Главная / Поэзия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 28 ноябры
Чырак
Ырлар жыйнагы
1988-2000-жылдары чыккан ырлар. Кайра иштелип чыккан ырлар 2004-жыл
Акималиев Алик. Ханда жок байлык Манассия: Тандалма: 1-том. — Б.: «Айат», 2008. -232 б. китебинен алынды
УДК 821,51
ББК 84 Ки 7-5
А 39
ISВN 978-9967-433-55-7
А 4702300200-08
Автографтар. Тандалган чыгармаларынын, 2 томдугу.
Китептин башкы демөөрчүсү: КР «Кыргызпатент» Мамлекеттик фонду
Башкы редактору: Чыныбай Акунович Турсунбеков, филология илимдеринин кандидаты, доцент, ири ишкер, белгилүү акын – жазуучу
Редколлегия: Ч. Айтматов, Кубанычбек Бакиев, (ген. юрист, романист, юбилейлик комиссиянын төрагасы), О.Султанов, С. А. Раев, Дастан Бердиев, С. Жусуев, С. Эралиев, Ж.И. Салаев, Ч. Абыкеев, Б. М. Наргозуев, К. Бакиров, С. Акматбекова, Ф. Абдулова, Байас Турал, Ж. Зарлыкбеков, А. Сариев, Э. Турсунов, С. Тургунбаев, А. Өмүрканов, Ж. Бекешев
Алик Акималиев
Ай-ааламга күйүп чыккан ыр
ЧЫРАК (1988-2000)
Бишкек, “Бийиктик”, 2004, 2005-жыл
КЫРГЫЗ ЖУРТ
Баладай эне жытың куса кылган,
Жыттасам жыпар мончок тулаңындан,
Ичкенсийм замзамдагы мүрөк суусун,
Кыргыз журт, ууртап койсом булагындан.
Кыргыз журт!
Мазарым сен дуба кылган,
Нанындан, суу, тузундан ыбаа кылгам.
Алгансыйм кырк баатырдын күчүн бойго,
Бир жолу искеп койсом шыбагындан.
Кыргыз журт!
Сен деп эргийм жабыркасам,
Жүрөгүм тээп согуп кабыргадан.
Супсулуу — заар тилдүү жыланың да,
Көзүмө татынакай чаар бакаң.
Кыргыз журт!
Жанга жарык кубатыңдан,
Тамчыңдан чоктой ысык жаратылгам.
Тер болуп маңдайындан чыбырчыктап,
Ыр болуп агып турам жараатындан...
КЫРГЫЗ ӨЛКӨМ
Кыял, түйшүк, санаа баскан сен өлкөм,
Мен алдыңда ойноп жүргөн бала экем.
Кыргыз жерим, күкүм нан таап жесин деп,
Кумурсканын бутунан өөп жөнөтөм.
Азыр жашооң кендириңди жок кескен,
Ай чапчыган тулпар жолун ок кескен.
Бирок, журтум, жыйбай эсиң, баш-аяк,
Күйүп чыгып баратасың кайсы өрттөн?!
Кежигеңди мыкчып турган мансап го,
Керек, ырас, камдуу тирлик, жан сактоо.
Бирок, өлкөм, тукум курут болчудай,
Жалбырт этип арак-бензин чачса отко.
Азат дешет Кыргыз өлкөм эгемен,
Түтүн булайт түндүк, бекем керегең.
Ар кылбайбыз не арыган Атадан,
Уялбайбыз ун сураган Энеден.
Азаматың акмактарга кор болду,
Дөөлөтүн пас, дөдөйлөрүң зор болду.
Чаңыргыдай чатак учур келатат,
О, бир Кудай, кайрымдуу кыл чоңдорду?!
Байдыкеңдер кирсе чыккыс ташкоргон,
Аталар мае, балдар үшүп, ач тоңгон.
Эски почтамт, кассаларын сагалап,
Энең жүрөт көздөрүнө жаш толгон...
Опузадан кол куушурган жорголоп,
Океңдин да патирине корголоп.
Кездер өттү, жерим качан жем болбой,
Элим качан, эптуу, күчтүү эл болот?!
Абайлачы кышың ызгаар, түнүң суук,
Керек саган ысык болор биримдик.
Кубаттанса кыргыз аяп кыргызды,
Кумурскандай көтөрүшөск жүгүн бүт!
Поэпрометей
Жүрөктөргө көөрүк баскан акындай,
Жан мешиме китептер күй отундай.
Мен турмушта нак бейиштин төрүмүн,
Чыгармада дал тозоктун отундай.
О, кеч келген акыл менен чеберлик,
Ырлар жазгам бир өмүргө жетерлик.
Катаал чындык жана ажайып калп күйгөн,
Карайм Улуу Салгылашка жан эргип.
Изден, изден илхам "дүрт" жан жалындап,
Жарк деп күйүп өчүп кете жаздадым.
О, мен көрдүм кайнап кара турмушта,
Кадыресе ырлар кенчтей жатканын.
Аны шилтейм бир чырм этип уктабай,
Аалымдарга зор шык берчү нускадай.
Жалбырттаган өрт ырларым чачырайт,
Тозок отко көөрүк бассам устадай.
Калсам дагы суз жашоодон жатыркап,
Бейиш кылсам бул жер жүзүн бүт ырдап,
Каары күч Кудайлардын олунан,
Качып келем Прометейдей от уурдап...
МЕНИН ҮЙҮМ
Менин үйүм чала бүткөн, жармы бар…
Тагдырымдай күлкү аралаш кайгы бар.
Төгөрөктүн төрт бурчундай ой камтып,
Төрт сап ырдай төштү мыкчыйт төрт дубал.
Бу турмуштун уу, терс тили маңгытып,
Алдым окшойт жонго түйшүк арбытып,
Аңырайып жатат үйүм чатырсыз,
Аалам жутуп, асман жутуп, ай жутуп...
Өмүр сүрсөм өнөр күтүп, ар күтүп,
Өлүп-талбайм мансап, байлык, мал күтүп.
Жыгылчудай турат үйүм шыбы жок,
Жылдыз жутуп, жыргал жутуп, ыр жутуп...
Көкүрөгүм ачышса да муң жутуп,
Көйгөй мени койсо дагын мүргүтүп,
Кучакташат дүйнө менен жер кепем.
Куса жутуп, кумар жутуп, түн жутуп...
Айдагым бар жылдыздарды дүргүтүп,
Борсолоңдойт кызым менен бир күчүк.
Чытырап чок... чылым келет оозума,
Чындык күтүп, Сүйүү күтүп, Пир күтүп...
Көр пенделер көр оокат деп түртүшүп,
Чачырашты жылдыздардай үркүшүп...
Ала-Тоом, Кыргыз өлкөм — өз үйүм,
Кудуреттүү Кудайдан кут, нур түшүп.
Жан ачынса жаткан кезде түн түшүп,
Жадырайлы жакшылыктуу журт күтүп.
Күн көкүлдүү тоого карайт эшигим,
Күлкү күтүп, күдөр күтүп, күн күтүп?!
Мен жашаймын машакаттуу жылдарда,
Миң туш болуп мээнет, мээрим, жыргалга.
«Арчабешик» айылындагы үйүмдү,
Аилантсам дейм Тютчевдик гулзарга.
Калсын, мейли, сары барик жаап, боз түшүп,
Менин үйүм, чырак жаксам түндө суук.
Терезеси бүт дүйнөлүк жол карап,
Келебидеп Вийон, Басе, Рубцов,
Чай бералсам жолоочуга калса үшүп...
Өзүм эмес үйүм бүтүп калганда,
Сүйүнүчүм, сүйүүм кулач жайганда.
Баардык жакыр генийлерди, досторду,
Чакырамын бүт дүйнөнү мейманга.
Ушул үйдө кыз узатып, уул үйлөп,
Жылдыздарга көз жиберсем дирилдеп.
Калың бактын шуудурашын тыңшасам,
Чылым чегип, иңир чөгүп, күүгүмдөп...
Анан туруп ырахаттуу чайды ичем,
Жаркылдаган Күлүмайым, — байбичем.
Дал ошондо үй-бүлөдөй бакыт жок,
Не жубайлар сүйүүсүндөй бар бекен?!
МЕМУАР
Атаандашкан Алыкул, Есенинге,
Айбаттуу жаш болчумун кезегинде.
Жан жалбырттайт! Ыр күйдү отто туулуп.
Тушоом кескен-устатым Токтогулов.
2-курс. Чыгардым тунгуч китеп.
Аны ойлосом денем бүт дүргүп кетет.
Тагдыр, мейли, ташка-жарга уруп-соксун,
Таржымалап ырларын Рубцовдун.
Чабалактап дем баспай күйүккөнгө,
Чабак урдум зор мухит — Уитменде.
Басёнун жат билдим ырын эске,
Акыл жактан байытты Рюноске.
Аяз мезгил аралап бороондорун,
Жолун бастым Поль Верлен, Рембонун.
Даамын таттым шор менен ачуу тердин,
30 жашка чейин мен катуу келдим.
Мени чыгаан, чоң акын болот дешчү,
Болбосом да Вийондой ууру — кески,
Боздоп жаным сел менен өрттү кечти.
Жыгылсам да, мансаптан бутка тургам,
Ак кызматты Токтогул журтка кылгам.
Отуз беште Коргоолду жылоолодум,
Эми, Кудай жакшылык ыроологун.
Чардай берсин жашоонун салтанаты
Поэзиянын мен бир жаш лейтенанты.
Бирок, билбейм,
Жарк этип чыгам качан,
Адабиятта экинчи фронт ачам.
Мен Сиздерди майып да, өксөө кылбайм,
Сүйүү деген кумарлуу өрткө чулгайм.
Канахгуу ракетадан канаттуу ырлар
Бийик учат!
Кырсыксыз өтөт жылдар.
Саясатсыз журт калаар гүлдөп жашап,
Алды жакта бир улуу доор келатат.
Өмүрүмдүн бар.али үч чейреги,
Кандай жылдар зарыгып күткөн мени?!
Илхам, талант ичке күч, сырын катса,
Поэзияда болбойт эч «отставка».
УБАЙЛУУ ЖОЛ
Тынчып калбайм ашкан сайын ар кырдан,
Курчуйм, кайнайм, кубат жыйнайм айылымдан
Агайын-журт,
Туягынмын мен да бир,
Туйлап келдим турмуш чапкан камчындан.
Баш көтөрүп,
Жара тиштейм ооздугум,
Арданамын калган жок эч жаштыгым:
Туу байгеңе тулпар чуркайт үч жолу,
Туйлап үнүм — кишенеген жаш кулун.
Көз чачырайт!...
Көйгөйүн, баш катырды.
Жол чарчаткан Акынды да, Баатырды.
Жолго чыксам ар сапарым качан да,
Сезилет-ов, сыяктанып акыркы...
Акыркы эмес,
Үмүт чачып күй, жарык!..
Жакшылыкты жүргөн жокпуз сыйга алып.
Ташыркатат бөтөн жолдун таманы,
Ачууркантат тапкан жолуң кыйналып.
Бул жол менен,
Сен да өтөсүң, мен да өтөм,
Жол боюнда өмүр бөтөн, эл бөтөн.
Кайгы — шаңың кайра жууруп жанымдан,
Каректерден көз жашындай мөлт этем.
Билбейм, ырым, -
Дем-күч болот канчага.
Бирок далил айтар сөзүм бар сага:
Эгер жолуң катуу болсо — камыкпа,
Эгер жолуң узак болсо – чарчаба!..
Мен өзүмчө жалгыз ойлоп олтурсам
Жашыралбайм, болгон жакшы, жаман кез,
Кайтпаса да каар-жаалым, анан да өч.
Мен өзүмчө жалгыз ойлоп олтурсам:
Бир жамандык кылбаптырмын адамга эч.
Кетсе менден акмакчылык, итчилик,
Жалгыз күнөөм болбосо ичкилик.
А бирок ойлоп көрсөм: башкага
Көралбастык кылбаптырмын ич күйүп.
Тагдыр далай туш кылган-ов шор күнгө,
Көйгөй мыжып, калгам турмуш өртүндө.
Мен езумчо, бирок жалгыз ойлосом:
Кыянаттык кылбаптырмын эч кимге.
Бирөөлөрдү жамансың деп жактырбай,
Жакшылардын көңүлүн эч кайт кылбай,
Жүрөм,бирок, башты сырдуу ой чулгайт:
Жүрөгүмдө жашайт окшойт от кудай.
Буйрук кылса таазим этет Ханың да,
Булбул үндөн эргип чуркайт каның да,
Чындыгында эл баш иет бир гана,
Падышага, Колбашчыга, Акынга.
Өкүмдардай, бирок бийлик кылбадым,
Аяп, багып азган журтту жыйбадым.
Куш тариздүү сайрап жаткан жөн эле:
Купуялуу айыбы жок ырларым...
* * *
Алды жакта
Жол көрсөтчү из барбы?
Карайладым кечтим чаң жол, гүлзарды.
Кыйын жолдо мен узатып баратам,
Кылымдарга кетип жаткан ырларды.
Акыр заман!..
жакшылыкка өзгөрдү,
Ак-караны айра билип көз көрдү,
Уусун жутуп, бергим келет бал кылып,
урпактарга кетип жаткан сөздөрдү.
Оозумдан же
төгүлчүдөй от барбы?
Жылыталсам жылуу сөзгө жат жанды.
Күйүт менен жүзүм купкуу, узатам,
Күүгүм ченде күйүп жаткан саптарды.
Каапыр чындык,
Ачууркантып койгонбу?
Качанкы бир каткырыктар ый болду.
Кереметтүү сөзгө айлантып жазсам дейм,
Келечекке кетип жаткан ойлорду.
Жазыш кыйың-
Жан ачынбай, тытынбай,
Болсо кана, боорон — аптап, кышың — жай.
Анда деле көз жаш, сүйүү, каар бар,
Анда деле турмуш болот ушундай.
Кыйын чакта
Кыкең турат,
Карап кыял — чокудан,
Кылча пайда жок нерсени окуган.
Келечекте не болмоксун., Кыргыз журт?!
Кенебес эл — тагдырыңдан чочулайм.
Кыялыңа карайм чыңдык сотунан,
Кылым бою кечтиң тозок отунан.
Жок заманда не болмоксуң Кыргыз журт?!
Жоош элим, тагдырыңан чочулайм.
Аман чыктың кыйроолордун өртүнөн,
Алда Кудай өзү сактап келди бейм.
Жаңжал чакта жан тилинткен, Кыргыз журт?!
Жакыр элге боорум ачыйт пейли кең.
Жалооруба, сен көзүңдү жаш кылып,
Таштап кетти заман жок да, ач кылып.
Бийик, ыйык болоруң чың, Кыргыз журт?!
Бири — бирине кыргыз кылса жакшылык.
Запкы жейсиң так талашкан чоңдордон,
Дөөлөрү пас, дөдөйлөрү маң болгон.
Эрк көксөгөн о, кулдардын өлкөсү,
Эс-акыл кир, алаканы чор болгон.
Көрдөйлөрүн көсөмдөрүн тебелеп,
Көңдөй, арсыз, кандай жаман эл элек?!
О, жалкоолук, көралбастык, түркөйлүк,
Шондон жаңы гений өсүп чыга элек.
Ыйынды жут, өйдө кылчы башыңды,
Ырым менен таттуу кылсам ачуунду.
Ач бороондо үшүп турсан., Кыргыз журт?!
Жылыталсам демим менен акыркы...
Көкүрөктөн жалын бүркүп, чачылам...
Көйгөй, кордук көп нерсе өттү башыңан.
Кыйын чакта не болмоксуң, Кыргыз журт,
Кыйбас элим, тагдырыңан чочулайм.
«Арчабешиктеги» жер кепе
Эргүүнү адат кылдың капыс жерден,
Тагдырга ыраазымын бакыт берген,
Сен кандай байсың, жарык таалайлуусуң,
О, менин ыр учурган жапыс бөлмөм.
Жайдары туз-даам татчу ынак жардан,
Жайылтып мейман, доско кулач жайган.
Чачылган кенч турмуштан ойлор жыйнап,
Ачылган кең дүйнөгө жыгач каалгаң.
Устунуң токой болгон мурда кандай,
Уяц көп, булбул таңшып, гүлдөгөн Май.
Дале шол көркүң жайнап мөмөлүүсүң,
Чыйпылдайт ымыркайым балапандай.
Жем ташып таң-кеч... жарык түн өткөрдүм,
Дубалың шып тирелткен китептер миң –
Жынч байлык. Көзүм күйүп көр-жер дебей,
Эл-жер деп жан ачынып түтөп келдим...
Айнекке гүлүн төккөн өрүк сыңар,
Жаштыкты мезгил тоноп, өчүп кумар.
Сулк түшүп керебетте Некрасовдой.
Ыр чыкпай кээде жатчум өлүк сымал.
Тирилгем бир сап ырдан эргип нечен,
Эрме чөл, кыял кезип өжөр чечен,
Түнөтүп кербен ойду жөнөтөбүз,
Келишкен хан сарайдай о, жер кепем!
Эзсе да көкүрөктү азап, арман,
Көрөңгөм, кайнар шык, ой тазаланган.
Шон үчүн кабат-кабат үйдөн бийик,
Кымбатсың кунун жеген дачалардан!
***
Жоготуум, табылгам кенч чалгыңдаттың,
Жок издеп, алтын эмес, тагдыр таптым,
Кыялым жер жүзүн бүт ээлик кылып,
Кул болуш бул ырларга кандай бактым!?
Бул ырлар айыгалгыс жаратым эч,
Жазмыштан, кыйчалыштан, жан ачыйт, эх!
Акындык-кыйын чакта кишичилик.
Бир гана жакшы ырларды жаратуу эмес,
Жүрөктөн кайнап-бышкан чын ырлар чык!
Ымыркай ой кез жарып чыңыргансыйт.
Жашоонун карт акылы, наристе үнү,
Жанымды жарып чыгат чьнымды айтып.
Чыркырап чыңдык үчүн күйүп жетип,
Жылдызың бийик жандыр күлүңдөтүп,
Адамдык бирден — миңге жарык чачуу
Турмуштун кыйын жолун жеңилдетип.
Жол бастым. Көрдүм жайын турмуш калктын.
Жок издеп, мад-пул эмес, тагдыр таптым.
Кыялым бул дүйнөгө бийлик кылып,
Кул болуш бул ырларга кандай бактым!?
ЭСТАФЕТА
Алтын башка бакыт кушу конгондой,
Албарс сөздөн кылыч шилтеп ойрондой,
Кайнап окуп кайран чоктуу ырларым,
Менден кийин акын туулат Байрондой.
Ал мага окшоп көөдөн мыкчып үшкүрбөй,
Адал жашайт. Аван созот эски үндөй.
Бир улуу журт ачкан рух, ажатын,
Менден кийин гений келет Пушкиндей.
Ал жек көрөт дөөпайларды митедей,
«Дүрт» деп күйөт, ал бизге окшоп түтөбөй.
Билерманы болуп баардык илимдин,
Бизден кийин залкар чыгат Гётедей.
Канча сырдуу кенчтер жатат казылбай,
Канча нагыз ырлар жатат жазылбай.
Аалам чапчып көк деңиздей түрүлгөн,
Акыры бир дөө-шаа туулат Назымдай.
Тынчыйт кымгуут, тос-тополоң, заман каар.
Жүрөт ысык дартка шыпаа шамалдар.
Биздин бейиш, тозоктордон от алчу,
Күтөм, күтөм кеменгер жаш адамды ал.
Ал белгисиз. Ачыла элек жылдыздай.
А биз калдык акыл-эстен дың бузбай.
Бирок, улап улуу жолдор у чугун,
Урпак туулат Олжас, Расул, Чыңгыздай.
А биз кулдар –
Зор тепкичтүү көпүрө,
Ийнибизден басып гений өтүүгө.
Бирок биздин уяң, сейрек жылдыздар,
Эч, эч качан тийиш эмес өчүүгө.
Мен шол чакта тирүү болсом экен-ээ
Ыр жазыштан ойноп чыксам жекеге.
Мен башыңа таажы тагып лаврдан,
О, жаш гений, жылдыз кадайм.чекеңе!...
Шерт
Арак менен адам туулат кас чыгып,
Шарап чыгат көздөн ачуу жаш сыгып.
Жалыны бар жакшы иш жасайм ичпестен,
Мейли, ич өрттөйт, ойлор, ыйлар мас кылып.
Ийле, тагдыр! Кирдет көңүл уу жайгын;
«Таткын дейсиң, — бал маңызын буудайдын.
Жубар-танда чайкагандай кыз жүзүн,
Жууйт жүрөк сарсанаасын убайдын.
Азгырдың бой жүрсөм кээде ачкараак,
Арманым күч, маанайым түнт, баш чатак.
Мээ сергитип, бой эритип суусунга,
Мен пивону жуткум келген «бочкалап».
«Буу мончодон-чыккан өндүү тазалан»,
Арыл, — дейт бу жазмыш, — күнөө, жазадан».
Жок! Эргүүнүн кереги жок жасалма,
Ыр жаратат тунук акыл, адал жан!
Мен жоопкер эл үмүтүн сеземин,
Ой гүлдөтөт айыл... шаар... өзөнүм.
Чың ден соолук, тынчтык каалап дүйнөгө,
Кел ичелик, Хайём, Мидин, Есенин!
Журттун акын жылдыздары көрк чыгаан!
Түтөбөйүн түйшүктө бер, — эрк, чыдам.
Бирден миңге жарык сүйүү жакшылык,
Бир сиздерге туздаамдаш шерт кылам:
«Тагдыр жеке кайгы берсин чөкпөймүн,
Мен эч качан арак ичип кетпеймин.
Кыжылдак сөз, майдачылык, пастыкты,
Кызыл жалын ьгрлар жазып өрттөймүн».
Гүлдүү жээк
Курсташым Бубукан Досалиевага
1-курс. Оюнкараак кыз элең,
Бир сыр каткан бийкеч сындуу бойтоюп.
Ыр кат жазып жооп алалбай ыза жейм,
Ылдый карап качсаң бетиң от болуп.
Балык десем, бакыраңдап, күлүңдөп,
Жан туйлатып бураң мүчөн, көркөмүң.
Кайда гана сүзүп кеттиң иримдеп,
Кайрымакка илинбедиң, кантейин?
Азар салып көңүлүнө тоорубай,
Бекер дуулап, жаңылыштык кетиргем.
Эми, сергек үмүт үзбөс оорудай
Үнүң тыңшайм дарылагап эфирден.
Көзгө илбей кыйындарды, кызды да,
Көкүл серпип, мен жер баспай жүрчүмүн.
Кечир, эми?! Жаным жалын муз мына,
Кебиңди укпай, наристедей көрчүмүн.
Азил-чыным ушул. Капа болбосоң,
Каректе жаш, сага сыймык, муң турат.
Ыр кор кылган тагдырымды ойлосоң,
Ыйлап кете бергиң келер буркурап...
Кемем кыйрап, куу-шаа түшкөн деңизде,
Аман чыктым. Көрдүм жээк, гүл, жазын.
Наристедей экенсиң бир периште.
Таалайлуу бол, татынакай курсташым!
Гүлгүн кезден ыр тестелейм бир тутам,
Гүлдүү жээкте күйөөң менен бактың тап.
Ыр букетим толкунуңа ыргытам,
Агат өмүр. Арман сүйүүм ташкындайт.
Жан эргиткен жакшынакай кыз элең,
Жалт карашың жалын чачкан шоктонуп.
Мен бир акын болдум окшойт түтөгөн,
Сен жайдары келин болдуң ак жоолук.
Чуркаган оттор
Жубайым Күлүмканга
Көрсөтмөгө манекенче койгондой,
Күлүп турсам эч нерсени ойлонбой,
Жагат сага.
Бирок, сүйүүм денемде,
От айланып чуркап жаткан жолдордой.
Же тийишип кыз-келинге шоктонбой,
Бейгам жүрсөм жүрөктөргө от койбой,
Жагат сага.
Бирок, сүйүүм каректе
Жолду айланып чуркап жаткан оттордой.
Шаар.
Жарык.
Кеч.
Көчө бойлоп келемин.
Бийкечтерге чап жабышат карегим.
Ашыктыктан махабатты чогултуп,
Арнайм сага бул кумардын белегин.
Коймаарегим, бактылуусуң эх, кандай!
Эркек туруп, мен көзүңө чөп салбай.
Алыс кетсем, ичиң бышып күтөрсүң,
Айжарыкта бирөө менен баскандай.
Антпей жүрчү, сабырың суз ойлонбой,
Санаа менен кызганычка кор болбой.
Бул калаадан сүйүүм жөнөйт айылга,
Жарык чуркап бара жаткан жолдордой,
Жарык чуркап бара жаткан жолдордой...
Элегия
Алтын баштан бак кетип,
Азап-зарым ташка өтүп,
Ээн жерде олтурам,
Эки көздөн жаш кетип...
Эстен мени таңдырган,
Эх, аянычтуу тагдырдан,
Нени көрдүм?...Эң. туңгуч
бактыяардан айрылгам.
Эми,
Айдап тагдыр камгактай,
Арып-ачкан арбактай,
Бейит болуп олтурам,
Беттен агып көз жаш жай.
Эч жан мунум билбестей,
Эч ким менен сүйлөшпөйм
Эңгиреймин ичимден,
Эрме чөлдө күмбөздөй.
Көр дүйнө мени көрбөйт-ов!
Көздөй дос салам бербейт-ов!
Жылуу сөз айтып жаныма,
Жылан да жылып келбейт-ов?!
Агамдан да кол жуугам,
Алкымымды жаш жууган,
Эки көздөн жаш төгүп,
Ээн жерде олтурам...
Бакатайлар
Жаз Жаны наз...
Уккулуктуу чурулдап,
Жаш балдардай күлүп-ыйлап эчкирген,
Кымбат, кызык жолугуумду утурлап,
Кыздарга эмес, бакаларга кеттим мен.
Табият бу табышмактуу үн салган,
Коюу түнгө чылангандай коңур күз.
Эс-мас эргип баар жытынан гүлзардай,
Шайыр кыз ай, күтпө мени көңүлсүз .
Көлчүктөрдү күзгү кылып ким чачкан,
Коомай басып көрдүм жээктен тээ терең:
Сыйкырлаган шоола оронгон түнкү асман,
Ай каалгып, будут көчүп ээрчиген.
Өлтүрбөгөм тосток көздү, чымчыкты,
Балалыкта жакшы көрчүм жандай мен,
Балкып, калкып тынч чайпалтып көлчүктү,
Чалчактаган чаар бакалар, чардай бер!
Кубулжуган обонго чын шаттуубуз,
Айып көрбө буга жүрөк эришин.
Эгер ичтен сүйчү болсоң жакшы кыз,
Бакаларды тыңшап жатчы мен үчүн.
Анан аппак төшөгүндөн жай туруп,
Күзгүгө кел, ойунду бөл мага да,
Жылмайыңкы жамалыңа Ай тунуп,
Булут болуп бултуюп кой, садага.
Ыр — казат
Турмуштун тапсак маңызын,
Жашоонун жазсак нагызын.
Тулпардай жирейм турмушту,
Туйлаткан байге — намысын.
Шилтенсем калем кылычтуу,
Жазмыш бер, өмүр жол узун,
Сан миң кол бүткүс жумуш бу, -
Узанам жалгыз, тымызын ...
Жакыр жашоо оңдосом,
Батаңды берип бакты аччы?
Кайгыңды беттеп жол тосом,
Миң колдуу болуп миң баштуу,
Эгер акын болбосом,
Болмок окшойм колбашчы.
Азат кыл, ырым, кулбашты,
Ажат ач, чырмайт кимди азап?!
Жарк десем тыйып көз жашты,
Полк менен баштайм ыр — казат.
Кырына чыгып кырк жаштын,
Азынап чуркайт бир боз ат.
Керилген жаадан ким атат,
Саадакта калган жебемин?!
Тагдырга жарык таң атат,
Таарынба, журтум, эгерим,
Миңдеген Алик келатат,
Сен мени, -
Бир Алик экен дебегин.
Күзгүдөгү сүрөт
Жасанып күзгү алдында күткөнү үчүн,
Жаш жеңем сулууланып жаткан чагы,
Буудай жүз, уурту аста жылмаят да,
Буландайт толкун өрүм калтар чачы.
Ийилген ичке, назик эриңдери,
Деңиздин кечки кызыл ак чардагы.
Кашычы? Көктө канат керген турна,
Ашыгып күн мандайдан өткөн тура.
Балкылдайт тору бети албыргансып:
«Бала дейт тилегим чын берген куда...»,
Дегеним агаң «учма кабар»* салган,
Аскерден кызмат өтөп келген мына...
(*учма кабар — телеграмма)
Көл сыңар көркү таза жай күндөгү,
Жан көңүлү баар сезип көлкүлдөдү.
Чымырап көк көйнөгү боюна чак.
Этегинде эрте жаздын өрт гүлдөрү.
Кубантып ал жээктин кылаасына,
Кумардын алып учат келгиндери!
Эрке айым жубайынан бакты күтүп ,
Экөө жай черин жазар сагынычы.
Ээлигип, эңсеп уза-ак таттуу сүйүп,
Эриндин ысык желдей жалынычы.
Болкулдап эргип, тамыр жүрөк түтпөйт,
Болчу, болчу, бул түн лаззат жолугушуу!
* * *
Эки бетиң, ак алмадай барсайып,
Эми бышып аз-аз кызыл жүгүргөн.
Алсаң өөп, даамы чыгат ансайын,
А эртең кеч, тат дегенсийт бүгүн сен.
Кочкул жүзүм кош карегиң моймолжуп,
Койсоң карап мөлт дейт түшкөн эки дан.
Тамшан такыр эстен танып, опкоолжуп,
Тандайына тамбаса да эрийт жан.
Эрдиң кызыл анар ширең сыгылган,
Жамалынан аймап келип таткының,
Сүттөй ууз денесинен жыйылган,
Алкымынан бал каймагын калпыгын.
Дегенчелик. Ак жай жыты буруксуган,
Айылдык кыз, сен ийниме баш коюп.
Аста энилип сүйүп койсом ууртунданг
Ширең чыкты көздөрүмдөн жаш болуп.
* * *
Эргибей эч ыр чыкпайт кур чамынба,
Кудурет жыйна бойго курч чагында.
Жер шарын жалгыз ээлеп падышадай,
Олтурам мен кул болуп бир сап ырга.
Бир сап ыр — ханга бергис дастан башы.
Бийкечтин түндө кел деп каккан кашы.
Акындык же күлкүдөн же күйүттөн,
Сызылып беттен ылдый аккан жашы...
Бир сап ыр — ый аралаш күлкүм, бактым,
Алмашпайм чачсаң дагы башыма алтын.
Акындык эски үстөлгө бербес элем,
Ал дешсе падышалар алтын тактын.
Тагдырдан тикенектүү кийгем таажы.
Пас андан Президенттин орду дагы.
Алмашпайм мен акындык жер кепеге,
Берсең да Өкмөт үйү, дачаңарды.
Бир сап ыр — Жанказынам ачкычы чын,
Темасы повесть, эссе, романындын.
Шамчырак карегимден, жүрөгүмдөн,
Өтөт бүт пендем жаман, жакшылыгың.
Адамды адам көрүп сүйгөн үчүн,
Кыргыз деп силкинтсек бүт дүйнө жүзүн.
Багынбайт Бушка, темир кушка дагы,
Чөгөлөйт бир сап ырга дүйнө бүтүн.
Кургандай ырдан Рим мамлекетин,
Кул — уста чебер зерттейт ар бир сөзүн.
Бир сап ыр — илхам, күч да, үшкүрүк да,
Сүйүүм да, жылмаюум да, эркелетүүм...
Тынч музыка
Сыздап тыңшап, сыртта олтурсам кечке жуук,
Тынч музыка жай сыбызгыйт муңга жык.
Эске түштү качанкы бир шорлуу кез,
Ээсиз сүйүү эчак кеткен ыйлатып..
Тынч музыкаң — жынч ойлордун байлыгы,
Сүйүнүүлөр... таарынуулар... айрылуу...
Чылк кумардан бүткөн чыгыш күүлөрү...
Индиянын сүйүү аваны кайгылуу..
Тынч музыка — жан делөөртүп нес кылган,
Огинский! Көздү талаа жаш кылган.
Бетим жууп ысык муңдуу тамчылар,
Белгисизге бет алгандай тагдырдан.
Кайран Коргоол, эски авандар элдеги,
Кандай мукам кайрыктар бар сендеги.
Муң жыргатып кечки элет жер жымыңдап,
Тунжуратып туман баскан жергеми.
Күйүт шаңын күүгүмдө уксам сейилдеп,
Чырактар, аи, жанган күүдөн жел үйлөп .
Айыл-шаарлар ойго батып кыялкеч,
Жандүйнөмдү магдыратып мээрим төк.
Ата Журтту каптап бакыт балы даам,
Жүрөктү эзип көз жаштарың чайыган.
Жай музыка «кайф» кармайм мен сенден,
Чөп тамырын жибитчүүдөй музыкаң.
Ай жарыгын төккөн өндүү гүлдөргө,
Ачылгандай көңүлү гүл бир пенде.
Себеленген күү жаанына жан тосуп,
Сени тыңшап келаткандыр бир жерде…
Рок-н-ролл
Көрдүм, турмуш, көзгө сайчу чындыгың,
Көзөл көйрөң куруп кетсин шумдугуң,
Эстрада күчүктөрү чаң салып,
Бийлеп жатат жинди болгон бул кылым!
Уятсыздык!.. Ууну бал деп жашты алдап,
Ууга чыккан машкелердей шалпаңдап,
Жоболоңдуу жорук баштап ийчүүдөй,
Жоон сандуу ойсокелер шайтандап.
Чачты силкип, сетерлерин таре коюл,
Чаңырышып, тилин сунуп, тостоюп,
Айкырышат үзүлгөнчө өңгөчү
Акылынан айныгандай мас болуп.
Ай, кулак— мээ кужурун жеп, даңылдап,
Олжолошот бекер акча, жеңил даңк.
Качан биздин жүрөк, акыл-эсибиз,
Бахтын мукам залкар күүсүн кабылдайт?!
Нервге тийген ачуу үндөй таңылдап!
Рок-н-ролл мээни жарат заңылдап!
Качан биздин ак мармар таш залдарды
Улуу Моцарт музыкасы жаңыртат!?
Урпак болсун татыктуу чоң инсак бу,
Уюткандай жүрөгүңө куйсамбы?
Качан эргийт, оргуйт канда ташкындар,
Улуу кыргыз руханы — миң сан күү.
Баам табит, өнөр кирдеп, бөксөрүп,
Батышка кул, баш айланган тепселип.
Ыймансыздык берч жан дүйнөбүз кыйратып,
Ыйык Чыгыш өрттөлчүдөй жаш төгүп.
Жоготкула ыпыластык кулдугун
Токтоткула, Үн Согуштун шумдугун.
Эстрада фашисттери даң салып,
Ыйлап жатат жинди болгон бул кылым.
Аяздагы от
Не деген жол!
Көз өлчөмүм жетпеген.
Не деген шык, -
Көкүрөктү өрттөгөн?
Халтурщиктер чыгып жатат астыга,
Классиктер менен келем артта мен.
О, миң жылдык Лириктери Чыгыштын,
Отуз жаштар, кенч мурастар уюткум.
Ок мизинде ойлоп элдин тагдырын,
Эрк талашкаи мизинде албарс кылычтың!
Ата Журтум, бул максатка жолдогон,
Баскан сайын батман жүгүң оорлогон.
Көксөп келем көз өлчөгүс сапарды
Өрттөп келем мажестикти болбогон,
Түркөйлүктөр жан оорутуп, өң, азды.
Түшүнбөстүк, мерездиктен аяздуу,
Чыйрыккандын ичи-койнун жылытып,
Оттуу саптар жирейт кардай кагазды..
Эл-жерде бар турмуштук ыр миң санат,
Эргип изден, тагдыры бар чылк талант!
Калем менен капкалуу шаар багынтсаң,
Кандуу кылыч, ок жаңжалы тынч алат.
Кызык акын кылым каткан сырды ачат,
Кыргызына кызыл жалын ыр чачат!
Борс-борс күлөт жылуу жерден жазгычтар,
Бороон боздоп, беттеп жүрсөм бурганак.
Жармач ырлар жайнайт журнал, гсзитте,
Жазмакерлер жалаңдашып кезиксе,
Келжирек сөз, чагым кептен арданып,
Эх! Асынып өлгүң келет эшикте.
Кайдыгерлик калчылдатып жүрөгүм,
Карөзгөйгө түкүрдүм да, түтөдүм.
Көп кечикти, качан чыгат билбеймин,
Көктөмдөгү кызгалдактай китебим?!
Кар чачсаң да, жалыным бар өчпөгөн,
Каржалсам да кайратым бел чечпеген,
Таланттуулар атып чыксын астыга,
Жамакчылар калсын самсып артта жөн.
Мейли, талант тагдыр деген чок басат,
Саади сындуу сан кенч ачсам көп жашап.
Белгисизде, -
Аяздагы от күйөт!
Бет алдымда, -
Көз өлчөгүс жол жатат!
Шок кыз
обону: Исрадин Аманбаевдики
Ай, шок кезиң, шок сезим,
Алоо төгөт өрт көзүң.
Жалт карашың, түшүрөт-оф,
Жаш бойдоктун шапкесин.
Билбес кайгы шат кезиң,
Бир жигитке бап кезиң,
Карап койсоң, түшүрөт-ов,
Карт бойдоктун панкесин.
Ала-Тоомдун ак кызы,
Айдың-Көлдүн аккуусу,
Оргуп турма шаттыгың,
Олдо кургур, жакты ушу.
Сен бир үйдүн бактысы
Сезимдердин оттуусу,
Тынчымды алат, негедир
Тынч күндөрдүн шок кызы.
Поэзия
Ыр чок шилеп, жүрөк «чарт» деп жанса да,
Же жан түтөп көңүл кирдеп калса да,
Поэзия, таза сүйүп өзүндү,
Чыңдык менен күйүп келем мен сага!
Адалдыктан тарттым далай муң, санаа,
Арамдыктар алдап шагым сынса да,
Поэзия, тепсеп өтүп пастыкты,
Улуу жолдор менен келем мен сага.
Талкалайм деп тагдыр кылыч сунса да,
Кыйратам деп кырсык, мушкул турса да,
Поэзия, кыйсыпырдан сак өтүп,
Кыйын жолдор менен келем мен сага.
Байлык, бийлик, атак, мейли, чанса да,
Көкүрөккө же бүт Жахан сыйса да,
Поэзия, жеңил, кыска жол баспай,
Уза-ак жолдор менен келем мен сага.
Акыл, изден !.. Кирсем турмуш чалгынга,
Акыр шыгым табат сөздү алтын баа.
Гений сындуу керек тура кудурет,
Бир сап ырды жаратуунун алдында...
Аял Жана алтын
Алтын көрсө –
Аялдын жүрөгү эрийт.
Аял көрсө –
Эркектин жүрөгү өйүйт.
Эркек жеткен,
Мансапка күйүп-түтөп,
Эрке айымдар,
Опоңой күлүп жетет!..
Алтын деген
Бул бир сөз — «ал» дагы «тын».
Кырк эркекти
Алдап кетет бир катын.
Алтын жаткан жерде, -
Жыландын уюгу бар.
Шоңдуктан, -
Аял тили бал дагы заар.
Бир күнү
Калалекте катыгың жеп,
Эркелетип сыйлай жүр,
«Алтыным» деп.
Кечиресиз?!
Азил
Көз салсам – көз нурумду өчүрөсүз,
Сөз салсам — сиз каршы алып өчүрөсүз,
Бир сулуу кыз экен деп мен ойлосом,
Ах, келин турбайсызбы?
Кечиресиз?!
Бозойго түгөйлүү жан карабастыр,
Боздотуп селки жанды аябастыр.
Болпойгон жоош неме, «жеңе»— оо десем,
Кызмык дейт дагы бирөө.
Балээ баскыр!
Сыйрылган жараат
О, мезгил мерес, а турмуш катаал,
Шакардай кайнап илхам-шык, от ал!
Көрүнбөс тажаал казаттар үчүн,
Көөнөрбөс эски таланттар үчүн,
Көкүрөк күйгөн сүйүүлөр үчүн,
Жыргалдар үчүн, азаптар үчүн,
Көтөргөн баардык жакшылык үчүн,
Жүрөгүм окшойт кан толгон бокал.
Мас кылып жаным,
Шараптай каным,
А дале денем от менен жалын.
Сыздатса дагын
Сыйрылган жараат,
Сызууга болбойт өмүрдөн баарын.
Жашагын, жашчак, быкшыбай түтөп.
Аятымыш эки тамырдан «дүрт» деп,
Жыйылып келип, капылет эргип,
Калем көөр төгүп, оргуштап жүрөк.
Аза, бой «дүр» деп, чымырап башым:
Кайдасың эми төгүлгөн жалын,
Төгүлгөн жалын,
Төгүлгөн жалын!?.
Мээриң сал, мезгил, жылмая карап,
Турмуштун каарын жумшартып шарап.
Арзуусун таппай, ааламга батпай,
Армандуу Алик жалбырттап барат.
Жазмыштан, мейлиц, жаралан, курчу,
Жаш курбал жайнап, сен кайнап турчу.
Оодарып ийбей бүткүл жер үстүн,
Жакшылык, эрдик, тагдырлар үчүн,
Жараткан Кудай, ырайым кылчы?!
Сыйрылган Жараат сыздатса дагын,
Сызууга болбойт өмүрдөн баарын.
Карагат кызга мен ашык чактай,
Кайдасың эми, төгүлгөн жалын,
Төгүлгөн жалын,төгүлгөн жалын...
Куюн өрт, бороон, жамгыр, кар сабап,
Кусалуу дүйнөң алдыртан карап.
Арзуусун таппай, ааламга батпай,
Алкымдан аккан ачуу көз жаштай,
Армандуу Алик жалбырттап барат...
АкБууранын ырлары
Ак-Буурам ай,
Жаш буурадай чамынтып,
Миң булактын кайнар күчү оргуган.
Ыр окушкан акындай зал жаңыртып,
Толкундарың тура калып ордунан!
Сергектенип шоокумданып күн-түндөп,
Сен Алп Дайрам,
Кылымдарды багынтып,
Безеленген шаң учурган күлкүңдөн.
Бетке тамат карегиңден жаш ыргып.
Сыбызгыйт күүң, жер тамырын бошоткон,
Сырын тыңшайм тээ байыркы элимин.
Тайлак кезде чөлдөп өткөн бу Оштон,
Инген тоолор ийип сыздап желиниң...
Ал кайгы күн, Кайрат алды жаңы ырдан,
Сал, кайрыгын, кубаттуу доош, обондун.
Ыйлап келип казал чийген Бабурдан,
Туйлап чыктың, ырларынан Жолондун.
Мажүрүм талдай, чайың ичтим кылгырып,
Махабаттуу жан ысыткан аптабың.
Акын дарыям, өрөөндөрдү гул кылып,
Ага берсин, кашка мөлтүр саптарың!..
О, Лира!
Жаш сулуу сиздей көп көргөн,
Жаш чакты байкең өткөргөн,
Турна моюн, бото көз,
Тумар бой бийкеч о, Лира,
Туулсаң керек Ак Мөөрдөн?!
О, Лира! О, Лира...
Атың да, затың да
Шык берген акылга
Сен — муза, сен — лира...
Ар-ира, ай-ира,
Каалгып бийлейли,
Ары да, бери да.
Айчырай, асылзаат,
Арууда, пери да.
О, Лира...!
Алыстап жаштык сүйүүмдөн,
Арманга баттым бу күндөн.
Агатай болуп жүрөйүн,
Төгөрөк беттүү бал-бал көз,
Төгүлгөн сулуум о, Лира,
Төрөлбө Таттыбүбүдөн?!
Жарылгым келип кусаман,
Жабыркайм жазмыш ызаадан.
Келиним да болсоң, мейли элең,
Кебинен наздуу нес болсом,
Керемет кызсың, о, Лира,
Кем эмес Мона Лизадан.
Таптуусуң, оттой тутанам,
Танчудай эстен бүт аалам.
Татына болсун кыз сиздей,
Бейиштен «жарк» деп түшкөндөй,
Жаралсаң керек сулуулук –
Кудайы Афродитадан?!
Артюр Рембо
Париж Коммунасынын Гимнин чалган,
Ырларын окуп чыктым Рембонун,
Кыштактан шаарга жаш акын келип,
Адашкан беттеп күрөш бороондорун.
Чыкканда империянын чаңы асманга,
Көнбөдүң жазмыш тажаал кордогонго,
Сезимтал, сергек, курч да, сүрөткөр да,
Сен бир жаш гений элең, о Рембо!
Күткөнсүң өткүр мүнөз, өжор тагдыр,
Өрт кыял, тикенек тил, акылың жетик.
Дүйнөлүк адабияттын дарбазасын
ачтың шарт!...
Жаптың замат үч жыл өтүп...
Жазганда кандай укмуш эргүүдө элең,
«Жан-Мари колу» менен «Мае Кемени».
Көр, ыплас, тар чөйрөдөн тажап качып,
Койдуң сен ыр жазганды таштап эми.
Жер кездиң... Туулган журтка кайттың сыркоо,
Кайыш күрмөңө тигип кырк миң доллар.
Элетте тынч ыр жазбай жашамаксың,
Жар кылып бир француз айымын жалжал.
Поэзия — өлчөөсүз ой, силкинүүлөр,
Жоготуу — алыш эмес атактарды.
Арзыбай нечен жылкы селсаяктык,
Үч жылың үч миң жылга татып калды.
Не эле сырын каткан машаяктык,
Не эле жеткен чеги акылыцдын?..
Тоомундай тогуз жолдун Поэзияң,
Тогоошуп турат мына эки кылым.
Анна Кернге
Пушкинден
Жадымда шол кереметтүү кез ирмем,
Жарк эткиздиң көздөн кайып перини.
Беталдыман бүт ажарың төгүлгөн,
Чылк нукура сулуулуктун Генийи.
Үмүтсүз бу санаа жанды мыжыкса,
Үрөй учкан дүрбөлөндүү убакта.
Түшкө кирчү бойкеябетиң, асыл баа,
Тыңшагансыйм найын үнүң узак-ка...
Жылдар өттү, алай-дүлөй чак да өттү,
Кыялдар да сапырылып мурдагың.
Унуттум мен айчырайлуу шол көрктү,
Унуттум мен найын үнүң, дилбарым.
Ээн элет жер, күүгүмдөрдө ың-жыңсыз,
Күндөр өттү, күңүрт суз да маталган.
Кудуретсиз, Мухабатсыз, Көз жашсыз,
Кунары жок, жашоо шыксыз жок илхам.
Жан делөөртүп чукуранган акылдээр,
Жарк эткиздиң, кайра кайып перини.
Так бет маңдай көзгө кеттиң төгүп көөр,
Таза чырай сулуулуктун Генийи.
Кагат жүрөк кайра мына опкоолжуп,
Касиретим кабыл кылып муңдаш жар.
Кумарлантып, кан дүргүтүп илхам-шык,
Кудайым бар, сүйүүм да бар, көз жаш бар.
Контрасту сезим
Мен тууралуу ушак айтып куруган,
Шылдың кылып жыргап күлсөң каткырып.
Мен ал чакта элесиңе жалынам.
Ыр жазармын көз сурмамдан жаш сыгып.
Сен тууралуу ырларды окуп, Асылым,
Сейил курсам достор менен шарактап.
Мага деген сүйүүң кыйнап жашыруун,
Сен ал кезде ыйлап жатпа шолоктоп...
Ажырашуу элегиясы
Айрылдык, жаным, окшоп кош аккууга,
Уябыз чаар жылан бошотту да:
Сүйүүмдү жыргал десем — тозок экен,
Сүйүүмдү ырлар десем — кошок тура.
Мен жалгыэ куштай үндөп чакырган муң,
Уугуп бүткөн боюм ачууркандым.
Махабат — жаш кайрыктуу качаңкы күү,
Эски бир аван созгон жаңы ырларым.
Кызганыч, ыза менен жаралангам,
Бир жылда мен жүз жашка карып калгам.
Чертемин миң кыл тамыр жүрөк комуз,
Жан теңим — кыска таалай, алыскы арман.
Кат жаздың: «Мен сен үчүн өлгөн жан де»,
Бакыт тап! Ырас, жашайм өлбөйм жерде.
Торгойдой тик атылдым безеленип,
Жыландай заар чачса курган пенде.
Жаныма баткан эле таркап уусу,
Кылдардай дирилдеген калтааруусу,
Эркекти бака баштуу жутуп коёт,
Башы чылк алтын болсун эрке кызы.
Кечирчи, кейиш кылбай кел алганым,
Кечирбей, энең каргап, сен алдадың.
Ийнинде көрө албады калың үчүн,
Бүт дуйнө меники эле-бере албадым.
Асылкеч, элес, мээриң сырда нечен,
Ырларды ыйлап жазып, сыздап өтөм.
Сүйүүмдү тозок десем — жыргал тура,
Сүйүүмдү кошек десем — ырлар экен.
Жай музыка
Жай музыка!.. Кайгыларга мас кылган,
Не бир күндөр чубап өтөт астыңдан.
Жай сыбызгыйт.. Жалгыз тыңшап отурам:
Бошойт муун...
Жүрөк тыңшайт...
ташкындайм!..
Угат жаным күү сыйкырлап койгондой,
Уюп сүттөй уктайт дүйнө ойгонбой,
Аза бойду жымыратып кайрыктар,
Агат арман...
сагынычтай...
ойлордой...
Жай музыка мемиретип көңүлдү,
Бүткөн бойду жымыратып төгүлдү.
Адам жанын ыр-күү гана дарылайт,
Тартуу кылат бейгам, узак өмүрдү.
Козголбогон ойду козгоп түпкүрдөн,
Жай музыка жанар тоодой үшкүргөн,
Айдап салат кусалыкты ичимден,
Оор жүктү силкип салат үстүмдөн.
Же таткандай женьшен чайырын эс-масмын,
Нервиң жыргап, жасагандай массажды.
Каалгып, каалгып кар жаап, нур жаап
жаткандай,
Кайрыйт күүлөр жаш сүйүүмдү качанкы.
Мукам күүдөн помидорлор барсайып,
Өсөт экен картөшкө, коон тарсайып.
Ай нурунда гүл үргүлөп уккан күү,
Тирилтчүүдөй маркумга да жан салып.
Жай музыка арылтчуудай баш муңдан,
Арманды жууп, көздү тунук жаш кылган.
Жай сыбызгыйт. Жалгыз турсам ой басып,
Бошойт муун…
Жүрөк тыңшайт...
ташкындайм!..
* * *
Түнү бою гүлдөп чыкты дарактар,
Май айынын алчасына окшошуп.
Кар желбирлүү букет сунуп бутактар,
Мен баратсам турушуптур жол тосуп.
Беттеп бастым жумшак карды мен кечип,
Бет алдымда карасам жөн айыпсыз.
Жел терметкен, көк көлчүктө, жер көшүп,
Күн — ымыркай күлмүң этет, жарыктык!
Жер-эненин ак мамагы ийиген,
Кучагында кумар эч бир таркабай.
Таң атканча гүлдөп чыктык сүйүүдөн,
Жаштыгыбыз жайнап аппак алчадай.
Чынар терек көктү челген буурулбаш.
Чыдай түшүп көралсам дейт көктөмдү.
Бул дүйнөгө жалт бурулуп карап кал,
Жатсаң чыны жарык менен коштошуп.
Түнү бою гүлдөйт кышкы дарактар,
Жаз айыньш алчасына окшошул.
Кержорго
Ай жарык түн. Боз чаң эски көпүрө.
Айылым жактан чыктым узак мен жолго.
Дүбүрттөгөн ат урунду көзүмө,
Кайдан качып келатты экен Кержорго?!
Түшкөн сыңар көктөн жомок аргымак,
Түнкү суулар, күмүш агып алыстан...
Куш уйкулуу кароолчу чал ат тушап,
Каман чыга калса керек камыштан.
Байлап-матап салса корчул айбан бир,
Быт-чыт үзүп кишенди бутка салдырган
Балким мендей үркүп, жалкып калгандыр,
Бактысыз, шум бейжай, бейпай тагдырдан.
Иттер кууп, артынан чаң бурады,
Жел үйлөгөн шамдай кулак жапырат.
Жаныбарым ай, күйүп-жанып чурады,
Туяк кагат, туяк чагат тапырап!
Уй ээсин же үйрүн эңсеп алыскы,
Шыбак жыттуу аткананы пааналап.
Эрктүү жигит алсын деп туу намысты,
Эркиндикке качса керек талаалап.
Ойдой күлүк сүрөөн салып жүгүрөм,
Пенделерден чыккан далай ит үрөт.
Тээ, теректер, терезелер түбүнөн,
Коңшу үйлөрдөн өткөн чыгар дүпүрөп.
Жок! Токтоду. Басаң, таштап аягын,
Ат чапчылап, окуранды мамыда.
А жаш күйөө кучактап жаш аялын,
Уктап жатат батып кумар балына.
Айыл чети. Жылгалуу дөң. Жапыс там,
Айланасы сүттөй жарык күндүзгү...
Чакмак чакса чагылгандар батыштан,
О, Аргымак жалт-жалт этет түн түстүү!
Ушул кезде айтсаң сөздү өнөккө,
Уйку баскан көздү ач умачтай ач, жаман!?
Кыргыз бекен бейпил жаткан төшөктө,
Жигит бекен атка камчы баспаган!
Жалгыздыкта болбо досум ич күптү,
Жазмышына жазуу күтсөң буйруктан.
Ала-Тоолоп салгын алгыр бүркүттү,
Арстан ойду алсын баштан, куйруктан.
Канаттуу Ат!
Күлүк кыял дубалап,
Кайындуу өзөн уруп турат күзгү дем,
Далдаңдаган көлөкөмдү кубалап.
Чуркап өттүм көпүрөнүн үстүнөн...
Дүкүлдөгөн жүрөк туурап таскагын,
Жандүйнөмө сал дүрбөлөң, сал дүбүрт.
Төрт туяктай шилтейм ырдын төрт сабын,
Качкан аттай карматпаган жаш күлүк.
Максат — атты кармайм бир күн мен жетип,
Тагдыр, мейли, тушамыштап так чидер.
Чалма ыргытсам, укуруктап сүйрөлтүп,
Кол кыйылып, денем сыйрып таш тилер...
Үзөнгүгө чирене тээп бутуму,
Үй-үй топко айтып түшсөм сармерден.
О,колдой көр, Камбар-Ата тукуму !
О, колдой көр, жигит ггари Шаймерден!
1986-ж.
Жылдар ностальгиясы
О.МАртыкбаевге, К.К. Султановго
* * *
Жерде гүлдөр,
Жылдыз жайнап асманда.
Жымың нурун, жыпар жытын чачканда,
Кыз коюнундай кызык кылык көрбөпмүн,
Кумарга жык жылдар өтүп жатканда.
Ысык сүйүп, куса черин жазганга,
Учуп-күйүп учкул ырлар жазганга,
Убак бар да, уктап эле жүрүпмүн,
Укмуш жылдар өтүп бара жатканда.
Жууруп алар чылк алтынды таштан да,
Күжүлдөгөн күчкө толгон чактарда,
Куюн болуп чимирилип чуу койгом,
Кудуреттүү жылдар өтүп жатканда.
Адам көрдүм кайгы жуткан мастан да,
Азгырылып аял, арак, шайтанга,
Карап тургам бир муң толгон көз менен,
Шайыр жылдар өтүп бара жатканда.
Арман менен жаман ойго батканга,
Неге көндүм?
Досту көрдүм кастан да.
Жаманатты болбош керек жаңылып.
Жакшы жылдар өтүп бара жатканда.
* * *
Кыйналганда, кумсарганда, азганда,
Кыл аркандай тагдыр менен басканда,
Кылымдарга жетер ойду айтпапмын,
Кыйбас жылдар өтүп бара жатканда.
Дейдиликтен азап артып жаш жанга,
Делбирттегем не теңелип мастарга?!
Көздүү сокур көралбапмын чындыкты,
Көсөм жылдар өтүп бара жатканда.
Кейбир экем «гений» деп кол чапканда,
Кежирленип не чап салгам алптарга?!
Тилдүү дудук кыйкырбапмын кылымга,
Тике селдей жылдар агып жатканда.
Көкүл серпип, көйрөңдөнүп басканда,
Мурдум чүйрүп, көк чокудай даңктарга,
Дүлөй жандай кулактарым жапыргам,
Дүңгүрөгөн заман өтүп жатканда.
Шай келбептир бир чоң нерсе ачканга,
Кейийм текке акыл-мээнет, чачканга...
Арзан, оңой, начар өмүр сүрүпмүн,
Алтын жылдар өтүп бара жатканда.
Мышык экем, — ичсем окшоп арстанга,
Жылт койгонмун бир «жунгли» жактарга.
Керең болуп арыз арманын укпапмын,
Кейиштүү эл ыйлап бара жатканда.
Мокок болуп каршы чыкпай калптарга,
Коркоктонуп кылыч сөздү айтканга.
Ташкындаган кир дайрадай агыпмын,
Таза жылдар агып бара жатканда...
* * *
Тилегеним: тим жашап, эрте өлбөйүн,
Акылга карк сабыр, жин келтирбейин.
Аппактарга алданып карайбайын,
Караларга кошулуп темтейбейин.
Жаңылыштым, жазмыштан жетет ошол.
Жарык, ак бол, бүгүнкүм, эртеңдерим!
Билбейм, билбейм, эртеңки жолум кандай,
Дүйнө ачамбы Веспучи, Колумбдардай?
Жаз да келет.
Жасанып кыздай дүйнө,
Сай-сайларга ташталган жоолуктардай.
Ал да эскирет.
Сан-миң гүл, жылдыз өчөт,
Күз да келет.
Күткөнүм бакыт-таалай
Жана да ыр.
Жадатпас сүйүү ышкы,
Ак жубардай дарактар гүлдөйт кышкы.
Неге жооруйм, от байлап куйругуна
Тээ, төбөмдөн куйруктуу жылдыз учту,
Ал болсо экен канаттуу бир чыгармам,
«Дүрт» эггирсем ошого бүт кыргызды.
Ата-журтту кыдырып, дүйнө кезип,
Бир чоң китеп жазсам дейм үйгө келип.
Мен жөнүндө дүйнөгө кабар тарайт,
Чарк айланып ыр, ысмым тегеренип.
Духум күчтүү кембагал бир акынмын
Душмандарым туз жалайт, тебеленип...
Башка жол жок! Башкача өмүр да жок!
Башты жерге салбаска талант, бак оойт.
Эки миң, жыл генине жыйнап келген
Элимдин бүт руху канымда ойнойт.
Ээн үйдөй жан-дүйнөм күүгүмдөтпө,
Эгер Акын күйбөсө, жарык болбойт!
Күз элегиясы
Курбу-дос мен деп ойлошпойт,
Кудунлап балам жол тоспойт.
Куюндап бейжай тагдырым,
Кусалуу болуп; калды окшойт?!
Жүдөдүм дербиш чалга окшоп,
Жүгүмдү эч ким колдошпойт.
Адашкан оттой жазмышым,
Армандуу болуп калды окшойт?!
Чолпонбек, Абди, Жолдош жок,
Какең, Жакең, Сокең жок,
Чатырап жүргөн кез кайда,
Көкүрөк кайнап,
Көз жаш-чок!..
Кайырчы чалдай жазмыш кууп,
Кар, шамал беттейм, алдым суук.
Калчылдап үйдөн узадың,
Каректе кеч күз, жалгыздык...
Айылга барганда
Шаардан барган сайын мени күтөт,
Кыйшайып үшкүргөн үй мору түтөп,
Маасысын жамай албай чал олтурат,
Эски, боз, кир чапанчан апам жүрөт.
Кайрылып келген сайын үйгө жүдөө,
Коштошом белгисиз бир нерселерге.
Жалбырттайт ыпыр-сыпыр өрттөп жатса,
Жаз келип калганбы дейм Туулган Жерге.
Туш болом мөл балалык сезимдерге,
Баш ийкейм шаңкылдаган жеңемдерге.
Келгиле, уялаштар, антташалы,
Жолугуп туралычы өскөн үйдө.
О, кимди, тагдыр айдап каңгытпаган,
Айылымдын очогуна жылынып барам.
Көкүрөктө, бирок, өчпөс бир жалын бар,
Мезгилге карты өчөшүп жалбырттаган.
Ар кайда жүрсөк дага турмуш кыстап,
Апабыз баккандыгын унутпасак.
Энеге деген ыйык аёо сезим,
Жүрөктөн муз эритип жылытсачы?
Кул болбой көртүйшүктүн жетегинде,
Бапыраи бала чактай кечээ күнгө.
Келгиле, шерттешели, уялаштар,
Баарыбыз баралычы биздин үйгө.
Ата үйү. Көгүш иңир жылдыз жааган,
Апакем кейип-кепчип, чай муздаган.
Көтөрүп багалбадым мен Сиздерди,
Көзүмдө көрүнбөс жаш, ачуу арман.
Шаардан барган сайын мени күтөт,
Кыйшайып үшкүргөн үй, мору түтөп.
Маасысын жамай албай чал олтурат,
Эски, боз, кир чапанчан апам жүрөт.
Кушкалем
Талант өчкүс — ташка ыр чегип жазгандай,
Карек «жарк» дейт, бир жаңы ой тапкандай.
Эгер колго калем алып жазбасам,
Комуз чертип, болмок окшойм актаңдай.
Аттиң!..Током, Барпы, Коргоол, Жеңижок,
Алп залкарлар атпай журтта эми жок.
Азыр жашап, күч сынашып беттешсем,
Арманым бир болбос эле менин — ов?!
Акын пирлер капа болбос ушуга,
Дүйнөлүк чылк талантсыңар нукура.
О, пайгамбар жашка барып өмүрдө,
Өнөрдүн да жеткен кылда учуна.
Тилейм шундай өнөр баккан жашоону,
Илбирс курак кыркты көздөй жаш ооду.
Не деген шык, ырга чапчаң күч керек,
Чалма ыргытып жыккан өңдүү Азоону!..
Азоо саптар жапайы аттай ыргыштап,
Ыкка көнбөйт, ыргып минсем жалды уучтап.
Жакасынан жалдай жалын төгүлүп,
Такасынан «чарт» дей түшөт бир төрт сап!
Жалгыз бир сап тамызгылап изденем,
Жаңы чыйыр сала элек эч из менен,
Телибайдай өрт кучактап келатам, .
Тентек кезде Пушкин берген кушкалем.
Алда неедей күүлөр мукам чертилип,
Аван созсом эски кайрык, эргүү жык.
Жалбырттаган ыр кучактап келатам,
Жайдак калган ак боз аттаң чаң чыгып...
Карек жарк дейт, көзүмө от баскандай,
Ышкым күчөйт журтка жалын чачкандай.
Колдон келсе, Коргоол чалдай болормун,
Комуз чертип, болбосом да да актаңдай...
Сен кеме менен коштоштуң
(Николай Рубцовдон)
Деңиз аялдамасын калдың бойлоп,
Ыйлап жатып муң жүзүң күлүңдөгөн.
Кайра катуу шамалга парус ойнойт,
Менин бүткүл кусалык, сүйүүм менен!
Чамгарагын дүйнөнүн чалам, сүңгүйм,
Курч тумшуктай бороонду жарамын түз.
Түбөлүктүү чаңырык, онтооң сүйдүм,
Түрмөктөлгөн океан ырайымсыз.
Уюлдагы чоочун шаар жанга жакты,
Сапар чалып кетермин кайта дагы.
Баштан кечирткен үчүн ачка-токту,
Баштан кечирткен үчүн сарсанааны.
Көргөн үчүн мээрмандык кайгы тартып,
Жүргөн үчүн жык дооштуу калаада кең.
Ууртуцдан жылмайып ыйлап жатып,
Кеме менен коштоштуң шамалда сен...
(Көңүл буруңуздар! Бул сайтта китептин бир бөлүмү жайгаштырылган)
Текстти толун бойдон ушул жерден көгүрүп алсаңыз болот
© Акималиев А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Количество просмотров: 5496 |