Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Зарина Урманбетова, 2015. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2015-жылдын 27-марты

Зарина УРМАНБЕТОВА

15 мүнѳттѳр...

Эки кыска аӊгеме

 

Күн жыттанган жууркандар…

 

It’s so hard to explain what I’m feeling…

Sami Yusuf (ыр)

 

Телефондун мониторуна тигилип, улам-улам эстээр, ал-абалымды сурап калаар деп күтѳм. Бир гана дабышсыз дубалдардын курчоосунда. Айланамда адамдар барбы, жокпу, баары бир. Кулакчында жаӊырган Сами Юсуф «Healing».

Ээ, Жараткан жер жүзүндѳ да ушул клиптегидей идеал дүйнѳ, идеал жашоо барбы? Жок! Бирок, болушу керек эле да?! Ушундай коӊур үндүү, татынакай, сѳздѳрүн түшүнбѳсѳм да, туура жашоо жѳнүндѳ ырдап жатат, билем. Тээ түптѳгү сезимдерди ачыкка чакырат!

Күнүгѳ жакшы адам болгонго аракет кылам. Эч кимди капа кылбаганга, күнүмдү эӊ бактылуу күндѳрдүн бири катары ѳткѳргѳнгѳ ашыгам. Бирок, күн соӊунда кимдир бирѳѳ капа кылат. Кѳпкѳ ойлоном, баардык кылык-жооруктарым, кыймыл-аракеттеримди талдап чыгам. Адамдар бири-бирин укпайт, түшүнүшпѳйт, аракет да кылбайт, түшүнүүгѳ. Мен да ал адамдарды түшүнбѳйм. Капа болом L. Анан, тээ түптѳгү сезимдер ачыкка чакырат!

 Кѳптѳн бери бул сезимдерди жашай элекмин, унутуп да калыптырмын. Апама кетким келет, кичине кыз болуп, апамдын кучагында эркелесем… Апам мени баардык жѳргѳмүштѳрдѳн, мокочолордон, жаман ойлуу жандардан коргойт, кучагына катып, коргойт. Апамдын жанында болсо менин жуурканым күн жыттанат J!

Күн жыттанган жууркандар…. Дагы деле мурунумдун учунда. Ал жыт – ушундай тазалыктын жана бакыттын жыты! Түшүмдѳ кыялымдагы ханзааданы кѳргѳн жыт! Оюндан чарчап келгенимде, ысык мейкинине катып, баёлоп, таптап уктаткан жыт! Жаратылыштагы баардык таттуу, аруу, жылуу жыттарды ѳзүнѳ сиӊирип, мага бактылуулук тартуулаган жыт! Ушундай таза… Дүйнѳдѳгү башка эч бир жыт теӊ келбеген, жыпар жыт болсо да теӊ келбеген! Эч нерсеге алмаштырылгыс , бала чагымдын жыты!

Тээ түптѳгү сезимдер ачыкка чакырат! Ал– сагыныч! Ал — Күн жыттанган жууркандар!

 

 

15 мүнѳттѳр...

 

Мени дайым күттүргѳн ...га

 

Кечигесиӊ, кѳнүмүш адатыӊ эмеспи, мен күтѳ берем. Чый-пыйым чыгып, улам-улам саатты карайм, жиним келет. Азыр келгенинде тилдеп, урушам деп ѳзүмчѳ сүйлѳнѳм. Дагы деле жоксуӊ, кайрадан саатты карайм. Жарым саат мурун мына келип калдым дегенсиӊ. Кѳптѳгѳн сѳздѳрдү айтам деп пландай баштайм. Кѳчѳнүн баардык тарабын карап, ордумда айланам, рюкзак асынып маӊдайымдан жаш, татынакай жигит чыгат, джинсы шымынын тизесинин жыртыгы кѳзгѳ учурабай койбойт, кулагындагы кулакчындан “Градус” жаӊырат: “враг мой бойся меня, друг мой не отрекайся от меня”, аялдамада тролейбус күткѳн чоӊ энелер, студенттер, №170, 118, 202 ж.б. маршруттар, бурчта тамеки тартып эки жаш абдан кызуу маектешүүдѳ, солдо “Бегемот”, гамбургердин жыты, жанымдан ѳтүп жаткандар сени күткѳнүмдү билип атат болду бекен? Карааныӊ кѳрүнүп калабы дейм, сагындым да кантсе да. Кѳрүнбѳйсүң. Кайрадан телефондун мониторуна тигилем, дагы 15 мүнѳт ѳттү.

Ушинтип бекер эле убактым кетип жатат деп жиним келет. Кылым бою, түбѳлүк кечиксе да күтѳ беремби? Эмне ушунчалык бат-бат сагынып, кечиксеӊ да күтѳм сени? Адамдардан башкачасыӊбы? Жок... Баарыныкындай эле эки кѳзүӊ, колу-бутуӊ, башыӊ, денеӊ ордунда. Же инопленттик жандыксыӊбы? Же менин кыялымдагы кара чач, купкуу териӊ, кансыраган ээриндериӊ, легендарлуу Армансыӊбы? Кечигесиӊ мен күтѳ берем.

Дагы 15 мүнѳт...

Кѳрүнбѳйсүӊ... Дайым ушинтип күттүрѳсүӊ, баары бир кѳӊүлүм калбай койду го?! “Эми дагы бир кезигүүгѳ бараардымда, сениби шашпа”— дейм деле, линиянын аркы четинен үнүӊдү угаар замат сени кѳздѳй учуп жѳнѳйм, эч нерсеге карабай, учам! Жолдо машина кѳп болуп, маанайым түшүп, улам светофорго токтогон сайын айдоочу менен уруша баштайм. Мен келгенимде сен дагы деле келе элек болооруӊду унутуп коюп, эчактан бери күтүп жатканыӊдай сезилет, кездеше турган жерибизде саатыӊды улам карап жаткандай элестете берем. Ал элестер кѳз алдыма тартылып, бир секунд да короткум келбей, жаныӊа бир кѳз ирмемде жетип барып, дагы кѳбүрѳѳк убакыт сенин жаныӊда ѳткѳрсѳм дейм. “Бир-эки светофор калды, чыда, күтѳ турчу мен келатам!”. Кыргызстан Обондору жана Мирбек Атабеков “Күндѳр жаӊырат”...

15 мүнѳт...

“Мүнѳттѳр, ай мүнѳттѳр... Убакыт эмне мынча шашыласыӊ? Кимди кууп баратасыӊ? Бир бурулуп мага карачы, бүтпѳс түбѳлүктү тартуулачы, ошол түбѳлүктѳ анын жанында болоюн”. Айланып, шоктонуп, шамал менен этектеримде ойнойсуӊ, жылаӊач балтырымды назик сылап. “Таарынба, бирок менин да ѳз милдетим, ѳз ишим бар, сапарымдан кармаба мени” дегенсип, саамайымдан сүйүп, жоошутасыӊ... жолуӊа түштүӊ... Эхх, убакыт! Биз адамдар, сенин кулуӊбуз! Мүнѳттѳр, ай мүнѳттѳр... Кечигесиӊ, мен күтѳ берем.

15 мүнѳт...

Номериӊ терип, чалам. Албай коёсуӊ,” урушат, кѳптѳгѳн керекги жок сѳздѳрдү айтат, ансыз деле кечиккенимди билем “— деп жатасыӊ балким. А балким “келатам го, ѳлүп баратабы, жолдор жабык болсо эмне, кайсы канаттарым менен учуп барайын? Бир аз чыдай турса эч нерсе болбойт ко ”— деп жиниӊ келеби? Мен да эмнегедир кайра чалбайм, ооба сен уча албайсыӊ да, сен Арман эмессиӊ! Чынын айтсам корком, таарынтып аламбы дейм. Күндѳ жолуксак бир жѳн, жаныӊда отуруп, сѳздѳрүӊѳ, кептириӊе суктанып ѳткѳргѳн убактым, керемет толгон сезимдер, ѳзүӊдѳн алган күч-кубатым, баарын унуттурат. Кечигесиӊ, мен күтѳ берем.

15 мүнѳт...

Сени күтүү, мына азыр келет деп улам-улам эки жагымды караган сайын, дагы бир аз күтѳ турсам... Убакыт ѳтѳ берсе. Сен да шашып-бушуп келесеӊ. Аппак, купкуу жүзүӊѳ жарашыктуу кызылтым ээриндериӊ. Анан колуӊда Cola, телефон. “Мен келдим, сен кайдасыӊ?” деп телефон чаласыӊ, сенин кыймыл-аракеттериӊе кѳз жүгүртүп,чалганыӊда албай, бир азга бери жакта сени карап турсам. Акырын аркаӊдан келип, “мен бул жердемин” деп үндѳнѳм, сен жытымдан билип коёсуӊ. Унчукпастан бир катарда оӊ тарапты кѳздѳй басабыз. “Кандайсыӊ?” – деп баары бир деле мен күнѳѳлүүдѳн беш бетер, сѳз баштайм. Сен да ѳз кезегиӊде “Сонун!”— деп жооп бересиӊ. Ошентип, сейилдеп жүрѳ баштайбыз... Жолугушуу кандай ѳтѳѳрүн, баарын билем, кандай сѳздѳрдү колдонуп кеп курабыз. “Сенчи? Сен кандай?” – деп сурайсыӊ, жаӊы эле таарынып аткан жаным, сени кѳрүп, “Мен да сонун”-деп калп айтып коём. Сен да мага ишенип аласыӊ. Таарынычым тарап, кечирем.

15 мүнѳт ѳттү... Кечигесиӊ, мен күтѳ берем...

Дагы 15 мүнѳт...

 

© Зарина Урманбетова, 2015

 


Количество просмотров: 1417