Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Эшимкулова Г.Ф., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 28 ноябры

Гүлмира Фронтбековна ЭШИМКУЛОВА

Көйгөй

(романдан үзүндү)

Ар бир жазуучунун өзгөлүгү, шыгы, көркөм табити, көз карашы башка жазуучулардан айырмаланып турган кайталангысы болушу керек. Ал эми Гүлмира Эшимкулова буга чейин сойкулук жөнүндө чыгарма жазып чыкса, эми жазуучунун «Көйгөй» романы жарык көрүүнүн алдында турат. Чыгарма чындыгында эле аты айтып тургандай учурдун көйгөйлүү проблемаларын камтыган замандын талабына жараша жазылган чыгарма. Өзгөчө андагы айтылган Айнурдун образы аркылуу «Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала» дегендей автор азыркы кайбир жаш кыздардын жеңил ойлук менен боюнан алдырып кийин кайра балага зар болгон учурларын жана баңгиликтин айынан кудурет төрөлгөн наристелердин аянычтуу жана зарыл учурларын чагылдырылганы жаштарды ойлондурбай койбойт. Мурда жарыяланган эмес


    Айдай бүгүн балдар үйүнө барганча азыр мен барып көрчү балдардын бары эле томолой жетим деген гана ой багып келген. Бирок ал таптакыр башкача болуп чыкты. Ошол мекеменин жетекчисинин айтканына караганда алар негизинен томолой эмес тирүүлөй жетим экен. Анан дагы Айдайды бир чети таң калтырып, бир чети зээнин кейинткени бул балдардын сексен пайызга жакынынын атасы да, энеси да бар экен. Бар болгону аз келгенсип, алар майып же болбосо акыл-эси ордунда болбосо да бир жөн. Эң кейиштүүсү алар алты саны аман ушул кезде биз жуткан аба менен дем алып, биз ичкен сууну ичип эле жүргөн татынакай кыргыздын улан-укыздары болуп чыкса болобу? Айтмакчы, балдар үйүнөн Айдай бир жаш келин менен сүйлөшүп калды. Ал келин ошол жерде тарбиячы экен. Айдайды кызыктырганы ал келиндин башка тарбиячылардан одоно айырмаланып балдарга өтө эле мээримдүүлүгү болду. Айдай негедир ал келиндин көзүнөн бир кайганы байкады. Бир аздан кийин ал бул мекеменин кызматкерлери менен камыр-жумур болуп аралашып, ал келин менен дагы кандайча сүлөшүп отуруп калгандыгын өзү деле байкабай калды.

— Менин кесибим чындыгында врач.

Аны анда бул жерде эмне кылып жүрөсүз өз кесибиңиз менен иштебей деген ой басып жатканда ал Айнур аттуу келин аны карап:

— Мен өзүм турмуштан бир өз өксүп калган адаммын, — деп калды.

— Эмнеден?

— Мен турмушка чыгып ал киши менен үч жыл жашагандан кийин гана боюма бүткөн.

Бул эмне деп жатат дегенсип Айдай көз айнегин кармалап Айнурду карады. Ал болсо Айдайдын бул көз карашына деле көңүл бөлбөй сөзүн улай бергени менен ага ток этер жерин айтып кана тим болду:

— Балам алты айында түшүп калып анан бир келин боюнан алдыртам деп жактанда мен ага жалынып-жалбарып жатсам дагы болбой алдыртып салгандан кийин мен таштанды балдарга ушунча боорум ачып кесибимди өзгөртүп, болгон күчүмдү, мээримимди ошолорго арнайын, — деп чечкем.

Бирок Айнурдун көз алдына азыр ошол күндөрү элестей түшкөнүн министирдин орун басары Айдай сезип турса дагы ал кандайча болгонун кайдан билсин. Айнур болсо ою менен ошол күндөрдү көздөй зуулдап учуп жөнөдү:

Анын ичиндеги баласы алты айдан өтүп калгандан кийин боюнан козголуп догдурга барды. Ал кансырап кан токтобой жатканында аны аппаратка салып анан ак халатчан эжеке мостоюп туруп калып бир аздан кийин:

— Атың ким?— деп андан жай гана сурады.

— Айнур.

— Буга чейин балалуу болдуң беле?

— Жок, биринчи балам.

— Эмне оор бир нерсе көтөрдүң беле?

— Жок.

— Анан эмне болуп козгоп алдың?

— Капыстан жыгылып кеткем.

— Буга чейин догдурга көрүндүң беле?

— Ооба.

— Өз убагындабы?

— Өз убагында эле. Ал тургай төрт жолу жатып да чыккам.

Догдур кайрадан унчукпай калды.

— Эже, эмне болуптур?— деп Айнур тынчсыздана баштады.

— Кайра жатасың го.

— Балам аман-эсен эле бекенби?

— Азырынча жүрөгү согуп эле жатат. Бирок…

Врач кайрадан унчукпай калды.

— Эже, айтсаңыз балам жакшы эле бекен?

Ал ага унчукпай сыртка чыгып кетип тез эле бирөө менен кайра кирди:

— Гүлнара, орун таап тез аранын ичинде жаткырбаса койбосо болбойт.

— Каны токтодубу?

— Азырынча токтой элек. Бирок аракет кылышыбыз керек.

Ошентип Айнур кайрадан догдурга жатты. Кан токтобойт. Ак халатчандар болсо колдорунан келген жардарын аяшкан деле жок. Бирок түндүн бир оокумунда кан кадыресе басаңдай түшкөндө алка-шалка тердеп, жаны кыйналып жаткан Айнур көшүлүп уйкуга кирди. Түшүндө ал бир топ кошбойлуу аялдар менен мүрзөлөргө барат. Бир маалда анын ырыматылык кайын атасы жанына келип кадимкидей сүйлөп:

— Балам, алдагы кулагыңдагы сөйкөң сынып калды, — деди.

Айнур сөйкөсүн кармалап көрсө чын эле тең жарымынан бөлүнүп, кайра салынганга жарабай жерге түштү. Чочуп кеткен неме жанындагы кошбойлуу аялдарды караса бардыгынын иймектери жаркылдап эле турат. Жалгыз гана өзүнүкү карайгандан карайып барат. Бул эмнеси? Жаңы эле албадым беле деп анысын кайра оңдойм дегенче иймегин бирөө жула качып таптырбай кетет. Айнур жанталашып ары жүгүрүп, бери жүгүрүп иймегин таба албай жатып чочуп ойгонуп кетсе жанында бир ак халатчан жигит отурган экен. Ал анын ойгонгонун көрүп:

— Катуу уктап кетипсиз, ойготпой отургам, — деди.

— Рахмат.

Бир аздан кийин Айнур чочуп кетти.

— Сизге эмне болду?

— Мен кайра кансырай баштадым.

— Коюңузчу?

— Чын эле.

Айнур эмне кылаарын да билбей кетип кандайча ордунан ыргып тура калганын өзү да байкабай калды. Караса апакай шейшеп кызыл жаян. Аны көргөн врачтын да шаштысы кете түшүп:

— Мен азыр, — деп сыртка жүгүрүп кетти.

Эми анын ичи бурап, көзү караңгылай баштады. Көп өтпөй эле врач кайра келип ага ийне сайып канды котконго аракет кылып, далбастап отуруп араңдан— зорго токтотту. Аңгыча жерге жарык кирип палатадагы башка аялдар ойгонуп, бири жуунуп, бири дагы башка иштер менен элек. Кан токтоп калганы менен келиндин ахвалы оор болгондуктан жанагы врач жигит кайрадан анын жанына келип, аны аягансып карап анан:

— Сизден өтө эле көп кан кетип калды, — деди.

Келин билем дегенсип башын ийкеп коюп бөлөк сөз да сүйлөгөн жок.

— Айнур, сиз эми бардыгына даяр болушуңуз керек.

— Эмнеге? Жүрөгү эми бир нерсени сезгенсип болк эте түштү.

— Мен азыр сизди аппараттан көрөйүн.

— Эмне үчүн? Өңү кадимкидей бозоруп, эмне кылаар айласын таппай кетти.

— Мен билем сиз бул баланы абдан чыдамсыздык менен күтүп жүрөсүз...

Дарыгер ага бир нерсени айта албай турганын эми таамай байкаган келин:

— Айта бериңиз, — деп ага токтоо гана жооп бергени менен ал көзүн бекем жумуп алды.

— Сизге эмне болду?

— Эч нерсе. Көзүнөн мөлт-мөлт этип тамчы-тамчы жаштар куюлуп кетти.

— Эмне болду?

— Айтыңыз айтчуңузду. Эми ал эки колу менен кулагын да жаап алды.

Сезгич эне жүрөгүнүн бир нерсени сезип тургандыгы даргыгерге эми маалым болду окшойт. Бирок ага даап азырынча эч нерсе деген жок. Себеби Мирлан врач болгондуктан Айнурдун ичиндеги баланын аман-эсендигинде күмөнү бар тургай анын эчак эле жаны жок калгандыгын билет. Ошол себептен Мирлан ал жаш келиндин ордунан өзү туруп аппаратка басып жете албасын билгендиктен улңтра үндү палатага алып келүүнү туура көрүп:

— Сиз ордубуздан турбаңыз. Мен азыр, — деп аны аягансып дагы бир жолу карап алып сыртка чыгып кетти.

Мирлан кеткенде Айнур эмне кылаарын билбей, курган эне жүрөгү ичиндеги баласын жамандыкка кыя албай дагы деле болсо жакшылыктан үмүт үзбөй кудайга жалынып коюп жата берди. Бир маалда эшиктен дагы бир кош бойлуу келин кирип келди. Бул дагы баласын аман-эсен төрөп алайын деп ак тилеги менен келген неме экен деп аны бир карап алды. Бирок ал азырынча сырдуу келин башкалардай болуп ичи-башын кармалап, тынчсызданбай эле мелтиреп келип бош кербетте отура берди. Айнур же анын суздугуна таң калдыбы? Же жаны кыйналып турган неме алаксыйын дедиби ким билсин иши кылып аны карап:

— Сен да дарыланган келдиңби? — деди.

— Жок.

Мындай жоопту күтпөгөн неме эмне дээрин билбей туруп калды. Бир аздан кийин кайрадан:

— Атың ким?— деп аны карады.

— Нурайым.

— Нурайым?

— Ооба.

— Жакшы атың бар экен.

— Рахмат.

— Мага да Нурайым деген ат абдан жагат. Кыздуу болсом атын мен да Нурайым койсом деп жүрөм.

Аңгыча эшик шарт ачылып Мирлан менен дагы бир топ даргыгерлер кирип келишти.

Азырынча Айнур дагы деле болсо жакшылыктан үмүтүн үзбөй алардан бир жакшы сөздү угууга зар болуп, улам бирин жолооруп карап коюп үн-сөзү жок жата берди.

Мирлан бир маалда аны аппаратка салды. Жанатан аздыр-көптүр кабатырланып жаткан дарыгер эми жалдырап эле экранды карайт. Бул, албетте, Айнурга дагы бир нерседен кабар бергенсип ал дагы жаман кабар айтпачы дегенсип эки көзүн жалдыратып Мирланды карагандан бөлөк эч нерсеге алы жетпей айласыз мелтиреп жатканы жаткан.

Көп узабай эле Мирлан:

— Айнур, — деп акырын гана үн катты.

— Угуп жатам.

— Айнур. Мирлан ага кандайча сөздү баштаарын билбей турганда анын жанындагы дагы бир ак халатчан кыз Айнурду аягансып колунан аяр гана кармап анан:

— Баланын жүрөгү сокпой калды, — деп жер карап сүйлөдү.

— Эмне? Айнурдун жүрөгү туйлап, уккан сөзүн тангысы келип, бардыгына кайыл болуп, кандайдыр бир чеги жок ааламга жалгыз өзү төрөлө элек перзентин кучагына кысып алып учуп кеткиси келди. Жокмокто жашап бир сыйкырчыга баргысы келип анын сыйкырдуу таягына жалынып, ичиндеги баласынын жүрөгүн соктургусу келди. Бирок андай болмок кайда. Жашоодо жомок барбы? Эмне кылаар айласын таппай, эти ысып, эки бети албырып, чыдай албай үстүндөгү ак шейшепти мыкчып кармап, эрдин кесе тиштеп анан ызаланган неме шейшепти алып ыргытып жиберсе ичи кадимкидей челкейип калыптыр.

— Оо, арман. Оо жараткан ушул ичимде менин азыр өлүк балам жатабы? Мен азыр ичимди муздатып жаны жок баламды көтөрүп жүрөмбү? Жок, жок андай эмес. Мен бул баланы күткөм. Мен бул баланы жакшы көрөм. Мындай болушу мүмкүн эмес,— деген Айнурдун жан кейиткен үнү бөлүмдү бүт жаңыртып турганда Мирлан:

— Мен дагы бир ирет карап көрөйүнчү, — деди.

— Караганда эмне? Болору болду да.

Чындыгында эле кайрадан караганда эмне? Чын эле болоору болду да. Бирок, Мирландын ага боору ачып Айнурдун көңүлү үчүн кайрадан аны аппаратка салып шашпай карап отурганда үмүттүн шооласы өчмөк беле шабыркап, кең дүйнөдөн ордун таппай, ушул кезде кара жанын карч уруп турган курган эне жүрөгү «адашып калган экенбиз, бала жакшы эле» — деген гана сөздү күтүп жатканда кайрадан эшик шарт ачылып дагы бир ак халатчан кирип келип түз эле Нурайда карай басты:

— Жашың канчада?

— Он сегизде.

— Баланын атасы билеби?

— Билет.

— Сен ага алдырам деп айттың беле?

— Ооба.

— Эмне деди эле?

— Алдыр деген.

Ак халатчан аял бир азга унчукпай туруп калып анан:

— Сенин кош бойлуу экендигиңди ата-энең билеби? — деди.

— Билбейт.

— Айтып көрбөйсүңбү?

— Жок.

— Эмнеге?

— Алар мени өлтүрөт.

— Айтып көрчү.

— Айтпайм.

Дарыгер бир аз ойлонуп туруп калып анан:

— Нурай, жаш экенсиң. Ойлонуп көрчү, — деди.

— Эмнени?

— Бала деген оюнчук эмес.

— Билем.

— Билсең анан эмне деп жатасың?

— Мен сизге айтпадымбы?

— Эмне деп?

— Төрөбөйм деп.

— Төрөбөсөң анда эмне башта ойлогон жоксуң?

Нурай сенин ишиң эмне дегенсип үн сөзү жок эрибеген муздай болуп отура берди.

— Кийин арманда калба. Ойлонуп көрчү.

— Жок эже, төрөбөйм.

— Баланын атасы кайда?

— Сыртта турат.

— Ал дагы күтүп жатабы?

— Ооба.

 — Мен барып ага жолугайынчы.

— Жок

— Эмнеге?

— Ал экөөбүз сүйлөшкөнбүз.

— Балабызды өлтүрөбүз деппи?

— Алдырабыз деп! Нурай мелтиреп кана жооп берди.

— Деги анын жашы канчада?

— Мени менен тең.

— Анан кийин балалуу боло албай калсаңарчы?

— Жок андай болбойт. Биз үч жылдан кийин үйлөнүп анан балалуу болобуз.

Аңгыча Мирлан Айнурду карап:

— Баланы алалы, — деди.

— Эмне?

— Алыш керек.

— Жок. Алдырбайм.

— Антпесек болбойт.

— Коюңузчу. Мен бул баланы күтүп жүргөм.

— Билем. Бирок антпесе болбойт.

— Аракет кылып көргүлөчү.

— Кеч болуп калды.

— Такыр болбойбу?

— Болбойт.

— Эмнеге?

— Жүрөгү сокпой калды.

— Жакшылап карагылачы.

— Карадым.

— Болбой калыптырбы? Айнурдун көзүнө жаш толуп, үнү буулугуп, деми кысылып, муундары бошоп, жүрөгү титирей баштады.

Келиндин бул ахвалын көргөн Мирлан да эмне кыларып билбей, ага кандай жардам берсем экен деп ойлогону менен анын колунан эми эмне келет?

Айнур ботодой боздой баштаганда:

— Али жашсыз. Төрөйсүз. Эми ойлоп көрсөңүз. Сиз бул баланы сактап калам деп эмнелерди гана кылган жоксуз. Бир нече жолу догдурга да жаттыңыз… Айнурдун басыла турган түрү жок болгондуктан Мирлан:

— Мен өзүм да коркуп жаткам.

— Эмнеден?

— Өтө көп дары ичиптирсиз. Өтө эле көп кан кетти. Болуптур аман-эсен төрөлгөн күндө деле бала оорулуу болуп калса, анда кандай болмок эле? Өмүр бою азаптан башыңыз чыкмак эмес. Же жалганбы?

— А оорулуу болбосочу?

Мирлан эми сөз таппай калды. Айнур дагы бир топко чейин өксүп өпкөсү-өпкөсүнө батпай боздоп алып анан бир аз бугу чыга түштү окшойт:

— Эми алсаңар алгыла кантейин, — деп оор үшкүрүп алып, көзүнүн жашын сүртүп, кайраттынып Мирланды карады.

— Айла жок алалы. Айнур, бирок биз колдон келген аракетибизди аяган жокпуз.

— Билем. Ыраазамын.

— Аныңызга рахмат. Бирок ошентсе да кечирип коюңуз. Сактап кала албадык.

— Мындан артык эмне кыласыңар? Силер сыйкырчы эмесиңер да.

— Ооба. Мирлан оор үшкүрүп алды.

— Сиз кайгырбаңыз. Бирок буйруксуз ишке айла барбы? Балама кудай жарык дүйнөнү көрүүнү буйруган эмес тура, — деп Айнур терезени карады. Караса күн чайыттай ачык. Аба ушунчалык таза. Бирок эми анын баласы бул жарык нурду эч качан көрө албайт. Ушул Алатоонун чокусун жаркырытып турган мөңгүнүн кереметинен маашыр алып туулган жеринин сулуулугуна багына албайт. Ал эми эр жетип аны «Апа» деп кези келгенде саамайынан сылап, аймалап жүзүнөн сүйүп, андан ак бата сурап, эр жигит же тал чыбыктай буралган селки боло албайт. Келечекте бир кесиптин ээси болуп, камчыга сап да боло албайт. Оо арман. Эх катаал тагдыр. Айнурдун кайсы канөөсү үчүн? Деги ал кимге мынчалык жамандык кылды эле? Же жанагы Нурайга окшоп буга чейин боюна бүтүп калса андан кутулуунун аргасын издеди беле? Жок, андай болгон эмес. Бирок бул күн анын жөн гана маңдайына жазылган жазмышы. А маңдайга жазган жазуудан эч ким, эч качан, эч жакка качып кутула албайт. Буйруктуу ишти деги ким өзгөртө алат? А балким бул ага болгон кудайдын сыноосудур, ким билет? Бул, албетте, табышмак. Айнур ушул сыяктуу ой багып арманын ичине сактап, жаркырап турган күндүн нурун карап, ичин сылап, балам, көрүп алчы дегенсип, курсагын ачып койду. Анын бул жоругун көргөн Мирландын да эт жүрөгү эзилип, бирок эмне кылаарын билбей турганда Айнур:

— Качан аласыңар? — деп маңдайга жазылган жазмышка баш ийди.

— Бир аздан кийин.

— Ушул эле жерде болушум керекпи?

— Азырынча жатып туруңуз. Мен азыр, — деп Мирлан сыртка чыгып кетти.

Ал кеткенден кийин Айнур Нурайды карап:

— Бери келсең, — деп чакырып калды.

Узун чачын заколка менен бастырып коюп Нурай анын жанына жай гана басып келип:

— Эмнеге чакырдыңыз, суу ичесизби? — деп калды.

— Жок. Мага сен керексиң.

— Менби?

— Ооба.

— Атың Нурай беле?

— Нурай.

 — Нурай, менин байкашыма караганда сен боюңдан алдырганы келипсиң.

— Ооба.

— Эмнеге?

— Эже, мен турмушка чыккан эмесмин.

— Анан кайдан боюңа бүтүп жүрөт.

— Жигитимден.

— Ал билет да?

— Эмнени?

— Боюңда бар экенин.

— Билет.

— Анда төрөп эле албайсыңбы? Баса жигитиңдин ата-энеси барбы?

— Атасы жок, энеси бар.

— Атасы кайда?

— Азат кичинесинде каза болуп калыпыр.

— Азаты ким эле?

— Баламдын атасы.

— Азаттын ыраматылык атасынын бөлөк бала бар бекен?

— Жок.

— Жалгызбы?

— Азат жалгыз бала.

Айнур чочуп кетти.

— Анда алдырба да.

— Азат алдыр деп жатат.

— Айтса айта берсин, сен алдырба.

— Кайда алып барам.

— Өзүң эле бага бербейсиңби?

— Кантип багам?

— Студенткасыңбы?

— Ооба.

Айнур унчукпай калды.

— Баса бул тууралуу Азаттын апасы билеби?

— Жок.

— Айтпайсыңарбы?

— Азат айтпайм деп койду.

— Сен айтпасыңбы?

— Эмне деп?

— Боюмда бар деп.

— Азат болбойт.

— Сен сөзсүз айтышың керек. Күйөөсүнөн калган жалгыз баласынын балсын ал алдыртпайт, көрөсүң го.

— Жок, эже, айтпайм.

— Эмне үчүн?

— Анда мени Азат таштап кетет. Ал мага мурда эле айткан.

— Айтпа деппи?

— Ооба.

— Нурай сен анын сөзүн эми укпа!

— Мен аны жакшы көрөм.

— Алчы?

— Ал дагы. Мен ансыз жашай албайм. Ал мени анда таштап кетет.

— Ансыз деле таштады да.

— Жок. Нурай чочуп кетти.

— Таштады.

— Эмнеге, эже?

— Ал сага эч качан үйлөнбөйт.

— Үйлөнөт.

— Үйлөнбөйт көрөсүт го?

— Жок. Андай болбойт.

— Баса канча ай болуптур?

— Үч жумадан кийин жети ай болот.

— Жети?

— Ооба.

— Аның бала болуп эле калган турбайбы?

Нурай үн-сөзү жок мелтиреп отура берди. Бир аздан кийин Айнур:

— Нурай мен сага бир нерсе айтсам макул болсуңбу? — деп аны карады.

— Айтыңыз.

— Сен алдырба.

— Эмнеге?

— Эгер бага албайм десең, анда төрөп мага берчи.

— Жок.

— Эмеге?

— Мен кантип баламды берем?

— Алдырып салганча мага эле берчи, суранам сенден.

— Бербейм!

— Анда өзүң бак.

— Бакпайм!

Айнурдун эми жини келе баштады.

— Эмнеге бакпайсың?

— Элден уялам.

— Буга чейин уялбаган эми эмнеден уяласың? Алдагы балада эмне күнөө? Бир ай болсо дагы бир жөн жети айга жакындап калыптыр.

— Мага баары бир.

Айнур анын мелтиреген жүзүнө, кайдыгер мамилесине, муздай тоңгон, таштай катуу жүрөгүнө нааразы болуп бир топко чейин ал кыз менен алышып отуруп араң дегенде аны көндүрдү. Ал тургай Нурай ага баласын төрөп эле таштап кетмей болу.

— Айныбайсыңбы?

— Жок.

— Чын элеби?

— Чын эле.

Кан жутуп турган келиндин кабагы кадимкидей ачыла түштү. Эми ал кыялында төрөт үйүнөн субай-салтаң болуп жалгыз чыкпай, бооруна бала кысып чыгаарына кубанып, бир чети өз баласына ичи ачышып турганда эшиктен Мирлан кирип келип:

— Жүрүңүз, — деп ага колун сунду.

Жанатан бир аз болсо дагы алаксый түшкөн Айнурдун эми кайрадан кабагы бүркөлүп, түндөгү түшүн эстеп, курсагын дагы бир ирет кармалап алып эми чындап эле ичинде өлүк бала жатканына ыза болуп, бирок айла жок дарыгер айткан жерге барды. Барса бары эле даяр экен. Аны камдашып эми наркоз бермей болушту. А Айнурдун болсо алы кеткенден эле кетип барат. Ичи ал ансайын бурап, бели зыркырап, көздөрү караңгылай баштады. Ал креслого жаткандан кийин ага эми наркоз куя баштаганда анын оозу кургап, мемиреп кетип бара жатса дагы ичиндеги баласын кыйбай, эми муну кантип алаар экен? Бутун-бут колун кол кылып, кесип чыгарышат да деген ой ага келе калып, ордунан тура калайын десе ырп этээрге дарманы жок. Баламды кыйнабай эле койгулачы дегенсип, анын уйкуга киришин күтүп, баланын өмүрүн сактап калышка мүмкүн болбой калды жок дегенде өзүңдү аман алып калалычы дегенсип каркырадай тизилип турган ак халатчандарды жалооруп тиктеген бойдой, көздүрү чалыштап, мемиреп кете берди.

Бир маалда:

— Ойгон, ойгон, — деген үн аны эсине келтирди окшойт. Көзүн ача калып эле маңдайында турган Мирланга:

— Балам кана? Кана? — деп эле кыйкыра берди. А Мирлан болсо аны жоошутуп сүйлөгөндөн бөлөк эмне кыла алат?

Бир топтон кийин гана ал чындап эсине келип, кайрадан курсагын караса эч нерсе жок. Ичи жер менен жексен болгонсуп түп-түз. Буга чейин болгон күчүн көз жашына чыгарып жүргөн Айнурдун көзүнөн эми бир тамчы жаш да чыкпай кайгысын да билгизбей таштай катып жата берди. Ушул абалынан жазбай жатканына канча убакыт өткөндүгүн ким билсин караса эбек эле түн да кирип калган экен. Капыстан анын кулагына бир перзенттин үнү угулуп, селт эте түштү. Эми ал өз перзетинин үнүн уга албайт. Кудай дагы берсе укса угар бирок бул баласынын үнү эч качан чыкпайт, чыккан да эмес. Айнур эми чыдай албай ал үн угулбай калсынчы дегенсип эки колу менен кулагын басты. Үн дагы эле басылбайт. Корко да баштады. Үн күчөгөндөн күчөп барат. Бир маалда ал үстүнкү кабатта төрөгөн аялдар жатаарын эстей калып эми коркпой калганы менен жүрөгү канап, эмне кылар айласын таппай жатып араңдан зорго таңды атырды. Дарыгерлер келип көрүп кетишкендей кийин ал Нурайды издеп кечеки өзү жаткан палатаны көздөй жөнөдү. Барса Нурай жок. Жанталашкан Айнур ошол жердеги бир аялдан:

— Бул кыз кайда? — деп шаша сурады.

— Алып кетишти.

— Үйүнөбү?

— Жок.

— Анан кайда?

— Боюнан алганы.

— Коңузчу?

— Чын эле.

 Айнур боппоз болуп отуруп калып анан:

— Мен барайынчы, — деп сыртка чыкмай болгондо ал бей тааныш кош болуу аял:

— Каякка? — деп аны токтотту.

— Нурайга.

— Эмнеге барасың?

Айнур эми ага:

— Менин балам…, — деп сөзүнүнү аягына чыга албай ыйлап жиберди.

— Уккам. Бирок али жашсың. Төрөйсүң. Кудай берерин унутпасын.

— Аныңыз чын бирок мен Нурайдын баласын багып алсамбы дегем.

— Кеч болуп калды.

— Эмне үчүн?

— Ага жанараак эле ийне сайып, баланын жүрөгүн токтотуп коюшкан.

— Эмне? Айнурдун көзү караңгылап, жер көчүп кетти.

— Кеч болуп калды. Барбай эле кой.

— Андай болушу мүмкүн эмес. Ал экөөбүз сүйлөшкөнбүз.

— Мен аны да уккам, бирок сен кеткенден кийин ал айнып калды.

— Эмнеге?

— Балам төрөлсө мен аны бергим келбей калат. Андан көрө алдырып салам деп көгөрүп туруп алды.

Айнур эч бир сөз да сүйлөй албай, үн-сөзү жок терезени карай басты. Капыстан анын көзү акыр-чикирлердин жанында айланып жүргөн жапайы мышыктарга кадала түштү. Бир маалда алар бир нерсени талашып үймөлөктөшүп жей баштаганда анын баласынын этин талашып ит-куштар жеп жаткансып, жүрөгү титиреп эс-учун билбей чалкасынан түштү.

Жанатан мелтиреп катуу ойго кирген тарбиячы келинди Каныбек Осмоналиевич бир карап алып анан өзү менен бирге келген кызматкерлерин карап:

— Балдарга деген белекти алып келгилечи, — деди.

— Азыр, Каныбек Осмоналиевич.

Көп узабай эле сырттан жайнаган белек-бечкектер биринин артына бири келе баштады. Мекеменин жетекчиси гуманитардык жардам келип баштаганда ошол жердеги балдардын баарын чакыртып биринин артына бирин тиздире баштады. Айдай катар турган балдарды караса негизинен кыргыздын эле балдары. Ушул көрүнүштү көрүп ал ичинен:

— Ушулардын баары чын эле томолой жетимби? Же жанагы кызматкерлер айткандай тирүүлөй жетимдерби? Ата-энеси жок болсо, анда айла жок. Маңдайга жазылган жазмышка айла барбы? Ал эми тирүүлөй жетим болсочу? Айнурдун тагдырын толук билбесе да, ал төрөй албай жатса тескерисинче жапжаш болгон башка кыз кайдыгерлик менен боюнан алдыртып койгондугун таамай эле билди. Бир аздан кийин ал үшкүрүп: «Карачы бир күндө жарык дүйнөгө келбей эки кыргыз кете берген экен. Ал эми мында болсо канча деген балдар жатат. Булар атанын, эненин мээримин билишпейт. Чоңойгондо кандай адам болушат? Тарбиячылардын айтканына караган алардын бардык эле шарты бар. Бирок балага бул жетишсиз да. Аларга ушул кезде ата-эненин мээриминен артык нерсе барбы?», — деген сыяктуу ой басып турганда аны:

— Айдай Эрмековна, бардыгын алып келдик, — деген кызматкерлеринин сөзү бөлдү.

Айдай балдарга белек-бечкектерин берип, алар менен аралашып жүрүп анан кетээр убактысы болгондо анын жанына жашы үч-төрттөр чамасындагы бир бала келип

— Апа, — деп анын колунан кармады.

Кара көз, кара каш, кирпиктери буралган мотурайган баланы көргөндө Айдайдын дагы жүрөгү бир башкача туйлап, ал баланы жакшы көрүп, эки колтугунан кармап аны асманды көздөй көтөрүп бир аз эркелетип коюп, бирок убакыттын тардыгына байланыштуу аны менен көпкө боло албай коштошмокчу болгондо:

— Апа, мени алап кетчи, — деп ал аны жалдырап карды.

Айдай ушул сөздү укканда жүрөгү кысылып, кең дүйнө тарый түшкөнү менен сыр алдырбай, аны карап, анан:

— Атың ким? — деп энелик мээримин төгүп сурады.

— Акбар.

— Акбар?

— Акбар, — деп бала жылмыйып жибергени менен андан бир нерсени үмтөткөнсүп караганы, боорукер мүнөзү бар Айдайды кыйнап жиберди.

— Акбар, канчадасың?

— Бештемин.

— Бештесиңби?

— Бештемин.

— Мен сени үчтө же төрттө деп жатпаймынбы?

— Бештемин. Апам бештесиң деген.

— Апам? Айдай Акбардын бул сөзүнө түшүнө албай кетти.

— Ооба.

Аңгыча балдар үйүнүн жетекчиси келип:

— Айдай Эрмековна, бул балдар кыялданып ата— энелерин айтып көпчүлүк учурда жалган да сүйлөп коюшат, — деди.

Бир маалда Акбар ага:

— Менин атам асманда учат. Ал Вандам. Ал деген эч нерседен коркпойт. Карагайдагы зымдарды кармап, бактан-бакка да секирет, — деп кыялында атасы менен бирге жүрүп, апасынын маңдайында отуруп иши кылып ал азыр бул жерде эмес. Телевизордон өзү дайым көрүп жүргөн мулңтфилңм же киного кетип калды. Баланын бул сөзүнөн кийин Айдай да алардын ушунчалык ата-энесин сагынып, ата менен эненин мээримине муктажданып, бирок аларга жете албай тузакта жатып тээ алыстан тийген күндүн нуруна зарыгып же болбосо, караңгы жерде өсүп, илмийип алы жок, жапжашыл эмес, өңү жок чөптөй болуп турган балдардын тагдырына зээни кейип турганда Акбар:

— Апа, мени ала кетчи, — деп кайрадан айтты.

— Каякка? Мындайды күтпөгөн Айдай эмне деп жооп берерин да билбей калды.

— Үйүңө.

— Үйгө?

— Ата, мен сийбейм.

— Сийбейсиңби?

— Ооба. Ата, мен ыйлабайм. Мени алып кетчи.

Акбардын бул сөзү Айдайды кыйнап жиберди окшойт. Бир маалда чындап эле алып кеткиси келип документтерди туураламай болгондо Айнур чоочуп кетип:

— Айдай Эрмековна, — деп анын жанына жетип келди.

— Угуп жатам.

— Сиз бул баланы алып кеткен турасызбы?

— Ооба.

— Эмне үчүн?

— Кыя албай турам.

— Алып кетпеңиз, суранам сизден.

— Эмне үчүн?

— Бул баланы мен багып алсамбы деп жүрөм.

Айдай жалооруп тиктеп турган баланы алып кетпесе экен деп, эмне кылаар айласын таппай кыйпычыктап турган Айнурду да кыя албай турганда Акбар келинге жабышып аны өпкүлөп жибеди.

Айнур дагы ага мээримин төгүп турганы менен министрдин орун басарынан кантип талашам деп турганда Айдай:

Алсаңыз алып алыңыз, туура кыласыз дегенсип Акбардын жүзүнөн бир сүйүп алып сыртка чыгып кетип бара жатып Айнурду карап бир аз унчукпай туруп анан:

— Билесизби, улуу философдор айтып кеткен, — деп калды.

— Эмне деп? Айнур Айдайды үмүттүү карады.

— Алардын айтканына караганда биз басып өткөн кыйынчылыкты ар дайым эскерип, кайгырып жүрө турган болсок, анда ал биз ар дайым аркабызда жүк кылып сүйрөп жүргөн араба болот экен. Эми өзүңүз ойлоп көрсөңүз, сиздин аркаңызда бир оор араба бар, анан ал жүк ар дайым сизди артка тартып, белиңизди бекчейтип жүрөт. Мен албетте сизди түшүнөм бирок ошентсе дагы Айнур, келечектен үмүттү үзбөй кечеки күн эмес, бүгүнкү күн менен жашап, эртеңкиге талпыныш керек,— деп бир аз үндөбөй Айнурду карап туруп анан министирдин орун басары сыртка чыгып бара жатканда Акбар аны ээрчип ыйлай баштады.

— Сага эмне болду? — деп Каныбек токтоп калды.

— Мен да барам.

— А апаңчы? Каныбек Айнурду көргөздү.

— Ал менин апам эмес.

— Эмне үчүн? Акбар мен сенин апаңмын, — деп Айнур аны карап жалооруп жибергенде келиндин жүзүнөн төгүлгөн сөз менен айтып жеткисе алгыс мээримди көргөн Айдай чыгып бара жатаканда мекеменин жеткечиси:

— Биздин дагы бир топ бар, — деп калды.

— Кандай топ?

— Алар майып балдар.

Айдайдын денеси дүр дей түшүп:

— Мен көрөйүнчү, — деди.

— Жүрүңүз.

Алар жаңы эле босогону аттаганда тапыр-тупур эткен бир үн чыкты. Бул эмне болду экен деп Айдай ары жакты караса кудай бетин салбасын түрү укмуштуудай балдар тизилип турушуптур. Биринин башы чарадай болсо денеси илмийип өтө эле кичинекей. Биринин болсо эки колу мунжу, экинчисинин буту жок. Дагы биринин бир кулагы өтө чоң болсо, экинчисинин орду гана бар. Бирок ал балдар майып болсо дагы бары дубалга такалып туруп алышып ар бири өзүнчө ага өнөрүн көргөзгөнгө аракет кылышат. Бир маалда аларга ошол жерде турган бир тарбиячы бул жакка келгиле дегенсип башын ийкегенде болжол менен жыйырмадай бала ордуларынан тура калышып өз ара түшүнүксүз бир сөздөр менен сүйлөшүп анан бардыгы бир кишидей болуп Айдайды көздөй бет алышты. Бир аздан кийин жашы болжол менен ондон ашып калса дагы жөрмөлөп өзү баса албай, бири сылтып басып жатса, дагы бири өзү басып, өз алдынча тура албагандыктан тарбиячылардын жардамы менен келип тизилишти, анан дагы ары жактан денеси чогуу бирок башы эки бала дагы аны көздөй жөнөгөндө башкасын көрсө да, көптү башынан өткөрсө да мындай укмушту теледен бөлөк эч жерден көрбөгөн министрдин орун басары мындай көрүнүштү өз көзү менен биринчи жолу көргөндүктөн денеси кадимкидей дүр эте түшүп, бир чети балдарга боору ооруп, жүрөгү канай түшсө, бир чети тарбиячылардын талыкпаган эмгегине, алардын чыдамкайлыгына баа берди. Чындыгында эле, кээ бир учурларда акыл-эси толук, алты саны аман балдарды окутканда, же тарбия бергенде алардан тажап, кай бир учурларда эмоцияга алдырып жиберген деле окутуучулар жок эмес. Ал эми бул жерде болсо акыл эси кем, майып балдарды талыкпай окутуп, аларды жөлөп-таяп бастырып, ал тургай алардын кир-когун жууп жатышса дагы качан да болсо өзүлөрүн оор басырыктуу кармап, мээримдүүлүгүн жоготпогон тарбиячылардан айланса деле болот тура деген сыяктуу ой багып турганда, көп узабай эле алар наркы дубалдан берки дубалга жетип бардыгы тизилип туруп калышты. Турмуштан көптү көрүп, жашы элүүдөн ашып калса дагы Айдай аларды карай албай эт жүрөгү эзилип кетти. Булардын түрүн көргөндө Айдай Эрмековнанын беттери кадимкидей дүрдүйө түштү. Бирок өзү бир сырдуу неме эч нерсени билгизбегенге аракет жасап, эми өз ишин улантып аларга белек-бечкек берип жатканда баштагы балдардай болуп алардын бардыгы белекти кол менен ала алышпайт экен. Бири эки мунжу колун бириктирип мага бер дегенсип жулкунса экинчиси бутун созот. Анан кезек денеси бир бирок башы экөө болгон балдарга да жетти. Айдай оюнда аларга бир колуна эле берем го деп ойлоп оюнчукту алып сунса жанталашкан сол кол келип аны жулуп алды. А оң колчу? Айдай анысын кайдан билсин. Бир маалды эки кол эмес эле үчөө болуп чыкса болобу? Эми көрүп ал. Үч кол үч жакка кетти. Бир кол талашып чапкылап жатса дагы бир кол аны жанталашып ачканга аракет кылат. Бир маалды дагы бир жетилбеген кол пайда боло калды, көрсө анын экөөсү бир башка, экөөсү экинчи башка тиешелүү экен. Эси чыккан Айдай аларга дагы бир белек алып келүүнү буйруду. Анын кызматкерлери белектерди алып келгенче баягы бир денелүү эки баш мушташа баштады. Ошол жерде тургандардын бары аларды ажырытам деп аракет кылса дагы бири басып кетмейин уруштун токтошу кыйында. Денеси бир болгондуктан эки кол бир баштын чачын жулса, үчүнчү кол менен жетилбеген кол да ага каршылык кылып баштан ары чапкылайт. Белек келгенден кийин жанталашкан Айдай бирин бири өлтүрүп койбосун деп экинчи колго дагы белек сунганда гана алар басыла түштү. Бирок ал буга чейин байкабаптыр. Себеби ал эки гана бутту көргөнсүгөн. Эми алар экөө эмес быжыраган беш бут болуп чыкты. Айдай балдар үйүнө келбей эле бир балээге келгендей болду. Бирок ал өзүн-өзү токтотуп, сыр алдырбагындын аракетин жасайт. Эми ал эки баштуу балдардын жанынан кетип биринин жүзүнөн сүйсө экинчи баш кыш— кыш этип келип анын мойнуна асылып өпкүлөп жатканда үч кол үч жагынан кучактап, төртүнчүсү анын курсагына тийип кеткенде денеси кайрадан кадимкидей дүр этип, бул эмне болду экен деп карай калса ал дагы бир кол болуп чыкты. Бирок ушунча кубанып турган балдар буттарын тыбырчылатып сүйлөй албаса дагы ага ыразычылыгын билдергенсип жатышты. Эми ал аларды коө берип мындай басайын десе капыстан анын оң буту алардын бир бутуна тийип кетти. Буту ооргандыктан алар болушунча тыбырчылап жиберди. Өзүн күнөөлү сезген анысы аз келегенсип ар дайым жөнөкөй мүнөзү бар неме отура калып эми аларды аяп бир бутунан сылап жибирсе жанагы өзү байкаган беш бут кадимкидей басыла түшкөнү менен бир нерсе кекиртегине кадала бүштү. Муну ал албетте жанагы жетилбеген кол деп түшүнгөн көрсө, ал кол эмес эле кичинекей болгон жыйырмадай манжасы бар шымдын ичинде катылган дагы бир бут болуп чыкты. Министрдин орун басарынын эси чыгып турганда ары жактан өзүнүн бир кызматкери ал кишини бошотоюн дегесип аларга эки бөтөлкө фанта алып келип, колдоруна карматты. Жанталашкан балдар аларды биринин артынан бирин шимип ичип тез эле түгөтүп да коюшту. Аздык кылып койду окшойт дегенсип жанагы кызматкер дагы экини алып келип бергенде балдардын күлкүсү чыгып жандары жаялгансып, биринин башын бири сылап коюп жаңы эле ары көздөй жылганда Айдайдын капталына бир килейген нерсе келип урунду. Бул эмне болуп кетти деп карай караса, ал чоң баштуу бала экен. Ал аны унчукпай карап туруп анан:

— Мага дагы фанта берчи, — деди.

Аңгыча кызматкерлер бардык балдарга фанта таратып ал балага да алып келип бергенден кийин гана балдардын бардыгынын жаны жаялып эми ага ыраазы болгонсуп аны карап бардыгынын күлкүсү чыгып, зал ичи шаңга бөлөндү. Анан тарбиячысынын буйругу менен катар тизилип бир ооздон:

— Рахмат, — деп кыйкырышты.

Айдай алар менен коштошуп сыртка чыгып, таза абадан кере-кере дем алгандан кийин гана өзүнө келди. Бир маалды бул көрүнүштү байкай койгон мекеменин жетекчиси:

— Сиздин ахвалыңыз жакшы элеби? — деп сурап калды.

— Жакшы эле. Бирок бул балдардын ата-энесин көрдүңөр беле?

— Жанагы эки баштуу баланын атасын да энесинда көргөн эмеспиз.

— Аларды бул жакка ким алып келиптир?

— Мен ал кезде бул жерде иштечү эмесмин. Бирок укканыма караганда аларды төрөт үйүнөн түз эле ушул жерге алып келишсе керек.

Ооба, чындагында эле алар үй бетин көрбөй түз эле ушул жакка келишкен. Себеби балдардын энеси Нуржан билбестик менен баңги затын колдонгон жигитке турмушка чыгып алат. Жаш келин анын мындай өнөрүн билгенче боюнда болуп калып эми аргасыздан жашап да калды. Бир күнү ал доктурга барса ичиндеги баланын эгиз же эгиз эмес экендигин билбей коюшту. Ким эле баласын жамандыкка кыйсын. Дагы бир эки айдан кийин билинип калаар деп ал бейкапар гана кетип калды. Арадан эки эмес төрт, беш ай өткөндөн кийин кайра барса дагы эле айтыш кыйын болуп туруп алды. Анан ошол жерде жыйырма жылдан ашык иштеген ак чачтуу Айнаш аттуу дарыгер Нуржанга:

— Кызым, сен эртең сөзсүз келчи. Аппарат жакшы иштебей турат. Бүгүн оңдотобуз. Мен сени дагы бир жолу карап көрөйүн, — деди.

Азырынча эч нерседен капары жок Нуржан:

— Мейли, — деп ичин челкейтип сыртка чыгып кетти.

Эртеси келсе Айнаш анын ичин аппараттан улам-улам карап отуруп анан, ага эмне деп айтаарын билбей турганда Нуржан:

— Эже, эмне болду? — деп акырын гана үн катты.

Айнаш аны бир карап алып:

— Азыр, — деп сыртка чыгып кетти.

Бир топтон кийин ал жалгыз эмес жанына дагы эки ак халатчан кесиптиштерин алып кайра кирди. Алардын улам бири аппаратты колуна ала коюп кайра-кайра карап отуруп анан бири да үндөбөй кайрадан чыгып кетишип, эшикти жаба коюшуп сырттан:

— Оо-о кудай, — деп бири үшкүрүп алгандыктан Нуржан акырын бутунун учу менен каалгага жакындап келип кулагын түрдү:

— Силер көрдүңөрбү?

— Көрдүк.

— Эмне деп айтабыз?

— Билбейм.

— Ушунча жыл иштеп мындайды көргөн эмесмин.

— Мен дагы.

— Баладан башкача экен.

— Эки башы бар окшойт.

— Башын билбейм. Бирок мен бир тулку бойдон орун алган жок эле дегенде беш бут көрдум, — деп денеси дүркүрөп кетти.

— Эми алар кандай киши болушат?

— Ким билсин. Булар деле кудайдын буйругу менен жаралган да.

— Ошентсе деле балким балдардын ата-энесинде күнөөдүр.

— Билбейм.

— Ай, байкуш келин.

— Түрүнө караганда татынакай эле көрүнөт.

— Ким билсин, балким күйөөсүнөндүр.

— Генинде деле болушу мүмкүн.

— Канча айлык экен?

— Сегиз ай болуп калды окшойт.

— Сегиз?

— Ооба.

— Буга чейин билген эмес белеңер?

— Күмөнүбүз бар болчу?

— Анан эмне ушуга чейин чара колдонгон эмессиңер?

— Менин көзүм жете элек болсо кантип айтам. Мындайды ким көрүптүр. Бирок өзүнөн да кетип калды.

— Эмне болуп?

— Бир, эки айдан кийин кел десем төрт ай өткөзүп келиптир.

— Эми кантебиз? — деп дарыгерлер өз ара талаш-тартышка түшүштү.

— Келин менен сүйлөшүп көрүп эгер макул болсо албасак болойт.

— Макул болбосочу?

— Энеси да биз, кантип анын уруксааты жок алабыз.

Аңгыча Нуржан чыдай албай болду-болбоду мен жөнүндө сөз болуп жатат деп жүрөгү титиреп, ордунан туруп, сыртка чыга калды.

— Эмне болуптур?

Үчөө тең үн сөзү жок аны карашты.

— Айткылачы, эмне унчукпайсыңар?

Айнаш эже анын колунан кармап жай гана жетелеп бөлмөгө алып кирип:

— Нуржан, — деп анын саамайынан сылады.

— Эже, эмне болуптур?

— Нуржан, балаңдын эки башы бар экен.

— Эмне?

— Эки баштуу бала экен.

— Коюңузчу?

— Чын эле.

— Мындай болушу мүмкүн эмес. Бул жалган. Нуржандын үнү буулуга түшүп, буркурап ыйлап жиберди.

— Кой, кызым ыйлаба.

— Анан эмне кылам, эже?

— Сабыр кыл, — дегени менен Айнаш эмне кылаар айласын таппай ал эми жанындагы дарыгерлер да аны соороткондун арактинде. Чындыгында эле эмне кылат? Ичинде баладан башкача эки баштуу, али жарык дүйнөгө келе элек, бала десе бала эмес бир шумдук эле нерсе жатса.

Бир аздан кийин Айнаш:

— Кызым төрөлсө азабын өзүң эле тартасың. Алдырып эле салчы, — деп Нуржан ыйласа кошо ыйлап жиберди.

— Жок.

— Кой кызым, тилимди ал.

— Жок.

— Андай дебе.

— Эже, мен алдырбай коөюнчу. Нуржан ага жалооруп жиберди.

— Мен деле аны алдыра кой деп айткан жерим деле жок. Сени кыйнап алдырганга менин укугум да жок. Бирок ошентсе деле алдагы ичиңдеги балдарың төрөлсө азабын өзүң эле тартасың. Же аларды таштап сала албайсың. Иши кылып өмүр бою азап жегениң аз келгенсип, өзүң да кор, балаң да кор. Мунун сага кереги барбы? Андан көрө көзүңө көрүнө электе алдырып эле койчу.

— Жок эже, жүрөгүм чыдабайт.

— Ичтен чыккан ийри жылан деп эми кантесиң, кызым ойлонуп көр, сенин убактың өтө тар, сегиз айга жакындап калды.

— Мейли эже. Кор болсом деле мейличи. Бирок өз ыктиярым менен баламдын чымындай жанын чыркыратып чыгарбай эле коөюнчу.

Айнаш ичинен: «Карачы, канча деген кыздар алдырам деп кезекте турушат. Төрөп алып алты саны аман баласын тирүүлөй жетим кылып басып да кеткендер жок эмес. Мен албетте коом ушундай деп айткандан алысмын, бирок беш кол тең эмес да. Тогуз ай бою көтөрүп жүрүп ал төрөлөөр төлөргөнчө бейкүнөө, али жарык дүйнөгө келбеген балдарын жок кылыш үчүн канча деген кыздар, кандай гана жолдорго барып ичинде аны менен кошо дем алып, аны менен кошо азыктанып, күндөн-күнгө адам болуп келе жаткан балдарын уулап, дарыгерлер албай койсо башка жолго барып, анда да буйруктуу баласы боюнан түшпөй калса төрөрүн төрөп анан ага ак сүтүн ыраа көрбөй, энелик мээримин аяп, үнү чыккан сайын аны жек көрүп «балам» — деп бооруна кыспай, бурулбай басып кеткендер канча? Эми муну карачы? Тескеринсинче.

— Өзүң бил, балам.

— Балким сиздер жаңылып жаткан жоксуздарбы?

— Жаңылган деле жокпуз. Мен ошондуктан бул кишилерди чакырып келбедимби.

— Бул кишилер деле адашып жаткандыр.

— Жок кызым, андай болушу мүмүкүн эмес.

— А балким балам эгиздир.

— Аның чын, бирок башы бөлөк болгону менен денеси бир болуп жатпайбы?

— Жок андай болушу мүмкүн эмес. Мен мыдай нерсени бир гана жолу гезиттен окугам. Бирок турмуштан көргөн эмесмин. Нуржан эми чындап эле чындыктан тана баштады. – Баса, эже мен сизе бир суроо берейинби?

— Бер.

— Кандай учурларда балдар мындай болуп калышы мүмкүн.

— Анын себептери көп.

Нуржан бөлөк суроо бергенге алы калбай, катуу капа болуп кеткендиктен эми көздөрү караңгылап, эс-учун жогото баштады.

Эсине келсе догдурда жатат. Анын оюна ичиндеги балдары келе калып, алып салышкан жокпу деп курсагын карай салса ырас ордунда эле турансыйт, бирок ага Айнаш эжеден бөлөк дагы канча деген дарыгерлер «Алдыр» десе дагы ал моюн сунбай койду. Эми бүгүн көптөн күткөн күн да жетип анын толгоосу бышып төрөмөй болду. Ал догдурга келип, төрөөчү жайга киргенде төрөттү кабыл алгандан врач аттуунун бары коркуп ал тургай кача да башташты. Бир маалда алар Айнаш эжени чакыртты окшойт. Нуржан кыйнала баштаганда Айнаш кирип келип, аны бир сыйра карап анан:

— Сенин төрөтүңдү мен кабыл алам,-деди.

— Сизби? Нуржан кубанып да кетти.

— Бирок сен өзүң төрөй албайсың.

— Эмне үчүн?

— Балдардын денеси өтө эле чоң. Сен туруштук бере албайсың.

— Анда эмне кылыш керек?

— Операция болбосо болбойт. Макулсуңбу?

Нуржан селт эте түшүп анан аргасыздан:

— Ооба,— деп жер карап жооп берди.

Айнаш аны операцияга камдап жатып:

— Ай кызым, ай. Кайдагы бир шүмшүккө турмушка чыгып алгансың? Баңги затты колдонгон жигиттен жыргаган бала төрөйм дедиңби? — деп бир чети аны аяп, бир чети наалып алды.

Азыр кандай бала чыгаар экен? Балабы же эмне? Башы экөө болсо денесинин териси кандай болду экен? Ажыдаарга окшогон неме болсочу? Деген сыяктуу ойлор Нуржандын башын чырмап, эт жүрөгү эзилип, ал эми чындап чочулап мурда эле эженин айтканына көнбөй, — деп өзүн-өзү ичинен жемелей баштады.

Аңгыча Айнаш аны даярдап, кара терге түшө баштаган Нуржанга наркоз берип аны операция жасап баланы алып чыкмай болду. Ичин жаргандан кийин кудай бетин салбасын мындайды кайдан көрүптүр? Кадимкидей эле көзү, кулагы, мурду бар эки баланын башы бирок тулку бою бир. Быжыраган буттары тыбырчылап жатат. Айнаш алардын кайсы жеринен кармаарын билбей, кайрадан кара терге түшүп, жыйырма жыл иштесе да мындайды көрбөгөн неменин муундары калчылдап, эмне кылаар айласын таппай апалап кыйкырып жибере жаздады. Бирок ал балдарда эмне күнөө? Алар деле кудайдын буйругу менен ушул жарык дүйнөгө келди да. Эми ал келме келтирип кудайга жалынып балдарды алып чыкты. Эки баш эки жакты карап бардык балдардай эле ыңаалай баштады.


© Эшимкулова Г.Ф., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3664