Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сарманбетов А.И., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 27 ноябры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Мекенсиз

(аңгеме)

Чыгармада Токтогул суу сактагычы алдында калып, “кичи мекенинен” ажырап калган адамдардын армандуу тагдырлары, өткөн системанын жаңылыш саясаты чачылдырылат. Мурда жарыяланган эмес


    Белортосунан көпкөк суу мелт-калт толгон кууш капчыгайды бойлой кеткен кан жолдо жалтыраган кара “мерседес” зуулап келатты. Жайдын толуп турган маалы, бирок, капчыгай ичи салкын. Өрөөндү өрдөй чубалган Токтогул суу сактагычынан улам болсо керек. Саргарган тоо жонунда карайган кесек таштар менен анда-мында сейрек бадалдардан башка кыбыраган жан жок. Төбөдөгү көк асманда жалгыз бүркүтпү, кулаалыбы канатын калдайта жайып жай каалгыйт. Аң издеп жатса керек. Тоо боорундагы жазгы жашыл бетеге саргарып, күйүп кеткен.

Зыпылдаган машина эңкейиш жолго өтүп, жайыкка чыга бере жол четине токтоду. Арткы эшигинен сеңселген суюк ак чачтуу, курсагы салаңдаган эркек ыңгырай жерге бут таштады. Мойнундагы чаңкайган кызыл галстугун сыдырым желге булактата жол четине чыгып токтогон ал, эки бөйрөгүн таянып, машинадан чыгып жанына жете келген шыңга бойлуу жигитке көңүл буруп койбостон суу бетин саал тиктеп алды да, аста сууну беттей басты. Бу жер капчыгайдын эң жайык жери болгон менен бардык суу тегереги тик аска. Ошондон улам эркек канчалык жакындагысы келип, жол издеген менен сууга жете албай, төмөндөгү борчукка жетип токтоду. Көгөрө чалкып жаткан суудан көз албайт. Ойлуу. Мынчалык неге жайдак суу бетин теше тиктейт? Же ойкуган бир ак чардак, кайыгынан кайырмак салган балыкчы болбосо...

Ал, Керез болчу. Ооба, мындан кырк жылдай мурда Орусиянын Куйбышев шаарына кеткен жигит. Окуйм деп...

Анын эсине он жылдай илгери Москванын көчөсүнөн жолуктурган ак калпакчан кыргыз түштү. Алтымыштан өтүп калган арык, жүдөө кишинин ак калпагын алыстан, көп ичинен көрүп эле кыргыз экенин билип салам берген. Көрсө ал Токмоктогу эт комбинатынан ири акча жеп, “Матросская тишинага” он эки жылга кесилип, эми бошоп чыгып мекенине кайтып бараткан кески экен. Жакшы иш таап берейин, мага караан бол, Кыргызстанга барганда эмне кыласың, аякта иш жок, түрмөдөн чыкты деп сени ким жарытылуу жумушка алмак эле, азыр жаңы телчигип келаткан ажерде ач, кайгуул заман дегенинде тиги “жок, кыйла жыл түрмөдө камыгып жатып ден соолугум кетти, эми өлөөрүм эле калды, өз элиме, мекениме барып өлүшүм керек, көңүлүм ток” дегенде ага таң калган. Адам үчүн кайда өлөөрү баарыбир эмеспи. Өз жеринде өлгөндөн кантип көңүлү ток болуп калсын деп. Аэропортко чейин узатып барган Керезге бейтааныш жердеши коштошуп жатып “сен да эртеби-кечпи баарыбир мекениңе барасың, эл-жер деген кыйын, адамдын жаны менен бирге, атажурту акыры тартпай койбойт” деген сырдуу. Анын айтканы чын чыкты...

Ким билсин, ошол жылы ойдо жок опаасыз бир чоң окуя болбогондо Керездин тагдыры кандай болмок... Азыркысынан алда канча артык, топуктуу, толук болор беле...


    Ошондо, узун жылан сымал ийрелеңдеп, капчыгайды өрдөй аккан дайранын жээгиндеги түйдөктөй айылды тирукмуш кабар аралай баштаган. Капчыгайды төмөнтөн тосуп, сууну бууп, өрөөндү капортосуна чейин сууга толтурат экен. Ондон ашык айылдардын элин туш тарапка көчүрүп, суу сактагыч салынат экен деген. Деги, элдин кулагы уганак. Айтканы дайым чын чыгат. Чынында эле бу жолу да ошондой болду! Көп өтпөй өрөөндөгү нечен айыл там-короосу, бак-шагы, көчө-жолу менен суу алдында кала берди. Там-ташы курусун, баарынан да эзелки ата-бабаларынын сөөктөрү жаткан көрүстөндөрүнүн сууга көмүлүп кеткени элдин жанына катуу батты! Адам баласы эстутуму менен өлүмдү жеңип жашайт тура. Өтмүштөгү, көздөрүн көрбөгөн да, кечээ эле ийиндеш жашап өткөн маркум жакындары менен бу жалган, тиги, чын жашоодо жаноттору өтмө катар ширелишип жашайт турбайбы. Буйрукчул бийликтин өктөмү менен туш-тушка таруудай чачырап кетсе да, капчыгайга суу толтурулат экен деген чагылгандай ачуу кабарды угары менен агылып келген эл түштүк жээгиндеги кырга зымда конгон чымчыктардай кыркаар тизилип, күнүгө келип алыстан байкоос салып турушту. Али ишене бербеген алар качан гана боор эти менен тең айылын күн өтө мелтиреген суу баса баштаганда чуру-чуу түшүп, бакырып ыйлаган менен анчейин акылдан айрылышкан эмес. Качан гана дөбөдөгү көрүстөн сууга четинен чөгө баштаганда жинди болуп кете жаздашты , акылынан айнып, албууттанып, жин ургандай жулунушуп... Кемшийген кемпирлер түгүл кечээки эле келин-кыздар кошок кошушпадыбы, ошондо, беттерин кызыл-жаян тытып. Анан кантишсин! Ар кимисинин кымбат адамдарынын, о дүйнө салган жакындарынын асыл арбактары суу алдына түбөлүк көмүлүп, бирото айрылып жатса!

Керез да ата-энесинин жанашкан күмбөздөрүн суу жайпай баштаганда жан дүйнөсүнө жарык чачкан белгисиз кубаттан, өткөн өмүр-жашоосунан түбөлүк кол жууп жатканын сезип, акылынан айнып кете жаздады. Тамагы айрылганча эне-аталап бакырып, жулунганы эсмас эсинде. Колдорунан жулка тартып, жерге баса жыгылган топ милийсалар болбогондо ата-апасынын күмбөзү менен кошо сууга кетет беле... Көрсө, адам пендеси кымбат адамдарынан айрылган менен алардын акыркы жайын көргөндөн каниет алып, топук-тооба кылып жашайт тура. Эстутуму менен өлүмдөн улук турбайбы!..

Керез жалгыз бала болучу. Ошондон улам анын атын бизден да, ата-бабаларынан да жалгыз — Керез деп ырымдап коюшкан окшобойбу. Балким, ата-энеси алда-неден аян алып, бирок, аны акырына чейин толук аңдай алышпай, өз армандары менен чектелип калышса керек. Эми ал, бүтүндөй бир тукумдан тургай, азыр набыт кеткен бир айылдан да жалгыз керез болуп, моло таштай соксоюп турганы!


    ...Согуштун капортосу ченде жарадар болуп келген атасы үйлөнгөндөн жыл айланбай балалуу болгондо мураскерлүү болдум, тукумум улантар керездүү болдум деп, жерге батпай сүйүнүп, эзели кыйгыс жалгыз чобур атын союп, бүт айылды кой, кайын-журтун, коңшу элдерди да чакырып той берген деп калчу эле энеси. Ачарчылык, жокчулук, бир пендени да соо калтырбай кайгы кайыштырган агезде андай той берүү кайда?! Улуу, кан кечкен согушка бозбаш бойдок бойдон барган атасы чымындай боо түшүп кырылган кишилерди көрүп, өзүнүн да ажалы жанында көлөкөдөй дайыма ээрчип жүргөнүн даана туюп артымда тукумум калбай, байыртан уланып келген бабалардын байсалдуу тукумун үзүп аламбы деп корккон окшобойбу. Эгер жаратынан жабыгып жүрүп кырк бир жашында дүйнө салып кете бербегенде, азыр сексенден аз эле ашмак экен. Андан кары абышкалар деле жүрбөйбү. Аттиң, десең. Кан күйгөн согуштан өлбөй, аман келген атасынын эми минтип, акыркы турагы болгон мүрзөсү да жок калды. Болгондо да өз атажуртунда!

Чолпондой энеси да жарыкчылыктан эрте кетет деп эч күткөн эмес. Жан адамга арызданбай, оорудум-соорудум дебестен, тилин тиштей муңайым жүрүп эле Керези мектепке бара баштаган жылдын кышында төшөгүнөн турбай жатып алды. Абышкасынын күйүтүнөн эле күйүп кетти дешет. Экөө жаштайынан катуу арзышкан экен. Өзөктөн алган күйүт жаман тура! Отуз жашка жетпей чүнчүп, карайып, ширидей катып кетти.

Керез коңшу айылдагы таята-таенесинин колунда чоңойду. Атасы да жалгыз эле... өз тууганы жок... Табият мыйзамы татаал, сырдуу экен го. Эми Керездин өзүнүн баласы да жалгыз...

Ошол, айылы суу алдында көмүлүп калган жылы Керез мектепти бүтүп Фрунзеге келди да политехке тапшырып, андан Куйбышев институтуна тандалып алынып кете берди... Эми, ошол бойдон келгени мына. Жок, биринчи курсту бүткөндөн кийинки жайда келген...


    Таятасы каза болгондон кийин бели бекчейген таенеси кызынын колунда эле. “Байкуш, Айнашымдан калган көрөр көзүм” деп, жетине албай кемшиңдей жашып, чекесинен өөп, Керезге... апасын эске салган. Экөөнүн окшоштугу көп болчу. Баарынан да көздөрү, кыймыл-аракеттери... Ошондон уламбы, жашоосундагы жалгыз караан тутканы да таенеси эле. Эми ал да жок. Кайда көмүлдү, билбейт. Эч ким ага кабар айтып, куш тилиндей телеграмма берип койгонго жарабады. Ошол келишинде ата-энесин сагынып, жок дегенде көзгө тааныш, жанга жакын мүрзөлөрүнө барып, топурагын козгоп, куран окуй албаганына күйгөнүчү! Мүрзө да болсо караан, каниет экен го, тирүү жанга. Мезгилинен адашкан маңкурттай үч-төрт күн каңгып жүрдү да, таенеси менен коштошуп, акыркы экенин сезбестен Керез кете берген. Ошондон бери келгени ушул. Кимге келмек эле? Эбиреп-жебиреп, көз көрүнөө жактырбай силкилдеген таежесине, же аялына алдырып койгон койдон момун таажездесине келмекпи? Тели-теңтуш, тааныш айылдаштарынын баары из таптырбай туш тарапка таруудай чачылып кетишкен. Ар кимиси өз турмушу менен алек. Өлбөгөн жанга оокат керек тура. Керез ошол, окууга кеткен бойдон эч бирин кездештирген жок. Баарынын башын кошкон айылы жок болсо ошол да. Айылдаштарын тимеле жер жутуп кеткендей. Жылан сыйпагандай тирүү жан калбай, үй-көчөлөрү каңгырап ээн калса да ар бир там-ташы, тереги тааныш, карааны сүйкүм айылы аман болсо эмне? Кокту-колоттору, алардагы таш, чөптөрүнө чейин белгилүү, кымбат эмес беле. Жок дегенде көбү тааныш көрүстөнү жер үстүндө калса не!..


    Казандай таш үстүнө көчүк басып, төмөндө мелтиреген суу бетинен көз албай моло ташка окшоп тунжураган Керез:

— Ата, кетпейлиби, кеч болуп баратат.— деп, жанатан улам кайталап айтканын укпаганынан улам ийнине аста колун койгон баласынын күтүүсүз үнүнөн селт эте эсине келди.

Чын эле, бир топ олтурган экен, күн тоо таянып калыптыр. Чаңдуу батыш очоктой кызарып чыгыптыр. Капчыгай ичи иңирттеп, карая баштаган.

— Азыр, балам, азыр, дагы бир аз...

Керездин эч кеткиси жок. Жипсиз байланып турду. Кантип кетет? Кайсыл бир көрүнбөс жип аны бутунан ... жүрөгүнөн матап алгандай. Суу алдында жатса да айылы арбап, кое бербей жатты. Кетмек түгүл өөдө тура албайт. Телмире тиктеген суу бетинен, анын көгөргөн түпкүрүнөн кер мурут атасы, айжаркын, ачык мүнөз, баарыга бактылуу төгүлө күлө баккан энеси экөө аны жанаша тиктеп турушкансыйт. Чатырсыз, балык жон, жакыр болсо да жарык, ичи да, элеси да дайым жылуу үйү али урабай, аны күтүп жаткандай. Кечки бададан кайткан мал көчө чаңдата маарап, мөөрөп, этек-жеңи калдактап шашкан энелери кыз-балдарына кыйкырып, мал тосуп жатышкандай. Дүрбөгөн айылы суу алдында, Керезсиз жашап жаткан сымал. Бир туруп өзү да чоң көчөдөн бөлүп алган уюн өкүрөңдөтө үйүн көздөй тызылдата айдап бараткан бала сымал... Бакыт деген ошол беле? Чын эле анын баары жок болдубу? Ал, асыл мезгил эми эч качан, түбөлүк кайрылбайбы?!

Бою шыргыйдай узун, аккөңүл агайы Асангазы, дайыма май, кересин жыттанып жүрчү олбурлуу, баладай бае тракторчу Карымшак, саргыч-кызыл жүздүү, тепкедей почточу Бейшеке, аксаргыл, ууртунан күлкү кетпес саанчы Анипа эже, мулуңдаган, ачуусу чукул, бирок боорукер мугалими Сагындык, айыл четине коюн жайып коюп бала-бакыраны тегерегине жыйнап алып жомок, санжырасы түгөнбөс Шаршемби, баарыга бапыраңдап, айрыкча балдарды чакырып алып чөнтөк-бучкагынан кант, момпосуй сунган сарычийкил оттуу Сакиш апа... баары суу алдында калышты. Арбактары тумчугуп, азапка батып жатышпасын?! Аман кезинде ардактай албай, жок дегенде сөөктөрүн жер алдында сактап, коргогонго жарабай артындагы урпактары эзели актай алгыс күнөөгө баттык белек?! Жок дегенде жалгыздап же айыл-апа түрүлө барып куран окуп турар мүрзөлөрү калса эмне. Арман!..

Баса, Жамалы кайда болду экен? Кайсыл айыл, же шаарда? Ал да Керезчилеп айылын сагынып, айланчыктап жүрдү бекен? Эмгиче очор-бачар байбиче болгон чыгар. Анын жибектей созулган жайдары мүнөзү, маңдайы жарык акылгөйлүгү менен алаканынын ачыктыгы анын келечегинин байманалуу да, барктуу да болорун айтып турчу... Керезден эки жаш улуу болчу. Экөө кошуна эле, бала кезинен бирге, ынак чоңоюшту. Керез тогузду бүтүп жайкы чөп чабыктан келе жатып көчөсүнө бурула берсе, алдында кыска шайы көйнөк, тырсылдаган шиштака кийген бейтааныш кыз кетип бараткан экен. Колунда чакан чемодан. Бу ким? Артынан тааныбады. Бирок, элеси негедир көзгө тааныш. Экөө ээрчишип кете беришти. Алдыга ашып кетүүгө кыздан уялып, биресе бу чоочун кыз кайда, кимдин үйүнө барат болду экен, билип алайын деп кызыккан Керез артынан көлөкөдөй ээрчип баса берди. Качан гана ал сымбаттуу кыз бурулуп, үйүнө кире берээрде:

— Жамал?!— деп, өзү кыйкырып жиберип жатпайбы! Ошондо осолдугунан уялганы ай! Жалт бурула караган кызды жандай өтүп, Керез үйүнө чуркаган бойдон кирип кеткен. Бүттү. Ошол бойдон экөө бетмаңдай сүйлөшүп, же арзуусун айтып сыр чечишкен жок. Жамалдын оюн ким билсин, бирок Керезге алгачкы, аяр, уяң сүйүү ошондо келген экен. Кийин ал канчалык күнү-түнү убайга батып кат жазып, инисинен дарегин алган менен каттарын салган жок. Батынбады. Балалык бае, биринчи таза махабаты тура! Рас, анын эртеси, кийин, кышкы каникулга келгенинде да алыстан көздөрү уруна калган учурда Жамал сырдуу күлмүңдөп калчу. Балким ал да... ай, кайдан?! Керез болсо не бир чоң уурулугун карматып алган сымал андайда кулагына чейин кызарып, көздөн далдаа болгончо шашчу. Соңку, Фрунзеге кетип баратканында Жамал терезесинин пардасын кыңайтып аны артынан уурдана карап турган экен. Анда да күлүмсүрөп туруптур... Керез ага арзуусун ачканда эмне болмок? Тагдырларычы?..


    — Ата, кеч болуп кетти. Кайтпайлыбы эми?

Керез баласынын күтүүсүз үнүнөн катуу чочуп кетти. Анын аруу да, не бир таттуу да кыялын чорт бузганынабы же... Керез күтүүсүз жарылып кетти:

— Эмне?! Чыдап тура албайсыңбы? Же өлүп баратасыңбы? Энең экөөңө баары эле силердин каалаганыңардай боло берсе! — деп, кагына ордунан тура калды, — Эмне, менин жок дегенде бир күнү өз алдымча жашаганга акым жокпу? Ансыз да силер деп жүрүп өмүрүм өтүп кетти...

Кийинки кездери, айрыкча, кызматынан бошоп калган эки жылдан бери ачуусу чукул болуп кеткен атасынын дагы бир кырс этмеси да деп түшүнгөн баласы адатынча ороңдой кетти:

— Кайтпайлыбы. Жетишет да. Же ушул жерде таң атыралыкпы? Ай-талаада олтурат эле, олтурат...— деп үрпөңдөй тил кайырды.

Керездин ачуудан тили буулуп, кекечтене туттугуп кетти:

— Эй, эй, акмак! С-сен билесиңби? Бул ай-талаа эмес. Менин айлым, мекеним! Ата-энемдин, бабаларымдын сөөгү ушул жерде! Алар сенин да чоңата, чоңэнелериң, сенин да мекениң, ушул жер! Дөдөй...

Атасынын айбатынан чочуп калмак түгүл оройлугуна тырчый түшкөн баласы аны кайра уруп жиберчүдөй бурула калып, орусча тил кайырды:

— Сиздин туулган жериңиз ушул болсо менин мекеним Самара. Бул, какыраган ай-талаа сиздики эле боло берсин, бердим! Бесплатно!..

Мындай, күтүлбөс керооздуктан Керез не дээрин билбей шаштысы кете дел боло түштү. Баласынан мындай кемсинтүүнү, түркөйлүктү эч күткөн эмес эле. Жаноту кызылдай өрттөнүп, оготөтөн каны шакардай кайнап кетти:

— Сен, сен эмне деп жатканыңды билесиңби, деги?! Менин, өзүңдүн өткөнүңдү, экөөбүздү жарык дүйнөгө жараткан ыйык ата-бабаларыңды жерип, алардын арбактарын кордоп жатасың! Алар болбосо экөөбүз тең жок болмокпуз!..

— Ой, боже мой... Тойдум! Эмне, алардын артынан өлүп кетейинби? Мекен, милдет деген кооз сөздөрдү койсоңузчу...

— Тү-ү, ит!.. Ныпым акылы жок турбайбы. Энең экөөңө менин акчам, миллиондорум болсо гана болду... Мындай түркөйлүгүңөр менен акчам болбосо мени үйдөн небак айбандай айдап салмак экенсиңер да...

— Давай, көп сөздү токтотолу. Түн кирип кетти, кетесиңби? Же, “мекениңде” каласыңбы?..

— Бар! Кете бер!

Каккы жегенине арданган баласы шарт бурулуп, машинасын от алдырды да, жарыгын жандырып, коюу чаңды буркурата дуу эттире ызгытып кетти.

Керез ташка кайрадан көчүк басты. Мууну калчылдап турду. Карыганда өз баласынан ушундай сөлтүк сөз укмак беле?! “Ал минтип жаткан соң башкалар эмне дейт? Демек, алар деле мени мекенсиз жолбун ит санап, ичтеринен келекелеп келишкен экен да! Тү-ү!.. Акмак болуптурмун! Өмүрүм сая кеткен тура!..”

Баласынын орусча сүйлөгөнү оготөтөн кучунашына тийди. Канетсин анан, кыргызчаны түк билбесе. Ага Керездин өзү күнөөлүү, эне тилин үйрөтпөгөн. Кезинде терең маани берген эмес тура... Чынында эле “эне тили” деп тегин жеринен аталбаса керек, энеси жаттын тили да, дили да жат болуп калат окшобойбу. Эзелтен эриш-аркак экөө эненин сүтү менен көкүрөктө уютулат тура. Ошон үчүн ал элин кой, өз атасын да түшүнө албай жатат. Жат. Анан атажуртун кайдан кабылдамак...

Кеч чынында эле кирип калган. Тоо небак калдая карарып, бетинде Ай чыйыры үзүл-кесил жылт-жулт эткен менен караңгылыкка төнүп кеткен көл да туюк карайып, капчыгайга караганда асман жарык, көгөрүп. Жылдыздар жымыңдай баштады. Айылдын асманы кандай тунук да, жылдыздары не бир жарык! Айрыкча, асманга жакын, тоолуу Токтогулда.

Керездин оюн аялынын элеси кызыл сызыктай тепчип өттү. Ак жүздүү, али да ажарлуу орус. Рас, жашында күйүп-жанып алган менен азыр ал оттуу сезим жок. Баарыбир канын тартат дегендей, оокат-байлыкка ач энесинин эле өзү болуп калды. Алтургай чочкодой семиздиги да. Эси-дарты дайыма оокат, акча, кызмат... Анын айдагында жүрүп, минтип жарым кылымдай атажуртуна да келе алган жок. Жолбун иттей мекенсиз калды. Кызматы, сапырылган акчасы, алтургай үй-бүлө, баласы да туулган жер, өз элиңдин алдында түккө арзыбай калат турбайбы! Мына, ачуу чындык. “Элимде болсом азыркы амалсыз абалымдан алда канча өөдө болбойт белем. “Өзгө жердин султаны болгуча, өз элиңдин ултаны бол” дегендин орошон сыры шол тура. “Өз агасын агалай албаган, өзгөнүн эшигин сагалайт” болупмун. Өмүр бою өзгө жерде каңгып жүрүп эмне таптым? Эч нерсе. Миллиондорумдун, наам, шагыраган ордендеримдин кереги эмине? Алардын жарыгы элиме канчалык? Түкчөлүк. Аларды билбесе, кубанбаса, пайдасы жакындарыңа, эл-журтуңа тийбесе кереги эмне? Жалгыз башың эч качан каниет албайт тура, эч нерседен. Мекенсиз жашооң курусун! Байкуш, цыган, уйгур, күрд, кыпчактар ошону үчүн жүз, миң жылдап мекен деп зар какшап жүрүшкөн турбайбы! Армандары аттын башындай экен.

Эми мен кайда барам да, керегим кимге?! Ким мени батырып, карыганда кам көрөт? Бир да жакын адамым жок. Жада калса арман-күйүтүмдү бакыра айтып, ыйлап алар ата-энемдин мүрзөлөрү да жок. Мен – мекенсизмин!!!”

Керез кыжына ордунан турду. Чыйрыгып калыптыр. Астында мелт-калт болуп бир боор айылын, ата-энесин, туулган үйүн, баарынан кымбат балалык доорун, өткөн эси-дартын көлкүлдөгөн коргошундай алдына тумчуктура басып, коогалуу карайган сууга бой таштагысы келип кетти. Жалгыз жашоонун кереги канчалык. Ошол эле кезде кайсыл бирөөлөргө муздак жарык, жерине суу беремин деп нечендеген адамдардын жанотун жарыктан, жүрөгүн ысык демден айырып койгон доорду, анын акмак төбөлдөрүн каргап турду. Не кыларын, кайда барарын, кимге батарын билбей калды. Ушинтип, ай-ааламда жападан жалгыз калмак беле?! Кимдин бооруна башын коюп, кайсыл жерди кучактайт? Керездин кимге кереги бар? Эч кимге турбайбы! Жалгыз баласы да танып кетти. Эми кайда барат? Бүт өмүрү сая кетти...

Аңгыча, алда недей сырдуу да, коогалуу да карайган өрөөндү жебедей курч жарыгы менен жиреген машинанын жарыгы жакындай зуулап келип, жолго токтоп, баласынын карааны көрүндү.

— Ата, жүрүңүз. Жакын эле жерде вагон бар экен, конуп кеткенге макулдашып койдум. Бир ачууңузду бериңиз, — деп, колун сунду жанына жете келип. Кыйган эмес экен. Канткен менен боор этинен чыккан баласы да.

— Кете бер, өзүң. — Керез баласынын колун албай, тултуя бурк этип жандай өтө берди. Жана өзү түшүп келген төтө жол менен өрмөлөй жолго чыкты да, унаа көрүнүп калабы дегенсип, жол башын карады. Жок. Көйнөгүнүн жакасын кымтылана уулунан жүз үйүрдү.

— Ата, кечирип койчу, эмне болуп кеткенимди өзүм да билбейм, ачууга алдырып коюптурмун. Жүрү, жүрүңүз эми, мен баарыбир сиздин эси жок балаңыз эмесминби...

Керез да канеткен менен баласын кыйбады, ичтен чыккан ийри жылан эмеспи. Саал сыр көргөзө тултуюп, кыйылган болду да, ушул ээн талаада түбөлүк тура бермек белем, андан көрөк тез арада бул жакка көчүп келип, көлдүн жээгине там салып, жашоого кам урганым оң деген ой менен баласын ээрчий басып, машинеге олтурду.

Алар көп деле жүрүшкөн жок. Арткы орундукта тунжураган Керездин ачуусу таркагыча болбой, зуулдаган мерседес капчыгайдан чыга берип, жол жээгине чыгып токтоду. Машиненин жарыгынан өч-төрт үй-вагондун үрүл карааны көрүндү. Баласы чыгып, терезесинен жарык төгүлүп турган вагондун бирине кирип, тез эле кайра чыкты.

— Жүрүңүз. Сүйлөштүм. — деди ал, эшикти ача берип.

Вагондун ичи жарык экен. Тамак ичкенге ылайыкташкан төрт-беш стол, аларды тегерете коюлган орундуктардан улам анын ашкана экени көрүнүп турат. Таза. Орто жаштагы эки эркек, ак халат кийген аял менен жай сүйлөшүп турушкан экен, чоочун кишилерди көрүп алар дароо кош айтышып чыга жөнөштү. Олтурган эч ким жок. Тоо арасында түн каткан жолоочулар сейрек болот эмеспи.

— Тамак ичип алалы, — деди уулу, төр жакка кол жаңсап, — анан эс алалык. Шаар алыс дейт...

Керез үндөбөй, төр тараптагы столдун кашындагы орундукка көңүлсүз олтура кетти. Баласын кыйбады, керелден кечке бирге жүрүп ачка болсо керек. Ал үчүн кайда конуштун баары бир эле. Тескерисинче, өз айлына тушташ бул жер көңүлүнө жакын болучу. Кичи мекенин али кыйып кете албай жаткан. Күн бою жолдо жүрүп денеси да талыкшып калган экен, сабыры суз олтурду. Анүстүнө, жанагы “каары” да кайта элек болчу.

— Куш келиңиздер... — деп, дал жанынан угулган үндөн улам караса ак халатчан ашпоз аял кагаз, калемин жазууга дайындап жанында туруптур. — Эмне тамак ичесиздер?..

Экөө тиктеше түштү. Керезге аялдын өңү, жагымдуу, жумшак үнү негедир тааныштай сезилди. Кайдандыр, качандыр бир кезде көрүп, уккандай. Бейтааныш өңү, көзү да... Качан, каяктан жолугушту эле?.. “Ай, кайдан! Отуз жылдай келбей жүрүп, эми араң кайрылып жатса...” Өзү кесме ичээрин, баласы Кыргызстанга келгени жактырып калган манту жээрин айтып, экөө тең өз-өзүнчө ойго тунушту. Баласы качан кетээрине санааркап, ээн, какыраган көңүлсүз тоолор менен тезирээк эле кол үзүшөр күнүн самап жатты. Ал үчүн жөөлөшүп-түртүшкөн, ызы-чуулуу, тели-теңтуштары көп, убакыттын кандай өткөнү менен иши жок өз шаары жакшы эле.

Керез үндөбөй тамагын ичип жатты. Негедир тигил акжуумал, сыны кетсе да, жаш кезиндеги сулуулугунун сыры али кете элек аял да аны уурдана, аста-секин карап коет. “Кайдан көрдүм эле? Бул ким?..” Таккесе жооп таба албай башы маң. Балким эли-журтуна куса болуп калган ага бардык кыргыз аялдарындай эле жакын, тааныш көрүнүп жаткандыр...

Качан тамагын ичип бүтүшүп, уулу четтеги тамеки, бөтөлкөлөр кырка тизилген текчелердин жанындагы ашпоз аялга басып барып, эсептешип, жатаар жерин сүйлөшүп жатканда аял:

— Керез?!. Сен мени тааныбай калдыңбы?! — деп күтүүсүздөн кыйкырып жиберди. Анын колунан кагаз, калеми түшүп кетти.

Бейгам сыртка чыгып бараткан Керез артынан капыс чыккан үндөн селт этип, артына кылчая калды. “Бул ким? Мени кайдан тааный койду?..” Ал, бейтааныш аялды канчалык бүшүркөй караган менен дароо эстей албады. Бир кездеги айылдашы болсо керек. Анда ким?... Аял болсо нес болгондой колдорун сунуп ага жакындай берди.

— Керез! Мен, мен... Жамал эмесминби...

— Жамал?! Кайсыл Жамал?— деп алып, Керез өзүнүн бир гана Жамал аттуу ууз сүйүүсү болгонун, жок, жүрөк түпкүрүндө азыр да бар экендигин эстей коюп:— Жамал! Бул сенсиңби?! Сен белең?— деп кыйкырып жиберди. Экөө ысык кучакташа кетти. Кусалуу, оттуу, армандуу кучакташты! Экөө бири-бирин, ушул учурду өмүр бою зарыгып күтүшпөдү беле! Эч жанга, жада калса бири-бирине да ачык билгизбей, көңүл түпкүрүндө катып, аялуу, ууз сүйүшпөдү беле! Керез өзүнүн атын не бир сагыныч, миң түрлүү наздык менен жалындуу кайталап жаткан Жамалдын шорлуу жаш чайыган көздөрүнөн, албырган бетинен, али кумары кайта элек эрининен туш келди өпкүлөп жатты. Жамалы да...

Экөөнө ушул учурда дүйнө бир тең эле.


    Ошол түнү алар Керездин уулун жаткырып коюп коңшу вагондо таң атканча сүйлөшүп чыгышты. Айылын, кары-жаш тааныштарын, мектептеги не бир кызык учурларын, анан, акыркы, Жамалдын чемоданын көтөрүп алып чиштака кийип окуусунан келгенин, Керездин тааныбай калганын... баарын эстешти. Кечээ эле болуп өткөндөй. Чиркин! Өмүр өтсө да сезимдер, адам көңүлү эч эскирбейт тура. Ошенткен менен жандүйнөлөрү чылк алачапкында калган деңиздей албууттанып толкуп-ташып, бири-бирине төгүлө жаздап турушкан менен көңүл түбүндө кыттай уюган арзууларын ачык айта алышкан жок. Экөө тең аны ачык эле туюп турушкан менен ооздору барбады. Батынышпады. Алардын махабаты ушунчалык аялуу, назик эле! Дирт эткен желден чочуп уча качкан сезимтал көпөлөктөй кол жууп калабызбы дегендей, баягы эле бала сезим... Жүрөк карыбайт экен!

Анан албетте, суу алдында калган айылын эстеп өкүткө тунбай кое алышкан жок. Ал, экөөнүн тең айыкпас армандары эле. Ооба, таруудай туш келди чачырап кетишкен айылдаштарын Жамал айтып олтурса ачуу армандабай кое албайсың. Акыры байырлап, эртеби-кечпи келе турган киндик кан тамган түпкү журтуң, тагдырлары тааныш, өмүрүң эриш-аркак өткөн жакындарың, айылдаштарың жок болсо ушул тура, жолбун иттей ар кайсыл жерде каңгып... Ошол, айланып турар очогунун жоктугунан улам дээрлик көбү Кыргызстанын кой, Казакстанга, Россияга алтургай Европага чейин жер кезип кетишиптир. Армандары аттын башындай болсо да алардын көбү ыйык ата жерин, айылдаштарынын көңүл көксөткөн караанына зар болуп, издеп, келип-кетип турушат экен. Албетте, ага азыркы замандын өксүк оомал-төкмөлү да себепкер дечи, бирок көбүнчөсү бакыбат турмушка жетишкен менен орун алар түбөлүктүү очогунун жоктугунан бир жерге байырлай албай, жер кездирип жатат дешет экен. Ал чын. Адамга адам, атажурту керек, кымбат.

— Эсиңде бекен, өткөн жайда мени менен окуган Сулайман келип-кетти. Кызыл-чийкил, чачы кирпиникиндей тикчийген бала бар эле го?.. — деп калды Жамал бир кезде.

— Ооба, ооба, эстедим...

— Ошол Сулайман Венгрияда чоң компания ачып, көптөн бери иштетет экен. Өзүнчө чоң бут кийим фабрикам, супермаркеттерим бар дейт. Миллионер болуптур. Бирок, өзүмдү эч бактылуу сезе албаймын, арманым ошол – жарык дүйнөгө келген айылымдын, туулган жеримдин жоктугу деп түтөйт. Суу сактагычтын тушунан райондук акимчилик менен бир топ жерди макулдашып кетти. Айылымды кайрадан түптөймүн дейт. Мен ага аябай кубанып, чоң канат байлап калдым. Уккандар да сүйүнүп жатышат. Буюрса, ал ойу ишке ашып калса баарыбызга жакшы болор эле. Тилеги кабыл болсун!

— Жакшы болгон экен... — Керездин да көңүлү жибип, теңтуштары “сары быштак” деп койчу Сулайманды эстеди. Мыкты чыккан экен. Ал башынан эле урунуп-беринген аракетчил эле. Экөөнүн да уй-койлоруна жайыт талашып, кызылчеке урушканы бар. Ошол окуя эсине түшүп, балалык-чалалыгына мыйыгынан жылмайып алды.

— Ошол жерге сен да көчүп келбейсиңби? — деди Жамал күтүүсүз. Анын көз карашы үмүттүү да, сырдуу да эле. Анын чын ыкласынан айтып жатканы көрүнүп турду.

— Менби? Эмнеси бар экен, келсе келем.

— Ой-ий! Анда жакшы болбойт беле! Классташтар, айылдыктар чогулуп алып... бир сонун жашайт элек!

Жана, Сулаймандын жерге макулдашып кеткенин укканда эле Керезге да ушундай ой кылт эткен болчу. Деги аялдар сезимтал келишет, эркектин ойун илгиртпей сезип, көбүнесе алдын алып коюшат.

— Келсем эмне кылышым керек?

— Акимчилик Сулайманга жерди го беребиз, мындай арыздар көп, мурдатан эле түшүп келген. Кеп, ошол аймакка электр, суу тармактарын тарттырып, жол салып, кыскасы элге керектүү шарттарды түзгөнгө каражат табуу керек, анан пландап беребиз, каалагандай жайгаша бергиле дешиптир. Өзүлөрүндө азыр акча жок экен. Мамлекетибиз өнүгө албай жатпайбы. Сулайман ошолордун баарын пландап, эсептеп, каражатын таап анан келем дептир. Эгерде сен да колуңан келсе жолунбу, суусунбу, кайсыл бир жагын чоюп, көчүп келсең жакшы болбойт беле. Эми өсөрүбүз калган жок...

Керездин көңүлүндө бул сөздөр чындап уюп калды. Каражаты жетет. Аны башына урмак беле, же көрүнө ала кетеби? Баласына ондон бирин берсе эле өмүр бою сайрандап жашай алат. Кеп башкада...

— Жамал, эгер келсем сен мага турмушка чыгасыңбы?— Керездин көңүл түпкүрүндөгү бул сөздөр кантип чыгып кеткенин өзү да байкабай калды. Ал, айтаарын айтып алып сестене түштү. Жок десе не кылмак? Анда эле бул жакка жол чорт кесилди дей бер! Бирок, анын жана окуу, диссертация деп жүрүп жашы өтүп калганда чын сүйбөгөн адамга аргасыз турмуш курганын, канчалык күчкө салган менен оттору күйүшпөй үч жылдан кийин ажырашып кеткенин, ошондон бери жалгыз бойлугун укканда ушундай үмүт бага түшкөн эле. Эми..

— Сагабы?!— Жамал анын көздөрүнө тик карап, узун кирпиктүү көздөрүнөн от чачырап турду. Анда күтүүсүз чоң кубаныч да, ишене албаган күмөнсүү да, ачуу арман да мелт-калт толуп турган эле. Керездин чындап айтканына көзү жетти көрүнөт,— Аял, бала... үй-бүлөңчү?

— Ажырашам. — Керез ишенимдүү кесе айтты. — Аялым келбейт. Баламдан болсо кол үзбөйм...

— Сенин турмушуң да болбой калган белем...

Жамалдын дагы эле угуп жаткан сөздөрүнө ишене албай, бир чечимге келе албай жатканы көздөрүн ала качып, калп эле столдун үстүн алаканы менен аарчылай баштаганынан байкалып турду. Же... балким себеп башкада болуп жүрбөсүн? Керезди... ал ойлогондой сүйбөстүр? Бар дүйнөсү астын-үстү түшүп, чаташып, тагдыры таккесе чечилер учур ушул экенин сезген Керез өзүнө ээ боло албай оюндагысын ачык айтып жиберди:

— Эмне, мени сүйбөйсүңбү?

Жамал күтүүсүздөн таш жара шаңкылдай каткырып жиберди!

— Я?! Койсоңчу, карыганыңда деле сүйүү дей бересиңби? Ой боорум ай! Бирөө укса уят.

— Эмнеге уят. Чыныңды айтчы, угайын...

Жамал кандай күтүүсүз күлсө ошондой тып басылып:

— А өзүңчү? Сен биринчи айтпайсыңбы? — деп жароокерленди.

— Мен... мен сени небактан эле... бала кезимден... айылда эле сүйүп калгам... эч унута албай койдум... чын...

Керез алда кандай жооп болуп кетет деп санааркап, көзүн жерден көтөрө албай кысталып жатып ушул үзүл-кесил сөздөрдү араң айтты. Мынчалык кыйынчылык болбостур! Нечен, узак жылдар бою көңүлүндө жан адамга билгизбей бекем катып, ичинен далай кайталап келген аялуу сыры, арзуусу ушинтип супсак, ушундай жерде айтылмак беле?

Аңгыча Жамалдын ысык алакандары анын эки жаагынан сылай алып, башынан аяр көтөрдү. Керездин дал маңдайында жаш толгон көздөрү жалжылдай тиктеп туруптур.

— Сенин ушул... сөздөрүңдү канча күттүм дейсиң! — деди Жамал не бир ысык, армандуу үн менен.— Мурдатан айтканыңда эмне... минтип экөөбүз эки жерде армандап, турмушубуз бузулбайт эле го...

— Айтат элем. Айылыбыз жок болуп, адашып калбадыкпы.— деди Керез актангансып, бирок бул ачуу чындык эле да.

— Ооба. Айылыбыз аман болгондо чын эле бирге өмүр сүрөт белек... эмгиче үй-жай куруп...

— Азыр деле кеч эмес... же... эмне?.. — Керез чочуп кетти. — Жер алып, сала коюш бат эле. Каражатым жетишет. Алтургай айылды да өзүм эле жалгыз курам.

— Чын элеби? Ой, анда укмуш болот эле го! — Жамал баягы, секелек кезиндеги кызга окшоп кетти. Сүйүнгөнүн айтпа!

— Чын. Бүгүн акимиңерге жолугуп, баарын тактап кетемин да, келерки жаздан баштап айылды түптөй баштайм. Мен да тентиген иттей турмуштан тажап бүттүм. Көрсө адам киндик каны тамган жерди кыйып кете албайт тура. Тагдыры айрылгыс болот экен.— деди Керез чечкиндүү. — Андан көрөк өзүңдү айтчы, үй салсам барасыңбы?

Жамал кыз кезиндей ага шоктоно карап:

— Барбай койсомчу? Эмне кылып аласың? — деп кылыктана кетти. Анын макул экени эми айкын эле! Керез төбөсү көккө жете сүйүнүп:

— Анда алакачып кетемин, моминтип! — деп, Жамалды белинен имере тартты.

— Койсоңчу, бирөө көрүп калса уят, карыганда булар алжыган экен дешпейби. Же, сен чынеле карып калдыңбы?

Керездин санаасы тынып, көңүлү желектей желбиреп турган эле. Заматта жашара түшкөндөй. Алдында чоң жашоо, бакыбат келечеги күткөн адам анан кандай болмок эле. Ал да шоктонду:

— Жапшаш элемин! Эмне, көрсөтөйүнбү?..

— Чүш-ш! Балаң угуп калат.

— Укса түшүнөт да, чоңойду да...

Керез эми өзүнө-өзү ээ боло албай калды! Бул күндү, ушул, бактысы жанган учурду канча күттү эле! Жүзү да ачылып алган соң... Жамалды катуу кучактап жалжылдаган көзүнөн, албырган эрдинен ысык өпкүлөп кирди. Жамал да ийип, кучагына боюн таштады...


    “Чын эле, ооба, эмки жылы сөзсүз көчүп келемин,— деп баратты, эртеси таң эрте жолго чыккан Керез машинеде. Ал, райондун акимине бараткан болучу.— биротоло кеткис болуп үй салып, Европага, Россияга чейин таруудай чачылып кеткен айылдаштарымды чогултуп, айылды кайрадан түптөп, ажалым келгичекти эч кайда кетпей жашаймын. Өлгөндө сөөгүм ата-энемдин жанында болбосо да ага жакын, туулган жериме коюлушу керек. Бөтөн эл, жат жерде жалдырап жатмак белем?! Мекенсиз мен уюктуу кумурскадан да кем, эч ким эмес турбаймынбы! Жетишерлик эле сездим го! Жада калса өз балама да керегим жок экен. Ичимден чыккан менен тагдырларыбыз ачакей болот турбайбы. Сөзсүз көчүп келемин!” деген биресе күйүттүү, бир чети Жамалынан улам бекем ишеним байлап, акыл түпкүрүндө улам жаңырыктап жатты... “Эми деле кеч эмес, амалсыз карылык али келе элек, жашоом эми жаңыдан башталат” деген ой ага дем-кубат берип жатты.


    Өмүрүнүн капорто ашуусунан ашып калган курагында Жамалы менен түтүн булатып, акыры, чыныгы бактысын табарын нечен санаага батып тилеген менен минтип күтүүсүз жерден оңунан чечилерин ал күттү беле? Албетте жок.

Алдында не тагдыр күтүп жатканын адам пендеси кайдан билмек...


© Сарманбетов А.И., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3142