Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Сын, адабият таануу, Сын / Публицистика / "Манас" эпосу, кичи эпос
© Кайнар Мамбетов, 2014

Кайнар МАМБЕТОВ

Уятсыз окуу китеп

Профессор Бексултан Жакиев түзгөн Манас эпосу кыргыз элинин ыйык баатырынын аброюна шек келтирген, жаш муундарды тарбиялоого ылайыксыз китеп экен. Мындай ыпластуу вариантты өкмөт каржылап. Билим берүү министириги мектептерге окуу китеби катары бекиткени таң каларлык иш.

 

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрөгасы профессор Каныбек Осмоналиевге

Урматтуу Каныбек Осмоналиевич!

2011-жылы кабыл алынганмыйзамда “Манас” эпосукыргыз элинин философиялык көз карашынын, адеп-ахлак, руханий дүйнөсүнүн энциклопедиясы катары калыү элге жеткирүү, жаш муундарды тарбиялоо максаты коюлган.

Профессор Бексултан Жакиевтүзгөн, КР өкмөтүкаржылап, Билим берүү жана билимминистрлиги бекиткенканондоштурулганокуу китеби боюнча мектептерде сабак жүрө баштады. Бирок бул окуу китебинде Манастын аброюна шек келтирген, жаш муундарга тарбия берүүгө ылайыксыз окуялар бар экен. Андыктан көп учурда окуучулардын суроолоруна жооп табылбайт экен.

Алманбет Кытайдан качып Манаска келгенде:

– Балам Манас, келгин! – деп...
Баштап ээмп бергин! – деп
Байбиче айта салганы.
– Мамаңды маа да бергин! – деп
Алманбет чуркап барганы...
Оң эмчегин алганы,
Оозуна Манас салганы.
Сол эмчегин алганы...
Алманбет ээмп калганы.
– Отуздагы баласы
Зоңкоюп эмчек эмди, — деп
Бай Жакып күлүп калганы
(115 бет)

Муну окуганда отуздагы эки зоңкойгон баатыр чүкөдөй болгон кемпирдин салаңдаган эмчегин соруп аткан карикатураны элестетип окуучулар каткырып күлүштү.

Мындай обу жок апыртманы окуу китепке киргизүү зарыл беле?

“Манастын Каныкейге үйлөнгөн” окуясында:

Кызын самап кызыгып,
Кыраан Манас дегдеди...
Уктап жаткан Санинин,
Койнуна колун салганы,
 — деген сөздөр бар экен. (121бет)

– Эки аялы бар, жашы 36-га келген Манас өзүнөнкичүү 16 жаштагы кызга кол салганы уят эмеспи? – деп сурадыокуучу кыз.

Бул окуянын аягына чыкканда ого бетер уят болдум.

Кайран жеңең Каныкей...
Чалкасынан жатыптыр,
Чатып кенен ачыптыр,
Оёну чыкты үстүнө...
Тыягын айкөл матырып,
Кабагы күндөй ачылып.
Түрө түртүп зыргытып,
Түбүнө чейин мылгытып.
(124-бет)

Манасчылар мындай ыплас порнографияны жаш балдардын, келин-кыздардын алдында айткан эмес. Адеп-ахлак деген кайда?

“Көкөтөйдүн ашын” окуганда өтө көп суроолор болду:

Көкөтөй өлүп жатканда,
Бокмурун келип калыптыр
Жакыптын жалгыз Манаска
(Көпкөндүгүн карачы – а!)
Кабар бербей калыптыр...
Көкөтөйдүнкараашка
Манас келбей топурап
Салбай калган топурак!
(131-бет)

– Ташкенттен Таласка атчан барып келүү 40-күндүк жол экен. Көкөтөй ошончо күн көмүлбөй жата бермек беле? – деп күлдүрдү дагы бир окуучу.

– Он беш жашар Бокмурун: “өөдөсүнгөн Манаска өлсөм да кабар салбаймын!” – деп атасынын ашына Манасты чакырбай, кыргыздарга кыргын салып, Алтайга кубалаган Алоокени, баатырды бала кезинде өлтүрмөк болгон Нескараны, Жолойду, Ороккырды, кандуу душманыКоүурбайды чакырганы кандай?

– Бүт Туркестанды багынтып, дүркүрөтүп турган падыша Манасты жап-жаш бала кантиптеңине албасын?

– Көкөтөйдүн баласы келесообу, же өз элинин душманыбы?

– Манастын өзүн “даардая түшөт экенсиң” — деп жемелеген, касташкан алты канды тынчытканакынлман Кошой, ага-туугандары чимкиригин агызган жаш баланы тыя албай калганбы?

Же алардын баардыгы Бокмурундунбешбармагына келгенде, бардыгынунутуп душмандары менен табакташ болгонбу? Ар намыс кайда?

– Жаш Айдар ашка чакырып келгенде, Манас:

– Көкөтөй атам өлгөндө,
О дүйнөнү көргөндө
Бербедиң неге кабар?
 — депкылычын сууруп кабарчы баланыөлтүрмөк болгондо, Каныкей менен Бакай жалынып – жалбарып жатып араңдан – зорго ажалдан алып калат экен. (137-бет).

Падыша Манас кабарчы, элчи кол тийбес экенин билбейби?

– Элүүдөн ашканча бала көрбөй зарлап жүргөн Манас бешбармакка кеч чакырдың деп таарынып, эч бир күнөөсү жок жаш баланы өлтүрөм деп жулунганы ыймандуулукка жатабы?

Аламан байгеге келген аттарды көрүп Манас:

– Аябай күндү жаадыргып,
Ат семизи кымпыйып.
Арыктар өлсүн тымпыйып!
 — деген буйрук берет экен.

Алманбет сууга жай таш салып, мөндүр жаадырып, тердеп турган тулпарлардын көбүн үшүтүп өлтүрүптүр.

Мөндүр түштү дыбырлап...
Каршы-терши ургулап...
Чобурдун баары бул түнү
Ичи көөп өлдү дыүкыйып.
(141-бет)

Андан кийин Алманбет:
Сараланы жабуулап,
Кытайча таажы кийиптир...
Кабыландын Аккула
Артыла сүрөп алыптыр...
Калың кытай баарысы
Алакеңди көргөндө
“Атактуу кытай ханы” – деп
Кошо сүрөп алыптыр.
(156-бет)

Демек, Манас менен Алманбет мелдештин олимпиялык шертин, эрежесин бузуп тулпарлардын көбүн мыкаачылык менен үшүтүм өлтүрүп, кытайларды алдап Аккуланы сүрөтүп байге алган экен да!

– Мындай иш калыстыкка жатабы? – деген суроолорго жооп табылдбады.

Сагынбай Орозбаковдун вариантында “Көкөтөйдүн керээзи” башкача айтылган.Мааниси да өтө терең, анткени бүт эл журтуна, кийинки муундарга багышталган.

– Өлгөнгө да мал керек,
өтүрүкчачып не керек?
Калың журткакылганы
Үлгү болуп калбасын!..
Ааламдын баары жыйылып,
Ашыма келип калбасын,
Атпай кыргыз журтуна
Азапты балам салбасын...
Улук баатыр Манаска
Кабарын айтып өтпөсүн.
Көңүлү жакын эр эле,
Чоролорун наалытып
Көптүрбөсүн өпкөсүн...
– дейтхан Көкөтөй керезинде.Он беш жаштагы Бокмурун: “атам керээзин мени сынап айткан экен” – дептүшүнүп, канаттуу Мааникер атын минип (жомоктогу вертолет) түнү менен Манаска учуп барып кабар айтат.

Манас өтө кайгырып: Атаңдын ашына эмитен даярдан, дос-душмандарды кеңири чакыр. Бардыгы көрсүн азыркы кыргыздардын айбатын, — деген буйрук берет.

Көкөтөйдүн ашында кан төгүлөт. Аягы Чоң казаттын трагедиясы менен бүтөт. Атпай кыргыз журтуна азап салынат. Себеби акылман карыянын керээзи аткарылган эмес.

“Карынын сөзүн капка сал”.

“Көкөтөйдүн ашы – чоң чатактын башы”.

“Көкөтөйдүн ашын кылбагыла”, — деген насаат эл арасында алигиче айтылып келет.

Бирок негедир канондоштурулган окуу китебинде башкача вариант берилиптир.

Китептин аягында дагы бир ыңгайсыз окуя бар экен.

Манас каза болуп, табытта жатканда, Коёналы деген жаш бала келип:

Салам айтып сабылып,
– Кан атам! – деп жалынып...
Жумулуп кеткен Манастын
Колунан кармап алды эми.
Кайра көзү ачылып,
Кайра ойгонду Манас шер...
Назарын Манас салды эми,
Коёналы чунакка
Көзү түшүп калды эми...
Ошондо кайран энең Каныкей...
Боздоп ийди буркурап:
— Оңбогонтөрөм, оңбойсуң,
Качан болсо, о Кудай!
Ач көздүгүн, койбойсуң!
– деп өлүп жаткан баатырды тилдейт. (218 бет)

Эртеси Коёналы да өлүп, сөөгү табылбай, атасы “кан аралаш көздөн жаш төгүп” боздоп калат экен.

– Манас өлгөндөн кийин да кичинекей баланын жанын алып, эне-атасын боздоткону кандай? Айкөлдүгү эмнеде? – деген суроого да жооп табылбады.

Мындай окуя окурмандарга кандай түшүнүк берет?

Бул канондоштурулган вариант “азыркызамандагыокурмандардын талабына ылайыкталды” – деп жазыптыр түзүчүпрофессор

Бирок иш жүзүндө андай болбоптур.

Кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө, кудайындай сыйынган баатырынын аброюна шек келтирген, жаш муундарды тарбиялоого ылайыксыз китепти өкмөт каржылап, Билим берүү жана илим министрлиги бекиткени таңгаларлык иш.

Быйыл 26 мартта чыккан “Искра” гезитинде:

“Билим берүү министрлиги, Билим берүү академиясы дагы өздөрүнүн эле чыгармаларын таратканы менен алек... Билим берүү министрлиги өзүнүн түз жоопкерчилигинен качып жатат” – деп айтканыүыз абдан туура экен, урматтуу Каныбек Осмоналиевич!

 

Мектеп мугалими Кайнар Мамбетов

 


Количество просмотров: 4386