Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2015-жылдын 19-марты
Анар
(Аңгеме)
2014-жылы Түрк элдеринин “Евразия” жазуучулар биримдигинин адабий сынагында экинчи орунду ээлеген бул аңгемеде өмүр бою элге кызмат кылып, багбанчылыгы, кең пейилдүүлүгү менен таанылган ажайып инсандын тагдыры баяндалат.
Бүгүнкүдөй чоң маараке Жаңы-Абадда илгери-кийин өтө элек болучу. Мааракеге жаш-кары дебей айылдын бардык жашоочулары көптөн бери даярдык көрүп келишкен. Миңден ашуун түтүндөн турган айылдагы ар бир үйдөн бул салтанаттуу аземге бери дегенде экиден киши катышты. Алардан тышкары алыс-жууктан бейиши болгур Алдаяр карыны тааныгандар, вилает (1) боюнча өкүлдөр чакырылган эле. Каз-катар тизилген казандарда бүлкүлдөп эт, булоолонгон палоо бышып жатты.
Азиз окурман, балким сиз кандай маараке өткөрүлүп жатканын билүүгө шашылып жатсаңыз керек. Бул Жаңы-Абад айылындагы эски мечит менен борбордук көчөгө Алдаяр азанчынын ысымын ыйгарууга байланышкан иш чара эле. Азанчынын ыймандуу, адептүү жана эмгекчил жаштарды тарбиялоого, бир кездерде бозоруп жаткан айылды бүгүнкүдөй күнкүгөн бак-шактуу айылга айландырууга жана айылда ынтымак менен биримдикти бекем орнотууга сиңирген эмгеги эбегейсиз чоң. Мунун баарын туура баалаган айыл тургундары бир добуштан ушундай чечимге келишкен.
Кой, бүгүнкү маараке жөнүндө сөздү коё туруп аңгемебизди башынан баштайлы.
* * *
Жаңы-Абад Кара-Тегин өрөөнүндөгү чоң айылдардын бири. Кээде кут даарып ырыс тунган бул аймакты жер киндиги деп да коюшат. Жазында жемиш бактары тегиз гүлдөгөн кезде айыл апапак пахта талаасын элестетип калат. Күзүндө болсо эзиле бышкан мөмөлөрүн көтөрө албай калган жемиш бактарынын бутак-шактары жер чийип, мелүүн соккон сыдырым менен аралашып келген бышыкчылыктын жыты алыстан эле мурунуңа бур-рр дей түшөт. Айыл кышында жоошуй түшкөнү болбосо жайкысын жиниккен буурадай өркөчтөнө аккан Көк-Суу дарыясынын сол өңүрүнөн орун алган. Оң жээкте Кошой айылы. Кошойдун как төбөсүндө Кырк-Чилтен (чил тан – фарсыча кырк киши дегени) деген аттуу чоку бар. Ал чокунун кылда учунда эр Манастын кырк чоросун элестетип бири тигинен, дагы бири жантыгынан турган болуп кырк таш кыркалекей тизилип турат. Арыраакта Жакып конгон деген конуш бар. Андан нары мөңгү оронгон чокуларды этектей батышты көздөй жүрүп отурсаң Манастын көрү деген түзөңчөгө келесиң. Ошентип, бул аймак тарыхка да, сырга да бай жер. Жогорудагы жер аталыштарынын Манас дастаны менен кандайдыр бир байланышы болушу мүмкүнбү? Бул суроого тарыхчылар жооп табышаар. А биз болсо айта турган аңгемебизди андай ары улай берели.
Тамды-Кол жана Чоң-Кыргыз сууларынан куралган Көк-Суу жөн дарыя эмес. Бул дарыя суунун өң-түсүнө эмес, ал эми мүнөзүнө карап Көк-Суу деп аталып калган шекилдүү. Не дегенде саратанда күркүрөп кирген кезде ал жээктерин жууп-чайган, эч нерсеге ээ-жаа бербей көктүгү кармаган накта азоо сууга айланат.
Айылдын этегиндеги чоң көпүрө 1962-жылы курулган. Ага чейин элдер дарыядан сал менен өтүшчү. Сал жолоочуларды бир жээктен экинчи жээкке өткөрүү үчүн өгүздүн чанач союлган терисинен жасалган суу унаасы. Аба толтурулган төрт чанач эки-экиден жанаша коюлат да алардын үстүлөрүнө адам отурууга ыңгайлаштырылып узун-туурасынан жыгач балдактар байланат. Жээкте турган салга беш-он жолоочу отургандан кийин алдыңкы катарда отурган эки салчы жыгач күрөктөр менен сууну өзүлөрүн карай тез-тез шилеп, салды наркы жээкти көздөй жылдырышат. Наркы жээкке жеткиче кокус өңкүштөгөн сууга түшүп кетпөө үчүн жолоочулар салдын балдактарын бекем кармап алышат. Ата-бабаларыбыз азыркыдай көпүрөлөр курула электе ушул суу унаасын пайдаланып келишкен.
Кылымдар күүсүн черте кең сайга толуп агып жаткан Көк-Суу көптөгөн окуялардын күбөсү. Ал нечендеген адамдарды агызып жан таслим да кылган. Бу сугалак суу али да жыл сайын үч-төрт кишини жалмап кетпесе жаны жай алчудай эмес. Оо баягы жылы Субанкул аванын жалгыз уулу Тилебалдыны агызып кеткени аликүнгө баарынын эсинде.
– Субанкул, кошуна айылда күйөөсү каза болуп калган Айымкан аттуу келин бар. Макул тапсаң биз арага түшүп сага ошону алып берели. Сен андан куда кааласа балалуу болосуң. Себеби, мурда тууп-түшүп жүргөн экен. Сен куп де да калганын бизге Үч-төрт жолу нике жаңыртса да бала көрбөй дүйнөдөн тукумсуз өтөт турбаймбы деп кейип жүргөн Субанкул ава жашы улгайып калганда тең-туштары аны ушинтип катуу кыстоого алышкан. Өзүнөн итабар кичүү Айымканга үйлөнгөндөн кийин Субанкул ава жыл айланып эркек балалуу болду. Анын Тилебалды туулгандагы кубанычында чек жок эле.
– Э-ээй, калайык-жу-уурт! Сүйүнчү-үү, Айымкан эркек бала төрөдү-үү. Сүйүнчү-үү, мен уул баланын атасы болду-уум!
Адатта оор басырыктуу болгону менен Субанкул ава ошондо катуу сүйүнгөндөн өзүн токтото албай чуркап көчөгө чыгып ушинтип кыйкырып да жиберген. Кайра авлисине (2) кирип даарат алып, чулгоого оролгон баланы колуна алып кулагына азан чакырып ага кыйладан бери энчилеп жүргөн Тилебалды деген атты койгон. Тилебалдынын жээнтек тою менен бешик тою болуп ошондо айылдын элинин башы бир жумага тойдон чыкпай калган.
Ошол каргашалуу күнү Тилебалды өзү теңдүү балдар менен Көк-Суунун жээгине ойноп барып калат. Балээ басып жээкти карай серпилген катуу толкун аны чалкасынан жыгып, а-бу дегиче бала ыйлаган бойдон көк иримге аралашып кетет да көздөн кайым болот. Тилебалды менен дарыя жээгине ойноп барган балдар корккондон бул кабарды дароо айта алышпайт. Бул арада Субанкул менен Айымкан ээрчишип алып балдарын сурап айылды баштан-аяк кыдырып чыгышты. Күүгүм киргенде гана окуянын чоо-жайы билинип, Алдаяр кары беш-алты аксакалды ээрчитип алып Субанкул аванын үйүнө барды да аларга бул суук кабарды угузуп койду. Калайык-журт түп көтөрүлө көпкө издешсе да Тилебалдынын денеси табылган жок.
– Ээ-эй, канкор Көк-Суу, сен менин жалгызымды каякка алып кеттиң? Ээ-эй, киши жээк Көк-Суу, кур дегенде менин медеримдин сөөгүн жээгиңе чыгарып салчы, денесин өз колум менен жерге берейин! Оо-ой, Тилебалды кубатым ээй, Оо-ой, менин жалгызым ээй! Оо. Жараткан, мен эми ушинтип тукумсуз каламбы?!
Субанкул ава дарыянын жээгинде ботосун жоготкон каймалдай боздоп ыйлаганда жанында тургандардын баарынын көңүлдөрү бузулуп, көздөрүнөн жаш аккан. Атаңдын гана гөрү бейбапа дүнүйө ээй!
– Ээ Субанкул, сабыр кыл, бурадар. Биз пенделери кудай башка салганды көрбөшкө айлабыз жок. Кайраттуу бол, жигерим. Тагдырга тан берели. Аялың жаш, кудайымдын казынасы кенен. Ал, кулум, десе Айымкан дагы төрөйт. Кейип өзүңдү кыйнай бербе, –деп ошондо ага кайрат айткан да, арка-бел болуп үйүн көздөй жетелеп кеткен да ушул Алдаяр азанчы болгон. Андан кийин да Алдаяр кыйлага чейин Субанкул аванын үйүнө тез-тез келип, ал кайгыдан мөгдөп калбас үчүн көңүлүн көтөрүп турган. Бирөөлөрдүн кайгысын тең бөлүшкөн мындай мээрбан инсан адамзатта сейрек кездешет. Кокус айылда ким бирөөнүн башына күлпөт (3) иш түшүп калса биринчи болуп ушул киши жетип келет. Ал эми өлүк болгон күнү таң азандан мечиттин тегерек-четтерине суу сээп, шыпырып кирет. Анткени, өлүккө жаназа ушул мечиттин короосунда окулат. Анан ага башкалар кошулуп, тез эле айылдын гузерин (4) да тазалап, ирээтке келтирип коюшат.
Алдаяр көп жылдардан бери күндө беш маал азан чакырган менен акыркы он жылдан бери айылдагы эски мечитте имамдык да кылат. Ага чейинки имам бейиши болгур Мансур ата эле. Анын да коңгуроодой бийик добушу бешикте жаткан баладан өйдө баарынын кулагына сиңип калган.
Жаңы-Абаддын эски мечити мындан эки кылым илгери курулган экен. Тамчы өтпөсүн үчүн үстүнө карыш бою топурак төгүлүп, анын үстүнөн кадимки карапа идиштер жасалчу гүлбото (5) менен шыбалыптыр. Ошондуктан чик эткен тамчы өтпөйт. Мечиттин үстүндөгү ушунчалык оор жүктү пай теша менен чартараш (6) чабылган төрт арча түркүк көтөрүп турат. Оң капталдагы биринчи түркүктө мечит курулган жыл, аны курган усталардын аттары араб арибинде хижрий жыл эсеби боюнча оюлуп жазылган. Калган түркүктөрдүн төрт тарабына тең кыргыздын кооз оюулары түшүрүлгөн. Бул мечит Катар-Эшик махаласында (7) жашаган Муслим ажынын жетинчи атасы Бекчоро токсоба (8) туулган жылы курулган экен. Жыгачтарынын баары бүт арчадан. Аксакалдардын айтуусу боюнча мечиттин сөөгү башта кош сынч менен тургузулуп, андан кийин дубалдары пакса менен көтөрүлгөн экен. Курулгандан бери үч-төрт жолу катуу жер титирөөнү баштан кечирсе да мечит эч ыдык көрбөй күнү бүгүнкүсүндөй сакталып турат. Тамбашында мунара окшош атайын азан айтчу жер бар. Азанчы азан айтуу үчүн мечиттин төбөсүнө далистеги бурама тепкичтер менен көтөрүлөт. Бул жерден айтылган азан айылдын баш-аягына, ал тургай коңшу айылдарга да алейине (9) эшитилет.
Төрдөгү мехрабдан (10) берирээкте төшөлүп турган эски килем мечит менен жашташ, анын да эки кылымдык тарыхы бар. Убакыттын өтүшү менен түгү сээлдеп, бозоруп калган бул килемди чоңалайлык Канайым аттуу килемчи өзүнүн кыздары менен атайын ушул мечитке атап соккон дешет. Түгү сере келген бул килем ушунчалык чоң жана салмактуу болгондон аны Жаңы-Абадга алып келүү үчүн күн эртеден үч-төрт бакубат аттар камдалып, молдо Закир баш болгон беш-алты палван жигиттер жиберилиптир. Жолду ката улам ат-улоолор алмашылып отуруп килем Чоң-Алайдын Улуу-Кара-Мыгынан Жаңы-Абадга бир апта дегенде араңдан-зорго жеткирилген экен. Ачык-Алмадан кыштагынан чыга бериште Мухтар эшагасынын (11) килем жүктөлгөн Ай туяк аттуу жоргосу бир арыктан секирип өтөөрдө тайып кетип бели оморулуп калганын аликүнгө айтышат. Бул риваятты (12) Жаңы-Абадда жашаган элдин баары билет.
Бул аймакта азанчыны тааныбаган киши болбосо керек. Ал элчил, эмгекчил жана колунан көөрү төгүлгөн уста катары да белгилүү. Жумшак мүнөз-пейили менен баарына кыттай жаккан. Ага атайын суроо менен кайрылбасаң, оңойчулук менен сүйлөбөйт. Токтоолугу, такыбалыгы жанда жок. Бирөөлөр менен сүйлөшүп жатканда кишинин жүзүнө карабай башын жерге салып унчукпай угат. Ошондон улам айыл ичинде баары ызааттап, зыйнат көрсөтүп турушат. Аш-той бергендер элдерге кабар жөнөткөндө тизме башына ушул кишини жазышат.
Алдаяр азанчыга айрымдар кары аке деп да кайрылышат. Не дегенде атасы аны тырмактайынан намазга түшүрүп, куранды толук жаттатып койгон. Ал бала кезинен даарат-ибадат менен пакиза-таза жүрүп, беш маалкы намазын тарк этпей окуп келет. Анын атасы Низам палван намыс талашып актачы-кесек жана гыдыршаа-бостон жыйындарында күрөшкө түшүп көптөгөн патталардын (13) ээси болгон. Низам палван күрөшүп жүргөндө анын далысын жерге тийгизген киши болбоптур. Атасыныкына салыштырмалуу Алдаярдын бою пакене (14) болуп калган.
Кары Жаңы-Абадда 1945-жылдан бери жашайт. Ал Нурмухамед атаны ээрчип биринчи жолу бир да шыйпыр үй жок бул айылга келгенде мындагы чал-кемпирлер, келин-кесектер жана дастияр (15) балдар ага соңуркап карашкан. А кезде азанчы балтырлары каруу-күчкө толуп турган зыңкыйган жигит эле. Согуштан кийип келген аскердик гимнастеркасын улам жууп үстүнөн түшүрбөй кийип жүрчү. Көкүрөгүнө орден-медалдар тагылган бул гимнастерка анын сындуу мүчөсүнө куп жарашып турчу. Оо, ошондо айылдагы маралдай керилген суйкайган сулуу селкилер Алдаярды көчөдөн көргөндө жүрөктөрү дүрсүлдөп кетчү. Айылда ага суктанбаган, көкүрөгүндө ашыглык оту жанбаган бир да кыз калбаса керек эле. Бирок, анын музоо кирпик айжамалдардын бирөө менен да жумушу болбогону баарын таң калдырчу.
Алдаяр азанчы көкүрөгүндөгү бардык сыр-асрерин (16) ыраматылык Нурмухамед атага гана айтчу. Нурмухамед атанын айтуусуна караганда Алдаяр түбү Чоң-Коргон жактагы ичкилик кыргыздардын кесек уруусунан имиш. Карынын балалыгы мөмө-жемиштин кени аталып бейиштин төрүндөй болгон Чоң-Коргон аймагында өткөндөн ал бак-дарак өстүрүүгө бир ата жакын болуп өскөн. Жаңы-Абаддын азыркыдай бак-дарактуу жашыл айылга айланышына анын кошкон үлүшү аябай чоң. Не дегенде ал жыл сайын эрте баарда (17) айылда жашаган эркек тана аттуунун баарын уюштуруп, айылдын ичиндеги жана чет жакасындагы бош жаткан жерлерге ар кыл дарактардын көчөттөрүн отургузушат. Бирде Алдаяр азанчы бак тигип жатып көп элдин алдында кандайдыр ачылып-чачылып кетип өз ата-бабалары жөнүндө мына буларды айтып берген:
– Ак калпак кыргыз эли Эне-Сай, Шиберден бул жакты көздөй оогондо менин бабаларым Мавереннахрдан (Аму жана Сыр дарыяларынын ортосу) орун-очок табышкан. Ал жакта үч-төрт кылым жашагандан кийин Кара-Тегин, Гиссар өрөөнүн көздөй көчүшкөн. Жер которуп жатканда элдин айрым бир бөлүгү ал жагы Самаркан, бул жагы Ташкен тарапка ооп кетет. Ал тургай азыркы Ооганстангага кирип кеткендер да болуптур. Мен согушта жүрүп Аму-Дарыянын боюнан барган авлоди (18) кыргыздарды көргөм. Менин батальонумда ошондой төрт авлоди кыргыздар бар эле. Кылымдар бою башка элдер менен аралаш жашап, улам кыз алышып, кыз беришүүдөн сырткы келбеттери өзгөчөлөнүп, тилдери бурулуп кетсе да алар өзүлөрүн “биз авлоди кыргызмыз” деп аташчу.
Силер бир нерсени чаташтырып албагыла. Тарыхта араб летописчиси Махмуд ибн Валинин “Бах ал-асрар фи Манакиб ал-ахйар” аттуу эмгегинде жазылып калган 1635-жылкы көч таптакыр башка көч. Анда жунгарлардын кысымынан улам 12 миң үй-бүлөдөн турган кыргыздар Кара-Тегинди аралап Кысар, Көлөптү көздөй көчүшкөн.
Алдаяр кары өз уруусу жөнүндө ушул маалыматты гана айтып жеке өзү жөнүндө лам деп ооз ачкан жок.
Азанчы көкүрөгү орден-медалдарга толгон кителин согуш ардагерлери чакырылган мааракелерге бир жолу да кийип барган жок. Кез-кез гана чаңын күбүгөн учурда аны колуна алып көкүрөгүнө кадалган орден-медалдардын ар бирин көпкө бармактары менен кармалачу. Болбосо погондоруна ага лейтенанттын жылдыздары тагылган бул көөнө кител үйдүн төркү дубалында илинип тура берчү.
Алдаяр согушка өз ыктыяры менен жөнөгөн. Ташкенде танкисттердин үч айлык даярдоо курсун аяктагандан кийин согушка “Т-34” маркасындагы танктын командири катары кирип, батальондун командирине чейин жеткен. Согуш тактикасын башкалардан кем билбеген ал командачылык кылган аскер бөлүктөрү душмандын бир катар согуштук куралдары менен тирүү күчүн жок кылган. Андыктан, жогорку командачылык тараптан бир катар алкыштарды угуп, сыйлыктардын ээси болгон.
Катуу кармашуулардын биринде алардын танкысынын чынжыры үзүлүп ордунан жылбай калат. Ал ошондо люкту ачып танктан чыга берээрде жамбашына снаряддын чачырандысы тийип оор жарадар болуп, экипаждын калган мүчөлөрүнө: “Мага алагды болбой согуша бергиле. Азыр чечүүчү учур”, деген команданы берип өзү эстен танып артта кала берет. Сыртта ыркырап декабрдын суук шамалы улуп-уңшуп турган. Көптөн кийин арттан келген кошумча күчтүн жоокерлери эми эсине келип калган Алдаярды көрүп алып кетишет. Жамбаш сөөктөрү сынып татаал операция талап кылынган командир талаа госпиталдарынын бирине жөнөтүлөт. Алдаярдын жарааты айыгып, ал буттарына туруп калганда “Жеңиш!” деген кубанычтуу кабар угулат. Өмүрүнө өчпөс так калтырып кеткен согуш бүткөндөн кийин ал майып катары аскер кызматынан бошотулат. Алдаяр үйүнө жөнөөрдө үч-төрт жогорку даражалуу командирлер ооруканага келишип ага али өзү уга элек сыйлыктарын тапшырып, поездге салып коюшат.
Алдаяр согушта оң колунан ажыраган Нурмухамед аттуу каратегиндик кыргыз жоокер менен бир вагондо отуруп калат. Беш сутке бою маңдай-тескей отуруп жол жүргөндөн ал экөө достошуп да калышат. Ошол достук себеп болуп Алдаяр өзүнүн киндик каны тамган Чоң-Коргон айылына кетпей Нурмухамедди ээрчип ушул Жаңы-Абадга келет. Кудайдын буйругу экен ал ошол күндөн баштап ушул жерде туруп калат. Согуш башталганга чейин өтүп кеткен ата-энесине куран окутканда барганын айтпаганда Алдаяр бир тууган айылына башка кайрылып барган жок. Алдаярдын турмуш куруп өмүр бою чогуу жашоону антташкан Кундуз аттуу ашыгы да бар эле. Бирок, согушта алган жарааты аны жигиттик сөзүнөн тайдырып койбодубу, аттиң! Эми ал бала кезден сүйгөн жалжалы Кундуз менен кантип жолугушат да аны менен кантип сүйлөшөт. Алдаярдын өз айылына барбай калышына негизги себеп ушул болду. Анын үстүнө ата-энесинин көздөрү өткөндөн кийин ал жакта аны кучак жайып тосуп чыгаар башка жакын тууганы да жок. Алдаяр киндик каны тамган айылын күндө эстейт. Эстеген сайын жүрөгү сыздап, көздөрүнөн жаш агып кетет. Олда туулган жердин ыйыктыгы ээ-ээй!
Нурмухамед өткөндөн бери Алдаяр сүткө тойбогон жетим козунун кейпин кийип калды. Дайыма эгиз козулардай ээрчишип жүргөн ал экөө абдан ынак эле. Согушта бир колун ийининен ок үзүп кеткен Нурмухамед күндү көбүнчө Алдаярдын чарпаясында(19) отуруп аны менен кобурашып өткөрчү. Эки дос эрте жаздан кеч күзгө чейин чынардырдын түбүндөгү кемегеде асылып тургандан капкара болуп ышталып калган кара байырга демделген чайдан уурттап коюп эртеден-кечке эрикпей өтөөр-кетээрден сүйлөп отура беришчү. Согуш учурунда снаряддын таарындысы тийгенде жан жеринин үзүлүп кеткенин да ал жан досу Нурмухамедге гана айткан. “Эриккен койчуга эси кеткен жолоочу эрмек”, дегендей ал экөө бири-бирин түшкөчөле көрүшпөй калышса кадимкидей издешип калышчу. Эми Алдаяр менен ким эрмектешет да анын абалын ким сурайт. Анын кабагынын карыш түшүп, мүнөзүнүн басмырт болуп баратканы да ушундан.
Карынын жаш анар багы бар. Бул бакта жемиштин көптөгөн башка түрлөрү да өсөт. Согуш бүткөндөн кийинки жылы ага там курууга айыл четинен жер өлчөнүп берилгенде ал ишти биринчи бак-дарак отургузуудан баштаган. Ошондогу чыпалактай болгон жаңгак көчөттөрүнө азыр кучак жетпейт. Баштагы жылдары отургузулган өрүктөр өзүнө окшоп картайып да кылышты. Тал-теректери асман мелжийт. Айылда анар бактары көп. Бирок, аныкындай данеги чоң, мурундун канындай кыпкызыл жана ширин анарлар башка бактарда жок. Ошондон улам анар жөнүндө сөз болуп калганда “Алдаярдын анарын жеп көргөндөр дарманда, жей электер арманда”, деген сөз айтылып келет.
Анардын бул түрүнүн бою жапалак болсо да мөмөнү көп жана жипке тизилген шурудай жыш байлайт. Аларды көчөт кезинде Түркмөнстандан Алдаярдын фронттош досу Махтум алып келген. Ошондо Алдаярдын үйүндө кыйла жүрүп калган Махтумдун башындагы каракөл бапагы менен жакасына козунун көрпөсү тутулган тукаба тону жөнүндө жаңыабаддыктар эмдигиче айтып жүрүшөт. Махтумдун түктөрү секелек кыздын чачтарындай төгүлүп турган бапагы менен жашыл тукаба тонун колдору менен кармап да көрүшчү. Алдаяр Махтум алып келген көчөттөрдү өз короосун бойлой бош турган узун тилкеге отургузган. Бул жерди ал жемиш багын отургузуу максатында үч-төрт жыл мурун кестирип алган эле. Көчөттөрдү мал чайнап кетпесин үчүн тегерегин пакса дубал менен курчатып да койгон.
1956-жылы жанагы Махтум Алдаярдын согуштагы эрдиктери жөнүндө борбордук гезиттердин бирине макала жазган. Макалага кошуп танкылык батальондун командири ага лейтенант Низамов Алдаяр, ротанын командири лейтенант Хожакулиев Махтум жана бир топ танкисттер болуп түшкөн сүрөт да басылган. Ошол макала жарык көргөндөн кийин Алдаярдын айылдагы аброю бир топ артып, эки достун катташуусу да башталып кеткен. Алдаяр да Махтумдун чакыруусу менен эки-үч ирет Байрам-Алиге барып келген. Экинчи жолу барганда анын кеткенден келгени бат болду. Не дегенде жайкы ысыкта барып алып ал жердин мээ кайнаткан аптабын көтөрө албаптыр.
– Биздин Кара-Тегин жердин жаннаты экен. Зарыл жумушуңар болбосо жайкысын түркмөн жерине барбай эле койгула. Аптабы куйкалап өлтүрөт экен, -деп айткан азанчы келээри менен ал жакты кызыгып сурагандарга.
Жемиш багын өстүрүүнүн да өзүнө бап усулу бар. Алдаяр бакчылыктын сырын жакшы билет. Күзүндө анарларды ийип жерге көмүү жана жазында арам же эркек деп аталган бутактарын кесүү моосуну (20) башталганда Алдаярга кеңеш сурап келгендер көп болот. Ал короомо-короо кыдырып, кайрылгандардын ар бирине анар өстүрүү боюнча билгендерин түшүндүрүп берет. Анар үзүү башталганда ага эл-журт жардамга келип, чай кайнам убакта бүт мөмөнү азада (21) үзүп беришет. Азанчы өзүнө жеш үчүн үч-төрт гана челек анар калтырып, жер бетин бербей үйүлүп жаткан анардын жарымын ошол эле жерден жардамга келгендерге бөлүп берет. Ал эми экинчи бөлүгүн кийин чарпаянын жанындагы жер төлөгө челектеп ташып кирип төгүп коёт. Кышында аны соодагерлерге сатып, түшкөн пулдун бир бөлүгүн мечиттин кем-карчына жумшап, калганын өзү зарыл деп эсептеген үй-бүлөлөргө таратып берет. Жылда ушундай. Алдаяр мөмө үзүү учурунда берген анары үчүн эч кимден тыйын албайт. Былтыр Ибрагим жорголок ага пул узатып көшөрүп туруп алганда ал:
– Ээй, Ибрагим, сен менин бир как башым менен кара жаным бар экенин билесиң да. Кудайга шүгүр, мага өкмөт чектеп берген пенсия кенен жетет. Силерден пул алып мен аны көрүмө алып кетмек белем. Сен балалуусуң, мага берчү пулду өз оокатыңа жумша, үка. Мага бала-бакыралар жеген анардын сообу тийсе жетет. Муну баарыңар угуп алгыла да мындан ары мага анардын акысына деп пул узатчу болбогула, -деп айткан.
Алдаярдын короосунун жарымын шабдаалы дарактары ээлейт. Ал да бышканда коңшу-колоңдордун жардамы менен терилет. Кары шабдаалынын тең жарымын үзүшкөн кишилерге бөлүп, калганын Азамат аттуу базар жайын жакшы билген алып сатарга сатат. Андан түшкөн пулду жыл сайын ата-энесинин арбактарына багыштап куран окутууга жумшайт.
Анар бышты дегиче айылдагы бала аттуунун баары сугун артып ушул бакка тегеренип калышат. Балдар бутактардагы көз жоосун алган кыпкызыл анарларга дубалдын өзүлөрү асыла бергенден жемирилип калган жерлеринен шыкаалап, үй ээсинин эртерээк мечитке кетишин күтүшөт. Баса, илгерки жылдары дубалдын балдар бузуп, жаан-чачын жууп кеткен жерлерин жамап-жаскап турчу. Быйыл буга да алы келбей калды. Пешин, аср намаздары жакындаганда жайнаган балдар мылтыгын бутага мээлеп шинек алган мергенчидей улам дубалдан баштарын чыгарып, үй ээсинин бүт кыймылын теше тиктеп, бысып (22) отура беришет.
Алдаяр азанчы адатынча кыска-кыска жөтөлүп коюп эртеден-кечке чынардын саясындагы чарпаяда ээр жасап отура берет. Кээде көк талдын жаш ноодаларынан себет токуйт. Себеттики оңой эмеспи, бир күндө эки-үчтү токуп коёт. Насвайдын кумары тутуп чакчасын колуна алганда гана тегерек-четине көз жүгүртүп койгону болбосо башка убакта баш көтөрбөй жасап жаткан ишин уланта берет. Анын колунан чыккан ээр-себеттер ушунчалык кооз жана адеми болгондон даңазасы алыс-алыстарга угулган. Ал жагы Дүйшөмбү менен Гиссардан, бул жагы Фергана менен Маргаландан бери ээр-себет сурап келишет. Баягыда көзүнүн майын коротуп жасаган ушунчалык адеми ээрди досу Махтумга соогатка (23) берген. Анткени, анын көргөн көздүн жоосун алган ахалтекин тукумундагы атын Алдаяр көргөн эле. Азанчы буга чейин өзү жасаган бир да ээрди же себетти сатып көрө элек. Даяр болуп калгандарын сурап келгендерге бекерге туткуза берет. Эмгегиңиз үчүн деп узатылган пулду эгерим албайт. Башка айылдарда катын-калачтар менен келин-кесектер той-тамашага жөнөгөндө чара же баштык көтөрүп алышса, Жаңыабаддык зайыптар тоянелерин Алдаярдын колунан чыккан кооз себеттерге салып барышат. Муну алар абийир катары түшүнүшөт.
Бахтияр баштаган балдар кары чайдөшүн колуна алып даарат алуу үчүн нары көздөй басканда жымыңдай башташат. Не дегенде азанчы үйүнөн чыгып кетээри менен бош калган авлиге жамырап кирип келишет да ал жерде ээн-эркин “оттоп”, анардан каалагандай уурдашат.
Кечээки иш азанчыны катуу кейитти. Ал өзүнүн бүт ышкысын, мээр-шапкатын жана аракетин ушул анар багына арнаган. Кудайым анын маңдайына үй-бүлө күтүүнү, бала сүйүүнү жазбаган болсо жарыктык кары анан нетсин. “Эркелээр кишиң болбосо эмшийгениң кимге тан?” дегендей каргыш тийген согуш аны ушинтип майып кылып койбогондо ал деле болуп-толуп турган кезинде карагаттай кара көздөрү оттой жанып, торго түшкөн балыктай бултаңдаган айдай сулуу кымча бел кыздардын бирине үйлөнүп, бул жашоонун даамын татып, бала жытын искебейт беле, чиркин! Жаштыгында жүрөк ышкысын козгоп, не бир ширин кыялдарга батырган ашыгы Кундуз бүгүн кайда болду экен? Кундузду эстегенде Алдаярдын жүрөгү эңшерилип кетет, аттиң!
Ана, Алдаяр кары авлисинен чыгып илкий баса мечитти көздөй жөнөдү. Баятан бери ушул закымды күтүп отурган балдар жарыша дубалдан секирип түшүп, бутактарга асыла башташты. Башкалардан өзгөчөлөнгөн Бахтияр анарларды бир-бирден үзүп отурбай адатынча мөмөсүнүн көбүнөн жерди карай ийилип турган бутактарды карсылдата сындырып, чечип жерге жазып койгон көйнөгүнүн үстүнө таштай баштады. Чарпаяга жөлөп коюлган узун таякты көрө коюп аны колуна алды да бутактардагы анарларды аёосуз чапкылап кирди. Алдаяр кары бул таяк менен шабдаалы эми жумшай баштаганда бутактардын кылда учтарындагы бышып калган мөмөлөрдү түшүрүп, өткөн-кеткендерге ооз тийгизчү.
– Мына сага, мына, мына. Дагы шабдаалымдын бутагын сындырды деп апама арызданасыңбы? Мына, мына, ээ энеңди сенин... – Бахтияр колундагы узун таяк менен бутактарды туш береки чапкылай берди. Сынган бутактар, жарылып ширеси төгүлгөн анарлар жерге түшүп жатты. Бахтияр эми кечээ кырылып бүтүп чарпаянын астында турган ээрди көрө коюп аны колуна алды да анар дарагынын денесине чапкылап барчалап салды. Ээр чабыла бергенден анар дарагынын кабыгы сыйрылып да кетти. Короонун чакчелекейин чыгарып, анарларды коюн-колтуктарына каткан балдар эми сайгактаган музоодой секириктеген бойдон айыл четиндеги пахтазар тарапты көздөй зуу коюшту.
Намаздан үйүнө кайтып короого киргенде сынып жерде алмаш-телмеш чачылып жаткан бутактарды, жарылган анарларды, ээрдин сыныктарын көргөн Алдаярдын чекелери дукулдап кан басымы көтөрүлүп кетти. Ал: “Оо, куу бучкактар ээ-эй!” деп күбүрөнгөнчө теңселип кетип чарпаяга жетпей жерге жыгылып калды.
Баягыда шабдаалылардын бутактары сынганда да чекесине кан тээп чыгып аз жерден өлбөй калган. Ошондо эсин араң жыйган Алдаяр илкий басып Бахтиярдын бейбаштыгын эскертип койгону алардын үйүнө барган. Кары барганда Бахтиярдын атасы үйдө жок болгондон адепсиз баланын жасаган ишин апасына айтууга туура келген. Кары сөзүн айтып бүтөлекте сагызгандай шакылдаган Азада ажылдап кирген.
– Ушу сенин өлөөр күнүң бар бекен, как баш чал. Кантип уялбай бокто жаткан баланы жаман аттуу кылып биздин босогого келесиң. Карыганда мурунуңду ар кайсыга мала бербей азаныңды айтып, намазыңды окуп өз арабаңды тартып түз жүрбөйсүңбү. Сенин балаң болбосо баланын кадырын билет белең. Өгүнү мечитте менин балам жөнүндө ушак сөз болуптур. Аны да ушу сен баштаган болушуң мүмкүн. Экинчи биздин улагага аяк изи кылчу болбо, карыган дөбөт. Тур, көзүмө көрүнбөй бул жерден тезинен жогол.
“Өлгөндүн үстүнө көмгөн” дегендей, Азаданын уу тилинен чыккан бул сөздөр эти менен сөөгүн мындай кой чучугуна чейин жеткен Алдаяр кары эмне деп айтаарын билбей абдаарып туруп калды. Анан кой, бул беймаза зайып таптаза абийиримди төгүп бүтө электе тезирээк бул жерден кетип калайын деп кары башка лам деп ооз ачпай шарт бурулуп үйүн көздөй басып кетти. Анан эмне, карган чакта ушул уят-сыйыты жок шатырак аял менен акыйнек айтышып отура бермекпи. Ошол күнү Алдаяр түнү бою башы ооруп уктай албай чыккан. Андан бери Бахтияр карыга көбүрөөк өчөшүп калган. Жолдон нары-бери өткөн сайын азанчынын короосуна таш ыргытып, ансыз эле ден соолугунан ажырап бара жаткан анын кыжырына көбүрөөк тие баштады.
Кары кыйладан кийин көзүн ачты. Башы тегеренип жатканына карабай турууга аракет кылды. Көздөрү электенип, башы тегеренип улам чайпалып кетет. Жарыктык кары эптеп арыкта шырылдап агып жаткан сууга жетти да көмөлөнө кетти. Колун сунуп сууга салып, нымдашкан алаканын улам маңдайы менен чекелерине тийгизе берди. Кеч бешим ченде ал өзүнө келип турууга аракет кылды. Эки-үч ирет аласалып барып акыры ордунан козголду. Салмагын буттарына теңдеп алгандан кийин жерде туш келди чачылып жаткан анарлар менен бутактарды чогултмак болгон кезде анын короосуна Назым кирип келди. Жашы кыркты таяп калган Назым айылдагы оозго алынган жигиттердин бири. Ал эмгекчил, адеп менен жүргөн калыс адам. Анын атасы ыраматылык Камалидин аке да ушундай жакшы адам эле.
– Ассалому алейкум, Алдаяр ава. Бу сиздин жаныңыз тынбайт турбайбы. Күндүн ысыгында кудай деп чарпаяңызда эс алып жата бербейсизби?
– Алейкум ассалам, кел, Назымжан. Ээй, балам, сен мага кайдагы эс алууну айтасың. Карасаң, анарларымды талкалап, авлимдин кыйсыпырын чыгарып салышыптыр. Мына бул ээрди кечээ эле колдон чыгардым эле, -деп ал Назымга ээрдин жерде чачылып жаткан сыныктарын көрсөтө көздөрү жашылданып кетти. Азанчынын катуу капаланып түйшөлүп турганын көргөн Назым анын азыркы абалына абдан кейиди.
– Ой-ба-аай, жаман болгон турбайбы. Бул кимдин иши болду экен?
– Кимдин иши болмок эле, мунун баары тиги эски көчөдөгү Жамшиддин тентегинин кылганы да. Пешин намазынан келип авлидеги абалды көрүп, шакыйнам тутуп аз жерден өлүп кала жаздадым. Назымжан, сен айтчы, деги ушул иш адамгерчиликке сыябы? Мындан өткөн наадандык, акмактык барбы? Бахтиярды бала дейин десең жашы он төрт-он бешке барып калды. Ал бейадеп айылдагы жаш балдардын баарын өзүнө окшотуп теспеден тескери чыгарып бүтмөй болду. Апасы Азада өтө бейжай аял экен. Айткан сөзүңдү акырына чейин угуп “Кечирип коюңуз, балабыз акмакчылык кетириптир. Аны тарбияга чакыралы”, деп уялуунун ордуна кайра жакаңа асыла кетет. Ал болушуп жүрүп ансыз эле ноктосунун боосу үзүлүп калган баласын биротоло бузуп бүттү. Сакал-мурутум кардай агарып өлөөрүм калганда анын үстүнөн бир жерге арызданып барууга уялам. Же бу акылы пас катын муну түшүнсөчү. Назымжан, келип калганың жакшы болбодубу. Экөөбүз сүйлөшө турган иш бар.
* * *
Назым сууну пахта жөөктөрүнө жылжытып агызып коюп жалгыз түп карт чынардын түбүндө көлөкөлөп жаткан. Бир маалда ушул чынардын жанына ызы-чуу түшө жоон топ балдар келип калышты. Коюу өскөн чөптүн арасында жаткан Назымды алар көргөн жок. Балдар коюндарындагы “олжолорун” ортого төгүп тегерете отурушту. Анан анарларды бир-бирден жерге чаап ширесин шимирип, кабыгын туш береки ыргыта башташты. Балдардын бери жагында анарлары үзүлө элек бутакты колуна кармап турган Бахтияр бапылдап сүйлөп кирди:
– Бүгүн азанчынын гөрү күйдү. Эми ал түндө уктай албайт. Шакыйнасы кармаса өлүп калышы да ажеп эмес. Как баш азанчы өлүп бергенде анар бак бизге калмак. Өткөндө биздин үйгө барып мен жөнүндө апама аны-муну сүйлөп кетиптир, — Бахтияр оңду-солду сүйлөп кирди.
Муну уккан балдар Бахтиярдын сөзүн тастыктагансып дуу күлүштү. Алардын күлбөөгө да аргалары жок. Себеби, Бахтияр аларга караганда бир топ каруулуу жана кежир болгондон тең-туштарынын баары андан коркушат. Ал айтканды аткарбаган баланын шору шорподой кайнайт. Ошого ал сүйлөгөндө баары анын сөзүн астейдил тыңшап угушат.
Бахтияр буга чейин бирөөнүн терезесин, дагы бирөөнүн тоогунун бутун сындырып, бирөөнүн пализинде (24) өз командасы менен футбол ойноп дегендей Жаңы-Абаддын элин тажатып бүткөн. Талаада аркандалып турган аттарды жайдак мине качмай, кумары кангандан кийин ноктолорун шыпырып салып туш келген жерде агытып жибермей жагы да бар. Бүгүн оңтою келип турганда Бахтияр менен анын апасына тиштенип жүргөн Назым аны колго түшүрмөк болуп ордунан азат турду. Тилекке каршы ал челдейген курсагын көтөрүп жетип барганча аны көрө койгон балдар сайды көздөй качып жөнөштү. Темтеңдеп кууп келе жаткан Назымды олурая тиктеп Бахтияр да качып баратты. Оттой курактары эмеспи, балдар багжаңдаган Назымга жеткирбей бир заматта көздөн кайым болушту. Бахтияр тургай башкасын да кармай албаган Назым курулай күйүккөнүнө ыза боло чынар жакка басып келди, Анан белиндеги кайыш курда илинген кыныдагы бычагын сууруп, жерде жаткан анарлардын бирин кесип ооз тийди. Алдаяр карынын анары экенине толук ишенген ал жөөктөрдүн башында тигинен турган кетменин кайырма арыктын четиндеги тыттын түбүнө жаткыра чаап коюп, түнү бою уктабай пахта сугарып катуу чарчап-чаалыкканына карабай карынын үйүн көздөй жөнөдү.
* * *
– Назымжан, сен кечээтен бери пахта сугарып айылдын четинде жүрдүң. Ууруларды көрүп калган болушуң мүмкүн. Сенин пахтазарың жак ээн-эркин болгондон адатта балдар ошол жакка барышат. Анын үстүнө чөмүлө турган суу да жакын эмеспи. Эми сен көргөнүңдү жашырбай айт.
Күтүлбөгөн суроо Назымды ойлондуруп койду. Ал эми эле бел байлап талаада көргөнүн айтканы келсе да Азаданын каарын ойлоп денеси үркүп кетти. Жаңы-Абадда Азада урушпаган киши калган жок. Бахтиярдын үстүнөн арызданып келгенди ал дароо кекиртектен алат. Тажидин куудул айтмакчы, Азаданын тилинин ичи уу, сырты тикенек. Ага теңелген киши же ууланып, же тикенек сайылып өлөт.
Былтыр Бахтияр Назымдын короосундагы эзиле бышкан өрүктүн бутагына аткан алмадай таш өрүк түбүндөгү чарпаяда отурган Дүржамал апанын башына тийип байкуш карынын башын жарып салган. Анын жарааты күзгө жетип араң сакайган. Ошондо башы жарылып калган апасына боору ооруган Назым Бахтиярдын бул жоругун айтканы алардын үйүнө барганда Азада Назымга көргүлүктү көрсөткөн.
– Силер уюмдашып алып менин уулумду жаман аттуу кылып жатасыңар, менин балам антпейт. Ичегимди башыңа орой электе тур, менин улагамдан жогол, –деп баягыда Назымдын жакасына асылып анын бети-башын тыткан. Ошонун эртеси Назым раймилицияга чакырылган. Көрсө Азада: “Күйөөм жокто Назым биздин үйгө келип мени зордуктоого аракет кылды”, -деп жалган жалаа менен милийсага арыз жазган экен. Милийсада деле Азада сыяктуу долу, уятсыз аялдарды пайдаланып тыйын иштеген кызматкерлер бар экен. Назым кудай алдында ак болгону менен “Кылмышың оор, көп жылга камалып кетесиң”, деп опузалаган Сабиржан аттуу тергөөчүгө айткан пулун берип араң кутулган.
Ал ушуну ойлоп эми эле пахтазардын четинде өз көзү менен көргөн окуяны айталбай чайналып жатты. “Айтсамбы, же айтпай эле койсомбу”, деген суроо анын башын оорутту. Анткен менен Алдаяр карынын абалына ичи ачышып жатты.
– Назымжан, бу чечектер мен мечитке кетээр менен киришкен. Сен кечээтен бери суунун кезеги тийип пахта сугарып талаада жүрөсүң. Сенин эч нерсени көрбөй калганың шек туугузат. Не дегенде балдар болду-болбоду сенин чегиң жакка барышат. Андан көрө оозуңа талкан кепетип албай көргөнүңдү жашырбай айт, бай болгур!
– Алдаяр ава, -демейде күрүлдөп сүйлөчү Назымдын үнү эми пас чыкты. -Мен сиздин багыңызга ким киргенин өз көзүм менен көргөн жокмун. Бирок.., -сөздү баштаарын баштап алып Назымдын деми ичине түшүп кетти. Анын “бирогунда” бир маани бар экенине кыраакы азанчынын акылы жетпей калмакпы.
– Назымжан, былтыркы жалаасы менен Азада сенин жүрөгүңдү биротоло түшүрүп салган турбайбы. Сен мени эшитип тур. Жаңы-Абаддын эли Азада менен анын баласынан жалкап болуп бүткөндөн өгүнү айыл аксакалдары кеңешип, алардын үстүнөн аксакалдар сотуна арызданмай болушкан. Муну кулагың тешик болсо да угуп ал. Бүгүн ошол иштин ыңгайы келип турат. Менин өлөөрүм калды. Мага эми ал акмактардан корккондо эмне. Андан көрө сен єз күнөөңдү көбөйтпөй көргөнүңдү ачык айт да калганын айыл аксакалдарына коёлу. Алар кыйладан бери бүгүнкүдөй учурду күтүп жүрүшөт.
Азанчынын сөзүн аягына чейин уккан Назым эми жана эле талаада көргөнүн төкпөй-чачпай ага айтып берди.
Алдаяр кары башы дале эңги-деңги болуп жатса да буттарын жерге ныктап коюп Назым менен ээрчише пахтазар тарапка басып баратты. Алар чынардын түбүнө жете келгенде жерде төгүлүп жаткан анарлар менен анын кабыктарын, мөмөлөрү үзүлө элек бутактарды көргөн азанчы дагы чайпала түштү. Муну байкап калган Назым аны кучактай калып акырын чалкасынан жерге жаткырды да өзүнүн башындагы калпагын алып анын башына төшөдү. Жанындагы арыкта шырылдап агып жаткан суудан эки-үч ирет коштоолоп келип карынын бетине чачып, башын, колдорун ушалап жиберди. Дене-бою ысып-күйгөн азанчы көптөн кийин өзүнө келди да үшкүрүнө курчу кетип бозоро түшкөн көздөрүн ачты. Кары эсине келгенче оюна алда немелер келген Назым “кайриет (25), көзүн ачты” деп кудуңдай түштү. Кары бир топ тыныгып алгандан кийин Назым экөө кайрадан ээрчишип алып айыл тарапка басышты. Айылга жетип келгенде алар Жамшиддин үйү тарапка бурулушту. Жамшиддин дарбазасынын түбүнө жеткенде азанчы кыйкырып кирди:
– Жамшид, ээй Жамшид, үйдө болсоң бери чыкчы!
Жамшид быйыл тамына улап дагы бир бөлмөнүн дубалын паксалап көтөрүп жаткан. Таң азандан берки кара жумуштан чарчап калган ал күндүн ысыгынан көйнөгүн чечип үстүнө карымчылай таштап эс алып жаткан. Ал ачык турган терезеден карынын каргылданган үнүн жазгырбай тааныды. “Бул киши жөн жайда биздин үйгө келбейт эле, эмне үчүн келди экен, же бир зарыл иш болгонбу?” деп ойлогон Жамшид шашыла ордунан туруп көйнөгүн желбегей жамынды да сыртка чыгып дарбазаны ачты.
– Ассалому алейкум, келиңиздер, кары аке.
– Алейкум ассалам. Жамшид. Кандай аман-соо турасыңарбы?
– Кудайга шүгүр, жүрү, үйгө кириңиздер.
– Жамшид, таклибиңе ырахмат. Үйгө бир жайчылыкта кирээрбиз. Азыр сени менен сүйлөшө турган иш бар, -ушуну айтып жатканда карынын деми кысылып, чекеси ысып чыкты. Назым менен Жамшид үн-сөзсүз туруп калышты. Жана эле пахтазардын башында Алдаярдын шакыйнасы тутканын көргөн Назым дагы кокус жыгылып түшпөсө экен деп тынчсыздана баштады. Саамдан кийин кары сөзүн улады.
– Сенин уулуң Бахтияр бүгүн өзүнүн батальону менен менин анар багымды биротоло шаптап (26) салыптыр. Жүрү, барып өз көзүң менен көр. Жаңы жасап бүткөн ээрим бар эле, ал да быт-чыты чыгып жерде жатат.
Азанчы кээде ачуусу катуу келген учурда азыркыдай аскер терминдерин аралаштырып сүйлөп койчу. Муну баары билишет. Демек, азыр анын ачуусу катуу келген.
– Жакшы иш болбогон экен, Алдаяр ава. Мен анын сазайын берем. Сизге убадам ушул. Кечирип коюңуз, таксыр!
Ушул учурда ийиндерине эптеп эле илинип турган чолок көйнөкчөн Азада үйдөн жыңайлак чыга келди. Көкүрөгүн толук жаппаган көйнөгүнөн эмчектеринин тең жарымынан көбү салаңдап чыгып турат. Аны көргөн кары башын жерге салды. Азада болсо карыны олурая тиктей долуланып кирди.
– Силер биздин Бактиярды айылдын элине жаман көргөзүп жатасыңар. Менин балам андай ишке барбайт. Силер менин балама жалаа жабуу үчүн далил болсун деп үч-төрт бутакты өзүнөр сындырып таштап коюуңар да мүмкүн. Бул силердин колуңардан келет. Жамшид, сен неге Назымдын көзүнчө бул азанчыдан кечирим сурайсың? Таң ата электе корозчосунан кыйкырып элди уктатпаган, карыганда тынч жатпаган бул бейтынч чалдан неге коркосуң?
Муну уккан азанчынын дене-бою титиреп кетти.
– Азада, жаагыңды бас! Ээй, Жамшид, бул үйдүн аксакалы сенби же бу жүзү кара катынбы? Мен Азада менен эмес, эркек тана деп, кожолуктун башчысы деп сени менен сүйлөшкөнү келдим. Шабдаалы бышкан кезде мен Бахтиярды шабдаалы багымдын бутактарын сындырып жатканда колунан кармап алгам. Анан ага сен эми чоңоюп калбадыңбы,мындан ары бейчеки иштериңди кой да адептүү бол деп айттым. Болгону ушунча сүйлөдүм. Бахтияр авлиден чыгып баратып мага сөөмөйүн кезеп, сөгүнүп чыгып кетти. Ошол күнү кечинде мен уулуңардын кылган ишин силерге билдирип коёюн, тыйып коюшсун, деп ак сакалым менен улагаңарга басып келдим, Сен үйдө жок экенсиң. Мени каршы алган бул уяты жок аялың мен ага Бахтиярдын кылык-жоругун айткандан кийин кайра мага оромот кылып, ушу сенин өлөөр күнүң бар бекен, как баш чал, деп мени катуу каргап-шилеген. Мен мындай балит сөздү өмүрү эч кимден уга элек болчумун. Анан мен сакалымды сыйлап лам деп ооз ачпай кетип калдым. Бул жөнүндө сен уга элек болсоң керек. Бахтиярдын кылыгына айылдагы элдин баары тоют бүттү.
Карынын сөзүн уккусу келбеген Азада эми Назымдын жанына келип анын көкүрөгүнө муштагылап долулана баштады.
– Ээй, ит Назым, сен неге бул куу чалды биздин үйгө ээрчитип келдиң? Сен баягыда менин коюнума кирмек болуп келгенде мен сени үйдөн кууп чыгып милицияга кайрылган элем. Ошондон бери сен менден өч алуунун жолун издеп жүрөсүң. Эми бул акылынан адашып калган чалды ээрчитип келгенин карасаң. Ээ. Жамшид, аялыңа асылган чалдын жанында оозуңа төө тээп салгансып унчукпай турганыңды карачы. Ушу сени эр кылган мага чала.
– Оозуңду жап, Азада. Назымжанды бул жерге мен ээрчитип келдим. Сен ага койгон жалааны мага коё албайсың. Себеби, менин бул жашоодон эмне себептен тукумсуз өтүп баратканымды баары билет. Ушундай катынга түткөн сага ырахмат, Жамшид!
Ушуну айтты да Алдаяр азанчынын өңү кубарып кетти. Ал башка сөз айта алган жок. Азанчы ооруканага бараткан жолдо бу жалгандагы сапарын карытты. Алдаярдын жетилиги өткөндөн кийин айылда чоң жыйын өтүп, калайык-журт Азаданы айылдан айдап чыгуу чечимин кабыл алышты.
Айрым сөздөргө түшүндүрмөлөр:
(1) вилает – облус,
(2) авли – короо,
(3) күлпөт – кайгы иш,
(4) гузер – айылдын борбордук бөлүгү,
(5) гүлбото – чопо, таза топурак
(6) чартараш – төрт кырлуу,
(7) махала – айылдын бир бөлүгү,
(8) токсоба – Бухара эмиратындагы айыл өкмөт башчысына тете кызмат,
(9) алейне – даана,
(10) мехраб – дубал ичиндеги оюк жер,
(11) эшагасы – токсобадан жогорку кызмат орду,
(12) риваят – уламыш, аңгеме,
(13) патта – байге,
(14) пакана – жапыз,
(15) дастияр – кол арага жараган,
(16) сыр-асрер – өтө жашыруун сыр,
(17) баар – жаз көктөмү,
(18) авлоди – теги, түбү,
(19) чарпая – нар, керебет,
(20) моосун – сезон,
(21) азада – урундурбай, этияттап,
(22) бысып – үн чыгарбай отуруу,
(23) соогат – белек,
(24) пализ – коон-дарбыз өстүрүлгөн талаа,
(25) кайриет – жакшы болбодубу,
(26) шаптап – талкалап, сындырып.
© Абдил-Ахат Курбан уулу, 2014
Количество просмотров: 2977 |