Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Акималиев А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 28 ноябры

Алик АКИМАЛИЕВ

Ханда жок байлык Манассия

Ырлар жыйнагы

Акыркы жылдардын поэзиясы

Акималиев Алик. Ханда жок байлык Манассия: Тандалма: 1-том. — Б.: «Айат», 2008. -232 б. китебинен алынды

УДК 821,51 
ББК 84 Ки 7-5
А 39
ISВN 978-9967-433-55-7
А 4702300200-08

Автографтар. Тандалган чыгармаларынын, 2 томдугу.

Китептин башкы демөөрчүсү: КР «Кыргызпатент» Мамлекеттик фонду

Башкы редактору: Чыныбай Акунович Турсунбеков, филология илимдеринин кандидаты, доцент, ири ишкер, белгилүү акын – жазуучу

Редколлегия: Ч. Айтматов, Кубанычбек Бакиев, (ген. юрист, романист, юбилейлик комиссиянын төрагасы), О.Султанов, С. А. Раев, Дастан Бердиев, С. Жусуев, С. Эралиев, Ж.И. Салаев, Ч. Абыкеев, Б. М. Наргозуев, К. Бакиров, С. Акматбекова, Ф. Абдулова, Байас Турал, Ж. Зарлыкбеков, А. Сариев, Э. Турсунов, С. Тургунбаев, А. Өмүрканов, Ж. Бекешев


Алик Акималиев
Ханда жок байлык Манассия. – Бишкек, 2008


Мекен сага жаны ат бердим

«Мекеним — Кыргызстан» кыймылынын лидери Урмат Барыктабасовго

Алтын шилеп зоокаң тешкен булагы, 
Тамырда агат, таштан бышкан суулары. 
Тулку боюм сен окшойсуң, Мекеним, 
Туптунук ыр жалгыз өзуң тууралуу.

Ачуулансам, бурганактуу кар окшойм,
Жаш төккөн кек нөшөрүндөй шолоктойм.
Турпагындан өйдө туруп бөлүнүп, 
Туулган жер, басып кеткен Сен окшойм.

Шондуктанбы, жашым ачуу эрмендей,
Көңүлүм назик адырыңда гүлдөрдөй.
Турпагыңа кайра кетсем, Мекеним,
Урпактарың туулушат дал мендей.

Санааң туман,
Сагыныч талааң, чөлдөрдөй, 
Албууттансам ала-буурул көлдөрдөй, 
Бөтөн жактан көрүп калсам бир кыргыз.
Сүйүнгөнмүн Кыргызстанга келгендей.

Эки кыргыз башы качан биригет?.. 
Дал ошондо "өлгөн улут " тирилет! 
Курсак үчүн мекенсиздер Мекенде, 
Мени тепсеп жүрүшкөндөй сезилет.

Алар үчүн: биз ыпылас, белен үй, 
Кызык эмес, чоочун өлкө, бөлөк үй.
Башкаларга не кылабыз тыңсынып, 
Сен биринчи бала-чакаң, мага күй!

Кыйын чакта кыйкырык бар, кылыч жок, 
Өз жеринде эл мусапыр, конок шок.
Кыйындарың, кана, кыргыз арданган?! 
Мекен деген мени менен сага окшош...

Менин эмес, сенин керек атагың, 
Мээрим көрбөй, көөрүм төгүп жатамын. 
Уу жуткансыйм ойлоп кыйын тагдырың! 
Убайымдуу кыргыз Мекен — ватаным.

Жең, Ынкылап 24үм намыстуу,
Желбиретсек кызыл, көгүш, жашыл туу.
"Манассия" деп аталган биз түзгөн
Көрөм : Рух Державамды алыскы...
Жетет эми! Мен ушунча чыдадым, 
Кана, ээрчиген патриоттор, чыгааның?!
Сайдым башты Поэзия, Рух деп, 
Эч аёосуз салгылашка чыгамын...


Кичи Мекенге

Кетментөбөм, сага жетпей жүрөк зар, 
Барбайм сага, барбаганга себеп барг 
Эжем өлүп, кабар мага айтылбай, 
Таарыныч ыза, азада бар, мазак бар.
Азыр болсо Каракүнгөй айылында, 
Бадырактай гүлдөгөндүр өрүк зар... 
А барбасам боз дөңдөрдө "бурр" деген
Шыбакка ороп, жүрөгүмдү көөмп сал.

Ай аруулап, шоола төккөн айдыңда, 
Тыңшайт элим, термеп эски авандар. 
Кыргыз журтка кереметтүү өрөөнсүң, 
Кызгалдактуу жазың көрсөм эреркейм.
Түтүнүндөн кагылайын, Атажурт, 
Түнү менен басып жүрө берем мен.
Тоо кыяндан токтоп калып "дүрр" эткен,
Токоч беттүү кызың көрсөм ыйлармын.

Тагдыр сындуу таканчы жок муң кечкен,
Шамшыкалдын тузун көрсөм ыйлармын, 
Арманымдай кечте кызыл Күн чөккөн, 
Акбайталдын тоосун көрсөм ыйлаармын.
Ыраак жакта доошуң турат угулуп, 
Чычкан дайраң жаш кулундай чыңырып, 
Көпүрөңдү көөмп кирип, бурулуп, 
Аккан жазгы ташкын көрсөм,-ыйлармын. 
Ууздай сары булуттарга урунуп, 
Учкан жылып казды көрсөм ыйлармын.

Кетментөбөм, сен деп жүрөк кусадар, 
Кишеңдеген бу көр тирдик, ызааларг 
Үч бейитиң Атам, агам, эжекем, 
Үшкүртүп шуу, тээ, боз.дөңдө жатат ал... 
Шунтип менин салбыраттың башымды, 
Шүүдүрүмдүү ачуу жаштай шыбактар. 
Кайда калды бакыракай кара көз, 
Кара каштуу, кара чачтуу курактар?!

Бакыт өрөөн, жакут өзөн кут мекен, 
Бу Жаханда сенче мага бар бекен?! 
Түнү менен моокум канбайт кумарлуу,
Түйгө оролгон жыддыздарың тиктесем. 
Кандай гана, кандаи сенде зор бакты, 
Жөн эле бу, басып жүрүш бут менен!

Карып калган калчылдаган Атакем,
Кара кемпир жашын көрсөм, — ыйлармын.
Караниет кишилерден таза экен,
Жолдо жаткан ташың көрсөм ыйлармын.
Эшек минген даанышмандай,
Эми, боппоз бейитиң көрсөм,— ыйлармын.

Көргүм келет көрк чырайлуу, 
Көрсөм укмуш, Кетментөбөм кут мекен.
Эртең сага жолго чыгып кетемби, 
Ушунча зор куса менен жетемби?! 
Көөдөн керип, көпчүлүк деп сүйлөбөй, 
Көз жаш менен сүйүш керек Мекенди!


Күз падышасы

Шаарды аралап чабагандайт саратчан,
Күз каалгып, түшүп жатат дарактан... 
Миң түр сүрөт, миң музыка жуурулуп,
Кулпуруп күз, кубулжуйт ар тараптан.

Сүрөттө күү, а күүлөрдө боек бар, 
Качанкы бир муң эзгилейт жараттар. 
Коңур мезгил коңгуроосу шыңгырайт, 
Алтын жалын силкет жашыл дарактар.

Жаап ийнин күздүн шайы түспөлү , 
Коюу түтөйт орус чалдын мүштөгү. 
Сүйкүм пейзаж,обондорго жык толгон,
Сүйөм, Бишкек, алоолонгон Күз сени!

Карнавалдай калаа бийлеп, ырдаса 
Көкүрөктө көрк, сүйүү, шык толтура. 
Менден өткөн кембагал да, бай да жок, 
Миллион доллар чачьш жатат Күз мага!

Кайда барам мынча пулду тебелеп, 
Падышадай күздү жалгыз мен ээлеп. 
Сары жалын чач көрк көз өрттөйт,
Сапсары кыз, -Күз не деген бир керемет!


Аргасыз чыңырык

Кимге керек аңкоо, мажес ырларым? 
Кимге керек беймаал кыйкырыктарым?
Уу саясат, уу-дуу тирлик, ушак кеп, 
Жалаң заар тил болду менин укканым:

Кимге жеке таарынычы керт баштын, 
Ызааларым, кыжыр,куса,көз жаш, муң. 
Кыргызмын деп жерде дурус жашабай, 
Жылдыз болуп асманга учуп чъпспадым.

Кыжаалат чак. Көз ирмебейм не түндө,
Кыжы-кужу... күйөм көйгөй өртүндө. 
Бүт Мекенди бекер сүйөм дептирмин, 
Бүдүрдөй да керегим жок эч кимге.

Эч ким күтпөйт. Эч ким мени сагынбайт. 
Ич сыйрылат. Ичим дүр-дүр жалындайт. 
Өлүк деген толо моргдо Хагенске, 
Саган Алик көк мээ гений табылбайт.

Өлдү менин Гейне сындуу максатым, 
Өлдү менде— Есениндей мыкты акын.
Кырандардан келе жаткам кыйкырып, 
Кырдан учуп өлүп кала жаздадым...

Таңуу кылбайм тагдыр, мейли, жашты төк, 
Тазалайм деп ыпыр-сыпыр тутант өрт.
Поэзиям, сен алданган жан-дүйнөм, 
Апендидей, жаш баладай ишенчээк.

Ченеми жок илхам ирмем, минутаң, 
Чебердиктен атаар шыктуу улуу таң.
Кетиргенге кек,өч ыплас ойлорду, 
Керек, балким, баёо кирсиз Лирикам!?


Ардануу

Дүйнө бизди бүт билет деп дүнгүрөп, 
Керемет деп жей беребиз келжиреп. 
Кыйын чыкмаң эшек тушоо чечеби,
Болор-болбос ийгиликтер кечээги,
Макоолорду мас кылчудай эргитет.
Кысталак — ов, мыжып Бийлик отурат,
Кыкеңдердин тагдырынан чоочулап, 
Кылым кыйрын шектүү тиктейм титиреп...

Биз да мүргүп, башка салдык жүгөндү, 
Качкан хандан кийин арга түгөндү. 
Жаштар наадан болушту Вий, тебенек,
Акыл-эске, жүрөктөргө себелеп, 
Жакшы ой менен чачкан элек үрөндү, 
Чырак чындык тирек болор стимул,
Чырылдаган Атажуртка жакыр күл. 
Чыккан менен мыйзам зеки, жаңы пул 
Чыгат качан жаны миң-миң Алыкул!!!
Айткан сыңар олуябыз Калыгул: 
"Азыр дайын! Ар эртеңиң күмөндүү..."

Тил-Президент!
Сынган өлкө тиштери,
Уч муун өлдү болду асылып, ичкени.
Канча чыгаан ажал окко чарпылып,
Чыпалактай, кылдай бүдүр жакшылык,
Кылдык бекен кыргыз үчүн биз деги?!

Шылдың болдук, Мазакталдык көп ирет, 
Чочко, эшектер башка чыгып, түкүрөт. 
Баатыр элек, биз хан көргөн журт элек, 
Байкуш болдук кулдай, күңдөй бүжүрөп. 
Пил мүнөздүү, арстан сындуу кабелтең 
Кыргызстанды кыла турган Гүлмекен,
Качан болот үчүнчү алп Президент? 
Кыргыз журтуң жазмышыңан чоочулап, 
Кылым кыйрын тиктейм шектүү, титиреп...


Кыжынуу же өнөр менен бийликтин мамилеси туурасында

                                                                 "Тираны поэтов не понимают,
                                                                 когда понимают — убивают"

                                                                                            А. Вознесенский

Атак наамга биз алаксып кеткенде, 
Сойкулардай таштай качкан баласын,-
Жүрөгүндө курч чындыктар өчкөндө 
Бийликке да оңой жагып аласың-
Эсиңе кел, дээрим, намыс ар барбы, 
Кылчайнашсаң, Өкмөт менен өрт жиреп. 
"Тирандар" эч түшүнүшпөйт аздарды, 
Тушунгенде — генийлерди елтурет! 
Сергек, сейрек сүрөткерлер ойготкон, 
Сен эргежээл жолду тоспо кыйтыйып, 
Чаар жылаандай чап моюнга оролгон, 
Мафиядан чыгууң абзел булкунуп.

Көкүрөк пас, көзүң өтөт пайдадан, 
Сен көөдөк дос, Хлестаковчо ийилген. 
Эчки сындуу кашаа гүлүн аймаган, 
Эптейм дейсиң бир нерсеге илинсем. 
Бука бийлик мүйүзүн карма чап, бурап, 
Жерди тытып эл багышта аракет. 
Арак ичип, сен жүрөсүң тантырап, 
Тапмак турсун бир ширеңке, сигарет.

Сарсанааң кимге керек деги айтчы,
Саясаттын соодасына сатылба. 
Акыйкаттап жан сырыңды ырга айтчы, 
Бар, тобокел! Бийик сапат Акында. 
Мен да жазгам өкүмдарды зор даңктап 
А бирок да жок барганым, алганым!
Каар, мээр, ыр да көздө жалбырттап, 
Ыйлап айткам элдин кулдук зардалын.

Эл — журт үчүн өрттөн чыгат чыгаандар,
Кылчайнашып тизгинде кол карышат.
"Шкурасын" сакташ үчүн наадандар,
Кыйындарды курмандыкка чалышат, 
Кыкеңбайлар кепинин да сатышат.


«16 жебе» түрмөгүнөн

Кыргыздан кыз таппадым колуктулук, 
Тагдырым тажаал, заарга жолуктуруп,
Мен неге аялыма алым жетпейт, 
Ушунча күчтүү акын болуп туруп?

Бирөөгө же сынтагып күлгөн бекем. 
Аңдабай акмак болуп жүргөн нечен,
Же эмне балдарыма тилим өтпөйт,
Ушунча көп нерсени билген менен?

Турмушка аткан жогун док урунуп,
Кыйынсыйт мансап, көпөс опурулуп. 
А неге тууган-доско эч баркым жок,
 Кол созсом, тээ, Акүйгө жетип туруп?


Нээликтен кор болду бу алтын башым, 
Ыйладым, ызааландым, калчылдадым. 
Жалгыз сен таштабадың, күчүк Пончик,
Жазмышым, Поэзиям, о, көз жашым.


Тике суроо?!

(1996-жыяы филармоиияда "А саба " гезити
өткөргөн А. Омуркановдун мааракесинде
берилген жооп).

Куттуктап жатсак акын Анатайды,
Кудай ур!!! Т. Казаков тике сайды
«Акындар Президентке же чоңдорго 
Тийишпей жен эле оокат кылышпабы?» 
5 мүнөт... Кана, эр болсоң жооп ыр жазгын,
Убакыт кетти...
Эл жык зал күтүп калды...
Атууга кетип бара жаткан өндүү, 
Эстеймин мен андагы минуттарды. 
Уч акын Шаке, Доке, Омокең* бар, 
Аликең бул саптарды уруп калды; 
«Ак үйүң а мен үчүн кызык эмес, 
Бийлигин бака чардар кудук эмес,
Жан багат кыкендериң өлүп-тирилип, ,
Көпөстөр көрүнө өлүк байлык жыйып. 
Убайран болгон журтту көрүп туруп, 
Унчукпай коёр акын дудук эмес.
Сөздөрдүн сөөктөрүн чагыш керек, 
Чындыктын чырактарын жагыш керек.
Тийишпей тим жүргөн калп акындардын, 
Чынында тилин кесип салыш керек!»
Түгөнгүр Түгөлбайга мынака жооп:
Заманаң деги кайда баратат ооп.
Тытылып акыйкаттык талпак болуп, 
Сүйрөлүп жолдо чындык баратат – ов.
Байлыгын каткан байпак, көчүгүнө.
Майдан да көмүскөдө эр атылган,
Бийлигиң түлкүдөй куу, сак— сагызган, 
Мансапка кара башыл, жан сатылган, 
Саясат — маясатың — урганым жок!!!
______________________________
* Уч акын Шаке, Доке, Омокең – Шайлообек Дүйшеев, Дооронбек Садырбаев, Омор Султанов


Жалгыздык романстары

Жалгыздык жылып келип этегиме,
Ойлордун кабылтасың нөшөрүнө. 
Аптыгып, кайда качам, билбей турам, 
Жылаандай сойлоп кирсең төшөгүмө.

Карасур иреңиң суук, ичиркенем, 
Басасың зылдай оор күчүң менен. 
Үмүтсүз эң акыркы, сүйүү окшоп, 
Жансооң бар жарыгыңды өчүр деген.

Жалгыздык,— жанга баттың, жанга баттың. 
Жалгыздык,-жабыркаттың, жабыркаттың. 
Өңүмө кусалыктын туманы жаап,
Бозоруп, мен бей-таалай ойлор чачкын.

Өкүнүч жүрөгүмдү айра баскан,
Билбеймин кимге урунам, кайда качсам, 
Өксүймбү же жетемби зор бакытка,
Кулпуруп кучак толбой Махабатка, 
Өмүргө келсемчи дейм кайра баштан...


* * *

Жан мыкчылып турган чакта, 
Сен келдиң да, сен келдиң. 
Сен келдиң да, жүрөктүн
бешигинде термелдиң.
Күн тоолордун артында,
Жашынганда — сен келдиң.
Кыялдарым кыранга,
Ачылганда — сен келдиң.
Санааларым шамалга,
Чачылганда,— сен келдиң.
Сени менен дүбүрттөрү кербендин,
Сени менен духу келди Шерлердин...
Баары мага чакчарылып
Душман кезде — сен келдиң.
Бут кайгылар муунтуп,
Чырмаганда,— сен келдиң.
Мезгил мени, мээни тоноп,
Уурдаганда,-сен келдиң...
О, сен Кудай эргүүсү,
Же намыспы, ыр-күүбү.
Сенден искейм жытын жалбыз, эрмендин.

О, жароокер келеби деп 
Канча жылдар мен күттүм,
Карачачта жыты "бурр" дейт,
Алоо алтабы түштүктүн, 
Жымыраган тереземден, 
Жылдыздарды үркүттүң. 
О, өзүңсүз, өзүңсүз, 
Дүйнө мага тируу өлүк, 
Бүт күндөрүм көңүлсүз. 
Сен келдиң -ов 
Жоодураган Шайыр кыз.
Теребелге жан киргиздиң, 
Теңселгенде өңүм суз.

О, жараткан Кудай экөөң
Сала көргүн оң жалго,
Бүт сыйрылган жараттарга эм болбо.
Мен сыздаймын,
Ууздайым, а балким
Учу — кыйырсыз Поэзиям сен болбо?!


Неберем Элнар-Чыныбайга

Мыжыкпай жеке күйүт, армандарым, 
Бутуңа жүрөгүмдүн таштайм баарын. 
Ээритип Егем берген эрке күчүк, 
Эргитет алтын чочо Элнартайым!

Талпынып жылмайганың жыргаткансыйт,
Көрүнбөс көз жаш ыйым кургаткансыйт, 
Берекем, нур шоола жаайт айланама 
Бешикте Элнардеген Күн жаткансыйт.

Көйгөйгө, көрдөйлөргө мен чыдадым, 
Балтегим, бар-бар ыйлап баркырагын. 
Күлмүңдөп там-түң бассаң эркетайым, 
Күүгүмдө күйө берчү сен, чырагым!..

Оо, Улуу Кудай!
Куткул жыргал бейиш мага.
Унуттум ызаа, кордук кейиш санаа, 
Кыз кабык, уул данек, а шипширин .
Бал татып небере ичте мейиз тура.


Баштооч гениалга

Чыккан болсоң генийдин атын алып, 
Кыйынсынба, үйүндө жатып алып.
Орното бил адамзат жүрөгүнө, 
Эбегейсиз Сөз деген падышалык!

Сен каткырсаң, бул турмуш төгөт заарын, 
Жогол, кылжың-мылжың кеп, ушак, чагым. 
Кара кылды канжардай как жарбасаң, 
Кагаз деген көтөрө берет баарын.

Күтөт бизди казаттуу чыгарма шык,
Күтөт турмуш чытырыман караңгылык. 
Бузуп кирср чеп эмес, чсбер ачкын, 
Бул Жахандын күткөнү катаал чыңдык

Түбөлүктүүлүк!
Таңыркап карайт. Асман,
Бар не сүрөт, музыка, тасма, дастан.
Жарык кылар жан дүйнөң, шоолалары,
Жарк-журк эткен
Фаэтон планет ачсаң.


* * *

О, Аллатоом Кыргыз деген Атажурт,
Кайрылдык элим башаттарга бабалык. 
Жеп ийчүдөй характеры кишини,
Желмогуздай сулуу кыздар жаралып.

Жатат азыр. Жалт-жалт этип калтардай,
Тармал чачтуу, баскандары аркардай.
Көздөрүмдү сокур кылып ийчүдөй, 
Кирпигимди калчу болдум тарталбай.

Бу кыздардан кайра жарал тирүү эл,
Күңүрт ойлор күлкүңөргө кириңер. 
Айчүрөктөр, эй, чүрөктөр арбаган
Келген өндүү тээ, байыркы перилер!

Жар болушсун мырзаларга, мага эмес, 
Сүйөмүн деп сүйрөлүшпөйм мага кеч.
Бүркүт тумшук, шумкар сындуу кыздарды, 
Коркуп караим коен болуп алаң көз.


Айчырактай Жумагүлгө

Акылгөй тараз жалжал, ай,
Акжубар сының мармардай.
Каадалуу баскан Мадонна
Кадимки сени, секетжан.
Зайып заттын Паашасы,
Каныкей төрөп салгандай.
Карама сокур кылчудай,
Карааньщ жинди кылчудай.
Кагылайын Жумагүл,
Семетейге тийсең да,
Сенден чыгар нак жубай?! .
Суктанып моокум канчудай,
Сүрөтүн сүзгөн аккуудай.
Каухар сулуу болсоң да,
Кан Манас тургай, эркектин,
Каалаганы ак жубай,
Эс оой жаздап термелген,
Эселек бозой болсом дейм,
Элик буттуу, аркар төш,
Балакет кыз төрөлбө,
Барпы акын сүйгөн Мөлмөлдөн.
Жасай алгыс колдон сен,
Жараткан Эгем зергер бейм.
Атайлап кумар артышка,
Ак сүткө жууруп, анар сээп,
Сени, — Айчүрөк төрөп койгон бейм?!


Кекиртегине жебе сайылган каган, капилет чечим,
Жебе — Ноён же Мен туурасында икая

                                                               В мире борются уже не человеческие,
                                                               а вселенские силы.
                                                                                                                  Ф.Г.Лорка
                                                               Гениальный испанский поэт XX века

Болсо дагын жапайы кез караңгы, 
Талдабаган арамды да, адалды 
Кыргын жүргөн сайда калың бадалдуу.. 
Дал шол чакта жаш жоокердин жебеси 
Чыңгызхандан кокосуна кадалды! 
Көктү чапчып, тыбырчылап айгыры,
 «Карма, ошону» заарланды хан— буйругу 
Аткарылып дал бетмандай ал жоокер, 
Моңголдорго колго түшүп турду бу,  
Ажал торуп калганго шул шордууну 
Тизгин мыкчып,тикенек кеө заар чачкан:
«Сенин жебең билесиңби кимди аткан?!» 
Деп кекээр, курч суроо узатты Чыңгызхан 
«Билбейм» десе көз ирмебей, тил тартпай, 
Каган моюнун мыкчый калды сыздаткан. 
«Сен мени аттың? Мен Чыңгызхан 
өкүмдар,
Бул макоонун кана, желдет өтүн ал!»
Дейт дүйнөнү оп тарткан өрт Ажыдаар. 
«А Чыңгызхан экенмди билгенде,
Атпас белең?!» Кыйдыланды зекип ал. 
Десе ичтен кээри менен ачуунун,
«О желмогуз кайдан гана жаралдың?!
Өтүм эмес, өлүмүңө даярмын!
Бешик менен ымыркайды бөлө чаап, 
Курсагын жарган үчүн кошкат аялдын. 
Колкоң эмес, көзүң, жара саярмын»... 
«Атынды айт, — дейт,— сүйлөшөлүк ачыгын»,
«Атым — Тезек, мен бир кыргыз малчымын. 
Сага, моңгол, айта турган далчыным:
Мен Чыңгызхан экениңди билгенде 
Жүрөгүндү дал жара атат болчумун!» 
Деген кезде ызалуу хан сестейди, 
«Далай согуш... көрбөптүрмүн сендейди, 
Теги мыкты Шер экен», деп сабырдуу,
«Тезек, — дешет, чыны тезек тергенди»
Эмне кылсак а бул кыргыз «мергенди»?!
Каган айтты: «Тезек атың жок болсун, 
Жебе Ноён деп түмөнүм ат койсун.
Жебем болуп сайыласың Жаханга, 
Жара аткының тогуз шаар толтосун. 
Сага өлүм жок! Бар периштең колдоочуң...»

Мейли, болсун киши өлтүргүч куралы,
Кейпи болсун же жалаңкыч сыягы. 
Ар адамда кылдай актык, уят бар, 
Карды түткөн байчечекей сыңары. 
Падыщаң, кул, айым, күн да — баары Адам, 
Адилеттик, нарктуулук жол чырагы... 
Хорезмде жашашса да мусулман, 
Анда жашайт ыймансыздар бузулган 
Молдосу калп, хан, бектери кутурган 
Ачуусунан жанбай ойлуу Чыңгызхан 
Ажал гана тазалайт бүт көздөрүн 
Албарс бол! — дейт, — Акыйкатка чабылган!»

Эпилог

Ал кылымдан тамырда агып азоо кан, 
Бир максатты мен да беттеп баратам.
Зыкым, ачкөз наадан жандардын 
Мен ыр менен дал жүрөгүн жара атам.
Майып, кылбайм өксө кылбайм, а бирок, 
Жандүйнөңө жакшылык ой жаратам... 
Адамзада, шар, чечкиндүү март болсун! 
Бу Жаханга пейил-ниетин ак болсун! 
Адамдагы адам тирик ойгонсун! 
Чыңгызхандар канча жырткыч болсо да 
Аёо, мээр адилеттиги бар доордун.

Жебе Ноён, чындыгыңа ишенем,
Эрдигине баш урамын, тизелейм. 
Буудан сындуу бүйткалардан буулугуп,
Жаш кулундай тагдыр менен кишенейм. 
Адамдарга Рух чепти орнотсом, 
Наадандарды намыс менен тебелейм. 
Азоо каның тынчыбайт эч денемен...


Кырк чилтен чилдедеги кышкы портреттер

Кар өңү карегимди уялдырат 
Кайдадыр мен жөн эле турам карап
Сапсары кылычтарын жаркылдатып 
Алыстан түн кескилеп чырак жанат 
А балким ошол менмин— шоола чачып
Көрүнбөс жандын тээ, тээ түпкүрүнө
Ыр менен кур жиберген тыбырчылап...
Булбулдейт бирин-серин түн чырагы, 
Ыраакта Орок айылы кар тумандуу...
Чакырып алып кайра ырк келишпей, 
Усталар сөгүп жатат сойкуларды. 
Мас жыргап ырдайт биздин Бакыт болсо, 
Темселеп бир мас ушуп барат жолдо.
Авалап иттер үрөт карда сойлоп,
Талаш-чыр үңдөр күчөйт ал ортодо... 
Чыкыроон кыш чилдеси. Алай-дүлөй 
Бороондоп, бурганактап өттү күн, эй!...
Ушунча дүйнө апакай болгон эмне,
Эмне үчүн адам жаны кара үрөй?
О, азыр аял менен эри да кас,
Кыздары чылым чегип, келини мас.
Каныкей кара кемпир болдубу же
Калжайып карыдыбы кайран Манас?!
................................................................
Кагыла турган элге жок коңгуроо, 
Дүпүлдөп ура турган жок добулбас?!
Алдыда биз күтпөгөн балээ барбы? 
Көрбөйүн туталанып кара карды.
Адамдар ызырылып чала уйкуда, 
Агарган терезелер гана калды...

Улукман эмесмин мен — Аликманмын, 
Мен бүткүл Жахан менен ооруп калдым.
Бир бутум аттап өтүп XXI ге,  
Бир бутум ХХда калып калдың. 
Тыңшадым жыландардын кепшегенин, 
Уктум мен ыйын чолок кумурскандын. 
Ырдадым үнү менен дүбүрттөрдүн, 
Ыйладым тили менен балыктардын.
Жаш чакта далай топту чадытканмын, 
Жанымды наадандыктан арылтканмын. 
Ууздай уюйт менде улуу Сүйүү,
Улукман эмесмин мен — Аликманмын.

Жанылгам, адашканмын, жаңылтканмын,
Чачтарын нечен түндүн карытканмын.
Адилет өкүм сүйлөп төрөлөргө, 
Акесин арактын да таанытканмын.
Духунда МАНАССИЯ державамдын.
Рух менен 100 жыл алга шашылганмын.
Азгырам Галактика Эрасына, 
Шаштырам кашаң оюн даанышмандын.

Уялам күлкүм күңүрт, жарык кайгым,
Ууккам, алда кимди таарынтканмын. 
Жылаандай оролушуп тармал чепке,

Курчтуктан жаралангам, айыкканмын. 
Буулуккам, сүйүүгө мас соолукканмын, 
Булбулдай тилим бүлөп курчуйт жаным.

Буркулдап буура чилде кышта кирсе,
Асмандан түшө калган жок эч нерсе. 
Арстанбек, Коргол, Барпы, Калыктанмын. 
Атамдын уругунан өлбөй калган, 
Азапмын "балээ мышык" тунук жанмын.
Чыныгы сыныгы эмес чынылардын, 
Сайылган окторундай чагылгандын. 
Саптарым кагаз бстин өрттөөчүдөй, 
Аликман жолун издейт Улукмандын...


Аликмин-балким, Олимпмин!

                                                               Поэт должен быть красивым как Бог,
                                                               Но Пушкин был чёрным как сапог.
                                                                                                       О. Сулейманов

Сүттөй ак жаным дегеним
Сүтүнөн бүткөм Эненин. 
Кара-көк тарткап себебим, 
Каар ызаңмын, Мекеним!

Пушкиндей лира отум бар, 
Турмушка кантем өчүпөй.
"Кудайдай сулуу акындар, 
Болсо да кара өтүктөй"
деп жазган кыпчак Олжастан.
Өткөрөө өрт курч ыр жазсам.
Чагылган таштай сырт каткан,
Караңгы жакка нур чачсам.
Жылдыз китеп асманда, 
Динамит ойдон жаралам.
Тунулуп менден шайтан да,
Жаланкыч качаар жаныман. 
Табышмак сырга кусадар, 
Таш жанды келет эритким. 
Сыбызгыйт мунум музалар, 
Аликмин-балким Олимпмин. 
Мекеним Аллатоодогу, 
Көк мелжийт зоока дабандар.
Көйкөлот өзөөн дубандар, 
Керемет жашоо орнойбу,
Кеңешет нээ деп «Кудайлар»?


Пушкинге 
(Сергей Есенинден)

Таңсыкмын кудурет күчкө залкар кандай,
Тагдырың орустуку болгон менен. 
Күбүрөп сүйлөшөмүн дал тасмаңдай, 
Турам да Тверь аттуу бульварда мен.

Менменчсип көрүнсөң да ак сөөктөрчө, 
Айландың уламышка боз тумандай.
Оо, Александр! Ырчы элең тентек эрке, 
Мен бу күн жеткен хулган болгонумдай.

Сүйгүнчүк бул жосунуң эркеталтаң, 
Бейенеңе эч көлөкө түшүрө албайт. 
Чоюндан чоюп алган атагың бар, 
Чулгуйсуң кебелбеген керемет баш.

Дегеним, мен да айан жолго чыктым, 
А сага мындайча жооп берет элем:
Башыма дал сеникиндей тагдыр жазса,
Бакыттан туптуз эле өлөт элем.

Жазмыштан жанымды эзгшен куугундамын, 
Дагы узак ырдоом керек эчен нечен.
Талаадан таңшып ырдап чыккандарым,
Шыңгырап коло ташча болоор бекен?!


Пайгамбердын келини менин ак мышыгым жана кара күчүгүмдү карап
туруп көңүлгө келген ыр

Үргүлөйт жаман кепем кар басылган, 
Чатырайт меште көмүр чок чачылган. 
Чокчойот меш жанында бир ак мышык,
Египет фараонундай орнотулган.

Сааттай сары тегерек көзүң кара, 
Карасаң жебе атчудай келбети жаа.
Керилип чоюлганда бул Чокчолой,
Керемет!— Өзүнчө эле балерина.

Бет башн жалап жуктап сулууланган, 
Пайгамбар аккелинин бизге кууган. 
Даам үчүн курманыкка өзүн чалган, 
Мышыкка карыз экен ууру чычкан. 
Кээ бирде көрүп калам күнөстөшүп,
Көөшүлүп ит мышыгым кучакташкан.
Мышыгым— күчүгүмдү уктайт басып, 
Качанкы сүйүүсүнөн жыргал татьт. 
Таң калам ажырашкан жубайларга,
Жатканда мышык менен ит жарашып.
О, Жахан не сыр катып, нен келберсийт? 
Не деген сүрөттөргө көз ирмем жык,
Адам зат жантыктыгык, Бул мышыктын 
Акырын жай коңуругундай көөшүйт, көөшүйт.

Түү, Арак, калган эмес чоң атамдан, 
Түбүнө түшүп кетпейм бөтөлкөнүн. 
"Носу" көп Кыргызстан деп аталган,
№1 акыны мен бир өлкөнүн.

Ырларым кыйгач жааган жамгыр сындуу 
Сайылган жебелердей дал жүрөктө.
Балага, чалга, кызга жаным курбу, 
Атым бар кичинекей мамлекетте. 
Жараткан, бер, өлбөс ой, мүрөк ырды, 
Ыргытам мээ кургаткан чылымыңды,
Сүйүү берем опкоолжутуп жүрөктөрдү, 
Күрөшкө үндөйм титиретип кылымынды.

Таканчык кылам төшү түктүү Жерди, 
Бөлбөймүн орус, жапон, же чукча деп. 
Бошотом зындандардан эрктүүлөрдү, 
Бомжду да коргойм, сыйлайм "Адамго" деп.

Акырдын айгырымын, жамгырымын, 
Ачылам байчечектей көктөмдөгү. 
"Носу" көп болсо дагы тагдырымдын,
№1 Акын дешет өлкөмдөгү...


Студенттик эски дептерден
(1978-1985)

Мамбетсариев лекция окуйт бапылдап, 
Горбачевго ал ишенет баладай.
Кыргызстанга кар жаап жатат лапылдап, 
КПССтин токтомуна карабай.

Эшикте кыш. Троллейбус бараткан,
Зым зыңылдайт, мас гитардай мээни жейт. 
Телибайдай өрт кучактап келаткан, 
Тентек ырлар тереземди черткилейт.

Сессия... сессия жүрөк жанчат 5-этаж 
Зачеткага "Удов-удов" койсоңор.
О, доценттер, "Брежнев өлдү каракаш!.." 
Деп өкүргөн чийне тарткан чоңколор.

Токтогулдан кара бала тоголок, 
Мен студент, бир жаш акын пиво ичкен.
Ызылдатып ыр окусам кызыл чок 
Ылдый карап уяң кыздар күлүшкөн...


* * *

Кеткенде жаныңды бүт булут каптап, 
Кетким бар бул турмушту уруп таштап.
А бирок, түгөл кайра кулатамбы, 
Ушунча зор бакытты куруп таштап.

Жанымды суук, арак жеп койдуң го,
О, кандай майдандарга бет койдум элем 
Талантым ташты элеген тулпар эле, 
Азыр мен мүргүп баркан ат болдум ээн...

Чагымда кыжалат чак кезек болду, 
Тагдырым араздашар эсеп болду. 
Кезинде жүк көтөргөн жүз нар элем 
Не кейпим илкип чаңда эшек болду.

Турмушум нечен ирет ойрондолдуң, 
Качырган качырларды көкжал болдум. 
А бирок, Өлбөстүктүн шартын ойлоп, 
Өзүмдү адам кылып кайра ондоймун.

Сен гана кыргыз Мекен пейлин колдоор, 
Бир өзүң сыйынарым мейкин, тоо зор. 
Көрөм да не жакшылык, же ый күтөт, 
Не сынайт не жазмыштар, кыйын жолдор...

О, чиркин, турмуштан не көргөндөрүм, 
Өлчүдөй күнүм дагы болгон менин.
А бирок, чындык менен чыкыйга атып,
Айтчумун маскаралар өлгөн жерин.

Аялым ажаан, тажаал болгон душман,
Жинденип акмак орой сөзүн укпайм.
Кудайдын түшүнө да кирбей турган, 
Тапчумун не сөздөрдү мээден чыккан!

Ичинде жанар тоодой бир күч уктап 
Жатат-ов жаш кулундай тыбырчылап. 
Кээ бирде Пайгамбардай салмактуумун, 
Кээде жаш баладаймын кыткылыктап.

Эмне экен еө элиме жакын болсом, 
Кез келди нарк-нускалуу акыл толгон. 
Асканы титиреткен жүрөк менен, 
Ааламды солкулдаткан Акын болсом!


Он Пайгамбар

Он манжам болчу он канжар,
Ал эми-он пайгамбар,
Таныңда даарат алып, бетимди жууп,
А кечте чөк түшөт да намаз окуп
Унчукпай кеңешет да  
Достордой бир-бирине 
Кучагын жаят алар.
Он манжам -он пайгамбар
Бир Кудай – жүрөгүмдө уясы бар, 
Ойлордун кыл чокусун
Багынтмакка, от жагып жүрөктөргө,
Оозуман от чачканда Ыр-Ажыдаар
Карышып калам кармап
Кырсык балээң тосуп калар
Башында каскасы бар
Он манжам
Он альпинист,
Он каскадёр,
Он пайгамбар!
Беттеген максатымды
Беш эгиз баатырсыңар!..
Бу алтын башымды аяп,
Кээ бирде жаагым таяп
Үргүлөп уктайсыңар.
Канымдын доошунан
Үлкөн зор күүнү тыңшап,
Бирөөнүн калжаң кебин,
Ичке катып куса, ыза, кыжыр, кегин
Ырымга укнайсыңар.
Кай бирде кыш күн
Камырга, коюу ылайга
Айлантып жер жемишке, дубалдарга
Баткактан бакыт жасап,
Балкалап мыктайсыңар.
Кочушундан төгүлөт бермет каухар
Жомоктой нээ дачалар
Дарканга үрөн сепкен
Кажарлуу о дыйкандар!
Он манжам-он пайгамбар.
Жазылган алаканга,
Жазмышымды бөк түшүп окуйсуңар.
Айткылачы,
Алды да не келечек, не сырлар бар.
Он манжам-он пайгамбар?!

26.08.07


Кредо

Менин атым Алик дейт,
Поэзия Ван-Гогу.
Бүт дүйнөнү ээликтейт,
Ырдын императору. 
Кызыктырбайт мени эч бир,
Көр байлыктын бар-жогу. 
Дайым чабуул коёмун,
Жок эч менде коргонуу!..

Моюнуна шарф оронгон 
Поэзия Ван-Гогу, 
Кечем нөшөр,бороондон, 
Мен сүрөткөр болгону.
Жан жейт көйгөй кычашкан, 
Калем сынбайт колдогу. 
Бардык жолдор туташкан, 
Мен дүйнөнүн борбору. 
Өрт кучактап келатам, 
Жоортулда бүт сонетам. 
Телибайдай жолдогу, 
Толубайдай толгону.
Тагдыр канча кейиткен, 
Таарынбаймын, болжолу: 
Сүйүү, Бакыт, Эрдиктен,
 Балким, жолум болбоду.

Чыңгызхандын кошунун 
Алдыма тиз, маа десең. 
Кыжылдаган кытайдын 
Колун табат сөз чечен. 
Тургузам сөз бийик эң, 
Эпкинимин, күүмөн 
Эңшерип бузулат
тыптыйпыл жок кылынат 
Халтуранын коргонуу. 
Дайым чабуул коёмун 
Жок эч менде коргонуу!.

Бир тырнактай табылга 
Көрүү бурчум болгону: 
Мен Поэзия Ван-Гогу
Жана дагы кебелбес 
Ырдын императору.
Даяр турам чабуулга,
Жок эч менде коргонуу!...


Парадокс

Турмушун, кандай азап! 
Жоругу шонго мазак: 
Өнөр алды кызыл тилдин 
Кызымтал тамылжыган 
Бир булбулу өлүп жатса,
Топ карга каркылдашып
"аттин" дел жаркылдашып 
Сүйлөп жатат...
О, жашооң кандай акмак, 
Шылдыңы кимге жакмак. 
Кыргыздын бир кадырлуу 
Чыгааны өлүп жатса, 
Боз үй жакта азалуу 
Топ келесоо түркөй, наадан
Союлган малый мактап 
Өлгөнчө жеп жатышат... 
А тагдыр кандай чатак! 
Чынжырсыз кишеңдейт да, 
Чыңыртып ичтен үнсүз 
Чындыкка коёт матап.
Учайын десем көккө 
Мейкинге түбөлүккө 
Шалдайтып жан ачынса 
Кунарсыз куучирендер,
Көзү бар накта көрлөр, 
Дүлөйлөр кулагы бар. 
Тири өлүк жүрөгү бар, 
Сараң тар, зыкым битир, 
Арамза өлүмүштөр, 
Канча бир эргежээлдер
Намыссыз кайдыгерлер 
Шаа бүркүт канатымда 
Беймарал жатат уктап...


ЖАМАН КИШИЛЕР,
куунак жакырлардын тагдыры же дух көтөрүлүшүнун цунамиси 
туурасында поэма

                                                                             Кедейлердин кара кепесинде жаралган ырды хан,
                                                                             падышалардын аксарайларында ырдашат.
                                                                                                                                   Расул Гамзатов

                                                                             Не может сын спокойно глядеть,
                                                                             На горе матери родной.
                                                                             Не будет гражданин достойный,
                                                                             К Отчизне холодной душой.
                                                                                                                             Н. Некрасов

I чи бап

Эмес алар сулуу Айым, улуу, Шер,
Атак-даңксыз жашайт жакыр ушул эл. 
Биз «Жаман» деп теңсинбеген берээги,-
Турмуштагы жөпжөнөкөй кишилер. 
Курат алар Хан такшаарды заңкайтып,
Жаш өлүшөт мезгил эрте картайтып, 
Турмуш сыгып балык кылып туздаган,
Бир кезде Апа төрөсө да балкайтып. 
Кылмыш кылып түрмөлөрдө же жатат,
Бомжсуң деп ичсе менттер каматат. 
Жашоо аларды жаман кылган карайтып, 
Бир кезде эне бакса дагы апаппак. 
Жасалгалап бай үйлөрүн сырдашат,
Эски, тытык матрацта укташат. 
Биз тирликте жаман деген кишилер,
Ичет, чегет, ырдайт, ьшлайт, мушташат. 
Жер шаарынын жармын түзгөн калкалар,
Планетти кармап турган алп алар.
Жамандарды көксүт кылып тартышып,
Каймагын жейт көпөс, молдо, падышалар. 
Согуп санайт майда сары акчаны, 
Уруп ичет «жашик» арак, водканы. 
Окуйт Берне, Есенинди, Мидинди, 
Кура билет жылуу бала бакчаны.
Эргигенде акын сындуу толкушат,
Эшик салып, айнек кесет, пол жуушат. 
Ууру кылат, бирок, ушак айтышпайт, 
Уялышат, убалдан да коркушат.
Кыял чалкып, жан-дүйнөсүн тазартат,
Кичинекей сүйүнүчкө көөнү шат.
Өзү жетпес байлыктарды кеп кылып, 
Куурчактай сулууларга көз артат.
Видеолордон көрөт кумар сексти, 
Жек көрсө да ушак, согуш, бетсизди. 
Куурагырдай куунак жаман кишилер, 
Арак ичсе, акын болуп кетишчү. 
Алар момун, жалканчаак да алдаса,
 Көнө берет ыйманы бар таптаза. 
Дегелегой жаман мурдун көтөрөт, 
Дердең дешет кичине эле мактаса. 
Чоңоюшат балачактан токмок жеп, 
Сестеишет, кулунчактай үркөнчөк.
Жамандардын эмес, мени «жакшьшын»
Куулдук-шумдук, ыпыластыгы жийиркентет. 
Кыргыз чыны 3 мааниде жаман дейт, 
Эркелетет, кыйын, укмуш адам дейт. 
Жакшым деген мааниси бар жамандын, 
А «жакшылар» кергулукт керсетет. 
Колдон келсе жакырларды камдуу кыл,
Өзүн эч бир «жаман» дебес маңкурт кул.
Ичиндеги уят-абийир кыйнаса,
Баймын деген селт эттирген кондуктыр. 
Өмүр бою жаман айтпайм кишиге, 
Арамдык ой турбайт кылдай ичиме.
Бар болгула, байкуш жаман пенделер,
Мен силердин акыныңар кичине!.. 
Жамандар бу курат Алтын тактыны,
Түштөрүндө мырза, принц, жаш сулуу. 
Өндөрүңдө кара турмуш кейпи суук,
Уктаса же өлкө гана бактылуу! 
Чынында алар оор тагдыр көрүшөт, 
Байлар, чоңдор алдап, жайлар сөгүшөт.
Бир боорлорум байкуш жаман кишилер, 
Хагенске да «белек» болуп беришет. 
Турмуш эмне? Өмүр эмне? Сүйүү эмне?
Бакыт эмне? Жазмыш эмне? Муң эмне?
Бары-баарын жүрөк менен кабылдайт,
Баш ийишет Кудайтаала дегенге. 
Баарын жаман акыл менен түшүнөт,
Колдо барын кйиинет да, ичинет. 
Жашай билет жупуну да эң арзан,.
Эртеңдерди үмүт менен күтүшөт. 
Одур-бодур серт, кагелес,
Башка түшсө согуш-оюн, кеп эмес. 
Кырылышып болушат зор курмандык,
Баспайт алар данк чокусун Эферест. 
Дардан датып кур шандануу кубанткан, 
Урра, менин, Сталин деп ыр айткан.
Нечен кыйын полководец, учкучтар, 
Гений чыгат каратаман бу калктан.
Гитлерди да жеңе келген карчы, 
Кремлге жыкканөрттөп кара туу. 
СССР деген державанын автору, 
Бир грузин өтүкчүнүн баласы, 
Тартип, сапат, бакубат бол элимдеп,
Сталинден корккон баары дирилдеп. 
Эки ийнинде эки Арстан аркырап, 
Уч курашкан туруп Черчилль, Рузвельт.
Батинкеси таманынын жээлгенин,
Бир китель-шым, сыйлык-намыс өлгөнүн.
Өз баласын генералга алмашпай, 
Өз кызынын жамап берген көйнөгүн
Айтчу атам: «Сталиндей туулбайт!» 
Дал ошондой болгон экен заман, шарт. 
Ал өлгөндө жан атасын көмгөндөй, 
Миллион, миллион эл ыйлаптыр уңулдап. 
Бекерманы ырдашпаган «күнүм» деп, 
Атакедей мээр чачкан сүйүүм деп. 
Президенттер өлсө эгерде азыркы, 
эл каткырып, алакан чаап, сүйүнмөк. 
Президент — тил!
А өкмөттүн тиши жок,
Кулжебес жеп, элиң менен иши жок.
Барбы гений, буруп кетчү тарыхты,
Кана, эл деген чыгаандарың патриот. 
Бар жардык, бар сойкулук балээң бар-
Кылмышкерлик, мыкчып эркин заман зар. 
Каалагандай баш айланткан, 
Эл деген бу — байкуш жаман адамдар.
Жок аларда баштагыдай сый-ызаат. 
Салт, рух да, иштеш үчүн улуушарт.
Болбосо эгер милиция же армия, 
Бирин-бири жеп койгону турушат. 
Брежневдин заманы жок кечээги, 
Тонолгон бүт кыйрап кыргыз мекени.
Түрмөлөрдө сасып, чирип канчасы, 
Самогондон өлүү алардын нечени.

Чачында эмес, мээсинде бар какачы,
Маңкурт, макоо, алып-сатар каракчы.
Карышкырдын козу менен тиктеп заар,
Эл-эл эмес, адам эмес мыкаачы.

Турмушпу бул? Улутпу ушу? Элби ушу?
Кайда учуп кеткен бактек боз кушу.
Убал-сообу кимге жетим-жесирдин, 
Урат кимди бактысыздар каргышы!!!

Барабыз не идеяны этектеп,
Жашайбызбы аба жутуп, кебек жеп. 
Кереметин кетирдиңер өлкөнүн,
Кет Президент! Кет, Премьер! Кет, Өкмөт!

Көнгөнсүңөр четөлкөгө айылдап, 
Айла кетти Англияны кайындап. 
Тентийлиби казактардай кайык саап,
Кана, акимдер-башкарганың акыйкат?!!


II чи бап

Байый берсин чанда бирөө журт багып, 
Канча жүз миң эл мукурайт кур калып. 
Ташылган бүт Кытай, корей, түрк жакка, 
Сырьелор калбай калган уурдалып... 
Темир капкак жапкан жер суу ноолордун 
Миңдеп, миңдеп шаар боюнча тонолдуң,
Каман, куштар качат зоокаларыңа,
Кайберени калбайт эми тоолордун. 
Балыктар да таш астына чулкумак, 
Жашоо болот качан бейпил, тынчыраак! 
Мен да жаздын аргасыз ыр китепти:
«Ааламга күйүп чыккан ыр Чырак!» 
Жаздым аны жаман ылай кепеде;
Аны курган алкаш уста дос эле.
Чогуу сабак даярдайбыз божурап,
Чопой кызым олтургузуп тиземе. 
Саман кепем бүткөнүнө күдүңдөйм, 
О, жөнөкөй чексиз чексиз сүйүүм дейм. 
Бул үй кымбат «сказочный дачандан». 
Бийик тиги, заңгыраган Ак Үйдөн!
«Миң бир түндөй» жазган менен Боккачо, 
Таланттарга түшкүм келбейт арача. 
Өжөр гений бекер айткан эместир, 
Өзүндүкүн чардагын деп бакача!»
Сен канчалык талантмын деп кекейбе,
Халтураң бар тийип бүткөн көкөйгө. 
Кооз ырлардан сылаңкороз акылдуу, 
Жупуну ырдын чындыгы бар сабы өйдө! 
Өтө жаман болуп калсаң сөз тиет!
Өтө жакшы болуп кетсең – көз тиет!
Дайым «алтын ортолукта» жүр кылдат,
Өзүңдү жең — Жахан мүлдө баш ийет! 
Алдыңкыны жеке ээлесең баш кетет, 
Артта калсаң бөрү келип жеп кетет. 
Жыргап кечте жатыш керек кеч ойлуу, 
Уктап танда туруш керек эртерээк. 
Айта билет, Маркес сындуу окуя, 
Жөргөмүштөй тарта билет тор уя. 
Аарыдай бал жыйнап, кармайт жылаанды,
Уусун ракты дарылоочу олуя. 
Ар нерседе убакыт-саат, ченем бар, 
Адамзаты, так шилтейби, кадамды ар.
Билет укмуш «секретти, тайнаны», 
Биз жаман деп баалабаган адамдар. 
Ушундай эл жаман кара кыргызым, 
Жандыралган булбулдардын жылдызын! 
Акыл, сулуу түшкөн эмес тээ, көктөн,
Элден чыккан Бүбүсара, Чыңгызың. 
Кашкөйлөрдү кайрай билет кылычтай, 
Таптап баала «ичесиң» деп урушпай. 
Элет жерден чыккан Шукшин, Думбадзе, 
Таттыбүбү, Высоцкий, Рыспай... 
Тагдырларды аван менен сыздаткан,
Асангалый мукамданьш тамшанткан.
Элет жерден Т.Эргешов, Рубцов,
Менда келгем тээ, алыскы кыштактан...
Анда жашайт терсаяктар, куу чоңко, 
Аралашгып нөшөр, карга, бороонго. 
Көзүң жуумп согот какшык нары карап, 
Таң каласың өткүр сөздүү оенго.
Таамай кеби чагылгандай күкүрттөн, 
Түшүнгөндө чиновникти өкүрткөн. 
Селсаяктар Гаврош болсо да, 
Жамандар бар — жата калса ат үрккөн! 
Жамандарды жакшылар деп ойлоймун, 
Замандардын өзөндөрүн бойлоймун.
Ичегисин кылы кылып комуздун, 
Алтын кылат туяктарын койлордун.
Жамандарды шимшилеген ит дебе, 
Аларда бар бул ааламда жок балээ. 
Билет алар Улукмандай сырларды, 
Бийлик жактан керек туура мамиле!
Кеп чынында эшек минген чалда эмес, 
Уландысын эчки айдайбы Мерседес. 
Туурабы шул? Турмуш улуу табышмак,
Жаман досум, тап жандырмак сенде сөз! 
А менде ой, кылдай кир жок кичине, 
Кагып, түртүп жаман айтпайм кишиге.
Бар болгула, боорум жаман кишилер, 
Мен силердин акыныңар кичине. 
Аман болсун, алтын кара башыңар,
Узарса экен убай мээнет жашыңар.
Болбосо экен бу турмушта ачуу заар,
Мени болсо Брюс Лидей кыргыздын 
Акыны дейт кичинекей Ажыдаар! 
Мен оп тартып китептерден өрт жеймин,
Бүт ааламды аш кылам деп кепшеймин,
Кордук көргөн пенделерди ызаалуу, 
Коргоймун да, мекенден эч кетпеймин!
Намыска кел! Баш көтөргүн! Тур, элим!
Шыпырып сал, бийликтердин жүгөнүн! 
Кандуу доллар, пул чеңгээлдүү колдорго, 
Мекенимдин мыкчытпаймын жүрөгүн.
Адал кыргыз жүрөгү сок жебелеп,
Агып чыккын дайра болуп көчөлөп. 
Азыркы бүт кыргыздардын жанында,
Адамдык да, баатырдык да өлөлек. 
Туулганбыз эне тоолор чатынан,
Бир кыргыз деп биримдикке чакырам. 
Аксьшыктай титиретсек Ак үйдү, 
Бүткүл жаман кыргыздардын атынан!
Мейли АКШ, табаласың сак Русь,
Чычала таш союл муштап согобуз. 
Гүпүрлөргө журт калды эми чыдабай, 
Күйөт «Гоин», күйөт «Бета Сторес», 
Күйөт Бишкек...
Түшкө кирди Акаев, 
Кепечеме кирди бышкак кой алып. 
«Кет, кет», — деген үндөр
Түн... бир маалы гүүлдөйт. 
Кет жексурлан кыргыздан бүт айланып! 
Тутааланып, ызгырыньш чоочуйм да,
Ойгономун көк чайыт таң маалында, 
Цунами дух көтөрүлүшү Бишкекте
Болот экен деп ойлодум жакында... 
Барсбек, Улуу Манас рухун этектеп, 
Жашаш шылдың — аба жутуп, кебек жеп.
Кереметин кетирбестен өлкөнүн, 
Кет, Президент, Кет, Премьер, Кет, Өкмөт?
Акыйкатдеп жарылалы агынан, 
Азыр турмуш ак-караны тааныган.
Көк Асаба көтөрөлү Бакай деп, 
Көз жашы бар энелердин наамынан!»
8-май. Алкаш жигит туу илет.
Ары-бери шпаналар жүгүрөт...
Бишкек шаардын подземныйын көргөндө, 
Шордуу элге жүрөк кат-кат тилинет. 
Көрчү, тиги тилемчи эне аялды, 
Сүт чыкпаса, не кылам дейт баламды. 
Буту менен сүрөт тартат бир майып,
Сокур жигит тартат муңдуу баянды.
Айылда бар мал-салы жок котур там, 
Айлык, иш жок, нан табам деп шаардан.
Ичип кеткен Акиш деген күйөөсү, 
Чылым сатат Баткен жактык Бааркан. 
Семичкесин сатат кемпир чойкоюп, 
Арча сүзүп бир мас жатат тоңкоюп. 
Кооз көгүчкөн кылчак-кылчак асфальтта, 
Президенттей басып жүрөт койкоюп. 
Кичинекей Париж-Бишкек. Бастион, 
Акмалаган бир мусапыр мен Вийон: 
40 миллионду олтургузуп үйүнө,
Бакса болот. Неге жакыр 4 миллион?!. 
Бир миллионум Россия, казак, Кытайда, 
О, мынчалык не жазды элек Кудайга?! 
Тирүү калып, болсо Президент Бекмамат,
Осмоновуң табат эле бир айла. 
Кыргыз журтум, «КыргызТуусу», «КТРың»
Коркок билиш. Мактайт бийлик быдырын. 
Чынын айтсак Өкмөтүн да, өзүң да, 
Өлүп чирип бара жаткан учуруң
Барабыз не идеяны жетектеп,
Жашаш шылдың-суудан жутуп, кебек жеп. 
Кал, Кыргызстан сен тарыхый ордунда, 
Кет, Презадент, Кет, Премьер, Кет, Өкмөт!.. 
Кет, Президент, он беш жьглдап кыинаган, 
Жок кыргыздан алалек сен өч, арман. 
Өз терисин акимдерин сакташып, 
Өлтүрдүңөр, чыгаан кыргыз балдарын.
Каласыңбы, дагы төртүнчү мөөнөткө,
Дежур чалдар, балдар да бар кезекте.
Мине берип жонун котур канаган, 
Биздей жаман кишилерди эшек де. 
Биз — эшекпиз!
Жонубуз кан ооруган, 
Каничкичтей салыкчылар тооруган.
Турмуштун кооз пардаларын сыйрыймын, 
Ал-масканды!
Тур, Президент, ордуңан!!!
Эртең качып бийлигиңден кетпегин, 
Тээ, Аксыда эмне болду эстегин.
Ал айыпсыз жигиттердин канынан, 
Мен ыр жазып, түкүрөм сот беттерин! 
Президент! Чын сый кетет да жөн эле, 
Калса да журт кысыр, отсуз кемеге. 
Көтөрүлүш керек эмес куралдуу,
Көтөрүлүш керек жанга мээлерге! 
Көтөрүлүш жүрөгүндө намыстуу,
Желбиреткин кызыл, агыш, көгүш туу?
«Манассия» деп аталган биз түзгөн, 
Империямды көрүп турам алыскы!.. 
Ага чейин кечкен кылым тозогун,
Аралаган чагылгандуу бороонун.
Кытайалган Кызыл-Суусун, Тибетин
Москва алган Энесайын, Оролун. 
Тээ, Сөөктө баш сөөктөр омурткаң,
Калгансыздап Үркүндө сан кабыргам.
Мекенимдин кабагынан булуттуу,
Мен ыр менен учуп келген чагылган.
Жеңгизхандан, Караханид доорунан, 
Жебеленген, кылычтанган, атылган, 
Кылымдарга кыйрап нечен чачылган. 
Сабыр тутуп, жүрөк өлүп басынган,
Кези келер Жанар Тоодой атылган. 
Ала-Тоодо «кыргыз» деген бир эл бар, 
Жеңилбеген Чыңгызхандан, Батыйдан!!! 
Революция жүрсүн кыргыз ичинде, 
Бирин-бири кыргыз аяп, түшүнсө, 
Уйгурларды кылган бабам ашпозчу, 
Калмактарды кууп сүргөн Итилге. 
Каарзаманды Кыргызмекен өткөрдү,
О, бир гана Манас руху дем берди. 
Эң биринчи төшүн тосуп дзотко, 
Чолпонбайлар жеңе билген Гитлерди. 
Сок, кыргыздын, сок кыргыздын жүрөгү, 
Татыгыбыз, өз баркыбыз билели.
Түрк, гогауз, татар, азер, түркмөн да, 
Тээ байыркы кыргыз тектүү гун эли! 
Кыргыз, кыпчак биримдикке тизилер,
Манас тектүү зор «Каганат» түзүлөр. 
Каримовдун өзү кыргыз турбайбы,  
Назарбаев боорум, жээним, эгиз эл. 
Хан Бакайдан, мазарлардан бата алып,
Мен байыркы духтан турам от алып.
Темир, Бабур, Барсбек, Баязеттенбиз, 
Теңир сүйгөн кыпчак боорум Шаханов.
Мен да чындап ырым менен кармашсам, 
Бир чыгармам «Аз и Ядан» кем жазбайм. 
Мен ацтектер тукумунан — азыкмын,
Коньяк ичкен Сулейманов Олжастан. 
Кайрыламын мен тарыхтын атынан, 
Мээнин көтөрөлүштөрүнө чакырам. 
Жан Ыңкылап жарыялайм Жаханга, 
Өрттөйм калпты, саясатты сасыган. 
Жоогасында не сыйкырлар ойногон, 
Сыйынамын тоо үстүндө айга чоң.
Пирамида, Фудзиямам ар бир тоо,
Гениалдуу талааларды ойготом. 
Катып жатат не казына, не тарых?!
Кыштактардай кыял-ойго баталык. 
Турмушуна туу чокулар крепость, 
Тулаңдарын тулпар кечкен Ата Журт! 
Ата Журттан чыгат далай генийлер,
Аман болсун тынч жатышкан «тигр эл». 
Адамзаттын бир бөлүгү, баштоочу 
Жаман, жакыр, байкуш, бирок, кыйын эл. 
Алар, алар карапайым жашашкан, 
Биз «жаман» деп тенсинбеген кишилер! 
Жат чакта баш чылк алтынга курчалдың,
Бийик элем билбей неден кур калдың. 
Ынтымактуу ичип кетин бараткан 
Эрди-катын алкаштарга суктандым. 
Бутка сланц кийген жыртык тапичке, 
Катын балким эри үчүндүр периште. 
Кандай мерес, аёосу жок бул турмуш, 
Кайрымдуулук, боорукердик жок бизде?? 
Мээр да жок, пайда издешет берендер,
Мен жашайын, калганы өлсүн дегендер.
Бирин-бири аяп коёт кымтылап, 
Кандай ынак, калч-калч эткен немелер. 
Көр турмушта бизди аяган жок эч ким, 
Нардын эмес жүгүн тарттык эшектин.
Биз да бакыт, үмүттөргө жетербиз, 
Чоң, көпөскө жалаң энчи эмессиң. 
Кереги не заңгыраган Ак Мечит,
Кепеде да эл Кудайга сыйынар ? 
Түрмөдө да кардай таза тилек-нээт,
Жылаанда да, жырткычта да сүйүү бар. 
Кереги не коңгуроолуу кооз чиркөө,
Тойгузгула бечаранын курсагын. 
Тээ алтын так сокур пулуң бир топон,
Сатып берсек жетим бала турсасын. 
Кыжырланам, арданамын эл үчүн, 
Байкуш журтум неге болдуң күл да, күң.
Пайдасы жок тээ, чириген байлардын, 
Өлүк доллар, евросуна түкүрдүм!!!
Мына, көрчү жалап ичкич шаарды бу, 
Көрдүйнөнүн үлбүлдөгөн тагдыры. 
Бири-биринен тапса дагы махабат, 
Алар кандай бактылуу да, кайгылуу?! 
Сүйүү. Кудай тегиз нурлуу эл үчүн, 
Кары-жашпы жанат чырак үмүтүң.
Бар тапканын тең бөлүшүп ичишкен, 
Ош базардын БОМЖдарга сүйүндүм.
Селсаякты ая байкуш аялды, 
Бактысыздык кезиктирген аларды. 
Ууздай таза арзуу марып ууртунан 
Алар кандай, кандай гана таалайлуу! 
Төп келишсе чөйрө, жашоо, мекени,
Төбөлөрү көккө алардын жетеби? 
Жаман көрбөй көздөрүнө үңүлсөм,
Бактысыздык баш коштурган экөөнү. 
Оңулушат кошсо тирүү жүрөгүн, 
Бири-бирине болсо таяныч, ишеним. 
Татынакай жашоо куруп кетишет, 
Талкалашат бактысыздык кишинин!!!


III чү бап

Айтканындай Никола Макиевеллинин: 
Үч жолу бар бул бийликке келүүнүн:
1-си Атадан мурас калат балага,
2-си төңкөрүшчүл жеңүүнүн. 
Аркасында 3-сү Акыйкат,
Шайлоо менен берилмекчи алтын так.
Кандай сонун убадалар ишенич, 
Менен келген Акаев да жаркылдап. 
Не болду анан? Империя бузулган, 
Заман келди, тос-тополоң, будуң-чаң. 
Ким не болду? Быржыбайды там басты, 
Өттүк жапырт капсалаңдуу учурдан.
Ыйыктарды тебеледик топурап,
Көкүлдүүлөр ойго батып чокулап. 
Нес кылышат. Кыйратпасын жылмайып,
Бир кашка баш алтын такта отурат. 
О, эмне бар? Ар ким тал-тал кармаган, 
Агып барат Абийир арыжок, кайда Адам? 
Машакат бар көр тирликке көмүлгөн, 
Саясат бар өз эл-журтун алдаган. 
Безилдешет: «Жеди, жеди, ой кокуй!» 
Карышкырлуу, ууру заман арман, ый. 
Өлүп баратсаң оозго суу тамызып, 
Жаш баладай берип коет момпосуй. 
Доор өтсө аныктайт го тарыхчы, 
Кокуйлашып мал уурдахкан айыпчуу. 
Бүт дүйнөнү келет күн-түн кыдырып, 
Акаев да ээ, жылмайган кайырчы. 
Эл тилемчи. Каракчы уулу дагы бар, 
Жарааттарды мезгил өзү дарылар.
Азаматтар, кайда эми журт баккан, 
Кайда, кайда ээ, нускалуу карылар? 
Кирпик какпай, уйкусуз таң атырам, 
Беймалы түн, кыжаалат түн, ачуу таң.
Кайда, кайда патриоттор силерди 
Улуу дух жан көтөрүлүшкө чакырам!

20-декабрь, 2004 жыл — 24-март, 2005 жыл.


Сен өзүң турмушсуң

Эртең, бүгүн, эртеби-кеч, 
Карайлаган болот бир-кез,
Калган өндүү талаада кеч... 
Таштанды зар баладайсың, 
Тагдыр эч бир эркелетпейт. 
Шон үчүн, дос, айткан бар сөз: 
Туулгандан бөпөлөгөн,
Тайталатып жетелеген, 
Турмуш,-
Сенин Атаң эмес!
Турмуш,-
Сенин Апаң эмес! 
Андыктан, дос, сак, сабыр эт, 
Жазмыш маңдай сылбайт эч, 
Чыдаш.керек болмуштарга, 
Чыйрал, бышкын, акыл пештеп,
Тутант үмүт чырактарын, 
Турмуш,
Тырмыш, аска беттеп!.. 
Тууган экен, дос-жарың да, 
Душман болуп турганыңда, 
Турмушка.сен урмуш, урмуш 
Турмушкка бер, тур, буруп кет. 
Өчпөй күйсүн көкөйүңдө
Намыс, намыс леген өрт сөз!
Таарыныч кылбай, кел-келишимге, 
Акылдууга тагдыр элпек. 
Тикеңжен тур коркунучта, 
Тиштей сынбай, тилдей болгун,
Балык болуп, сүзүш керек. 
Жылчыгы жок түн бассаң да, 
Башты кайгы муң басса да,
Үмүт жиби эч үзүлбөйт!.. 
турмуш деген,-
атаң эмес!
Турмуш деген,-
Энең эмес!
Туулгандан бөпөлөгөн, 
Же жалбарган көлөкөңөн, 
Ал сокурдун таягындай
Тагдыр менен жетелеген. 
Сыйрыйт териң жапайлар,
Сыйрат майың ачуу, заң, заар.
Териңдин чык ал сокур көз. 
Мээнде "бомба-жарылмайын,
Гений эмес-сен кеңкелес.
Идиотсуң адам да эмес
Тикеңден тур!
Максатына жет!
Адал болсун тилек да, нээт!
Турган кезде жаалданып 
Турмуш менен сен бетме-бет!
Өлмөйүнчө күрөш жүргөн, 
Улуу казат жан алакет
Өзүңдөй өл өжөр да көк. 
Башканы сен не кыласың, 
Балээңе не тыңсынасың, 
өзүндү жең, алгая ирет.
Даярлангын, аярлангын, 
Даңк акчаны тебелеп кет. 
Бир аялдан жаңылбагын, 
А калганы эч нерсе эмес. 
Кылдай ичте кир, болбосун,
Кыяннат кылба адамга эч.
Жайдары да, митаам куу бол, 
Жарык босун ой, акыл-эс.
Туталанган балаңдай чыр,
Туура сылык, мамиле кыл, 
Жашоонун өз мыйзамы бар, 
Жаңылышсаң бүттү-крест!Х 
Турмуш сенин Папаң-дагы, 
Турмуш сенин маман, да эмес!


Ийри киши

Түз көчөдө ийри киши жашаган,
Көрдүйнөгө не назары ая адам. 
Какшыкчы эле, жөн сүйлөчү эмес ал,
Куудулданчу, кургак чыкчу суудан ал. 
Тыңчынчу эле, тың жашачу маалээде, 
Жыйыңдарда кеп бербеген балээ эле, 
Жааткычтай ийри туруп чыңдыкты.
Таамай атчу,же көрчү эле Кулдукту, 
Намыс менен ар бир эле дээринен, 
Кездери бар көтөрүлгөн ээриген, 
Кездери бар көтөрүлгөн ээриген... 
Адам эле акпейил жан эмгектүү, 
Кээде сөкчү ал Айылдык Өкмөтү 
Кээде өлтүрчү саясатты эрмектеп,
Кейип кетчү: "эмне мындай болбойт" деп,
Кедей жакыр эл да далай ийди бел,
Билбейт эле, арбын болчу ийрилер 
Каарланып кемпирине Хан болчу, 
Ийри киши, бир кызыктай жан болчу, 
Эрдик кылып көргөм дечү канмайдан, 
"Мурутун жулдум Гитлердин чычайган".
А чынын да көргөн эмес урушту, 
Кызмат кылган батольондо жумушчу.
Чумолор деп сөөк чапчып какшатчу, 
Айгакчы эле, о, ченде жок калпты айтчу. 
Сүйлөсө эле, ийри киши сүйлөсүн,
Куралбаган кыялдагы дүйнөсүн. 
Түз көчөдө ийри киши жашаган,
Ал эски эле, гүлдөп турса жаш Аалам!... 
Ал картайды, өзүнө жан теңебей,
Бүкүрөйдү тагя да жөлөбөй,
Бүгүн таңда өлүм аны уктатты
Ийри киши табытында түз жатты.


Фазуль-Карыптын олуялыгы туурасында ой жүгүртүү же
Үсөн Сыдыкович менен бийлик туурасында маслехат

Үсөн агай,
Үч эмес, миң жыл мурун,
Фазуль-карып ойлоп элдин тагдырын.
Жазган экен бир падыша жөнүндө
Шыпыргы каш, жайдан мүнөз кашка баш.
Заман анда бүлгүн түшүп сел жүрөт.
Тынтыракайы чыгат Кыргыз журтунун
Чилдей тарап эл ошондо тентирейт.
Андан кийин,
Жука эрин, бүтүк көз
Сыпаа-сылык аял мүнөз — сайпана,
Бир падыша жыйналбай чачылган.
Элин, мүлкүн башын мыкчып катырган
Эси оойт... А да кетет кызматтан
Өлкө ичинде бүлүк түшөт кайта да.
А журт болсо баягыдай чырдашкан 
Баардык көздө –
Коркунуч, шек, муң баскан 
Анан шоңдо Пил мүңөздүү кабалтең, 
Кысталышта ач албарстай жалт эткен 
Буура сындуу,
Кышта кирген булкулдап 
Жарык кабак, 
Элдин ачкан ажатын. 
Чыгаралган өлкөсүн чырайын. 
Келечектин эң бир айкын жолун чаап, 
А тилинен мөөрү бар жүрөккө,
Чындык менен калпты каарып өрт кеткен. 
Бир Падыша 
Акыйкаттын алдында
Жер жандар да солк эткен. 
Жарайт элдин багына,.
Бек олтурат,
Алтын сүрдүү тагына.
Дал ошондо
Кыргыз журту түптөлөт.
Оозуна аш, 
А колуна иш берет.
Бир түптөлсө кыргыз шондо түптөлөт. 
А болбосо оокаты өтпөй мөгдүрөйт.
Жок, ал кезде
Айланып зор Каганатка кыргыз эл.
Жаханга ач арстан менсирейт! 
Журт гүлдөгөн 
Убак болот ал учур, 
Койду дагы жегиси келбей калат карышкыр.
....мекен кылым эмес, 
Доорлорго ой учур.
Пил мүнөздүү жана өрт сөздүү, 
Арстан көздүү Чырайымдуу, акыл-эстүү
Падышанын мүнөздөрүнүн дал ушул
Касиеттерди сизден көрөм бир алтын. 
О, Иншалла! 
Жараткандын өкүмү
Кыргыз деген
Үстүндөгү мамлекеттин өкүлү
Үсөн ага, сиз деп билем 
Сизге калп да, мага чын. 
Сиз болбоңуз дал ошол .... 
Чыгаан атуул кайраткер, 
Аябаган жүрөк отун, көз курчун. 
Аяган жан боор кыргыздары өз журтун
« Бийик, ыйык өтөп Мекен карызын. 
Бек болуңуз,
Тээк болуңуз, 
Жоо алалгыс чеп болуңуз,
Биз дебейли эч убакта 
Ай аттин?!
А болбосо, ошо Пааша ким болду экен? 
Ким болду экен? 
"Манассия" деп аталган, 
Айланып зор империяга, державага
Качан гүлдөйт Кыргызмекен?!

* * *

Кыргыздын турпагынан өскөн үйлөр,-
Мобул айыл "Арчабешик"
Кыргыздын топурагынан өскөн гүлдөр,-
Баратам шүүдүрүмдүү чөптү кечип...
Бабалардын сөөгүнөн
Чыккан катуу чырпыктуу шыбактар да.
(Жүрөт дешет
Ак кийинген, ак чач сакал Пайгамбар чал
Түнкүсүн эл уктарда...
Ар үйгө кирип чыгып, баштан сылап...)
Кырылышкан кыргыз-кытай
Дал ушул Чүй талаасында
Бир жылы кызгалдак жаайт кыраңдарда
Бир жылы чогойно өсөт — каргыш,наала.
Шыбактардын түптөрүнөн
Баш көтөрөт байчечекей, мандалак
Ийилет желге чийлер...
Көмүлгөн нечен-нечен бейиттерде
Төбөсү түшкөн көрлөр, чуңкурларда,
Жоокерлер,
Жахангирлер...
Бул жерде бабалардны сөөгү, алтын башы
калган,
Түйүлүп муштум кектей ташы калган.
Искесем эрмениңди, шыбагыңды,
Эзелки кайгыга жык ачуу арман.
Өлбөй-өчпөй
дал ушул күнгө жеткен
Кыргызстан!
Кырк гуз уруу тукумуң Кыргыз Бабам,
Махабатым Россияга тең келген
Манассиям!.-
Өлкөм, сени
Өзүмдү эмес, мен атагың даңазалайм.
Калем учтан тамгаң тарых кара сыяң,
Тамгаң болуп калсамчы жаза турган.
Манассиям!..
Орол, Едил, Енесай, Алтай, Кызылжарың жана
Саян,
Кызыл-Сууң башка өлкөгө каратылган,
Манассиям!..
Сызылат кара тердей маңдайымдан,
Жаның ыр, кандай тамган жаратындан,
Казалым, казатым сен, Манассиям!
Бергиле, Аталар кайратыңдан?!
Бергиле, Энелер көз жашыңардан?!
Мен ысык тамчыңдан жаратылгам,
Силердин сүйүү, үмүт, сагынычыңардан...
Тегеран, Жер, айнанайын! — дейм Олжастай,
Тээ, шакмар бет тентегиңди, борс-борс үргөн
Күчүгүңдү
Сүйөм байкуш кичинекей мол Мекеним!
Алдыдагы жарыктагы
Тарыхтагы кайра жарал зор державам
Рухтун империясы Манассиям Манас — уям
Зымырык куштай күйүп күлдөн пайда болуп
«Жарт» куулжуп
Феникстей жаралып кайра сенден алыска учам.
Жаңы кан агындагы гений элди
Нью-Бишкек шаарын көрүп турам.


© Акималиев А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 

Аликтин күндүз күйгөн "Чырагы"

Алик Акималиев тээ, сексенинчи жылдардын ортосунда эле жаңыча ойлонгондугу, окурмандар көнүп калган сырткы уйкаштык, ритмадан четтеп, бирок ошол эле учурда жазган ырынын тулкусунда поэзиянын ыргагын сактап, олуттуу философиялык корутунду чыгарып, окурманды ойлонтуп койгондугу менен поэзия күйөрмандарынын көзүнө урунган. Аликтин акындык чеберчилиги уламдан улам бийиктеп өсүү менен 2004-жылы жарык көргөн "Чырак" деген китебинде кыйла ийгиликтерге жетишкен. Анда түрдүү ыргакты, түрдүү саптарды айкалыштырып, ыр саптары бирде эзелтеден көнүп калган сыңар уйкаштыкка түшсө, бирде ак ырга айланып, бирде бийикти карай оболоп, бирде жайлап, бирде куушурулуп төмөн карай кетип, айтор бүтүндөй жашоо-турмушту чагылдырып, анын оош-кыйышын, жаман-жакшысын, оң-тетирисин чырак сымал көрсөтөт. Окуган адамды эргитип, поэзия ку марына тартат.

"Акын — сезгич, басмырт, же курч, же өктөм,
Тайманбайт ал Президенттен, желдеттен.
Ажыдаарлар башын сөзү кыя чаап,
Акыйкатта кылыч болот жалт эткен!” — деп "Жападан жалгыз акынга" деген ырында акынга өтө жогору баа берсе, ошол эле ырында:

"Кечирип кой, акында бар ит кыял,
Акын — уяң, алсыз, сейрек, жылдыз ал.
Коендон да коркок кээде элеңдеп,,
Айбаттанса арстандан сүрдүү ал", — деп акындын образын жөнөкөй эле сөздөр менен ачып берет. Акын деле жөнөкөй адам экендигин, бирок анын ырынын күчү кылычтан курч, болоттон өткүр, бийликтен суүдүү экендигин айтат.

"Ханда жок байлык менде бар,
Менде жок байлык элде бар,
Ырларым барда,
Мен үчүн
Миллиардер Сорос, Агахан,
Билл Гейтс дагын кембагал", — деп рухий байлыктын кымбаттыгын, баа жеткистигин, ар кандай материалдык байлыктан жогору тураарын таасын чагылдырат.

Айтор, Аликтин "Чырактагы" ырларын окуган адам толкунданбай, эргибей койбойт. Поэзиянын шыңгыраган деми уруп, анын ырларын окуп жатканда таштан ташка урунуп, көбүгүн асманга серпип аккан тоо суусундай бууракандап кеткенинди байкабай каласың.

1937-ж. 26-апрелде Германия авиациясы бомбалап талкалаган Испаниянын бакстар өлкөсүндөгү? Герника шаары жөнүндө улуу П.Пикассонун 'Герника" аттуу картинасындагы ойлорду андан ары тереңдетип, А-Акималиев "Герника" деген роман жазган. Роман айрым майдаланып кеткен жерлерине карабастан чыгармачылык эргүү, толгонуу менен өзүнчө стилде, өзгөчө ыкмада кыйла түзүк жазылган. Анда автор адамзаттын адамзатты жок кылууга болгон аракетин күнөөлөйт, дүйнөдөгү болгон чоң-кичине согуштардын, ал түгүл Дордойдогу жардырууга чейинки кылмыштардын адамзаттын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатканына кейийт, адамдын адамга жасаган кыянаттыгын, арактын кесепети согуштан да жаман экендигин далилдейт, дин, ынтымак-ырашкердик жөнүндө кеңири сөз кылат. Адамдарды биримдикке, бирин бири түшүнүүгө чакырат. Ушул эле ойду "Чырак" деген ырында улантып, чаламандын чак түшүндө чырак кармап адам издеп жүргөндүгүн айтат. "Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт", — демекчи А.Акималиев ошол сүрөт аркылуу өз мекениндеги, деги эле дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, элдин жашоотурмушун, мекенине болгон өзүнүн ыйык парызын жүрөгүнөн өткөрөт.

"Матера менен коштошуу" деген балладасында жер бетинен жок болуп кеткен дүйнөдөгү үч чоң кыштак, анын ичинде Токтогул суу сактагычынын алдында калган Акчий-Карасуу айылы жөнүндө каңырыгы түтөп эскерип, суу астында калган көрүстөндөрдүн тагдырына кейип, абдан кабатырланат. "Көл түбүндө эл жашаган жер калып" деп ошол мезгилде кыштакты бузуп жаткандагы элдин нааразылыгын, ата конуштун тынчтык, бейпилдик эле мезгилинде суу астына кетип жаткан трагедиясын өтө элестүү, таасирдүү, көркөм чагылдырат. Бул ырды окуу менен суу сактагыч деле элдин жашоо-турмушу, келечеги үчүн курулуп жатканын түшүнүүгө аракет кылсаң да, кечээ эле турмуш кайнап турган жердин мелмилдеген кел алдында калганына зээниң кейибей койбойт. Деги эле акындын ар бир ырында мекенге болгон сүйүүсү жалындап күйүп турат.

Китепке киргизилген "Сүйүнааме" деген лирикалык романынын үзүндүсү, "Айдагы кыз" деген жомогу, "Троллейбустар"деген минипоэмасы, "Некролог".деген ыры, деги эле көптөгөн ырлары Аликке гана таандык ыкма менен жазылган. Окурманды эргитип, ойлонтуучу, толгонтуучу саптары көп.

А.Акималиев поэзиянын жүгүн терең түшүнгөн, өзү айткандай бала кезинен "кызыл үйдөн" китептерин калтырбай окуп, дүйнөлүк адабияттан кабары бар акын. Ырлары менен жаза турган предметинин жөн гана сүрөтүн тартпастан, аны ар тараптан изилдөөгө аракеттенип, башкалар көрбөгөн, ойлобогон жактарын айтат. Мурда анын ырларын окубаган адамды "Ой, бул Алик чын эле чоң акын турбайбы!?" деген деңгээлге жеткирет.

Аликтин ырларын окуп отуруп, жөнөкөй эле сөздү кыябы менен колдонсо накта поэзияга айланаарына ишенесиң.

Азырынча А.Акималиевдин чыгармачылыгы изилдене элек, адабий сынчылардын айрым гана үзүл-кесил пикирлери болбосо менин баамымда ырларын тереңдеп талдап, өз баасын бергендер алиге жок. Бирок, бул албетте келечектин иши. Мен адабиятчы же сынчы эмесмин, тек гана Аликтин "Чырагын" окуп чыккандан кийин окурман катары азыноолак пикиримди билдирдим.

Акын катары А.Акималиевдин келечеги алдыда. Азыр жаныдан гана элүүгө толуп, баралына келип турган кези. Элүү жашың кут болуп, эл үчүн далай-далай мыкты ырларды — нукура поэзияны жарата бер демекчимин. Ошондой эле А.Акималиевдин "Чырак" деген ыр китебин кандай гана адабий сыйлыкка көрсөтсө көтөрүп кетүүгө күчү жетет деп ойлойм жана андай сыйлыктар акын үчүн шыгына шык, талантына талант кошуп, байгеге кошулган тулпарды. Сүйрөгөндөй дем күч берет эле демекчимин.

Ысмайыл КАДЫРОВ
Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү,
КР маданиятына змгек сиңирген ишмер

 

(Көңүл буруңуздар! Бул сайтта китептин бир бөлүмү жайгаштырылган)

Текстти толун бойдон ушул жерден көгүрүп алсаңыз болот

 


Количество просмотров: 5301