса мени кандай кармашты да билбейт. (каткыра) Тескери кармап алганын карасаң. Ушул түрү менен сени жара саймак го ээ?..

Ошол учурда эсине келе калган Бермет өзүнүн жүрөгүнө далдап тескерисинен кармап турган бычакты ыргыта олтуруп калат. Кайрадан оор тунжуроо.

Экинчи элес: Бермет оордунан шашпай турду да, терезеден сыртка тигилди. Анан балкондун эшигин ачты. Алыска алыска анан көктөгү кайкып учуп жүргөн жалгыз кушка тигилди. Дал ушул куштай эркин болгусу келди. Колун көккө созду. Так ушул учурда бийик кабаттуу үйдүн эң үстүндө турган болот. Баягы куш, — Бери кел! Бери кел! Канатыңды жаз! – деп чакыргандай болду.

КУШ: Бери кел! Бери кел! Канатыңды жаз! Мага карай уч!
БЕРМЕТ: Токто! Мен сага азыр жетем. Токто! Мени ала кет!
КУШ: Сен учкандан коркпойсуңбу:
БЕРМЕТ: Коркпойм! Мага эми баары бир эмеспи.
КУШ: Сен жүрөктүү экенсиң.
БЕРМЕТ: (сестене) Жүрөк?!.. Жок, жок! Сен жүрөктү айтпа.
КУШ: Жүрөгүң болбосо кайдан учасың. Учканга жүрөк керек!
БЕРМЕТ: Ооба, жүрөк керек. Бирок менин жүрөгүм жаралуу.
КУШ: Жаралуу дебе. Ал жөн эле капысынан алданып калды. Боло берет.
БЕРМЕТ: Жок! Болбойт! Мен өзүмдү эч качан кечирбейм!
КУШ: Билем. Баштан өткөн. Эгер коркпосоң мени карай уч.
БЕРМЕТ: Сенин канаттарың эмне үчүн кыймылсыз?
КУШ: Аны кайдан байкадың? Менин жүрөгүм токтогону качан.
БЕРМЕТ: Демек... Менин да...
КУШ: Сенин жүрөгүң азырынча согуп жатат. Тек кыял, максат ойлоруң өлдү. Намыстын капасынан чыга албай далбастап жатасың.
БЕРМЕТ: Жакшы эскерттиң. Жообун таппай жаткам. Намыс... Намыстын капасы... Сен мага жакын келсең болобу?
КУШ: (колун суна) Намысыңдан сурансаң жардам берет. Секир! Секир!

Бермет колдорун кушка карай сунуп, жылмайган калыбында бийиктен боюн таштайт. Ал куш сыяктуу каалгый учуп баратты. Баягы куш жакындай келгенде анын көздөрү кадимки Амандын жиниккен кыпкызыл көздөрүн элестетти. Бей капар учуп бараткан Бермет чаңыра артка кетенчиктеди. Эсине келген кезде Бермет өзүнүн балконунун чекесинде турган эле. Аны кошуна балкондо турган Батыштын катуу чаңырган унү эсине келтирди.

БАТЫШ: (кыйкыра) Ай! Ай, кыз! Ээ, кокуй! Бермет, сага эмне болду?! Анда эмне турасың?! Кир үйгө! Кир!
БЕРМЕТ: (эч нерсе болбогондой) Аа, Батыш эже. Саламатсызбы?
БАТЫШ: (кагына) Ок, оңбогон кыз десе! Мен да секиргени турат депмин.
БЕРМЕТ: Сиз эмне уктабай турасыз?
БАТЫШ: Эшик терезелерди ачып, бир аз таза аба жутканы мында чыгып олтурам. Кой, жаталы. И, баса, апаң жакшыбы?
БЕРМЕТ: (суз) Жакшы. Буюрса жакшы болот.
БАТЫШ: Эртең барсаңар менден салам айткыла. Колум тийсе өзүм барам.

Батыш ичке кирип кетет. Бермет алыска тигиле мелтирейт. Анын бул кезде эмне ойлоп жатканын бир өзү гана билип турду. Бир учурда ичке шашып кирет да апасынын ичип жүргөн таблеткаларынын баарын чогултуп бир кесеге салат. Баягы кесени кучактаган бойдон өзүн жоготкон Бермет Айжандын үстүнө кирип барат. Бул маалда Айжан эч нерседен бейкапар уктап жаткан эле. Бермет кроваттын чекесинде сиңдисин тиктеп бир топко олтурду да, анан оордунан шар туруп апасынын бөлмөсүнө кирип кетти.
Эртең менен ойгонгон Айжан жанында эжеси жок экенин көрүп, түз эле ашканага кирди. Эки үч күндөн бери жакшылап наар албаган кыз бир нерселерди шам – шум этип, шашпай апасынын бөлмөсүнө кирип барып турган жеринде катты. Тээ бир убакта жер жара чаңырган Айжан жерде оозунан ак көбук агып жансыз жаткан эжеси Берметти баса жыгылды. Бул учурда Берметтин денеси эчак сууп калган эле.
Айжандын чаңырыгынан таң атпай ойгонгон кошуналары Батыш баш болуп эшикти каккылап жатышты. Өзүн жоготкон Айжан эжесинин жансыз денесин кучактап чучуктай чыңырып жатты.

БАТЫШ: (кыйкыра) Эмне болуп жатат?! Ай, эшикти ачкыла! Айжан! Бермет!
КОШУНА КЕЛИН: Айым эжеге бирдеме болдубу?
БАТЫШ: Билбейм.
КОШУНА ЧАЛ: Өлдүбү?
КОШУНА КЕЛИН: Антип айтпаңызчы.
КОШУНА ЧАЛ: Ой, эмне?! Укканымды айтам да.
БАТЫШ: Булар эмне болуп жатат?
КОШУНА КЕЛИН: Айжан чаңырганынан чыга калдым. Мүмкүн чын эле...
БАТЫШ: (бышактай) Деги эмне болуп кетти. Жаркылдап эле жүрчү эле.
КОШУНА ЧАЛ: Ой, эшикти ачкыла дебейсиңерби.

Ошол учурда даагы бир кошуна келет. Жанында баягы сестра кыз бар.

СЕСТРА КЫЗ: (тартына) Кечиресиздер. Саматова Айымдын квартирасы ушулбу? Телефон чалсак эч ким албайт. Айта кет дешкенинен...
БАТЫШ: (жакасын кармай) Эмне... Айым...
СЕСТРА КЫЗ: Ооба. Таңкы саат төрттө кетти.
БАТЫШ: А – аа, шордуу!!! Шордуум! Шордуум!!!
КОШУНА КЕЛИН: Батыш эже, акырын. Кыздар...

Ошол учурда көзү башы шишиген, чачтары саксайган Айжан эшик ачат. Тургандар бирден кире башташат. Нес болгон Айжан үн – сөзсүз Берметтин сөөгү жаткан бөлмөгө кирип кетет.

БАТЫШ: Эми жаман болбодубу. Кантип угузабыз. Аксакал мүмкүн сиз...
КОШУНА ЧАЛ: Мен кантип айтам. Силер аялдар акырын эптеп айткыла.
КОШУНА КЕЛИН: Тиги сестра кыз өзү эле айтсын. Булар көнүп калышкан да.
БАТЫШ: (кагып жиберет) Ошентип да айтат бекен. Тиякка киреличи. Айымдын бөлмөсү. А, байкуштарым. Байкуштарым! Бермет... Айжан... Кана, киргиле. Киргиле!

Баары Айым жаткан бөлмөгө кирип келишип жерде жаткан Берметти кучактап олтурган Айжанды көрүшүп, аялдар бакыра туруп туруп калышат. Эч нерсе түшүнө бербеген Батыш өлүп жаткан Берметти эми байкады.

БАТЫШ: Оо, шорум! Шорум!!!
СЕСТРА КЫЗ: Токтогула! Токтогула!

Берметти кармалап көрөт да. Үнсүз четке чыгат. Айжан больницада иштеген сестра кызда эми гана байкайт. Нес абалында солуктай апасын сурайт.

АЙЖАН: Апам... апам... Жок! Жок! Жо – оо – оок!!!

Киргендердин баары үн катышпай турушат. Айжан баарына шектүү тигилет. Ар бирин бирден карап чыгат да чаңыра эс учун билбей жыгылат.

СЕСТРА КЫЗ: Алоо! Алоо! Тез жардам! Саматова Бермет... 23 – жашта.

Тез жардам машинасы кетип бара жатты. Бийик кабаттуу үйдүн алдында кетип бараткан машинаны томсоро узата караган элдер.

 

12 – көрүнүш

Үйдүн ичи. Айжан жалгыз. Жашоо токтоп калгандай жада калса үйдөгү эмеректер да томсорушат. Дубалдын төрүндө Бермет менен Айымдын кучакташып турган чоң сүрөтү бажырайып илинип турат. Кучактарында өзгөчө жасалгаланган чоң букет роза гүлү. Айжан сүрөттөн көз албай мелтиреп олтурат.
Ошол учурда сырттан ары бери басып жүргөн Азамат тынчсыздана телефон чалып жатты. Аны Айжан уккан да жок. Айжан илинген сүрөттөн көзүн албайт. Муңдуу обон сыздайт. Кайрадан сүрөт. Бул күн өзгөчө күн эле.
Элестер кетет. Үйдө Айжан менен апасы дасторкон жасап жатышат.

АЙЖАН: Апа, гүлдү кайда коеюн.
АЙЫМ: Каалаган жериңе.
АЙЖАН: (тынчсыздана) Ии, апа? Эгер эжекем өтпөй калсачы.
АЙЫМ: Ошентип да айтчу беле. Мен ишенем. Бермет сөзсүз өтөт.
АЙЖАН: Мен да ишенем. Азыр курстун гана эмес, университеттин эң мыкты студенти деп макталып жүрбөйбү. Кыздар: — Сенин эжеңдин башы компьютер дешет. Апа, окуусун бүтүп ошол Америкада калып эле калса болобу?
АЙЫМ: (күлүп) Кой, антпе. Кыргызстанга, эли – жерине кызмат кылат деп жиберип жатышат да. Алган билимиң менен элиңе кызмат кылуу керек балам.
АЙЖАН: Эгер андагылар да, — Бир аз жыл мында иштейсиң — дешсе, анда биз барып турат элек да. (кыялдана) Америка деген Америка да!
АЙЫМ: (эркелете) Эжекеңдей жакшы окусаң, жакшы жүрсөң, андай Американын далайына барасың кызым. (тынчсыздана) Эмне кечигип жатат. Ошол эле жерде олтуруп турат элек. Кечке олтурмак белеңер, кете бергиле деп... Телефон чалчы.
АЙЖАН: Азыр.

Ошол учурда эшик чырылдайт. Экөө тең кубанып эшикке жүгүрүшөт.

АЙЖАН: Ураа! Эжекем!
БЕРМЕТ: (кубана жаркылдай кирет) Апа! Өттүм!!!
АЙЫМ: (кубана) Эркем менин! Кубатым!.. Жайдарым менин!!! Кут болсун!
БЕРМЕТ: Сизди куттуктайм! Мунун баары сиздин эмгегиңиз апа! Бул гүл сизге!
АЙЖАН: Ой, иий! Укмуштай сонун гүл го. (фотоапаратын ала) Кана, кана. Так ушундай туруп тургула. Эстеликке сүрөткө тартып коеюн. Алдына, — Америкага сапар! – деп, бакыйта жазып коем. Даагы бир жолу. Сонун болду апа.

Эне бала кубана бирин бири өпкүлөп жатышты. Бир жашып, бир күлүп Айым жетине албай жатты. Кызын колунан жетелей столдун төрүнө олтургузат. Айжан атайын алып койгон гүлүн Берметке тапшырат.

БЕРМЕТ: Ырахмат Айжан. Мага силер өзүңөр гүлсүңөр. (өөп) Жаным десе.
АЙЖАН: (бир тал гүлдү алып) Муну ары карап туруп, мен жакка ыргытып койсоңуз. Тосуп алайын. (каткыра) Анан аркаңыздан мен да Америкага жетип барам да.

Баары каткырып жатып калышты. Айым эки кызын алмак салмак өпкүлөп, катуу кубанганынан дале өзүнө келе албай жатты.

АЙЫМ: Силер барсыңар, мен бармын. Силер үчүн жаным курман! Ой, Айжан! Эмне карап турасың. Тур, эжекеңдин курсагы ачып келди го. Чайыңды апкел.

Баятан жансыз селейип олтурган Айжан оордунан чоочуй тура калды. Эч ким жок. Маңдайындагы сүрөттө бажырайып Бермет эжекеси менен апасы Айым күлүп турушат. Бул күн алардын үй бүлөсүндөгү эң бактылуу күндөрүнүн бири эле. Айжан үйдүн ичине суз көз жүгүрттү. Жерде чачылган сүрөттөр. Сүрөттөрдүн баарында күлүп турушат. А, Айжандын жүрөгүндө муз! Кек... намыс... жалгыздык!
Айжан жалгызсырай бөлмөлөрдү аралайт. Баардык бөлмөлөрдө апасы Айым менен эжекеси Берметтин сүрөттөрү жерде чачылып жатат. Айжан көз жашын аарчый жансыз сүрөттөргө тигиле ойлуу мелтирейт.
Ошол учурда телефон чырылдайт. Бул Азамат эле. Анын үйдүн алдына келгени качан. Баятан өчүп турган жарык күйгөндө ал абдан сүйүнүп кетти. Айжан телефонду карап турду да өчүрүп салды. Азамат балконго сагалап, бир кыйкыра кайра эки жагын карана уялып кетти. Ал улам улам чала берди.
Айжан балконго чыгып, Азаматты бир топко карап туруп кайра кирип кетти. Чачылып жаткан сүрөттөрдү жыйнап жатканда Айжан капысынан жерде жаткан телефонду басып алат. Караса эжеси Берметтин телефону.
Телефон... Кечке телефонго тигиле бул кырсыкка күнөөлүү кишини издей баштайт. Караса, акыркы чалган номерде Аман деп турат.

АЙЖАН: Аман... Аман...

Айжан өзүнчө сүйлөнө ичинен кайра кайра кайталайт. Ал бир жерге олтура албай жан далбаска түшүп жатты.

АЙЖАН: Аман... Аман... Демек, сыр түйүнү Аманда жатат. Бермет эжем сюрприз кылып жүргөн сырдуу жигит Аман экен да. А, мүмкүн кырсыктын түйүнү да Аман болуп жүрбөсүн. Башка кандай себеп болушу мүмкүн? (жаны күйүп) Жаным, эжекем! Сенин гүлдөй гүл өмүрүңдүн, кырчын жаштыгыңдын кыйылышына эмне себеп болду? Чын эле сүйүүбү?.. Кайдагы сүйүү?! Же, табигиттын көз ирмемдик азгырыгына алдандыңбы?.. Ишенбейм! Ишенбейм! А, мүмкүн сен аны чындап жакшы көрүп калгандырсың. Ооба, ооба. Сен буга чейин бир да жигит менен сүйлөшүп, сүйүү тууралуу кеп кылган эмессиң. Апама сыр кылып айта албаган жигит ушул Аманбы? Сен чын эле сүйдүңбү эжеке?! (бир топко оор тунжуроо) А, тигил айбан... Сенин жүрөгүңдү ээлеген, сенин бүтүндөй сезимиңди багынткан ал кандай адам болду экен? Адам?.. Жок! Жок! Ал адам эмес! Ал айбан! Ал жырткыч!!! (тыным, сүрөткө) Жан боорум! Жан боорум ай! Бул ааламды, береги кымбат жарыкчылыкты кантип кыйдың? Кантип?! Мени кимге таштадыңар?! (өзүнчө) Мен сени ким болсоң да, кандай адам болсоң да табам. Жердин жети катмарына кирип кетсең да табам! Эгер Кудайдын бар экени чын болсо... Кудай... (тыным) Апам: — Кудайым силерди колдойт! Теңирден бакыт тилегиле деп... (чаңыра) О — оо, Теңир!!! Бизге берген бактың, сыйың ушул беле?! (тыным) Мен аны табуум керек!

Айжан тынбай чала баштады. Эч ким албайт. Бир кезде бирөөлөр алды. Линиянын ары жагындагы киши Аман эмес, Амандын досу Санжар болуп чыгат. Телефондон Санжар кызды катуу кагып салат. Айжан тынбай чала берди.

АЙЖАН: Аман... Алоо! Алоо! Бул Аманбы? Сиздин телефон эжемде бар экен.

Телефондон Санжар абдан орой жооп берет.

САНЖАР: Ай, кыз! Чалганыңды токтот! Эч кандай эжеңди билбейм. Мен Аман эмесмин! Токтот!
АЙЖАН: (ызалуу) Алоо! Алоо! Эмне үчүн Аман эмессиң? Мында Аман деп жазылып турбайбы. (суроолуу) Санжар?.. Кое туруңузчу. Суранам?! Санжар... Санжар ага мени угуңуз. (ыйлап жиберет) Суранам? Сиздин да карындашыңыз, кызыңыз бар го... Суранам?! Сиз менен жолугуум керек. Ооба, абдан зарыл. Эжем... ал жок...

Санжар жолугушууга макул болот. Айжан турган жеринен эшикке атып чыгып, таксилердин бирине олтуруп жөнөп кетти. Азамат артынан кыйкырган бойдон калат. Анын оюу бузулду. Ал да таксиге олтуруп кыздын артынан жөнөйт. Бир кафенин алдынан Айжан Санжар менен жолугушат. Экөө көпкө бирдемелерди сүйлөшүп турушту. Азамат болсо аңдып турду. Айжанга дагы телефон чалат. Айжан өчүрүп коет. Азамат жакындагандан сестене айлана аңдый берет.

САНЖАР: (эки жагын карана) Мында турганыбыз ылайыксыз го. Жүрү, Айжан. Ичине кирбесек, тигиндей олтуралы. Ошондо сүйлөшөбүз.
АЙЖАН: Мага Амандын дарегин эле бериңиз.
САНЖАР: Анда машинага олтур.

Айжан Санжардын машинасына олтурат. Машина шаарды аралап кетип баратты. Бир убакта машина жолдун чекесине чыга токтойт. Оор тунжуроо. Санжар кыздан көзүн албай аяп карап турду. Азамат олтуруп бараткан такси да Айжандарга жетпей токтошту.

ТАКСИСТ: Сүйлөшкөн кызыңбы?
АЗАМАТ: (тартына) Чогу окуйбуз.
ТАКСИСТ: А, түшүндүм. Сүйөм де. Тигил эмне. Жаңы таанышыбы?
АЗАМАТ: Билбейм.
ТАКСИСТ: Азыр кыздардын баары ушундай. “Запасы” менен жүрүшөт.
АЗАМАТ: Ал кандай дегениңиз?
ТАКСИСТ: Бири болбосо бири дегендей да.
АЗАМАТ: Айжан андай кыздардан эмес.
ТАКСИСТ: (каткыра) Эмес! Эмес! Кыздардын баары ошондой!
АЗАМАТ: (алаңдай) Жоготуп албайлы байке.
ТАКСИСТ: Сен кызыңды жоготсоң жоготушуң мүмкүн. Мен артынан түшкөн машинамды жоготпойм. Мындайлар жашоодо көп болот иним. Бир чоң жерде иштеген неме го. Машинасын көрдүңбү. О — оо! Булар азыр 40 – 50 миң доллар турат.

Азамат алыстан аларды андан бетер шектүү аңдып жатты. Муңдуу музыка ойнолуп жатат. Бул учурда Айжан өпкө өпкөсүнө батпай ыйлап жатты. Машинанын күзгүсүнөн караган Санжар кызга зээни кейий терезеден алыска тигилет. Буулуккан Айжан эшикке атып чыга туруп калды. Санжар артынан шаша чыга кызды соорото бооруна кысты. Айжан Санжарга бир бооруна ыктагандай эреркей буулуга боюн таштады. Апасы менен эжесинен айрылганы аны аяп эч ким бооруна кыскан эмес.

ТАКСИТ: Мына сага! Мени эмес, тигилерди кара. Айтпадым беле. Ана!

Санжар менен Айжандын кучакташып турушканын көрүшкөн Азамат менен таксист бири бирин караша нес болушту.

АЗАМАТ: Мүмкүн эмес...
ТАКСИСТ: (рулду чапкылап) Мүмкүн! Азыркы заманда баары мүмкүн! Тигил ким, сен ким? Аа, кара нанга семирген студент! Азыркы кыздар оңой кыздар эмес. Баары эсеп – кысап менен жүрүшөт. Кызыңда баш бар экен. Акча, машина! Алдында бассейини менен бийик кабаттуу келиштире салынган үй! (Азаматка) А, сенде эмне бар? Окууңду бүтүп, ата — энең эптеп бир кызматка илишкенче... Мен да бир кезде сага окшоп өпкөмдү казан кылып жүрчүмүн. Эми мына! Тапканым чайга араң жетет.
АЗАМАТ: Байке. Айжан андай эмес.
ТАКСИСТ: (мыскыл) Чычалабай кара. Андай эмес болсо... Кимди кучактап турат. Столбаныбы?! Артынан барасыңбы?
АЗАМАТ: (шылкыя) Билбейм.
ТАКСИСТ: Болоору болду, жигитим. Мынча болду эми аягына чыгалы. Чыда!

Кызды аяп кучактап турган Санжар бир топтон кийин үн катты.

САНЖАР: (аяп) Жаман болгон экен. (өзүнчө сөгүнө) Акмак! Иттин гана баласы. Акмак! Анын ошондой акмактыгы бар болчу. Берметтин каза болгонун билеби?
АЙЖАН: (томсоро) Билбейм.
САНЖАР: Бул менин номурум да. Ал биздин компанияда убактылуу иштеген.
АЙЖАН: Эжемдин телефонунда сакталуу экен. Суранам, Аманды таап бериңиз.

Санжар томсоруп турган Айжанды карап туруп жаны кейип кетти. Анан телефонун алып чыгып Аманды издей баштады. Бир топко чалды. Сыягы баардык жакка чалды окшойт. Колу башын көтөрүп бирөөлөргө ачууланып да жатты. Айжандын көзү Санжардан өтүп турду.
Алыстан сагалашкан таксист менен Азамат да Санжар менен Айжандан көздөрүн алышкан жок.
Айжандын учурдагы абалын толук түшүнүп, досунун акмакчылыгына катуу жинденген Санжар Амандын үйүнүн адресин бермекчи болот. Анан бир топко ойлонуп турат да, кызды машинага олтур дейт.

САНЖАР: (оордунан шарт тура) Олтур, машинага! Олтур. Өзүм жеткизем.

Машина бийик кабаттуу үйдүн алдына келип токтоду. Айжан менен Санжар машинадан түшүп үйдү көздөй жөнөштү. Айжан бир азга кетенчиктеп тура калды. Анан үйдү сыртынан бир сыйра карап чыкты да, Санжарга үмүттүү тигилди. Санжар Айжандын колунан ала ичке кирди.

САНЖАР: Сегизинчи этаж. Чыкканыңда оң жагындагы эшик. Мен сени күтүп турам.
АЙЖАН: Кете бериңиз. Ырахмат сизге.
САНЖАР: Өзүң бил. Үйүңө таштап коеюн дегем. Алгач кирип чыкчы. Баса булардын лифти иштебейт.

Санжар кызды аяп, бир топко колунан кармап турду. Артынан жете келишкен таксист менен Азамат баарын көрүп турушту. Азамат бир башкача болуп өзүн жаман сезип чыкты. Бирок көргөн көзүнө ишене берген жок. Айжанды чындап жоготуп албайын деп далбастай машинадан түштү.

ТАКСИСТ: Айтсам ишенбейсиң. Азыркы кыздарды мен жакшы билем го. Кирсең кир. Үстүнөн чыгасың. Бул жердин баары гостиница.
АЗАМАТ: Ырахмат байке.
ТАКСИСТ: Күтө турайынбы.
АЗАМАТ: (шаша) Жок. Кете бериңиз!

Ошол учурда Айжан ичке кирип кетет. Санжар Айжанды узата карап машинасына олтурду. Азаматты алып келген таксист мыйыгынан күлө машинасы от алдырат.

ТАКСИСТ: Мүмкүн керегим тийип калат.
АЗАМАТ: Бара бериңиз байке. Ырахмат.

Таксист кетет. Азамат шаша жүгүрүп ичке кирет. Ал далбастап туруп калат. Кечке лифти басат. Лифт иштебей. Азамат лифти тепкилеп жиберет. Маңдайдагы эшик ачылып, бойго жеткен сулуу кыз баш багат.

СУЛУУ КЫЗ: Байке, лифт иштебей.
АЗАМАТ: Кечирип кой.
СУЛУУ КЫЗ: Эч нерсе эмес. Сизден башкалар да ушинтип тепкилешип кетишет. Улам эле оңдойт. Бир жумага жетпей бузулат. Эски да.
АЗАМАТ: Ооба, аның ырас.

Кыз эшигин жаап кирип кетет. Азамат селдейе туруп калат. Анан тепкич менен далбастай жогору көздөй жүгүрөт.
Айжан квартиранын звоногун басат. Эшикти кичинекей кыз ачат. Анын артынан бала жүгүрүп келет. Булар Амандын балдары Эрмек менен Эмиля эле.

ЭРМЕК: Ураа! Атам келди, атам келди! Ураа!!!
ТОЛКУН: Акырын. Эмиля токто! Өзүм ачам.
ЭМИЛЯ: (Айжанга) Сен кимсиң?
ЭРМЕК: Атам кана?!
ТОЛКУН: (балдарына) Эшикке жолобогула дебедим беле. Баргыла тигиндей!
АЙЖАН: Саламатсызбы? Мен Айжанмын. Аман барбы?
ТОЛКУН: (шектүү, түшүнбөй) Аман?.. Силер кимсиңер?!
ЭМИЛЯ: (Айжанга) Менин атым Эмиля. Бул Эрмек.

Толкун эч нерсе түшүнбөй Айжанды тиктеген бойдон туруп калат. Эмиля Айжанды колунан ала ичке сүйрөйт.

ЭМИЛЯ: Эже, кир. Сен мени менен ойнойсуңбу? Атам азыр келет.

Азамат жетинчи этажга чыга келгенде Айжандардын сегизинчи этаждагы квартиралардын биринин эшиги тарс жабылат. Азамат эшиктин оозуна келип шектүү туруп калат. Ары – бери, өйдө — төмөн баса баштайт. Акырын келип эшиктен ичти тыңшайт. Тынчсыздана эки этаждын ортосуна барып кайтарып олтура кетет.

АЗАМАТ: (ачуулуу, ыза менен) Иттин гана баласы! Акмак! Акмак! Өлтүрөм!

 

13 – көрүнүш

Айжан Толкунга болгон окуяны болгондой айтып берди. Көпкө сүйлөшүштү. Ызалуу Толкун ыйлап жатты. Маңдайында аңырая карап турушкан эки баласын келин бооруна кысты. Апасынан суурулуп чыккан Эмиля Айжанга жакындайт. Бир топко үнсүз карап турат да, анан анын жаак ылдый куюлган көз жашын кичинекей быйтыйган колдору менен аарчыйт. Эмиля тостойгон көздөрүн ирмебей Айжанды карап турду.

ЭМИЛЯ: Эже, эжеке, ыйлаба. Ыйлаба, ээ...

Айжанды аңдып келген Азамат ары бери баса берип чарчаганынан тепкичке олтура кетет. Чыдабай барып эшиктен ичти тыңшайт. Кайра олтурат.
Кызуу абалда жогоруга араң көтөрүлгөн Аман бышылдай сөгүнүп сагынып үйүнүн эшигинин алдына келип токтойт. Төмөндө тепкичте олтурган Азаматты даагы бир сыйра үңүлө карап, үйгө шыр кирбей Азаматтын жанына олтура кетет. Азамат аны менен саламдашып тим болот. Аман ага акыл айта наалып кирет.

АМАН: Эмне, кызыңды аңдып олтурасыңбы?
АЗАМАТ: (селт эте) Жок! Тим эле...
АМАН: (ыржалактай бырс күлө) Тим эле... Тим эле бул муздак тепкичте олтурганың кандай? (жаңсай) Ушул жакка кирип кеттиби?
АЗАМАТ: Ии –ии...
АМАН: И – ии – ии... Бул жактын баары гостиница! Бир этажда бир кожоюн, же ондон бир квартирада бир кожоюн жашайт. Байлар да. Бар! Бар! Баарын квартирага берип, өзүлөрү заңгыраган особняктарда! Во! Түшүндүңбү?! Биз ушул квартирага араң араң жетип... Энеңди!.. Жашоо ушул да иним. Жетпейт! Жетпейт! Эч качан жетпейт!!! А, өлүп калсаң эч нерсени кереги жок! Ал жакта баары тынч! Баары жетиштүү! Куранда ошондой дейт го... Бейиш!.. А, сен ошол бейиштин барына ишенесиңби?
АЗАМАТ: Билбейм.
АМАН: Мен да билбейм. Ким барып көрүп келиптир, аа?! Эч ким билбейт! (өзүнчө сүйлөнө) Жакшы жүрсөң бейишке, жаман жүрсөң тозокко! Ким чыгарды?
АЗАМАТ: Билбейм.
АМАН: Сен кайдан билмек элең. Сен эмес мен билбейм! Кызың сулуубу?
АЗАМАТ: Жакшы эле.
АМАН: Баарыбыз ошо жакшы эле дейбиз. Бирок азыр, “жакшы кызды” ит менен издесең да таппайсың. Антип жаман көрүп караба. Мүмкүн сенин кызың жакшыдыр. Бирок муногу заман кыздардын баарын бузбадыбы. Жылаңач эле тарталактап алдыңдан өтөт, же шыйпалаңдайт. Анан биз деген эркекбиз да. Өзү шыйпалаңдап куйрукту көтөрүп жатса... Кантип... Ха – ха – ха!!! Энеңди!
АЗАМАТ: Байке...
АМАН: Жок, жок! Сенин кызыңды айтканым жок. Биз тааныштыкпы? Келе колду. Менин атым Аман.
АЗАМАТ: Азамат.
АМАН: О – оо, Азамат! Эми мындай Азамат. Эки жагыңды карап көрчү. Бир соо кыз табасыңбы. Жүздөн бири. Жүздөн бири гана соо чыгат. Баарынын оюу акча! Акча! Үй, машина! Андан да жаман жуман машинага олтургулары келбейт. Мерседес, Лексус!!! Аны да 330бу же 470би? – деп! Мен бала кезде Жигули менен ала качып барган кыздар тим эле самолет менен баргандай болушчу да. Ал кезде кыздар таза болчу да. Уят бар болчу. Намыс бар болчу. Намыс! Намыс!!!
АЗАМАТ: Аман байке, сиздин үй ушул жактабы?
АМАН: Үй кое турат. Үйдөгүлөр да кое турат. Мен күйүтүмдөн ичтим. Сен мени карачы. Кызың жашпы? Албетте жаш. Өзүң жыйырмага чыга элексиң, эмне кызың кыркта болмок беле. (Азаматка үңүлө) Целкасы бүтүнбү? Ха — аа!!! Иттики! Биз деген эрекбиз да. Мындай сөздөр болушу керек.
АЗАМАТ: (тынчсыздана) Байке, мен...
АМАН: Түшүндүм, түшүндүм. Киши күтүп жатасың. Мени да бирөөлөр күтүп жатышат. Күтүп турсун. (кыйкырып жиберет) Олтур! Эркекче сүйлөшөбүз. Сага айтаар эркектик акылым бар. Азыркы кыздардан сак бол иним. Баары алдамчылар. Саткындар! Сени каратып туруп сатып кетет. (жагымсыз күлөт) Азамат дедиңби? Билесиңби, Азамат?! Азыркы кыздардын “целкасын” алыш – консерванын же бутулканын оозун ачкандай эле кеп! (эки жагын карана) Чүш! Эч ким уккан жокпу?! Муну мен айтып жатам. Бул сага сабак болот.

Оордунан ырсалактай тура берген Аман темтеңдей теңселе кайра олтурат.

АМАН: Оп – паа, иттики! Мен мас болуп калдым. Мен ичтим. Мен акмак болдум. Чоң акмакчылык кылдым. Бирок ал кыз жакшы кыз болчу. Мен аны алдадым. Катуу алдадым. Ушундай да болобу? Бул акмакчылык! Бул жеткен акмакчылык!!! Мен качып кеттим. Мен күнөөгө баттым. Намаз окуш керек! Ак жолго түшүү керек!

Ошол учурда эшик ачылып ичтен Айжан чыгат.

АЙЖАН: (суроолуу) Аман?..
АМАН: Ооба, мен Аман. Сен ким?
АЙЖАН: Мен сенин ажалыңмын!
АМАН: (Азаматка) Мына, азыркы кыздар ушинтип тамашалашат. Тааныша албайм. Үй – жайым, эки балам, катыным бар. Бошсуң!
АЙЖАН: (атырыла жакадан алат) Катының бар экенин эми билдиңби?!
АЗАМАТ: (Айжанга) Сага эмне болду?
АЙЖАН: (Азаматка) Сен ары турчу!
АМАН: Оп – па! Бул кыз кайдан түштү өзү. Эркекке кол көтөргөнүң үчүн сотко берем. Азыр бошсуң. Тур! Жок, айтчы, сен кимсиң?!
АЙЖАН: (ызалуу) Сен... сен... Сен да эркекмин деп басып жүрөсүң ээ?! Арсыз, алдамчы, доңуз! Билесиңби, сен кимсиң?
АМАН: (алая) Бул жаңылык! Менби? Мен Аманмын.
АЙЖАН: (ызалуу) Эжекем сени жан дүйнөсү менен сүйгөн.
АМАН: Ыя де... Ушул заманда сүйүү барбы? Эжекең ким?
АЙЖАН: (көзүнө тикчие) Сен эркек эмессиң. Сен эч ким эмессиң!!!
АМАН: (калп ырсалактай) Оп — паа! Мына иним. Көрсө намысы бар кыздар да бар турбайбы. Сен мени бирөөгө алмаштырып жатасың. Кана, жол берчи.
АЙЖАН: (ызага мууна) Бермет эжем сага эмес, кичинекей жүрөгүндөгү чоң сүйүүгө алданды. Ал таза сүйүүсү менен таза кетти. Сен...
АМАН: (селт эте түшөт) Эмне?.. Кайсы Бермет?! (нес боло) Бермет...
АЙЖАН: Сен алдаган Бермет! Сага алданган Бермет! Менин бир боорум!!!

Айжан Амандын колун кайрып ыргыта жерге чабат. Бир топко жек көрө тиктешүү. Канча аттап кеткиси келсе да Айжан өзүн кармап турду.

АЙЖАН: Сенин канча кыздын шоруна калган Кудай аткыр, желмаян экениңди билдим. Бермет эжемдин арбагы сени эч качан уктатпасын!
АМАН: (көздөрү алаңдай) Эмне арбак?.. Ким арбак?! (мууна) Мүмкүн эмес! Мүмкүн эмес! Бермет... Менин Берметим...

 

14 – көрүнүш

Шаар ичи. Күндөгүдөй эле көрүнүш. Өз тиричиликтери менен алпурушкан элдер. Айым менен Бермет бул жарыкчылыктан кетсе, ошол күнү канча наристе бул жарыкчылыкка келди дейсиң. Көрсө, тирүүчүлүк ушинтип өтө берет тура.
Нөшөрлөп катуу төккөн жамгыр. Узун көчө. Кол чатырдын алдында кол кармашкан Айжан менен Азамат бир тарапка кетип баратышат.

Аягы

 

22-август. 2013-жыл
Бишкек шаары

 

© Чынар Калыбекова

 


Количество просмотров: 3303