Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 3-марты
Кырк чырак
Тагдыры татаал аялдын образы.
Тасмадай даңгыр жолдо кичинекей автобус зымырап баратты. Алыстан келатат. Бараар жери дагы алыс. Ичинде он чакты жүргүнчү. Кары-жашы, бала-бакырасы бар. Баары бири-бирине чоочун. Ким эмнени ойлоп, кандай мүдөөдө баратканын ким билсин. Айтоор баары жол үстүндөгү жүргүнчүлөр. Алардын ичинде арткы орундуктарда эки баласы менен олтуруп келаткан келиндин көңүлү тынч эмес. Анын көңүлү менен башкалардын иши деле жок. Ар ким өз ой-санаасы менен алек. Бири үргүлөп уктап барат. Дагы бири телмирип терезеден көзүн албайт. Тигинде дагы бирөө гезит караган болуп олтурат. Шоопур жигиттин да арттагылар менен иши жок. Жолго көзүн тигип, руль тегеретет.
Алиги көңүлү тынч эмес келиндин аты – Ырыс. Жанында бой тартып калган өспүрүм кызы, колунда кичинекей уулу бар. Машиненин багажы— на салынган көп жүктөрдүн ичиндеги эки чоң сумка ушулардыкы. Анда алардын кийим-кечектери, күнүмдүк тириликке керектүү майда-барат буюм-теримдери бар. Ырыстын болгон дүнүйөсү ушул эки баласы анан алиги эки чоң сумкасы. Анын жүдөө тарткан кебетеси, карарып туурулган колдору, жупуну кийим-кечеси турмуш абалын кабарлап турат. Сыртынан көргөндөр аны кырктан эбак өтүп калган аял деп ойлошу мүмкүн. Бир караганда ошондой көрүнөт. А чынында ал быйыл отуз төрттө. Байкаган кишиге бой-турпаты келишимдүү. Көңүлү жайында болсо көздөрү жайнап турмак. Өңү-башына кам көрсө ажарлуу эле аял болмок.
Ырыс өзү өмүрү барып көрбөгөн тээ алыскы Талас жерине эки баласы менен жол тартып баратты. Бир кезде мектепте чогуу окуган Чолпон аттуу ынак курбусу болоор эле. Анда алар өмүр бою бири бирибизден кол үзүшпөйбүз деп ойлошчу. Бирок турмуш алар элестеткендей болгон жок. Экөө мектепти бүткөнү көрүшө элек. Бирок бир топ жолу кат жазышып, кабарлашып турушту. Жазганына караганда Чолпон жакшы жерге турмушка чыккандай. Күйөөсү милисалардын чоңу дейт.Турмуш-жайы кенен, бардар окшойт. Ушу кезде күйөөсүнүн кызматы боюнча Таласка көчүп барышыптыр. Ырыс өзүнүн тагдыр жайын баяндап жазганда “мында көчүп кел, жашай турган үй табылат. Жумуш да табылат. Балда— рыңа каралашып турабыз, келгиниң” деп чакырган эле. Учурунда жөнөп кете алган эмес.Ушунча алыс жерге эки бала менен кантип барат эле? Бирок эми минтип башка аргасы калбаганда Таласты көздөй жол тартып баратты.
Ырыс жолго чыгаарын чыгып алып көңүлү уйгу-туйгу.Чоочун жерде дагы кандай тагдырга кабылат? Адамдардан көңүлү калган жаны анын бөтөн чөйрөгө аралашып кетиши да кыйын болоор. Аны сезип эле турат. Бирок тобокелге салбаска башка арга бар беле. Эки баласын кайда, кантип болсо да, төбөсү менен көр казса да багуу керек. Жардамга келээр жан адамы жок болсо кимге ишенет. Ишенген адамдары— нын баарысы жолго таштап кетишпедиби. Эми бир гана өзүнө ишениши керек. Балдары бирине бири жөлөнүшүп уктап калышты. Байкуштар, бала болсо да так секирип ойношпойт же чоектоп эркелешпейт. Булар— дын да топчудай көздөрүндө кандайдыр санаа турат. Энесинин жабык— кан көңүлүн ушулар да сезип турушат.
Ырыс балдарынын үстү-башын кымтылап кам көрүп келатты. Уктай беришсин. Жол да арбып кетээр деп ойлоду. Өзү да бир аз чырм этип алайын деп башын терезе жакка буруп, көзүн жумду. Автобус кенен жолдо зымырагандан зымырайт. Уктап кетээр эмес. Кайра аны уйгу-туйгу ойлор басып түйшөлүп келатты. Оюна кайдагынын баары келет. Ой деген ушундай чубалган, илээшкен бир азаптуу нерсе экен. Андан качып да кутула албайт экенсиң.
***
Энеси кырсыктан каза тапканда Ырыс беште болчу. Ошондогу окуяларды элес-булас гана билет. Жарым жылдан кийин атасы аны тайенесинин колуна берген. Ошол боюнча атасы кайрылбады. Тайене-синин айтуусу боюнча ал Сибирге иштегени кетип, ошол жактан орус аял алыптыр. “Орустун жетегинен чыга албай калган да, болбосо бир кайрылып келип койбойбу” деп көп айтчу рамаатылык тайенеси. Ырыс атасын деле жакшы элестете албайт. Бирок катып жүргөн бирин-экин сүрөттөрү бар. Анда жапжаш атасы менен энеси Лениндин эстелигинин алдында кол кармашып түшүшкөн.Ошондо жаңы үйлөнүшкөн окшойт. Дагы бир сүрөттө үчөө. Ырыстын жаңыдан там-туң баскан кези. Жапжаш ата-энеси наристени эки колунан жетелеп бактылуу жылмайып турушат. Бул сүрөттөрдү башта тайенеси гезитке ороп катып жүрчү. Кийин анын көзү өткөндө Ырыстын колуна тийди. Ата-энесинен калган эсте— лик ушул сүрөттөр гана.
Ырыс сегизинчи класста окуп жүргөндө тайенеси көз жумду. Табым айнып турат деп бир эле күн төшөккө жатты. Анан өзү тилеп жүргөндөй эч кимди кыйнабай, бактырбай тынч эле кете берди. Ырыс ошондо өзүн чындап жетим сезди. Көрсө тайенеси опол тоодой адамы тура. Аны апа дечү. Кайсы бир күнү апамдан ажырайм деген ой Ырыска али келе элек болчу.Тайенеси ага өмүр бою эле кам көрүп жүрө бере тургандай сезилген. “Кызымды күйөөгө берип, орун-очок алганын өз көзүм менен көрүп анан өлсөм арманым жок” деп кээде айтып калчу. Бирок ага жетпей калды таенеси.
Ырыс таякеси менен тайжеңесинин колунда калды. Ичкиликке жакын— дыгы бар, жалкоороок таякеси көбүнчө аялынын жетегинде болор эле. Таяжеңеси аракетчил, түйшүкчүл, бирди экиге кураштырып, жоктон барды жасаган эпчил аял болчу. Ошого жараша тили да узун эле. Тайенеси айткандай керек жерде ачуу, керек жерде таттуу тили менен Ырысты тиричиликтин ар кандай түйшүктөрүнөн аяган жок.
Анын баары эч нерсе эмес. Жумуш кылгандан эч ким өлбөйт дечи. Онунчу класска барган жылы болгон бир окуя Ырыстын жүрөгүнө оор так салып кетти. Ошону такыр эстегиси келбейт. Бирок унутуп да кое албайт.
Колхоздун тамеки талаасынан бала-бакыралуу үй-бүлөлөр жер бөл— дүрүп алып иштешчү. Ырыстын тайжеңеси да эки гектар тамеки алган. Ишенгени балдары. Тамекинин иши ошолордун күчү менен бүтөт эмеспи.Үзгөнгө да, тизгенге да балдар чоң күч берет. Андай жумушта Ырыс кадыресе чоң кишинин ордунда иштейт. Кичинесинен үйдүн чарбасына аралашып чоңойду.
Иш күчөп турган маалда Ырыс талаага жалгыз кетти. Кечээки үзүлгөн тамекини бүтпөй калып үйдөгүлөр бүгүн түшкө чейин тизип бүтүшмөк. Аңгыча Ырыс эртеңкиге даярдап талаада жула бермек. Тайжеңеси ошондой деген.
Ал кыңылдап ырдап тамеки үзүп жүрдү. Кыйла арбытып койду. Жалгыз иштегенде Ырыс тез иштейт.
Алысыраакта, чаң жолдун аркы өйүзүндө райондун борборунан келген жардамчылардын каткырышып сүйлөшкөндөрү угула калып жатты. Аңгыча арт жагынан шыбырттаган үн чыккансыды. Бурулуп караса бир чоочун киши жакын келип калыптыр. Бул айылдык эмес.Тиги жардамчылардан окшойт. Ырыс коркуп кетти. Бети-башы майланышкан, толугунан келген отуздар чамасындагы күрсүйгөн кара неме Ырысты тиктеп кытмыр жылмайып турду.
— Чоң кыз, иче турган муздак суу барбы?
— Жок, суу жок.
— Жалгыз өзүң ушунчаны жулдуңбу?
— Ооба.
— Иштерман кызсың го...
Кара неме кыздын тал чыбыктай бой-келбетине арамдык менен көз жүгүртүп турду.
— Сага эмне эч ким жардам бербейби?
— Мен жулам. Үйдөгүлөр кечинде келип жүктөп кетишет.
— Аа...
Кара неменин арам ниети жандана түштү. Жалгыз турбайбы деп ойлоду. Кызга жакыныраак келди. Ага билгизбей эки жагын байкагансыды. Жакын жерде эч ким жок. Ырысты шап кучактады. Ал кыйкырмакчы болду эле колундагы сасыган бет аарчысын оозуна тыга коюп, эки колун артына кайрыды. Ырыстын бүт күчү менен кылган каршылыгын ал чымын чаккандай да көргөн жок. Арам ниетин алеки заматта айбанча ишке ашырды да кара неме тамекини аралаган бойдон көздөн кайым болду. Бүттү. Бир заматта ушул иш болду. Эсучунан танган Ырыс көптө барып өзүнө келди. Колу-буту калтырап, көз алдындагы жер көчүп бараткандай сезилди. Кыз кишиге мындан өткөн кордук болобу? Ызасына буулуккан Ырыс өзүн керектен чыккан буюмдай сезип, бетин басып ыйлап олтурду. Анан туруп барып арыктагы сууга бети-колун жууду. Үйүн көздөй жөнөдү. Артына кылчайып караса тамеки талаа аны кубалап келаткандай. Бир топ жерге чейин чуркап келди. Анан башы айланып олтура калды.
Ушул окуяны эстөө Ырыска дайыма оор. Ушу күнгө чейин эч кимге оозунан чыгарган жок. Өзүнүн гана жүрөгүндө калды. Балким ошон үчүн оордур. Ургаачынын тагдыры кылтылдаган асма көпүрөдөй эмеспи. Балким бул аялзатынын алсыздыгынандыр. Анткени менен аялдын чырагы кырк деп коюшат. Ошол сөз чын болсо Ырыстын али бир дагы чырагы жаркырап күйө элек. Бирок жашоого болгон жакшы үмүт адамды колдон алып жетелей берет экен.
Орто мектепти бүтөөрү менен кошуна айылдагы Сапар аттуу жигит ала качып кетти. Көрсө ал кокустук эмес экен. Тайжеңеси менен Сапар— дын энесинин көптөн бери бышырып жүргөн максаттары экен. Ырыс менен Сапар бир айча гана жашашты. Экөөнүн ортосун бириктире турган чыпалактын учундай да жылуу сезим болгон жок. Андай сезим болмок да эмес. Этеги ачылып калган Ырыс алардын көңүлүн суутуп койду. Үйгө камап алып күйөөсү өзүнчө сурак жүргүзсө, кайненеси өзүнчө сурак кылды. Тайжеңеси да чакыртылды. Анын сурагы өзүнчө болду.
— Эмне үчүн мага мурдараак бир ооз айтпайсың, абийириңди эптеп жабат элем го. Шерменде кылдың! — деп тайжеңеси өз бетин өзү аткып, өз санын шак чаап жатты. Жүрөгү муздап, көңүлү зилдеп калган Ырыс баягы-баягы жаман окуяны оозуна алып айткысы келген жок. Айтканда эмне? Эч кимисине үндөбөй койду. Кылдай күнөөсү жок кыздын мойнуна тоодой күнөө тагылды да калды. Ал күнөөнүн азабын эми өмүр бою тартат окшоп калды. Кимге барып түшүндүрүп, актанат?
Сапар менен болгон турмушу ошондой болду. Кайненесинин жылдырма какшыгына, күйөөсүнүн киши ордуна көрбөгөн мамилесине Ырыс туруштук бере алган жок. Баары бир бул үй бүлөдө жашай алмак эмес экен.
Кара бет болуп кайра келген Ырысты үйгө көп кармабай ылайыктуу жер таап эртерээк күйөөгө берүүнү ойлоду тайжеңеси. Шарият боюнча эрден чыккан аялды арадан төрт ай өтмөйүнчө кийинки күйөөгө берүүгө болбойт. Төрт ай төркүнүндө үйдөн чыкпай олтурушу керек. Муну тайжеңеси жакшы билет. Ошол арада ылайыктуу күйөөнү байкаштырышы керек. А Ырыстын күйөөнү көрөйүн деген көзү жок. Көңүлү калды. Баарынан көңүлү калды. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт. Эч кимди көргүсү келбейт. Кайдадыр качып кеткиси келет.Кемсинип, чүнчүп кетти. Бара-бара жан дүйнөсүн бекитип, кулпулап алды.
Тайэнесинин курбалы кошуна кемпир гана көңүл жубаткан сөз айтты.
— Эчтеке эмес балам. Ага капа болбо. Көңүлүңө жакпаса баса бергениң деле туура. Аялдын чырагы кырк дейт. Али жашсың. Сеники алдыда. Кадыр билбегенге кор болбо, балам.
Кошуна кемпирдин ошол сөздөрү Ырысты кадимкидей сооротту. Анан Чолпон деген классташ курбусуна кат жазды. Ал борбордо окууда. Төгүлүп-чачылып, ичиндегисинин баарын жазды. Бир аз бөксөргөнсүп, өксүктөн арылгансып калды. Кийин Чолпондон да көңүл жылыткан кат алды.
Канча жакшы кыялдары бар эле. Шаарга барып окусам дечү. Кол өнөрчүлөрдүн окуусуна кызыкчу. Кичинесинен эле куурчактарга көйнөк бычып, тигип түрлөп-түрлөп кийгизээр эле.Тайэнесинен кездеменин өөндөрүн сурай берип тажатчу.Тикмечиликке, жамап-жаскаганга колу лыпылдап эптүү болчу.
***
Анан баягыдан көп өтпөй тагдыр Ырысты дагы башка жакка жете -леди. Салыбек менен баш кошту. Ал мурда үйлөнүп ажырашыптыр. Эки кызы аялына кеткен экен. Башта тааныштыргандар аны эмгекчил, арак ичпейт,үй-жайга карамдуу дешти. Чын эле Салыбек улуу-кичүү менен бат тил табышкан элпектиги анан иштермандыгы бар эле. Экөө тил табышып жашап кетишти. Ырыс үй оокатында болсо, Салыбек сыртты жайгарчу. Бирок үй ичиндеги майда-баратка дайыма көз салып турчу. Көрсө ал анын майдачыл адаты экен. Анын аял тиричилигине киришмеси барган сайын көбөйдү. Муну байкаган Ырыс кээде ыгы келгенде Салыбек менен мамилелерди такташа кетчү. Андайда баары бир Салыбектики туура болуп чыкчу. Ал ар бир нерсени майдалап, зерикпей түшүндүрүп олтурчу. “Дүнүйө бир тыйындан куралат” деп баштачу ал сөзүн. Оокаттын оңой табылбасын, күнүгө ичип-жеп жатканыбыздын баары акча экенин, а акча азап менен табылаарын,аны аял деген үнөмдөш керектигин ар күнү Ырыска айтып, кулагына куюп тураар эле.Үкөктөгү ундун, шкафтагы кант-чайдын канча калганын, эми канчага жетээрин эсептеп турчу. Ашыкча бир тыйын коротуу деген алардын үй бүлөсүндү болчу эмес. Азыр ойлоп көрсө балдарына бир да жолу атайылап момпосуй же оюнчук сатып беришпептир. Ырыска күйөөсү турмуштун жөн-жайын түшүндүргөндөн такыр тажачу эмес. Кошуна-колоңдор, тууган туушкандар да Салыбектин майдачылдыгынан, көп сөздүүлүгүнөн тажашып, өздөрүн оолак кармашчу.
Ошентип жүрүп алар он беш жыл бирге жашашты. Эки балалуу болушту. Майда киши баардык иште майда эмеспи. Анын бул адаты калган жок. Тескерисинче барган сайын күчөдү. Андай киши бара-бара көржеме болуп кетет экен. Андайлар кызганчаак да болушат. Үй оокаттан башы чыкпаган Ырысты кошуна-колоңдордон, ал тургай өзүнүн туугандарынан деле дайыны жок кызгана берчү. Эгер аны менен талашып-тартышчу болсо колуна тийген буюм менен башка-көзгө чапкылап эки-үч күн артынан ээрчип жүрүп сабай берээр эле. Ырыс көп жолу кечирди. Балдары үчүн гана айла жок кечирип жүрдү. Анын майдалыгына көнүп деле бүткөн. Бирок анын кийинки күндөрү көбөйүп кеткен көржемелиги,“тегиң жок, таштанды, тайжеңең ажаан” деген сыяктуу кордогон сөздөрү Ырыстын жүрөгүн биротоло муздатып, көңүлүн кайра жангыз кылып карайтты. Сүйгөндү мындай кой, көңүлүң көк таштай калып анан жек көрүп калган адамың менен жашап көр. Аялга бул тирүүлөй кордук. Аны турмуш токтоо, чыдамкай болгонго үйрөткөн эле. Бирок адамдын сабыры деле түгөнөт экен. Анан ал минтип балдарын алып, тигил көржемени таштап жолго чыкты. Мына эми эртеңки күнүн тобокелге салып кетип баратат.
Кош-Арык деген айылга күн баткан маалда жетип, балдары менен чоң жолдун боюнан түшүп калды. Эми Чолпонду сураштыруу керек. Күйөөсү милисалардын чоңу десе оңой эле таап алаар...
Ал жолдун четинде эки баласы менен чоң сумкаларынын жанында киши-кара өтөбү деп эки жакты акмалап турду.Тигинде бала жетелеген улгайыңкы толмоч аял шашпай келатат. Ошондон сурайын деди.
— Эже, саламатсыңарбы?
Чоочун келинди тааный албай үңүлө караган аял алик алган болуп тигинин суроосун күтүп калды.
— Эже, ушул айылда Чолпон деген келиндикине келдим эле...
— Чолпон? Кимдин келини?
— Күйөөсү милисалардын чоңу. Иш менен ушул айылга көчүп келишкен.
— Аа... ооба, ооба. Бирок алар эбак эле көчүп кетишкен.
— Көчүп? Качан?
— Эки-үч ай болуп калды го дейм.
Ырыс шалдайып туруп калды. Анан кайра сурады.
— А кайда кетишкенин билбейсизби?
— Ушу угушумча Ырассияга кетишти окшойт. Күйөөсү жумушунан бошоп калып, соода кылып акча табабыз дегендей кылышты го. А сен кимиси болот элең?
— Мен Чолпондун жолдош кызы элем...
— Ка-ап, такташып алып анан келсең болмок экен.
Аял Ырыстын бою-башына, балдарына кыйытып көз таштап турду.
А Ырыс дал болуп туруп калды.Эми кантет? Муну байкаган аял басып кете алган жок. Укпадыбы акыбалды.
— Эми бүгүн кайра кете албай калдың го... Кеч болуп калбадыбы. Машине чыкпайт шаарга. Башка тааныштарың бар беле?
— Жок эже. Эч кимим жок бул жерде.
Ырыстын үнү кардыккандай ызалуу чыкты. Аял бир аз ойлонуп калды.
— Эч кимиң жок болсо талаада калмак белең. Жүрү биздикине. Түнөп алып эртең кайтаарсың...
Ошентип Ырыс чоочун аялдын үйүндө бир күн түнөдү. Өзүнүн кайра кете албасын айтып, жөн – жайын түшүндүргөндөн кийин аял айылдын этегиндеги бир тууган сиңдиси менен сүйлөшүп келди. Ырысты бала-чакасы менен сиңдисинин короосундагы бир бөлмөлүү жыгач үйгө кийирмек болушту.
Аялдын сиңдиси Батыйна күйөөсү, бала-бакырасы менен айылдын эң бай, бардар адамдары. Кара малы, кой – эчкиси короого батпай калганда ары тоо этектен алган жерине кашар куруп, жарым тиричили— ги ошол жакта. Айылдагы үй менен кашардын ортосу анчейин алыс эмес.Тигил келин тиричиликке тың болсо байкап көрүп жалдап алсам деген ой менен Батыйна аны убактылуу кийирди.
Батыйна да толмочунан келген өзү ачык – айрым сүйлөгөн, бетке айтма мүнөзү бар даңкылдаган аял. Кээде кесир ооз да сүйлөп коет. Жактырбай калган кишисин улуу – кичүүсүнө карабай кагып салат. Аны айылдагылар көпкөнүнө жорушат. Ал көппөгөндө анан ким көбөт. Адыр – түздөгү малдын баары эле ушулардыкы. Кашарда бир эмес, эки кой -чусу бар. Малды ошолор багат. Эринин эки машинеси бар. Жаңысын сыйга, эскиргенин тоо – ташка минет. Балдарынын алды борбордо кымбат окууларда окушат. Айыл эли ушулардан карыз сурайт. Көп аялдар Батыйнага жагалданып турушат. Анткени алардын баары бир Батыйнага иши түшпөй койбойт да.
Ал Ырыска боору ооругандан эмес, анын айласы түгөнүп турган абалынан пайдаланып иштетип алайын деп чечти.
Ошентип, Ырыстын чоочун айылда бир бөлмө жыгач үйдө жаңы турмушу башталды. Азырынча күн жылуу.Суук түшсө кантишээр экен. Аны да көрө жатаар.
Ырыстын милдети – таң эрте туруп он чакты уйду саап, машинеге тартчусун тартып, айранга дегенин бышырып уютуп, райондон күн ара келген машинеге сүт өткөрүп, тыйынын тактап, айтоор ондон ашык уйдун сүтүн жайгаруу. Идиштерин жууган эле канча жумуш. Кайра эле кеч кирет. Кайра саайт, кайра эле ошол жумуш. Бирок арткан-үрткөп айран— сүт менен эле балдарын эптеп бакчудай. Кызы да чоңоюп калбадыбы, анын да жардамы чоң. Ырыс балдары үчүн уй саамактан тим эле башы менен жер казбайбы... Бир гана жүрөгүн сыздаткан нерсе-балдарынын мектепке барбай калганы. Ушуну ойлогондо алардын жүзүн карай албайт. Анан да кичүү уулу кээде “Атама барам” деп кыңкыстап калчу болду. Аны да эптеп сооротот.
Таягына өбөктөгөн кошуна кемпир кээде шашпай басып иш менен алектенген Ырыстын жанына келип олтурат. Аны “кара кемпир” дешет экен. Кара кемпир Ырыстын жөн-жайын сыртынан уккан өңдөнөт. Кээде эле кобуранып, анын көңүлүн жубатып сүйлөнүп калат.
— Өзүң тирикарак экенсиң. Балдарыңды ушинтип бак эми. Кылган – эткениң дурус. Батыйнага жакшы кызмат кылсаң ал деле ак көңүл келин барбалаңдап. Эмгегиңди жебейт.
Ырыс үндөбөйт. Эмне демек эле. Анын жүрөк дартын булар кайдан түшүнсүн. Кара кемпир кайра сүйлөнөт. Кемпирдин иши ошол эмеспи.
— Жаш экенсиң. Кудайдын айтканы тургандыр. Аялдын чырагы кырк дейт...
Ырыс биринчи күйөөсүнөн ажырашып келгенде тайэнесине курбалдаш кошуна кемпир да дал ушундай сөз айткан. ”Аялдын чырагы кырк” деген. Кырк болсо кана алардын күйгөнү. Жөн эле бир айтылган сөз го. Жок дегенде бири күйсөчү. Ырыс ушуга ичинен ызаланып алат. Анан балдарын ойлогондо кайратына келе түшөт. Кудай баланы ошон үчүн берет окшобойбу?
Батыйнанын күйөөсү Эркебек алгач Ырысты бир бечера катары көрдү. Ал тургай Батыйна келип акылдашканда анчейин ынаган эмес.
— Эки баласы менен кереги эмне, кандай аял экенин кайдан билесиң? — деп корсулдаган.
Ошондо Батыйна да көп сөз сүйлөдү:
— Мен жалгыз кайсыга жетишем. Анда малыңды сатып жогот. Мен сага күң белем. Ансыз да белим ооруп араң жүрөм.Сенин эмнең кетет эле? Айлык деле төлөбөйт элек. Анча -мынча тамак-аш берип тур -макпыз...
— Болуптур, кийирсең кийирчи. Андан да кутула албай жүрөт эмессиңби.
— Ал жагын мага кой. Сени кыйнабайм.
Маселе ошентип чечилген. Эми кызык, эмнегедир Эркебек Ырысты ойлочу болду. Анын токтоолугуна, бир сырдуу муңайым тарткан көз-дөрүнө, ички адебине ал да ошондой аяр мамиле жасагысы келет. Аны аяп жардам бергиси келет. Ыгы келсе жакшы сөз айтсамбы дейт. Ырыстын жүрөгүндө туюк жарадай болгон азап барын алдыртан сезип жүрөт.
Өгүнү аны жыгач үйдөн кашар жактагы дубал үйгө көчүрүштү. Күн салкындап калбадыбы. Анын үстүнө Ырыс күндөн-күнгө Батыйнанын ишенимине кирип келатат. Иштин баарын өз убагында айттырбай бүтүрөт. Тыкандыгы, сергектиги бар. Өз үйүндөй иштейт, көп сүйлө-бөйт. Батыйна Ырыска бир мүшөк ун, картөшкө, май – сай кийирип берди. Дагы кошумча төшөнчү – орун, эски – уску идиш – аяктарынан кайрылышты. Эми кичине жакшы болуп калды.
Батыйнанын да колу узарып, кашар менен этектеги үйдүн ортосунда күнүмдүк иштерди тескеп, көбүнчө этектеги үйдүн тиричилгине байланып калды.
Эркебек элүүлөр чамасындагы корс – корс сүйлөгөн орой чалыш, бирок ак көңүл адам. Мээнеткеч, эч кимдин эмгегин жебеген чынчыл киши. Улуу-кичүүгө өткүр сүйлөгөнү менен Ырыстын жанына келгенде эле сүрдөгөнсүп, аяр сүйлөп калат. Ага ара – чолодо жардам бере коет. Меши быкшып күйбөй жаткан экен, аны оңдоп берди. Отундарды майдалап жарып, кургак турсун деп кире беришке жыйнап койду.Өгүнү жууган кирлери батпай, бадалдарга жайып жүргөн экен, кермесин дагы узарта тартып берди. Ырыс бу кишини кайра убара кылып жатамбы деп ансайын ыңгайсызданат. Эркебек Ырыстын кыйналып жүргөнүн билип турат. Ошон үчүн ыңгайы келе калганда кол кабыш кылып жиберет. Ырыс да башта Эркебекти дүңкүлдөгөн орой неме деп ичинен жактырчу эмес. Көрсө ал кылт эткенди сезип турган кыраакы, ак ниет адам экен. Чын ниетинен жасаган мамилесине Ырыстын да ичи жылып жүрөт. Бирок баары бир өзүн андан окчун кармайт. Эркектен көңүлү калган жаны ишенгиси келбейт.
Алар сууну чоң сайдан алышчу. Күүгүм талаш эки чака менен Ырыс сайга кетти. Чакаларын толтуруп коюп, жээкте шалдайып олтурду. Чарчаган жаны тургусу жок. Суунун шарын тиктеп олтура бергиси келди. Анын сууга баратканын Эркебек көргөн эле. Мал жайгарып жүрүп сай тарапка улам көз таштап жатты. Ырыс жок. Күүгүм коюу— ланып барат. Ага эмне болду? Суу тартып кеттиби? Кайра карады. Көрүнбөйт. Эркебектин тынчы кете баштады. Кечетен бери суу күргүш— төп аткан болчу. Ошону ойлоп ал токулуп турган атына шап минип камчыланып жөнөдү. Эңкейишке жеткенде атын карагайга байлай коюп, ылдыйлап түштү. Тигине, Ырыс олтурат. Эркебектин дабышын угуп ал ордунан тура калды. Ыйлап жатыптыр,көз жашын жашырууга үлгүрбөдү. Эркебек жакын келип Ырыстын көзүн карады. Ырыс үн катпады.
— Эмне болду сага? Батыйна бирдеке дедиби?
— Жок. Мен өзүмчө эле, сиз бара бериңиз...
— Кой ыйлаба, Ырыс. Эки баланын энеси да ыйлайбы? Мен сени кайраттуу келин деп жүрсөм...
Бул сөзгө Ырыстын көз жашы дагы мөлт дей түштү.
— Айтчы? Эмне болду? Кыйналып кеттиңби?
— Жок, жок.
— Мен сени түшүнүп турам, Ырыс.
Дагы эмне деп сооротоорун билбей Эркебек оңтойсузданды.
— Байке, сиздерге ыраазымын, мен кыйналганда...
— Жүрү кеттик, үшүп кетипсиң. Баса, күүгүмдө сууга келбей жүрчү...
Ырыс саамай чачтарын иреттеп, шыпырыла жаздаган жоолугун оңдоп салынды. Эркебек чакаларды көтөрүп жөнөдү. Ырыс анын атын чечип, жетелеп басты. Булардын келе жатканын көрсө Батыйна жер чапчып, чачын жулмак.
***
Ырыс кызык түш көрдү. Үйүндө жарык өчүп, ширеңке таппай кайсалап жатыптыр.Терезеде, босогодо койкоюп тизилген чырактарды жандыра албай убара. Ошо маалда айнектен түрү суук капкара киши ырсайып карап туруптур. Аны көргөн Ырыстын жүрөгү оозуна тыгылып, каалганы көздөй кетенчиктейт. Анан босогодо Эркебектин дабышы чыгып, кирип келет да, чөнтөгүнөн шереңке алып чагып, четки чыракты жандырат. Үй жарык, жылуу боло түшөт. Эркебекти көргөн түрү суук киши тарпылдап качып жөнөйт. Анан улам бир чырак өзүнөн — өзү жылт этип күйүп, үйдүн ичи жапжарык болуп калат.
Ырыс түндө көргөн ушул түшүн күнү кечке эстеп жүрдү. Баягы кемпирлер айтчу “кырк чырак” ушул го деп ойлоду. Кантсе да жакшы түш экенин туйду. Түрү суук кишинин качып кеткени жакшы болду. Ырыстын жүрөгү солк дей түштү. Эстеди, баягы-баягы тамекини аралап келип зордуктап кеткен кара неме экен. Ооба, ошол. Түшүмө киргенин карасаң деп ичиркенип алды.
Ошентип күндөр өтө берди. Бир күнү Эркебек райондон үч көздүү газ, электр жылыткыч анан дубалга такма чоң күзгү сатып келип, Ырыска жайгаштырып берди. Балдарың көрсүн деп жаңы жылдын алдында телевизор кийирип берди. Айтоор ага ар күнү кам көрүп жүрдү. Ырыс да ансайын чын дилинен кызмат кылды. Бир-эки күнгө алысыраак кете турган болсо, Ырыска акырын ыгын таап айтып кетет. Ал дагы Эркебектин келээр жолун карап тымызын күтчү болду.
Бир күнү этектеги үйдөн чыр чыкты. Акыры бул чыр чыкмак. Аял деген кыраакы эмеспи. Батыйна баарын байкап жүргөн экен. Буркан – шаркан түштү:
— Ушу сандалган аялга көзүң түштүбү? Айтып жатышат кошуналар...
— Эч ким, эч нерсе айтпайт. Койсоңчу.
— Кантип айтпайт? “Эриң тигини алып алды беле?” деп жатышат.
Эркебек бир аз үндөбөй туруп, эми болоору болду дегендей токтоо сүйлөдү:
— Батыйна, сен эми ачууланба. Ырысты мен эч кайда кетире албайм. Айта беришсин.Сен кааласаң-каалабасаң да эми ал биздин үй-бүлө.
— Ыя, ошондойду? Ошондой болуп калды беле?
— Болбосо эми ошондой болот.
Эркебек андан ары сүйлөшкүсү келбей, тонун кийип, камчысын алып, сыртка чыгып кетти. Ат үстүндө кыштын таза абасын жиреп кашарды көздөй бастырып баратты. Оюна түркүн суроолор келди: “Эмне үчүн жакшы адамды сүйүүгө болбойт? Жакшы сезимге эмне үчүн тыюу салышат? Бирөөнү жек көргүчө сүйгөн жакшы эмеспи. Эмне үчүн өз сезимимди капаска камап, тумчуктурушум керек? Сүйүү – бул жак-шылык да. А жакшылыкка эмне үчүн бөгөт коюшат? Булар билишпейт Ырыстын жакшы аял экенин.
Эркебек ушуларды ойлоп кашарга жакындап келатты. Мына азыр барып айтышы керек. “Сен эми эч кайда кетпейсиң. Сен менин үй – бүлөмсүң. Силерди эми эч кимге кор кылбайм” деши керек. Ушуну канчадан бери айта албай жүрбөйбү. Бүгүндөн калбай айтышы керек. Канчага чейин кыйналып жүрө берет?
Бу маалда Ырыс да негедир уктай албай, шырт экен дабыш чыкса баш көтөрө калып жатты. Келди бекен деп терезеден аркы үйдүн жарыгын карайт. Келе элек. Келсе терезеси күймөк. Койчулардын да жарыгы өчтү. Жатышты окшойт. Эркебек келе элек. Аны эмнеге күтүп жатка -нын Ырыс өзү да билбейт. Анын келгенин билсе анан көңүлү жайланып, бир беткей уктап кетмек балким.
А Эркебек болсо жаш жигитче көкүрөгү өрөпкүп, Ырыска шашып келатты. Ак карлуу кышта жүрөгү алып-учуп келатты. Эми ал элдин кеп – сөзүнө кайыл, айта беришсин. Баардыгын өз мойнуна көтөрөт. Бир гана Ырыс эч кайда кетпеши керек. Аны балким тагдыр өзү ушул үйгө алып келгендир.
2007-жыл. Октябрь-ноябрь
© Элмира Ажыканова
Количество просмотров: 2769 |