Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Сын, адабият таануу, Сын / Публицистика
© Маметибраим Жаныбеков, 2014

Маметибраим ЖАНЫБЕКОВ

«Арыба, жүрөк» жыйнагынын аруу саптары

Жаны китепке пикир

 

Тирүүлүктөгү ар бир адамдын жеңиши да, жемиши да, таанып билүү мүмкүнчүлүгүнө жараша мөмөсүн берет.Чыгармачылыкты туу туткан инсан күнүмдүктүн айлампасында калкыбай, турмуш сырын улам терең түпкүрдөн карап, кумдан алтын чайкап бөлүп алгандай, асыл ойлордун,алтын кептердин жаратманына айланат. Анын бир мисалы катары бизге кунарсыз өтүп жаткан күндөрдүн керемет сырын ачып,окурман калкына дил азык катары сунулган З.Пасанованын “Арыба, журок” ырлар жыйнагы тууралуу кеп кылууга болот.

Кушбак кылып көңүлдү, күзгү гүлдөр,
    Кыш алдында кулпуруп гүлдөдүңөр,
    Мээрим түшүп, аёомдун себеби бар,
    Мен да өтө кечиккен тагдыр күткөм. (“Күзгү гүлдөр”)

Карапайым, жатык тил менен айтылган бул төрт сапта не деген терең ой, не деген окшоштук жатканын окурман өзү андап алар деген ишенимдебиз. Сөз кудуретин туура пайдаланып, күнүмдүк турмушта ой келди колдонулуп жүргөн карапайым кепке өзгөчө боёк берип, жаны түс, жагымдуу үн жаратуу үчүн изденүү чеберчилиги талап кылынары айтпаса да түшүнүктүү. Окурман калкынын таразасына жаныдан түшүп жаткан ыр жыйнактын автору Зинакан. Пасаңованын түйшүктүү чыгармачылыктагы тажырыйбасы жетиштүү. Ал ар бир кубулушутан кыя өтпөй, табияттын керемет сырына дилин сугарып, жаратылыштын агы менен тең агарып, көгү менен тең көгөрүп жашаган акын.

Мен билгенден З.Пасанова – жөнөкөйлүктү туу туткан карапайым инсан. Анын чыгармачылыгы да дал өзүнүн мүнөзү сыяктуу толкуну жок мелмилдеп жаткан тунук мухиттей өзгөчө терең дүйнө. Анын чыгармачылыгынын негизги өзөгүн камкор эне катары уулдарына айткан кеп-кенеши, таалим тарбиясы ээлейт. Ал тема “керегем сага айтам...” – дегендей эле жалпы коомго айтылып жаткан насыяты, аруу тилеги экендигин белгилей кеткенибиз оң:

Ырас, уулум, мекенчилдик сезим ыйык,
    Баары эле кармана албайт аны тутуп.
    Абийирлуу, таза жүрөк балдарына,
    Азыр-ов, суусап турат Ата-Журтуң! (“Мекенчил уулума”)

Алдым-жуттум күч алган бүгүнкү күндүн агымында, ажыдаардай оп тартып бара жаткан ааламдашуу алкагынын эпкининде, куну кетип куураган Ата-Журттун мекенчил эр азаматтарга болгон муктаждыгын таш күзгүдөй чагылдырып турган бул төрт саптын жүгү – адамзаттын аруу оюна,адал кызматына суусаган Ата-Журттун үнү. Мисал катары алынган жупуну саптарда эч кандай кур сүрөөн, жүрөгүн ташка чаап, ай-гай салган чакырык жок. Бирок таңдайы катып, алсырап жаткан Ата-Журттун таамай тартылган бул картинасы дээринде бар адамды ойлонууга аргасыз кылып, мекенчилдик сезимине учкун таштаарына шегим жок.

“Жер жарылса ал жарака акындын жүрөгү аркылуу өтөт,” – деген накыл кеп бар. Акыркы мезгилде көпчүлүктүн тынчын кетирип, кооптонуу жаратып жаткан көйгөйдүн бири – чек ара маселеси, кезек-кезеги менен учкун чыгып турган Баткен жергеси, бийлик тарабынан көз жумдумда калып жаткан алыскы аймакта жашаган элдин тагдыры да акынды тыч койбой, түпөйүл ойго түрткөндүгү Зинакан эженин чыгармачылыгында кеңири баяндалат:

Баткен ээлеп ой санаамды төрүнөн,
    Тынч бекен деп түнкү уйкум бөлүнөт.
    Азып турган Ата-Журттун жүрөгү,
    Азыр ушул бир өзүңдөн көрүнөт. (“Чегинбе, Баткен”)

Ар бир баласынын күлкүсүн кубаныч менен кабыл алып,түйшүгүнө жүрөгүн тосуп, түн уйкусун кечип: ”Баланын колуна кирген тикен менин жүрөгүмө сайылсын,” – деген тилегинен кайтпаган энелердин жүгүнө тең келе турган жүк тирүүлүктө жок экендиги З.Пасанованын «Арыба,жүрөк» ырлар жыйнагындагы өзөктүү темалардын бири. Ошол эле учурда кең пейил эне,мекенчил акындын бардык чыгармаларында «мекен» деген кызыл сызык ядро катары сакталган:

Калайык-кал жүдөп турган кезинде,
    Хан сарайда жашаганын эп дебейм.
    Пейил күтүп, бей-бечараны жерисен,
    Мен төрөгөн азамат уул сен дебейм!

Мындай асыл ойлорду З.Пасанованын ар бир чыгармасынан жолуктурууга болот. Бирок алардын баарын майдалап, маанисин чечмелеп отуруунун кажети жок. Анткени: ”Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбогондой,” – эле акылы зирек окурман калкына “Арыба, жүрөк” ыр топтомун бүкүлү бойдон сунуштап, аруу тилекке жык толгон китепке ак жол тилегенибиз оң болоор деген ойдобуз.

 

© Маметибраим Жаныбеков, 2014

 


Количество просмотров: 1596