Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Котормолор
© Владимир Высоцкий
© Кыргызчага Таштанбек Чакиев которгон, 2014. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 28-майы

Таштанбек Темирбекович ЧАКИЕВ

Боордоштордун мүрзөсү

Тилекке каршы, бу опаасыз дүйнөдөн өзүнүн жазмыш буюрган тагдыр жолу, көңүл-кую, жараткан ыроологон таланты менен башкалардан айырмаланып турган бир өзгөчө адамдардын тобу жашап өткөндүгү маалым. Дегеним, дал мына ушул адамдардын өмүр таржымалы аңызга айланып, жалпы эл массасынын аң-сезимине революциялык бурулуш жасоо менен келечектеги генийлердин жаралышына ар дайым өбөлгө болуп келген. Мына ушундай адамдардын бири болуп, акын жана бард, мыкты кино актёр – Владимир Высоцкий саналат.

 

БООРДОШТОРДУН МҮРЗӨСҮ

Ача жыгач жок мында, ал анткени
Боордоштордун мүрзөсү мына бул жай.
Таазим кылса ким бирөө өчпөс отко,
Кимдир бирөө гүлчамбар келет кармай.

Жер камырдай ийленген ал бир заман,
Тунжуроодо азыр мында моло таш.
Тагдырым деп, таалайым деп эзели,
Төкпөйт мында жесир келип көздөн жаш.

Өчпөс оттон танк элеси көрүнөт,
Өрт чулгаган орус үйлөр анан да,
Күйүп жаткан Смоленск, рейхстаг,
Солдат бала моюн сунган ажалга.

Боордоштордун мүрзөсүнө гүл кармап,
Жесир эмес, кайраты күч эл келет.
Мекен үчүн ажалга тик карачуу,
Мекен тууган ар бир бала эр жетет!

БРАТСКИЕ МОГИЛЫ

На братских могилах не ставят крестов,
И вдовы на них не рыдают,
К ним кто-то приносит букеты цветов,
И Вечный огонь зажигают.

Здесь раньше вставала земля на дыбы,
А нынче – гранитные плиты.
Здесь нет ни одной персональной судьбы -
Все судьбы в единую слиты.

А в Вечном огне виден вспыхнувший танк,
Горящие русские хаты,
Горящий Смоленск и горящий рейхстаг,
Горящее сердце солдата.

У братских могил нет заплаканных вдов -
Сюда ходят люди покрепче.
На братских могилах не ставят крестов,
Но разве от этого легче?..

 

ШОК ЭЛЕМ, АЯЛДЫ СҮЙЧҮМҮН 

Жаштыкты, мастыкты, аялды
Сүйчүмүн жашоонун өзүндөй.
Болчу эмес ушактын аягы,
Мен калган чынында чөмүлбөй.

Бир курдай деңиздин жээгинде
Жол менен жөн гана баратып.
Жолуктум татына келинге,
Бир бастык анан биз жанашып.

Сымбаты сынына жарашкан,
Үр кызы өңдөндү ал мага.
Аттиң аа, чөнтөктө адашкан
Тыйын жок, аңтаргын-аңтарба!

Анткени, сүйөт ал акчаны;
Жигиттин көбүнө көз кысат.
Жарашса колуна алганы,
Кучагың тосо бер, жыгылат.

“Мен сага беремин каалаган
Нерсеңди... Эч коркпо Вася!-дейт.
Мен айттым: “Жүз сомго көнүп бер,
Жаныма досумду алам деп!”

Албуут да көпчүлүк аялдар:
Ай-койго келбестен жөнөдү!..
Көңүлүн мынчалык жаралаар,
Не дедим, түшүнбөй күн өттү.

...Ай өтүп көңүлдөр жайланып,
Калганда капыстан ал келди.
Келгенин акыры айланып,
Дедим мен: “Акыры баа жеңди!”

Я ЛЮБИЛ И ЖЕНЩИН, И ПРОКАЗЫ

Я любил и женщин, и проказы:
Что ни день, то новая была, –
И ходили устные рассказы
Про мои любовные дела.

И однажды как-то на дороге
Рядом с морем – с этим не шути –
Встретил я одну из очень многих
На моем на жизненном пути.

А у ней – широкая натура,
А у ней – открытая душа,
А у ней – отличная фигура, –
А у меня в кармане – ни гроша.

Ну а ей – в подарок нужно кольца;
Кабаки, духи из первых рук, –
А взамен – немного удовольствий
От ее сомнительных услуг.

"Я тебе,– она сказала,– Вася,
Дорогое самое отдам!.."
Я сказал: "За сто рублей согласен, –
Если больше – с другом пополам!"

Женщины – как очень злые кони:
Захрипит, закусит удила!..
Может, я чего-нибудь не понял,
Но она обиделась – ушла.

...Через месяц улеглись волненья –
Через месяц вновь пришла она, –
У меня такое ощущенье,
Что ее устроила цена!

 

© Владимир Высоцкий
© Кыргызчага Таштанбек Чакиев которгон, 2014

 


Количество просмотров: 1700