Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Асан Ахматов, 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2014-жылдын 1-декабры

Асан Кенжебаевич АХМАТОВ

Эрендер да ыйлашат

Ахматов Асан – жаңыдан жаза баштаган жазуучу, анын чыгармачылыгы кесиптик иши менен тыгыз байланышкан.

Китептин каармандары менен алгыр куштун кайгылуу тагдыр жолдору  кесилишкен окуя Кыргызстандын Баткен областында болуп өтөт.

Алар кырдаалдын, мезгилдин жана тагдырдын барымтасына кармалган жандар.

Мурда Афганистанда аскердик кызмат өтөп, тагдыры талкаланып, ак сүйүүсүнөн ажырап, бирөөгө ишенүүнү койгон Тимур Байсеитов өзүн курчап турган дүйнөгө каршы туруп №1 террористке айланган. Ал өзүнүн уулу, чек ара кызматынын сержанты бар экендигин, Мекен чегин коргогон согушта аны менен кездешери оюна да келбейт. Повесттин кейипкери тагдырдын буйругу менен туңгуюкка камалган адам. Ал бул абалдан чыгып, террористтен (“Түлкү”) кайрадан афганчы Тимур Байсеитов болууга күчү жетеби? Биз аны Асан Ахматовдун “Эрендер дагы ыйлашат” аттуу повестин окугандан кийин гана биле алабыз.

Асан Ахматов. Эрендер да ыйлашат. — Б.: Бийиктик, 2012. — 132 б. китебинен алынды.

Нускасы 500 даана.

 

Кайран өмүр – өттү

                        өткөн өмүр – кетти

                                               кеткен өмүр кайрылбайт.

 

Чынгыз Айтматовго арналат

Чынгыз Айматовдун бул дүйнөдөн өтүп кеткенин ойлогондо оор улутунуп, кайгырбай коё албайсың. Арийне, анын кейипкерлери биз менен жашап, жүрөгүбүздө түбөлүккө кала бермекчи. Биздин айрымдарыбыз Танабайга, Султанмуратка, Аселге жана Эдигейге бир аз да болсо окшошуп кетет. Айтматовдун дүйнөсү – бизбиз. Анын чыгармаларынын каармандары  ХХI кылымда да бизди жакшылыктын жана намыстын эрежелери боюнча жашоого үйрөтүүнү улантууда.

Улуу урматтуу Чыңгыз ага, Сиздин жашап өткөндүгүңүзгө жана биздин жүрөгүбүздө жашай берээриңизге тобо кылабыз!...

 

Кайра жаралуу үчүн курман болуу

Учурдагы проза жөнүндө жазууну ойлогондо, авторго болочок чыгарманын жан-жайын тандап алуу өтө кыйын. Адабий жанрдын талабына жооп берип гана тим болбостон, адамдын делебесин козгоп, азыркы куулук-шумдукка толгон жашоонун ыгын таап, ага ээ болуп алган жан дүйнөсүндө кыпындай да кымбат эч нерсеси жок шумпайлар жөнүндө эмес, түбөлүктүү акыл-эс байлыгы болгон: намыс, уят, эл сөзү, жакшылык жана жамандык жөнүндө көп ойлонууга мажбур кылган чыгарманы издейсиң.

Асан Ахматовдун жазуучулук жаатындагы аракетинин “Эркектер ыйлаганда” аттуу саамалык повестин окуп көрүп, жогорудагы талапка жооп берген чыгарма экендигине көзүм жетти. Повесттеги үч агым: адамдын жан-дүйнөсүн козгогону, элдик тажрыйбаны, элдин акыл-эсин ыктуу пайдаланганы, учурдагы жашоого туура талдоо жүргүзгөнү жана кейипкердин бул дүйнөдө жасаган акыркы кадамы (Айтматовдукуна окшоп кетет) адамдын көңүлүн өзүнө бурбай койбойт.

Повесттин башкы каармандары– Бүркүт менен Тимур Байсеитов, алардын көркөм элестери менен жазуучу адам менен куштун турмушундагы кырдаалдардын канчалык өзгөрүлүп турганын ачып көрсөткөн. Жер Бүркүт үчүн жашай турган жер болбой, “жексурлардын” планетасына айланып кеткендиги байкалат.

Адамдан көргөн жамандыгы, талкаланган турмушу, тагдыры  үчүн өч алууну ойлогон Тимур Байсеитов элге башка бир жамандыкты алып келген, кыйраткыч жана киши өлтүргүч болуп калды. Ал өз күнөөсүн туулуп-өскөн шаарына келип, согушта бирге болгон досу Болот Абдрасуловду (Афганда бирге болгон) жана өмүр бою көрсөм деп көксөп жүргөн баласын жолуктургандан кийин гана түшүндү.

Өмүр башаты болгон: балалыгына, үй-бүлөсүнө, биринчи сүйүүсүнө жана өткөн өмүрүнүн элестерине кайрылып келүү, ага тандап алуу кырдаалын түзөт– куш да, каарман да тагдырдын жазуусу менен бурчка камалып калды. Жазмыштын буйругу менен камалган бурчунан жана бузуку чөйрөсүнөн Тимур Байсеитов чыга алаар бекен? Ооба, ал чыгып кетет, бирок ал үчүн өз өмүрүн кыят. Ал өз өмүрүн, жашоосу түгөнбөгөн айлампанын ичиндеги чуркоого айланбасын деп баласы үчүн кыйды.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын доценти Зинаида Ивановна Плех.

 

Ак бата

Асан Ахматовдун «Эрендер дагы ыйлашат» аттуу повестин мен кызыгып бир дем менен окуп чыктым. Повесттин мазмуну анын темасына төп келишип турганын баамдадым. Окуя биздин заманыбызда, башкача айтканда XX кылымдын аягы XXI кылымдын башында болуп өтөт. Анда эл аралык идеологиялык күрөштүн кесептинин натыйжасында болуп жаткан кандуу кагылышуулар жөнүндө, душмандардын биздин элибизге бүлүк салгысы келген террорлук кылмыш-аракеттери жана аларга каршы биздин чекисттердин жана чек арачы жоокерлерибиздин Мекенибизди коргоо боюнча жүргүзгөн иш-аракеттери жөнүндөгү окуялар ишенимдүү жакшы баяндалган.

Чыгармада Ооганстанда болгон согушта бирге болуп салгылашкан, андагы азап-тозокту баштарынан бирге өткөрүшкөн кыйышпас эки достун (Абдрасулов менен Байсеитовдун) «тагдырдын тамашасы менен» бири Ата Мекенинин коргоочу сакчысы, экинчиси «өздөн чыккан жат жаман» болуп (албетте, ал үчүн жүйөөлүү себептер менен, б.а. сүйгөн кызы аселдин атасынын чагымчыл аракетинин кесепетинен) акыры барып эл аралык террорлук кыймылга кошулуп кетип өзү туулуп өскөн мекенине– эллине каршы террорлук кылмыштарды уюштуруп жасаганы айтылат.

Автор бул эмгегинде патриоттуулуктун – Ата Мекенге берилгендиктин духунда тарбиялаган жаш жоокерлердин өз элинин, өз жеринин бир муштум ташын да, бир кадам жерин да бөтөн элдик баскынчыларга алдырбас үчүн өз кан-жандарын аябай канкор душмандар менен салгылашканын баса белгилейт. Муну менен алардын Мекенге болгон сүйүүсүн даңазалайт. Эненин жана ата-баланын тунук сүйүүсүнүн ыйыктыгы, туруктуулугу, бир сөз менен айтканда сүйүүнүн улуулугу чыгарманын өзөгүн аралап өтөт.

Бул Асандын жазуучу катарында бел байлап жаңыдан жазган алгачкы болгону менен мен калеми төшөлүп калган жазуучунун чыгармасындай эле деңгээлде жазылганына ынандым. Чынында, Асандын алдына койгон улуу максаты ишке ашкан деп эсептейм.

Жазуучулук сапары байсалдуу болуп баралына келгенде Асан кыргыз элинин белгилүү жазуучуларынын катарынан татыктуу орун аларына шеек жок деп айтсам апырткандык болбос. Бирок, ал деңгээлге жетүү үчүн андан сөзсүз аянбай изденүүнү, талыкпаган эмгекти талап кылаары белгилүү.

«Аккан арыктан суу агат», – деп акылман элибизде бекер айтылбаса керек. Асандын жазуучулук дарамети тегинен го (генинен) – дүйнөгө аттын кашкасындай белгилүү болгон таякеси Чыңгыз Айтматовдон, өз атасы Кенжебай Ахматовдон (окумуштуу-илимпоз, чыгармачыл инсан), энеси Төрөкул кызы Люциядан мурасталган го деп ойлойм. «Эр тайын тартат» деген сөз чын окшобойбу. Асан чынында эле Чыңгыз таякесинин жолун жолдогондой көрүнөт. Бул алгачкы чакан чыгармасын Асандын Чыңгыз таякесинин арбагына арнаганы да окурманды кубандырбай койбос. Асанды ылайым эле жараткан кудайым, Чыңгыз таякесинин жана акылман, чыгармачыл, кыдыр даарыган ата-бабалардын арбактары жылоолоп жазуучулук жолу байсалдуу болсун деп ак дилимден бата бердим.

Ормонбек Алапаев – СССРдин жана Кыргыз ССРинин журналисттер союздарынын мүчөсү ардагер, персоналдык пенсионер

 

БҮРКҮТ

Карыган бүркүт денесин көккө көтөрүп учуу үчүн бет алдыдан соккон аба толкундарын жиреп канаттарын жанталаша каккылап бара жатты. Кашайып леп эткен жел да жок болчу. Жел боло тургандай белги да жок эле. Ал тээ бийик асманда катып калгансып жыла албай, канаттарынан бир нерсе салмактанып ылдый тартып тургансып оордоп баратканын сезди. Мындай жел жүрбөгөн мезгилдер эмнегедир бүркүттү коркутуп, ага ушундай тынчтыктын ары жагында, анын учуусуна чек койгон кандайдыр бир нерсе күтүп тургандай сезилчү. Анын үстүнө, канатынын бир эле күүсү менен баш айланткан бийиктикке көтөрүлүп, жерден көргөн жемине жетүү үчүн канаттарын куушуруп, жылдыздай зымырап учуп келе жатып, канын дүргүтүп жылынып алчу заманы өткөн. Тээ ободо калкып, дүйнөгө өзүнөн ашкан жандык жок экенин көрсөткөн мүнөттөр, анын куштук өмүрүндөгү бактысынын туу чокусу болчу. Оо, анда элик болсун же башка чоң жаныбар болсун андан кутулуп кете алчу эмес. Ал барчын кезинде шамдагайлыгы жана акылы менен айырмаланган карышкырды да илип кетчү эле. Азыр болсо бүркүткө андай бийиктикке көтөрүлүү улам кыйындап бараткан кези. Эми анын ордун жаш бүркүттөр ээлеп, аны басмырлап, жаратылыштын мыйзамына жараша жерге жакындата кууп салышты. Куш асманда канчалык эркин учпасын, аз-аздап ага мейкиндиктеги орду азайып баратат.

Азыр да бүркүт аскалуу бийик капчыгайдын кыры менен тең бийиктикке төмөндөп келүүгө мажбур болду. Бирок ал андан корккон жок. Ага анын өзүнүн себептери бар болчу. Эгерде адам үчүн бул тоолор тике, чыга алгыс бийик жана коркунучтуу болсо, бүркүт үчүн жакын да, жакшы да сезилчү. Ал тоолорго жашынып, ар кандай коркунучтан өзүн сактап кала алаары бышык. Бүркүт бир гана нерседен– адам баласы менен жолугушуудан коркчу. Тилекке каршы, дайыма ошондой болуп, эмнеден корксоң ошого биринчи жолугасың.

Капчыгай бойлоп төмөн учуп баратып бүркүт сол тарабынан кандайдыр бир кыймылды байкап калды. Алар бир топ киши эле. Адамдар ушунчалык жакын болгондуктан, дем алгандары да сезилип турду. Алар каз– катар тизилип, аскага жабышып алышып араң гана байкалган жалгыз аяк жол менен акырындап жогору карай чыгып келатышты. Курал салган баштыктарынын оордугунан, ийилип-майышып араң эле басышат. Алдыда келатканы бүркүттү көрсөтүп бир нерсени түшүндүрүп жатты. Алар токтой калып талашып-тартышып келатышты, бирөө бүркүттү көздөй автоматын да сунуп жиберди. Бүркүт аябай коркуп кетти. Аны коркунуч бийлеп алды, анткени, адам бүркүт тукумунан күчтүү эле, ошондуктан ал адамдан коркчу. Адам баласы анын уясын бузуп, кыраан куштун жашоо чөйрөсүн талкалап кеткенден бери эле бүркүт андан коркуп келатат. Жаш бүркүтчү беймарал жаткан бүркүттүн уясына чыгып келип, балапан кезинде өзүн уурдап кеткен. Бүркүтчү балапанды өзүнүн үңкүрүнө алып келип, анын эркиндигине чек коюп, өз эркине баш ийдирүүгө аракет кыла баштады. Бирок бүркүт анын эркине көнбөй койгон. Кичине чоңоё түшүп, биринчи мүмкүнчүлүк болгондо эле качып чыккан. Капаста жүргөндө ал адамдын жүрүм-турумун жакшы үйрөнүп алган эле. Кыраан куштун акыл-эси аны башкарган чөйрөгө таптакыр жат болчу. Ошол күндөн бери бүркүт-куш адамды душманым деп билип, аны менен жолугушуудан качып турат. Азыр дагы аны ошондогу коркунуч кол жеткис алыс жакка учуп кетүүгө мажбур кылды. Бирок, бүркүт карып, ал-күчтөн тайып калган. Ага бет алдыдан соккон желден башка дем алуу да керек эле. Кыраан куштун башына “Ушуну менен бүттүбү, кайра да колго түшүп каламбы?” деген ой келди. Карып калганда капаста  өлөмбү деген ой аны аябай коркутуп жиберди. Капысынан бүркүттүн башына эркиндигин жоготкондон көрө, капчыгайдын түбүнө боюн таштап жиберип өлүү керек деген ой пайда болду. Эркиндигинен айрылгандан көрө өлгөнү оң. Ошентип, бүркүт өлүүгө даярданып жатты. Бирок, бүркүт аба толкундары аны жогору көтөрүп баратканын сезди. Бул ага коркунучтан кутулуу мүмкүнчүлүгүн алып келди. Жел күчөп согуп, бүркүттүн ишенимин күчөттү. Ал көккө көтөрүлүп, кишилерден алыстай баштады. Бул убакта тиги адамдардын бүркүт менен иши болбой калган. Адам баласынын колуна түшүп чыккандан  бери, өзүнүн жүрүм-туруму өзгөргөнүн бүркүт оюна алган жок. Азыр кишилер тоого мылтык алып тамак-аш  табыш же бүркүттүн уясын бузуш үчүн барышпайт. Алар баңги зат ташыгыч болуп дүйнөгө ак өлүм таркатып калышкан. Жанагы бүркүт жолуктурган кишилер да ошондой адамдардан болгондуктан, бүркүткө коркунучтуу эмес эле. Бирок, бүркүт аны билген жок. Ал үчүн адам– бул коркунуч деген жалгыз гана мыйзам бар болчу. 

 

БИРИНЧИ АЙКАШ

Бүркүт кишилердин көз алдынан дароо эле алыстап кете албады. Наркы капчыгайдан аны дагы бир куралдуу топ байкап калды. Булар контрабандисттер эмес, Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын Абдрасулов Айдар башкарган чек арачыларынын тобу болчу. Чек ара кайтарган топто аны менен төрт жаш жоокер бар эле. Алардын арасынан бүркүттү биринчи жолу көргөндөр да чыкты. Сержант Алымкулов Темирлан кайкып учуп бараткан кушту таңдана карап туруп калды. Аны таң калтырган бүркүттүн канатынын чоңдугу болчу. Мындай күтпөгөн көрүнүштөн ал кыйкырып жиберди.

– Карасаңыз, лейтенант, кандай укмуштуудай куш!

– Ал бүркүт, сержант, мурда көрө элек белең? – деп сурады офицер андан.

– Мында кызмат кылганыма бир жыл болуп калды, бирок жаратылышта эркин учуп жүргөн мындай алп кушту биринчи жолу көрүп отурам.

– Туура айтасың, булар азыр өтө сейрек кездешип калды. Алар азыр Кызыл китепке киргизилген. Биз “адамдар” аны жашап жүргөн жеринен кууп чыктык, ошондуктан алар азайып кетти.

– Алар бийик зоолорду мекендейт эмеспи, жолдош лейтенант, андай жалама аскаларга жөнөкөй адам жете албайт да.

– Жөнөкөй адам дейсиңби, азыр жөнөкөй адамды табуу кыйын болуп калбадыбы, түшүнүп жатасыңбы, сержант?

– Мен сиз менен баары бир макул эмесмин, жолдош лейтенант, ал адам үчүн кол жеткис бийикте жашайт – деди сержант өзүнүкүн бербей.

– Бийик, бийик дейсиң, адам деген кайда болсо да жетет, сен экөөбүз ушундай бийик жерде эмне кылып жүрөбүз?

– Биз чек арабызды кайтарып жүрөбүз.

– Кимден, билсең айтып берчи?

– Ар кандай контрабандисттерден жана биздин мекенибизге жамандык ойлогон адамдардан.

– Туура айтасың, жолдош сержант.  Ошону менен бирге – деди ал эми бардыгына кайрылып, биз өз жерибизди гана кайтарбастан, андагы болгон бардык нерсени, жада калса кызыл китепке киргизилген тээтиги бүркүттү да кайтарабыз. Ал дагы биздинэлдин байлыгына кирет, түшүнүктүүбү жолдош жоокерлер? – деп сурады да, саатын карап алып “Чарчап калдыңар окшойт, он беш мүнөт эс алып алгыла!” – деген буйрук берди.

Жоокерлер ийиндеринен автоматтарын алып, ырахаттануу менен жерге сулап калышты. Алардын экөө жаңы чакырыктан болгондуктан кайгуулга биринчи жолу чыгып жатышат. Лейтенант аларды көз жаздымынан калтырбай, байкап келаткан. Экөөнө бул биринчи кайгуул өтө оор болуп жатканы сезилип турду. Анысы көнбөгөндүктөн болуп жатканы көрүнүп турбайбы. Анын үстүнө жер шарты өтө оор эле. Кайгуулдун жолун аска-зоо тосуп тургандыктан, аларга капчыгай менен жүрүү керек болду. Бирок “жаштар” ага жагып калышты. Алардын тың адамдар экендиги сезилип турду “Туура тарбия берсе жакшы жоокер чыгат булардан” – деп өзүнчө ойлоп койду, лейтенант. Айдар өзү тамеки тартчу эмес, жоокерлер тамеки тартып алгыча, ал командирдин кеңешмеде берген акыркы көрсөтмөлөрүн эсине түшүрдү.

Командир берген оперативдик бөлүмдүн жана чалгындоонун маалыматында, контрабандисттер ушул жол менен афгандык баңги затты алып өтүшөөрү айтылган. Андан тышкары такталбаган маалымат боюнча, ушул капчыгай менен Республиканын территориясында террористтик иштерди жасоо үчүн бир эл аралык террористтик уюмдун террористтери өтөөрү белгилүү эле. Ошол себептүү командир жоокерлерден кайгуул учурунда этиет жана сак болууну талап кылган. Согушкерлер жөнүндөгү маалымат жаш лейтенанттын эсинен кетпей туруп алды. Эмнегедир анын ички сезими, өзүнүн кайгуул тобу ушул контрабандисттер, тактап айтканда, террористтер менен бет келишээрин айтып турду. Бул ишеним кайдан пайда болгонун билген жок. Бирок ал өзүнүн ички сезимине ишенип көнүп калгандыктан, өзүн ошол жолугушууга даярдап жатты.

Алардын коркунучтуу душман экендиги жөнүндө айтып да кереги жок эле. Аны бир гана бетме-бет жолугуп калсам ушул жаш жоокерлер, чын-чынына келсе балдар менен террористтерге каршы тура аламбы, деген ой кыйнап турду. Мындай жан кыйнаган ойду кууп таштап, дүрбүсүн кабынан сууруп чыгып капчыгайдын наркы бетин ынтаа коюп карай баштады. Ал жак тынч жаткандай эле көрүнүп, чек ара бузгандай белги жок эле. Көзүн дүрбүдөн албай туруп, тамеки тартып бүтүп калышкан жоокерлерге кайрылып:

Тээтиги жогорудагы кыр менен биздин чек ара өтөт. Ошол жерден силер колуңардагы курал менен кайтара турган биздин мекенибиз башталат, андан бери жакка чымын да учуп өтпөш керек.

– Жолдош лейтенант, бул жерде тоо-таштан башка эч нерсе жок экен, мунун кимге кереги бар? – деп сурады Ильяс аттуу жоокер. Эски жоокер болгондуктан, ал жаш офицерге ушундай мамиле кыла алат эле. Деги эле өзүнүн мүнөзү катаал, адилеттикти сүйгөн адам болчу. Ушул мүнөзү үчүн дайыма жапа чегип калчу. Жоокер катары азамат эле. Аскердик кесиби боюнча– эң жогорку деңгээлдеги снайпер.

– Сага, мага керек – деп, кесе айтты офицер. Бул жер үчүн ата-бабабыз канын төккөн, бул– биздин жерибиз. Бул жердин ташы эмес кичинекей куму да биздики. Жолдош ага сержант, сиз жаш чек арачыларга үлгү көрсөтүшүңүз керек– деди ал Ильяска дүрбү менен байкоосун улантып жатып.

– Эй, коюңузчу, мунун бардыгы кооз сөз эмеспи, сиз идеалист экенсиз– деди ал басылып калбай, андан көрө мага айтыңызчы, эмне үчүн чоңдордун жана байлардын балдары сиз айткан мекенибизди коргоп, бизге окшоп өтүгүнүн таманын ташка тилдирип, ушул тоолорду аралап баcып жүрүшпөйт, эмне унчукпай калдыңыз, айтаар сөзүңүз түгөндүбү? Анда мен айтып берейин, алар мекенге жана сиз экөөбүзгө түкүрүп да коюшпайт. Алардын өздөрүнүн мекени бар. Ал-акча, көп акча. Биз келесоодой болуп алардын мекенин, байлыгын коргоп жүрөбүз.

– Сен муну менен эмне айткың келип жатат? – деди Айдар анын оозунан сөзүн жулуп алып.

– Сизди билбейм, мен алар үчүн эшектей иштегим келбейт, менин дагы жакшы жашагым келет– деди да, Ильяс колун шилтеп унчукпай калды.

Жакшы дегениң кандай? – деп сурады Айдар.  Бул суроо Ильястын жинин келтирип, ал кайрадан узун сөзгө кирип кетти.

– Билесизби, жолдош лейтенант, ушул аскалардын арасында да акча жасаган адамдар бар.

– Кантип жасашат экен? Айдар кайрадан какшыктагандай сурады.

– Көрмөксөн болуп – деди Ильяс жини келгендей.

– Эмнени көрмөксөн болуп?

– Өзүңүз деле билесиз да, эч нерсени көрбөгөн, билбегендей болбоңузчу.

– Жетишет, Ильяс! – деди Темирлан аны токтотуп. Ал да Ильястай эле эски жоокер эле, экөө бир чакырыктан болчу. Анын тартынбаган мүнөзүн билген Темирлан мындай деп кошумчалады.

– Эмне эле жабышып калдың? Лейтенант аны кайдан билмек эле. Ар бир адам өзү үчүн жооп берет, сени кайсы чымын чагып алды? Арабызда “жаштар” да бар, булардын көзүнчө дөөрүп жатасың!

Бул катуу сөздөр Ильяска таасир берди окшойт, унчукпай калды, ал аша чаап кеткенин түшүндү да, офицерден кечирим суроого шашылды.

– Эмне болуп жатканымды өзүм да түшүнбөйм, кечирип коюңуз, жолдош лейтенант. Бирок, анын сураган кечирими анчалык ишеничтүү угулган жок. Ильяс лейтенантты сыйлаганы менен, өз оюнан кайтпай тургандыгы ачык эле көрүнүп турду.

– Эй, болуптур – деди лейтенант колун шилтеп, үйүңдү сагынып, сүйгөн кызыңа шашып жатасың го.

– Сагынбай анан, айткан сыныңызды моюнга алам – деди, Ильяс токтолбой жооп берип, анан сөз бүттү дегендей түр көрсөтүп, тамеки күйгүздү. Бирок Айдардын бул талашты токтотуп коёюн деген ою жок болчу.

– Билесиңби Ильяс, мунабу жаштардын көзүнчө айпасам болот эле, мейли эми, алар да уксун. Сен эмне жөнүндө айтып жатканыңды мен жакшы түшүндүм. Мага да келип, көрмөксөн болуп койсом көп акча беришээрин айтышкан. Бирок, билип койгун биз ошол көрмөксөн болуп койгон баңги заттардын айынан биздин балдар ийнеге отуруп, маңкурт болуп жатышат. Мейли, бул сөзүм өтө эле аша чапкандай угулса да айтайын, ошол кесепет биздин жерге кирип кетпеши үчүн кимдир бирөө каршы туруш керек да. Дагы бир нерсени айта кетейин, ошол баңги заттардан түшкөн акчалар террористтик уюмдарга жардам жана ар кандай террористтик иштерди жасоо үчүн жөнөтүлөт. Сен менин айткан сөзүмө макулсуңбу, Ильяс? – деп лейтенант сөзүн бүтүрдү. Ильяс унчуккан жок. Анын айта турган сөзү түгөнгөн, жакында эле анын бир досу баңги затты көп сайынып алып өлдү деген кат келген. Ошондуктан, лейтенанттын келтирген мисалдары менен макул болбой коё алган жок.

Өзүнүн кол алдындагы жоокер менен болгон жагымсыз маектен кийин пайда болгон ыңгайсыз абалды жеңилдетүүгө жетише алса дагы, берки жаш жоокерлердин алардан мындай саясий сабак алууларына жол бербеши керек эле. Ал сөзүнүн акырында жоокерлерге кайрылды:

– Силер бир нерсе билип алгыла, Ата Мекенди коргоону же коргобой басып кетүүнү ар ким өзү чечет, бирок мекенибиздин уулу катары ар бирибиз өзүбүздүн ыйык милдетибизди аткарышыбыз керек…бул жөнөкөй гана кооздук үчүн айтылган сөз эмес, мени атам, атамды Улуу Ата Мекендик согушта Сталинградда бизге окшогондор үчүн курман болгон атасы ушул маанайда тарбиялаган. Биз дагы өз балдарыбызды, алар өз балдарын ушундай тарбиялашы керек. Ушул тартип менен биз кылымдар бою өз жерибизди сактап келатабыз. Эгерде бардыгыбыз эле Ильястай ой жүгүртө берсек, анда бизди кудай урду дей бер. Эл катары, өлкө катары жер жүзүнөн жок болобуз.

– Мен сиз менен макул эмесмин– деди Ильяс, каяша айткандай күңкүлдөп, анан чөнтөгүнөн жаңы чылым алып, ушалап жатып сөзүн андан ары жай улады:

– Бул бизге окшогон аңкоолор үчүн айтылган эле жомок, менин эркиме койсо бардык чиновниктердин, байлардын балдарын чек арага алып келип, жашоо эмне экендигин түшүнгөндөй кылып, тизелерин тилдирип, тээтиги таштардын арасынан боору менен сойлотот элем. Лейтенант, сиз мени өлтүрүп койсоңуз да, мен мындай адилетсиздикке түшүнбөйм.

– Ушул жерде жүргөнүңө рахмат айт, эгерде, өзүң айткандай, байдын баласы болсоң, сен биринчилерден болуп ийнеге олтуруп, эмгичекти өлүп калмаксың.

Эмне үчүн мен ошентет элем?

– Анткени, ошол ууну саткан пайдакечтер байлардын балдарын издеп таап, аларды атайын ийнеге отургузушат. Адегенде бекер берип көндүрүп, анан акчаларын акырындап каалагандай соро башташат. Түшүндүңбү, макоо? – деди Айдар ачуусу келгендей, – анан сен ХХI кылымдын маңкурту болмоксуң.

– Маңкурт-саңкурт дегениңиз эмне?

– Эй, жоокер, эмне деп жатасың, сен эмне Айтматовду окуган жок белең? Сен адам башына төөнүн терисин кийгизип кыйнаган адамдар жөнүндө уктуң беле? Тери күндүн нуруна кургап, адамдын башын аябай оорутуп кыскандыктан, адам эс-акылын жоготуп койчу экен. Ал эс-акылын ушунчалык жоготкондуктан, өз тууган энесин да тааныбай калып, өлтүрүп койгон мезгилдер болуптур. Баңги зат да дал ошол теридей эле нерсе. Мүмкүн андан да жамандыр, ким билет.

Талаш-тартыштын күчөп баратканын сезип, бирок буга чейин унчукпай турган Темирланга кайрадан сөзгө кийлигишүүгө туура келди. Экөө тең болгондуктан, ушул мезгилдин ичинде ал командиринин кызуу кандуу мүнөзүн жакшы билип алган жана аны кантип жоошутууну да билчү. Ал акырын лейтенантка кайрылды.

Билесизби, жолдош лейтенант, сиздики туура, эгерде баары эле Ильястай ойлой берсе, аскерде ким кызмат кылат. Бирок, сиз дагы аны түшүнүшүңүз керек. Кээ бирөө мекенин коргоп аскерде жүрсө, айрымдары үйүндө жыргап жүрөт. Карап көрүңүзчү, биздин арабызда бир дагы чоң кызматтагы адамдын баласы жок. Бизге жаңы келген балдарды эле алалы. Камчыбек– жөнөкөй дыйкандын, ал эми Сапар– токойчунун баласы.

– Бирок, баары эле андай эмес да – деди кайрадан ачуусу келе түшкөн офицер, анан бир аздан кийин колун шилтеп алып, мүмкүн силердики туурадыр, ошентсе да силердин алардай эмес экендигиңер адамды кубандырбай койбойт. Сапар, сен каяктан армияга чакырылдың эле?, – деп, ал жаңы келген жоокерге кайрылды 

– Жолдош лейтенант, мен Ысык-Көл облусунан аскерге чакырылгам-деп ал шартылдата жооп берди.

– Тагыраак айтчы, жоокер.

– Жети-Өгүз району, Чырак айылы.

– Камчыбек сен каяктансың?

– Жолдош лейтенант, мен Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Жар айылынан чакырылгам.

– Сен Ильяс, кайдан болосуң? – деди ал өзү менен сөз талашып жаткан жоокерге кайрылып. 

– Мен Оштукмун, жолдош лейтенант.

– Мен Бишкектенмин, сен Темирлан, жаңылбасам, Чолпон-Атадан болушуң керек эле. Көрдүңөрбү, биз бардыгыбыз Республиканын ар кайсы бурчунан экенбиз. Ар кай жерден келип, чогулуп алып биз эмне кылып жүрөбүз бул жерде? Же, Ильяс айткандай, аска-тоону аралап жүргөндөн башка кылаар жумушубуз жокпу? Эсиңерге түйүп алгыла жоокерлер, биз бул жерде Мекенибиздин чегин коргоп жүрөбүз. Сен Ильяс Ошто, Сапар Ысык-Көлдө, Камчыбек Нарында туулуп өскөнүңөр менен Баткен дагы биздин жерибиз.

Бардыгыбыздын сыймык менен “Кыргызстан” деп атаган мекенибиз бир. Мекенибиз ушул Баткен жеринен, тээтиги аска-таштардан башталат. Түшүндүңөрбү, жоокерлер?

Айдар бардыгына бир сыйра көз чаптырып чыкты. Бул жолу бири да унчуккан жок.

– Бардыгыңарга түшүнүктүүбү? – деп сурап жатам, жолдош чек арачылар, – ал суроосун кайталады, үнүнөн аскердик офицерлерге гана таандык катаалдык байкалып турду.

– Түшүнүктүү, жолдош лейтенант, – деп жоокерлер бир добуштан жооп беришти.

– Мен дагы бир нерсе айтып берейин, менин атам да силер айткандай чоң кызматтагы адам, кааласам мага деле жылуу орун таап, штабга отургузуп коймок. Бирок мен силер менен жүрбөймүнбү. Мобу силер менен жүргөн жолдошуңар Алымкулов Темирлан деле аскерге келбей койсо болмок, эмне үчүн дейсиңерби? Анткени, ал үй-бүлөнү бага турган жалгыз адам. Биздин мыйзам боюнча альтернативдүү кызмат өтөп, мурдун балта кеспей жүрө бермек, бирок ал силер менен отурбайбы. Мен эмне, туура эмес айтып жатамбы,Темирлан айтчы? – деп, ал Темирланга суроо менен кайрылды.Темирлан бул суроодон кызарып кетти да, үнүн акырын чыгарып:

Туура айтасыз, мен жалгыз баламын, деди.

– Мына көрдүңөрбү, ал силердин аркаңарга жашынып калган жок. Демек, баарыбыз тең эле, Ильяс айткандай, жаман эмес экенбиз да. Лейтенант капысынан сүйлөгөнүн токтото койду.

Ал ошол замат Темирлан чычкан аңдыган мышыктай ордунан жылбастан, көзү менен жакында эле бүркүт учуп чыккан капчыгайдын алкым жагын көрсөтүп жатканын байкай койду. Темирландын коркунучтуу бир нерсени көрүп калганы шексиз. Чынында эле, капчыгайдын алкымынан куралдуу топ көрүндү. Жакындап калган коркунучка туура баа берип, жашыруун белги менен “Согушка даярдангыла”, –  деп буйурду. Мындай ишке канык болгон жоокерлер таш жамынып жата калышты.

“Кудай жалгап, жел башка жакка уруп жатканы жакшы болду”– деп ойлоду Айдар ичинен. Кебетеси ошол үчүн контрабандисттер алардын үнүн укпай калышты. Ал кайрадан дүрбү салып, аларды санай баштады: “бир, эки, үч, төрт… төртөө эле экен”.

Түзүлгөн абалды байкап туруп, лейтенант каршылаш эки топ бири -бири менен  кагылышпай койбостугуна көзү жетти. Айдар булар жөнөкөй контрабандисттер эмес, кайсы бир террористтик уюмга тиешеси бар адамдар экенин дароо эле баамдады. Күчтөр саны да, курал-жарак жагынан да бирдей болгону менен жашы жана тажрыйбасы жагынан контрабандисттердин артыкчылыгы бар экендиги шексиз болчу. Ал дүрбүдөн согушкерлердин орчундуу  даярдыгынан өткөн толуп турган жигиттерди көрдү. Анын оюнун тууралыгын тигилердин шайдоот кыймылы, кийген кийимдери жана курал-жарактары тастыктап турду.

Бригаданын командири полковник Садыбакасов эскерткен адамдар ушулар эмеспи? Булар кой-айга келе турган көрүнбөйт. Дагы эмне болуп кетет деп, лейтенант учурдагы окуянын боло турган жактарын ойлонуп жатты. Лейтенанттын бир артыкчылыгы бар эле. Ал ошону пайдаланууну чечти. Ал– капысынан кол салуу. Жоокерлерге күжүрмөн тапшырма берип, топтун  снайпери Ильяска капчыгай толук көрүнө турган жерди ээлеп, душмандарды баш көтөртпөй турууга буйрук берди. Эки жаш жоокерди “каптал жактарды карагыла”– деп, коркунучсузураак жерге жайгаштырды. Алардын милдети – согушкерлер айланып өтөбүз десе, топтун эки капталын жана арт жагын кайтаруу эле. Радиостанцияны көтөрүп келе жаткан Камчыбекке обого чыгып, жардам суроону буйурду. Бирок, ал бөлүк менен байланыша албай койду. Жоокерлер турган капчыгай өтө эле терең болгондуктан чек ара отрядынын радиостанциясына чыгуу мүмкүн эмес эле.

Өз күчүнө гана ишениш керек болду. Бирок дагы бир жол бар эле, ал азыр аларга жолтоо болбой коё берип, анан чоң күч менен кол салуу. Лейтенант бул мүмкүнчүлүктү ошол замат эле четке какты. Алар душманды так ушул таш капчыгайдын оозунан тосушу керек. Бардыгын өз орундарына жайгаштырып бүткөндөн кийин:

– Менин буйругумсуз атпагыла! – деп көрсөтмө берди. Лейтенанттын жанында таш жамынып Темирлан жатты. Ал калбаат жана кайраттуу көрүндү. Темирлан душмандарга чейинки аралыкты көз менен болжоп жаткан. Алар таштан ташка секирип, чек арачылардын тобу жаткан жерге жакындап калышты.

 Капысынан эле лейтенанттын эсине бир аз мурда Темирлан менен сүйлөшкөн сөзү түштү. Согушкерлер ок жетээр жерге келгенче алардын дагы үч мүнөтчө убакыты бар эле. Ошол сөздү улантып лейтенант суроо берди.

– Темирлан, бери карачы, сен эмне атасы жок өстүң беле?

Темирлан буга дароо эле жооп бере койгон жок. Чынында, ал бул темада сөз кылганды жактырчу эмес. Бирок, лейтенант аны менен жашташ гана болбостон, экөөнүн көңүлү да түз эле. Ал эмнегедир лейтенантка көптөн бери атасын таап, таанышкысы келип жүргөнүн айтып бергиси келип кетти.

Билесизби, лейтенант, мен атасыз гана өспөстөн, мен анын ким экенин да билбейм.

– Кантип билбейсиң? – деди лейтенант таң калып, андай болбойт да, бардыгы эле билишет атасы ким экенин.

– Кебетеси мен туура эмес айтып алдым окшойт. Чынында, мен атамды көргөн эмесмин жана ал жөнүндө эч нерсе билбейм. Бирок, менин эңсеп жүргөн бир оюм бар. Мен атамды тапкым келип жүрөт. Ал ким болсо да, кайда жүрсө да мейли. Бир аздан кийин лейтенант кайра суроо берди.

– Аябай… көргүң келип жүрөбү?

– Ар бир эле мага окшогон бала атасы ким экенин билгиси келсе керек.

Сен анын, болжол менен болсо да, каякта экенин билесиңби?, – деп сурады Айдар.

– Жок, бирок мен “Сени күтөм” теле берүүсүнө кайрылсамбы дейм, мүмкүн мага алардын жардамы тийээр.

– “Сени күтөм” эмес, – деди лейтенант аргасыз жылмайып, – Мени күт”, бирок ал үчүн жок дегенде атаңдын сүрөтү болуш керек. Сүрөтү барбы?

– Бар бир сүрөтү, бирок эскирип калган. Айтмакчы, ал Афган согушунда тартылган.

– Афганистандабы?

– Апам анын Афганистанда кызмат өтөгөнүн, тагыраак айтканда, согушта болгонун айтып берген. Сүрөткө ал жапжаш эле бойдон өзүнүн досу менен түшүптүр. Биздин жашыбыздагы эле жыйырма жаштагы жигит экен. Кебетеси бир салгылашуудан кийин БТР дин үстүндө отуруп түшүшсө керек.

– Эмне, апаң атаң жөнүндө эч нерсе айткан жок беле?

– Билесизби, жолдош лейтенант, апам атам жөнүндө сөз кылганды көп жакшы көрбөйт. Мен анын кайгысын билем. Ал өмүр бою атамды күтүп келатат. Мага атаңа аябай окшошсуң деп айтышат. Мынабу согушкерлер менен ишибизди бүтүрүп, тирүү калсак мен ал сүрөттү сизге сөзсүз көрсөтөм.

Атам экөөбүздүн коёндой окшош экенибизди өз көзүңүз менен көрүп ишенесиз.

Мүмкүн боло турган өлүм жөнүндөгү сөз лейтенантты эсине келтирди. Айдар аларды кандай коркунуч күтүп жатканын эми гана түшүндү. Картага алардын дүйнөдөгү эң кымбат нерсеси-өмүрү коюлуп жаткан. Офицер катары ал бардыгы үчүн  чечим кабыл алышы зарыл. Чечим бирөө-мекен же өлүм. Лейтенант буга чейинки окуяларды, аскердик көнүгүү катары гана көрүп жүргөн. Айдар өзүнүн жана жоокерлеринин алдында ойдон чыгарылган же шарттуу душман эмес, тажрыйбалуу согушкерлер турганын түшүнүп, биртке шашып калды. Бирок аракет кылыш зарыл эле. Ал жоокерлер үчүн үлгү болуп, жол көрсөтүшү керек.

Бүт эркин бир максатка – душманды жок кылууга чогултуп, кырк жаштардагы чокчо сакалчан адамга мылтыгын сунду. Ал дагы бирөөнүн күйөөсү, атасы, иниси жана агасы болуш керек деген ой лейтенанттын эсине түшө калды. Эмне үчүн ал колуна курал алып, биздин жерге келди экен? Айдар анын жүзүн ачык көрүп турду. Бир гана көз ирмемде автоматтын машаасын басып, кишини өлтүрүп коюга болот. Бирок, өмүрдөн өлүмгө кадам таштоо жана бир эле заматта киши өлтүргүч болуп калуу жеңил эмес. Адамды өлтүрүп, кудай берген бирөөнүн өмүрүн кыюу кыйын экен. Ал үчүн бир аз болсо да жырткыч боло калып, анын табигый сезимине баш ийиш керек тура.

Ага көз ирмемге жырткыч болууга туура келди. Бул өзүн -өзү сактоого болгон табигый сезим эмес, бул өз жердештерине “ак өлүмдү” алып келе жаткан душмандарга болгон жек көрүү сезими болчу. Машааны илип турган манжасы анын эркине баш ийди. Айдардын көз алдына ашык доза алгандан өлүп бара жаткан жүздөгөн жаш жигиттер менен кыздардын жана террористтердин жардырууларынан каза тапкан адамдардын элеси тартыла түшкөндө, атып жиберди.

Чек арачылар менен чек араны бузуучулардын ортосундагы согуш көпкө созулган жок. Мылтыктын үнү, гранатанын жарылганы, жоокерлердин кыйкырыгы жана өлүп бара жаткандардын оор онтоосу сыяктуу майда-бараттар лейтенанттын эсинде калган жок…

Баары бүтүп, тынчтык орногондо, ал колуна автоматын алып, өлтүрүлгөн согушкерлерге басып келип бирден санап чыкты. Төртөө тең ар кандай абалда жатышат, алардын жүзүндө өлүм алдындагы кыйналуу да, эч нерсе кетире албаган абдырагандык жана корккондук да бар эле. Чек арачылар жеңип алышты, бирок лейтенант Ильястын кыйкырыгы эсине келтиргенче түш көрүп жаткансып өлгөн адамдарды улам-улам санай берди.

Жолдош командир, сизге эмне болду?

Эми өз жоготууларын эсептөөгө убакыт жетти. Санакка бирөө жетпей калса кантем деген ой аны коркутуп жиберди. Аң-сезиминин тереңинде кимдир бирөө эликтеп “сен тирүү калбадыңбы, сүйүнө бер. Калганы – эмне болсо ошо болсун” дегенсиди.

Ал ушул оюнан жийиркенип да, уялып да кетти. “Адам кандай алсыз жана өзүмчүл” деген ой пайда болду. Адамда эки “мени” бар. Ошондуктан адам башка жаныбарлардан айырмаланса керек. Ар бир эле адам бул дүйнөдөгү болуп жаткан окуялардын баардыгы ага байланыштуу жана көз каранды деп ойлойт. Ошону менен бирге, ар бир адамды, кудай анын жүзүн нары кылсын, ага бир нерсе болуп кетсе, бүткүл ааламга оңолгус терс таасирин тийгизет деген ой өмүр бою ээрчип жүрөт. Бирок өлбөс адам болбойт, дүйнө ансыз деле эч нерсе болбогондой тура берет. Баардыгы тең илгертен келаткандай өз жолун улантат. Жер миллиондогон жылдар бою келаткандай эле, өз огу менен, күндүн тегерегинде жылдык жолун уланта берет. Адамзат дагы мурдагыдай эле эртең менен туруп, сүйүп, жек көрүп жана көз артып күнүмдүк жашоосу менен алектенет. Чындыгына келгенде, сен өтүп кетсең, жакындарыңдан башка эч ким билбей да калат. Убакыт өткөн сайын алардын кайгысы басаңдап, унутула баштайт. Сен элдин эсинде жасаган иштериң менен каласың, алар жакшы да, кудайга жакпаган жаман да болушу мүмкүн. Биздин жерге курал кармап келген ушул адамдардын кандай иштери бар болду экен? Булардын жаны бейишке же тозокко түшөбү? Эстеп жүрөөр кишилери бар болду бекен? Аларды ким жерге берип, жандары жаннаттан жай тапсын деп, ким куран окуур экен? Алар бул жолду өздөрү тандап алышкан”. Кулак-мурун кескендей тынчтыктан Айдардын ою үзүлүп кетип, эки жагын карады.

Жанында төрт жоокери тең аман-эсен турушуптур. Темирлан гана жеңил жарадар болгон окшойт. Анткени, жеңинен кандын тагы көрүнүп турат, бул бакыт эле. Ага ушул жаш балдарды өлүмгө жибергендигин ойлоп, жашоо кыйын болмок. Кубанычтын көз жашы пайда болуп, ал алсырап кетти. Буттарынын алы кетип, Айдар жыгылып баратканда жоокерлери эмес, эми бир тууган болуп калган жигиттер кармап калышты. Алар лейтенантты акырын жерге отургузушту. Айдар бир да сөз сүйлөй албай койду. Башынан өткөргөн согуш коркунучу анын тулку боюна ушундай таасирин тийгизди. Жоокерлердин ар бири болуп өткөн бул окуяны өзүнчө кабыл алып жатышты.

Лейтенант күтпөгөн жерден ыйлап жиберди. Ал үнсүз ыйлап, көзүнөн ысык жаш гана агып жатты. Бул энелеринин алдында керт башы менен жооп бере турган жоокерлери аман калып, жанында турганы үчүн кудайга болгон ыраазычылыктын көз жашы болсо керек. Кудай буюрса, алар эми өз энелерине аман-эсен жетишет. Ал ыйлап жатты, бирок өз көз жашы үчүн эч уялган жок. Бул– алсыздыктын эмес, өзү жана жоокерлери менен сыймыктангандыктын көз жашы эле. Ал атасынын баласы болгондугу үчүн жана өз мекенине кызмат кылып, аз да болсо пайда келтиргенине сыймыктанып жатты.

Башын көтөрүп ал өзүн тиктеп турушкан жоокерлеринин жүзүнө көз чаптырды. Лейтенант алардын жүзүнөн да көз жашты байкады. Капысынан ага “эркектер ыйласа, анын бир маанилүү себеби болот” деген бир ой келди Тээ бийикте бүркүт-төрөкуш дагы эле каалгып учуп жүрөт. Ал ушунчалык бийик учуп жүргөндүктөн, кагаз бетиндеги кичинекей чекиттей гана болуп көрүнүп жатты.

“Ушул адамдын бузукулугуна толгон жердин убарасын тартпаган, тээтиги бүркүткө эле жакшы окшойт” деген ой келди Айдардын башына.

Бирок, офицер ошол адамдар жандырган тозок отунан сактанып, бийик учуп кеткен куш– карыган бүркүт экенин билген жок. Жарылуулар жана автоматтан жааган октордун үнү ага акыр-заман келгендей эле болуп көрүндү. Бүркүткө жерде да, көктө да орун жок эле. Бүркүт көктө өз өлүмүн күтүп жүрдү, ошол күтүүдөн башка ага эч коркунучтуу нерсе жок болчу.

 

ТЕМИРЛАН

Айдар ойлогондой эле, Темирландын согушкерлер менен болгон кармашта алган жарааты анчалык коркунучтуу эмес экен. Кудай жалгап, ок олуттуу жаракат келтирбей, оң колунун булчуң этин гана тешип өтүптүр. Согуш жүрүп жатканда Темирлан ага ок тийгенин сезген эмес, ал айкаш бүткөндө гана жараатын көрдү. Жоокер согуштун майда-баратына чейин эстей албай койду. Анын эсинде согуштун башталышы гана калды. Командир биринчи болуп ок чыгарып, бандиттердин бирөө кулап түштү. Калгандары ташка жашынып калууга үлгүрүшүп, чек арачылар жаткан жакка автоматтан ок жаадыра башташты. Ал өзүңдү көздөй өлтүрүп коюучу ок жаап жатканда мындай коркунучтуу болоорун ойлогон эмес. Адамдын жанынын морт болоорун ушундай убакта гана билет экенсиң.

Темирлан бул согушту ийне-жибине чейин эстөө үчүн бир нече жолу аракет кылса дагы, убакыттын ошол бөлүгү такыр эсине келбей койду. Ким билет, мүмкүн ал бүт дитин өз денесин октон сактоого койгондуктанбы же  коркунуч денесин кыймылсыз кылып салганбы? Коркунуч менен беттешкенде кан басымы көтөрүлүп кетип, адамдын акылын жана убакытка, мейкиндикке баа берүүчү сезимин жок кылат окшобойбу. Ал атышып жатып, оюна келген сөздү айтып кыйкыргысы келген. Азыр ооруканада жатып алып, согуштун жүрүшүн толугу менен эсине түшүрүүгө канчалык аракет кылса да болбоду. Бирок, Темирлан үмүтүн үзгөн жок. Бардыгын эстеп, калыбына келтирүүгө убакыт жетиштүү. Дарыланып жаткан оорукананын жагдайы да ага шарт түзө тургандай көрүнөт. Баштан өткөн жамандык адамды адеп-ахлактык жактан тарбиялап, чоң ачылыштарды жасоого мүмкүнчүлүк берет. Адам кантип тирүү калганын эстегенде, ал аргасыздан өз өмүрүндөгү маанилүү жана кубанычтуу окуяларын эсине түшүрөт. Темирлан өзүнүн эң бактылуу күндөрү– апасы менен өткөн экен деген чечимге келди.

Андан тышкары жакын досторуңду, классташтарыңды жана биринчи сүйүүңдү эстейсиң. Ар бир жыл, ички дүйнөңдө коңгуроо сыяктуу шыңгырап, жаш жүрөктүн тереңинде сакталып калат. Ушул ачылыш менен бирге Темирлан өзү үчүн дагы бир нерсени ачык билип алды.

Канчалык аракет кылса да, атасы жөнүндө эч нерсе эстей албады. Кандай кылбасын атасынын өңү-түсүн элестете алган жок. Буга Темирлан аябай капаланды. Атасы жөнүндөгү чындыкты билбегени үчүн аябай өкүнүп жүргөн. Ушул ойлордон ал өмүр бою азап чегип келди. Жаш адамдын жан дүйнөсү канчалык азап тарта турган болсо, Темирлан да ошондой эле азап тартты. Өзүн “мен” деп биле баштагандан тартып, атасы жөнүндө чындыкты билүүгө аракет кылып келатат. Өсүп бараткан баланын адам болушу үчүн, атасы менен баарлашуу керек деген эскирип бүткөн педагогикалык ойду илимий жактан ырастоо, адам баласынын жашоо мыйзамына жана чындыгына жатат. Ата менен болгон мамиле баарыбызга: жолоочуга– түнөк, саякатчыга– жол, суусаганга – суу катары керек.

Темирландын атасы жөнүндө бир билгени, анын Афганистанда аскерде болгондугу эле. Ал апасын аябай жакшы көрчү, апасы менен көпкө сүйлөшүп, жакында үйлөнөөрүн да апасына айтып жүргөн экен. Бирок, белгисиз себептер менен дайынсыз жоголгон. Ал байкоосуздан киши өлтүрүп алып, кесилип кеткенин апасы кийин айтып жүрдү. Атасы көп жыл бою Россиянын түрмөлөрүндө жатыптыр. Ошону менен атасынын өмүр баяны алар үчүн бүтүп калган. Апасынын айтканына караганда, ал баласы бар экенин уккан эмес. Эгерде ал тирүү болсо, дагы эле баласы бар экенин билбесе керек. “А кызык, – деди ал жаздыкты кучактап жатып, – атам тирүүбү, тирүү болсо кайда жүрдү экен?”. Анан Темирлан күрмөсүнүн төш чөнтөгүнөн целлофанга тыкан оролгон сүрөттү алып чыгып, апасы сенин атаң деп көрсөткөн өзү үчүн бейтааныш адамдын өңүн ынтаа коюп карай баштады.

Согуштук кийим кийген эки киши 10х15 өлчөмдөгү сүрөткө советтик БТР маркасындагы бронетранспортердун үстүндө отуруп түшүптүр. Чарчагандай түрлөрү бар. Кандайдыр бир согуштук татаал тапшырманы аткаргандан кийин, үйрөнчүк сүрөтчү тарткан окшойт. Атасынын кебетесинен– эрки күчтүү, акылдуу адам экендиги көрүнүп турат. Ал өтө күчтүү да болсо керек. Баарыдан мурда анын өзгөчө жөндөмдүүлүгү байкалып турду.

– Сен кандай киши болдуң экен? – деп ойлоду Темирлан сүрөттү улам-улам карап жатып. Көңүл түпкүрүндө мындай адам, апасын таштап, таптакыр жоголуп кетпейт эле деген ой бар эле. Кебетеси, анын өтө бир маанилүү себеби болсо керек. Мынчалык, айласыз эмне болуп кетти экен? Атасын тапканда, эмне себеп болгонун атасынан сурап билет. Мүмкүн, атамды сүрөткө бирге түшкөн адам аркылуу таап алаармын, деп ойлоду Темирлан. Ал атасынын досу болсо керек. “Ушул кишини тапсам эле, – деп ой учугун улады Темирлан, ал атам жөнүндө көп нерсени айтып берип, аны тапканга жардам берет эле” деген ойдун үстүндө болду жаңы  пайда болгон баатыр, далайдан бери эле үй-бүлөлүк эстелик болуп калган сүрөттү карап жатып, тагдыр ага эми эле бүткөн контрабандисттер менен болгон согуштан да татаал дагы бир сыноону камдап жатканын билбей. Тагдырды сынап, боло турган ишти шаштырбаш керек, бардыгы өз орду менен болгону жакшы. Аны  көргөнү, бирге кызмат өтөгөндөр, же тагыраак айтканда, согушта бирге болгон достору келишти. Алардын ичинде Абдрасулов Айдар да бар. Бардыгынын, өзгөчө Ильяздын көңүлү көтөрүңкү. Анысы түшүнүктүү болчу. Аскерден бошонооруна саналуу эле айлар калды, ошондуктан палатага кире элек жатып, Темирланга үйгө медаль тагынып кетебиз деп бир нерсенин четин чыгарды. Бул жөнүндө өзүнүн командири лейтенант Абдрасулов официалдуу жана салтанаттуу түрдө айтып берди.

– Жолдош сержант, Алымкулов Темирлан, мекенибиздин чегин коргоодо көрсөткөн баатырдыгыңыз үчүн бардыгыбыздай эле сиз да “Эрдик үчүн” медалы менен сыйландыңыз. Медаль сиз ооруканадан чыккандан кийин тапшырылат.

Бул жаңылык Темирланды кубантпай койгон жок. Мекениң сени унутпаганын уккан жана билген жагымдуу болот тура. Бул жаңылыкка Сапар менен Камчыбектин да кубанып турушканы Темирланга көрүнүп турду. Биринчи согуштук сыйлык тамаша эмес да. Ал бардыгы үчүн сыймыктанып жатты.Темирлан “менин атам да “Эрдик үчүн” медалы менен сыйланганымды билсе сыймыктанат эле”деп ойлоду.

Балдар бир аз сүйлөшүп туруп, тез айыгып чык деген каалоону айтышып, коштошуп чыгып кетишти. Палатада жалгыз Айдар калды. Ал Темирланга алар колго түшүргөн контрабандисттер көп сандагы баңги зат алып бара жатышкан террористтик уюмдун мүчөлөрү экендигин айтып берди. Муну укканда Темирлан аябай таң калды. Ал Айдарды бир карап алып, бул анда тамаша эмес го, жолдош командир, – деп сурады.

– Туура айтасың, бул биздин республиканын территориясына чек араны бузуп өтүү же жок дегенде ага даярдык көрүү дегендикке жатат.

Аларга эмне керек болду экен?

– Эмне керек экенин билбейм, бирок мага бир нерсе айдан ачык: алар биздин чек арадан өтүп, өлкөдөгү абалды оордотууга аракет кылып жатышат.

Эмне үчүн? – деп, дүйнөдөгү баардык нерсени лейтенант билип койгонсуп, Темирлан суроосун улантты.

Билесиңби Темирлан, дүйнөдө биз билбей жана биле албай турган иштер бар. Сен акылдуу жигитсиңмуну саясат же геосаясат деп койсок да болот. Буга ким кызыгып жатат – америкалыктарбы, европалыктарбы, же башкаларыбы, муну кудай гана билет. Бирок, биз өзүбүздү коргой алышыбыз керек.

М-да-а, сиздин айтканыңыз туура, кудай эле нысап бербесе аларга...

Болуптур эми, тез сакайып чык – деп, Айдар сөзүн бүттү. Баса, – деди ал чыгып баратып,биздин жетекчилер апаңа ыраазычылык катын жибергени жатышат. Ага бул өтө жагымдуу болуш керек. 

Согушкерлер менен болгон кагылышты жазбай эле коюшсун– деп суранды Темирлан.

Албетте– деди лейтенант анын тынчсызданганын басып, мындан башка өтүнүчүң барбы? Темирлан ойлонуп туруп, анан бир нерсени эстегендей, мындай деди:

Эсиңиздеби командир, согуш башталаар алдында, мен сизге, тирүү калсак, атамдын сүрөтүн көрсөтөм деп убада берген элем

– Эсимде, эсимде эмей, анан.

– Мен азыр көрсөтөйүн дедим эле, бирок балдар күтүп калат го.

Эчтеке эмес, күтө турушат. Биздин сөз бүтпөй калбадыбы, – деди лейтенант олуттуу Темирланды карап.

Так ошондой, – деди Темирлан кубанып.

Кана көрсөтчү.

Мына, – деп Темирлан эски сүрөттү командирине сунду, менин атам, сиздин оң кол жагыңызда турат.

Ортодо бир топко тынчтык өкүм сүрүп турду, Айдар сүрөттү көпкө ынтаа коюп карап туруп, капысынан мындай деп суроо берди.

– Бери карачы Темирлан, сенин атаңдын аты ким?

Атамдын аты Тимур экен.

А менин атамдын аты Болот. Сага айта турган бир нерсе бар, таңгалгандан, жыгылып кала көрбө. Сүрөттө сенин атаңдын жанында турган киши, менин атама окшоп турат, ал дагы Афганистанда болгон. Лейтенант сүрөттү дагы бир жолу карап алып, кошумчалады, менин эле атам. Мына жаңылык десе.

Муну укканда Темирлан таң калбай койгон жок, ал мындай болоорун күткөн эмес. Атамды мына табам деген ой, анын төбөсүнөн ылдый муздак суу куюп жибергендей чыйралтып жиберди.

Ал акырын шыбырады:

– Жолдош лейтенант, сиз мага атамды табууга жардам бересизби?

– Колумдан келсе эле жардам берем.

– Менин оюмча сиздин колуңуздан келет. Сиздин атаңыз жардам бере алат деп ойлойм.

– Мен ал үчүн сүрөттө сенин атаңдын жанында менин атамдын тургандыгына көзүм жетиш керек, андан кийин бир нерсе кылса болот.

– Мен сизден суранам, жолдош командир...

– Болуптур, сүйлөштүк. Атам менен байланышсам баары билинет. Сен көп эле тынчсыздана бербе.

– Рахмат, жолдош лейтенант– деп, Темирлан өзүнүн командирине чын жүрөгүнөн ыраазычылыгын билдирди.

Лейтенант бул өтө кылдат иш экенин түшүндү. Ошондуктан Темирландын көңүлүн оорутпай, атасын табууга жардам берерин айтып, палатадан чыкты. Кетээр алдында Темирланга дагы бир суроо берди:

– Бери карачы Темирлан, мен бул суроону сага бербешим керек эле, бирок иш мындай болгондон кийин мен бир нерсени билип алганым жакшы.

– Угуп жатам командир, бул чындыгында эле мага өтө маанилүү иш.

– Анда мындай, менин билишимче, атасыз өскөн балдар көңүлдөрүнүн тереңинде үй-бүлөсүн таштап кеткен атасына таарынычын катып жүрүшөт, сенде андай таарыныч жокпу?

– Жок!

– Эмне үчүн?

– Билбейм. Мен төрөлгөндө эле ал биз менен болбоптур. Атамдын жок экенин билген күнүмдөн баштап, менде деле бир-эки жолу ошол таарыныч сезими болгон, апамды таштап кетүүгө аны эмне мажбур кылганын билбейм. Апам да ушул кезге чейин анын себебин билбейт. Атам тирүү болсо, менин бар экенимди билбесине толук ишенет. Эгерде ал менин бар экенимди билсе, мүмкүн иш башка болот эле. Мына командир, иш ушундай, мен аны кандай да болсо табышым керек.

– Болуптур, мен аны издеп табууга жардам берем, – деп палатадан чыгып кетти. 

Темирлан кайрадан атасы жөнүндөгү ою менен жалгыз калды. Атасын мына-мына табам же ал жөнүндө маалымат алам деген үмүт ага канат бүткөндөй көңүлүн көтөрдү. Өлүм менен беттешкенден бери, эмне үчүн атасы жөнүндө көп ойлоорун түшүндү. Бул ата-бабалардан калган кандын чакырыгы эле. Бекеринен кыргыздар өспүрүмдөрдөн “Сен кимдин баласысың, уругуң ким, жети атаңды билесиңби?”– деп сурашпаса керек. Эмне үчүн ар бир бала жети атасын билиши керек экендиги Темирланга эми гана түшүнүктүү боло баштады. Ар бир эркек табигый маалыматты, жана өзүнө гана тиешелүү генетикалык өзгөчөлүктү алып жүрөт, бул маалымат атадан балага улам сапаты жагынан жакшырып өтө берет: баласы атасынан күч жагынан да, сулуулук жагынан да, акыл жагынан да жана адамкерчилик жагынан да өйдө болуш керек. Бирок, эмне үчүн он эмес, жети эле атасын билиш керек? Мына ушул суроого ал жооп тапкандай болду.

Темирлан бир илимий журналда басылып чыккан макаланы эсине түшүрдү. Анын мааниси төмөндөгүдөй эле. Илимпоз генетиктер жакшы бир гендин пайда болушу үчүн укумдан тукумга өтүп отуруп, ал 350 жылды талап кылат экен деген чечимге келишкен. Эгерде, адамдын өмүрү орто эсеп менен элүү жылга созулса, 350 жылды элүү жылга бөлсөк жети муун болот тура. Мындайча айтканда, бир жакшы тукум чыгыш үчүн жети муун алмашат турбайбы. Жаратылышта сен жетинчи атаңдын тартып, анын сапаттарын жаңыртып жакшыртат экенсиң. Кыргыздар көчмөн эл болгондуктан бул чындыкты илимий изилдөөсүз эле жети деген санды эсептеп алышып, жети муун өтмөйүнчө тукум бузулат дешип, тууган арасындагы үйлөнүүгө жол беришкен эмес. Мүмкүн сенин уругуңду жана жети атаңды сурап алып, сага жана сенин келечектеги укум-тукумуңа мүнөздөмө берип, билип жүрүшпөсүн. Сен уругунду айтчы, мен сенин ким экенинди айтып берем деген сөз, балким, ушундан чыккандыр. Темирландын алдында да ушул маселе турган. Бүгүн ал дагы бир чындыкты түшүндү, өмүрүн алга улантып жашоо үчүн, өзүнүн кимдин тукуму экенин билиш керек. Терең ойго түшүп кеткен Темирлан көзүн жумган менен, түнү уйкусуз өтөөрүн билди.

Капысынан эле баягы бүркүт эсине түштү. Анын көз алдына ошол кыраан куштун учушу тартылды. Жаратылыш аларды өз тукумун сактап, улоо үчүн жан куткарбаган жырткыч кылып жараткан. Чындыгында эле, бүркүт жаратылыштын койгон мыйзам ченине баардык жагынан төп келе турган асыл куш. Анын ушул асылдыгын бүркүт тукуму, укумдан тукумга жакшыртып келген. Ал эмес, бүркүт деле учаарда атасынан бата алат. Темирлан болсо дагы эле атасынан бата ала элек. Мезгил байланышы үзүлүп кетпес үчүн ал атасын ким болбосун, кайда болбосун табышы керек…

 

АБДУВАЛИ (“Түлкү”)

Адамга ысым бир эле жолу коюлат деп, бекеринен айтылган эмес. Өзүнүн жаңы ысымына Абдували такыр эле көнбөй койду. Билген адамдар адамдын ысымы анын тагдырына коюлган өчпөй турган мөөр деп айтышат экен. Албетте, бул жерде ысымды ким койгондугунан жана анын ичинде кандай маани бар экендиги да чоң мааниге ээ болот. Ысымды алып жүргөн адамдын тагдырына таасирин тийгизген аттын энергетикасы жана күчү да ошого көз каранды экендигин айта кетиш керек. Эгерде ысымды өзгөртсөң тагдырыңа жазылган келечегиңди талкалайсың. Кебетеси ал ошондой эле болду окшойт.

 

Эмнеси болсо да, ага атасы атактуу кол башчы аксак Темирдин же Амир-Темирдин атын коюптур. Өзү тарыхчы болгондуктан, атасы бул илимди, өзгөчө орто кылымдагы чыгыштын тарыхын өтө терең окуп үйрөнгөн. Атасы Чынгызхан, Александр Македонский жана Юлий Цезарь сыяктуу тарыхый инсандардын өмүр баянын да кунт коюп окуган. Ал ошол убакта советтик илимге жакпаган тарыхый инсандар жөнүндө материалдарды жыйнаган. Өмүрүнүн акырына чейин таза адам бойдон калгандыктан өзүнүн жашоо эрежелерин бузган эмес. Өмүрүндө жетишкен ийгилиги– илимдин кандидаты болуп, тарых институнун илимий ага кызматчысы болуп дайындалган. Чогуу иштеген жолдоштору изилдеп жаткан эмгегин жана диссертациясынын темасын илимий марксизм-ленинизмге алмаштырып, иштөөгө кеңеш беришкен. Бирок, ал өзүнүн оюн берген жок. Ал дүйнөнү чыгыштын басып алуучулары, өзгөчө Амир-Темир жөнүндө өтө бай материал жыйноого жетишти. Ошондуктан уулу төрөлгөндө улуу аскер башчысын тартсын дегендей, атын Тимур койгон. Кебетеси атасынын батасы жана Тимур деген аттын күчү анын адам болуп өсүшүнө таасирин тийгизди окшойт. Ал кайда жүрбөсүн биринчи болчу. Мектептеги мугалимдери жана спорттогу машыктыруучулары анын келечеги чоң дешчү. Жадагалса ага чейин адам качып көрбөгөн түрмөдөн биринчи болуп качып кеткени да анын атына байланыштуу болсо керек. Чынында эле, ал баардык жагынан окууда да, музыкада да, спортто да таланттуу болчу. Баардыгы тең ал үчүн жеңил эле. Тимур баардык балдардай эле мушташып, эч кимге жемин жедирчү эмес, бирок ал чындык жана адилеттүүлүк үчүн мушташчу. Мугалимдер да, тааныштары да анын келечеги кең болуп, көп нерсеге жетишет деп ойлошчу. Көрсө, жашоодо баардыгын алдын ала көрө албайт экенсиң. Өзгөчө буга сүйүү сезим аралашып кетсе.

Афганистанда дайыма алдыңкы катарда болуп, бычактын мизи менен жүрүп, кан кечкен кырылыштан аман келгенине ошол жөндөмдүүлүгү чоң роль ойноду окшойт. Кээде сыйкырлап койгондой жолдошторуна өлүм менен ойноп жаткандай көрүнчү. Ок андан корккондой жолочу эмес. Офицерлер ага “шайтандын өзү жардам берет”, – деп айтышаар эле.

Атасы баласынын ошол кан кечкен согуштан аман келээрине күмөн саначу эмес. Ойлогондой эле ал аман-эсен келди. Үйүндө эки ай гана жүрүп, киши өлтүргөндүгү үчүн кесилип кетти. Атасы муну көтөрө алган жок, ал дайыма баласы менен сыймыктанчу. Тимурга атасы кичинекейинен тартып эле таза жашап, чынчыл бол деп айта берээр эле. Темир менен Чынгызхандай болуп дайыма акылдуу, күчтүү, чыдамкай жана эр жүрөк болсоң, жашоодо бардыгына жетишесиң. Ал атасы айткандай жашап келди. Бул жолу да ал өз өмүрүн  коргоого аракет кылды. Ал кол салган жок, ага кол салышты.

Көп жыл өткөндөн кийин, ага кол салгандарды алардын үйлөнүүсүнө каршы болгон өзүнүн сүйлөшүп жүргөн кызынын атасы жалдап жибергенин билди. Айтмакчы, ошол эле киши военком менен сүйлөшүп Тимурду Афганистанга жиберткен. Ал ушундай кылып Тимурдан кутулууну чечкен. Тимур тирүү келбейт деп үмүт кылган.

Дем алганга, күтүүгө жана ишенүүгө тыюу сала албагандай эле, сүйүүгө да тыюу сала албайсың. Аселдин сүйүүсү Тимурду октон сактап, күчүнө күч кошту. Ал Тимурду аскерден келгенче күттү. Бирок Аселдин атасы мурдагыдай эле алардын сүйүүсүнө каршы болуп туруп алды. Ал сүйүүнү өлтүрүп эле койбосоң, бардык тоскоолдуктарды талкалап өтөөрүн түшүнгүсү келген жок. Асель үйүнөн качып келип, экөө Ысык-көлдө унутулгус он күндү бирге өткөрүштү. Көл менен асман гана алардын бактысына күбө болду. Кыз жигит жана аларды курчап турган жаратылыштан башка эч нерсе жок эле. Алар бирдей дем алып, жүрөктөрү бирдей согуп турду. Ушулардын бардыгын талкалай турган адам табылабы? Ооба, табылат экен.

Тимурга кайын ата болбой калган адам алардын жашоосун талкалап салды. Ал Тимурга сабак болуш үчүн, бир нерсесин майып кылып койгула деп он чакты жигитти жалдап жиберди. Кол салгандардан коргонуп жатып, Темир бирөөнү өлтүрүп алды.

Сот аны он беш жылга эркинен ажыратып, мөөнөтүн катуу тартиптеги Россия федерациясындагы бир түрмөдө өтөө үчүн этап кылууга чечим чыгарган күнү Тимур дүйнөдө адилеттик бар экендигинен күмөн санап калды.

Атасы аны түрмөдөн келгиче күтө алган жок. Кайгысынан инсульт болуп дүйнө салды. Энеси мурда, ал аскерден келээрдин алдында эле каза болгон. Баласын көрбөй кете берген. Оорулуу жүрөк чыдабай, сарсанаа болуп күтүүнүн акыркы сааттарын кагып бүтүп койгон… Ошентип ал бир заматта, сүйүүсүн да кошуп баарынан ажырап калды. Он беш жыл бою жалгыздыкка ким чыдамак эле? Адилеттикке болгон ишенимине кошо сүйүүгө болгон ишеними да өчтү. Ал сүйүүсүнөн баш тартуу менен бирге бардыгынан баш тартып, бүткүл дүйнөгө согуш жарыялады. Бул анын маңдайына жазылган жүгү эле, ошол жүгүн жыйырма жылдан бери көтөрүп келе жатат.

Ага чейин эч ким качып кутулбаган Россиянын түрмөсүнөн качып чыгып, Чеченстандагы жалданма-согушкерлердин катарына келип кошулду.Тагдырдын жазганы менен ал өмүр бою бир гана кесипке– согушууга үйрөндү. Тоолуу жерде согушуунун тактикасын жана стратегиясын жакшы билген Тимур жалданма согушкерлер үчүн табылгыс казына болду. Ошол эле жактан ал террористтик уюмдун көзүнө түшүп, анын чалгынчылары Тимурду Пакистанга өткөрүп жиберишти. Террористтик уюм колуна кандай асыл таш келип түшкөнүн билбей койгон жок: советтер союзунун тандалма аскердик чалгындоо бөлүмүндө согуш даярдыгынан өтүп, үч– англис, немис жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн мурдагы  афган жоокери. Анын үстүнө, ал алыбеттүү, татынакай, адам менен сүйлөшө билген жигит эле. Бул аны дүйнөнүн көп жеринде уюмга керектүү тааныштарды табуу үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берди. Согуштук даярдыгына караганда ал даяр террорист болчу. Эми ага идеологиялык жактан гана кичине тарбия керек болду. Ишеничи кеткен адамдын аң-сезимине жаңы идеологияны жат кылуу жеңил эле. Уюм ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аны өзү каалагандай №1 террорист кылып тарбиялап алды.

Аны жаңы адам кылып тарбиялап, өткөн өмүрүн унутсун деп Абдували деген жаңы ат коюшту. Башын ушунчалык айландыргандыктан ал жараткандын жазмышын аткарып жатканына ишенип калды. Ошондон бери Абдували кайда жүрбөсүн, жараткандын жардыгы деп, күнөөсүз кандар төгүлчү болду. Көңүлүнүн түпкүрүндө ал уюмдун тапшырган ишин аткаруу менен өзүнүн талкаланган өмүрү үчүн өч алып жүргөнүн түшүнчү. Өз атын Абдувалиге алмаштырган күндөн бери анын турмушунда көп өзгөрүүлөр болду. Акыркы күндөрү ага башка бирөөнүн жашоосун жашап жаткансып көрүнчү. Эртең менен күзгүгө келип өз атын гана эле эмес жүзүн да жоготуп койгон бейтааныш адамды көрчү болду. Жыйырма жылдын ичинде канча жолу ысымын алмашырганын өзү да билбей калды. Ал Хасан да, Бауржан да, Абдыкерим да болуп жүрдү. Бир кезде атасы койгон Тимур деген ат өзүнүн өткөн өмүрү сыяктуу аз-аздан унутула баштады.

Жыйырма жылдан кийин гана ал тоо аралап, жалгыз аяк жол менен мекенин көздөп жөнөдү. Убакыт токтоп калгансып, саат, ай жана жылдар артты карай жылып, аны сот залына алып келди. Ошол күн ага тиги дүйнөдөгү сурак күнү болуп калды. Тимур ал күнү бир маанилүү ишти түшүндү, көрсө, өткөн убакыттын ичинде өзүнөн өзү качууга аракет кылып чуркап келаткан экен. Бул чуркоонун аягы көрүнбөй, туңгуюкка алып жөнөдү. Бирок, адам тагдыры адамды туулуп-өскөн жерине бир кайрып алып келбей койбойт тура. Тимур да турмушунан аксаган жерге кайрадан кадам таштады. Ошол кадам анын өмүрүнүн башталышы да, акыры да боло тургандай көрүнөт.

 

ТҮЛКҮ

Ага кезектеги жалган паспортту Өзгөн шаарынын тургуну Карабалаев Амиржан деп жасап беришти. Уюмдун башчыларынан Кыргыз Республикасынын территориясында халифаттын идеясын колдогон кишилерден террористтик топторду уюштургун деген тапшырма алды. Союз тарагандан кийин андай кишилер көп эле. Буга ошол убакта жакшы идеологиянын болбой калгандыгы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Анткени эски идеология талкаланып, жаңысы иштелип чыга элек болчу. Исламдын үгүтчүсү болгон даватчынын атына жамынып Республиканын ар кайсы бурчуна барып, кишилерди жакшылап тандап, текшерип туруп өз уюмуна жалдап киргизе баштады. Кыска убакыттын ичинде эле республиканын түштүгүндөгү кээ бир шаарлар менен райондорунда уюмдун кичинекей топторун түзүп коюуга үлгүрдү. Эми республиканын түндүгүндө жана борборунда бир аз гана иштеп коюу калган.

Ушул максат менен ал Бишкекке бир ай мурда келген. Шаарды жакшы билгендиктен ал атайын кызматтардын жана улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин көзүнө илинбей жүрө берди. Абдували аны жалгыз эле Кыргызстандын атайын кызматтары гана эмес, өзү из калтырып кеткен дүйнөнүн башка өлкөлөрү да издеп жүргөнүн жакшы билчү. Бирок, бардыгынан ага кыргыздын “комитетчиктери” жакын келип калышты. Кыргыздын чекисттери анын артынан калбай келатканын билип, “аз күндө капканга түшөм го” деген ой Оштогу ага койгон буктурмадан аман-эсен кутулуп кеткенден бери ээрчип алды. Анын кайда бараарын чекисттерге кандай белгилүү болуп калаарын ал азырынча биле албай койду. Бирок “Түлкү” ал жөнүндө маалыматты өз чөйрөсүндөгү эле бирөө берип жатканын билчү. Акырындап Абдували чекисттер анын уюмуна өз кишисин “момолой чычканды” киргизип коюшканын түшүнө баштады. Өз ичинен чиеленген көп жүрүштөрдү ойлоно, Абдували Чүй чоң көчөсү менен “Айчүрөк” дүкөнүнөн “Эркиндик” аянтын көздөй жөнөдү. Кебетесин өзгөрткөнгө чебер болгондуктан, ал бат эле башкалардан айырмаланбаган ардагер болуп чыга келди. Анткени ардагердин образы, Феликс Дзержинский деп бир кезде жомокко айланып кеткен чекисттин аты коюлган көчөгө бап келип калды. Өзүнүн чекисттер үчүн даярдаган “оюну” ушул жерде өтөөрүн ойлоп, кээкер жылмайып койду.

Жер алдындагы өткөөлдөн өтүп, соода күркөсүнүн алдына токтоду.

– Кызык, мен шаардан кеткенден бери көп нерсе өзгөрүп кетиптир– деп ойлоду ал көчөлөрдүн өзүнө тааныш эмес аттарын окуп баратып. -Мынабу көчө мурда “Биринчи май” эле, азыр Касым Тыныстанов атындагы көчө болуп калыптыр. Анан кантмек эле? – деди ал өзүнө-өзү кайрылып, көчөлөрдүн аттары эмес, шаардын аты да өзгөрүп кетсе. Шаар ушунчалык өзгөрүп кеткендиктен ал өзүн башка өлкөдө жүргөндөй сезди. Батыштын маданиятынын белгисин баардык нерседен көрүүгө болот: шаардын сырткы түрү гана өзгөрбөстөн, ички дүйнөсү да өзгөрүп кеткендей көрүнөт. Бир кезде революционер-кол башчы Михаил Фрунзенин аты коюлуп, Советтер союзунун картасында Кыргыз ССР инин борбору катары сыймык менен белгиленип жүрсө, азыр андан жаңы дүйнөнүн маанайы бадырайып көрүнүп турат. Бул эч кимге ээ бербеген эркиндиктин жана демократиянын маанайы.

Аянтта ары-бери басып жүргөн элди көрүп, Абдували өзүнчө ойлонуп бара жатты; “Килейген Советтер Союзу деген өлкө кантип бир заматта талкаланып калганына акыл жетпейт. Өзү каршы чыгып, кордук көргөн ошол өлкө, анын кийлигишүүсүз эле жар көчкөндөй кулап калды. Азыр, көп жыл өткөндөн кийин, ал таптакыр башка өлкөдө турат, өлкөгө эмне болгонун “Түлкүгө” дагы түшүнүш керек эле. Азырынча бир гана нерсе, мурда учу-кыйырсыз Советтер союзунун бир бөлүгү болуп, өнүгүүнүн социалисттик жолунда жашап келген республика биротоло тарых барагында калды. Республиканын эркиндикке карай жасаган биринчи кадамы да тарыхка айланды. Биринчи президент абройлуу демократиялык коомду түзө албай койду”. Аянтты көздөй бара жатып, өткөн жана азыркы мезгил жөнүндө ой учугун улай берди.

“Ала-Тоо” аянтына келип оппозиционерлер уюштурган кезектеги пикетти көрдү. Пикетчилер колдорундагы жазууларын булгалап, жаңы шайланган президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышты. Деги адамды түшүнүп болбойт, кыргыз демократиясынын мааниси ошол демократияны түшүнбөгөндүктө жатат. Абдували кайрадан ичинен күлүп койду: “Улуу Рим кыйрагандан бери эч нерсе өзгөргөн жок, биз, адамдар, кандай кыялкечпиз. Бир ууч гана киши максатына– өзүлөрүнүн эле үстүнөн бийликке жетүү үчүн аларды пайдаланып жатканын түшүнүшпөйт. Бийлик үчүн күрөш гана адамды убара тарттырат”. Капысынан анын оюна, халифат да аны кимдир бирөө ойлоп тапкан бийликке жетүү үчүн пайдаланып жатканын ойлонду. Азыр алардын террористик уюму үчүн жакшы учур түзүлдү, анткени Кыргызстандагы абалдан пайдаланып бийликти тартып алып, халифатты түзүүгө аракет кылып жатышат. Бул жаңы халифаттын тартиби кандай болоор экен? Диний жетекчилер дайыма убада кылып келе жаткан адилеттүүлүк болоор бекен? Же бул дагы кезектеги кыялбы? Бирок азыр ал бул жөнүндө ойлогусу келген жок. Деген менен, ушул ой  ал Кыргызстанга келгенден бери эсинен кетпей койду. Пикет болгон жерди тосуп турган милициянын көңүлүн бурбай, гүлбакка бурулуп, темир жол бекетин карай жөнөдү.

80-жылдардагы муун гүлбакты “Дзержинка ” деп атап коюшчу. Бул гүлбак менен өлкөнү таштап кеткенден бери баса элек. Тагыраак айтканда, буга жыйырма жыл эки ай болду. Гүлбакка ал өзгөчө жылуу мамиле кылчу. Шаарга келгенине эки ай болгону менен гүлбакка келүүнү улам кечендетип келди.

Гүлбак аны, адамды сергиткен жели менен тосуп алды. Бактардын жалбырактары ага салам айткандай шуудурап жатышты. Абдували чалкалай асманды карап, көзүн жуумп, жан жыргаткан шамалдан дем алды. Жыт адамдын өткөнүн эске түшүрөт деп бекер айтпаса керек. Ал дагы унутулбас өткөн өмүрүн эске түшүрдү. Анын жүрөгү узак айрылуудан кийин жылыткан биринчи жана акыркы сүйүүсүн көргөндөй сого баштады. Балалыктын жыты менен кошо, ага эски шаардын көчөлөрү, кайрылгыс кеткен Битлз менен Хиппинин мезгилинин күндөрү кайрылып келди. Бул анын жан дүйнөсү, жашоосу болчу.

Бул жерде ал туулуп өскөн. Ал шаар жана бир кылка, катар отурузулган дарактар менен чогуу өскөн. Анын бүткүл өмүрү: анын үй– бүлөсү жашаган үй, өзү окуган мектеп, мурдун  кан жалаткан биринчи мушташ, биринчи сүйүүсү ушул гүлбак менен байланыштуу болгон. Өмүрүндө биринчи жана акыркы сүйгөн бала жөнүндө кино тартса аны көргөн аялдар да, эркектер да ыйлашат болчу. “Дзержинкадагы” отургучка жаш балдарды чогултуп алып гитара менен ошол мезгилде тыюу салынган “Мезгил машинасын” тамагы бүткөнчө ырдаган сыланкороз жигит кайда кетти? Афганистанда өзүнүн улуттар арасындагы милдетин өтөп, согушта жолдошторун өлүмдөн куткарган жигит кайда кетти? Азыр эски географиялык карталарда калган СССРди мекендеген жакшы тарбия көргөн комсомол жана пионер кайда кетти? Азыр “Эркиндик” гүлбагы аталган жерде ошондогу жөнөкөй баланын ордуна эч жамандыктан кайра тартпаган, “Түлкү” аттуу биринчи номердеги террорист турганын укса эч ким ишенбейт эле.

“Түлкү” өзүн бирөө тикирее тиктеп турганын сезип, алтынчы мектептин бет мандайдындагы отургучтун жанына токтой калды. Отургучта кыз жигит отуруп бир нерсе жөнүндө сүйлөшүп жатышат. Шашпастан гезитти ачып, кыз жигиттен арыраак отургучтун четине көчүк басты. Ал да бир убакта кечинде Асель менен ушундай отургучта отураар эле. Гезитти окуп жатып көзүнүн кыйыгы менен өзүн тиктеп турган көздү көрдү. Анын артынан аңдып жүрүшкөнүнө күмөн кылбай калды. Бирок корко тургандай эч себеп жок эле. Аны бул жерден кармабай тургандыктарына Абдувалинин көзү жетип турду. Чекисттер аны акырына чейин аңдып, уюмдун чабарманы менен жолуккан кезде гана кармашаары ачык эле. Аны мектептин жанында токтоп турган тогузунчу моделдеги жигулинин ичинде отуруп алып, аңдып турушканын катасыз аныктап, бирок ошол аңдуу ага эч кандай таасир бербегенине таң калды. Мурдагыдай эле анда эч кандай коркуу сезими жок болчу. Аны каалаган убакта жер алдынан чыга калгандай куралдуу спецназ кармап кетээри же снайпер эле жок кылып коёру да тынчсыздандырган жок. “Түлкүдө” бала кезинен эле коркуу сезими болгон эмес. Кандайдыр бир жаңы сезим анын тынчын алып жатты. Бул сезим мурда өзүнүн башына келген сезимдерге окшош эмес болчу. Мүмкүн, тээ алыста калган өткөн өмүрү менен жолугушу анын ички дүйнөсүндөгү кандайдыр бир жаңы, унутулган нерсени ойготкондур. “Кебетеси мындай сезим мекенине узак убакыттан кийин кайрылып өлгөнү келген адамдарда гана болсо керек”– деп ойлоду ал. Абдувалинин тынч жатып, катуу уктап, анан ойгонуп, өзүнүн тегерегинде отурган чоң үй-бүлөсүн көргүсү келди. Өзүнүн жок, бирок ал жөнүндө өмүр бою көксөп келген баласын кучактагысы келди. Анткени, адамдын өмүрүнүн жыйынтыгы анын балдары болот эмеспи.

Отургучка чалкалай отуруп Абдували көзүн жумду. Ошол убакта мобилдик телефону шыңгырады. Ичинен жылмайып ал: “адамдын жашоо эсебине караганда ал көп деле узак жашаган жок, бирок ушул убакыттын ичинде кандай гана окуяларды башынан өткөрбөдү. Бул анын гана турмушунда эмес адамзаттын өнүгүү тарыхында да өз изин калтырды. Ал ушул жерде ХХI кылымдын босогосунда туруп, дүйнөнүн кайсы бурчунда болсо дагы, өзүнө керектүү адамдар менен токтоосуз мобилдик телефон аталган кичинекей аппарат менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Аны да дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун таба алышат. Кызык, мында адамдын акылынын жеңиши жана адамзаттын азабы жатат. Адам сезим менен жашабай калды, адамдар аялдамаларда, гүлбактарда, саябан бактарда жолугушпай, киного барбай калышты, компьютер менен интернет баардыгын болбосо да көп нерсени алмаштырып койду. Биз сезими, жыты жок, кыялдагы жашоонун бир бөлүгү болуп калдык, биздин жүрөгүбүз жезден жасалган зымдай муздап калды... ”

Мобилдик телефон дагы эле шыңгырап, Абдувалини бир азга болсо да өз оюнан алаксытып кетти. Ал телефон чалып жаткан адам менен байланышты. Ал уюмдун байланышчысы Абдыкадыр экен. “Түлкү” анын телефон чалганын күтүп жаткан. Абдыкадыр гана “Түлкүнүн” кайда экенин билчү.

– Эмне кылып жатасыңар, жанагы адам менен жолугуштуңарбы? – деп сурады ал. 

– Жолуга элекмин– деп жооп берди “Түлкү”, анан бир аз токтоп туруп, –  өзүң кайдасың? – деп сурады Абдыкадырдан.

– Сизден алыс эмесмин, борбордук аянттамын, – деп жооп берди ал.

– Анда, сени он мүнөттөн кийин гүлбактын отургучтарынын биринде күтөм, темир жол бекетин карай өйдө баса бер, сен мени ошол жерден табасың, түшүндүңбү? Кайталачы.

Түшүндүм, он мүнөттүн кийин гүлбакта болом, – деп кайталады Абдукадыр.

– Бүттү, сени күтөм, – деди “Түлкү” сөзүн бүтүрүп, кайрадан өз оюна кирип кетти. Биртике ойлонуп туруп, өзүн чекисттердин аңдып турушканын эстеди.

Тегерегин карап, машинада отуруп байкоо жүргүзүп жатышкандардан башка дагы эки кишинин отургучта гезит окумуш болуп отурганын көрдү. Алар кантип аны таап алышты экен? Кебетеси ал бул суроого жооп тапты. Абдыкадыр менен кезиккенге чейин сегиз гана мүнөт калган. Анын уюмунда иштеп жаткан “келемиш” жөнүндө ой аны көп кызыктырбай калды. Анын эсине Асель менен биринчи жолу кантип таанышканы түштү. Ал мектепти бүтүп жаткан, Асель болсо кошуна мектепте бир класс кийин окуучу. Чоң кызматкердин кол жеткис зымырайган кызы сулуулугу менен баарынын жүрөгүнө чок салды. Сүйүү бир көргөндө эле пайда болду. Мындай сүйүү бир жана өмүрүнүн акырына чейин болот. Ромео менен Жульеттадан бери келаткандай эле, кыздын ата энеси бул сүйүүгө каршы болушту. Ата энесинин ою боюнча, жигит алардын чөйрөсүнөн эмес эле. Анын үстүнө Аселди жигит менен сүйлөшүүгө али эрте деп ойлошчу. Кыздын ата-энеси тарабынан, бул сүйүүгө каршы баардык тоскоолдуктар коюлду. Чоң кишилер балдарына эмне керек экенин алардан жакшы билебиз деп ойлошот. Алар канчалык ажыраштырабыз деп аракет кылган сайын, кыз жигиттин сүйүүсү күчөй берди.

Кийин жигитти аскерге алып кеткенде, алар бир топко кат алыша албай жүрүштү. Бирок сүйүү үчүн эч кандай тоскоол жок. Алар бул жерден да жол табышты. Катты жолдошторунун дарегине жазышып, алып жүрүштү. Асель аны аскерден келгенче күттү. Мүмкүн ал согуштан, ошол Аселдин жакшынакай каттарынын негизинде аман келгендир. Афганистан Тимурду гана эмес Аселди да бышырды. Ошентсе да алардын бактысы узакка созулган жок. Ал баарына кол шилтеп салып Ысык-Көлдө контузиядан кийин дарыланып жаткан Тимурга баса берди. Ошондогу он күн Тимур үчүн эң бактылуу күндөр болду. Эки жактуу сүйүүдөн бактылуу эч нерсе жок. Ошондой керемет сезимди ал кийин башынан эч качан өткөргөн жок. Баардыгы жомоктордой эле, алардын жомогу да тез эле бүттү. Абдували анчалык деле сезимге берилип кетчү эмес, бирок ушул эскерүү анын көзүнө жаш тегеретти. Ал ичинен: “убакыт өтүп, адамдын өмүрүнүн белгилүү бир мезгили бүткөндө, адам эмес ошол окуя болгон жер да өзгөрөт экен. Мурдагы жаныңа кымбат нерселердин баарына кайрадан баа берилип, аларды түшүнүп жана кабыл алуу башкача болот тура. Мурда глобалдуу жана чечилбестей көрүнгөн меселелер убакыт өткөн сайын жөнөкөй жана түшүнүктүү болуп калат экен” деп ойлоп койду. Алдын ала ой жүгүртүп, маанилүү окуялардын алдындагы кырдаал жана аларга катышкан кишилер ар бирибиздин өмүр жолубузга таасирин тийгизбей койбосо керек деп ойлоду Абдували. Эгерде бир нерсени тагдырдын жазымышына жараша болду десе, ошол жазмыш да, тагдыр да белгилүү эле бир адамдар турбайбы. 

Ооба, ошол эле белгилүү адамдар аны түрмөгө отургузушту. Ошол эле белгилүү адамдар ага Абдували деген ат коюп, анын колго илинбестиги, кыйындыгы жана куулугу үчүн согуштук “Түлкү” деген ысым ыйгарышты, азыр ал үчүн бир гана чындык бар, ал тегерегибизде болуп жаткан окуяларды элдер жасайт, ошол адамдарга башка адамдардын келечеги көз каранды экендигинде жатат. Ушул чындыктан башка чындык ал үчүн жок эле. Азыр ошол чындык Абдыкадыр чабармандын жана анын Тимурга жиберген адамдарынын тагдырына өз таасирин тийгизет.

 

ШУМКАР

Дзержинский гүлбагында кыргыздын атайын кызматынын адамдары так бүгүн бүткүл дүйнөнүн атайын кызматтарынын адамдары да издеп жүргөн, “Түлкү” атка конгон өтө коркунучтуу террористти, бизге белгилүү Байсеитов Тимурду колго түшүрүү үчүн атайын операция жүргүзүп жатышты. “Түлкүнү” тегеректеп алышкан тажрыйбалуу оперативдик кызматкерлер, УККнын “Альфа” бөлүмү жүргүзө турган колго түшүрүү боюнча буйрукту күтүп жатышты. Бирок, операциянын жетекчиси полковник Абдрасулов дагы бир кишини күтүп жаткан, ал “Шумкар” деген агенттин маалыматы боюнча “Эркиндик” гүлбагына “Түлкү” менен жолугушууга келмек. Агенттин ою боюнча, келе турган адам террористтик уюмдун Орто Азия региону боюнча өкүлү экен. Ал “Түлкүдөй” эле өтө маанилүү адам. Экөөнү тең колго түшүрүү боюнча чечим кабыл алынды.

“Өкүл” деп жашыруун ат коюлган атайын операциянын жетекчиси полковниктин өзү болду. Штабдык машинанын ичинде отуруп, ал аябай туталанып жатты. Анын ички сезими бул операцияны даярдап жатканда бир нерсе калпыс болуп калганын билгизип жатты. Ал “Түлкүнү” жакшы билгендиктен, анын мындай жерде жолугушуу өткөрүүсү бекеринен эмес экенин түшүндү. Бирок, жашыруун иштердин мыйзамы боюнча гүлбак бул ишке аябай ыңгайлуу болчу. Ачык мейкиндик аңдууну тез байкап качып кетүүгө мүмкүндүк бермек. Маалымат берген агент ката кетирмек эмес. Уюмга, жумушка киргизилген агенттин билдирүүсүнө караганда, “Түлкү” ушул гана жерден террористтик уюмдан көрсөтмө жана тапшырма гана эмес, аны каржылоонун булактарын да алмак. Анын үстүнө агент республиканын түштүк регионунда, атап айтканда, Баткен областында жүргүзүлө турган террористтик ишке байланыштуу тапшырма татаал экендигин билип алган. Бул терракт республиканын түштүк чектеринде нааразычылыкты пайда кылып, акыркы кезде эл аралык террористтер аракет кылып жаткан Орто Азиядагы абалды оордотууга алып келмек. Ошондуктан Абдрасуловго “Түлкүнү”, террористтик топтордун мүчөлөрүн жана уюмдун өкүлүн кандай болсо да колго түшүрүү керек эле. Бул өлкөнүн коопсуздугуна  кепил боло алмак. Мында Абдрасулов гана эмес, республиканын территориясында “Түлкүнүн ” тобу жасай турган террактты болтурбай коюу жана террористтик топторду толугу менен жок кылууга буйрук берген анын жетекчилери да ушундай ойдо болушкан. Полковник аябай толкунданып жатты, анын канча уйкусуз түндөрдү өткөргөнүн эч ким билбейт. Бирок, максатына жетүү үчүн Абдрасулов дагы жүз түндү уйкусуз өткөргөнгө даяр эле. Чекист катары ал бул буйрукту аткарууга милдеттүү болчу.

Узарып бараткан тынчтыкты бузуу үчүн полковник абалдын кандай болуп жатканын сурады. Сырткы байкоочулар объектинин отургучта гезит окуп отурганын айтты. Анын жанында отурган кыз жигит туруп түндүктү көздөй борбордук аянтына басышты. Абдрасулов кайрадан ойлонуп калды. Ал саатын карап алып, “Түлкү” бир жерде отурганына жыйырма мүнөт болгонун жана анын бирөөнү күтүп жаткандай көрүнбөгөнүн белгилеп кетти. Полковник анын агенти беш мүнөттөн кийин “Түлкүгө” телефон чалып, мындан аркы иштин көрсөтмөсүн ала турганын унуткан жок. Азыр Шумкар оппозиция уюштурган пикет менен митинг болуп жаткан жерден алыс эмес эле. “Ушул саясатчылар мени аябай тажатып бүттү, республикада качан бир тынчтык болоор экен” деп ойлоду ал, саатын карап жатып. – Э– эх ушулар өлкөгө кандай коркунучтуу экендигин билсе гана -деди ал чын жүрөгүнөн оппозицияларга каргыш айтып. – Терроризм менен наркотрафик биздин элге тынчтык бербей, чыр-чатакты алып келе берет. Митингде жүргөндөрдүн жетекчилери өкмөттү маанилүү маселерди чечүүдөн алаксытып, ушул кесепеттин тарап кетишине көмөктөшүп жатат. Улуттук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери катары ал ушул митингдерди уюштурууга республиканын эле эмес, бүткүл регионду татаал абалда кармап өз өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн чет элдик атайын кызматтар да аралашып турарын билчү. Ошол эки жүздүүлүк кылып жаткан өлкөлөрдүн бетин ачууга мүмкүнчүлүк берилсе гана. Мына мындай болуп жатат деп, болгон маалыматты элге билгизип койсо болмок. Террористик уюмдарды кимдер каржылап жатканын, терракттарды ким уюштуруп жатканын жана алардын артында кайсы өлкөлөр турганын ачык эле айтып койсо болот эле. Кебетеси, чындыкты элге жеткирүүгө мезгил келе элек окшойт. Ушул өлкө үчүн татаал мезгилде улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган маселелерди чечүүгө туура келип жатат. Анын үстүнө мынабу оппозиция деген нерсеси Кыргызстандын өнүгүүсүнө жолтоо болуп, ар кандай талаптар менен улам -улам митингге чыгып жатышат. Анан биздин мамлекет үчүн бүткүл жоопкерчиликти мойнуна артып алган президентке боору оруп кетти. “Оппозиция биздин мамлекеттүүлүгүбүздү талкалоого кызыкдар өлкөлөрдүн таасирине кирип кетсе кандай болоор экен? Эгерде алар биздин улуттук  ... кыйратууга бара турган өз иштерин токтотпосо эмне болот? Бул жөнүндө  ойлонууга полковниктин убакыты жок эле. Керектүү саат токтолбостон жакындап келе жатты, бирок алар күтүп жаткан өкүл дагы эле келе элек. Бул “Түлкүнүн” оюну болуп жүрбөсүн деп ойлоду полковник.  Эгерде андай болсо “Түлкү” биз менен шахмат оюнун ойноп жатат, анда артыкчылык ал тарапта. Анткени, ал оюнду актар менен баштабадыбы”.

Ушул убакытта “Түлкү” бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатат деп, рация аркылуу билдиришти. Саатына карап алып полковник агент “Шумкар” “Түлкүгө” телефон чалганын түшүндү, демек сүйлөшүп бүткөндөн кийин “Шумкар” полковникке телефон чалышы керек. “Шумкар” көп күттүргөн жок, телефон шыңгырады.

Угуп жатам, – деди полковник кыска.

– “Түлкү” он мүнөттөн кийин гүлбакта жолугалы деп буйрук берди– деп, агент кыскача жооп берди.

– Сен эмне кылайын деп жатасың? – деди полковник, алган маалыматты  талдап жатып.

Менин оюмча жолугуш керек, анан көрөбүз да, башка жол жок.

– Эмне үчүн?

– Антпесек “өкүл” жөнүндө биле албай калабыз да.

– Мен макулмун, бирок өтө этият бол. Биз баары бир аны кармашыбыз керек.

– Түшүнүктүү, кабатыр болбоңуз.

– Шарттуу белгини унуткан жоксуңбу– деп сурады ал агенттен.

– Унуткан жокмун.

– Кудай деп бара бер.

Ошол менен алардын сөзү бүттү. Полковник рация аркылуу баарына эскертип чыкты: “он мүнөттө даяр болгула, менин буйругумдан кийин колго түшүргүлө”. Баардык беш база тең даярбыз деп жооп беришти. Эми күтүү гана калды. Өзүнүн байланышчысы менен күтүп жатып, “Түлкү” түзүлгөн кырдаалды талдап чыкты, бирок Абдрасуловго караганда ал “өкүл” менен боло турган жалган жолугушууну ырас гана кармата салдым деп бир аз бошоңдой түштү. Алдыда боло турган жолугушуу убакытын жана ордун өзү жана анын байланышчысы гана билчү. Көп ойлонуп отурбай гезитти тоголктоп ороп алып, жаздын абасынан терең дем алды.  Жаздын жыпар жыты бакыттын жана балалыктын жытына кошулуп “Түлкүнүн” тынчын кайрадан ала баштады. Тээ алыстагы балалык деген өлкөдөн  калган эскерүүлөр кино сымал көз алдына тартылды. Мына чурулдаган кичине балдардын тобу бир убакта арыктын жээгине бирөө отургузган жапайы алманын кичинекей мөмөлөрүн үзүүгө жөнөштү. Ата-энесинин кой дегенине болбой, бышпаган көк өрүктөн тоё жешти. Буларды жегенден кийин дайыма ичтери ооруп, мектепке барбай калууга себеп табылчу. Ушунун баары болгон, кээде алар тикенектүү бөрү карагаттын арасына жашынып алышып  өмүрүндө биринчи жолу тамеки тартып көрүшкөн. Көздөрүнөн жаш чыкканча жөтөлүп, чоңдор бул болбогон нерсени эмне тартышат деп таң калышкан. Анан ал өзүнүн эрининен биринчи өбүшүүнүн таттуу даамын сезди. Кебетеси жашоодо биринчи өбүшүүдөн жана ургаачыга  кол тийгизүүдөн башка эч нерсе эсте калбайт окшойт. Ал убакта баардыгы таза болчу. Алардын жаш жүрөгү калпка жана алдоого чыдачу эмес. Кийин  чоңойгондо ал калп менен алдоо курчап алган жашоо үчүн тынымсыз күрөшүү керек экендигин, эки жүздүүлүк, чыккынчылык, көрө албастык жана табалоо адамдын жашоосунун бир бөлүгү болоорун түшүндү. Байланышчынын үнү аны эсине келтирди.

Салам алейкум, таксыр!

Саламына баш ийкеп жооп берип, көзү менен жаныма отур дегендей белги берди. Анан саатын карап алып “Түлкү” мындай деди:

– Сен адаттагыдай эле немис сыяктуу таксың

– Анан эмне, кечигиш керек беле?

– Жок, андай эмес, бир гана учурда кечиксең болот, билесиңби кайсы учурда?

– Билем, өзүңдү мүрзөгө коюп жатканда.

– Туура айтасың, – деди да “Түлкү”байланышчыны сынагандай көпкө тиктеп туруп, анан кошумчалады:

– Билесиңби, муну айтканды ким жакшы көргөнүн?

– Жок, – деди Абдыкадыр бул суроодо кандайдыр бир жаман ой бар экенин сезе коюп.

– Менин Болот деген эски досумдун. Анын жашыруун аты “Ак жолтой” эле. Сен аны кокусунан тааныбайсыңбы?

Болот деген атты укканда ал кулак түрө калды. “Түлкү” ага кандайдыр бир күтүлбөгөн тамашаны даярдап жатканын сезип турду.

Анын башына “Мени билип койгонбу” деген ой келди.Так ушул учурда митинг болуп жаткан борбордук аянт тараптан чуу чыгаруучу гранатанын  жарылган үнү чыкты. Борбордук аянтта митингиге чогулган элди кууп таратуу боюнча милиция кызматкерлери атайын операция өткөрүп жаткан. Пикетчилердин чоң тобу милициянын кысымына чыдабай гүлбакка чегинип, көчөнүн аягына толуп кетишти. “Түлкүнүн” байланышчысы Абдыкадыр УККнын жашыруун агенти Сөлпүев Арстанбек деген жигит эле. Арстанбек өзүнүн карамагында он гана секунд убактысы бар экенин түшүндү. Көзүнүн кыйыгы менен “Түлкүнү” байкап туруп, оң чөнтөгүндөгү мобилдик телефонду кармап, мурдатан даярдап койгон “Түлкүнү” колго түшүрүүнү баштагыла деген шарттуу белгини полковниктин телефонуна жөнөтүүгө даярданды. Ойлонуштурулган шарттардан тышкары учурда, “Түлкүнү” өзү жок кылышы керек экендиги эсинде турду. Ал бул буйрукту аткарууга даяр болчу.

“Түлкү” коркунучтуу учурларда өзүн-өзү колго алып, аң-сезимдин тереңинде жаткан адамдын бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук иштетүүгө мажбур кылчу. Өтө кыйын кезеңде ал душманы үчүн кол жеткис, коркунучтуу да болуп кетээр эле. Азыр да саналуу гана секунд ичинде түзүлгөн кырдаалды байкай коюп, жең ичиндеги бычагын сууруп алып байланышчынын мойнуна жогортон төмөн карай бычак урду. Бул мурдагы Союздун атайын диверсиялык бөлүмдөрүндө гана окутулуучу аябай көндүм болуп бүткөн ыкма эле. Абдыкадыр пистолетин алып чыгууга буйдамы келбей, мойнуна сайылган бычак менен отурган жеринде кала берди. Полковник Абдрасуловго “Түлкүнү ” кармагыла деп буйрук берүүгө көз ирмем гана убакыт жетпей калды. “Түлкү” андан бир аз гана озуп кетти. Өлтүргөн адамынын телефонун алып, “Түлкү” элге аралашып, шаарга сиңип кетти.

 

ТЕРРОРИСТТЕР

Төкөлдөш чөлкөмүндөгү бир үйдө террористтик уюмдун эки мүчөсү жашырынып жаткан. Алардын Саладин дегени эшикти абайлап ачып “Түлкүнү” үйгө киргизди. Эшиктин алдына токтогон “Түлкү”, тиги экөөнө тигиле карады да, акырын сөз жөнөттү:

– Биз билинип калдык, кетиш керек.

– Эмне болуп кетти? – деп сурады, үнүнөн коркуп кеткени байкалган Саладин, башчысынан.

– Биздин изибизге комитетчиктер түшүп алыптыртиги экөөнө жаңылыкты айтып, аларды бир сыйра карап алды.

– Ага эмне болду?

– Жаны жаннатка кетти, – деп  “Түлкү” колунун кыры менен мойнунан мууздагандай түр көрсөттү. Алар “Түлкүнүн” эки  сүйлөбөй турганын билишчү. Демек Абдукадыр бул дүйнөдө жок, кебетеси ага “Түлкүнүн” өзү жардам берсе керек. Ага жактырганын билгизип баштарын ийкеп, мындан ары эмне кылууга көрсөтмө күткөндөй түр көрсөтүшүп, анан аларга өзгөчө тапшырма алып четтен келе турган “өкүлдүн” эмне болгонун сурашты.

– Эч кандай өкүл жок. Аны мен эле “момолойдун” ким экенин билейин деп ойлоп тапкам. Эми мени көңүл коюп уккула. Мен “Момолойдун” бетин ачкандан кийин ар бирибиз мындай кырдаалда эмне кыларыбызды билебиз деп ойлойм. Биринчиден, биз азыр бир-бирден бөлүнүп кетишибиз керек. Комитетчиктер бардыгын текшерээрине эч кандай күмөн жок, ошондуктан өтө этият болушубуз зарыл. Бара турган жерди билесиңер. Сен Саладин Бишкекте, 6– кичи райондогу жашыруун квартирада каласың. Тажикстандан бүгүн кечинде келе турган товарды күтөсүң. Бул жолу бардыгы жакшы болот деп ойлойм. Биринчи партияны, өзүңөр билгендей чек арачылар кармап алды. Ошондуктан биз чет өлкөдөгү досторубуздун тапшырмасын аткара албай калдык. Азыр алардын кишилери жаңы маршрутту табууга аракет кылып жатышат. Сатыктан түшкөн акчанын бардыгы жакшы иштерге жумшалат.

– Түшүндүм таксыр, бардыгын мүмкүн болушунча жакшылап бүткөрөбүз– деди Саладин “Түлкүнүн” сөзүн бөлүп, башчысы ооз ача электе түшүнөөрүн көрсөтүүнү каалагандай, бирок “Түлкү” аны көз карашы менен токтотуп:

– Улуулардын, өзгөчө менин сөзүмдү бөлбөй жүр. Анын каардуу көз карашы Саладинди полго кадап койгондой болду. Саладин аябай коркуп кетти. Коркконунан өңү кубарып, бүтүйгөн, митайым көздөрүн кыбыңдатты. Ал жасакерленгендей үн менен “Түлкүгө” кайрылды:

– Таксыр? жеңилдик кылгандыгым үчүн мени кечирип коюңуз, экинчи бул кайталанбайт.

“Түлкү” жактырбагандай, салкын гана сөзүн улады.

– Көңүл коюп угуп тур мени Саладин, эч кандай ээнбаштык кылбагын. Товар келгенде сенин телефонуңа “Мегаком” компаниясынын  999 менен бүткөн номеринен телефон чалып мындай дешет: “Биз алыскы Египеттен, Каирден, сизге Хайдардан салам алып келдик”. Сен мындай деп жооп беришиң керек: “Ооба, мен Хайдардын саламын көптөн бери күтүп жатам, силерге чоң ыракмат, менин үйүмө келип палоо жеп кеткиле”. Эгерде кандайдыр бир коркунуч пайда болуп, жолугушуу болбой кала турган болсо, сен: “Саламыңа ырахмат, бирок Хайдар аке мага кечээ телефон чалып, жакында келем деп айтты” деп жооп беришиң керек. Сен түшүндүңбү?

– Түшүндүм таксыр.

– Акыркы шарттуу сүйлөмдү кайталачы, – деди “Түлкү” аны сынагандай карап.

Cаладин, биринчи класстын окуучусунан үй тапшырмасын сурап жаткандай шатырата баштады:– жиберген саламыңа чоң ыракмат, бирок мага Хайдар акем кечээ телефон чалып, жакында келээрин айтты.

– Жетишет – деп, “Түлкү” анын сөзүн бөлдү. Ал Саладиндин эс тутуму аябай жакшы, тил алчаак, элпек экенин билчү, анын ишенимдүүлүгүн далай жолу текшерген. Андан ары ал сөзүн улады: шарттуу сөздөр айтылып бүткөндөн кийин сен аларга квартиранын дарегин бересиң. Тапшырма түшүнүктүүбү, Саладин?

– Түшүнүктүү таксыр– деп жооп берди Саладин нааразы болгондой.

Ал жанындагы террористке “Түлкү” менен кандай жакшы мамиледе экенибизди көрдүңбү– дегендей карап койду.

– Алар сага товарды машинасы менен берет. Товар жашыруун жерде катылуу.

– Жашыруун жери кайда?

– Аны сен билбей эле кой, машина менен Чолпон-Атага чейин жетесиң, ал жерде биздин кишибиз бар, анын мейманканасында Казакстандан келген кишилер күтүп жатат. Алар Чолпон-Атага эс алган болуп келишет да, сага акчаны төлөп беришет.

– Алар эмне товарды көрүшпөйбү?

– Текшерип көрүшөт, бирок товарды аларга биздин Чолпон-Атадагы киши көрсөтөт. Түнү бою алар товарды туристтердин машинесине салып, Түп,  Казакстандын Райбердиев району аркылуу ... шаарына алып кетишет, шаардын атын сага билиштин кереги жок деди “Түлкү”. Сенин ишиң товарды алып барып берип, акчасын алып келүү. Сурооң барбы?

– Бар. Машиненин документтери кайда?

– Машиненин документтери жасалма эмес, баары чыныгы документтер. ишеним кат сенин атыңа жазылган. Техосмотр үчүн акча төлөнгөн. Кыскасы документтердин  баары таза, баардыгы мыйзам ченеминде, эч ким тийише албайт. Сен өзүң аяктан ээнбаштык кылбасаң болду. Анан саатына 150 километр менен айдай көрбө.

– Албетте, андай болбойт.

– Эгерде токтотуп калса, биздин автоинспекторлор саткын болот, 200 сом бере койсоң, баарына жетишет. Түшүндүңбү? Ии баса, бангизаттан түшкөн акчаны он бөлүккө бөлүп, беш бөлүгүн “Вестерн юнион” менен жибер, калганын башка банктар аркылуу, алардын Ош, Баткендеги филиалдарына жибер. Акчаны жөнөтө турган кишилердин дарегин жана аттарын мен сага интернет аркылуу берем. Шарттуу сөздү унуткан жоксуңбу?

– Жок таксыр, унуткан жокмун, тапшырмаңызды колдон келишинче аткарып берем, күмөн санабаңыз– деп ал “Түлкүнү” тынчтандырууга аракет кылды.

Чынында эле, бул жерде күмөн санай турган иш бар эле. Алар аз жерден кармалып кала жаздашты. Чекисттер алардын изине кайрадан түшүшү мүмкүн. Бирок акча аябай керек болуп турган. Ал бир катар чоң террактарды каржылоого жумшалмак. Ушуга чейин унчукпай отурган Исмаил аттуу үчүнчү террорист чекисттер тууралуу өзүнүн күмөн санаган оюн ортого салды.

– Менин оюмча, азыр биз өтө этиет болушубуз зарыл, шаарда шектүүлөрдү кармап жатышат, комитетчиктер баардыгына тапшырма беришкен. Анын үстүнө мынабу оппозиционерлердин митинги болуп жатпайбы. Ал бир жагынан жардам берсе, экинчи жагынан шаарга милиция деген неме толуп кетти, ошондуктан курал алып жүрүштүн кереги жок деп ойлойм. Документтери менен өмүр баяны жакшы.

– Туура айтасың Исмаил, бул акылың туура– деди “Түлкү” аны мактай чалып.– Саладин сен азырынча курал алып жүрбөй эле койчу.

Исмаил жаш болсо да өзү курдууларга караганда улуу да, акылдуу да көрүнчү. “Түлкү” аны эрктүүлүгү үчүн жакшы көрчү, көп сүйлөбөгөн, өз ишине берилген жигит эле. Азыр жигитти карап отуруп “Түлкү” өз ичинен кийинки мезгилде ушу жигитке көбүрөөк көз салып жүргөнүн ойлоп койду. Кезеги келгенде маанилүү ишке алып барса болот. Жетилип калды. Ал Исмаилди ийинге таптап мындай деди:

– Менин оюмча, баардыгыбызга түшүнүктүү болду го дейм. Исмаил сен экөөбүз бир сааттан кийин шаардан кетебиз. Өзүбүзгө тааныш, шаар аралык таксистти чакыр. Бара турган жерибиз Ош. Исмаил таксисттин номерина уюлдук телефон менен чалды.

– Бул мен, Асанбайдын эң акыркы аялдамасында сени 20 мүнөттөн кийин күтөбүз, анан “Түлкүнү” карап, андан нары кандай көрсөтмө берээрин күтүп калды.

Ушул азыр Исмаил ага жаш кезиндеги өзүндөй көрүнүп кетип, акыркы кезде эмнегедир “Түлкү” ушул балага атасындай мамиле кыла баштаганын ойлоду. Коромжу болбогон аталык мээрим, мураскер жана Байсеитовдордун тукумун уланта турган балалуу болсом деген каалоо Исмаилге өз баласындай мамиле кылууга мажбур кылды. Азыр Исмаилди карап туруп жүрөгү “тыз” дей түштү: “Ушул балага мунун эмне кереги бар. Муну менен тең балдар окуп, билим алып, иштеп, үй-бүлө күтүп жатышат. Өзүнүкү болсо түшүнүктүү, “Түлкү” Афганистандан башталып, жарыяланбаган жана бүтпөгөн согушунда жүрөт. А мынабу өзүнүн баласына окшогон бала кайсы согушта жүрөт?” Ушул ойлор менен ал таксиге отурду. Эч кимге билинбей шаардан чыгып, Ошко жөнөп кетишти. Сосновка айылынан өткөндөн кийин  өзүн кичине эркин сезип, үргүлөп кетти. Уктап бара жатып ал адамдын эки бөлүнгөнү башталды деп ойлоду: бүгүн Дзержинский гүлбагында Байсеитов Тимур тирилип келип, “Түлкү” деген жашыруун аты бар немени жекеге чакырды.

Уктап бара жатып, “Түлкү” Бишкек шаарынын 6– кичи районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин эл аралык наркотрафик боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери эки наркокурьерди кармап алышканын, алар “Түлкү” менен байланышы бар, террористтик уюмдун мүчөсү Саладинди көрсөтүп беришкенин билишкен жок.

 

БОЛОТ

Полковник Абдрасулов башында турган оперативдик топ Түлкүнү кармай албай калды. “Түлкү” өзүнүн жакын адамдарынын арасына кирип, оперативдик жашыруун  “Шумкар” деген аты бар агент Сөлпүев Арстанбекти өлтүрүп, митингге чыккан оппозиционерлердин тобуна аралашып, таптырбай кеткен. Бирок, комитеттин «Н» башкармалыгында иштеген жолдоштордун жардамы менен “Түлкүнүн” изине кайра түшүштү. Наркокурьерлерди кармоого аракет кылып жатканда, Саладин спецназдын жоокерлерине каршы ок чыгарып, өзү да оор жарадар болду. Анын жашаарына бир эле саат калган, аны алып келген шаардын ооруканасында Абдрасулов өзү сурак жүргүздү. Саладин полковникке  “Түлкү” жакын аранын ичинде Баткен облусунда чоң терракт жүргүзүүгө ниеттенип жатканын айтууга үлгүрдү. Бул аз да болсо маалымат болчу.

“Түлкүнүн” кылаар ишин болжоп болбой тургандыгы жана анын комитетчиктердин көз алдында Мамлекеттик кооопсуздук органынын эң мыкты агентин өлтүрүп кеткендиги чекистердин намысына тийип, аны эмне болсо да кармоону чечишти. Комитеттин жетекчилери террорго каршы бөлүмдөр, башка башкармалыктар менен тыгыз байланышта иштеп, кыска мөөнөттүн ичинде жашыруун террористик топтордун жана анын башчысы Байсеитов Тимурду жок кылууга тапшырма берди. Полковник Абдрасулов жетекчилик кылган атайын операциянын жыйынтыгы начар болгондугуна карабай, комитет аны “Түлкүнү” жок кылуу боюнча оперативдик топтун жетекчилигинен четтеткен жок.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Асан Ахматов, 2010

 


Количество просмотров: 4442