Главная / Поэзия / Котормолор
© Кыргызчага У.Ж.Жунушбаев которгон, 2014. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 19-майы
Дос жөнүндө ыр
Владимир Высоцкийдин ырларнан котормо.
Дос жөнүндө ыр
Эгер дос негедир болсо бош
Дос эмес, кас эмес бир неме.
Эгер көрүп тааныбасаң
Анын жаман же жакшысын.
Жигитти тоодон көр — барып көр,
Таштаба, жалгыз калтырба.
Бир жипке байланган сени менен
Ошондо билесиң ким экенин.
Эгер тоодон аның багынып,
Калтаарып, ылдый кетсе качып,
Мөңгүдөн калтырап, шалпыйып
Тайып кетсе – ообу жок кыйкырык.
Жат адам анда жаныңда.
Сен аны кубала, урушпа.
Бийикке буларды алышпайт,
Буларга ыр арнап ырдашпайт.
А эгер наалыбай, ыйлабай,
Үңүрөй өжөрлөп, өргөлөп.
Тайганда капыстан аскадан
Тиштенип коё бербей кармаган.
Катарлаш майданга баргандай,
Чокуда ал турса бараандай
Анда сен өзүңө ишенсен
Ушундай досуңа ишенгин.
Песня о друге
Если друг оказался вдруг
И не друг и не враг, а так.
Если сразу не разберешь,
Плох он или хорош.
Парня в горы тяни — рискни,
Не бросай одного его.
Пусть он в связке одной с тобой.
Там поймешь, кто такой.
Если парень в горах не ах,
Если сразу раскис и вниз,
Шаг ступил на ледник и сник,
Оступился — и в крик.
Значит, рядом с тобой чужой.
Ты его не брани — гони.
Вверх таких не берут, и тут
Про таких не поют.
Если ж он не скулил, не ныл,
Если хмур был и зол, но шел,
А когда ты упал со скал,
Он стонал, но держал,
Если шел он с тобой, как в бой,
На вершине стоял, хмельной,
Значит, как на себя самого,
Положись на него.
Кемелер
Кемелер көп турат,
Анан кетишет.
Ызгаар түндү кесип
Кайтадан келишет...
Мен келем, арадан
Жарым жыл да өтпөйт,
Анан кайрадан
Жарым жыл — өзгөдө.
Бардыгы кайтышат,
Эң жакшы досуңан башкасы,
Эң ажар, эң ынак жарыңан башкасы.
Бардыгы кайтышат,
Сен үчүн бир адам эң зарыл,
Ошондон башкасы.
Тагдырга ишенбейм,
Өзүмө ишенбей да калгам.
А бирок ойлойсуң -
Мындай эмес бардыгы деп.
Кеме өрттөп,
Келбейм дегениң калдыбы деп.
Мен сөзсүз келем,
Досторумда, кыялымда...
Мен сөзсүз ырдап берем,
Өтпөйт арадан жарым жыл да.
Корабли
Корабли постоят
И ложатся на курс,
Но они возвращаются
Сквозь непогоду...
Не пройдет и полгода
И я появлюсь,
Чтобы снова уйти на полгода.
Возвращаются все,
Кроме лучших друзей,
Кроме самых любимых
И преданных женщин.
Возвращаются все,
Кроме тех, кто нужней.
Я не верю судьбе, а себе еще меньше.
Но как хочется думать,
Что это не так,
Что сжигать корабли
Скоро выйдет из моды.
Я, конечно, вернусь
И в друзьях, и в мечтах...
Я, конечно, спою — не пройдет и полгода.
***
Шаардын чуусуна, унаалар тыгынга
Кайтабыз – барчу жерибиз жок анткени!
Багынткан чокудан түшөбүз ылдыйга,
Тоолорго жүрөктөр ташталып кеткендей.
Койгун эми, ташта дайыны жок талашты!
Бардыгын өзүмө мен эми түшүндүм –
Тоолор гана болоор тоолордон жакшы,
Багынта элек турат сени күтүшүп.
Көөнү тартпай ким кетип калчу эле?
Жамандыкта ким жалгыз калгысы келет? –
Багынткан чокудан төмөн барчу элек,
Арга канча, жараткан да кээде жерге түшөт.
Койгун эми, ташта дайыны жок талашты!
Бардыгын өзүмө мен эми түшүндүм –
Тоолор гана болоор тоолордон жакшы,
Багынта элек турат сени күтүшүп.
Канча сөз, канча үмүт, канча ыр, темалар
Жаралат тоолордо, калгын деп чакырат.
Ылдыйга түшөбүз – түбөлүк, бир жылга,
Анткени өз жерге адам дайыма кайтат.
Койгун эми, ташта дайыны жок талашты!
Бардыгын өзүмө мен эми түшүндүм –
Тоолор гана болоор тоолордон жакшы,
Багынта элек турат сени күтүшүп.
***
В суету городов и в потоки машин
Возвращаемся мы — просто некуда деться!
И спускаемся вниз с покоренных вершин,
Оставляя в горах, оставляя в горах свое сердце.
Так оставьте ненужные споры!
Я себе уже все доказал -
Лучше гор могут быть только горы,
На которых еще не бывал.
Кто захочет в беде оставаться один?
Кто захочет уйти, зову сердца не внемля?
Но спускаемся мы с покоренных вершин -
Что же делать, и боги спускались на землю.
Так оставьте ненужные споры!
Я себе уже все доказал -
Лучше гор могут быть только горы,
На которых еще не бывал.
Сколько слов и надежд, сколько песен и тем
Горы будят у нас и зовут нас остаться.
Но спускаемся мы — кто на год, кто совсем,
Потому что всегда, потому что всегда мы должны возвращаться.
Так оставьте ненужные споры!
Я себе уже все доказал -
Лучше гор могут быть только горы,
На которых никто не бывал.
© Владимир Высоцкий
© Кыргызчага У.Ж.Жунушбаев которгон, 2014
Количество просмотров: 3116 |