Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Элмира Ажыканова, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 29-январы

Элмира АЖЫКАНОВА

Сулуу

(аңгеме)

Азыркы турмуштун образы.

 

Таң агара баштагандажумушунан чыккан кыздарды түнкү клубдун машинеси үйлөрүнө жеткирип келатты. Бул суйсалган сулуулардын кызматы ар күнү кеч киргенде башталып, таңга жуук бүтөт. Эки кыз өз үйлөрүнүн жанынан түшүп калгандан кийин машинеде Айгерим гана калды. Ал шаардын бир четинде батирде турат. Ушул атактууклубдаиштегенине жыл айланып барат. Кайдасың дегендергеашканада түнкү мөөнөттө иштейм дейт. Чындыгында андай эмес. Алчөнтөгү калыңдар гана келе турганшаардагы эң атактуутүнкү клубда кардарлардын көзүн кубантып, көңүлүн жубатуучу болуп иштейт. Ушундай да жумуш болот бекен дешээр? Көрсө болот экен.

Айгерим адегенде кайсы бир билим берүү мекемесинде менеджердин жардамчысы эле. Анда иштеп жүргөндө күйөөсү менен ажырашты. Болгону бир гана жыл жашады экөө. Айгеримди бир көрүп жактырып, алдына чөгөлөп, баскан изин өөп жүрүп үйлөнгөн күйөөсү ченде жок кызганчаак болуп чыкпадыбы. Кадам сайын обу жок кызгана бергенадатынан Айгеримдин көңүлүн кир чалып, капаска түшкөн куштай өзүнөн өзү чүнчүп кетти. Сулуу келинчекти кайсы күйөө кызганбасын анан. Бирок ар нерсенин чеги бар эмеспи.

Чындыгында Айгерим чеберлер колго жасагандай келишимдүү эле. Эркек тургай аялдар кыйгач карап, сук артып жүрүшпөйбү. Сулууга ич тардык кылып, көрө албаган аялдар көп болот өзү. Анын ажарлуу жүзүнө, жүзүмдөй мөлтүрөгөн көздөрүнө, жибектей төгүлгөн чачына бой-мүчөсү куп келишип, көргөн жандын көзүн кубантып, өзгөчө катын жандууларды суктантып да, ойго салып да койчу. Аялдын сулуугу түшүнгөн кишиге керемет да. Муну байкап жүргөнкүйөөсү Айгеримге саат сайын телефон чалып, бир аз кечиксе, жежооп болбой калса эле чуулган салып издеп, андайда түнү менен сурак жүргүзүп чыкчу. Кээ күндөрү айтпай-дебей жумушунун босогосунан күтүп турчу. Үйгө келгенде анын кол телефону текшерүүдөн өтчү. Бара-бара“иштебей эле үйдө олтур” дегенге өттү. Минтип олтурса Айгерим— динбүт өмүрү күйөөсүнүн сурагынын алдында өтөт окшобойбу. Күйөөнүн мындай мамилеси аялды “жеп” салат эмеспи. Айгерим акыры чыдабады. Ал сыртынан сымаптай мөлтүрөп, жазгы гүлдөй үлбүрөп турганы менен мүнөзүндө чечкиндүүлүк бар эле. Мындан ары ушинтип жашоого болбостугун түшүндү да аргасыз ажырашып тынды.

Ошондон көп өтпөй мекемеден чыгып келатсаалдын тосо баскан чоочун аял кайсы бир кирешелүү кызматтын дареги жазылганалакандай кагазды сунду.

— Маянасы абдан чоң. Ачык эле айтайын, сулуулар гана иштей турган кызмат. Жакшы иштесеңайлыгың миң доллардан өйдө болот. Барсаң өкүнбөйсүң. Калганын кожоюн өзү да түшүндүрүп берет.

— Кымбат төлөсө оор жумуш го дейм...

— Жо-ок, таптакыр оор эмес. Боенуп-жасанып, татына кийинип гана олтурасың, кыскасы анын баарын өздөрү жасап беришет. Кийген кийимиңда клубдун эсебинен болот.

— Ошондо мен эмне жумуш кылам? – таң кала сурады чыны менен түшүнбөгөн Айгерим.

— Биздики эс алуу борбору. Ичинде рестораны, мейманканасы, түнкү клубу, саунасы бар. Түнкү клубгакөбүнчө бай эркектеркелишет. Алар сендей сулууларды көрүп эс алып, дагы көбүрөөк олтурууга мажбур болушу керек. Көпкө олтурган кардарлар көбүрөөк заказ берет. Кыскасы, сулуулардын милдети – клубга көбүрөөк киреше түшүрүү, — деп түшүндүрдү аял. Анан дагы кошумчалады:

— Чоң кыз, бул кызмат сойкулардын ишине таптакыр окшошпойт.

Ушундай да жумуш болмок беле деп ойлонгон Айгерим кечинде кагаздагы дарек боюнча телефон чалды. Кожоюн эртеси күнгө аңгемелешүүгө чакырды. Айтылган саатта анын кабинетине баш бакты. Ушул чоң шаарда жашап туруп, мындай көз тайгылткан өтө адеми эс алуу жайын көргөн эмес экен. Көчөдөн өткөндө сыртынан көп имараттын бири сымал анчейин байкалбайт. Ичине киргенде Айгеримдин оозу ачылды. Чет өлкөгө түшүп калгандай болот экен киши.

Кожоюн Темир деген жигит ачык-айрым сүйлөгөн, ийкемдүү, көөдөнүндө абийири бар адам көрүндү. Жашы отуздан ооп, кыркка чамалап калгандай. Айгеримди жылуу кабыл алып, баштатан көрүп-билип жүргөн таанышындай шар сүйлөшүп, иштин жөн-жайын түшүндүрдү. Айгерим не болсо да иштеп көрүүнү чечти. Баарынан да аны кызыктырганы – маянасы болуп жатпайбы. Канчага чейин өкмөттүн чектелүү айлыгы менен битиреп жашайт эле? Ушуларды ойлогон Айгерим баштагы кызматынан арыз жазып чыгып, түнкү клубгаайтылган күнү ишке келди. Адегенде эле иштеп баштаган жок. Аны көп даярдыктан өткөрөт экен көрсө. Ириде кооз басканды, элпек олтуруп турганды үйрөтүштү. Өзүнө чактап кечеге кийчү көйнөктөрдү тиктирип, ага ылайык туфлилерди алып келишти. Анан боенуунун, чач жасоонун ыкмаларын үйрөтүштү. Кыскасы кардарларга эч кынтыксыз периште болуп көрүнүшү керек экен. Андан кийин аларга жылуу-жумшак, кылыктуу мамиле жасаганды үйрөтө башташты. Мындай нерселер көңүлүнө чоочун болуп турса да, иштинандан аркысы кызыктуу сезилди Айгеримге.

Ал жалгыз эмес экен. Үч кыздын үстүнө төртүнчү болуп кошулду. Тигилер өз кызматтарын кадимкидей аткаргантажрыйбалуу консуманткалар экен. Айгерим мындайкызматтагы кыздарды консумантка деп айтаарын биринчи жолу укту. Ошентип ал өмүрү оюна келбеген жумушту жасоого киришти.

Ак куудай койкое жасанган сулуу Айгерим кечки клубда бир үстөлдө суусундук уурттамыш болуп жалгыз олтурду. Жасалма олтурушу өзүнө жакпай коомайланды. Майрамдын алды болгондуктанбул жерде киши көп эле. Кубулжуган музыка ойнолуп, экиден-үчтөн келгендер, топтошуп олтургандар өздөрү менен өздөрү. Аңгыча каптал жагындагы үстөлдөн көз салып олтурган жигит басып келип.

— Сиздин жаныңызга олтура турсам болобу? – деди.

— Болот. Олтуруңуз.

— Бирөөнү күтүп жатасызбы?

— Ооба, курбу кызым келмек эле...

— Анда ал келгиче жалгызсырабайбиздин үстөлгө жүрүңүз?

Жигит колун көкүрөгүнө коюп, чын дилинен чакырды. Айгерим эми үч жигиттин ортосунда олтурду. Тигилер жоодураган сулууга батынып мамиле кыла алышпай, адегенде коомайланыпжатышты эле, аларды бара-бара Айгерим өзү сөзгө тарта баштады. Анын кызматтык милдети кардарлардан көбүрөөк пайда түшүрүү болгон— дуктанүстөлдөгү жок нерсени айтып заказ бердиргенди да унутпоо керек. Ал ортодо өзүн табышмактуу кармап, сөз арасында тигилерге да жүрөк жылытаарлык кеп таштап туруу керек. Айтоор эркектердин көңүлүнө көрүнбөгүн кайырмак таштоо зарыл. Ичине “ысытма” барып, телегейи тегиз тартып калганда эркектериңбаарына даяр болот эмеспи.

Ошентип алгачкы иш башталган күнү курбу кызы “келбей” калды. Ал кечти алиги үч жигит менен өткөрдү. Чын эле акчалуу, март жигиттер экен. Оо, түн жарымы оогонго чейин “кармады” аларды. Кандай эркек болбосун купулуна толгон кыз-келинменен байланыш түзгүсү келет эмеспи. Бирок консуманткалар иштин тартиби боюнча кардарларга өз аты-жөнүн, дарегин бурмалап айтат. Анткени эртеси кулагы тынч болушу керек. Алар менен чогуу чыгып кетүүгө да болбойт. Кели— шимдеги эреже ошондой. Таза иштөө керек.

Айгерим бул ишке акырындап көнүп, бара-бара тажрыйбалуу да боло баштады. Алган маянасына чөнтөгү кадимкидей калыңдана түштү. Ар күнү кардарлардын аягы суюлган кездекыздарды үйлөрүнө атайын машинежеткирет. Мына азыр да Айгерим батир үйүнүн жанына машинеден түшүп калды. Бир бөлмө үйүнө кирээри менен босогодошиш такалуу туфлисин чечип, тамандарын жерге койгондо жаны жыргапэс ала түштү. Белиндеги курун бошотуп, сөйкө-шакектерин чечип, башын— дагы чач бастыргычтарын сууруп алгандаандан бетер жыргай түштү. Анан бетиндеги боекторун тазалап жуунду. Халатын кийип диванга чалкалап жата кетти. Жумуштан келгенде шыр уктап кете албай аркы-беркини ойлоп ушинтип көпкө түйшөлүпжатат. Кардарларын эстейт. Түнкү клубга кандай гана адамдар келбейт. Кээ бирлери аялга сый-урматтуу мамиле жасаса, кай бирлери акчасынан башка көөдөнүндө кымындай данегижок торпок көздөр. Дүйнөдө алардан башка киши жоктой олтурушат. Арак ичкендери даэлден башкача. Кулкунга серпип коюшат. Ошону өнөр көрүшөт. Көпчүлүгүконсумантка кызды жеңил баалап, арам ой менен эркек катары бир жолу пайданып калсам деп көздөрү кызарат. Муну түшүнүп турса дагы сыр бербей, аялдык кааданы сактап ого бетер тигилердин бүйүрүн кызытышат. Милдет ошондой. Турмушундагы кайсы бир көйгөйдөн кыйналып жүргөнүн сыр кылып айткан эркектерге болсокөңүлүн жубаткан ылайыктуу сөзтаап, аларды да клубдаузагыраак “кармашат”. Эркегиң деле жакшы сөзгө муктаж да. Бир караганда бул жумуш оор деле эмес. Бирок Айгерим үчүн жан дүйнөсүнө ылайык келбегенайла жоктун иши. Чындап келсе кайсы аял эле көңүлүнө ынабаганэркек менен мамиле түзгүсү келсин. Баарынан оору – деңгээли төмөн, аялдын кадырын билбеген эркек сөрөйлөргө жылмайып жакшы сөз айтып турганың. Ошондойдо Айгеримди аялдык намысы кыйнап жиберет. Анан кожоюну Темирдин сөзүн эстейт. Ал да көптү көргөн кыраакы жигит окшобойбу.

— Кардарлардын мамилесин, сөздөрүн жүрөгүңөргө кабыл албай, кулактын сыртынан кетиргиле. Аларкелип-кетмелер, силер өзүңөрдү сакташынар керек. Антпесеңер иштей албайсыңар. Табият берген сулуулугуңардын ыраатын көрүшүңөр керек да. Мунун эч кандай уяты жок. Азыркы талап ушундай. Бул ишке баардык эле кыздар иштей алышпайт.

Кыздар унчукпаганы менен жетекчинин айткандарына макул.

Күнүгө майрамдагыдай боенуп-кийинүү, чачты ар күнү жасалгалоо – аялга туйшүктүү иш. Анткени өзүн эркин сезе албайт. Шиш така буттарын чарчатсада, үлбүрөк көйнөк үшүтсө да, жалтырата лакталган чачтары тартылып, ыңгайсыз болуп жатса дакуурчактын кебин кийгенсип, койкоюп наздуу олтурушу керек. “Сулуулук курмандыкты талап кылат” деген ушул да. Баарынан да кээ бирөөлөрдүн кемсинте мамиле кылгандары ирээнжитип, Айгеримдин эркек аттуудан көңүлү калып барат. Эң оор жумуш – жан дүйнөңө туура келбеген ишти жасоо эмеспи. Өз натурасын жоготкусу келбеген Айгериммаянасына деле кайыл болуп, бул жерден кетүү жөнүндө ойлоно баштады. Бир күнү арызын жазып кабалдамага таштап койду. Эртеси аны Темир өзүнө чакыртты. Айгеримдей кыздын кетиши ага оңой эмес. Кайра ошондой сулууну таап үйрөткөнчө канча убакыт керек? Анын үстүнө ал акыл-эстүү, ишенимдүү кыз экенин өзү алдыртан байкап жүрбөйбү. Биринчи келген күнү эле эстүүлүгү көздөрүнөн көрүнгөн. Чынын айтса ошондон бери Темир да ага сыртынан көз салып жүрөт. Анан кантип кетиргиси келет?!

— Айгерим, арызыңды алдым. Кол койгон жокмун. Эмнеге кеткени жатасың?

— Мм... кандай десем? Сиздерге дооматым жок. Бирок билесизби, кардарлардан тажадым. Мында келгендин баарысы элеженил ойлуу кыз деп бир беткей ойдо болушат экен. Бул жумушка көңүлүм тартпай калды. Качанга чейин эле...

Айгерим чынын айтты. Темир ойлоно түштү.

— Ооба, түшүнөм. Кыздарга бир чети оор. Анын үстүнө сенин мүнөзүңө туура келбеген жумуш экенин кийинчерээк мен да байкап жүрөм, — деди. — Анан кайда барып иштейин дейсиң?

— Билбейм азырынча...

— Билбесең мен сунуш кылайын, — деди Темир Айгеримди кетирбей калуунун амалын издеп. Бул сунушун арыз колуна тийгенден бери эле ойлонуп жаткан.

— Кандай сунуш айтасыз?

— Үй кызматчысы болуп иштейсиңби? Ал жерде оор жумуш жок. Маянасы мурдагыдай эле. Макул болсоң азыр эле алып барып көрсөтөм.

— Ойлонуп көрөйүнчү, — деди Айгерим күтүүсүз сунушка эмне дээрин билбей.

— Анын эмнесин ойлоносуң? “Ойчул ойлонгончо тобокелчил тоо ашыптыр” дейт.

Жүрү азыр эле көрсөтүп келейин.

Экөө түз эле сыртка чыгып, машинеге олтуруп жөнөп кетишти. Темирдин ушундай шар мүнөзү бар экен. Маселени турган жерден эле чечип баштайт. Жолдо Айгерим үн катпай, ичинен кыжаалат болуп баратты. Аңгыча көчөдөн көчөгө бурулуп, тез эле бир үйдүн дарбазасынын алдына келип токтошту.

— Мына ушул үй, — деп Темир дарбазаны ачып Айгеримди ичкери кийирди.

— А бул кимдин үйү?

— Меники. Мен жалгыз жашайм бул жерде.

Айгерим тык токтоду. Уйгө кирүүгө буту тартпай кооптонуп калды.

— Эмне болду? Кире бер. Жалгыз жашаганым жакпай калдыбы?

— Жо-ок, — деп мукактанды кыз.

— Жалгыздыгым өзүмө да жакпайт. Бирок тагдырым экен. Көнүп да баратам.

Босогону аттары менен Айгерим көптөн бери аялдын колу тийбеген үйдөгү ирээтсиздикти байкады. Терезедеги гүлдөр суу куюлбай эчак эле соолуп, куурай болуп калыптыр. Бирок баардык шарттары бар жасалгасы сонун үй экен.

— Кел, олтур, азыр кофе ичебиз, — деди да Темир ашканага кирип газ күйгүздү. Айгерим дале кооптонуп үндөбөй олтурду.

— Мен сага өз жөнүмдү айтып берейин. Алигиэс алуу борборун башта аялым экөөбүз иштетчүбүз. Кожоюну башка эле. Кийин сатып алдык. Адегенде көпкө чейин ишибиз жылбай кыйналганбыз. Бара-бара жакшы болду. Кийин бул ишти мага коюп ал өзүнчө дүкөн ачты. Аялым ошол кезде бирөө менен сүйүшүп калыптыр. Бир күнү мага ачык айтты. Биздики олуттуумамиле деди. Мен башка чапкандай дал болуп калдым. Кызымды ээрчитип ал кишисине турмушка чыгып кетти. Анысы элге белгилүү чиновник. Атын айтпай эле коеюн. Аны баары таанышат.

— А сиз аялыңызга макул болуп кала бердиңизби анан?

— Кете турган аялды камап кое албайсың да?! Анын үстүнө көңүлүм сууп калгандан кийин кантип жашайм?! Бактылуу болсун дедим. Бир гана кызыма ичим күйөт.

Кофе ичип олтуруп Темир өзүнүн жөн-жайын ушундайча түшүндүрүп берди. Анан үйдөгү иштин жайын айтты.

— Ушул беш бөлмө үйдү өзүң каалагандай ирээттесең болот. Мен канча аракеттенсем деле жакшы жыйнай албайм. Үйгө эмне керек болсо баарын тизмелеп кой. Мен алдыртып берем. Маянаң жетиштүү төлөнөт. Каалаган күндөрүңдө эс алсаң болот.

Ал ойлонууга мүмкүндүк бербей эле Айгеримдин милдеттерин айтып, аны иштөөгө мажбур кылып койду.

Ошентип Айгерим үй кызматчысы болуп иштей баштады. Тигил жумушуна караганда жанына тынч экен. Үй жыйноо – кара жумуш болгону менен аялга канагат берет. Айгерим өзү менен өзү болуп бөлмөлөрдү ирээттеди. Эшик алдындагы каралбай чөп басып, жүдөп турган гүлдөрдү сугарып, отоп койду. Аны чоочундабай үмүттүү карап, куйругун шыйпаңдаткан итке тамак бергенди да унутпады. Кечкисин Темирге кичине казанга тамак даярдап, үстүн жылуулап жаап, термоско чай куюп кетип жүрдү.

Темир кечинде келген сайынүйүнүн жаркырап калганын, ысык тамагыдаяр экенин көрүп күнүгө кубанчу болду. Асмандан кут түшкөндөй үйүнүн ичи жарык, жылуу болуп, береке кирип калбадыбы. Билген кишиге аялдын колу алтын да. Ушуну сезген Темирдин көңүлү сергек тартып, Айгеримдин өзү гана эмес, жасаган иштери да сулуу экенин ойлоп ыраазы. Мурда ишиненкеч кайтчу болсо эми негедир көңүлү үйүнө тартып турчу болду. Айгерим да саатты улам тиктеп аны күтө баштайт. Экөө бири бирине бара-бара ишеним артып, бири бирине көнүп баратышты.

— Сен кетип калбачы, кечки тамакты чогуу ичели. Анан өзүм жеткирип коем. Болбосо, тамактысоксоюп жалгыз ичкеним кыйын экен, — деп суранды Темир. Ал күнү чогуу тамактанышты.

— Өзүм куюп ичсем мындай эмес, сен сунган чай ысык болот экен, -бул тамаша чыны аралаш сөзгө Айгерим кубанып калды. Чынында эле ошондой эмеспи. Жалгыздын иши жалгыз. Аялдын колунан ысык чай ичүү – эркекке бакыт да. А аялдын төрт дубалдын ичиндешыпты тиктеп жалгыз жатышы барып турган бактысыздык. Табият аялдын жүрөгүнө тубаса мээрим салган. Аны жакын адамдарына жумшасындеген.

Булардын ортосундагы бири бирине болгон жылуу мамиле, ишеним ушуга алып бардыбы же тагдыр өзү ушундай түзүлгөнбү айтоор алар акырындап кантип бир үй бүлөгө айланып калганын өздөрү да байкабай калышты.

Жайдын толук кезинде жоро-жолдошторду чогултуп, өз ресторанына чакан той өткөрүштү. Ал күнү ресторан кызматкерлери тойдун коногу болуп олтурушту. Айгеримге тымызын атаандашып жүргөн кай бир кыздардын ичтери тарыбай койгон жок. Алардын арасында Темирди жылуу тиктеп жүргөндөрү да бар болчу.

 

***

Айгеримдин демилгеси менен короодогубактын ичине кечки салкында олтуруп чай иче турган сөрү жасатып, тегерегине гүл айдамакболушту. Бул сунуш Темирге абдан жакты. Даяр сөрүнү сатып келсе аны темир усталарширетип орнотушу керек экен. Рекламадан издеп олтуруп темир ширеткичтерди чакырды. Эртеси шымаланган эки жигит жабдыктары менен келишип, шыр эле ишке киришти. Бир маалда сыртка чыга калган Айгерим балка кагып жаткан баягы кызганчаак күйөөсүн көрдү. Ал дагы бир саамга тиктеп калды. Айгерим шарт бурулуп үйгө кирип кетти. Бир аздан соң Темир босогодон баш багып

— Айгерим, чай-пайың даярбы? Тигилер бүткөнү калышты, — деди.

— Даяр эле... – деп коомай айтты.

Мындайды күтпөгөн Айгерим улам бир идишин кармалап, карбаластай берди. Аңгыча Темир кайра баш бакты.

— Чайды жөн эле кой, шашып жатышыптыр. Кетебиз дейт. Андан көрө нан ооз тийишсин.

Кыжаалат болуп турган Айгерим жеңилдей түштү. Баары бир сыртка подноско нан, сары май көтөрүп чыкты. Кызганчаак күйөөсү нандан баш тарта алган жок. Темир дарбазаны ачып жаткан маалдабир үзүм нанды шашпай сары майга малып жатып

— Сен түнкү клубда сойку болуп иштечү эмес белең, тигинин башын айлантып тийип алган экенсиң да, — деди үнүн пас чыгарып.

— Жалган угупсуң, эч качан сойку болгон эмесмин, — деп нанын көтөрүп шарт бурулуп үйгө кирип кетти Айгерим.

Ошентип бак ичине орнотулган сөрүгө жылуу-жумшак төшөк салынып, жайкы кечте олтуруп чай ичишти. Жайдын коңуржелине жаш теректердинжалбырактары шуудурап, жагымдуу бир кеч болуп турду.

— Карачы, аба сонун, чөп жыттанат. Кел, бүгүн сыртка жатабыз, — деди Темир.

— Сырткабы? Корком да мен? — Ал эки жагын тегерете тиктеп алды.

— Эмнеден? Мен бармын го жаныңда.

Айгерим шыңк этип күлдү. Анын күлкүсүндө куйоосуно болгон эркелиги да, суйуусу да бар эле. Ананжууркан-төшөк, жаздыктарды ташып келип, керилте төшөк салды. Үшүп калбайлы деп калың жууркан жапты. Жылдыздары жыбыраган жайкы түндө саратандын үнүн тыңшап, курсагында бир айлык түйүлдүгү бар экенин али биле элек Айгерим күйөөсүнүн жылуу коюнунда мемиреп уктап кетти.

2012-ж.

 

© Элмира Ажыканова

 


Количество просмотров: 2661