Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Ажыканова Элмира, 2013. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 16-январы

Элмира АЖЫКАНОВА

Чыт көйнөк

Ар кыл темадагы ырлар.

 

КАЛЫСТЫККА КАЙРЫЛУУ

Ал-күчтү көр тирликке пайдаланып,
Чыга албай күнүмдүктөн майдаланып.
Тар, таштак, жантайыңкы жолдор менен
Турмуштунарабасын айдап алдык.

Көктү көк, акты ак деп айтпай калдык,
Көр оокат майданынан кайтпай калдык.
Адамдан жүзүн буруп кеткен окшойт
Чындыкты жакын жердентаппай калдык.

Калыстык аксап, жүдөп жараатынан,
Караанын алыстатып барат улам.
Жапыздап коңулдарга коно калат
Уча албай каруу кетип канатынан.

Жалган-чын, жапыз-бийик теңделээрби,
Айтпадык, жасабадык эмнелерди?!
Калыстык,кайра айланып кечирип кел
Кайдыгер болуп кеткен пенделерди.

2010-ж.

 

***

Жерге турмуш жаралган замандардан,
Жашоо туруп жакшыдан, жамандардан.
Келет адам артынып ак-караны
Куруп жолго көпүрө амалдардан.

Табиятты жүрөккө түйө албайбыз,
Билебиз деп дүйнөнү биле албайбыз.
Деңизге окшош бул аалам күүлдөгөн
Жээгин бойлоп ичине кире албайбыз.

Агат мезгил алдыга канат керет,
Кара күчтөр ааламга тарапкелет.
Арамдыктар туш-туштанжебе тартып,
Адилдиктин жүрөгүканапкелет.

Жарык ишти Жараткан жактап келет,
Өз тартибин табият сактап келет.
Миң алакет кылса да периштелер
Кара күчтөр тумандай каптап келет.

Кара күчтөр пендени адаштырып,
Кара иштерге алпарып жанаштырып,
Периштенин колдорун байлап коюп
Өзүакырын өйдөлөпбарат чыгып.

Жер үстүндө жашаган ар бир адам
Тазалыккашилтесе жарым кадам,
Ошондо элеагаратүшмөк дүйнө
Ошондо эле жоголмок ачуу, арам.

2007-жыл. Ноябрь.

 

ЫСЫК-КӨЛГӨ

Көз албай көлдү карасаң
Кайдадыр жылып аккандай.
Күбүлүп түшүп күн нуру
Чачырап сынып жаткандай.

Түбүнө каткан сырлары
Күү болуп аста угулат.
Түрүлгөн майда толкундар
Шыбырап жээкке жыгылат.

Жүрөккө алып колумду
Жүгүнүп сага ийилем.
Айкөлсүң жаткан кебелбей
Алайынкенендигиңен.

Алыстан келдим сага арзып
Арылткын жүрөкжүгүмдөн.
Жүз чайкап, чачым суулайын
Бере гөрайкөлдүгүңдөн.

11.11.07

 

ТАҢКЫ ЖЭЭКТЕ

Таңкы жээкте таңкы көлдү тиктедим,
Таза жортконтаң желинен искедим.
Качып келип көйгөйү көп калаадан
Көл жээгиненжан тынчтыгын издедим.

Эс алгандар жүрөт басып көл бойлоп,
Ар кимиси өзү артынган ойду ойлоп,
Ар бири анын бир аалам да,бир дүйнө
Айтылбаса билет кимди ким болжоп.

Ар ким жүрөт өз санаасын жамынып,
Эртеңкиден күтүп жакшы жаңылык.
Көлдү бойлой басамжылуу ой менен
Мен даэртеңки күндөр үчүнкамынып.

10-ноябрь. 2007-жыл

 

БИР КООГА ДАЙЫМ ЖҮРӨКТӨ ТУРАТ

Чаржайыт,майда ойлорго ыктай,
Келатам жолдо эч мөөрөй утпай.
Көзүмө жакшы сүйлөгөндөрдөн
Көңүлүм калдыүч көчкөн журттай.

Сөздөрдүн көбү жасалма, жалган,
Көздөрдүн көбү суз тартып калган.
Мээримсиз, мерез жашоодо ушул
Сызылып ооруйт өзөктө жарам.

Учугун таппай чатышкан жолдун,
Жүргөндөй болом ичинде тордун.
Башмалдак аткан турмушта ушул
Баш-аягымды жыя албай койдум.

Көңүлсүз кечти айнектен карайм,
Көчөдө шамдар үлүңдөйт араң.
Уңулдап бороон учурат карды
Каркылдайт бакта каргалар жалаң.

Көчкүдөйкүр-рдеп аскадан кулап,
Көңүлүм күндө көрүнбөй сынат.
Жай бербей жангатүпөйүл кылып
Бир коога дайым жүрөктөтурат.

2008-жыл

 

УБАРАЛУУ УШУЛ ТУРМУШТА…

Мезгил менен бирге агылдык,
Желбиредик, күйдүк, жагылдык.
Көңүл өртү бастап аз-аздан
Каалгадай секин жабылдык.
Жүрө-жүрө эч кимге ишенбей
Жүрөктөргө кулпу салындык.

Чыга албайбыз алыс борбордон
Баскан жолдун баары тордолгон,
Кеч кирсе эле үйгө камалып
Жан киши өтпөйт түнкү жолдордон.
Илкий басып чарчап келебиз
Ийин талып майда ойлордон.

Жаз да быйыл ойлуу көрүнөт,
Жамгыры да ыйлап төгүлөт.
Ашмалтайы чыккан калп сөздөр
Ак самындай ашып көбүрөт.
Убаралуу ушул турмушта
Кубанычтан өкүт көбүрөөк.

Ойлор келет,ойлор чубалып,
Ойдун түбү күүгүм,мунарык.
Кээде селт деп коркуп кетемин
Келаткандай асман куланып.
Уктай албай чыгам түнкүсүн
Көп санаадан көзүм тунарып.

2008-ж. Апрель.

 

ӨКҮТ МЕНЕН ЭСТЕП АЗЫР ТУРАМЫН

Көр оокаттан бошобогон колумду,
Көп түйшүктөр бөгөп турган жолумду,
Жыйыштырып салып баарын…кайдадыр
Качып чыккым келет сууруп боюмду.

Жылуусу жок жалган отко жылындым,
Сыртым калып маңызымдан сыгылдым.
Сыр билдирбей баскан менен көчөдө
Сындым канчаөз бутума жыгылдым.

Турмуш мени бурап-толгоп олтуруп,
Көкүрөккө көр-жер шилеп толтуруп,
Кичирейтти,аздап-аздап жешилдим
Курап жүрүп жоктон барды болтуруп.

Өттү мезгил,өттү жаштык курагым,
Өзүмдү эми аяп калган убагым.
Күнүмдүккө короп кеткен жылдарды
Өкүт менен эстеп азыр турамын.

2007-ж. Июнь.

 

КЕЧКҮЗДӨГҮЫР

Терезеден тиктеп турам көчөнү,
Күн сууктап,сыртта күздүн этеги.
Машиналар суудай агат жолдордо
Басыла элек жааган жамгыр кечээги.

Бүркөк күндөй мен да үйдө камыгып,
Караймжолдон өткөндөрдүн агымын.
Катаалкездинкаарын тарткан адамдар
Шашып барат кечип күздүн жамгырын.

Санаа ээлеп ойлорунун жарымын,
Түйшүгү көп, арманы бар баарынын.
Сулуулукту карай турган көңүл жок
Туйбайт эч ким тунук жамгыр жагымын.

Кабак түйүптүнөрөт туш тарабым,
Кайрымы жокмерез тартат заманым.
Мен да өзүмчө дос-туугандан алыстап
Бир жанымдын тынч болушун самадым.

Мезгил, дооркексекылып адамды
Санап, өлчөпташтапкалдык кадамды.
Ниеттерге түшүп ала көлөкө,
Эсептешипайтыпкалдык саламды.

Жамгыр жаайт, күз абасы салкындайт,
Кыялдар да канат какпайт, талпынбайт.
Карап турам жамгыр жууганкөчөнү
Кар бороондуу кыш күн санап жакындайт.

 

***

Сага барчу жолдор улам узарып,
Кадамдарым калганга окшоп тушалып,
Карды жиреп, жол арбыбай келатам
Жүрөк толо кумар менен кусалык.

Күндөр күлүк, саат жебеси чимирик,
Шаар ичи кымгуут түшкөн тирилик.
Бар дүйнөмдүкөтөрүнүпкелатам
Бактагы кар ийиниме күбүлүп.

Кирип келем,моюнуңа артылам,
Сен деңизге окшоп кенен чалкыган.
Башым жөлөймкөкүрөгүң жыпжылуу
Жытыңды искеп, кумарыңа тартылам.

Бир далайга үн катышпай турабыз,
Дайрага окшоп мелмилдейбиз, тунабыз.
Жүрөктөрдүн тыңшап түрсүл какканын
Ак сүйүүнүн арман күүсүн угабыз.

Башка-башкатүшсөдагы көчөбүз,
Бакыт даамын бирге таттык экөөбүз.
Жүрөктөгү бир армандын жайы ушул— 
Үйүбүзгө жалгыз жалгыз кетебиз.

2009-жыл. Февраль.

 

***

Олтурамын эл менен бир чоң тойдо,
Таткан шарап акырын тарап бойго.
Дуулдаган шаттыктын арасынан
Уурданып келесиң улам ойго.

Кыз-келиндер үлпүлдөп кийинишип,
Сый көрсөтөт жигиттер ийилишип.
Сыбызгыган музыка, дүйүм тамак
Той ээлери жайдарысүйүнүшүп.

Көңүлүмдүээледиңкүнү кечке,
Көлдөй тунук көздөрүң түшүп эске.
Алыскы бир өлкөдөн кайтып бүгүн
Аба жиреп келмексиңбүгүн кечте.

Балким азыр бийикте булут жиреп,
Жакшы ойлорду жаныңа кылып тирек.
Келатасың көк мейкин жолу менен
Көрүнбөгөн периштең коштоп жүрөт.

Тойдо олтуруп ойлорум өзүң жакта
Уурданып көз таштайм дубал саатка.
Кызыл көйнөк ырчы кыз обон созот
Кызыгандардуулдап шаңга баткан.

А сен мага гүлдөгөн чартарапсың —
Тойдон кымбат майрамсың, салтанатсың.
Сага барчу жолдо мен жөө-жалаңдап
Ак сүйүүнүн азабын аркалапмын.

2009-ж. Март.

 

СЕНИН БАРЫҢ

Оюмда сен. Жалгыз жүрүп сүйлөнөм:
— Сен жолумдан калганыңда жолукпай
Кантип жашап өтөт элемдүйнөдөн!

Ойлойм дайым сен экөөбүз жөнүндө.
Ар тоскоолдон аман өтүп келатам
Сенин барың кандай жакшы өмүрдө!

Сени бар деп кайыл болдум баарына,
Көп түйшүктүкөңүл мененбүткөрүп,
Махабатка көрдүм күндө камылга.

Жан отумду бердим арнап сүйүүмө,
Жаман көздөн аярладым, жашырдым
Бапестедим, бактым жүрөк түбүнө.

Ай-жылдыздай сулуу кылган түн ичин,
Сен да жарык кылдың менин дүйнөмдү
Сенин барың кандай бакыт мен үчүн!

Ноябрь. 2007-ж.

 

А БИРОК...

Берээрмин балким баалуу буюмумду
Сураса бөлүшөөрмүн тыйынымды.
А бирок жоготпосомэкен деймин
Көөдөндө тирүү турган туюмумду.

Жаштыкты жардан ары кулаттымбы?
Өзүмдү дайым өзүм жубаттымбы?
Колумдан кулапжылдар бошко кеткен
Короткум келбейт азыр убактымды.

Үйрөндүм барды-жокту эптегенге
Өкүнбөйм өмүрүмдө жетпегенге.
А бирок качан болсо каршы турам
Көңүлдүн эңсөөлөрүн чектегенге.

Өзүмдү издеп жүрүп арыдымбы,
Келатып кең жолдордо тарыдымбы?
Жаман көз менен карап келаткандар
Өчүрө алышпадыжарыгымды.

2012-жыл. 26-октябрь

 

***

Бул жашоону жылуу-жумшак үй дегем,
Ырдаарэлем эргиген бир үн менен.
Жылуу үйдүн капшытынан кар уруп
Бороон мени сестентээрин билбегем.

Күндөр өтүп кызыл-тазыл ар кандай,
Сезилчү эле турмуш мага майрамдай.
Катаал жүзүн катып жаткан бул тагдыр
Жүгүн бүгүн жүрөккө артып салгандай.

Алым куруп, турам бутак карманып,
Агып мезгил, күндөр күнгө жалганып,
Мен да олуттуу карап калдым турмушка
Катаалдыкка белим бууп камданып.

2012-жыл. 26-январь.

 

ОЙЛОРУМ

Түркүн-түстүү ойлорум оңду-солду,
Силер менен арыттым далай жолду.
Кээде таңкы торгойдой сергек кылсаң
Кээде тордой чырмадың тула бойду.

Бүгүн эми чогултуп баарыңарды,
Салып чыгам ирээтке сабыңарды.
Иргеп, талдап жаманын отко ыргытып,
Алып калам жаркын түс агыңарды.

Жакшы ойлорду жаныма канат кылам
Жаным жыргап ыр кылам, санат кылам.
Көчөттөрүн бапестеп жакшы ойлордун
Көкөлөтүп өстүрүп дарак кылам.

 

ЧЫТ КӨЙНӨК

Келди баарын келди бүгүн эстегим,
Кайран ошол тал чыбыктай кездерим.
Чыт көйнөгүм таап алып качанкы
Чырпыктай жаш күндөрүмдү эстедим.

Ооба эсимде,кийгем бала күнүмдө
Калган экен сандыгымдын түбүндө.
Кыялдарымдале тирүү жүрүптүр
Кызыл-сары көйнөгүмдүн гүлүндө.

Жаш үмүтүм толкун болуп түрүлгөн,
Жайкы асманда булуттарга үңүлгөм.
Кырга чыгып күн желесин кубалап
Көйнөгүмдү желбиретип жүгүргөм.

Күндүн, чөптүн сиңип калган жыттарын
Көйнөгүмдөн сезип, туюп, жыттадым.
Теңебедим чыт көйнөккө өмүрдө
Кийип жырткан көйнөктөрдүн бүт баарын.

2013-ж. Февраль.

 

© Ажыканова Элмира, 2013

 


Количество просмотров: 1741