Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Гулайым Мукарамова, 2014. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 7-апрели

Гүлайым МУКАРАМОВА

Козу-Баглан

 

Лейлегим-алтын бешигим

Сүйүү-отун жагып сезимдин,
Сен болдуң-ырыс кешигим.
Канча жер тузун татсам да,
Канбайт ко сага көңүлүм.

Ак пейил, март элимдин,
Арзуусу болдуң көңүлдүн.
Ак мөңгү баскан тоолоруү,
Асылы беле жерлердин.

Лейлегим менин лейлегим,
Өзүмдү сендик сеземин,
Кан-жаным сенден бүткөндөй,
Жуурулуп сага кетемин.

Лейлегим менин-бейишим,
Өзгөчө таттуу жемишиң.
Өмүрүм сага байланган,
Өзүңсүң өмүр-бешигим.

Өрөөнүң шыбак жыттанган,
Чыксам дейм жазып кумардан.
Пирлерим мени колдосун,
Бир черин жазган ырлардан.

Айланып алыс кеткенмин,
Туз-ашы буйруп Сибирдин,
Канча жыл өмүр өтсө да,
Таналбайм сендик экеним.

Бир чындык сени сүйөөрүм,
Таптаза сага тилегим.
Жалындап жанып өсө бер,
Жүрөгүм сендик Лейлегим.

Кыдырып канча жүрбөйүн,
Кайрылып сага келемин.
Күн нурун сүйүп жылыткан,
Жыргалы сенсиң өмүрдүн.

Байырлап учса илегилегиң,
Бакытты сен деп билемин.
Бапестеп мени өстүргөн,
Лейлегим-алтын бешигим!

 

Илегилек кушу

Илегилек кушу, тээ алыска учушкан,
Табияттын төрт мезгилдүү ыгынан.
Алтын уя, өз туурун самашып,
Мончок жашы көктөн кулап чубурган.

Кайтып учуп, жылда келет жасанып,
Мекенине тунук сүйүү, жаз алып.
Сүйүүсүнө туткун болуп турганда,
Мезгил кыстайт, болдучу эми кайталык.

Сулуу кушту алар да сүйүп калышкан,
Мекен бирөө, уялар тээ алыстан.
Мекен деген жипсиз тартып өзүнө,
Илегилек айланып учат байыртан.

Учуп барам темир канат байланып,
Мөлтүр жашым карегимде айланып.
Ак булуттай таркап бүтпөй кусалык,
Калдым окшойт мен да кушка айланып...

 

Козу-Баглан

Элесиң жан дүйнөмдү ээлеп алган,
Эстен кетпейт кооз үнүң шанкып аккан.
Жашоого өмүр берип көрктөндүргөн,
Өзүңсүн өмүр суусу Козу-Баглан.

Көркөмүң көп тоолордун сүртүп аккан,
Сүйдүрүп ай-жылдызды көктө жаткан.
Арзуусун айтып бүтпөй жашап келет,
Айды көрдүм кучагында балкып турган.

Чагылып күн нуруна көркүн чачкан,
Суктанып Илегилек кушу сүзүп учкан.
Ажарын айылымды ачып турат,
Ардагым сен кереметтүү Козу-Баглан.

Көрсөм деп сезимимде күндөп барам,
Көз мончоктой балалыгым сенде калган.
Кыялдары суудай тунук балалыктын,
Кайрып берчи көз ирмемге Козу-Баглан.

Тынч бербей көкүрөктү оёт арман,
Толукшуп толкунуна сырым айтам.
Жарасын жүрөгүмдүн дарылап кой,
Мен сүйгөн касиеттүү Козу-Баглан.

Атылып ак кар тоодон ылдый аккан,
Агымы кылым күүсүн чертип жаткан.
Шоокумун энем сындуу мээрим төгүп,
Чачтарымдан сылагылайт Козу-Баглан.

Ыйык суу кылым санап агып жаткан,
Ырларыма тунуктукту сенден алгам.
Канча ирет кучагыңда чөмүлгөнмүн,
Мен эңсеп жүрөк сүйгөн Козу-Баглан!

 

© Гулайым Мукарамова, 2014

 


Количество просмотров: 1716