Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Асек Казиев, 2015. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 10-майы

Асек КАЗИЕВ

Биз тозобуз Нооруз!

Той ырларынын топтому

Асек Казиев. Биз тозобуз Нооруз! – Б., 2015. – 36 б. китебинен алынды

 

Урматтуу окурман! Тойлордо жакшы каалоо-тилек айткыңыз келсе бул китептен таба аласыз.

 

Биз тозобуз Нооруз
 
Сүр эт кошуп май салып,
Сүмөлөктү кайнатып.
Биз тозобуз Нооруз,
Бир казандан даам татып.
 
Бар тамакты жайнатып,
Баары чогуу баарлашып,
Бата берет карылар,
Бакыт-таалай каалашып.
 
Айлана бүт тазарып,
Аалам бүгүн жашарып,
Жакшылыкты тилейбиз,
Жан дүйнөбүз агарып.
 
Дидарлашып адазмат,
Дасторкондон даам татат.
Балдар жайып алакан,
Бабалардан бата алат.


 
Куш келиңиз, Нооруз!
 
Булактардан суу ташып,
Бак-дарактар бүр ачып.
Жаңыланат жер бети,
Жашыл кийип жасанып.
 
Кайырма: Куш келиңиз Нооруз,
Куттуу жылдан болуңуз.
Аткарылсын ар дайым,
Аруу тилек оюбуз.
 
Жаңыланып тазарып,
Жан-дүйнөбүз агарып.
Балдар болсун бактылуу,
Бабалардан бата алып.
 
Жаңы жылым келиңиз,
Жакшылык мол бериңиз.
Биримдикте жашайлы,
Бейкуттукта элибиз. 
 
Кайырма: Куш келиңиз Нооруз!
Куттуу жылдан болуңуз.
Аткарылсын ар дайым,
Аруу тилек оюбу з!


 
Салам сага Нооруз!
 
Салам айтам санжыралуу Нооруз,
Салтанаттуу улуу майрам тоюбуз.
Ынтымакты элибизге ыроолоп,
Ырыскылуу бейкут жылдан болуңуз.
 
Куш келиңиз күлүмсүрөп Нооруз,
Коломтодо жанып турсун отубуз.
Арбын болуп ала келген белегиң,
Адамзатка ак жолтой жыл болуңуз.
 
Алдыбызда келе жаткан Нооруз,
Аткарылсын аруу тилек оюбуз.
Кучак толо кут тартуулап үйлөргө,
Кубанычка тең ортоктош болуңуз.


 
Жаны жыл
 
Ак жолтой бол жаны жыл,
Аш тамакты арзан кыл.
Ала-тоолук кыргызды,
Апаттардан аман кыл.
 
Бакыт бергин жаны жыл,
Берекелүү заман кыл.
Бапыратып той берсин,
Баласызды базар кыл.
 
Байлык бергин жаны жыл,
Пейли тарды адам кыл.
Бечаралар байысын,
Бакстарды саман кыл.
 
Жакшылык бер жаны жыл,
Жардыларды бардар кыл.
Бүткүл дүйнө жүзүндө,
Бейкутчулук заман кыл.
 
Салам айтам жаны жыл,
Сарсанаадан аман кыл.
Салгылашкан жаат курап,
Саясатты тамам кыл.


 
Жаз келди
 
Күн менен түн теңелип,
Күн жылыды кар ээрип.
Жан жаныбар шаттанат,
Жергебизге жаз келип.

Ак кар ээрийт бууланып,
Арыктардан суу агып,
Чыйпылдашып сайрашат,
Чымчыктар да кубанып.

Дайралардан суу ташып,
Бак-дарактар бүр ачып,
Ачууланган кыш бою,
Аяз кетти кыр ашып.

Күн да төгүп мээримин,
Күн жылытат жер жүзүн.
Дыңды бузуп жер айдап,
Дыйкан себет эгинин.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Асек Казиев, 2015

 


Количество просмотров: 2107