Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Ажыканова Элмира, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдаланууга жана нускасын чыгарууга уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 11-февралы

Элмира АЖЫКАНОВА

Кайда көчүп баратам?

Пессимист адамдын образы берилет.

 

“Бул дүйнөдө квартирант сыңары эмес,
Өз үйүңдө жүргөндөй жашап өткүн”.

Назым Хикмет. “Мамедге соңку катым” ырынан

 

Эген күндөгүдөй эле эрте турду. Жок, эрте ойгонуп алды. Кийинки күндөрдө таң жаңы агарганда эле өзү ойгонуп алчу болду. Адамдын жашы өйдөлөгөн сайын уйкусу качат дешет. Ал үч жылдан кийин алтымышка чыгат. Оңойбу? Уйку качаар убак келип калбадыбы...

Ойгонуп алып бир далайга шыпты тиктеп жатмай адаты бар. Тээ бала күнүнөн эле ушундай. Көзүн ачаар менен ага ар кандай ойлор келе баштайт. Анан ошол баш-аягы жок дейди ойлор анын бүт тулкусун чырмап салгандан бетер бир топко былк этпей жата берет. Аны бул үйдө тур, чай ич, жумушка барасыңбы деген киши жок. Ал көптөн бери жалгыз жашайт. Эркек кишиге төрт дубалдын ортосунда жалгыз жашоодон өткөн азап болобу?

Ал ордунан ыкшоо туруп, төшөнчүсүн жыйнамыш болду. Жыйнаганда эмне, ким көрүп жатыптыр. Кечинде эле кайра келип жатат да. Анан барып жуунучу бөлмөгө кирип, адегенде эле күзгүдөн өзүн карады. Ал дайыма ошентет. Жарым-жартылай ак аралап калган чачынын үксөйүп өсүп калганын байкады. Үч-төрт күндө маянасы тийет. Ошого чейин жүрө турса болот. Бети балбырап, көз жапкагы ылдый тартылып, жүдөп турат. Күндө эле ушундай. Анан муздак сууга жуунуп кирди. Жумушка баруу керек. Кызматында аны көп иштери күтүп турат. Сакалын кырып, өскүлөң чачын артка кайрып тарап анан шашпай ашканага кирди. Бир чыны чай куюп ичти. Чайы деле чайга окшошпойт. Эки-үч күн мурун демделип чайнектин түбүндө калган сары суу. Дагы бирдеме жегенге көңүлү тартпады. Кече кечинде ичкен тамак-ашынын орду жыйналбай, нандары катып калыптыр. Үстөлдүн бетинде майда кумурскалар тызылдап жүгүрүп жүрөт. Буларды кайра келгенде жыйнайын деп ойлоду. Ордунан туруп барып, олтургучка арта салынган кийимдерин кийди. Анан улам бир чөнтөгүнө колун салып, үйүнүн ачкычын издей баштады. Күндө ушинтет. Бир дайындуу жерге илип коюуну күндө ойлойт. Бирок күндө унутуп калат. Мына азыр да бүт чөнтөктөрүн аңтарып чыкты. Караса телефондун жанында жатат. Сары жиптен эшип тагылган боосу кирдеп бүткөн ачкычы күнүгө эртең менен табылбай убара кылат. Бирок табылат. Кокус жоголуп кетчү болсо башкасы жок. Ушундан дагы бир түгөй жасатып коюну күндө эртең менен ойлойт. Бирок унутуп коет же акчасы кенен эмес же чыгынбайт. Кыскасы ушундай.

Эген босогого келип, олчоюп сынынан кетип эскирген батинкесин кийип жатып, айлыгы тийсе бир арзаныраак туфли сатып алууну ойлоду. Күндүн жылыганы качан. Буту ысып, жүдөп жүрөт. Анан эшигин бекитип, таш тепкичтер менен шашпай ылдый түштү. Түшүп баратып белинин ооруганын сезди. Жашыраак чакта бул тепкичтерден ойноп чыгып, ойноп түшчү. Үчүнчү кабаттын бийиктиги сезилчү эмес. Эми улгайып баратпайбы. Эген өзүнүн кайсы бир жеринин ооруксунганын, кыймыл-аракетинин ыкшоо тартып баратканын, унутчаактыгын, жалкоолугун өйдөлөп калган жаш курагынан көрөт. Ошого шылтайт. Мен курактуу адамдардын баарысынын эле ахы-балы мендей деп ойлойт. Балким андай эместир. Алтымышка чыга элек эркектер керек болсо кайрадан үйлөнүп, бала көрүп, турмушту кайра баштап жатышпайбы. Ал жаш курактан эмес, ар адамдын өзүнөн экенин Эген ойлогусу келбейт. Ал өзүн жетимиштен эбак өтүп калгандай кары сезет. Эртерээк пенсияга чыгып, ошол тыйыны менен эптеп оокат кылып, ишке барбай үйдө эле тынч олтургусу келет. Бирок айла жок. Маяна таап жан бакпаса болобу. Өзү бир атадан жалгыз болсо, ушул куракка келгенде аялы таштап, “мени күтпө, кайрылып келбейм” деп Россиянын кайсы бир шаарына соодагерчилик кылып кетип калса, үч жылдан бери дайынын такыр билдирбесе, жалгыз кызы Ош тарапта күйөөдө, карыган энеси айылда болсо анан эмне кылыш керек?

Анын жумушу жөө баскан кишиге бир аз алысыраак, бирок жөө барса болот. Чоң көчөгө түшүп, үч туура көчөнү кесип өтүп анан оңго бурулуп, дагы баса түшсө эле тогуз кабаттуу чоң мекеме. Анын биринчи кабатында Эген иштеген гезиттин редакциясы. Ал ушул жерде өмүр бою иштеп келатат. Заман алмашып, далай гезит-журналдардын кыйсыпыры чыгып жабылып, өзгөрүп олтурду. Канча журналисттер турмуштун агымы менен сүрүлүп, ысымдары угулбай да калды. Көбү бизнеске, чарбачылыкка кетишти. Эген болсо ишин алмаштырган жок. Пайдалуу, маянасы көп, келечектүү кызматтарды көздөш үчүн адам чечкиндүү, турмуштан коркпогон тобокелчил, өжөр болуш керек экен. А Эген чечкиндүү кадамдардан дайыма жүрөксүп коркуп турчу, ишенчү эмес. Жаңы көрүнүштөрдөн шектене берчү.

Дегеле ал кырсыкты, ооруну, өлүмдү көп ойлойт. Ойлобоюн десе да болбойт. Башына ошондой ойлор өзү эле келе берет. Алдыда кандайдыр жамандык күтүп турабы деп кооптонуп, сарсанаа болот. Анан жалкоолугу да бар. Өмүрүндө тобокел иш жасап көргөн эмес.Ошон үчүн бир гана ушул өкмөттүк гезитте иштеп келатат. Ал иштеген гезиттин аты да, заты да өзгөргөн жок. Айлыгы аз болгону менен туруктуу берилет. Бирок жумушу жеңил эмес, түйшүктүү. Бул турмуштан тапкан табылгасы – совет мезгилинде жупкадай жука эки ыр жыйнагын чыгарды. (Экөө тең азыр өзүнүн колунда жок. Калбаптыр). Анткени менен Эген жакшы акын. Ырларына эч ким доомат айта албайт. Аны акын калемдештери азыр да сыйлап турушат. Бирок ал аз жазды. Аз болгону менен жакшы ырлары бар. Журналисттик ишинде да ошондой. Кээ бир кесиптештериндей жайнатып макала жаза бербейт. Жазганын жүр нарыга салып бүтүрбөйт. Оюндагыдай чыгара албаса гезит бетине жарыялабайт.

Эген ар күнү үйүнөн чыгаары менен тамеки күйгүзөт. Анан жолдо шашпай куш— тарлана тартып, ойлонуп келе берет. Тамеки анын тээ жаш күндөн бери коштоп келаткан жакын досу. Досуң деле кээде сатып кетет го. А бул байкуш тамеки сени сатпайт. Дайыма жаныңда бирге. Ачууңду токтотконго, көңүлдү тынчытканга, ойлонуп басууга ар убак жардам берет.

Эсептеп көрсө ушул гезитте иштегенине быйыл зз жыл болуптур. Отуз үч жыл! Пушкиндин алтын балык жөнүндөгү жомогун эстеди. Анда ушунтип башталат эмеспи – Көк деңиздин боюнда

Бир кемпир чал болуптур,
    Жер тамда алар турганга 
    Отуз үч жыл толуптур.

Анын сыңарындай, Эгендин да ушул гезитте иштегенине быйыл 33 жыл толуптур.

Мына сыртта жаз! Апрель да кирип келди. Шаар гүлдөп турат. Жазгы топурактын, жаш жалбырактын жыты адамды магдыратат. Өмүрдө мындай сулуу жаздын канчасы менен кездешти. Көркөмдүү кездердин көбү артта калбадыбы. Ал жаш кезде жаздын келгенине кубанып, ырдагысы келип, өзүнчө эргип, көчөдө шайыр жүрөөр эле. Ар адамга чын дилинен мамиле кылчу. Анда турмуш азыркыдан көңүлдүү болчу. Баардык жакшылыктар алдыда деп жакшы үмүттөр менен жашачу. Жакшы ырларынын көбү ошол кездерде жазылган. Эки-үч ыры обонго салынып, радиодон азырга чейин ырдалып жүрөт.

Жаз азыр деле ошол көркүнөн кемиген жок. Гүлдөр дагы эле ошондогудай кооз, сирендердин жыты дагы эле буруксуп, өрүктөр дале ошондогудай апакай гүлдөйт. Кооз көпөлөктөр дагы эле калкылдап учуп жүрөт. Бирок кийинки жаздар эмнегедир Эгендин көңүлүн андагыдай козгой албай калды. Балким өзү ойлогондой улгайгандыр... же жашоосу көңүлсүз болгондонбу, айтоор ага жаздын таасири деле жок. Кайра тескерисинче жаз келсе шалдырап, алы кетет. Ишке көңүлү чаппай, үстүндөгү кийими оор тартып, маанайы чөгүп кетет. Өзгөчө быйыл бүт денеси салмактанып, бүткөн боюн муздак тер басып кыйналып жүрөт. Жөтөлү да кетпей койду. Тепкичтен өйдө көтөрүлгөндө демигип, тез эле чарчап калат.Ошон үчүн кээде жумуштан кайтып келатканда үйүнө жакын жерде көчө бурчундагы дүкөнгө баш багып, бир стакан арак куйдуруп ичет. Бир аз жеңилдеп, денеси жибип, көңүлү көтөрүлүп калат.

Мына эми ишине келди. Кече жазып үстөлүнө калтырып кеткен төрт сап ырга кайрадан көз жүгүрттү. Ойлонуп турду да тытып салды. Жарабайт. Кече жакшы жазгандай болгон. Андай эмес экен. Ырды минтип жазбаш керек.

Олтурган жери жалгыз кишилик кичинекей тар бөлмө. Коридордун бүткөн жеринде, булуңда. Терезеси жок. Жарыкты күйгүзүп олтурат. Бул кабинетте мурда киши олтурчу эмес. Ушул бөлмөнү редактордон өзү суранып олтуруп алган. Жалгыз олтургусу келген. Жалгыз болсо жакшы иштейт. Тамекини да кабинетинде тарта берет. Башкалар үчүн кабинетте тартууга тыюу салынса Эгенге эмнегедир эч ким тартпа деп айтпайт. Чайды да каалаганда коюп иче берет. Эч ким жолтоо болбойт. Үстөлүнүн үстү көбүнчө чачылып жатат. Керектүү, керексиз кагаздары, эски жаңы гезиттери, китептери толтура. Үстөлүнүн тартмалары андан бетер. Ушуларды бир аз иреээттеп коюуну ойлоп, кагаздарын иргеп жатып арасынан качанкы сүрөттөрүн таап алды. Аялы экөө кайсы бир тойдо дасторкон үстүндө түшүшүптүр. Аны көпкө карады. Дасторкондо да кабагын түйүп олтурат. Анан тытып салгысы келди. Кайра колу барган жок. Тескери оодарып таштап койду. Сүрөттө эмне күнөө? Болгону алардын элеси түшүрүлгөн кагаз да. А андай болсо күнөө кимде? Жашы элүүгө жакындап калганда күйөөсүн чанып, кесирленип кетип калган аялындабы? Же ошонун тилин таап аял кылып күтө албаган өзүндөбү? “Качанга чейин бир бөлмө үйгө камалып жашайбыз? Качан эл сыяктуу жаркырап кийинебиз? Дос-туугандын жакшылык — жамандыгына качан жүзүбүз жарык бара алабыз?” деп ар күнү айта бергенден чарчаган аялы балким ошон үчүн басып кеткендир...

— Көрүнгөн көчөнүн булуң-бурчунда семичке сатып өмүрүм өтө турган болду, а сенин айлыгың тарткан тамекиңен артпайт, — деп наалычу ал.

— Азыр турмуш ушундай. Баары эле кыйналып жатышпайбы, — деп күңкүлдөп тим болоор эле Эген. Анан бир күнү эле аялы жаңы сунуш киргизди.

— Сиңдилериме кошулуп Россияга барып соода кылам. Ошол жакта жакшы дейт. Кеткендин баары байып жатыртыр. Аялдар күйөөлөрүнө машине мингизип жатат дейт. Сени да машинелүү кылып койсом ажап эмес, — деди.

— Мага машиненин кереги жок. Жөө эле жүрөм, — деп Эген анын сунушун ичинде колдогон жок. Баары бир ал чамынып жатып эже— сиңдилерине кошулуп кетип калды. Анан кеткен бойдон күйөөсүнө кабарын билдирбей койду. Эген да күндүр-түндүр кулак түрүп аялынын телефон чалышын же кат-кабар жазышын күттү. Кийин барып сураса кайын журту да ачык айтпай алардын дарегин билбейбиз деп коюшту.

Үч жыл өткөн соң бир күнү кечинде күтүүсүздөн аялы кирип келди. Экөөнүн орто— су алыстап калыптыр. Ал абдан өзгөрүптүр. Сыягы акчасы кенен, көңүлү жайында окшойт. Сулуу да боло түшкөндөй. Балким көңүлүнө жаккан адамды да тапкандыр... Экөөнүн буга чейин отуз жылга жакын бирге өмүр сүргөнү жалгандан бетер бири бирине чоочун болуп турушту. Көрсө ал кээ бир керектүү буюмдарын, бирин-экин докумунттерин алганы гана келиптир. Күйөөсүнүн турмушу, жашоосу аны эми кызыктырбай калыптыр. Абалың кандай деп бир ооз да сурап койгон жок. Жылаан чакпай, жылкы теппей кантип ушундай болсун. Көңүлдөр деле катуу калышкан жок эле... Бирок аялынын тим эле түбөлүккө таарынгандай түрү бар. Кетип баратып:

— Мени күтпө, мен эми кайра келбейм, — деген гана сөздү айтты. Ошону менен чыгып кетти. Эген да үндөгөн жок. Андан бери да үч жылдай мезгил өттү. Анын жалгыз жашаганына алты жыл болуптур. Өмүр өтө берет экен. Кээде алыстагы жалгыз кызын сагынат. Телефондон сүйлөшкөндө көзүнө жаш тегеренип, үнү буулугуп кетет. Анын да өз турмушу бар. Төрт балалуу, кайнене-кайнатасы менен чогуу турушат. Алыс жерден келе албайт. Кээде гана почтага келип, атасына телефон чалып ал-абалын сурайт. Анда да шаша-буша чолок-чолок сүйлөйт. Тыйынына ченейт го байкуш. Баары жакшы деп гана жооп берет атасы. Бирок негедир апасы жөнүндө экөө такыр сөз кылышпайт. Бул маселе кызынын да жүрөк оорусу экенин атасы сезип турат.

Эген кагаздарын иреттеп жатса телефон чырылдады. Редактор экен. Келип кетиңиз деди. Кабинетине басып барды.

Өгүнү булардын жумушуна капталында кызыл кошуу белгиси бар доктурдун рентгенге тарта турган ак машинеси келип токтоп, баарысын кыйнап, каалабаганына карабай көкүрөктөрүн рентгенге тартып кеткен. Эген да эл катары тартылган. Көрсө азыр ошонун жыйынтыгы боюнча 6-поликлиникага Эгенди сөзсүз келсин деп чакыртып жатышыптыр. Чакырганына караганга бир балээ бар го. Редактор ошону айтты. Барып келиңиз деди.

Ал кабинетине келип бир топко шалдырап олтуруп калды. Бул эмнеси? Жаман оору болуп жүрбөсүн деп жүрөксүй баштады. Кайра барбай эле коюуну ойлоду. Доктурлар кичине эле болсо ушинте беришчү эле. Анын үстүнө тамеки тарткан кишинин өпкөсү таза болмок беле. Бирок өзүнүн алы кетип, бүт денесин муздак тер басып, күрсүлдөп жөтөлүп жүргөнүн ойлоду. Эки анжы болуп олтуруп, акыры барбайм деп чечти. Ал башынан эле доктурга барганды жаман көрөт. Анча-мынча ооруга барбай эле койчу. Доктурду ким эле жакшы көрсүн. Бирок ден соолук керек болсо айла жок да. Кудай сактасын деп Эген кол шилтеп койду. Бирок баары бир жүрөгү тынчыган жок. Өзүнөн шек санап, басса-турса өзүн аңдыйт. Тепкичтен чыккан сайын энтигип, чарчап, жөтөлөт. Үч күндөн кийин доктур дагы чакыртыптыр. Андан кутулбасын билген соң мойнунан байланган иттей илкий басып барды. Доктур толмочунан келген ак жуумал улгайыңкы орус аял экен. Эгенди сылык кабыл алды. Илбериңки түшүндүрдү:

— Сиз кургак учук менен ооруп калыптырсыз. Рентгендин жыйынтыгы көрсөттү. Болгондо да жугуштуу түрүнө өтүп кетиптир. Жумушка барбаңыз. Сизди бүгүн эле ооруканага жаткырышыбыз керек.

Эген дал болуп олтуруп калды. Анан үн катты:

— А жатпай эле үйдөн дары-пары ичип айыксам болбойбу?

— Жок, жок! Антүүгө такыр болбойт. Сиз ооруңузду элдин баарына жуктургуңуз келеби?

— Жок.

— Андай болсо керектүү буюмдарыңызды, анча-мынча идиш-аяк алып кайра келип калыңыз.

Эген макул дегендей ордунан туруп сыртка жөнөдү. Эшикке чыгып эле тамеки күйгүздү. Бир чоң соруп, шашпай түтүн үйлөдү. Кыйла жерге жөө басты. Өзүн керектен чыккан буюмдай сезип, узун бою сөлдүрөп, эки ийини ого бетер ылдыйлап, ындыны өчүп шалдайып келатты. Дагы бир аз баса түшсө үйүнө жетет. Жолдо Алыкул акындын тагдырын эстеди. Анын оорусу да ушундай кургач учук эмес беле. Ооба ал да жалгыз калган. Аны да аялы таштап кеткен. Демек мен да өлөт экенмин да. Алыкул го чоң акын. Артында мыкты ырлары калды. Аты унутулбайт. А менчи? Мен эч кимге кереги жок жападан жалгыз калган байкушмун. Кыйраткан эч нерсем жок. Жок дегенде тукумумду улаар эркек балам жок. Изи калбай өчөт деген ушул тура.

Эген ушуларды ойлоп көңүлү бузулуп келатты.Үйүнө жакындаганда баягы бурчтагы дүкөнгө баш бакты. Өзүн өзү соороткусу келип, жүз грамм куйдуруп тартып ийди. Желим идишке тууралган чийки пияздын бир кесимин алып жыттады да, оозуна салып чайнаган бойдон сыртка чыкты. Башы тумандай түштү. Буттарын алсыз шилтеп келип, үйүнө кирди. Ооруканага жатпайм деп чечти. Андан көрө үйдө эле өлөм деп ойлоду. Эми анын оюнун баарысы өлүм болуп калды. Качан, кантип өлөөрүн элестете баштады. Бул оорудан айыгууга болоорун билсе деле негедир жамандыкты гана ойлой берди. Ал тургай өлүм жөнүндө ыр жазгысы келди. Ырдын ар кандай ирээтсиз саптары оюна келе берди. Ал саптарды оюна чогулта баштады: “Так белчемден сазга батып турамын. Күмөн менин саздан аман чыгаарым...”

“Ай-талаада калдым каңгып,
    Ажал мени жүрөт аңдып...”
    “Чарчадым, карып болдум...
    Чаң баскан чарык болдум...”
– деген сыяктуу үзүк-үзүк саптарды Эген ичинен кайталап жатты. Сөздөрдүн жаны бар, ал ооздон чыккандан кийин кайсы бир жерден өз ордун табыш керек дешет. Чын эле жаман сөздөр, үмүтсүз жаман ойлор адамды жакшылыктан түңүлтүп, ого бетер чөгөрөт экен. Адам эгер өзүнүн өлүмү жөнүндөгү ойлордун кучагында калып, көңүлү карая берсе — ал анын жамандыкка өзүн даярдай баштаганы болоор.

Эген бир күнү түшүндө капкара булуттардын удургуп көчкөнүн, ылайланган киргил суулардын албууттанып агып, өзүн көздөй каптап келатканын көрдү. Бут алдындагы жер чакмактанып чарт-чарт жарылып, ошондон аттап-буттап качып баратса аңырайган бир коркунучтуу үңкүргө туш болуп, көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта калды. Жүрөгү дүкүлдөп, буттары тушалгандай шилтенбей, кара терге чөмүлүп кыйналып жатты.

Чоочуп ойгонуп кетсе деми кыстыгып, бүткөн боюн алка-шалка тер басып жатыптыр. Көпкө чейин өзүнө келе албай кыйналды. Анан ушул жаман түштүн оор жүгү аны ого бетер ийинден басты. Муну жамандыкка жоруду. Жамандыктын белгиси деди. Өлүм деген ушинтип жакындайт тура деп ойлоду. Түшүндө көргөн алаамат басса-турса көз алдынан кетпей койду. Жатаарда дагы жаман түш көрбөсөм экен деп жүрөксүй турган болду. Канчалык алы кетип чарчап турса да уктап кете албай кыйналды. Муну да жамандыкка жоруду. Айылдагы карып калган апасын ойлоду. Өзү өлгөндө апасынын боздоп ыйлаарын ойлосо көкүрөгү түтөп чыгат. Шаарга алып келип колуна алып багайын десе апасы такыр болбой койгон. Атаңардын конушун ээн калтырбайм, ушул үйдө өлүшүм керек деген. Мына эми апасы айылда жалгыз, баласы шаарда жалгыз.

Эген эрте ойгонду. Бирок туруп кетүүгө дарманы келбей шыпты тиктеп жата берди. Жумушуна баргысы келбеди. Кийим-кечеси да даяр эмес. Көйнөктөрү жуулбай жатат. Бүгүн түштөн кийин тапшыра турган макаласын ойлоду. Жарымынан көбү жазылган. Аны бүгүн бүтүрүп берээрине ишенбеди. Эптеп ордунан туруп редакторго телефон чалды. Ооруп кыйналып тургандыгын айтты. Башкага алмаш— тыра тур деп суранды. Ал да аргасыз макул болду окшойт. Анан келип ордуна жатты. Бир убакта телефон шыңгырады. Алгысы келген жок. Менин кимге керегим бар эле деп ойлоду. Ким болсо да сүйлөшкүсү келбеди. Телефон кайра-кайра шыңгырай берди. Баары бир албай койду. Жаткан жеринен баш көтөрүп “Мен жокмун, мен өлгөм, чалбагыла!” деп сүйлөнүп койду. Бир убакта жакшы идея тапкансып, төшөгүнөн обдулуп туруп кийине баштады. Эшигин бекитип, тепкич менен шашпай ылдый түштү. Алдынан чыккан кошунасын көрмөксөн болуп жанынан өтүп кетти. Баягы бурчтагы дүкөндү көздөй басты. Бир куту тамеки, бир бөлкө кара нан сатып алды. Артынан жүз грамм куйдурду. Аны тартып ийип, кайра үйүнө кайтты. Тепкичтен көтөрүлүп баратып бир топко ыкшып жөтөлдү. Бир аз эс алып турду. Деми кыстыгып, көкүрөгү ачышып, башы тегеренди. Курсагынын ачканын сезди. Канчадан бери жарытылуу ысык тамак иче элек болчу. Өлө турган кишиге тамак ичкенде эмне деп ойлоду. Акыры өлөөр болгон соң ачкадан өлсөмбү деди. А чындыгында тамакка тыйыны деле жок эле. Анан келип кайра керебетине жатып алды. Уйку-соонун ортосунда башы айланганын сезди. Жер кайдадыр жылып бараткандай болду. Кулагы чуулдап, көзү тунаргансып, өзүнүн бар же жогу билин— бей жансерек абалда жатты. Оюна эки сап ыр келди:

“Көз алдымда дүйнөнүн жарыгы өчүп,
    Кайда көчүп баратам... кайда көчүп?”
– 

Ушул саптарды көңүлүндө кайталады. Унутуп кала электе кагазга жазып койсом деди. Анткени анын далай жакшы саптары кагазга түшкүчө эсинен чыгып кетчү. Азыр аны жазууга чамасы келбей, көзү илинип уктап кетти.

Ал ошол бойдон ойгонгон жок. Башы оң жагына шылкыйып, буттары жарым бүгүлгөн бойдон карышып, оң колу керебеттен ылдый сунулган калыбында түбөлүк уйкуга кетти. Өлгөнүн балким өзү да билбей калды. Уктап баратам деп ойлогондур.

Ашканадагы чаң баскан үстөлдүн үстүндө жуулбаган идиштеринин арасында жээлбей калган бөлкө нанын кумурска каптап, анын жанында дайыма жоголуп кайра табыла берчү боосу кирдеген ачкычы жатты.

2008-жыл. Апрель.

 

© Ажыканова Элмира

 


Количество просмотров: 1861