Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Балдар адабияты
© Сулайман Рысбаев, 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 12-декабры

Сулайман РЫСБАЕВ

Шамбала

Жомоктор, уламыштар, аңыздар, жомок-пьеса жана жомок-повесттер. Тестиер жана жеткинчек балдар үчүн

2-китеп

Сулайман Рысбаевдин ысмы  адабиятты сүйгөн бөбөктөргө, тестиер жана жеткинчек балдарга чакан аң геме, жомоктору менен белгилүү болуп калды. Колуңуздардагы китебинде анын ар кыл жылдарда жазган жалаң жомоктору, уламыштары, жомок пьеса жана жомок-повесттери топтоштурулду. Мында  автор өзүнүн жан дүйнөсүнөн жаралган  жомоктору аркылуу балдардын тилин-дилин таап, элпек, чебер калеми менен, бай турмуштук  керемет окуялар, сүйүктүү образдар  аркылуу балдарга дүйнөнү  таанытууну, адеп-ыйманга үйрөтүүнү, дүйнөгө көз карашын калыптандырууну, кыял чабыттарын өстүрүүнү, изги мүнөзүн бекемдөөнү  көздөйт. Аруулукка, тазалыкка чакырат. Сергек болууга жана адамга адамгерчиликтүүүү мамиле жасоого үндөйт, ички дүйнөнүн сулуулугун баалап-барктай билүүгө, жалпы адамзаттын тагдыры тууралуу ой жүгүртүп, өз улутун сүйүүгө  жана да  жомоктордун ажайып дүйнөсүнө  балдардын кызыгуусун арттырат. Китепке кирген бул чыгармалар балдарды, мектеп мугалимдерин жана жалпы эле жомок сүйүүчүлөрдү кайдигер калтырбайт.

Рысбаев С. «Шамбала»: жомоктор, уламыштар, аңыздар,  жомок-пьеса  жана жомок-повесттер. – Б.: 2008, 196 б. китебинен алынды

 

Китепти чыгарууга көмөкчүлүк кылган терең ыраазылыгын билдире

Автор

 

ЖОМОКТОР

 

ШАМБАЛА

Кыш келип, кар жаап, суулар тоңуп, жолдор тайгак болду. Абышка-кемпирдин мешке жагар отуну калбады. Тепейген  үйүн жылытмак турсун, тамак да жасап иче албай калышты. Абышка абдан карыган эле да, токтойго барып отун алып келүүгө алы жетпеди. Ошондо эмне кылар айласын таппай,  оокаттуу кошунасына жалдырап барышты.

Кошунасы абдан бай эле, өзү чоң кызматта иштечү. Үч кабат үйү, жалтыраган кооз машинасы бар. Курсагы салаңдап, күн сайын семирип баратат..

Бай кошунасы абышка менен кемпирге бир көмөч нан, анан бир шам берди да:

Эми келбегиле. Силер эмес, менин өзүмдүн отунум жок. Силерге  башка эч кандай жардам бере албайм,– деп узатты да, эшигин  катуу жаап алды.

Ал калп айткан эле. Кампасы толо отун менен  ун-талканы, жертөлөсү толо кышка сактаган оокаты бар болчу. Зыкым, ач көз болгондуктан, бечара абышка-кемпирди аяп койбоду.

— Балабыз болсо отун алып келбейт беле. Акча таап келип, бизди бакпайт беле... — деп, абышка-кемпир армандарын айтып, көз жашын көл кылышты.

Ошентип, абышка-кемпир бай кошунасы берген бир көмөч нанды сууга чылап жеп, эптеп-септеп  бир аз күн өткөрүштү. Анан ал нан да түгөндү.

Бир күнү таң га маал абышка-кемпир ачка жана үй суук болгондуктан, төшөктөрүнөн турууга да жарабай калышты.

Ушинтип жатып өлөбүзбү,– деп ыйлады кемпир.

– Кой, байбиче, мени эптеп ордумдан тургуз. Мен токойго барып бир тутам отун алып келейин. Боорукер адамдар жолугуп калса,  бир  сындырым  нан  берер. Кечке чейин келбей калсам, анда менин өлүп калганым ошол талаада,– деп араң  эле сүйлөдү. Бирок, аны кемпири тургуза албады, өзү да турайын деп, тура албады.

Үйдун терезесинде баяга бай кошунасы берген шам үлбүлдөп күйүп турат. Ал дагы түгөнөйүн деп  калгандыктан, туруп барып өчүрүүгө да алдары келбеди. Анын түгөнгөнү– үйдүн ичине  караңгы  түн түшкөнү дей бер.

Аңгыча ошол  үлбүлдөп жанган шамдан бир кичинекей жалын бөлүнүп чыкты да, кичинекей балага айланды. Ал бала сөөмөйдөй эле болчу. Бала абышканын маң дайына келип туруп калганда:

- Эй... сен кимсиң? — деп, тандана сурады абышка.

- Мен Шамбаламын, – деди баягы сөөмөйдөй болгон бала.

- «Шамбала»?

- Ооба... Мен–Шамбаламын... — деди дагы да баягы бала.

- Кимдин баласысың? — деди абышка  эч нерсени түшүнө албай.

- Силердин балаңармын.

- Биздин сендей балабыз жок эле го?..

- Баланар жок болсо, мындан ары балаң ар болот.

Табышмактуу бул окуяга түшүнө албай:

– Шамбала, сен кайдан келдиң? — деди кемпир.

Шамдан келдим. Ошол учун менин атым – Шамбала.

Өзү сөөмөйдөй болгон, кийген  кийими жок бу баланы сынамакка абышка буларды сурады:

Эй, Шамбала, деги, сени колуңдан эмне келет?

- Менин колумдан баары келет — деди Шамбала, — үйүңөрдү жылытам, түндө жарык кылам, тамагынарды бышырам...

- Анда, Шамбала, сен адегенде үйдү жылыт — деди абышка, үшүгөн колдорун укалап.

Шамбала бат эле үйдүн ичин жылытып жиберди. Тепейген кичинекей үйдүн терезелери да тоңуп калган болчу. Алар да эрип, эшик көрүнүп калды. Тоңуп, бурушкөн абышка-кемпир эми ысып, көйнөкчөн болуп жыргап эле  калышты.

– Эми, бышыра турган тамагыбыз жок. Эмне кылабыз? — деди кемпир үй жылыгандагы кубанычы бат эле жоголуп.

Анда капаланбагыла. Мен силерге тамак таап келем — деди да, Шамбала эшикти көздөй жөнөдү.

Шамбала, адегенде ун алмакка тегирменчинин үйүнө барды. Тегирменчинин да кышкы отуну азайып, үйү муздак болчу. Анын үйүн заматта жылытып берди.

– Ой, сага чоң ыракмат. Деги сен өзүң ким болосуң ? — деди тегирменчи ага ыраазы болуп.

– Мен –Шамбаламын.

– Кимдин баласысың? — деди анын бул сөзүн уккан тегирменчи.

– Тиги  жогору жактагы  абышка-кемпирдин  баласымын.  Алардын  уну түгөнүптүр. Мен силердин үйүң өрдү жазга чейин жылытып берип турайын. Акысына жазга чейин жетерлик талкан, ун бериң из — деди чекилдеп.

Тегирменчи Шамбала менен убадалашты да, абышка-кемпирдин үйүнө ун-талкан  жеткирип берди.               

Шамбала андан ары уй ферманын үйүнө барды. Ферма башчынын үйүндө да отун-көмүрү азайып, кыйналып жаткан болучу. Алардын үйүн да жылытып  убадалашты да, жазга жетерлик эт-май алды. Этти да абышка-кемпирдин үйүнө ферма башчысы өзү бат эле жеткирип берди. Шамбала андан ары дүкөнчүнүн үйүнө барды. Дүкөнчү да дүкөнүнө от жага албай, көмүрү жок кыйналып жаткан экен. Шамбала анын да дүкөнүн жылытып берип  убадалашып, кант, чай, туз алды. Аларды дүкөнчү абышка-кемпирдин үйүнө жеткирип берип, абышка кемпирдин үйүнө заматта ун менен эт, кант менен чай батпай бапырап, жыргап эле жатып калыштыШамбала  тамакты бат эле бышырып, абышка-кемпир курсактарын тойгузду.

Анан кеч кирди. Ошондо абышка-кемпир Шамбаланы жакшы көрүшүп, коюндарына кучактап жаткылары келишти.

Шамбалам, кел, биздин коюнубузга жат, — деди кемпир. Анда Шамбала:

Жок, апа, ата, мен силердин койнуңарга жата албайм. Жатсам-төшөгүңөрдү күйүзүп жиберем, — деди да, терезеде күйүп турган шамга кирип кетти.

Ошентип күндөр өтө берди. Шамбала эртең менен баягындай эле шамдан учуп чыгат да, абышка-кемпирдин үйүн жылытып, тамактарын бышырып, чайын кайнатып  берет. Баягы убадалашкан тегирменчинин, уй ферманын жана дүкөнчүнүн үйүнө барып, үйлөрүн жылытып келет да, түндө жатарда шамга кирип кетет.

Абышка-кемпир эч нерседен бейкам болуп жыргап жашап жатышты. Күндөрдүн биринде абышка-кемпирдин баягы сараң бай кошунасы "абышка менен кемпир үйүндө жагар отуну жок, жээрге оокаты жок, тоң уп, качан эле өлүп калды го, өлүп калса, тепейген үйүн трактор менен түрттүрүп таштайын да, короомо кошуп алайын» — деп ач көздөнө  басып келди. Келсе абышка-кемпир баягыдай жүдөгөң түрлөрү жок, үйү  жыпжылуу, карындары ток, кайгы-капасы жок, кампасы оокатка толо, жыргап жашап жаткан түрлөрүн көрүп таң калат да, алардын кантип мындай жашоого жетишип калганын такып сурайт.

Ошондо жашоосуна ыраазы болгон абышка-кемпир, ичинде эч кандай кири жок, болгон сырын айтып беришет.

– Кана, көрсөткүлөчү, Шамбалаңарды? — дейт ач көз бай кошунасы, – менин үйүмө да барып, жылытып берсинчи.

Абышка-кемпирдин уруксаты менен Шамбала кошунасынын үйүнө барат. Ачкөз бай кошунасы үч кабат үйүнө, жер төлөсүн кошо, кампаларын дагы, машина койгон гаражын, уй, кой баккан сарайларынын баарын жылыттырат. Ач көздөнүп: «Муну абышка-кемпирге кетирбейин, үйүмө камап алайын, муну пайдаланып дагы да байлык табайын» — деп ойлойт. Анан ыгын таап «кармап алайын» деп кубалайт. Шамбала карматпай качат. Ал биринчи кабаттан экинчи кабатка, андан үчүнчү кабатка качат. Шамбала ачкөз байдан качып дубалдагы килемге, терезедеги кооз шторлорго, жерде салынган оймолуу шырдак-ала кийиздерге тийет, жалтыраган шифонер, шкафтарга урунат. Ал тийген, урунган буюмдун баары күйүп өрттөнүп кирет. Андан качып, Шамбала ачкөз байдын кампасына, андан жер төлөсүнө, андан машина койгон гаражына, андан ары уй-кой сарайларына качат. Ал барган бардык жерлер күйүп, өрттөнүп, ачкөз байдын бардык короо-жайы бүтүндөй өрттөнүп кетет да, жалгыз өзү калат. Бардык байлыгынан кол жууп, ачкөз бай тойбостугунун айынан абышка-кемпирден да кедей болуп калат. Ал эми, абышка-кемпир болсо, эч кимге залалы жок Шамбала менен жыргап-куунап жашай беришиптир.

 

Торгой ырчы

Илгери-илгери кыргыз элинде бир ырчы кедей жигит  болуптур.  Анын  өнөрүнөн  башка  эч кандай оокаты болбоптур. Колундагы комузу — анын малм үлкү да, бар байлыгы да ошо экен. Эл аралап ырдап, аш-тойдо өнөр көрсөтүп, ата-энесин бакчу экен.

Ырчы кедей комуз чертип, мукам үнүн созуп ырдап жатканда адамдар эле эмес, жаны жоктон тоо-таш да тыңшап угуп турчу дейт. Ал тургай, түрдүү түстө тилин безеген акын булбул да, көккө чыгып алып миң кайрып ырдаган торгой да ырчы кедейдин ырын тыңшап унчукпай калчу экен.

Ошентип жүргөн бир күндөрдө, көктөм жазда ырчы кедейдин боз үйүнүн үстүнө торгой келип уя сала баштаптыр. Аны көргөн ырчы кедей мукам ырын токтотпой ырдап, торгойдун мукам кайрыктарын комузга кошуп, анын акындыгын бирге айтып, узакка эргип ырдайт. Торгой да анын ырына ого бетер эргип-жибип, улам-улам кайкып учуп келип жатып, боз үйдүн чамгарагына бат эле уя салып коет экен. Аны көргөн кары ата-энеси да бул сырдуу кереметти жакшылыкка жоруп, жалгыз уулунун тегин эмес экенин ойлошот.

Торгой, ошентип, кедей жигиттин боз үйүнүн чамгарагындагы уясына күн сайын бирден жумуртка тууп, күн сайын кечке мукам үн менен миң түркүн кайрып сайрайт экен. Муну элдин баары билип, кедей ырчыга дагы бир ирет тан беришет.

Ошол күндөрдө сырттан жоо келип, тынч жаткан элди чаап, эл бириндеп, туш-тушка кача баштаптыр. Торгой ырчы элин бир болууга үндөп, жоого каршы күрөшүүгө чакырат. Бирок күчтүү жоо күчүнө салып, элдин белин маиыштырат. Ошондо эл туулуп-өскөн жерин таштап көчө турган болот. Эли-жерин душманга таштап көчүү, албетте, баарына кыйын болот. Бирок айла жок, душманга билинбей, түн ичинде жапырт көчүп кетишет. Бир гана Торгой ырчы карыган ата-энеси менен кара боз үйүндө көчпөй кала бериптир. Ал жөнүндө эч ким билбей калат экен, анткени караңгыда кимдин кайда экенин чакчалекей түшкөн эл билбейт эле да. Арадан эки-үч күн өткөн соң гана, арттан кууп келаткан жоонун жок экенин көргөн эл тыныгып, өргүү алышат. Элдин эсебин алышса, баягы Торгой ырчы жок экен. Ал эмне үчүн көчпөй калганын адегенде эч ким деле таназар албаптыр.

Аны жоо колуна түшүп өлгөн экен дешип, баары кейишет. Бир кезде гана бир акылман карыя:

Анын чамгарагына торгой уя салып жумурткалап жатпады беле. Ал ошол үчүн көчпөгөнүн эади билдим,-деп муңая тиктейт элге.

Коюңузчу, ошол чымчыктын уясы үчүн жанын жоого салып бергидей, ал акмак эмес да, аксакал! - дейт эличинен бирөө. Акылман карыянын жогорку сөзүн уккан баатыр жигит гана:

Аттиң, баарыбыз ошол кедей ырчыдай болбоппуз, —деп бармагын тиштептир да, кайратына келип, элине кайрылыптыр:

Эл-журт! Кыл чайнап кырчылдашар жигиттериңерди топтогула. Кайра баралы да, кайран кедей ырчыбызды жоодон сактап калалы. Аны жоого таштап коюп, минтип эрсинип турганыбыз жарабаган жорук!..

Чын эле Торгой ырчы эмне болду экен? Ошондон кабар алалы.

Торгой ырчы да «эл менен бирге көчөлү» деп, үйүн бүгөлү дешсе, түндө баягы торгой уясынан чукуранат экен. Ошондо эсине келип, жараткандын бир макулугунун уясын бузууга колу барбаптыр. Анын үстүнө, ошол күндөрдө жумурткалардан кызыл эт балапандар да чыга баштаган эле. Үйдү чечип, түндүктү алганда, сөзсүз торгойдун үйү бузулат эле да, анын жумурткалары сынып, кызыл эт балапандары өлүп калат эле. Ошол үчүн элге жалдырап, бизди таштап кайда баратасыңар? — деп айталбай же үйүн таштап кеталбай, көчүп жаткан элге жолтоо болушпай, үнсөзсүз кала беришкен тура.

Жоо эртең менен кыр ашып келип, ээн калган айы лды көрөт. Бир гана эпейген кара боз үйд үн калганын көрүп, душмандын баатыры өз жигиттерин жиберет.

Жигиттер келип, анын ким экенин, элдин кайда кеткенин, анын эмне үчүн көчпөй калганын билишип, шылдың кыла күлүп, баланы баатырсынып алдына байлап келишет экен. Жоонун баатырынын алдына келип, кедей ырчы баягы торгойдун мукам үнүн туурап комузун кайрып келет да, үйүнүн чамгарагына торгой уя салып жумурткалаганын, анын уясын бузуп, кызыл эт балапандарын өлтүрүүтө колу барбай, элден калып көчө албай кала бергенин узак ырга кошот. Чаптырган жигиттеринен чын эле ошондой экенин билгенде, жоонун баатыры ага ары ыраазы болуп, ары таң калат да:

— Кара баштуу адамдын эле үйүн эмес, айбан чымчыктын уясын бузууга колу барбаган адилет бул жигиттин айылын бузуп, элин чабууга менин да колум барбай калды,— деген экен. Анан:

- Менден эмне тилейсиң,  тартынбай  айт,  Торгой акын, — дейт жоонун баатыры.

- Менин  башымды  кессеңиз,   кесиңиз.   Элимдин азаттыгын    бериңиз.     Элим     менен  элиңизди жоолаштырбай, достоштуруп кетиңиз. Менин мындан артык сурарым жок — дейт ошондо кедей ырчы артынбай.

Ошол маалда кырдан кылкылдаган көп колдун карааны көрүнөт экен. Алар баягы жоодон качып көчүп кеткен кедей ырчынын эли болчу. Алар кедей ырчыны жоо колунан сактап кайрып кетүүгө кол курап келаткан болчу.

Бирок акын кедей эки элдин ортосуна түшүп, аларды жоолашуудан сактап калыптыр. Эки эл акын кедейге ыраазы болушуп, анын кедей аты өчүп, «Торгой ырчы» аталып, эл эркеси болуп бактылуу жашап калыптыр.

 

Гүл жана адам

Бул окуя качандыр бир кезде, илгери-илгери болуптур.…

Ажайып кооз гүлдөр жер бетинде жаралып, анын көркүн ачты. Жыпар жыты менен бүт дүйнөнү аң кытты. Бүткүл жан–жаныбарлар дагы, айбанаттар дагы, канаттуу куштар дагы, көпөлөк-аарылар дагы гүлгө суктанышып, аны айланчыктап ыракатка батышты.

Бир гана Адам:

– Мен дүйнөнүн ээсимин, андыктан гүлгө да мен ээмин. Мен ага бара албаймын. Гүл өзү мага келип таазим этсин! – деп буюрду.

Гүл Адамдын буйругун аткара албады. Ага барайын десе сабагынан үзүлө турган, же тамыры кыркыла турган.

– Мени, урматтуу Адам, кечирсин, мен ага баралбаймын,–деп айттырды назик гүл.

– Мага келалбай турган, ал кандай эрки бар экен? Деги ал кандай неме өзү? Балбал таштай катуубу? Чынар теректей бийикпи? Апаппак булуттай үлбүрөкпү? Булактай тунукпу же балдай таттуубу, же айдай сулуубу? Деги ал кандай неме, айткылачы?

– Эч качан сиз элестеткендей  эмес –дешти гүл жөнүндө айтып келишкен жан-жөкөрлөрү. – Ал таптакыр башкача бир керемет нерсе.…

Акыры Адам чыдамы кетип, гүлдү издеп Айгүл тоого келди. Келсе, бу дүйнөгө бүтүндөй бийлик жүргүзгөн Адамга өзгөчө бир керемет болуп, жыпары менен бүт айлананы аң кыткан, кооз көркү менен керемет дүйнөнү ажайып сулулукка бөлөгөн, сулуу десе сулуу, назик десе назик, жыпар десе жыпар, «гүл» аттуу бир ажайып немени  көрдү.

– Мага келгиң келбей, мени эрксиз өзүң ө келтиргиң келген сенин күчүң ушунча күчтүү тура,– деди да, Адам гүлдү эңкейе бур эттире жыттап алды. Анан кайтадан дагы да эң кейип жыттоодон жана керемет сулуу кыздай болгон бу гүлгө жең илип берүүдөн арданды да, үзүп алып жолуна түштү.

Ошондон ушу күнгө чейин Адам балдары гүлдү эң кейип жыттоодон арданат экен да, үзүп алып жытташат экен.

 

«Музбаш», «Тузбаш», «Кылкекиртек» жана «Куурайсан» тууралуу жомок

Балдар, дүйнөдө эмнелер гана болбойт дейсиңер? Биз көрбөгөн, биз билбеген көп нерселер болгон да. Ошолордун бири— мына азыр силерге айтып бере турган бир кызык окуя.

Илгери-илгери Музбаш, Тузбаш, Кылкекиртек жана Куурайсан деген төрт бир тууган болгон тура. Төртөө тең эси жок тентек, ынтымагы жок, аябай жалкоо, анан да биринин сөзүн бири таптакыр  укчу эмес экен. Ата-энеси айтып жумшабаса, ар ишти өз убагында ынтымак менен бирге жасашчу эмес экен.

Бир күнү алардын ата-энеси тойго кетишип, баягы төртөө үйдө калышыптыр.

Эртең менен ичкен тамактары курсагынан түшүп, карды ачат төрт жалкоонун. Түш болуп, чай кайнатып ичели десе, үйдө суу калбай калыптыр. Сууга «Сен бар, мен бар» дегиче, бир канча убакыт өтүп, жадырап тийип турган күн бүркөлүп жамгыр  жаай баштаптыр. Ошол кезде, карды катуу ачкан улуу агасы:

– Тузбаш, сен баарыбыздан кичүүсүң. Сен барып суу апкеле кал!– деп Тузбашты сууга жумшайт. Ал аргасы жок, чаканы  кармап сууга жөнөйт.

Тузбаш сууга кеткен боюнча келбей кечигет. Күтүп-күтүп, агалары жадашат. Аңгыча, жаап жаткан күн  ачылып, күн жадырап тиет. Ошол кезде: «Тузбаш мынча неге кечикти? Музбаш, сен барып чакырчы. Тузбаш эрте келсин!» деп, улуу агалар  аны да жумшашат.

Музбаш да кыйылып жатып, аргасыздан жөнөйт экен.

Ал дагы кеткен боюнча келбей кечигет. Күтүп жатышып чарчаганда, улуу агасы Курайсан:

– Эй, Кылкекиртек, сен барып тигилерди кыйкырчы. Ойноп жүрүп албай тез келишсин!–деп аны да жумшайт.

Кылкекиртек эшикке чыгып, көргөн көзүн ишенбейт: чака көтөрүп сууга кетишкен инилери Тузбаш менен Музбаш экөө тең баштары жок жерде жатышыптыр. Көрсө, жамгырга Тузбаштын, күндүн ысыгында Музбаштын башы эрип кеткен тура. Ага кайгыргын Кылкекиртек:

– Ай, Куурайсан! Тез кел жардамга!– деп катуу кыйкырат. Ал дагы катуу кыйкырып жибергенде, кылдай ичке кекиртеги үзүлүп кетип, жерге жыгылып түшөт. Инисинин кыйкыргынын угуп, Куурайсан эринип жатып бир кезде эшикке чыкса, үч бир тууганы тең жерде үч жерде сулап жатышат дейт. Аларга кейип, эмне кыларын билбеген Куурайсан:

– Кап, ушуларга ишенбей, бая эле өзүм барбай-деп, өкүнгөнүнөн санын катуу  чаап жиберет. Куурайдай ичке саны катуу чапканда сынып кетип, ал дагы жерге кулап жыгылат экен.

Ошентип, жалкоолугунун айынан төртөө тең набыт болушуптур.

Ошол үчүн, жалкоо болбой, ар ишти өз убагында аткарууга үйрөнүш керек тура.

 

Ким эмнеден коркот?

Илгери бир адамдын пили болуптур. Пил абдан акылдуу жана күчтүү экен. Күндөрдүн  биринде адам кышкы отунун камдоо үчүн пилин минип, токойго жөнөмөк болот.

– Жалгыз барасыңбы? – дейт аялы, – тиги кошунаң ды жардамга чакырбайсың бы. Ага дайым эле жардам берип жүрөсүң го.

– Туура айтасың.– дейт да, ал кошунасын жардамга чакырат. Кошунасы макул болот.

– Сен алдыга жөнөй бер, мен артыңдан барам,— дейт кошунасы.  Тиги адам азыктан мол алып, отуну көп алыскы токойго барат. Кошунасын көпкө  күтөт. Дайыны жок. Ал кошунасы алдаганын ойлойт, ыза болот. Ага бекер ишенгенине өкүнөт. Болбосо, жакын эле жерге барат эле да.

Токойдо чычкан көп болот экен. Пилдин корккону эле чычкан. Күнү-түнү ошондон коркот. А адам болсо эч нерседен камырабай, керелден-кечке отун алат. Кечинде эс алат.            

– Бул жерден качан кетебиз, — деп сурады пил бир күнү ээсинен.

– Кетебиз, шашпа. Үй алыс — деди адам пилге. Отунду болсо көп алдым. Эми үйгө акырындык менен ташый баштайбыз. Сен коркпо, мен сени көп эле кыйнабайм.

– Отунунду көп эле ала бергин, — деди пил. Мен отунду ташыгандан коркпойм, бир жыгач калтырбай ташып берем. Мен чычкандан гана корком. Алар бул жерде абдан көп экен.

– Сен өзүң тоодой болуп туруп, бармактай болгон чычкандан коркконуң а жол болсун, — деди адам күлүп.

– Ошо бармактай болгону үчүн корком, — деди пил. Кулагыма кирип кетсе, чыкпай азапты берет.

Адам күлдү. Ага пил баарыдан күчтүүдөй, ал эч нерседен коркпостой көрүнбөдү беле. Анын бул сөзү жөн эле күлкү келерликтей туюлду. Ошон үчүн күлдү. А пил болсо адамды дүйнөдө баарыдан күчтүү, эч нерседен коркпой турганын сезип турду. Анан мындай деди:

– Сен, адам, баарынан күчтүүсүң , эч нерседен коркпойсуң . Туурабы?

– Жок, жаң ыласың, — деди адам. Анан ал ойлонуп туруп, мындай деди,–мен адамга жакшылык иш жасабаган зөөкүр, убадага турбаган жалганчы адамдардан корком. Алар эң эле коркунучтуу болушат.

Пил угуп, унчукпай ойлонду. Баары адамдар болуп туруп, бири-биринен коркоруна таң калды. «Кантип эле» — деп ишенбеди. Ал адамдарды да өзүлөрүндөй бири-бирин кыйбастай сезбеди беле.

 

Ата болгон адам өлбөйт

Илгери-илгери даңкы далайга кеткен, бийлиги жердин четине чейин жеткен, өкүмү аткарылбай калбаган, күчтүү да, каардуу да бир падыша жашаптыр. Жылдар өтүп, падышанын жашы жүздөн ашып, өмүрдүн экинчи жүз жылдыгына таянат. Ошондо да кайратынан жанбайт, жашоонун кумарына канбайт. Атадан мураска калган алтын тагын баласына да бергиси келбей, бу дүйнөгө түркүк болчудай, өлбөстүн суусун издетет,

Жигиттерин жер кездирип, мүрөктүн суусун билген мергенчи-уучуларды, өмүрдүн айласын таап, ажалды алыска кууган касиеттүү дарыгерлерди, адамдын акылы жеткисти туюп-билген көзү ачыктарды алдырат. Бирок булардын бири да падышанын талабын орундата алышпайт. Ө лбөстүн дабаасы жок экенин айтышат.

– Демек, өлбөстүн дабаасы жок экен да... — дейт күрсүнүп падыша.

– Ооба, — дешет жалпы, — өлбөстү Кудай жасабайт, сынбасты адам жасабайт — деген эмеспи...

Мындай ачуу чындык эзели жең илип көрбөгөн падышанын көң үлүн муюта албайт, көкшүнүн суута албайт. Падыша алардын баарын орго салдырат.

Арадан убакыт өтөт. Күндөрдүн биринде, бул падышанын жогорудагыдай жарлыгын уккан бир акылман дербиш, жер кезип баратып, падышанын дарбазасын кагат. Дербиш падышага айтар сыры бар экенин туюнтат сакчыларына. Мындай ниетин уккан падыша аны алтын сарайында аземдеп кабыл алат.

Акылман дербиш падыша менен көпкө аңгемелешет. Ошол күнү ал эң кичүү небересинин баласын эркелетип отуруп, дербиш менен алтын чөйчөктөн  шарап ичип черин жазат.

Акыры падыша дербиштен күткөн сөзүн айтуусун өтүндү.

– Айт, дербишим, — деди падыша чыдамы кеткенин билдирип, –көптү көргөн жансың , көптү билген акылмансың , менин өлбөй калуумдун сырын айткын...

– Сиз өлбөйсүз — дейт ошондо акылман дербиш падышага тике карап– Сиз, качан, балаңыз жана анын баласы, жана анын да балдары, небере-чөбөрөлөрү бүтүндөй баары өлгөндө  гана өлөсүз...

– Эмне деп жатасың , акмак дербиш! — дейт ошондо анын сөзүн оозунан жулуп алып, падыша. — Мен алардын артында калып жашап, эмне муратка жетмекмин...

– Жок, жаң ыласыз, падышам. Менин сөзүмдү угуң уз.

Падыша, дербишти дагы да эмне айтар экен — деп унчукпай калат. Дербиш сөзүн улайт:

– Мына, Сиз чөбөрөңүздү эркелетип отурасыз. Качан сиз балалуу болгонуңузда, Кудай-таала берген өмүрүңүз дагы да элүү жылга узарган. Анан неберелүү болгонуңузда дагы да жүз жылга узарган. А чөбөрөлүү болгонунузда жүз элүү жылга узарды. Ушинтип, сиздин укум-тукумуңуз узарган сайын, сиздин өмүрүңүз да узарып, сиз өлбөстүктү көздөй бара бересиз. Анан сиз өлмөк белеңиз. Сиздин өлбөстүгүңүздүн жалгыз сыры ушул...

Падыша акылман дербиштин эң эле жөнөкөй, эң эле улуу, жүйөлүү сөзүнө муюйт. Ата болгон адамдын өлбөстүгүнө ишенет. Ошондо дербишти өзүнө кең ешчи кылып, куру-бекер күнөөлөп, орго салгандарын куткарат.

Ошентип ошол падышанын укум-тукуму бүгүн да уланып, ал падыша биздин арабызда бүгүн да жашап келатыптыр.

 

Адам-пери

«Перилер  аткара алат бир гана ирет,

Денесин эрите алса, аруу тилек.

Тукумун көр пенденин  тазартууга,

Кыя алат аруу жанын бир адамга»...

(«Жайсаң » дастаны, 1-китеп, 167–б.)

 

Кайсы бир заманда, кайсы бир элде, улуудан нарк кетип, кичүүдөн  ыйман кетип, мунун айынан атасын бала сыйлабай,  кайненесин келин барктабай үй-бузулуп, элден ырк кетиптир.  Ынтымагы кеткен адамдардан ырыскы качып, мунун баары  өздөрүнөн экенин билбей бири-бирин айыптап, андан уруш-талаш күчөп, элдештирер  эстүү калбаптыр. Балдары  ичкилик менен  баңгиликке ооптур. Кыздар сойкулук менен мастандыкка көчүптүр.

Ушундай күндө бир кедейдин Акыбет деген баласы элге  келген мындай алааматка акылы жетпей,  же аларга өзү аралашып кетпей, четте жалгыз калыптыр. Достору менен  курбалдаштарынын кылыгы жакпай,  бой жетсе да өмүрлүк жар кылар адеп-ыймандуу кыз таппай, айлар, жылдар  өтөт. Ошол күндөрдүн, айлар менен жылдардын биринде  баягы бала  түшүнө  өзү буга чейин атын уга элек, көзү көрө элек Пери-көл деген  көл  кириптир да, ал көлдүн  боюнда  көз жоосун алган, алтын чачын көлгө таранып отурган, ай десе аркы,  күн десе көркү дүйнөдө жок бир пери кызды көрөт экен. Ойгонот да, күнү-түнү ошол пери кызды эстеп  кайдан издеп  табарын  билбей  катуу ооруга чалдыгат.  Малга  минген жалгыз чобурунан башка эч нерсеси жок кембагал ата–энеси баласынын  дартын билер табып –дарыгер  табалбайт,  баласы ооруган жерин  айтып көзүн ачпайт. Аргасы куруган кедей  арык чобурун минип алып, коң шу элге  дарыгер издеп жөнөптүр. Узак  жол  басып  чобуру арыктап кыргыйдай, өзү чарчап-арып ыргайдай болот экен. Ошондо ат үстүндө уктап кеткен кедейдин көзүнө бир ирет көрүнүп, кулагына үзүл-кесил үнү угулуп, кандайдыр бир адам десе адам эмес, пери дейин десе-пери эмес сулуу кыз: «Ата, уулуң узга бейиштин мөмөсүнүн ширесин  бериңиз. Ошондо айыгат»– дейт да көздөн кайым болот. Умачтай көзү ачылган кедей өң үмбү же түшүмбү деп кыйла  турат да, атынын  башын артка  бурат.

«Баламдын дартынын дабаасы бар экен го, ал болгондо да,  бейиштин мөмөсүнүн ширеси тура»–деп ойго батат. Бирок  ал бейиштин мөмөсү эмне деген мөмө? Ал кайсы жерде өсөт?–деп акылы айран болот. Ушинтип ойго  баткан боюнча кедей үйүнө  келип, болгон ишти  кемпирине айтат. Кемпири да абышкасынын кебине  акыл кошалбай экөө далай ирет башкатырышат да, өрүктүн мыктысы ысык чөлдө өсөт дечү эле, эмне болсо да, ошол жакка  барайын да, билген адамды таап сурайын–деп, кайрадан узак жолго аттанат.

Алты ай арып-чарчап жол жүрүп, «Арка» деген  кумдуу, өрүгү ширелүү  айылга туш болуптур кедей. Өрүгү өзгөчө нурданып бышат  экен да,  буга чейин жеген бир да жемиштин даамына  окшобойт. Ошондо бир өрүктүн түбүнө  эс алып отура кетсе,  бет алдынан пайгамбар жашын эчак  ашкан  ак жоолук салынган аппак куудай чачы бар, сулуу байбиче пайда болот.

«Кайдан келдиң, балам? Алыстан бир жок издеп жүргөн түрүң бар. Айт» – дейт ак байбиче.  Кедей буга чейинки болгон окуяны, өзүнүн эмне  издеп келгенин бүтүндөй айтып берет.

«Түшүң дө  аян берген «бейиштин мөмөсү» деген өрүк ушул»– дейт анда байбиче. Өткөндүн наркын, учурдун адеп-ыйманын унутуп бараткан азыркы адамдар бул жемиштин барк–баасын билбейт. Өрүктүн эмне үчүн бейиштин мөмөсү аталып калганын сага айтып бергиче алты күн өтөр, ошондуктан, мобу өрүктөн аяк толо алгын да, тез үйгө кайт. Өрүктү булактын суусуна кайнатып үч ирет ичирсең, балаң куландан соо айыгат».

Кедей өңүмбү же түшүмбү» деп ашып-шашып, кубанганынан «ыракмат» деген сөзүн миң ирет айтып, байбиче берген аякка өрүктөн  терет экен да, тезинен жолго түшүптүр. Эки аркан бою узай берип дагы бир ирет «ыракмат» айтайын деп караса, баягы бак аралап жүргөн ак көйнөк кийген, ак жоолук салынган байбиче эчак көздөн кайым болуптур.

Ошентип, экинчи ирет эси оогон кедей, бул керемет окуя демине дем, күчүнө  кубат берип, Чобур атына канат бүткөндөй, алты айлык жолду алты жумада басып өтүп, үйүнө келет экен. Келип, өрүктөн  булактын суусуна кайнатып  үч ирет ичирсе уулу куландан соо айыгып, тура келиптир.

Бала айыккан соң:

– Мен эмне болдум? Эмне болуп ооруп, эмне менен айыктым? – деп эне-атасынын  жанын койбой сурай бериптир. Акыры айласы кеткен атасы болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Ошондо баласы Акылбек:

– Баягы менин түшүмө кирген Пери–Көлгө чачын тараган пери кыз мени ооруткан тура, менин дартымдын дабаасын да кайра сизге өзү айтып берген тура. Андай болгон соң, мен аны жер үстүнөн таппасам да, жети кабат асмандан болсо да табам — дейт. Ошентип ата-энеси жалынып-жалбарса да көнбөй жолго чыкмак болот.

Бирок баланын түшүнө кирген Пери-Көл кайда экенин эч ким билбейт эле. Ошонтсе да, апасы кырк күн бою уулуна күлазык камдап, атасы болсо кырк күн бою Чобурду баптап багып, кырк биринчи күн дегенде жигит кайра кайтып келер күнүн айтпай, жолго аттанат.

Канча ай, канча жыл өткөнү белгисиз, жигит ат үстүндө уктап, ат үстүндө ойгонуп, жол жүрүп келет экен да, кер мурут жигит болот экен.

Бир күнү жапжашыл керемет  тоолордун ичиндеги чөйчөктөй жашыл көлгө туш болот. Негедир көлгө көң үлү тартылып, көл үстүндөгү жашыл тектирге атын чалдырып эс алайын деп, чарчаган денеси бошоп, тез эле уктап кетет. Канча күн уктаганы белгисиз, көзүн ачса күн эчак улуу шашке болуп калыптыр. Аты өзүнөн алыс узабай,  мекери  чөптүн гүлүн  терип оттоп  жанында жүрүптүр. Көзүнө түшкөн күн нурун калкалаган  сулуу  ыргайлар, барпырай гүлдөгөн табылгалар, жапжашыл арчалар, ылдыйыраактагы чөйчөктөй болгон жашыл көлдүн көркүн ачат. Бейиш дегениң ушул эмеспи деген ойдо суктана карап жатса кулагына кайдандыр кыздардын шыңгыр күлкүсү угулат. Өңүмбү же түшүмбү деп, көл тарапка көң үл сала  караса көл боюнда сууга түшүп, туптунук көлдү күзгү кылып жер чийген узун чачын таранып отурган алты-жети кыз көрүнөт көзүнө. Адам аягы баспаган бул жерде  пери кыздар  эле болбосо кимдер болмок эле. «Мен жер  бети эмес эле,  бейиштин өзүнө келгемин го»— дейт оюнда кедей  жигит Акыбет. Акыл-эсин жыйып оюнун аягына чыкканча баягы кыздар пери кийимдерин кийинишип, көл жээгинен учуп кетмекчи болушат. Кыздар, айткандай эле, пери кыздар окшойт, кийимдерин кийгенде ак моюн көгүчкөндөргө окшошуп, заматта таанылбай калышты. Негидир бирөө убараланып учууга даярданбай  башкаларды күттүрүп  жаткансыды.

– Мен  азыр, силер жөнөй бергиле. Кечигип  калсак тил  угабыз.  Мени азыр келет деп бара бергиле– деген назик үн жигитке дана угутулуп жатты.

«Мейлиң » дешти да, алты пери кыз учуп кетишти. Көл жээгинде баягы  курбуларын кечиктирип жаткан пери  кыз кала берди.  Качан курбуларынын карааны көрүнбөй калган соң, пери кыз жигит жакка  кол булгайт, анын  карап турганын билгендей  өзүнө чакырат. Анткени  жигиттин бул  жакка качан келерин, азыр дөбөдө өзүн көрүп турганын, буга чейинки болгон бүткүл   окуялардын баарын билип турган болчу. Бүгүн аны менен ушул  жерден жолугарын  болжолдоп да келген болчу. Жигит да баягы түшүнө кирген пери кыз ушул экенин, азыр ага өңүндө жолугарын билгендей көлдү көздөй  басат.

– Эх, адам баласы, –дейт  пери кыз,–мен бир адам  баласын түшүмдө көрүп сүйүп каламын деп эч качан ойлобопмун. Бирок  айла жок, биздин жолугушар бул күнүбүздү канча жылдар, канча азаптуу окуялар болуп турду. Ошентсе да, жолугуштук. Бирок мындан ары экөөбүз көрөр азап-тозокту мен көргүм келбейт…

– О-о пери кыз, мен да сени түшүмдө бир  ирет көрүп сүйүп каламын деп ойлогон эмесмин. Ал үчүн канча азап-тозокту тарттым.

– Адам баласы, мага  анын баарын айтып убара  болбо.  Ансыз деле, биздин убактыбыз аз, карачы,  көлөкөң таманың а келерине бир укум калды. Демек, биздин бир нукум гана убактыбыз бар.  Азыр мен тиги  курбуларымдын артынан кууп жетүүм  керек. Антпесем,  атам менен энем менин ээнбаштыгымды билип коюшат...

– А сен кетип калсаң , мен сени экинчи ирет  каерден издеп табам..? –дейт анда шашкалактаган жигит.

– Сен аны сураба–дейт  анда, көзүнөн көлдөй  жашын агызып жигиттин кучагына кулаган пери кыз,–Мен айтпайын.

Пери кыз менен Адам баласы Акыбет көлдөй көлкүп,  күндөй эрип, бирин-бири кучагынан чыгарбай,  азыр эле чыкса түбөлүккө адашчуудай, көзүнөн көзүн албай тиктешип, бири-бирине  жалбарып— жалынып турушту.

Бир кезде гана эсине келген пери кыз:

– Көлөкөңдү карачы, Адам баласы-деди шашкалактап. Бул кезде  жигиттин  көлөкөсү таманына  келип калган болчу. А пери  кыздын көлөкөсү  жок эле. «Перилерден көлөкө  түшпөйт тура»– деп ойлоду жигит.

– Кош, Адам баласы, – деди пери кыз ошондо, – Кош, менин ак сүйүүм, кош менин арманым! Эмки жылдын  ушул күнү мен өзүм келем, же бир сыр билдирермин.. Күткүн мени,– деди да, бат эле көк моюн көгүчкөнгө айланып жигиттин колунан суурулуп, учуп кете берди.

 

***

Арадан  кылымга тете жыл өттү. Азап жана күтүү менен сагыныч-кусанын кучагына калды ал күндөр. Өткөн жылкы дал  ошол күнү убада боюнча кедей жигит Акыбет эмне болор экен дегендей, элең деп баягы гүлдүү жашыл  дөңдө пери кыздын келиши күтүп жатты. Аңгыча окшош көк моюн көгүчкөн куштар жашыл  көлгө учуп келишти да, дароо куш кийимдерин чечинишип кундуз чачтарын таранып сууга жүздөрүн чайышты. 

Кедей жигит аң дып жатып, өзү сүйүп, жүрөгүн  делөөрүткөн пери кызы кайсы экенин айрып тааный  албады.  Карагаттай нуру  төгүлгөн көздөрү кандай эле, күндөй нур чачкан жүзү кандай эле,  кундуз чачы кандай эле, айдай чийилген каштары кандай эле, балдай ширин сөздөрү кандай эле, оттой ысык денеси кандай эле. Адамзаттан башкача, акылынан айырган  бир керемет эле го. Эми аны  дагы бир ирет кучагына кысып, дагы бир ирет жүзүнө карап отуруп, сөздөрүн уга алар бекен. Жаратканы  ошол бактысын  пендесине дагы бир ирет ыраа көрөр  бекен.

Арадан аз өттүбү, көп өттүбү, пери кыздар бир  нерседен шектенип чочулагандай боло  түшкөнү да, бат эле  куш кийимдерин кийинишип, учуп кете турган болушту. Бирөө гана шашпай:

– Силер эмне шашып жатасың ар, эжекелер? Силерге эмне болду?– деп, куш киймин кийбестен шашпай  чачын таранып отура берди.

– Жок, бул жер баягыдай эмес? Бул  көлдүн суусу да баягыдай эмес... Адамзаттын  жыты жыттанып жаткансыйт. Балким, бизди билип алган Адам баласы аң дып отурбасын Тез кетеличи.— деди улуусу.

– Эжекелер, дагы  бир аз ойноп алалычы. Убактыбыз бар го– кичүүсүнүн мындай сөзү улуу эжекелерин ынандырбады го:

– Сен анда  өзүң бил.. сен ансыз деле биздин  тилибизди албай калбадыңбы? Өз азабың өзүңдө, биз кеттик,–дешти да, улуу эжекелери  бат эле окшош көк моюн көгүчкөндөргө айланып учуп кетишти.

– Мен артың ардан барам, эжекелерим!..–деген боюнча тиги пери кыз кала берди көл боюнда жалгыз. Баарын көрүп эси ооп  отурган кедей  жигит:

– О-о, менин перизатым! Менин жан асылым, сен белең, –деп  колун алга сунуп, пери кызды көздөй жүгүрө басты. Пери кыз  да аппак  куштун миң канатындай  делбиреген ажайып көйнөгүнүн этек-жеңин аста  кыймылдата  кедей жигиттин алдын утурлай келатты. Бири-бирине жетип келип кучакташа айкалышканда, эки күн  келип бириге калгандай жалбырт жанып, эки көл келип кошула  калгандай толкуп –ташып, пери кыз  менен кедей жигит, ысык оттон  денелери  куйкалагандай, күчтүү  бороондон демала албай   аптыга калышкандай, эс-акылынан ажырап калышты.  Бир канча убактан соң эстерине келишти да, экөө бирин-бири эми көргөндөй сагынычтарын айтышып, кусалыктарын таратышып, сырларын төгүштү.

– Мен мындан аркы азап-тозоктун бардыгына чыдай албаймын!–деди кедей жигит. Макул десең, баш кошолук. Жок десең, мобул сени  жолуктурган көлгө  боюмду  таштап өлөйүн.

– Антпегин, адам  баласы; Мен перилердин  дүйнөсүнөн болгон соң , биздин жашоо силердикинен  башкача. Адамзат менен перилер бүлө куруп жашоо  тагдыры бардыгына эле жазылган эмес. Эгер биз тагдырдын буйругун бузуп, кошула турган болсок, биздин  жолубуздан көптөгөн тоскоолдуктар чыгат.  Мен  сенин тагдырыңа да, өз тагдырма да балта  чапкым келбейт.

– Ал кандай  тоскоолдуктар, айтчы? – деди кедей жигит Акыбет.

– Биринчиси-мен перилер дүйнөсүнөн биротоло  куулам. Ата-энем  мени балалыгынан биротоло кечишет. Бул мен үчүн кыйын болсо, экинчиси— сени адамдар жерип, сенин да адам экениң ден шекшип, оолактап качышат. Анан да, экөөбүз  бүлө курсак, мен бирден ашык бала төрөбөйм, менден көргөн бүткүл тукумдарың бирден  артык балалуу болушпайт. Ошондо да, перинин тукумдары деп адамдар шекшип карашат.

Акыбет анын баарына кайыл эле, эл эмне десе ошо десин, пери сулуусу колуна тийсе болгону эле ошол саатта.

– Бирок, – деди Акыбет, – азыркы учурда адамдардан ыйман-адеп унутулуп, тазалык  пейлинен да, дилинен да кетип, улуу-кичүү, кыз –эркеги уялбай, намыс дегенди билбей  жапырт ичкилик менен тамекиге, сойкулук менен нашаакорлукка өтүп укум-тукумун бузуп жатат. Адамдардын арасына  бир перизаада  келсе, алардын тукуму тазаланмак, пейили  оң олмок, жүргөн-турганы түзөлмөк! Ниети агармак, ыплас иштен оолактамак! Адамдар арасын перилер араласа, аларга жакшылыктар келмек, бакыт-таалай жылооломок. Адам тукуму сени көрүп, сенден жакшылыктарды үйрөнүп оң олмок!  Жок дебечи, перизатым. Чөгөлөп колуңду сурайм. Ата-энем күтүп жатып, өлөр күнүнө аз калды го. Жок дегенде сенин бир ирет колуң дан жылуу чай ичип, жылуу жүз маанайың ды көрүп, жылуу сөзүң дү угуп, тагдырына ыраазы болуп өлүшсүн. Жок дебечи, перизатым. Мен сени мындан ары күтүп азап тартпайын. Меники  болчу, Перизатым!

Пери кыз эжекелери учуп кеткен тарапты бир ирет улутуна карады да, көзүнөн жашын агызып туруп кедей жигиттин сунушуна макул экендигин билдирди.

— Андай болгон соң, бул жерден тез кетели, – деди пери кыз – кокус менин бул жоругумдан  шектенишсе, ата-энем издөө салышы ыктымал.

Ошентип, экөө кедей жигиттин эли-журттун көздөй бет алышты.

 

***

Уулун узак жолго узаткан кедей менен байбичеси арадан өткөн жети жылда эчак карылыкка моюн сунуп, уулунун аман-эсен келишинен түң үлүп калышкан.

Бир күнү түн ортосунда кедей да, байбичеси да бирдей маалда  бирдей керемет түш көрүшөт. Түшүндө баласы Акыбет  аман-эсен, колуна көк моюн көгүчкөн кондуруп,  босогону аттап үйүнө кирип келет.  Апасы уулунун башынан айлантып суу чачып, "суусадың го, балам" деп суусундук сунат. Апасы берген суусундуктан ичкен соң, колуна кондурган көкмоюн көгүчкөнгө да  суусундукка тумшугун малдырат. Ошондо  баягы көкмоюн көгүчкөн өң ү-бою келишкен бир сулуу пери кызга айланат.

— Бул силердин келиниң ер болот. Аты-Перизат,– деп тааныштырат уулу. Келини ак була көйнөгүн шуудурата баш ийип жүгүнөт. Байбиче келининин алдына боорсок чачып жатып ойгонуп кетет. Ошол кезде абышкасы да ойгонуп, экөө бирдей көргөн керемет  түштөрүн жарыша  айтып киришет.  Анда абышка:

— Кемпирим, экөөбүз бирдей көргөн бул керемет түш–жөн түш болбосо керек. Бул биздин өң үбүздө туш боло турган түш экен–  деп сүйүнүшүп, таң атар замат  айылдагыларын чакырып түлөө өткөрөт. Түлөө бүтө электе алыстан баласы келет. Түндө көргөн түштөрүндөгүдөй болуп, уулу оң колуна көк моюн көгүчкөн кондуруп босогону аттап кирет. Энеси тура калып уулунун башынан тегеретип суу чачат да,  «суусадың го,  балам» деп суусундук сунат. Баласы суусундуктан ичкен соң , колуна кондурган көкмоюн  көгүчкөндү да суусундуктан оозантат. Ошондо адамзат ырыскысынан оозанган көкмоюн көгүчкөн заматта өңү-сөөлөтү  келишкен  ак була көйнөк кийген перизатка айланып  чыга  келет. Көрүп турган ата-энеси эмес, элдин бары бул перизатты көрүп, көргөн көздөрүнө ишене албай отурган ордунда катат. Келини  ата-энесине, турган элдин баарына жүгүнүп таазим этет.

Перизат келин  үч ирет ийиле жүгүнгөндө өсөрү бүтүп, өлөрү калган, эчак сексенден ашып токсонго таяп калган кедей абышка менен кемпири чейрек кылымга жашарып, жүзүнөн нур  тамган мырза менен байбичеге  айланыптыр. Эчак эскилиги жеткен үстүндөгү кийим-кечектери жаң ырып, абышканын башындагы  ак калпак, байбичесинин башындагы ак элечек көргөндү суктандырат. Эпейген боз үй тогуз канат ак өргө болуп өзгөрөт. Үй ичинин жасалгалары хандын үйүнөн кем эмес, ашкана-туш туурдуктарынын көркөмүнөн көз  тайылат экен. Элдин көзү каякты караса, алеки заматта укмуштарды көрүп, ооздору ачылат.

Баарынан да, тасмал үстүндөгү бир боорсок –миң боорсокко айланат. Дүйүм бейиш тамагы жайнап, өрүк-мейиз менен  патир нандын  түрүнүн кайсынысын алып жээрин билбей, меймандар апкаарышат.

Сабага кымыз, ашканага эжигей, курут, каймак май батпай,  кайдан–жайдан келе калган кызматчы кыз-келиндер элди  тейлеп, меймандар оюн менен күлкүгө, ыр менен бийге тойбой сайран курушат. Перизаттын кенен төгүлгөн пейлинен үй ичине, береке-байлыкка, көргөн сый-урматына ыраазы болуп, келген меймандар ак батасын аябай берип тарашат экен.

Кедей  бала Акыбеттин келинчеги Перизат жөнүндөгү аңыз кеп айыл аралап, андан калаага өтүп, андан  бүтүндөй элге тарайт. Анын Адам баласынын тукумунан эмес, пери тукумунан экени менен иши жок, кайдагы бир  көзбооч сыйкырчы го, болбосо, кантип эле Адам баласы ушундай кереметтерди көз ачып жумганча жасап койсун»— деп шыпшынышат.

«Мындай сыйкырчы аялды адам дүйнөсүнө  кошпоо керек. Ал адам тукумунун бузат.  Жоготуу керек»  дешип, ушак-айың таратышат. Эл алардан оолактап,  четке сүрүлүшөт.

Бул сыяктуу ушак-айың сөздөр акыры өлкө башкарган каардуу падышага жетет. Падыша укса да,  көзү менен бир көрмөйүн ишенбейт,  бир айла таап кедей жигитти аялы менен сарайына  алып келүүнү ойлойт. Ошол кезде хандын  аялынын туулган күнүнө арналган  чоң майрам өтө турган болот.  Ханайым чакыртып жатат деген шылтоо менен Перизат менен кедей жигит Акыбет кошо тойго чакыртылат.

Тойго өлкөнүн белгилүү адамдары, дөөлөттүү байлар, сөөлөттүү мырзалар менен айымдар келишет. Алар  менен кошо кедей жигиттин келиши күтүлбөгөн окуя болот. Тойдун көркүн чыгарган башкалар болсо да, хан менен ханайымдын көңүлү Перизат   менен  кедей жигитке, айрыкча, башкалардын  алдында өтө сыйлуу конок катары күтүлөт. Кантсе да,  Перизат тойго келген аял аттуунун баарынын сугун арттырат. Отурган-турганы, кийген кийими, тамак ичкенинен бери көз каректерин төгүлтө карап, аны  «Адам баласы эмес эле асмандан түшкөн Перизаада го» деп таң данышат.  Баарысы азыр эле ошол  Перизаттай болгулары келишип, күйөөлөрүнүн кулак-мээсин алышып, «аккуу кебиндей керемет  көйнөктү кайдан болсо да таап бергин» –дешип кыйнап киришет.

Той тамашасы уланып,  ырчы-чоорчулар менен бийчилер тамаша куруп, элди эриктирбей жатышты. Ошондо ханайым элдин көөнүн өзүнө буруп, тойдун ажайып мейманы Перизаттын эл алдына  чыгып бийлеп берүүсүн өтүнүп калды. «Бийлебейм» деп айта албай же макул деп эл алдына чыга албай, Перизат күйөөсүн жалдырай карады. Ал  "Чыга бер, бийлей бер",  деп макул болгонун билдирди. «Кап, буга чейин күйөөмө айтып койбогонумду карасаң»–деп кейип алды да, кулагына шыбыроого үлгүрбөй, элдин уу-дуусунун шарына көнүп,  ортого чыкты.

Музыкага баш ийип Перизат  кантип чимирилип бийлеп  кеткенин билбей калды. Ак куунун  кебиндей кооз көйнөгү  делбиреп, элдин көзүнө адам баласына окшобогон бир Перизат көрүндү. Кызык нерсе андан  кийин башталды. Оң колун алга сунганда  отургандардын тасмалына бейиштин  дүйүм тамагы  чачыла болуп  чачылды.  Сол колун алга сунганда  бейиштин түркүн гүлдөрү төгүлүп,  алдыларына  жыйнады. Оозун ачканда адам баласы буга  дейре укпаган мукам обон жаң ырып, денени элжиреткен ырлар төгүлүп, Ак сарай  ичинде үч уктаса түшкө кирбеген окуяга кабылышты.  Баятан  берки шектенүүсүнүн аягына чыга  элек, билген-билбеген адамдар эми эмне деп  түшүнөрүн билбей, ооздору ачылды. Эл ичинде  эки көзү элейген Акыбет келинчегинин дагы да өзү  биле элек  миң түркүн сырларынын табышмактарын чиче албай катты да калды. Аң гыча,  баары дагы бир  сырдуу окуяны өз көздөрү менен  көрүштү.  Перизат эргий чимириле бийлеп жатып эле, ак куудай  калкып учуп, керемет ак  буланы ак сарай ичине ак булуттай жайып келип эл ортосунда көз көрүнөө туруп эле  көк моюн көгүчкөнгө айланды да,  заматта колдоп  суурулгандай  учуп кетти!..

Эл дүрбөй эки жакка  жөнөштү. Эмне  болуп кеткенин түшүнбөгөн Акыбет гана: «Перизат!» деп бир ирет  үнүнүн баарынча, башкача бир күч менен  чакырып алды да, эчкирип ыйлап жиберди.

 

***

Бийлеп  жатып, өзүнүн адамдар дүйнөсүндө  жашап жүргөнүн түк унутуп таштаган Пери кыз өзүлөрүнүн дүйнөсүнө барганда гана эсине  келди.

«Ах!» деп алды ошондо көзү умачтай ачылып. Анан өзү өскөн үйүн, ата— энесин, бир  туугандарын көргөндө эчкирип ыйлап жиберет. Алар болсо, мунун адамдар  дүйнөсүнөн эмне болуп кайтып келгенине түшүнө алышпай туруп калышат. Ошондо атасы  мындай дейт:

— Сен  бизге кайтып келбешиң керек эле, кызым. Сен  эчак перилер    дүйнөсүнөн бөлүнүп, адамдар дүйнөсүнө  кошулгансың .  Сенин тагдырың а ушундай бир улуу милдет  тагылган: сен чын-чынына келгенде, адам баласынын тукумун тазартуу үчүн жаралгансың.  Жараткандын буйругу ушундай  эле: сен адам тукуму үчүн жаның ды кыймаксың. Анткени, жараткандын буйругуна ылайык, ар бир жүз жылда  бир ирет адам баласынын дүйнөсүнө бирден пери  баласы кошулат. Ал периге адам тукумун  жаң ыртуу милдети тагылган. Бул ирет ошол милдет сага  тийип отурбайбы. Азыркы күндө адамзат тукуму ар кандай  жаман илдеттерге чалдыгып, бузулуп баратат.  Перилер  тукуму  кошулуп гана адамзат тукумун аруулантып турбаса, жаман илдеттерден улам  адам тукуму  жер бетинде кыйрап жок болууга барат. Ошондуктан, тезинен  кайт, балам  артка. Өз милдетиң ди баштоого  кез келди. Бирчиден, сен  адамзатка  жакшы тукум төрөп берип  тазартасың,  экинчиден, сенин жүргөн-тууганың ды, аруулугуң ду, акыл— парасатың ды көрүп  алар арууланат.  Турба, балам,  бул жерде, тез артка кайт. Күйөөң  күтүп калды. Кайыр кош!

Атасынан уккан ушул сөздөн соң, Перизат ал жерде мындан ары туруунун  зарылдыгы жок экенин, күйөөсүнө баруудан  башка кылар иши да жок экенин туят. Көз  ачып-жумганча зып этип кайтып учуп чыгат перилер дүйнөсүнөн.

Ары карап ыйлап, бери карап жүзүнөн күлкү  чачып,  Перизат  сабалап учуп, күйөөсүнүн үйүнө куш болуп  келип конот. Анан  келишкен сулуу  келинчекке  айланат да, ак өргөөгө аста-секин басып  кирип келет. Анын кайтып келеринен эчак үмүтүн  үзүп койгон күйөөсү эми кайрадан издеп  чыгууга бел байлай, жолго камынып жаткан эле. Перизатты  көргөндө дүйнөсү түгөл кайгы-капасы унутулуп, ыйлап–күлүп тосуп алып, жашоосун бактылуу   улантат  экен кедей жигит Акыбет.

 

***

Ошентсе да, баягы  каардуу падыша Перизат  менен анын күйөөсүнүн артынан түшкөнүн койбоптур. Ал күйөөсүнөн жазгырып, кандай  болсо да, Перизатты аялдыкка алууну ойлоп, жигиттери менен алардын үйүнө келип  түшүп калат экен.

Кедей абышка-кемпир  жана уул-келини болуп  падышаны  күтүп алышат. Төбөсү заң кайган тогуз канат ак өргөөнүн ичинде береке  батпаган тасмал четинде  отуруп  байлыгына чиренген падыша  буга чейин мындайды көрбөгөнүнө, ушунун баары өзүнүкү эмес экенине  ызаланат. «Булар тирүүсүндө эле бейиштин оокатын жеп жаткан тура, кудайдын  ичинин кең дигин карасаң » -деп анын бактысына көз артат.  Мүчөсү  келишкен  көзү карагатай төгүлгөн, кашы айдай  ийилген, жүзүнөн ай менен күндүн нуру тамган, аккуу кейпин кийген керемет Перизатты карай берип суктанып, аны кедей жигитке ыраа көрбөдү.

«Бул  ырыскынын баары мага гана  буюрган. Ошон үчүн  анын баары  башка бирөөнүн үйүндө, башка бирөөнүн колунда болууга тийиш эмес. Мен бул Перизатты кандай да болсо, өзүмө аялдыкка алуум керек» – деп бүтүм чыгарат. А дегенде, алдап көрүүнү ойлойт да:

— Бактың тоодой экен, кедейим!–дейт  сырын билгизбеген Падыша, кедей чалга кайрылып,–Уулуң -мырза болуптур, келиниң керемет экен.  Мен бул экөөнү ак сарайыма кызматка алайын. Булардын  өнөрүн эл көрсүн,   төгөрөктүн төрт бурчунан келген меймандарым көрсүн! Уул-келиниң дин  даң кын далайга жеткиришсин.

Падышанын ичиндеги каарын,  жүрөгүң дөгү заарын  жүзүнөн көрүп түшүнөт экен керемет келин Перизат. Буга чейинки айылдын айың кебине ансыз  деле угуп зорго   чыдап  келишкен кедей менен байбичеси падышанын сөзүнө эмне дээрин билбей, уул-келинине карашат. Уулу да  эмне жооп айта албай  келинчегин тиктейт.

— Падышам,– дейт ошондо акылы тунук  Перизат.– карыган ата-энебизди таштап, Сиздин ак сарайың ызда чиренип отурганыбыз  чекилик болор дейм. Ыракмат  сунушуң узга. Бизге  ырайым этсең из экен…

— А, бул эстүүнүн сөзү, -деп  карсылдай күлөт Падыша. Себебиң ер ошол болсо, анда ата-энеңерди кошо чакырам, ак сарайымдан бардык шарттарды түзүп берүү менин  милдетим болсун.

Падышанын бул сөзүнө дагы  да эч ким  жооп бере албайт. Анда да Перизат:

— Сөзүңүз жоопсуз куру калбасын, падышам. Биз бир аз убакыт ойлонолу. Анан Сизге жооп айталы.– деп акыл таап, ач көз падышаны  кепке тойгузуп эптеп жолго  салат.

Кепти жоопсуз калтыруу— макул болуу эмес го,  сунушка көнбөгөндүк го. Перизат менен кедей  жигит падышанын сөзүн  укпагандай, падышанын келген–келбегенин билгизбеген түр кылып, анын кекердүү сунушун  унуткарып койгондой, убакытты өткөрүштү. Бирок  падыша дагы бир ирет  жигиттерин жиберерин, эмкиде күч менен алып кетүүгө аракет  жасаарын туюп, арсагыз ал күндү да  күтүп жата беришти.  Бирок  тынч албаган  каардуу падыша  кедей жигит менен Перизатка  табышмактуу суроолору  менен  кайрылды:

— Эгер бул суроолорума үч күндүн ичинде так жооп  кайтабасаң ар, экөөнөрдү тең  ак сарайыма малайлыкка чегем–деп коркутуп, ал тургай, кедей жигитти зынданга салдырамын–деп  катуу заарын билдириптир. Ал суроолордун жөн-жайы  мындай эле:

Сөздүн башы эмне, аягы эмне?

Иштин башы, эмне аягы эмне?

Жолдун башы эмне, аягы эмне?

Суунун башы эмне, аягы эмне?

Доонун башы эмне, аягы эмне?

Жылдын башы эмне, аягы эмне?

Достуктун башы эмне, аягы эмне?

Кастыктын башы эмне, аягы эмне?

Көң үлдүн башы эмне, аягы эмне?

Өмүрдүн башы эмне, аягы эмне?

– Сурооң уздарга  жооп болор, ага чейин ак өргөдө эс ала турасыздар–дейт да, көз ачып жумганча  ак боз  үйдү  жоктон  бар кылып, дасторконго бейиштин дүйүм оокатын жайнатып,  чардатып жаткырып коёт экен Перизат келгендерин. Хансарайда жүрүшсө да мындайды түк көрүшпөгөн  мырза жигиттер ооздорун ачып,  эстери ооп жатып калышат. Буларды  жайлантып  коюп Перизат  хандын  табышмактарына  алеки заматта жооп таап, күйөөсүнө айтат. Күйөөсү да тегин жигит эмес  да, ал дагы акыл кошуп,  жоопторду тактап  үчүнчү күнү хандын жигиттерине  келишет.

– Ханыбыздын  табышмактарына карата  биздин жообубуз бул– дейт сөз баштап кедей  жигит өзүн салабаттуу кармап:

— Сөз башы – эненин бешик ыры, аягы кошок;

— Иш башы – акыл салып кең ешүү, аягы – ак бата;

— Жол башы – үйдүн босогосу, аягы – эшик-терезеси  жок мүрзө го;

— Жылдын башын – жерге амал кирген күн, жыл аягын каң тар  дейт;

— Суу башы – башат булак, ачгы–мухит;

— Доонун башы – карыз, аягы жоо;

— Достуктун башы – дуу, аягы чуу;

— Кастыктын башы – ушак, аягы  бычак;

— Көң үлдүн башы – салам,  аягы кош айтуу;

— Өмүрдүн башы бешик, аягы  табыт эмеспи.

Биздин жообубуз ушундай, мырзалар.  Улуу урматтуу падышабызга айта барарсыздар. Эми, биздин да айтар табышмагыбыз бар. Ырайым  этип, биздин да  табышмагыбыздын жообун чечип берген күнү  биз падышамдын айтканын аткарууга  даярбыз.– деди үнү дирилдеп.

Жигиттер  ак сарайга барып кедей жигиттин жообун   падышага айтышты да, мындай  мазмундагы табышмакты жеткирди: 

— Түз туруп жар болгон эмне?

— Жок туруп, бар болгон эмне?

— Ак жайда кар болгон эмне?

— Кең туруп тар болгон эмне?

— Бар туруп зар болгон эмне?

Кедей жигиттин бул айткан табышмагын угуп падыша телмирип ойго  батат. Ал  табышмактын жөн табышмак эмес, анын  жөн жайында  кедей жигиттин тагдыры,  падышанын ага  жасаган адилетсиз жоругу жатканын байкайт.  Оң ой жигит эмес экенин байкайт. Алтын сарайынан бир канча күн сыртка чыкпай,  кедей жигитти, анын акылман сулуу  Перизат  жарын көзүнө элестетип ойго батат.

— Түз туруп жар болгону үй курганы, үй бүлө күткөнү эмеспи;

— Жок  туруп бар болгону — узак азаптан кийин бактылуу болгону да;

— Ак жайда  кар болгону — жөнү жок жерден суук кабар укканы да;

— Кең туруп тар болгону — эмне кылар айлаларынын түгөнгөнү,

— Бар туруп  зар болгону — мени айтып жатканы го, баары  бар туруп, анын аялына  көз артканымды, ач көздүгүмдү айтып жатканы эмеспи! Ушуларча акылым жок экен го менин. Карачы, он суроолуу табышмак айтып, акылын сынап, ал тургай,  коркутуп— үркүттүм эле, бирок булардын  акыл-айласы  менден күчтүү экен.  Бирөөнүн бактысына көз арткан-мен ушунчалык ач көз турбаймынбы! Бийлигиме, байлыгыма чиренип, бирөөнүн ырыскысын талашканы тургамын го. Андай болсо, мен бул  оюмдан кайттым. Кедей жигит менен акылман жарына  жең илдим. Ошентип,  падыша   сөзүнөн, арам ниетинен   кайтып, кедей жигит менен анын акылман жарынан кечирим сурап, алардын  акылмандыгына баа берет экен. Жигитти ал жашаган аймакка өзүнүн ишенимдүү адамы кылып шайлап, элине бийлик жүргүздүрүптүр.

Падышанын ишенимдүү адамы, эл бийлеген өкүлү катары аты элге тарап, кедей жигиттин зоболосу  көтөрүлөт. Элдин ага жана аялы Перизатка  жекече жасаган мамилеси  арбып,  айылына жакын конушуп, келген-кеткендер көбөйт. Алака – мамиле  уланат. Мурда эч ким  каттабай калган Акыбеттин  үйүнө  эми тез -тез келишип, кең еш сурап, өтүнүч-даттарын айтышып, сырдашып кайтыша турган болот. Ө зүлөрүнөн  башкага  жайылбай  калган   тасмалы кең ейип, көпчүлүккө жайылат. Аш көп болсо  каада  көп  болуп, а дегенде, "келин көрдү", андан кийин "келин той", "туугандардын энчи берүүсү",  "өкүл  ата коюу" дегендер башталып, андан соң жалпы  айыл эли, айрыкча, кыз-келиндери Перизаттын суйсала баскан–турганын, кермаралдай кериле сүйлөп-  унчукканын, караган-күлгөнүн, тааныш-бейтаанышка жасаган  илбериң ки мамилесин, аккуудай кийинип,  көгүчкөндөй  адеп сактап оокат жеп-ичкенин көргүсү, билгиси келишип, «Бул аял адам баласы эмей  эле, Перизааданын нак өзү экен го» деп суктанышат. Перизаттай соолот күтүп, акылын үйрөнүп, бат эле билинбей өзгөрүп баратканын туюнушпайт.

Жигиттери болсо, Акыбеттей  дөөлөт  жыйышып, сөөлөт  күтүп, өзчүл эмес, көпчүл  болушуп, адеп сактаган жигиттердин саны арбыйт.

Акыбет менен Перизат кары ата-энесин  ардактап күтүп,  урматтап сыйлап, бактылуу  карылык тартуулашат.

Перизат эркек уул төрөйт. Уул-жөн баладай болбой, алтын көкүл экен.  Асылзаада келин  Перизат уулун элдин көзүнөн далдаа  өстүрүп аман-эсен чоң ойтот. Уулу  башкалардан бөлөкчө, перинин тукуму  экенин билинип,  кичинекейинен  эле  өз теңдүүлөрдөн бөтөнчө акылы  жетик, сөзү тетик бала экени көрүнөт.

Баралына келгенде эл аны өзүнө хан шайлайт. Элдин акылман падышасы болуп, адилет башкарат.

 

***

Ошол  падышанын ата-тегин, түпкү башаттарын билген бир касиеттүү дербиштин мындай деген сөзү жашап калган  экен элде:

«Жараткан,  адамзат тукумуна жүз жылда  бир ирет пери тукумунан жеберип турат экен да, жардыланып-бузулуп бараткан  адам тукумун аруулатып тазартып турат экен. Ошон үчүн  Адамзат  баласынын ичинен жүз жылда бирден акылман башчы  туулуп,  элин жакшылыкка үндөп, аруу  жолго  баштап турат экен. Ошон үчүн адамзат тукуму улам жаң ыланып, өсүп, жамандыктардан арылып турат экен.. Биздин акылман падышабыз ошонун тукумдарынан  экен».

Ооба  бүгүн да арабызда, ошол акылман дербиш айткан сымал, адеп – ыйманы, акыл-эси, нарк-насили менен жалпы элге, улуу-кичүүгө жүргөн — турганы, жасаган-кылган иши, сүйлөгөн сөзү менен  көзгө көрүнүп, даң кы далайга тарап, журтун жакшылыкка ээрчиткен, «адамдан да ушундай перизаада, ушундай да асылзаада жаралат экен ээ» дедиртип суктанып, ошол Адам-Перинин укум-тукумдары жоголбой, бүгүн да жашап келатат экен арабызда.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Сулайман Рысбаев, 2008

 


Количество просмотров: 4789