Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Сын, адабият таануу, Адабият таануу / Публицистика
© Мамасалы Апышев, 2015

Мамасалы Аткаевич АПЫШЕВ

Өзүнө гана таандык орду бар, кайталангыс сүрөткер

(Жазуучу Мелис Абакировдун 75 жылдыгына карата)

 

Мелис Абакировдун чыгармачылыгынын башаты өткөн кылымдын тээ 60-жылдарынын аягында, 70-чи жылдарынын башында эле башталып, басма сөздө эң алгачкы жарыяланган аңгемелери менен, ары бараандуу, ары батыл-ишенимдүү, ары жаш калемгердин келечегинен чоң үмүткөр кыла башталганы дайын эмеспи...

Албетте, азырга чейин адабиятчылар, дегеле көркөм сөздү баалай билген күйөрмандардын эсинен түнөк таап, алиге чейин көркөм образдары эстеринен чыкпай келе жаткан “Алмамбет”, “Чардактар толкунду сүйүшөт” сыяктуу жана башка аңгемелери  жаш авторду ошол кездеги өтө күчтүү, чоң топтун арасынан да өзүнчө “жарк” эттире бөлүп көрсөтүп, таанымал кылып таштагандыгы кокусунан болгон эмес эле!..

Андан кийинки жылдары Мелис Абакиров чыгармачылык майданда жемиштүү изденип, мээнеткеч дыйканча ак ниети менен бериле иштеп, бир катар  повесттерди, аңгемелерди, романдарды жаратты. Алардын дээрлик басымдуу бөлүгү улуттук адабиятыбыздын көөнөргүс казынасын түзүп турган көп кырдуу-мозаикалуу берметтеринин арасындагы ажырагыс бир бөлүккө айланды деп айтып коюу – мааракелик салтка таазим этүүдөн улам эмес, адабиятчылык милдеттен улам гана жаралгандыгы – ого бетер кубанычтуу болуп жаткандыгын өзгөчө белгилеп коюу парз.

Арийне, мен бул макаламда жалпы юбилейлик макала рамкаларынан бир аз четтеп, чыгармачылык-комплиментардык портретти тартуудан  алыстап, жазуучунун соңку кезде жарык көргөн, бирок, адабият айдыңында өзүнчө кеңири сөз боло элек жаңы чыгармасы – “Барымта” романы (Б., “Бийиктик”, 2008) тууралуу чечмелеп, сөз кылууну эп көрүп турамын. Бул роман ошондой өзүнчө сөз кылууга арзый турган, ал тургай, кеңири талкууга да алса боло турган  чыгарма экендигинен шек жок.

Мелис Абакиров салыштырмалуу аз жазган, бирок өз чыгармачылыгына талапты абдан катуу кое билген сейрек жазуучулардын бири. Ошондуктанбы, “Барымта” анын ондогон аңгемелеринен, үч-төрт мыкты повесттеринен (“Алчалуу бак”, “Кумар” ж.б.) кийинки жаралган бар болгону экинчи романы (андан бир он жылча мурдараак жарыяланган, — адабий жаңылык, роман жанрындагы жаңы жетишкендик катары бааланган “Көкөй кести” романынан кийинки).

“Барымта” – тарыхый темадагы көркөм роман. Анын көп катмарлуу, көп каармандуу болуп, хронологиялык жактан өтө узак мезгилди (бир кылымдын ашуун убакыттагы окуяларды) камтып тургандыгына карабастан, көлөмү жагынан абдан компакттуу чыгарма экендиги дароо эле көзгө урунбай койбойт. Дегеле, Мелис Абакировдун дал ушул сапаты да башка көптөгөн жазмакерлерге өзүнчө эле бир үлгүлүү сабак боло турган мыкты сапаттардын бири. Анткени, кыргыз адабиятында (андан алысыраак көз таштасак – дегеле мурдагы жалпы көп улуттуу советтик адабиятта көркөмдүк сапатка эмес, көлөмгө көңүл бөлүү салт болуп калгандыгы дагы жашыруун эмес болчу, мунун себеби да эң эле жөнөкөй – көлөмү канчалык чоң болсо, калем акы да ошончолук олчойоору түшүнүктүү эмес беле?!) тээ мурдатан — өткөн кылымдын 30-жылдарынан бери эле, — иренжиткен, терс салт болуп калгандай, азыр деле айрымдар тим эле көлөмү менен “рекорд” коюуга умтулушкансышып, “үчилтик-төртилтик” деп атап алышып, азыркы ар тркн табиттеги, убактысын үнөмдөп калган окурмандарды мындай эле кой, өздөрү да кайра чыдап, аягына чейин толук окуп чыга албай турган эптемей бир нерселерди чиймелеп алып, роман деп чыгарып жүрүшкөнү да белгилүү...

Асыресе, Мелис Абакировдун “Барымтасы” сыяктуу чыгармаларды талдоо да такыр башкача нукта жүрүп, өзгөчө бийик жана объективдүү критерийлер менен каралары түшүнүктүү. Чыныгы көркөм сөз туундусун талдоо дагы нукура чыгармачылык табиятка гана баш ийет. Андай чыгармалар “баланча деген жаңы роман жарыкка чыкты” деп коомчулукка жарыяланып, ал тууралуу жасалма, атайылап-уюшулма деңгээлдеги маалыматтар берилип, жада калса, талдамыш этилип, ошонусу менен эле дароо эскирип, ошол бойдон биротоло унутулуп кала албайт да. Анткени, андай чыгармалар убактылуу көз караштардан алда канча бийик турат жана да мезгилдик өткөөлдөргө эч качан баш ийбейт, дал ошондуктан улам, андай көркөм туундулар “мезгил сынынан өткөн чыгармалар” деп аталып калышат...

“Барымта” романынын компакттуу көлөмүнөн кийинки экинчи дагы өзүнө заматта өзгөчө көңүл бурдурган, тамшандырып-суктандырып турган бир мыкты сапаты – жазуучунун өтө бай лексикалык каражаты. Мелис Абакировдун чебер тилдүү, өз алдынча стилге ээ жазуучу экендиги мурдатан эле кеңири маалым болсо да, бул тарыхый темадагы көркөм романды жазуудагы ары ыктуу, ары чебер колдонулган  архаизм сөздөрдүн көп пайдаланылышы – эне тилибизде биротоло унутулуп калган, же унутулуп бара жаткан сөздөргө экинчи өмүр берүүгө умтулуу катары, адабияттагы жаңылык катары каралышы керек. Туура, алардын басымдуу бөлүгү дароо эле азыркы активдүү лексикага кирип кетет дегенден караманча алысмын. Жазуучу өзү деле муну абдан сонун түшүнүп турат деп ойлоймун. Тек гана автор үчүн ошол өткөн доордун атмосферасын берип, “демин” сездире ачып, каармандардын образдарын көз алдыга таасын келтирүү үчүн пайда болгон зарылдыктан улам келип чыккандыктан көрүлгөн бул аракети – бери эле болгондо азыркы тилчи-окумуштуулар келечекте өзгөчө дыкаттык менен изилдеше турган өзүнчө бир кызыктуу, бай изилдөөчүлүк объект болуп калары турган иш.

Эми чыгарманын идеялык-сюжеттик, композициялык түзүлүшүнө келсек, адегенде эле белгилеп коюучу дагы бир мыкты сапат – бул прозалык тексттин өтө тыкыс-жыш мазмунда жазылгандыгы. Бул өтө чебер, сейрек кездешүүчү баалуу касиет экендиги талашсыз. Ошондуктан улам, дээрлик ар бир сүйлөм өзүнчө жүктөлгөн көркөм салмакты көтөрүп турат. Демейде, көлөмдүү, бирок, борпоң мазмундуу, текстинде ички чыңалуудан дайын да жок, бошоң-аморфтуу жазылган чыгарманы окуп бара жатканда бир-эки бетти эмес, беш-он бетти аттап, же тек гана диагоналынан көз жүгүртүп коюп, ал тургай, эч кандай баалуу көркөмдүк-эстетикалык маалыматты ала албагандыктан улам тажагандыктан, толук бирин-экин главасын деле бүтүндөй окубай таштап кетсең дагы эч нерсе жоготпойт эмессиңби. Ал эми “Барымта” сыяктуу чыгарманы окуп баратып, байкабай калып, же адашып калып бир кыска эле эпизодду аттап, же таштап кетсең да, сөзсүз түрдө бир нерсе калып калгандыгын дароо сезип, артка “кайрылууга”, же кээ бир учурларда атайылап эле экинчи ирет кайталап, “үңүлүп” окуп чыгууга да мажбур болосуң!

Романдын идеялык-мазмундук, сюжеттик-композициялык түзүлүшү боюнча айта кете турган дагы бир байкоо – мындай деңгээлдеги бүтүндүктөгү (цельное) тарыхый-көркөм чыгарманы ойдон-көркөм фантазиядан чыгара коюп, же кандайдыр бир тарыхый-архивдик материалдарды пайдалануунун негизинде жаза салууга эч кандай мүмкүн эмес.  Жазуучу бул элдик оозеки аңыздарга, уламыштарга, дегеле бала кезден баштала турган руханий баалуулуктарга негизделген чыгармасынын көркөм мазмунун  көпкө чейин көңүлүндө “бышырып”, акыры кайрадан көркөмдөп трансформациялап, өз алдынча системалаштырып иштеп чыккан соң кагазга түшүргөндүгү көрүнүп турат.

Чыгарманын сюжеттик-идеялык линиясы – феодалдык деп аталган доордогу кыргыз элинин турмушун чагылдырууга багытталган. Бир нече муундун өкүлдөрүнөн турган үй-бүлөнүн жашоосу жалпы элдик агымдын фонундагы тарыхый контексттен ажырымсыз берилет.  Демек, романдагы башкы каармандардын жана көптөгөн экинчи пландагы каармандардын жашоосундагы моралдык-нравалык коллизиянын негизги сюжеттик-композициялык линия катары алынышы аркылуу, жалпы эле ошол кездеги кыргыз урууларынын, элинин турмушу тууралуу толук көркөм маалымат берилет.  Дагы бир өзгөчө белгилеп кое турган нерсе, романдагы кыргыз элинин каада-салттарын, күнүмдүк турмушунда колдонулган ар кандай ырым-жырымдарын таасын баяндалып, көп сүрөттөлүшү этнографиялык максаттан улам эмес, идеялык-көркөмдүк негизде чагылдырылган.  Дал ошондуктан улам, мен бул чыгарманын жанрын так аныктоо милдети коюлса, аны тарыхый-философиялык роман деп атамакмын. 

“Барымта” деген аталыш да дал ошондой көп маанилүү, полифониялуу идеяны көздөөдөн улам коюлгандыктан, сөздүн түз маанисинен сырткары, каймана маанини жана дагы көркөм образды да жаратып турат деп чечмелесек да болот. Ошону менен бирге эле, андай этнографиялык элементтерге бай пассаждар кошумча көркөмдүк-эстетикалык функцияны да аткарып, чыгарманын мазмунун көп маанилүү кылып,  тереңдетип жиберет. Демейде, ар кандай эле күчтүү чыгарманын бирден-бир талашсыз касиети – анын мазмунунун ар тараптуу интерпретациялана беришине мүмкүндүк жараткандыгына жол бергендигинен улам да болот эмеспи. Мисалы, ошол эле  кыргыз ак сөөктөрүнүн, бектеринин турмушундагы адеп-ахлактык, күнүмдүк турмуш-тиричиликтеги сөзсүз түрдө, кыйшаюусуз сактала турган эрежелер автор тарабынан абдан терең билгичтик жана чеберчилик менен чагылдырылган. Айталык, меймандарды тосуп алуу, аларды жаш курактарына жана өз абройлоруна жараша (алыскы-жакынкы туугандар, куда-сөөк, жакын достор, же бейтааныш, алгачкы жолу боз үйгө түнөп өтүп калган бейтааныш жолоочулар ж.б.) сыйлап тосуп алуу, эт тартуу жана башка улуттук тамак-аштарды берип, сый көрсөтүүнүн жол-жоболору, сый учурундагы аңгемелешүүнүн өз тартиби, аягында узатуу сыяктуу жана башка көптөгөн жөрөлгөлөр кыргыздарда кылымдардан берки бекем калыптанып калгандыгына (же, азыркы тил менен айтканда: правила этикета болуп!) ынанасың!..

Бул эми чыгарманын негизги идеясы жана сюжеттик линиясы менен менен тең катарда дайыма параллелдүү түз сызык катары гана (жогоруда мен айтып кеткен, көзгө көрүнбөй, кошумча түрдө жаралган көп катмардуулуктун айрым гана элементтери!) кеткен мазмундан улам чыккан ойлордун бири гана...

Эл арасында “Кырк жигиттүү Кылычбек бек” атка конгон Шааболот болуштун тыңчыкма уулдарынын бири менен Таанаке – Даана – Такырбаш – Билерман жеңе – Билерман эне деп улам которулган көп атка конгон калмак кызынын ортосундагы болгон трагедиялуу сүйүү романдын негизги сюжеттик өзөгүн түзөт. Бул тарыхый көркөм чыгарма ошол доордогу документалдуу фактыларга түздөн-түз тыгыз байланып турбаса да, романдан он тогузунчу кылымдагы айрым доордук “илептер” ачык сезилип турат. Айталык, мурдатан Кокон хандыгынын сарбаздарын тоотпой, аларга салык төлөөгө келгенде керек болсо таймашуудан да кайра тартпаган Кылычбек бектин орус бийлиги өкүм сүрө баштагандан кийин, алардын койгон талаптары боюнча, бейрасмий куралдуу түзүмдөр болбошу керек, анан дагы мыйзамсыз куралы бар адамдар сүргүнгө айдалышат деген мыйзамдардан улам, мурдагы куралданган жигиттерин таркатып жиберет. Бирок, эми ал эл арасындагы кадыр-барктуу бек катары, жергиликтүү саясий лидерлердин бири болуп, акыры болуш болуп дайындалат.

Кылычбек бек менен Таанаке-калмак кыздын сүйүүсү да ал эл аралап, конок болуп, сый көрүп жүргөн учурунда, кокусунан бир үйдө болгон жолугушуудан кийин башталат.  Жигитке көзү түшүп калган кыз ал аттанып кетерден мурунку күнү жеңеси аркылуу мерчемдүү бир жерде өзүн күтүшүн айтып, мөөнөтүн белгилешет... Кылычбек аялы, балдары бар болсо да, өз бактысын издеп, мындай чечкиндүүлүккө барган кызды токолдукка алууну чечет.  Он эки жашка чейин жалаң гана эркек балдар менен ойноп, эркекче сөгүнүп өскөн эрке кыз жеңеси жашыруун даярдап берген жолазыгын алып, атка түн жамына минип, чачын такырайта кырып таштап, эки өрүм чачын кийин улап, өрүп аламын деп түйүнчөгүнө катып, эркекче кийинип алып, өз ата-энесинен, туугандарынан биротоло кечип салып, өзүнүн сүйүүсүнө-бактысына карай жолго качып чыгат...

Ушунун баарын Билерман-жеңе, Билерман-эне атка конгон (же кыргыз-эне болуп алган теги калмак аял) о-о кийин, көп жылдар өткөндөн кийин гана, Кылычбек бектин уулдарынын ичинен өзгөчө жакшы көргөнү, анын калмак-токол аялынан туулган тыңчыкмасы Султанбек бек да бир көргөн соодагер-көпөс Малтабардын карындашы Азаадаханга жуучу жибермек болгондо ретроспективалык ыкмада эсине түшүрүп чыгат. Анткени, уулуна: “сен тектүү жердин уулусуң, тектүү жердин кызына үйлөнүшүң керек!” – деп айтамын деп, ойдо жок жерден көңүлүн ооруткан катуу кагуу жеп жатпайбы: а менин текжаатым, таякелерим кайда?! – деген суроону угуп... Дегеле, каармандардын тагдырлары бири-бирине чиеленишип, биринчи-экинчи, ал тургай үчүнчү пландагы каармандардын да табигый өнүгүүлөр менен берилиши романдын сюжеттик-композициялык түзүлүшүн татаалдаштырып, мазмундук жыштуулукту, көп катмардуулукту күчөтөт.

Маселен, ошол эле Султанбек бек ашык болуп, бирок ою ишке ашпай калган Азаадахан кийин анын атасына кымызга кошуп көкташ-уу берип өлтүрүп, анын ордуна болуш болуп алган үч ата барып кошулган Дүрбөн болушка токол болуп калат. Дүрбөн болуш менен Кылычбек бектин ойдо жок жерден чыккан, аягы экөө үчүн тең эле эмес, башка дагы көп адамдар үчүн трагедияга  алып барган конфликт да өтө ишенимдүү (баягы эле, лакапка айлангандай, боло берет кыргызда! –демекчи, айрыкча ошол феодалдык доордо) берилген. Көрсө, болуштун орунбасары аталып, же расмий түрдө кандидат деп аталып, кийинки шайлоодо болуш болууга укуктуу, же ага чейин эле болуш көз жумуп кетсе анын ордун баса турган бийлик адамы катары Кылычбек бек муну ичинен мурдатан көксөп жүргөн, чамасы чакталуу болгону менен, дымагы күчтүү тууганы Дүрбөндү эмес, башка эле уруудан чыккан бирөөнү дайындап алган экен. Анысы аз келгенсип, элдин көзүнчө болор-болбос карама-каршылыктан улам, баягы эле илгерки жаш кезинен берки курч мүнөзүн карматып, “Арам сийдик!” — деп сөгүп, кагып-силкип койбойбу...

Кан кусуп, өлүп бара жаткан Кылычбек бек болуш Билерман атка конгон аялына өзүнүн шеги тууралуу айтып, далил жок болгондон кийин чуу кылбагыла, Султанбектин айланасына чогулгула, бардык тууган-уруктар ошону туу туткула деген керезин айтып үлгүрүп, бул жарык менен кош айтышып кете берет. Бул кезде калаада орусча билим алып жүргөн Султанбек бек атасынын иниси Калкан жана бир жигиттин коштоосунда айылына алынып келип, апасынан ошол сырды боз үйдө жалгыз олтуруп угат.  Анын орустун борборуна барып окуумду улантамын деген ою да ошол бойдон ишке ашпай калат. Деген менен, Султанбек бек башка элбашчылардан айрымаланып, кыйла прогрессивдүү сүрөттөлгөн. Ал атасынын жыйган малын мурдагыдан да көбөйтүп, аны базарга башка кыргыздардай “дүңүнөн” айдап келип сатып, же айрыбаштап жибербей, билимдүүлүк менен сатып, тапкан каражатына кыргыздар үчүн буурусундун ордуна орус соколорун алып берип, тегирмен салдыртып, алма жана башка жемиш бактарын тиктирип, айтор, эл арасындагы атасынын ордун басты деген сөздү арттырып, кийинки шайлоого катуу даярдана баштайт. Орус чиновниктери менен тааныш болуп калгандыктан, алам менен мамилелешип, заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол деп, паралаганын паралап, сыйлаганын сыйлап, дал эле мурдагы өз атасынын саясий-башкаруу жолун улантат. Баса, башка кыргыздар да, дээрлик бардык орус чиновниктери да дал ушундай феодалдык-кулчулук психологиянын призмасы аркылуу гана сүрөттөлөт. Бар болгону гана, пара өз аты менен айтылбай, “жолдугун берүү, жолдугун жасоо”, сый деген сыяктуу түшүнүктөр аркылуу жасалат жана бул табигый көрүнүшкө айланат.

Дүрбөн болуш кечигип болсо да, (оёздо жүргөнүн айтып) бир айдан соң  келип, өз колу менен жайлаган Кылычбек бек агасынын арбагына куран окутат. Мурдатан Билерман катындын кошогун угушуп, ал күйөөсүн киши колдуу болуп курман болду деп айтып келгендердин, шекшигендердин чындыгы бар экенине калмак катындын өзүнө жасаган мамилесинен, көз карашынан улам ынанат. Эл арасында чоң кадыр-баркы бар Кылычбек бек агасынын ашын чоң шардана менен дүңгүрөтүп өткөрүү аркылуу алардын көңүлүн алмак болот. Буга анын жесири жана балдары каршы болушат. Иниси Калкан бек “Кылычбек бек  тирүү кезинде мунун жонуна киши чыгарчу эмес эле” деп, тирүү кезинде минип жүргөн жоргосун эми ал өлгөн соң көөлүк кылып минип алганыбыз адепсиздик болот деп, өлгөндөн кийин да өз ээсинин керегине жарасын деп, куйрук-жалын кыркып туруп, жылкыларга кошуп жиберет.

Мурдатан “бул жолку шайлоодо катышууга жашың жетпейт экен” деп шылтоо айтып келген орус урядниги, эми Султанбек бектен бир нече ирет тоерлук “жолдук” алган соң, кийинки шайлоодо ал сөзсүз болуш болоруна убада берип, ал тургай “мурунку болушту каматып салам, болуштардын баарынын тең ишинен кааласаң кыңыр тапсаң болот”, деп чамына баштайт. Султанбектин да арам ою ошол жакка биротоло бурулуп, шайлоо алдында эптеп бир конфликт чыгарып, айыптоо жолу менен Дүрбөндү шайлоого катыштырбай туруп жеңип алууну ойлой баштайт.

Акыры буга да шылтоо табылат, Дүрбөн болуштун токолу Азаадахан башка бир келин менен Султанбек бектин айылына айттап келип калат. Өзүнүн аялы Надира айымга аны коноктоп, кетирбей көп күн сыйлоону буйруйт. “Мырза уулдун келинине” ыраазы болуп, сый көрүп, ырахмат айтып, көп күн жатып алган Азаадаханды барымтага кармап, анын артынан кууп келген Дүрбөн болуштун жигиттери менен чатак чыгарып, кайра Дүрбөнү айыпка жыгууну ойлойт.  Жана да, боз үйдүн сыртында жүрсө да, муну байкап калган өзүнүн жеңесинин тили менен айтканда, “бул келгин чебичти кеч күүгүмдө эки ирет мааратып” да коет...

Бирок, конфликт такыр күтпөгөн жактан келип чыгат. Калкан бектин киши чайнаган кара буурасы Дүрбөн болуштун буураларын чайнап салып жатканда, Дүрбөндүн иниси, чоң муштум катары атагы чыккан Кооман кара буураны алдыңкы колуна да, арткы бутуна да атып, чөгөлөтүп салат да: “Мунуңарды союп алып кеткиле!” – деп талап коет. Кара буурасынын акыбалын көрүп, ачуусу келген Калкан бек: “Бу силердин каймалдарыңар гапна эмес, катындарыңар да жалап болсо, кара буурамда кайсы күнөө! Эмнеге атасың, энеси байтал акмак!” – деп кыйкырат. Кооман аны колундагы мынтыгынын кундагы менен башка чапканда, атынан кулап түшүп жан берет... Дароо орус бийлиги чакырылып, укуктук-тартиптик баа берилип, бул киши өлтүрүү үчүн Дүрбөн бий үй-бүлөсү менен сүргүнгө айдалат. Султанбек өз колу менен: “...ыстарчын Калкан Бекболотин агамды Каракол-Шамсы болушу Дүрбөн Сарманин кылмыш иштерин ыстарчындар жыйынында болуштун көзүнчө айтканы үчүн, орус заң-мыйзамын бузуп жүрөсүң, орус төрөлөрүн сыртынан сөгөсүң, пара албай иш жасабайт деп ар дайым иш жасабайт деп айтканыңды койбойсуңбу дегени үчүн бир тууган иниси Кооман Сарманинге атып өлтүр деп мылтык берип, мылтыктын кундагы менен башка чаап өлтүрттү”, -  деп орус бийлигине арыз жазат.

Султанбек эми көздөгөн максатына жеткен кезде романдын сюжети дагы бир ирет күтүүсүз бурулуш жасайт. Малтабар көпөс Дүрбөн болуш менен  кошо сүргүнгө айдалган Азаадахан карындашы үчүн өч алуу максатында, атайын жалдап, буйрутма киши өлтүрүү жолу менен Султанбекти токойлуу тар капчыгай жолунда атып өлтүртөт.

“Айрылдык эле, кокуй, айрылдык, Султаныбыздан айрылдык, кокуй!” – деп бакырып чаап келип, кабар айтышканда Билерман эне эч-учун жоготуп, жыгылып баратып, транска түшүп кеткен абалында, мурдатан өмүр бою жашырып келген чыныгы сырын, оюн мындай деп жарыя кылат:

“— Менин атым Даркен!.. Менин атым Даркен!.. Менин энем калмак Че-жим-жан!.. Менин канымда калмактын каны бар! Менин жатынымда калмактын уругу бар! Мен калмак уул төрөйм! Жакында! Ал калмак уулум силерди, бүт кыргызды барымтага алат! Ал калмак жаныңды алат! Барымтага алат баарыңарды!.. Анан малыңды алат! Ал калмак элиңди кырат! Жериңди алат! Элиңди кырып, жериңди алат, кыргыздар!..”

Роман дал ушундай трагедия менен гана эмес, жүрөк титиреткен душмандык ачуу идеянын күтүүсүздөн ачыкка чыгышы менен аяктайт. Арийне, “көздөрүнүн агы көрүнгөндөй аңтарылта, каректерин жалын чачкандай балбылдата күйгүзүп, кыргыз баласынын кулагына сиңе бербес, акыл тегеретип түшүнө бербес сөздөрдү” транс абалында кайталаган Билерман эненин бул айтканы романдын финалына өтө күчтүү философиялык мазмун-түс берет.  Адегенде, канында (же генинде) кыргыздарга болгон сөөк өчтү душмандык (тымызын, тээ түпкүрдө гана) сакталып калган адам тарабынан ал өзү чексиз трагедияга баткан учурда ушундай сөздөрдүн айтылышы мыйзамченемдүү эле сезилет.

Бул бир эле эненин кайгысын чагылдырган финал жалпы эле душман энелеринин көз карашын чагылдырып, терең символикалуу метафорага айланган. Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы: “Сенин атаң Дөнөнбай!.. Сенин атаң Дөнөнбай!..” деген манкуртка айтылган эненин репликасы сыяктуу эле, Мелис Абакировдун “Барымта” романынын финалы дагы символикалуу мааниге ээ болуп кетет.

Ошентсе да, чыгарманы ар кандай интерпретациялоо, кабыл алуу же, тескерисинче, кайсыл бир жактарын кабыл албоо, башкача айтканда, автор менен болгон “пикирлешүү жана полемика” китептин эң соңку бетин жапкандан кийин гана башталат эмеспи. Бул да болсо чыныгы көркөм чыгарманын күчтүү касиеттеринен бири эмеспи. Демейде жөнөкөй тил менен гана, учкай эле, тигил же бул чыгарма жөнүндө бүтүмдү чыгарып жатып: “окурманды кайдыгер калтырбайт” деп коет эмеспизби. Менин оюмча, бул романды мурдатан ырахаттанып, кызыгуу менен окуп чыккан окурманды мындай финал кайдыгер калтырбай эле тим болмок турсун, терең ойго батырып, түйшөлтөөрү шексиз.

“Барымта” романы жөнүндө макалабызды жыйынтыктап жатып, бул “калмак кыргыны” темасына түздөн-түз тиешелүү болгон, казак жазуучусу Ануар Алимжановдун “Гонец” романы эриксизден эске түшөт. 1720-жылы казак жерине 100 миң (жүз миң!) күчтүү куралданган калмак аскерлери кол салып кирип, казак жергесиндеги алаамат башталат. Ошол кездеги кытай тарыхчылары (летописчилери) казак жерин калмактар толугу менен ээлеп, басып алышкандыгын, казак элинен эч нерсе калбагандыгын жаза башташат... Ал эми кыргыз жергесине кийинчерээк кол салып киргенде, саны, күчү жагынан да кыйла аз кыргыздар жер которуп сүрүлүп, Ош, Анжиян, Гисар тарапка убактылуу сүрүлүп чегинишип, негизги күчтөрүн сактап калышкандыгы маалым.  Башкача айтканда, орус полководеци Михаил Кутузов Москваны француздарга убактылуу, бир кышка таштап, чыгып  кеткен сыяктуу эле тактика колдонулган. Кийинчерээк, ондогон жылдардан соң гана күч топтоп келип, кайра өз жерин душмандардан бошотуп алган. Кылымдарды карыткан улуу кыргыз эли калмак душмандардын баарын дээрлик таш-талканын чыгарып, талкалап жок кылып, азганакай гана бөлүгүнө азыркы Түндүк-Кавказ деп аталып жүргөн аймакка эптеп, дыргаяктап качып кетип, жан сактап калуусуна мүмкүндүк бергендиги – тарыхый факт.

“Барымтада” Ала-Тоо арасында тоо, таштын ичинде анча-мынча гана аз санда жашырынып, аман калган, же кыргыздарга кандайдыр бир амалдуу жолдор менен кошулуп, аралашып кетишкен, же канында калактын каны бар адамдардын  калгандан кийинки мезгилдеги окуялар жөнүндө сөз болууда. Же бир кезде өз ата-энесин, туугандарын өз ыктыяры менен биротоло таштап кетип, кыргыз жигитин сүйүп калган калмак тектүү аялдын өз каны жана гени жөнүндө өмүрүндөгү эң чоң трагедия учурунда  гана эске салышы – мыйзамченемдүү. Бул финал психологиялык жактан (транс!) да өтө ишенимдүү берилген.

“Барымтада” бул тууралуу кеңири сөз болбогондугунун себеби, ошол кандуу кыргындуу окуялар дээрлик аяктап, андан бери эки-үч муун өткөндөн кийинки окуялар сүрөттөлүп жатат. Бирок, ал окуяларда ошондон элүү, же жүз жыл мурда болгон окуялардын жаңырыгы дагы угулуп тургандыгы, абдан терең философиялык-көркөмдүк күчкө ээ болгон финалга айланган. Мисалы, кийин Билерман эне атка конгон Таанаке кыз “Өтки нази калмыки, шинга нази бурити” (көрсө мунусу калмакча: “Коюусун куй калмакка, суюгун куй кыргызга” дегенди билдирет экен – көрсөтүлгөн китепте, 15-бет) деген сыяктуу казан башындагы энелердин өз кыз-келиндерине берген, кийин макалга айланган кеңештери жайылган чөйрөдө чоңойгон. Демек, сыртынан сый көрсөтүмүш болгону менен, тамак бергенде да байыркы кыргыз эли сыяктуу меймандос, берешен эмес, ниети бузук болуп калыптанган.

Дегеле, ушул жерден мен мындайча бир парадоксалдуу ойду айтар элем: бул нукура калмак макалы эле эмес, кыргыз макалы деп аталып жүргөндөрдүн ичинде да элдики деп айтылып, бара-бара мезгил өткөн сайын кыргыздын төл макалдары сыяктуу кабылданып калган учурлар арбын кездешет. Маселен, орустун “цыплят по осени считают” дегени “чөжөнү күздө санайт” деп, “обжегшись на молоке, дует на воду” дегени – “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” сыяктуу дээрлик кыргыз макалдары сыяктуу болуп калган. А чынында, кыргыз эли мурунку доорлордо тоок баккан эмес.  Тоок жегиси келсе кекиликти тузак менен кармап, жапайы өрдөк-каздарды атып эле оокат кылып жүргөн, чөжөсүн санабай эле...

Эми бул эчтеке эмес, бирок кыргыз элине жат мааниси бар, кандайдыр бир өлчөмдө ички мазмунун терең иликтей келгенде чоочун макалдарды кыргыздыкы дебей эле койгонубуз туура болмок. Мисалы, “Кыргыздыкы – кырк жылда” деген лакап-макал. Бул мазмуну боюнча четтен туруп алып карап, айтылып жаткан көз караштагы лакапта кыргызды өтө эле кекчил эл катары көрсөтүүгө далалат жасалып жатпайбы. Кырк жылда болсо эмне экен?! Же, эмне, өзүнүн жерин душманга тарттырып жиберип, унчукпай калып калышы керек беле? Кырк эмес, керек болсо жүз жылдан кийин да душманды кууп чыгып, сазайын колуна берип, өз жериңди кайрып алышың керек да!.. Дал ушул сыяктуу эле, “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”, же “Таш менен урганды аш менен ур” деген (алар кандай “аш” менен “урушаары” баарыга маалым дечи!) сыяктуу ж.б. былжырак, ички мааниси кытмыр, былык макалдарды элдин ичиндеги айкөлдүк, кеңпейилдик катары интерпретациялоо аракеттер бар. Андай макалдардын көбүн этимологиялык жактан иликтей келгенде, дал ушул калмак кыргыны доорунда жаралгандыгы аныкталышы толук мүмкүн. Муну эми Мелис Абакиров сыяктуу тил менен терең иштей билген, сөздүн ички табиятын адис тилчилерден да жакшы туя билген мыкты калемгерлер гана ишке ашыра алышат!..

Жалпысынан айтканда, жазуучу Мелис Абакировдун бул чыгармасы — кыргыз романистикасындагы жаңы бийиктик деп ишенимдүү айта алабыз. Бул чыгарма жөнүндө келечекте дагы көп ойлор айтылып, ар кандай интерпретациялык талдоолор айтылары шексиз.

 

Мамасалы АПЫШЕВ

 


Количество просмотров: 4045