Главная / Публицистика / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2015-жылдын 27-марты
Менин атам
(Тагдыр)
Ырлар, эскерүүлөр
Бул китепте кеӊеш доорунда ак жерден каралган, атылып кеткен Мырзабек ата жөнүндө эскерүүлөр кызы Бурулуш эженин макалалары, ырлар жыйнагы жана балдарынын, неберелеринин эскерүүлөрү чогултулган.
Б.Мурзабекова. Менин атам (Тагдыр) – Б.: ИЦ “Текник”, 2013. – 130 б. китебинен алынды
УДК 001
ББК 72
М 22
ISBN 978-9967-02-617-9
М 1401010000-10
“Ак ийилет, бирок сынбайт”
(Элден)
Адамдагы эң кыйыны –күн сайын адам болуу.
(Ч.Айтматов)
ТАГДЫР
ЫЗА
Мен бул макаланы жазаардан мурда көп жолу ойго баттым. Бир чети ызама чыдабай ыйлагым келди. Ошентсе да кашкайган чындыкты ичиме катып жүрүүнү ылайык көрбөй, көөдөндөгү бугумду газета аркылуу чыгаргым келди. Буга азыркы учурдагы коомубузда өкүм сүрүп жаткан демократиялуулук жана айкындык себеп болду. Анткени буга чейин мен эле эмес, нечендеген адамдар кайгы муңун сыртка чыгармак тургай, өйдө карап сүйлөгөндөн коркуп, дымып келбедикпи.
Менин балалык чагым Сталиндик каргашалуу мезгилде өттү. Анткен себебим,атам Тазабек уулу Мырзабек 1938-жылдагы кара туманга аралашып, айыпсыз атылып кетиптир. Бала кезибизде “контур” деген сөздүн маанисин деле анча түшүнө бербесек керек. Кийинчерээк орто мектептин жогорку класстарына барганда, ал жөнүндөгү кеңири түшүнүктү институтта, университетте окуп жүргөндө билип жүрбөймүнбү.
Комсомолго өтөөрдө өмүр баянымды айтаардан мурда эмне дээримди билбей, кыска гана “атам өлгөн” дей салып, атамдын “чыккынчы, душман” экенин классташтарым билип коюшпасын деп, эки бетим ысып чыкканы али жадымда. Кийин жогорку окуу жайды бүтүп, КПССтин катарына өткөндө деле атабыздын кылган ишине нааразы болуп, ата мээримине куса болуп турсак да, сезимибизде бир чоң күч жек көрүүгө мажбур кылуучу. Атабыздын эмне иш кылганын 3-4 жаштагы бала кайдан билет элем. Эс тартып, аны-муну түшүнүп калган кезде энебизден атам тууралуу билгим келип, сурамжылап калчумун:
– Чын эле атабыз “контр революционер” болгонбу, ушул ишке кантип жүрөгү даап барды экен? “Контр” дегендер совет бийлигине каршы кишилер, биз аны КПССтин тарыхынан жакшы билебиз. Энеке, атабыз душман турбайбы, – деп кызууланып жек көрүүмдү сыртка чыгарчумун. Анда энебиз тынчтандырган болуп:
Атаңар эч күнөө кылган эмес, ак жерден айдалган, – деп башынан өткөн кайгылуу күндөрүнөн бир үзүмүн айтып берчү:
Кичи – Жаргылчактан жөө чыкканыбызда, Шалбаага чейин тынбай жүрүп отуруп, ошол жерден өргүү кылып, эртеси Караколго эрте кирип барчубуз. Атаңа тамак-аш, кийим-кече алып баратканда, колумда кичинекей эмчектеги бала. Ошондо буттун таманы мөлтүрөп, жерди басуудун заарканып, суй жыгылчубуз. Айлыбыздан Абылкасым деген адам дагы кошо айдалбадыбы, анын аялы Акжолтой экөөбүз бирге бараар элек, – деп көзүнүн жашын төгүп, терең улутуна андан аркы кебин уланта турган, атаңдан кеткен боюнча кат-кабар алган жокпуз. Караколдун түрмөсүндө жатканда нечен курдай жөө барган күндөр болду, ал кезде кайдагы унаа, кайдагы ат, болгон мал – мүлктү конфискацияляп алса...
Биз менен кошо күйөөлөрүнө тамак кийиргени жазуучу Аалы Токомбаевдин аялы, Дархандык Жунуштун аялы дагы бараар эле. Эч бирөөбүздүн алып барган азык-түлүгүбүздү алмак түгүл, иттер менен арсылдатып кубалап, машина менен суу чачып, түрмөнүн эшигине дагы жолотушчу эмес. Үйүбүздүн маңдайында бир чети кошуна, бир чети Азарбектин тукумдары деп эсептелген ошол кездеги “Үлгүлүү Жаш” колхозунун башкармасынын төрагасы Момокеев Жумадылдан баланы догдурга алып барууга унаа сурасам “контрдун үй-бүлөсүнө ат берүүгө болбойт го” – деп тескери басып кетпедиби. Ошентип жүрүп 3 айлык Шааркан деген кызыма суук тийип, эти ысып– күйүп, үйгө жетип -жетпей чарчабадыбы. Ошондогу Шаарканым тирүү болсо, сенден эки жаш кичүү болот эле, – деп энем оор үшкүрүп, качанкы өткөн бактысыз тагдырын эске түшүргөндө, көзүн жашка толтуруп, үнсүз отуруп калуучу, маркум.
А мен болсом акылдуусунуп: “Эне, балаңарды чоң энеме эле таштап кетпейсиңерби, же бирөөдөн ат сурап минип барбайсыңарбы?” – деп суроо узаткан болом. Эми ойлосом үч айлык кенедей баланы үч күнгө таштап, кайсы эне 120 чакырым жерди жөө басып жол тартмак эле, кайсы киши эл душманынын үй бүлөсүнө ишенип атын бермек. Тим эле болбогон суроону балалыгым менен берген экемин эми ойлосом.
Биз эки бир тууган элек. Улуу агайым Мукайыл окуп билимдүү боло албады. 7-классты бүтүп,айылда актив катарына кошулуп кийин партиялык, советтик кызматтарда иштеп жүрүп, көзү өтүп кетти...
Мени адам кылып асырап, окутуп-чокутуп дегендей ,энелик дагы аталык дагы милдетин энебиз аткарды. Кийин мени окутам деп Каракол шаарына отун, тамак-ашты араба менен жеткирип турду. Энемдин ошондо мен окуп жүргондө ар бир барганда саймедиреп айткан көөдөн каңырык эскерүүлөрү мындайча:
– Атаңарды издеп Пишпекке дп бардым, ал кезде азыркыдай автобус кайда, параход менен Балыкчыга барып, андан ары ачык машинага, арабага түшүп барып издештирдим, -деп калуучу . “Ал кишиден кат келбейт, өзү да келбейт, ыраак жакка кеткен” деген жоопту угуп ошондон кийин үмүтүм үзүлгөн, антсе да келип калабы деп жол карап жүрүп, ушул күнгө келбедикпи.
...Атаңар ошол каргашалуу 1938-жылдын 5-марты күнү тоодогу малчыларды кыдырып кеткен эле .Көпкө кечикти. Чабарман аны издеп, түн ичинде эки-үч жолу келип кетти.
– Турсун, Мырзабек келсе айткыла, кайта эле тоого чыгып кетсин. Жабык машина менен көк шапкечендер келишти, келүүчүлөр келди, кеңсеге барбасын айткыла, – дептир бейиши болгур чабарман Үсөн ата. Көп өтпөй чабарман кетээри менен атаң тоодон келди. Болгонун укту:
– Менин эмне кылган күнөөм үчүн камайт экен, же ичип – жегеним бар бекен, барайынчы, – деп кеңсеге барып бербедиби. Ошол түндөн кийин үйгө кылчайган жок...
Энем сөзүнүн аягын уланта албай, аны эми сурабачы, түгөнсүн деп, кабагын бүркөп, үшкүрүп, тескери карап, мага билгизбей көзүнүн жашын этеги менен сүртүп, сыртка чыгып кетээр эле маркум энем.
1953-жылы 5-мартта институттун 1-курсунда окуп жатканымда “И.В.Сталин дүйнөдөн кайтыптыр”-деген суук кабарды угуп, музыканын муңдуу күүсүнө кошулуп, канча күн көчөдө өксүп ыйлабадыкпы. Бул кишини биз адамдын бактысына жаралган жалгыз инсан деп түшүнүп, эми ал өлгөндө дүйнө астын-үстүн болчудай боздободукпу. Эми ачык-айкындык мезгилинде жазыгы жок канча адамдарды күм-жам кылган баш кесерлер ким экенин түшүнүп, көзүбүз ачылып, ал кезде аларды канчалык мээрим менен, канчалык сүйгөн болсок, азыр ошончолук ызага уугуп, жек көрүүбүз артып баратпайбы. Мен 1-курсту бүтүп, турмушка чыгып, төркүлөп келген күнү атамды “өлдү” деп угузушту. Авам жогорку инстанцияларга арызданып, сураштырган экен. Энебиз кара жамынып, биз ыйлап, куран окуткан болдук. Ошол бойдон атам тууралуу сөзүбүз бүттү.
Качан гана 30-40-50-жылдарда репрессия болуп кеткендердин тизмеси такталып газетага чыга баштаганда, мен да атамды газетадан издей баштадым. Анда деле бүлөй аты көрүнбөдү. Ошентип, арыздандым...
Көрсө, атамды камалгандан бир айга жеткирбей,1938-жылы 27-мартта эле атып салган тура. Муну мен 1990-жылдын апрель айында атамдын акталгандыгы жөнүндөгү КГБдан, прокуратурадан жиберилген официалдуу дүмүрчөктөрдөн билдим. Өмүр бою бетибизге кара көө болуп келген ”контр” деген сөздөн, ”контрдун үй-бүлөсү” деген жийиркеничтүү сөздөн кутулдук. Көрсө, элдеги “ак ийилет, бирок сынбайт” – деген накыл сөз анык экен. Атам менен абакта бирге олтурган, кийин бошонуп келген Сарыгул, Дархандык Жунуш аталардан сураштырсак, түрмөдөгүлөрдү ит ордуна көрүп, жырткычтарча мамиле жасап, кыйнаган тура, кээси таяктын уусу өтүп өлүптүр, балким, атам деле таяктан өлгөндүр...
Атабыздан эрте жетим калыптырбыз, энебиз бизди, карыган кайын энесин багам деп жүрүп, көкүрөгү тешилиптир, соко айдап,эгин бастырыптыр, кыскасы согуш убагындагы энелерге таандык оор түйшүктү тартып, алдыңкы колхозчу, звеньевой болуп жүрүп, кийин эс алууга чыгып, картайганда өлдү.
Агайым Мукайыл окубаганы менен балдарын окутту. Уулдары Сатыбалды, Таабалды советтик укук коргоо кызматында жана университетте иштейт, илимдин кандидаты болушту. Калгандары да жогорку билимдүү. Өкүнөрүм атамдын уялаш иниси Исабек, энем Турсун агайым үчөө атамдын акталгандыгын укпай калышты.
Атамды сураштырып, иликтеп келем. Ал Кичи-Жаргылчак айылындагы алгачкы агартуучу, биринчи мугалим, арабча жазганды, окуганды билген сабаттуу адам тура. ”Үлгүлүү жаш” колхозунун текшерүү комиссиясынын төрагасы, кармалар жылы Ак-Терек айылдык кеңешинин катчысы экен. Бул маалыматты мен жогору жактан жиберилген архивдик дүмүрчөктөрдүн негизинде жана атамдын тирүү калган замандаштарынан, окуучуларынан уккан данистерден улам айтып отурам. Чындыгында мен “контрреволюционердин, антисоветтик улутчулдун үй-бүлөсүндө эмес”, советтик ак ниет кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган турбаймынбы. Ага таазим кылуу менен сыймыктанам. Айылдык бир жыйын болор алдында, Кичи-Жаргылчактын уландары “Атабыз жашаган көчөнүн атын анын ысымна койсок дурус болчудай экен, атаңыздын акталгандыгы тууралуу кагазы келди деген сөз чынбы, эже?” – деп сурашты. Мейли койсо-койбосо ал элдин иши. Буга жердештери да үн кошор деп ойлойм.
Атамдын атылгандыгы жөнүндөгү күбөлүктү райЗАГСтан алган күнү жаңы эле, кечээ күнү атып таштагандай өксөдүм...
Бул макаламдын биринчи бөлүгүндө ардактуу атам Тазабеков уулу Мырзабек жөнүндө, ал адам тууралуу 1927-ж. жазылган “Сары-Жазды карай жол тартуу” – аттуу ырындагы жолдун өтө татаалдыгы, жолдогу кыйынчылыктар жана башкаларды билдим, ырдын мазмунун алып көрсөм, ал жылдары атам Покровкадагы “Охот Союзда” мергенчи экен, кызматы боюнча 46 адам мергенчилик кылып, аң-терилерди өткөрүп турушкан окшойт, азыр болсо Сары-Жаздын жолу оңдолуп, ал тургай машина менен барууга болот экен, андан кийинки жылдары айылдык кеңештин катчысы “Үлгүлүү-Жаш” колхозунун текшерүү комиссиясынын төрагасы, айылдагы сабатсыз балдарды “окутайын, сабатын ачайын” деген максатта эски мечитти байырлап, балдарды окута баштаган экен. Кийин 1938-жылы 5-мартта НКВД тарабынан кармалып, 1938-жылы 27-мартта атылганын мен атабыздын жалгыз кызы жогорку инстанциялардан иликтеп билдим. Албетте, бул советтик доор жоголуп, эгемендик колго тийген кезде болду. Жазыгы жок бечара атабыз күлгүндөй 39 жашында, энебиз 38 жашында беттерине “кара көө” жабылып ажырашыптыр...
Атамдын кандай адам экенин, мени эркелетип көтөргөнүн такыр эстей албайм, 3-4 жаштагы эси жок бала эмнени билет элем?..
Мени энебиз тарбиялады деп жогору да айтпадым беле, арызданып, атабызды күнөөлөгөн “кан ичкич, канкор, баш кесерлерден” атамдын кунун ала алган жокмун, кайгы капамды, атага болгон кусалыгымды азыр чыгарып, адилеттүү ушул заманга арманымды айтып,кубанычтан толкунданып келем, бир арманым: ушул заманда адилеттиктин келгенин бечара энем, жалгыз байкем укпай кетишти…
Азыр өзүм окуп, иштеп эс алуудамын. Эгемендиктин келиши менен, 30-жылдарда күнөөсү жок кеткенддерге ичим ачышып, бетпак заманга наалат айтып, аталарга куран окуткан болом. Мына кечээ, күнү атамды кайсы чуңкурга күм-жам кылганын билгим келип, сурамжылап, КГБга кат киргиздим. Кудайга шүгүр дейлик, атам үчүн 2013-жылдын январынан бери компенсация берип жатыры…
Атаке! Күнөөсүз жок болуптурсуз. Баягы сенек жылдардагы менин түшүнбөстүгүмдөн болгон жек көрүүмдү кечириңиз! “Ала-Тоо таңына” жазган бул макалам менин Сиздин элесиңизге койгон гүлчамбарым болсун! Арбагыңызда колдоңуз, айланайын ардактуу, асыл атакем! Ата, балким, Сиздин айылдагы кызмат талашкан, же көрө албаган душмандарыңыз жок кылгысы келип, атыңызды данистелеп бергендир. Ким билсин, эмнеси болсо да ак жерден айдалып, андан бери көп жыл өтсө да, атыңыз акталып, бизин жүзүбүз жарык болду. Жашыңыз 39га жетер-жетпей мерт болупсуз. Ылайым ак жеринен адамдар күйбөсүн, жер бетинде адилеттик өкүм сүрсүн!
Бурулуш Мурзабекова
Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек орто мектебинин
мурдагы партиялык уюмунун катчысы,
ардактуу эс алуудагы усулчу-мугалими
Ысык-Көл областтык Ала-Тоо таңы газетасы
15-март 1991-жыл
(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)
PDF форматында китепти көөчүрүү
© Мурзабекова Б., 2013
Количество просмотров: 2307 |