Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Ажыканова Элмира, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдаланууга жана нускасын чыгарууга уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 17-январы

Элмира АЖЫКАНОВА

Ай-талаадагы аял

Аялдын татаал да, жөнөкөй да жан дүйнөсү чагылдырылат.

 

Түнкү саат он бирден өтүп калганда театрдын алдынан таксиге олтурган Зейнеп шаардын чыгыш тарабындагы үйүн көздөй зымырап келатты. Ээндей түшкөн түнкүжолдо такси буйдалбастан алып учат. Зейнептип бир колунда кучак толо гүлү, экинчи колунда кабына салынган скрипкасы бар. Эң аяр, кымбат буюму ушул. Урунуп калбасын деп дайыма этият алып жүрөт. Өзүнүн тагдырын ушул аспапка билинбей жүрүп байлап алганын өзү да али сезе элек.

Зейнептин көңүлү жаандан кийинки шаңкайып ачылган асмандай тазарып, жүрөгүнө кубанычы батпай, өзүнчө эргип келатты. Анткени ал бүгүн театрдын чоң залында өкмөттүк концертте биринчи жолу “Огинскийдин полонезин” ойноду. Адатта мындай мамлекеттик деңгээлдеги концертке мыктынын мыктылары гана тандалат. Чоң сахнада “Полонезди” ойноо Зейнептин эс тарткандан берки эңсөөсү болчу. Ал бүгүнкү бактылуу күнгө көп жылдар бою даярданган. “Полонездин” сыбызгыган кусалуу кайрыктары басса-турса кыялында жашап, кулагына угулуп тураар эле. Ал азыр таксиде келатып жанагы көрүүчүлөрдүн музыкага муюган ойлуу жүздөрүн, бир далайга басылбай дүркүрөтө чабылган колдорду, балкон тараптан “браво” деп кыйкырган үндөрдү, өзүн көздөй гүл көтөрүп келаткан адамдарды көз алдына келтирип, көңүлү балкыды. Концертке чейин жүрөксүп, оюн бир жерге топтой албай, кандай ойноор экемдеп кабатырланып жатса, сахнага чыга келгенде кыжалат сезимдер кайдадыр жоголуп, өзүн эркин кармап, чыгарманы кынтыгы жок эргип ойноп салбадыбы! Ошонусуна азыр өзү ыраазы болуп, жерге сууга батпай келатты. Зымыраган такси анын кубанычка балкыган жан дүйнөсүного бетер асманга көтөрүп учуруп бараткандай.

Аңгыча үйүнө жете келди. Дарбазасынын так түбүнөн таксиден түшүп калды.Үйүнүн жарыгы өчүптүр. Күйөөсү менен кичинекей кызы уктап калышса керек. Акырын басып келип, сырткыэшикти тартса ачык экен. Ичкери кирип, босогонун жарыгын күйгүзүп, колундагы гүлдөрүн сууга салды. Төркү бөлмөгө баш багып, ачынып калган кызынын үстүн аярлай жапты, коңурук тарткан күйөөсү анын келгенин таптакыр сезгени жок. Зейнеп шашпай үстүндөгү кийимдерин алмаштырды да, ашканага кирип суу ичти. Уйкусу да келген жок. Чарчаганын да сезген жок. Тескерисинче чайыттай ачык көңүлүн жымжырт түндө кайда алып бараарын билбей, кубанычын терисине батыра албай сыртка чыккысы келди. Ак жайдын түнүндөгү толгон Айтак төбөдө үзүк-үзүк булуттарды аралап каалгып баратыптыр. Сүттөй жарык түндө эшик алдындагы олтугучта Зейнеп түнкү асмандыкуштарлана тиктеп олтурду. Жакшылап байкаса Ай эмес булуттар жылып баратыптыр. Ооба, кантип эле Ай ушунчалык ылдам жылсын? Булуттар желге айдалып баратпайбы. Эгер азыр көктө токумдай булут болбогондо Ай бир ордунда эле турмак. Билинээр-билинбес жумшак желаргы Зейнептин көңүлүн ого бетер көкөлөтүп, ырдагысын келтирди. Кандайдыр бир сызылган назик обонду акырын созуп олтурду. Анын көңүлүнө түшкөн кандай гана кайрык болбосун скрипканын үнү менен угулат. Бүгүнкү ийгилигин ал кимдир бирөө менен бөлүшсө болмок эле. Музыка менен эч кандай жумушу жок күйөөсү үйдө уктап жатат. Ага айтып берсең деле болуптур деп кол шилтеп коёт. Анан кимге айтышы керек? Күйөөсүнүн бар кызыкчылыгы – ышкырык кыйкырыкка толгонспорт залдарда жаш балдарды машыктырмай. Аларды мелдештерге даярдап, дайыма ошолордун түйшүгү менен жүрөт. Зейнеп башта күйөөсүнө музыка жөнүндө айтып, скрипка кандай аспап экенин түшүндүргүсү келчү. Аны бир аз угуп олтурган соң тажап кеткен Досумбек:

— Болуптур эми, скрипкаңды өзүң черте берчи, — деп кол шилтеп коёр эле. Анда Зейнеп.

— Скрипканы чертпейт, ойнойт. Комузду, домбраны, мандолинди чертет, — деп дагы түшүндүрчү. Айтоор Зейнеп канча аракет кылса деле Досумбек музыкага кымындай да кызыгып койгону жок. Ага азыр “Полонезди” кандай ойногонун айтып берсе да, ал тургай ойноп берсе да, баары бир болмок.

Мындан он жыл мурда Досумбек аны айылына ала качып кеткенде Зейнеп музыкалык окуу жайды жаңы гана аяктаган. Анын тубаса таланттуу кыз экенин баамдаган устаттары чет өлкөдөн окуусун улантууга жолдомо да алып беришкен. Тилекке каршы тагдыры башка нукка бурулуп, мурда-кийин тааныбаган Досумбекке жар болду да калды. Досумбек да анда окуусун жаңыдан аяктап спорт мектебинде иштей баштаган.

Андан бери он жылдай мезгил өттү. Кызы Асель быйыл биринчи класска барат. Сыртынан караган кишиге Зейнеп менен Досумбектөп келишкен жубайлардай эле көрүнөт. А ички дүйнөлөрү эки башка. Зейнептин жан дүйнөсү өзү сүйгөн скрипканын дабышындай сыбызгыган назик, кыялкеч. Ага дайыма суулардын акканынан, жамгырдын шыбырттаганынан, шамалдын дуулдаганынан музыканын кайрыктары угулуп турат. Ошол кайрыктардын ыргагы менен жашаганды жакшы көрөт. Өзү баардык ишке чыгармачыл мамиле жасайт. Өз кыялдары менен алек болгонду, чубалган ойлорун бир четинен иреттегенди жакшы көрөт. Андайда бирөөлөрдүн жолтоо болгонун каалабайт. Ошон үчүн көпчүлүккө анчейин аралаша бербей, өзүнчө жалгыздап жүргөндү жактырат. Жалгыз жүргөндө жакшы ойлор келет. Анан да табиятты жанындай сүйөт. Батып бараткан күндү, кыйгачтап жааган жамгырды, гүлдөргө токтогон мончок шүүдүрүмдөрдү караганды жакшы көрөт. Бирок тилекке каршы дайыма эле кыял менен жашоо мүмкүн эмес экен. Ошон үчүн анын көкүрөгүндө кийинки кездерде ойлордун кагылышы көбөйдү.

Ал эми Досумбектин дүйнөсү башкачараак. Аны күндүн чыкканы менен батканы кызыктырбайт. Бүгүн кайда болгону, эртең эмне кылаары тууралу Зейнепке эч бир кеп кылбайт. Үйгө кеч кайтса да эмнеге кечиккенин айтпайт. Ошонун баарын аялына күндө эле майдаланып айтып олтурмак беле? Зейнеп деле буга көнгөн. Качан гана эки-үч күнгө же андан көбүрөөккө балдарды алыска мелдешке алып бара турган болгондо-ошону гана айтып кетет. Анан экөөнүн ортосунда тиричиликтин тегерегинде гана сөздөр болот. Ошон үчүн Зейнеп бүгүнкүдөй кубанычтарын күйөөсү менен бөлүшө албайт. Канча ирет салтанаттуу концерттерден чоң эргүү менен кайтып, үйүнө жеткенде анын баарысы өчкөн оттой басаңдап калучу. Мына азыр да Айды карап жалгыз олтурбайбы. Ушундай чоң кубанычтан кийин да жалгыз олтурабы киши. Болбосо бүгүн комузчу Эсенованын, балерина Ританын күйөөлөрү гүл көтөрүп келишпедиби. Досумбек деле ошентип тосуп барса аялынын төбөсү көккө жетип, коллективдеги кыз-келиндерге тымызын сыймыктанып калбайт беле. Зейнеп бир чети ошон үчүн концерттен кийинки чайга калгысы келбей кете берди.

Дал ушу маалда ырчы-бийчилер, бүгүнкү концертке тиешеси бар адамдардын баарысы театрдын фоесиндеги майрамдык чайдын үстүндө дуулдап жатышкан. Булардын ичинде бүгүнкү сахнанын декорациясынын автору белгилүү сүрөтчү Сабирдин да бар. Ал жигиттик кааданы сактап жанындагы кыз-келиндерге суусундук куя коюп, концерт жөнүндөгү кептерге аралашып жатканы менен тегерегине кыйыр көз таштап кимдир бирөөнү издегенсийт. Ооба, жанагы скрипкачы кыз көрүнбөйт. Ошонун караанын алдыртан издеп жатты. Кетип калганбы? Чындыгында концерттин маңызын чыгарган ошонун номуру болбодубу. Анын ойногон “Полонези” азыр да кулагына жаңырыктап жатты. Жепжеңил басык менен ак куудай моюнун койкойтуп сахнанын так ортосунакелип, көрүүчүлөргө таазим кылып анан скрипкасын аярлык менен акырегине сүйөй кармап, оң колундагы жаасын кылдарга тийгизип, чыгарманы ойной баштаганда эле угармандар дем тартпай калышты. Сабирдин бул скрипкачыны телевизордон кээде көрүп калчу. Гезит беттенинен да көзү чалган. Бирок бүгүн биринчи жолу анын ойногонун театрдан, болгондо да жапжакын экинчи катардан көрүп олтурат. Ал ойной баштаганда залдын ичи акырындап караңгылап, сахнанын так ортосуна гана берилген тегерек жарык скрипкачыны өз алкагына алды. Бүт дүйнө жымжырттыкка чөгүп, бир гана ушул көгүлтүр көйнөкчөн периштенин скрипкасы ааламды муютуп барат. Сабирдинди “Полонездин” сыйкырдуу кайрыктары арбап, көз алдындагы көгүлтүр көйнөк периште аны эс-учунан тандырып бараткансып магдырап олтурду. Бул эмне деген керемет музыка! Жаа тарткан колдорунун ийкемдүүсүн кара. Скрипкачы өзү ойноп жаткан музыкага өзү эргип, каалгып, азыр ушу турпаты менен өйдө карай жепжеңил көтөрүлүп жөнөчүдөй сезилди. Аны менен кошо бүтүндөй зал “Полонездин” ыргагына тегерене каалгып бараткандай. Капырай, ушундай да сыйкырлуу музыка болорбу?! Сабирдин “Полонезди”мурда деле угуп жүрчү. Бирок азыр жүрөктүн тамырларын толгоп, жүлүнүңө чейин агып кирген керемет музыка көзүнө жаш тегеретти. Бүтпөсө экен, дагы ойноло берсе экен, ушул жан жыргаткан мүнөттөр дагы созула түшсө экен деп ойлоду.

Чыгарма ойнолуп бүттү. Зейнеп скрипкасын ылдый түшүрүп, залга таазим кылды. Ошондо гана эсине келгендей көрүүчүлөркол чаап башташты. Сыягы элдин баарысы Сабирдин сыяктуу магдырап кетишсе керек. Мына, музыка деп ушуну айт. Дүркүрүгөн кол чабуулардын алдында Зейнеп көпөлөктөй жепжеңил басыгы менен сахнадан узап кетти. Сабирдинге күтүүсүз бир ой келди. Дал ушул көрүнүштү тартуу керек. Бир саамга көзүн жумуп, элестетип алды. Көгүлтүр көйнөк периште скрипка ойноп жатат. Сүрөттөн музыка угулуп тургандай болушу керек. “Скрипкачы кыз” деп атаса да болот. Эми анын ою концертке бурулбай эле, күтүүсүз таап алган идеясында болуп жатты. Ал тургай ушул табылгасына ичинен кубанып олтурду. Мына ушуну жасаш керек! Болгондо да баардык күчүн жумшап, көргөн адам таң калгандай, кубангандаймыкты тартышы керек. Сабирдин ушул элести бекем кармап калыш үчүн улам көзүн жумуп эсине сактап жатты.

Концерттен кийинки чай үстүндө скрипкачыны көз кыйыгы менен издеп таппай койду. Кетип калса керек. Мейли, кетсе деле баары бир тартам. Анан дагы бир ой келди. Балким скрипкачынын өзүн конкреттүү портрет кылаар. Ушул мыкты болуп жүрбөсүн. Ал үчүн өзүнө жолугуп, макулдугун алуу керек. Сабирдин да концерттен кийин ушундай жакшы ойлор менен кетти үйүнө. Эми бул жаңы идеясыжанына тынчтык бербейт.

Бир күнү репетиция учурунда Зейнепти телефонго чакырып калышты. Барса бир чоочун үн өзүн сүрөтчүмүн деп тааныштырып, анын сахнадагы элесин тартууга уруксаат сурады. Зейнеп адегенде мукактанып, анан макул эместигин билдирди. Сүрөтчү баары бир аныгезит-журналдардагы сүрөттөрүнөн карап болсо да тартаарын айтты. Ошентип сөз бүттү.

Арадан убакыт өтүп, кайрадан жаз келген маалда 8-марттын алдында сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү болду. Сабирдин “Скрипкачы Зейнеп Бакирова” деген эмгеги менен катышты. Искусствонун күчүндөй күч барбы? Бир карасаң бир тутам гүл, бир карасаң жазыксыз бир периште. Бир карасаң бүт турпатынан музыка куюлуп турган керемет. Мындай оригиналдуу сүрөттүн алдында көрүүчүлөр көпкө токтолуп карап жатышты. Атаңдын көрү-ү, сулуулук деп ушуну айт. Карап эле тургуң келет.

Муну Зейнепке айтып келишти. “Ак куудай болуп көргөзмөдө турасың” дешти. Зейнеп картинаны өз көзү менен көргүсү келди, музейге барды. Сүрөтү өзүнөн да сымбаттуу, сулуу тартылгандай көрүндү. “Полонезди” ойноп жаткан учуру экенин дароо түшүндү. Ошондогу көйнөгү, ошондогу чачынын жасалгасы, ары жагында ошол күнкү декорация.

Аңгыча сүрөттүн автору да келип калды. Зейнеп аны мурда таанычу эмес. Ошол жерден таанышты.

— Өзүңүзгө жактыбы, чынын айтыңызчы? – деди Сабирдин.

— Жакты. Бирок ашыкча эле сулуу кылып жиберипсиз го, — деди Зейнеп уялыңкы.

— А сиз керек болсо мындан да сулуусуз!

— Коюңузчу...

Зейнеп чынында сүрөтчүгө ыраазы болуп турду. Ушул сезимин дагы эмне деп билдирээрине сөз таппай улам сүрөттү карай берди. Анан сүрөтчүгө ырахмат айтып, коштошуп кетмекчи болду.

Сабирдин Зейнепти тышка узатып чыкты. Аялдамага чейин чогуу басып келишти. Жолдо “Полонез” тууралуу сүйлөшүштү.

— Мен сиздин ойногонуңузду кайрадан бир уккум келет, — деди Сабирдин.

— Жакында дагы бир чоң концертке даярданып жатабыз. Ошондо “Полонезди” ойноймун. Келип угуңуз.

— Сөзсүз барам, — деди сүрөтчү чын ниеттен.

Сабирдиндин бул чыгармасы көргөзмөдө жакшы бааларга арзыды. Ал тургай музейге сатып алышты. Эми Зейнептин сүрөтү мындан ары мамлекеттик музейде мыкты чыгармалардын катарына коюлат.

Ошентип Зейнеп менен Сабирдиндин ортосундагы сый-урматтуу мамиле аларды жүрө-жүрө жакындатып олтуруп, бирин бири дайыма ойлой турган болуп калышты. Бир ирет Зейнеп Сабирдиндин өнөрканасына барып көрдү. Боёк, жыгач жыттанган бөлмөдөгү кыл калемдердин, аспаптардын түрлөрүн көрүп таң калды. Буга чейин сүрөтчүлөрдүн иштөөчү жайы ушундай болоорун ойлобоптур. Көрсө сүрөт деле көп түйшүк менен жаралат тура. Өзүнүн сүрөтүнүн он чакты эскизин көрүп, аны төрт ай бою тартканын угуп таң калды. Скрипкада жаңы чыгарманы үйрөнүү кандай түйшүктүү болсо сүрөт дал ошондой эле кыйын иш тура. Сабирдин Зейнеп ойлогондон да чоң сүрөтчү экен. Эл аралык конкурстарда алдыңкы орундарды алган дипломдорун, грамоталарын дубал боорунан көрдү. Зейнепке анын жараткан пейзаждары өзгөчө жакты. “Токойдогу күз”, “Айлуу түн” деген сүрөттөрдү көз албай эле карап тургуң келет экен.

Зейнеп Сабирдиндиар убак ойлочу болду. Анын токтоо, калбаат мүнөзүн, адамкерчилигин, кең пейилдигин анан чын дилден жасаган мамилесин жакшы көрүп, өзүнө жакын санап калды. Бир-эки күн кабарлашпай калсаага телефон чалууну ойлойт да кайра ургаачылык намысы жол бербей унчукпай калат. Акыры ал өзү чалаарын да билет. Эгер ушуну Досумбек билип калсачы деп ойлогондо жүрөгүн кыжаалат басат. Эки анжы ойлордун ортосунда чайналат. Ал билчү болсо асман жерди заматта астын-үстү кылаарын Зейнеп түшүнөт. Досумбектин кызганчаак, мындайга келгенде кызуу кандуу экенин жакшы билет. Ошон үчүн Зейнеп үйгө келгенде чийки май жегенсип, көңүлү түпөйүлдөнөберет.

Бирок ойлоп көрсө күйөөсү ага бир жолу да жылуу сөз айтпаптыр. Ал тургай жаңы үйлөнгөн кезде да сүйөм деген эмес. Сен башкалардан жакшысың, ошон үчүн ала качып алгам деп койсо болбойт беле жок дегенде. Анткен да эмес. Досумбек аялга андай жакшы сөз айтышты намыс көрөт. Аялдын алдында кичирейип калгандай сезет өзүн. Сүйүү бул спорт эмес экенин билбейт да. Эгерде эле скрипканы мыкты ойногону үчүнаны бир сүрөтчү сүйүп калыптыр дечү болсоадегенде скрипкасын ташка чаап таштамак. Анан четинен баарысын талкаламак.

Ушуларды ойлогондо Зейнеп коркуп кетет. Кайдан гана сүрөтүмдү көрөм деп музейге бардым эле? Балким ага жолукпай калсам мындай сезимдерден алыс жүрөт белем деп да ойлойт. Эмнеси болсо да Зейнептин тынч дүйнөсүнө бүлүк түштү. Басса-турса оюнда Сабирдин гана жашап калды. Аны ойлобой тура албайт. Бул эмнеси? Чын эле сүйүп калды окшойт. Жашы отузга келгенде да сүйсө болобу? Эми эмне кылат? Ойлоп көрсө мурда мындай сезимге кабылбаптыр. Анан калса Сабирдиндей жакшы адамды жолуктурган эмес. Ошол жаздан бери өмүргө кайра жаралгансып, турмушка кызыкчылыгы артып, ар нерсеге чын пейилден мамиле жасап калды. Ал тургай күйөөсүнүн кайсыл бир орой мамилелерине да таарынбай, кайра кечиримдүү, кең пейил болуп кетти.Скрипка боюнча чеберчилигин дагы өстүрүүнү ойлоп, кошумча сабактарга бара баштады. Ал сабактар Зейнептин дагы да көзүн ачты. Тээтигил орто кылымдарда Италияда пайда болгон ушул төрт кылдуу татаал аспап бүгүн ааламдагы адамдардын жан дүйнө көйгөйүн таптак айтып бере алат. Болгондо да тил билбеген адамдарга ички сырыңды ушул скрипка аркылуу жеткирсең болот. Бирок тилекке каршы баардык эле адамдар музыканы түшүнө беришпейт экен. Андай чөйрөдө скрипкаңды ойнобой жүр деп устаты айткан эле.Эсинде, бир жолу шаардагы атактуу ресторандардын бирине өлкөгө белгилүү чиновниктин тоюна барышкан. Конок катары эмес, коноктордун көңүлүн ачуугабийчилер, ырчылар менен барган. Албетте, бул театрдын директорунун буйругу болчу. Зейнеп укканда эле негедир көңүлү тарткан эмес. Бирок жетекчи буйруп жаткандан кийин айла жок эле. Азыр да эстегенде иренжип кетет. Чоң жуурулган камырдай болгон беттери майланышып, богоктору салаңдап, шымынын курлары челектей курсактарынын алдында көрүнбөй калган чоңдор дасторкон бойлото чалкалай олтурушат. Арасында аялдар да бар. Кашы-көзүн ашкере боёнгон, чачтары үрпөйгөн аялдар тим эле сулуусунуп жер баспай манчыркашат. Алар азыр Зейнеп ойной турган “Испан симфониясын” угуп түшүнөөрүн кудай билет. Ошондой эле болду. Той ортолоп калган маалда Зейнепке кезек келди. Ал ойноп жатып баарын туюп турду. Той башында зыңгырап, каада күтүп олтурган аял-эркектер эми дасторкондо дуулдашып, орто кызып алышкан. Скрипканын ойнолгонуна көңүл деле бурушкан жок. Зейнеп муну сезип турса да чыгарманы эреже боюнча аягына чейин ойноду. Олтургандар көңүл улап кол чапкан болушту. Зейнеп артка бурула берээрде элдин арасынан бир киши аны көздөй коё тур дегендей ишаарат кылып келатканын көрдү. Залдагылар кайрадан кол чаап башташты. Зейнеп тиги кишинин эмнеге келатканына түшүнбөдү. Колунда гүлү деле жок. Жанына келип бирдеме дегендей болду эле арак бур дей түштү. Колундагы жашыл кагаз акчасын өйдө көтөрүп, булгалап элге көргөздү да, Зейнептин ак шуру тагынган апакай көкүрөгүнө көзү кадалып, төшүнө колун кошо салып ийип акчаны тыгып койду. Олтургандар кубаттап кол чаап калышты. Зейнеп коюнуна муздак бака кирип кеткендей иренжий түштү. Алиги киши өзүнө өзү курсант боло, кайра ордун көздөй мартабалуу басып баратты. Зейнеп ошол эле жерден коюнундагы акчаны алды да, официант жигитти чакырып, тиги кишинин өзүнө кайра берип коюусун өтүндү. Дасторкондо олтурган баягы сулуусунган аялдар Зейнептин бул кылганын жактырышпай, бирин бири алдыртан карашып мурдун чүйрүштү.

Зейнеп скрипкасын кабына салып, ийинине артынган боюнча арак, тер, тамак жыттанган ресторандан чыгып кетти. Таза абага чыкканда үстүндөгү оор жүктү алып салгансып жеңилдей түштү. Ушундай май курсак мансапкорлордун алдында скрипка ойногону үчүн өзүн айыптап келатты. Кошоматка кой сойгон директоруна да жини келди.

Ошондон кийин тойлорго чакырышса бир шылтоолорду айтып барбай коёт. Андан көрө айталаадажапжалгыз каалаганын ойносо жакшы эмеспи.

Сабирдин да көптөн бери ичинде бышырып, даярдап жүргөн картиналарын баштоого бел байлады. Анын адаты — ар кандай чыгарманы баштаарда жүрөксүп, батына албай түйшөлө берет. Ага баштоо кыйын. Эгер ал иш көкүрөктө даяр болсо бат эле бүтөт. Өзү ойлогондон да жакшы бүтүшү мүмкүн. Мындай учурда эч нерсеге алаксыбай, эч ким менен сүйлөшпөй, балапан баскан куш сыңары күндөп-түндөп өнөрканасынан чыкпай түйшөлүп, сакал-мурутун алганга да чамасы келбей калат. Зейнептин сүрөтүн да ушинтип куштарланып, чоң эргүү менен тарткан. Ошондон бери көкүрөктөгү жылуу сезим табынан кайтпай Зейнепке болгон ашыктыгы жан дүйнөсүн дүңгүрөтүп келет. Жашы кыркка барып калганына карабай боз уландарча басса-турса көз алдында Зейнеп. Анын кыяктай назик мүнөзү, ички адебин көрсөтүп турган ыйбаалуу көздөрү, аялдык жан дүйнөсүнүн тазалыгы Сабирдинди жипсиз байлады. Бой тартып келаткан уулу менен кызы, көр оокатка муюбаган көтөрүмдүү, түйшүкчүл аялы бар экенине карабай, минтип башка бир жаш, болгондо да күйөөсү бар келинди сүйүп олтурушу эмне өзү? Ушу да адамдыкка жатабы дейин десе Зейнепти кантип сүйбөй коюуга болот? Дегеле бирөөнү бирөө жакшы көрүүгө эмне үчүн болбосун? Мейли, жек көрүүгө, душмандашууга тыюу салынсын. А сүйүүгө бөгөт койгон туурабы? Адамдар бирин бири жакшы көрүп эле турса гана? Ушул жашка келгиче сүйүү жөнүндө анчейин деле ойлонбогон экен көрсө.

Зейнепке болгон сүйүүсүнүн демиби айтор ошондон бери Сабирдин чыгармачылыкка ышкыланып, оюнда багып жүргөн идеяларын эскиз кылып кагазга түшүрүп, айрымдарынын үстүнө түшүп иштөөдө.

Ал Зейнепти спортсмен күйөөсүнө ыраа көрбөйт. Аны тааныбаса да оюнда Зейнепке ылайыксыз көрөт. Ачык айтылбаса да Зейнептин көңүл тереңинде кандайдыр өксүү, кусалык бар экенин ал туюк сезет. Балким бирөөлөрдөн көңүлү катуу калгандыр. Балким спортсмен күйөөсү анын аялдык жан дүйнөсүн толуктай албас. Ким билет? Аялдын алтымыш тамырлуу купуя дүйнөсүн биле коюш оңой бекен? Аял деген ошон үчүн эркекке кумарлуу табышмак болуп келаткандыр.

Кандай болсо да Сабирдин Зейнептин көңүлүнө кам көрүп, оюндагысын таап кубанткысы келет.

Зейнепке да ушул күндөрдө көп иштөөгө туура келди. Анткени жакында Астана шаарында кыргыз өнөрпоздорунун чоң майрамы болот. Ага баардык коллективдер катуу даярданып жатышат. Бийчилер, комузчулар, ырчылар, театр актерлору – ай-тоор казактын борборунда кыргыздын өнөр дүйнөсүн мыктылап көрсөтүү керек. Зейнеп ал жерде эки чыгарма ойнойт. Бири – Атайдын “Эсимдеси”, экинчиси – кыргыздын мыкты обондорунан курама.Буларды скрипканын тили менен берүү керек. Зейнептин ойноп эле жүргөн чыгармалары. Бирок бул жолу айрым жерлеринде фортопиано коштойт. Башкы режиссер ушундай чечти. Ошон үчүн дагы көбүрөөк даярдык керек.

Бул жаңылыкты Досумбек анчейин жактырган жок.

— Сен сөзсүз барышың керек бекен? – деди Зейнепке.

— Албетте. Классикалык аспаптан мен эле болсом, анан барбайм десем театрдан чыгарып салышпайбы?

— Чыгарып салса эмне экен? Оокатың өтпөй калабы? Ансыз деле болбогон айлык менен эртеден кечке жүрөсүң.

— Кеп акчада эмес да, Досумбек.

Зейнеп таарынычтуу үнү менен акырын айтты.

— Анан эмнеде?

— Мен ойношум керек. Ошон үчүн он үч жыл окубадымбы.

Зейнеп дагы бир нерселерди айтайын деп кайра унчукпай калды.

— Он үч жыл окусаң ойной бер анда, каалаган жагыңа бар, — Досумбек аарчынып жаткан сүлгүсүн диванга ыргытып ийди да сыртка чыгып кетти. Зейнеп колундагы кабатталган чыныларын кармаган боюнча шалдайып туруп калды. Мындай талаш— тартыштар экөөнүн ортосунда биринчи жолу болуп жатканы жок. Ар качан сыртка концерттерге чыгаарда ушундай кер-мур айтышмай.

Ойлоп көрсө күйөөсү бир жолу да Зейнеп катышкан концертке барып көрбөптүр. Башта чакырса театрга барганды жек көрөм, андай жерге обу жоктор барат деген эле. Бул анын чыныгы ою болчу. Зейнептин аткарганын телевизордон көрсөтүп калганда да аягына чейин көрбөйт. “Болбойсуң го тим эле...” деп тамашалаган болуп коёт. Ушул сөзү да чынында Зейнепке оор тийет. Түшүнбөсө ошол да. Ар бир жолу Зейнептин көкүрөктөгү ышкысын ушинтип өчүрүп, көңүлүн суутуп турат. Чыгармачылыгын колдоп турган күйөөсү бар аялдар кандай бактылуу. Бий ансамблдеги жубайлар Тимур менен Заринаны, оркестрдеги Батма эже менен Кошой байкелерди ойлоп, Зейнеп аларга ичинен суктанып кетет.

Бирок Сабирдиндин бар экенин эстегенде күйөөсүнө болгон таарынычы унутулуп, баардык капачылыктар арзыбаган майда нерселердей сезилип калат. Аны менен жарым саат болсо да сүйлөшүп олтуруудан чоң канагат алат. Кенен ойлонгон, жан дүйнөсү бай эркектин аялга тирек болгону кандай жакшы. Тагдырдын ушунусуна да рахмат деп ойлойт Зейнеп.

Сабирдин көптөн бери берилип иштеп жүргөн бир чоң чыгармасын бүттү. Бирок бүттүм деп эсептегиси келбей күнүгө кайталап карайт. Балким дагы толуктоо керектир. Оюнда бүтөөрү менен Зейнепке көргөзмөк. Ага айткан. Чыгармада Зейнептин абстрактуу элеси бар. Мында көп ойлор камтылды. Ээн жаткан жайкы талаа. Талаа тээтигил алыскы тоолордун этегине барып бүтөт. Анда ийреңдеген бир таман жол жатат. Гүлдөп турган сары куурай, шыбак, шыралжын, майда-майда жапайы гүлдөр жорткон желге жапырылууда. А тиги бир таман жолдо жаш кайыңдай буралган жаш аял бир байлам жоолугун колуна кармап алып кайдадыр кетип барат. Көкүрөгүн ээндикке тосуп, чексиздиктин кучагына кулагысы келип, кайдадыр эргүү издеп бараткандай. Этек-жеңи, саамай чачтары талаанын желине дирилдейт. Үстүндө көпкөк асман, түргөк-түргөк ак булуттар. Мына, жаш аялдын жан турпаты табияттын ажайып көркү менен жуурулушуп, бүтүндөй бир шайкештикти көз алдыңа тартып турат. Карап эле тургуң келет.

Бул чыгармасын Сабирдин “Ай-талаадагы аял” деп атады. Билген кишиге мында Зейнептин образы жатат. Ошол максат менен тартылды. Адегенде үч вариантты ойлоп анан үчөөсүн бириктирди. Андагы алынган боёктор да кокустан эмес. Табият менен шайкеш келген аялдын ички дүйнөсүн ачып турат.

Сабирдин чыгарманы Зейнепке бүгүн биринчи ирет көргөзөт. Али эч ким көрө элек. Зейнеп келгиче сүрөттүн бетин ак жибек кездеме менен кооздоп жаап койду. Анан өнөрканасын бир аз иретке келтирди. Өзү да күзгүгө көз токтотуп каранып алды. Көңүлүндө Зейнеп сүрөттү кандай кабыл алаар экен деген ой турду. Кантсе да жүрөгүндө канагаттуу сезим бар эле. Аңгыча сырттагы тепкичтер менен тыкылдап чыгып келаткан үн угулду. Бул Зейнептин басыгы. Сабирдин утурлай чыгып эшигин ачты. Көнгөн адат боюнча

— Уруксатпы кирүүгө? – деди Зейнеп жылмайып. Жылмайган ага жакшы жарашат. Тиштери кашкайып, көздөрү жайнап кетет. Анын ушундай көздөрүн Сабирдин жакшы көрөт. Андайда өзүнүн да жүзүнөн кубаныч төгүлүп кетет.

Сырттагы кеч күздүн сыдырым жели Зейнептин бети-колун үшүтүп жибериптир. Сабирдин анын муздаган колдорун кармалап, үйлөп, өзүнүн жаагына басып жылытканга батынды. Анын сакалы өсө түшкөн жаагына колун басуу Зейнепке да жагымдуу болду.

— Скрипка ойногон колдорду үшүтпөө керек, — деди тамашалап. Анан алар сүрөттүн маңдайына келишти. Сабирдин жибек кездемени ачты. Зейнеп бет алдындагы картинаны бир саамга унчукпай, таң калып да, суктанып да тиктеп турду.

— Ушул менминби? – деди ишенбей.

— Сенсиң. Башка бирөө болушу мүмкүн эмес.

— А кайда баратам?

— Сен өзүң кайда барууну каалачу элең?

— Менби? Мен дал ушундай ээн талаада жалгыз кыялданып, өзүм менен өзүм болгум келчү.

— Андай болсо мына, дал өзү!

Экөө тең бир саамга сүрөткө тигилип турушту. Чынында эле андагы көрүнүш кадимкидей жандуу эле. Алиги жаш аял колдорун өйдө карай жайып, азыр эле сүрөттөн чыга келип бирдеме деп сүйлөп жиберчүдөй. Зейнеп ушундай керемет картинаны жараткан Сабирдиндин колдорун колуна алып өпкүсү келип кетти. Бирок антүүгө батына албайт эле. Эмне деп айтаарга сөз таппады.

— Куттуктайм. Кут болсун! – деди шыбырап.

Анан экөө сүрөттүн бет ачаарын ырымдап белгилеп коёлу деп шарап ачып ооз тийишти. Астанада өтө турган майрам жөнүндө сүйлөшүштү. Зейнеп ага эки чыгарманы даярдап жатканын айтты. Айтор сүйлөшө турган сөздөр көп болчу. Бирок буларда дайыма убакыт тар боло турган. Анткени Зейнеп үйүнө кечигип барбашы керек.

 

***

Зейнеп Астанадан көкүрөгү толо кубаныч менен кайтып келди. Дагы жаңы максат тилектердин үрөөнүн ала келди. Келсе кубанычтын үстүнө дагы бир кубаныч кошулуптур. Аны скрипка чеберчилигин өнүктүрүү боюнча Санкт-Петербургка бир жылга окууга жибергени жатышыптыр. Устаты ага Санкт-Петербургда скрипканын чоң мектеби бар экенин айтып жүрчү. Буга өзү да абдан кубанды. Бирок Досумбектин макул болбосун ойлоп шаабайы сууй түштү. Кечинде үйгө келгенде да бул жаңылыкты күйөөсүнө айтууга батынбады. Анын эмне дээрин алдын ала билет Зейнеп. Ошон үчүн өзүнүн шагы сынаарын ойлоп айтканга даабай турду. Эгер макул болсо бир аптадан кийин учуу керек экен.

Ошол маалда үйдөгү телефон шыңгырап, Досумбек кимдир бирөө менен сүйлөшүп калды.

— Ооба, Досумбек. А ким сурап жатат?

— Атымды айтпай эле коеюн, — деди телефондогу аялдын сылыксынган үнү. – Мен Зейнепти жакшы тааныйм. Ошол тармакта иштейм. Сиз бир нерсени билип коюшуңуз керек. Ал Сабирдин Актанов деген сүрөтчү менен сүйүшүп жүрөт.

— Сиз адегенде атыңызды айтыңызчы?

— Менин атымдын кереги эмне? Зейнептин сүрөтүн бакыйта тартып, музейге илип койгон. Ишенбей жатсаңыз барып көрүңүз.

— Качан? Кайсы сүрөтчү? – деп Досумбек ачуулана баштаганда аял телефонду шак койду. Зейнеп иштин жайын түшүндү. Өңү бозоруп, ачуусу көздөрүнө чыккан Досумбек ашканага кирип келди.

— Ал ким өзү?

— Актанов деген сүрөтчү, — деди Зейнеп күйөөсүнө. – Бирок сен жаман ойлобочу. Ал жөн гана...

— Сүрөтүңдү музейге илгени чынбы? – Досумбек ачуусун тыйып, токтоо сурады.

— Ооба, илген. Сүрөтчү деген кимди, эмнени тартышты өзү билет да.

— Ыя де? Өзү билет дечи?

Зейнеп унчукпай идиш-аяктарын жууй берди. Эми Досумбек менен түшүнүшүү мүмкүн эместигине көзү жетти. Жини кайнаган күйөөсү бурчтагы үстөлдү көмөлөтө тепти.

— Телефонун бер мага сүрөтчүңдүн. Азыр барып талкалайм! – деди ызырынып.

— Билбейм телефонун. Анын эч кандай күнөөсү жок.

— Күнөөсү жокту көрсөтөм силерге! Баары бир таап алам аны.

Эшиктерди буту менен тээп ачып, сыртка чыгып кетти. Көп өтпөй кайра кирди.

— Зейнеп, угуп кой. Мындан кийин үйдө олтурасың. Жумуш дегенди токтотосуң. Сыртка чыкчу болсоң скрипкаңды талкалап, көзүңдү оюп салам.

Зейнеп ачуулуу күйөөсүн бир тиктеди да үндөгөн жок.

Эртеси күйөөсү жумушка чыгып кеткенде жетекчисине чалып бир аз ооруп калганын айтып, анан алиги окууга жолдомо тууралуу сүйлөштү.

Үч күндөн кийин учуу керек экен. Зейнеп Досумбекке айтпай туруп даярдык көрө баштады. Ага айтуунун кереги эмне? Баары бир түшүнбөйт. Баары бир жибербейт. Андан көрө биротоло кол үзгүсү келди. Устаты камкор, мээрман жакшы аял. Зейнеп ага чынын айтты. Биротоло кетээрин айтты. Баласы менен кошо жөнөтүүгө ал жардам бермей болду. Устатынын баардык ой-тилеги эле Зейнепти дагы окутуу. Андан чоң скрипкачы чыгаарына беш колундай ишенет. Ошон үчүн жанталашып самолётко билетин алып, Зейнептин документтерин даярдап жатты.

Үч күндөн кийин Зейнеп кызын жетелеп, жүктөрүн алып таксиге олтурду да аэропортту көздөй жол тартты. Ал жерде аны узатуу үчүн устаты күтүп жаткан.

Зейнеп күйөөсүнө жазган кыскача катын үстөлдүн үстүнө көрүнөө калтырды. “Досумбек, мени издебе. Алыска кеттим. Кайрылып келбейм. Ачкычты кошунага калтырдым. Экөөбүз мындан ары бирге жашай албайбыз. Кош бол. Зейнеп”.

Зейнеп самолёттун тегерек алкактуу айнегинен сырттагы боз мунарыкка тигилип, жүрөгү ачышып, көздөрү каканактады. Кубанычы менен өкүнүчү аралашып, бир чети өзүнүн чечкиндүүлүк кылганын ойлоп, кайра сарсанаа болуп, Сабирдинге дайынын айтпай кетип баратканынаөзү кыжаалат болду.

Үч күндөн бери Сабирдин Зейнептин кол телефонуна чалып убара. “Өчүрүлгөн” деген гана жоопту угат. Ооруп калганбы же телефонун жоготконбу? Көргөн түшү кайра-кайра эсине келип, бир нерсе болгонун туюп жатты. Баягы өзү тарткан сүрөттөгү ээн талаада Зейнеп башын төмөн салып муңайып ыйлап турат. Ийинине артынган бир таңылчак жүгү бар. Аны улам оңдоп көтөрүнөт. Кимгедир катуу таарынгандай. Сабирдин алдынан утурлап чыкса көзүн ала качып, терс бурулуп карабайт. Жүрү кетели десе жок дегенсип башын чайкайт. Ары жакта дал ошол өзү тарткан жайкы талаа алыскы тоолордун этегинечейин созулуп жатат.

Ушул түш Сабирдиндин оюнан кетпей койду. Телефону такыр албагандан кийин бир нерсе болгонун купуя сезди. Түз эле театрга барып, арткы эшиктен кирди. Зеригип олтурган эшик тоскуч аял Зейнеп Бакиров анын алыс жакка бир жылга окууга кеткенин, өзү менен кошо кызын ала кеткенин, жол акысын, жашоошартын бүт бойдон ошол өлкө төлөп берээрин бежиреп айтып берди. Анан да чет өлкө жагып калса ошол жакта кала берет го дейм деп өзүнүн божомолун кошуп койду. Сабирдинди эмне дейсиң дегендей жообун күттү.

— Кайсы өлкөгө кеткенин биле албайсызбы?

— Уктум эле, эсимден чыгып жатпайбы, — деди аял чынын айтып.

Сабирдин рахмат айтып сыртка чыгып кетти. Шаарды аралап өнөрканасын көздөй жөө кетип баратты. Көкүрөгү аңылдап бош калгандай. Эми кайда барса баары бир болгондой бет алдын карай кете берди. Зейнептин айтпай кетип калганына жүрөгү түпөйүлдөнүп, анын да көкүрөгүтынч эместигин сезип, кабатырланып баратты. Кантип эле мага айтпай кетип калды? Же мага капа болдубу? Балким күйөөсү менен таарынышып кеткендир. Ошентсе да бир ооз айтат эле го... Жо-ок. Кайра өз ойлоруна каршы чыкты. Мен ага ким элем? Эмнем өтүп кетти эле? Кайда бараарын өзү чечет да, мага акылдашмак беле? Мен да кызыкмын...

Дал ушул маалда анын чөнтөк телефонуна билдирүү келип түштү. Ойлору чар учкандай чачылды. Токтой калып ачып окуй баштады. “Сабирдин, мен Санкт-Петербургдамын. Окууга келдим. Коштошууга шарт болгон жок. Баары шашылыш болду. Мен сени жакшы көрөм! Зейнеп”. Зейнептен келген ушул маалыматты кайра-кайра окуп, Сабирдин кубанаарын же кайгыраарын билбей тротуарда дал болуп турду. Жакшы көрөм деп жазганы аны эсмас кылды. Демек, жакшы көрөт турбайбы? “А мен сени сүйөм. Сага мен учуп жетем. Кайда болсоң да учуп жетем. Сенсиз мага мүмкүн эмес” деген ички ойлорун көчө жаңырта кыйкырып жибербей карманып турду.

2009-жыл. Октябрь.

 

© Ажыканова Элмира

 


Количество просмотров: 4153