Главная / Публицистика
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2015-жылдын 3-майы
Кыргыз Республикасынын Конституциясы
Сунушталып жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын долбоорун "Даанышман Кеңеш" Коомдук бирикмеси бир кыйла юристтердин, окумуштуулардын, аймактык аксакалдар кеңештеринин катышуусу менен акыркы 3 жылда иштеп чыкты. Ал дуйнөдөгү нарктык-укуктук жаңы типтеги конституция болуп, парламенттик-президенттик башкаруунун мыкты вариантын чагылдырат.
Жаңы редакциянын негизги өзгөчөлүктөрү:
- Кыргыз салттуу башкаруусуна ылайык Курултай жана Нарктык Кеңеш институттары азыркы шартка ылайыкталып киргизилген.
- Президенттик аппарат менен өкмөттүн аппараттары бириктирилип, өкмөттүн башында Президент өзү турат.
- Сот системасы бийликтен дээрлик көз карандысыз.
- Президентти салтка да ылайык, азыркы өнүккөн өлкөлөрдүн да тажрыйбасына ылайык Элдик Курултай шайлайт.
- Жергиликтүү башкаруунун функциялары так бөлүштүрүлгөн.
- Конституцияда бийлик башчыларынын Элдик Курултайга жыл сайын отчёттуулугу, б.а. элге жоопкерчилиги каралган.
- Конституция улутту сактап калуунун бирден-бир жолу катары каралат.
- Курултайдын өкүлдөрү ар бир айыл жана конуш өкмөттөрүнөн экиден шайланат.
- Жогорку Кенештин депутаттары 45 адамдан турат.
- Конституциялык сот — укуктук ченемдердин, ал эми Нарктык Кенеш — салттык ченемдердин кепилдиги катары элине кызмат кылышат.
Урматтуу мекендештер!
Долбоордун 46-беренесинин биринчи пункту кыргыз элинин байыртан берки хан шайлоо салтына жана учурдагы башка мамлекетерде жетекчи шайлоо тажрийбасына ылайык жазылды. Элдик талкуудан түшкөн сунуштардын көпчүлүгүндө Президентти эл шайласын делсе, редакциялык топ элдик пикирди кабыл алат.
Email: narktyk-kenesh@mail.ru
“Даанышман Кеңеш” тин 14.02.2015-ж.
жалпы жыйынында, долбоорду жалпы элдик
талкууга алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Бишкек-2015
Биз, Кыргыз Республикасынын эли:
Ата-бабаларыбыздын осуяттарын, Айкөл Манастын өрнөгүн жана үлгү тутаар ыйык иштерин эске сактап;
Кыргыз элинин наркын, салтын, улуттун руханий баалуулуктарын жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды бийик тутуп;
Кыргызстан элинин биримдигин жана ынтымагын, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылууга умтулуп;
Жалпы адамзат кабыл алган адам укуктарын жана эркиндиктерин өнүктүрүүнү көздөп;
Экономиканы, маданиятты, саясий, укуктук, илимий жана улуттук институттарды элдин татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоо үчүн өнүктүрүп;
Кыргыз элинин салттуу башкаруу институттарын бийлик менен элдин ортосундагы ырааттуулукка жетишүүнүн, улуттар жана конфессиялар аралык ынтымактын, демократиянын үлгүсү катары карап;
Ааламдашууда кыргыз улутунун жүзүн, наркын, кайталангыстыгын сактап калчу Конституцияны иштеп чыгып;
Көз карандысыз, демократиялык мамлекетибизди өнүктүрүү жана чыныгы элдик бийлик орнотуу максатында ушул нарктык-укуктук Конституцияны кабыл алабыз.
I БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШҮНҮН НЕГИЗДЕРИ
1-БАП. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН КООМДУК— САЯСИЙ
ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ
1-берене
1.Кыргыз Республикасы (кыскача— Кыргызстан) – эгемендүү, унитардык, демократиялык, нарктык-укуктук, социалдык республика.
2.Кыргызстандын эли, улутуна карабай Кыргызстандын аймагында жана анын сыртында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан турат.
3. Кыргызстандын эли, Кыргыз Республикасынын эгемендигинин ээси жана бийликтин бирден бир булагы болуп саналат.
4.Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн жана мамлекеттүүлүгүнүн формасын аныктоо Кыргызстан элинин укугу.
5. Элдин укуктары жана эркиндиктери ушул Конституция жана мыйзамдар аркылуу корголот.
6. Нарктык-укуктук Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу элдин нарктык ченемдеринин корголушунун жана иштешинин кепилдиги болуп Нарктык Кеңеш, укуктук ченемдеринин корголушунун жана иштешинин кепилдиги болуп Конституциялык Сот эсептелет.
7. “Улутту сактап калуунун негизин укуктук ченемдер менен нарктык ченемдердин түптүү жана ырааттуу байланышы түзөт”— деген башкы идеяны кармануу, жетекчиликке алуу конституциялык түзүлүштү орнотууга жана аны өнүктүрүүгө багытталган иштерди жүргүзгөн бардык мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын, жооптуу кызмат адамдарынын ыйык милдети.
2-берене
1. Кыргызстандын эли:
1) Ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде, өз бийлигин шайлоолордо, референдумдарда же шайлаган өкүлдөрүнө укугун табыштоо менен, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу аркылуу жүргүзөт.
2) Улуттук Курултайдын жана аймактык Жыйындын өкүлдөрүн тикелей, түз жана ачык добуш менен шайлайт.
3) Мыйзам чыгаруу жыйынынын, аймактык жана айылдык (конуштук) кеңештин депутаттарын, аймактык соттун судьяларын тикелей, түз жана жашыруун добуш менен шайлайт.
2. Кыргызстандын жарандары, жашы 18 ге толгон курактан тартып шайлоо укугуна ээ.
3. Мамлекеттик маанилүү маселелер, жалпы элдик добуш берүүгө (референдум) коюлат. Элдик бийликти чагылдырган түз жана жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүү тартиби конституциялык мыйзам менен бекитилет.
3-берене
Кыргызстанда мамлекеттик бийлик төмөнкү ишмердүүлүктөргө багытталат:
1. Элдик жыйындарда түптөлгөн өкүлчүлүктүү элдик бийликтин үстөмдүгүн орнотууга;
2. Мамлекеттик аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигин ушул Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык жүргүзүүгө;
3. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин жана ачыктыгын камсыз кылууга, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашырууга;
4. Мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү башкаруунун ишмердиктеринин ыраатталышына;
5. Мыйзамсыз ишмердиктери үчүн мамлекеттик бийлик органдары эл алдында жоопкерчилик тартуусун камсыз кылууга.
4-берене
1. Кыргызстанда мамлекеттик бийлик түзүмүн төмөнкүлөр аткарат:
-Өкүлчүлүктүү бийлигин— Улуттук Курултай жана Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны;
-Аткаруу бийлигин— Кыргызстандын Өкмөтү (кыскача— Кыргыз Өкмөтү);
-Сот бийлигин— Кыргызстандын Конституциялык Соту, Жогорку Соту жана аймактык соттору;
-мамлекеттик атайын органдар— Улуттук Банк, Эсептөө Палатасы, Башкы Прокуратура, Борбордук шайлоо комиссиясы, Статистика комитети жана Улуттук маалымат Агентствосу.
2. Кыргызстан элинин атынан Кыргызстандын Президенти гана чыга алат.
5-берене
Кыргызстандын Президентинен жана Вице-Президентинен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынан, Кыргызстандын Башкы прокурорунан, Нарктык Кеңештин мүчөлөрүнөн Мамлекеттик Кеңеш түзүлөт жана Кыргызстандын Президентинин демилгеси менен чакырылып, мамлекеттик маанилүү маселелерди талкуулайт жана аткаруу бийлигине сунуштарын берет.
6-берене
Кыргызстанда:
1. Ойдун ачык айтылышына кепилдик берилет.
2. Коомдук-саясий уюмдар жана кыймылдар, ишкерлер жана кесиптик-чыгармачылык, илимий жана маданий уюмдар, аялдардын, ардагерлердин жана жаштардын уюмдары, мамлекеттик эмес уюмдар, жалпыга маалымдоочу маалымат каражаттары жана башка мыйзам чегинде белгилүү тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жарандык жана жамааттык бирикмелер, мамлекеттин кызыкчылыгына, көз карандысыздыгына, бүтүндүгүнө, ырыс-ынтымагына доо кетирбесе өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарына таянып, максаттарын жүзөгө ашыруу, эркин жана көз караштарын билдирүү үчүн түзүлөт.
3. Мамлекет юридикалык каттоодон өткөн коомдук уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат.
7-берене
1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кандайдыр бир бөлүгүнө эмес, бүтүндөй коомго кызмат кылышат.
2. Мамлекеттик жана коомдук маанидеги чечимдер көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынып, азчылыктын пикири эске алынат. Чечимдерди кабыл алууда, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктар артыкчылык укукка ээ.
3. Мамлекет өз ишмердигин адамдын жана коомдун жыргалчылыгы үчүн социалдык мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк эрежелери менен жүргүзөт.
4. Мамлекеттик бийликти өзүнчө уюшкан топ, бир дагы социалдык же коомдук бирикме, эч бир инсан ээлеп алууга укугу жок. Мамлекеттик бийликти ээлеп алуу, мекендин бүтүндүгүнө доо кетирүү, өлкөгө чыккынчылык кылуу, Президенттин же жогорку бийлик өкүлдөрүнүн сыртка качып кетүүсү, коррупция жана ушул сыяктуу элге каршы эң оор кылмыштар эбактыгына карабастан жазаланууга жатат.
8-берене
1. Кыргыз эли алгачкы Конституциясын кабыл алгандан берки чек арасы камтыган аймагы сакталат, бүтүн, кол тийгис жана мамлекеттик коргоодо турат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын жана аймагын кемитпестен өзгөртүү маселеси Кыргызстандын бүткүл аймагындагы элдик курултайлардын бардык баскычтарында жана Мыйзам чыгаруу жыйынында талкууланып, жалпы элдик добуш берүү (референдум) менен гана чечилет.
2. Кыргызстанда администрациялык-аймактык түзүлүш — республикалык, аймактык, элетте айылдык жана шаарларда конуштук болуп, үч баскычтагы мамлекеттик башкарууга ээ.
3. Кыргызстандын аймагы мыйзамда аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.
4. Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар болуп саналат, алардын статусу мыйзам менен ырасталат.
9-берене
1. Кыргызстан өзүнүн Куралдуу Күчтөрүн кармайт, анын Куралдуу Күчтөрү өз мамлекетин коргоого жарамдуу жана жетиштүү коргоно алуунун негизинде куралат.
2. Кыргызстандын Президенти кызмат абалы боюнча Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы болуп саналат.
3. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн өлкөнүн аймагынан тышкары жакта колдонуу маселесин Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны чечет.
10-берене
1. Кыргызстанда табийгый алаамат болгон учурда, конституциялык түзүлүшкө түздөн-түз коркунуч жаралган жагдайда, көпчүлүктүн өмүрүнө коркунуч туудурган кысым жана зомбулук болгондо, ошондой эле конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарда жана мөөнөттөрдө өзгөчө кырдаал абалы киргизилиши мүмкүн.
2. Өзгөчө кырдаал абалы Президент тарабынан киргизилет.
11-берене
1. Кыргызстан мамлекеттик символдорго – улуттук Тууга, Гербге жана Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.
2. Кыргызстандын борбору — Бишкек шаары.
3. Кыргызстандын акча бирдиги – сом.
4. Кыргызстан менен чет мамлекеттердин ортосунда ошондой эле алардын жарандары аралык чарбалык-экономикалык мамилелеринде төлөм каражаты катары чет элдик валюталарды колдонууга жол берилиши мүмкүн.
5. Кыргыз тили— мамлекеттик тил, мамлекеттик ишмердүүлүктүн, улуттар аралык, жарандык жана диний мамилелердин милдетин аткарат.
6. Кыргызстанда жазма маалыматтар мамлекеттик тилде жана кыргыз арибинде жазылат, башка тилдеги жана ариптеги жазуулар котормо ирээтинде колдонулушу мүмкүн.
12-берене
1. Кыргызстанда элдик, мамлекеттик, жеке жана башка мыйзамдарда аныкталган менчик түрлөрү таанылат жана бирдей корголот.
2. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөрү жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргызстандын элдик менчиги болуп саналат, алар бүтүн экологиялык системаны сактоо жана Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.
3. Менчиктештирилген жер тилкелелери Кыргызстандын жарандарына гана сатылат.
4. Ушул Конституция кабыл алынгандан баштап, Кыргызстандагы жер, андагы кен байлыктар жана жаратылыш ресурстары ажырагыс, сатылбайт жана жеке менчикке берилбейт.
5. Жайыттардан тышкаркы жер тилкелери гана Кыргызстандын жарандарына кыска жана узак мөөнөткө келишим менен ижарага берилиши мүмкүн.
6.Жер тилкелери чет элдик ишкана-уюмдарга ижарага биринчи жолу 5 жылга чейин, эгер жер тилкеси өздөштүрүлсө, андан кийин ар бир 10 жылда узартуу укугу менен берилет. Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө эл аралык келишимдердин негизинде берилиши мүмкүн.
7. Менчик кол тийгис. Эч ким мыйзамдын чегинен чыккан өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары, аны мүлкүнөн ажыратууга соттун чечими менен гана жол берилет.
8. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана наркын сактоо, адамдардын укуктары жана эркиндиктерин коргоо максатында, соттун чечимисиз мүлктү убактылуу алып коюуга, мыйзамда каралган учурларда жол берилет. Мүлктү мындай алып коюнун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга жатат.
9. Мыйзамда каралган мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу, ал мүлктүн ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен же соттун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
10. Жарандардын жана юридикалык тараптардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу), мыйзамдын негизинде ал мүлктүн жана башка чыгымдардын ордун толтуруу менен жүргүзүлөт.
11. Менчиктер коомго жана экологияга зыян келтирбегендей колдонулат, өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө кызмат кылат жана менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.
13-берене
1. Кыргызстандын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын өзүнө камтыйт.
2.Кыргызстандын социалдык-экономикалык жылдык өнүгүү программасы — мамлекеттик бюджетте чагылдырылат.
3. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн, кабыл алуунун, пайдалануунун тартиби, ошондой эле аларды аткарууну текшерүү мыйзам менен аныкталат.
4. Республикалык бюджет Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан мыйзам менен, жергиликтүү бюджеттер тиешелүү жергиликтүү Кеңештердин чечими менен кабыл алынат.
5. Кыргызстанда бирдиктүү салык системасы иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Мыйзам чыгаруу жыйынына таандык.
14-берене
1. Кыргызстанда экономикалык мамилелерди мамлекеттик илимий жөндөлүүчү рынок экономикасы түзөт.
2. Кыргызстандын экономикалык түзүлүшүн, ушул Конституцияда аныкталган менчиктерге негизделген ишкердик тараптардын талаптарына жана социалдык ыңгайлашкан рыноктун мыйзамдарына, коомдун муктаждыгына жана өлкөнүн өнүгүүсүн шарттаган экономиканын жана өнөктөштүктүн өз-ара ылайыкташуу кызматташтыгы аныктайт.
3. Кыргызстан улуттук экономиканын кызыкчылыктарын сактайт жана аларды коргоо чараларын көрөт.
4. Мамлекет ыктыярдуу негизде биригишкен ар түрдүү формадагы айыл чарба бирикмелерин колдойт, алардын өз алдынчалыгын тааныйт.
5. Чет элдик жарандар жана юридикалык тараптар, башка мамлекеттер жана эл аралык субъектилер Кыргыз Республикасындагы менчик объектилеринин тагдырын чечүүгө, ошондой эле сырт тарап көпчүлүккө ээ болгон ишканаларды түзүүгө жол берилбейт.
6. Стратегиялык маанилүү тармактардын көзөмөл пакети мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын колунда болот.
7. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик субъектилердин баары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийет.
15-берене
1.Кыргызстандын Конституциясы эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргызстанда түздөн-түз колдонулат.
2. Ушул Конституциянын түп нускасы мамлекеттик тилде жазылды жана башка тилдеги котормосу менен талаштуу учурларда, мамлекеттик тилдеги Конституциянын редакциясы артыкчылык укугуна ээ.
3. Кыргызстандын Конституциясынын негизинде Конституциялык мыйзамдар, кодекстер, мыйзамдар, Президенттин Указдары жана башка укуктук ченемдик актылар кабыл алынат.
4. Мыйзам бекиткен тартипке ылайык, Кыргызстан катышуучу болуп күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана эл аралык укуктук ченемдер Кыргызстандын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2- БАП. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН РУХАНИЙ НЕГИЗДЕРИ
16-берене
Кыргызстанда:
1. Байыртан бери өз ишенимин, руханий жана материалдык маданияттарын, улуттук философиясын оозеки жана жазма шедеврлерин жаратып, мамлекеттүүлүктүн белгилүү формаларын басып өткөн кыргыз эли мамлекеттин өзөгүн түзүүчү улут болуп таанылат жана мамлекеттин тагдырына жооп берет.
2. Мамлекет Улуттук идеологияны карманат, кыргыздын жолдуулук ченемдерин жана улуттук наркты элдин бардык катмарына жайылтууну камсыз кылат.
3. Мамлекет кыргыз элинин салттуу жамаатчылыгын тааныйт жана салттуу коом түзүү тажрыйбаларын заманбап колдонууга милдеттүү.
4. Мыйзамдарды жана башка укуктук ченемдик актыларды элге толук жеткирүү үчүн жалпыга маалымдоочу каражаттарда жарыялоо, алардын күчүнө кириши үчүн керектүү шарт болуп эсептелет.
17-берене
1. Мамлекет, билим берүүнү экономикалык, социалдык жана маданий теңсиздикти жоюу, атуулдардын эркин коомду демократиялуу өнүктүрүүгө катышуу, илимий жетишкендиктерге ээ болуу шарттарын түзүү менен өнүктүрөт.
2. Мамлекет илимий жана технологиялык изилдөөлөргө, чыгармачылык изденүүлөргө кызыктыруу шарттарын түзөт.
3. Элдин саламаттыгына кам көрүү, республикада алдын алуучу медицинаны өнүктүрүү, ага тиешелүү экономикалык жана экологиялык шарт түзүү, мамлекеттин башкы милдеттеринин бири.
4. Мамлекет тарыхий эстеликтерди коргойт, адабият, искусство, илим, жалпыга маалымдоочу каражаттардын жана спорттун өнүгүшү үчүн керектүү шарттарды түзөт.
18-берене
1. Дин мамлекеттен ажыратылган. Диний уюмдар жана бирикмелер мамлекеттин тартибине жана иштерине кийлигишпейт.
2. Диндин, элдин байыртадан калыптанган улуттук маданиятына, наркына, каада – салтына, үрп – адатына жана ырым — жырымдарына кедерги болуусуна тыюу салынат.
3. Мамлекет диний багыттагы ишмердүүлүктү көзөмөлдөйт жана ага тескөө жүргүзөт.
19-берене
Кыргызстанда төмөнкү аракеттерге жана ишмердүүлүктөргө тыюу салынат.
1. Саясий маселелер боюнча:
1) Автономиялык аймактык бирдиктерди түзүүгө;
2) Улуттук сепаратизмге, шовинизмге, уруулардын ынтымагын кетирүүгө;
3) Мамлекеттик жана партиялык институттардын биригүүсүнө, диний жана этникалык негизде саясий партия түзүүгө, мамлекеттик түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлүндүрүүгө, социалдык, улуттар аралык, диний касташууну тутандырууга, элдик асыл нарк, дөөлөт мурастарга залака келтирүүгө багытталган партиялык, коомдук, мамлекеттик эмес уюмдардын иш аракеттерине;
4) Куралдуу Күчтөрдү ички саясий маселелерди чечүүгө пайдаланууга;
5) Жарандардын бирикмелерине аскердик тутумдарды түзүүгө;
6) Социалдык, расалык, улуттар аралык, тил же диний көз караштагы жек көрүү жана артыкчылык кылуу сезимдерин ойготкон пропаганда же үгүт иштерине;
7) Кыргызстандын улуттук кызыкчылыкка каршы иштеген жана чет өлкөлөрдөн каржыланган партиялардын, бей өкмөттүк уюмдардын, диний агымдардын жана жеке адамдардын аракеттерине;
8) Инсандын ар-намысына шек келтирген, адамды басынткан, гуманизмге каршы диндерди жайылтууга жана диний экстремизмге;
9) Диний ишмердүүлүктүн улуттук баалуулуктарга залакасын тийгизүүсүнө, аларга саясий максаттар менен милдеттерди көздөөгө;
10) Жалпы баалуулуктарга каршы келчү басылма, жалпыга маалымдоо каражаттарын, оюн-зоок жана башка коомдук чараларды уюштурууга, цензурага.
2. Адамдын эркиндиктери жана укуктары боюнча:
1) Мектеп жашындагы балдарга мамлекеттик программадагы милдеттүү негизги билим берүүнүн ордуна башка билим берүүгө;
2) Коомдук бирикмелерде, саясий партияларда, массалык кыймылдарда жана бийликтин өкүлчүлүк органдарында оппозициялык азчылыкты түзгөн адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана ар-намысын кемсинтүүгө;
3) Мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка, адамдын макулдугусуз ал жөнүндө купуя маалымат топтоого, сактоого, жайылтууга;
4) Адамдарга алардын өз макулдугу менен күбөлөндүрүлгөн тартипти сактабай медициналык, биологиялык, психологиялык жана кибернетикалык тажрыйбаларды жүргүзүүгө.
3. Мыйзам чыгаруу ишмердиги боюнча:
1) Юридикалык же жеке тараптын же алардын бирикмелеринин экономикалык ишмердиктерин ар кандай жолдор менен үстөмдүккө алып келүүчү укуктук ченемдик актыларды кабыл алууга;
2) Адамдын эркиндигин жана укуктарын жокко чыгарган, же басмырлаган, жарандардын социалдык-экономикалык абалын начарлатуучу мыйзамдарды кабыл алууга;
3) Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган укуктар менен эркиндиктерден ашык максаттар жана эркиндиктер каралган мыйзам кабыл алууга ;
4) Улуттук коопсуздук кызматынын ишин негиздөөчү мыйзамдарына же инструкцияларына кыргыз элинин наркына, салтына залака келтирүүгө же үй-бүлөнүн ыркын кетирүүгө алып келүүчү идеяларды, беренелерди киргизүүгө;
5) Согуштук же өзгөчө кырдаал абалынын учурунда Кыргызстандын Конституциясына жана Конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө;
4. Экономикалык маселелер боюнча:
1) Жаңы салыктарды киргизүүдө салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдарды өткөн мезгилге карата кабыл алууга;
2) Бир туугандык же үй-бүлөлүк жакындыгы бар адамдардын мамлекеттик жооптуу кызматтарда бирге иштөөсүнө;
3) Мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген адамдарга жана алардын жакын туугандарына чет өлкөдө жашырылган активдерди кармоого;
4) Кыргызстанда иштеп табылган капиталды чет өлкөгө келишимде белгиленген өлчөмдөн ашыкча жана жашыруун чыгарып кетүүгө;
5) Адамдарды жалданма жумушка эмгек келишимисиз иштетүүгө;
6) Балдарды жалданма эмгекке пайдаланууга;
7) Эмгек акыларды купуя чегерүүгө жана өкмөт бекиткен экономикалык ченемдерден жогору дайындоого;
7) Айыл чарбасынын, республикалык маанидеги авто жана темир жолдоруна же электр чубалгыларына, аэропортторуна, суу сактагычтарына керектелүүсүнөн башка максаттарга, сугат жерлерин пайдаланууга;
20-берене
Кыргызстанда мамлекеттик бийлик органдарынын, өкүлчүлүктүү бийлигинин, аткаруу бийлигинин, сот бийлигинин жетекчилери жана алардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери, ушул Конституцияда жана атайын мыйзамдарда аныкталган укуктарын жана милдеттерин аткарбаса, ошондой эле укукка туура келбеген чечимдердин кабыл алынышына алып келген аракеттери же аракетсиздиги үчүн, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган учурда жана ыйгарым укуктарынын чегинен чыкканда, мыйзамга ылайык саясий, укуктук, администрациялык жана кылмыш-жазык жоопкерчиликтерине тартылышат.
II БӨЛҮМ. АДАМДЫН, ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ,
ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
1- БАП. АДАМДЫН ЖАЛПЫ ТААНЫЛГАН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
21-берене
1. Адамдын укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык жана бардык адамдарга бирдей, мыйзам менен коргоого алынуучу эң жогорку баалуулуктар болуп таанылат. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердигинин маани-маңызын аныктайт.
2. Кыргызстанда адамдын негизги укуктары жана эркиндиктери жалпы таанылган эрежелерге жана ченемдерге, адам укуктары боюнча Кыргызстан катышкан эл аралык келишимдерге ылайык таанылат жана кепилдикке алынат.
3. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.
Эч ким жынысы, расасы, тили, улуту, саясий өңүтү, туткан дини, мүлктүк абалы, курагы, майыптуулугу жана башка өздүк же коомдук мүнөздө таанылган көз караштары боюнча кодулоого же кысымга алынбайт.
22-берене
1. Мыйзам алдында бардык адамдар бирдей. Адамдар, мамлекеттик кызматкерлер ушул Конституциянын жана башка мыйзамдардын талаптарына ылайык, башка адамдардын укугун, кадыр-баркын жана ар-намысын сыйлоого, коомдук жүрүм-турум эрежелерин жана ченемдерин сактоого, кыргыздын жолдуулук ченемдерине жана коомдук кызыкчылыктарга урматтоо менен мамиле жасоого негизделген этикалык кодекс менен аныкталат.
2. Жеке адам, өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруусунда, башка адамдардын укугун жана эркиндиктерин бузбоо, үй-бүлөнүн, жамааттын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетирбөө жоопкерчилигин тартат.
3. Башка өлкөлөрдүн жарандарын Кыргызстанга иштегенге, окуганга, эс алганга жана башка максаттар менен киргизүү квота менен жүргүзүлөт. Жашап, иштеп, окуп жаткан жана башка ишмердүүлүк менен алектенген иммигранттар кыргыз тилин жана тарыхын билүүгө, анын маданиятын, улуттук каада-салтын урматтап ызаттоого милдеттүү.
4. Кыргызстан алган эл аралык милдеттенмелерге ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, саясий жүйөөлөр менен куугунтукталганда жана адам укугу бузулган жагдайда Кыргызстандан башкалка берилиши мүмкүн.
23-берене
1. Кыргызстан чет өлкөлөрдө жүргөн өз жарандарын коргоо жана калкалоо кепилдигин алат.
2. Кыргызстан жарандыгына карабастан чет өлкөлүк этникалык кыргыздардын укуктарын, эркиндиктерин коргойт, маданий-экономикалык жактан колдоого алат.
3. Кыргызстандын жараны башка мамлекеттин талабы менен республиканын чегинен сыртка чыгарылбайт жана башка мамлекетке берилбейт.
2- БАП. КЫРГЫЗСТАНДА АДАМДЫН, ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ,
ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
24-берене
Кыргызстанда :
1. Жарандардын ушул Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген эркиндиктери жана укуктары мамлекет тарабынан камсыз кылынат.
2. Ушул Конституцияда бекитилген укуктар жана эркиндиктер, адамдын башка Кыргызстан кошулуп кабыл алган белгилүү укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарбайт.
3. Жарандардын эркиндигин жана укугун коргоо, укук бузууларды болтурбоо, бузулган укуктарды ордуна келтирүү, мамлекеттик бардык бийлик органдарынын жана кызмат адамдарынын милдети болуп саналат.
4. Адамдын ар намысы, инсандык кадыр-баркы ыйык жана алардын кол тийбестиги мыйзамдар менен корголот.
5. Ар бир адам ушул Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иш-аракеттерди жана иштерди жасоого укуктуу.
25-берене
Кыргызстанда :
1. Адамдын Кыргыз Республикасына таандыгы, жарандык берүүнүн тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.
2. Кыргызстандын жараны бир жактуу өз жарандыгынан ажыратылбайт жана жарандыгы өзгөртүлбөйт, аны өзгөртүү жарандын жеке укугу.
26-берене
1. Жаран мыйзамга ылайык укуктарга ээ жана ага тагылган милдеттерди аткарат.
2. Жарандардын укугу жана милдеттери жөнүндө Кыргызстандын мыйзамдары бардык жарандарга бирдей колдонууга жатат, Кыргызстандын Конституциясында жана жарандарды социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдарда жол берилген шарттардан тышкары эч бир жаранга өзгөчө артыкчылык жана укук берилбейт.
27-берене
Кыргызстанда ар бир адам төмөнкүлөргө укуктуу:
1. Табигый жашоого, өмүрүнүн мыйзамсыз, кыянаттык менен кыйылбастык кепилдигине;
2. Өзүнүн жана башка адамдардын өмүрүн, алардын ден-соолуктарын мыйзамсыз кол салуулардан коргоого;
3. Жеке жашоосунун кол тийбестигине, кадыр-баркын жана ар-намысын коргоого;
4. Анык маалымат чогултууга, сактоого, колдонууга жана аны оозеки, жазуу жүзүндө жайылтууга;
5. Эркин ой жүгүртүүгө жана өз ой-пикирин ачык билдирүүгө, сөз, басма сөз эркиндигине жана аларды тоскоолсуз жайылтууга;
6. Өз оюн жана ынанымын ачыкка чыгарууга мажбурлабоо кепилдигине;
7. Дин тутуу же кыргыздын байыркы ишенимин кармануу эркиндигине жана атеисттик ынаным кепилдигине;
8. Өз улутун эркин жарыялоого;
9. Өз эне тилин сактоого жана өркүндөтүүгө;
10. Ар бир адам каалаган техникалык каражат менен кабарлашууга, сүйлөшүүгө жана алардын купуялуулугуна. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык соттун чечиминин негизинде гана жол берилет;
11. Мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын, коомдук уюмдардын мыйзамсыз аракеттерине каршы даттанууга;
12. Арыздарына, даттанууларына жана кайрылууларына, алар түшкөн тартипте, бир айдын ичинде көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат алууга;
13. Мамлекеттин эсебинен жигердүү укуктук жардам алууга;
14. Соттолгон адам ишин, мыйзамга ылайык, жогору турган сотто кайра каратууга;
15. Жазалоо чарасына ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү суранууга.
28-берене
Кыргызстандын жарандары төмөнкүлөргө укуктуу:
1. Коомду жана мамлекетти түздөн-түз же өздөрү шайлаган өкүлдөрүнө укугун табыштоо аркылуу башкарууга катышууга;
2. Улуттук Курултайга, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоого жана аларга шайланууга, референдумдарга катышууга;
3. Республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга;
4. Республикалык жана жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга жана бюджеттик киреше-чыгаша боюнча маалымат алууга;
5. Өзүнүн коомдук саясий жигердүүлүгүн Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык куралсыз, тынчтык жолу менен жыйындарда, митингдерде, демонстрацияларда, жөө жүрүштөрдө жана пикеттерде бийлик органдарына алдын ала билдирүү менен ишке ашырууга;
6. Биригүү эркиндигине;
7. Билим алууга жана илим изилдөөгө;
8. Эмгектенүүгө жана эс алууга;
9. Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу кызматтарына бирдей орношууга;
10. Кесиптик жана чыгармачылык союздарды түзүүгө;
11. Иш таштоого;
12. Экономикалык эркиндикке, мыйзам тыюу салбаган өзү каалаган экономикалык ишмердүүлүктө жөндөмүн жана жеке мүлкүн эркин колдонууга;
13. Өз менчигин өзү каалагандай колдонууга жана пайдаланууга, өзүнүн акыл-эс жана чыгармачылык ишмердигинин үзүрүн көрүүгө.
14. Саламаттыгын сактоого, мамлекеттик саламаттык сактоо тармагынын кызматынан мыйзамга ылайык акысыз пайдаланууга;
15. Турак жай күтүүгө;
16.Кыргызстандын чегинде эркин жүрүүгө, убактылуу турууга, жашаган жерин тандап алууга, Кыргызстандан каршылыксыз эркин чыгып жана кайтып келүүгө;
17. Мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик сырга байланыштуу өзгөчө маалыматтардан сырткары мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарындагы, мекемелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга;
18. Өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө жалган маалыматтарды алып салууга, маалыматты тактоодо, сактоодо, жайылтууда келип чыккан моралдык жана материалдык зыянды төлөтүү талабы менен сотко кайрылууга;
19. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга;
20. Кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен кайрып алууга;
21. Ар ким мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралуу маалыматтарды алууга.
22. Ар кимге мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга.
29-берене
1. Кыргызстанда жеке менчик адамдын ажырагыс укугу катары таанылат жана кепилдикке алынат, анын жашоо турмушунун, ишмердүүлүгүнүн жана чыгармачыл жигердүүлүгүнүн табигый булагы катары каралат, экономикалык жана жеке инсандык көз карандысыздыгынын кепилдиги.
2. Менчикти пайдалануу башка адамдардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирбегендей, коомдун кызыкчылыктарына, жер-сууга, курчап турган табигый чөйрөгө жана табигый ресурстарга кедергисин тийгизбегендей жүргүзүлөт.
3. Жарандарга интеллектуалдык менчигин коргоо кепилдиги берилет.
4. Кыргызстанда мурас укугу мыйзам аркылуу корголот жана кайтарууга алынат.
30-берене
1. Кыргызстандын жараны адистигине жана жөндөмдүүлүгүнө жараша жумуш же кызмат тандап алууга, техникалык коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына ылайык эмгек шартына, эмгек акы алууга жана социалдык коргоого укуктуу.
2. Эмгектенүүнүн жана жумуш убагынын мөөнөтү, жума ичиндеги эс алуу күндөр жана жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү, ошондой эле эс алуу укугун ишке ашыруунун шарттары мыйзам жана эмгек келишими менен аныкталат.
3. Билим берүүдө, саламаттык сактоодо, укук коргоодо, экономикада жана маданиятта, теориялык илимден тышкаркы илим изилдөөдө, мамлекеттик жана аскердик кызматта жана мамлекеттин башка тармактарында жарандардын жетишкен эң мыкты эмгектери, аскердик күжүрмөн даярдыктары жана илим изилдөөлөрү өндүрүшкө киргизилип же турмушка ашып, экономикалык же социалдык олуттуу натыйжа бергенде гана, аларга атайын наамдар жана илимий даражалар ыйгарылат.
4. Атайын наамдардын жана илимий даражалардын түрү жана саны, алардын максаттуулугу эл аралык ченемдерге ылайык, мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен киргизилет.
31-берене
1. Жарандарга жана социалдык жактан муктаж адамдарга медициналык кызмат мыйзамга ылайык акысыз көрсөтүлөт. Акысын төлөп дарыланууга мыйзам тарабынан бекитилген негизде жана тартипте жол берилет.
2. Кыргызстандын жарандары ден-соолукка жагымдуу жаратылыш чөйрөсүн күтүүгө акылуу. Ким болсун, жашоосундагы жаратылыш шартына, ден соолугуна же мүлкүнө физикалык же юридикалык тараптардын келтирилген зыяндарын төлөтүп алууга укуктуу.
32-берене
1. Негизги жалпы билим алуу акысыз жана милдеттүү. Акысын төлөп билим алууга мыйзам тарабынан бекитилген негизде жана тартипте жол берилет.
2. Мамлекет жаштарды бир жумушчу адистигине акысыз окутууга милдеттүү.
3. Илим изилдөө жана жаңы технологияларды иштеп чыгуунун мамлекеттик стратегиясы университеттерде, жогорку окуу жайларда жана атайын илим изилдөө институттарда түптөлөт.
4. Улуттук жана фундаменталдык илим изилдөөиштеримамлекеттик бюджеттен каржыланат.
5. Мамлекет жарандарга руханий тарбия берүүнүн булагы катары маданий баалуулуктар менен таанышууга, искусство менен алектенүүсүн колдоого алат.
6. Мамлекет дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүнү колдоого алат.
33-берене
1. Үй-бүлө — коомдун негизи, генофондду сактоо, балдарды багып-өстүрүү, аларды тарбиялоо, ата-энелердин табигый укугу жана жарандык милдети.
2. Үй-бүлө күтүүдө, мыйзам менен катар, кыргыз элинин салттуу адаттары колдоого алынат.
3. Балалык – мыйзам менен бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана артыкчылыктуу корголот. Балдардын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө жана тарбияланышына, ата-энелери, балдардын мектеп жашына чейинки мекемелери жана тарбыячылары, мектептер, кесиптик, орто жана жогорку окуу жайлары милдеттүү.
4. Жашы жеткен, эмгекке жарамдуу балдар ата-энелерине кам көрүүгө милдетүү.
5. Улууларды урматтоо, туугандарына жана жакындарына кам көрүү адамдардын ыйык милдети.
6. Мамлекет жетим же ата-эненин багуусунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат жана аларды чет өлкөлүк жарандарга асыроого жол бербейт.
34-берене
1. Кыргызстандын жарандары карылыгына, оорусуна байланыштуу эмгекке жарамдуулугун жоготкондо, багуу камкордугун көргөн жакындарынан айрылса же багуу камкордугун көрчү адамы жок болсо, мыйзамга ылайык социалдык камкордук көрсөтүлөт.
2. Коомдун экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсиялар, жөлөк пулдар жана социалдык жардамдын башка түрлөрү мыйзамда аныкталган тиричилик каражатынын эң төмөнкү өлчөмүнөн кем эмес турмуш деңгээлинде камсыз кылынат.
3. Мамлекеттин социалдык ишмердиги жарандын өзү жана үй бүлөсү үчүн экономикалык жыргалчылыкка өзү жетишүүгө болгон экономикалык эркиндигин, жигердүүлүгүн жана мүмкүнчүлүгүн алмаштырган мамлекеттик камкордукка айлантпоо жоопкерчилигинде жүргүзүлөт.
35-берене
1. Кыргызстандын жарандары турак жай менен мамлекеттик, муниципалдык, кооперативдик жана жеке турак-жай фондусун өнүктүрүү жолу аркылуу, мыйзамдарга ылайык жарандарга турак жайлуу болууга көмөк көрсөтүү шарттарына жана тартибине жараша камсыздалат.
2. Турак жай кол тийгис. Эч ким турак жайга, анын жашоочуларынын эркинен тышкары кире албайт.
3. Мыйзамда каралган учурда гана тинтүү жана башка иштерди жүргүзүү, турак жай ээсине көрсөтүлгөн аракеттердин мыйзамдуулугун сот аркылуу коргоо укугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
36-берене
1. Мекенди коргоо Кыргызстандын ар бир жаранынын ыйык милдети.
2. Кыргызстандын жарандыгы бар ар бир уланы аскер кызматын өтөөгө милдеттүү.
3. Курчап турган чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо мамлекеттин жана ар бир жарандын милдети.
37-берене
1. Ар бир жаран жана жарандыгы жок адамдар салыктарды жана төлөмдөрдү мыйзамдарга ылайык өз убагында төлөөгө милдеттүү.
2. Экономикалык көмүскө ишмердүүлүк менен алектенип, салыктарды жана төлөмдөрдү төлөөдөн качуу— экономикалык кылмыш болуп эсептелет.
38-берене
1. Эч ким мыйзамдын талабына ылайык соттун чечими чыкмайын камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркинен ажыратылышы мүмкүн эмес.
2. Конституция жана мыйзамдар коомдогу тараптардын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, чек ара бүтүндүгүн, Конституциялык түзүлүштү коргоо максатында гана адамдын социалдык, саясий жана жарандык укугуна жана эркиндигине мыйзамдуу чек коюууга жол берет.
39-берене
1. Эч ким прокурордон санкциясыз 48 сааттан жана соттун чечимисиз 10 суткадан ашык мөөнөткө кармалбоого тийиш, адам коомго коопсуздук жаратпаса 6 айдан ашык кармалбоого тийиш.
2. Кармаган орган тарабынан, ар бир кармалган адам, кармалган учурдан тартып 48 саат өткөнгө чейин кандай гана жагдай жана учур болбосун, кармоонун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн прокурорго, ал эми 10 сутка өткөнгө чейин сотко жеткирилиши керек.
3. Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу камсыз кылынат.
4. Кармалган адам мыйзамда белгиленген тартипте жана мезгилине жараша кармап туруунун мыйзамдуулугун текшерүүгө укуктуу. Адамды кармоого негиздер жок болсо, ал адам токтоосуз бошотулат.
5. Эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып, адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзү коргоого, адвокаттын квалификациялуу жардамынан пайдаланууга жана коргоочу күтүүгө мүмкүндүк берилет.
40-берене
1. Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экендиги далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирмейинче кылмышка күнөөлүү деп эсептелинбейт. Бул принциптин бузулушу сот аркылуу ага материалдык жана моралдык зыянды төлөп берүүгө негиз түзөт.
2. Тергөөдө жана соттук териштирүүдө айыпталуучуга коргонуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр берилет.
3. Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кошумча юридикалык жоопкерчилик тартпоого тийиш.
4. Сот өндүрүшүнүн мөөнөтү бир инстанцияда 6 айдан ашпоого тийиш.
5. Мыйзамда “өзгө оор”-деп каралган кылмыштарды жасагандарга жазалоонун өзгөчө чарасы-өлүм жазасы колдонулат.
41-берене
1. Кылмыш ишин тергөө көз карандысыз бирдиктүү териштирүү органы -Тергөө комитети тарабынан жүргүзүлөт. Тергөө комитетинин түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.
2. Адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатураны уюштуруу жана анын ишмердиги, ошондой эле адвокаттын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат.
3. Жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн бейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн. Бейтарап сотторду түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.
4. Айылдык жана конуштук Аксакалдар соттору, жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды чечүүдө кыргыздын жолдуулук ченемдеринин жана улуттук этикасынын сакталышын карайт. Аксакалдар сотун түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.
III БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКҮЛЧҮЛҮК БИЙЛИГИ
42-берене
1. Республикалык Нарктык Кеңеш, республиканын кыргыз салттуу жамааттарынын жана аймактык аксакалдар кеңештеринин жогорку органы болуп саналат.
2. Нарктык Кеңештин мүчөлөрү кыргыз салттуу жамааттары жана аймактык аксакалдар кеңештери тарабынан, элдин рухий дөөлөтүнө каныккан, инсандык жана ишмердик сапаттары менен коомчулукка үлгү болорлук улуу муундун өкүлдөрүнөн мыйзамга ылайык шайланат.
3. Нарктык Кеңеш эл арасында бийик нарктык-укуктук ченемдердин калыптанышын, каада-салттын сакталышын жана иштешин көзөмөлгө алат, кыргыздын асыл баалуулуктарына, мекенчилдикке жана ыймандуулукка негизделген, жаратмандыкты жана өлкөнүн өнүгүүсүн багыттоочу Улуттук идеологияны жана кыргыздын жолдуулук ченемдерин түптөйт.
4. Нарктык Кеңеш, Улуттук Курултайга, Президентке жана башка мамлекеттик жогорку органдарга идеологиялык маселелер боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
5. Нарктык Кеңеш жергиликтүү салттуу жамааттаррынын жана аксакалдар кеңештеринин мамлекеттик маанилүү маселелер боюнча пикири жөнүндө элге билдирүү жасоого укуктуу.
6. Нарктык Кеңештин чечими анын мүчөлөрүнүн макулдугу менен кабыл алынат.
1— БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛДИК ЖЫЙЫНДАРЫ
43-берене
1. Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө укуктуу.
2. Республикада— Улуттук Курултай, аймактарда— аймактык Жыйындар жана айылдык, конуштук башкармалыктарда— айылдык, конуштук Чогулуштар жүргүзгөн бийлик, мамлекеттин негизги башкаруу формасы болуп саналат.
3. Улуттук Курултайдын, жыйындардын иштөө тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат.
44-берене
1. Улуттук Курултайдын курамы ар бир айылдык жана конуштук башкармалыктардан экиден шайланган өкүлдөн турат.
2. Улуттук Курултайдын өкүлүнө Кыргызстандын жаш курагы 25ке толгон, соттолбогон, инсандык, ишмердик сапаттары менен элдин кадыр баркына ээ болгон, Кыргызстандын жараны 4 жылга шайланат.
3. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары жана Нарктык Кеңештин мүчөлөрү Улуттук Курултайдын жыйындарына чечүүчү добуш менен катыша алат.
4. Бардык деңгээлдеги Курултайлардын өкүлдөрү шайлоочуларына жооптуу жана өзүнө тиешелүү милдетти аткара албаса же мыйзамсыз ишке барса, өзүнүн шайлоочуларынын көпчүлүк добушу менен өкүлчүлүк укугунан ажыратылат.
5. Улуттук Курултайдын чечимдерди оор жагдай жаратса, Нарктык Кеңештин талабы менен өкүлдөрүнүн жалпы санынын 2/3 добушу менен Улуттук Курултай таратылат.
45-берене
1. Улуттук Курултайдын жыйынын анын жаш курагы боюнча эң улуу өкүлү ачып, Жумушчу Президиум жана анын Төрагасы шайланганга чейин алып барат.
2. Улуттук Курултайдын жыйынын, анын жүрүш мөөнөтүнө гана шайланган Жумушчу Президиум жана анын Төрагасы башкарат.
3. Улуттук Курултайдын жогорку бийлик бутактарынын жана мамлекеттик атайын органдарынын башчыларынын отчётторунун канааттандырарлык эместигине байланыштуу кабыл алган чечимдери императивдик мааниге ээ, ал эми калган маселелер боюнча кабыл алган чечимдери сунуш иретинде тийиштүү органдарга, мекемелерге таркатылат.
4. Чечимдерди кабыл алуу тартиби Улуттук Курултайдын жүрүшүндө кабыл алынат.
5. Улуттук Курултай жылына бир жолу март айында өткөрүлөт. Жагдай талап кылганда кезексиз Улуттук Курултай өтөт. Улуттук Курултайды Кыргызстандын Президенти же Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйыны мыйзамга ылайык чакырууга укуктуу.
46-берене
Улуттук Курултай:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлайт;
2. Кыргызстандын Вице-Президентин, Кыргызстандын Өкмөтүнүн түзүмүн жана өздүк курамын Кыргызстандын Президентинин сунушу менен бекитет;
3. Конституциялык Соттун мүчөлөрүн жана төрагасын, Жогорку Соттун мүчөлөрүн жана төрагасын, Башкы Прокурорду, Улуттук Банктын, Эсептөө Палатасынын жана Статистика комитетинин төрагаларын, Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана Улуттук маалымат Агенствосунун директорун 5 жылдык мөөнөткө шайлайт.
4. Өлкөнүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын, коопсуздугун, ички жана тышкы саясатынын негизин карайт жана бекитет;
5. Улуттук идеологияны жана кыргыздын жолдуулук ченемдерин карайт жана аны бекитет;
6. Улуттук Курултай өзү шайлаган же дайындаган жогорку бийликтеги кызмат адамдарынын кызматтан кетүүсүн кабыл алат жана аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте бошотот.
7. Мыйзам чыгаруу жыйынынын, Кыргыз Өкмөтүнүн республикалык башкаруу баскычтарга жана аймактык бөлүштүрүүлөргө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунуштарын карайт.
8.Кыргызстандын Президентинин билдирүүсүн жана кайрылуусун угат.
9. Мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердигине көзөмөл жүргүзөт.
47-берене
1. Улуттук Курултай өзүнүн Катчылыгын түзөт, анын жобосун жана Баш катчысын бекитет.
2. Улуттук Курултайдын Катчылыгы, чакырылган Улуттук Курултайдын ишин уюштурууга катышуучу, жыйындар аралыгында анын чечимдерин иш жүзүнө ашыруучу, туруктуу иштөөчү жумушчу орган.
3. Улуттук Курултайдын Катчылыгы жана бардык түзүмдөрү, аларга бекитилген милдеттердин чегинен чыгууга жана өз алдынча мамлекеттик же өкмөттүк деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга укуксуз жана мамлекеттик, өкмөттүк органдардын күнүмдүк ишине кийлигишпейт.
48-берене
1. Улуттук Курултай жыл сайын Кыргызстандын Президентинин, Мыйзам чыгаруу жыйынынын, Конституциялык Соттун, Жогорку Соттун, Улуттук Банктын жана Эсептөө Палатасынын төрагаларынын, Башкы Прокурордун отчетун угат, алардын ишмердигине “Канааттандырарлык” же “Канааттандырарлык эмес” деген баа берет.
2. Жагдайга ылайык, Улуттук Курултай түзгөн Убактылуу көзөмөл комиссиясы айрым мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик жооптуу кызмат адамдарынын ишмердигин текшерүүнү жүргүзөт.
3. Башкы Прокурор, Конституциялык Сот жана Улуттук Курултайдын Убактылуу көзөмөл комиссиясы, жогорку бийлик бутактарынын жана мамлекеттик башка органдардын жетекчилеринин бир жылдык ишмердиги жөнүндө корутундуларын даярдайт жана Улуттук Курултайдын жүрүшүндө жарыялайт.
4. Улуттук Курултайда ишмердиги “Канааттандырарлык эмес” деп бааланган Президенттен башка жогорку кызматчы кызматынан четтетилет.
5. Улуттук Курултайда Кыргызстандын Президентинин ишмердиги “Канааттандырарлык эмес” деп бааланса, ушул Конституциянын талаптарына ылайык жана Нарктык Кеңештин макулдугу менен кызматынан четтетилет.
2- БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ
49-берене
1.Мыйзам чыгаруу ишмердигин Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны аткарат жана кабыл алган мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөлдүк ишин жүргүзөт.
2.Мыйзам чыгаруу жыйыны өзүнүн биринчи сессиясына анын курамынын кеминде 2/3 си шайлангандан кийин, шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан 20 күндөн кечикпей чогулат.
3.Мыйзам чыгаруу жыйынынын биринчи отурумун жаш курагы эң улуу депутаты ачат жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы шайланганга чейин алып барат.
4.Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Улуттук Курултайга Кыргызстандын Президентинин катышуусунда ант берет.
5.Мыйзам чыгаруу жыйынынын жаңы курамынын биринчи отуруму ачылгандан баштап, мурдагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын ыйгарым укуктары токтойт.
50-берене
Мыйзам чыгаруу жыйыны:
1.Саны боюнча 45 депутаттан турат. Кыргызстандын ар бир аймактарынан жана Ош шаарынан экиден, Бишкек шаарынан бешдепутат ченеминде 5 жылдык мөөнөткөжалпы эл тарабынан түз шайланат.
2.Өзүнүн курамынан Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасын жана анын эки орун басарын шайлайт.
51-берене
1. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына, шайлоо күнүнө жашы 25 ке толгон, мурда соттолбогон же мурда соттолгондугу жокко чыгарылган же мыйзам чегинде алынып салынган, шайлоого катышууга укуктуу жана депутаттыкка талапкердигин койгонго чейинки акыркы он жыл республикада жашаган Кыргызстандын жараны коё алат.
2. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты:
1) Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына баш ийет.
2) добуш берүүнүн жыйынтыгы же депутаттык көз караштары боюнча куугунтукка алынбайт.
3) кылмыш үстүндө кармалмайынча тинтилбейт, жекече аңтарылбайт, кармалбайт жана камакка алынбайт.
4) Коммерциялык мекеменин жетекчи органына же анын көзөмөл кеңешинин курамына кирбейт жана жеке ишкердик жумуштарды жүргүзө албайт.
5) Депутаттык ишмердүүлүгүнө тоскоол болбосо, илимий-педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерге катыша алат.
6) Депутат бир сессияга анын жумушчу күндөрүнүн 1/3 нен көп убакыт катышпагандыгы үчүн, Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттын статусун чечүү сунушу менен кайрылат.
7) Мыйзам чыгаруу жыйынынын макулдугу менен гана кылмыш же администрациялык жоопкерчиликке тартылат.
8) Кол тийбестик иммунитетине ээ эмес.
3. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты өзү ыйгарым укуктарын токтотууга арыз берсе, Мыйзам чыгаруу жыйыны тараса, же анын ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүн эместиги жөнүндө соттун чечими чыкса, дайынсыз жоголду же өлдү деген соттун чемими күчүнө киргенде анын ыйгарым укуктары токтойт. Депутаттын ыйгарым укугу аны айыптаган соттун өкүмү күчүнө киргенде, башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылган ишин таштабаганда, Кыргызстандын чегинен тышкары башка жакка туруктуу жашоого көчүп кетсе, Кыргызстандын жарандыгынан чыкса же жарандык укугунан ажыратылса да токтойт.
4. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мөөнөтүнөн мурда бошогон депутаттык ордуна башка депутатты шайлоо тартиби мыйзам менен аныкталат.
52-берене
Мыйзам чыгаруу жыйыны:
1. Улуттук Курултайдын жалпы өкүлдөрүнүн 2/3 добушунун чечими менен таратылат же Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын 2/3 бөлүгүнүн чечими менен өзүн-өзү таратат.
2.Таратылганда, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын Президентинин жарлыгынын негизинде Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарын шайлоону 3 айдан кем эмес мөөнөттө жүргүзөт.
3. өзгөчө кырдаал абалында же согуш убагында таратылбайт.
53-берене
Мыйзам чыгаруу жыйыны:
1. Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн төмөнкү багыттарда жүргүзөт:
1) Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карайт жана аны жалпы элдик добуш берүүгө (референдум) чыгарат;
2) Кыргызстандын мыйзамдарын кабыл алат жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
3) Кабыл алынган мыйзамдарга түшүндүрмө берет;
4) Мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык, эл аралык келишимдерди, макулдашууларды бекитет же жокко чыгарат;
5) Амнистия жөнүндө актыларды чыгарат;
6) Мамлекеттик сыр боюнча атайын мыйзам кабыл алат жана мамлекеттик сырдын сакталышын көзөмөлдөйт;
2. Өкүлчүлүктүү ишмердүүлүгүн төмөнкү багыттарда жүргүзөт:
1) Республикалык бюджетти кабыл алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;
2) Республикалык бюджеттин өнүгүүгө ыйгарылган каражаттарынан инновациялык негиздеги мамлекеттик өндүрүшкө артыкчылык берет;
3) Кыргызстандын аскер наамдарын, дипломаттык рангдарды, класстык чиндерди, атайын жана башка наамдарды бекитет;
4) Кыргызстандын ардактуу наамдарын жана ардактуу белгилерин берүүнүн тартибин бекитет;
5) Чет мамлекеттердин жетекчилеринин же алардын расмий өкүлдөрүнүн пикирин угат;
6) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн республикадан тышкаркы аймактарда колдонуу маселесин чечет.
3. Улуттук Курултайдын ыйгарым укуктарына кирбеген башка дагы мыйзамдуулукка байланыштуу маселелерди карайт жана чечет.
4. Мыйзам чыгаруу жыйыны мыйзам кабыл алуудан тышкары, өзүнө тиешелүү маселелер боюнча көпчүлүк добуш менен токтом кабыл алат.
54-берене
Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы:
1.Мамлекеттин ички жана тышкы мыйзам чыгарууга байланышкан алакаларында Мыйзам чыгаруу жыйынынын атынан чыгат;
2.Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумун алып барат;
3.Мыйзам чыгаруу жыйынынын ишин жетектейт жана отурумунда каралуучу маселелерди даярдоону, талкуулоону ишке ашырат;
4.Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган актыларга, мыйзамдарга кол коёт;
5.Кыргызстандын аткаруу, сот жана башка мамлекеттик жогорку бийлик органдары менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт;
6.Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппаратынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт;
7.Мыйзам чыгаруу жыйынынын Регламентинде көрсөтүлгөн жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
55-берене
Мыйзам чыгаруу:
1. Жыйыны өзүнүн курамынан максатка ылайык комитеттерди түзөт, убактылуу комиссияларды жана алардын төрагаларын шайлайт. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты экиден көп эмес комитетке жана комиссияга мүчө болууга укуктуу.
2. Жыйынынын комитеттери, Мыйзам чыгаруу жыйынынын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди алдын ала карап даярдайт жана Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзамдарын жана чечимдерин иш жүзүнө ашырышын көзөмөлгө алат.
3. Жыйыны мыйзамдарды жана башка укуктук ченемдик актыларды, алардын долбоорлору комитеттерде каралгандан кийин гана карайт.
56-берене
Мыйзам чыгаруу жыйынынын:
1. Сессиясынын отуруму сентябрдан баштап июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин өтөт.
2. Кезексиз сессиясы Улуттук Курултайдын, Кыргызстандын Президентинин, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын 1/3 нин демилгеси менен чакырылышы мүмкүн.
3. Мыйзам чыгаруу жыйынынын отуруму анын депутаттарынын 2/3 си катышканда ыйгарым укукка ээ.
4. Чечимдери, ушул Конституцияда көрсөтүлгөн тартипке ылайык, жыйындын отурумунда ар бир депутаттын өзүнүн гана добуш берүүсү менен кабыл алынат. Депутаттарга добуш берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
5. Уюштуруу жана ишмердүүлүк тартиби, түзүмү, штаттык бирдиги Мыйзам чыгаруу жыйынынын Регламенти жөнүндө мыйзамы менен аныкталат.
57-берене
Мыйзамдын долбоорун сунуштоо демилгесине төмөнкүлөр ээ:
1.Кыргызстандын Президенти;
2.Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты;
3. 20 миңден кем эмес шайлоочу (элдик демилге);
4. Кыргызстандын Жогорку Соту (сот түзүлүшү жана сот өндүрүшүнө байланышкан маселелер боюнча).
58-берене
1. Мыйзам долбоорлору Мыйзам чыгаруу жыйынына киргизилет.
2. Кыргызстандын Президенти тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору тезинен кабыл алынышы талап кылынган учурларда, Мыйзам чыгаруу жыйыны аларды кезексиз карайт.
3. Мыйзам чыгаруу жыйынына келип түшкөн мыйзамдын долбоорун, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы тийиштүү комитетке жиберет. Комитет бир айдын ичинде өзүнүн корутундусу менен мыйзамдын долбоорун Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосуна алып чыгат.
4. Бюджет боюнча мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөр Эсептөө Палатасынын корутундусунун негизинде Кыргыз Өкмөтүнүн макулдугу менен гана киргизилет.
5. Салыкты жокко чыгаруу, салык төлөмүнөн бошотуу, мамлекеттик каржылоо милдеттенмелерин өзгөртүш жана башка мамлекеттин бюджетинен кетүүчү төлөмдөрдү, же алардын киреше бөлүктөрүн кыскартуучу мыйзамдын долбоорлорун Мыйзам чыгаруу жыйынына киргизүү же кабыл алуу Кыргыз Өкмөтүнүн макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
6. Кыргызстандын Конституциясына түшүндүрмө берүү, Конституциялык мыйзамдар жана аларга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү мыйзамдар, эки жолудан кем эмес окулуп, Мыйзам чыгаруу жыйынынын жалпы депутаттарынын 2/3 добушу менен кабыл алынат.
59-берене
1. Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзам, бир айдын ичинде Кыргызстандын Президентине кол коюуга жөнөтүлөт.
2. Кыргызстандын Президенти бир айдын ичинде мыйзамга кол коёт же өзүнүн өзгөртүү, толуктоолору менен макул эместигин билгизип, Мыйзам чыгаруу жыйынына кайра кароого жөнөтөт.
3. Кыргызстандын Президенти тарабынан сунушталган редакция менен Мыйзам чыгаруу жыйыны макул болгон учурда Кыргызстандын Президенти бир айдын ичинде мыйзамга кол коёт.
Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын Президентинин каршылыгы менен макул болбогон учурда, мыйзам 6 айдан кийин каралат.
Мыйзам, Мыйзам чыгаруу жыйынынын экинчи жолку кароосунда мыйзам депутаттардын 2/3 добушу менен кабыл алынса, Кыргызстандын Президенти мыйзамга бир айдын ичинде кол коёт.
4. Мыйзамдын өзүндө аны күчүнө киргизүү тартиби көрсөтүлбөсө, кабыл алынган мыйзам жарыялангандан кийинки он күндөн кийин ал күчүнө кирет.
60-берене
1. Мыйзам чыгаруу жыйыны таратылса, кайра шайланган Мыйзам чыгаруу жыйынынын биринчи отуруму башталганга чейин, мыйзам чыгаруу укугу Кыргызстандын Президентине убактылуу өтөт.
2. Мыйзам чыгаруу жыйыны таратылган учурда, Кыргызстандын Президентинин мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктары, тиешелүү мыйзамдык күчү бар, токтомдорду же жарлыктарды чыгаруу менен жүргүзүлөт.
IV БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ
1— БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
61-берене
Кыргыз Республикасынын Президенти:
1. Мамлекеттин башчысы жана Кыргыз Өкмөтүн жетектеген эң жогорку кызмат адамы;
2. Конституциянын аткарылышынын, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигинин, жарандардын укугунун жана эркиндиктеринин, салттуулуктун жана адилеттиктин бекем сакталышынын кепили болуп саналат;
3. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт, аны Улуттук Курултайдын бекитүүсүнө коёт;
4. Кыргызстандын жана анын өкмөтүнүн атынан өлкөнүн ички жана эл аралык саясатын жүргүзөт жана жооп берет;
5. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо жана камсыз кылуу чараларын көрөт;
6. Мамлекеттик бийликтин ырааттуулугун, мамлекеттик органдардын биримдигин жана өз-ара макулдашып иштешин, алардын эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат;
7. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы болуп саналат;
8. Өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде милдеттүү түрдө аткарылчу жарлыктарды кабыл алуу менен жүргүзөт.
9. Президент ушул Конституцияда жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн башка дагы ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
62-берене
1. Кыргызстандын Президенти Улуттук Курултайда өкүлдөрдүн 2/3 добушу менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Талапкерлердин бири да жетишээрлик добуш ала албаса, Кыргызстандын Президенттигине башка талапкерлер кайрадан көрсөтүлөт.
2. Бир эле адамды Кыргызстандын Президенти кылып катары менен эки мөөнөттөн ашык мөөнөткө шайлоо, Улуттук Курултайдын өк‰лдөр‰н‰н 2/3 добушунан өткөндөн кийин гана жалпы элдик добуш берүү менен жүргүзүлөт.
3. Кыргызстандын Президенти болуп мамлекеттик тилде таза сүйлөгөн жана жаза билген, улуттун тарыхын жакшы билген, мекенчил, элдин нарк-насилин жана каада-салтын карманган, жогорку билимдүү, маданияттуу, ден-соолугу чың, мурда соттолбогон, Кыргызстандын чегинен тышкары жерде өзүнүн жана жакындарынын жашыруун активдери жок, Президенттикке талапкер болгонго чейин республикада кеминде 15 жыл жашаган, жаш курагы 40тан кем эмес жана 65 тен ашпаган, кыргыз тектүү Кыргызстандын жараны шайланууга укуктуу.
4.Президенттикке талапкерлер, айылдык, конуштук Чогулуштарда, жамааттардын, коомдордун жыйындарында көрсөтүлөт жана өзүн-өзү көрсөтүүгө жол берилет. Талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясында катталат.
5.Кезектеги Кыргызстандын Президентин шайлоо, ишмердүүлүгүн аткарып жаткан Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктары бүтөрүнө бир ай калганда жүргүзүлөт.
6. Кыргызстандын Президенти өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде саясий партиялардагы жана уюмдардагы ишмердигин токтотот жана кандайдыр башка кызматты ээлөөгө, ошондой эле ишкердик кылууга укугу жок.
7. Кыргызстандын Президенти кызматка киришүү алдында Улуттук Курултайдын жыйынында элге ант берет. Жаңы шайланган Кыргызстандын Президенти ант берген мезгилден тартып, мурдагы Президенттин ыйгарым укуктары токтойт.
63-берене
Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктары
1.Мамлекет башчы катары:
1) Кыргызстандын Конституциясынын жана башка мыйзамдарынын бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү аткаруу органдары жана жарандары тарабынан аткарылышын камсыз кылат;
2) Аймактык Жыйындардын сунушу менен аймактардын Акимдерин жана Бишкек, Ош шаарларынын Бектерин дайындайт;
3) Мыйзамдарга кол коёт же мыйзамдарды каршы пикири менен Мыйзам чыгаруу жыйынына кайтарат;
4) Кыргызстандын бардык аймактарында аткарууга милдеттүү болгон жарлыктарга кол коёт жана элге жарыялайт;
5) Улуттук Курултайдын жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын отурумуна катышууга жана сөз сүйлөөгө укуктуу;
2. Эл аралык маселелер боюнча:
1) Сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эл аралык, мамлекет аралык жана өкмөт аралык келишимдерге кол коёт, ыйгарым укуктарынан өкмөт мүчөлөрүнө убактылуу берүүгө укуктуу;
2) Ратификациялоо жана кызматташуу грамоталарына кол коёт;
3) Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт, аларды кайра чакырып алат;
4) Чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын ишеним жана кайра чакырып алуу грамоталарын кабыл алат;
5) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу, саясий башкалка берүү маселелерин чечет.
3. Курулдуу Күчтөрдүн кол башчысы катары:
1) Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот;
2) Жагдай талап кылганда өзгөчө абалды айрым бир жерлерде жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Улуттук Курултайга токтоосуз билдирет;
3) Өлкөнү коргоо жана анын жарандарынын коопсуздугун сактоо кызыкчылыгынан келип чыккан согуш абалын жарыялайт жана ал жөнүндө маселени Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Улуттук Курултайга токтоосуз жиберет;
4) Жалпы же айрым аймактарда чектелген мобилизациялоо жарыялайт. Мамлекетке баскынчылык жасалганда же түздөн түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул жөнүндө Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Улуттук Курултайга кабарлайт.
4. Кыргызстандын Президенти:
1) Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;
2) Кыргызстандын ардак наамдарын ыйгарат;
3) Жогорку аскердик наамдарды, адистештирилген жогорку аскердик наамдарды, атайын жогорку наамдарды, класстык чиндерди, квалификациялык класстарды, жогорку дипломатиялык рангдарды ыйгарат;
4) Ырайым кылууну жүзөгө ашырат.
64-берене
1. Кыргызстандын Президенти, мамлекеттин жана Өкмөттүн башчысы катары, өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө Улуттук Курултайга жыл сайын отчет берет.
2. Кыргызстандын Президентинин кызматтан четтетилишине себеп болуучу негиздер:
— өлкөнүн жылдык өнүгүү программасынын аткарылбашы;
— республикалык бюджеттин аткарылбашы;
— улуттук идеологиянын иштебеши;
-мамлекетке жана коомго далилденген зыян келтирген социалдык-экономикалык ишмердүүлүктүн жүргүзүлүшү.
65-берене
1. Кыргызстандын Президенти кол тийбестик иммунитетке ээ.
2. Конституциялык мөөнөтүндө кызматынан четтетилбеген Кыргызстандын Президенти— Экс-Президент наамына ээ болот.
Экс-Президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.
66-берене
1. Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктары, анын ушул Конституцияда каралган тартипте: ал кызматтан баш тартканда, Улуттук Курултай тарабынан кызматтан четтетилгенде, ооруп калгандыгына же өлгөндүгүнө байланыштуу ишмердүүлүгүн аткара албаган учурда токтотулат.
2. Кыргызстандын Президенти ооруп калгандыгына байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калган учурда, Улуттук Курултай түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде, өкүлдөрүнүн 2/3 добушу менен Улуттук Курултай Кыргызстандын Президентин мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Кыргызстандын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо, анын ыйгарым укугунун мөөнөтү токтогондон кийин үч айдын ичинде өткөрүлөт.
67-берене
1.Президент кызматынан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
2. Кыргызстандын Президентинин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы Прокурордун корутундусу менен бышыкталган Улуттук Курултай тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана, Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.
3. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык күнөөгө байланыштуу, Кыргызстандын Президентин кызматтан четтетүү жөнүндө Улуттук Курултайдын Убактылуу көзөмөл комиссиясынын корутундусу чыкканда, күнөө койгон күндөн тартып эки айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Улуттук Курултайдын чечими анын өкүлдөрүнүн кеминде 2/3 добушу менен кабыл алынып, анын мыйзамдуулугу Конституциялык Соттун корутундусу менен ырасталат. Эгер, ушул мөөнөттө Улуттук Курултайдын чечими кабыл алынбаса, Кыргызстандын Президентине күнөө коюу четке кагылды деп саналат.
4. Кыргызстандын Президентин кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Улуттук Курултайдын чечими анын өкүлдөрүнүн кеминде 2/3 добушу менен кабыл алынат.
68-берене
1.Кыргызстандын Вице-Президенти, Кыргызстандын Президенти менен функциялык милдеттерин бөлүштүрүүсүнө ылайык Өкмөттүн маанилүү иш тармагын тейлейт.
2.Кыргызстандын Президенти республикадан сыртка чыккан, эс алган, дарыланган мезгилдердеги же башка себеп менен убактылуу милдетин аткарууга мүмкүн болбогондо, мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган же убактылуу кызматынан четтетилген учурда, жаңы Президент шайланганга чейин же убактылуу кызматтан четтетилген Кыргызстандын Президенти кайра кызматына келгенге чейин, ушул Конституцияга ылайык, анын ыйгарым укуктарын жана милдетин Кыргызстандын Вице-Президенти убактылуу аткарат.
3. Кыргызстандын Вице-Президенти Кыргызстандын Президентинин милдетин аткарууга мүмкүн болбогон учурда, аны Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы аткарат.
4. Кыргызстандын Президентинин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучу адам— референдум дайындоого, Кыргыз Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү сунуштоого укуксуз.
2— БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
69-берене
1.Кыргызстандын аткаруу бийлигин Кыргыз Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, агентстволор, аймактык акимчиликтер, айылдык, конуштук башкармалыктар жана башка жергиликтүү өкмөттүк түзүмдөр ишке ашырат.
2. Кыргыз Өкмөтү Кыргызстандын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
3.Кыргыз Өкмөтүн Кыргызстандын Президенти жетектейт, Кыргыз Өкмөтүнүн курамына Вице-президент, министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары жана агентстволордун директорлору кирет.
4.Кыргыз Өкмөтүнүн айрым бир мүчөлөрүнүн отставкасын Кыргызстандын Президенти кабыл алууга же четке кагууга укуктуу.
70-берене
Кыргыз Өкмөтү:
1. Кыргызстандын Конституциясынын жана мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылат;
2. Мамлекеттин ички жана тышкы аткаруу саясатын ишке ашырат;
3. Мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, Конституциялык түзүлүшүн сактоо, коргонуу бекемдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун, укук тартиптүүлүгүн жана коргоо ишмердүүлүгүн жүргүзөт;
4. Мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү, салттуулукту сактоону, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдук тартипти камсыз кылууну, кылмыштуулук менен күрөшүүнү ишке ашырат, жарандардын жана жамааттардын кайрылууларына жооп берүүгө милдеттүү;
5. Каржылык, мүлктүк, тарифтик, инвестициялык, салыктык, төлөмдүк саясаттарын жүргүзөт;
6. Республикалык бюджетти иштеп чыгат, аны Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйынына сунуштайт жана анын аткарылышын ишке ашырат;
7. Менчиктердин бардык түрүн өнүктүрүүгө бирдей шарт түзөт жана коргойт. Мамлекеттик менчикти башкарууну ишке ашырат;
8. Социалдык-экономикалык, илимий-техникалык, руханий, жана маданий өнүгүү боюнча жалпы мамлекеттик бирдиктүү программаларды иштеп чыгат жана бекитилген программаны жүзөгө ашырат;
9. Тышкы экономикалык мамилени иш жүзүнө ашырат жана камсыздайт;
10. Бюджеттик жана башка активдерди күчөтүү максатында стратегиялык маанидеги сыртка чыгарылуучу же сырттан алынып келинүүчү жогорку кирешелүү товарларды, эл аралык келишимдин негизде республиканын максатына иштетүүгө милдеттүү.
11. Кыргызстандын Конституциясында жана башка мыйзамдарда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды камсыз кылууга шарт түзөт;
12.Кыргыз Өкмөтүнүн иш тартиби жана аны уюштуруу Конституциялык мыйзам менен аныкталат.
71-берене
Кыргыз Өкмөтү:
1. Кыргызстандын бүткүл аймагында аткарууга милдетүү болгон токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык мекемелердин, жергиликтүү аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн жетектейт.
3. Өзүнө баш ийген бардык органдардын мыйзамга ылайык келбеген актыларын жокко чыгарат.
4. Кыргызстандын Президенти:
1) Өкмөттүн жыйынын өткөрөт;
2) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына кол коёт, алардын аткарылышын камсыздайт.
3) Өкмөттүн түзүмү жана өздүк курамы боюнча Улуттук Курултайга сунуш берет.
V БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ
72-берене
1.Кыргызстанда сот адилеттигин соттор гана жүргүзүшөт. Мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте сот адилеттигин жүргүзүүгө жарандар да катыша алат.
2. Кыргызстандын сот системасы Конституциялык Соттон, Жогорку Соттон, аймактык соттордон жана аймактар аралык арбитраждык соттордон турат. Конституциялык мыйзам менен башка атайын соттор түзүлүшү мүмкүн. Өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.
3. Кыргызстанда соттор көз карандысыз, Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийет.
4. Каралып жаткан иш боюнча соттордон отчёт талап кылуу, көрсөтмө берүү, кысым көрсөтүүгө жатат.
5. Судьялардын кол тийбестиги анын турак-жайына, кызмат ордуна, пайдаланган унааларына, байланыш каражатына, кат-кагаздарына, ага тиешелүү мүлктөргө жана документтерге да тиешелүү. Аны кылмыш жасап жаткан учурдан башка жагдайда кармоого, камоого, үйүн жана унаасын тинтүүгө же жеке өзүн аңтарууга тыюу салынат.
6. Кыргызстандын сот системасынын статусу, иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.
1— БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
73-берене
1. Кыргызстандын Конституциялык Соту, Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
2. Кыргызстандын Конституциялык Соту:
1) Кыргызстандын Конституциясына каршы келген мыйзамдарды жана башка укуктук ченемдик актыларды конституциялык эмес деп табат;
2) Кыргызстандын Конституциясынын колдонулушу, иштеши, түшүндүрүлүшү боюнча талаш-тартыштарды чечет;
3) Кыргызстандын Конституциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөргө корутунду берет;
4) Кыргызстанда күчүнө кире элек, ратификациялоого жаткан эл аралык келишимдердин конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берет;
5) Мамлекетте бийлик бутактарынын тең салмактуулугу бузулганда, Улуттук Курултайга, Мыйзам чыгаруу жыйынына жана Президентке тиешелүү корутунду жолдойт;
6) Кыргызстандын Конституциясына каршы келген жогорку жана жергиликтүү органдардын чечимдерин бузат;
7) Кайрылуулар боюнча, жарандык, жамааттык коомдордун, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишмердүүлүгүнүн Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайыктуулугун чечет;
8) Кыргызстандын Президентин шайлоо, аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу, ишеним көрсөтпөө (импичмент) маселелери боюнча корутунду берет.
3.Кыргызстандын Конституциялык Сотунун курамы анын 9 мүчөсүнөн: төрагасынан, анын орун басарынан жана 7 судьядан турат.
4. Кыргызстандын Конституциялык Сотунун судьяларын, төрагасын жана анын орун басарын Улуттук Курултай 5 жылдык мөөнөткө шайлайт.
5. Кыргызстандын Конституциялык Сотунун судьялыгына мурда соттолбогон, жаш курагы 40 тан кем эмес жана 65 тен ашпаган, жогорку укуктук билими жана он жылдан кем эмес юридикалык стажы бар, анын ичинде беш жылдан кем эмес соттук стажка ээ Кыргызстандын жараны талапкерлигин коё алат.
6. Конституциялык Соттун жыйыны анын судьяларынын 7 катышса кворумга ээ.
7. Конституциялык Сот чечимдерин жыйынга катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен кабыл алат, добуштар барабар болуп калганда, анын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
74-берене
1. Конституциялык Соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.
2. Сот актыларынан башка Конституциялык эмес деп табылган мыйзамдар жана башка ченемдик актылар Конституциялык Сот тарабынан жокко чыгарылат. Жокко чыгаруунун мөөнөттөрү жана тартиби мыйзамга ылайык аткарылат
3. Конституциялык Соттун сот өндүрүшү атайын мыйзам менен аныкталат.
2— БАП. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУ
ЖАНА АЙМАКТЫК СОТТОРУ
75-берене
1.Кыргызстандын Жогорку Соту, жарандык, кылмыштык, администрациялык жана арбитраждык сот өндүрүшүндө жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн иштер боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
2. Жогорку Соттун судьяларын, Төрагасын жана анын орун басарын Улуттук Курултай 5 жылдык мөөнөткө шайлайт.
3. Жогорку Соттун судьялыгына мурда соттолбогон, жаш курагы 40 тан кем эмес жана 65 тен ашпаган, жогорку укуктук билими жана он жылдан кем эмес юридикалык стажы бар, анын ичинде беш жылдан кем эмес соттук стажка ээ Кыргызстандын жараны талапкерлигин коё алат.
4. Жогорку Соттун судьялары Улуттук Курултайга ант берет.
5. Кыргызстандын бардык соттору катышкан Кыргызстандын сотторунун Жыйыны, Конституциялык Соттун ыйгарым укуктарынан тышкары каралчу бардык сот өндүрүшүнүн жана башка Кыргызстандын мыйзамдарында көрсөтүлгөн иштер боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп эсептелет.
6. Соттор Жыйыны, Жогорку Соттун жумушчу органдарын— Жогорку Соттун Президиумунун жана тармактык коллегияларынын курамын шайлайт.
7. Кыргыз Республикасында түзүлгөн соттук инстанциялар, түптөлгөн процессуалдык калыптарда, төмөнкү соттук инстанциялардын актыларын кайра кароону аткарат.
8. Жогорку Сот, сот процессинин катышуучуларынын арызынын негизинде аймактык соттордун ишине көзөмөл жүргүзүүнү, кайра кароо жолу менен жүргүзөт. Жогорку Соттун аймактык соттордун актыларын күчүндө калтыруу, өзгөртүү же жаңы чечим кабыл алуу шарттары мыйзамда аныкталат. Жогорку Соттун көзөмөл иретинде кайра карап кабыл алган чечими арызданууга жатпайт.
9.Жогорку Соттун жумушчу органдарынын иштөө тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат.
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун бардык судьялары катышкан Кыргыз Республикасынын сотторунун Пленуму төмөнкү сотторго соттук практика боюнча милдеттүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.
76-берене
1. Аймактык соттордун жана аймактар аралык арбитраждык соттордун судьялыгына мурда соттолбогон, жаш курагы 40 тан кем эмес жана 65 тен ашпаган, укуктук жогорку билими бар жана укуктук кесибинде кеминде 5 жыл иштеген, судьялык ишке жарактуулугу Жогорку Соттун квалификациялык коллегиясынын корутундусу менен ырасталган Кыргызстандын жараны талапкерлигин коё алат.
2.Аймактык соттордун жана аймактар аралык арбитраждык соттордун судьялары альтернативдүү түрдө, өз кичи мекенинен башка аймакта, анын эли тарабынан шайланат.
3. Аймактык соттордун судьялары жана аймактар аралык арбитраждык соттордун судьялары аймактык Жыйындарга ант берет.
4. Жогорку Соттун төрагасы Улуттук Курултайга, аймактык соттордун төрагалары аймактык Жыйындарга сот адилеттүүлүгүнүн аткарылышы боюнча жыл сайын отчёт берет.
5. Судьялар өз каалоосу менен же ден-соолугуна байланыштуу кызматын аткара албай калганда, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде жана кызматындагы кемчиликтери үчүн Жогорку Соттун Президиумунун чечими менен кызматынан бошотулат.
6. Аймактык соттордун судьялары ротацияланбайт.
77-берене
1. Судья, тараптардын иш боюнча далилдерин жана такташууларын талдоо менен чындыкты аныктоого тийиш.
2. Ишти жабык кароого мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте гана жол берилет. Мыйзамда көрсөтүлгөндөн башка шарттарда ишти сырттан кароого жол берилбейт.
3. Сотто айыпталуучу кылмыш иш боюнча өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес. Кандай гана болбосун күмөн, айыпталуучунун пайдасына чечилет.
4. Өз күнөөсүн мойнуна алгандын негизинде гана эч ким соттолбош керек.
5. Бир эле укук бузууга эки жолу жоопкерчилик тартууга жол берилбейт.
6. Жактоо бардык соттук инстанциялардагы бузулгус укук болуп саналат. Эгер, жарандын жактоочу жалдоого каржысы болбосо, анда ага юридикалык жардам жана жактоо мамлекеттин эсебинен берилет.
78-берене
1. Бардык соттордун соттоо практикасы жыл сайын Жогорку Сот тарабынан сөзсүз жана милдеттүү түрдө изилденип, туура эмес чечимдерди кабыл алган соттордун жоопкерчилиги Жогорку Соттун Президиумунда каралат.
2. Кайсы соттун судьясы болбосун, ишти өз убагында карабагандыгы үчүн жана ар бир бузулган иши үчүн, мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга тиийиш. Эгер, бир жылда үч жолу иши бузулса же туура эмес кабыл алган чечими оор жагдай жаратса, ал судья кызматынан четтетилет жана экинчи сот системасына судьялык кызматка алынбайт.
79-берене
1. Кыргызстандын күчүнө кирген соттук актылары бүт республиканын аймагындагы бардык мамлекеттик органдарга, чарбалык субьектилерге, коомдук бирикмелерге, кызмат адамдарына жана жарандарга милдеттүү түрдө аткарууга жатат.
2. Соттук актыларды тиешелүү түрдө аткарбоо же аларды аткарууга каршылык көрсөтүү, соттун ишмердүүлүгүнө киришүү мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликке тартууга алып келет.
VI БӨЛҮМ. КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК АТАЙЫН ОРГАНДАРЫ
80-берене
1. Улуттук Банк Кыргызстандагы банк системасын башкарат жана тармактын ишмердүүлүгүнө жооп берет, Кыргызстандын акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт. Бирдиктүү валюталык саясатты иштеп чыгат, жөнгө салат, акчаны эмиссиялоо боюнча атайын укукка ээ, банктык каржылоонун ар кандай түрлөрүн жана принциптерин иш жүзүнө ашырат.
2. Улуттук Банк кыргыз акча банкнотторун республиканын өзүндө чыгарууну колго алат.
3. Улуттук Банктын ишин текшерүү комиссиясын Улуттук Курултай жана Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйыны биргелешип, паритеттик негизде түзөт.
81-берене
1. Прокуратура органдары Кыргызстандагы мыйзамдардын жана башка укуктук ченемдик актылардын бардык жерде так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
2. Прокуратура органдары мыйзамдарда көрсөтүлгөн тартипте жана учурларда соттук териштирүүгө катышат, мыйзамдарда каралган тартипте жарандардын укуктарын жактайт.
3. Улуттук Курултайдын чакырылышына же өткөрүлүшүнө ачык же купуя каршылык көрсөтүп жаткан бийлик башчыларына Кыргызстандын Башкы Прокурору токтоосуз иш козгойт.
4. Кыргызстандын Башкы Прокурорлугуна жаш курагы 40 кем эмес жана 65 тен ашпаган, жогорку юридикалык билимдүү, 10 жылдык юридикалык стажга ээ, анын ичинде 5 жылы прокурордук же соттук стажы бар кыргыз тектүү Кыргыз Республикасынын жараны Улуттук Курултайда шайланат.
82-берене
Кыргызстандын Эсептөө Палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын жана бюджеттен тышкаркы мамлекеттик жана башка менчиктин пайдаланышын, элдик менчиктин сакталышын, мамлекеттик бийлик органдарынын каржылык жана чарбалык иштерин текшерет.
83-берене
1. Статистика Комитети Кыргызстандын социалдык, соода, экономикалык, илимий, маданий, демографиялык абал жана башка коомго керектүү статистикалык маалыматтарды топтойт, аларды талдайт жана жарыялайт.
2. Менчиктин түрүнө карабастан, атайын тизмеге ылайык бардык уюмдар, мекемелер, ишканалар жана башкалар Статистика Комитетине жана анын жергиликтүү органдарына өз убагында жана ишенимдүү статистикалык отчет берүүгө милдеттүү.
84-берене
1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда мамлекеттик шайлоолорду жана жалпы элдик добуш берүүлөрдү (референдум) уюштурат жана өткөрөт.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын ички ишине бийлик бутактары кийлигишпейт.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам кабыл алынат.
85-берене
1.Кыргыз Республикасынын Улуттук маалымат Агентствосу Кыргызстандын мамлекеттик маалымат саясатын ишке ашыруучу мамлекеттик орган.
2. Кыргызстандын Улуттук маалымат Агентствосу:
-Кыргызстандын мамлекеттик жалпы республикалык, аймактык, ведомстволук жана атайын багыттагы (саясат, экономика, илим, маданият, спорт, туризм ж.б.) жалпыга маалымдоочу каражаттарынын (телевидение, радио жана басылмалар) ишмердүүлүгүн координациялайт;
-Кыргызстандагы коомдук-саясий жана өлкөнүн өнүгүүсү боюнча толук, анык, калыс жана өз убагында жалпы элге маалымат берүүнү камсыздайт;
-Кыргызстандын Улуттук идеологиясын, тилин, маданиятын, тарыхын жана башка маалыматты жогорку идеялык жана моралдык-нравалык сапатта элге үгүттөйт;
-Кыргызстандын маалымат коопсуздугун камсыздайт.
3. Жалпыга маалымдоочу каражаттардын Башкы редакторлору, алар тейлеген региондун жана мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу же макулдугу менен Улуттук маалымат Агентствосунун директору тарабынан дайындалат.
4. Кыргызстанда Улуттук маалымат Агентствосунун ишмердүүлүгү мыйзам менен аныкталат.
86-берене
1. Жалпыга маалымдоочу маалымат каражаттары ишмердүүлүгүн эркин жана мыйзамга ылайык жүргүзөт. Маалыматтын аныктыгына жана тактыгына жалпыга маалымдоочу маалымат каражаттары мыйзамга ылайык жооптуу.
2. Кыргызстандын Улуттук маалымат Агентствосу мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоочу маалымат каражаттарынын ишмердигине кийлигишпейт.
VII БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ БАШКАРУУ
87-берене
1. Жергиликтүү башкарууга аймактардагы жана айылдык, конуштук башкармалыктардагы башкаруу жана аткаруу иштери кирет, ал ушул Конституциянын жана Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде аймактардагы жана башкармалыктардагы мамлекеттик башкаруу жана аткаруу иштерин, жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну жүзөгө ашырат, жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгына ылайык өз жоопкерчилигинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет.
2. Жергиликтүү башкаруунун ишмердиги мыйзам менен аныкталат.
88-берене
1. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү башкарууга мыйзамда аныктоо, өз-ара келишим түзүү же материалдык, финансылык жана башка каражаттардан жергиликтүү бийликке ыйгаруу аркылуу жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү башкаруу органдары өткөрүп берилген ыйгарым укуктар боюнча мамлекеттик органдарга отчет беришет.
2. Жергиликтүү башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен жана мыйзамга ылайык республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.
3. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү бийликтин жамаат алдында отчеттуулук принцибинин сакталышы менен жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик органдардын жергиликтүү башкаруунун мыйзамда же келишимде каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
1— БАП. АЙМАКТЫК БАШКАРУУ
89-берене
1. Аймактык башкарууга аймактар, аймактык маанидеги шаарлар жана өзүнчө статустагы Бишкек, Ош шаарлары кирет.
2. Аймактык башкаруу, аймактык өзүн-өзү башкаруу органдарынын системасынан жана аймактык аткаруу органдарынан түзүлөт.
3. Аймактык өзүн-өзү башкаруу органдарына— аймактардын, Бишкек, Ош шаарларынын жана аймактык маанидеги шаарлардын аймактык Жыйындары жана аймактык Кеңештери кирет.
4. Аймактык аткаруу органдарына — аймактардын акимчиликтери, Бишкек, Ош шаарларынын жана аймактык маанидеги шаарлардын башкармалыктары кирет.
5. Аймактык башкарууну каржылоо аймактык бюджеттен жана мыйзамга ылайык республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.
90-берене
1. Аймактык Жыйын айылдык, конуштук Чогулуштарда шайланган 400 өкүлдөн турат.
2. Аймактык Жыйын:
1) аймакка— Акимди, Бишкек жана Ош шаарларына— Бектерди кызматка бекитүүнү Кыргызстандын Президентине сунуштайт.
2) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитет.
3) аймактын Акиминин жана аймактык маанидеги шаарлардын Бектеринин жылдык отчётторун угат жана баа берет. “Канааттандырарлык эмес” деген баа алган жетекчини кызматтан бошотуу сунушу менен Кыргызстандын Президентине кайрылат.
4) мыйзамга каршы келбеген башка дагы аймактык маанидеги маселелерди чечет.
91-берене
1. Аймактык Аксакалдар кеңешинин мүчөлүгүнө элдин рухий дөөлөтүнө каныккан, мекенчил иштерге активдүү катышкан, жасаган эмгеги жана өнөрү менен элге таанылган, инсандык жана ишмердик сапаттары менен коомчулукка үлгү болорлук улуу муундун өкүлдөрүнөн шайланат.
2. Аймактык Аксакалдар кеңеши:
-эл арасында нарктуулуктун жана салттуулуктун баалуулуктарына негизделген жамааттын жана аксакалдардын ролун күчөтүп, коомдун тазарышына жетишүүчү бийик нарктык — укуктук ченемдердин калыптанышын, кыргыздын жаштарды тарбиялоочу асыл баалуулуктарына, мекенчилдикке жана ыймандуулукка негизделген, жаратмандыкты жана өлкөнүн өнүгүүсүн багыттоочу Улуттук идеологияны жана кыргыздын жолдуулук ченемдеринин сакталышын жана иштешин көзөмөлгө алат;
-республикалык Нарктык Кеңешке эки өкүл шайлайт.
92-берене
Аймактык кеңеш:
1. Аймактык Жыйындардын аралыгында анын чечимине ылайык кеңешке тиешелүү ишмердүүлүк жүргүзөт.
2. Аймактык социалдык-экономикалык өнүгүү программасын карайт.
3. Мыйзам чегинде жергиликтүү жыйымдарды, төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди киргизет.
4. Жергиликтүү бюджетти бекитет.
5. Аймактык кеңештин депутаты:
1) аймактык Жыйынга чечүүчү добуш менен катышууга укуктуу.
2) Айылдык, конуштук Чогулушка депутаттык ишмердиги боюнча жылдык отчёт берет.
“Канааттандырарлык эмес” деген баа алса же отчёт бербесе депутаттык мандатынан ажыратылат.
93-берене
1. Аймактардын Акимдери, Бишкек, Ош шаарларынын жана аймактык маанидеги шаарлардын Бектери:
1) аймакта мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;
2) Кыргыз Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткарат;
3) аймактын өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечимдерин ишке ашырат;
4) аймактык социалдык -экономикалык өнүгүү программаларын жүзөгө ашырат;
5) аймактык бюджеттин аткарылышын камсыздайт;
2. Аймактык акимчиликтин өз ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алган чечимдери айылдык жана конуштук башкармалыктарда милдеттүү түрдө аткарууга жатат.
3. Жергиликтүү аткаруунун жетекчилери тиешелүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын ишине чечүүчү добуш менен катышууга укуктуу.
2— БАП. АЙЫЛДЫК ЖАНА КОНУШТУК БАШКАРУУ
94-берене
1. Айылдык, конуштук башкарууга— элетте айылдар жана шаарларда конуштар кирет.
2. Айылдык, конуштук башкаруу— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун баштапкы баскычы болуп, өзүн-өзү башкаруу органдарынан жана аткаруу органдарынан түзүлөт.
3.Айылдык, конуштук өзүн-өзү башкаруу органдарына— айылдык, конуштук Чогулуштар жана айылдык, конуштук Кеңештер кирет.
4. Айылдык, конуштук аткаруу органы болуп, бир айылдан, шаарларда бир конуштан же алардын бир нечесинин бирикмесинен турган айылдык, конуштук башкармалык саналат.
5. Айылдык, конуштук башкарууну каржылоо айылдык, конуштук бюджеттен жана мыйзамга ылайык республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.
95-берене
Айылдык, конуштук Чогулуш:
1. Айылдык, конуштук башкармалыктын курамындагы айылдардын же конуштардын тургундарынын 200 дөн кем эмес өкүлүнөн турат;
2. Аймактын Акиминин сунушу менен айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысын бекитет.
3.Улуттук Курултайга жана аймактык Жыйынга өкүлдөрдү шайлайт.
4. Аймактык Аксакалдар кеңешине өкүлдөрдү шайлайт.
5. Айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысынын жылдык отчётун аймактык Акимчиликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда угат жана баа берет. Өкүлдөрдүн 2/3 добушу менен “Канааттандырарлык эмес” деген баа алган Башчы кызматтан бошотулат. Бошотулган Башчынын ордуна катышкан өкүлдүн сунушу менен жаңы Башчы шайлайт.
6. Жергиликтүү маанидеги башка маселерди карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат.
96-берене
1. Айылдык, конуштук башкармалыктын тургундары айылдык, конуштук Кеңештин депутаттарын курамына аксакалдардан, аялдардан жана жаштардан катыштырып, мыйзамда белгиленген талаптарга жана ченемдерге ылайык шайлайт.
2. Айылдык, конуштук Кеңеш:
1) Айылдык, конуштук башкармалыктын жылдык социалдык-экономикалык өнүгүү жана социалдык коргоо программасын бекитет;
2) Айылдык, конуштук башкармалыктын бюджетин бекитет жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;
3) жергиликтүү жыйымдарды, төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди киргизет;
4) жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.
3. Айылдык, конуштук Кеңештин депутаттары айылдык, конуштук Чогулушка чечүүчү добуш менен катышууга укуктуу.
4. Айылдык, конуштук Кеңештин төрагасы айылдык, конуштук Чогулушка Кеңештин ишмердиги боюнча жылдык отчёт берет.
97-берене
Айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысы:
1. Айылдык, конуштук башкармалыктагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;
2. Кыргыз Өкмөтүнүн, аймактык Акимчиликтин жана башка мамлекеттик органдардын тапшырмаларын аткарат;
3. Айылдык, конуштук өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечимдерин ишке ашырат;
4. Айылдык, конуштук башкармалыктын социалдык –экономикалык өнүгүү программаларын жүзөгө ашырат;
5. Айылдык, конуштук бюджеттин аткарылышын камсыздайт;
6. Айылдык, конуштук башкармалыктын Башчысы, айылдык конуштук Кеңештин ишине чечүүчү добуш менен катышууга укуктуу.
7. Айылдык, конуштук Чогулушка ишмердиги боюнча жылдык отчёт берет.
VIII БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНА
ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ТАРТИБИ
98-берене
1.Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам, Мыйзам чыгаруу жыйынынын дайындоосу менен жалпы элдик добуш берүү (референдум) аркылуу кабыл алынат;
2.Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам, Кыргызстандын Президентинин, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу же 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси боюнча Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жактырылат жана жалпы элдик добуш берүүгө (референдум) чыгарылат.
3. Конституциялык Сот, ушул Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынына келип түшкөн сунушту карап, үч айлык мөөнөттө корутунду чыгарат.
4. Мыйзам чыгаруу жыйыны, Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу боюнча Кыргызстандын Конституциялык сотунун корутундусун эске алуу менен иштелип чыккан мыйзам долбоорун, ал Мыйзам чыгаруу жыйынына киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен карайт.
5. Мыйзам чыгаруу жыйыны, Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун, 2 ай аралык менен кеминде үч жолу окуу өткөрүлгөндөн кийин, депутаттардын жалпы санынын 2/3 кем эмес добушу менен жактырылат жана жалпы элдик добуш берүүгө (референдум) чыгарылат же кайтарылат.
6. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти кол коёт.
99-берене
1. Өзгөчө кырдаалдар мезгилинде жана согуштук абал учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.
2. Конституцияны өзгөртүү боюнча кайтарылган сунуш Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бир жылдан кийин гана кайра каралышы мүмкүн.
100-берене
1.Ушул Конституция жалпы элдик добуш берүү (референдум) аркылуу кабыл алынат;
2. Кыргызстандын ушул Конституциясы жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ага кол коюу талап кылынбайт.
3.Ар жылдын 5-май күнү — Кыргыз Республикасынын Конституция күнү деп саналат.
Долбоор, “Даанышман Кеңеш” тин интеллектуалдык менчиги болуп саналат жана анын жыйынынын же Редакциялык тобунун макулдугусуз өзгөртүүгө болбойт.
Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн
Количество просмотров: 4106 |