Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Ташбай Исмаилов, 2015. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2015-жылдын 2-майы

Ташбай ИСМАИЛОВ

Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата

Улуу жеништин 70 жылдыгына арналган ыр саптары.

 

Согуштун жүзү курсун көргүм келбейт,

Согушта чоң, кичүү, аял дебейт.

Душмандар жырткычтарча кол салышып,

Өлтүрбө, бул күнөөсүз киши дебейт.

 

Капыстан согуш ачкан Гитлерди,

Планы болгон басып алмак бүт жерди.

Кан төгүлүп өмүрлөрү кыйылса да,

Аталар сактап калган тынч элди.

 

Октор учса жамгырдай жер бетинде,

Жигиттерин баатыр мүнөз келбетинде.

Силер менен сыймыктанган ата журтуң,

Мекенге жеңиш менен келгениңде.

 

Фашисттер окко тутуп күнөөсүз элди,

Жырткычтарча аёсуз басып келди.

Танка менен тепсетип, бомба таштап,

Жер менен жексен кылып тыптынч жерди.

 

Кат жазсаң кан майдандан аманмын деп,

Ала-Тоого жеңиш менен барамын деп.

Ойлободуң ошол жерде калышыңды,

Капыстан окко учуп каламын деп.

 

Арадан жетимиш жыл өтсө дагы,

Көкүрөктө өчпөдү согуш тагы.

Үмүттөр үзүлбөдү жолду карап,

А балким тирүүдүр же өлсө дагы.

 

Бешиктеги бөбөк кызың кемпир болду,

Коштошоордо беттен өөп, сылап колду.

Жеңиш менен кайтаарыңды айткан элең,

Жеңиш келди, өзүңө эмне болду?

 

Келбесең да айтсаң болмок дарегиңди,

Бир көрүүгө зар элек биз карегиңди.

Ата деп бир кучактап өпкүм келет,

Эгерде орундатсаң үмүт-тилегимди.

 

Жетимиш жыл майрамдадык Улуу жеңишиңди,

Ата мекенге жеңиш менен келишиңди.

Элге-жерге эркиндик беришиңди,

Кол коюп тастыктап тынчтык үчүн келишимди.

 

© Ташбай Исмаилов, 2015

 


Количество просмотров: 1482