Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Урмат Молдосанов, 2015. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2015-жылдын 11-сентябры

Урмат Назаркулович МОЛДОСАНОВ

Мен башкамын, сен башкасың…

Жаш автордун лирикалык ырлар жыйнагы.

 

Мендик эмес…

Мендик эмес, мендик эмес самасам да, 
Элеси көздөн учуп сагынсам да. 
Жүрөк сыздап, муздак уруп турса дагы, 
Мендик эмес тагдырыма таарынсам да.
 
Мендик эмес, мендик эмес сыздасам да, 
Жаратканга миң мертебе жалынсам да.
Сезимим жарат алып турса дагы, 
Мендик эмес, сен деп өзүм ыйласам да…

 

Жүрөкө сүртсөң кетпес из салдың…

Бир күнүм ай-жылдарга теңелип,
Өтүп барат ал тозоктой сезилип.
Куладым тагдырыма таарынып,
Куураган дарак сымал ийилип. 
 
***
Кайтарып ала албай бактымды,
Жыгылып ара жолдо калдымбы?
Жарык күнүм караңгыга чөмүлүп,
Жашоонун ачуу даамын таттымбы?
 
***
Өтөөр жылдар, өтөөр өмүр, убактым,
Өтөөр мүмкүн жан кейиткен бул дартым.
Кетеби, көз алдыман элесиң?
Жүрөкө сүртсөң кетпес из салдың…
 
20.08.2015

 

Издеп сенин көздөрүң…

Жарык дүйнө караңгыдай көрүнөөр,
Көрбөсөм элесиңди күнүгө.
Сезимим жамгыр болуп төгүлөөр,
Зар болуп калаарым чын сөзүңө.
 
***
Саамайыңдан сылай албай чөгөөрмүн,
Сагынып жылуу чыккан сөздөрүң,
Ортодо он беш аалам турса да,
Бараармын издеп сенин көздөрүң.
 
19.08.2015

 

Өткөндөрдү айтып бер…

Саамайыңан сылап өтөт салкын жел,
Санааңа тек карабайт кайдыгер.
Өзүңдү бек кармана, көтөрө,
Сен ага өткөндөрдү айтып бер.
 
***
Өткөн күндөр кайрылбастан алыстап,
Теңин таппай жүрөк калган жалгыздап.
Сезилбес, жөн адамга арманың,
Сезилээр өткөн желге, зыркырап.
 
***
Алып учуп, алып кетээр алыска,
Санааңды эч калтырбай жаныңа.
Муздаган жүрөгүңдү жылытып,
Жылуулук ала келээр кайтканда.
 
***
Ооруган жүрөгүңдү дарылап,
Дартыңа дабаа болуп кучактап.
Саамайыңан сылап өтүп, кайгыртпай,
Жылытаар жан дүйнөңдү аралап.

25.05.2015

 

Мен башкамын, сен башкасың… 

Мен башкамын! Өз жолумдан адашкан.
Байланган, бир өзунө,капыстан.
Туз салып, жараларга күчөтуп,
Адаммын, тагдырына таарынган.

***

Мен башкамын! Билбей кадам таштаган.
Байланып, көздөрунө караган.
Суйдум деп жүрөк дартын ырбатып,
Камалып, чыга албай капастан.

***
Сен башкасын, өз ойуңа арбалган,
Куруп дүйнө, өзүн өзү алдаган.
Бакыттын элесине адашып,
Тунгуюкка өз кадамын таштаган.

10.08.2013

 

Адаштым…

Адаштым, адаштырып сени да,
Күттүрүп жол боюнда, талаада.
Күнөөм тоо, кучагыма батпаган,
Өмүрдө унутулгус, алдыңда.

***
Ачуу сөздү, айта албай муңканып,
Турамын мен алдыңда кыйналып.
Албайын жүрөгүңдү оорутуп,
Деп ойлоп, өз ичимде чайналып.

***
Алайын, дүнүйөмдүн түпкүр сырын,
Жылдыздай мүмкүн калган нуру жымың…
Келээр балким, жазып берээр саптарымда,
Отоор мүмкүн, каар жылдарды, жашап кылым…
Айтаар сөзүм кыялымда сакталып,
Күтөт убак, жүрөгүмдө чыңалып.
Келээр мезгил, куттуу убак, күндөрү,
Айтып берээр, бут дүйнөгө үн салып…

25.03.2014 — 01.04.2014

 

Алсыздык

Арга таппай, айласыздан көктү карап,
Көөдөнүм дем жетпестен эрктик самайт.
Кыйнала, күнү бүткөн жалбырактай,
Саргарат, уча албай канат байлап.

***
Көктү самап көөдөнүмө батпай келет,
Жазаар саптар, айтаар сөздөр ашса керек.
Кыйналта, жан дүйнөмдү оорутуп,
Жүрөгүмө ыр саптарым батпай кетет.

***
Алсыздык өкүм сүрүп көңүлүмдө,
Жел жүрөт, жамгыр себет, өмүрүмдө.
Жанымды жай алдырбай, туйлатып,
Сырдуу себеп, уйгу-туйгу жүрөгүмдө…

 

Ата-энеге

Саламатта болуп туруп кайрылбай, 
Жазбаган ата-энеге бизде күнөө.
Сагынып, күн санашып кыялбай, 
Ойлоп жүрөөр, санаа тартып бизди кутө.
Ишибиз тез бүтсүн деп шашып жүрүп,
Унутабыз ата-энени, жүргөн күтүп.
Барбы кат, жибердиби балам деп,
Амандык тилеп бизге, күндөр сүрүп.

2014-ж.

 

Каректен чыккан көз жашы…

Кыйналып бакка жөлөнө,
Ишене ар ким сөзүнө,
Отурат эне көчөдө,
Баралбай уулун төрунө.
Ыргытса тыйын чогултуп,
Алдана көбүн жоготуп,
Отурат эне көчөдө,
Ыйласа өзүн сооротуп.
«Балам деп, сени бакты элем,
Сурасаң жоктон тапчы элем.
Эмнеден сага күнөөм бар?
Ушунча боорун таш белем…
Жаш элем мурун,кайгысыз,
Жаш кетти эми кайтаргыс.
Көз кетти кошо жаш менен,
Сыздатып мени кайрылгыс.
Жарык дүйнө көрүнбөй,
Кыйналдым, балам, түшүнбөй.
Адаша таппай,ордумду,
Кор болдум балам, үзүлбөй.
Кудайдан сурайм ажалды,
Кордукка таштап албады.
Узарта күнүм, шылдыңдай
Көбөйтө менин санаамды.

2013-ж. Уландысы бар.


 
© Урмат Молдосанов, 2015

 


Количество просмотров: 1517